← Сейтек

Сейтектин кыз Куйалыны алышы

Беш күн өрүн алганда, Он эки балбан жанында, Мен кетем деп кыз балбан, Кам-кечесин кылганда, Айчүрөк айтат ушунда: — “Пайгамбар кошкон дос болот, Кудай кошкон куда” деп, Калк ичинде макал кеп, Сен экөөбүз дос элек, Пайгамбар кошкон шекилдүү, Эби, келсе Куйалы, Эне-бала бололу, Семетей деп айтканга, Өзүмдүн эбим келбеди, Элүү ашкан Семетей, Сен бир түлөк балапан, Гүлчоро деп айтарга, Дагы эбим келбеди, Эри менен баласын, Менден айап турат деп, Көөнүнө алар бекен деп, Чынымды айтам жашырбай, Достугумдан ырас кеп, Ак куу кебим жолумда, Асмандап учуп жүрсөм да, Ургаачы болуп калыпмын, Эрге тийбей амал жок, Качып тийдим башында, Он сегизге келипсиң, Эрди күсөр кезегиң, Эми калган кептерди, Терең ойлоп өзүң бил, Акылга жетик Куйалы, Он сегиз миң ааламда, Ошо жерде олтуруп, Бир айланып чыкканы: Анттуу досум Айчүрөк Айтып өттүң далай кеп, Сен бардың, келдим бул жерге, Келбедим эле Таласка, Эрге тийип калам деп. Дүйнөнүн бети толгон жан, Жуп болгон өткөн жандар жок, Башы адам, айбандан, Курт-кумурска жандардан, Семетей Гүлүс чал дедиң, Тайындуу досум ал кебиң, Качып тийдим мен дедиң, Туруп калгын сен дедиң, Мындай айтыш кай кебиң? Анда Чүрөк муну айтат, Агартып тишин кылайтат: — Ургаачы көркү эр менен, Эрдин көркү эл менен, Байдын көркү мал менен, Эр атагы даң менен, Тегин айткан кеп эмес, Өзүңө салган бир кеңеш, Жер бети толгон адамдын, Ар канча чыкса атагы, Кайнатама тең эмес, Анттуу досуң Айчүрөк, Тегин качкан деги эмес, Сага жакса кеңешим, Үчтүн бирин жактырып, Тийип калган жан досум. Туруп кетип ойлонуп, Кыз Куйалы толгонуп: — Кайда болсо ургаачы, Эрге тийиш парз экен, Ата даңкы өтө зор, Өзү жаштын шери экен, Жыйырма экиде курамы, Жаш тарапта курбалдаш, Сейтек мага ылайык, Ушул жер мага бап экен. Көп айттың досум тургун деп, Айтканың кабыл кылайын, Талаада жүрүп эр тапсам, Атама кандай барамын? Тийип калсам Сейтекке, Алганы бар уулуңдун, Ал-жайы кандай, билбейим. Күнүн тийип үстүнө, Күндө капа жүрбөйүн. Анда Чүрөк муну айтат: — Эрдин көөнүн таап алыш, Ургаачынын өзүнөн, Күнүң менен эп болуш, Адамгерлик өзүңдөн. Орус хан кызы эжекең, Он эки кыздын кенжеси, Акхандын эркеси, Атаңа, балам мен барам, Кабарды ага мен салам, Узатамын, кетесин, Үч күн өтүп беш күндө, Сейитек менен Гүлүстөн, Кайнатаң менен төртөөбүз, Аркаңан куба жетебиз. Куйалы кетти аттанып, Убада сөзүн токтотуп, Туруп калды калгандар, Аны менен коштошуп. Беш күн өттү арадан, Каныкейге Айчүрөк, Билдирди айтып ал-абал. Бакай менен Каныкей, Кеңешти жакшы кылышып, Семетей, Гүлүс, Сейитек, Айчүрөктү жыйышып, Каныкей кебин баштады: — Кайыпдаң кызы Куйалы, Кутургур сайып жоо алды, Бойго жеткен кыз экен, Атасынын алдына, Бизден киши баралы, А дүйнө кеткен Манастын, Арбагын укса танабы? Куйалыны Сейтекке, Колукту кылып алалы. Семетей менен Чүрөк бар, Сейитек менен Гүлүс бар, Эрикпей төртөөң барыңар, Куйалыны көчүрүп, Алып келе калыңар. Каныкей кеби ырас, деп, Баруучу жер ырак, деп, Куржунга салып зар алып, Бакайдан булар бата алып, Жолду каттап жат алып, Таластан чыкты аттанып, Батыш жакка ыңгайлап, Түштүктү карай бет алып. Казылган кара топурак, Мунарыктап боз болуп, Обону карай созулат. Сейтек минген Койкүрөң, Семетейдин Тайбуурул, Эр Гүлүстүн Суркойон, Эбегейсиз талаада, Терлери агып жошулап. Чык этерге суусу жок, Керт этерге чөбү жок, Эр Семетей болголу, Мындай чөлдү көргөн жок, Же алдында минген тулпарлар, Суудан чаңкап өлгөн жок. Так он беш күн басыптыр, Чөлдүн чыгып четине, Ат өргүтүп жатыптыр, Келин алып келем, деп, Келе жаткан баатырды, Дагы балаа басыптыр! Батыш жакты жердеген, Тыргоот деген эл экен, Тыргооттордун ичинен, Жаңыдан чыккан элөөрүп, Саламат деген бар экен, Баатырдын аты саламат, Жетимиш миң кол айдап, Сексен дөөнү кошко айдап, Кыз Куйалы балбанды, Чаап алам деп келатат. Талаада жаткан жеринде, Бала жолборс Сейитекке, Саламат калды учурап, Караанын көрүп булардын, Бир кишини аткарат: — Эрбеңдеген ким экен? Ээн талаада адашып, Сербеңдеген ким экен, Кайдан келген жан экен? Не жумушу бар экен? Жиберген киши барыптыр, Тайбуурул, Сурат, Койкүрөң, Көрүп айран калыптыр, Семетей, Гүлүс, Сейтектин, Сүрүнө айран калыптыр, Айдай жеңең Чүрөктүн, Түрүнө айран калыптыр, Кызылы кызыл, агы ак, Жүзүнө айран калыптыр. Келген киши кеп айтты: — Үчөөң аттуу, бириң жөө, Эрме чөл мен талаада, Ким болосуң? – деп айтты. Баш кишим аты Саламат, Ким экен билип келгин, деп, Мени мында жумшады. Нур балкыган жүзүңөр, Өрттөй күйөт көзүңөр, Аскар тоодой өзүңөр, Тегиз жолборс көркүңөр, Аттарың айбан түркү экен, Кийген кийим, жоо жарак, Табылбай турган мүлкү экен, Жашырбай баарын айтсаңар, Жаш Саламат укса экен. Сейтек анда кеп айтты: — Кеп сүйлөдүң кобурап, Көп сүйлөдүң божурап, Саламат деген ким эле? Биз укпас чоочун эр чыгат, Мына бу турган үч киши, Бир кишинин баласы, Бастырып чыктык Таластан, Кыз Куйалы балбанды, Келин кылып алгалы. Элибиз кыргыз көп алаш, Жерибиз Кеңкол, кең Талас, Атабыз айкөл шер Манас, Мына бул киши Айчүрөк, Бизден уксаң ушул кеп, Баатырың сенин Саламат, Кайда барат дүбүрөп? — Саламат чыкты аттанып, Кайыпдаң кызы Куйалы, Балбан чыкты даңдалып, Шаарын барып чабам, дейт, Өзүн олжо алам, дейт, Менден уксаң ошол кеп, Келипсиңер бу жерге, Убара болуп ыраактан, Кыз Куйалы алсак деп. Бир айттыңар, эки айтпай, Саламатка угузбай, Кетип калсаң канетет? Сейитектин кеби эми: — Сен жолоочу бир киши, Баатырыңа кайтып бар, Уккан – көргөн кебиңди, Төкөй чачпай айтып бар. Куйалы алам дебесин, Кыз балбанды алгалы, Мен Таластан келемин, Өлбөй тирүү бар туруп, Кызды кантип беремин? Кыз алгалы келбесем, Убара болуп не келдим? Ак калпак кыргыз элим бар, Атымды уксаң Сейитек, Ааламды бузар демим бар. Семетей атам аман бар, Гүлчородой абам бар, Ээрчиген Чүрөк энем бар, Куйалы менен кебим бар, Эминеден кемим бар? Келген киши кеп