← Сейтек

Канчоронун хан болушу

Кан жуткан чоро, кан Кыйаз, Коргонду карай жөнөдү. Байагы бала – Сетертай, Дарбаза ачып жүгүрүп, Ичи жалын, чок болуп, Калп эле күлүп сүйүнүп. Куйун тайдын чылбырын, Мойнуна салып бүгүлүп, Канчоро менен Кыйазга, Карап турду жүгүнүп. Бабыраган Канчоро, Бакылдап сүйлөп ошондо: — Алдыман чыгып жүгүнүп, Жетелеп атың жүгүрүп, Жетине албай сүйүнүп, Келген чоро сен болдуң. Бүгүндөн баштап коргонго, Сарытаздын ордуна, Дарбазачы сен болгун! Мансапдар болуп Сетертай, Айткан сөзү мамыңдай: — Бир кебим бар айтарга, Уруксат берсең чабайын, Чачыкейге алдында, Кабар айтып барайын, Каныкей, Бакай, Айчүрөк, Аларга айтып кабарды, Сырын тартып багайын, Бүрсүгүнү кечинде, Сизге келе калайын, Отуз нөөкөр кырк шыгай, Ортосунда абаке, Оозуңан чыкса ушул кеп, Ошондо мансап алайын. Канчоронун нээтинде, Арамдык жок, адал деп, Каадалуу Сетер экен, деп, Кадырыма жетер, деп, Барсаң барып кел, деди. Бүрсүгүндөн калбастан, Кайра келгин сен, деди. Канчородон кеп угуп, Жана иш бар деп угуп, Жөнөп кетти Сетертай, Куйун тайды токунуп, Коргонго кирип чоң Кыйаз, Семетейдин ордуна, Олтурду чыгып локуйуп. Ордо баккан эрлердин, Катын менен баласы, Мурдун чүйрүп толгошот, Канчоро менен Кыяздын, Көрүнүп калса карасы. Карылар чыкпай эшикке, Чечилбей балдар бешикте. Катын-эркек, кары-жаш, Баарысы калган кейиште. Кең колдун ичин карасаң, Кулпурган гүлдөр солгонсуп, Кубарып чөбү оңгонсуп. Шылдырап суудан үн чыкпай, Каймактап чети тоңгонсуп, Таңшанып булбул сайрабайт, Тилин сууруп койгонсуп. Мыдыраган жандар жок, Чээнге кирип болгонсуп. Кайберен оттоп жайылбай, Таштан башын чыгарбай, Чабалакей, учкул куш, Адамга сүйкүм ушул куш, Баласына жем берип, Курт-кумурска жутпады. Менин эрдигим билер ээси жок, Ээн калды Талас, деп, Канаттуунун баатыры, Ачуу тырмак өткүр көз, Бүркүттүн баары учпады. Жайылбай аркар адырда, Козголбой кулжа курбуда, Текелер түшпөй ташг-ташта, Эчкилер түшпөй аскада, Бугунун баары бурууда, Маралдын баары аралда, Басып чыкпай талаага, Камалып турат бадалда, Куландар ойноп кумдарда, Бурулкуган чаң чыкпайт, Үч күндөн бери дүмпүйүп, Жаркырап тийип күн чыкпайт. Түндөсү жылдыз күдүңдөп, Жаркыны жок бүлбүлдөп: “Семетей, Гүлүс мында жок, Жымыңдайын кимге? — деп, Айчүрөк мойнун бурбаса, Каныкей карап турбаса, Жылт этемин кимге?!” – деп. Күн тутулуп карарып: “Жаркырайым неге? – деп, Хан Бакай, Гүлүс кайгыда, Хан Семетей ал кайда? Жаркырайым кимге?” — деп. Жайылып жаткан жандар жок, Жаркырап чыккан күн да жок, Кеңкол ата Таласта, Адам, айбан, жер-сууда, Кадимкидей абал жок! Кабылан Бакай, Каныкей, Айдай жеңең Айчүрөк: — Күмбөзгө баатыр кеткели, Үч күн болду келбеди, Алда эмне болду? деп, Жатса уйку келбеди. Опколжуп жүрөк желдеди, Оор-кайгы түшкөнсүп, Колдорго иш барбады, Үч күндөн бери бүркөлөт, Жаркырап тийген күнү жок, Эмне болду дүйнө шок? Деп муну ойго алганы. Жети төрдө жаткан эл, Бул шумдукту айтышып, Турушканда биле албай, Ажыбайдын Керменбай, Айтып калды мамындай: — Үч күн болду, капырай, Сабада кымыз ачыбайт, Казанда айран уйубайт, Катындардан сурасам, Саан малдан сүт чыкпайт, Элдики кандай билбеймин, Биздин үйдө эт бышпайт!” Олтурган адам бир далай, Баары кетти чуркурап: — Ырас айтат Керменбай, Ачыган кымыз жутпадык, Уйуган айран татпадык, Бышкан