← Сейтек

Кыз Куйалынын Сарыбайды жеңиши

Жарты күн турса Айчүрөк, Тынч алып уктай албады, Жалгыз уулу Сейитек, Козголгондо кокуй деп. Муну ойлонот Айчүрөк, Жардамга киши табам, деп: “Кайыпдаң кызы Куйалы, Сегиз жашта бир көрдүм, Бүгүн он сегизде убагы, Эмгичекти ошону, Оодарып бенде албады, Ойрондун бири бу дагы.” Семетей менен Гүлүскө, Кеп-кеңешин салганы, А бирок, Куйалыга барам деп, Андай кепти кылбады. — Карадөө жүрөт бул жерде, Жедигер эли не болду? Жоодар бешим жалгыз баш, Кашкар, Жеркен, Хотендик, Лоптун эли не болду? Урумдагы Оруз хан, Түбү кыргыз бир тууган, Куда-сөөк биз менен, Карып калган кези эле, Урумдун эли не болду? Анжыйан, Кокон, кең Ташкен, Самаркан менен Наманген, Сынчыбек карып төшөктө, Кокондун эли не болду, Бадакшан, Балык, Букарлык, Кара калпак, түркмөндүк, Калган кыргыз не болду? Атажуртуң Эне сай, Анда кыргыз не болду? Үч Каркыра, Алматы, Иле, Текес, Күнөстүк, Алтай, Чойчок, Аралтоо, Баркөл, Манас, Бешбалык, Турпан, Камбыл кыргыздын, Булардын күнү не болду? Моңгул, казак канатташ, Казактын эли не болду? Каңгайдын калдай Жаңгыры, Кандай ойдо болгону, Жооп берчи Семетей, Ал жердеги элиңден, Кабар алсам болобу? Балан-бустан дегинче, Семетей жооп бергиче, Гүлүстөн мындай деди эле: — Бийлик кылып мен айтам, Кайыпчыда абакем, Билгини мага берди эле. Кош колдоп сүйөм барганды, Ойноп жаткан тынч элдин, Ойнун бузган эр барбы? Айтканың акыл жеңеке, Алып келгин кабарды, Алың келсе биз үчүн, Кылып келгин амалды. Жооп алып ханынан, Куу кепти кийип жаңыдан, Кайран жеңең калкайып, Учуп чыкты Таластан. Батышты карай түз учуп, Жан айабай күч учуп, Урумдун көрүп элдерин, Эне сайдын жерлерин, Шамал менен айланып, Алатоо бойлоп калдайып, Алтайдан кайра толгонуп, Баркөл, Камбыл, Турпанды, Асманкөл ашып түштү эле. Бешбалык менен Манасты, Кабаттап учуп Айчүрөк, Жылдызды карай сызды эле. Кабаттап учуп Кашкарды, Анжыйанга өттү эми, Ташкент, Балык, Бадакшан, Катар өтүп алардан, Жер эсенин көрдү эле, Эл эсенин билди эле. Андан өтүп Айчүрөк, Жанжүрбөстүн кызыл кум, Жайнап жаткан ушул кум, Шаарына барып сураса, Ууга кеткен деп угуп, Кумдун бойу кең токой, Айбандын кени ал токой, Илбирс алып, шер алып, Айры мойун төө алып, Көкбөрү менен чөө алып, Күндө айбан көп алып, Көөн ачып кубанып, Жетимиш миң колу бар, Жүргөн экен Куйалы, Айбанатка чуу салып. Он экиге келгенде, Эрендик жолун издеген, Башкага бекер тийбеген, Өзү келип тийгенде, Кара жерге бүктөгөн, Андан мурун Сарыбай, Бир сапар барып беттешкен, Киши айланар кеби жок, Тийишкендей бир кеткен. Ушул сапар Кутургур, Бир кишисин жиберген: “Алыска кеттим мен, — деген, Камданып тургун сен, — деген, Катын кылып алдайын, Башкадай көрүп болбосоң, Шаарыңды чабамын, Олжо катын кыламын, Акылга салып ойлоп көр, Келер иштин арт жагын.” Кеп уккалы Куйалы, Кужуру кайнап жан ачып: “Келип калса капташып, Бир беттешип көрөйүн, Ажалым жетсе өлөйүн, Кез болуп ажал жетпесе, Батыштагы кырк шаарды, Башы ачык кылайын. Туулганда капырдын, Сартбай атын койуптур, Сайын салып батышка, Сапырып баарын болуптур. Түштүктү кошо жойлоптур, Туш келсе тирүү койбоптур, Аз келгенсип анысы, Мага колун созуптур, Атынын баары жойулуп, Кутургур атка конуптур. Кутурганың кут кылып, Кут кап менен бир кылып, Эсебиңди берсем, Талпагың ташка кербесем, Эригип бекер жаткыча, Айбанат уулап келбесем!” Деп ойлонуп Куйалы, Кутургурдун кеги үчүн, Келген жери ушул кум. Оңой, олтоң кум эмес, Оңойлук менен адамзат, Өтүп кетер жол эмес. Чыгышы чындын шаарынын, Батышына туташкан, Түштүк менен курчалып, Батышты карай кеткен