← Сейит 1/8

Сейиттин өлүмү

Келди деп угуп Кененим, Алдырып келип кан чыкты, Жаманбайды алдырды, Сейит кебин бузбастан, Атын буруп башкага, Ал кара бет кан чыкты, Эрге бермек болушту. Кененим уккан укмуштан, Желмогузду өлтүрбөй, Кармап алса түрүүлөй, Адамга нике кошулса, Тукум көрбөй калат, деп. Үзүлсүн деп тукуму, Кубулке деп ат койуп, Жаманбайга катын деп, Алып берди ушуга. Эр жабдыгы Жаманбай, Эбегейсиз зор болуп, Алалбай катын бул чакка, Жүрүчү эле сенделип, Атка минип эрбейип, Найза кармап сербейип, Кененимдин жанында. Кабарын уккан катындар, Качып жүрчү жолобой, Өлүп кеткен беш катын, Жаманбайга жанашып, Көр напсиге ээ болбой. Катыны жок бой келген, Элүүгө жашы чыккыча, Жаркыны тийип Сейиттин, Кубулке алды бул чакта. Төшөк салган кечинде, Кантер экен булар деп, Катындар келип акмалап, Чач мончогун кармашып, Аста басып барышып. Тыңшап калды сагалап. Чыдай албай Жаманбай, Кубулкеге аштады, Ойрон болгон Кубулке, Бар тамыры сыздады, Шейшеби канга чыкталды, Мына ушинтип алардын, Бүтүп калды бар иши, Каадасы ошол катындын. Өрттөнүп өлгөн Жаманбай, Өмүрү катын алалбай, Сийдиги ууга айланып, Калган экен түгөнгүр, Сийдик тийсе жатынга, Өрт алгандай куйкалап, Кубулке менен Жаманбай, Ошентип бала табалбай, Өтүп кетти жалгандан, Оопасыз дүйнө ушундай, Эр Сейити жолборсуң, Желмогуз атын өчүрдү, Тукуму жок желмогуз, Үзүлүп калды ошентип. Тукумумду үздүң деп, Жаш өмүрүң көрбө, деп, Кубулке каргап Сейитти, Кээ бир түнү уктабай, Таң аткынча каргады, Сейити жаштай өлгөндө, Каргышка кетти деп калды. Арстан бала Сейити, Жай алып үйдө жаталбай, Кербен менен келгенден, Нечен түркүм кеп угуп “Баркөл менен Алтайга, Казактын элин аралап, Калмак келди”деп угуп, Кабарын угуп туралбай: “Түп атамдан бер жакка, Кыргыз менен казакта, Аралап калмак кыре албай, Жүрүчү эле башынан. Күнөстөн нары карата, Так Манаска баргынча, Адыр тоосу малга жай, Атактуу Эренкабырга, Кой кыштаткан адырга, Калмактан келип калдыбы, Каңгып жүрүп аларга, Асман көлдүн адырын, Бөлүп салган жер эле, Бугу менен маралга. Ойрон болгон калмактын, Келгенин көрчү уйалбай. Көчүп келип мал багып, Коогасы жок олтурса, Кабар алып жанайын, Катылган болсо калмактар, Кызыл кыргын салайын, Кылгылыкты кылайын, Кырып ийип тынайын.” Бата алып басам, деп, Кененимдин алдына, Келди бала Сейити: — Айланайын атаке, Кербен менен келгенден Кенен кепти мен уктум. Алтай, Баркөл, Манаска, Аралап кыргыз, казака, Калмак келди деп уктум. Мен ошого барайын, Уруксатың бергиниң, Короолош коңшу олтурса, Көрүп кайра жанайын, Кол салып келген жоо болсо, Койбой баарын чабайын, Сүргүн кылып калмакты, Кайра Каңгай чегине, Айдап барып салайын, Айабаймын жанымды, Андан ары жөнөйүн, Эли жерин мен көрүп, Бейжингече барайын. Кененим анда кеп айтат, Кереметтүү сөз айтат: — Тил алсаң, балам, барбагын, Калмак келсе келгендир, Казактар конуш бергендир. Катыла албайт калмактар, Анык чыны кыргызга, Чендеп келсе калмактар, Казактан болор бир кабар. Бейжинге барам дегениң, Жарабайт,Сейит, бул кебиң. Бейжиндин жайын менден ук, Менден уксаң бейлеп ук. Бейжиндин сонун иши бар, Капырда болсо улук журт, Кайнаган кытай эли бар. Көптүгүнүн чеги жок, Эл өлчөсүн кытайдын, Дүйнөдөгү элдердин, Анык билген бирөө жок, Чыгышты бүтүн ээлеген, Өңкөй кытай эл деген, Токсон уруу көп деген. Күн чыгыш толгон кытайлар, Кара калмак, манжу бар, Анжу менен кыдан бар, Шибээ, солон бу да бар, Кытай, калмак – эки урук, Анжу, манжу – төрт урук, Алтымыш капка Бейжинди, Бири түшсө