Куткарбастын өлүшү
Куткарбаска эр Сейит, Жетер-жетпес жеткенде, Жетсе жалмаар кездерде, Биринчи болуп жол тоскон, Куткарбастын зор Чанак, Бул экөөнө жолгошкон. Жол тосуп турган бул Чанак, Мыктылардын бири ал, Мунун жайын билип ал, Элүү киши бир сапар, Кармалбай колу шал болуп, Кара бойу дал болуп, Кара терге чумулуп, Эси ооганча урса да, Кебелбестен кенедей, Эчтемени элебей, Турган болчу ченебей, Өтпөйт буга түк тайак, Ошондуктан мыкты деп, Атанган болчу зор Чанак. Жол тосуп турган жеринен, Мен бармын Сейит, качпа, деп, Чыга калды чанаңдап, Жылаңач уйдун тай торпок, Букачардай танаңдап, Эки эмчегин карасаң, Дарбыздай бар салаңдап. Жалайак ооз, кир кабак, Алдынкы ээрдин жаланат, Ат минбестен керк минген, Эки буту жыйналбай, Кара жерге сүйрөлгөн, Төш жары бар калыңы, Алдыңкы эрди түйрөйгөн. Мурду жалпак, бүтүк көз, Эки айак кара жумур баш, Болбосо адам өңдөнбөйт. Найза кылыч албаган. Чокмор менен балтаны, Колуна кармап көрбөгөн, Иштетип жарак көнбөгөн, Кайда чынар бар болсо, Сүйрөп алып жөнөгөн. Аты Чанак чанаңдап, Жарагы чынар болучу, Бутактары салаңдап. Биринчи болуп тоскун, деп, Жибергели Куткарбас, Жыгачтуу жерди кыдырып, Дайраны бойлоп сыдырып, Бир жыгачты жаратып. Алып келген болучу, Жоондугу жыгачтын, Алты кучак толучу. Туура үзүлүп сынбаган. Тараша кетип жарылган. Сыйдан камыш курушу, Мындан мурун Сейитим, Көргөн эмес деги эле, Бул өңдөнгөн жумушту. Айал-үйөл кылалбай, Аты-жөнүн сурабай, Баштады Чанак урушту, Арзан менен бүтпөстөй, Бул Чанактын жумушу. Узундугу он кулач, Ар бутагы ар чынар, Жалбырагы салбырап, Булгап алды колуна, Сейитимди салам дейт, Бир чапканда жолуна. Байкаса Сейит болжолун, Какса чынар эп келбейт, Колтукка найза сайганга, Ага Чанак жеткирбейт, Күүлөнүп Чанак чапканда, Телкүрөңдү зыргытып, Чыга берди бир жанга. Чынарын жерден көтөрүп, Өлүгү кайда Сейит, деп Жерди тиктеп жатканда, Кыйамы туура капташты, Кыйрынан тийчү арстанга. Хан Сыргактын сыр найза, Тоо томкорот тик сайса, Оң колтуктун көбүк эт, Дал өпкөнүн тушу, деп, Кан жөткүрүп күрсүлдөп, Чирип өлсүн Чанак, деп, Манастап Сейит бакырды, Телкүрөң кулак жапырды, Сырнайзаны өпкөгө, Төш жаргыча батырды. Түпөктөн найза какалды, Андан ары баралбай. Өтпөй найза такалды. Байкаса баатыр Чанакты, Кенебейт да, элебейт, Төш жары кирген найзаны, Машачалык ченебейт. “Кайра айланса бадырек, Кагышат экен далайга” Деген ойго келгени, Тартып алып өпкөдөн, Бакалоордун безине, Баатыр муштап имерди. Алкымга найза тийгени, Эми Чанак билгени, Минген керкин томпойтуп, Аркасына имерди. Андан мурун бул Чанак, Күрөөкө, соот кийбеген, Ар качан чынар иштетет, Узун келип чынары, Найза, кылыч, айбалта, Денесине тийбеген, Эрлердин кандай иши бар, Ишенип жүргөн чынарга, Муну Чанак билбеген, Телкүрөң оозун имерди, Айбалта менен Чанакты, Кулактын үстү дымдоокко, Айабай тартып жиберди. Ошончо тийген балтага, Жарылып сөөгү кетпеди, Жайнап мээси түшпөдү, Сейиттин иши бүтпөдү. Балакет Чанак ошондо, Такыр колтук бакалоор, Каракуштан жаралуу, Ачыган жаны бадырек, Жаралуу болгон каман бул. Күркүрөтүп чынарды, Айландырып имерди. Чынардан чыккан шамалдан, Үч күндүк жерге токтобой, Учуп кетти далай жан. Агындар кургап чөл болду, Өзөндөр буулуп көл болду, Чөлдө жүргөн жаныбар, Токойдо жүргөн маралдар, Томолонуп торойду, Жыгылганы копкон жок, Көбү өлүп жоголду. Чанакты тиктеп делейип, Карап турган Куткарбас, Чычкансур менен селейип, Жыгылган жок ыргалып, Жарым күндүк алыска, Барып калды ырганып. Топурак кирип көзүнө, Кум тыгылып оозуна, Кордук көрдү ошончо, Эсин жыйды эр Чанак, Көзүн ачып ошондо. Колундагы чынары, Жалбырак калбай күбүлүп, Бутактары сынып түгөнүп, Өзөгүнөн чынары, Тараша кетип жарылып, Шалдырап калган кези экен, Көзүн ачып алайып, Алдынкы ээрдин жаланып, Эки жагын каранып, Сейитке уруш салам, деп Дагы чынар таап алып, Бастырды Чанак далайып. Бура тарта бергенче, Бала жолборс эр немең, Оң бөйрөктүн өзү, деп Урду найза күү менен. Бөйрөктөн өтүп бул найза, Табарсыкка мылк деди, Томпойгон кертен эр Чанак, Томолонуп шылк деди. Жыгылды Чанак дүп этип, Сейитимди качырды, Минген керки корк этип, Сейитимди сүзөм деп, Дөбөнү сүздү качырып, Торопойун тоздурду, Ал дөбөнү түзөтүп. Мурдун тартып кошкуруп, Томполоңдоп жөнөдү, Ачууланып Сейитим, Ого бетер көгөрдү. Тумшугуна мүйүзү, Эр Сейитке жеткенде, Сүзө турган кездерде, Жазганбаган кара көк, Бардашы жаштан бир бөлөк, Тумшугун орой кармады, Колун жерге тийгизбей, Көтөрүп тура калганы, Ошондо көрүп турбаган, Кишинин көптүр арманы! Эки колу Телкүрөң, Тизеден жерге батканы, Керктин өтүп салмагы. Эр Сейит жерге силккени, Мойун сөөгү ошондо Туура үзүлүп кеткени, Жарым күндүк алыстан, Көрүп турган Куткарбас, Керки менен Чанактын деп, Катар өлүп кеткенин, Ушерде айта кетейин, Ойуна алган кептерин: “Сейитке басып барсамбы, Саламдашып калсамбы? Сейиттен сурап сулууну, Катындыкка алсамбы? Калган элди тартуулап, Хан тактамда турсамбы? Тапан ханды өлтүрбөйт, Өзү айткан кеби бар, Мени дагы өлтүрбөйт, Эр эмеспи Сейитим Айткан кебин тана албайт, Түндүктөн келди түштүккө, Сулуу кызды кубалап, Сураганга бере албайт, Сурасам кызды бербесе, Кызды алып кеткенде, Калган элдер кеп айтат: — Жылма беттүү катынды, Тартып алдың эринен, Сени издеп