кум, Кыпкызыл болуп мээ кайнап, Томсоруп жаткан неткен кум. Ушул кумдун четинде, Аскерин таштап бир жерге, Жетимиш балбан ээрчитип, Келген экен бул жерге, Жолборс алып сексенче, Шерден кармап бир жүзчө, Төө куштан атып кокойтуп, Келайткан экен кечинде, Дигерде жакын мезгилде. Жолуна түшүп Айчүрөк: “Сегиз жашта көргөндө, Так ушундай элем” Жыйырма менен жыйырма эки, Арасында кыз болуп, Жолун тосуп Айчүрөк, Тиктеп турду томсоруп. Желжетпес деген аты бар, Өзү жалгыз келаткан, Эл алдында чамынып, Бөркүнө жакут тагынып, Күн батканда жакут таш, Күндүзгүдөй жарып, Келе жатып Куйалы, Чүрөккө калды кабылып. Бир көргөндөй ойдо бар, Бүдөмүктөп калыптыр, “Не да болсо турган кыз, Менден улуу экен” деп, Эсендик сурап Куйалы, Колун суна салыптыр. — Жүрдүңбү досум эсен? –деп, Унутупсуң ойлобой, Чүрөк досум келер деп. Балан жылы келгенде, Бай Татан тойун бергенде, Сегиз жашта сен элең, Он бештерде мен элем. Өзүбүзчө олтуруп, Дос болуштук бир жерде, Ошондон бери карата, Көрүшпөдүк дегеле, Эрдүү катын мен болдум, Эсепсиз баатыр сен болдуң, Досум кандай экен, деп, Эсиңе алып койбодуң. Башыма мүшкүл иш келди, Аманат жанга күч келди, Жерибиз Кеңкол Таласка, Сарыбай барды кол айдап, Аз айдабай мол айдап, Жетимиш миң санаты, Семетей менен Гүлчоро, Кутубайдын Карадөө, Аларга мойун бербеди, Сейитек экөө сайышып, Күнү-түнү дебеди. Он экиге күн толду, Оолугуп келген Кутургур, Атын асып бир белге, Өзү жатты бир жерге, Тогуз күндүк болжол, деп, Уйкум канса кобом, деп. Туйгузбай келдим бу жерге, Аңгыча тайар болом деп, Алдыңа келип турамын, Менден уксаң ушул кеп. Айчүрөктөн кеп угуп, Кутургур барды деп угуп: “Таласка барган турбайбы, Атасынын кунун кууп, Намыс алып Манастан, Кайтып келип Таластан, Мага келмек турбайбы! Барбасамбы? – деп ойлоп, Барбай койсом Таласка, Айчүрөк келсе мени ойлоп, Сегизимде дос болуп, Күч келбесе жанына, Келбейт эле козголуп.” Айткан кеби бул болду, Куйалы азга токтолуп: — Ал Кутургур кара нээт, Оозуна келген кепти айтып, Жиберген киши мага, — деп, Мен тургамын камынып, Келип калса кана деп. Таласка барсам мен мындан, Ойлоп калар бекен дейм, Таласка келген турбайбы, Менден коркуп маанектеп, Кол түшкөн жерге баралы, Бир түн мейман болушуп, Эртең жөнөп калалы, Канча күндүк жол келер, Мен билбеймин чамасы? Айчүрөк айтат мындай деп: — Олтурар менин чагым жок, Конок болуп тамак жеп, Алаптап турат жүрөгүм, Эмне болуп жатат деп. Барарман болсоң мени деп, Колуңан таңдап адам ал, Аттанып досум жолго сал. Күн-түнү жүрсө чалдырбай, Мингениң ал Желжетпес, Барса барар он беш күн, Калган жылкы кырк беш күн, Сендей чыдап жүрө албайт, Калгандары күнү-түн, Көп турбайлы кечигип, Бастыр досум жүрүгүн. Жетимиш балбан жанында, Ылгап алган эр экен, Кайда болсо жетимиш, Такоол болот дээр экен. Өзү билет Куйалы, Ат-атынан чакырып, Он экини ылгады. — Калгандарың кайт, — деди, Таласка кетти кызың деп, Атама барып айт, — деди. Айчүрөк келди кабарга, Сарыбай барган Таласка, Деп айткыла атама, Үйүндө жатсын козголбой, Батасын берип атам маа. Он эки балбан жүр, — деди, Бастырып жолго киргени, Түздөп учуп Айчүрөк, Баштап жолго кирди эми. Учуп кетет калкылдап, Канаты күндөй жалтылдап, Узарып барып токтолот, Ай караңгы түндөрдө, Күйгөн шамдай жылтылдап, Келе жатат Желжетпес, Жорголой басып кылтылдап. Күн-түнү төрткө жеткени, Он эки эрдин аттары, Желжетпес менен жүрө албай, Кулактары салактап, Куйруктары булактап, Абдан шайы кеткени. Кыз Куйалы кеп айтат, Бирге жүргөн элге айтат, Эрегиште жоо сайган, Эбегейсиз эрге айтат: — Атыңар арып калбасын, Баспай