Сарыбайдын кыргызга дүмөк салышы
Далай жыл өтүп кетиптир, Тайтору бербейт мага, деп, Кекери калган ичинде, Байагы Сартбай нетиптир? Бир аз сабыр кылыңар, Аңгеме болоор мунуңар, Сартбайдын жагын угуңар, Маңгыт, маңгул бир тууган, Кара калпак, түркмөндү, Ээлеп маңгыт эл турган, Бадыкүл деп эр тууган, Элге салган чуулган, Коросон, Кыйба, Жедигер, Мисир, Багдат, Урумга, Койбой малын кууп алган, Малы тургай батышта, Арысы түштүк жагына, Сулуу кыз койбой жыйнаган. Аз келгенсип анысы. Кара калпак Карманап - Айкөл Манас жездеси, Күндө чаап кыйнаган. Калча, жүржүт, жуданы, Тажик, түркмөн - булары, Башайры ээлеп кулданды. Бул кордукка чыдабай, Манаска ыйлап эл барды, Теңдикке келбей Бадыкүл, Эрдемсип болбой кектешип, Манастан өлүп калганы, Бойунда калган болуучу, Бадыкүлдүн алганы, Жалгыз көздүү бала экен, Басташпайт киши буга, деп, Мадыкүл атка конуптур, Чоңойгондо Бадыкүл, Опсуз балбан болуптур, Атасынан бешбетер, Бет алган жакты соруптур, Пендеден башка чоңойуп, Тең жаткандай катын жок, Жалаң бойдок болуптур. Ким көрсүн мындай капырды, Карманап алган Кардыгач, Мага теңдеш ошол, деп, Койнундагы катынын, Маа берсин деп айттырды. Карманап бойу бир дөбө, Иниси бар Карадөө, Теңдешип көрүп ал келбей, Семетейге чаптырды, Семетей барып Таластан, Бадыкүлдү кулатып, Карманап тургай ар жаккы, Кулданып эки уруу, - Бараң менен Шаңкайды, Аларды кошуп куткарды. Как ушундан бир бала, Сартбай атын койуптур, Чоңойуп бойго толуптур, Атасынан артылып, Батыш менен түштүктү, Баарын бирдей соруптур, Баш көтөртпөй койуптур. Өз элине Сарыбай, Башка элге кутургур - Эки атка конуптур, Дүйнөгө дайын болуптур. Тайторуну суратып, Сейитектен ала албай, Түбүн түрүп кеп угуп, Семетей келди деп угуп, Жоготойун барып деп, Жетимиш миң кол айдап, Жүрдү капыр удургуп. Кутубайдын Кара дөө, Жедигердин ханы эле, Жол чардап батыш түштүктөн, Жанжүрбөстүн чөлүндө, Калды буга жолугуп. Кутубайдын Кара дөө, Токойу бар жанында, Аттан түшүп олтурду, Бир дөбөдө өзү жөө. Турнабай алып колуна, Көз жиберип караса, Түштүктө жаткан томсоруп, Жанжүрбөстүн кумуна, Кудай бетин салбасын. Кара жер аны майласын! Топуракка толтуруп, Көк менен жердин арасын, Бурулуп чыккан чаң келет, Селдей каптап кол келет. Туулга кийбей малакай, Күрөөкө кийбей чапанчан, Сур ат минген эр келет, Жүрүшүн байкап караса. Бүткүл дүйнө кылымды, Кетүүчүдөй тебелеп! Жетимиш желек туу кармап, Жетимиш миң кол айдап, Кайдан келген адам, деп, Кайсы жакка барат, деп, Карап турду көз жайнап: “Келээр киши жок эле, Кангайдын Жаңгыр калдайы, Күйүп турган чок эле, Кийими башка, түр башка, Кангайдын эли деги эмес, Аты башка, тон башка, Жанжүрбөс чөлү жол башка, Бир мүшкүл жумуш болгонбу, Алмадай болгон бул башка? Кайсы түрдө эл болсо, Душман болсо, дос болсо, Алдынан тосо барайын, Издеп келген дос болсо, Учурашып жанайын, Кекенип келген жоо болсо, Салгылашып багайын, Талпагын ташка керейин, Тартынбай туруп өлөйүн” Деп ошентип Кара дөө: — Жанымда Токой жолдошум, Ар качан бирге сен болдуң, Кайыпчы мага ак жолтой, Аң уулап жүрүп адырда, Семетейге кез болдум. Бүгүн келип бул жерге, Тушугуп турам көп элге. Издеп келген достонбу, Жарылып жүрөк кеткенге? Же кездешип келген жоодонбу, Жекме- жек чапан чечкенге? Адам ашкыс бел окшойт, Агымы катуу сел окшойт, Үй токтоткус жел окшойт, Карааны башка көрүнөт, Кайраты бар эр окшойт. Индистан, Ооган, Испандан, Каш кайтараар калбаган, Бир аз күмөн кыламын. Мисир менен Багдаттан. Батыштан келбейт бул жерге, Орус хан бизге бир эле, Мадыкүлдүн Сартбайы, Тайторуну суратса, Сейитек бербей койду эле. Келдиби ошол аттанып, Чекесинен чабайын. Жедигерге чаң салып, Бөлөйүн деп кыргызды, Бир четине таратып? Карап тур, Токой, коркпогун, Жатсаң-турсаң бир болгун, Айрылып менден калганда, Дегеле жакшы болбойсуң. Кара дөө баатыр жөнөдү, Чаңчыкпас атын такымдап, Кирип келди Кара дөө, Келаткан элге жакындап, Алдында минген Чаңчыкпас, Төрт айагы такылдап. Кайраты артык Карадөө, Чукул кирип келгенде, Кең көкүрөк, кууш айак, Жалайак ооз кир кабак, Чолок ээк, дөң маңдай, Каржиликтен булчуңу, Жүгүрүп жүргөн баладай, Мойну жоон букуйуп, Кысыр эмди танадай, Жамынган темир тону жок, Жалтанып калаар пейли жок, Аккаңгы ээр алтын каш, Мингени тоодой чоң сур ат, Ошончо