тактадан, Бири чыгып олтуруп, Сурап келген тукум кууп. Коңурбайдан башкасы, Туралган эмес душманга, Кайрат кылып белин бууп, Алтымыш капка Бейжинде, Күн чыгыштын жеринде, Күчүрөгөн көп элге, Бендеден киши беттебей, Жүргөн экен бул элге, Жатканда бирге жатыны, Копкондо бирге аралаш, Токсон уруу көп эл деп, Толук кытай саналат, Аны менен беттешип, Комкоруп бенде алайбайт, Кол салып адам баралбайт. Кары катуу эл деген, Намысын колдон бербеген, Жаман айтпай бирөөнү, Мунайым сүйлөп жүйөлүү, Адамдык кепке сындырган, Айыгыштан адамга, Арылгыс жаман шор кылган. Түбүндө аты чын экен, Каңгайдын эли кошулуп, Койулган аты Каканчын. Түштүктүн эли кошулуп, Түпкү аты чын мачын. Чын мачынды үч арал, Индистандан калганы, Каканчынга караган. Кызыл чапан жайдак төш, Буда карайт каканга, Падышалык журт деген, Барып киши жеңбеген, Бактысы артык эл деген. Басташкан бенде кем деген, Багы артык кытайга, Барамын деп желикпе, Барбай туруп демикпе. Үчкө бөлсө дүйнө элин, Бир бөлүгү ушул эл. Дуду жаңжүн улугу, Түбүнөн бери ханы бул. Баш күндөн ханы көп болгон, Барган киши жок болгон, Козголбогон улук журт, Кол салган бенде соо болбос. Оңдогун жаман пейилиңди, Барамын деп Бейжинге, Жарабаган кебиңди, Баарын айтып берейин, Барбай туруп жерин ук, Көрбөй туруп элин ук. Кербенчиден кеп уктум, Келгендерден мен уктум, Атабыз баатыр Манастан, Айтылып калган жомоктон, Абыдан жайын мен уктум. Көрбөсөм да көп ишин, Мен көргөндөй айтамын. Ат бастырып мен өзүм, Ат изин ага салбадым, Атактуу кытай журтуна, Аралап ага барбадым. Эки бардым Каңгайга, Барбай келдим кытайга, Көргөндөрдөн уккан кеп, Күн чыгыштын тарабын, Күн суусунан чыгат деп, Жери мейкин туз деген, Суусунун баары түз деген, Түштүк жагы кытайдын, Кышы жок коңур күз деген. Чыгыш жагы көз жеткиз, Акыл айтып сөз жеткис, Жайнап жаткан деңиз деп, Көп кишиден уккан кеп. Башы катуу шар аккан, Айагы көлгө айланган, Агын суусу бар деген, Муз деңиздин күрпүлдөк, Агыны катуу шар деген, Түштүгүндө бирөө бар, Чоңураагы ал деген, Тереңдиги дайранын, Жүз кулач жерде бар деген. Адам өтүп кечүүгө, Байлаган салы бар деген. Аралап агат кытайды, Алты дайра суу деген. Эгин малы болгондо, Жетишпей суусу калат дейт, Кандек ойуп жер казып, Суу чыгарып алат, дейт. Адыр – тоосу бүт жыгач, Түрдүү чыгач бар деген, Мөмөлүү жыгач анда бар, Жапа жемиш көп деген. Ток пейил кытай эл деген, Жыйнап албай мөмөлөр, Талаада жатат ал деген. Күздүк айдап күрүчүн, Бышырып алчу жер деген. Жыл он эки ай ичинде, Үч орулат буудайы, Кулпуруп турат орулбай. Шекер кылчу куурайы. Жер бетинде бар чөбү, Жесе баары тамак дейит, Анжыр деген жемиши, Кичи-кирим табак дейт. Бар жерине Бейжиндин, Жапа жемиш чыгат дейт, Барган киши кумардан, Баары ачылып канат дейт, Жер байлыгы ошондой, Карып бакыр, мискиндер, Эптеп оокат табат дейт. Саздуу жери кемирчек, Жылгалары бээ эмчек, Козу кулак, жоогазын, Анын баары тамак дейт, Жапа мыйаз, зардеги, Согон менен кымыздык, Төө таман менен чымылдак, Табылып калса талаадан, Сүйүнөт кытай жымылдап. Ышкын менен балжууран, Тайар тамак май куйган, Балтырган менен мандалак, Ой-тоодон издеп тамталап, Барган жерде туш чыгат, Жайнап жатат канчалап. Бөксөсүндө карагат, Шагы ийилип самсалап, Жинесте, бөрү карагат, Көздүн жоосун ал алат. Кайырма менен соносу, Өрдөк менен чүрөгү, Эти таттуу бөлөкчө, Канаттуунун жүрөгү. Кара куназ, казы бар, Илек – илек, суучулдук, Көлдө жүрөт шуңгушуп, Суусунда бар балыгы, Кайырмага салылуу, Аз болгондо ар күнү, Бир илек балык алынуу.