Келди деп угуп Кененим, Алдырып келип кан чыкты, Жаманбайды алдырды, Сейит кебин бузбастан, Атын буруп башкага, Ал кара бет кан чыкты, Эрге бермек болушту. Кененим уккан укмуштан, Желмогузду өлтүрбөй, Кармап алса түрүүлөй, Адамга нике кошулса, Тукум көрбөй калат, деп. Үзүлсүн деп тукуму, Кубулке деп ат койуп, Жаманбайга катын деп, Алып берди ушуга. Эр жабдыгы Жаманбай, Эбегейсиз зор болуп, Алалбай катын бул чакка, Жүрүчү эле сенделип, Атка минип эрбейип, Найза кармап сербейип, Кененимдин жанында. Кабарын уккан катындар, Качып жүрчү жолобой, Өлүп кеткен беш катын, Жаманбайга жанашып, Көр напсиге ээ болбой. Катыны жок бой келген, Элүүгө жашы чыккыча, Жаркыны тийип Сейиттин, Кубулке алды бул чакта. Төшөк салган кечинде, Кантер экен булар деп, Катындар келип акмалап, Чач мончогун кармашып, Аста басып барышып. Тыңшап калды сагалап. Чыдай албай Жаманбай, Кубулкеге аштады, Ойрон болгон Кубулке, Бар тамыры сыздады, Шейшеби канга чыкталды, Мына ушинтип алардын, Бүтүп калды бар иши, Каадасы ошол катындын. Өрттөнүп өлгөн Жаманбай, Өмүрү катын алалбай, Сийдиги ууга айланып, Калган экен түгөнгүр, Сийдик тийсе жатынга, Өрт алгандай куйкалап, Кубулке менен Жаманбай, Ошентип бала табалбай, Өтүп кетти жалгандан, Оопасыз дүйнө ушундай, Эр Сейити жолборсуң, Желмогуз атын өчүрдү, Тукуму жок желмогуз, Үзүлүп калды ошентип. Тукумумду үздүң деп, Жаш өмүрүң көрбө, деп, Кубулке каргап Сейитти, Кээ бир түнү уктабай, Таң аткынча каргады, Сейити жаштай өлгөндө, Каргышка кетти деп калды. Арстан бала Сейити, Жай алып үйдө жаталбай, Кербен менен келгенден, Нечен түркүм кеп угуп “Баркөл менен Алтайга, Казактын элин аралап, Калмак келди”деп угуп, Кабарын угуп туралбай: “Түп атамдан бер жакка, Кыргыз менен казакта, Аралап калмак кыре албай, Жүрүчү эле башынан. Күнөстөн нары карата, Так Манаска баргынча, Адыр тоосу малга жай, Атактуу Эренкабырга, Кой кыштаткан адырга, Калмактан келип калдыбы, Каңгып жүрүп аларга, Асман көлдүн адырын, Бөлүп салган жер эле, Бугу менен маралга. Ойрон болгон калмактын, Келгенин көрчү уйалбай. Көчүп келип мал багып, Коогасы жок олтурса, Кабар алып жанайын, Катылган болсо калмактар, Кызыл кыргын салайын, Кылгылыкты кылайын, Кырып ийип тынайын.” Бата алып басам, деп, Кененимдин алдына, Келди бала Сейити: — Айланайын атаке, Кербен менен келгенден Кенен кепти мен уктум. Алтай, Баркөл, Манаска, Аралап кыргыз, казака, Калмак келди деп уктум. Мен ошого барайын, Уруксатың бергиниң, Короолош коңшу олтурса, Көрүп кайра жанайын, Кол салып келген жоо болсо, Койбой баарын чабайын, Сүргүн кылып калмакты, Кайра Каңгай чегине, Айдап барып салайын, Айабаймын жанымды, Андан ары жөнөйүн, Эли жерин мен көрүп, Бейжингече барайын. Кененим анда кеп айтат, Кереметтүү сөз айтат: — Тил алсаң, балам, барбагын, Калмак келсе келгендир, Казактар конуш бергендир. Катыла албайт калмактар, Анык чыны кыргызга, Чендеп келсе калмактар, Казактан болор бир кабар. Бейжинге барам дегениң, Жарабайт,Сейит, бул кебиң. Бейжиндин жайын менден ук, Менден уксаң бейлеп ук. Бейжиндин сонун иши бар, Капырда болсо улук журт, Кайнаган кытай эли бар. Көптүгүнүн чеги жок, Эл өлчөсүн кытайдын, Дүйнөдөгү элдердин, Анык билген бирөө жок, Чыгышты бүтүн ээлеген, Өңкөй кытай эл деген, Токсон уруу көп деген. Күн чыгыш толгон кытайлар, Кара калмак, манжу бар, Анжу менен кыдан бар, Шибээ, солон бу да бар, Кытай, калмак – эки урук, Анжу, манжу – төрт урук, Алтымыш капка Бейжинди, Бири түшсө тактадан, Бири чыгып олтуруп, Сурап келген тукум кууп. Коңурбайдан башкасы, Туралган эмес душманга, Кайрат кылып белин бууп, Алтымыш капка Бейжинде, Күн чыгыштын жеринде, Күчүрөгөн көп элге, Бендеден киши беттебей, Жүргөн экен бул элге, Жатканда бирге жатыны, Копкондо бирге аралаш, Токсон уруу көп эл деп, Толук кытай саналат, Аны менен беттешип, Комкоруп бенде алайбайт, Кол салып адам баралбайт. Кары катуу эл деген, Намысын колдон бербеген, Жаман айтпай бирөөнү, Мунайым сүйлөп жүйөлүү, Адамдык кепке сындырган, Айыгыштан адамга, Арылгыс жаман шор кылган. Түбүндө аты чын экен, Каңгайдын эли кошулуп, Койулган аты Каканчын. Түштүктүн эли кошулуп, Түпкү аты чын мачын. Чын мачынды үч арал, Индистандан калганы, Каканчынга караган. Кызыл чапан жайдак төш, Буда карайт каканга, Падышалык журт деген, Барып киши жеңбеген, Бактысы артык эл деген. Басташкан бенде кем деген, Багы артык кытайга, Барамын деп желикпе, Барбай туруп демикпе. Үчкө бөлсө дүйнө элин, Бир бөлүгү ушул эл. Дуду жаңжүн улугу, Түбүнөн бери ханы бул. Баш күндөн ханы көп болгон, Барган киши жок болгон, Козголбогон улук журт, Кол салган бенде соо болбос. Оңдогун жаман пейилиңди, Барамын деп Бейжинге, Жарабаган кебиңди, Баарын айтып берейин, Барбай туруп жерин ук, Көрбөй туруп элин ук. Кербенчиден кеп уктум, Келгендерден мен уктум, Атабыз баатыр Манастан, Айтылып калган жомоктон, Абыдан жайын мен уктум. Көрбөсөм да көп ишин, Мен көргөндөй айтамын. Ат бастырып мен өзүм, Ат изин ага салбадым, Атактуу кытай журтуна, Аралап ага барбадым. Эки бардым Каңгайга, Барбай келдим кытайга, Көргөндөрдөн уккан кеп, Күн чыгыштын тарабын, Күн суусунан чыгат деп, Жери мейкин туз деген, Суусунун баары түз деген, Түштүк жагы кытайдын, Кышы жок коңур күз деген. Чыгыш жагы көз жеткиз, Акыл айтып сөз жеткис, Жайнап жаткан деңиз деп, Көп кишиден уккан кеп. Башы катуу шар аккан, Айагы көлгө айланган, Агын суусу бар деген, Муз деңиздин күрпүлдөк, Агыны катуу шар деген, Түштүгүндө бирөө бар, Чоңураагы ал деген, Тереңдиги дайранын, Жүз кулач жерде бар деген. Адам өтүп кечүүгө, Байлаган салы бар деген. Аралап агат кытайды, Алты дайра суу деген. Эгин малы болгондо, Жетишпей суусу калат дейт, Кандек ойуп жер казып, Суу чыгарып алат, дейт. Адыр – тоосу бүт жыгач, Түрдүү чыгач бар деген, Мөмөлүү жыгач анда бар, Жапа жемиш көп деген. Ток пейил кытай эл деген, Жыйнап албай мөмөлөр, Талаада жатат ал деген. Күздүк айдап күрүчүн, Бышырып алчу жер деген. Жыл он эки ай ичинде, Үч орулат буудайы, Кулпуруп турат орулбай. Шекер кылчу куурайы. Жер бетинде бар чөбү, Жесе баары тамак дейит, Анжыр деген жемиши, Кичи-кирим табак дейт. Бар жерине Бейжиндин, Жапа жемиш чыгат дейт, Барган киши кумардан, Баары ачылып канат дейт, Жер байлыгы ошондой, Карып бакыр, мискиндер, Эптеп оокат табат дейт. Саздуу жери кемирчек, Жылгалары бээ эмчек, Козу кулак, жоогазын, Анын баары тамак дейт, Жапа мыйаз, зардеги, Согон менен кымыздык, Төө таман менен чымылдак, Табылып калса талаадан, Сүйүнөт кытай жымылдап. Ышкын менен балжууран, Тайар тамак май куйган, Балтырган менен мандалак, Ой-тоодон издеп тамталап, Барган жерде туш чыгат, Жайнап жатат канчалап. Бөксөсүндө карагат, Шагы ийилип самсалап, Жинесте, бөрү карагат, Көздүн жоосун ал алат. Кайырма менен соносу, Өрдөк менен чүрөгү, Эти таттуу бөлөкчө, Канаттуунун жүрөгү. Кара куназ, казы бар, Илек – илек, суучулдук, Көлдө жүрөт шуңгушуп, Суусунда бар балыгы, Кайырмага салылуу, Аз болгондо ар күнү, Бир илек балык алынуу. Балыгынын чоңдугун, Анык адам билбеген, Төбөсү ачык кең деген, Төрт тарабы келишкен Берекелүү жер деген. Сайган багы саргайып, Жалбырагы түшпөгөн, Суу байлаган арыгы, Чалкар дайра көл деген, Эч биринде кеми жок, Телегейи тең деген. Элин чайкап термелтип, Эч кандай адам жеңбеген. Жеңилбеген себеби, Кемибей тамак ал элден, Үйүндө багып доңуз жейт, Талаадан терип коңуз