калып шум чөлдө, Баландын аты начар деп, Жаман атты кылбасын. Айалдап басып баатырлар, Бириң эмес баарыңар, Бир айга чейин жоголбойт, Желжетпес изин кубалап, Анан жолго салыңар. Азык ичип дем алып, Ат чалдырып жай басып, Айтып койуп Куйалы, Желжетпеске камчы уруп, Эркин өзү жүргөндө, Айбанда күлүк Желжетпес, Асмандап учкан Айчүрөк, Канаттуу менен тең келет. Айчүрөк учкан эки күн, Куйалы менен баскалы, Болуп калды алты күн, Таластан Чүрөк чыккалы, Баш айагы сегиз күн. Султан Манас баатырдын, Күмбөзүнө алпарбай, Алмалууну өрдөдү, “Жаштык кылып Куйалы. Өтүп калса ат менен, Арбакка иши чет болуп, Калабы?” – деп ойлоду. Суусу тунук мөлтүлдөп, Гүлдөрү турган гүлүңдөп, Чырпыгы талдын буралган, Кыз чачындай сыланган, Жери атыр жыттанган, Мурунду жарып буркурап, Сүйкүм шамал зыркырап, Молдо торгой сандыгач, Туш-тушунда чуркурап, Бүлдүргөн менен мандалак, Төгүлдү жерге самсаалап, Андан башка мөмөлөр, Толуп жаткан канчалап. Жерди көрүп Куйалы, Атын сурап билмекке, Айчүрөктү чакырат. Айчүрөк турду кыз болуп, Куйалы турду токтолуп: — Ой, жан досум эжеке, Батыш менен түштүктө, Жүрбөгөн жерим жок эле, Мындай сонун келишкен, Жер көрбөдүм деги эле. Кайсы жериң, айтып бер, Канчалык калдык Таласка? Күмбөзгө алпар алдында, Мен сыйына кетейин, Айкөл шер өзү баштаган, Нечен түрдүү арбакка. Кайыпдаң атам кеп айкан: “Айкөл Манас күмбөзү, Касиеттүү” –деп айткаг. Андан башка жана айткан? “Тирүү олуйа зор Кошой, Алмамбет, Чубак, эр Сыргак, Ойрон Көкчө, Музбурчак, Жаактуудан адам жанашпас, Кызыл тилдүү Ажыбай, Сүрөтү анда” деп айткан. Менин ишим оң болбос, Алакан ачып кол жайып, Уруксатсыз мен барсам? Күлүп ийип Айчүрөк: — Кеңкол деген ушул, — деп, Кайнатамдын Сыркоргон, Эми жакын келдик, деп, Күмбөзгө сени алпарбай, Өтмөк элем пейлим, деп, Күмбөзгө барып нетер деп, Аттуу өтүп кетер деп, Өзүң айткан байатан, Баатырлардын арбагы, Жек көрүп калар бекен деп, Барар болсоң күмбөзгө, Мындай бассак бекен? – деп, Карабуура, Чаткалды, Өрдөп чыкты Айчүрөк, Ай туулуу сарай, Аккүмбөз, Көр, деп чыкты Айчүрөк. Чайкайнатым жол басты, Хан кубантар ак күмбөз, Жол бойунан капташты. Күмбөздүн көрүп караанын, Урматтуу баатыр кыз балбан, Атынан түшүп жетелеп, Тизеси жерге бүгүлүп, Урмат кылып жүгүнүп, Күмбөздү көрүп туралбай, Көзүнүн жашы төгүлүп: — Атагы алаш болгондо, Ааламды алган кулданып, Моңгулдан айрып бөлгөн, — деп, Алтымыш уруу алаш деп, Атагын алып берген, — деп, Адам ата жаралып, Андан адам таралып, Жер бетине шаар салып, Каканчын эли болгону, Адам уулу барбаган, Падыша арбак бак бурчун, Кайнап жаткан Каканчын, Кызыл деңиз терс агым, Ошондон бери карата, Орто жери Чынмачын, Ат изин ага ким салган? Сиз өңдөнүп ким барган? Өчпөскө бүтүп оорагы, Кыйаматка ким калган? Амал кылып берет деп, Айчүрөк мундан маа барган, Амалым канча мен байкуш, Айкөл шер, жардам кылбасаң... Деп күбүрөп-шыбырап, Көзүнүн жашы бурчактап, Токтобой агып жымылдап, Жакын барбай Куйалы, Тай жарышым калганда, Кыймылдабай турганы. Андан бетер Айчүрөк: — Кайын атам Айкөлдүн, Айаш атам Алмамбет, Арбагың эбеп-жөлөр, деп, Буда ыйлап мелтиреп, Жал-жал карап турганы. Кудайдын берген ишине, Ичи ооруса кишиге, Оңолот иши бир демде. Асманды булут каптаган, Бүркөлүп турган чагы эле, Эми эле чаап ийчүдөй, Чүмкөлүп турган дагы эле. Кыбыладан жел чыгып, Булуттар көчүп сыйлыгып, Чыгышты карай жылыптыр, Аңгычакты күмбөздөн, Айкөл шердин сыр найза, Койкойо тартып чыгыптыр. Айчүрөк ойлоп нечен кеп: “Атакемдин найзасы, Семетейде эле, — деп, Күмбөзүнө бул найза, Кандай келип калган? – деп, Көөнүндө