тийем, деп, Сулуу кыз келсе жеринен, Сейитимге ал кызды, Кармап бердиң неликтен? Жаның таттуу сеники, Ар кимдики өзүнө, Жаны таттуу билгин сен. Деп табалайт калгандар, Анда айлам не болот? Өлсөм жандан кутулам, Өлбөй тирүү болгондо, Жаман катын, жаш бала, Жабырап айтат жамак кеп, Жаладан кайдан кутулам, Үмүтүм үзүп жаныман, Өлүмдү алып мойнума, Эминеден коркомун? Кумсар сыйкыр, сулуу кыз, Тапан хан бар колумда, Дагы эки балбан бар, Сейитти тосор жолумда. Балбандан айла болбосо, Баарысы өлүп сойлосо, Жашыл жээктин ойуна, Аккан суунун бойуна, Кара, кызыл, көк тендин, Алпарайын тобуна. Бир аргасы табылып, Сейит түшөр колума. Мени кууп жеткенче, Жол арбытып кетейин, Экинчи жолдон тосмокчу, Эр Тетеге жетейин. Кара тендин эли эле, Тете мыкты эр эле, Жетимиш миң кишиге, Мен боломун дер эле. Салмоор менен таш урган, Кезенгенин жок кылган, Күндүк жерден жаа тарткан, Түштүк жерден найза аткан, Канжар уруп жан алган, Канжарды жаза урбаган, Өтө мыкты неме эле, Сейит аны биле албайт, Жаа тартып канжар ура албайт, Ташты тандап жыйалбайт, Салмоорго салып алалбайт, Тете билген өнөрдүн, Бирин да Сейит биле албайт. Ала турган Сейитти, Таптым Тете эрди, — деп, Колго түшөт эми эле, Оңуна Сейит келди” деп, Жолго түштү кеңгиреп. Керки менен Чанакты, Катар жеңип кулатып, Кезкерип найза чунайтып, Телкүрөңдү чуратып, Чычкансур изин кубалап, Жолго кирди эр Сейит. Алышканы эсте жок, Эми эле жаңы чыккандай, Оңдонуп минип Күрөңгө, Кууп кирди баатырың, Көнүк болгон Телкүрөң, Айгайлаган сүрөөнгө, Ушул күнү көкжалдан, Куйун минип жүрсө да, Кутулуп душман кеткисиз, Кууп чыккан Күрөңгө. Жагалданып Телкүрөң, Жаңыдан кызып алыптыр, Жаадай сызып калыптыр, Жарым күн кеткен Куткарбас, Караандаш жете барыптыр. Күрөңдүн угуп дүбүртүн, Куткарбастын Чычкансур, Бүжүрөңдөп калыптыр. Кылчайып артын караса, Кененимдин эркеси, Кудайдын сүйгөн пендеси, Ак калпак кыргыз көп элдин, Башындагы маанайы, Маңдайга бүткөн таалайы, Чукул жетип алыптыр. Эликим жерде Куткарбас, Жан-жанына каранат: “Найза бойу жеткирсем, Сейит менден жан алат!” Өтмөктүн шору деген бар, Өтө берсе Куткарбас, Экинчи балбан табылат, Келе жаткан бел кылып, Эр Тетеси кабылат. Жол тоскон чөлдө жалгыз баш, Тете кайдан жай жатат. Өтмөктүн шору сеңирге, Мелчемдүү жерге тургузган, Сыйынчу сүрөт темирге. Атайлап келип баш уруп, Тура албай Тете удургуп, Буларды ойлойт кубулжуп: “Улуктугун көрсөтүп, Өкүм менен Куткарбас, Сейитти тос дегени. Менден коркуп Сейити, Ушул жерге келеби? Келип калса кокустан, Менден тирүү кетеби? Сейитти мында жеткирбей, Балбан Чанак жебейби, Сейитти жеңдим мен Чанак, Балбан менмин дебейби. Өнөрүм артып көп эрден, Куткарбас аны билбеди, Биринчи жолго эр Тете, Өзүң тургун, дебеди. Сейит менен беттешпей, Мен арманда калдым” деп, Отуруп кооп ойдолоп, Тете турат кайгы жеп. “Сейитти Чанак жайласа, Баргыла деп Таласка, Куткарбас бизди айдаса, Баарысынан жаман дейт, Жалаңгыч сарык атанган, Кененим деген каргаша. Кененимдин кезегин, Куткарбас анда маа берет. Ал Кененим дегенди, Менден башка ким жеңет? Кененимди жеңгенде, Таласты талап келгенде, Жашыл жээкти маа берет, Куткарбас калат Таласта, Тапан хан калат Шоркөлдө, Куткарбас жаман куйбу эле, Кантип жалгыз каламын, Жан алар кыргыз бул элде, Жаныман кетпей тургун, деп, Кылбаса экен каргаша” Деп ойлонуп ал Тете Кыйалы кечет кырк санаа. Санаасы санга бөлүнүп, Өлүмдөн Тете шеги жок, Терең ойго берилип, Олтурганда кеңгиреп, Түндүк жактан капкайдан, Жалгыз караан көрүнөт. Көрө койуп караанды, Көрөр көзгө барандуу, Келетабы качып, деп Куткарбасты ойго алды. Анын арка жагынан, Жана көрдү караанды, Аркасында көрүнгөн, Жалгыз эмес топ келет, Жалбырттан күйгөн от келет, Жайнаган кызыл чок келет, Аңгычакты бурулду, Алты сай мөндүр асмандан, Чагылган чагып куйулду, Күрүлдөп шамал угулду, Кантип айтып боломун, Ачып көздү жумгуча, Алда канча кубулду, Мен-менсиген эр Тете, Көзүн бардап бир нече, Абдан байкап караса, Куткарбас качып алыптыр, “Кууган Сейит экен, — деп, Уктап калып зор Чанак, Туйбай калган экен, деп, Же коркуп Чанак качканбы, Аңдан чыкпай жатканбы? Сейиттен коркуп зор Чанак, Акылынан шашканбы? Же болбосо тетиги, Кан ичме кыргыз Сейиттин, Амалы андан ашканбы? Чаначтай көөп дардайып, Элге батпай эр Чанак, Жер кучактап жатканбы? Эмине болсо болгондур, Эр түгөтүп баш алган, Жер түгөтүп жол салган, Желмогуз кыргыз баланын, Ажалы менден жеткендир” Ойлогону Тетенин, Ошол болуп табылып, Ат көтөрбөй жөө жүргөн, Байлап койгон пили бар Пилин мине камынып, Ач бөрүдөй чамынып, Башынан берки адаты, Сыртынан кызыл жамынып, Жеткирбей, жанын алам, деп, Жебесин алды камынып. Тетени көрүп Куткарбас: — Баатыр Тете сен элең, Баашалык белги колунда, Баш кишиңер мен элем. Силер аман турганда, Ушундай болоор дээр белем? Кызталак кыргыздын, Кылбаганы калбады, Сен кеткен соң куу чөлдө Эр Тартакты жалмады, Амалым кетип мен качтым, Акылыман чын шаштым, Мээ кайнаган күндөрдө, Көзгө сайса көрүнгүс, Ай караңгы түндөрдө, Адам баспас жол бастым, Эми Сейит жетээрде, Зор Чанакка жанаштым. Өзүңдөй Чанак эр экен, Эрдиги артык болсо да, Өнөрү сенден кем экен. Жулуп алып чынарды, Жарагы чынар деги экен, Чанактын күчү күч экен. Айландырып чынарды, Алда канча булгады, Табы жеткен