эт жеп жатпадык. Чымырап казан турганы, Үч күндөн бери бул дүйнө, Өзгөрө баштап калганбы? Кишилердин өңү жок, Жердеги чөптүн гүлү жок, Деп ушинтип бабырып, Кеп салышып жатышты. Айылдагы бары-жок, Айчүрөктүн үйүнө, Адырдан куу инген, Атасы Манас баатырдын, Мурас кылган бул Инген, Жаздан бери бош жүрүп, Үйлөгөндөй семирген. Түш кынтайган мезгилде, Башын жерге салыптыр, Баласын бөрү жегендей, Каңгырап боздоп алыптыр, Кыбыланы бетке алып, Босогону жастанып, Коппой чөгүп калыптыр. Эр Семеңдин куу тайган, Бөрүдөн бир күн онду алган, Топ-топ кайып кез келсе, Качанда бирөөн куткарган? Жан жүрбөстүн чөлүндө, Жолуккан шерден бирди алган, Короого тийген илбирстен, Козголгуча үчтү алган, Мастан айуу дегенден, Жетини тиштеп дагы алган, Жаныбарым куу тайган, Ээси колун серппесе, Качып жаткан кайберен, Качан карап кылчайган? Карасаң эми ал тайган, Куйругун кыпчып такымга, Айлана басып ак үйдү, Улуп-уңшуп, кыңшылап, Үрүп кээде арсылдап, Оозунда тиши шакылдап, Кабуучудай карсылдап, Айчүрөктүн тушуна, Келе калып кыңшылап, Эки-үч күндүн ичинде, Ийне жеген немедей, Арыктады ченебей. Арстаныңдын Акшумкар, Азамат эрге бап шумкар, Он күндө жүнү түшүүчү, Он күндө чалгын чыгуучу, Он беш күндө катучу, Жыйырма күндө учучу, Абалтан сыры мына ушул, Алтымыш күн болгондо, Алып чыгып салучу, Шилтегенин куткарбай, Качырганын алучу. Табылгы чечек салганда, Олтургузган Акшумкар, Кем-керчи жок жетилип, Эригип турган чак шумкар, Үч күндөн бери ким билди, Үрпөйүп жемин жебеди. Асманды тиктеп баркылдап, Канатын далбып каккылап, Боосун чокуп тарткылап, Түнүндө мойнун кайырбай. Улам –улам чыртылдап, Калдап көзүн бүлбүлдөп, Туурда туруп ак шумкар, Күйпүйүп кетти бек жүдөп. Кандай болуп жатат, деп, Айчүрөк турса кайгы жеп, Каныкей келди ошол кез: — Э,Кулунум Чүрөк, — деп, Мага болду кыйын кеп. Үч күн болду кеткели, Семетей үйгө келбеди, Ичсем тамак өтпөдү, Келбей уйку тынч алып, Бирден арам бербеди. Барба десем Семетей, Менин тилим албады, Айтты белем саа, балам, Кайда кеткен баргалы? — Айланайын энеке, Акылың журтка береке, Аа дүйнө кеткен атамдын, Күмбөзүнө барам, деп, Айткан кеби ал эле, Барбагын деп көп айтсам, Канчоро болбойт деги эле. Кечинде кайра келем, деп, Жооп берген бир эле. Уулуң кетип түш менен, Куу инген үйгө келди эле, Ошондон бери жаныбар, Коппой жатат тигине, Улуп-уңшуп Куу тайган, Тамак ичпейт деги эле. Уулуң салган ак шумкар, Уйалаш үнүн укканбы, Асманды карап баркылдап, Боосун чокуп тарткылап, Түнөбөйт туурга, — деди эле. — Айланайын Айчүрөк, Көкөтөйдүн ашында, Көп жыйындын кашында, Сынаганда олуйа: “Желке чачы жүн экен, Жакшы күндө жаман күн, Жаштайынан мол экен, Арка чачы жүн экен, Асылынан азабы, Ашып кеткен көп экен” Деп айтканы төп экен! Арстан көзү өткөн соң, Азапты тарттык чынында, Эми эле кайра тартканда. Семетейдин кабарсыз, Кеткени өтө кыйында! Буларды койо туралы, Байакы кеткен Сетертай, Ошого көңүл буралы. Мингени анын Куйунтай, Коргондон чыкты Сетертай, Кеңкол өөдө жөнөдү, Чачыкей айлын көргөнү, Көргөндө көңүл бөлгөнү, Катындардан кепи уккан, Канчоро менен Чачыкей, Как ушундай деп уккан. “Бура тартып барайын, Жалганбы, чын уккан кеп, Жайын билип алайын, Анда өйдө чуу койуп, Дарттууларды табайын”, Деп ойлонуп Сетертай, Чоң жолдон туура бурулуп, Куйунтайга камчы