күбөөлүк, Кутургурду Куйалы, Сыр найза менен жеңет, — деп, Кутургур жеңип кете албай, Ушу турган Куйалы, Түбөлүк бүлө экен” – деп. Куйалынын көзүнө, Койкойуп турган сыр найза, Сай дегенсип мени менен, Нишарат болду өзүнө. Көрүнүп турган койкойуп, Сыр найза калды жоголуп, Сыр найзанын ордунда, Сейитек турган дордойуп. Куйалы менен Айчүрөк, Жөөлөп баскан бойунча, Өтүп кетти күмбөздөн, Күмбөз далда болгунча, Куйалы барат жөө басып, Желжетпеске минбестен. Атка минер жер келди, Куйалы сурайт бул кепти: — Жыйырма экиде жашы бар, Уктуң беле жан досум, Найза кармап көрүнгөн, Анын өзү ким? – деди. Анда Чүрөк муну айтат: — Жан досум, уккун — деп айтат, Көрүнгөн көзгө Сырнайза, Кайнатамдын найзасы, Семетей алып жүрчү эле, Кайдан келди бул найза? Болгон нишан белги бейм: “Кутургурду алалбайт, Мени менен сайбаса.” Көрүнгөн көзгө жаш бала, Чечекейдин карасы, Жан досуңдун өмүрү, Көргөн жалгыз баласы, Уксаң аты Сейитек, Аттан досум жүрү, — деп, Капканын кара тоосуна, Үчкошойдун бөксөгө, Барып жетти айылга. Семетейге баралбай, Куйалы алып келдим, деп, Айтып кабар кылалбай, Сейитекке билдирбей, Гүлчорого Айчүрөк, Басып келип турду эле: — Айтканга уул, кулак сал, Айтпай кетип бир ишти, Кылып келдим силерге, Кыз Куйалы балбанды, Алып келдим бу жерге. Абаңдан мени сурап кал, Сейитекти кайиним, Өзүң билип жолго сал, Кайраты артык, өтө тез, Куйалыны жоого сал. Душманыңды майтарса, Эмгегиңди кайтарса, Бойго жеткен, башы ачык, Бүлө кылып алып кал. Сага айтканым кайиним, Түйүнчөктүү жерим бар, Мен учарда жер чардап, “Амал кыла келгин” – деп, Өзүң айткан кебиң бар, Унутуп калбай эсиңе ал. Гүлүстөн күлүп шаңк этип, Алтындай тиши жарк этип: — Мен ыраазы кебиңе, Арбагы азир айкөлгө, Көрүштүбү, жеңеке, Айчүрөк айтат мындай деп: — Буруу жолго салгамын, Алмалуу өрдөп алганмын, Күмбөзгө кандай барам, деп, Сурап калды ал кезде. Ак сарайга алпардым, Караанын көрүп жөө басты, Мен түшкүн деп айтпадым. Айран калдым мен ага, Атынан айтпай атамды, Айкөл шер деп атады. Айаш атам, сенин атаң, Атын айтпай аларды, Ишин айтып ыйлады. Көктөгү булут бөлүндү, Ак сарайдын оозунан, Атакемдин Сырнайза, Койкойуп сонун көрүндү. Куйалы жакка Сырнайза, Башын ийип оңолду, Сырнайза колго кармалуу, Сейитек анда бар болду. Кийин менден сурады, Барлык жайды мен айттым, Алып келип түшүрдүм, Мындан кийин досумду, Өзүм билип күтөрмүн, Акылман Гүлүс өзүң бил, Айткан кепке түшүндүң. Айчүрөктөн кеп угуп, Токтоно албай эр Гүлүс, Желиккенсип удургуп, Семетейдин үстүнө, Басып кирди бурулуп. Салам айтып баш ийип, Абаң Бакай, Каныкей, Семетей - үчөө бар экен, Сейитекти чакыр, деп, Акылман тууган Гүлүстөн, Каргалдайды жиберген. Сейитек келди саламга, Буйрук кылды эр Гүлүс, Карадөөгө айткын, деп, Душмандан кабар аларга: — Тогуз күн болду санаты, Кутургур турар убагы, Барып келсин Карадөө, Кабар алып туралы. Аттанып чыкса Кутургур, Биз да аттанып чыгалы, Каргалдайды, - бар, — деди, Карадөөнү жиберип, Калгандар камың кыл! — деди. Каргалдайы калдастап, Декдеңдей басып алдастап, Карадөө угуп кабарды, Аттанып кетти барбаңдап: “Кайда болсом кызмат бар, Кишимин, — деп ишенген” Жерге батпай дардаңдап. Ордо баккан жигиттер, Кызмат кылып далдаңдап, Кеп айтаардан эринип, Келиндер турат жылмаңдап. Баса түшүп бурулуп, Аркасын карап кылчаңдап, Таңданып турган жигиттер, Күлүп калат ырсаңдап. Толгоно басып келиндер, Жөнөп кетет кыйшаңдап, Илгеркиден калган нарк, Бирине бири шыйпаңдаш, Кай бири болот чоң сырдаш, Кай бирөө калат талаалап, Чогулушуп болгондо, Эр Гүлүстөн кеп салат: — Атамдан артык абам бар, Ак