жерлерде, Чалма тоолор кулады, Курма тамдар урады, Дарактын баары кыйрады, Баш аламан сулады, Чынардын күүсү учуруп, Мени жарым күндүк алпарды. Жакуттан дүрбүн алгамын, Чанак менен Сейитти, Жай баракат карадым, Амалы артык, акылы көп, Арамза кыргыз экенин, Мен ошондо байкадым. Жазгырып чапкан чынарды, Аркасынан имерип, Оң колтукка бир сайды, Камындырбай чаптырбай, Бакалоорго бир сайды, Тоң мойун керкин имерип, Аркасына айланды. Аңгычакты Сейити, Балта менен дыңдоокко, Басып өттү Чанакты, Балтаны тартып алганда, Жыгылды жерге дүп этип, Салмагынан Чанактын, Жер козголду сүлк этип Минген керки маш экен, Томураңдап келгени, Сейитини сүзгөнү, Сүздүрбөстөн Сейити, Сала берди олотун, Мүйүзү тийип керкинин, Тоодой дөбө түздөлдү, Дөбөдөн өтүп кеткени, Керк Сейитке жеткени. Көрүп турду өз көзүм, Ал Сейитке кудайы, Алда канча күч берди, Сүздүрбөстөн керикти, Мурундан толгой кармады, Такаңдатпай таманын, Эки колун көтөрдү, Жерге баса тартканда, Керктин мойуну бүктөлдү, Чанак өлдү дардайып, Керки өлдү тартайып, Качып келе жатамын, Көргөнүмдү сага айтып. — Айтканың чын, Куткарбас, Менден Сейит кутулбас. Жебенин огун кездеди, Бирин оозго тиштенди, Күч келтирип тартканда, Сым чойулуп-чартылдап, Ийилип жебе карсылдап, Жебенин доошун укканда, Жайдары Сейит эрениң, Бендеден артык берениң, (Айкөл Манас тукумун, Ак калпак кыргыз болгон журт, Көрүп келет керегин ) Тура калып жалт карап, Тетенин көрдү караанын, Өңү кара, тиши ак, Башкача көрдү баранын, Сейит тура калганда, Тарткан жебе зыр деди, Жебенин арка жагына, Кош коңгуроо тактырган, Жер жарылып чур деди. Эр Сейити жолборсуң, Кыйындыгын билгизди, Жебени жазбай боосунан, Илип алды найзага. Тете бекер турбады, Бир тартпастан жебени, Арка-аркадан үч тартты. Атасы ашкан кеменгер, Пендеден ашкан айлакер, Сейтектин эр Кенен, Теңдеши жок шер Кенен, Жети жаштан Сейитке Жетимиш эки өнөрдү, Калтырбастан үйрөткөн, Арка-аркадан тарткан жаа, Бири да тийбей калганга, Тете жаман арданды, Салмоорун алып булгалап, Кой башындай таш салды, Тегереткен салмоордон, Күркүрөгөн үн чыгат, Чагылган чыгып жаткандай, Жаалысы катуу сүр чыгат, Салмоордун угуп үнүнөн, Жүрөгү батпай көөдөнгө, Куткарбас байкуш кубанат, Салмоордун ташы зыркырап, Асман-жердин арасы, Келе жатат чыркырап, Балтаны кармап кара көк, Карап турат ыкыстап. Кой башындай чоң ташты, Балта менен какканда, Канча барча сынган таш, Чачырады ар кайдан, Быркыранды бар чаташ. Тетенин тийди өзүнө, Маңдайдагы көзүнө, Чечекейи чегилип, Агып түштү мылк этип, Ооп барып оңолду, Пил үстүнөн шылк этип. Жалгыз көзү калганга, Арданганы аттан чоң, Ачууланды абыдан, Кордонгону койдон чоң, Кордук ойлоп өзүнө, Сейитимди жетсем, деп Кейиши жок көзүнө, Алтымыш алты канжарын, Арты-артынан ыргытты, Кадалды деп бооруна. Канжардын баарын Сейитим, Кагып жерге түшүргөн, Канжардын ишин бүтүргөн, Аңгыча Тете анталап, Найзаны алып күтүнгөн. Качырып сайбай найзаны, Уруп сайып көнгөн кул, Карматты адат мына бул. Он эки найза зыркырап, Куусу угулду чыркырап, Куткарбас турат акмаалап, Өз ойунда муну деп: “Найзадан кантип кутулат” Он эки найза он эки, Сап болуптур тизилип, Аркага качса найзалар, Куткарбай кууп жеткидей, Туурага чыга берерге, Катар келген тизилип, Аркан бойу кеңдикте, Бийиктиги найзанын, Ээрдин кашын белгилеп, Келатканы билинди. Белги берди Күрөңгө, Алдында минген Күрөң маш, Тизгин ийип оңуна, Кыйрата бутун чапкандай, Жыгылды жерге шалк этип, Он эки найза үстүнөн Өтүп кетти шарт этип, Телкүрөң турду ордунан, Аккан суудай шар этип. Караса көзгө илинбей, Канжар менен найзасы, Кай кеткени билинбей, Сейитим жүрдү чуу койуп, Тетени беттеп кийиктей. Эр Сыргактын сыр найза, Шерден белек бул найза, Телкүрөңдү чуратып, Аркадан чаңын чубалтып, Булуттуу көктүн алдынан, Муундуу чөптүн үстүнөн, Ур дедирбей жеткени, Табарсыктын башы, деп, Таамай муштап өттү эми. Элөөрүгөн Сейитим, Эрдик эмей неткени, Тоо көчкөндөй чоң Тете, Томкорулуп кеткени. Тоңкойуп өөдө болгончо. Сырты менен балтанын, Чокуга тартып жиберди, Айрандай мээси чачылды, Дүкдүңдөгөн кызыл пил, Эр Сейитти качырды. Тумшугун булгап кызыл пил, Эр Сейитти чабарда, Чапса майып кыларда, Койондой буйтап Телкүрөң, Чыга берди туурага. Томпоңдогон кызыл пил, Толгонуп кайра болгончо, Эшик эндүү айбалта, Кармай алды сабынан, Пилди көргөн адамдын, Жүрөгү чыгат кабынан, Ооз омуртка тушу, деп, Болжолдуу жери ушул, деп, Сырты менен балтанын, Чаап өттү кабылан. Томурайып жыгылды, Топого башы тыгылды, Бир сайгандан чыгарбай, Тоодой Тете баатырдын, Жанын алды Сейити, Бир чапкандан чыгарбай, Пилди алды Сейити, Каарына чыдап Куткарбас, Карап буга туралбай, Чычкансурду чүчүлөп, Бүркүттөн качкан койондой, Аркасын карап кылчаңдап, Качып барат бүжүңдөп. Караанын көздөн чыгарбай, Бала баатыр эр Сейит, Качкан жоонун артынан, Кууп барат күжүлдөп. Куткарбастын жүрөгү, Алып учуп дүкүлдөп, Көчүгү атка токтобой, Араң барат бүлкүлдөп. Үчүнчү тосон эр Татан: “Кечигип калды Куткарбас, Сейитти ал жеңди” — деп, Кайта артына келаткан, Өзүнө-өзү күдүңдөп: — Атым Татан эр туруп, Кол астымда колбуган, Кызыл теңдүү эл туруп, Куткарбас баргын деп айтса, Мында келдим бой уруп, Талаада жүрдүм мынча күн, Көйнөк чечип жатпастан, Көзүмдү жумбай тик туруп, Жол карадым