угуп, Төртөөнүн атын тең угуп, Токтоно албай удургуп, Өз элин карай бурулуп, Жүрүп кетти чуу койуп. Төкпөй-чачпай укканын, Айттып турду ал барып, Саламатка угузуп: — Эби келсе Саламат, Азыркы күнү башың жаш, Сулуу кыз элден табылат. Угуп жүрдүк укмуштап, Бул Манастын тукуму, Жан калбайт буга катышсак. Кара кытай, манжудан, Шибе, солон, анжудан, Жер бетине чуу салган, Жергиликтүү моңгулдан, Кыргыздан чыккан бузуктан, Кызыгышкан душмандан, Ооган менен коросон, Кутулбаган ошондон, Катылышпай кетели, Тилимди алсаң сен болсоң. Аттарын абдан карадым, Акылым азып таң калдым, Эрлерин байкап сынадым, Башкача көрдүм түрпөтүн, Бул үчөөнүн турганын. Баш көтөртпөй Кутургур, Баарын соргон батыштын, Болсо баатыр ойлойлу, Ошонун Таласка барып келе албай, Жер кучактап жатышын. Оолугуп болбой Саламат: — Кыз Куйалы дегенди, Жылма чаап албасам, Жыпжылма, түптүз кылбасам, Саламат атым курусун! Кош тизгин тартып ат минип, Кантип көрөм эл жүзүн? Жолоочу жүрсө жүргөндүр, Куйалыга баралы, Бастыргыла бүпбүтүн! Бастыргын деп бакырып, Байрагын булгап чакырып, Көпчүлүк жөнөй бергенде, Топону көккө сапырып, Чыдамы кетип ошондо, Сейтек тийди качырып. Манастап ураан чыкканда, Сейтек үнүн укканда, Токто, деп колун, токтотуп, Кочурап кара топ болуп, Топтон чыкты Саламат. Жыйырма экиде жаш экен, Ошончо элге баш экен, Көрөргө көрүм сулуу экен, Өтө көркөм уул экен. — Манастап ураан чакырган, Жолсуз элге катылган, Жолуң болгур сен кимсин, Деп сурады Сейтектен, Шер Сейтек анда кеп айтты: — Кылымга атам тайындуу, Кытайдан бери таанылды, Жолсузбу менин айтканым, Чаап алам деп жөнөсөң, Ала турган зайбымды? Токтогун деп айтканым, Сенче менин айбымбы? Элиңди бөлүп Куйалы, Короодон малың алдыбы? Кордук салып элиңе, Кол салып сага бардыбы? Саламат айтат кызык кеп: — Ал Куйалы кыз балбан, Түбүнөн бери бузук, — деп. Түбүнөн бузук болбосо, Кыдырып сага барабы, Сен алгының, тийем деп? Кыз Куйалы дегендин, Шаарын чаап аламын, Көөнүмө толсо сымбаты, Өзүн катын кыламын, Көңүлүмө толбосо, Олжо кылып бир түнү, Өз жериме жанамын, Кыргыздын кызы сулуу дейт, Эл кыдырып табамын! Кайдан тапсам сулууну, Жакшылыкча албаймын, Жаңжал салбай калбаймын! Жеңдирип койуп кыз алсам, Башымды салып киргенден, Намыс деп көөнүмө албаймын. Үч кызды угуп жүрөмүн, Бирөөнү тандап аламын. Балбан чыккан Куйалы, Сулуу деди бу дагы, Жана бири Ооганда, Бири кыргыз – Таласта, Албай калбайм түбүндө, Көөнүмө кими жараса, Тарт атыңды Сейитек, Жолума болбой каргаша! — Мен атымдын башын тартуучу, Сенсиңби менден артуучу? Талатып сага койомбу, Ала турган зайбымды? Деп Сейитек күпүлдөп, Сейитектен бешбетер, Саламат турду дүпүлдөп. Беттешип кирди сайышып, Эр масы жаштар күркүрөп, Күүлөгөн найза куусунан, Жер айрылып дүркүрөп, Кездемдин боосун чубалтып, Кез керип найза чунайтып, Камчы менен ачынтып, Тулпарларын чуратып, Урган таштай зыркырап, Учкан куштай дыркырап, Чыдаштык бербей нечен таш, Сынып жатат быркырап, Сыныктары асманга, Учуп жатат чыркырап. Сайдырбай найза кагышып, Балтанын сыртын жарышып, Олпокторун булушуп, Одураңдап урушуп, Жаактарын жарышып, Жакадан канды агызып, Жан айабай жарым күн, Өтө мыкты чабышып, Айрылышты бул экөө, Күн кеч кирип түн болуп, Жай-жайына жанышып. Таң агарып сүргөндө, Жерге жарык тийгенде, Өчүгүшкөн ал экөө, Атка минди камына, Ок өтпөс олпок тондорун, Торгой көз темир соотторун, Кабат-кабат жамына, Саламаттын көп черүү, Атка минди жабыла. Шер Сейитек, Саламат, Темирден найза ыргашып, Бар кайратын чыңдашып, Оозунан көбүк чачылып, Каарды катуу Саламат, Катуу тийди качырып. Шер Сейитек ошондо, Кетпестен ага шашылып: — Күжүлдөгөн Саламат, Кезегиң бердим, алгын –деп, Колуңан келсе сен мени, Аңтара сайып салгын, — деп, Кебелбей да кенебей, Артык тууган Сейитек, Күжүлдөгөн баланы, Бучкагына теңебей, Зымырап карап турганда, Зыңгыраган найзаны, Саламат келип урганда, Шер Сейитек ошондо, Ээрден көчүк бултайып, Бир жагына кыйшайып, Ат мүдүрүп оңолуп, Тунарган көзү ачылып, Саламатка Сейитек, Кезегимди бергин, деп, Эми тийди качырып. Алдында минген Койкүрөң, Кош кулагын жапырып, Сейитектин ошондо, Көзүнөн жалын от чыгып, Найзасынын учунан, Жолум үйдөй чок чыгып, Кыйрынан келип кыраан шер, Кый сүбөдөн бир сайды, Мен-менсинген Саламат, Ээрден көчүк кыйшайды. Кырданып аты барады, Саламат кыйын өтө маш, Ат кырданган жагына, Найзасын жерге тайады. Ат жыгылбай өзү сак, Аман-эсен турганы, Кайда калды кезегиң, Адам билгис эсебиң, Жана айланып киришти, Жан айабай тийишти. Айла кылып алууга, Арамдык ичке бүгүштү, Эртеден кечке бир тынбай, Эрегишип урушту, Бирин бири оодарып, Бүткөнү жок жумушу. Күн кеч кирип түн келип, Жай-жайына түшүштү. Ашыкбай бир аз тургула, Айтайын жана бир ишти, Жан кишиге туйгузбай, Куйалыга Айчүрөк, Айтып койду бул ишти. Муну угуп Куйалы, Мына мындай кеп айтат: — Келгени бекер Саламат, Айкөлдүн сүйдүм урпагын, Саламатка ким карайт? Шашылып кетип Сейитек, Ага жаңжал не салат? Качан да болсо Саламат, Тандап сулуу кыз алат. Койсун тоспой жолун бош, Мына бул жерге келгенде, Сейитекке мен жолдош. Жетип барсам ал жерге, Ойуна алат ар экөө, Эр издеген экен, деп. Бирине бири кезенип, Ээрдин кесе тиштенет. Мен барбайым –деди эле, Ырас чынын айтканда, Кыз Куйалы акылман: “Маа болушуп келбеди, Келген экен Куйалы, Саламатты көргөлү, Деп Сейитек калар” деп, Ошол үчүн келбеди, Куйалынын бул сырын, Айчүрөк ачык билгени. Кайра келип Айчүрөк, Туйгузбай жатып калды эми. Ушул түнү Саламат, Куйалынын шаарына, Жүрүп кетти кол баштап, Тепке деген бар экен, Астына түштү жол баштап. Эрте менен Сейитек, Артынан түштү кубалап, Асманда сызып Айчүрөк, Жер менен үчөө баратат. Сегиз күндүк жер эле, Кайыпдаңдын шаарына, Кайкап аскер келди эле, Карарган кошуун жер жайнап, Жерге келип түштү эле. Кайыпдаң кызы Куйалы, Жан кишиге билгизбей, Мени издеген Сейитек, Качан келер экен деп, Ичинде сызып