← Сейтек 2/7

Жыйырма экиде жаш экен, Ошончо элге баш экен, Көрөргө көрүм сулуу экен, Өтө көркөм уул экен. — Манастап ураан чакырган, Жолсуз элге катылган, Жолуң болгур сен кимсин, Деп сурады Сейтектен, Шер Сейтек анда кеп айтты: — Кылымга атам тайындуу, Кытайдан бери таанылды, Жолсузбу менин айтканым, Чаап алам деп жөнөсөң, Ала турган зайбымды? Токтогун деп айтканым, Сенче менин айбымбы? Элиңди бөлүп Куйалы, Короодон малың алдыбы? Кордук салып элиңе, Кол салып сага бардыбы? Саламат айтат кызык кеп: — Ал Куйалы кыз балбан, Түбүнөн бери бузук, — деп. Түбүнөн бузук болбосо, Кыдырып сага барабы, Сен алгының, тийем деп? Кыз Куйалы дегендин, Шаарын чаап аламын, Көөнүмө толсо сымбаты, Өзүн катын кыламын, Көңүлүмө толбосо, Олжо кылып бир түнү, Өз жериме жанамын, Кыргыздын кызы сулуу дейт, Эл кыдырып табамын! Кайдан тапсам сулууну, Жакшылыкча албаймын, Жаңжал салбай калбаймын! Жеңдирип койуп кыз алсам, Башымды салып киргенден, Намыс деп көөнүмө албаймын. Үч кызды угуп жүрөмүн, Бирөөнү тандап аламын. Балбан чыккан Куйалы, Сулуу деди бу дагы, Жана бири Ооганда, Бири кыргыз – Таласта, Албай калбайм түбүндө, Көөнүмө кими жараса, Тарт атыңды Сейитек, Жолума болбой каргаша! — Мен атымдын башын тартуучу, Сенсиңби менден артуучу? Талатып сага койомбу, Ала турган зайбымды? Деп Сейитек күпүлдөп, Сейитектен бешбетер, Саламат турду дүпүлдөп. Беттешип кирди сайышып, Эр масы жаштар күркүрөп, Күүлөгөн найза куусунан, Жер айрылып дүркүрөп, Кездемдин боосун чубалтып, Кез керип найза чунайтып, Камчы менен ачынтып, Тулпарларын чуратып, Урган таштай зыркырап, Учкан куштай дыркырап, Чыдаштык бербей нечен таш, Сынып жатат быркырап, Сыныктары асманга, Учуп жатат чыркырап. Сайдырбай найза кагышып, Балтанын сыртын жарышып, Олпокторун булушуп, Одураңдап урушуп, Жаактарын жарышып, Жакадан канды агызып, Жан айабай жарым күн, Өтө мыкты чабышып, Айрылышты бул экөө, Күн кеч кирип түн болуп, Жай-жайына жанышып. Таң агарып сүргөндө, Жерге жарык тийгенде, Өчүгүшкөн ал экөө, Атка минди камына, Ок өтпөс олпок тондорун, Торгой көз темир соотторун, Кабат-кабат жамына, Саламаттын көп черүү, Атка минди жабыла. Шер Сейитек, Саламат, Темирден найза ыргашып, Бар кайратын чыңдашып, Оозунан көбүк чачылып, Каарды катуу Саламат, Катуу тийди качырып. Шер Сейитек ошондо, Кетпестен ага шашылып: — Күжүлдөгөн Саламат, Кезегиң бердим, алгын –деп, Колуңан келсе сен мени, Аңтара сайып салгын, — деп, Кебелбей да кенебей, Артык тууган Сейитек, Күжүлдөгөн баланы, Бучкагына теңебей, Зымырап карап турганда, Зыңгыраган найзаны, Саламат келип урганда, Шер Сейитек ошондо, Ээрден көчүк бултайып, Бир жагына кыйшайып, Ат мүдүрүп оңолуп, Тунарган көзү ачылып, Саламатка Сейитек, Кезегимди бергин, деп, Эми тийди качырып. Алдында минген Койкүрөң, Кош кулагын жапырып, Сейитектин ошондо, Көзүнөн жалын от чыгып, Найзасынын учунан, Жолум үйдөй чок чыгып, Кыйрынан келип кыраан шер, Кый сүбөдөн бир сайды, Мен-менсинген Саламат, Ээрден көчүк кыйшайды. Кырданып аты барады, Саламат кыйын өтө маш, Ат кырданган жагына, Найзасын жерге тайады. Ат жыгылбай өзү сак, Аман-эсен турганы, Кайда калды кезегиң, Адам билгис эсебиң, Жана айланып киришти, Жан айабай тийишти. Айла кылып алууга, Арамдык ичке бүгүштү, Эртеден кечке бир тынбай, Эрегишип урушту, Бирин бири оодарып, Бүткөнү жок жумушу. Күн кеч кирип түн келип, Жай-жайына түшүштү. Ашыкбай бир аз тургула, Айтайын жана бир ишти, Жан кишиге туйгузбай, Куйалыга Айчүрөк, Айтып койду