туш-туштан, Куткарбас качып келбеди, Ал Сейитти жеңгенби? Жеңген болсо Сейитти, Неге кабар бербеди? Ирмебей кирпик акыйып, Көз жумулбай чакыйып, Мен талаада жүрөмбү? Бурулбастан барайын, Сейит менен теңдешип, Салышып жатса Куткарбас, Сейитти мага бергин, деп Куткарбастан сурайын. Сурап алып Сейитти, Суудай канын жайайын, Жеңип алып Сейитти, Жаткан болсо Куткарбас, Андан кыйкым табайын. Жайнатып мээсин чагайын, Тапан ханды талкалап, Сулуу кызды алайын, Кылыгын көрүп сулуунун, Кызыгына канайын, Тапан хандын Шоркөлүн, Жашыл жээктин элдерин, Баарын колго алайын, Таластагы кыргызды, Такыр талап чабайын, Каш кайтараар жок калат, Падыша болуп алайын. Сыйкырлап Кумсар кас чыгат, Утур келип калыпмын, Жанын каткан камышка, Өлтүрүп аны салайын, Татаалы жок тазалап, Жолду ача барайын. Деп ушинтип кайран эр, Талаада жүрүп хан болуп, Талабы тоодой бар болуп, Камышты чапты качырып, Чокмор менен жапырып, Жалгыз камыш дүпүйгөн, Томолонду жалпыйып, Кара чаар бир жылан, Камыштан чыкты атылып, Жыландан коркуп чоң Татан, Акылдан азды шашылып. Жыландын коркуп сүрүнөн, Качып калды аптыгып, Аңгычакты Куткарбас, Жолгошуп калды чакчыйып. Тааный койуп чоң Татан: — Куткарбас! – деп бакырып, Сорголу жылан келатат, Мени кой, — деп, - куткарып. Куткарбастын ойуна, Мындай түшүп жаман нээт. “Кан ичме кыргыз Сейити, Сыйкыр кылган экен” деп, Жанындагы нар кескен, Кармай алып сабынан, Тартып алып кабынан, Кара чаар жыланды, Туура белдин тушу, деп Өлөр жери ушул, деп Чаап өттү Куткарбас. Жыландын каны чачылды, Ар тарапка буртулдап, Адамча сүйлөп баш жагы Айтты муну шуртулдап: — Оңбой калгын Куткарбас, Мен Кумсарды жедиң! — деп, Татаның менен куруп кал, Талаада калды тарпым! — деп, Кумсар деген кепти угуп, Көөнү айнып, көз тунуп: “Ажалым жеткен экен, — деп, Амалын кеткен экен, — деп, Баары кылган шумдугум, Жарабады бекер, — деп, Татандан калса Сейитке, Беттешпесем бекер” деп, Кайраттанып бекемдеп, Кара көзгө кан түшүп, Жарык күн жок үстүндө, Түмпүйгөн кара түн түшүп, Улутунуп ич күйүп, Эстенип чочко үшкүрүп, Дөөлөтү качып башынан, Мээнеты арбып кеткен кез. Аңгычакты артынан, Шамалдай сызып Сейити - Жан алуучу жетти тез. Көрө койуп Куткарбас: — Канасың, Татан, болгун, — деп, Тетиги келген Сейити, Эсимди алып болду, — деп, Сенден амал болбосо, Серке улактай сойду! — деп, Айтып жатып Татанга, Ыйлап ийди өңгүрөп. Карманып Татан каарданып, Бой чайандай заар салып, Мингени тору Тобурчак, Колуна чокмор карманып, Булгаган самын кептенип, Бузулуп өңү карарып, Канасың, Татан баатыр, деп, Куткарбас айтып койгонго, Доңуздан бетер жон алып, Беттеп басты Сейитти, Кармашмак болуп кол салып. Билегинде Татандын, Эки жакут ташы бар, Кол көтөрсө жаркырар, Ким бет келсе Татанга, Көз уйалып жалтанар, Көз жалтанып калганда, Кылар иши кыйла бар. Бет келген көп балбандан, Башын кесип жан алат, Байлап алып кээ бирин, Баашаасына алп барат. Ошондуктан ал Татан, Ар качан эрдик ат алат, Андан мыкты нечени, Татанча болбой жөн калат. Татанча болбой баарың, деп, Куткарбастан даң алат, Алтын, күмүш-зар алат. Соогат бергин, баатыр, деп Калган балбан аа барат, Арбын-арбын менин, деп, Жан кишиге түк айтпайт, Татан чыкты жеңет, деп, Куткарбасты кубантат, Жаркырап эки жакут таш, Сейиттин көзүн уйалтат. Күркүрөгөн чоң Татан, Көп балбан көрүп эс танган, Сейитимге жеткени. Үзөңгүгө тамандап, Тура калып Татандап, Эр Сейитим төрөнү, Чокуга тартып жиберди. Эр Сейиттин калканы, Мыктары кетти шалдырап, Кээ бир барча сыныгы, Жерге түштү калдырап, Эми Сейит турбады, Эси оогандай жалдырап. Кайрат берип Татанга, Куткарбас сүйлөп балдырап. Жана алды чокморун, Татан доңуз алдырап. Чокморун жерден көтөрүп, Чендеп алып болгуча, Шыңга бойлуу чабандес, Эти жадоо кагалес, Бала баатыр бакырып, Манастап ураан чакырып, Эти ачынган жаш арстан, Мурун чокмор чаптырып, Булгап алган чокморун, Болжоп Татан чапкынча, Кар жиликтин булчуңга, Найзаны салды мылгыта, Таначардай булчуң эт, Бөлүнүп кетти бир канча. Кан куйулуп салаалап, Каптал менен талаалап, Жан алуучу чокмору, Жерге түштү дүп этип. Колун өөдө кылгынча, Кылычты кындан сууруганча, Оң жаккы кара санына, Найзаны сайып мылгытып, Кой башындай сом этти, Жыра сайып ыргытып, Сол бөйрөккө бир сайды. Эки кол, эки бутуна, Мойун эттин тушуна, Алты жерге найзаны, Ченеп сайып мылгытып, Агызып канын зыргытып, Өлөсөлүү болгондо, Өлтүрбөй таштап Татанды, Куткарбасты төтөлөп, Бала баатыр жол алды. Татан өлдү Куткарбас, Эми жерге кирип Кутулбас, Жашыл жээкти бетке алып, Качып барат тууралап. Элге жетти элирип, Эркин сүйлөп демигип, Эркинче бийлеп бул элди, Мурун кеткен семирип. Алты кемпир, эки чал, Жолунан чыкты жабылып, Тыртык деген бар эле, Тили кыйла так эле, Кеп айтканга шар эле, Сексенден жашы канча ашып, Токсонго барган чагы эле. — Жалгыз атчан, жалаң тон, Ким болосуң сен? – деди, Жашырбайым өзүмдү, Атым Тыртык мен, — деди Бетиңе айтам Куткарбас, Менин сөзүм бул, — деди. Күндө аскер деп жатып, Түгөттүң эркек бүлөнү, Өз мойнуңа алгының, Кимге айтасың күнөөнү? Качып келген бир кызга, Кар кылдың го көп элди. Жалгыз келген кыргызга, Жалпы баарың биригип, Ага алыңар келбеди. Тапан хан кары чоң акмак, Андан бетер сен акмак, Алыстан келген ал бала, Жалган жасап кеп айтпайт. Кыз эмес