← Сейтек 1/7

Сейтектин кыз Куйалыны алышы

Беш күн өрүн алганда, Он эки балбан жанында, Мен кетем деп кыз балбан, Кам-кечесин кылганда, Айчүрөк айтат ушунда: — “Пайгамбар кошкон дос болот, Кудай кошкон куда” деп, Калк ичинде макал кеп, Сен экөөбүз дос элек, Пайгамбар кошкон шекилдүү, Эби, келсе Куйалы, Эне-бала бололу, Семетей деп айтканга, Өзүмдүн эбим келбеди, Элүү ашкан Семетей, Сен бир түлөк балапан, Гүлчоро деп айтарга, Дагы эбим келбеди, Эри менен баласын, Менден айап турат деп, Көөнүнө алар бекен деп, Чынымды айтам жашырбай, Достугумдан ырас кеп, Ак куу кебим жолумда, Асмандап учуп жүрсөм да, Ургаачы болуп калыпмын, Эрге тийбей амал жок, Качып тийдим башында, Он сегизге келипсиң, Эрди күсөр кезегиң, Эми калган кептерди, Терең ойлоп өзүң бил, Акылга жетик Куйалы, Он сегиз миң ааламда, Ошо жерде олтуруп, Бир айланып чыкканы: Анттуу досум Айчүрөк Айтып өттүң далай кеп, Сен бардың, келдим бул жерге, Келбедим эле Таласка, Эрге тийип калам деп. Дүйнөнүн бети толгон жан, Жуп болгон өткөн жандар жок, Башы адам, айбандан, Курт-кумурска жандардан, Семетей Гүлүс чал дедиң, Тайындуу досум ал кебиң, Качып тийдим мен дедиң, Туруп калгын сен дедиң, Мындай айтыш кай кебиң? Анда Чүрөк муну айтат, Агартып тишин кылайтат: — Ургаачы көркү эр менен, Эрдин көркү эл менен, Байдын көркү мал менен, Эр атагы даң менен, Тегин айткан кеп эмес, Өзүңө салган бир кеңеш, Жер бети толгон адамдын, Ар канча чыкса атагы, Кайнатама тең эмес, Анттуу досуң Айчүрөк, Тегин качкан деги эмес, Сага жакса кеңешим, Үчтүн бирин жактырып, Тийип калган жан досум. Туруп кетип ойлонуп, Кыз Куйалы толгонуп: — Кайда болсо ургаачы, Эрге тийиш парз экен, Ата даңкы өтө зор, Өзү жаштын шери экен, Жыйырма экиде курамы, Жаш тарапта курбалдаш, Сейтек мага ылайык, Ушул жер мага бап экен. Көп айттың досум тургун деп, Айтканың кабыл кылайын, Талаада жүрүп эр тапсам, Атама кандай барамын? Тийип калсам Сейтекке, Алганы бар уулуңдун, Ал-жайы кандай, билбейим. Күнүн тийип үстүнө, Күндө капа жүрбөйүн. Анда Чүрөк муну айтат: — Эрдин көөнүн таап алыш, Ургаачынын өзүнөн, Күнүң менен эп болуш, Адамгерлик өзүңдөн. Орус хан кызы эжекең, Он эки кыздын кенжеси, Акхандын эркеси, Атаңа, балам мен барам, Кабарды ага мен салам, Узатамын, кетесин, Үч күн өтүп беш күндө, Сейитек менен Гүлүстөн, Кайнатаң менен төртөөбүз, Аркаңан куба жетебиз. Куйалы кетти аттанып, Убада сөзүн токтотуп, Туруп калды калгандар, Аны менен коштошуп. Беш күн өттү арадан, Каныкейге Айчүрөк, Билдирди айтып ал-абал. Бакай менен Каныкей, Кеңешти жакшы кылышып, Семетей, Гүлүс, Сейитек, Айчүрөктү жыйышып, Каныкей кебин баштады: — Кайыпдаң кызы Куйалы, Кутургур сайып жоо алды, Бойго жеткен кыз экен, Атасынын алдына, Бизден киши баралы, А дүйнө кеткен Манастын, Арбагын укса танабы? Куйалыны Сейтекке, Колукту кылып алалы. Семетей менен Чүрөк бар, Сейитек менен Гүлүс бар, Эрикпей төртөөң барыңар, Куйалыны көчүрүп, Алып келе калыңар. Каныкей кеби ырас, деп, Баруучу жер ырак, деп, Куржунга салып зар алып, Бакайдан булар бата алып, Жолду каттап жат алып, Таластан чыкты аттанып, Батыш жакка ыңгайлап, Түштүктү карай бет алып. Казылган кара топурак, Мунарыктап боз болуп, Обону карай созулат. Сейтек минген Койкүрөң, Семетейдин Тайбуурул, Эр Гүлүстүн Суркойон, Эбегейсиз талаада, Терлери агып жошулап. Чык этерге суусу жок, Керт этерге чөбү жок, Эр Семетей болголу, Мындай чөлдү көргөн жок, Же алдында минген тулпарлар, Суудан чаңкап өлгөн жок. Так он беш күн басыптыр, Чөлдүн чыгып четине, Ат өргүтүп жатыптыр, Келин алып келем, деп, Келе