жейт, Кескелдирик, жылан жейт, Бычагы жок тиштеп жейт. Талаадан терип издеп жейт, Кул деп сатат кишини, Согумга сойот итини, Бака менен чайан жейт, Кана барбы жана дейт; Күнгө чыккан көгүн жейт, Казып чөптүн түбүн жейт; Суурду көрсө сууруп жейт, Бар тамагын кууруп жейт; Адам барып жеңе албай, Тургандыгы ушул дейт. Тамактын жайы мамындай, Ойунда терең, талы бар, Адыр ичи бүт ыргай, Табылгы, четин аралаш, Балгын, жылгын дагы бар. Кайыңы көктү тиреген, Жердин баары чөп болуп, Тулаңы төштө чириген. Кыйан жеген кемерге, Жемиштин баары төгүлгөн. Артуусу көпкөк чөп экен, Кайберени көп экен. Аркар менен кулжасы, Алжып карып өлбөгөн, Карыгынча кайберен, Адам уулун көрбөгөн. Жери сонун келишкен, Жылан – чайан көп деген, Токойу калың чер деген, Айуу, жолборс, кабылан, Маймыл, доңуз ээлеген, Какыр менен чөлүндө, Таш бака, кирпи жердеген, Какырынын четинде, Төө кушу бар миңдеген. Жылкыдай топ – топ жайылып, Кулан менен бөкөнү, Тектиринде текеси, Карагай жерде бугусу, Аралын марал ээлеген, Тоо бөксөлөп адырды, Илбирс, бөрү бербеген. Түлкүсү күндүз жойлогон, Элик менен кураны, Бадалга чуркап ойногон. Чөлдүү жерде жейрени, Адам көрсө капкайдан, Жол тосоттоп келгени, Тосуп туруп атып жейт, Өтө андес мергени. Сасык сууда сойлогон, Балдар кармап ойногон, Узундугу үч кулач, Бултуңдаган суу жылан. Балыгы сууда жылтылдап, Кундуз менен суу чычкан, Секирип ойноп култулдап, Кара кыйак буудай баш, Өзөнүндө кулпурат. Айуу чач менен таракбаш, Жылтыркан, шыбак аралаш, Жылгасында буралган. Чөбүн барып оттобой, Түш көргөн айбан кубанган, Адыры көдөө, кызгалдак, Байчечекей гүл жайнап, Жолукка сайган саймадай, Түрчечекей ыргалат. Кашка беде, кара чөп, Аларга окшоп далай чөп, Бел кырчоодон буралат. Доңуз сырты кой таңдай, Эндик, мыйа дагы бар, Боз куурай, коко, кекире, Мындай чөптүн баары бар. Жана чөбү жана бар, Ичип адам тойбогон, Кара чайы дагы бар. Аркар оту, бозунач, Мамыры менен шыралжын, Дары чөптүн баары бар, Жыттаса жыты буркурап, Кайнатып ичсе желди айдап, Кара мурчу жана бар. Ак чай, көк чай, кызыл чай, Канча түрдүү чайы бар. Ак кодол менен күчала, Бүткүл дары баары бар. Көз жеткис мейкин жери бар, Тыйын чычкан, сары арыс бар, Толкуган нечен көлү бар, Заңкайган канча тоосу бар, Адырда терең коосу бар, Чубама кыйа жолу бар. Сүлөөсүн, суусар, мадыл бар, Адам угуп көрбөгөн, Мышык, айуу анда бар, Адам ашкыс бели бар, Алтын, кумуш кени бар, Күн батышкы жагында, Шайаң деген жери бар. Ошол жердин өзүндө, Калмак, кытай эли бар, Уйпаланбай көчкөн журт, Ошондо чөптүн кени бар, Айак жарды дегендин, Миңден артык малы бар. Отуз миңден жылкы айдайт, Катардагы чоң байлар, Кара малдан төөсү көп, Атка жетпей жөөсү көп, Бүтүн жибек кийгени, Өлүмдү булар билеби? Азар түмөн малы бар, Байлардын салык зары бар, Жардысы жок элимде, Жалпы тегиз баары бай. Кымыздан арак тартышат, Кыйал мас болуп жатышат, Күүлөнбөй, балам, шүк жүргүн, Ошондой элге кол сунбай. Укканымды мен айтам, Шаары сонун Бейжиндин, Кийгени жибек элинин. Бактары гүлдөп кулпурган, Салган тамы алтындан, Хан сарай деп айтылган, Салтанаты ушундай, Ичинде адам сүйлөсө, Ат чабым жерге угулган. Канча кабат тамы бар, Катарлап салган шаары бар, Айланта салган сыртынан, Эки кабат сепил бар, Кандек казган суусу бар, Кадалуу байрак туусу бар. Каалганын барысы, Чыгач эмес калайдан, Уруксат болбой улуктан, Кире албайт ага эч бир жан. Барган киши жол таппай, Жатарына үй таппай, Батарына жай таппай, Тентип кетип жоголгон, Шаары мындай чоң болгон. Балакеттүү Бейжиндин, Адам билбес сыры бар. Дуду менен жаңжундан, Башкасы басып кире албайт, Хан сарайга тим адам. Такта отурган баашага, Бара албайт киши жанына. Атактуу шаар чоң Бейжин, Айта берсем түгөнбөйт, Күкүк, булбул аралаш, Сайрап турат сандыгач, Адам бар үйгө уйалап, Ойноп турат кардыгач. Тозу менен тоту куш, Башка жерде аз болот, Бейжинде арбын эки куш, Учуп чыгып топтошуп, Токойдо кыргоол оттошуп, Бар жанды туурап өзүнчө, Чакчагай үнү угулуп. Агартып кыйа жол салып, Кашкулак, сууру чубуруп, Мурда киши көрбөгөн, Мунар деген өнөрү. Улап койгон жери жок, Ортодо киши деги жок, Бир жерде туруп сүйлөсө, Бир жерде туруп угат деп, Чычкан изи кат түшөт, Ошону окуп билет дейт. Камышты малып сыйага, Кагазга катты чийет дейт. Кайнап жаткан какандын, Катчылары арбын дейт. Баарыдан укмуш бир жумуш, Өнөрпоз ойуп калыпташ, Такта отурган хандары, Жаңжуң, дуудуу ал дагы, Жазган катка басат дейт. Түн ичинде шаарында, Түгөл чырак жанат дейт. Түндө жанган чырагы, Жасалган сонун ал дагы. Кагазга каптап шам жагып, Панар экен атагы. Жанып турса ал чырак, Жүрөгү тайкы кишилер, Жүрө албайт экен калтырап. Жан сатпайт дейт Бейжинде, Жандан башка керекти, Таап барын алат дейт. Угушумча ошондой, Уулум, барба Бейжинге, Ушул барчу Бейжиндин, Укмуш сырын угуп ал. Падыша, кудай колдогон, Баш күндөн бери Бейжинге, Барган киши болбогон. Он сегиз миң ааламга, Өкүмү өткөн улуктан, Так Сулайман барбаган, Искендер издеп барбаган, Бейжинге изин салбаган, Каңгайдын белин жол кылып, Из түшүрүп баспаган. Ай ааламды үрөгөн, Алдына салып күрөгөн, Амир Темир бир өткөн, Анжу, манжу туңшага, Кара калмак, кытайга, Шибе, солон, таңгытка, Аралап басыр көрбөгөн, Пайгамбар басып барбаган, Байыртан киши албаган, Чарыйар чаркы жетпеген, Чакташып бенде жеңбеген, Чалкалап жаткан Бейжинди, Сен аралар жер бекен? Чалкар дайра көл толгон, Сан миң түмөн эл жаткан, Салакалуу чоң Бейжин, Өрттөй күйүп түтөгөн, Өрттөнгөн кытай эли көп, Балакеттүү Бейжинде, Батышпай адам жерине, Малдай айдап кайтарып, Кечкиргенде жандырып, Алып келип бир жерге, Короого солоп багат дейт. Уламадан уккан кеп, Түгөнөбү дүйнөдө, Өрттөп муну ийсе да. Кожонун колу кирбеген, Коркуп уруш кылбаган, Козголуп басып жеринен, Кол салып бенде барбаган, Коморо чаап албаган, Үрүстөм дастан барбаган. Барамын деп күүлөнүп, Ошондон өткүр сен белең? Кары катуу эң кыйын, Кабарын уксаң Бейжиндин, Казап шамал козголуп, Жер бетин каптап кетсе да, Каңгайдын белин ашпаган. Казап шамал сокпогон, Үйөр аккан сел болсо, Камаарап эли койбогон. Муну менен беттешсең, Арылбаган муң кылат, Катынды кара тул кылат. Ар кандай кыйын жумушта, Кан төгүлгөн урушта, Кысталыш жок тамакта, Жер бетине чыккан чөп, Андан кытай эли көп. Курт, кумурска, бөй, чайан, Кыймыл эткен тамам жан, Кете берет терип жеп. Каңгайдын белин ким ашкан? Айкөл Манас шер ашкан, Ашкере билген жол үчүн, Алмамбет баштап жол баскан. Каныкей айтса болбогон, Барган менен оңбогон, Алдап туруп Коңурбай, Айбалта менен домдогон, Жарасы зилдеп сакайбай, Арстан Манас сойлогон. Мунусуна караса, Балакеттүү Бейжинге Барбаганы жакшы окшойт. Семетей сенин чоң бабаң, Кадаасыз Карагулуна, Хан башы менен алдаткан, Канча күнү талаада, Буту ооруп жөө баскан. Бейжинге барып кол салган, Башынан жакшы болбогон Түбүндө калат балаага, Намысын ээрчип кул болгон, Катылышпай жүрүүгө, Манас менен Эсенхан – Баашалар жазган кат калган. Атага наалат жетпейби, Ат бастырып сен барсаң. Коңурбай менен Семетей, Кол салышкан эки жол, Убада бузуп Коңурбай, Гүлчородон сойлогон. Жер бөлүшүп кат калган, Семетей шартын бузасың, Тилимди албай сен барсаң. Төрт хандын жазган катына, Тил албай барып Сейити, Учурап калба антына! Деп Кененим айтканда, Өтө кыйын иш болду, Жаш Сейити арстанга. “Атам айтса Бейжиндин, Ар укмушу бар окшойт, Чандан киши дүйнөдөн, Өткөн экен мага окшош, Ат изин