Айчүрөктүн Момунжанды келтирип, Гүлчорону айыктырышы
Айчүрөк менен Сейтек, Калганда үйдө ээндеп, Энесинен баласы, Сурады эле мындай кеп: — Айтканың кана байагы, Ээ, эжеке Айчүрөк? Артыштагы Токтосарт, Багдаттагы Момунжан, Ошол экөө барат, деп, Далай күнү дегдедим, Аларды келип калат деп. — Андай эмес, Сейтек, Карылардын кеби бар: “Камдабай саан алдында, Дайардап саба алгын” деп, “Кызылдабай кырманды, Ороңду казып салгын” деп, Чынында, балам, ушул кеп. Алике менен Сатике. Күмүшбулак керүүдөн, Айырганың аларды,- Камдаганың сабааны; Таластык менен жедигер, Бөлүнткөнүң ошону - Ойгонуң болот орону. Сарамжалың бүтүптүр, Токтосарт менен Момунду, Эми таппай Чүрөк койобу? Он күн туруп бу жерде, Жайың айтып Кыйазга. Жана малга кетип кал, Калганды жайлап жеткирчү, Катын да болсом эжең бар, Энеңмин деп айтпаймын, Сен үчүн жүргөн зар болуп, Кең таласта энең бар. Эртеси күнгө бейшемби, Акундун кызы Айчүрөк, Бүткөн бойун жуунуп, Белин бекем буунуп, Артышты алып ниетине, Аккуу кебин кийинип, Учуп чыкты кубулуп. Албарсты сасык чоң эмчек, Кыйаздын калды кашында, Айчүрөк болуп кубулжуп. Жетисуу сындуу жер калып, Күн чыгышты тууралап, Түштүк карай кыйшайып, Жетип келди Артышка. Кеч бешимде суйкайып, Асмандап келип Айчүрөк, Жерге көзүн салыптыр, Эшигинин алдында, Дутарын кармап олтурган, Токоңду көрүп алыптыр. Канатынын элесин, Токтосартка көрсөтүп, Учуп өттү жарк этип. Канатын көрүп караанын, Кыраакы турган Токоңдун, Кыраандыгын карагын; “Аңыр келчү алдында, Келгин маалы эмес, — деп. Куунун көрдүм канатын, Бул бир болгон шумдук” деп. Кереге сакал байпайып, Өтө көркөм сарт эле, Басып чыкты чайкалып. Аңгычакты Айчүрөк, Токтосартты үч айча, Баккандагы түр менен, Турган экен суйкайып, Айчүрөктү көргөндө, Токтосарт кетти уйалып, Жалдырап көзү күүгүмдөн. Байланып тили бурулуп, Шашып калды Токтосарт. Заманасы куурулуп. Алдыраган Токтосарт, Кандыргалап бүгүлүп, Катындарча жүгүнүп, Кендир келет бүгүлүп, Келиндерче жүгүнүп, Коркуп турат калчылдап. Кайран жандан түңүлүп. Капсалаңдап калп эле, Калдалаңдап жүгүрүп, Жасап алган сарайын, Ичи-тышын бордотуп, Мейман келди болгун, деп, Үйүнүн ичин оңдотуп, Үй-бүлөсүн шаштырып, Дасторконун жаздырып, Дүр-дүнүйө, жер-жемиш, Алып келип чачтырып; Сары кантын чактырып, Зардек менен мейизди, Ыгы менен салдырып, Палоосун мыктап бастырып, Бор койуна Токтосарт, Кошо бата кылдырып, Керчөөсүн кебеп бышырып, Боору менен куйругун, Майлуу боор кылып кесиптир, Күмүштөн соккон бешилик, Алып келип бердирип, Коону менен дарбызын, Торгоч, шабдоол, анжирин, Алма менен анарын, Алмурт, нашпут - аларын, Бийе менен жүзүмүн, Жангак менен пистесин, Алтын сары жийдесин, Түктүү курттай үжмөсүн - Баарын койду Токто абаң. Чачтай кескен жайган аш, Манту менен чүчбара, Чойгон камыр чубалган, Самса менен катырма, Кирде менен ак токоч, Андай аштын түрү кеп, Чайнекке салган балы бар, Демдеген кызыл чайы бар, Кара мурч, кажо, калемпир, Тамагында дагы бар, Кашкардын кызыл мыйазы, Бар тамакта даамы бар, Дасторконго койгон аш, Алтымыш түрчө чагы бар. Дутарын алып колуна, Койкоңдотуп Токто бай. Обон кошуп, күү кайрып, Айткан сөзү момундай: — Арбагына чет болдум, Айкөл баатыр Манастын, Коңурбайга алданып, Кордук кылып уулуна, Өмүрлүк сөзгө калганым! Уйаттан өлүп кала албай, Таласка бара албадым, Жеңилип качты Коңурбай, Кайраттуу баатыр Семетей, Коркуп уктай албадым. Кулагым угуп жүрөмүн, Гүлчоро аман калганын, Күмөн кылат Кыйаз дейт, Чүрөктүн тууган баласын. Жүзүн көрсөм арман жок, Эми кайра Таластын. Карылыгын угам Каныштын, Зарлыгын угам