турду эле, Калың колду көргөндө, Ичине кайгы толду эле: “Сейитекти жеңдиби? Желмогуз эми келдиби? Хан Семетей, эр Гүлүс, Кайрылбай мага кеттиби? Же балакет Саламат, Баарынын башын кестиби? Андай жаман күн болсо, Айчүрөк келет эле, — деп, Ойуна алат бир жактан, Качып келген белем” деп. Аңгычакты болбоду, Кол артынан чаң чыкты, Карап турса Куйалы, Зор Семетей хан чыкты, Шер Сейитек, эр Гүлүс, Үчөө катар тең чыкты. Аларды көрүп Куйалы: Сүйгөнүмдү билсин, деп, Саламат чындап күйсүн, деп, Алдынан адам чаптырды, Шаарга келип кирсин деп. Жиберген киши барганы, Куйалыга Сейитек, Көөнү агарып канганы. Көрүп туруп ошону, Саламат өтө арданды, Кайра жаачу булуттай, Бузулуп өңү каарданды, Жакшынакай баланын, Бетинен жүнү түктүйүп, Кыркса байпак болгундай, Көрүнүп көзгө үксүйүп, Кыйкырып тосту алдынан, Кара жанга күч келип. Ойуна алды Сейитек: “Кудалашып сөз жайлап, Кулдук уруп баш байлап, Үзүлгүс боосу барчылап, Чапканын кара мен жакка, Сурбууданын камчылап!” Шаарга кетти калганы, Жолун тосуп келгин, деп, Сейитек карап турганы. Бурулбай келип Саламат, Боорго найза муштады. Торгой көз темир бадана, Үчөөнү катар жарыптыр, Аптыгып келип саламат, Жандана муштап салыптыр. Карчыганын балык эт, Көнөктөй эти бөлүнүп, Көнөктүн оозун ачкандай, Кан агып жерге төгүлүп, Байкап калып эр Гүлүс, Кайра чапты бөлүнүп. Бурулуп Гүлүс кеткени, Жебеден мурда жеткени: — Мыкты болсоң Саламат, Мен Гүлчоро, кел! – деди. Көрүп турган Куйалы, Көз ачкынча жетиптир, Айтышып койгон жарым деп, Сейитекти жетелеп, Шаарына алып кетиптир, Жаны ачып Саламат, Кыймылдаткан чымын жан, Кылга байлап таштады, Кыйын уруш баштады. Көптү көрсө шашпаган, Көп экен деп качпаган, Көөнүндө ишин баштаган, Көпкөлөң мындай чанданды, Алып көнгөн баштатан, Арстан Гүлүс беттешти. Саламаттын ойунда, Айтылуу баатыр Гүлүстү, Аңтара сайам деп келди. Артык тууган эр Гүлүс, Кебелбей да кенебей, Мени кантер экен, деп, Ойуна албай кенедей, Түрпөтүн байкап карады, Сайышып турган душманы, Көөнүнө толук жарады, Көрүп турган сайышта, Көп болчу мунун чаласы. Баатыр болчу бала экен, Эр сайышка чала экен, Эрлик жолун көрсүн, деп, Чалалыгын билсин, деп, Ордун сала берди эле. Күп дедире жер муштап, Көмөлөтө сайдым, деп, Көзүн бардап караса, Найзасы жерге мадалган, Тээгине чейин кадалган. Ачуусу келип арбайып, Ант ичкендей саргайып, Кара бойун безеди, Качырып жана жеткени. Алдынкы эрдин кашы деп, Табарсыктын башы деп, Күүлөп найза муштады. Адис болгон эр Гүлүс, Ат капталган салаңдап, Таш өбөктөй калды эле, Ээрдин кашын сыйпалап, Найзасы өтүп кетти эле. Жети сапар жазгырып, Кар жерди сайдырды, Куруп калган Саламат, Өтө жаман ар кылды. Ошо кезде эр Гүлүс, Улай-улай үчтү чаап, Уламкысын күчтүү чаап, Көөдөнгө найза такылдап, Туулгага балта чакылдап, Ана-мына дегинче, Айта-буйта кылгынча, Азамат Гүлүс жолборсуң, Алтымыш койуп өттү эле, Акимсинген Саламат, Амалы мунун кетти эле. Кызыталак Саламат, Чымырканды, чыйралды, Кайрат кылып чыңдалды, Жазганбай баатыр Гүлүстүн, Кемерине кол салды. Этектен түрө кармады, Үзөнгү боого салганы, Сурбууданга камчы уруп, Сүйрөтүп кетем, деп уруп, Жүрөгүнө курч байлап, Жүдөтөм деп дем уруп, Этектен түрө кармады, Үзөнгү боого салганы, Гүлүстөн карап турбады. Түп этектен алганы, Суркойонду камчылап, Бу да жөнөп калганы. Бирин бири сүйрөтүп, Көкбөрү тартып кетерге, Кыпындай жанды жоготуп, Алмадай башты кесерге, Аманат жанды таштады, Ат үстүндө бул экөө, Эми алыша баштады, Кылыч, найза, балтачан, Бекерге калды баштакы. Кара бойу дал болуп, Кармалбай колдор шал болуп, Оодарышып жүргөн жер, Таштын баары кум болуп, Кесек топо калган жок, Тозуп кетти ун болуп. Жердин бети жыртылып, Чөптүн баары кырчылып, Саздаңдардан чылпылдап, Жер бетине суу чыгып, Ат тери менен эр тери, Туман болуп буу чыгып, Аркан бойу жар келсе, Аттай чуркап тулпарлар, Катары менен аң келсе, Каттай чуркап тулпарлар, Өзү төрт сан тегерек, Чарчабаган тулпарлар, Ар кандай айтсаң эп келер, Талыкпаган эрендер, Эрикпеген эл үчүн, Эбегейсиз берендер. Күнү-түнгө уланып, Күркүрөгөн үн чыгып, Кулак тунуп мээ кайип, Маңдай-тескей турушту, Ошол кезде Саламат, Акактап солуп дем алып, Ошол кезде Саламат, Гүлүскө турду кеп салып: — Шер Сейитек тың экен, Шердиги анын чын экен, Семетейден артыла, Туулуп калган уул экен, Ак калпак кыргыз алашка, Азыркы күнгө муун экен. Угуп жүрдүм баарыңды, Билип болдум чагыңды, Өзүң Гүлүс мен уксам, Жоготупсуң баарыны, Бейажал өлбөс жан экен, Батадан бүткөн бала экен, Зор Семетей ал экен, Кайып болуп он төрт жыл, Кайта келген чагы экен. Бакай деген карыңар, Маңдайга бүткөн бак экен, Тиги турган Айчүрөк, Күндөй нуру бар экен. Көргөнүм жок, угушум, Чоң энеңер Каныкей, Манасты билген жан экен. Кыйалы менен эрди алып, Кызматы менен элди алып, Кылымдын баары чогулуп, Кылганына таң калып, Көкөтөйдүн ашында, Көп жыйындын кашында, Чоң Кошойдон бата алып, Таанылыптыр дүйнөгө, Каныкей деп аталып. Түптүү кыргыз элисин, Түбүн байка кебимин. Шаар бузуп, эл талап, Олжо алгалы келбедим, Сулуу тандап кыз ылгап, Кыдыргалы жер бетин, Ошол үчүн келгемин. Кыз Куйалы балбан деп, Кабарын угуп жүргөмүн, Тийгенин эрге билбедим. Көрөйүн деп келгемин, Толуп калса көңүлгө, Алайын деп келгемин, Кежирлик кылса тийбейм деп, Талагалы келгемин. Кыргыз менен Оогандан, Сулуунун угам кабарын, Бирок ким экенин билбейим, Карчалышып эл менен, Кан төгүшүп жүрбөйүн, Эрегишип туу тиктеп, Тез агызып жүрбөйүн. Атадан жетим жаш калдым, Акыл-эстен бош калдым, Эрешен тартып эр жеттим, Эр уулу менен теңдештим, Аксакал киши экенсиң, Ушул менин бар кебим, Эрликтен тайдым кетейин, Сырын угуп баланын, Сыртан Гүлүс жымыйып, Кыл муруту былк этип, Мыйыгында күлгөнсүп: — Андай болсо Саламат, Айткан кебиң чын болсо, Сулууну Гүлүс таба алат. Сенин да түбүң түрүксүң, Сулуу тандап жүрүпсүң, Сейитек тойун кылалы, Биргелешип туралы, Кыргыздын көрүп