салбай калганда, Армандуу бойдон жаш кетер. Амир Темир Үрүстөм, Барган эмес алар, деп, Чарыйар чаркы, Искендер, Салган эмес изин деп, Азыреталы албаган, Кожонун колу барбаган, Козголбос шаар Бейжин, деп, Атам айтат кызык кеп. Ойлойт белем атакем, Аларды менден кыйын деп. Торгоп жолум бастырбай, Токтоткону кыйын кеп. Каңгайдын тоосун бөксөлөп, Ашалбайт казап шамал, деп, Айтканына карасам, Бар белем сыйкыр амалы. Өзүм алып келдим го, Күн батышта сыйкырды, Андан дагы кыйынбы? Түн катып кетип калсамбы? Түйшүк салбай башыма, Атамдын тилин алсамбы?” Деп Сейити удургуп, Кыйалдан кетпей чоң Бейжин, Кыйынсынып барынан, Өрөпкүгөн чунактын, Жүрөгү курч жаштыгы, Өткөндөрдөн өөдөсүп, Акылынын аздыгы, Эки кыйал санаада, Эки жыл өттү арада, Эсинен кетпей чоң Бейжин, Эсирген чунак балага. “Аттансам Бейжин бардым, — деп, Унутуп атам калды” деп, Элөөсүздөн бир күнү, Эл – журтуна туйгузбай, Жоо – жарагын жанга алып, Алмабаш таштап үйүнө, Көзүр Чубак көкжалдын, Ташкелтесин асынып, Тулпарды минип кампайып, Алтайды карай бет алып, Жөнөп кетти теңселип, Эсинен кетпейт ар күнү, Кең Бейжинге барышы, Атанын тилин албаган, Кара мээнет Сейити, Кара мендер басышы- Караңгы эмес тал түштө, Басуучу жолдон азышы. Алтайга кеткен барам деп, Уландын жерин табам деп, Уландын жолун табалбай, Кайта айланып артына, Келген жери Алатоо, Кайра айланды ороло. Алдында минген тулпары, Кууганга жетер шумкары, Тердеп–тепчип баспады, Чардак болгон экен, деп, Ойуна алып Сейити, Аса байлап бууданды, Кыйалы кетип кырк башка, Өзү чыкты кырк ташка Эңкейип алдын караса, Кулжа, теке аралаш, Жуушап жатат жанаша. Куу мүйүз кулжа атам деп, Ат өргүтүп жатам, деп, Таш келтени октоду, Милтесин кызыл чоктоду. Арта салып арсактан, Беттеп алып кыр таштан, Мойундун жоон түбү,деп, Бут серппей өлөр бекен, деп Жыдыман, кароол теңшеди, Машаны басып жиберди. Ооз отунун дарыга, Кыпкызыл милте жеткени, Тарс этип мылтык кетпеди, Сундурган мылтык тартпастан, Машаны басты беш сапар. Жыттана түшүп жок болуп, Таш келте койду от албай. Ным тартып калган белем, деп, Кулагында дарыны, Кургактап салып барыны, Курбудакы кулжаны, Коборбой атып жыгам, деп, Жана атса от жебей, Жаштык кылып Сейити, Эч нерсени элебей, Бекер мылтык ал эмес, Бейбаратке кишиден, Калган мылтык деги эмес. Бей ажал өлүм башына, Бейпайлуу жумуш кашына, Келгенин бала элебей, Кулжадан Сейит кур калып, Кубанчы болбой муңканып, Тел күрөң чечип сумсайып, Бузулуп өңү кумсарып, Бекемдеп белин курчанып, Алтайды карай бет алып, Жүрүп берди Сейити, Телкүрөңдү камчылап. Мингени тулпар арыбас, Жүрө албады шалпылдап. Алда кандай болду? деп, Бир далайга ойлонуп: “Оң келбес ишим кептенди, Атамдын тилин алып мен, Барбасам белем Бейжин” — деп, Кайра тартты Таласка. Таласты карай басканда, Баспай калган Телкүрөң, Жүрүп кетти ыкчамдап, Канаттуудай дыркырап, Урган таштай зыркырап, Токтоно албай ыргыштап, Кологойлоп кыйгачтап. Ардыгып буга Сейити, Алтайга бассам, баспаса, Арам өлгөн доңуз! деп, Айабай атты камчылап, Кирип келди Сейити, Суусамырга жакындап. Жандап белди ашарда, Жер тайанбас Телкүрөң, Кыйрата бутун чапкандай, Кырданып барып жыгылды, Тоңкобаш атып Сейити, Топого башы тыгылды. Асынганы Ташкелте, Ыргып тушту алдына. Тарткылык кыстап Сейити, Ажал ачуу келиши. Ташкелтени колго алды, Машасында милтеси, Басылуу жүргөн болучу. Мылтыкты кармап имерди, Арам өлгүр кантет,деп Ардактуу тулпар Телкүрөң, Башка чаап жиберди. Тарс этип мылтык атылып, (Олпогун алган бөктөрүп), Ажал ок тийди Сейитке, Кош бөйрөктү ок кечип, Оргуштап кызыл кан кетип, Жер кучактап жыгылды, Жыйырма эки жашында, Ажал өлүм кандай деп, Теңге албай жүргөн башында. Армандуу кылып эл журтун, Ал дүйнө кетти катыгүн… Он төртүндө аттанган, Керкитке салган чуулган, Кененимден туулган, Кебелбес Сейит жолборсуң, Атанын тилин албаган, Айтканына жеткирбей, Армандуу кылды шум жалган. Алды – артынан оргуштап, Айабай агат кызыл кан. Ушул кезде Сейитте, Өлбөгөн тирүү жан калган, Окуранып жер чапчып, Телкүрүң турат кайран мал: — Мен тулпар элем туулган, Жолборс элең, Сейити, Душманга салган чуулган. Токунуп мени ким минет? Топ аралап ким кирет? Туйгунум өтүп кеткенде, Кадырымды ким билет? Сарбаптап токуп ким минет? Сайышып жоого ким кирет? Асабаңды ким жайат? Сарбаптап мени ким багат? Сейити, кеттиң жашыңда, Тул катындай жай – кышы, Мен турармын акырда. Ээсин жеген эртелеп, Каражолтой Күрөң, дээр, Келе бери тарткын, деп, Жылкычылар жүгөндөр, Ээсиз калган каран,дээр Эби жок күрөң жаман, дээр, Салып койгун бир этек, Ачка өлбөсүн саман, дээр, Күрөчтөн жемди ким берет? Күлүктүгүм ким билет? Күндө сылап ким минет? Тап этимди ким табат? Суусамырдын сыртына, Жайлоого мени ким салат? Сүт ташыйт жайлай жылкычы, Башыман байлап аркандап, Баштакыдай болбоймун, Көөнүм өсүп даркандап. Туйгунум Сейит кеткен соң, Бутумда така жок калаар, Муунумду сары суу алар, Суутумду сендей ким табар? Кулдарың минип коржоңдоп, Сээрим жооруп ириңдер, Бөйрөгүм жооруп тешилер, Жолборсум, сенче ким күйөөр? Кечээ кызыл кумда ысыкта, Алдыма көрпө салдырдың, Ошол кумда суусатпай, Суусунумду кандырдың, Залкар тоодой Сейити, Душман менен сайышып, Моокумумду кандырдың, Жети дөөнү кыйратып, Кызыл суудай кан кылдың, Беттешип турду көп баатыр, Акылдан качан тай кылдың? Чапкыладың талыкпай, Чалыкпас тулпар экен, деп, Мен ошондо таанылдым. Жолборусум Сейит, кайыр– кош, Жолдош болсун иманың! Мени ошондой кар кылдың, Топурак басып сен оорлоп, Басалбай калсам ар кылдың, Мылтык менен башка чаап, Өз жаныңдан айрылдың! Сенден мурун мен өлбөй, Тирүүлөй кандай айрылдым?! Эне – атаңды эске алып, Эл – журтуңду таштабай, Эр Сейити, кайрылгын! Таштап кетет окшойсуң, Заманамды тар кылдың,. Кылжыке турса эсен – сак, Мен турармын багылып, Туйгунум минген аты, деп, Үстүмөн токум алынып. Сен деп өлсө Кылжыке, Аңга түшүп өлөрмүн, Сенделип жүрүп мен деле, Жакшы күн көрөөр жерим жок, Ойлоп көрсөм дегеле… Арман кылып Телкүрөң, Жаш агып турган кездерде, Оргуштап аккан кызыл кан, Чөйчөктөй көзү жайнаган, Булбулдай тили сайраган, Армандуу кайран эр Сейит. Келе калды эсине: — Ак калпак кыргыз көп алаш, Кеңкол ата, чоң Талас, Киндик каным тамган жер, Айрылдым сенден кайыр-кош! Каркыттап мени чоңойткон, Калың журтум калдыңбы, Ак калпак кыргыз, кайыр-кош! Түп атам Манас мурасы, Борбору кыргыз элинин, Сыркоргон, калдың кайыр-кош! Карчыгадай таптаган, Карегиндей сактаган, Мүрегим атам, кайыр-кош! Опасын көрбөй балаңдын, Убайын тартып жалганда, Сакалың менен жаш агып, Зар какшап ыйлап калдыңбы, Залкарым атам, кайыр-кош! Бүгүлүп белиң бөкчөйүп, Бир чеңгел болуп чөкчөйүп, Кайратың качып бөксөрүп, Калдыңбы, ата, кайыр-кош! Тогуз ай мени көтөргөн, Толгонуп нечен күн жаткан, Омуртка сөөгүн сыздаткан, Уктабай ак сүт эмизген, Түйшүгүм тартып чоң кылган, Урматтуу энем, кайыр-кош! Жаркынын көрбөй уулуңдун, Жабырым тартып муң басып, Кан жутуп ичтен зар какшап, Карып калган чагыңда, Кайгылуу болуп калдыңбы? Каракан аккан чагымда, Карап турбай жанымда, Бейкабар калдың, энеке, Бей ажал кеттим кайыр-кош! Кара дөөнүн колунда, Канча жыл турган жашында, Азап менен баш кошкон, Атасын мен деп өлтүргөн, Алыскы жерден бир келген, Алганым, калдың кайыр-кош! Душмандуу күнү жолгошкон, Караңгыда жол тоскон, Өмүрлүк менин жубайым, Кылжыке, калдың кайыр-кош! Эрди-катын баш кошмок, Эриш-аркак жипке окшош, Ээрчитип