Бакайдын, Жүрөгүм таш, жүзүм эт, Бастырып бара албадым, Семетейге арналуу, Эми калган бар малым. Дайра болуп кечир деп, Дабан болуп ашыр деп, Кылмышым сурап мен турам, Дасторкондо бир турган, Ак никелеп алганын! Эминеге келди экен, Айдай Чүрөк бул жерге, Уксам жоктур арманым! Күлүмсүрөп шаңк этпей, Кабагын ачып жарк этпей: — Айаш ата Токтобай, Эрликтин эрче жолу бар, Жамандык келген кишиден, Жакшылык келер чагы бар. Өлгөнү жок Семетей, Ордунда Сейтек уулу бар, Ага өлсө, ини бар, Эр Гүлчоро тирүү бар, Онго чыкты Сейитек, Айаш ата, уулуңар. Таластагы карылар, Мурунга жыт, муунга күч, Кайрат кылар жөнү бар, Алмамбет уулу Гүлчоро, Эки кечир кесилген, Багар киши табылбай, Багар киши табылса, Айаш ата Момунжан, Ал дагы келип кабылаар. Ошол үчүн айчүрөк, Алдыңа келген жайы ал, Айчүрөктөн кеп угуп, Ыйлап ийди Токтосарт, Кайрат кылып тура албай: — Айтканың чын, сөзүң ак, Акундун кызы Айчүрөк, Семейден тукум бар дедиң, Эзилип барат эт жүрөк, Багып алмак Гүлчоро, Эч канчалык иш эмес. Дайра болуп кечирсек, Ниетим эми ак сүттөй, Дабан болуп ашырсаң, Жетисуу жете барайын, Жеринен орун алайын, Жеткилең тууган Гүлчоро, Ал келгенче багайын, Керек десе Момунжан, Куландын сүтүн табайын, Куунун этин кааласа, Айанып кантип калайын? Ээрчип Гүлүс арстанга, Эр Сейтек балага, Олуйа тирүү Бакайга, Каныкей сындуу айашка, Жүзүм жарык барайын, - Айчүрөк көрсүн дегенсип. Кербен башын чакырып, - Дайар болгон үч күндө, Жол керегин жабдынып. Санаты төрт жүз сексен төө, Жетисуу карай чубасын, Кыскасы, татым туз үчүн, Тим эле башын аламын! Төө таманын ойултуп, Күн-түнү жок тарттырып, Жетисуу жете барамын, Таластыктын жылкысы, Жүнсүз баары тобурчак, Түрөгөй чалыш аргымак, Бардыгы күлүк, түрс айак, Семетейден ала албай, Мен келгемин ушул жак. Ошол малдын баарысы, Жетисууга барыптыр, Кадырын билген киши жок, Көп бедөөлөр карыптыр. Күн-түнү жок желбесем, Аз болгондо жети миң, Бедөөдөн алып келбесем. Лопнур, Жеркен, Котенге, Бир таратып бербесем! Жаңы көпкүр жаштарды, Жетинтип атка салбасам, Лопнур, Жеркен, Хотендин, Жибегин койбой албасам. Индистандан чай алып, Атан төөгө артпасам, Багдат, Мисир, Ыстамбул, Кудус, Кенан, Иракка, Ошолорго барбасам! Акак, жакут, шуруну, Лайил, көөхар - бурууну, Марваит менен заваржат, Ушунун баары асыл таш, Артып кайра тартпасам, Алып кирип Каканга, Чын элине сатпасам! Шириден күптү жасатып, Көмүр менен кебекти, Аралаша тундуруп, Алтын менен күмүштү, Арасына койдуруп, Дат алдырбай катпасам, Санаама жетип бай болбой, Үйдө кантип мен жатам? Жети кыраан элине, Жетет го менин даңазам! Деп ошентип күүлөнүп, Өзүнчө кыйын түрлөнүп, Ар уруудан Токтосарт, Чүрөккө койду сарыпай, Жакшы сөз менен жандырды, Чүрөк андан бирди албай. Артыштан чыгып Айчүрөк, Асман менен калкылдап. Ак куу болуп жаркылдап, Көкөлөп учуп баратып, Эр Төштүктүн ордого Келип калды жакындап: “Кашкарга келип кеткеним, Кенжекеге угулат. Беттешип калсам бир күнү, Какшык кеби урулат, Таарынчы сөзүна кылат. Учураша кетейин, Жоодар бешим атадан, Жетим калып чоң болду, Бар болсо көрүп өтөйүн”- Деп Айчүрөк бурулат, Канатын Чүрөк жымырып, Теректин башын сыдырып. Отузда жубан уз болуп, Оолжуп Чүрөк барыптыр. Аккуу кебин катыптыр, Кенжеке көрө салыптыр. Таласка келген тарлыкты, Билип жүргөн Кенжеке, Айчүрөк олжо кеткенин, Угуп жүргөн Кенжеке, Эркек бала тууду, деп, Кызыл бала дубана, Сейтек атын койду, деп, Баарын уккан Кенжеке, Кыйаздан эмес бул бала, Семетейден экенин, Билип жүргөн Кенжеке, Айды эсептеп жаңылбай, Сүрүп жүргөн Кенжеке: “Акырет кеткен айкөл шер, Бейжинден кайра