сыйкыр желмогуз, Ата-энесин жеп болуп, Качып мында келди, деп, Айткан экен силерге, Тапан хан экөөң чыртыйып, Ишенбепсиң ал кепке. Тилимди ал, Куткарбас, Эсиң болсо а көрө, Сейитке сен кайтып бар, “Суурган кылыч кесе албайт, Сунуп барган мойунду”, Намыс кылбай айтып бар. Кызды кармап бергиле, Жашыл жээкке өзүң ээ, Шоркөлдүн ээси Тапан хан, Тагыңарга мингиле, Тамтаңдабай тим эле, Тайныңар менен жүргүлө, Өмүрүңөр канчалык, Дардайып доор сүргүлө. Жашыңар өтүп кетсе да, Дөөлөт кайта жашартат. Тартынбай ойноп күлгүлө. Келипсиң мында, Куткарбас, Ээрчип сени эл баспайт, Качып жүрүп жай таппай, Кайран башка таң атпайт. Жашыл жээкте жүргөндө, Оймоктуудан уз алдың, Бети кызыл кыз алдың, Өңү жылуу катынды, Эринен тартып аны алдың, Элебей жүрүп дердейип, Элден чыгып сен калдың, Аралап барсаң айылга, Ажалдан мурун өлөсүң, Чалма кесек таш менен, Такыр урат камалап, Биринен бири кабарлап, Келе берет сабалап. Урарга нөөмөт жетпесе, Кетпей турар сагалап, Абийириңди кетирет, Катындар келип жакалап. Көп кечикпей жолго түш, Сейит келет бакалап. Тилимди ал, кайтып бар, Көргөн уккан баарысын, Кары Тапан, “Сулуу кыз” Жашырбастан айтып бар. Куткарбас мындай кеп угуп, Жанга батар жеме угуп: “Тыртык баштап булардын, Баарынын башын алайын, Калың элди дүрбөтүп, Ээрчитип алып чыгайын, Ээрчип басып бербесе, Кылычтап баарын кырайын, Сейитим келсе аңгыча, Анда кандай кылармын? Алты катын, үч чалды, Чыгарган элдер турбайбы. Сейитти көрсө көздөрү, Өтө ширин жагымдуу, Сейитинин сөздөрү, Кылгылыкты кылбайбы, Ураан тартып чуркурап, Сейитти карай жылбайбы! Жашыл жээкке барбайын, Жалдырап жетим калбайын, Элге болуп каранды, Эс акылдан танбайын. Сыр алдырып өз элге, Шылдың болуп өзгө элге, Антип тирүү жүргөнчө, Айтканым айткан эме эле, Касиеттүү Тапан хан, Кара каш сулуу тажаалдан, Акылдашып кеп алып, Эп келгенин эм алып, Салгылашып көрөйүн, Колго тийсе кокустан, Чойтолоң, Тапак, Тазкара, Жүрөгүн тирүү жулайын, Өз майына куурайын. Сейитиге кошулуп, Белимди менин сындырды, Караандуу киши топ болуп, Сейиттин көөнүн тындырды”. Деп ойлонуп талаада, Качып жүрдү ар кайда, Өлө албай жатып Куткарбас, Чойтолоң, Тапак, Тазкара, Буларга жаман кекенет, Беттеше албай Сейитке, Качып жүрөт Чекелеп. Кыйалы кырк, санаа миң, Сапырылып токтобой: “Сейит келип калат, деп, Бу жерде жаным алат, — деп, Келип калса бу жерге, Алты кемпир, үч чалдын, Кеби артып чыгат, — деп, Абышка кемпир чогулуп, Мага келип жолгошуп, Акыл айтып жол тосуп, Минтип жүрөт бул бир кеп, Жашыл жээк эли чогулуп: Өсөрүңөр калбады, Өлөсөлүү чагыңар, Куткарбаска жол тосуп, Алдынан чыгып багыңар, Деген экен элдер” — деп, Куткарбастын ойуна, Нечен түркүн кеп келет, Ойуна келген кеңеши, Ого эле сүйкүм эп келет: “Алты кемпир, үч чалды, Өлтүрүп таштап кетейин, Башын кесип чалдардын, Дарактарга асайын, Кемпирлердин курсагын, Жара чаап эшейин, Беребиз деп эдебин, Мага айтат акыл кеп, Өздөрү тартсын эсебин!” Куткарбастын кыйалын, Кубул кемпир сезиптир, Топо чачып башына, Аңыргандан чаңырып: — Ээ, Кулунум Куткарбас, Бачымыраак кетип бак, Колдо туулуп үйдө өскөн, Өз балабыз сен элең, Бул дүйнөнүн шумдугу ай, Сени мен, балам Куткарбас, Ушундай болот дээр белем?! Тээ көрүнгөн алыста, Жерде десем көктө окшойт, Көктө десем жерде окшойт, Кээде жалгыз, кээде беш, Келе жатат бир караан. Кыргыз келип калбасын, Баарыбызды кырбасын. Кубулдан укмуш кеп угуп, “Мен качарда Сейити, Эки киши көрүнгөн, Бүгүн болсо беш киши, Кан ичме кыргыз Сейиттин, Кандай кылган укмушу?” Деп Куткарбас ойлонуп, Кемпир-чалга карабай, Караганга жарабай, Жолуна түштү куйундай, Кайрат кылып туралбай: “Тапан хан, Кумсар кайда? — деп, Болорбу акыр айла? — деп, Сулуу кыз кетти колдон, — деп, Чойтолоң, Тапак, Тазкара, Тоспосо болду жолдон” деп, Чычкансурду мойундап, Сакалын катып койундап, Олбуй-солбуй теминип, Оң-тескери камчылап, Качып келет Куткарбас, Бурулуш жолго бурулуп, Аттын изин жашырып, Агындын салып ичине, Алдадым деп Сейитти, Куткарбас ойлойт ичинде. Аңгычакты болбоду, Утур келди Сейитим, Алты катын үч эркек, Топтошуп турган кишиге, Салам айтты Сейити, Аксакалдуу элдерге. Алик алды аксакалдар, Карап турду жардашып, Ак саамай болгон айалдар. Тыртык кебин баштады: — Кууган киши болбогон, Куткарбастай качканды, Ушул жерде чогултуп, Өлтүрө бизди тас кылды. Жан тумшукка желгенде, Тиги турган Кубулдун, Коркутуп аны айтканы, “Беш киши келет аркаңда, Кууган кишиң белем”, деп. Кулагына киргенде, Кылчайып артын карабай, Жолго түштү элеңдеп. Бурулуш жолго салгандыр, Түбү таштак кара суу, Ичине кирип алгандыр, Сууга жетер-жетпесте, Аттын изи жоголуп, Табылбай дайны калгандыр. Айтканымды кабыл ал, Суу ичинен изин чал, Из болбосо кургакта, Өзөндү бойлоп жолго сал. Акылынан шашкандыр, Кайдасын деп Тапан хан, Аркасынан качкандыр, Канчалык элден кан чачты, Тартып алып катынын, Көп кишини какшатты, Кысасын ал тарткандыр. Тыртыктан угуп кыйла кеп, Мен Сейит деп айтпады, Аттын изин белгилеп, Бир сеңирден айланды. Аттын изи жоголду, Жер таманы корум таш, Өзөндө агын суу болду, Суун бойлоп эр Сейит, Ат айабай чуу койду. Эки күнү бир түндө, Суу азайып сай болду, Түндүктү карай бет алган, Аттын изи бар болду. Аттын тапты нак изин, Эми Сейит айабайт, Душманынан бар күчүн. Ат