← Сейтек 3/8

Айыктырып албасак, Оңолбойт ишиң дегеле. Ушинтип кеңеш кылышып, Аракет кылып айанбай, Мал менен пулду айабай, Сакайтмак болуп Гүлүстү, Айчүрөк менен Сейтек, Эми калды жай албай. Күмүшбулак бет алып, Гүлчоро менен Кутубай, Далылары дүкүйүп, Тебетейи тегерек, Кере карыш төрт эли, Зампыйышып жөнөдү, Ошолордон азыраак, Айталы кепти биз эми. Сурчабардан Кутубай, Түшө калып бир жакта, Жолун тосуп Гүлүскө, Сөз козгоду мындайча: — Арстаным Гүлүс, арзым ук, Арылбай келген дартым ук. Күмүшбулак конголу, Мен Кутубай болголу, Айлансын Кеңкол Таластан, Жерге көзүм тойбоду; Айлансын аргын, ногойдон, Элге көзүм тойбоду; Айлансын Семей төрөдөн, Эрге көзүм тойбоду; Айлансын Буурул буудандан, Атка көзүм тойбоду; Айлансын Кызыл буурулдан, Жылкыга көзүм тойбоду; Айлансын Бакай абамдан, Карыга көзүм тойбоду; Айлансын Каныш энемден, Энеге көзүм тойбоду; Айлансын сөзү Гүлүстүн, Сөзгө көзүм тойбоду; Айлансын келин Чүрөктөн, Кызга көзүм тойбоду; Керменбайдан айлансын, Бийге көзүм тойбоду; Сетертайдан айлансын, Жашка көзүм тойбоду, Агызып жашты сел кылып, Ушундай заман болобу?! Кеңколдун көрүп жер бетин, Жаштардын көрүп нур бетин, Кыздардын көрүп берметин, Сенин көрүп, султаным, Суркойонго мингениң, Семейдин көрүп Кеңколдон, Аргынга кайра келгенин, Кеңколдун төшү жайылып, Күлө багып күлгөнүн, Көзүм көрүп көөн ачып, Өлөөр күнүм болоорбу? Көк Семей келбесе, Сейтек уулу келди, деп, Адырда аркар кылаңдап, Курбудан кулжа тарбаңдап, Тектирде теке каркаңдап, Балапан өрдөк баркылдап, Көлдөгү каздар каркылдап, Аңырлар учуп аңкылдап, Боз жоргоо аты алкылдап, Ак сакалы жаркылдап, Бакай баштап эл келип. Төрт айактуу канаттуу, Адам-айбан тең келип, Кадимкидей Кеңколдун, Кыз-келини теңселип, Боз балдар ойноп шоктонуп, Жергелей тартып орто жаш, Төш тайанып топ болуп, Төрткөлдүн сазы былкылдап, Жай көөнүм толоорбу?! Кара буура, Чаткалга, Катарлап тигип ак үйдү, Чубата мамы орнотуп, Чубуртуп ашкан күлүктү, Талаага чаап кунанды, Талашып тарткан көк бөрү, Тамылжып жаткан уланды, Бой жасап жүргөн кыздарды, Акыректе чоң сөйкө, Алтындан чачпак сооруда, Ар түрлөнүп кубулган, Арген үндүү келинди, Жаакташ менен Майбулак, Жарашыктуу жеримди, Кең Тескей менен Жайылма, Жайыты малга кеңири, Буура кужур, Акташы, Жергенин сарыталаасын, Жерлээр күнүм болоорбу?! Ушуну айтып Кутубай, Жаш баладай бырпылдап, Мурдунун суусу шуркурап, Каргылданып айта албай, Тил бурулуп байланып, Канчалык үнү кубулат, Сөзүн улап ал кайта, Көзүнүн жашы куйулат: — Жинди болуп Чачыкей, Тамак берсе жебестен, Талашып сөөк иттерден, Элечек кийбей кара баш, Абийирин жаппай жылаңач, Айылга келсе ит талап, Көрөөр күнүм болоорбу?! Канчородон кеп сурап, Калайык журттун алдында, Кыл чылбыр толгоп санына, Далда эмес жарыйа, Ачык айтып баарыга, Бакай башын алганда, Жалгыз бейит атантып, Жалгыз жолдун бойуна, Какыраган корумга, Чычкан жүрчү коргулга, Көмөөр күнүм болоорбу?! Бакай журтка баш болуп, Каныкей үйгө ээ болуп, Сейтек элге ээ болуп, Гүлүстөн элге шер болуп, Кылган ишим шар болуп, Ачык көөнүм карк толуп, Келин-кесек, балдарым, Улан-ушак калганым, Таласка келип таанышып, Өлөөр күнүм болоорбу?! Каркылдап кайран Кутубай, Туура тарткан сур чабар, Мингиниң деп айта албай, Көзүнүн жашы он талаа, Сакалы ылдый куйулуп, Өңү нечен кубулуп, Үшкүрүнүп турганда, Абасы түшүп эсине, Каныкей менен Бакайдын, Карааны көзгө элестеп, Асман түшүп келатса, Кенебеген Гүлчоро, Оң бөйрөгү бүлкүлдөп, Көзүндө жашы көлкүлдөп: — Кой, Кутуке, кебиңди, Кыскартпа эрлик демиңди, Беш күнчөлүк дүйнөнүн, Болсо да көп