тартканда, Таласка барбай үйүнө, Биздикине келди эле, Керээз кебин калтырбай, Төштүккө айтып берди эле, Кенжеке жесир, Жоодар жаш, Туш-тушумдун баары кашс Жесир катын маанай бас, Кыйналып жүргөн кезимде, Алымды сурап Семетей, Эки сапар келди эле, Изин издеп эринин, Келиптир айаш келиним. Деп Кенжеке жүгүрүп, Айчүрөк турду жүгүнүп. — Эл болсун, Чүрөк талабың, Урматын көргүн балаңын. Оозунда айтып Кенжеке, Көзүнүн жашы төгүлүп, Бирөө кары, бирөө жаш, Кучакташып көрүшүп, Эсендигин сурашып, Колдун учун өбүшүп, Кенжеке үйгө баштады, Жүрү, балам, үйгө, деп. — Келбегем мурун бул жерге, Кирбегенмин чоң үйгө, Учураша бурулдум, Мен кирбейин энеке. Ушуну айтып Айчүрөк, Болбогондо Кенжеке, Үйдүн тышкы тушуна, Салып койгон көлдөлөң, Жазып койгон дасторкон, Олтургузду ал жерге, Тамагын ичип олтуруп, Таластан тартып бар ишти, Айтып Чүрөк койду эле, “Күйгөндүн жашы так катат, Сүйүнсө жашы токтобой, Талаа-талаа тамчылайт” Кенжеке ошол болду эле. — Андай болсо Айчүрөк, Айаш атаң Момунжан, Айкөл менен дос эле, Момунжанды алп Төштүк, Улукмандын тукуму - Саркындысы, дечү эле. Айкөл уул эр эле, Эр турмайлык шер эле, Жамандык кылбайт эч кимге, Жакшылык кылган көп элге. Аркасы тийип алашка, Калка болуп кыргызга, Оорагы кетип ар кайда, Тирүүлүктө жүрдү эле, Ак калпак кыргыз улуу журт, Арбагына сыйынып, Тилек тилейт эмгиче. Айланайын Чүрөгүм, Кайда барып келесиң? Кайнатаңдын каадасы, Семетейдин адаты, Нарк-нускасын унутпай, Асмандан түшүп келипсиң. — Артыштан келдим бул жерге, Учураша бурулдум, Урматуу, эне мен сизге, Төрө атамдын жалгызы, Үйдө жокпу, энеке? Ошондо айтат Кенжеке: — Төрө атасын азгырып, Жер түбүнө түшүргөн, Желмогуздун Уулжан, Далайдан бери балама, Болжосуз салды чуулган, Уулжанды сойлотту, Кылгараны ойнотту. Кангайдагы Таталаң, Так миң киши жумшаптыр, Кашкарды калмак алыптыр, Алдырып шаарды Алакун, Анан кабар салыптыр, Мага айтпай кабарсыз, Жоодарбешим барыптыр, Таталаңдын миң колун, Кыйратыптыр Жоодарым. Башчысы качып калмактын. Кай кеткени билинбей, Баш кишисин албасам, Бир күнү бүлүк салат, деп, Артынан кетти деп угам. Түндүккө качпай ал калмак, Түштүктү карай качыптыр, Акынек белин ашыптыр, Түмөнбайдын шаарына, Түндө калмак кирет, деп, Жоодар ага шашыптыр. Кенжекеден кеп угуп, Качкан калмак жөн качпай, Акынек ашты деп угуп, Айчүрөк учмак болду эле, Анда Кенжеке айты турду эле: — Семейден калган жалгызды, Жакшылап баккын, Айчүрөк, Өз-жат дебей чынын айт, Ашырып айтпа Айчүрөк, Алмамбеттин Гүлчоро, Арстандын көөнүн оорутпа, Тилинен чыкпай жүргүн, деп, Көп тапшыргын уулуңа. Айкөлдүн айкөл болгону - Аксакал Бакай кеменгер, Сыргак, Чубак-эгиз эр, Адамдан башка айлакер, Алмамбет менен болуучу. Семетей элге таанылып, Семетей атка конгону, Гүлчоро менен болуучу, Сейтек атка конушу, Гүлүстөн болот дагы ушу. Семетей мында келгенде, Гүлчоро анда бирге эле, Жүзү сүйкүм нур балкып, Сөзү жагым бал татып, Баатырдык сынын көргөмүн. Өлүмдөн коркпос баш тартып, Ээ кылат элди Таласка, Момунжан койсо сакайтып, Суркойон кармап мине алса, Тизгин кармап, жал тартып, Көк наакы теппей бут артып. Батадан бүткөн Семетей, Бир күн келет деп турам, Ушул бойдон өлөт деп, Көмөнүм жок кылайтып. Үйүндө калды Кенжеке, Айчүрөккө кош айтып, Айчүрөк учуп жөнөдү, Жуп канатын калдайтып. Өйдөлөп барып асманга, Эңиш тартып учту эле, Үч аралдын кыркууда, Качкан калмак Куталак, Алдынан утур чыкты эле. Куталакты караса, Кара бойу тоо экен, Эки беттин жалкыны, Бүркүт туучу зоо экен, Төбөй деген белеске, Чыгып келип Куталак, Чаар бараң мылтыгын, Айабай мыктап октоду, Аркасын