сүтүн берген энем бар, Эмчектеш болгон агам бар, Өзүмдөй болгон иним бар, Айчүрөк сындуу жеңем бар, Тил жазыктуу болбосун, Бүгүнкү күнү кыргыздын, Кай жеринде кеми бар? Кайыпдаң кызы Куйалы, Жардамга келген чени бар, Жер чардап жеңем келерде, Амалың болсо кылгын деп, Менин айткан кебим бар. Абакем анда бар эле, Жол койгон болчу унчукпай, Абам, энем, Сейитек, Үчөөң калдың кеп укпай. Күн болжолу толуптур, Айткан күнү болуптур, Кутуруп кеткен Сарыбай, Күн батышты соруптур. Бир күн келип Таласка, Ач көзүн салып алашка, Камал кылып күн бербей, Бизди жаман курутту, Коңурбай кебин жаңыртып, Жоготом деп бурутту. Берекелүү бек айбат, Белдүү чочко бетбакка, Беттешип буга ким чыгат? Беттешкен менен бетбакты, Сайыш күмөн иш турат! Келип калса Кутургур, Сейитек, чыккын сен чыдап, Мен чыгам деп алдында, Кыз Куйалы талашат, Кызды мурун чыгарсак, Кыргызга жаман ат калат, Аркада наалат дат калат. Андан жана Гүлүстөн, Айчүрөк айткан байагы, Күмбөздү белги кепти айтат. Аңгычакты Карадөө, Эшиктен кирди алдастап, Өпкөңдү бас, олтур, деп, Кымыздан тарткан арактан, Айчүрөк куйуп карматат. Тартып ийип Карадөө: — Дүрбү салып олтурдум, Кутургурдун колунун, Маңдайында дөбөдө. Күн бешимге келгенде, Ордунан турду Кутургур, Сындырымга тогуз күн, Сыргакка салган Тоосур ат, Тоңурчуктап туралбайт, Чылбырынан кармады, Буттан кишен тушоону, Башынан жүгөн алганы, Жетим тайдын күр жылга, Туруштук берчүү көп малга, Көз ачкынча жалмады, Топурак учуп, жер чаңдап, Такыр болуп калганы. Өзү тургай аты да, Кутуруптур айбаны, Оройу суук он балбан, Откозуп атты калганы. Эшикке казып кемеге, Казан асып беш жерге, Жаткан экен көп неме, Басып барды жанына, Отуз табак апкелди, Ал капырдын алдына, Колун сууга салбады, Баарын койбой жалмады. Сүйрөп келди беш күптү, (Жыкбы, бөксө, билбейим) Бешөөнү башка беш жутту, Канбады окшойт суусуну, Тоңкойуп жатып суу жутту, Айак жагын агындын, Так какшатып кургатты. Кооп басты талтактап, Бооз катындай чалкактап, Атын алып токутту, Эмгичекти аттанмак, Шашып келген ишим бу, Ушул ишти элге айтмак. Карадөөдөн кеп угуп, Булар чыкты чубуруп, Бул кабардын баарысы, Кыз балбанга угулуп, Абаң Бакай, Каныкей, Арстан Семей, Сейитек, Эр Гүлүстөн, Карадөө, Учурашып жанам, деп, Кыз балбан калды жолугуп, Кыз Куйалы караса, Абаң Бакай кары экен, Ак калпак кыргыз элинен, Артык туулган жан экен. Каныкейди караса, Умай эне ал экен, Семетейге серп салса, Он төрт күнкү ай экен, Уккан кепте болжолу, Ал Жүсүпчө бар экен. Гүлүстөндү караса, Айткан кеби бал экен, Ак пейилдүү жан экен, Кебетеси кешпири, Сын-сыпаты, белгиси, Баарысынан зал экен. Сейитек азыр бала экен, Жыйырма экиде бар экен, Баш терисин сойгондой, Башына каптап койгондой, Нак Семетей ал экен. Жыйырма бештен ашканда, Ат көтөргүс дөө болуп, Ырысы жок жөө болуп, Үйдө жатар дагы экен. Баары пейли кең экен, Айкөлдүн улан-ушагы, Уулу менен урпагы, Аташканы-алганы, Канат-куйрук калганы. Телегейим тең экен, Ушуларга туш болгон, Ырыстуу кыргыз эл экен. Сынын көрүп кыз балбан, Ийилип кылып саламды, Урмат кылып аларды, Сейитектен башкага, Колун суна албады. Кыз балбанды шер Гүлүс, Бир имерип карады: “Ургаачынын шери экен, Пейли сүттөн ак экен, Алган эри жарашса, Жалаңгыч туучу бала экен. Беттешкенин жеңгиндей, Мен-менсинген далайдын, Менсебин алып бергиндей, Ушул дүйнө шум жалган, Сунса колго келгиндей.” Эшикте булар көрүшүп, Эки айрыла бөлүнүп, Аңгычакты Кутургур, Майдандан калды көрүнүп. Хан Семетей, эр Гүлүс, Шер Сейитек, Карадөө, Аттанды төртөө бөлүнүп. Кыз балбан анда кеп айтты, Мен