Таштап кеткен бир атты, Минилбеген кур атты, Коштоого алып жетелеп, Кутубайга мөөсүл деп, Күүгүм кире келиптир, Апа-шапа төрт баатыр, Кутубайга Кур атты, Сойуп кирип бериптир, Алике менен Сатике, Адашып жүрүп темселеп, Үч күндөн кийин келиптир, Барганын келгенин, Бабырашып калтырбай, Баардыгын айтып бериптир. Сейтек баатыр ошондо: — Алыке менен Сатыке, Жортуулда жүрүп талаада, Бут-колду чечип жаттык деп, Бир киши келип бир четтен, Экини жара тартты деп, Бул айтканың кандай кеп?! Мунуңар жакшы кеп эмес, Качып кетти дегениң, Балагерди жетелеп! Чечинип жатуу талаада, Кайгулчунун иши эмес, Илбирс, жолборс кабылан, Кара кулак шер деген, Анча-мынча кишиге, Койула турган ат эмес. Байкашымча бир киши, Талаада жүрүп ар качан, Баамы бар ишти билүүчү, Атайы атын жок айтып, Алдап атты алыптыр, Акмак кылып силерди, Айдап жолго салыптыр, Ойго түшүп, тоону айтып, Тоого чыгып, ойду айтып, Ичке үчүн жоонойтуп, Эбиңди тапкан турбайбы. Кутубай, төрттү жибергин, Белди карап келсин, — деп, Сейтек кебин бүтүрдү, Куру келбей калп айтып, Белги алып келсин! — деп. Камдап койгон төртөөнү, Кутубай кайта жиберди, Салмаке менен Дөнкөнөй, Чөндөккө менен Чөндөлөй, Белге чыгып келишип, Атынын башын имерди. Туш тарапты карады, Отуздан артык жылкыны, Айдап кетип бараткан, Көрдү булар караанды. Алдында минген аттарын, Өлөөрүн билбей санады, Жылкы айдаган экөө экен, Жетип төртөө кармады. Кайдан алдың жылкыны, Ким болот деп атыңар, Абыдан дайынын сурады. Уруулардын кеби бул: — Коросондон келгенбиз, Үч жылдан бери бул жерге, Ар жылы келип жүрөбүз, Айдап жылкы сүрөбүз, Канча алсак да биз малды, Кете бердик күмөнсүз. Үч жылдын ары алдында, Топтогон жылкы турмайлык, Ат откозбой тойгунча, Келип-кетип жүргөнбүз. Кара дөө деген бар эле, Кароол башчы ал эле, Түн ичинде жең чечип, Уктабаган неме эле, Суук жем кылып кайтарчу, Кыл алдырбай дегеле, Үч жыл болду жок болду, Алике бийдин жээни экен, Мөнтө деген жол тосту, Жедигер ичи кең экен, Жедигердин ичинде, Таластыктар бар экен, Кең заман ага тар экен, Бул таластыктын малы экен. Үч жылдан бери Мөнтө дос, Айдатып берип топ жылкы, Көөнүбүздү кылды кош. Суптар менен шайыдан, Биз беребиз топ-топ-топ, Алике менен Сатыга, Мөнтө берет окшонот, Издексиз жылкы жок болот. Угуп болуп бар кебин, Ал экөөнү Салмаке, Айдап алды токмоктоп, Айдаган жылкы отуз бир, Эки уурунун көөнү кир, Түк кишиге көрсөтпөй, Алып келип Салмаке, Сейтекке бериптир. Ууруну көрүп Сейтек: — Жылкы кайда, келтир! — деп, Алике меен Сатике, Мөнтө-үчөөн чакыртты. Алике келди алдырап, Сатике келди салбырап, Сейтекти көрө элек, Мөнтө келди чакчаңдап, Кошо келди бир катын, Элечеги чоң кучак, Бүчүлүк жок байланган, Төшүн ачып дактаңдап: — Алике аман барында, Сатикем турса жанымда, Кыйаздын