Семетейдин табылышы
Бир жыл өтүп кетиптир, Жыл айланып жетиптир, Кутубайдын Кара дөө, Жетисууда жата албай, Кайыпчыда мурунтан, Кайберендин кени бар, Жерин чардап, эл чардап, Тамаша кылып сайрандап. Ошондо келген жери бар. Отуз күн жатып адырда, Кайберенден уу уулап, Ителгисин куу-куулап, Ит агытып акырык, Тоо жаңырган бакырык, Талаада жүрүп, деми сууп, Жетисууга кетмекке, Аттанып чыкты чубуруп. Камбыл баатыр Карадөө, Токой деген баланы, Жолдош кылып алганы, Бөлүнүп элден калганы, Кайыпчынын кырынан, Дүрбү салып карады, Туш-тушка көзүн салганы, Көрүндү көзгө өндүрдөн, Бир топ жандын карааны. “Мен келгени бу жерге, Отуз күнчө болду эле, Мындай неме жок эле, Кайгуулчубу жол чалган? Жортуулчубу из чалган, Бул эмине киши?” деп, Абайлап караап олтурса, Чубап келет кырк бир жан, Берекелүү бек айбат, Ортосунда бир адам. Кызыл буурул аты бар, Айбандын түркү көрүнөт, Үстүндөгү мингени, Адамдын түркү көрүнөт, Кызыл буурул жаныбар, Басканы башка алчактап, Айбандан башка көрктөнөт, Үстүндө минген адамзат, Колунда алган кушу бар, Канаттары жаркылдайт, Учуруп койсо үстүндө, Тегеренип калкылдайт, Доолбас уруп какканда, Учуп чыккан өрдөк, каз, Түк бирөөнү куткарбайт. Сөөлөтүн көрүп Карадөө” “Ойноп жүргөн топ адам, Периденби, пендеби? Же болбосо асмандан, Периште түшүп келгенби? Күн төбөдөн кыйшайды, Бир жерге токтоп түшөбү? Же бир жакка кетеби? Абдан дайынын билем” деп, Тикейе тиктеп олтурду. Кайыпчынын тоосу деп, Үстү арсак аппак тоо, Этеги кырка кызыл зоо, Салаңдап келген тумшукта, Туташкан түздө урчукта, Керкилеп кертип чапкандай, Жиптен керип тарткандай, Зымылдаган зоо эле, Зоону түптөп келатып, Жоголуп кетти бир демде. Кетпей жатты Кара дөө, Ким экенин билем, деп, Эртең жана келер, деп, Анык пери окшонот, Зоого кирип кетсе, деп, Токойдо алып жанына, Чаап жетти Карадөө, Өпкөгө атын тепкилеп. Кырк бир атчан киши эле, Байа анык санаса, Калганынын дайыны жок, Жалгыз аттын изи бар, Из кубалап караса. Толгой баскан жеринде, Топурак топ-топ үйүлгөн, Каңтара баскан жеринде, Казан каптай кара чым, Аңтарылып көрүнгөн. Керилип туруп сийген жер, Бут менен колдун арасы, Кере бута кеңдиги, Солбуп бутун тарткан жер, Жер очоктой ойулган, Зоо жакка башын бургандай, Из белгиси ушундай. Эртең абдан билем, деп, Эрикпеген Кара дөө, Кара бойу бир дөбө, Баатырлыгы бөлөкчө, Балбандыгы бир канча, Атын байлап суутуп, Ал да жатты аскада. Уктабай таңды атырып. Эртең менен байкаса, Жыйырмасы чыкты чубашып, Баары тегиз кыз бала. Байкап турса Карадөө, Башын салып аскада, Ортодо чыкты бир адам, Тигилип тиктеп караган, Акылынан жаңылган, Тиштери аппак жаркыган, Айдай беттен нур тамган, Бар сайманы алтындан, Күн чагылып жаркыган, Тик багып адам көрө албайт. Жалт-жулт эткен жаркындан. Артынан чыкты жыйырма кыз, Ойлоп турат Кара дөө: “Маа көрүнгөн бир укмуш” Артынан бу да жөнөдү, Желжетпес минип чуу койуп. Куш салса бирге салышты, Ат койсо бул да жарышты, Күн кеч кирер мезгилде, Аркага кайта жанышты, Мейкин зоого барганда, Кирип кетти калгандар, Кире албай калды Кара дөө, Капалданып таң атты. Кайгы менен өзүнчө, Эртең менен көргөндө. Семетей түшүп эсине: “Семетейди айткандар, Бейажал өлбөйт деди эле, Жаралуу болуп калдым деп. Жашырынып жүргөнбү? Укмуштуу катын Айчүрөк, Чай кайнатып берсин деп, Периден тандап сулуудан, Кырк кыз алып келгенби? Күндүзү кечке куш салып, Түнкүсүн жатып уйку алып, Эр Семетей жүргөнбү. Ушул болуп эрмеги? Айткандардан укканым: Кийгени аппак буладан, Мингени буурул жоргодон, Салганы шумкар койкойгон, Күйүт тарткан немедей, Күлбөгөн мерез сомсойгон” Бала баатыр Карадөө, Атасынан көп уккан, Жолу болсун Семетей, Жолборс эле деп уккан. Так жолборстой сумсайып. Арзандык менен адамга, Арсалаңдап күлбөгөн, Күлгөнүн киши көрбөгөн, Күлбөгөн менен Семетей, Адал пейил, адал сөз, Шамдай жанган эки көз, Адамдан нурдуу деп уккан, Азыркы жүргөн алптардын, Баарысынан сүрдүү деп, Карааны көзгө токтомдуу, Алп мүчөлүү деп уккан. “Атам айткан чын болсо, Нак Семетей экен, деп, Ээрчип жүрүп алты күн, Күн өткөрдүм бекер, — деп, Бүгүн кечте келгенде, Бастырбай тосуп Буурулду, Алдына туруп алайын, Чыгарар бекен зобанын, Эшитип үнүн калайын” Деп ойлонуп Кара дөө, Тирмейип тиктеп турганда, Каадасынча күндөгү, Жыйырма кыз алдында, Жыйырма кыз артында, Өткөнү бара жатканда, Бастырып аттуу бара албай, Же чылбырынан ала албай, Далдаңдап чуркап Карадөө, Алдынан тосуп турганда, Унчукпай бара жатканда: — Абакебиз Семетей, Азап тартты ченебей, Энекеңиз Каныкей, Алганың какшайт Айчүрөк, Жалгызың ыйлайт Сейитек! Гүлчоро иниң кар болду, Эки колдун далысын, Канчоро капыр кескилеп, Кең дүйнөсү тар болду! Олуйа Бакай кар болду, Он эки жыл абаке, Канчоро капыр мар болду! Чоңойуп уулуң Сейитек, Бүгүн Таласка кайта ээ болду... Деп Кара дөө жабырап, Жалынып кетип баратат, Жандай