жабыры, Суу ичет алтын айактан, Өлбөгөн киши акыры. Жүр, Кутубай, бастыр, — деп, Жүрүп кетти Гүлчоро, Эзилип ыйлап Кутубай, Ошол жерде калыптыр. Бир убакта Кутубай, Ачып көзүн караса, Турган жалгыз талаада, Сурчабар минип чуу койду, Артынан жете бармакка. Кутубай алдын караса, Бара жаткан Гүлчоро, Калдайган кара талаада, Как кырк киши баратат, Бир, эки деп санаса! Көрө салып Кутубай, Тобо деп жака карманып, Жаратканга жалбарып: “Айкөлдөн калган кырк чоро, Чоро болгон турбайбы, Өлгөндүн баары тирилип, Кошо болгон турбайбы” Деп ойлонуп Кутубай, Бабединге тай айтып, Мазарга арнап кой айтып, Айылга жетип барышты, Алдынан чыгып малайлар, Кутубай атын алышты. Кара дөөлөп бакырып, Кутубай турду акырып, Кара дөөгө кезенип, Карыган койдой чакыйып: — Эшикте карап турбайсың, Эрендин атын албайсың! Кирбей карап турбайсың, Кимдин атын албайсың! Түнөрүп тиктеп каласың, Калкалап жаның жакындан, Жатка кантип жагасың?! Эртеңкиден калтырбай, Элиңдин эстүү-баштуусун, Жашы менен карысын, Жыйнатып келгин баарысын! Ушуну айтып Кутубай, Эшигин ачып чоң үйдүн, Эр Гүлүстү киргизип, Эзген курут, кошкон май, Суусунуна тийгизип, Кутубайдын Зубайда, Наалыш кылат кудайга: — Аллам берген насибиң, Арстан сындуу баатырдын, Биздин үйгө кириши- Куттан артык мындайда. Муну айтып бүгүлүп, Ак чач болгон Зубайда, Жаш келиндей жүгүрүп, Айагы анда-мында бир тийип, Тигилип мейман күтүштү, Эртең менен күн чыга, Чогулуп эл турушту, Кыйаздын кылган өкүмүн, Кутубай айтып угузду. Шапа-шупа камдантып, Кырк беш үйдү көчүрдү, Айыл башы, мал башы, Арстан Гүлүс болуптур, Алыке менен Сатыке, Айылы жакын конуптур; Гүлчорону Кутубай, Кандай кылып жатат? — деп, Аңдуучу киши койуптур. Кутубай аны туйуптур, Көчү жөнөй бергенде: — Каралдым уулум Кара дөө, Азыраак мында туруп тур, Айагы кебим калыптыр, Атаңдан аны угуптур. Кыйаз айткан кеп эле, Баарысынын башчысы, Гүлчоро болсун деди эле. Алыке менен Сатыке, Ойунда жаман иши бар, Агарбайт алар дегеле, Каралдым уулум Кара дөө, Ал экөөнө көз салып, Караба да, элебе. Жайылуу жерге барганда, Гүлүстөн билге алыңар, Отун-сууга салбаңар, Мен айтканды укпайт деп, Кара мүртөз Кыйаздан, Бир балаага калбаңар. Кутубайдан кеп угуп, Кара дөө болду көөнү жай. Челек менен чарынды, Иле, Текес - баарыны, Жылкысы жетип жайылды, Кара дөө алып кырк эрди, Ар күнү карап бел-белди, Айланып тоону жүргөнү, Кутубай айткан акыл, деп, Гүлчоронун кебине, Дегеле бирөө кирбеди, Айткан кепке кирбесин, Ал Гүлчоро билгени. Аттан аттай айрылды, Жан багып жүрөт Гүлчоро, Аралап дайым айылды. Жерди көрүп кызыгып, Барган кырк беш чогулуп, Такыр көөнү бузулуп, Тегеректеп олтуруп: — Кыйазга барсын чолок кул, Макул көрсө хан Кыйаз, Биз туралы алты жыл, Дешип булар жөнөттү, Чапдар бээ берип мингин, деп, Колдон качкан эп берип, Кардың ачса жегин, деп, Жүрө бербей сенделип, Кырк күндөн калбай келгин, деп, Самсаалап жүрүп олтуруп, Кыйазга жетип барганы. Калтырбай кепти салганы, Барганынан көчкөнү, Жатканынан копкону, Жайлап малды бакканды, Баш малчылык. минген ат, Баарысын тартып алганды. Угуп Кыйаз олтурду, Көрүнөөсү Гүлүскө, Түлкү тойут аш берип, Антип Чүрөк кондурду, Он күн жатып калганда, Гүлчорону чоң Кыйаз, Жумшады кайта барганга: — Алты жылы турбасын, Жылкынын жайын байкасын... Кыйаз антип жатканда, Ойноп турган Сейтек: — Баатыр Кыйаз атамсың, Ишенбейсиң балаңа, Ошонуңа капамын, Малды кулга тапшырып, Кантип чыдап жатамын?! Уруксаат бер, барайын, Жери жайлуу кең болсо, Жылкыны багып жатармын, Ар качан сага айтаармын, Жайсыз болсо барган жер, Малды айдатып кайтамын.