эрмек кыларга, Калган жок туйак кайыр-кош! Бирге жүрүп, бирге өскөн, Бир бастырып күн өткөн, Бир төшөктө бир жаткан, Ак никелүү Кылжыке, Артымда калдың кайыр-кош! Аппак сакал жайкалган, Жоргону минип чайпалган, Эл үчүн эмгек көп тарткан, Эрте туруп кеч жаткан, Карылар калдың кайыр-кош! Ак калпак кыргыз элинде, Улуу-кичүү, кары-жаш, Эркек-айал аралаш, Боз улан-кыз чамалаш, Болбосо булар санаалаш, Баарың калдың кайыр-кош! Жакшы-жаман күндөрдө, Жанымда менин бир жүргөн, Карчалышкан заманда, Канаттуудай жүгүргөн, Теминтпей турган ыргыштап, Телкүрөң калдың кайыр-кош! Ата-бабам мурасы, Болгон соң мага муракы, Жоокерлүү күндүн куралы, Ээсиз калдың кайыр-кош! Сени менен иши жок, Баркыңды билген киши жок, Кезинде жеген жемиң жок, Кеп айтарга тилиң жок, Тулпарым, калдың кайыр-кош! Бараңдын огу батпаган, Жебенин огу житпеген, Чапса кылыч кеспеген, Сайса найза тешпеген, Отко салса күйбөгөн, Жыртылганды билбеген, Олпогум, калдың кайыр-кош! Айтылуу Бэйжин шаарынан, Намыс кылып калмакка, Жерин тартып алганда, Качып келген алашка, Айкөл төрө Манаска, Азизкандын Алмамбет, Асынып келген Алмабаш, Ыңай, туура ылгабас, Ажалдууну издеген, Аткан огу жөн учпас, Асынып жүрсө Алмабаш, Ай далынын белеги, Атып жүрсө Алмабаш, Аманат жандын эрмеги, Сыйкырдын сыры чечилген, Ар качан тийген кереги, Кайып болуп кетерде, Кененимге Гүлүстөн, Атайын берген белеги, Алмабаш, калдың кайыр-кош! Кеңколдун башы жети төр, Адырмак сонун жерин көр, Чалкалап жаткан төрүн көр, Чалкайып жаткан төшүн көр, Шамал болсо ыргалган, Кулпурган түрдүү чөбүн көр, Төрлөрүм, калдың кайыр-кош! Алпештеп мени өстүргөн, Эстесе жүрөк өрт күйгөн, Асман тиреп заңкайган, Алатоо калдың кайыр-кош! Баркөл, төрт көл атанган, Баргандын көөнү кубанган, Бакыр барса жай алган, Көлдөрүм, калдың кайыр-кош! Шылдыраган мөлтүр суу, Алтын булак күмүш суу, Сыйынган мазар булагым, Аркамда калдың кайыр-кош! Мөңгүдөн мөңкүп аккан суу, Ак калпак кыргыз көп алаш, Ар күнү таамын таткан суу, Сымаптан сыны сапаттуу, Айрылдым, суум, кайыр-кош! Будур-будур дүмүр баш, Буткулда суусу аралаш, Саздарым, калдың кайыр-кош! Курбу-курдаш, сөз сырдаш, Жаштарым, калдың кайыр-кош! Жапанда жалгыз жолуккан, Жапаны бирге тең тарткан, Белиме таңуу Медетим, Жетилбей, калдың кайыр-кош! Бет алган жакка жол салган, Баатырлык кылып жоо сайган, Беттешкенди сулаткан, Аттуу балбан, жөө балбан, Ылгабай баарын тең алган, Эңкейген жерде өбөгүм, Аркамда жөлөк тирегим, Көкбука, калдың кайыр-кош! Сүйгөнүн тилеп кудайдан, Карадөөнүн колунда, Кайткан эмес ырайдан, Кутулган араң убайдан, Ата-энесин көргөндөй, Мени көрсө кубанган, Мени менен бир турган, Бирге туруп бир чыккан, Жан жүрбөстүн кумунан, Алтынай менен Чолпонай, Айрылып калдың кайыр-кош! Ата-энеси тең өлүп, Энеси байкуш чөлдө өлүп, Атасы Карадөөдө өлүп, Азапты чөлдө тең көргөн, Аз жыл болгон көөнү өскөн, Жергелүү элге баш болгон, Айылым, калдың кайыр-кош! Опаасын көрбөй тапкандын, Убайын тартып жалгандын, Кызыл гүлдөй бүрдөгөн, Жаш өрнөктүү күнүмдө, Жалгандан өттүм кайыр-кош! Сүйөнөр туйак тукум жок, Сөөгүм сыздап жалын чок, Күлгүн жашта Сейити, Кыйамат кеттим кайыр-кош! Алдымда калган агам жок, Аркамда өсөр иним жок, Жалгыз канат, жалгыз жан, Ата-энеден жалгыз мен, Оролдум жалган дүйнөдөн, Атымды менин өчүрбөй, Артымда калган балам жок, Армандуу өттүм кайыр-кош! Жыйырма экиде жаш кеттим, Ата менен энеге, Арманым айтар күн болбой, Жан үзгөндө бир көрбөй, Кайгылуу кеттим кайыр-кош! Боз топурак жер болуп, Жалгыз атым жоголуп, Туз көмгөндөй көмүлгөн, Сейити менде арман көп, Кектешкен жоодон мен өлбөй, Же жоодон өлбөй калган соң, Кызыл канга бөлөнбөй, Ооруп жатып үйдө өлбөй, Атанын тилин албастан, Азапка туура туш болуп, Кейиште кеттим кайыр-кош! Атым калды ээсиз бош, Сейиттин уулу дедирип, Калбады туйак кайыр-кош.... Жаш кабылан жалооруп, Жан үзө албай жатканда, Төштүктүн уулу Жоодар чал, Жол чалып жүрүп кайгуулдап, Учурап калды чунакка, Жан үзө албай жаткан жан, Жанына келип караса, Кененим уулу эр Сейит, Көөзүрдүн өзү турбайбы, Ташкелте огу жаңылып, Тили калып күрмөөдөн, Жан үзө албай жаткан кез, Көрө салып Жоодар чал: “Мени кудай урбайбы, Таштап кетсем талаага. Сен колдуу болгон экен, деп, Кененимдей балаага, Калбайын кара жалаага, Таласына барайын, Айтып кабар салайын, Жаш кезинде Кененим, Мага кылды көп кызмат, Ыраазылык алайын. Кажыр талап, кузгун жеп, Кыргыздар өлүп жатат, деп, Жалпы жердин бетинин, Жалаасына калбайын. Айтпай кетип мен калсам, Айкөл Манас арбагы, Ашкере мени урбайбы!» Деп анталап Жоодар чал, Айылдын айтып четине, Кантип чыдап турам, деп, Кененимдин бетине, Эми болдум дегенсип, Жүрүп кетти жерине, Ак калпак кыргыз эл угуп, Айал-эркек тең угуп, Чогулушуп дүрбөшүп, Кабактарын бүркөшүп, Каран түн түшүп башына, Кандай заман болду деп, Кайгы тартып, муң басып, Уккан киши бүт калбай, Сейитти карай чубашып, Элдер келсе жанына, Жанында турган тулпары, Чөп жебей да, суу ичпей, Төрт айагын бир серппей, Айланта тиктеп Сейитти, Көзүнүн жашы бурчактап, Куйругун чачып жалжайып, Жеп салдым ээмди дегенсип, Сейитини кайтарып, Турган экен жанында. Эл караанын көргөндө, Айгырдан жаман аркырап, Ачуу үн чыгып даркырап, Аза күтүп жаныбар, Көзүнүн жашы бурчактап, Ыйлап жатып Телкүрөң, Кесерден төмөн шакшактап. Эң алдына келгени, Ордонүн ханы Орунбай, Оң бөйрөгүн тайанып: — Ойронум Көкжал, не болдуң? Алтымыш уруу көп алаш, Арстан атаң Кененим, Ак чач энең Чыныке, Артыңда калып, Сейитим, Көрөр күнү не болду? Артыңа таштап аларды, Армандуу кылып не болдуң?! Өкүрүп келип бүк түштү. Жаш жолборс ирмеп көз ачып, Атанын сырын билген эр, Ак жеринен сөз айтып: — Ташкелте огу жаңылып Өлдүм өзүм, — деп айтып, Ошондон башка кеби жок Көзү жашыл күүгүмдөп, Кетип барат кубарып, Муздак тер чыгып маңдайдан, Таноолору кысылып, Болбой калды бузулуп. Чирене түшүп жок болду, Оозунан түтүн бүр этип. Билер билбес алкымы, Чиренгенде кыр этип, Тегеректеп турган эл, Баары кетти чур этип... Ошол кезде карасаң, Чыдай албай көк асман, Булуту жок бүркөлүп, Мунарыктап чүмкөлүп, Карыш жерге көз жетпей, Капкара болуп түмпөйүп, Үп этип бетке билинген, Үшкүргөн шамал жел чыкпай, Жан-жаныбар жыйылып, Көзүнөн жашы төгүлүп, Үн чыгарбай жымыйып, Кара күрөң жер бети, Кабагын түйгөн кишидей, Каран калган дүйүйө, Капылеттүү ушундай. Кайсы экени билинбей, Күн карарып тутулуп, Өчпөскө бүткөн күн ыйлап, Өлбөскө бөткөн түн ыйлап, Асманга тийген ай ыйлап, Зыркырап жылдыз зар ыйлап, — Карап турган кашында, Калың кыргыз калкы ыйлап, Жерге чыккан чөп ыйлап, Жан-жаныбар макулук Калбай баары бүт ыйлап, Кайың терек, тал ыйлап, Заңгыраган тоо ыйлап, Асман тиреп бой керген, Арсак Алатоо ыйлап, Аккан дайра суу ыйлап, Чалкып жаткан көл ыйлап, Какшып жаткан чөл ыйлап, Чалкалап жаткан төр ыйлап, Мазар булак саз ыйлап, Чыдап жерге жата албай, Азырет арбак баары ыйлап. Каран күн түшүп башына. Алтымыш уруу алашка, Жыйырма экиде кызыл гүл, Өмүр көрбөй эсит жаш, Кайран шер өттү дүйнөдөн, Жарык күн кетип төбөдөн, Күн тийбеске оролду, Жалпы элге салды жалын чок, Атаңдын көрү дүйнө бок! Кеңколдо жаткан бүт калбай, Жыйылып баары тура албай, Сейитти артып күрөңгө, Чогулду барып коргонго, Сейитинин өлгөнүн, Эли барып угузду, Эр Кененим көкжалга, Чыныкедей карыга, Кылжыкедей келинге, Бул үчөөнө айрыкча, Кыйын заман күн болду, Кызыл кан өтүп ичинен, Чыныке байкуш тура албай, Өлөмүн