чуркап дабырап. Жалынса да канчалап, Алардан зобан жетпеди. Тоо жарылып аңгыча, Булар кирип кеткени. Элебей калды абакем, Эр энөө деп айтчу эле. Эртең менен болсун, деп, Чыгып бара жатканда, Чылбырынан алайын, Башымды кесип ийсе да, Чырмалып туруп калайын...” Ойлоп атып уктабай, Таң агарды түнөөдө, Кара дөө камбыл эр эле, Кийгени соот күрөккө, Эртең менен көрүнсө, Бурулбай кармап көрөм, деп, Курч байланды жүрөккө. Күн жаркырап, жер бети, Жалган түш болгон кездерде, Тоо жарылып шаңк этип, Чубап кыздар жөнөдү, Шоолаланып жарк этип. Бута атым чыгып абакең, Бурулбай бара жатканда, Эки жеңи салбактап, Эки буту тартактап, Буурул аттын чылбырын, Бура кармап турду эми, Эр Карадөө далдактап, Чылбырдан кармап тыртактап. Жайын айтып кан какшап. Кара дөө ыйлап турганда, Күңгүрөнүп сүйлөдү, Кээсин укту Кара дөө, Кээсин угуп билбеди, — Кээде угат кулагым, Кээде укпай каламын, Кээде тилим күрмөлөт, Кээде тилим күрмөлбөйт, Кээде көзүм жарк этет, Кээде көзүм күүгүмдөйт Көзүмө ачык көрүнбөй, Жердин бети күдүңдөйт. Менин атым Семетей, Гүлчоро десең угулат, Андан башка кептериң, Мага турат чурулдап. Кырк кыз кирип чогулуп, Кирип кетти үңкүргө, Семетейди жүрү, деп, Кайран баатыр Кара дөө, Тоону турду кекетип: — Эр Семетей абамды, Сен чыгарып бергин! — деп. Каныкей, Бакай кыйналды, Эр Гүлүстөн сумсайды, Абакемди сагынып. Айчүрөк жеңем керсары, Атамдын жүзүн көрбөй, деп, Шер Сейитек ыйлады, Бүгүн барып Таласка, Элин кайта жыйнады. Атын айтып эске алса, Орто оокаттуу бай болгон, Абамды аңсап сагынып, Ак калпак кыргыз зар болгон. Катып калган каапыр тоо, Катып жүргөн турбайбы, Ушул бойдон тим болсом, Сейитектин ак тузу, Ашкере мени урбайбы! Кайраттанды Карадөө, Чоң чокморун колго алып, Каарданды үңкүйүп, Кабагың карашы ал салып, Заарданып Карадөө, Уйутуп койгон чойундан, Жолум үйдөй чойун баш, Опколжуп келип урганда, Омкорулуп далай таш, Карс-курс эткен үн чыгат, Асманда учуп топурак, Көктү тиреп зоңкойгон, Тоо түгөнүп баратат. Күнү-түнү Карадөө, Кастарын тоого тиккенде, Жолум үйдөй чойун баш, Жойулуп түгөп жок кылды, Бурма темир саптары, Мүлжүнүп жүрүп аз калды, Алаканы чой болуп, Колунун аккан кандары, Сагызган менен кузгунга, Эркин берген той болуп, Таш түгөнүп быркырап, Карысы какшап зыркырап, Көзүн ачса каранып, Ээрдин тиштеп карарып, Мурункудан жакшыраак, Тоо чоңойду шаңданып, Тоону көрүп Кара дөө, Айраң болуп, таң калып, Аркы жагын караса. Семетей жүрөт куш салып, Алда эмине шумдук, деп, Кайран дөө турду муңканып: — Кылганым бекер болгонум, Каргышка кеткен чунак тоо. Абамды бербей койгону! Таласка кбар кылайын, Айчүрөк, Гүлүс угаар, — деп, Амалын мунун кылар, — деп, Каныкей, Бакай угаар, — деп, Кандайда болсо түйүнүн, Карылар чечип чыгаар, — деп, Шер Сейтек келер, — деп, Баласын көрсө абакем, Кетпей калар бекем? — деп, Жанында Токой баланы, Толгонуп аны карады: — Толкундуу Токой, эр элең, Ат токурум сен элең. Менин атым Чаңчыкпас, Буркураган шор менен, Айабай жүрсөм катуулап, Аркасынан чаң чыкпайт, Ар кандай минсе чалгынга, Кароолдогу эр туйбайт. Чаңчыкпас минип жолго сал, Таластагы төрөгө, Менден кабар айтып бар. Кутубайдын Кара дөө. Кайыпчыга барды, де, Ак жолтой тууган Кара дөө, Семетей таап алды, де, Эки күн жүрдү жалынып. Ээрчип жүрдү зарылып, Карабады Семетей, Кабагын ачып жайылып. Кырк киши бар жанында, Жыйырмасы алдында, Жыйырмасы артында, Түндөсү кирип кетишет, Жылчыксыз тоонун бооруна, Мингени кызыл буурул де, Кийгени аппак буулум, де, Чылбырына чырмалып, Карадөө турду кечке, де, Күн бешимге барганда, Ошондо келди кепке, де: “Кээде угат кулагым, Кээде укпай каламын. Кээде көрөм күдүңдөп, Кээде көрбөй каламын. Канча жыл жүрдүм бул жерде, Ушул менин абалым, Атым менен Семетей, Уксаң менден кабарым” Айтып муну чоң тоого, Кирип кетти карабай, Тоого далай кеп кылды, Кара дөө чыдап туралбай, Тоодон кабар болгон жок, Кара дөө чыдап туралбай, Талкалап тоону түзөтүп, Таап алам деп абамды, Талкандап тоону кулатты, Зоңкойгон зоону уратты, Жолум үйдөй чойун баш, Жок калды де жойулуп, Алакан сөөгү көрүндү, Кол териси сойулуп, Колунан аккан канына, Сагызган, кузгун тойунуп, Мурункудан шаңданып, Тоо кетти де чоңойуп. Амалсыз калып Кара дөө, Тумтак күнү түгөндү, Күлүгүн берип Чаңчыкпас, Айткын деп мени жиберди. Айчүрөк, Гүлүс курбалдаш, Шер Сейитек азыр жаш, Каныкей, Бакай - карылар, Ал бешөөнүн бирине, Айтып койуп кайта тарт, Карапайым кишиге, Айта бербе жабырап. Арабыз опсуз ыраак жол, Он күндөн калбай келип бак, Жүрө бербей салбырап. Хан жумшаса калдайып, Карап Токой турбады, Чаңчыкпас минип дууланып, Жаны жыргап кубанып, Таласты карай жол алды. Күндү түнгө улады, Түндү күнгө улады, Түгөнгөн Токой тың экен, Дем албай кетип баратты. Аркайган нечен тоо калды, Айнектей нечен түз калды, Аккан адыр суу калды, Кайкалаган бел калды, Караңгы