Кыйаздын Айчүрөктү алышы, Айчүрөктүн амалы
Хандык колго тийгенде, Жар чакыртты Канчоро: — Калың кыргыз угуп ал, Таласта эки бийиң бар. Малай мага бий эле, Тетиги турган Керменбай, Гүлчоронун бийи эле, Керменбайдын ордуна, Бий койулду Сетертай, Бийиңди ачык таанып ал! Сарытаздын ордуна, Ордо башы Эликбай, Бакайды бүгүн төөгө сал, Төө минбесин, ат бербе, Жөө кайтарсын куу сакал! Каныкей торпок кайтарсын, Эмизип ийсе торпокту, Торпоктун ээси сабасын, Акбала барып бээ саасын, Өзү билсин Акбала, Эрке катын Чачыкей, Жагынса жаны жыргарын, Жалпаң-жулпаң этпесе, Кара жаны куурарын! Айчүрөктү алып кел, Ушул көптүн ичинде, Көнсүн акыл кебиме, Көнбөсө менин ишиме, Күн бербеймин деди эле! Деп Канчоро айтканда, Калктын баары күбүрөп, Хан болбой катып калсын, деп, Кара жерге түкүрөт: “Семетей менен Гүлчоро, Ал экөөнө эгешсин, Эл карысы эр Бакай, Ак сүтүн берген Каныкей, Ак кепиндеп аруу жууп, Көнбөдү беле энесин, Кордомок болду кан ичме, Аларга кошуп Акбала, Атасы менен бир тууган, Өзүнүн жалгыз эжесин! Кан ичме сенин кебиңди, Кабыргада бит уксун, Карсылдап үргөн ит уксун, Ушуну кантип киши уксун? Кызыталак чорону, Арбагы урар Манастын, Айлантып жүрүп түбүндө, Тузу урсун алаштын!” Деп калың журт күдүңдөп, Көзүнөн жашын төгүшүп, Карап турду байкуш эл, Кара күчкө күлүңдөп. Ал аңгыча болбоду, Айчүрөккө эки-үчөө: — Чакырып жатат сизди – деп, Кабар айтып чуу койду. Үйдө турган Айчүрөк, Билип турган бар кепти, Башына мындай ой кетти: “Калбас эле арманым, Арамдарга бул жерде, Ашкере салсам дүмөктү, Жылда бүтпөс балакет, Быйыл мага не бүттү? Жараткан кудай жалгасын, Жалгызы мынча не күптүү? Тобокел деп бел байлап, Топулдашып көрсөмбү?” Айдай болгон Чүрөктүн, Башына мүшкүл иш түшүп, Алтымыш акыл, кырк кыйал, Арбыган азап, миң санаа, Айлантып аны көп жана: “Мурун барып көрөйүн, Улуктардын алдына” Деген ойго токтолуп, Бүткөн бойу чок болуп, Басып барса чогууга, Эшиктин алды чынарда, Чынарга салган жараша, Айкөл чыкчу мунарга, Канчоро чыгып алыптыр! Алтындан соккон чоң сөйкө, Акыректе жаркылдап, Күмүштөн куйган чоң чачпак, Май сооруда шаркылдап, Канчоронун жанында, Чачыкей турат арам күң, Мас болгондой шалкылдап, Айлана басып кыйшактап, Терин аарчып шыйпактап, Аркасын салбай чорого, Айлана басып кыйгачтап! Так ушуну көргөндө, Айчүрөк, Бакай, каныкей, Көк асман башка түшкөндөй, Оорлугунан кара жер, Көтөрүп аны түткөндөй, Бендеге келчү барлык иш, Бул үчөөнү күткөндөй, Карап турган калың журт, Баш көтөргөн киши жок, Оодарылып токтобой, Атаңдын көрү дүйнө шок! Айчүрөк жетип келгенде, Каныкей көзүн салыптыр, Бакай тиктеп калыптыр, Ак тинте алсам кантер? — деп, Белги берсе Айчүрөк, Ошол кезде Бакайдын, Оң колунун беш салаа, Оодарылып ачылып. Экөө калды ачылуу, Сегизин койуп жашырып, Он эки жыл күйгүн, деп, Белги берди шашылып, Кайран эне Каныкей, Эки чачын түйүлтүп, Орой кармап алыптыр, Мойнуна учун салыптыр, Эркек туусаң туум, деп, Ургаачы болсо укканда, Муунуп өлөр жибим, деп, Анык белги бериптир. Айчүрөк басып барганда, Чачыкей айтат ушунда: — Ургаачыда чырак кырк, Дуулат өткүн тушунда. Эрке катын атыгып, Эрди билген сен элең, Ар качандан бир качан, Сага качан тең элем? Мен бүгүн Канчорого, Капилеттен туш болдум, Сен бүгүн эр Кыйазга, Буйрук экен туш болдуң, Дагы менден өөдөрөк, Багың ачык сен болдуң. Өлгөн эрди өңүңдөн, Өңүң эмес түшүңдөн, Чыгарып аны сен койгун, Эр Кыйаздын доорунда, Эркиң менен ойногун! Ушул кепти укканда, Айчүрөктүн башына, Айланып асман түшкөндөй, Ырыскы калбай бүткөндөй, Тамандан өөдө дүр этип, Бүткөн бойу зыр этип, Төбө чачы бириндеп, Этек жеңи бириндеп, Эт жүрөгү үзүлүп, Жыгылчудай дүм түшүп, Кайрат кылып кайран жан: “Айаш атам, кайненем, Белги берди сыр айтсам, Суук-селкин кеп угам, Муну менен чырлашсам, Колго турар жери жок, Кубулуп турат бу жалган!” Деп ойлонуп Айчүрөк, Барып калды жакындап, Ашыга басып Чачыкей, Жерге сыйбай лакылдап, Оң жагына Кыйаздын, Олтурчу жерин дайындап, Жеңе боло калыптыр, Ошол кезде Айчүрөк, Мындай кебин салыптыр: — Тирүүңдө калып баатырдан, Болдуң эле сен жесир, Семетей өлүп жоголуп, Бүгүн болдум мен жесир, Жеңе болор жолуң жок, Сен экөөбүз тең жесир! Кыз эмес бүгүн Айчүрөк, Сен жетелеп баргыдай, Жаш эмес же Айчүрөк, Алуучу эрден качкыдай, Өзүм барып билишем, Тур, нары бас сасыбай! Эмне келдиң бул жерге, Чоронун кирин арчыбай, Чачыкейди сындырып, Чүрөк жакын барганда, Тура калды эр Кыйаз, Олтур мындай дей албай. Ошол чактан ушул чак, Айдай болгон Чүрөктүн, Көбү жүзүн көрө элек, Акундун кызы Айчүрөк, Бардасын беттен алчу эмес, Бардасы бар башында, Барып туруп Айчүрөк, Эр Кыйаздын кашына, Айтты сөзүн кеп баштап: — Тоодой Кыйаз сен болсоң, Толгон Чүрөк мен болсом, Томоруп тоону кулатып, Олжолоп Кыйаз сен алсаң, Олжо катын келди деп, Ошентип Чүрөк мен барсам, Эрлик атак саа арзан, Эмгектүү Чүрөк маа жаман! Тилимди алсаң эр Кыйаз, Көчүрүп мени сен барсаң, Жесир дебей