уулу кайсы экен, Түн катып киши чаптырган, Уйку бербей балама?! Аликенин кулдары, Бир улакты чаап ийгин, Мөнтөңөргө садага! Алкы-шалкы оолугуп, Жакын келип калды эле, Сейтектин жанына. Токтотуп кой, дегенде, Баш көтөрүп бир тиктеп, Туруп калды жалдырап, Сейтектин көзүнөн, Чачырап чыккан жалынга. Эки ууруну чечтирип, Алып келип алдына: — Кана, Мөнтө, жооп бер, Ээ болдуң кимдин малына?! Алике менен Сатике, Кутубайдын Кара дөө, Кетип калса Текеске, Жылкыны неге чыгардың, Топтоп айдап чекеге?! Алике менен Сатике: — Биз билбейбиз, — деди эле. Мөнтөгө карап Сейтек: — Билбейт экен эки дөө, Сен бердиңби? — деди эле, Ошондо Мөнтө айткан кеп эле: — Алике менен Сатике, Таластан келген элдердин, Айдап берип малынан, Шайы менен суптардан, Таап бергин деди эле. Ушуну менен үч жолу, Бөлүп берген кеп эле, Коросондун тарабы, Мундан мурун төрт жолу, Шайы менен суптарын, Жүктөп келип берди эле. Чоң элечек, ачык төш, Кара катын жакылдап: — Хан Кыйаздын баласы, Таластыктын малына, Күйүгөсүң деги эле, Олжого келген таластык. Качан малга ээ болгон? Сениң энең Чүрөктү, Баатыр Кыйаз алаарда, Сексен семиз бээ сойгон, Баардыгы Талас жылкысы, Өзүнөн бирди сойбогон. Атаң менен курбалдаш, Бирге жүргөн кишимин, Жетелешип чоң болгон, Олжо катын энең бар, Оолукпагын сен болсоң! Аликенин эжеси, Аты экен Чакылдак, Сүйлөп жатат Чакылдап, Шилекейи куйулуп, Ууртунан агып тапылдап. Күнүбүз кандай болоор, деп, Алике менен Сатике. Жүрөгү согот лакылдап, Ачуусу келсе күлүүчү, Сейтектин мүнөзү, Шаңк этип күлүп жиберди, Кармай калып мүнөзү. Азуулары качырап, Көзүнөн жалын чачырап, Мөнтө менен катынга, Ажал калды жакындап. — Кайт, Алике, үйүңө, Эжең менен жээниңди, Жетелеп алып кет! — деди. Жетимдин үнү не сүрдүү, Мөнтө менен энеси, Катары менен жан үздү! Алике менен Сатике, Жанынан күдөр үзүштү, Аңгычакты Текестен, Жылкычылар мал айдап, Кара дөө келип түшүштү. Кара дөө келип бүгүлүп, Сейитекке жүгүнүп, Жедигер чуркап калыптыр. Ат алышып жүгүрүп. Эртең менен Сейтек: — Кыйаз сага тапшырган, Элдин четин бак, — деди, Тескери баскан ким болсо, Жедигерби, Таласпы, Башын үзө чап! — деди. Ордого барып келемин, Жоого болгун сак! — деди, Жедигер менен таластык, Аралаша конбосун, Короосу бирге болбосун, Байы байдай, кул кулдай, Айрым болсун ушундай! Алике менен Сатике, Атыңарды мингиле, Мени менен ордого, Бирге барып келгиле. Арып чарчап кеттиңер, Бүкүлүү жатып бел-белде, Карап алат бел-белди, Эми Кара дөө келди бул жерге, Барбайбыз деп айта албай, Айтаарга оозум бата албай, Алике менен Сатике, Салбырап кошо аттанды, Эки ууруну да алды, Ордого Сейтек барганы, Текестен келген жылкыдан, Ылгатып туруп эрениң, Тогуз тууну алып барды. Койдой башын алдырып, Коондой кардын жардырып. Божурап жетип кеп салып, Күмөнүнү