токой чер калды, Адыр-адыр жер калды. Чалкалаган төр калды, Чатыраган көл калды, Суусуз нечен чөл калды. Какыраган таш калды, Буртулдаган шор калды. Ошентип жүрүп көп жолдон, Басылбаган аз калды, Чаңчыкпас менен жаш Токой, Өрдөп чыкты чуратып. Кара буура чат калды, Бер жактагы элдерден, Эми бир аз эрмек айталы. Арпанын башы жайыктан, Зуңконун зоосу туйуктан, Музой Калча алыптыр, Бүркүт тууган уйадан, Ак ийин деген балапан. Кабарын угуп Жалгызек, Балапанды сураткан,, Музой Калча сынчы эле, Сурап барган кишиге, Айткан кеби бул эле: — Балапаным ак канат, Мындан качып кутулуп, Алдынан кайсы жан калат? Алдынкы сынын караса, Чубар десе эп келет, Арка жүнүн караса, Тынар десе эп келет, Ырысына караса, Майпоз десе эп келет, Канат сынын билгенге, Жапкан ат десе эп келет, Көз жалынын билгенге, Келтебоз десе эп келет, Туур сынын билгенге, Ыбыкыз десе эп келет, (Табын тапсаң күндө кыз, Табын таап салбасаң, Мээлейиң алып көтүң кыс) Бүркүтүмдө такыр бар, Мунун бирөө кем эмес, Суратыптыр мына деп, Көтөртүп берсем мен сага, Жалгызегиң не берет? Алар болсо бүркүттү, Өзү келсин Жалгызек, Барган киши кайтыптыр, Жалгызекке айтыптыр. Кабарын угуп бүркүттүн, Жалгызек кантип жатыптыр? Атбашыдан аттанып, Мазейил белин ашыптыр, Музой Калча жетем деп, Эң эле жаман шашыптыр, Калың Калча кеп угуп, Жалгызек келди деп угуп: — Музой Калча, оңбой кал, Байлап бербей бүркүттү, Убара кылып баатырды, Мунуң жакшы иш эмес, Колкосун берет болуучу, Кошойдун уулу Жалгызек, Кара жемсөө киши эмес. Панаалап жүргөн кыргызда, Кырк үйлүү Калча бар элең, Эми кантээр экенбиз, Кыйыктаса Жалгызек? Бүжүрөшүп Калчалар, Айтышканы ушул кеп. Коркуп калды ошондо, Музой Калча энтеңдеп. Келе жатып талаада, Удургуп айыл калганда, Коркконун элдин билгени, Музой Калча үйүнө, Жалгызек баса түштү эми. Музой Калча жаш эле, Кырк үйлүү ошол Калчанын, Баарысына баш эле. Атын алып бүгүлүп, Анталашып жүгүрүп, Бээ семизин жыгышып. Бир күн мейман кылышып, Музой Калча көтөрүп, Жалгызектин алдына, Туура тартып турушту, Бүркүттү алып чыгышып. Атасы Кошой олуйа, Казатта жүрүп куш салган, Кобурлуу көнгөн киши эле, Атадан алып көп үлгү, Канаттуунун Жалгызек, Таанып билген иш эле, Карап көрсө Жалгызек, Он эки сыны бар экен, Эки жаккы мүрүдө, Эшилген ак кыл салаңдап, Эки канат чалгыны, Качырдан бетер ак экен, Сегиз колдо барабар, Жетиден көңөө так экен. Ач болсо учпай калгандай, Тойгузуп салса алгындай, Обонсоргок дагы экен, Конгон жери майланып, Майпоз өзү дагы экен, Ачып канат ирмеген, Алдына чыгып уча албас, Көк камчы сыны бар экен. Алды чубар жүндөрү, Аркасы тынар бедери, Ушул болот бүркүттүн, Асыл дордок дегени. Сырткы сыны Ыбыкыз, Мындай бүркүт табылгыз, Качырганын куткарбай, Кармаса каны төгүлөт, Карапайым жөнөкөй, Сарежий жайы көрүнөт. Жалгызек сынап олтурат: — Жетисуудан жем жеген, Желбегей Сыргак ушу, — деп. Табылыптыр бул бүркүт, Музой Калча, багыңа, Зоңконун зоосу жарыктан, Чоң атаң Кубат барында, Ителги тууп бул жерге, Айкөл шердин Акшумкар, Мындан алды деди эле. “Арпанын башы жайыктан, Ак жумуртка туйуктан, Акшумкар чайкап куш кылган, Айкөл шерге туш кылган” Ырчылар ырдап жүргөнү, Ошондон калды деди эле. Кулак уккан укмушта, Андан бери карата, Жан туубады деди эле. Энеси экен чапкан ат, Атасы Молор турбайбы, Эрдигине ишенип, Келип тууган турбайбы, Эби келсе Музой бай, Мага бергин мындайды. Үч жүз жылкы, беш жүз кой, Туур жабары кырк бир төө, Ушул болсун ырымың, Инек уйдан элүү ал, - Жигитине буйурду, - Музой байдын жонуна, Төрт жүз тилла алгамын, Дейилданы жаба сал. Бүркүтүн берип кур калба, Куртканын шаарын саа бердим, Аны кошуп сурап кал, Жана болсо орунчуң, Жашырбай сырың айта сал, Дагы берем тартынба, Алар болсоң жана мал. Жалгызектен муну угуп: — Музой түпкө жетти, — деп, Кекерледи бизди, — деп, Калчалар турду удургуп, Жакшы-жаман кеп укпай, Астына кирип басалы, Атбашы карай чубуруп! Оозуна лам-мим кирбеди, Музойдун тили буулуп. Коркконун билип булардын, Жалгызек турду муну айтып: — Коркпогула, туугандар, Мындай тамсил бир кеп бар - “Сулуу кыз менен күлүк ат, Кыраан бүркүт, зил тайган- Төртөөнүн баасы жок болот” “Кызыл тилдин сөөгү жок, Баш сыпаанын жүзү жок”- Элдер айтып келаткан, Ушул болот “эки жок” Аш кайнамча токтолду, Кыңк эткен пенде жок болду, Коркуп барбайт экен, деп, Жалгызек үч күн токтолду, Беремин деп айткан мал, Баары келип топтоду, Кырк үйлүү Калча бүт кедей, Сүйүнүшүп шоктонду. Жалгызек баатыр бүркүттү, Үч түлөтүп ал салган, Азуулуудан жолукса, Каман, бөрү, түлкү алган, Кашкулак, карсак, саманчы, Көргөнүн качан куткарган? Сүлөөсүн, суусар, чөө алган, Ачкүзөн, мадыл - булардан, Кутулуп кете албаган. Арка алган, кулжа алган, Эчки алган, теке алган, Элик, куран, жээрендин, Качан бирин куткарган? Бирден албай топ алган, Текөөргө темир каптаган, Жеткенин жарып