тай сойуп, Эл чогултуп той болуп, Даңаза менен сен алсаң, Айчүрөктүн тойу деп, Айтылып элге мен калсам. Жедигердин эл тургай, Атагы кыргыз ак калпак, Өзүбек, тажик аралаш, Жүда, жүржүт чамалаш, Чүрөктү Кыйаз алат, деп, Баары укса кабарды, Даңазаң чыгып калбайбы, Эригип жаткан далай жыл, Эл жыйылып барбайбы, Теңтушуң Чүрөк ошондо, Башынан барда албайбы, Мактанып жатат дебегин, Далайы эстен танбайбы, Сендей эрдин оорагы, Таанылып элде калбайбы. Ушул жерде сен алсаң, Эрке эжем кептенип, Чучаңдап ээрчип мен калсам, Кыйазча катын алып, деп, Сага калат жаман наам. Кары десең кары де, Каалы дебе Чүрөктү, Ургаачы деген ушул деп, Эл айыңдайт, маа жаман! Өмүрлүк жолдош болобуз, Ойлоп көрчү сен Кыйаз, Экөөбүзгө тең жаман! Айчүрөктөн кеп угуп, Ойрот Кыйаз ошондо, Акыл ойлоп олтуруп: “Аты ургаачы болбосо, Акылы чыккан кеп экен, Байатан айткан кептери, Жан менен тер кеп экен, Жарашып калса адамга, Жан жыргатар неме экен, Ошол үчүн Чүрөктү, Агам Толтой, Чынкожо, Талашары эп экен” Деп ойлонуп зор Кыйаз: — Ой Канчоро жан досум, Ишенбиден калтырбай, Мени узатып сен койгун, Акундун кызы Чүрөктү, Жанга дабаа себепти, Жериме барып жай алып, Сарамжалым дагы алып, Алтымыш уруу алашка, Арбын кабар мен салып, Атка минер кишини, Калтырбай баарын алпарып, Көрсөтүп туруп алайын, Уурдап ала качкандай, Ушинтип кантип аламын? Айтып болуп эр Кыйаз, Туруп кетти ордунан, Чүрөктү алпар үйүнө, Тургузбагын деди эле, Кызматкер катын дап дайар, Канчасы бар ал жерде, Он беш катын оролуп, Ортого алып Чүрөктү, Алып кетти үйүнө, Эр Кыйаздын ойуна, Арбын акыл, көп санаа, Айабай түштү ушунда: “Айчүрөктүн бүгүнкү, Адам тапкыс насаат кеп, Ойлогонго сонунда. Семетейди кыргызга, Тааныткан Чүрөк турбайбы, Акылы тунук агын суу, Наалыткан Чүрөк турбайбы! Кургак сөзгө семиртип, Ушинтип жүрүп бул Чүрөк, Бир шойконду кыларбы? Эми кылбас жамандык, Ишенери калган жок...” Айлантып ойлоп ааламды, Кыйаздын ичи кызыл чок, Канчоро туруп мунарда, Чачыкей менен кеңешип, Элге айтты бу кепти: — Казыналык нарларга, Алтын, күмүш-зар артып, Асыл буйум дагы артып, Кыйазга жүздү берели, Жеринен жазбас жоргодон, Санап миңди берели, Кыздан таңдап элүүнү, Уулдан таңдап элүүнү, Таңдап туруп сулууну, Баштан жүздү берели. Күлдүрдүн уулу Алыбай, Манастан бери дайны бар, Алыбайдын Акшербет, Ажыбайдын Суусарбек, Мажыктин кызы Акбермет, Сыргактын кызы Алымкан, Көбөштүн кызы Көрпөке, Эри менен бешөөнү, Көчүрүп такыр берели. Эркелеп келген эмгече, Баш бербеген эч кимге, Буларды олжо берели, Беш үйдө киши он жети, Жергеси менен береги, Кыйаздын өттү эмгеги, Арзан эмес биздерге, Көп алды бизден дебейли, Оорунчу болсо көөнүндө, Дагы кошуп берели, Канчородон муну угуп, Калың журт турат буулугуп: “Хан болбой кара жерге кир, Кишиден берсе жүз жыйырма, Нардан берсе саны жүз, Артылганы нарларга, Алтын, күмүш, сарпай – жүк, Жоргодон берсе толук миң, Чорого акыл үйрөткөн. Тултуңдаган тиги күң! Карылар айткан бу бир кеп, Жамандын мурда малы өлүп, Анан өзү өлөт, деп, Айтканы ушул турбайбы! Жүргөндө Семең коргондо, Гүлүстөн бирге болгондо, Жону туйук ылгал нар, Алтын, күмүш, буйумдар, Атагы чыккан тулпарлар, Илгирден кыраан шумкарлар, Алгырдан кыйын тайгандар, Баарысы келген Таласка, Бүгүн Семей, Гүлүс жок, Ээ болбой жаман Канчоро, Эми түштү талаанга!” Деп күбүрөп калайык, Кабагын ачкан киши жок, Калың журт калды санаада. Чакырып келип Кыйазды, Канчоро айтат жана да: — Бүгүн күнгө шаршемби, Эр Кыйаздын кетишке, Эки күн калды арада, Ишемби күнү таң менен, Ушул турган баарың кел, Үйдө жаткан карың кел! Кутулдуң баарың туткундан, Өмүрүн тилеп Кыйаздын, Улуу-кичүүң батаң бер! Агытып ийбей жайытка, Аттарыңды мине кел, Карабуура, Чаткалдан, Өткөрүп койуп кайра кел! Угуп эли тарашты, Кап, кудайдын иши! деп, Сакалдарын сылашты. Жигиттерге Канчоро, Нарларды айдап карматты, Санатын билет Айчүрөк, Болжолдо нардан кырк ашты. Алыке менен Сатыке, Экөөң менин кайнимсиң, Айдап келгин нарды, — деп, Ал кыркын Чүрөк карматты, Өзү тиккен ак үйдүн, Тутууларын бүктөттү. Араңдан зорго батырып, Кырк бир нарга жүктөттү. Карап турган Гүлчоро: — Жедигерди мен кошо, Чүрөк менен кетем, — деп, Түшмөк болду жолуна, Алдыңкы нарды жетелеп, Сыр билгизбей сумсайып, Айчүрөк турду жемелеп: — Ой, Гүлчоро колуң тарт, Жолобой нарга кайта бас! Жедигердин элинде, Табылбайт сага бекер аш, Билесиңби кылмышың, Ойлонуп эми көзүңдү ач! Талабым тийди колума, Тааныбаймын мен сени, Тамтаңдабай Гүлчоро. Таласыңда кал, — деди. Оозу менен жемелей, Кошо алып кетем, деп, Нишарат белги бергени, Аңгычакты Канчоро, Жанына басып келгени: — Ой Айчүрөк байбиче, Бу кулду ала кет, — деди. Анда Чүрөк кеп айтат: — Эркектен чыккан баатырсын, Эптеп жумшап сен алгын, Мен Гүлчоро албаймын. Күлүп туруп көзү заар, Агарбаган ичи чаар, Эти кыргыз сөөк кытай, Мына мындай иши бар. Кыйгачы тийсе көзүнүн, Кыйпачы тийсе сөзүнүн, Жаман кеп укпай чоңойгон, Оор