карап токтоду. Айчүрөк алдын караса, Жалама кызыл тараша, Кылгара менен чуратып, Чыгып келет жаш бала, Төө тынымы угулчу, “Төө тынышка келгенде, Куталак беттейт куушту, Куталак капыр атат, — деп, Бу куу туйак жаш чырпык, Жер кучактап жатат, — деп, Куурап калган Кенжектин, Тилеги таштай катат” деп, Жаш баланын жолуна, Түшө калып Айчүрөк, Ак чапанчан, ак атчан, Боло калды бир адам. Караанын көрүп жаш бала: “Менден качкан Куталак, Кара кийим кара атчан, Кайдан келип кез болду, Ак кийимчен, ак атчан?” Муну ойлоп болгунча, Көмүскөгө кирди эле, Байагы ак кийимчен, ак атчан. Жана ойлоду Жоодарың, Байкап албай аны абдан: “Айкөл Манас баатырдын, Чоросунун бири окшойт, Атам менен угушта, Ары тууган ары дос, Жиберген экен бирөөнү, Мен жетимге баргын деп, Баскан жолун басайын, Ашкан белин ашайын” Ойунда ушул чунагың, Кылгара менен шашыптыр, Ач белести ашыптыр, Чыга калса кайкаңдан, Алдында калмак жатыптыр. Аркан бойу алыстан, Чыга калды капыстан. Ат дабыртын укканда, Очоңдогон Куталак, Мылтыгын оңдоп алганча, Жоодар бешим турабы, Калмак карап аңгыча, Толгонуп бери болгончо, Найза менен калмакты, Бакалоорго бир койду, Тийактагы кулактан, Найзанын учу жылтырап, Үч карышча коройду, Жер кучактап Куталак, Ал төбөдө жоголду. Бута атым өйдө жагында, Карап турат Айчүрөк, Жанагы киши кайда деп, Жоодар бала элеңдеп, Чын ишенди ниетинде, Бир чоросун маа бар деп, Жиберген экен Манас деп. Бура тартса жаш бала, Ак ат менен ак чапан, Айчүрөк турат алдында. — Ак чапанчан, ак атчан, Ашкере мага дайының айт, Жик-жигинен айрып айт. Атымды Жоодар койгону, Жашым мынча болгону, Бүгүнкүдөй ашкере, Мага белги болбоду. Анда Чүрөк муну айтты: — Таластан билгин айлымды, Энеңен уккун дайнымды. Айтып койуп жок болду. “Белдүү бала бул экен, Азыркысын жаш бала, Атылып турган ок экен, Күйүп турган чок экен, Өзү теңдүү балдардын, Далайынан шок экен” Асманда жүрүп ой ойлоп, Көрбөгөн, уккан Айчүрөк, Жүрүп кетти калкайып, Багдаттын жолун болжолдоп, Таласта Чүрөк кеп уккан: “Айаш ата Момунжан, Эшигинин алдында, Ак байрак-желек” деп уккам, Элден эркин бир жерде, Суу бойунда ээн жерде, Ак желек турган желбиреп, Ак сакал адам олтурган, Кебездей бети мелтиреп. Асманда жүрүп Айчүрөк, Ушул эмей кайсы, деп, Суу бойуна конгону, Кадимки Чүрөк болгону. Учуп жүрүп тер болгон, Бети чаңдап кир болгон, Агын сууга жуунуп, Орто бойлуу узун чач. Кумар көздүү кара каш, Мурду кырдач, тиши аппак, Кыргый мүчө, ичке бел, Сыртына кайкы келишкен, “Атка бергис кунан, — деп, Кызга бергис жубан” деп, Ошол жерде Айчүрөк, Тура калды мелтиреп. Карай калса Момунжан, Каадасынча Айчүрөк, Эки колу боорунда, Жүгүнүп салам кылды эле, Не да болсо бу киши, Мурункунун бири, деп. Кайдан келген келин? — деп, Салам кылган мага, деп, Сурап дайынын билейин, Ким экенин жана, деп, Момунжан айтат мындай кеп: — Көргөнгө сүйкүм жаш келин, Кайсыл жактан келесиң? Чоң үйдө туулуп өскөндөй. Байкасам сенин элесиң. Таазим кылып турасың? Бар беле сенин бир кебиң? Билгеним болсо айтамын, Билбегеним жашырбай, Чынын айтам мен, балам, Ачык мындай бар кебим. Ачылып кабак жарк этип, Айчүрөк турду шаңк этип: — Атамдын аты Акун хан, Өзүмдүн атым Айчүрөк, Келген жерим кең экен, Арбагы бийик кайнатам, Теңдеши жок пенде экен, Атагын айкөл дээр экен. Эримдин аты Семетей, Эмгектүү болдум ченебей, Он жылдан бери карата, Санаам тынбай кенедей, Саргарып өңүм оңгон чак, Сары жез болуп турган чак, Ким болосуз өзүңүз, Айтып болбос сурасак? Айтып Чүрөк токтолду, Момунжан ичи чок болду, Узун бойлуу, ак жүздүү, Кер чекир, өзү кой көздүү, Момунжан