← Сейтек 4/8

Кошуп бергин чолокту, Ат бактырып алайын, Кежирлик кылса чолокко, Көп кордукту салайын. Ар иш келет колумдан, Так өзүңдөй балаңмын, Баргының деп айта албай, Чүрөктөн чочуп бир жагы, Барба деп ачык айта албай, Турганда Кыйаз калтаңдай, Гүлчорого Сейтек: — Аттан бирди алып кел, Ылдамыраак жетелеп, Бастырамын эртелеп, Анда Чүрөк кеп айтат: — Кой, Сейтек чунагым, Боло элексиң жаш толуп, Мал багуучу убагың.... — Жообуңду берчи, атаке, Эжемдин кеби кеп эмес, Анча-мынча иш үчүн, Балалык кылчу мен эмес, Деп Сейтек айтканда, Унчукпай Кыйаз калды эле, Ал Кыйаздын ичинде, Далай акыл бар эле: Гүлчорого баланы, Кошуп берип каламбы? Хан Ысмайыл, Түмөнбай, Ал экөөнүн бирөөнө, Алып кетип жүрбөсүн. Бул баладан мурдатан, Бар эле мунун күмөнүм, Жалгызекке барбасын, Жайын айтып калбасын. Кан ичме дейт Жалгызек, Чоң калбаны салбасын. Барба десем жылкыга, Барамын деп болбосо, Анда кандай кылармын?” Акыл ойлоп калганда, Айчүрөккө Сейитек, Азарланып айтат кеп: — Айласы жок атамдын, Сенде окшойт, кеп-кеңеш, Сен толгоону салбасаң, Атам буга жок дебес! Атамдын аман чагында, Алдымда атым барында, Элди таанып, жер көрүп, Ээ болойун малыма. Айалуу бала мен болдум, Айап экөөң не болдуң?! Ушул сапар жылкыга, Барбай деле койбоймун! Тур, чолок кул, ат току! Ат токусаң бат току, Сейтек антип айтканда, Ала келген Таластан, Койчапдарды токуду, Кошо келген ат менен, Гүлчоронун токуму. Айчүрөк айтат Кыйазга: — Ээликтирбей уулуңду, Тил алдырсаң болбойбу, Кыш-кыроо суук чилдеде, Буту-колу тоңбойбу? Туушун тууйт баланы, Тетири бүтсө кыйалы, Эненин эмне абалы, Кара мүртөз жел өпкө, Как өзүңдү тартыптыр, Чоңойгон сайын бу балаң, Түйшүгүм менин артыптыр! Койчапдар минип чунагың - Тогуз жашта Сейтек, Кылчайып артын карабай, Гүлчорого кошулуп, Бастырып кетти жайма-жай, Абасы менен кетти деп, Айчүрөктүн көөнү жай, Бастырып жөнөй бергенде, Кыйаз карап турду эле, Аркасынан жер чаңдап, Бурулгуй түшүп жоголуп, Алдынан кызыл от күйдү, Кичинектен чоңойуп. Тогуз жашта Сейтек, Опол тоодой зоңкойуп, Минген аты Койчапдар, Эркечтенип койкойуп, Андан башка көп неме, Элестеп көзгө көрүнүп, Ындыны өчүп Кыйаздын, Көңүлү кетти бөлүнүп. Буларды көрүп зор Кыйаз, Арбайып тиктеп калганда, Байкап турса Айчүрөк, Улутунуп алганда, “Каапырдын көзү тийет, — деп, Же жибербей жылкыга, Кайтарып алып келет” — деп, Сыр алдырбай Айчүрөк, Алаксытып айтат кеп: — Жүрү, Кыйаз, үйгө кир, Бута атым буруу айрылбай, Дегеле жаман көнүпсүң, Талаа түзгө бастырып, Ошентип жүрүп көнүксүн. Деп жеңинен тартты эле, Чүрөктүн көөнүн кыйа албай, Үйгө Кыйаз басты эле. Гүлүскө жандап Сейтек: — Чарынга барбай, абаке, Күмүшбулак баралы, Иледеги жылкыны, Айдатып келе калалы, Бекер таап албайлы, Бөөдөсүнөн калбаны. Өлгөнү өлүп бул малдын, Өлбөгөнү калбайбы, Тирүү болсо алтын баш, Мал табылбай калаарбы? Эл ичинде, абаке, Айрыкча Кыйаз бар үйдө, Өөдө, төмөн кеп айтып, Осолдук кылдым мен сизге, Антпегенде амал жок, Мен кичине, сен чолок, Айнек көз турса жумулбай, Айгине болот акыры, Агы менен карасы, Адал-арам арасы. Жүрүпсүңөр нечен жыл, Мен жетимди күймөлөп, Жүргөнүңөр чын болсо, Күмүшбулак жетели, Алике менен Сатике, Кендирин иттин кесели. Кутубайды табалы, Үй көтөртүп алалы, Күн алыс бээден жаралы, Антип жанды багалы, Алладан ажал жетпесе, Абаке Гүлүс, өзүңдү, Айыктырып алалы. Таластагы дартууга, Көп кечикпей баралы, Сагынып жүргөн энемдин, Зар болгон айаш атамдын, Жүрөк черин жазалы. Андан калган туугандын. Биз үчүн