элден бөлүнүп, Четке чыгып келатат. Кара дөөгө кез болуп, Тура калды токтолуп, Кара дөө байкап караса, Көзү жалын от болуп, Жеткен жерде сүйлөндү: — Жалгыз жүргөн ким? — деди, Жанжүрбөстүн чекесин, Бойлоп жүргөн ким? — деди, Эркин басып далдайып, Ойноп жүргөн ким? — деди. Жаны ачып Кара дөө, Жаман айтып жиберди: — Жанжүрбөстүн чекесин, Ак калпак кыргыз ээледи, Кайыпчынын адырга, Кайберен карап келгемин! Ким болосуң сен өзүң? Кайсы жерден келесиң? Атыңыз ким? Элиң ким? Дайынын айткын жериңин! — Менин атым эр Сартбай, Сен сурайсың тил тартпай! Сарыбай деп которгон, Калтаарып элдер айта албай! Батыштын эли басташты, Баш көтөргөн немеси, Жер кучактап таш капты. Кайрат кылды канчасы, Айбат кылды мынчасы, Ушаланып жоголду, Упурак болуп барчасы. Кабарын уктум укмуштап, Кыргыздан чыккан Манасты, Калмактан тартып алыптыр, Азыркы жери Таласты. Чоң атамды сойуптур, Катынын жесир койуптур, Атамдын аты Мадыкүл, Жалгыз көз атка конуптур, Манастын уулу Семетей, Атамды аймап соруптур, Кардыгач берген чоң тойдо, Тайторуну суратсам, Сейтеги бербей койуптур, Ушул бүгүн ойлосом, Кыргыздын шиши толуптур! Башка баардык элдерге, Ажыдаар кыргыз болуптур! Калганга азап салбаймын, Таласка барбай калбаймын! Манастын укум-тукумун, Жээни менен тайыны, Жерге жээги – баарыны, Бирин койбой жалмайыт! Коргонун бузуп кулатып. Кыргыздын элин чуулатып, Катын-кызын олжо алып, Жаш балдарын ыйлатып, Калганын айдап чубатып, Кызыл муштум балдарын, Кырчынга тизип аспасам, Кызыл ээк карысын, Кылыч менен чаппасам, Бооз катынын жарбасам, Кылгылыкты кылбасам! Кымызына суу куйуп, Унуткус бир иш кылып, Уугун учтап шиш кылып, Унун күлдөй сапырып, Сыймыгын баштан качырып, Ушундай кылып тынбасам! Куйуктуруп Кулунуң, Кууп алып жылкыңды, Кумардан минтип чыкпасам! Кутурган иттей арсылдап, Оозунан көбүк чачылып, Кычырап тиши карсылдап, Каарынан капыр чочконун, Кара жер турат картылдап, Көрүнүп күрөө тамыры, Чоң бакандай лакылдап, Оозуна келген кепти айтты, Кирген суудай шапылдап, Угуп туруп Кара дөө, Тура алган жок ал чыдап: — Ажылдаган бадырек! Жалганда жалгыз менмин деп, Ойлонбой сүйлөп бокту жеп, Ээсиз кыргыз эл эмес, Кылымдан баары чогулса, Кыргыздан чыккан Сейитек Кыйышып калар эр эмес, Семетей менен Гүлүстү, Коңурбай менен Нескара, Жеңе алган жок сен эмес! Ата – бала – эки атаң, Катар өлгөн кыргыздан, Каның суудай төгүлөт, Эми оолуккан бойдон сен барсаң! Мен да кыргыз элимин, Ошо кыргыздан чыккан эримин, Атымды уксаң Кара дөө, Баш кишиси боломун, Жетисуу толгон жедигер - Бир уруу кыргыз элинин. Ажалың тартып келипсиң, Жеткирбей сени Таласка, Кадемиңди катырып, Кара жерге тапшырып, Жер жайнаган колуду, Олжо кылып алайын, Кутургурду сайдым деп, Сүйүнчүлөп барайын! Деп ошентип Кара дөө, Каардуу үнүн чыгарды. Кутургур карап турбады, Качырып найза урганды, Камбыл баатыр кара дөө, Найзасын кагып таштады, Как бөйрөктүн тушуна, Найзаны катуу муштады. Жалтыр ташка тийгендей, Найзасы каңгып чыкканы. Тоосур менен Кутургур, Кебелбейт да, кенебейт, Кара дөөнүн найзасын, Бит чакканча элебейт, Кудай урсан кутургур, Бучкагына теңебейт. Муну көрүп Кара дөө, Катуу арданып кайран дөө, Заарын салып жыландай, Бөйөн менен чайандай, Аманат жанды айабай, Кызыл жанды Кара дөө, Кылга байлап таштады, Кыйын уруш баштады. Оң айланып сол болуп, Ойлогону бул болуп, Сырты калың өткүр миз, Сомдоп соккон ай балта, Балтаны алып кемерден: “Чаптырбай койсоң билбейим, Чаптырып салсаң, Кутургур, Кара жерге киргизем, Кактабай каның ичпесем, Соогага алып сур атты, Сейитекке жетпесем!” Кара дөөлөп акырып, Өзүнү атын чакырып, Оро-пара маңдайдан, Үзөңгүгө тамандап, Чокуга чаап жиберди, Ээрдин тиштеп жалаңдап, Чак деп үнү угулуп, Башы кетип капкайда, Балтанын сабы суурулду. Башын сыйпап койгон жок, Жалганда мындай балбан жок, Коргошун менен колодон, Эритип туруп куйдурган, Чоң казандай Чойунбаш, Опколжуп келип урганда, Омурулуп кетүүчү, Нечен сеңир урчук таш. Эпсиз баатыр кара дөө, Эсит жанга күч келди, Чокмор менен кош колдоп, Жана тартып жиберди. Чокмор тийип дүп этип, Эңкейе түшүп шылк этип, Ээрдин тиштеп алайын, Койго тийчү бөрүдөй, Эки жагын каранып, Уйдай мурдун жаланып, Кара дөөгө Кутургур, Жаман тийди жан ачып. Найзасын сайып мылтыгын, Көгүчкөндөй Кутургур, Кара