айтты бул сөздү: — Айтып эмес угуп ал, Менин атым Момунжан, “Жедигердин Кыйазы, Семетейди өлтүрүп, Катынын алып никелеп, Жетисуу кетти көчүрүп” Деген сөз бизге угулган. Акундун кызы Айчүрөк, Өзү болсоң сен, балам, Акыреттик дос эле, Айкөл Манас кайнатаң. Баатыр Манас эр эле, Эр турмайлык шер эле, Атагы түрктүн баарына, Арка болгон бел эле. Чыгыштан чыгып Чыңгышхан, Өзү калмак уруудан, Кошуун жыйнап, кол айдап, Батышты карай чубурткан. Мисирге кирип аскери, Багдатты кошо куруткан. Туулуп Манас Алтайда, Жашы онго чыкканда, Калба салып Кангайга,- Алооке, Шоорук, Калдайга, Дөөкан, Панус - хандарга, Көк ойдуңда эр Манас, Көңтөйдү сайып алганда, Артынан келген кошуун жок, Тараган калмак ар кайда, Алты жылга калтырбай, Айтылган ошол жерлерде, Калмакка катуу тийди эле, Коржоңдогон калмакты, Койбой айдап ийди эле, Бейжинге барып эр өлдү, Бели катуу шер өлдү, Аз өлбөдү көп өлдү, Атактуунун баары өлдү. Айкөлдөн калган Семетей, Туугандан кордук көргөнү, Он экиге чыкканда, Таластын жүзүн көрбөдү. Бел куда болгон шер Манас, Сени тартып алам, деп, Эр Семетей төрөдөн, Чынкожо, Толтой тең өлдү. Атадан калган мурас, деп, Семетейдин баласы, Дагы ошону көргөнбү? Семетейдин колунан, Кылымдан чыккан бузукту, Хан Коңурбай дагы өлдү. Элөөсүз жерде Кыйаздан, Семетейдин өлгөнү, Өлтүрүп таштап кеткенде, Эл чогулуп көмбөдү. Канчороң, Кыйаз бир экен, Семетей өлүп атканда, Гүлчоро баатыр кайда экен? Көрбөгөнмүн, угушум, Азыркы жаштын эри экен, Гүлчоро атын жоготуп, Кыргыз Гүлүс дээр экен, Канчоро Чубак уулу дейт, Ыраспы, Чүрөк, ушул кеп? Гүлчоро кимдин уулу экен? Ар кимиси арды дейт, Бирөө десе Алмамбет, Бирөө айтат Күлдүр деп, Жүрбөгөн соң аралаш, Айра билиш кыйын кеп, Айтып болду Момунжан, Кеп Чүрөккө калды дейт. Акундун кызы Айчүрөк, Кеп айтканы шар экен, Акыл ээси ал экен: — Арбагы колодоп атамдын, Тыштан келип жоожеңип, Алганы чок арстанды, Атадан кетсин айланып, Чубактын уулу Канчоро, Семетейди алдады, Минээр аттан жөө койуп, Балталап Кыйаз жайлады, Жыгылганын эл көрдү, Башын кесип алсак, деп, Өлүгүн таба албады, Көмүлбөдү деп ушул, Айтылгандын баары чын, Сөзүнүн жок жалганы. Алмамбет уулу Гүлчоро, Айаш ата, кебиң ак, Бул замандын балбаны, Ааламдан ашкан Коңурду, Жалгыз көздүү Мадыкан, Жападан келген Кызыл дөө, Нескаранын Жубатай - Баарысын Гүлүс шер алды, Мен алдым деп айтпады, Семетейге ат калды, Аты жок бу да жөө калды, Буудандын турса үстүндө, Канчоро, Кыйаз, Турмайлык, Дөөлөр беттеп барабы? Канчоро, Кыйаз-кан ичме, Гүлчорону кармады, Далынын сойуп терисин, Кечирин кесип алганы, Эки колун шал кылып, Чолок кылып салганы, Колу чолок, өзү бар, Жаны тирүү калганы, Семетейдин чоң зайыбын, Канчоро кулу алганы, Олжолоп Кыйаз Чүрөктү, Өзүнө нике байлады, Кашыңда турган келиниң, Албарстыны кубултуп, Чүрөк жасап салганы, Кыйазды антип алдады. Семетейден үч айлык, Бойумда менин калганы, Куу тумшукту курсакта, Үч жылы Чүрөк сактады. Арам санап көр Кыйаз, Төрөтүмдүн үстүнө, Он эки катын киргизди, Арамдыгын билгизди. Алдыман ороо каздырдым, Он эки бакшы катындын, Ошентип шорун катырдым. Кыйаздын көөнү кир болду, Семетейдин уулуна, Үч жылы атын койбоду, Кыйазга айла иштеттим, Балага атты коймокко, Үч жылдан кийин той болду, Өзүмө уйкаш ат кой, деп, Кыйаз айтып токтолду, Эт бышымча эл жымжырт, Унчуккан адам жок болду. Дубана келип ат койуп, Качып кетти шарт койуп, Болбоду Кыйаз күмөнсүп, Өзүңдүн балаң, Кыйаз, деп, Көпчүлүк айтты күбөлүк. Онго чыкты Сейтек, Күмүшбулак керүүдө, Бүгүн чыкты башкарып, Амалсыз жүрөт көр Кыйаз, Балага жылкы башкартып, Гүлүс