бир аз арылтты, Кыйаздын көөнүн жай кылып. Ойлоп калды Кыйаз да, “Калыптыр бала ачылып.” Алике менен Сатике, Коросондук эки ууру, Баштан-айак көргөнүн, Энеси менен Мөнтөнүн, Экөө катар өлгөнүн, Жедигер менен Таластын, Айылын эки бөлгөнүн, Эжекеси Чүрөктүн, Олжо катын экенин, Олжо катын энең, деп, Аликенин эжеси, Дайынын айтып бергенин, Чүрөктү Кыйаз алганда, Сексен кысыр сойгонун, Өзүнөн сойбой бир малды, Жакшы көрүп койгонун, Баарын айтып артында: — Жедигерби, Таласбы, Жетисууда жүргөн мал, Атамдын малы баары деп, Мен ушундай ойлодум. Сейтек айтып болгондо, Кыйаз ойлойт ошондо: “Так өзүмдөй Сейтек, Адис болот экен, – деп, Кеп кутулбас оозунан, Чечен болот экен, — деп, Кыйаздын уулу дегенде, Жаман көрөт элем, – деп, Чукул жерден ишенбей, Дагы байкап көрөм” — деп, Кыйаз айтат мындай кеп: — Алике менен Сатике, Бий болдук деп темтеңдеп, Таластык менен эмгиче, Короолош жүрүү кайсы кеп? Жумушу чыккан күндөрдө, Алып келип иштетип, Бекер болгон кездерде, Келтире бербе дүрбөтүп. Аралаш жүрсө эрте-кеч, Абалыңды билбейби, Кыткылыктап бир күнү, Этегин ачып күлбөйбү? Ээ болот элге экөө деп, Эсир Кыйаз ойлонсом, Жээниң-таайың чогулуп, Жылкы сатып ойносоң! Чогулуп жүрүп сегизиң, Коросондон жол чалып, Төрт балача болбосоң! Көрсөтүп туруп көп элге, Эртең менен сойбосом! Жаныңды койсом тениңе, Этиңди алып сойлотом, Кыйаз атым курусун, Экөөңчөлүк болбосом! Кутубайдын Кара дөө, Айгыр салып койбосом! Сен да, балам Сейтек, Тартынчаак болот окшойсуң, Жакылдаган катындын, Жаагын жарып койбогон, Алике менен Сатике. Шек келтирип жүрөккө, Жакылдап турган катынды, Кой деп бирөөң койбосоң! Тиги турган эки ууру, Тирүүлөй көзүң ойбосом! Сейтек айтат: - Ата, — деп, акылың кеткен кайда? — деп, Хан Кыйаз уулуң мен туруп, Чакылдаган катынга, Теңдеш киши кептенип, Демитип жүрсөм карма деп, Болбойумбу элге кеп. Алике менен Сатике, Апкелдим эки бийиңди, Булардын алы билинди. Өлтүрүп койуп нетесиң? Бул экөөнү өлтүрүп, Кай муратка жетесиң? Сактатып жолду койолу, Мындан кийин сак болуп, Кайтарсын чыгыш чекесин, Өчөшүп экөөн өлтүрсөң, Чыгып элден кетесиң. Мөнтө менен энеси, Көмүлбөй калды талаада, Алике менеен Сатике, Кайта барсын аларга, Ыраазылык сурасын, Эл өлүмдөн жанаарда, Камын кылып жөнөсүн, Буйруган жерге бараарга. Эки ууруну атаке, Күнөөсү аз, кечиргин, Өз жерине кетиргин. Эрлигиңди эл билсин, Кеңдигиңди да билсин, Азган-тозгон эл болсо, Калбай баары саа келсин. Сейтектин айтканын, Балакет Кыйаз ошондо, Баарын кылып салыптыр. Айчүрөк менен Сейтек, Бир күн ээн калыптыр. Муну мындай таштайлы, Момунжан барып Айчүрөк, Алмамбеттин Гүлүсүн, Сакайткандан баштайлы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек». Элдик эпос. Басмага даярдаган Асанбай Матилы. Булак: bizdin.kg.