дөөнү ыргытып, Найзанын учу жеткенде, Чаң чыкпастын үстүнөн, Калпактай ыргып кеткенде, Копкунуң, деп коборуп: — Армандуу болбой атка мин, Мыкты болсоң эми кир! Найза учуна илбесем, Сейтектин шаарына, Көтөргөн бойдон кирбесем, Кутургур атым бекер! – деп, Тиктеп турду кекерлеп. Жанын айап калган жок, Чаң чыкпас минип тепеңдеп, Кутургурга Кара дөө, Жана тийди бекемдеп. Кутургур жайы ал экен, Сөөгү туташ жан экен, Аты менен бурулуп, Оңдонуп алып сайбаса, Шапа-шупа, оң-солго, Толгонбос жайы бар экен. Билип алып Кара дөө, Ылачындай имерип, Тийип-чыгып кайран дөө, Чокуга жетсе чокморлоп, Жүндөй сабап токмоктоп, Капталга келсе найзалап, Кетемин деп ойлонот, Кабыргасын талкалап. Ай караңгы болгунча, Айабастан салышты, Андан кийин бул экөө, Арттарына жанышты, Жайылданып кутургур, Наар албай жатышы, Жанындагы токойго, Кара дөөнүн айтышы: — Мен кара дөө сен токой, Эми биз кылар иш ошондой. Көзүң көрүп сен турдуң, Көп күчүмдү жумшадым, Кутургур койду тоготпой. Алдыңда минген кержектин – Аттын жайын билерсиң, Аттанып жолго кирерсиң, Таласка барып талыкпай, Көкжал баатыр Сейтекке, Кабар кылып ийерсиң. Мадыкүл уулу Кутургур, Жанжурбөскө келди, де, Кастарлап келген кеп экен, Кең таласка келмекке, Колунан келсе бадырек, Кыргыздын элин бөлмөккө, Кутубайдын Кара дөө, Карсылдашып көрдү, де, Ар канча кылса кайратты, Тоготпой аны койду, де, Чапса кылыч кеспеген, Сайса найза тешпеген, Балтанын мизи батпаган, Чокмордун күчү жетпеген, Денеси бекем таштан, де. Атынын көрдүм бар жайын, Адырга келсе сайышып, Айанбастан салышып, Алдынан тосуп алышып, Көп амалды кылайын, Жоокалатып турайын. Жоо келди көрдүң далбактап, Эки путу салбактап Койо берсек бу жерден, Таласка шыдыр барбайбы, Уктап жаткан тынч элге, Жуушап жаткан көп малга, Төрдө олтурган чалдарга, Жылаңач көтөн балдарга, Чоң мүшкүлдү салбайбы. Айтып баргын баатырга, Мен Кара дөө сөздөрүм, Сен көргөнсүң, токойум, Тамчы суу жок чөлдөрүн, Туйуктап койчу көлдөрүн, Ат чалыкчу белдерин, Жол табалбай калычу, Түнт токойлуу черлерин. Жетип кабар бергин, — деп, Сегиз күндө келгин, — деп, Кара дөө аны жөнөттү, - Сегиз күнү салышып, Чыдаштык кылар эрмин, — деп. Кара дөөдөн кеп алып, Кержекти минип аттанып, Токой жөнөп алыптыр, Түн уйкусун бөлүптүр, Күн тынымды койуптур, Бешинчи күн дегенде, Жеткен жери токойдун, Кең кол ата болуптур. Коргонго барып ал Токой, Гүлүстөнгө кез болуп, Келгенин айтып билгизди, Семетейдин үсүтүнө, Гүлчоро баштап киргизди. Сейтек анда үйдө жок, Гүлнарды ээрчитип, Урумга кеткен болучу, Кара дөөнүн кептерин, Баарын айтты калтырбай, Кутургурдун эрдигин, Жайын айтты жашырбай, Өөдө сүйлөп оргутуп, Ылдый сүйлөп кемитпей, Чынын айтты ашырбай. Семетей айтат ал мындай: — Кутубайдын Кара дөө. Элге күйөр эр экен, Эрдиги анын чын экен, Айтканы акыл кеп экен, Бул дегени эп экен. Мында келсе Кутургур, Жерге салат бүлүктү, Элге салат түйшүктү, Аттаналы, Гүлүстөн, Бүтүрөлү бул ишти. Гүлүстөн күлүп кеп айтат: — Абаке, жаткын сен үйдө, Мен барайын ал жерге, Сейтек келер он күндө, Мен келбесем аңгыча, Жиберип ийгин издерге, Семетей ага болбоду: — Кагылайын, Гүлчоро, Камап келип жоо турса, Жатып алсам болобу? Кыргыздын тузу койобу? Семетей анда оңомбу? Арстандын урса арбагы, Абаң Семей койомбу? Антип абаң болбоду, Буурулду минип болкойуп, Сыр найза колдо койкойуп, Чоң ополдой зоңкойуп, Ак олпок тонун кийинип, Ак келтесин асынып, Ачалбарсын байланып, Ай балтаны жанга алып, Буттай темир курчанып: “Коңурбайга теңелип, Келгенин көрчү Кутургур, Ат изин салып Таласка, Кап, сени!” деп Семетей, Бузулуп өңү сурданып; Суркойон минип шаңданып, Касаба тоодой жарданып, Алмамбет уулу Гүлүстөн, Кыл муруту бириндеп, Каары жүзгө айланып, Алмабаш мылтык, Акшамшар, Балтасы болот таш чабар, Торгой көз темир бадана, Үштү кийип кабаттап, Туулганы башка көмөрүп, Кийгени темир көгөрүп, Кылычты салып кынына, Ай балта байлап жанына, Найза колдо заңгырап, Кытайча кызыл доолбас, Шамал тийсе каңгырап, Алтын ээр калмакча, Тогуздап олоң тартынып, Аттанып бу да жөнөдү, Сом темирин артынып, Тай буурул менен Сур атты, Алактатып баратат, Жал-куйругун төгүлтүп, Шалактатып баратат, Ооздук тиштеп, көз жайнап, Жалактанып баратат, Топуракты чачыртып, Жерди арыктай каздырды, Тарактатып