жаткан баатырды, Дагы балаа басыптыр! Батыш жакты жердеген, Тыргоот деген эл экен, Тыргооттордун ичинен, Жаңыдан чыккан элөөрүп, Саламат деген бар экен, Баатырдын аты саламат, Жетимиш миң кол айдап, Сексен дөөнү кошко айдап, Кыз Куйалы балбанды, Чаап алам деп келатат. Талаада жаткан жеринде, Бала жолборс Сейитекке, Саламат калды учурап, Караанын көрүп булардын, Бир кишини аткарат: — Эрбеңдеген ким экен? Ээн талаада адашып, Сербеңдеген ким экен, Кайдан келген жан экен? Не жумушу бар экен? Жиберген киши барыптыр, Тайбуурул, Сурат, Койкүрөң, Көрүп айран калыптыр, Семетей, Гүлүс, Сейтектин, Сүрүнө айран калыптыр, Айдай жеңең Чүрөктүн, Түрүнө айран калыптыр, Кызылы кызыл, агы ак, Жүзүнө айран калыптыр. Келген киши кеп айтты: — Үчөөң аттуу, бириң жөө, Эрме чөл мен талаада, Ким болосуң? – деп айтты. Баш кишим аты Саламат, Ким экен билип келгин, деп, Мени мында жумшады. Нур балкыган жүзүңөр, Өрттөй күйөт көзүңөр, Аскар тоодой өзүңөр, Тегиз жолборс көркүңөр, Аттарың айбан түркү экен, Кийген кийим, жоо жарак, Табылбай турган мүлкү экен, Жашырбай баарын айтсаңар, Жаш Саламат укса экен. Сейтек анда кеп айтты: — Кеп сүйлөдүң кобурап, Көп сүйлөдүң божурап, Саламат деген ким эле? Биз укпас чоочун эр чыгат, Мына бу турган үч киши, Бир кишинин баласы, Бастырып чыктык Таластан, Кыз Куйалы балбанды, Келин кылып алгалы. Элибиз кыргыз көп алаш, Жерибиз Кеңкол, кең Талас, Атабыз айкөл шер Манас, Мына бул киши Айчүрөк, Бизден уксаң ушул кеп, Баатырың сенин Саламат, Кайда барат дүбүрөп? — Саламат чыкты аттанып, Кайыпдаң кызы Куйалы, Балбан чыкты даңдалып, Шаарын барып чабам, дейт, Өзүн олжо алам, дейт, Менден уксаң ошол кеп, Келипсиңер бу жерге, Убара болуп ыраактан, Кыз Куйалы алсак деп. Бир айттыңар, эки айтпай, Саламатка угузбай, Кетип калсаң канетет? Сейитектин кеби эми: — Сен жолоочу бир киши, Баатырыңа кайтып бар, Уккан – көргөн кебиңди, Төкөй чачпай айтып бар. Куйалы алам дебесин, Кыз балбанды алгалы, Мен Таластан келемин, Өлбөй тирүү бар туруп, Кызды кантип беремин? Кыз алгалы келбесем, Убара болуп не келдим? Ак калпак кыргыз элим бар, Атымды уксаң Сейитек, Ааламды бузар демим бар. Семетей атам аман бар, Гүлчородой абам бар, Ээрчиген Чүрөк энем бар, Куйалы менен кебим бар, Эминеден кемим бар? Келген киши кеп угуп, Төртөөнүн атын тең угуп, Токтоно албай удургуп, Өз элин карай бурулуп, Жүрүп кетти чуу койуп. Төкпөй-чачпай укканын, Айттып турду ал барып, Саламатка угузуп: — Эби келсе Саламат, Азыркы күнү башың жаш, Сулуу кыз элден табылат. Угуп жүрдүк укмуштап, Бул Манастын тукуму, Жан калбайт буга катышсак. Кара кытай, манжудан, Шибе, солон, анжудан, Жер бетине чуу салган, Жергиликтүү моңгулдан, Кыргыздан чыккан бузуктан, Кызыгышкан душмандан, Ооган менен коросон, Кутулбаган ошондон, Катылышпай кетели, Тилимди алсаң сен болсоң. Аттарын абдан карадым, Акылым азып таң калдым, Эрлерин байкап сынадым, Башкача көрдүм түрпөтүн, Бул үчөөнүн турганын. Баш көтөртпөй Кутургур, Баарын соргон батыштын, Болсо баатыр ойлойлу, Ошонун Таласка барып келе албай, Жер кучактап жатышын. Оолугуп болбой Саламат: — Кыз Куйалы дегенди, Жылма чаап албасам, Жыпжылма, түптүз кылбасам, Саламат атым курусун! Кош тизгин тартып ат минип, Кантип көрөм эл жүзүн? Жолоочу жүрсө жүргөндүр, Куйалыга баралы, Бастыргыла бүпбүтүн! Бастыргын деп бакырып, Байрагын булгап чакырып, Көпчүлүк жөнөй бергенде, Топону көккө сапырып, Чыдамы кетип ошондо, Сейтек тийди качырып. Манастап ураан чыкканда, Сейтек үнүн укканда, Токто, деп колун, токтотуп, Кочурап кара топ болуп, Топтон чыкты Саламат.