шерди жайлоодо, Багып жүрөт алпарып. Алып келдим бу сапар, Токтосартка мен барып; Алдыңызда мен турам, Арбагы үчүн атамдын. Жетисуу алып кетели, Барсаңыз эми сизди алып. Токтоно калып Момунжан: — Жүз он бирге чыгыпмын, Ушул бүгүн мен, балам, Карылык кести демимди, Жетисуу кантип бара алам? — Айаш ата, антпеңиз, Байбичеңди кошуп ал, Өзүм -Чүрөк алпарам, Керек болчу дарыңды, Курал-шайман - баарыңды. Арбакты эске алыңыз, Жетисууга барыңыз, Алмамбет уулу Гүлүстү, Айыктырып салыңыз, Деп Айчүрөк турганда, Айаш ата Момунжан: — Кандай кылып ал жерге, Алпарасың сен, балам? — Барайын десең атаке, Уч килем жасап саламын, Жума намаз маалында, Жетисууга барамын. — Андай болсо Айчүрөк, Арбагы үчүн Манастын, Ээси үчүн Таластын, Өлсөм дагы барайын, Өлбөй жетсем ал жерге, Бир дабасын табамын, Убара кылбай мен сени, Өзүм деле барайын. Болжол кылып кырк күндү, Узатып койду Чүрөктү. Момунжандан кеп алып, Болжолу кырк күн деп алып, Алкып учуп баратып, Урумдун ханы Орус хан, Он эки кыздын кенжеси, Бир кудайдын эркеси, Эч жеринде өөнү жок, Бар мүчөсү келбети, Гүлнарга Чүрөк туш келди. Орусхандын шаарында, Падышалык багында, Ойноп жүргөн бир кыз бар, Кырк кызы бар жанында. Он экиде жашы бар, Кундуздай кара чачы бар, Ылжыраган сары эмес, Жылтыр сары жийде жүз, Көктөн көрүп эжеңиз, Жанына түштү бакчанын, Он төрт-он беш жаш болуп, Өтө манап кооз эмес, Өтө жыртык деги эмес, Тааныбаган кыз болуп, Басып барды Айчүрөк, Бир нерсе сурап келгендей, Шашып барды Айчүрөк. Мурун угуп көрбөгөн, Мунун Чүрөктүгүн ким билет? Чукулдап Чүрөк барганда, Кызды баары жардашып, Чогулуп келе калышты. Баарыдан жашы улуусу, Чолпон деген сулуусу: — Падышалык бакчага, Кайдан келдиң чоочун кыз? Ортодо турган мына бу, Орус хандын кенже кыз, Гүлнар деген ушу кыз. Дайынын укту Айчүрөк, Кайыны барбы, жокпу? — деп, Суроо болду кыйын иш. — Хан баласы кыз бийкеч, Көрүнүп көзгө алыптыр, Орус хан башын оорутуп, Ортого киши койушуп, Маа бергин деп айтаарга, Болжолу болуп калыптыр. Айтып муну жылмайып, Күлүп койду Айчүрөк. Чолпон кирди кобурап: — Асылган киши көп турат. Ачык жооп берүүчү, Билермени жок турат. Орус хан кызы он эки, Эң улуусу Кенжеке, Арасы алыс жер окшойт, Анда барып келгенге. “Улуусу билет кичүүсүн, Эжеси билет сиңдисин” Орус хан кеби бул эле, Беттешип жооп алууга, Кенжеке келбейт дегеле. Анда туруп Айчүрөк: — Андай деген ким эле? Чолпон кыз анда дейт экен: — Кашкарга жакын айлы экен, Кенжекени сурасаң, Эр Төштүктүн зайыбы экен. Байкап турса Айчүрөк, Чолпон кызды Гүлнар кыз, Эрдин тиштеп көз кысып, Басып койду моминтип. Бакылдаган ар жактан, Үн угулду жакындан, Кыздар кетти тарашып, Айчүрөк калды жарашып, Урумдагы Орус хан, Өзү кыргыз уруудан, Урумдагы кыргыздын, Өңдөрү сары, көзү көк, Өңгө журттан өзү көп. Калгандар жүрчү кыргыздын, Көптүгүнө таң кылып, Чыккан жердин чөбү деп, Тобокел деп Айчүрөк, Сейитек алса Гүлнарды, Боло турган экен, деп, Кыргыздын эли көбөйүп, Толо турган экен, деп, Андан чыкты Айчүрөк, Обоолоп учуп көкөлөп. Жетисууга Айчүрөк, Жете келди бешимде, Эжем качан келер, деп, Сейтек турган мезгилде. Албарстыны кучактап, Кыйаз жатат ак үйдө. Сейитекке Айчүрөк, Баштан-айак калтырбай, Барып келген жерлерин, Баарын айтты жашырбай: — Кашкардагы Токтосарт, Жетисууга келайтат, Канча нарга жүк артып, Багдаддагы Момунжан, Бул дагы чыкты шаарынан, Бизди көздөй жол тартып, Барбаган жерим калбады, Ээ, балам, сенин айыңдан, Камынгын, балам, турбагын, Күмүшбулак түз баргын, Кеңеш салып Кыйазга, Жылкыга жетип баргының. Кутубай бар деп ал жерде, Жөлөк болот