баратат. Так ошентип жай албай, Аттарды кыйнап, айабай, Айал кылып тура албай, Ат чалдырып түнөбөй, Азык ичип уктабай Эрикпей жүрүп олтуруп, Жанжүрбөстүн четине, Кара дөө менен Кутургур, Салышып жаткан жерине, Үч күндө жетип келди эле. Айлана сеңир тумшуктан, Чыга калса эки арстан, Кайран баатыр Кара дөө, Кабизет кылып калдаңдап, Эки этеги далдаңдап, Далдал болуп сооту, Жыртылыптыр салбаңдап. Тоо бөксөлөр кайран эр, Айбат кылып жаа тартып, Милте чоктоп ок атып, Бир бул жерден көрүнүп, Бир ал жерден көрүнүп, Амал менен урушуп, Жүрүптүр байкуш жулушуп, Семетейди Карадөө, Мурун көрүп Сартбайдан, Арманым жок өлсөм, деп, Ат койуп жөнөп алыптыр. Аны көрүп Кутургур, Айласы кетип качты, деп, Атым күлүк дегенсип, Түздү карай чапты, деп, Тоосур менен тап берип, Бу кулду кармап алам, деп, Колун байлап артына, Сарпочтоп,туруп таңам, деп, Баш катып күн көрүүчү, Сейтегине барам, деп, Бу да жөнөп алганы, Тумшугунан сеңирдин, Кутургур чыга барганы, Караса алдын Кутургур, Жалгыз кеткен Кара дөө, Үчөө болуп калганы. “Жалгыз качып Кара дөө, Үч киши болуп алыптыр, Такыр байлап алам” деп, Барбаңдаган Кутургур, Катуу жөнөп калыптыр, Баатыр Гүлүс шаңданып, Колго найза карманып, Капташып чыга калганда, Апкарыбай калчу эмес, Андан мурун алдында, Балбандар өткөн бир канча, Темир өзөк, таш жүрөк, Коркпой турган Кутургур, Элеген жок эч канча. Айал-үйөл кылбады, Атырылып Сур атты, Токтоло калып Кутургур, Гүлчородон сурады: — Ким болосуң, сен өзүң? Кайсы жактан келесиң, Тийешең жок келатып, Алдымда тосуп көрөсүң, Мени менен кас болсоң, Ажалдан мурун өлөсүң, Атыңды айтып билдиргин, Эми эле жерге киресиң! Эр Гүлчоро кеп айтты, Кеп айтканда бек айтты, Менин атым Күлчоро Алмамбеттин уулумун, Элим кыргыз түрк уулу, Кызматын кылып келемин, Кыргызга кастык кылгандын, Эдебин колго беремин! Сенин өзүң ким элең? Не жумуштан келгенсиң?! Турган киши Семетей, Айкөл Манас жалгызы, Кыргыздын элин улаган, Тоода болсок кулаган, Сенден мурун менменсип, Кыргызга келген канча жан, Аман-эсен кайтпаган, Атыңды айтып өлгүнүң,, Атыңды айтпай жашырып, Ит катары өлбөгүн! Деп айтканда Гүлүстөн, Кудай урсун Сарыбай, Кутурган иттей ажылдай, Межиндей каңшылай: — Сен Алмамбет уулу болгондо, Башың боолуу кулусуң, Атаңдан калган мурасың – Кыргызга кызмат кылшың! Семетей дедиң турганды, Талаада өлүп үй көрбөй, Семетейиң курганы, Коркуп келбей калдыбы, Сейтек деген уланы?! Чоң атам аты Бадыкүл, Өлтүрүптүр Манасың, Атамдын аты Мадыкүл, Семетейден өлүптүр, Ата мурас купумду, Үч тарапка бөлүптүр – Кара калпак, түркмөндү, Чамбыл белге ээ кылып, Шаңкай менен бараңды, Башы ачык эл кылып, Калча, тажик, жүржүткө, Бадакшанды жер кылып! Бүгүн келдим Таласка, Азап күн салам алашка, Манжу, Каңгай, Кытайга, Теңим бөлүп беремин, Коросон менен Испанга, Теңин бөлүп беремин, Мисир, Багдат, Иранга, Дагы бөлүп беремин, Конушунан көчүрүп, Кыргыз атын өчүрүп, Жедигер менен кыйбаны, Ооганга бөлүп беремин, Айтканымды кылбасам, Адам болбой өлөмүн! Мага келсең өчөшүп, А дүйнөнү көрөсүң, Ажалдан мурун өлөсүң! Деп, бакырып Кутургур, Найзасын кармап ыргады, Гүлүстөн карап турбады, Бу да найза урганы, Кутургурдун найзасы, Так белинен сынганы. Найзасы сынып калганга, Ал Кутургур арданды, Жаңыдан алып бир найза, Ого бетер зарданды, Кайра жаачу булуттай, Бузулуп өңү карарды. Гүлчоро менен Кутургур, Найзаларын кагышып, Качпай туруп салышып, Күүлөп найза сунушуп, Күчү менен урушуп, Олпокторун булушуп, Жан айабай урушуп, Жаактарын жарышып, Гүлчородо бадана, Кутургурдун соту жок, Денеси таштап кептенип, Күнү-түнү санаты, Эки күнү беттешип, Кайта кетип Кутургур, Кабаттап кийип темирди, Качырып кирди сурданып, Кайра тартпас Гүлүстөн, Катуу тийди кырданып. Калканга найза такылдап, Туулгага балта чакылдап, Баш аламан урушта, Баатырлар үнү бакылдап, Тоо жаңырып заңкылдап, Жана эки күн салышып, Чыдаштык кылып тура албай, Гүлчоро калды шалактап, Алтайга минсе арыбас, Карк үч айлык урушта, Нойубаган талыкпас, Суркойон калды далактап, Куйруктары булактап, Кутубайдын кара дөө, Анда туруп муну айтат: — Айланайын, абаке, Кандай душман келди эле? Эр Гүлүстөн жолборсту, Качан киши жеңди эле? Үстүндө Гүлүс балбандын, Алдында күлүк будандын, Аргасы кетти, абаке, Кандай айла кыласың? Чыгарат