кыздарын, Жарабаса сулуу кыз, Ооганды карай жылалы. Эр Гүлүстөн Саламат, Бу дүйнө тургай о дүйнө, Бузулушпай жүрүүгө, Ок тиштешип антташып, Кол тартышып достошуп, Жанаша бирге бастырып, Топону көккө сапырып, Карап турган Куйалы, Дарбазасын ачтырып, Алып келип түшүрүп, Мейманды калды күтүшүп. Кыз Куйалы эбептеп, Дары чаап себептеп, Эки күнү бир түндө, Сейитектин жараатын, Айыктырган кези экен. Касиеттүү Кайыпдаң, Кабар угуп буйактан. “Айкөлдүн уулу Семетей, Аны мында келтирбей, Өзүм барып көрөм” деп, Ордодон чыгып келаткан. Гүлүстөн келип Семеңе: — Учурашып келдиңби, Кайыпдаңга абаке? — Жалгыз барып нетем деп, Сени келсе белем деп, Бара элекмин, — деди эле. — Айкөл атам Манаска, Акылдаш болгон киши экен, Бир дасторкон бетинде, Бир табакка кол салып, Таам татышкан киши экен, Жүрү абаке турбагын, Өзүбүз барып көрүшүп, Бир көтөрүп салалык, Кайыпдаңдын оорагын. Абаң Семей, шер Гүлүс, Сейитек менен Саламат, Айчүрөк – бешөө баратат, Алдыртан утур караса, Кайыпдаң өзү келатат. Семетейди көргөндө: — Оо, тулпардан калган туйагым, Чоңкойгон жетим чунагым, Токсон уруу өзүбек, Толкуган кыргыз журтуна, Күйүп турган чырагым! Беренден калган белегим, Ак калпак кыргыз алашка, Ар качан тийген керегиң, Жакшы атадан жаман тууп, Атага наалат келтирген, Канчоро итке не дейин? Гүлүс жакка бет буруп, Оо, султандан калган белегим, Ак калпак кыргыз эл үчүн, Абалап өскөн терегим, Кеткен иш болсо кек кылбай, Келерин терең ойлогон, Түпсүз деңиз тереңим, Кечириң кесип кемитип, Жасоолдор сабап демитип, Жабырды жаман тартканда, Кыргыздан кечем дебепсиң. Бенде тургай периде, Көйкапта бар бул кебиң, Көөн улап Кайыпдаң, Жалган айтты дебегин. Бүт перинин баашасы, Талас менен көрүшүп, Сени балам көрбөдүм, Бар ишиңди, кулунум, Угуп билип жүргөмүн. Периден бенде мыкты деп, Ошондо айтып келгемин. Акундун кызы Айчүрөк, Жалгыз уул Сейитек, Бала баатыр Саламат, Бешөөң бирге келгениң, Карыганда чоң багым, Жалгыз кызым Куйалы, Кантип сенден айайын. Айкөлдүн көзү өткөлү, Алакан ачып, кол жайып, Бата кылып барбадым, Апу кыл уулум Семетей, Ал айбымды сурадым. Тургузуп койду дебегин, Теңтушумду сурайын: Арстан Манас барында, Кызматын кылып алдында, Түндөсү бирге жанында, Пери эмес бендеден, Туулуп калган башкача, Каныкей аман турабы? Айагын арызга жөлөгөн, Башын сары алтынга бөлөгөн. Аселде оозун чайкаган, Ак сакалын жайкаган, Боз жорго минип чайкалган. Айбатынан апкаарып, Дүрдүгүп турган көп адам, Бакай аман турабы, Каныкей менен Бакайдын, Абдан дайнын сурады, Тыргоотон келеген Саламат, Жаш экенсиң, кулунум, Акылыңа ырхамат, Ак калпак кыргыз журтуна, Айыгышсаң кол салып, Айкөл Манас арбагы, Дегеле тирүү куткарбайт, Жарашыпсың Гүлүскө, Сага сулуу табылат. Айчүрөктүн Жезбилек, Эби келсе Семетей, Күйө кылып ала алат. Сейитек менен бир турсаң, Сага кимдер кол салат? Касташканың бар болсо, Өзү келет бааналап, Шер Сейитек, Саламат, Куйалы үчөөң бир турсаң, Силерге кимдер да тутат? Ойносоң кумар утасың, Касташсаң башын жутасың, Токсон уруу өзүбек, Толкуган кыргыз түрк ууру, Тобун бузбай тутасың.. Карынын кеби акыл, деп, Жезбилекти Семетей, Саламатка ал жерде, Бермек болду макул деп. Айчүрөктүн Жезбилек, Өзү тууган кызы эмес, Ажыбайдын Керменбай, Эрмек кылсам кантет, деп, Багып алган Айчүрөк. Түп негизи Жезбилек, Тегин жердин кызы эмес, Өз атасы Керменбай, Баккан эне Айчүрөк, Арзандык мене ал кызга, Кантип адам теңдешет? Айчүрөктүн Жезбелек, Ар тарабы кем эмес, Аны элдер жүргөн белгилеп. Келин-кыз, жубан топ болуп, Бозулан жигит козголуп, Ойунга кирди жарашып, Шер Сейитек Куйалы, Күкүк менен зейнектей, Өтө көркөм жарашык, Ырчылар ырын ырдашып. Кыз-келин жолук булгашып, Жар көрүшүп айкашып, Карылар башка үйлөрдө, Учаларды көтөрүп, Сакалдарын чайкашып, Байбиче куйрук кармашып, Жеңе болгон катындар, Жеңкетайын талашып, Кыз Куйалы тойу деп, Түштүктүн эли жардашып, Кыргыздын тойу кызык деп, Ирандын журту карашып, Өтө сонун экен, деп, Той көргөндөр жаратып, Отуз күнү той болуп, Элдер кетти тарашып, Муну мындай таштайлы, Гүлчоронун Аминди, Алганынан баштайлы, Гүлчоронун Амин кызды алышы, Эл кетип эки күн өтүп, Кайыптаң кызын узатып, Таласка кайытып Семетей, Саламатты кошо алып, Кайыптаң айткан кеби деп, Саламатка ылайык, Жезбилектин эби деп, Таласка келип жайланып, Жезбилекти көрсөтпөй, Кыргыздын кызын тандатып, Кыргыздан чыкпай сулуу кыз, Ооганга бармак аттанып. Бир катынга Саламат, Беш жүз алтын бергени: — Семетей кызы Жезбилек, Келген кыздын кимиси, Дайнын айтып бер, — деди. Алтын алган келинчек, Мына мындай айтат кеп: — Оңой эле ар кимге, Көрүнүүчү кыз эмес, Тилиң өтүп, кеп өтүп, Ишенчиң болсо абама. Кызды көргүн Жезбилек, Убада сөзүң болбосо, Убара болбо көрөм деп, Көрсөң эстен танасың, Амалың кетип ал келбей, Сары оору болуп каласың, Убара болбой кетип кал, Башыңа бала табасың. Кызына мындай айтыптыр, Байкап турган Айчүрөк: — Айланайын Жезбилек, Сөйкөмдү алып чыкчы, — деп. Кабарсыз турган Жезбилек, Сөйкө алып чыга калыптыр, Саламат көзүн салыптыр, Көргөн жерде Саламат, Эс-акылдан таныптыр, Сөйкөсүн бербей Чүрөккө, Саламатты көргөндө, Жезбилек чындап талыптыр, Бирине-бири жакты, деп, Өз курбусун тапты, деп, Бар көргөнүн билгенин, Асталай басып Айчүрөк, Семетейге айтыптыр. Ээрчитип келген Семетей, Унутуп калган болучу, Саламтка кыз бербей, Жезбилек жатты дүм түшүп, Улутунуп аш ичпей. Камынып келген Саламат, Алтыны бар канча кап, Жетимиш миң черүүсүн, Ат-тоону менен бүт арнап, Чоң кайнатам болду, деп, Хан Бакайдын үйүнө, Сур бууданды да байлап, Капка салган алтынды, Каныкейге алпарат, — Жетимиш миң киши ал, — деп Жетимиш миң ат ал, — деп, Сур бууданды дагы ал, — деп, Үч каптагы алтынды, Кабы менен бүт ал, — деп, Андан кала бергенде, Айланайын шер Гүлүс, Ини кылып мени ал, — деп, Саламат айтып турду эле, Алтынын алды бузбады. Отуз күнү ойнотуп, Тогуз күнү тойлотуп, Бир