бушман кылгандын, Көөнү толсун жай болуп, Жатып калсын жайкалып, Кеңкол, Талас жай болуп, Тарайып жатып калышсын, Санаганы жам болуп. Мына ушинтип барбаңдап, Кеп салып келет Сейтек, Кеби ташты эритет, Ичинде келет Гүлчоро: “Тил жазыктуу болбосун, Адам болот экен” деп. Анда Гүлүс мындай дейт: — Жобураган жаш бала, Калтырдың мени санаага, Ушунун баарын кыдыртып, Үйрөткөн киши ким сага, Аба дейсиң, не дейсиң? Абаң сенин ким эле? Сагынган энең ким эле? Зар болгон атаң ким эле? Таласты качан көргөнсүң? Көрбөсөң качан уккансың? Жаш бала сендей болобу, Канча жашка чыккансың? Кыйаздын уулу сен болсоң, Чолок уйчу мен болсом, Сөзүңдүн турат кыйгачы, Байатан бери ойлосом, Айтып жаткан арзыңды, Анык угаар кишиң ким? Бушмандуу киши ким эле? Тегине жетип түшүнүп, Билбедим сенин ишиңдин. Гүлчоро мындай дегенде: — Бышыктап, абаң, сурайсың, Билмемиш болуп турасың, Кепке салып уулуңду, Кайда кеткен уйатың? Угуп тургун, абаке, Мен Сейтек кубатың. Атабыз айкөл шер Манас, Жерибиз Кеңкол, чоң Талас. Атамдын аты Семетей, Канчоро капыр кас болуп, Аны сайган найзалап, Кыйаз чапкан балталап, Абаке, кесип кечириң, Алыптыр малды бүт талап, Хан болбоптур Таласка, Канчоро доңуз чалкалап! Олуйа Бакай зор экен, Элге дайын ол экен, Күндө уруп талкалап, Төө бактырып койуптур, Карыганда унаасыз, Жөө бактырып койуптур! Чоң энем аты Каныкей, Торпокчу кара күң кылып, Башына балаа түн кылып, Эмип кетсе кокустан, Сабаптыр күндө жүн кылып! Сениң жарың Акбала, Тууганы экен угушта, Суу көтөрсө челекке, Томолото койот дейт, Чачыкей деген суу куйса, Таластагы калгандар, Карылыкта дейт ушунча! Алакандай кыргызды, Канчоро капыр бага албай, Күндө алым алат дейт, Кайтып элден уйалбай, Бийлери ыйлап жүрөт дейт, Үй башынан жыйа албай. Ар качан угам кабарды, Бийдин бири Сетер тай, Күндө бирден ыйлайт дейт, Көзүнүн жашын тыйа албай. Атактуу чечен Ажыбай, Албан элге даңы бар, Андан калган тукуму - Бушмандуу кишиң Керменбай, Керменбай ага баш болгон, Аргын кыргыз элим бар, Жетимдикке жеңдирбей, Жетиле турган жерим бар, Абам Гүлүс белим бар, Эми менден күмөнсүп, Айланайын абаке, Эминеден шегиң бар?! Акылдуу болсун уулуңар, Акыл айтып насаат бер, Күйүп жүрүп көрдүңөр, Тогуз жылга толуптур, Мен Сейтек муунуңар, Дагы сынап суроочу, Абакең кайсы кебиң бар? Ушуну айтып жаш бала, Жалооруп турду Гүлүскө, Көзүнүн жашын имерип. Күлөмүн деп Гүлчоро, Күлө албай ыйлап жиберип, Отко салып түтүнсүз, Аманат жанды ошондо, Чокко салып жиберип, Сакалын сылап баш буруп, Кучактай алды баланы, Колун сунуп имерип: — Ач төшүңдү, чунак! — деп, Айбалкайдан бир жыттап,- Тулпардан чыккан бурагым, Туугандан калган туйагым, Өлбөскө бүткөн чунагым, Өчпөскө күйгөн чырагым, Кыйаз келе жатат, деп, Атын айтпай кузгун деп, Ошол айткан кептериң, Так бүгүнгө эстедим. Үй артынан көргөндө, Өпкөмдөн демин баса албай, Өкүрүп ийе тас калдым, Ээрдимди кесе тиштенип, Башымды, бала, чайкадым, Жымың этип күлгөнүң, Так абамдын өзү деп, Ошол күнү байкадым. Суркойончо мал болбойт, Суурултуп минсе буудан да, Атаң менен турганда, Канды суудай чайкадың, Эки далым тең кесип, Бүгүн кагылып калды шайтаным! Энеңен угуп сүйкүм сөз, Үмүт кылып сени деп, Кыйаздын уйун кайтардым, Байатан берки кеп менен, Жүрөктө күйгөн жалындын, Эпкинин бир аз кайтардың, Кулагың түшүп тыңшап ал, Эми сага айтаарым. Баргандан баштап айылга, Мени менен жатпагын, Унчукпасаң унчукпай, Сылап сыйпап сыйдалап, Жакшы кепти айтпагын. Жедигер эли бүт душман, Алыке менен Сатыке.