бул ишти. Муну угуп Куйалы, Мына мындай кеп айтат: — Келгени бекер Саламат, Айкөлдүн сүйдүм урпагын, Саламатка ким карайт? Шашылып кетип Сейитек, Ага жаңжал не салат? Качан да болсо Саламат, Тандап сулуу кыз алат. Койсун тоспой жолун бош, Мына бул жерге келгенде, Сейитекке мен жолдош. Жетип барсам ал жерге, Ойуна алат ар экөө, Эр издеген экен, деп. Бирине бири кезенип, Ээрдин кесе тиштенет. Мен барбайым –деди эле, Ырас чынын айтканда, Кыз Куйалы акылман: “Маа болушуп келбеди, Келген экен Куйалы, Саламатты көргөлү, Деп Сейитек калар” деп, Ошол үчүн келбеди, Куйалынын бул сырын, Айчүрөк ачык билгени. Кайра келип Айчүрөк, Туйгузбай жатып калды эми. Ушул түнү Саламат, Куйалынын шаарына, Жүрүп кетти кол баштап, Тепке деген бар экен, Астына түштү жол баштап. Эрте менен Сейитек, Артынан түштү кубалап, Асманда сызып Айчүрөк, Жер менен үчөө баратат. Сегиз күндүк жер эле, Кайыпдаңдын шаарына, Кайкап аскер келди эле, Карарган кошуун жер жайнап, Жерге келип түштү эле. Кайыпдаң кызы Куйалы, Жан кишиге билгизбей, Мени издеген Сейитек, Качан келер экен деп, Ичинде сызып турду эле, Калың колду көргөндө, Ичине кайгы толду эле: “Сейитекти жеңдиби? Желмогуз эми келдиби? Хан Семетей, эр Гүлүс, Кайрылбай мага кеттиби? Же балакет Саламат, Баарынын башын кестиби? Андай жаман күн болсо, Айчүрөк келет эле, — деп, Ойуна алат бир жактан, Качып келген белем” деп. Аңгычакты болбоду, Кол артынан чаң чыкты, Карап турса Куйалы, Зор Семетей хан чыкты, Шер Сейитек, эр Гүлүс, Үчөө катар тең чыкты. Аларды көрүп Куйалы: Сүйгөнүмдү билсин, деп, Саламат чындап күйсүн, деп, Алдынан адам чаптырды, Шаарга келип кирсин деп. Жиберген киши барганы, Куйалыга Сейитек, Көөнү агарып канганы. Көрүп туруп ошону, Саламат өтө арданды, Кайра жаачу булуттай, Бузулуп өңү каарданды, Жакшынакай баланын, Бетинен жүнү түктүйүп, Кыркса байпак болгундай, Көрүнүп көзгө үксүйүп, Кыйкырып тосту алдынан, Кара жанга күч келип. Ойуна алды Сейитек: “Кудалашып сөз жайлап, Кулдук уруп баш байлап, Үзүлгүс боосу барчылап, Чапканын кара мен жакка, Сурбууданын камчылап!” Шаарга кетти калганы, Жолун тосуп келгин, деп, Сейитек карап турганы. Бурулбай келип Саламат, Боорго найза муштады. Торгой көз темир бадана, Үчөөнү катар жарыптыр, Аптыгып келип саламат, Жандана муштап салыптыр. Карчыганын балык эт, Көнөктөй эти бөлүнүп, Көнөктүн оозун ачкандай, Кан агып жерге төгүлүп, Байкап калып эр Гүлүс, Кайра чапты бөлүнүп. Бурулуп Гүлүс кеткени, Жебеден мурда жеткени: — Мыкты болсоң Саламат, Мен Гүлчоро, кел! – деди. Көрүп турган Куйалы, Көз ачкынча жетиптир, Айтышып койгон жарым деп, Сейитекти жетелеп, Шаарына алып кетиптир, Жаны ачып Саламат, Кыймылдаткан чымын жан, Кылга байлап таштады, Кыйын уруш баштады. Көптү көрсө шашпаган, Көп экен деп качпаган, Көөнүндө ишин баштаган, Көпкөлөң мындай чанданды, Алып көнгөн баштатан, Арстан Гүлүс беттешти. Саламаттын ойунда, Айтылуу баатыр Гүлүстү, Аңтара сайам деп келди. Артык тууган эр Гүлүс, Кебелбей да кенебей, Мени кантер экен, деп, Ойуна албай кенедей, Түрпөтүн байкап карады, Сайышып турган душманы, Көөнүнө толук жарады, Көрүп турган сайышта, Көп болчу мунун чаласы. Баатыр болчу бала экен, Эр сайышка чала экен, Эрлик жолун көрсүн, деп, Чалалыгын билсин, деп, Ордун сала берди эле. Күп дедире жер муштап, Көмөлөтө сайдым, деп, Көзүн бардап караса, Найзасы жерге мадалган, Тээгине чейин кадалган. Ачуусу келип арбайып, Ант ичкендей саргайып, Кара бойун безеди, Качырып жана жеткени.