← Сейтек 7/8

Кыйналып турган кезиңер, Коросондун жолуна, Жаштык кылып жалтанбай, Жортуулчу болсо апкаарбай, Барып келет иниңер. Койчапдар кайда жетелеп, Жедигер басаар пейли жок, Таластык, алып келиңер, Он жылы болду жүрдүңөр, Силердин болду жериңер, “Кимдин жерин жердесең, Ошонун ырын ырда” деп, Барго айткан кебиңер. Бүгүндөн баштап таластык, Корголобой дөөлөргө, Койондуу колот, чоң керүү - Күнгөйгө көчүп кетиңер, Жат менен өздүн арасы, Айрым болсун жигиңер. .Ушундайча күпүлдөп, Сейтектин айтканы, Насаатпы, кекерби? Кайсы экенин билинбейт, Таластык эмес жедигер, Этек-жеңи дирилдеп, Сакал менен муруту, Тал-тал болуп бириндеп, Таластыктан жан калбай, Көчүп кирди дирилдеп. Алыке менен Сатыке, Тоңкочуктап бүгүлүп, Эси чыгып бүжүрөп, Бити батпай көйнөккө, Кутубай турат күлүңдөп. Түпкүлүгүн түшүнбөй, Келин-кызы Таластын, Эркектери Алаштын, Жедигердин айлынан, Бөлүнгөнгө сүйүнөт, Эки-экиден Жедигер, Сөйлөшүп жүрөт күбүрөп: “Айтса-айтпаса ырас кеп, Уу чылап берсе ким билет? Чардаган болуп эл четин, Кутубайдын Кара дөө, Кошойдун уулу Жалгызек, Баары келсе ким билет? Айдап алып бар малды, Жалгыз көздүн кутургур, Ага качса ким билет? Алике менен Сатике, Тим эле жүргөн турбайбы, Кымыз ичип, этти жеп, Кутуруп кеткен болуучу, Бул экөөнө тийгизе, Ырас айтты Сейтек. Энеси Чүрөк акылман, Артыла туулуп Кыйаздан, Жаш болсо да бул бала, Акылга толук даанышман. Жүрө берсек бу бойдон, Жедигер тартмак экенбиз, Арылгысыз чоң бушман. Олжого келген кулдарга, Коросон жолун чалдырган, Алике менен Сатике, Акылдуу киши деп жүрсөк, Ушу экөө тең айбан, Как Кыйаздын өзүндөй, Мүчөсү толук, кең далы, Кууш айак, быкта бел, Көөдөнү жайык, сом билек, Булчуңу бала белиндей, Азыр эти толо элек, Балбан болчу бала экен, Телегейи тең экен, Эч өөнү жок неме экен. Он сегизден ашканда, Көйкаптан дөөлөр келсе да, Беттээр пенде жок экен.” Алыке менен Сатыке: — Биз баралы, Сейитек, Кашык кан жерге тамабы, Кайгуулга сени жиберсек? Жалганы жок ырас кеп, Мастык менен жүрүпбүз, Сен айтканда эстесек. Ушуну айтып эпеңдеп, Үчтөн алты котчу алып, Экөө кетти тепеңдеп, Туйгузбай туруп чакырды, Кутубайды келсин, деп: — Кутубай ага, кулак сал, Айткан кебим кабыл ал, Төрт бала ылгап жибергин, Которуп кийим кийишсин, Коросондун жолуна, Буруу жолдоп киришсин, Караңгыда капташып, Чалгынга кеткен сегиздин, Өлтүрө сайсын бирисин. Алике менен Сатике - Баштыгына тийбесин, Жанындагы алтоонун, Ким экенин билбесин. Барганга бизди чалдырбай, Буларга шек алдырбай, Мурда келип жай жатсын. Бүгүндөн баштап, Кутуке, Ырым кылып силерге, Журтуңарга таштаттым, Бул экөөнү сөз менен, Өзүң бар кандай какшаттым? Сейтектен кеп угуп, Кутубай барып таластык, Бабырашып чоголуп: “Кыйаздын келип баласы, Бизге кызыр жолугуп, Кечээтен бери карата, Катын менен баланын, Кызмат кылчу адамдын, Жаны тынды соолугуп” Дешип булар басылды, Бабырашып оолугуп. Төрт жигитти Кутубай, Ылгап элден алыптыр, Төрттүн жайы момундай, Кулагыңды салып тур: Сары хандын жээни эле, Салмаке деген бала эле, Тайатасы Сары дөө, Эрдиги канча бар эле, Ошо кезде Салмаке, Жыйырма экиде чагы эле. “Кыйаздан эмес Сейтек, Кыйаздын күмөн кылганы, Жалганы жок ырас кеп. Семетейдин уулу бул, Боорун толгоп айтпаса, Таластыкка ушинтпейт” Ушуну ойлоп Салмаке, Өз ойунда күмөнсүз, Ишенип алган бул ишке, Сыр чыгарып бирөөгө, Айта албай келген эмгиче, Төрттүн бири ал эле, Дөңкөнөй деген бар эле, Чөнөй менен Чөндөлөй, Бир атанын уулу эле, Атын