кетер Кыйазга, Эмне алып келдиң деп, Сөзү тийет Кыйаздын, Жашырбай чынын мен айтам, Качан да болсо туурасын. Анда Кыйаз кеп айтат: — Койгун, Чүрөк, койгунуң, Канчоро койбойт бу жерге, Жайын уккан болчумун. Бара берсин көч менен, Кыйазын көрүп туралы. Кыйа басса көз менен, Кыйаз мындай дегенде, Чүрөк айтат ал кезде: — Жарыта аштан куйбайым, Жакшылык буга кылбайым, Ошол күнү сен Кыйаз, Арачы болуп турбагын. Чачыкей келип кеп айтат: — Муну албасаң Айчүрөк, Кайненеңди ала кет, Батпадай калсын бу жерге, Сага салбай балакет. — Катүгүн Чачы, не дейсин. Кемпирди ала кет дейсиң, Какжаңдатып куу башты, Кантип алып жүрөйүн? Батар жериң калбаптыр, Барсаң барчы ой шүмшүк! Деп ошентип айтканда, Билгендер калды сүйүнүп, Билбегендин баарысы, Катын деген ушу! — деп, Айтып калды жаман кеп, Кара жерге түкүрүп. Нарларды катар чиркетип, Жоргону айдап дүрбөтүп, Айчүрөк менен Гүлчоро, Канчородон чоң Кыйаз, Сурап алган Кутубай, Үчөө менен жүз жыйырма, Чындап түштү чоң жолго, Ханы калбай кел деген, Тегеректеп эл келген, Чогулуп келип эл толду, Уй мүйүз тартып олтурду, Орто жерде чокчойуп, Канчоро кеби бул болду: — Хан болдум сага калың журт, Калбай баарың кебим ук. Салтанаттуу хан болом, Ар түлүгүм шай болом, Окшош боздон бээ ылгап, Өтө кары болбосун, Алды болсун эки асый, Аркасы бышты бар болсун, Энеси менен баласы, Окшош болуп өң жагы, Санаты сексен ал болсун! Кээ кезинде чачыга, Жайы-кышы саарына, Саны анын кырк болсун, Үч күнгө чейин чогулуп, Эшигиме жан болсун! Керкеңдеп кылсаң кежирлик, Анда жакшы болбойсун, Тирүүлүктөн үмүт үз, Жер кучактап сойлойсун! Айтып болду Канчоро, Кыңк эткен киши болбоду, Жооп айтып ошого. — Укпайсынбы кебимди, Унчукпайсың мулуйуп, Такыр табам эбиңди! Карабадым көрдүңөр, Семетей менен Гүлүскө, Билесиңер пейлимди! Деп ошентип Канчоро, Дегеле жаман бакырды, Чөк түшө калып тепеңдеп, Тебетей менен жер сабап, Топуракты сапырды. Аңгыча келди бир бала, Чачыкей келсин деди деп, Канчорону чакырып, Албаң-салбаң далдаңдап, Канчоро кетти шашылып, Олтурган элдер кеп айтат: — Манас атка конголу, Таласка кыргыз толголу, Мындай кордук болбоду, Хан ушундай болобу? Мында туруп нетели? Жогололу кетели? Кайрылбай жүрүп олтуруп, Жеткайтка жетели, Кебибиз токтом ант болсун, Талаасына Таластын, Жерге чоро хан болсун! Абыке, Көбөш тушунда, Өз малына ээ болду, Эл менен иши болбоду, Жардысы жарды, байы бар, Өз эркине жөн койду, Бөз, кенже алым албады, Элге чыгым салбады. Семетейдин тушунда, Кермеге күлүк байладык, Эркин көчүп жайладык, Ар кимдики өзүндө, Бирөөгө басып барбадык, Жетиштик эле бул күндө, Жарды киши калбадык, Каарына калып чочконун, Кыйналып бүгүн зарладык! Деп муңун айтып буркурап, Элдер турду чуркурап, Өзөгүнөн зыркырап, Сынбай сөөгү быркырап. Мал деген жаман адамга, Бир учу анын билекте, Бир учу болот жүрөктө. Каргабаган адам жок, Баарынын болуп оозу шок Кан чоро барып бүт кебин, Чачыкейге салыптыр, Чачыкей киши жиберип, Чакыртып бийин алыптыр, Канчорону караштуу, Агадилдер кеткенде, Ажыбайдын Керменбай, Элге айтып калыптыр: — Бул олтурган барыңар, Көптү көргөн карыңар, Мен айтайын бир кепти, Кепке кулак салыңар. Канчоро болуп ханыбыз, Керек болду малыбыз, Такыр алсын чогултуп, Биз берели баарыбыз. Жеткайтка барып нетебиз? Не муратка жетебиз? Манас атка мингели, Алтайдан көчүп арбыны, Таласка келип жыйналды, Ар кайдан көчүп калганы. Ошондон бери карата, Бир киши алым албады, Алым алат экен, деп, Жеткайтка барбайлы, Таласын таштап аңырып, Кыргыз бозуп жүрөт, деп, Жаман атка калбайлы, Жарды болсок, бай болсок, Жакшы болсок, кор болсок, Биз Таластан тайбайлы. Барбайт эле Айчүрөк, Олжо болуп бул жерден, Менде турат бир күмөн, Бойунда бар кептенет, Ошондон кылам чоң күмөн. Көрүп турган көзүм бул, Гүлчорону Айчүрөк, Кекеткен болуп бул жерде, Айыктырат окшонот, Алып барып ал жерде, Бул экинчи күмөнүм, Далысы бүтүп кайран шер, Бир кайрылып келгенче, Мен он жылы күйөмүн. Семетейди өлдү дейт, Өлүгүн көргөн киши жок, Батадан бүткөн дечү эле, Бейажал абам теги өлбөйт. Арбагы бийик айкөлдү, Пери менен дос деген, Перилер алып кеттиби? Бир күнү кайра келеби? Бизге кудай береби? Же болбосо Айчүрөк, Эркек төрөп салабы? Каркыттап жеңем багабы? Ал баланы ээрчитип, Гүлчоро келип калабы? Сөзүмдүн жоктур күмөнү, Үчөөнү сактап күйөлү, Болбой көчүп өчөшүп, Кара ниет капырдан, Бөөдө өлүп жүрбөйлү. Каары катуу Канчоро, Кайраттуунун бири ошол, Беттешип чыгар баатыр жок, Бекерче кырып салат го! Керменбай кебин угушуп, Кеңешке тыным турушуп: — Керменбай бий чын айтат, Канчоро алса мал алат, Каалаганын берели, Чымын жанды калкалап, Арстандардан айрылдык, Биз жатычу чалкалап. Деп жайыла басышып, Кетишти эл бүт тарап. Канчоро менен Чачыкей, Бийлери менен Кеңешип: — Кырк инекке кырк инек, Туу калгандан алалы, Аны согум кылалы, Сексен бээге сексен бээ, Дагы кошуп алалы, Аны да согум кылалы, Кендирин кесип байлардын, Күндө