окшойт бадырек, Гүлчоронун жыласын. Менин барар аргам жок, Бүткөн бойдо дарман жок, Чама келип чарк жетип, Жакташып кирип доңузга, Чабышар чама калган жок, Эсебин тапчу арамдын, Шер Сейитек мында жок, Кара дөөдөн кеп угуп, Хан Семетей караса, Айтканы чын, жалган жок, Карсылдашып салышар, Гүлчородо шайман жок, Семетей ичи кызыл чок: “Мен Семетей болгону, Бу Гүлчоро болгону, Мындайды көзүм көргөн жок! Кечилдин ханы да алды, - Куу Коңурбай Калчаны, Качырбай алган Гүлчоро; Жалгыз көздү Мадыкан, Жанын алган Гүлчоро; Нескаранын Жубатай, Мурадилдин Каратай, Пилге минген Ороккыр, Баарын алган Гүлчоро, Кара сакал балбанды, Каңгайга калба салганды – Толтойду алган Гүлчоро, Сыйкырга жанын катырган, Кыйазды алган Гүлчоро, Бүгүн Кутургурдан кем болуп, Темгил ала тер болуп, Ушинтип калган болорбу? Гүлчородон айрылса, Кыргыздын иши оңорбу?”- Деп ойлонуп эр Семең, Тай буурул менен бурулуп, Сыр найзасын колго алып, Манастап уран чакырып, Манастын атын укканда, Кутургур калды шашылып, Ач жолборстой күркүрөп, Абакең тийди качырып. Эпкини кыштын чилдедей, Ысыгы жайдын күнүндөй, Айбаты жолборс сүрүндөй, Бет маңдайдан караса, Алп кара куш түрүндөй, Семетейди көргөндө, Гүлүстү таштап жиберип, Күркүрөгөн Кутургур, Жолборс Семей абаңдын, Өзүнө тийди имерип. Эри өлгөн жесир катындай, Албуттанып дакдаңдап, Эки көзү чакчакдап, Жазганып калар неме эмес, Үрүстөм Дастан келсе да, Кайра тартар кептенбейт, Нак кутурган ит экен, Өлүм жактан шектенбейт. Мейкин түздө табышып, Семетей менен сайышып, Найзаны бетбак какпады, Жолборс жүрөк, сом билек, Шер Семетей баатырдан, Эки катар найза алды, Эрдемсип туруп берем деп, Экинчиде тас калды. Экинчи Семей сайганда, Тоосур кетти мүдүрүп, Семетей сайган найзанын, Зардабына чыдабай, Кутургур жандан түңүлүп, Токто кылып тура албай, Семетей ойлойт ошондо: “Эрдик кылып Кутургур, Кезекке туруп берди, — деп, Кезегин мунун бербесем, Атама келет наалат кеп.” Чымырканып чынданып, Кезегин берип турду эле. Бука мойун бытка бел, Бул Кутургур капырың, “Маа теңелип Семетей, Кезегимди берди, — деп, Бир сайуудан чыгарбай, Семетейди жейин” деп, Бар күчүн жыйнап бойуна, Түкүрүнүп колуна, Табарсыктын башы деп, Болжоп абаң боруна, Алдындагы тосурду, Тартып ийип борбуйга, Мадыкүл деп бакырып, Бадыректин үнүнөн, Как айрылып кара жер, Суулар чыкты чачылып, Тоосур аттын даңканы, Топону көккө сапырып, Кар менен качырып, Күүсү менен сураттын, Күчтү найза урганы, Канкордун уулу эр Семең, Кабагым-кашым дебестен, Кенебестен турганы. Колдогон Манас арбагы, Опол тоодон кем эмес, Семетейдин салмагы. Кутургурдун найзасы, Отуз жети бөлүнүп, Колунда калбай кыйрады, Жыгачы түгүл темири, Алты жерден сынганы. Алдында минген тосур ат, Октос берип октолду, Ойротто мындай жок болду, Чокмор менен абаңды, Чокудан нары салганда, Майдандын ичи чок болду, Жалынсыз күйгөн от болду, Күндүн көзүн чаң алды, Күн көрүнбөй тунарды, Чаң арыла бергинче, Чакчайып бетпак турганы, Чаңдан чыгып Семетей, Атырылтып удаанды, Элөөсүз турган чочкону, Далыдан нары бир сайды, Үзөңгүдөн бут тайды, Ээрден көчүк бултайды; Жыгылбай чочко оңолду, Кайратына карк толду, Ошол үчүн бул каапыр, Кутургур атка конгону. Семетей өзү эр экен, Элүүдөн ашып жаш кетип, Бели эңкейген кеп экен. Отуз беште чагында, Кайратым мындан кем бекен? Семетейден тетиги, Гүлчоросу мыкты экен, Жоо сайышка ыктуу экен, Урушка өтө шыктуу экен. Далысын кайра салганда, Үч жыл чыдап тура албай, Урушка кирип жакында, Ак кемирчек чын калып, Айып жери ал экен. Абалын билдим, экөөнү, Катар сайып алайын, Кара дөө менен үчөөнү, Ойунан алып Кутургур, Мурункудан күчөдү, Күн бешимден убагы, Карап бекер турбады. Урушка уруш улады, Уруш кылып жүргөн жер, Дал-дал бөлүндү, Тай буурул менен Тоосурдун, Семетей менен Кутургур, Тери суудай төгүлдү. Күн кулпуга жашынды, Бөлүнүшө бастырды, Жай-жайына жатышты, Уйку көргөн киши жок, Онтоп таңды аткызды. Агарып сүрүп таң чыкты, Жаркырап-жайнап күн чыкты, Кутургурду караса, Кадимкидей бул чыкты, Караанын көрүп капырдын, Кара дөөдөн кеп чыкты: — Хан Семетей, эр Гүлүс, Бүгүн башка салат го, Бул Кутургур мүшкүл иш. Кеткендей турат шайыбыз, Келбестей турат алыбыз, Таң аткыча уктабай, Онтоп чыктык барыбыз, Келбей турат Сейитек, Кең колдо турат