дегеле, Балалык кылып чунагым, Сыр алдырба бул элге. Айчүрөктөн кеп угуп, Эр Сейитек жаш бала, Кыйазга кирди жолугуп: — Алачыктай карааның, Атам Кыйаз сен элең,, Ардактап багып чоңойткон, Артыңда уулуң мен элем. Жылкыга барып турганда, Көп иштерге жолуктум, Акылга артык дегенин, Айтып сизге угуздум, Эп келеби, атаке, Шаарың менен малыңа, Барып-келип турушум? Бар десең, ата, барайын, Малыман кабар алайын, Ит агытып, тартып жаа, Тамашага канайын. Жетилип жүнү карк толду, Бөрүдөн жүздү табайын, Текесин таштан кулатып, Илбирс менен чөө атып, Сүлөөсүн, суусар атайын. Чендешип келген жоо болсо, Өпкөсүн анын басайын, Күлүгүн алып олжого, Өзүңө кабар айтайын, Алып келип көрсөтүп, Учурашып кайтайын, Баргын десең атаке, Мал алыптыр эки жыл, Кармап алдык биз быйыл, Коросон барып көрөйүн, Койбой журтун бөлөйүн, Деп, Сейитек токтоду, Анда Кыйаз ойлонду: “Суурула чыгып баш бербей, Тентек чыгат окшонду, Байатан бери оозунда, Тоого кайып койбоду. Коросон барып кокустан, Өлүп калса окустан, Таарынып Чүрөк койорбу? Көрүнөө кайып болобу?” Алда канча сан акыл, Аны Кыйаз ойлонду. — Барбагын десем болбойсуң, Сейтек барбай койбойсуң, Менин көзүм барында, Өз эркиңче ойногун, Айуу кирди чээнге, Илбирс, суусар, сүлөөсүн, Түлкү менен чөөсүн, Керектүүсүн койбогун, Алтымыш айры бугусун. Адырдагы бөрүсүн, Айтылуу аркар, кулжасын, Аскада эчки текесин, Аралдагы маралын, Токойдон жолборс карагын, Келип-кетип тургунуң, Айланайын ай сайын. Сен бербегин тапканың, Олжоңон Кыйаз бергин, деп, Элдер менден сурасын. Эрегишкен жоо болсо, Эл чечишкен доо болсо, Мага айткын андайды, Жолобогун сен болсо. Ыгы келсе катышкын, Жаман атты болбоско, Баргын деген кеп болду, Сейтек барбай койобу? Эртең менен Сейтек. Жылкыны карай чуу койду. Алике менен Сатике, Сейтек келсе өлдүк, деп, Көчүп алып ал экөө, Бар деген жерге жоголду, Төрт жүз сексен төө менен, Токтосарт келди конгону. Асты агын кара суу, Өзөнү токой тикендүү, Керүүсү жайык тулаң чөп, Төөгө ылайык жер болчу, Беш төөсүнө бир киши, Токсон алты санаты, Бирөө катчы, бир чайчы, Бири эшик багуучу, Өзү менен төрт экен. Жон сомосун алганда, Эки жүз ашкан киши экен, Бештен адам бир чатыр, Катчы, жолчу, чайчысы- Үчөө мында бир жатыр, Бир чатырда өзү бар, Үч чатырын ээн койду, Колу жетик Токтобай, Куржунга салып пул алып, Кагазы менен чай алып. Канча түрдүү шайы алып, Катчысы менен чайчысын, Өзү менен кошо алып, Учураша келдим, деп, Сейитекке барыптыр, Бала туруп Сейитек. Бар жумушка жараган, Түрө тиктеп алдыртан. Сумсайыңкы караган. Жүрөгү чыгат Токомдун, Көзүнөн чыккан жалындан, Сынап турат Токтосарт: “Артыла туулган экен, — деп, Эр Семетей баатырдан, Эми кудай урбайбы, Баладан сырды жашырсам” Деп, башта болдгоништерин, Баарын айтты Токтосарт, Эми мында келгенин: — Айчүрөктөн кеп угуп, Ашыгып келдим мен, — деди, Кай кеткендир көрүнбөйт, Алмамбет уулу шер? — деди. Токтосартка Сейтек, Айтып турган бир кеби: — Абаке арстан шер Гүлүс, Келе турган киши эмес, Сен келди деп жүгүрүп, Көрүшөөр болсоң өзүң бар, Көрүнсө салам бергиниң, Көрүнбөсө абакем, Күдөрүң үзүп келгениң, Көрүшөрүн-койорун, Абамдын сырын билбедим. Атайлап барып Токтосарт, Кутубайдын үйүндө, Гүлчоро менен көрүшүп, Башында кылган жамандык, Бүгүн тилеп амандык, Учурашып жаныптыр. Ошол күнү кеч курун, Момунжан келип калыптыр. Бир жолдошу бар экен, Эки атка арткан дары экен, Кабарын угуп Сейтек, Гүлчорону кошо алып, Кутубайды котчу алып, Жолун тосуп барыптыр, Болбойм ойлоп Токтосарт, Ал түшүрүп алыптыр, Токтосартта көп акыл, Артык тиккен үч чатыр. Бирине өзүн киргизип, Бирине