жыйнап алалы, Айда алман салалы, Айда жыйнап алалы, Алман менен коркутуп, Байды мышык кылалы, Кетменден колун бошотпой, Кедейди мүңкүр кылалы. Кара коргон салалы, Балбандан тандап жыйалы, “Алтымыш балбан” ат койуп, Ордону сактап туралы. Наманген, Ташкен, Самаркан, Анжыйан, Кокон, Маргалан, Семетейден коркуучу, Бизге алман кылабы? Алтай, Капал, Алматы, Үчкаркыра, кош Кемин, Ысыккөл, Текес, Иле эли, Бизге мойун сунабы? Чамбыл бел, Букар, Бадакшан, Дүйшөмбү, Үркөнч – булардан, Баш ийбейт эми бир адам. Баш-айагым жыйганда, Алтымыш балбан чогултуп, Даңаза элге кылганда, Эки жыл койуп эркине, Чекесинен бир бирден, Алды-алдынан чаап алам, Алым келбей баратса, Жедигерден кол алам! Канчоро буга келгенде, Сетертай айткан кеп эле: — Кадырлуу улуу ханыбыз, Аңкарып кепти салыңыз, Чакырган менен жедигер, Келип бербейт аныңыз, Чекесинен чабам, — деп, Элге бүлүк салам, деп, Эч кимге келбейт алыбыз. Таластан башка элдерге, Кеңеши жок иш кылып, Душмандашып калдыңыз, Көңүлүн элдин оорутпай. Сылап-сыйпап багыңыз, Кара кыргыз элинде, Хандык атак алыңыз. Көөнү ооруса кыргыздар, Чыгыш каңгай-кытайга, Батышы Урум, Иранга, Тарап кетсе ар кайда, Чамбыл бел, Бурак – буларга, Бадакшан, Балык, Коросон, Сиз болосуз ошондо, Кой жоготкон короодон! Дүйшөмбү, Үркөнч, Ооганга, Аралап кетсе ар кайда, Жерген, Хотен, Кашкарга, Кимге жетет чагыбыз? Ачуусу келсе чогулуп, Талап алса жок кылат, Арналуу Талас шаарыбыз! Бүгүн эле кыргызга, Опсуз алман салдыңыз, Эртең көчүп тарайбы, Ээ кылбастан калкыңыз, Журт бузулуп жөнөсө, Журтта жалгыз калдыңыз! Угуп сөздү Канчоро, Үшкүрүгү таш жарып, Кеп айта албай тамшанып, Акылсыз жаман тамтайып: — Айтканды эки кылбайлы, Андан кийин албайлы. Деп убада ал кылды, Алдынкысын бир сапар, Алууга кеңеш айтылды, Экинчи кошуп салганды. Албас болуп ал чыкты. Керменбай кеби болбосо, Сетертай тосуп койбосо, Талоонго калган кыргыздар, Таластан качып ар кайда, Кетип кала таз калды, Кан ичме каапыр кара нээт, Кара коргон там салды. Алтымыш балбан ылгады, Антип-мунтип бул каапыр, Согум менен саанды, Ар жылы элден жыйнады: Байы байдай убара, Жардысы жалгыз убара, Бир күнү жаны тынбады, Ушундай кылып Канчоро, Көчүгүнөн чыгарды, Көп жылдан берки жыргалды. Жедигердин эр Кыйаз, Кокусунан эрди алып, Айтылуу Талас жерди алып, Атактуу Семей шерди алып, Айчүрөктөй узду алып, Нардан бир жүз кыркты алып, Тышын кызыл сырдаган, Ичин аппак бордогон, Аппак ордо үйдү алып, Желбестен жорго миңди алып, Жүз жыйырма киши алып, Жедигерге жеткенде, Ар тарапка кат жазып, Отуз беш киши атказып: “Катышып тойго бериңер, Айчүрөк алам, — деп жазып, Семетей кайып кетирдим, Гүлчоронун далысын, Карматып туруп кестирдим, Канчорону хан кылып, Талабына жеткирдим. Алашка бүгүн ээ болдум, Айкөлүң менен тең болдум, Айчүрөк алам хандыгым, Экөөнө берген тойлугум, Болжолдуу күнү баарыңар, Жетисууда болгунуң” Деп ошентип чоң Кыйаз, Кабар салып ар жерге, Алаш уулу бар жерге, Күнү болжоп, ай атап, Айтып Кыйаз кат жазат, Мындай кабар таратат, Көрөлү деп тойлугун, Далай элдер баратат. Хан Кошойдун Жалгызек: “Кандай чалгырт бул бир кеп? Атайын барып көрөм, деп, Ар ким менен сүйлөшүп, Абыдан жайын билем” деп, Атбашыдан аттанып, Отузча киши котчу алып, Жоо жарагын бүт алып, Ээрчитип тайган ит алып, Колуна алгыр күш алып, Жалманбоз минип жайланып, Кынсыз кылыч байланып, Түйүн жол деген жер эле, Сырткы элдин баарысы, Чылпылдак бойу дээр эле, Ошол жерди ээлеген, Жети атадан бери жакка, Кетпей муну жердеген, Шаакур деген эл эле, Шаакурдун айыл башчысы, Кашка деген неме эле, Жалгызек анда конуптур, Жай аңгеме куруптур. Кашка өзү бай экен, Төрт түлүгү шай экен, Ошол кезде Кашкабай, Сексенден ашкан чагы экен, Алкыса да сексенден, Айткан кеби шар экен, Көкөтөйдүн ашында, Ал чогууда бар экен, Түбү жайын сурашып, Кепке кепти улашып, Жалгызек турду муну айтып: — Учурап калдым, Кашкабай, Тойго кетип баратып, Кат жазыптыр хан Кыйаз, Айчүрөктү алам, деп, Өзүм кетип баратам, Айчүрөктү алдырбай, Бир чатакты салам деп. Мен Кошойдун уулу элем, Атым менин Жалгызек, Ошого кетип барам, деп. Угуп Кашка каркылдап, Ителгидей баркылдап: — Жалгызек болбой жерге кир, Айткан кебин тамтаңдап, Жетисууга сен андан, Не каласың талпылдап? Тойго барат элем деп, Көч ээрчиген жолбун ит, Так ошондой салпылдап! Оолугуп катуу сүйлөдү, Кашка бай кары таркылдап: — Кечээ Көкөтөйдүн ашында, Көп жыйындын кашында, Менин толуп турган жашымда, Баатыр Манас башында, Абам Кошой кашында, Кошой менен Оронгу, Жөө күрөшкөн чагында, Атаңдын кийер шымы жок, (Энеңдин окшойт бели бош) Кысталып Кошой турганда, Эки көзүн ирмебей, Мен тургамын маңдайда. Айкөл Манас артык шер, Көрпөчөнүн бүгүштөн, Камдагай алып бергенде, Хан Кошой аны кийгенде, Атаң адам чоңу эле, Ал Манастын кандагай, Кыска келип калганда, Нары чойуп тарткылап, Бери чойуп аткылап, Алып келип кийгизсе, Чак келип гана калды эле. Ошондо Кошой