залыбыз. Бирден чыгып беттешип, Келбесе анда чамабыз, Амалды кайдан табабыз? Эп келсе айткан кеңеш кеп, Таласты карай жылабыз, “Үйлүү жоо” деген макал бар, Эл күчүнө тайанып, Анан уруш кылалык. Семетей балан дегиче, Гүлчоро кеңеш бергиче, Маңдайдагы Кутургур, Айкырык салды элине, Эл башкарган эрине: — Бирине-бирин жеткирбей, Тетиги турган үчөөнү, Сайып алам эми эле! Жапырып барың калбастан, Жабыла атка мингиле, Аламан басып ат койуп, Таласты карай жүргүлө! Тегеректей калгыла, Орто жерге алгыла, Тайгандай кылып жетелеп, Таласка алып баргыла! Бакырыгы баш жарып, Акырыгы таш жарып, Жетимиш миң көп черүү, Түрүн көрүп капырдын, Кылып жаткан амалын, Сүрүн көрүп капырдын, Гүлчоро турду муну айтып: — Качып бербей калдаңдап, Этек кетип далдаңдап, Эки бут кетип салпаңдап, Эрдемсип уруш кылбайлы, Элди кырып барбаңдап. Алдын тосуп ыгын таап, Аркага жанып айарлап, Амал уруш кылалы, Кара дөөнүн кеби акыл, Элге жетип тыналы, – Андай болсо Гүлчоро, Алдын тосуп нетели? Кылычташып урушуп, Кызыл канды кечпейли, Бөлүнүп жолго салалы, Кеңколдой элге баралы, Байрак тиктеп, туу кармап, Анан уруш кылалы, Эп келеби, кандай? – деп, Семетей абаң муну айтты, Анда Гүлүс кеп айтты. Андай эмес, абакем, Качып берсек жөн эле, Жер жайнаган көп аскер, Жабылып чыгат тынч элге, Элди талап албайбы, Бооз катынды жарбайбы, Белиң чындап сынбайбы?! Беш-алты жерден тосолу, Бел ашырбай туралы, Ыгы келе калганда, Кылычты канга жубалы. Калкың кабар албайбы, Камын кылып турбайбы, Же сайдырып жоголбой, Же биз сайып жоготпой, Качып барсак калдаңдап, Бул барса кууп дардаңдап, Атагы кыргыз ак калпак, Тааланга кетип калбайбы?- Деп, Гүлчоро болбоду, Айтканын акыл ырас, деп, Семетей менен Кара дөө, Гүлчорого жол койду. Аңгычакты болбоду, Жетимиш миң көп аскер, Селдей каптап дүр койду, Алмабаш менен Гүлчоро, Алдына утур бир койду, Аламан келген көпчүлүк, Ат бастырбай токтолду, Чачыратма ал октон, Үч жүзчөсү жок болду, Чогуу баспай көп аскер, Бөлөк-бөлөк топ болду. Алдынан тосуп найзалап, Аралап кирип кылычтап, Белден тосуп мылтыктап, Жекелеп чыккан немесин, Семетей менен кара дөө, Жер жазтантып жалмады, Алдына карай оозгонду, Алмамбет уулу Гүлүстөн, Жебе менен жайлады. Кармап алмак тургайлык, Кайнап келген аскердин, Табылбай калды аркасы. Он беш күндө көрүштү, Ошентип жүрүп Таласты. Терс айлантып торултуп, Капканын кырка артууга, Сары коонун түзүнө, Алып барып таштады, Сейтек жетип аңгыча, Серпишип уруш баштады, Айкөл Манас баатырдын, Айчыгы алтын кызыл туу, Белгини сайып таштады. Сары коонун түзүнө, Кутургур түшүп жатканы. Үч күн жатып камданып, Абаң Бакай, Семетей, Шер Гүлчоро Сейитек, Кутубайдын кара дөө - Бешөө чыкты аттанып. Туу түбүнө турушуп, Туу сайышып урушуп, Мен барамын мурун, деп, Кара дөө чыкты жулунуп. Кара дөө менен Кутургур, Эки күн, бир түн урушуп, Кара дөөнүн бир колун, Талкалады бул доңуз, Тартпай найза сунушуп. Сейитек кайдан айанды? Мөкүбалду найза алды, Күүлөнгөн найза күркүрөп, Эпкини менен найзанын, Жердин бети дүңкүрөп, Кой күрөң менен каргытып, Койуп барат Сейитек, Баатырдын уулу жалгызың, Кутургурду теңсинбейт, Кутургундун ойунда, Сенден артык эрмин, — дейт. Тоосур менен алактап, Күнгүрөнүп күпүлдөп, Буда келет дүпүлдөп. Жеткен жерде Сейитек, Найзасын кагып жиберип, Өтө түшүп айланып, Кайта тийди имерип, Айбанда балбан кой күрөң, Ооздук тиштеп нидерип, Түп этектин чети деп, Май сорунун бети деп, Койуп өттү Сейитек. Аттан түшүп ажырап, Сейитек бура тарткынча, Жана минди шапа-шап, Эрегишип көгөрүп, Найзалары така-так, Балталары чака-чак, Баатырлар үнү бака-бак, Кулак тунуп шака-шак, Ат дабырты дүпүлдөп, Жер козголуп дүкүлдөп, Жер айрылып топо учуп, Асманга чаң созулуп, Так үч күнү алышты, Оро казган немедей, Жерди жыртып салышты, Алмамбет уулу Гүлүстөн, Салып жетип барышты: — Шер Сейитек, Сары бай, Салыштыңар үч күнү, Чалыкпай да, талыкпай, Эп келди турган биздерге, Макул болсо сиздерге, Майдандан үйгө кайтыңар, Деп алып бир түн жатыңар, Тамак ичип жайланып, Анан уруш салыңар, Гүлүстөнтөн кеп келип, Сейитек менен Кутургур – Бул экөөнө эп келип, Жай-жайына кайтышты, Аттарын суутуп жатышыты. Эртең менен аттанды, Жана уруш башталды, Кайран жанды бул экөө, Кылга байлап таштады. Кылычтар сынды кыңгырап, Сыныгы