таштаган. Айылда итке түшпөгөн, Бала келип жанына, Асылса канат-куйрукка, Ирмеп көзүн ачпаган. Акылы артык жаныбар, Анча-мынча адамдан. Кабарын угуп Гүлүстөн, Жалгызектин сураткан: “Үч ай салып ойнойун, Кайта өзүнө берейин, Колун куру койбойун” Деп анык айтып болжолун. Эр Гүлүстөн бир күнү, Карабуура Чаткалдан, Бүркүт салып келаткан, Утур чыкты алдынан, Катуу жүргөн бир адам. Кыр арка Гүлүс абаңыз: “Кара дөөнүн Чаңчыкпас, Минген аты ал экен, Үстүндөгү ким экен?” Муну ойлоп калыптыр. Кыңк эткен пенде жок болду, Коркуп барбайт экен, деп, Жалгызек үч күн токтолду, Беремин деп айткан мал, Баары келип топтоду, Кырк үйлүү Калча бүт кедей, Сүйүнүшүп шоктонду. Жалгызек баатыр бүркүттү, Үч түлөтүп ал салган, Азуулуудан жолукса, Каман, бөрү, түлкү алган, Кашкулак, карсак, саманчы, Көргөнүн качан куткарган? Сүлөөсүн, суусар, чөө алган, Ачкүзөн, мадыл - булардан, Кутулуп кете албаган. Арка алган, кулжа алган, Эчки алган, теке алган, Элик, куран, жээрендин, Качан бирин куткарган? Бирден албай топ алган, Текөөргө темир каптаган, Жеткенин жарып таштаган. Айылда итке түшпөгөн, Бала келип жанына, Асылса канат-куйрукка, Ирмеп көзүн ачпаган. Акылы артык жаныбар, Анча-мынча адамдан. Кабарын угуп Гүлүстөн, Жалгызектин сураткан: “Үч ай салып ойнойун, Кайта өзүнө берейин, Колун куру койбойун” Деп анык айтып болжолун. Эр Гүлүстөн бир күнү, Карабуура Чаткалдан, Бүркүт салып келаткан, Утур чыкты алдынан, Катуу жүргөн бир адам. Кыр арка Гүлүс абаңыз: “Кара дөөнүн Чаңчыкпас, Минген аты ал экен, Үстүндөгү ким экен?” Муну ойлоп калыптыр. Эр Гүлүстөн жөнөдү, Эркечтей болгон Сур менен. “Жаман күндөр жанымда, Жакшы күндөр алдымда, Абамдын уктум кабарын. Эки күндө жеткиргин, Кайыпчыга маалында. Абакем көрсөм маа жакшы, Тайбуурул көрсөң саа жакшы” Антташып да, шартташып, Атырылтып Сур атты, Чаңчыкпас менен жаш Токой, Кой эти бышым жанашты. Андан кийин Суркойон, Караансыз кетип калганы, Эки күн, эки түн өтүп, Капчыгайга барганы. Барып жетсе Гүлчоро, Кара дөө турат калдайып, Колдорунан кан агып, Бүткөн бойдон тер агып, Эки буттун ортодон, Булактай булуп суу агып, Гүлүстөндү көргөндө, Кара дөө калды дууланып. Аңгычакты болбоду, Ортого алып абаңды, Кырк кыз келет чубашып, Суркойон менен Гүлчоро, Семетейге жанашып, Салам айтты заңк этип, Семетей карап койгон жок, Мурункудай жарк этип, Унчукпай кетти бастырып, Буурул менен болкойуп, Ак шумкар колдо койкойуп. Амалы кетип Гүлчоро: “Он төрт жылдан бер жакка, Азап тарттык канчалык, Абакем албай капарга, Таарынып калган экен” деп: — Айланайын абаке, Таарынгындай жериң жок, Амалсыз калган биздерге, Он эки жыл зар болдук, Убакты жок издерге! Деп жабырап баратат, Аңгычакты болбоду, Тоонун койну ачылды, Кирип кетет экен, деп, Эр Гүлүстөн шашылды, Шашкан менен болбостон, Кыздар менен Семеңди, Ичине тоо жашырды. Гүлчоро менен Кара дөө, Ошол жерге жатышты, Тандап туруп бугунун, Семизинен атышты. Күүгүм кире күн бата, Токой да келип кошулуп, Бугу этинен татышты. Эртеси күнү болгондо, Күн шашике болжолдо, Кыздар менен Семетей, Кырка чубап тургандай, Ойго арыш алыптыр, Ошондо карап тура албай, Ойрон Гүлүс барыптыр, Ээрчий жүрүп талыкпай, Такыр кебин салыптыр. Мелтиреп абаң унчукпай, Кылайып бир ооз кеп чыкпай, Кайра тарткан кездерде, Алмамбет уулу эр неме, Тайбуурулду чылбырдан, Таамай жетип алды эле, Мамындай кебин салды эле: — Мен Гүлчоро, сен Буурул, Казакка кеткен тартууга, Кайдан келип туш болдуң, Абакем салган Акшумкар, Абам колго түшкөндө, Агыткан экен Айчүрөк, Эми кайдан келип туш болдуң? Он төрт жыл көрбөй абамды, Ичим бышып бук болдум. Караган көк бит чагымда, Куржунга салып байланып. Багып жүрүп чоңойттуң, Калтырдым көөнүм кай жерде, Карабай, аба, не болдуң?! Эки күн болду келгеним, Кылчайып карап койбодуң, Ак сүтүн берген саа сактап, Уктабай түндө сак сактап, Каныкей болду ынтызаар, Унутуп аба, не болдуң? Он эки жыл зор Бакай, Керүүгө салып төө бакты, Унаа минбей жөө бакты, Ыйлап жүрүп сени деп, Муштумдай көзү шишиди, Аарчый албай чылпакты. Олжого кетти Айчүрөк, Жетисууда төрөлүп, Ат көтөргүс зор болду, Жалгыз балаң Сейтек. Саамайына ак салды, Зарланып жүрүп сени деп, Аташканың Айчүрөк; Абамдын жүзүн көрсөк, деп, Ак калпак кыргыз эл жүрөт... Анда-санда Семетей, Гүлчоро доошун эшитет, Күңгүрөнүп бир кезде, Күч менен сүйлөйт күч менен, Жана мындай кепти деп: — Кулагым менин уга албайт, Айткан кепти калтырбай, Такыр угуп чыга албайт. Ачык көзүм көрө албайт, Айгине таанып биле албайт. Каныкей, Бакай дегениң, Алганың Чүрөк дегениң, Гүлчоро бу сени деп, Ушул менин күмөнүм, Гүлчоронун этинде, Кийген сыйкыр көйнөк бар, Кубултуп кетет экен, деп, Көйнөктүн жеңин бек тартып, Буудан күлүк Буурулдун, Чылбырын кармап кыскартып, Жүрү, абаке, жүрү, деп, Буурулду тартып калды эле, Кайып кыздар чогулуп, Ортосуна алды