арыта жол жүрүп, Сегиз күнү мол жүрүп, Четине келди эр Сейит, Мурун кеткен жерине, Чойтолоң, Тапак, Тазкара, Конушбай калган элине, Сейиттин көрүп караанын, Абыдан угуп абалын, Чойтолоң анда кеп айтат: — Арстаным, ук, — деп айтат. Бүгүн отуз беш болду, Кумсардын жок карааны, Эл ичинен жоголду, Бир шумдуктун болгону, Үч күн болду тигил эл, Удургуп калды дүрбөшүп, Бүжүрөп мурун туруучу, Баш көтөрбөй сүрлөшүп. Куткарбас кайта келгенби? Элине кайрат киргенби? Ичимде жалын от күйдүм, Эр Сейит неге келбейт деп. Келгенин билдим мен качып, Эсин таппай сандалып, Өңдөн азып саргарып. Эркин келсе күркүрөп, Бизге келмек түз басып, Эби келсе арстаным, Эми болсо айтканым, Жиберели бир киши, Ушул менин айтарым. “Качып жүрүп Куткарбас, Кайтып келдиң бул жерге, Ээ болуп кала бергиниң, Мурунку жүргөн эл-жерге, Шум канчыкты бер бизге, Биз турбайбыз бул жерде” Барган киши так айтып, Сөздү ушундан баштасын, Келбегенин келгенин, Сырын ачып таштасын. Чойтолоңдон кеп келди, Кабылан шерге эп келди, Конушбайды баш кылып, Үч кишини жиберди. Конушбай келип кеп айтты, Кеп айтканда тартынбай, Аста айтпастан бек айтты: — Хан Тапан хан, Куткарбас, Шум канчыкка алданып, Кесилип кетти далай баш. Өмүрүн көрбөй түгөндү, Кырчындай болгон кыйла жаш. Мен айтпайым жалганды, Шумурай карап турбайбы, Ата-энесин баш кылып, Этин жеди далайды, Ажал жетип, күн бүтпөй, Өлбөй тирүү мен бармын. Жедигер эли билдирбей, Кененимге барыптыр, Жеткирип кабар салыптыр, Кары деп таштап атасын, Сейитим келе калыптыр. Заар төгүп арбашып, Сыйкыр салып кармашып, Алы келбей Сейитке, Качып келди бул жерге. Тапан ханды алдады, Кара жүздүн дартына, Тайынсыз өлдү ар кайда, Тапан хандын балбаны, Ыйлап калды канча элдин, Кызыл муштум балдары, Заркырап калды кан какшап, Кызыл ээк чалдары. Өлгөндөрдүн баарынын, Бул канчыкка убалы. Тапан ханды талкалап, Тайыны калбай калганда, Куткарбас издеп саа барды. Куунайза балбан баштаган, Эки вазир, он балбан, Баары болду таш-талкан. Жүз миң аскер, кырк сардар, Кырылып жатып аз калды. Тапан хандан бөлүнүп, Чойтолоң менен Тазкара, Элин сактап өлтүрбөй, Аман-эсен бүт баары. Айтканым айткан Конушбай, Алдамчыны бизге бер, Тапан хан менен Куткарбас, Алдыңда минген тагыңар, Башыңда тажы багыңар, Тил албасаң айтканга, Сонун көрсөң өлүмдү, Калбай көргө барыңар. Жылпыштатпай кебиңди, Ток этер жерин айта сал. Жалганы жок чынды айтып, Жашырбай ички сырды айтып, Конушбай кебин бүтүрдү. Куткарбастын ошондо, Оозунан чыгып буркурап, Бопороздой түтүнү: — Эртең жообун берем мен, Бүгүн барып тур — деди, Жиберемин канчыкты, Же бербеймин дебеди. Ошондо айткан тартынбай, Конушбайдын бир кеби: — Жашыл жээктин ханы деп, Жаныңа келдим Конушбай, Аздыр көптүр туз таттым, Тапан ханга кош айтып, Ага келдим Конушбай. Көзүңдү сүзүп каласың, Каадаланып унчукпай, Эртең жооп берем, деп, Кортулдайсын доңуздай, Сен жооп бер, Тапан хан, Чач-сакалың саксайтпай, Чээнден чыккан айуудай. Кутулаар жериң калган жок, Кол куушуруп Сейитке, Кубакай канчык өзүң бар. Жедигерде бир жүрдүк, Мага айтаар кандай сөзүң бар? Доңуз, айуу, канчык, деп, Катар тилдеп Конушбай: — Айткан тилди албадың, Өлсөң жок эми арманың! Деп Конушбай толкундап, Көбүргөндөн жабырып, Оолуга сүйлөп бабырып, Котчуларын жүрү, деп, Кумтунуп кооп жөнөдү. Конушбайдан кеп угуп, Сен доңузсуң деп угуп, Куткарбас айтты оолугуп: — Сен Тапан хан саксайып, Карыган койдой чакчайып, Алдыма келип арз айтып, Шумурайды жиберип, Көөн айнытар дарт айтып, Башка бүлүк салдыңар. Тапан хан көөнүң калбасын, Бүгүн алам сулууну, Эртең чыгам Сейитке, Ким кутулуп ким калат, Түпкүлүктүү кейишке?! Деп Куткарбас айтканда, Тер агып бойдон сызылып, Тапан хан өңү бузулуп, Сейитиме кетсем, деп, Ичинде ойлоп көөн буруп, Жакшы-жаман кеп кылбай, Ордунан кооп жөнөдү. — Менин айткан кебиме, Көнөсүңбү, Тапан хан, Көнбөйсүңбү, Тапан хан? Жооп кылбай жөнөйсүң, Өлөсүңбү, Тапан хан? Тура калып Тапан хан: — Туура кебим мен айтам, Алдыңа келдим зарылып, Бир канчыктын артынан, Бой кошподум бир түнү, Карылыктын дартынан. Ааламдан ашкан шуркуйа, Акыл айтып алдады, Чын-чынына келгенде, Жан жеримди байлады, Менден бетер бул канчык, Сени жана алдады. Билбеди Тапан хан, дедиң, Өз көзүм менен көргөнмүн, Жетелеп кирип кеткениң, Керексиз болуп сен калдың, Кержейип канчык жанданды. Ордуман турдум, Куткарбас, Сейитиге баргалы. Басташарга шай барбы? Барбастан башка ал барбы? Алдына барсам жан калат? Алдына басып барбасам, Талдай таарып башты алат. Кол куушуруп Сейитке, Баш койгонум билдирсем, Азамат танбайт айтканын, Тагымда калам Тапан хан, Таажым башка кийилүү, Багымда калам Тапан хан. Конушбайдын кеби чын, Сейиттин кебин айтпаса, Конушбайдын кеби эмес, Айтканы жалган деги эмес. Деп Тапан баса берерде, Шумурай канчык мындай дейт: — Бул айтканың Тапан хан, Ойун кеппи, чын кеппи? Биле албадым түп тегин. Куткарбаска жалынып, Мен барамын дебедим, Кеткен күнү Чойтолоң, Куткарбаска бар дедиң, Кек алып бер Сейиттен, Тийемин деп айт дедиң. Жан жериңди сыйкырлап, Байлады деген кай кебиң? Куунайза баштап он балбан, Эки вазир кырк сардар - Баарын Сейит түгөттү, Карыган түлкү, саатыңдан. Сендей болуп Куткарбас, Кемтик болсо бир күнү, Чын айткан экен Тапан хан, Деп ойлонсо Куткарбас, Мени