олуйа, Түп жайын сурап билгенде, Хан Манастын зайыбы, Каныкей деген сулууга: “Туубас болчу неме экен, Тигилип тилек тилейин, Чындап бата берейин” Деп ошентип олуйа, Кол көтөргөн чагында, Эр Манас анда неткени, Камчысын салып мойнуна, Буркурап ыйлап кеткени. Чылбырлуусу чылбырын, Кээ бири чубап бел курун, Мойнуна баары салганда, Көкө теңир колдо, деп, Кудайың куйган кол менен, Капыр да туурап калганда, Батага баары кол ачкан, Ошонун бири мен элем. Бата тийип Манаска, Ээ болсун деп алашка, Туулган бала Семетей, Бейажал өлбөйт дегеле, Семетейдин катынын, Кыйаз алат экен деп, Не келесиң бу жерге, Кашкар, Хотен, Жеркенден, Лопкөл, Турпан дегенден, Тойго келбейт ал элден. Каңгай жакын аларга, Ашып түшөт Турпанга, Семетей өлдү деп укса, Чаап алат эми эле. Казактан чыккан бузуктар, Күрпүлдөктүн куйушта, Жалгыз көздүү Мадыкан, Көкбука минген доңуздан, Жапандан келген кызыл дөө, Жеңдиргенде бул экөө, Атагы чыккан Семетей, Айрыкчасы Гүлчоро, Таанылып калган ченебей. Чубатай менен Каратай, Калмактардын уусанген, Таласка барып кол салган, Тирүү келбейт а бирөө, Түгөл өлүп жок калган, Баштагыдан беш бетер, Анда чындап таанылган! Бакайдын уулу Байтайлак, Окко учуп кеткенде, Унутуп уулун таштаган. Элин сактап душмандан, Жолду Бакай баштаган. Коңурбай келип Тааласка, Колун сунуп алашка, Кабылан Бакай баш болуп, Эр Семетей жаш болуп, Гүлчоро турган шоктонуп, Мурадил, Уушаң, Нескара, Ороккыр – төртөө жок болуп, Алдаймын деп Коңурбай, Кызылкыйа сага да, Кытай, каңгай – беш урук, Кыргыз менен топ болуп, Дүйнөнү алган буй кылып, Коңурбай кетти жок болуп. Чыккынчынын иши го, Балтадан майып болду, дейт, Көмө албадык көр казып, Көрүнбөй кайып болду, дейт. Жашырбай айтып келиптир, Кыйаздын кеби ырас кеп, Ишенбейим дегеле, Семетейди өлөт, деп. Дөө Кошойдун Жалгызек, Айчүрөктүн тойу, деп, Не келесиң темселеп? Олуйа Манас олуту, Кур калар маалы боло элек. Каңгайлардын молдосу, Баш койгон элдин кожосу, Айтканы калет болбогон, Азезил болгон жолдошу, Ыраңкүдүк молдосу, Күдүктүн уул Жөргөлөк, Өткөн жылы жайында, үйүмө конгон жөргөлөп. Атасындай молдо экен. Каңгайларга кожо экен, Айткан кеби шар экен, Атасынча бар экен, Китебин ачып карады, Айткан кеби мына бу: “Жети-сегиз атага, Манастын бардык тукуму, Адам жеңбейт ошону. Жан бүткөндө жаралган, Жаналгыч сарык аталган, Азыр дагы туула элек, Ат жетер жерге жан койбой, Жалгыз алат тебээлеп, Батыштагы жети дөө, Ат көтөргүс нечен жөө, Каны суудай агат, — деп, Азырынча Таластын, Шыгы качып турат, — деп, Сырттан киши бара албай, Чыккынчы ичтен чыгат” деп, Жөргөлөк айткан ушул кеп. “Кыйаз менен Канчоро, Гүлчородон өлөт, — деп, Жыл он төрткө толгондо, Семетей элге келет” деп, Мен уккамын ушул кеп. Тилимди алсаң, Жалгызек, Далыдан сени көргөмүн, Үйүмө келип конот, деп, Атаңдын сыйлап арбагын, Коногуңа тайлак төө, Мен сойгонум ушул кеп. Тогуз жолдун тоому дейт, Чылпылдакын сазы дейт, Ушул жерде үч күн тур, Тойго келген элдерди, Эл ээрчиген эрлерди, Айтып кепке кандыргын, Ушул тойго баргызбай, Баарын кайра жандыргын, Туйгузбай туруп Кыйазды, Чыгынтып элден кар кылгын. Семетей келсе элди издеп, Кең Таластай жерди издеп, Ошолорго бел болгун, Аркасы менен алардын, Алашка даңктуу сен болгун. Айтканын угуп карынын, Жаткан алып баарысын, Жалгызек кабыл алыптыр, Кашкабай үйү-жатагы, Үч күн туруп калыптыр. Ал үч күндүн ичинде, Музбурчактын Аккубак, Хан Үрбүнүн элинен, Атагы казак көп элден, Үмүтөйдүн Медетбек, Көкбөрүнүн жалгызы, Койоналы жаш чунак, Дабытайдын Татаке, Мырзакматтын Мураты, Кашкар, Хотен Жеркенден, Лопнур, Турпан дегенден, Атагы бар эрлерден, Мен алашмын дегенден, Хан балдары, бай уулу, Калкалап жоодон калат, деп, Медет кылган эл муну, Баш-айагы кырк алты, Ушул жерге чогулду. Музбурчактын Аккубак, Толгон кези ошол чак: — Олуйа Кошой жалгызы, Жалгызек ага бул жерде, Не турасын жол сактап? Оозго түшүп аш келди, Оңой айтар кеп келди, Оозуна сала бергенде, Жалгызек айтат бул кепти: — Бул олтурган канча жан, Бириң баатыр, бириң хан, Аз болгондо бештен шаар, Элдин ишин башкарган, Түштүк, Чыгыш, Кашкардан, Жеркен, Хотен, Турпандан, Аа кошулуп Камбылдан, Бу жерге келдиң далай жан. Батыштан келген бир канча, Түндүктөн келген бир канча, Барасыңар бүт кайда? Атайлап келдим элимден, Атбашы, Аксай жеримден, Айчүрөк алам, той берем, Тойго келип берсин, деп, Кыйаз киши жиберген. Баргым келбей Кыйазга, Үч күндөн бери турдум мен. “Жоого кирсең элиңче, Сууга кирсең белиңче” Элден калган кеп менен, Көрүшүп жансам белем деп, Тойго келген көп менен, Кеңешим айтып силерге, Кетер бейлим менин бар, Тойго барбай бул жерден. Көргөнүң бар, уккан бар, Ойрон Манас кабарын, Жалгыз уулу Семетей, Олутун басып калганын. Жаш да болсо Семетей, Арка болду алашка, Калка болду кыргызга, Караан болду калганга, Чычканга кебек алдырбай, Суук колду салдырбай, Ээрчиткени эки уул, Барып жүрдү ар кайда, Жалгызмын деп