деп жан ачып, Чыңырып бычак талашып, Тели-теңтуш, эр–айал, Колун бекем кармашып, Көп насыйат сөз айтып, Кылжыке бети жарадар, Кыйын болду санаадар, Акылын таппай көп ыйлап, Өлсөмбү деп айанбай, Үмүт кылат бир чети, Талгак болгон чагы бар. Кара кийип, кан жутуп, Кара элечек оронуп, Кош бөйрөгүн тайанып, Тескери карап чач жайып. Эң эле жаман жан кыйнап: — Жаш ойронум, — деп ыйлап, Өмөрүң кыска, күнүң аз, Өмүрлүк менин жубайым. Өтүп кеттиң! – деп ыйлап, Арстан элең, туу элең, Ажыдаар элең душманга, Ажырап калдың, — деп ыйлап. Мээрим канбай бушманда, Айрылып калдым мен бейбак! Карарып жаткан чок элең, Кас душманга ок элең, Капшытта жолборс жатат, деп, Калкыңдын көөнү ток эле, Аркаңда калдым мен бейбак, Каралдым Сейит, — деп ыйлап. Кызарып жаткан чок элең, Кыргызга капка тоо элең, Кыраңда жолборс жатат, деп, Кыргыздын көөнү ток элең. Артыңда калдым мен бейбак, Карааным Сейит, — деп ыйлап. Бала чакта аттанып, Чачылып кеткен эл мүлкүн, Арстан, өзүң жыйнадың. Жабыркатып элиңди, Жайдарым, мени таштадың, Жаш жолборсум, — деп ыйлап. Ай балтаңды ким аштайт? Ак калпак кыргыз элиңди, Атышкан жоодон ким сактайт? Аташкан жардан айырылып, Армандуу болдум мен бейбак, Алажат мени, — деп ыйлап. Ордолуу кыргыз элиңдин, Оорутпай көөнүн ким табат? Карып калган атамды, Каркыттап сендей ким багат? Каралдым Сейит, — деп ыйлап. Алдейлеп эмчек эмизген, Алпештеп жүрүп өстүргөн, Өтүп кеттиң дүйнөдөн, Энемдин сүтүн ким актайт? Алты сан арбын элиңди, Айбаттуу жоодон ким сактайт? Өмүрдүк жардан айрылып, Армандуу болдум мен бейбак, Нээ жаздым, кудай? – деп ыйлап. Курсактагы куу тумшук, Кудай берсе эркек тууп, Тукумуң туйгун чыгарбы, Чоң атаңдай жутунуп, Жолборсум Сейит? – деп ыйлап. Карыган атам боздотуп, Сендей болуп жаш өлүм, Түп атаңдан бер жакка, Келиптирсиң тукум кууп. Карындакы кара баш, Мурас болуп төрөлүп, Тулпарың токуп минеби? Торолүп эти толобу? Тобурчак минип дууланып, Асаба жайып, туу сайып, Атаңдан калган Таласка, Ээлик болуп жүрөбү?! Деп зарланып Кылжыке, Эбегейсиз жан кыйнап, Эчкирип жаман көп ыйлап, Эси ооганда Кылжыке, Жатып калды солкулдап. Катуу ыйлап жан кыйнап, Каргылдап үнү буулуп, Карыган байкуш Чыныке: — Кан жуткузуп ыйлатып, Энеңди карып кылып таштадың. Жарадар болуп кан агып, Жатканыңда, чырагым, Жаныңда сенин турбадым! Жагалмай учат жем үчүн, Жанымды кыйып ийсемби, Жалгызым Сейит, сен үчүн. Ак шумкар учат жем үчүн, Асыл жандан кечсемби, А, кокуй Сейит, сен үчүн! Алдейлеп эмчек эмизип, Алпештеп сени баккамын, Алдыңа сенин кетпедим, Аллага кандай жазгамын? Тогуз ай сени көтөрүп Омуртка сөөгүм сыздаттым, Алдыңда кетпей мен сенин, Аркаңда калып сыздадым! Жалгыз чырак Сейити, Жаныңа мени ала жат, Жаныңда, Сейит, бир жатпай, Кантип турам аманат? Аттанып бала чагыңдан. Азабын тарттың элиңдин, Алдыңда сенин кетпедим, А, кокуй Сейит алажат! Ботодой боздоп буркурап, Бүткөн бойу зыркырап, Жаш кулундай чыркырап, Буулугуп үнү кыркырап, Өлөмүн деп көгөрүп, Өксөп ыйлап жатканда, Кайраты артык Көкжал шер, Кененим келди жанына: — Ээ, эси жок көк кемпир, Сеники эмес Сейити, Экөөбүзгө тең эле, Ата–энеси биз тургай, Калың элге бел эле. Ыйлаба десе тил албай, Сен ыйлайсың мынча эле, Өлгөндү ыйлап тиргизип, Алганы жок эмгиче. Кой деген тилди укпады, Айткан акыл жукпады, Өз башы менен кетпестен, Убайы элге жукканы. Улуктун тилин албаган, Журт упурайт аркачан, Хандын тилин албаган, Калк упурайт аркачан, Карынын тилин албаган, Жаш упурайт аркачан, Атанын тилин албаган, Бала упурайт аркачан. Барбагын деп көп айтсам, Тил албады чунагың. Тил албай барып өзү өлүп, Арманды ичке жыйганын, Кой, кой десе тил албай, Болбой неге ыйладың? Билгенимче азыраак, Мен айтамын жалганды, Өзү жалган шум дүйнө, Өлүмдөн качып ким калды? Тирүү болгон барлык жан, Шум дүйнөгө алданды. Жер жүзүнө жаралып, Адам деген наам алып, Бул дүйнөгө карк толуп, Адам уулу көп болуп, Ошондон бирөө калбады, Ошончо адам тараткан, Адам өзү калбады. Жан толтурду жерге, деп, Жалгабастан адамды, Жалоорутуп алганы. Ажалдын жайы мына ушу, Миң жашаган Ноо өттү, Өчпөй аты айтылып, Өмүрлүү топон суу өттү. Бирден калды насили, Батышпай жерге кеткенде, Мана минип түгөттү. Асманда учса канаттуу, Дөөпери пери адаттуу, Адамзаттан өөдөрөөк, Алда канча санаттуу, Бул ааламды бир мезгил, Ошолорго каратты. Учуп жүрүп баары өлдү, Ошолорду карачы. Баашалык кылды Сулайман, Өзү адам баласы, Так Сулайман бааша деп, Өзү кудай жаратты, Жер жүзүндө бар жанды, Он сегиз миң ааламга, Орду менен таратты. Учарлыктан, тынарлык, Өкүмүнө карашты. Ырыскысы бүткөндө, Өмүрүн бирден санатты. Тил албай өлгөн Сейити, Өөдөбү мындан карачы? Өкүмү өткүр кудаанын, Өз достусу Мухаммет, Бу да адам баласы, Эмигичекти келатат, Дин өзгөрбөй намазы, Ырыскысы бүткөндө, Ырайым кылбай аны алды. Ырас ажал жеткенде, Кутулуп андан ким калды? Ыбырайым эр жалгыз, Мухамметтин баласы, Жашырбай чынын айтканда, Жалгыз көздүн карасы, Жаза басып койдуң, деп, Жаштайында дагы алды. Ойлобойсуң, көк кемпир, Өткөн далай адамдар, Сейити андан өөдөбү? Кутулуп мындан ким калды? Өзү шерим деп айткан, Эрлердин бири Шаймерден. Кысылышкан тар жерде, Камал бузуп жол салган. Заңгы менен дөөлөрдү, Сапырып кырып таштаган, Канчасын алган андайдан, Аккан салар баштаган. Кызыгына келгенде, Кыйла баатыр жан берген. Ажалы жеткен күндөрдө, Бир чапкан шамшар мизинен, Абдыракман мылжым ден, Өтүп кетти дүйнөдөн, Ойлобойсуң, көк кемпир, Сейити андан эр бекен? Асан менен Үсөйүн, Азыреталы уулу экен. Алганы Бүбүбатманын, Медет кылган уулу экен, Ошолор өттү жалгандан. Кырылышып хан да өлдү, Жашында кетти бей арман, Сенин уулуң Сейити, Ошолордон эр бекен? Адам ата, аба эне, Андан бери карата, Ааламдан ашкан эр өттү, Камал бузган шер өттү. Санатын билбей дүйнөсүн, Сасыган нечен бай өттү, Күндүк токоч сурап жеп, Күн кечирген дагы өттү, Жүзүн көрбөй эл качкан, Залым бааша жана өттү, Өмүрүн эли тилеген, Адыл нечен хан өттү, Миңге чыгып кары өттү, Энеден туулуп дагы өттү, Курт – кумурска, бөй – чайан, Кыймыл эткен тирүү жан, Баарын өлүм түгөттү. Атанын тилин албаган, Шаштырып ажал айдаган, Атылып өлгөн Сейити, Ойлоп көрсөң күнөө көп. Аалынын ордун жоготпос, Коморулгус тоо болсо, Чоң экен деп эч коркпос, Имам Мамет, Аныйпа, Ааланын амир тагдыры, Азыр бар тирүү бир тоодо, Имам меди чазында, Кайып болду башында, Жарык күндү көрө албай, Азыр жердин астында, Жер алдына түшүптүр, Он сегизде жашында. Сенин уулуң Сейити, Акырет көздөй бет алды, Жыйырма эки жашында, Ошондой уулуң эр бекен? Өжөрлөнүп ыйлайсың, Ойлоп көрчү, көк кемпир, Өлөрү Сейит эп бекен? Бу дүйнөдө шер өткөн. Үрүстөм дастан дагы өткөн. Ага – ини бир тууган, Амир, Темир экөө өткөн, Баарысынын абзели, Азыреталы шер өткөн, Сенин уулуң кептенип, Армандуу өлгөн ким өткөн? Акыл кепти албаган, Артында майып аркачан. Абайлап, кемпир, угуп тур, Жакынкысын мен айтам. Кытайдан келген Алмамбет, Алтын так таштап талаага, Алашка качып келген дейт, Атам айкөл Манаска, Көп аткан акыл насаат кеп. Алмамбет тилин албастан, Кытайдан алган Бейжинге, Алты ай сурап канбастан, Кытайга чапкан балтага, Учурап калып как баштан, Ааламдан өткөн деп угам. Сенин уулуң Сейити, Айткан тилди албаган, Так ушуну ойлосом, Ырас болду деп турам. Кытайдан келген кыргызга, Алмамбет арзан жан бекен? Не ыйлайсың мынча эле, Уулуң анча бар экен? Балта дөөнүн баласы, Баатыр Чубак деп угам. Жетимиш