барайын, деп айтты. Айтышына жол койду, Шер Сейитек болбоду. Кутургур турат күркүрөп, Көргөндүн бойу дүркүрөп, Эси коркот кишинин, Сийдиги чыгып бүркүрөп, Ийинден чыкпай жандарлар, Жүрөгү түшүп бүркүрөп. Ширөө чыккан темирдей, Көрөр көзгө күжүлдөп, Тогуз күн жатып дем алып, Бар тапканын жеп алып, Кайратына карк толуп, Келген экен чыйралып. Чоң чокморун колго алып, Ай балтасын кошо алып, Кылыч менен найза лып, Сом темирин дагы алып, Эн темир менен канжарды, Унутуп калбай аны алып, Колунсакка ок салып, Мүрүгө илип жааны алып, Чарайнасын тартынып, Калканы жонго артылып, Кисепче менен калдыркан, Тизеден ылдый салаңдап, Жети кабат күрөөкө, Кийгени темир көмөрүп, Тогуз кабат туулганы, Төбөсүнө чөмөрүп, Буттап темир курчанып, Жекеге чыккан эрди алып, Эл бийлеген зорду алып, Ара жерге жол салып, Таласты талап мал алып, Айчүрөктү олжо алып, Хан Семетей, Гүлчоро, Шер Сейитек, Карадөө, Баштарын кесип байланып, Ак күмбөздү талкалап, Арстандын таап өлүгүн, Отко салып куйкалап, Сыр коргонду кулатып, Түптүз кылып уратып, Жубан-келин, кызды алып, Малды айдатып чубатып, Эркек киндик дегинди, Баарысын сойуп сулатып, Кетемин деп ойунда, Чыккан болчу бул акмак. “Мас максатын айтат” деп, Мас тарабай аттанган, Оозуна келген сөздү айтат, Жеңип алса Таласты, Кылары ошол алашты, Ойлогонун бүт айтат, Койкүрөң менен койгулап, Шер Сейитек баратат, Сейитек анда муну айтат: — Он күндүн алды жагында, Жалынып сүйлөп жалооруп, Уруксат алдың алдымда, Ашөпкө кепти кыласың, Абайлабай алыңа, Кетер жолуң байланган, Баралбайсың шаарыңа. Керээзиңди айтып кой, Кеңешкор кишиң бар болсо, Чакырып алып жаныңа. Керээзиң укпай калбасын, Катын менен балаңа, Эстүү-баштуу кишиңе, Баш катырчу ишиңе. Башыңды кесип байланам, Бооруңду жарып өт алам, Сен кептенип тийбейим, Сенден башка кишиге. Айкөл Манас тукуму, Бекерине тийбейбиз, Кишиси тургай итине. Азабын колго беребиз, Асылып келсе тим элге, Тобоңо жансаң каласын, Ушул жерден сенделе, Канат керек учарга, Куйрук керек конорго, Ойлонгону жакшыдыр, Кийинки болор ишине, Эр азамат кичине. Оолуга кетти Кутургур, Сейитектин кебине: — Жалынгалы келдиңби? Жан бергели келдиңби? Жарты пулга албаймын, Жалынып айткан кебиңди! Жаны ачып Сейитек, Жарым ооз айткан бир кеби: — Эки атаң сеники, Эрдемсип өлгөн, билдиңби?! Көп кечикпей атама, Жетейин деген кебиңби?! Угуп туруп Кутургур, Оозунан түтүн бур этип, Көзүнөн жалын шыр этип, Тоосур атка камчы уруп, Качырып тийди Сейитекке, Куу найзаны сүйрөтүп. Сыздырып барат Сейитек, Койкүрөң менен чуратып, Сайдырбай кагып найзасын, Сындырышты кыйратып. Балтаны белден алышып, Беттешип кирди чабышып, Кудай бетин нары кыл, Чапканына чыдабай, Балтанын сырты жарылып, Жарылып сырты кеткенде, Мизи сынып бүткөндө, Сабы турбай шолоктоп, Кындан кылыч алышып, Жаркылдаган кылычтар, Чаптырбай кайра кагышып, Кеспей мизи жалпайып, Жарылып сырты алжайып, Кылычтар калды жалтырап, Канжар жатат баркырап, Чойун баш калбай быркырап, Кырк кабырга, омуртка, Кырын бузбай зыркырап, Бирин бири тиктесе, Азуулары кычырап, Баштары ооруп кеңгиреп, Мас болгондой зеңгиреп, Кээде туруп калышат, Эси оогандай эндиреп. Кайта кирет теминип, Кайда кеттиң, келгин, деп. Туулганын баары жоголду, Баштары коондой кодойду. Жаагы кызыл кан болуп, Баштары челек, нан болуп, Алакан тери сойулуп, Мойнунун каны койунга, Агып кирет куйулуп, Ычкыр кашат, бел кырчоо, Андан жерге агып чубуруп. Кээ бир кезде айактай, Кээ бир чакта табактай, Уйуган кандар булт этип, Жерге түшөт жалпайып. Көзү көргөн адамзат, Жүрөгү коркуп жалтанып, Кеп кылалбайт