кайгырбай. Манастын көзү өткөндө, Туш-туш жактан душмандар, Баш көтөрдү көпкөчө, Теңдигин бербей алаштын, Өчүрбөй атын Манастын, Сактап келди эмгече, Алыска барам сапарга, Жардамың барбы мага, деп, Айтпастан мына эч кимге, Кийик атып, аң уулап. Карасуу бойлоп куш салып, Жалпылар ойноп күлчү элең, Аркасы менен кайсы эрдин, Эркин ойноп, ээн сүйлөп, Түпкү ээсин билчү элең? Чыккынчы болуп Канчоро, Баштап келип Кыйазды, Кеңколдогу коргонго, Алдоого түшүп кайран шер, Көмгөнүн көргөн киши жок, Көздөн кайым болгондо, Алмамбет уулу Гүлчоро, Далыдан кечир кестирип, Ашкере майып болгондо, Олжолоп барып Чүрөктү, Кыйаз алмак болгонго? Элебей келип калыпмын, Эмгегин ээрдин эстебей, Кыйаздан кабар болгондо, Барбай кетсем деп турам, Ушул жерден бул тойго. Тойго барып тойгончо, Кыйазга конок болгончо, Топурак тиштеп жатайын, Сиздерге айтып кайтайын, Деген ойдо жаткамын. Жалгызектен кеп угуп, Кырк алтоо баары тең угуп, Музбурчактын Аккубак, Бу да турду оолугуп: — Кыйаздын жүзү курусун! Айкөл Манас баатырдын, Аркасында жалгызын Ак калпак кыргыз алаштын, Маңдайында бактысын, Асмандагы жылдызын, Алдындагы ырысын, Түп тамырын кыркышын! Мен да кетем бул жерден, Кыйаздын тойу курусун, А дүйнө кеткен атакем, Музбурчактын арбагы, Билбепмин мени урушун! Көкбөрүнү баласы, Койоналы жаш чунак, Ачуусу келип арбайып, Тегеле кыйын каарданып: — Чогулупбуз кырк алты, Жыпжылма талап алалы, Жедигерден Кыйазды, Канчорону сойолу, Ээлеп жаткан Таласты, Тобо-томук кылалы, Арбагы бийик Манасты! Жалгызек анда муну айтат: — Кыйазды талап алганда, Таласка талоон салганда, Атың кетет ар кайда, Алашты салып бересиң,, Амалсыз жүргөн жаттарга. Тойуна барбай кетели, Кыйазга барып нетели! Тү! капырай, жүрү, деп, Калгандар жерге түкүрүп, Тойуна барбай Кыйаздын, Тарап кетип калышты, Ат куйругун шарт түйүп. Хандар келет баары, деп, Калдаңдап Кыйаз камын жеп, Сүт бото тайлак алдырып, Бээ семизин жыктырып, Казы-карта, жайа-жал, Ирети менен бышырып, Дайардык кылып күтүнүп, Элүүдөн ашуун сарай бар, Хандарды алмак түшүрүп. Ат аларын дайарлап, Самоорунда чай кайнап, Дүр-дүнүйө, аш-тамак, Дасторкондо бүт жайнап, Бүгүн-эртең келет, деп, Айтып кетсин келгендер, Жетик экен Кыйаз деп. Жетисууда жедигер, Калбай баары келсин, деп, Карысы тамак жесин, деп, Жаштары келип конокко, Каралашып берсин, деп, Чакырды бизди Кыйаз, деп, Эрчитип кулун бээ минип, Ала бука, төө минип, Аты жогу жөө жүрүп, Калбай бири жедигер, Сапырылып эл келди, Багыш барда салдырган, Элүү алты курбулуу, Мунары бар болучу, Курчалып эл толуптур. Аңгычакты Кыйазга, Тогуз жолдун тоомунан, Чылпылдактын бойунан, Хандар кайра кетти, деп, Байагы Шаакур Кашкадан, Айтылып кабар болуптур. Кашкабай кары барганы, Угуп Кыйаз алданды: — Семетейдей сойобу, Деп ойлонуп бул хандар, Коркуп келбей койгонбу? Же Чүрөктү алам деп, Той бергениң кыргызга, Кылым алаш бу журтка, Орунсуз жумуш болгонбу? Ойрон Кыйаз укканда, Отуз эки толгонду, Көөдөнгө канча ой толду, Кашка байга Кыйаздын, Айткан кеби бу болду: — Көптү көрүп көп жашап, Жаш өткөргөн киши элең, Мындай нечен түркүмдөн, Иш өткөргөн киши элең, Эмине деп кеткенин, Биле алдыңбы, уктуңбу? Билгениңди айта сал! Ошондо айтат Кашка чал: — Ой, ой, Кыйаз, ой, Кыйаз, Билдиңби же уктуң, деп, Турасың менден сен сурап. Кеңеш кебин уккамын, Жанында карап тургамын, Кандай айтат булар деп, Сөзгө көңүл бургамын. Кара кыргыз Жалгызек, “Бекер келген экемин, Ушул тойго темтеңдеп. Айкөл баатыр Манастын, Арбагына чет болуп, Ай-ааламга кеп болуп, Айчүрөктү алам, деп, Берген тойго не келдим, Калгандар барып келгиле, Бу жерден кайра кетемин.” Жалгызек кебин укканда, Музбурчактын Аккубак, Оолуга кетти ошол чак, Андан бетер күүлөндү, Койоналы жаш чубак, Жалгызек тосуп койбосо, Сени келип чаап алмак! Таласты талап алмакчы, Канчоро Кыйаз – экөөңдү, Катарың менен кулатып, Ушинтип кетип калмакчы! “Жедигерди чаап алсаң, Таласты барып камасаң, Араң турган жат душман, Колун салат туш-туштан. Семетей менен Гүлчоро, Эл ичинде жок турат, Каңгайлык келсе чубуруп, Атынын башын ким бурат? Атышып ага ким чыгат?” Жалгызектен муну угуп, Тойуң менен куру, деп, Тү! деп жерге түкүрүп, Кайра кетти хандарың, Ат куйругун түйүшүп. Байатан бери сен Кыйаз, Менден коркуп кетти, деп, Бул айтканың кандай кеп? Сураган кепке жоопту, Ушундай берди Кашкабай, Хан Кыйазды жемелеп. Эл чогулуп эт жешти, Кыйазга мындай кеп дешти: — Маарек болсун тойуңуз, Акундун кызы Чүрөктү, Алабыз деп талашып, Эл кырылып кан агып, Эми келдиң сен алып. Көргөзгүн элге Чүрөктү, Көзүбүз менен Көрөлү. Кыйаз элден кеп угуп, Мунаранын башына, Алдырып чыкты Чүрөктү, Бардасын алып башынан, Барлык элге көрсөттү. Жедигердин барысы, Жашы менен карысы, Жаркынын көрү Чүрөктүн, Алдырашып калышты, Көзү көргөн көпчүлүк, Эстеринен танышты! Ичкен ашы Чүрөктүн, Алкымынан көрүнөт, Чүрөктүн нуру жанында, Күзгү таштын бети кир, Андан тунук Чүрөк, бил! Бойун