жаман көрсөтмөк, Кыйалыңбы, Тапан хан? Какшантпай кары түлкүнү, Куткарбас баатыр, башын ал. “Көңүлү мага тийди, — деп Менин эрдигимди билди, — деп Кишинин баарын камтыган, Айтканын көрчү кебин” деп Ачууланып куткарбас: — Ой, Тапан хан бери бас, Оң тескери сүйлөнбөй, Акыл ойлоп кебиңди айт! Он үч жаштан бер жакка, Олтурган алтын тагында, Канча миң киши кол байлап, Кызмат кылган алдында, Ой, Тапан хан, деген сөз, Оор тийди башына. Ороолонуп Тапан хан, Одураңдап бакырып, Кызматкерин чакырып, Кылычын тартты кынынан, Кыйкырыгы таш жарып. Кылчайып карап болгунча, Тапан ханды белинен, Бөлө чапты Куткарбас, Түбү пастын баласы, Тегине кетти сээри пас, Өлгөн ханга карабай, Кайта ордуна олтурду, Шумурайды колтуктай, Тапан хандын аскери, Сейитти карай жөнөдү, Куткарбаска унчукпай, Жакшы-жаман кеп кылбай. Эл бузулду дегенде, Атка минди Куткарбас, Кошо жүрдү шумурай. Тапан хандын аскери, Кырып кирди артынан, Сейитке киши өткөрбөй, Жолун тосту шумурай. Элди чардап жол карап, Чыккан экен Конушбай, Алмамбеттин жибек тор, Ала жүргөн Конушбай, Кийимин башка которуп, Жолду тоскон шумурай, Ак-карасын аныктап, Ачык билди Конушбай. Акырын келип артынан, Шум канчыктын мойнуна, Торду салды Конушбай. Канчыктын жолу байланды, Эмгеги тийип колуна, Конушбай өзү кармады. Жедигер элин элдетпей, Жети сууну жердетпей, Конушбайды шумурай, Канча жылы кардады. Элин-жерин көрө албай, Куруп калган Конушбай, Канча заман зарлады, Канчыкты эми кармады. Манастын тийип оорагы, Конушбайга ашкере, Сейитимдин жардамы, Элинен тенген Конушбай, Эч арманы калбады. Жеринен тенген Конушбай, Алмамбеттин жеринен, Алып келген жибек тор, Шум канчыкка салганы, Конушбайдын бул күндө, Битчелик арман калбады. Шумурай колго түшкөндө, Манастап ураан чакырып, Сейитимге барганы. Эмине болуп кетти, деп Баатыр Тапак, Чойтолоң, Тазкаралар таң калды. Мойнуна иттей кынжылап, Шумурайды Конушбай, Жетелеп кирип барганы. Канчыкты көрүп эр Сейит, Оңдоп байлап бекемдеп, Кененим айткан кеп менен, Кежиге чачын кестирип, Сол кулагын шиш менен, Көзөй сайып тештирип, Жедигердин элинде, Кармаганда жеринде, Кененимдин кептери, Түк калбаган эсинде. Атанын кебин унутуп, Ойлобой балдар эсирип, Ушинтип калган кесирге. Ошол үчүн жолукту, Шумурайды качырып, Кара түлкү Тапан хан, Куткарбастай эсирге. Алтайдан артык эр Сейит, Эл-жеринен адашып, Азап тартты ар жерде. Азелде насип тузу бар, Ан үчүн келди бул элге. Тапан хан өлүп житкенде, Шумурай колго түшкөндө, Чойтолоңду эр Сейит, Тазкараны ээрчитип, Куткарбаска бар, деди: — Акылын ойлоп тапсын де, Айлында аман жатсын де, Алдыма келсин бүгүлүп, Ырайынан кайтсын де. Тирүүлөй Тапак баатырдын, Катынын тартып алыптыр, Баш урсун келип жүгүнүп, Бекер өлүп албасын, Ардык кылып күйүгүп, Күдөрүн туура үзбөсүн, “Сулуусунан” түңүлүп, Эми кастык кылалбайт, Алмамбеттин жибек тор, Мойнуна түштү сыйкырдын, Сыры калды төгүлүп. Бирге барды бастырып, Чойтолоң менен Тазкара. Тазкаранын тили так, Сөзү заар бир бала. Жеткен жерде Тазкара, Сейитим кебин салыптыр, Баарын угуп Куткарбас, Эмине дээрин биле албай, Сараң сар болуп калыптыр, Эми айтар кептердин, Тегин билет Тазкара, Баатыр Тапак, Чойтолоң, Кегин билет Тазкара, Жайылдык кылып чыдабай, Сөзгө чыдап туралбай, Куткарбастын өзүнчө, Өлөрүн билет Тазкара. Тазкаранын айтканы, Куткарбаска карата, Баштан айак маскара: — Эр Куткарбас барсыңбы? Эл башкарган залсыңбы? Сурадыңбы, Куткарбас, Желмогуз канчык, Тапан хан, Зарылып айткан арзыны? Кетирдиңби ичинен, Сейиттен алып дартыны? Канчыкты иттей байлатып, Кетирдиңби баркыны? Беремин дейт Сейитим, Тапан хандан талашпай, Албайсыңбы катынды? Түшүнсөң боло, Куткарбас, Сейитим айткан акылды, Жашыл жээкке хан болуп, Башкарсаңчы калкыңды. Качып жүрүп кар болдуң, Ачка жүрүп талаада, Сындырым нанга зар болдуң. Баштагыдан жакшыраак, Эми билет баркыңды, Ар ким келип жетелейт, Тартып алган катынды, Баатыр Тапак чыгарат, Текедей кылып тарпыңды, Сейитим кетет Таласка, Кимге айтасың дартыңды? Сенин тыңшаар кишиң жок, Зар какшаган арзыңды. Мына бул турган Чойтолоң, Карындашын жетелеп, Алып кеттиң үйүнөн. Менсеп берет Сейитим, Сенден бетээр бул дагы, Элөөрүгөн койколоң. Кайсы жагы саа жарык, Тегеретип ойлосоң, Колумду булгап тийгизбей, Тилимди тартпай сүйлөйүм, Талгакчы киши мен болсом,. Бир айтканда күлдүрөм, Бир айтканда күйдүрөм, Жүрөгүңдү ар күнү, Жүгүрүк сөзгө тилдирем. Жашыл жээктин калктары, Түгөнүп кетти түк калбай, Урушта жүрүп жаштары, Кызыл муштум балдары, Кызыл ээк чалдары, Жаш эмчектүү келиндер, Ак чач болгон энелер, Эрсиз эже-жеңелер, Сени каргайт калганы. “Элди кырып түгөттү, Сейитти жеңе албады” Деп жек көрөт түбөлүк, Жетим-жесир бүт баары. Кандай кылып багасың, Жетим менен жесирди? Калыңдыктан көтөрөт, Кара жер сендей эсирди! Чайкадың элге кесирди, Эми кандай табасың, Эл ичинде эсиңди? Тирүү кантип жүрөсүң, Эл ичинде көтөрүп, Жатын чаар бетиңди? Мурун колуң шок эле, Байланды колуң жок болот, Башта жайнап чок элең, Калды сасып бок болот. Ойлоп көрчү, Куткарбас, Жалганда сага ким окшойт? Жалындаган кезиңде, Куткарбас барбы эсиңде. Душманга беттеп барам, деп, Пилге теңдеп ок арттың, Мындан кийин калганда, Эгин эгип кетмен чаап, Эшекке теңдеп бок арктын. Өзүнчө жаткан жай элге, Карадан