жатат кылдырап, Найзалар сынды быркырап, Темири жатат жылтырап. Балтанын сырты жарылды, Жыргап жаткан кыргызга, Бир балекет табылды. Эртеден кечке чабышып, Кечинде кайта жанышып. Эртең менен Гүлчоро, Атка минди жан ачып, Гүлчорону көргөндө, Кутургур турат чамынып, Белгиси экен бетпактын, Чыккан экен ал күнү, Үстүнө сары жамынып, Буу белгиси келүүчү, Бу белгиси келгенде, Беттешкен бенде кутулбай, Кара жерге кирүүчү, Топурак болуп чиричү. Үстүнө сары жамынып, Колуна кызыл байлатып, Белине кара курчанып, Ээленип турат сур чалыш, Камчы менен Суратты, Карчыттан нары бир салып, Көк букадай өкүрүп, Жалаңгычтай көрүнүп, Карыга чейин билегиң, Май алчудай түрүнүп, Алдында минген тосур ат, Албан түрдү жүгүрүп, Аркасынан чыккан чаң, Аткан таңдай түрүлүп, Жер килити сөгүлүп, Көргөндүн көөнү бөлүнүп, Көбү калды букара, Гүлчородон түңүлүп.” Жүздү күндөй жаркыган, Сөзү сүйкү шыкыр бал, Бендеден туулуп бир келген, Экинчи келбейт мындай жан. Ийриси жок түз көптү, Сымбаты артык келбеттүү, Сепкили жок ак бетүү, Кайран эр кандай болор?!”деп, Каңгырыктап эл кетти, Жеткен жерде Кутургу, Гүлүскө найза сайдырбай, Сайдырбай да кактырбай, Капталга муштап өтүү эми, Үч кабат темир күрөкө, Торгой көз темир бадана, Тоскоолдук кылбайт төрт кабат, Бадырап чыкты эми. Маталып буудан Суркойон, Жыгыла жазып тас калып, Эр Гүлүстөн баатырдын, Карчытынан кан кетти, Карап турган Семетей, Ур дедирбей ал жетти, Алмамбет уулу Гүлүстү, Ажыратып жай кетти. Жетелеп элден чыгарып, Буруул менен бурулуп, Муңайып өңү бузулуп: “Баласы Сартбай турмайлык, Атасы Сайып алганым, Каарым менен качырып, Учурайын арбагын, Манастап ураан чакырып” Камбыл тууган абакең, Катуу тийди жапырып. Кеңкиреген кызталак, Кыйкатуу найза карманып, Тоосур менен шаңданып, Гүлчорону кутказып, Өтө жаман арданып, Ачуусу келген каапырдын, Чечек чыккан немедей, Өңү кетти чаар айып. Кабылан Семей абаңды, Камындырбай сайарда, Сайса жыгып саларда, Ал өңдөнгөн сайыштан, Сан-санаксыз көп өткөн, Салтанатуу абакең,, Тайбуурулдун капталга, Салаңдап түшө берди эле, Каңгыта сайып найзасын, Алдына өтүп кетти эле. Оңолуп кайра тарткыча, Ойрон абаң жетти эле, Опол-тоодой чочкону, Бөйрөккө койуп өттү эле. Карчыт эти бөлүнүп, Шыркырап каны төгүлүп, Бура тартып буу чочко, Минтип айтып турду эми: — Сен Семетей, мен Сартбай, Тең айтышсаң ал кандай? Менин денеме найза батпаган, Отуз бешке чыккынча, Чык этип канап бакбаган, Атын Сартбай болголу, Үстүмө сот чаппагам. Жан жүрбөстүн чөлүндө, Сот чапты Гүлчоро, Карчытыман кан алдың, Семетей бүгүн сен болсоң. Коркуп жатат дебесең, Мени элиме жанайын, Эки күн өрүн алайын, Андан кийин башыңа, Каран түндү салайын, Өлбөй тирүү болгондо, Салбай сага калбайым! Деп Сарыбай айтканда, Салаккалуу жолборсуң: “Болбой койсом бул чочко, Коркту деп менден калар” деп, Болот, баргын, деди эле, Сарыбай кетти элине, Семетей келди үйүнө, Дагы чыкты кутургур, Эки күн болот дегенде. Абаң семей аттанып, Беттеп чыкты бетбакка, Тай буурул менен шаңданып, Кутургур келди күүлөнүп, Ойду-дөңдү сүйлөнүп: — Жарам жок менин сак болдум, Семетей, бүгүн жоголдуң! Ага тууган-баарыңды, Жээниң менен тайыңды, Жергеси токой шаарыңды, Калтырбайын, келгин! – деп, Тоосур менен тап берди, Чокморду күүлөп имерди, Семетей сындуу абаңды, Чокуга тартып жиберди. Эшик эндүү ай балта, Сомо темир сом балта, Сомдоп соккон ай балта, Келе жаткан чокморду, Алдыртан өөдө какканда, Балта тийди чак этип, Аркасын карай ыргыды, Үйдөй чокмор жарк этип. Аскерге барып түштү эле, Арасын ача бергинче, Элүү-кыркы алдында, Жерге кирди жалп этип. Жергелүү көкжал Семетей, Каккан экен ченебей, Каарданган Кутургур, Карап калган кеңгиреп, Эчтемени элебей, Ойроту жок эр Семең, Үзөңгүгө тамандап, Кобо калып чокуга, Оройлотуп жиберди. Кудай урган каапырдын, Денеси болот чойундан, Чокуга чапкан балтаны, Элебейт да, кенебейт, Зыңгыраган бул чочко, Абаң Семей көкжалды, Бучкагына теңебейт. Семетей шайдоот эр эле, Көз ачырбай төбөлөп, Он бирди койуп ийди эле, Алдындагы Тоосур ат, Багалчеги малынып, Кара жерге кирди эле. Тура берсем бекер деп, Токтоп калбай Семетей, Ура берет экен, деп, Эми келип чабарда, Ирмебей кирпик бек тиктеп, Чаптырбаска абаңды, Чыканакка кагыптыр, Чыканагы абаңдын, Сынып кетип