эле, Гүлчородон Семейди, Ажыратып ала албай, Алда кандай адам, деп, Айран-таң болуп калды эле. Ачып айта кетейин. Кыздардын жайы ал эле - Өтүп кеткен учурда, Кайыпчал деген бар эле, Өзү адам баласы, Алганы пери кызы эле, Ар жылы болуп бойуна, Бирден сулуу туучу эле. Үч жашка чыккан кезинде, Тун кызын алды Шукшур дөө, Экинчи кызын бир жашта, Тартып кетти ушул дөө, Андан кийин тууганын, Арадан кырк өткөрбөй, Алып кетип туруптур, Жылда тууса, жылда жок, Кайыпчал менен катыны, Куу бөрүдөй улуптур, Жетинчи бала тууларда, Акыл ойлоп туруптур. Кайыпчалдын алганы, Айына жакын калганы, Акыл ойлоп Кайыпчал, Бооз канчыктан бирди таап, Жуунду берип кетирбей, Багып жүрдү сак сактап. Толгоо кирип бир күнү, Жана бир кыз төрөлдү, Ак куунун кеби оролуу, Туулган кызды көргөнү, Ашып-шашып Кайыпчал, Канчыкты карай жөнөдү. Жалгыз күчүк тууптур, Алып барып күчүктү, Зайыбынын салып алдына, Кайыпчал айтты зайыбына: — Сен төрөдүң жети кыз, Жетинчиси ушул кыз, Баарысын алды Шукшур дөө, Баласы жок жүрөбүз, Ар жылы отко күйөбүз. Күчүктү карап буркурап, Сен олтургун, теңдешим, Кызды алып көтөрүп, Бир жерге таштап келейин. Мына ушинтип Кайыпчал, Зайыптын алып кеңешин, Көтөрбөс болуп жемесин. Өзү шайдоот Кайыпчал, Кызын алып кепке ороп, Үргөнчтүн барып жерине, Кыйбанын келип элине, Баланы жерге таштады, Маарап келип бир аркар, Эмизе кызды баштады. Аңчылап жүрүп Акун хан, Ушул кызды тапканы, Атын койуп Айчүрөк, Асырап аны бакканы. Чынкожо, Толтой, Семетей, Талашып жүрүп Чүрөктү, Кыпкызыл кандын акканы, Акундун кызы Чүрөк, деп, Ар качан салат дүмөк, деп, Ошол кеп элдин айтканы. Кайра келсе Кайыпчал, Шукшур дөө келди асмандан. Эшиктен кирсе үйүнө, Катыны ыйлап какшанган, Күчүктү көрүп кансыз дөө, Кайыпчалдын үй ичин, Бардык жерин аңтарган. Ит тууду деп Шукшур дөө, Андан кийин баспаган. Кайыпчал деми сууду эле, Кайыпчалдын катыны, Төрөбөй жүрүп нечен жыл, Жана бирди тууду эле, Атын койгон Көкмончок, Чектен ашкан сулуу эле, Баштагы болгон иштерди, Кайып жандан укту эле. Бир тууганы Чүрөктү, Акун хандын кызы деп, Анык кабар укчу эле, Анткени менен Көкмончок, Ким алганын Чүрөктү, Андан кабар укчу эмес. Кайыпчал кызы Көкмончок, Көк көгүчкөн кеп кийип, Көп окуп сыйкыр жат билип, Кырк кыз алып жанына, Тамаша кылып жүрүүчү, Пенде менен перинин, Аралашып баарына. Кеңколдогу Төрткөлгө, Жылында бир убак келүүчү, Башоонанын айында. Киши жокто келүүчү, Киши жокто кетүүчү. Кебин таштап кыз болуп, Көлдү ойноп кечүүчү, Мезгилинде Көкмончок, Кеңколго келсе көлдү издеп, Мурункудай бош эмес, Жер кайнаган эл жүрөт. Тегеренип асманда, Туруп калды Көкмончок, Не жумуштур билем, деп, Так ошондой убакта, Семетейге Канчоро, Найза сайган кара ниет, Аркасынан бир киши, Чаап өтсө чыкыйга,, Жер тайанды жыгылып, Бардасы беттен ачылып, Каптады жерди нур чыгып. Ойуна алган Көкмончок, “Пенде менен периде, Барбаган менин жерим жок, Бул өңдөнгөн адамды, Мен көргөн жерим деги жок.” Башына арман муң түшүп, Каптап турган кызыл чок, Сыйкыр менен көз байлап, Семетейди көргөзбөй, Алып кеткен Көкмончок. Андан кийин калгандар: “Өлгөнүн киши көргөн жок, Көр казып аны көмгөн жок, Бей ажал өлбөйт Семетей, Батадан бүткөн бала” деп, Айтып жүргөн ошол кеп. Алып келип Көкмончок, Ким экенин билдирбей, Багып жүргөн ошол чак, Кайыпчыга бир күнү, Ак шумкар келген баркылдап. Семетейди көргөндө, Колуна конгон жаркылдап, Бир күнү келип калыптыр, Ээр-токумчан буурул ат. Тил сүйлөбөс тел болгон, Кулак укпас кер болгон, Абакемди Көкмончок, Буурул атка мингизип, Күндүзү шумкар салдырып, Илбээсинди алдырып, Ушундайча турганы, Үч ай токсон күн болгон. Балта тийип чыкыйга, Найза кирип өпкөгө, Кош өпкөсү тешилген, Багып жатып Көкмончок, Араңдан зорго жетилген. Мээнин кабы жарылган, Жүрбөй каны уйуган, Сүйлөбөй тили буулган, Айабастан иштетип, Канча түрдүү дарыдан, Арылган араң ириңден, Ириң жеп тамыр чириген, Ушундай түрдүү себептен, Тили кечир булдурап, Так келе албай чулдурап, Кулагын турган чер басып. Шар уга албай датташып, Канча жыл жатып күн көрбөй, Көзүн турган кал басып. Семетей алып кетүүгө, Кыздын баары барышты, Жетелеп алып кетээрге, Чылбырынан алышты. Чылбырынан кармаса, Тутам эмес кучакка, Бата албайт чылбыр караса. Айдаса буурул былк этпейт, Чылбыры Гүлүс колунда, Тоо баскандай солк этпейт, Карадөө, Токой жардашып, Тирмейе тиктеп карашып, Абасы менен Гүлчоро, Көргөнгө көркөм жарашып, Тура турсун эрендер, Биз башкадан кабар алалык. Жалгызектин Акканат, Ачып канат ирмеген, Алдынан учуп чыга албас, Сагызган ийин чапкан ат. Акылы артык жаныбар, Көөдөнүн салып Сыргакка, Асманга чыгып бир паста, Коргондун көрүп караанын. Эки канат бүктөлүп, Түйүнчөк болуп түйүлүп, Канатынан куу чыгып, Шуулдаган үн чыгып. Куйруктан түтүн буу чыгып, Обону карай созулуп, Күүсүнө чыдап тура албай, Көөнөргөн дубал-тамдардын, Канчасы