миң кол болсо, Баш тартпастан оолуккан, Балбан эле деп угам. Алмамбет айтса акыл кеп, Укканында макул деп, Бастырганда унутуп, Атылып өлгөн деп угам. Айткан тилди албаган, Сенин уулуң Сейити, Ырас өлдү деп турам. Алмамбет айткан керээз кеп, Акылга Сыргак илет деп, Алгара таштап Коңурбай, Ташка чыга бергенде, Көр напсиге алданып, Алгараны алам деп, Очогордун огуна, Учуп кеткен деп угам. Сенин уулуң Сейити, Ушунча малга тойбоду, Айткан кепке болбоду, Оолугуп болбой койгундай, Ат бастырып Бейжинден, Келген киши болбоду. Күүлөнүп барып өзүнчө, Күмжан болуп жоголду. Бир тарабын айтканда, Дегеле жакшы болгону, Жетим калып Семетей, Тентип кеткен ченебей, Энеси Эркин чоңойтуп, Эч нерсени элебей, Бүткүл дүйнө кылымды, Бучкагына теңебей, Каныкей, Бакай айткан кеп, Калбай ойдо кенедей, Чынкожо кулдун огунан, Корголоптур үңкүргө, Жаандакы эчкидей, Узун болгон деп угам, Ошол бир күн кечкирбей. Алмамбет уулу Гүлчоро, Ажыратып алыптыр, Айтылып калган биздерге, Жалганы жок аныктыр. Ушу жалган шум дүйнө, Сымаптай болуп жылтылдап, Оодарылып кылтылдап, Алардан ашып калыптыр. Бул дүйнөнү элебей, Азыр алар кайыптыр. Же адал жүргөн калбады, Же арам жүргөн калбады, Жакшысынан сүйүнбөй, Жаманынан жийиркенбей, Баарын ажал жалмады, Ошолордон эр бекен, Сенин уулуң калабы? Пайгамбары башкасы, Кыймыл эткен бар жаны, Мойун сунуп ажалга, Кетти баары тамамы. Билгизип айта кетейин, Билимдүү Бакай абамды, Өткөрүптүр башынан, Угушта далай заманды. Айткан экен хан Бакай, Кырк эрге кызмат кылдым, деп, Айтышынча абамдын, Жашы миңден ашканбы? Өткүр Бакай абакем, Өзү карып чалыкпас, Акылы айнып талыкпас, Артык мүнөз жан экен, Чогултуп айтса тыйанак, Артык сыйкыр бар экен, Артыктыгы бар жандан, Алдыңкы өткөн адамдан. Акыл айтып жол берип, Көрсөткөн экен далай жан, Кулак менен уккандан, Унутуп бирөөн калбаган, Ошол үчүн эмгиче, Келген окшойт хан абам. Ыраазы кылып айкөлдү, Каныкей энем тирүү деп, Мен угамын мындай кеп. Ээрчитип кеткен хан Бакай, Сен да кошо жүргүн деп, Күмөнү жок ырас кеп. Касиеттүү адамдын, Айтканын кабыл алган дейт. Сенин уулуң кептенип, Башка эмес атасы, Ашкере айтып бергенди, Унутуп качан калган дейт? “Ата ыраазы, бата көп, Эне ыраазы, сүтү ак” Ата ыраазы болбосо, Бата тийбейит балага, Эне ыраазы болбосо, Сүтү арам балага, Берген менен батасы, Бекер кетет талаага, Эмизген менен ак сүтү, Араң болот садага. Эр ыраазы, нике ак, Кызмат кылган эрине, Айалдардын күчү ак. Ыраазы кылып алганын, Өлбөй Чүрөк ал турат. Батадан бүткөн башында, Көкөтөйдүн ашында, Капыр менен мусулман, Көпчүлүктүн кашында, Так Сулайман үңкүрү, Семетей тирүү азыр да. Акыр заман падыша, Аттанып чыккан чагында, Ошо кезде Семетей, Тулпар минип, туу кармап, Жоо сайат деп мен угам. Күчүн айап бул жерден, Көрсөтпөй кеткен деп айткан, Шоорат берсең бергин деп, Акыркы уруш дегенден. Имам Мамет, Аныйпа, Алдында айткан деп угам. Андан бери калгандан, Жумуру баштуу адамдан, Кытайдан келген Алмамбет, Акыреттин султаны, Анык жасоол деп угам. Кытайга кайра барарда, Калмакка каран саларда, Капкачанкы кыргыздын, Кегин кууп табарда, Айкөл Манас эр үчүн, Алашка кызмат кыларда, Азизкандын Алмамбет, Арманын айтып буркурап, Андаган бенде чуркурап, Адам эмес айбандан, Алтымыш тамыр зыркырап, Токтоно албай турган деп, Уккан элем бу бир кеп. Айткан экен ошондо, Арууке ачык жалган кеп: “Болор – болбос бир күмөн, Бойумда менин бардыр” деп. Аруукеден угуп кеп, Сүйүнүп кетип Алмамбет, Сүйсөң бала бергин, деп, Алтын кемер ботокур, Кол башындай түйүнчөк, Кошуп ага берген, деп, Аруукеден туулбай, Кытайдан алган соогага, Эсен хан кызы бир Мыскал, Ошондон эркек туулган, деп. Өгөйлүк кылбай Арууке, Оозанткан экен баланы, Курчаган экен кемерди. Тапшырыптыр белегин, Чоңойуп калса бергин, деп, Каныкейге Арууке” Асыл султан баласы, Жумуру баштуу, айры төш, Адамзаттын даанасы, Элине жаккан эр үчүн, Унутпай келет эмгиче, Гүлүстөндү карачы; Жалгыз бейит Канчоро, Алмамбеттен кем эмес, Ал Чубактын баласы. Көзү ала, ичи чаар, Кыйгач болуп санаасы, Айкөл Манас, Алмамбет, Тукумуна кас болду, Семетей тилин албастан, Сур атты берип ошого, Кечирлерин кестирип, Кар болду түбү карачы. Аганын тилин албаган, Кар болот ини ар качан, Сен ушуну байкачы, Атанын тилин албаган, Сенин уулуң Сейити, Өлбөй тирүү калабы, Алмамбеттин бул уулу, Кудайдын сүйгөн чын кулу, Өзү кийин туулса да, Көп кишинин улуусу, Ошол кезде билгичтер, Оройу кары деп койчуу. Сепкили жок ак жүздүү, Ийриси жок түз сөздүү, Өзү кайып болсо да, Айтылып калды мүнөзү. Дүйнөдө канча өр өткөн, Эсирип Гүлүс шер өткөн. Өттү десе Гүлүстөн. Дүйнөдөн өлүп өтпөгөн, Кайып болуп көрүнбөй, Кырк чилтенге ал өткөн. Бастырбай жатып жай токтоп, Имам меди чазында, Жатар имиш ок копшоп. Акыр заман падыша, Аттанганда казатка, Алтын туусун көтөрүп, Арстан Гүлүс жүрөт дейт, Ат ойнотуп жер чаңдап, Жолду баштап алдында, Ошондо көргөн караанын, Акыр заман эл даңдап, Оң четин колдун башкарып, Семетей абам туу кармап. Ал бешөөнөн башкасы, Энеден түшүп туулмак, Экинчи көрбөй дүйнөнү, Өлүп кетип курумак. Алар өлбөй калабы, Кармап калар адам жок, Каран дүйнө жалганды. Анык көзгө көрүнө, Акыркы уруш кезинде, Ажал сермеп жалмады. Сурга барат эсепке, Алардын асыл хандары, Дегеле өлбөй дүйнөдө, Тирүү бенде калабы? Тилимди албай күм болду, Менин арманым ичте дүм болду. Армандуу кетти бул чунак, Кайрат кылгын а көргө, Курсагын күтүп келиндин, Кайрат кылып сен чыдап. Күн айтасың күбүрөп, Түн айтасың бүжүрөп, Бойунда бар келиним, Эркек төрөр бекен деп, Белиңди бууп бекемдеп, Кудайдан тиле эртелеп. Келиниңди багып ал, Тур, ыйлаба ордуңан, Ыйлай бербе дайны жок, Тирилтиш келбейт колуңдан! Кемпирге айтып ачуусун, Элге кылып жемесин, Кайраты артык Кененим, Барыга айтып акылды: — Калтырбай күнгө жума экен, Өлүктү жерге тапшыргын, Дүрбөп жүрбөй бекерче, Эл, үйүңө кайткының, Сарамжал алып иш бүтөп, Айтканын кылып арстандын, Эл тарарга калганда, Чай көтөрүп чанданы, Кененимге барды анда. Чарага этин көтөрүп, Куйругун баса көмөрүп, Алып келип жаткан бар; Бээ семизин жыгышып, Туздан чылап чык кылып, Карчыга менен учасын, Карын-карта ич этин, Чучук, жалын бүт салып, Көтөрүп келип жаткан бар. Айабайбыз малды, деп Кененимдин жалгызы Жашында өлүп калды деп, Сүт бото тайлак төө сойуп, Тай мойунча уй сойуп Табак-табак эт толуп Челпек,куймак,боорсогу, Дөбө дөбө топ болду. Аза-бата деп келген, Алоолонгон аргымак, Жүнсүз нечен тобурчак, Айгыр жалдуу, бээ курсак, Мындайлардан байланды, Качкы кууган жоргодон, Жыртылбаган торко тон, Өркөчтүн учун ийбеген, Дегеле киши тийбеген, Асый буура, минген төө, Андайлардан көп келди, Буулум келди жылтылдак, Булгаары келди кыйчылдак, Булгун ичик кулпурган, Сүлөөсүн ичик сеңселген, Көтөрүп келип жатышат, Абышка кемпир бөкчөйгөн. Байлар келди чалкайган, Жубандар келди залкайган, Жигиттер келди буралган, Кыздар келди суналган; Мырзалар келди шалкылдап, Келинден келди нечени, Алтындан сөйкө шаркылдап, Көз уйалып жалтылдап. Шөкүлө кийген кыз келди, Жез оймоктуу уз келди; Абышка–кемпир, орто жаш, Кененим менен Чыныке, Аларга келип ал айтат, Келишкен, жубан, келин-кыз, Кылжыкеге ал айтат. Орто жаштан ылдыйкы, Эркек болгон баарысы, Сейитим үчүн кан жутат, Кененим айткан кепти улап. Эл үйүнө чубады, Ак чач болгон Чыныке, Алганынан жеме угуп, Элден акыл кеп угуп, Нечен насаат көп угуп, Бойунда бар келинге, Кубат