калыптыр. Сейтек менен Карадөө, Катар келип калганы, Семетейди жетелеп, Карадөө жолго салганы, Сейитекке Кутургур, Мына бу кепти кылганы: — Ой, Сейитек, Сейитек, Сен үч киши мен бир баш, Теңдешип жүрөм жапжалгыз, Менин атым Кутургур, Коркпойум, билип калыңыз! Эртеңки күнү чыгалык, Бүгүн кайра жаныңыз. Деп ушинтип Кутургур, Бучкакка атты бир койуп, Жүрүп кетти кайрылбай, Теңдиктин жолу ушундай, Сейтек калды кайгырбай. Эки күн өттү арадан, Жалпы аскери Кутургур, Атка минди аламан: — Ак калпак кыргыз элине, Акыр заман мен салам, Беттешип келген ким болсо, Башын кесип өт алам, Эки атам өлгөн кыргыздан, Ошолорго өч алам! Атамдын кунун кууп албай, Кантип Сарытбай мен калам? Сейитекти сайганда, Колу сынык Семетей, Ордодон кармап алганда, Гүлчорону жарганда, Каптап баргын айылга! Үзүк менен туурдугун, Ичмек кылып алгыла, Бооз катын туш болсо, Боорунан тилип жаргыла, Жатындагы баласын, Такыр сууруп салгыла, Кемпир менен чалдарын, Ойноп жүргөн балдарын, Жүндөй сабап ургула! Өлүп калса куну жок, Семетей, Гүлүс, Сейитек, Катар үчөө өлгөн соң, Куну тургай кыргызда, Өлүгүн сурар уулу жок. Жаным тирүү турганда, Бул кебимде жалган жок, Андан кийин Сарыбай, Өлүп кетсем арман жок! Каш кайтарып мен менен, Беттешери калган жок! Деп, Сарыбай дүпүлдөп, Ороолонуп күпүлдөп, Коркуп турат аскери, Эстери чыгып бүлкүлдөп, Жайдын тамыз ысыктай. Кыштын кыраан чилдедей, Нечени турат сүлкүлдөп, Тоосурдун оозун бурду эми, Майданга келип турду эми. Семетей колу таңууда, Гүлчоро жатат багууда, Бакай менен Каныкей, Гүлчорону багышып, Кандай заман болот, деп, Бул Кутургур кагышып, Айчүрөктү жиберип, Улам кабар алышып, Койкүрөң менен Сейитек, Койуп чыкты жарышып, Жетимиш миң Кутургур, Жалгыз башы Сейитек, Эрдик жолун талашып, Алмадай болгон алтын баш, Ажалга койуп баалашып, Беттешип кирди Сейитек, Кутургур менен кармашып. Так эки күн сайышты, Колдорунда найза жок, Чокуга чабар балта жок, Кындан алар кылыч жок, Кылымда мындай уруш жок, Кылым кыргыз журтуна, Күйүп турган кызыл чок! Чокмордун дайны калган жок, Чокмор чабар дарман жок, Мурунку өткөн эрлерди, Ар кандай айтса жалган жок. Ат менен койуп жарышып, Этектен түрө кармашып, Бастырбай жолун торошуп, Үзөңгү боодон өткөрүп, Ээр кашына орошуп, Аттары тартпай шалактап, Үстүндөгү ээлери, Тилдери карыш салаңдап, Чаңкаганда акактап, Кайышып тартып чиренип, Буудандарга камчыны, Карасанга жиберип, Капталга салып жарышып, Өргө салып өкүрүп, Эңишке салып көгөрүп, Бирин-бири ала албай, Ат үстүнөн көмөрүп, Колунан келсе кеткиси бар, Сундуйтуп туура өңөрүп. Дагы эки күн алышты, Аттарын аса байлашып, Кемерден аткый кармашып, Аркасына сүрүшүп, Этектен бурдай түрүшүп, Чымдуу жерди коо кылып, Дөкдүр жерди ой кылып, Көйкөлгөн шибер тулаңды, Кашкайган чыйыр жол кылып, Булкуп-силкип ыргытып, Ыргыттырбай тырмышып, Эки күн өттү бул жумуш. Күнү алты, түнү алты, Эсеби болду он эки, Сейитекке Сарыбай, Айтып турат бул кепти: — Мен Сарыбай, сен Сейитек, Мени менен тең Сейитек, Адамдан чыккан шер Сейитек, Көп көргөмүн эрди мен, Көргөнүм жок сендей мен. Кара баштуу кишиде, Шер экенсин, Сейитек, Артыла түшкөн атадан, Эр экенсиң Сейитек. Тайторуну суратсам, Бербей койгон экенсиң, Өз алыңды белгилеп, Мени менен теңдешип, Эр чыккан жок сенчилеп, Семетей менен Гүлүскө, Ким сайышкан менчилеп? Коңурбай келип Таласка, Кек алам деп энтелеп, Олжо берип, мал-мүлкүн, Качкан экен темселеп. Гүлчоро сендей кезинде, Семетей мендей кезинде, Кандай адам теңдешет? Бүгүн эми караса, Элүү менен кырк бештен, Ашкан экен жаштары, Агарган экен баштары, Кундуздай кара чачтары. Аттар чарчап болокшуп, Эр чарчадык окшошуп, Бүгүндөн башка тогуз күн, Урушту койуп токтотуп, Атты суутуп минели, Бой сергитип келели, Кимдин багы артылат, Андан кийин көрөлү. Сарыбайдын кебине, Шер Сейитек көнгөнү, Айрылып экөө жөнөдү, Кошуна барбай Кутургур, Сары артуунун белеске, Аса байлап Тоосурду, Колуна салып кишенди, Бутуна салып чидерди, Шыпырып алып токумун, Тердигин салып жамбашка, Каңгыны койуп какбашка: — Тамагымды тайарла, Өзүм турам, ойготпо, Тоосур атты откозбо, Өзүм койом копкондо! Айтып койуп Кутургур, Аскер башы жолдошко, Чалкасынан сулады, Аңтарып көзүн жумганы. Муну мындай таштайлы, Сарыбайды Куйалы, Сойгонунан баштайлы.