күнү кызды кыңшытып, Кырк күнгө толду санаты, Жезбилекти узатты, Бутун сунуп чойкойуп, Эр Сейитек жай жатты, “Айкөлдүн уулу Семетей, Гулнарды ээрчитип, Мында келип кетсин, — деп, Менин барар чагым жок, Атка минер алым жок, Учурашып кетсин” деп, Орус хан бир күн кат жазды. Абаң Семей кеңеши: — Баралбайм мен, — деди, Гүлчоро менен Сейитек, Гулнарды ээрчитип, Үчөөң барып кел, — деди. Орус хан кыргыз карысы, Жаман оору болгон бейм, Табылгыс болуп дарысы, Аты чыккан үч адам, Бастырып жөнөп калышты Урумга барды жол тартып, Кетирбей күндү узартып, Орус хандын ноокасы, Өтө кыйын кези экен, Эси чыгып элеңдеп, Эли турган чебер деп, Айыгып калды ал сапар, Эр Гүлүстөн себептеп. Таласты карай бет алып, Урумдан чыгып аттанды, Жез билек көрө кетем деп, Эми барсам Таласка, Кайдан кайта келем деп, Карындашы Жезбилек, Барып түштү айлына, Жык толтуруп байланган, Куржуну бар жанында. Беш күн өрүн алышып, Таласты карай бачымдап, Келе жатат жарышып. Бетбактынын ойунда, Жатып калды бир жерге, Агын суунун бойунда, Башка келген аңгеме, Байкап уксаң сонун да. Жердин аркы четинде, Куйкапта жүргөн периде, Бир сулуу кыз болуптур, Атын Аамин койуптур, Бойго жетип Аамин кыз, Он сегизге толуптур. Зордук менен алам деп, Нүкүр дөө колун созуптур. Кыз атасы Бануршаа, Тийбейим деп кыз айтса, Бербеске көөнү бурулуп, Элин кошо чабам, деп, Нүкүр дөө келди жулунуп. Тууну тиктеп турушуп, Туу түбүндө урушуп. Бануршаа менен Нүкүр дөө, Кызыл кыргын болушуп, Бирин бири жеңе албай, Үч жылга кетти созулуп. Бануршаа калды жеңилип, Аамин кызды алам, деп, Нүкүр дөө турду желигип. Аамин кыз турду ой ойлоп, Келе жатып суу бойлоп, Чамасы кетип так чарчап, Айласы кеткен кыжыл кыз. Учурап калды жолунан, Бойго кеткен да бир кыз. Амандашып турушту, Аты-жөнүн билишти, Муназа сөзгө келишти, Барлык жайын Аамин кыз, Жашырбай айтып бериши. Учураган кыз айтты: — Энем пери кызынан, Атам адам уулу экен. Өзүмдүн атым көк мончок, Жер бетинде турчу элем. Артыма салып кыз топтоп, Адисе болуп шашкамын. Койкапты карай качкамын, Ошондон бери карата, Жер бетине баспадым, (Баарын айтты Көкмончок, Семетейди он төрт жыл, Жер түбүнө катканын.) Айлаң кетсе, Аамин кыз, Нүкүр дөөнү сүйбөсөң, Ырашкер болбой ал үйдө, Зордук менен сен тийсең, Маана болор жерди айтам, Кулагың салып уккун сен. Жер бетинде бенде бар, Бендеде нечен эрлер бар, Менин айткан кебимди, Унутуп калбай бейлеп ал. Кайыпдаң деген адам бар, Анда амал далай бар, Куйалы деген кызы бар, Бендеден ашкан балбан жан, Талабыңды орундайт, Так ошого сен барсаң. Эркекке барсаң мааналап, Эр издеп келген экен деп, Ургаачы жакын жалага, Жаман атка каларсың, Куйалыны таба алсаң, Нүкүрдөн кегиң аларсың. Кайыпчалдын Көкмончок, Кыз Куйалы балбандын, Сын-сыпаты бүт жайын, Белгилеп айтып бар шаарын, Бануршаанын аамин кыз, Куйалыга жумшады. Аамин кыз учуп алдырап, Түймөлөрү көөхар таш, Күн чагылып жалтылдап, Ак кептер болуп кубулуп, Жөнөдү учуп калкылдап, Куйалына шаарына, Кирип келди шартылдап. Сезип калды Нүкүр дөө, Бу да келет далпылдап. Аамин кайдан айанды? Кайыптаңдын алдында, Саламга келип турганы, Өз жумушун блидрип, Куйалыны сурады. Кайыпдаң анда кеп айтты, Кеп айтканда нени айтты? Баштан айак кыдыртып, Баатыр Манас шерди айтты, Карыйа Бакай, Каныкей- Ал экөөнү деги айтты, Абаң Семей төрөнү, Арстан Гүлүс эрди айтты, Жалгыз кызы Куйалы, Аташканы Сейитек, Анын жайын дагы айтты: — Баатыр Гүлүс, Сейитек, Гүлнар - үчөө аттанып, Ушул жерден кетти эле, Таласка азыр жете элек, (Белгисин айтып баарысын) Куйалы барып нетесиң? Шер Гүлчоро, Сейитек, Учурашып өтөрсүң. Булар Манас тукуму, Уккун, балам, ушуну – Теңдешип адам жеңбегин, Периден бар Айчүрөк, Бенде пейилин билбеген. Баарысынын үстүндө, Ок өтпөс олпок тону бар, Дуба, сыйкыр өтпөгөн, Алманбет уулу Гүлүстүн, Сонун иши дагы бар, Бүтүрсө сенин жумушуң, Кылычуу киши ушулар. Бануршаанын Аамин кыз, Асмандап учуп жөнөдү, Нүкүр дөө муну көрбөдү, Келе жатып Аамин кыз, Намаз окуп олтурган, Шер Гүлүстү көргөнү. Шер Гүлүстү көргөндө, Таакаты калбай бойунда, Коркунчу жок ойунда: “Багы ачык кандай ургаачы, Тигинин жаткан койнунда? Эт бышым басып боорума, Анан өлсөм колунда, Канчалык болсо жамандык, Алар элем мойнума!” Асмандап учуп келатып, Жашын төгүп бооруна, Жакындап кирип келгенде, Эсинен кетти делдестеп, Эр Гүлүстүн алдына, Келип түштү ак кептер, Канаттары делдектеп. “Жаныбарым кептерди, Кумпай кууган бекен? — деп, Мааналар жерин табалбай, Күч келгенде жанына, Түшө калган экен” деп, Колуна ала салыптыр, Бир силкинип ак кептер, Сулуу кыз боло калыптыр. Алмамбет уулу эр Гүлүс, Карап калды далдайып, Сулуу кыз турат маңдайда, Суусардай болуп залкайып. Көрүп калды Гүлнар кыз, Даараттан кайтып баратып, Уктап жаткан Сейитек, Колунан тартып ойготуп, Копкун, баатыр, копкун, деп, Мен бир кызык көрдүм, деп, Сейтек туруп болгунча, Көргөнүн айтып жиберет. Сейтек угуп бурулуп, Мойнун созуп карады, Абасы турат мелтиреп, Бир кыз турат мөлтүрөп. Таамай кыркта эр Гүлүс, Жыйырма беш деп болжолдойт, Өз ойунда Аамин кыз. Көрүп туруп, Сейитек: “Кыз абама күйүптүр Абам кызды сүйүптүр, Алда кимдин кызы? — деп, Кайдан келди ушу? – деп, Талаада келип жолгошкон, Өзү теги кыз эмес” Басып барды Сейитек, Угамын деп кеп-кеңеш: — Ассаламу алейкум, Абаке кайдан таптың кыз? Тааныганбы, биленби, Мындан мурда ушул кыз? — Алейкисалам, Сейитек, Тааныбаймын, билбеймин, Кебин сурап угуңуз. — Учур болдуң талаада, Кайдан келдиң, жол кайда? Перисиңби, бендеби? Туулуп өскөн жер кайда? Сейтек антип сурады. Бануршаанын Аамин кыз, Баштан айак калтырбай, Баарын айтып билгизип, Көкмончок жолго салганын, Кара жанга маана издеп, Мында келип калганын, Уламалап укканды, Кайыпдаңга барганын, Дайнын айтып буларды, Кайыпдаң жолго салганын, Айтып болуп Аамин кыз, Түрө тиктейт Гүлүстү. Эки көзүн айрыбай, Кебелбей да кенебей, Тиктеп турат абасы, Катырып