байлап дем уруп, Асталай басып демигип, Келинге барып жолугуп, Бышаңдап ыйлап бир далай, Эси ооганда соолугуп, Жакын барып чукулдап, Жанашалап олтуруп: — Айланайын Кылжыке, Арстандан калган мурасым, Жалгыздан калган керээзим, Уулумдай арка медерим, Алдыңа келген энеңдин, Сындырбай шагын сурасам, Кебиңди айтып берерсиң, Жалгызымдан айрылып, Капаланып кан жутуп, Эмчекке сүтүм түйүлүп, Эңчеңдеп бери жүгүрүп, Салкын жайлоо сыртта эмес, Үйдө туруп күйүгүп, Жүрүүчү элем өзүңдөн Бир кеп угуп сүйүнүп, Бойумда күмөн бардыр деп, Айтуучу элең, Кылжыке, Аны үчүн келдим алдыңа, Аныктап сурап билерге. Жалганын айтпай чынын айт, Жашырып жатпай ачып айт. Талгак болсоң аныңды айт, Өтүшүп кетсе талгагың, Оңой дабаа табылбайт. Жалгыз уулун жеп койуп, Жабырап кемпир кантет, деп, Жаман көрбөй сырыңды айт. Уулум өлсө сен барсың, Упурак болуп мен калдым, Жубайыңдан ажырап, Убайлуу болуп сен калдың, Тен бербей кантип койобуз, Тагдыры экен Алланын! Буларга калган нарк экен, Башынан бери салт экен, Чоң кайнатаң жаш калып, Акыл эсте жок калып. Таайында келген чоңойуп, Чоң кайненем алпарып, Өз кайнатамды курсакта, Көтөргөн экен үч жылы, Пери энем ал чакта. Өспөй бала калат деп, Мен уккамын укмушта. Өтө кайгы муң басса, Муңду кудай салды деп, Муңайа бериш анча эмес. Жашырбай айтсаң бар кебиң, Көрүнгөн тоонун карааны, Көп эле алыс жол эмес. Күйүт баскан Чыныке, Алган эри Кененим, Андан башка көп элден, Үйүт уккан Чыныке, Болжолдуу далай кеп айтты. Кылжыкени муңайтты. Акылы артык адамдан, Артык туулган айалдан, Тирүү турган жан таттуу, Өлүп кетпей Кылжыке, Эр Сейити дартынан, Эми кантип айансын, Кайненеси сураса. Курсактын жайын айтуудан: — Алпештеп багып өстүргөн, Арстаныңдан айрылып, Курсакта барбы деги, деп Сурасаң келип зар кылып, Жакшылык эми көрөмбү, Койсом, эне, жашырып? Сурабасаң мынчалык, Коймок элем жок кылып, Эт курсакта катырып, Жүргөн экен пери энем. Курсакта үч жыл батырып. Кыйалымда бул эле, Алты жылды айлантып, Жети жылга жеткенче, Билгизбейт элем жашырып. Үч айдын күнү токсон күн, Ойронум Сейит жоксон күн, Күнү токсон күн болду, Түнү токсон түн болду. Эки токсон жүз жексен, Ооруп тамак иче албай, Өлмөкчү болдум мен жексен. Көңүлүм тартпайт тамакка, Баскым келбей бир жакка. Эстегеним ар качан, Алп кара куш сумурук. Ошол куштун жумуртка, Күн ойлосом аны эстеп, Түн ойлосом энеке, Жүрөгүн жолборс дагы эстеп. Бирди эстебей жупту эстеп, Асманда учкан канаттуу. Жер бетинде жолборсту, Экөө тең бирдей жокту эстеп, Сары жез өңүм, мойнум кез, Акылым кетип болдум нес, Айрыкчасы Сейити, А дүйнө кеткен эрди эстеп, Үч күндөн бери ойум бул, Өлүш жагын көп эстеп. Сурадың, айттым, сырым бул. Жашырбадым чыным бул Жумурткасы сумурук, Жүрөгү жолборс болбосо, Өлүп калам, чынымды ук, Эстегеним жебесем, Жан кирбейт ичте куу тумшук. Деп айтканда Кылжыке, Чымырканган Чыныке, Чын сүйүнүп күлдү эле. Ойлоно түшүп токтолуп, Ойунда акыл бул болуп: “Кечээ кең Керкитке барганда, Айтты эл Сейити, Келдим деген бул жерге, Сумурук менен дос болуп. Бергендир белги ошол куш, Пайдасы тийер ушул туш, Сандыгынан жалгыздын, Саадагынан баатырды, Карап көрсөк аңтарып, Табылып калар бир белги, Табылып калса белгиси, Жумурткасын Сумурук, Өзү алып келгиси. Өткөн ойрон кайнатам, Айтумуштун элин чаап, Мен Чыныке олжо таап, Муздак тоодо сыз өтүп, Оорууп калган кездерде, Гүлүстөн абам кулан таап, Кыз балбан кармап жолборсту, Кеңкула менен жол тартып, Келтирген болчу Кененим, Алар тапкан олжону, Кайненем менин пери эле, Качан да болсо бир күнү, Кереги тийип калар, деп, Миң жолборстун жүрөгүн, Бир катырып берди эле Жетиден тизген бир кылга, Дегеле саны бир мынча, Дары менен эмдеген, Кургай элек кан менен, Катылуу турат азыр да” Деп ойлонуп Чыныке, Жаштай кеткен Сейиттин, Жан саадагын алдырып, Кесенин оозун ачтырып: — Кылжыке балам, аңтаргын, Өмүрлүк сенин жубайың, Өтүрүк айтпай чын айтса, Табылар бекен белгиси. Деп айтканча Чыныке, Саадагын колго бергени, Саадакта калта жети кат, Кылжыке ага кол салат, Жетинчи каттын түбүнөн, Жетимиш бүктөп каттаган, Жергенин жүнүн таап алат. Уккан экен Кылжыке, Сейитинин өзүнөн, Кармады отко алпарып, Канаттын учку четинен. Шыр деген түтүн басылбай, Бүркөлүп күн чүмкөлдү, Күркүрөп шамал үн берди, Жерди бороон каптады, Канатынын күүсүнөн, Кеңкол, Талас орто жер, Чачылып кете жаздады, Торопой тозуп ар кайда. Пайда болду кайран куш, Көз ачкынча бул жайга. Көргөндүн баары коркушуп, Карап турган бир жан жок, Үстөмөндөп жыгылып, Кооп жүргөн бир жан жок, Өзү мурун Кененим, Дос болушкан куш менен, Бушмандуу күнү кез болду, Чаршемби күнү түш менен. — Кебиң барбы, көкжал шер, Келтирдиң мында шашылыш, Кеңешиңди айтып бер. Билбеген мурун ал кебин, Коктолуп калды Кененим, Биле албай ага не дээрин. Аңгычакты Чыныке, Эңчеңдей басып келгени: — Ушул куштун жумуртка, Талгак экен келиниң. Ошол үчүн шашылыш, Отко кармап канатты, Куйкум жытты жибердим, Угуп алып кайран куш: — Керек болсо сиздерге, Жан кыйыш ак биздерге, Экини тууймун ар качан, Бердим бирин мынаке. Кабыл болду тилеги, Опкоолжуган токтолду, Чыныкенин жүрөгү. Кылым кыргыз койбойт, деп Жыйылган элдин ойунда. Кастыгы жок Кара куш. Кайра учту асманга. Эл күбүрөп калышты: “Ээ, канаттуу келсе алдына, Кан какшап ыйлап жалына, Канткенде киши катышат, Канкор Манас уулуна?!” Деп сүйлөшүп жабыла. Жумуртканы көтөрүп, Кылжыкенин үстүнө, Чыныке кирип барыптыр, Сандыгынан Чыныке, Жети жолборс жүрөгүн Бир колуна алыптыр, Супсак болуп калат, деп, Жумурткага сүт кошуп, Азыраак ага туз кошуп, Бышырып аны бир берди. Жети жолборс жүрөгүн, Бышырып майда тууратып, Жети жылдык туу койдун, Мөл майына чылатып, Өткөрө куйуп туз салып, Дагы кара мурч салып, Бир колуна кошо алып, Кылжыкенин алдына, Койду муну алып барып, Жарк этип күлүп жиберип, Унутуп ийип арстанды, Кашыкты кармап имерип, Чоң жолборстун жүрөгүн, Чоң-чоңдон сузуп сугунуп, Такыр жутуп жиберип, Жумурткага калганда, Эсине алып Арстанды, Туруп калды токтонуп, Энесинен ийменип, Биле койуп Чыныке: — Талгакка жеген тамагын, Көрүп калса жат киши, Канбай калат талгагы, Ылдам жегин, кулунум, Эмне кылып жатат деп, Күңдөрдөн келип калабы? Же болбосо кан жуткур – Кайнатаң кирип калабы? Эс нерсени элебей, Күң дегенде кенебей, Кайнатаң келет дегенде, Бурдап-бурдап сугунуп, Өлүчүдөй ченебей, Бүтүрдү жеп баарысын, Каалаганын бергенде, Жеп болдум эми, дегенде, Далайды көргөн Чыныке: “Мен Сейитти төрөрдө, Жолборстун жедим жүрөгүн, Андан башка тамакты, Акылыма илбедим, Эмне үчүн Кылжыке, Алп каракуш тукумун, Самап калган бул келин? Укмуштуу эле Кененим, Мен ошондон сурап билейин” Деп ойлонуп шашыла, Энтеңдей басып ашыга, Белдемчи жерге бүгүлүп, Көзүнөн жашы төгүлүп, Кененимдин үстүнө, Келип кирди күйүгүп: — Ээ, Кененим, Арстаным, Эсиме түшкөн бир кепти, Эми сага айтамын. Далай катын бала тууйт, Талгак болгон тамагын, Тапканда калат белин бууп. Курсакка кубат кылгын деп, Өзүң берген кайратты, Кулагым менен мен угуп, Унутуп койуп Сейитти, Келинге бардым жолугуп, Жүрөгүн дейт жолборстун, Жумурткасы сумурук, Кошумчасы ал болду, Жүрөгүнөн жолборстун, Кайненем берген канчаны, Алып бардым чогултуп, Жети бөлөк барчаны. Жумурткасын сумурук, Ушул куштун аты улук, Берип кетти колума, Карап турдуң сен угуп. Экөөнү келин тең жеди, Эми болдум дегени, Талгак болбой бирөөнө, Экиге талгак болгону, Кылжыкенин кай кеби? Чыныке