уруп, Чачыкейдин айлына, Келип жетти чуу койуп. Байыркы өткөн элдерде, Аңгеменин кени бар, Чачыкейге Сетертай, Камдап келген кеби бар, Аттуу туруп Секемдин, Айткан кеби мамындай: — Шаатемир кызы Чачыке, Эрке жеңем барсыңбы, Алдыңа келип турамын, Менде болсун кулагың. Сыр коргон көчүп кулады, Соолдуу какшып булагы, Семетей өлүп сулады, Майып болуп тирүүлөй, Гүлчоро кайниң куурады, Чогултуп келип баарысын, Канчоро кайниң сурады. Сетертай кебин угуптур, Чайпала басып күлгөнсүп, Чачыкей тышка чыгыптыр, Кепти мындай уруптур: — Ай, Сетертай чунагым, Оттой күйгөн убагың, Ойлонуп сүйлө куурагыр! Семетей өлсө өлгөндүр, Ээсиз эмес кыргыздар. Гүлчоро майып кор болсо, Эрсиз эмес кыргыздар, Семетей өлсө Канчоро, Элин сурап калбайбы? Майып болсо Гүлчоро, Канчоро эрлик кылбайбы? Чачыкей мындай дегенде, Кайран бала Сетертай: — Качан болсо өлөмүн, Мунун айтып турган сөзүн көр, Чачынан сүйрөп жөнөйүн! Деп ызырынып баратып, Өзүнө акыл кеп айтып: “Карыйа Бакай, Каныкей, Айчүрөккө барайын, Алардын кебин угайын, Кайра келе жатканда, Анан эбин табайын” Деп ойлонуп Сетертай, Айткан кеби мамындай: — Эрке жеңем Чачыкей, Мен ыраазы кебиңе, Семетейдин ордуна, Канчоро бар дедиң э? Сарытазды сойгондо, Канчоро абам ордуна, Мени болгун деди эле, Унутуп калса абакем, Сен унутпа деди эле. Чачыкей анда кеп сүйлөйт, Кеп сүйлөсө деп сүйлөйт: — Сүйүнчүлөп келипсиң, Канчоро берсе коргонду. Ажыбайды Керменбай, Калың элдин бийи эле, Семетей менен Гүлчоро, Чеченден калган тукум, деп Көкөлөтүп жүрчү эле, Бийлигин кошуп сен алгын, Бердим сага, — деди эле, Ушул жерден кайтып бар, Менин айткан сөзүмдү, Канчорого айтып бар. Сетертай анда муну айтты: — Эрке жеңе Чачыкей, Кебиң жүрөк кубантты. Бий кылганың чын болсо, Кеңколго кайра барбайын. Каныкей, Бакай, Чүрөктүн, Айлына бачым барайын, Жашырбай айтып күйгүзүп, Каран түндү салайын, Өрт койобу үйүнө, Жок болобу дүнүйө, Аларды сактап калайын! Анда туруп Чачыкей: — Алдыма келген Сетертай, Арамдык жок кенедей, Акылман бала болупсуң, Айлансактуу ченебей, Алар антип атканда, Абалдашып жатканда, Ат арманы Алыке, Чабарманы Сатике, Чачыкейди түн бойу, Көчүрүп алып келгин, деп, Жиберген экен бул жерге. Эки жүз киши далактап, Ат дабырты тартактап, Канчоро, Кыйаз кулдары, Кирип келди салпактап. Айылга келе калышып, Аттан түшүп алышып, Боорго колу жабышып, Чачыкейдин алдына, Кабар айтып барышып, Тоңкучуктап жатканда, Төбөсү жетип асманга, Келберсип кыйын шаттанып, Келген элге мактанып, Ал долу катын Чачыкей, Жыйылуу жүктө сарпайдан, Бешти каттай кармады. Ханышка келген кур кетпейт, Сүйүнчүгө алгын, — деп, Сетертайга карматты. “Бийликти” алып карк толуп, “Сарпайды” алып зар толуп, Санаада жогу бар болуп, Боз секи карай Сетертай, Куйунтайды салдырып, Курбуну артта калдырып, Чыга калса кашаттан, Каныкей менен Чүрөктүн, Жанына Бакай эми эле, Келген экен бүжүрөп. Бул үчөөнү көргөндө, Эзилип кетти кан болуп, Сетертайдын эт жүрөк! А деген үнүн жыйа албай, Аккан жашын тыйа албай, Семетей өлдү дегенге, Батынып оозу баралбай, Сетертай айтты мамындай: — Акылман эне Каныкей, Олуйа Бакай карыбыз, Айдай жеңе Айчүрөк, Чогултуштук баарыбыз. Кара жер куурап калат деп, Көктөн жамгыр төгүлдү, Көбөйсө жерге батпайт деп, Жараткан бизге өлүмдү, Арстандан калган алтын так, Амалсыз