койгон немедей Сүйүнүп кетти Сейитек, Сонун олжо таптык деп, Жүрөгүндө ченебей. Аңгычакты болбоду, Суйсала басып Гүлнар кыз, Нашталык таамын койгону, Үч киши болуп төрт киши, Дасторкондо бир болду. Күндүн мурду жайылды, Дасторкон жыйып алынды, Бастырарга камынды, Тулпарга токум салынды. Гүлүстүн турат нээтинде, Ат айабай жол жүрүп, Таласка жете кетүүгө. Аттарды токуп дайардап, Камынып болгон мезгилде, Күн чагылып күркүрөп, Шамал чыгып борондоп, Жердин бети дүркүрөп, Бул белгини көргөндө, Мөлтүлдөгөн Аамин кыз Титиреди сүлкүлдөп. Ачынып турат эр Гүлүс, Эмне болуп кеттиң, деп, Колтуктан жөлөп жүгүрүп. — Атагың бар арстансың, Айтылган элге дастаның, Келейткан- дөөнүн белгиси, Ошондон коркуп качкамын. Шер Сейитек ошондо, Ыргып минип Күрөңгө, Ыргыштатып Күрөңдү, Найзасын ыргап турду эле. Келейткан дөөнүн күүсүнөн, Камыштар жерге жалпайып, Өнүп турган чынарлар, Бир жагына кыйшайып, Ат минбеген жөө болуп, Кудай урган Нүкүр дөө, Кирип келди дардайып, Тургандар менен кээри жок, Тартынып калар жери жок, Чеңгелдеп алып кетерге, Ак кептерге кол сунуп, Бешиликтей арбайтып! Жолборс жүрөк жел билек, Бала баатыр Сейитек, — Тарт колуңду, каапыр! — деп, Колундагы найзаны, Колтуктан нары бир койду, Кырданып жерди тайанып, Өөдө болуп оңолду, Дөөнүн пейли бузулду, Бендеңе, кудай, туш кылба, Дидары суук ушуну! Калдаңдаган капыр дөө, Кара бойу бир дөбө, Кан ичип көнгөн баатыр дөө, Өтө мыкты Нүкүр дөө, Үстүндө бар кийгени, Тогуз кабат күрөөкө, Колунда кылыч албарстан, Чапса кесип таш жарган, Өзү бааша Нүкүр дөө, Отуз шаарды башкарган. Беттешип кирди салышып, Шер Сейитек бул экөө, Айкырышып бакырып, Айчылык жерге угулуп, Күркүрөшүп күүлөшүп, Күчтүү найза урушуп, Бир жолу өлсөк мейли, деп, Кезекке чыдап турушуп, Жөө урушуп Нүкүр дөө, Бир күнү кылды туруштук. — Сен Сейитек, мен Нүкүр, Тең шекилдүү экенсиң, Бир күн өргүп жатып тур. Минерге атым жок эмес, Атымды алып келейин. Армансыз өлгүн, Нүкүр деп, Койо берди Сейитек, Нүкүр дөө жөнөп кеткенде, Ак кептер туруп айтат кеп: — Дөө сөзүнүн түбү жок, Балыкта чыккан жүнү жок, Кол алдында башкарган, Отуз канча шаары бар, Баары балбан, баары дөө, Атымды алып келем деп, Алдап кетти Нүкүр дөө, Кайра келсе Нүкүр дөө, Жайнап жаткан чок келет, Асман тиреп жалындап, Куйкалап кетчү от келет, Ат көтөргүс жөө келет, Албан-албан дөө келет, Теңи калып бул жерде, Теңин элге жиберет. Турганың эки кишисиң, Бириндетип бөлбөйбү, Бир сынашып көрбөйбү. Уруксаат бергин, Гүлүстөн, Көкөлөп учуп кетейин, Бануршага жетейин, Атамдын арбын кулу бар, Анда да нечен зору бар, Бир башы миңди ээлеген, Билеги жоон чоңу бар. Жетип кабар салайын, Алып келе калайын, Пери келсе бул жерге, Бөлүнүп жөнөп кете албас, Кеткен менен Таласка, Өз ойунча жет албас. Гүлүстөн макул болуптур, Ак кептер сызып көк менен, Банур шаанын алдында, Башын уруп туруптур. — Аамин балам, кебиң чын, Барып келип жербетин, Байкап билип жүрчүбүз, Манастын Манас экенин, Абдан дайнын билчүбүз. Дөөдөн качып баана издеп, Бендеге барып туш болсоң, Бекер жатып албаймын. Аттанайын мен болсом, Манастын тукумдарынан, Кимисине жолуктуң? Ачык айткын сен болсоң. Атын анык угайын, Аттанып анан чыгайын. Перилерде жок экен, Бекем катып жашырыш, Алманбет уулу Гүлүстүн, Сейитектин бар жайын, Баарын айтты ак кептер, Ашырбай да, жашырбай, Жайын айтты ак кептер. Көйкаптагы Банурша, Абдан толук билчү экен: — Андай болсо сен, балам, Энең менен көрүшүп, Эртелеп кылгын камылгаң, Эртең жолго чыгабыз, Нүкүр дөөгө барабар, Биз да аскер жыйабыз. Муну айтып банурша, Кабар берди калкына- Калың пери жалпыга. Жүз миң пери сап болуп, Тизилип болду аңгыча. Арадан эки күн өтүп, Айдап келди Нүкүр дөө, Жүз миң аскер дүрбөтүп. Аңгыча келди Бануршаа, Бу да жүз миң аскерчен, Эки жүз миң эл келди, Бенде эмес периден, Жердин бетин термелди, Нүкүр дөө менен Бануршаа - Эки улук тең келди, Ачууланып Нүкүр дөө, Аскерин бөлүп экиге, Элүү миңин тур, деди. Элүү миңин Таласка, Ылдам жетип бар, деди. Бөлүнүп аскер жөнөдү, Бануршаа муну көргөнү, Аскерден бири калбады, Бануршаанын жүз миң кол, Элүү миң колго барганы, Буйрук алып Банурдан, Нүкүрдөн буйрук дагы бар, Асманда жүрүп урушуп, Кырылышты мабулар. Кан жетпей жерге катыптыр, Томолонуп кээ-кээде, Баш түшүп жерге жатыптыр, Жер бетин адамзат, Баш түштү деп асмандан, Акылы айран таң калат, Не кыларын биле албай, Акылдан танып сандалат. Кырылышып эки аскер, Кызыл кыргын болушту, Нүкүр дөө менен Банурга, Калгандары барышты, Кабар угуп Нүкүр дөө, Казабына алышы, Каарданып капыр дөө, Кара буурул ат минди, Кыл куйругун шарт түйдү. Тышынан кызыл жамынды, Ач камандай чамынды, Башында чачы бириндеп, Эки жеңи дирилдеп, Үнү күндөй күркүрөп, Көрүп турган кишинин, Сийдиги агып бүркүрөп, Буурул атты чуратып, Артынан чаңын буратып, Жекеге чыгып акырып, Атын айтып Сейтектин, Кел бери деп бакырып, Нүкүрдүн үнүн укканда, Кой күрөң менен сыздырып, Шер Сейитек шашылып: “Менден качты деп айтат, Сейтек коркуп жашынып” Ойлогону ал болуп, Ошол жылы Сейитек, Жыйырма бар болуп, Нүкүр менен Сейитек, Бет келишти майданда, Эки баатыр бөлүнүп, Беттешип чыгып майданга, Алдында көнгөн алышып, Эки күнү салышып, Суранып кеткен Нүкүр дөө, Жөө жүргөнгө ардыгып, Таласка бөлүп жумшаган, Аскеринен айрылып, Ого бетер аркылып, Бар кайратын чогултуп, Эки колго жам кылып, Кетемин деп кезенген, Башын кесип байланып. Качырышып беттешип, Өлөр жагын кездешип, Ээрдин кесе тиштешип, Кездемдерин чуналтып, Кезкерип найза чунайтып, Найза найзга кагылып, Балтага балта чабылып, Найзалар сынып быркырап, Сыныктары асманда, Учуп жүрөт чыркырап, Көзүнөн чыккан оттору, Кышкы үйүрдөй шыркырап, Балтанын сырты жарылып, Нүкүр менен Сейитек, Тең келишип кабылып, Жана чыкты бир чоң дөө, Үстүнө сары жамынып. Бануршаанын бир балбан, Буга келди айкырып, Гүлүстөн чыгып беттешип, Перини кайта жандырып, Эки бенде, эки