айтып болгондо, Чымырканып Кененим, Жооп берди ошондо: — Сейиттен калган Кылжыке, Түбү хандын баласы, Түз экен байкуш санаасы, Эгиз экен келиндин. Курсагында чамасы. Эркек экен экөө тең, Теңдеши жок эр экен, Улуусунан кичүүсү, Өткүр чыкчуу неме экен. Кара куштун жумуртка, Кыйын жептир Кылжыке, Улуусунан кичүүсү, Укмуштуу чыгат кийинче. Кырым менен Урумду, Бүткүл дүйнө кылымды, Чыгыш менен батышты, Түндүк менен түштүктү, Арасында жер койбой, Аралайт экен баарысын. Жер бетине калтырбай, Сойлотот экен алптарын. Алат экен колуна, Ак калпак кыргыз намысын, Чыккан чөбү ал кезде, Болот экен алысын. Болжолу жок эр чыгып, Соолуган чөптөй кууратып, Сойот экен баарысын, Өмүрү кыска күнү аз, Алдынкысын ойлодум, Өмүрү узун, иши көп, Кийинкисин болжодум, Тууган күнү балдарга, Кыргыздан башка түрүкчө, Которуп атын койойун, Өңгөнү койуп, кок кемпир, Келинге азыр сен болгун. Чыныке угуп бар жайын, Чымырканып чыйралып, Калгандарга билгизбей, Кастарлап багып келинди, Кара элечек кийгизбей, Эч кишиге билгизбей, Туйгузбай багып келинди, Түнөртүп кара кийгизбей, Белине кайыш курчатпай, Бек зарлантып муңкантпай, Мыктап күчтүү аш берип, Өтө мүйөз ичирбей, Орто мыйан таан берип, Көп бербестен чак берип, Кечиктирбей бат берип, Жок дегенде үч убак, Күнү-түнү Чыныке, Жанынан кетпей жүрдүэле, Жаш жалгыз Сейит чунактын, Тукумун көрсөм экен, ден Көзүнүн жашы сел болуп, Күндө агып бурчактап, Жакасы ылдый жашчыктап, Келинди бакты жакшылап. Тогуз ай, тогуз күн бүтүп, Кошулуп тогуз дагы өтүп, Келинге толгоо кириптир. Карап туруп Чыныке, Өз колу менен төрөтүп, Алмамбет аткан алма баш, Алып келип астырып, Ырымдамак баланы, Кундагына жаткырып, Унутуп ийип кулунун, Сүйүнүп кемпир каткырып, Баланын тону жарылып, Ырысына эркек тууп, Жерге түштү бакырып. Таластын бети күрүлдөп, Күн жаркырап дүрүлдөп, Жан-жаныбар кыбырап. Жандын баары мыдырап. Байчечекей түрдөнүп, Жердин бети гүл жайнап, Тили каткан чакчыгай, Тили чыгып чакылдап, Шашкеде төрөлгөн, Чыныкеден башка жан, Баланын жүзүн көрбөгөн. Айдары күмүш, чачы алтын, Көкүлү кызыл сак алтын, Кохар таштай жаркырап, Ыйлаган бала баркырап, Үйдө олтурган Кененим, Үнүн укпай ошол чак, Бүткөн бойу зыркырап. Жер жүзүндө далайга, Сасык тумоо тийгендей, Калчылдак кирип басалбай, Чай кайнамча душмандар, Үйүндө жатып калтырап. Баланы алып ороду, Ангычакты болдоду, Түш кыйшайып бешимге, Жакындап жетти болжолу. Ого бетер чыйралды, Кылжыкенин толгоосу. Дагы тууду бир эркек, Эркектигин жан билбейт, Жерге түшкөн баланы, Карап туруп не билбейт? Койгон экен кудурет, Жез тон менен туйуктап. Баатырлыгын белгилеп, Тонун жарды ырымдап. Ыйлады бала чырылдап. Таластын туйук жеринен, Суулар акты шырылдап. Мурунку бала түшкөндө, Ооруган жатып үйүндө, Душманга кирди кырылдак. Ак ниеттүү көп жандар, Ысык сорпо ичкендей, Тери агып жымырап, Алатоо эргип бой жасап, Асман тиреп зымырап, Атактуу Талас, Кеңколдон, Көк көрүндү жыбырап, Эркек эки баланы, Эптеп ороп алганы, Эңчеңдей басып Чыныке, Кененимге барганы, Сүйүнгөндөн Чыныке, Кылжыкени унутуп, Үйдө жалгыз калганы. Ким көтөрбөйт дүйнөдө, Башка кудай салганды, Тутунуп киши калалбайт, Ушул дүйнө жалганды, Акырет көздөй бет алып, Кылжыке жөнөп калганы! Арууркап өлүп кеткен жок, Асылы күнү бүттү окшоп. Сейиттен тууду экини, Кылжыке байкуш кошоктоп. Баланы көрүп Кененим: — Баракелде келиним, Келе, кемпир экөөн тең, Койнума салып бергиниң. Мурункусун оңго сал, Кийинкисин солго сал, Мында турбай темтеңдеп, Келиниңден кабар ал. Чыныке чуркап какчаңдап, Түрүлгөн көзү чакчаңдап, Чуркап кирди үстүнө, Токтоо кылбай дагдаңдап. Эшиктен кирсе Чыныке, Ачкан көзү жумулуп, Нуру кетип жүзүнүн, Айдай бети кубулуп, Кылжыке, деп кычырса, Көзүн ачып бир тиктеп, Сүйлөбөй тили буулугуп, Күрмөөгө келбейт бурулуп. Алмамбеттин алма баш, Ашыгып кетип Чыныке, Кылжыкенин үстүнө, Алып койом дегенде, “Тарт колуңду!” деген үн, Кулагына келди эле. Караса артын кылчайып, Кененим турат баш салып. — Көргө кирген, көр кемпир, Кары болбой жерге кир! Акылың кайда жоголдуң? Катын туруп сен өзүң, Султандын кармап жарагын, Катыгүн кокуй, не болдуң! Үнүн угуп канкордун, Кыйалында Кылжыке, Атам келген экен, деп, Уйалгансып жыйрылды, Ушаланган жалган жан, Жыйрылган бойдон жыйылды, Тынуу чыкпай тыйылды. Ажал өлүм чиркинден, Кылжыке сулуу өңдөнгөн, Ким көргөн өткүр кыйынды! Эки бала сүйүнчү, Кылжыке өлүп күйүнчү, Кайра келбес келинди, Кененим көрүп түңүлдү. “Бир башы ысык темирдин, Бир башы муздак темирдин” Мурунтан калган кеп экен, Жакшы-жаман тең жүрчүү. Аңгычакты болбоду, Намазшам болду болжолу, Шам көтөргөн эки адам, Аркасында үч адам, Баш-айагы беш киши, Кирип келди жабыла. Алда кандай адам деп, Кененим менен Чыныке, Карап калды аларга. Каныкей кирди нурланып, Айчүрөк кирди буралып, Бекер кирбей Айчүрөк, Аптабага суу алып, Карыга салып кепинди, Көр керегин кошо алып. Кайыптан экөө чайкады, Караанын көрбөй башкасы, Табыттан кармап көтөрүп, Эр Гүлүстөн кашкасы, Тийгени жок колдору, Бакай менен Семетей, Ал экөөнүн болжолу. Намаз окуп койгон жок, Көр казып булар көмгөн жок, Кененим менен Чыныке- Экөөнөн башка кыргыздан, Өлгөнүн киши көргөн жок. Канкордон коркуп калган эл, Кылжыке кайда кеткен? — деп, Кабарын сурап келген жок. Намазын шер окуду, Эки бала койнунда, Эр Кененим олтурду. Сол жагында баланы, Сонундукка карады. Баары жакут табус жүн, Аркасында Айдары, Ойуна кетип кайран эр, Айдарын талдап санады. Айдары токсон төрт экен, Кармаса колду күйгүзүп, Жалындап күйгөн өрт экен. Кененим алды ойуна. “Ушул балам өлөрдө, Уудан өлөт белем? — деп. Жамандык кылып катыны, Билбей калат экен, — деп, Алланын жазган тагдыры, Амалым менин канча?” деп. Оңго көзүн имерди, Оң жагында баланын, Айтылган белги түрлөрү, Айдарын санап көрүүгө, Ойуна буда келгени. Талы жыйырма беш болуп, Табы чоктон тез болуп, Так ошону көргөндө: “Жыйырма беште бул уулум, Окко учат экен” деп, Кененим калды нес болуп. Башында айткан сөз менен, Буруулап атын койорго, Тегеретип кыдыртып, Тек жайын такыр ойлорго, Калемде жазуу ошого, Оозуна кирди ошондо: — Оң жагымда кулунум, Асыл бала бул уулум, Алтын Айдар экен, — деп, Жараша ага мен койдум. Сол жагымда уулумдун, Соолгус кубат муунумдун, Күкүлү кохар таш экен, Бек бала болсун бул уулум. Асыл бала, Бек бала, Эркек эки тукумум, Бара-бара башкача, Душмандар койот которуп. Асылбача, Бекбача, Баланы бача деп алат. Бурулуп кетмей кыргызда, Койгон аты токтобой, Ошолордон бир калды, Оозу менен оозантты, Эр Кененим балдарды: “Кубаты мендей болсун, — деп, Оозуман аккан сары суу, Мууну сайын толсун, — деп, Кылымдын баарын бул экөө, Кыңк эттирбей сорсун, — деп. Кыргызга кастык ким кылса, Кылычка канын жуусун, — деп, Кызыталак душмандын, Деми ошондо суусун” деп. Чыныке салды аларга – Эгиз эки балага, Эки тарап эмчегин. Амирин алла бергени, Ак чач болгон кемпирдин, Агып сүтү ийгени. Сүтү агып булактай, Жан кылып кудай жараткан, Буларды жетим улактай. Алла таала жан кылып, Жаратканда буйругу, Чыныкеге сүт берди, Ачамай айры шыбактай. Сүт эмизип түн сактап, Чыныке бакты сак сактап, Ого бетер агарып, Башындакы чыккан чач. Ошентип жүрүп эгиздер, Жарап калды ойнорго, Көйнөк кийбей жылаңач. Муну мындай таштайлы, Эгиз асыл баланын Бешик тойунан баштайлы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит». Элдик эпос. Басмага даярдаган Асанбай Матилы. Булак: bizdin.kg.