жерге көмүлдү, Ок өтпөс буулум – ак тонум, Капшытынан сөгүлдү, Карегим агып кашайып, Кандуу жаш акты көрдүңбү, Айкыйадан жашынды, Кайсап салды Канчоро, Арстандан калган асылды, Күн төбөдөн батканда, Алмамбет уулу Гүлүстөн, Тирүүлөй колу сөгүлүп, Түйшүктү мунтип тартканы! Ичкен тузум актарга, Келдим эле айткалы.... Хан Бакай турду саргарып, Каныкей турду какшанып, Айчүрөк турду делейип, Катып калды бул үчөө, Карачкыдай селейип. Сетертай артын караса, Чачыкейди жөнөтүп, (Буйругу окшойт хандардын) Эки жүздөй кол алып, Алыке менен Сатыке, Келе жатат чубашып, Ашыгып кетип Сетертай, Айтты кебин мамындай: — Талагалы келайтат, Кутурган иттер айлыңды, Селейип туруп нетесиң, Таппайсыңбы дайныңды! Алдастап анда Каныкей: — Кана балам Айчүрөк, Кара болот Жойкума? Кармата кой колума, Канчоронун кулдарын, Канча болсо ошончо, Мен салайын жолуна! Бакай турду бакырып, Манастын атын чакырып: — Кайраным бала жатпадың, Кара жерге батырып.... Айчүрөк анда кеп айтат, Каныкей менен Бакайды, Катары менен муңайтат: — Үзүлгөндү улаган, Жыртылганды жамаган, Кыркылганды жалгаган, Кылымга ишин арнаган, Курама темир курч кылган, Куранды жыйып журт кылган, Акыл ээси карылар, Айтканга кулак салыңар. Ушул бүгүн беттешсем, Канчоро, Кыйаз турмайлык, Неченге татыр алым бар, Башымда туулган күрөөкө, Кийерге соотум дагы бар. Атам Акун хан эле, Бөлөкбайды чакырткан, Алты миң тай миң нарга, Ак тинте кылыч жасаткан. Белсенип кирсем киремин, Эми эле боорун тилемин, Айрылыпбыз баатырдан, Эки иште турат күмөнүм: Далысын ойуп как кылып, Унутулгус сай кылып, Таштаган окшойт бул иттер, Эр Гүлүстү кар кылып. Кекенишип киргенде, Кесип башын аларбы, Келбес жерге кетирип, Муну да күмжан кыларбы. Айчүрөк айтып жатканда, Сетертай деди жанагы: — Ушул турган баарыңар, Бир кепти угуп калыңар, Чапканын билет абамды, Өлгөнүн билбейт абамдын, “Токмок жалдан чыкканбыз, Бейажал өлбөйт деди эле, Өлгөнүнө Семеңдин, Менин бар, — деп, - күмөнүм” Кыйаз айткан кеп эле. Айчүрөк кебин улады: — Жылда жылма жүрчү элем, Быйыл жылгыс оор болдум. Ошондо сүйлөйт эр Бакай: — Андай болсо ханыштар, Айтканын бүтөп берели, Кол куушуруп унчукпай, Быйыл жылгыс оор болсо, Беренден белги турбайбы? Бир жыл сактап көрөлү, Бербесе кудай тилекти, Биз өңдөнгөн карылар, Салгылашып иттерден, Ажал жетсе баарыбыз, Андан кийин өлөлү. Каныкей айтат бул кепти: — Мен салайын дүмөктү, Сактап калсам болду го, Садагасы Чүрөктү! Айчүрөк айтат бул кепти: — Күйгүздүң эне жүрөктү, Кантебиз анда Гүлүстү? Алтынды жезге теңейби, Ал Семең менен Гүлчоро, Айрымы жок дебейби? Көңүлгө кубат иш турат, Сетертайдын бир кеби, Жыкканын жыгып эки арам, Жалгыз уулуң көкжалды, Көмө албадык дегени, Көммөк тургай өлүгүн, Көрө албадык дегеле, Акылдын кени энемсин, Атамдын көзү барында, Бардык жумуш билгенсиң, Атамдын көзү өткөндө, Жалгыз уулуң айынан, Эки байтал күч менен, Эки чанач сүт менен, Үч айлык сапар жүргөнсүң. Олуйа айаш атам бар, Адамды басат кайгы-зар. Кол кармашып экөөңөр, Бата кылып туруңар. Каныкей ыйлап каңгырап, Хан Бакай турат жалдырап, Эл келгенче кетсем, деп, Сетертай турат алдырап. Каныкей айтат Чүрөккө — Айткан кебиң чын болсо, Байладым кубат жүрөккө, Замана түбү соо болуп, Жетсек болду тилекке. Айчүрөк анда кеп айтат, Кеп айтканда нени айтат: — Айланайын карылар, Айлаңар көп, амал көп, Айланышып туруңар, Курсакка турбай кара баш, Айтканыбыз оң болор, Жакшы-жаман аралаш. Муунга кубат болорбу, Же ургандын уруп үстүнө, Уйат кылып койобу? Уйат кылар иш болсо, Ошондо өлүп алалы, Дартка дарман иш болсо, Жайынча жумуш кылалы, Он эки жыл оолукпай, Ошону сактап туралы. Жаным бала Сетертай, Жаңытан өттү далай кеп, Жашырбай айттым ортого, Өз кишинин бири деп, Өзүң угуп бир турдуң, Айак-башы жаңкы кеп, Куру кетпей куттуу үйдөн, Мына муну ала кет, Эр Семетей абаңдын, Тер кийими эле, — деп, Алып чыкты Айчүрөк, Күрмө желек суптарды, Көрө койуп Сетертай, Ашып-шашып кийинип, Ал-жаны калбай сүйүнүп: — Жыртбай, бузбай көрсөтөм, Ошол күнү абама, Абамдан калган белекти, Унутушуп калбайлы, Берсе теңир тилекти, Кош эмесе – дегенде, Көзүнөн селдей жаш кетти, Каныкей, Бакай, Айчүрөк, Жайыла басып ал кетти. Куйунтай минип Сетертай, Гүлчоронун айлына, Буйдалбай жетти бачымдай. Хандын кызы Калыйман, Чабактын кызы Аккойон, Эки сулуу тең өлүп, Эчак эле жоголгон. Ушул кезде алганы, Акбалта кызы Акбала, Азаматка чак бала, Эшигин түрүп олтурган, Алда эмне шумдук деп, Ичине кайгы толтурган. Аңгычакты Сетертай, Чыга калып капыстан, Топуракты чаптырып, Ылдамдата бастырып, Акбаланы камынтпай, Айткан сөзү мамындай: — Айкөлдүн уулу жалгызды, Ажалга душман каптырды, Курдашын Гүлүс чорону, Колун кесип сойлотту, Тууганың жеңе Канчоро, Ойондордун онтотту! “Эрдигин ” бүгүн билгизди, Эрегишип жүрчү экен, Төрөнү жерге киргизди! Алган эриң Гүлүстү, Ыштанына сийгизди, Арстандын уулу Семетей, Алмамбет уулу Гүлчоро, Катарынан сулатып, Азабын колго тийгизди. Сен атадан, ал уулдан, Иниңдин такка мингенин, Тим келбестен Сетертай, Жеңеке сүйүнчүлөп келиши,- Деген сөздү укканда, Мелтиреп тиктеп Акбала: — Адамдан айбан Канчоро, Абамдан болсун садага! Кар болор өзү артында, Гүлүсүмдү кардаса! Жерде жаткан кол бакан, Эңкейип колго алганы, Чапса оңдурбайт мени, деп, Карап турбай Сетертай, Качып жолго салганы, Канчоронун айлына, Калдаңдап жетип барганы: — Бектин кызы Бегимжан, Турасызбы тынч-аман? Сүйүнчүгө келгемин, Токтоло албай мен саган. Кайраттуу чыгып Канчоро, Семетей менен Гүлүстү, Катар көмдү орого, Чачыкейди көчүрүп, Алдырап барды коргонго, Алуучудай кейпи бар, Байкап көрсөм болжолдо. Байбичеси сен болуп, Ээ болуп калдың борборго! Деп Сетертай айтканда: — Ыраспы сөзүң жалганбы? Чыныңды айтчы жаш бала. — Жалганы жок, сөзүм чын, Баарын көрүп келгемин, Өлдү деп ойноп айткында, Жинди болуп келбедим. — Чын болсо бала, кебиң, — деп, Сүйүнчү берем, келгин, — деп, Бегимжан үйгө бурулду, Сетертай ээрчип кирди эле, Бергенин алып кетем, деп. Жака-жеңи тик турган, Жалтылдап сырты кулпурган, Жаңы суусар бир ичик, Сетертайга кийгизип: — Чачыкей болор алынды, Мен боломун таңылды? Мен жүрбөйүн Сетертай, Чачыкейдин колуна, Суу куйуп, тамак жегизип, Айчүрөктү салпактап, Ээрчип келген дегизип. Аттанып сен бачым кет, Жик чыгарбай менден кеп. Айкөлдүн уулу абага, Эр Гүлүстөн сарага, Буга ракым кылбаган, Кимге ракым кылат? — деп, Айчүрөктү чоң Кыйаз, Олжолоп алып тынат, — деп, Оозу бейбаш шок балдар, Ошондо шылдың кылат, — деп, Шылдың болуп тирүүлөй, Басып жүрүү уйат кеп! “Алдында келдиң, Бегимжан, Айчүрөктүн артынан, Эми ээрчип жүрөсүн, Чачыкейдин артынан” Дедирип