дөө, Эки күн уруш салышты, Эрикпестен бул төртөө. Алманбеттин эр Гүлүс, Күркүрөгөн чоң дөөнү- Бүтүлүү бойу дөбөнү, Кыйамына келгенде, Көмө койуп өткөнү, Далбырап өөдө болгунча, Башын кесип кеткени. Гүлүстөн башын кескен дөө, Бир энеден эки эле, Агасы өлүп кеткенде, Иниси мында жетти эле, Эки көзү алаңдап, Эки буту салаңдап, Эки жагын каранат, Койго тийчү бөрүдөй, Ээрди- мурдун жаланат, Оозунан түтүн буркурап, Көзүнөн жалын шыркырап, Көөрүктөн чыккан учкундай, Жылт-жулт этип чыркырап, Аттай-буттай жүгүрүп, Алты кат темир тон кийип, Кабагы карыш түйүлүп, Сүзөгөн бука кептенип, Эки көзү үлүйүп, Кайыгы баскан каапыр дөө, Кайкалап мурду чүлүйүп, Жер куйдай оозу ачылат, Тиштери келет шакылдап, Үйдөй болгон Чойунбаш, Арта салып ийгенде: — Адам уулу, көзүңдү ач! Булгап алып чокморду, Агаң Гүлүс баатырды, Айабастан бир койду. Эр Гүлүстөн баатырдын, Көп өнөрү бар болчу, Ордун сала бергени, Күүлөп чапкан чойун баш, Бүтүн жерге киргени. Бир көтөрүп ала арбай, Дем жыйып тартып калганы, Кыйамы келди иттин деп, Атактуу баатыр эр Гүлүс, Как шилиге муштады. Бадананын жакасы, Туулганын этеги, Ачылып калган кези экен, Абаң Гүлүс баатырдын, Амалы арбынкы экен, Кулактын түпкү бези деп, Мойун эттин өзү деп, Учун ууга сугарган, Найза менен муштаган. Жандатып урган чоң найза, Буйаккы кулак түбүнөн, Жылтырап учу чыкканы, Башын өөдө кылалбай, Тоңкоруп жерди жыттады. Аз келгенсип анысы, Ай балта менен жаңсады, Чындап жерге жаздады, Көрүп турган дөө калбай, Жалпы баары качканы. Банур шаанын көп аскер, Качкан дөөнү каптады, Кызыл кыргын кан төгүп, Кырылышып жатканы. Алмамбет уулу шер Гүлүс, Алдында минген Сур атты, Албан түрдүү жүгүртүп, Аралап кирди дөөлөрдү, Бир четинен бөлүнтүп, Жетимиш күнү жөө басып, Тер жыттанган нечен дөө, Жети батман аш ичип, Жин жыттанган нечен дөө, Чоң-кичисин карабай, Кылча жанын айабай, Сабын бузбай сулатып, Башын таштай кулатып, Алдына салып айдады, “Бануршаанын аскери, Адамды кандай эрдир?”деп, Акылы айран–таң калды. Жалгызек колу сынган күн, Буурулдун буту сынган күн, Канчоро болуп жарадар, Байтайлак кетип окко учуп, Хан Бакай болуп санаадар, Кагылышкан күндөгү, Кармады бүгүн шайтаны, Капташкан дөөдөн канчасы, Качып кете албады. Шол кезде Нүкүр дөө, Арамдыкты ойлоду, “Эми ишим болбоду, Сейтек тирүү койобу?” Качып берди калдаңдап, Кара бойу далдаңдап, Кетип барат Нүкүр дөө, Карабай артын далдаңдап, Койкүрөң менен сыздырып, Сейтек жетти чукулдап, “Өзүнө алым келбеди, Сейтек келди жегени, Оодара тартып тоңкойтуп, Ушу жерде жебейби! Койкүрөң эбин табайын, Кутулуп кетип калыштын, Амалын анан кылайын” Деп ойлонуп Нүкүр дөө, Кылычты кыйа кармады, Сейтек жетип сайрады, Найзанын учун тийгизбей, Ат үстүнөн кулады, Күү менен келген Койкүрөң, Аттай чуркап барады, Кылыч менен ант ургур. Койкүрөңдү чапканы, Төрт айагын тең кесип, Томолонуп жаканы. Арстан тууган Сейитек, Ат менен кошо кулабай, Айактай түшүп басканы. Тура калып Нүкүр дөө, Кара буурул ат таштап, Гүлнарды алып көтөрүп, Учуп кетти далбаңдап. Буурулду минип Сейитек, Көлөкөнү кубалап, Кошо кетип баратат. Кайкып учуп ак кептер, Чоң Таласка келди эле, Айчүрөк менен көрүшүп, Бар иштен кабар берди эле. Ак кептер менен айчүрөк, Асмандап учуп сабалап, Сур буудан менен Куйалы, Бу да келет каралап, Келе жатып айчүрөк, Нөкөргө калды учурап. Дөө учуптур тууралап, Айчүрөк учуп ылдамдап, Келатканда алдырап, Көзү көрдү Айчүрөк, Нөөкөр кулду аң уулап, Айкандын уулу Нөкөр кул, Көкбөрүдөн кичүүсү, Агасы менен Манастын, Дос экенин билүчү. Өмүр бойу Нөкөр кул, Мергендик менен жүрүчү. Жетип келди Айчүрөк, Андан мурда көрүшкөн, Абдан жайын билишкен. Көрө койуп Нөкөр кул: — Ой, Айчүрөк, Айчүрөк, Алдыраш ишиң көрүнөт. Амандык сурап Айчүрөк, Иштин жайын айтты эле, Угуп болуп Нөкөр кул, Дегэле жаман шашты эле, Кесирим деген бир белге, Чыгып келе жатты эле. Байкап көрсө Нөкөр кул, Дүрбү салып шыкаалап, Үстү менен булуттун, Аралап кетип баратат. Жайга мыкты Нөкөр кул, Алдынан шамал салыптыр, Булуттан чыгып Нүкүр дөө, Көгөргөн жерге барыптыр. Нөкөр кул жаасын бек тартты, Алмамбеттин арбагы, Жардам болгун, деп тартты. Жебенин огу зыр этип, Кирип кетти Нүкүрдүн, Оң көзүнө мылк этип, Ок көзүнө тийгенде, Башы кетти шылк этип, Колуна кармап келейтат, Гүлнар кетти шып этип. Айчүрөк менен ак кептер, Асмандан жерге түшүрбөй, Кармап алып Гүлнарды, Нөкөр кулга кош айтып, Сейитекке алыр барды. Абамды таппай болбойт, деп, Сейтек жолго салганы, Аңгычакты болбоду, Куйалы келип калганы. Сейитек менен Куйалы, Гүлүстөн болду табары, Гүлнарды алып Чүрөктүн, Талас болду жанары, Абалап учуп Аккептер, Гүлчорону карады. Көкөлөп учуп келайтып, Учурап калып көп дөөгө, Кеп сураса ак кептер, Жакындашып бирөөнө, Жашырбай айтты ал дале: — Мен айтайын, сен дебе, Көйкаптан келдик бул жерге, Дөөлөрдөн чыккан балбаны, Нүкүр деген бар эле, Банушаанын Аамин кыз- Алучу анын жары эле, Аамин кыз тийип кетиптир, Бурулуп көөнү бендеге, Гүлүстөн деген бир эрге. Нүкүр келип урушуп, Жүз миң дөөнү сойдуруп, Өзү качып барыптыр, Бир жаккы көзүн ойдуруп, Намыстанып жөнөдүк, Чогулуп дөөлөр олтуруп, Сурасаң менден бул жумуш. Ак кептер ачык кеп угуп, Асмандап учуп ылдыйлап, Сейтек карай ыңгайлап, Жетип келди бир демде, Сейтек менен Куйалы, Ат чалдырып турганда. — Шер Сейтек, кыз балбан, Эми сага кеп айтам, Элүү миң дөө жолукту, Асмандап учуп келайтсам. Нүкүр дөө барып жерине, Кабар салып элине, Элүү миң аскер алыптыр, Эми келип калыптыр, Кокустан барып Таласка, Бейкут калба салбасын, Тилимди алсаң,Куйалы, Талас жакка сен баргын, Ушул жерде жол тосуп, Шер Сейитек сен калгын. Асман менен жөнөйүн, Гүлүскө кабар берейин, Жеткизип койуп бул жерге, Атама барып келейин. Атамдан аскер алайын, Эртеңки күнү бул чакта, Жетип келе калайын. Ак кептер сызып жөнөдү, Алышып кеткен дөө Нүкүр, Сейитекти көргөнү, Асмандан жерге куйулду, Таласка