калды бузулуп, Коргондору бүт элге, Үйдө-эшикте олтурган, Талаа-түздө жүргөнгө, Доошу такыр угулуп. Жер солкулдап дүңкүлдөп, Там кыймылдап сүлкүлдөп, Жер чайкалат экен, деп. Баардык эл чыкты бүлкүлдөп. Кабарга келген Агийин, Коргондун конду кырына, Таманы жерге тийгенде, Ашыккансып уккун деп, Шаңшып ийди чынында, Агийиндин келгенин, Сейтек көрүп алдында: Ак жолтой тууган абакем, Эмне үчүн бүркүтүн, Агытып ийди экен, деп, Агийинди абакем, Агытпады бекер, деп, Аңгычакты ар жактан, Каныкей келди эпеңдеп, Басып келди хан Бакай, Калтырап муун тепеңдеп, Желге ыргалып абаңдын, Кыл сакалы сеңселет, Теңселе басып Айчүрөк, Бу да келди энтелеп. Каныкей анда кеп айтат: — Айашым Бакай, — деп айтат, Мен түндө жатып түш көрдүм, Бир сүйкүмдүү иш көрдүм. Падышам Манас баатырдын, Коргонунун дарбаза, Коморулуп калыптыр, А дүйнө кеткен Алмамбет, Ошол оңдоп салыптыр, Баш босого аштоосу, Башка болуп калгандай, Айаш Бакай, оңдодуң, Килити чыкпай койгондо, Келип өзүм оңдодум. Кулпу салчу төңөлүк, Көзөөсүз туйук болуптур, Аны Кошой абабыз, Көзөөлүү кылып ойуптур, Жетпей кыска болгондо, Узатып Чүрөк чойуптур, Кара лөк кому жерде экен, Гүлүстөнүм комдоду, Сейитегим уктачу, Керебет алтын болгону. Сейитектин башына, Алп каракуш конгону. Бул түшүмө карасам, Семетейден бир кабар, Гүлүсүм таап алганбы? Байлап койсом өлөт, деп, Агийиндей шумкарды, Агытып кетип калганбы, Олуйанын үйүндө, Үч түлөгүн түлөгүн, Жаныбарым Агийин, Асмандап учуп бул жерге, Бирге кабар салганбы? Же болбосо бул менин, Ойлогонум жалганбы? Түндөгү түшүм чын болсо, Кулак түрүп туралы, Семетейден бир кабар, Ак жолтой Гүлүс кылабы? Түшүмдүн көп ойлондум, Ай эсептеп күн санап, Эсебин алып болгомун, Төлгөгө чапкан Тайтору, Сейитекке келгенге, Он бир эле күн калды, Тайтору келген күндөрдө, Семетей келип калабы, Анда айтат Сейитек: — Асыл энем акылы, Аба энеден кем эмес, Айткан кеби энемдин, Жалган болгон деги эмес, Чын болот деген көп кеңеш. Койкүрөң минип жөнөйүн, Кай тарапка кетти экен, Гүл абамдын артынан, Изин кууп көрөйүн, Из чыгарып аныктап, Анан силерге кабар берейин. Анда Бакай муну айтат: — Эки айдын алдында, Мен бир белги көргөнмүн, Гүлчоро менен Сейитек, Каныкей менен Айчүрөк - Баарыңарды чогултуп, Бир айтсам деп жүргөмүн, Жашылдан күрмө жеңи жок, Жакасынын теңи жок, Аз жери бар, көбү жок, Сакалың кыса бир эли, Аң-таң болуп турганда, Күрмөңдү силкип кийгин, деп, Сакалын сылап көргүн, деп, Гүлүсүм айтып жиберди, Силкисем чапан бүтөлдү, Сыласам сакал жетилди, Ошондон бери карата, Жүзүн көрөм деп жүрдүм, Артык Семей жетимди. Айчүрөк айтат күбүрөп: — Жүрү, энеке, жүрү, — деп, Асмандагы тийген ай, Түндө кирди койнума, Кармап алдым колума, Семетей болбой ким болот? Кечигип калсак бара албай, Балаңдын көөнү кир болот. Кечигип булар калганда, Жаныбарым Агийин, Канатын күнгө каккылап, Куйругун жерге чапкылап, Кайыпчы жакты бетке алып, Учкалы калды койкоңдоп. Аңгычакты Айчүрөк, Сейитекке айтат кеп: — Акжал менен Сүтбозду, Чоң атаң менен энеңе, Токутуп келгин белендеп. Канатым бар учармын, Асман менен сызамын, Антип кетип калганда, Эрежесин кыргыздын, Мен Айчүрөк бузармын, Улуулар калса аркада, Учсам Чүрөк алдыда, Уйатына калармын, Аркаңдан, балам, салпылдап, Ээрчип учуп багайын. Менин атам эле, деп, Алдына барба энтелеп, Көзү тийет атаңдын. Тигилип калса бек тиктеп. Алтын чырай нур бети, Бүтүн кылым элде жок, Атаң Семей келбети, Төгүлүп жерге тамчудай, Бетинен жааган бермети. Жүзүмдү киши көрөт, деп, Башынан барда албаган, Кишиге көзүм тийет, деп, Сарапча көздөн албаган, Кузуруна каласың, Булардан мурда сен барсаң. Ошол кезде карасаң, Койколоңдоп Агийин, Канат жүнүн тараган, Салаңдап каты көрүндү, Мойнуна асып байлаган, Сейитек катты алыптыр, Ачып окуй салыптыр: Абакемди Кара дөө, Кайыпчыда тапты, — деп, Жиберген Токой айтты, — деп, Бурулбастан кеттим, — деп, Олуйа абам, энекем, Сейитек иним, жеңекем, Аркамдан төртөөң жеткин, — деп, Калган элге туйгузба, Ачык эмес кепти” деп, Каттан угуп кабарды, Карап булар турбады. Ак жал минип абакең Сүтбоз менен энекең, Койкүрөң менен Сейтек, Ак куу болуп Айчүрөк, Күн-түнү жок желиптир, Кайыпчы жете келиптир, Арстан Гүлүс караса, Абакең келет шалкылдап, Ак сакалы жаркылдап, Каныкей келет каркылдап, Эмчек сүтү тамчылап. Сейитек келет караса, Койкүрөң менен койгулап, Айчүрөк келет кубулуп, Күн чагылып канаты, Асмандын бети нур толуп. Алар менен иши жок, Абаң Семей баатырдын, Айткан кеби бул болуп: — Суптардын суусу куйулса, Ачылар беле кулагым, Көзүмө андан сыйпаса, Көрөр беле көздөрүм. Суптарынын суусу деп, Каныкей сүтүн эстеймин. Кой марек болуп сыдырса, Жумшайт беле тилдерим, Суйсалдын мээри табылса, Кирет беле күчтөрүм, Үнүңдөн кылам бодолго, Сен окшойсуң Гүлүстөнүм... Токтоно албай Гүлчоро, Абаке келди зор Бакай, Энекем келди Каныкей, Аташкан