элге айттырып, Тирүү басып жүрбөйүн. Хан жездемдин төшөгүн, Ачып келсе Канчоро, Бирге жатып ошого, Бул азапка көнбөйүм! Кетем деп эрлер артынан, Арстан эрдин Ташкөлгө, Түшүп өлдү Бегимжан, Салбарлардын дартынан, Сетертай чыгып айылдан, Эңишке койуп баратса, Керменбайдын көп айлы, Утур чыкты алдынан. Керменбай баштап отузча, Кары менен жаштары, Олтурушкан короодо, Куйунтай менен Сетертай, Кирип барды ошондо. Куйунтайды Сетертай, Бура калып бул элге, Аттуу келип жанына, Тура калды бу жерге. Олтурган бирөө кеп айтты: — Атың сийип жиберет, Ары түшкүн! – деп айтты. Сетертай анда муну айтты: — Ат сийдигин ылгоочу, Кайда калды амалың? Түшө турган чагым жок, Кабарга келген баламын. Көрдүңөрбү, агалар, Күн эмине бүркөлдү? Күлгүндүн күрөң чапанын, Эмне үчүн чүмкөндү? Ай кыйадан эңкейди, Арстан уулу абакем, А дүйнөгө кеткени! Күн кыйадан батканы, Алмамбет уулу Гүлүстөн, Далыдан колу сөгүлүп, Азапты тартып жатканы! Канчоро, Кыйаз жеткени, Ордо баккан сары дөө, Орого түшүп кеткени. Атка жеңил тайга чак, Мен Сетертай балага, Керменбайдын бийлиги, Бекеринен жеткени! Канчоро киши жиберип, Чачыкейди ордого, Көчүрүп алып кеткени. Бу Керменбайга Сетердин, Туйунтуп айткан кептери, Сетертайдын атасы, Ажыбайдын жигити, Сетертайды Керменбай, Айылга барса ойнотуп, Ээрчитип алып жүрүүчү, Өчөгүшүп иттерге, Өзүң кордук көрбө, деп, Эми билинтип айткан бир кеби: — Керменбай ага сен элең, Аркаңдан ээрчип селпектеп, Айырмач минип телпектеп, Ойногон бала мен элем. Бакайга бардым кабарга, Каныкей, Чүрөк – аларга, Ыйлап-сыктап жатышып, Түбөлүгүн түз ойлоп, Сабыр кылды балаага. Бүгүн жанга күч, дешти, Оңуна келсе өткөн иш, Түбөлүгү түз дешти. Сетертай мындай айтканда, Айчүрөк бой кат экен, деп, Керменбай анык билгени. Сыр алдырбай калганга: — Кебиң менен куруп кал, Бастырып жолго кир! – деди, Арстанынан айрылып, Армандуу болгон кайгырып, Айалдын узу Айчүрөк, Куу ингендин жез буйла, Тартып алып мурдунан, Тагып койгон тумарын, Жулуп алып мурдунан: — Сага келбейт жакшылык, Канчоро кулдун колунан, Жаныңды сакта жаныбар, Жоор кетпейт жонуңан. Деп Айчүрөк айтканда, Уккансып кепти адамча, Жаныбарым куу инген, Жалпыга дагы дуу инген, Келайткан душман жеткинче, Жан жүрбөстүн чөлүнө, Ошону көздөй жөнөдү, Келип жүрдү үч айда, Бир сапардан кайран мал, Күмбөзүн шердин көргөлү. Куу тайгандын каргысын, Чыгарып алып мойнунан, Тузга чылап жарты нан, Айчүрөк берип колунан: — Он эки жылда тосорсун, Тарашанын жонунан. Деп ага да кеп айтса, Куйругун кыпчып кыңшылап, Жөнөп кетти Куу тайган, Темир тоо көздөй бет алып. Үйгө кирип Айчүрөк, Канаттуунун асылы, Акшумкардын мойнунан, Алып жагоо чыгарып, Алды боосун бутунан: Эркек болсо тууганым, Тумар кылып берем, деп, Бир тал жүнүн бериптир, Куйругунун кутунан. Бошотуп болуп шумкарды, Учурса учпай баркылдайт, Боосу менен жагоону, Карап тиктеп жалдырайт. Учпай шумкар турганда, Абаң Бакай кеп айтат: — А, балам Чүрөк, — деп айтат, Акшумкар учпай турушу, Анык белги мына ушул! Жагоосун салып мойнуна, Боосун такчы колуна, Айкөлдөн калган туйакты, Ал Семетей чунакты, Кайыптар алып кеткен бейм? Кайсы бир тоонун бооруна, Учуп барып консом, деп, Семетейдин колуна, Алган бейим Акшумкар, Ушуларды ойуна. Айбан да болсо жаныбар, Бакайдын кебин укканда, Баркылдап сайрап