дары түшүртүп, Бирине Гүлүс күттүрүп, Туруп калды жылмайып, Белдүүлүгүн билгизип, Айлакер табып Момунжан, Алты күнү дарылап, Түгөнбөгөн сары суу, Кан аралаш ириңи, Калтырбады бирини, Эсептеп жашын Гүлүстүн, Далысынын кечирин, Ченеп көрсө кесигин, Чарыккан төөнүн кечири, Эп келиптир кечирге, Сары иттин кечирин, Жигине жаап бастырып, Данакерден талкалап, Себелетип салдырып, Чубалды деген суу жандар, (Жакындаган жаныбар, Оролуп калма жайы бар), Чубалдыдан Момунжан, Алып келген чагы бар, Андан башка дарыдан. Канча түрдүү дагы бар, Чар дары кылып баарысын. Жара үстүнө салдырып, Бүтөп койот жымыйтып, Ак када таңдырып. Эбеп менен себептен, Мерин менен медеттен, Ичинен берип ичирип, Сүт менен таза жуудуруп, Жаңылап төөнү сойдуруп, Кечирин кесип ойдуруп, Сары иттин кечирин, Күндө жаңы таптырып, Чубалдыны аа кошуп, Жарасына жаптырып, Токсон тогуз күн болду, Үч ай тогуз күндөрдө, Жетилип кечир болгону, Жиксиз болуп бүтсүн деп, Кырма кызыл чаптырып, Кайнатма кара тарттырып, Сары барпы ичирип, Нуш дарыны эритип, Ичинен кошо бердирип, Туу калган бээден сойдуруп, Терисине оротуп, Жедигердин бир малын, Койгону жок коротуп. Саттырып келет Токтосарт, Сойулган бээ, төөлөрдү, Иштеткен сары иттерди, Пулга казып күнүгө, Алып келип эл берди, Төө эркеги бээ туусун, Сары итти койбой алды, деп, Сатып алып Токтосарт, Эмне кылат аны? — деп, Иштетип жаткан жумушун, Түк кылайып жан билбейт, Дагы токсон күн өтүп, Гүлчоронун далысы, Алты айга толгону, Кадимкидей болгону, Арстан Гүлүс баатырдын. Күчүнүн бар болжолу, Анжыйан кетмен дегенден, Жетини катар койуучу, Жааны Гүлүс чойуучу, Жети кат темир-кетменден, Кечип огу кетүүчү, Күчүм толгон экен деп, Көөнү толуп эргүчү, Айаш ата Момунжан, Бала жолборс Сейтек. Баатыр Гүлүс баштаган, Жайма сакал Токто абаң, - Бар керегин жам кылган, Төртөө барды бир жерге, Кетмен койгон жер менен, Жаа тарткан жердин ортосу, Жакшы ат минсе жараган, Кере күндүк жол эле, Күч сынаарда Гүлүстөн, Ошончо жерге койчу эле, Керчти чойуп тартканда, Эки далы биригип, Кечирлери киришип, Беттешип далы тийишип, Талкаланып кетчүдөй, Керчтин үнү кырсылдап, Эшкен темир тырсылдап, Жебенин боосу чытырап, Үзүлгүндөй болгончо, Күч келтирип тартуучу, Анан жааны атуучу. Жыгылып калса тешпейт деп, Жебе кечип өлбөйт деп, Кетменди ташка жаздады, Мадап жерге таштады. Баатыр Гүлүс жаа тартты, Укпагандар көрбөгөн, Ар түрлөнгөн дооштон, Эстери чыгып аз калды, Ээрчип барган малайлар, Ыштанга сийип таштады, Тамылжып бетке кан келди, Жааны тартып жиберди, Алтоону кечип кетмендин, Жетинчисин кечпеди, Толо элек экен күчү деп, Боло элек экен Кыйазга, Беттеше турган кези, деп, Кечири үчүн сойулган, Көп төөлөрдүн өркөчүн, Учтары кесип койулган, Жыйдырып жүргөн Момунжан, Көгөрүп кеткен жыттанып, Сүрсүгөн койдун куйругун, Аралаштыра сызгырып, Тым кезинде буудайды, Сууга таза жуудуруп, Күнгө жайып кургатып, Казанга таптап куурутуп, Адамдын күчү өтсүн деп, Агарганча тыштарын, Ушалатып ыштарын, Тундурган майга чөгөрүп, Сууганча демдеп көмөрүп, Аны берет наштада. Казы-карта бал берет, Кандыра кара чай берет, Чыйралып эти катсын деп, Адырашман эрменден, Кайнатып суусун да берет, Айаганы ушулар, Арак менен ачкылдан, Андан башка тамактан, Айабай берет абыдан, Үч ай өттү арадан. Жана барып жаа тартты, Жетиден жебе кечиптир, Жерге житип кетиптир, Кетменден кошту экини, Тогузга саны жеткени, Тогуздан өтүп тарткан жаа, Жерге батты жебеси, Күчүмө эми толдум, деп, Сейтек менен кеңешип, Кыйазга аны жиберет. Муну мындай таштайлы. Сейитектин Гүлнарды, Алганынан баштайлы.