келди Айчүрөк, Уулуң келди Сейитек, Көрүшкүнүң абаке, Кол кармашып бир-бирлеп. Гүлчоронун айтканын, Укпай калды бир жери, Гүлүстөнгө Семейдин, Мына бул болду бир кеби: — Сен Гүлчоро, кайра тарт, Каныкей менен Бакайга айт, Мага дабаа болчуну, Элден сурап издеп тап. — Макул болот абаке, Мен табайын эми эле. Аңгычакты болбостон, Алдында Бакай, Каныкей, Артында Чүрөк, Семетей, Булар жетип келди эле. Бакайга карап Гүлчоро: — Абамды бекер кыйнабай, Көз жашын төгүп ыйлабай, Кайратты мыктап кылгыла, Кепти менден уккула, Эр Гүлүстөн мындай деп, Семетейдин айтканын, Баарын айтып жиберет. Карыйа Бакай карк этип, Жез комуздай шаңк этип: — Андай болсо Гүлүсүм, Ой, Каныкей айашым, Кереметтүү киши элең, Келээр чакта иштерди, Канча жылда келээрин, Учур чакта билчү элең. Сакталган сүтүң бар беле? Кулагына куйалы, Көзүнө сыйпап багалы. Кой марек болуп сыдырса, Жумшаар беле тилим, деп, Айткан экен кабылан, Кой марек кайдан табылар? Алмамбет уулу Гүлүстүн, Акылы артык, көөнү ак, Андан кеңеш кутулбас, Гүлчоро айтат ошондо: — Айланайын, абаке, Кыл мурутуң сеники, Кой маректен кем эмес, Суйсалдын мээри дегенге, Суйсалдан өөдө көрөмүн, Айчүрөк сындуу жеңемди, Сейтек басса бооруна, Күч-кубаты толбойбу, Жеңем менен Сейитек, Суйсалчалык болбойбу? Аңгычакты Каныкей: — Канчоро эмген эмчектин, Кан чыккандан азырга, Сүтү катып калганы, Байатадан балкылдап, Эмчегим ийип баратат, Канчоро эмген сол жагы. Ашыгып Гүлүс кеп айтты: — Андай болсо, энеке, Кулагына тамызгын, Колуңду тосуп жеңеке, Көзүнө сыйпап агызгын. Кайран жеңе Чүрөктө, Момунжан берген дарыдан, Ажал жетип кетпесе, Башкага дабаа табылган, Отуз жыл каткан шириге, Тийгизип койсо жумшаткан, Дары-дарман баары бар. Кырк жыл болуп дат баскан. Сыйпап койсо күмүшкө, Аппак кылып агарткан. Сүткө кошуп Айчүрөк, Как ушундай дарыдан, Кулагына тамызып, Көзгө сыйпап жиберип, Сулумсур деген жоолук бар, Артына аарчып имерип, Аңгыча Бакай абаңыз, Кыл мурутун сылады, Сылап кайра тарткыча, Бир мурут чыга калганы. Муунумдун тилин сыдыр, деп, Бакай айта салганы, Алмак тургай Айчүрөк, Кетенчиктеп жүгүнүп, Жерге олтура калганы, Алмамбет уулу Гүлчоро, Сүйүнүп жашы токтобой, Эр Бакайдан алганы. — Оозуңду ач абаке, Кой мааректи таптым. — деп, Гүлүсүң айта салганы. Тилин сунду булайтып, Жети сапар Гүлчоро, Семетейдин сыдырды, Кызыл тилин чубалтып. Ошол кезде Семеңдин, Кулактары шырылдап, Чымын кирип алгандай, Чың-чың этип чыңылдап, Көзүнүн жээги ачышып, Тилинин түбү кычышып, Эт жүрөгү элбиреп, Бүткөн бойу мемиреп, Чолпондой көзү жарк этип, Кулагы угуп шарк этип, Асманды тиктеп көз бардап, Жерди карап алаңдап, Амансыңбы, аба, деп, Зор Бакайды кучактап, — Салмагым көөхар экен де, Саадагым кырк кез экен де, Арстан Манас барында, Ошол кезде өлбөдүм, Же өзүң аман барыңда, Ошол кезде өлбөдүм, Канчоро иттин тушунда, Көрбөгөндү көрбөмүн! Каңгырап Бакай ыйлады, Калдырап таштар кулады, Анда Семей муну айтат: — Кой, абаке, ыйлаба, Асыл жанды кыйнаба, Баатыр сендей болобу? Баласы аман табылган, Ыйласа жакшы болобу, Каныкейди Семетей, Сагынган экен ченебей, Төшүнө башын койгону, Мемиреп жаны жай алып, Куш уйку салып ойгонду. Зор Бакайды жалт карап. Каныкейди пааналап, Айчүрөк турду кылчаңдап. Сейитекти Семетей, Мына бу бала ким, деди, Эр Гүлүстөн ошондо, Жоопту мындай жиберди: — Сен кайып болдуң абаке, Мен кайып болдум ал жерде, Өзүңө маалым ашкере, Ошол жылы жеңемдин, Бойунда калган бала эле, Азап менен туулду, Ат койбой үч жыл бул турду. Балаңдын аты Сейитек, Кызыр койгон атты, — деп, Он экиге чыкканда, Таласты кайта тапты, деп, Чачылып кеткен кыргызды, Чогултуп кайра бакты, — деп, Көзүң тийип кетээр, — деп, Эр Гүлчоро моминтип, Кучактап уулун алганда, Көзүнө жоолук басты эле, Эзилип бойу абаңдын, Сызып тери акты эле. Капкачанкы каткан тер, Баары бойдон тарады, Нечен жылдык болгон күч, Бойуна келип жыйналды, Койо берип баланы, Айчүрөктү карады. Түрө тиктеп Айчүрөк, Көзүнүн жашы кылгырып, Семетей менен Чүрөктүн, Турушуна окшошуп, Себелеп жамгыр жыбылжып, Жел жүрбөй дымып токтолуп, Жердин бети чок болуп, Тиктеп турган Семетей, Бут солбуду козголуп, Хан Бакайды кыйырда, Айчүрөк күлдү оштонуп. Сүйкүм жел жүрүп зыркырап, Булуттун баары чачылды, Сепсеркелеп жааган күн, Бир демде кайра ачылды. Жан-жаныбар тура албай, Үн салышты чуркурап, Камыштын башы куулдап, Жыгачтын баары шуулдап, Кыздар комуз каккандай, Тоо жаңырып зыңылдап, Суу бойуна тоңгон муз, Эрип кетти жымылдап, Согум айы болгон кез, Көк көрүндү жымырап, Чээнге кирген курт калбай, Чуркап жүрөт кыбырап, Боордо борпоң таш калбай, Баары түштү дыбырап. Толгоно түшүп Семетей, Гүлчорону кучактап. Айтып жатты буларды, Көзүнүн жашы бурчактап: — Тар курсакта жатпадык, Талашып эмчек татканбыз, Каныкей сүтүн актадың, Кайаша мага айтпадың, Өлүмгө сынап жумшадым, Башыңды кайра