жиберди. Асыл жеңең Айчүрөк, Боосун тагып колуна, Жагоосун салса мойнуна, Ыргып конду Акшумкар, Абаң Бакай колуна. Канатын кагып чыртылдап, Учуп чыгып асманга, Семетейдин ордосын, Ордо курган короосун, Үч айланып Акшумкар, Канатын ирмеп жаркылдап, Кайыпчы карай жөнөдү, Кайыпчыда экен, деп, Болжол кылды билгичтер, Кайран Семей төрөнү. Ушунтип алар турганда, Атарманы Алыке, Чабарманы Сатыке, Канчоро айткан кеп менен, Эки жүзчө кол менен, Доолбасын карс койуп, Мылтык атып тарс койуп, Аламандап ат койуп, Айалдабай бат койуп, Капыстан чыга калышты, Айылга кирип барышты, Тегеректеп бөрүдөй, Тегиз тура калышты, Үпү-дүпү түшүрүп, Казанчы менен малчысын, Булар сабап салышты, Айчүрөккө токулуу ат, Каныкейге жайдак ат, Хан Бакайга жайдак төө, Дайар кыла калышты, Анда Чүрөк кеп айтат: — Алыке менен Сатыке, Келипсиң экөөң бу жерге, Кордук кылбайт дечү эле, Колго түшкөн кишиге, Тилим менен барамын, Баш болуп турган кишиге! Желбес жорго камдагын, Жеткилең кайын энеме, Тулпардан тандап бирди тап, Тунжуру кыргыз абама, Айтканым кабыл албасаң,, Жыпжылма кылам барыңды, Чын кайратым кармаса! Айтканча кебин Айчүрөк, Белдемчини бүгүштөн, Жуп калталуу тигиштен, Сууруп алды тинтени, Колуна алган тинтеси, Он эки жерден бүктөлүү, Булгап-булгап куйуптур. Он эки аршын болуптур. Учунан жалын балбылдап, Өрт чыгып мизи жалындап, Көргөндө мындай шумдукту, Алыке менен Сатыке, Коркуп калды калтылдап, Муунуна кирип калтырап. “Акундун кызы кара бет, Асмандап учат деди эле, Жылдыз менен булуттун, Ортосунда көрүнбөй, Түндө сүзөт деди эле, Кыл деген ишиш кылалы, Учуп кетип кара бет, Канчоро менен Кыйаздын. Кыйыгына калбайлы” Деп ойлонуп бул экөө, Желбестен жорго ылгашып, Ат жабдыгын кылдашып, Манаптан кылган көрпөчө, Бүктөп туруп салдырып, Кош басмайыл тарттырып, Бакайга башка кармашып, Айчүрөктөн корккондон, Баары турду жардашып, Кулдардын көрүп чамасын, Билип болду Айчүрөк, Абалын анын чакташып. Ошентсе да жеңеңде, Ордо кайда, үй кайда?, Мурдагыдай күн кайда? Каныкей, Бакай, Чүрөктү, Бирине-бирин көрсөтпөй, Түп көтөрө жөнөттү. Канчоро бийлик алганда, Ар жерге киши чаптырган, Айыл башы болгонду, Калтырбастан таптырган, Төрт көлдөгү коргонго, Чогулуп барган баары адам. Керменбай, Малай – экөө бий, Эл башкарды мунун бил. Жарчылары чар салып, Жашоолдору шаңданып, Кыйкырышат өзүнчө, Айтканына таңданып: — Эстүү–баштууң калбастан, Баарың мабу үйгө кир, Чачыкейдин ордого, Эл киргизип ошого, Дүрбөлөңдөп жатканда, Бегимжан өлүп калды, деп, Кабарчы келди ошондо, Айчүрөк угуп кабарды, Канчорого атайын, Айдай жеңең барганы. Эч жамандык көрбөдүң, Бегимжанды алгалы... Айчүрөк кебин карабай, Укканга кебин жарабай, Кебин мындай салганы: — Өлсө өлгөндүр Бегимжан, Көөмп койсун төрт адам, Бүгүн жети туу сойуп, Чачыкейди мен алам! Аңгычакты Чачыкей, Басып кирди талаадан, Ой, Канчоро угуп кой, Муунуп өлгөн турбайбы, Тээ Бегимжан деген жаманың, Сүйрөтүп барып бир жерге, Жар көчүртүп салайын! Деп Чачыкей айтканда, Кыз алганым эле, деп, Кыргыздын кылып каадасын, Көр каздырып көмөм, деп, Жарабады Канчоро, Жарты ооз кебин айтканга, Айдай жеңең Айчүрөк, Кыйазга кирип ошондо: — Жедигердин эр Кыйаз, Эл башкарган сен Кыйаз, Бектин кызы Бегимжан, Бирге келген журтуман, Бүгүн өлүп кетипмин, Ажал каргыш айынан, “Ачуум келсе