кетип бараткан, Куйалы балбан туйунду, Кайта артына бурулду, Карайлаган Нүкүр дөө, Жарлык кылды калкына- Турган дөөнүн жалпына: — Бирден-бирден барбагын, Бирден темир арканды, Түрүп колго кармагын, Сейтек деген эр ушул, Тегеректеп байлагын, Элүү миң аскер жабылып, Ортого алып Сейтекти, Тегеректеп дөө келди, Учуп келген асманда, Атка минбей жөө келди. Ойротто жок Сейитек, Опсуз батыр эр экен, Эчтемени кенебес. Албарс менен кайсалап, Бир дөөгө аркан салдырбай, Кырып кирди талкалап, Ач кыйкырык чуу менен, Айкырып кирди Сейитек, Дагы элүү миң кол келди, Гүлүстөнгө баргын, деп, Нүкүрдө ага жиберет. Дөө бөлүнүп болгунча, Аккептерин бирге алып, Гүлүстөн жетти тебелеп, Аккептер турду суранып, Бануршаага барам,деп. Болбой койду Гүлүстөн: — Бир көзү жок Нүкүр дөө, Коркуп кетер киши эмес, Дүрбөлөңк салып атаңа, Кабар айтар иш эмес, Бөлүп койгон элүү миң, Гүлүскө келди жармашып, Жекеге бирден келе албай, Баары келди жардашып, Кудай бетин салбасын, Учуп жүргөн дөө менен, Баатырлар жүрөт кармашып, Чылпылдап баткак жуурулуп, Суу ордуна кан агып, Нүкүр дөө айтып жөнөдү, Беш миң дөөнү котчу алып, Таласты талап алам деп, Бүгүндөн калбай мен барып. Аккептер келип ошондо, Сейитекке муну айтып: — Таласка кетти Нүкүр дөө, карыларга барбасын, Калбаны катуу салбасын. Алдыңда минген Буурулдун, Уча турган иши бар, Учуруп атың салайын, Жолуңду баштап алайын, Сага кандай уланым? — Учар болсо Буурулду, Учуруп бер, Аккептер, Азапты арбын тартпасын, Абам Бакай, Каныкей, Менден уулу бар туруп, Жекелешип жүрбөсүн, Жетик атам Семетей, Канатын жазып Аккептер, Кайып учуп жөнөдү, Батыштан карай чыгышка, Узатпай жетти дөөлөрдү, Сейитектин келгенин, Нүкүр сокур көргөнү, “Чындап жанга күч келсе, Сокур көздөн жаш чыгып” Тербелбеген Нүкүр дөө, Эми калды шашылып. Ээрчип келген беш миңдин, Элүүсү мыкты эр эле, Бирден–бирден чыккын, деп, Айланышып тургун, деп, Сыйкырчы дөөсү бар эле, Бир малайын жумшады, Ошону алып келгин, деп, Бирден чыгып балбандар, Бир беттешпей өлгөн бар, Эртеден кечке салышып, Кечиндеси келген бар. Дөөлөр тарап жоголду, Куйалы менен Гүлүстөн, Кырганына чыдабай, Бастырып булар жөнөдү, Таласты карай туралбай, Найзага илип көтөрдү, Шер Сейитек дөөлөрдү, Бит басып кеткен улактай. Жиберген малай барыптыр, Сыйкырчы келе калыптыр, Аты менен Сейтекти, Таш кылып аны катырып, Аккептерди асманга, Жылдыз кылып астырып, Таласты карай жөнөдү, Нүкүр сокур шашылып, Төртөө өлгөн беш дөөнүн, Бирөөнү кошуп Нүкүр дөө, Сыйкырчыны котчу алып. Жетип келсе эр Гүлүс, Кара Буурул ат турат, Эр Сейитек жаш турат, Караса бүтүн таш турат, Алдында келип Нүкүр дөө, Кара буурул тулпардын, Сууруп алган колкосун, Эми сууруп алам деп, Сейитектин колкосун, Кол салганы жатканда, Шер Гүлүстү көрүптүр, Сейитекке карабай, Караганга жарабай, Качып жолго салыптыр. Ал Гүлүстөн агаңыз, Анын ишин караңыз, Сыйкырчыны Нүкүр дөө, Сыйкырыңды салгын деп, Калдалаңдап калыптыр, Кара ниет сыйкырчы, Албан сыйкыр салыптыр, Ар канча салса сыйкырды, Амалы келбей калыптыр, Абаң Гүлүс илегер, Шер Сейитек баатырды, Бир кутказып салыптыр. Сейитектен кеп угуп, Колкосун алып кетти, деп, Басылып калды Гүлүстөн, Болбойт экен Буурул, деп, Эмгичекти бир жер бар, “Ташбуурулдун керүү”деп, Жөөлөп жолго басалбай, Сейтек калды кеңгиреп. Ак кептерге эр Гүлүс: — Атаңа эми бар, — деди, Болгон иштин баарысын, Айтып кабар сал, — деди. Бануршаа жайын угуптур, Качкан экен Нүкүр дөө, Кармап алып келгин, деп, Буйрук кылып туруптур. Жарлык алып Банурдан, Жайылып чыкты көп пери, Аңтарып карай келатат, Албан-албан көп жерди, Перилерди көргөндө, Кайра качкан Нүкүр дөө, Сыйкырчысын ээрчитип, Келе жатат көк менен, Нүкүр дөө келе жатат, деп, Гүлүскө айтты кыз Берен. Камданып турса эр Гүлүс, Куйалы менен атыны, Катырып өттүү атыны, Гүлүстөнгө өтпөдү, Ар канча кылса сыйкыры. Амир маруп ишине, Ар кандай киши көнмөк бар, Гүлүстөндүн үстүндө, Жүсүптөн калган көйнөк бар. Ошол үчүн Гүлүскө, Сыйкыр калат өтө албай, Эр Гүлүстөн баатырда, Бирөө эмес үчөө бар - Байлануу турат жанында, Жүйрүн дөөнүн ак шамшар, Сыйкыр өтпөйт Сур атка, Алмамбеттин кеп жабуу, Жабулуу жүргөн чагы бар, Ошол үчүн Гүлүскө, Сыйкыр өтпөс жайы бар. Гүлүскө айла табалбай, Жанына беттеп баралбай, “Жөө калыптыр Сейитек, Бачым жетип барайын, Бадыректи чыңыртып, Башын кесип алайын, Андан кийин өлөйүн” Деп ойлонуп Нүкүр дөө, Сейтекке барып кол салып, Бузулуп өңү сурданып, Өткүр миз найза колго алып, Качырып тийди кырданып, Аты жок минер жөө калып, Сейтек турган арданып. Айанбагын арам, деп, Адырайган жаман, деп Туруп берди Сейтек, Карпаңдаган кайран дөө, Капталдан нары үч сайды, Үчүнчүсүн күч сайды, Кангандар кыбың эми, деп, Ойротто жок шер Сейтек, Төртүнчүгө калганда, Найзасын улай кармады. Катуу силкип тарканда, Кара тоодой Нүкүр дөө, Күүсү менен найзанын, Камгактай учуп барганы. Белинен кармап зыргытып, Мелтиреп турат Сейтек, Мен–менсинген Нүкүрдү, Бута атым жерге ыргытып. Эси оогансып далдайып, Жатып калып дардайып, Кайта келди жармашып, Карабойго жуутпай, Жүгүргөн демин суутпай, Кемеринен алганы, Катыра жаман кармады, Тегеретип турганда, Камгактай Нүкүр айланды. Шамал чыгып дүрүлдөп, Куу угулуп күрүлдөп, Орто жери коо экен, Өйүзү тумшук тоо экен, Тумшук тоону болжоду, Күүлөп келип бир койду, Жалбайып дөөнүн жатканы, Томорулуп тоо кулап, “Жыгылган таш” ат калды. Сыйкырын кармап алышты, Анын да эбин табышты, Периден келген Бануршаа, Жерине кайта жамышты, Аккептер тийип Гүлүскө, Кең Таласта калышты. Тайбуурул алып Таластан, Сейтек барды үйүнө, Жөө баса албай Сейитек, Жатып калды үйүндө. Сейитектин ал кезде, Гулнар тууган уулу бар, Алым сарык угуп ал, Алым сарык ал жылы, Онго келген чагы бар. Куйалы балбан шол жылы, Бойкат болуп уул тууп, Атын койду Кененим, Ошол болуп чыгат го, Жалаңгыч сарык дегениң, Эми калган кеп болсо, Кененимге улантып, Анан айтып берейин.