көрчү Чүрөктүн, Кырчын талдай буралган, Чачын көрчү Чүрөктүн, Суу кундуздай карарган. Эчтемени элебей, Көзүн көргөн көпчүлүк, Эси калбай кенедей, Таластан келген бул жерге, Шум дүйнөнү каргашып, Баары калды жемелей: — Кууну алды кулаалы, Семетейдин жанында, Кулаалы Кыйаз турбайбы? Кетерби дүйнө ушундай, Же түбүндө кудай ылгарбы? Окуткалы никесин, Үйүнө Кыйаз чакырып, Айчүрөктүн үстүнө, Асылдан кийим жаптырып, Алдырып келди молдосун, Бир күндүк жерден таптырып. Молдо кыйын шум экен, Далы билчүү куу экен, “Төшөгүнө Чүрөктүн, Тизеси тийбейт Кыйаздын, Мындай нике кыйайын, Көөнүндөгү ишин таап, Айдай болгон Чүрөктүн, Алтынын ала турайын” Деп ойлонуп молдонун, Окуганы бу болду: — Антак, мынтак эки түп жантак, Эрен Кыйаз, сен жат, Эл көрбөстү жыттап. Айтканын Чүрөк билди эми, Нике акы бир каймал, Бир сарыпай берди эми. Кечиндеси Айчүрөк, Алтымыш эки айланы, Жетимиш эки дубаны, Баарын жатка бүт билет, Ал билгенди ким билет? Киши көрбөс кайыптан, Бир албарсты Чүрөктүн, Жанына келди бүжүрөп. — Албарсты атың сен, – деди, Айтылуу Чүрөк мен, — деди, Мендей Чүрөк бол! — деди, Эмне десе Кыйаздын, Айтканын кылып бер! – деди, Эмчегиң артпай, чачың арт, Аз ойготуп, көп уктат! Шек алдырсаң кокустан, Жер бетинен баарыңды, Жашы менен карыңды, Азыткы менен албарсты, Бош кыламын шаарыңды, Деп коркутуп Айчүрөк, Падышасын алдырып, Буйрук берип тапшыртып, Ал Кыйаздын койнуна, Албарстыны жаткыртып, Мына мунтип Кыйаздын, Азабын берди колуна. Курсакта калган куу тумшук, Күндөн күнгө чоңойуп, Батпай барат бооруна, Айлакер Чүрөк жеңебиз, Буларды алды ойуна: “Күмөн кор Кыйаз арамза, Асили жакшы кылбайт, — деп, Карыларды талаага, Какшатып таштап Таласка, Элебей туруп балага, Кас кылдырсам Кыйазга, Мен каламын уйатка!” Агызма деген дары жеп, Эти агып, сөөк калып, Сөөгүн сактап ичимде, Бир жылдан ашты узарып. Эбеп-себеп дары деп, Катырган сары барты жеп, Куну чөптүн тамырын, Күндү күнгө улап жеп, Түндү-түнгө улап жеп, Ырым кылып Айчүрөк, Миң үйдөн селбик сурап жеп, Чөкмөлөп майга буудай жеп, Карта кертип жалды жеп, Казыга кошуп балды жеп, Куурдак менен жайа жеп, Аркар оту, мамыры, Кайнатып ичип дабаа деп, Жан кирип талгак болгондо, Тоодой болгон Кыйаздын, Баса олтуруп тизесин: — Керекпи бала, сага? – деп, Ар сыйыңа саа, Кыйаз, Арзан киши теңелбес, Семетейдин тушунда, Ургаачы белги аз көрдүм, Төрөп түшүп көнбөдүм, Чыкканда жашым кыйлага, Сенден бала көргөнүм. Пилдин этин бербесең, Бир кесим андан жебесем, Сары зил агып суу кусуп, Саргарып жатып мен өлөм. Талгак болгон пил эти, Уктасам кетпейт түшүмөн, Ойгонсом кетпейт эсимен. Айчүрөк мындай дегенде, Селт дей түшүп бул Кыйаз: “Чүрөк тууп берерби, Мага бала бул ырас? Же Семетейден бойуна, Кошо келген немеби? Арптуу канык Айчүрөк, Агызып этин, сөөк сактап, Өстүрүп кайта баласын, Билдирбей мага чарасын, Пилдин этин тапкын, деп, Сыр тартабы кыйшактап? Пилдин этин мында деп, Ташбака этин берейин, Түшүрүп таштап бойунан, Күмөнү жок жүрөйүн. Же болбосо тим койуп, Төрөгөнүн көрөйүн, Кыз төрөсө Айчүрөк, Бешик той берип бөлөйүн, Төрөсө уул Айчүрөк, Үрүстөм дастан болсо да, Өлтүрүп жерге көмөйүн, Пилдин этин жейм, дейт, Бул белгилүү күмөнүм” Алтымыш айла, кырк кыйал, Баарын ойлоп чоң Кыйаз: — Аташкан жарың Чүрөгүм, Сен бойумда бар десең, Оттой ысыйт жүрөгүм, Пил табылбайт бул жерден, Пилдин этин табууга, Индистанга жөнөйүн, Бар десең өзүм барайын, Барбай үйдө тур десең, Киши жумшап багайын. Анда Чүрөк муну айтат: — Пил өзүңдө болбосо, Индистага барарсың, Кайдан издеп табарсың? Сен бир жылда барып келгинче, Мен бала төрөп багармын. Сен болгун мага ыраазы, Чылап туруп ныл ичип, Катырып аны салайын, Өмүр бойу ооруймун, Сен барсың го багарым. Уруксат бер сен мага, Болжол болсун бир айга, Багдаттагы Момунжан, Өткүр табып деп угам, Өзөгүмөн жардырып, Алдырып муну салайын, Бар болсо анда пил эти, Жеп талгактан канайын. Баргының деп айта албай, Же барба деп мизин кайтарбай, Угуп Кыйаз жөнөдү, Чүрөктү карап кылчайбай. Эшиктен чыга берерде: — Тура тур, Кыйаз тура тур! Олжо катын мен болсом, Эр өлтүрүп олжолоп, Алган эрим сен болсоң, Олжо катын болгончо, Өлгөн жакшы турбайбы? Мындай тирүү болгончо, Эл чогулуп, ый ыйлап, Көмгөн жакшы турбайбы? Талгак канбай, зил кусуп, Кыйналган жаным турбайбы? Ажалым жетсе өлөрмүн, Кудайдан буйрук болбосо, Кыйналып жүрүп төрөрмүн! Балаңды берип колуңа, Аккуу кебим жонумда, Көйкапты карай жөнөйүн, Көйкаптан келип бул жерге, Акылдуусу сен болсоң, Адам уулун көрбөйүн! Угуп Кыйаз арамза, Корккон болуп кылыйып: — Ай, ай, Чүрөк, ай, Чүрөк, Бул айтканың кандай кеп? Оозуман чыккан жерим жок, Олжо катын алдым деп. Олжо катын болдум, деп, Күнүмдү тумтак түгөтүп, Бул айтканың жакшы эмес! Унчукпай болдуң ыраазы, Барсаң баргын Багдатка, Тооторуга айтайын, Бир айчылык Багдатка, Бир күндө жете баргын, деп, Өрүүн болуп үч күнү, Чүрөктүн иши бүткөнү, Күнүн жете келгин, деп. Эшикке