калтаарып, Кутургурдун Тоосур ат, Сууту канган сыйагы, Кээде жерге тийсе да, Кээде тийбейт туйагы, Сейитектин Койкүрөң, Сөөгү туташ бөрү жон, Барган сайын күчөгөн, Дал-дал болуп сооттору, Тайынсыз болуп жоголду, Ошол кезде Кутургур, Дагы акыл ойлоду: “Бүгүн күнүм кеч кирди, Элге кайра кетейин, Эрте менен болжолдо, Мен барамын майданга, Менден кабар болгондо, Бирин калбай ат койуп, Айылга тепсеп баргын деп, Элиме кабар кылайын, Андан кийин жыргайын.” Күн уйага жашынды, Түн кирди эми болду деп, Кутургур кайра бастырды. Сейитекти түшүрдү, Бар кийимин чечтирди, Сак жери жок бир жери, Ушул дары ууга деп, Куйалыда бар экен, Ургаачы жолборс сийдиги, Сейитекке ичирди. Сүтү менен жылкынын, Бүткөн бойун жуудурду. Сүт тикенди жанчышып, Жарасына чаптырды, Кургатып суусун катырды. Апы менен сапыдан, Эбеп менен себептен, Медетке нушту коштуруп, Кырма кызыл эритип, Эби менен жуткуруп, Кылайган жерде оору жок, Сейтек калды кутулуп. Эртең менен Кутургур, Жана чыкты жулунуп, Минген аты Тоокызыл, Чатына батпай суурулуп, Аркасынан аскери, Жайнап чыкты чубуруп. Мурун андай болчу эмес, Кернейдин үнү угулуп, Доолбас үнү карсылдап, Атылып мылтык тарсылдап, Найза, кылыч – жаракчан, Колдорунда жартылдап, Гүлүстөн анда муну айтат, Кутургур чыкты бел байлап, Аттанды аскер жайнап, Алса дагы албаса, Күн бешимге барганда, Айылга тийет айгайлап. Бир тарабын аскердин, Сен тоскунуң, Карадөө, Бир тарабын абакем, Бир тарабын мен тосом, Жекеге чыгат Сейитек. Аңгычакты ал жерге, Келип калды Айчүрөк: — Кыз Куйалы жиберди, “Мага кезек келсе, — дейт, Найза сынса кокустан, Мага найза берсе, — дейт, Колумду ага тийгизбейм, Бул сырымды билсе” – дейт. — Барса барсын Куйалы, Найзанын тийсе кереги, Атадан белек сыр найза, Аны алпарып берели, Гүлчоро айтып жиберди, Айчүрөк барып айтканы. Залкар тоодой Куйалы, Желжетпес менен аттанды, Орто бойлуу кыз экен, Башы баатыр эрендик, Айагы ийне бүчүлүк, Баарысына уз экен, Эл турушат жарданып, Желжетпес менен Куйалы, Эркин өскөн аскада, Карагайдай шаңданып, Куйалыны көргөндө, Кутургур турду муну айтып: — Сен билесиң, Куйалы, Менин кылган ишимди. Кутулуп менден калам деп, Сейитек ушул аркалап, Мааналап келген ишиңби? Өзүң келип туш болдуң, Бүтүрөйүн ишиңди, Мен табамын эбиңди, Семетей, Гүлүс, Сейитек, Ишенип келген эриңди, Бел байлаган жериңди! Тунук сулуу Айчүрөк, Олжо кылып аламын, Сени токол күң кылып, Казанчы кылып саламын! Тийишип мында келбесең, Көрөр көз кылып алмакмын, Көп катындын ичинде, Бир көтөрүп салмакмын. Айткан тилди алсаңчы, Кайта артыңа жансаңчы, Абийир сактап калсаңчы! Кутургур мунтип айтканда: — Мен Куйалы, сен Сартбай, Кеп кыласың уйалбай, Тиймек түгүл сийбейим, Айанбагын Кутургур, Колуңан келсе билгениң! Арданып калып ант ургур, Алактаган Кутургур, Качырып найза урганы, Сынайынчы муну, деп, Кыз Куйалы зымырап, Кезегин берип турганы. Солк этпей турат Куйалы, Кутургурдун найзасы, Алтымыш парча сынганы. — Кезегиң алдың Сарыбай, Кезегимди бергиниң, Менин да сайар найзам бар! Арам өлгөн Кутургур, Кезегин берип турганы, Чымырканып Куйалы, Келип найза урганы, Тоготуп койбойт Сарыбай, Салмагынан найзанын, Мүдүрүп сур ат оңолду. Аламан уруш башталды, Кезекти булар таштады, Жолум үйдөй чойун баш, Булгап алды Сарыбай, Куйалыны чапкалы. Чаптырбастан Куйалы, Билегинен кармады, Тарамышы зыркырап, Чокмор түшүп калганы, Чокмор чаппайт Куйалы, Балтасын колго алганы, Чаптырбастан Сарыбай, Балта кагып таштады. Чапкан балта Куйалы, Каккан балта Сарыбай, Уңгулары жарылып, Керекке келер кейпи жок, Эми кайра чабылып, Бир