артыңан, Айтамын” деген бир кеп бар, Байатан айтты Чачыкей: “Көр каздырып көмдүрбөй, Жар көчүрүп сүйрөп сал” Кылганы мунун жол эмес, Бегимжан өлүп күм болду, Эми киши калган жок, Чачыкейден талашаар! Угуп муну чоң Кыйаз, Канчорону чакырды, Кеңеш кылып чорого, Көр каздырып ошого, Бегимжанды жашырды. Капа-дүпө Канчоро, Чачыкей алды шашылып, Жети бээ сойуп, кой берип, Бир тиштем эт жебеди, Ачыгын уккан эл келип. Жыланды жейт көрбөгөн, Заар ичет билбеген, Шол сыңары көп элден, Билбей калган жөн-жайын, Келген элдер эт жеген Айчүрөк жалгыз бир үйдө, Каныкей, Бакай бир жерде, Канчоро, Кыйаз биригип, Чоң кеңеште бул күндө. Чоң Кыйазга Канчоро, Ошондо айткан кеп эле: — Алыстан келдиң сен Кыйаз, Акжолтой болдуң маа Кыйаз, Элдин эки бийи бар, Которуп аны салалы, Семетейге караган, Түгөнсүн журттун амалы, Керменбайдын ордуна, Бий кылганым Сетертай, Сетертайдын агасы, Эликбай деген адам бар, Эликбайдын коргонго, Чоң кылыш менин ойум бар. Кеңешти мындай өткөрүп, Канчоро кебин эп көрүп, Ордунда Малай бий калды, Семетей менен Гүлүскө, Караштуу элдин колунан, Тартып бийлик бүт алды. Канчоро айтат Кыйазга: — Көчүп келгин Таласка, Бирге туруп ээ болуп, Атагы түрк алашка, Окшойлу биз да Манаска. Абал кылар айткан кеп: “Ага өлсө жеңеси, Инисине керээз деп”, Чынгожо, Толтой тең өлдү, Алабыз сулуу Чүрөк, деп. Чүрөктү Кыйаз сен алгын, Карап турдуң башында, Чачыкейди мен алдым. Хан Бакайды каркайтып, Куу арчадай тартайтып, Төө кайтартып салайын, Төө мингизбей ат бербей, Жөө кайтартып салайын. Каныкейди какжайтып, Торпок багар кылайын, Эмизип ийсе торпокту, Сабатып күндө турайын. Гүлчоронун Акбала, Тууган эле ал мага, Анткени менен Акбала, Тобосуна жаңгыча, Чачыкейге жалынып, Тобо-томук кылганча, Бээ саадырып койойун, Өзү билип ойлонор, Өчүшсө кандай болорун, Алмамбеттин Гүлчоро, Жетисууга жиберип, Отун алдыр ошого, Каныкей, Бакай, Гүлчоро, Айчүрөк – төртөө болгондо, Чатак табат болжолдо. Деп Канчоро айтканда, Зор Кыйаз айтат мындайча: — Жетисуудан Таласка, Көчө албайым самсаалап, Жедигерге ээ болбой, Канчорону мааналап, Таласка көчүп кетти, деп, Жер бетинде элдерге, Мен боломун жаман ат, Акундун кызы Чүрөктү, Ааламга салган дүмөктү, Алып муну нетемин? Алган менен Чүрөктү, Кай муратка жетемин? Чачыкейди сен алсаң, Айчүрөктү мен алсам, Арбагына Манастын, Бет болуп калар бекемин? Отунчум бар, кулум бар, Гүлчоро алып нетемин? Ошол отун алганда, Дүнүйөм толуп кетпейим, Уруксат бергин, жан досум, Ишемби жөнөп кетейин, Бүгүн күнгө шаршемби, Аңгыча турсам бекемин. Калдаңдаган Канчоро, Кабагын чытып ошондо: — Катыгүн Кыйаз, не дейсиң, Ашкере турат, билемин, Таласка көчүп келбейсин. Айчүрөктү алып кет, Ат сооруга салып кет, Каныкей, Бакай маа калсын, Гүлчорону кошо алгын, Таластын калса ичинде, Билесиң го, эр Кыйаз, Бу кулдун бекер турбасын, Калган кыргыз – кары-жаш, Гүлчоро кебин бурбасын! Саа жөлөнүп эр болдум, Таласка бүгүн ээ болдум, Көрсөтүп туруп кыргызга, Хан көтөрүп сен койгун. Айтканга Кыйаз макул деп, Карача каймал тапкын, деп, Карача каймал төө сойуп, Канчоро хандын тукуму, Таластын ханы болду, деп, Каратып туруп кыргызга, Ак кийизге салдырып, Көтөрүп аны хан койуп, Дардайып калды Канчоро, Сыр коргонго хан болуп. Муну мындай таштайлы, Эр Кыйаздын Чүрөктү, Алганынан баштайлы.