чыгып баратсам, Токтой тургун бери, деп, Бул айтканың кайсы кеп? Ошондо билди Айчүрөк: “Арамзада бул дөбөт, Тоо торудан атайын, Кеп сурайт экен менден” деп, Ал аңгыча болбоду, Гүлчоро кирди эшиктен: — Тамак бергин, жеңе, — деп, Шек алдырбай Кыйазга, Гүлчоро тиктенип, Айчүрөк калды жемелеп: — Ашаткы кылган челекте, Ачыткан айран жарма бар, Күндө эле сага бергидей, Бышырган нан кайда бар? Ашкананын түбүндө, Соку таппай түктөөргө, Кууруп койгон арпа бар, Баарын жебей ченеп же, Эси оогандай жөөлүбө, Сага болот ким жеңе? Айрылбай бүттүң маңдайга, Бешенеме сен эле, Ак айакта арпа бар, Салып берип тоорпокко, Анан келип тамак же, Батыраак кел отундан, Жүрө бербей кечкече! Ойунда ойлойт Гүлчоро: “Чүрөктү кудай урганбы? Түбөлүккө арылбай, Маңдайда шорум курганбы? Бирге жүрүп, бир өскөн, Канчоро кести колумду, Айчүрөктү бел кылсам, Ашаткы берип аш бербей, Катырабы шорумду?” Ушул ойдо турганда, “Тоорпок” деп айткан бир кеби, Кулагына киргени. “Кыйар катын Чүрөктүн, Торпокко тили келбейби? Тоорпок деп созо айтканы, Тоо торуга батыраак, Жедиргиниң дегени. Эшикке Кыйаз бет алып, Басып калган чагы экен, Кеп сурайт деп Тору аттан, Акылман жеңем Айчүрөк, Шашып калган чагы экен, Кысталган мындай күндөрдө, Жемелээри ак экен” Деген ой түшүп кылт эске, Ашып-шашып Гүлчоро, Ак айакта арпаны, Карбалас ала жүгүрүп, Тору атка жетти түйүлүп. Кармап туруп айакты, Арпаны атка жедирип, Кайта келип кирди эле, Камындырбай Айчүрөк: — Ой бердиңби? – деди эле, — Тооруңкайга бердим го, Тобу менен чогултуп, Бир ирмеди, — деди эле, Тору атка берген экен, деп, Айчүрөк анык билди эле: “Туйбай калып Гүлүсүм, Берген болсо торпокко, Бир жалмады дейт эле, Чогултуп туруп баарысын, Бир ирмеди дегени, Тору атка бердим дегени” Айчүрөк менен Гүлчоро, Алардын антип шашканы, Ал Кыйаздын Тоотору, Бүгүнкүнү так айтат, Эртеңкини биле албас, Сүйлөй турган мал эле, Тоотору жайы ал эле. Улай Чүрөк айтканы: — Кулактуу кара челекте, Айран кошкон жарма бар, Жалдырабай ошону ал, Ичип кардың тойгондо, Ашканы болсо төгүп сал, Жөлөнүп албай кырчоого, Киши көрбөс жерге бар! Кулактуу кара челекти, Боосунан кармады, Булкунгансып алганы: “Оозунда берип ашаткы, Башканы берип жатабы?” Муну ойлоп ичинде, Одурайган чоң Кыйаз, Мойнун созуп карады. Кулагынан челектин, Айчүрөк кармай алганы: — Мен ишенимсиз катынмын, Мына Кыйаз челектин, Түбүн чулгуп карачы! Жыттатса Кыйаз мурдуна, Ачып-кычып сасыптыр, Аз келгенсип анысы, Эми курттап атыптыр, Көзү көрүп Кыйаздын, Чүрөккө мунун айтыптыр: — Минтип жүрсөң сен Чүрөк, Жаман атты кыласың, Ачыган бу ашаткың, Курттап кеткен турбайбы? Аны кантип иче алсын? Бир киши тамак түгөтүп, Жок кылабы бул үйдү? Жебегенде бир киши, Тоо кылабы бир үйдү? Алтыдан киши ар жылы, Отун алчуу бул үйгө, Кийим кийип, аш ичип, Түткөрө албай отунду, Кыйналуучу бул үйдө, Далысында кечир жок, Бул окшогон эсир жок, Күнүнө бирден көтөрүп, Жыйнаган отун тоо болду, Эртең менен бир убак, Тойгузуп койсоң не болду? Бул кайнини, сен жеңе, Көп жылы жүрдүң бир үйдө, “Миң саламдан бир алма” Элдин айткан макалы. Бекер эмес, сен байка! Унчукпай Чүрөк калганда, Алдадым деп чоң Кыйаз, Айчүрөктүн бойунда, Баласы үчүн кеп сурап, Сураганга болобу? Айчүрөк менен Гүлчоро, Уурдатып акыл койобу! Кыйаз барып сураса, Шек бербеди Тоотору ат, Арпа берип Тору аттын, Байлаган тилин ал непак. Айтарга шайы болбоду, Жеңеңдин көр амалын, Курсактагы баланы, Эр Гүлчоро абалын, Он жылгача сүйлөбөс, Байлаган тилин карагын. “Шек бербеди тору ат, — деп, Менден бүткөн бала экен, Эми билдим ырас” деп, Ойлоп болуп зор Кыйаз, Тура калып кайгы жеп, Ишене албай нээтинде, Бир амалы барбы? — деп. Челекти алып Гүлүстөн, Эшикке чыга берерде, Кармаган колдон Айчүрөк, Челекти койо берерде, Колун өйдө бир силкип, Ылдый тартып бек басып, Туруп калды Айчүрөк, Челекти кармап Гүлчоро, Арканды алып бир колго: “Көмүскөгө барганда, Төгүп таштап челегин, Келгенде ала кетейин” Деп ойлонуп челекти, Көмөргөнү баратып: “Айдай жеңем Айчүрөк, Оозун өйдө силкти эле, Кийин ылдый басты эле, Белги болуп жүрбөсүн, Билдирбес кылган ишиби, Арамкор Кыйаз күмөнүн?” Деген ой келип эсине Ашаткы айран оозунда, Кыйшайтып төгүп жатканда, Түп жагынан көрүндү, Оозу туйук бир чака, Сууруп алып чаканы, Агын сууга чайкады, Оозун ачып чаканын, Ичинде муну тапканы: Кескен казы, керткен жал, Он эки түрдөн кошулган, Жеген сайын жесем деп, Салып койгон кошкон май, Эки башка идиште, Майлаган буудай куурдак бар, Жана башка алардан, Шекер менен балы бар, Томоргон сары майы бар, Сары канттан чылаган, Бир идишке кара чай, Чайдын аты махошун, Ичкендин көөнү жай болсун. Кыйазды жайкап кеп менен, Он эки түрдүү тамакты, Эптүү жеңең батырган, Ушундайча эп менен. Тартынып калбайт Айчүрөк, Гүлчорону багуудан, Айткан болуп Гүлүстү, Тилин тартпайт Айчүрөк, Зор Кыйазды чагуудан. Муну мундай таштайлы, Айчүрөктүн Сейтекти, Төрөгөнүнөн баштайлы.