мегежин бир каман, Майданда калды табышып, Жакадан алып тартышып, Олпокторун жыртышып, Соотторун булушуп, Жеңдерин үзүп ыргытып, Эки көзү чакчайып, Кутургурдун ошондо, Сакалы менен муруту, Тиктенип чыкты саксайып, Түкүрүп колго сунганда, Ач билектен аларда, Алы келсе сүйрөтүп, Ат сооруга саларда, Элөөрүп турат кыз балбан, Эки жагын каранып, Найзаңды бергин дегенсип, Колун сунуп бер жакка, Нишарат менен билдирди. Ойрон болгон Сейитек: “Эртең менен эр Гүлүс, Керек болсо сайарга, Сыр найзаны берем деп, Абамдын айткан кеби — деп, Берерге келди эби, — деп, Кутубайдын Карадөө, Ме, алпарып бергин” деп, Кутубайдын Карадөө, Алдына куура өңөрүп, Өңөргөн менен ал турду, Салмактаган жагына, Тең боло албай көгөрүп. Сейитек муну көргөнү, Келе бери мага, деп, Найзаны алып койкойтуп, Кыз Куйалы балбанга, Алып барып бергени, Найза колго тийгенде, Кыз балбандын жүрөгү, Коргошундай козголбой, Алаптабай токтоду, Алда кандай болор, деп, Аз убайым бар эле, Ойдон чыгып жоголду. Найзанын учун караса, Токсон тогуз кубулат, Зыңгыраган үч жыгач, Кулакка сүйкүм угулат, Аркасынан сүр чыгат. Кол кубанып мемиреп, Баштагыдан дагы өйдө, Болуп калды эр Чүрөк. Желжетпести Куйалы, Камчы менен бир салды, Ач билектен алам жеп, Колун сунган Сарыбай, Шалдайып туруп ал калды, Кыз Куйалы акырып, Манастап ураан чакырып, Үнүн угуп Сарыбай, Эң эле жаман шашылып, Камчыга атын бөлөдү, Куу найзаны өңөрүп, Алдынан тосо жөнөдү, Өжөрлөнүп Сарыбай, Колунан кетип өнөгү. Камбыл экен Куйалы, Кутургурга сайдырбай, Капталга койуп өттү эле, Сарыбайдын Тоосур ат, Чөгөлөй түшүп оңолду, Кайра имерип Куйалы, Бул капталга бир койду. Күчтүү урган найзага, Чыдай албай Тоосур ат, Эки колу мүдүрүп, Чөгөлөдү жүгүнүп, Куйалынын жел жетпес, Албан түрдүү жүгүнүп, Сарыбайдын аскери, Эринен калды түңүлүп. Капташа түшкөн мезгилде, Көк желкеге бир койду, Тоосур менен Кутургур, Катар экөө тоңкойду. Кайра имерип Куйалы, Аңтара түртүп жиберип, Как бооруна найзаны, Катуу кыйын муштады. Бооруна найза мадалды, Түпөгүнөн такалды, Калдайтып алды көтөрүп, Желжетпес баса албады, Ошол кезде Куйалы, Жан жагына карады, Үзүлүп кетип колкосу, Сарыбайдын Тоосур ат, Өлүп калган убагы. Сыр найзанын конч жагын, Ээрине койуп сур аттын, Карап турса аш кайнап, Эсине келип Кутургур, Көзүн ачып кааган. Денеси таштан Сарыбай, Бооруна найза кадалган, Сарыбай сөзү эң жаман: — Кыз Куйалы сенисиңби, Көзүң кыйбай сен мени, Көтөрүп турган кезиңби? Корккондугуң билинди, Кошомат кылып кош колдоп, Көтөрүп турган кебиңби? Арам, канчык шашпагын! Деп айтканда Сарыбай, Куйалы айтты сөзүн жай: — Мадыкөлдүн Сарыбай, Кандай жерде турасың? Эрдиктин жолу ар кандай, Батыш менен түштүктү, Жойлойт белең Сарыбай, Утур келген адамды, Кордойт белең Сарыбай? Как ушундай болом деп, Ойлойт белең Сарыбай? Кыйа карап койгонду, Койбойт белең Сарыбай? Кардымды канчык жарат деп, Ойлойт белең Сарыбай? Сен дөбөтсүң, мен канчык, Дөбөттүгүң бей керек, Канчыкка колуң талатып, Алмак элең жана эле, Токол кылып мени сен, Байбиче көзүн каратып, Элиңди бузуп-чачпасам, Ар кайсы жакка таратып, Талпагың ташка керейин, Азабың колго берейин, Эл кечсе да Сарыбай, Мен кечпейим күнөйүң! Деп Куйалы кыз балбан, Капканын кара ташына, Бастырып барды көтөрүп, Күүлөп-күүлөп булгады, Кырчактан нары урганы, Тоонун көбү кулады, Ичегиси чубалды. Сан-сан болуп бөлүндү, Каны-жини төгүлдү, Акимсинген Кутургур, Ада көрдү өлүмдү. Колбутуп колун келтирди, Бүлдүргө олжо албастан, Өз жайына кетирди. Муну мындай таштайлы, Кыз Куйалы балбанды, Эр Сейитек баатырдын, Алганынан баштайлы.