тартпадың. Он экиге чыга элек, Он бир жарым жашыңда, Үркөнчтөн чалгын чалганың, Толтойду жерге жаздадың, Чынкожону атканың, Кайра айттың деп абама, Көкчөнүн уулу Үмүтөй, Башын кесип таштадың, Жашың кырктан ашканда, Он эки жыл азапты, Опсуз катуу тартканың. Коңурбай келип Таласка, Отуз эки алп басты, Коркуп андан качпадың, Кечилдин ханы Коңурбай, Кесип башын сен алдың, Бейжинде өлгөн бектердин, Баарынын кегин бир алдың. Атама атаң эмчектеш, Өзүмө өзүң эмчектеш, Сүт эмишкен, антташкан, Тууган бүтпөс, дос бүтпөс. (Кары-жашы аралаш, Карап турат баарысы, Гүлчорону кучактап, Гүлүстөн, абаң Семетей, Көзүнөн кетет мончок жаш) Тууганга чыгат тууган кас, Карынын кебин албаган, Жакшы болбойт ошол жаш, Жыгылганым билемин, Эми көрдүм силерди, Орто жерде кандай иш, Не болгонун билбеймин, Түш көргөндөй элестейм, Акшумкар алып колума, Тайбуурул минип жүргөнүм, Бир кыз жүрдү аралаш, Айчүрөк деген күмөнүм. Семетей айтып жатканда, Аңдып турган Көкмончок, Ашкере билди ошондо: “Бул Манастын уулу Семетей, Мени менен бир тууган, Тиги Айчүрөк экен, — деп, Бүгүн болду ашкере, Кайыпчал атам айткан кеп, Сүттөн ишим ак эле, Эл айыңдап жүрбөсүн, Эжесинен Көкмончок, Эр талашып жүрөт, деп, Жүргүн, кыздар, жүргүн” дейт, Айчүрөккө билгизбей, Түк кишиге туйгузбай, Көйкапка кирип кеткен дейт. Кеткен кыз менен иши жок, Гүлчорону кучактап, Семетей ичи кызыл чок. — Аттанып чыксам акжолтой, Аркамда жүрсөң сан колдой, Эмишкен эмчек тууганым, Өрнөккө чабаар бууданым, Жоого салаар балбаным, Беттешкенде алганым, Берекелүү бек айбат, Белдүү Гүлүс арстаным. Ак калпак кыргыз элиме, Меникинен сеники, Көбүрөөк өттү эмгегиң. Үзөңгү бутта, бак башта, Жан уйада турганда, Угуп турсун Сейитек, Күбө болсун зор Бакай, Билгини сага бергеним. Билип баатыр, иш кылсаң, Кубанычка батамын, Билбей кокус иш кылсаң, Билбедим деп айтпаймын, Бар билгини сен алгын, Сейитек болсун каралдың, Жайын айтып угузгун,, Канчоро деген айбандын, Атасы Чубак шер экен, Атам менен тең экен, Сен экөөбүз кептенип, Бирге өскөн кеп экен... Семетей айтып жатканда, Бакай баатыр баркылдап: — Кой, Семетей, кеп кылба, Курусун жүзү каапырдын! Темирхандан келгенде, Тилин албай энеңдин, Көбөшкө өзүң аттырдың. Абаң Бакай, Каныкей, Алганың Чүрөк мынаке, Барбагын деп күмбөзгө, Баарыбыз айтсак болбодуң, Бүгүн билип турасың, Канчалык иштин болгонун. Сагынгандыр, Семетей, Сен окуган куранды, Кабылан Манас жан досум. Бачымыраак баралы, Кабарсыз калды калың эл, Бизди издеп ар кайдан, Упурак болуп калабы? Ушуну менен кеп калды, Кара дөөнү кошо алып, Таласты карай аттанды. Бурулбастан түз басып, Кеңколго жетти жанашып, Кай кеткенин биле албай, Хан Сейитек, Гүлүс жок, Каныкей, Бакай, Чүрөк жок, Элдер турган карашып, Эмне дээрин биле албай, Акылынан адашып. Токойду бачым бар, деди, Коргонго кабар сал, деди, Семетей келди деп айтып, Айкөл шердин күмбөзгө, Баштап келе кал, деди, Токойго кабар салыптыр. Сандалып турган калың журт, Сапырылып барыптыр. Манастап ураан чакырып. Бабедин деп бакырып. Колунда барлар тура албай, Семетейдин алдына, Кунан байге чаптырып, Күмбөздү тайып түлөөгө, Коондой бээни жардырып, Ак бозунан алдырып, Ай тамактап чалдырып, Кемегесин каздырып, Көп казанды астырып, Калбай кыргыз көп келди, Кара курттай кыжылдап, Бар казанда май кайнап. Үстү ачылбай быжылдап, Куран окуп молдолор, Үн салышып кожулдап, Кеп салышкан андан көп, Топ-топ болуп божулдап, Күмбөздүн келип оозуна, Каныкей, Бакай, Семетей, Хан Сейтек, Гүлүстөн, Катар бешөө олтурат. Алтындан кылган чоң сөйкө, Акыректе жаркылдап, Он эки буттуу чоң чачпак, Аркасында шаркылдап, Түймөсү жакут, кохар таш, Көз уйалып жалтылдап, Айчүрөк жеңең ал турат, Үй мүйүз тартып карашып, Ак калпак кыргыз эл турат, Кыз-келин күлүп шыңкылдап, Айлана басып тосоттоп, Боз улан турат кылкылдап, Кара сууда балыктар. Шалак-шулак жалтылдап, Сууну бойлоп кундуздар, Сүзүп барат кылкылдап. Каздар учуп каркылдап, Өрдөк, чүрөк шарпылдап, Алп кара куш баш болуп, Канаттуу калбай келгенби, Күн жүзүн бербей калкылдап. Керүүдө төөлөр дардайып, Адырда кулжа калдайып, Бугулар чыгып токойдон, Мүйүздөрү тарбайып; Бой жасап тоолор зымырап, Адырда малдар жыбырап, Жан-жаныбар быжырап, Тирүүнүн баары кыбырап; Мен каламбы дегенсип, Жалбырактар дырылдап, Тескейдеги карагай, Бойун созуп карашып, Тал менен кайың бой жасап, Карагайга жанашып, Четин менен табылгы, Кыпкызыл болуп жарашып, Саргарган чөптөр ыргалып, Кеңкол ата, чоң Талас, Кадимкидей түрдөнүп, Береке кирди тоо-ташка, Баштакыдай сүрдөнүп. Күмбөздөн доош үн чыгып. Көрүнөө болуп нишарат, Ордого келди дүрбөшүп. Ат жетээр жерде жан калбай, Келип-кетип топтошуп, Семетей менен көрүшүп, Эсен-соосун билишип, Кыргыздар жетти жыргалга, Мурункуга окшошуп. Муну мындай таштайлы, Тайторуга таарынган, Сарыбайдын кыргызга, Дүмөгүнөн баштайлы.