айткан төрт бала, Жыйырма беш менен жыйырманын, Ортосунда бар эле, Мактап туруп бул төртөөн, Жолго салаар чагы эле. Төрт жигитти так кылды, Кутубай ага тапшырды: — Коросон жолун чалгыла, Алике менен Сатике. Сегиз киши бир кетти, Шек алдырбай баргыла, Коросондун четине, Элөөсүз жерден тийгиле, Алыке менен Сатыке, Тийбегиле дегеле. Алың келсе экинин, Келбесе алың бирөөнүн, Кара боорун тилгиле, Атыңдын изин куугузбай, Тирүү жанга туйгузбай, Алардан мурда келгиле, Жоро кылып Кошойун, Кара дөөнү билгиле. Өз атыңды мингенде, Өз тонуңду кийгенде, Ойноп-күлүп шарактап, Эркиңерче жүргүлө. Кутубайдын кебинен, Сейтекти Салмаке, Ачык-айкын билди эле. Ошол үчүн сыр тартып, Салмаке айткан кеп эле: — Айланайын абаке, Акылдын кени береке, Кароолго кетсе, жол карап, Алыке менен Сатыке, Аракасынан алардын, Тийишебиз биз неге? Түйүнүн толук чечип, айт, Ушул жерде кебиңде. Күн-түнү жок шылкыйтып, Жумшап турган эл эле, Алты күндүн алдында, Айылдаш көчүп келди эле. Кымыздан таап кыйыкты, Журтка таштап аларды, Көчүрдү бизди Күңгөйгө. Күн тийген жерге үй тигип, Маңдайын какта дедиби? Же бизге берген белгиби? Чабуулга келген элдербиз, Жашырбай айтчы кебиңди. Агып жаткан дарыйа, Толкубай жатты канча жыл, Ылайбы түбү, тунукпу, Ачык айтып туйунтчу. Санын чаап Кутубай, Кабагын бүркөп каш серпип, Күлүп койду жарк этип, Үнү ачык шаңк этип; Ошо кезде Салмаке, Ыйлап ийди көзүнөн, Салаа-салаа жаш кетип. Дөңкөнөй менен берки экөө, Бастыралы, жүр, дешип, Баардыгы турду дүрбөшүп. — Үч киши кошуун-кол болот, Бирөөнүн оозун караса, Андан кийин жол болот, Жолоочу болсо ынтымак. Анан иши оңолот. Салмаке оозун караңар, Кебин бузуп жырбаңар. Деп ошентип Кутубай, Балдарды жолго салыптыр. Салмаке мыкты эр экен, Ар кылыгы бар экен, Коросон жолун билүүчү, Ачык жолу шар экен. Алыке менен Сатыке, Адашып жолдон кетиптир, Ал экөөнөн Салмаке, Мурда белге жетиптир, Күтүп жатып бир жерде, Эки күн өтүп кетиптир. Алыке менен Сатыке, Келип түштү бир жерге, Ыктуу жерди биле албай, Урунуштуу бир белге. Уктап кеткен мезгилде, Дөңкөнөй чуркап барыптыр, Байкап көрсө аңкаарып, Баарысы уктап калыптыр. Өчөшүп жүрчү бирөө бар, Аликенин элинде, Жаткан экен эрдемсип, Бир жагында-четинде. Аңдып келип Дөңкөнөй, Как жүрөккө муштады, Канжарды канга чыктады, Каны чыркап жайылды, Ойгонуп баары жайылды. Найзасын бирөө алганда, Аны дагы уруптур, Кый сүбөөдөн жарыптыр, Экинин жанын алыптыр, Арбаңдап алтоо копкондо, Атка чуркап барыптыр. Аликенин Балагер, Чечип минип алганы, Калгандарын чечкенче, Алтоо келип калганы. Узай берип Дөнкөнөй: — Илбирс, жолборс, ой иттер, Кабылан шер канаке? Келди кыргыз мынаке, Булар алты, биз сегиз, Камынгыла бол тегиз! Айкырыкты салыптыр. Салмаке баштап берки үчөө, Кажы-кужу бакырып, Алике менен Сатике, Алтоо минип алты атты, Таштап койуп бир атты, Жоого берип кер атты, Тескери чаап чуратты, Илбирс, жолборс, аты, деп, Кыйын окшойт баары, деп, Кууп жетсе сойулдук, Унчукпастан баскын, деп, Сайга кирди аралап, Жумшак менен качкын, деп, Кутулууга душмандан, Керек болот акыл деп, Алике сөзү макул, деп, Күдүңдөп качып жөнөдү, Салмакенин төрт киши, Төртөө бирдей өрт киши, Жон-жонго чыгып акырып, «Кабакка кирип калбасын, Карагын», деп бакырып, Өзөнгө салса тапты, деп, Өзөктөн ичти жарды, деп, Өзөндү таштап жолго чык, Аркадагы айбандар, Эми кайдан тапты? — деп, Акылынан душмандын, Биздин акыл ашты, деп, Кууп ийип аларды, Белге жатты ал төртөө, Балагерди сойуп жеп.