доомат док арттың, Катындардан жеме угуп, Калган докту сен тарткын. Абалың кандай Куткарбас, Теңтуш элең бирге өскөн, Чын сырыңды эми айткын! Бир айтканда Тазкара, Чөөчө күлүп каткырып, Бир айткандаТазкара, АлМасы колдон бош түшүп, Эси оогандай шалпыйып, Бир айтканда Тазкара, Алгыр бүркүт кептенип, Төшүн жайып дагдыйып, Бир айтканда Тазкара, Тиктеген көзүн ирмебей, Карыган койдой чакчыйып, Бир айтканда Тазкара, Айткандын баары маскара, Жемге тойгон кажырдай, Мүрүсүн салып лакыйып, Бир айтканда Тазкара, Төө куйрукту кучактап, Күндүз жаткан үкүдөй Жайнап көзү бакыйып, Сүйлөп жатып Тазкара, Күлүп кетет каткырып, Туруп калат мостойуп, АлдыНкы ээрдин кубартып, Жерди карап томсоруп, Албан түрдүү кубулуп, Тазкаранын айтканы, Кулагына Куткарбас, Мык каккандай угулуп, Бүгүнкүдөй маскара, Болгон эмес Куткарбас, Энесинен туулуп, Ээн талаа жер болсо, Өлгүсү келет муунуп. Тирүү туруп Куткарбас, Төө теридей куурулуп, Ачуу сөзгө чыдабай, Кара тер басып жуурулуп. Карап туруп заарданып, Кайра жаачу булуттай, Каар жүзүнө айланып, “Өлсөм кийин өлөйүн, Чойтолоң менен Тазкара, Катар башын байланып” Деп балтаны кармай алганда, Сейитим үнү угулду: — Тарт колуңду, Куткарбас, Кишиден сендей ит туулбас! Жайнап турган көпчүлүк, Баарың бери жакындаш. Өзүң туулуп өскөн жер, Тапан хандын ордуна, Хан болгунуң, Чойтолоң, Авазир бол, Тазкара, Жашыл жээктин элине, Улук болуп тапак, бар. Айткан акыл жукпады, Кулагы туруп укпады, Тапшырып бер алпарып, Жашыл жээктин калкына. Өздөрү жаза колдонсун, Өз элинин салтынча. Чойтолоң, Тапак, Тазкара, Кебим бар уккун аз гана. Алты айдан ашык урушуп, Упурак болду букара. Эгин эгип, чарба бак, Амал менен жаның бак. Эптеп алман албаңар, Эбин таап албаңар. Эгин эксе ылайык, Ысык экен жериңер, Кой оозунан чөп албас, Кой маарек экен элиңер, Тарыбасын куурулуп, Букарага пейлиңер. Мына бу турган Куткарбас, Болгон мурун бегиңер, Кебиң болсо кылып ал, Калбасын ичте кегиңер. Тапак, бардың жашыл жээк, Көрүп келдим чамалап, Ошол жердин эли көп, Зыйаны жок, пайда бар. Элде болсо эгин көп, Эчки, төөнүн жери экен, Ачуу-чүчүү жалбырак, Булардын жери көп экен, Кой менен жылкы арбыбайт, Азап тартпа тырышып. Жылаңач уйду арбын бак. Чиркей чагып сүт чыкпайт, Салып койгун желин кап, Аркар-кулжа жок экен, Жейрен –бөкөн көп экен, Бул экөөнүн душманы, Топ-топ болгон чөө экен. Токойунда Шоркөлдүн, Жолборс менен шер экен, Алардан качып туралбай, Калган айбан кем экен. Жери какыр, эл жакыр, Кыйынчылык шол экен. Камышы калың, дарак көп, Ал тарабы мол экен. Атайлап барып кол салып, Башка элди колотпо, Кара санаа душманды, Калкыңа жакын жолотпо. Айтарым ушул силерге, Кош аман бол, — дегенде, Бура тарта берерде, — Эр Сейит, — деди Куткарбас, Менде айтар сөз турат. Арбын айттың акыл кеп, Кармап берип канчыкты, Калкыңда аман калгын, деп, Тил албадым макул деп. Тапан ханды жалмадым, Сейитимге барам деп Кайрылбастан бастың, деп. Тапакты мага хан кылып, Калкка мени кар кылып, Таштаганың кайсы кеп? Ардыгыман өлөмүн. Өлгөнүмдү көрүп кет! Ай, Куткарбас, дегинче, Колундагы канжарды, Малып алды өзүнө, Толтосуна жеткире, Сайып алды өзүнө. Куткарбас канжар алганда, Жүрөгүнө салганда, Көптүн баары күлүңдөп, Күн тийгендей сүйүнөт. Сүйүнбөгөн бир жан жок, Кайгырган ага тир жан жок, Мына мындай кылтылдап, Опасыз экен дүйнө шок, Бок дүйнөгө алданба, Мундан жаман сасык жок. Хан болгондо так минип, Букараны кардаба. Байлаган торду карма, деп, Жүрмөк болду эр Сейит. Кур кетпей ала кеттиң, деп, Алтын, күмүш көтөрүп, Тегеректеп эл келди. Алып келген мал-пулун, Бердиңерби мага? — деп, Алып келгин кана? — деп, Жесир катын, жетим уул, Жыйдырып келди ал жерге. Жөлөгү жок багарга, Өбөктөгөн чалдарды, Чакыртып келди андайды. — Кетейин десем кетирбей, Алтын, күмүш, зар ал деп, Кармадыңар көпчүлүк, Тапан хан менен Куткарбас, Казынасын караңар, Азбы, көпбү карабай, Тең бөлгүлө барабар. Деп алып келди бөлдүрүп, Акылына төндүрүп, Короого малды байлатып, Алтын менен күмүштү, Төктүрүп койду жайнатып. Жесир катын жетим уул, Жыйдырып келген андайды, Караары жок жөлөксүз, Өбөктөгөн чалдарды, Жылаңач –жыртык бечара, Колунда жок андайды, Эсебин алып санатып, Алтын –күмүш малдарды, Бөлүп берди таратып, Нааразы киши жок болду, Жетпеди деп талашып, Бата берип калың эл, Сейитти койду узатып. Чындап боолук түшкөндө, Чын айласы кеткенде, Акыр заман күн болуп, Ажалы анык жеткенде, Кутулар айла табалбай, Өлөрүнө калганда, Эрге берсең бергин, деп, Оозу келди бул кепке. Сел болуп аккан кара жаш, Акканына карабас, Сыйкыры качып канчыктын, Бойго жеткен кыз болду. Кабылан Манас баатырдан, Калып келген нускасы, Эл үчүн жанын айабай, Кызмат кылган башынан, Жедигер элин куткарды, Желмогуздун каарынан. Атадан калган салт үчүн, Аттанды Сейит жашынан. Өчөшкөнгө өрт койгон, Тийишпесе тийбеген, Кишиге зордук кылганды, Ким экенин билбеген, Жан багышты сүйбөгөн, Жалган сөз айтып көрбөгөн, Айтканынан жанбаган, Айтышып келген душмандан, Жанын айап калбаган, Элдин тузун актаган, Душмандын ишин бүтүргөн, Жаман жолду баспаган, Сумсайып жоодон качпаган, Душманга башын ийбеген, Жоксузга эргиз тийбеген, Жолборстун уулу чунагың, Жөнөп кетти Таласка. Муну мындай таштайлы, Эр Сейиттин армандуу, Өлгөнүнөн баштайлы.