Куткарбастын качышы
Качкан бойдон Куткарбас, Элине жетти энтелеп, Куткарбастын астынан, Жүгүрүп келет нечени, Жыгылып-туруп темтелеп, Атка арткан чаначтай. Булагайлап булчуң эт, Чыканактын кырк мууну, Талкаланган эмеспи, Үзүлүп түшүп калчудай, Жерди тиктеп салаңдап. Билген эмес майданда, Эрлик менен андайда, Элине жакын жеткенде, Ооруган колго чыдабай, Тил менен ээрдин жаланат, Эки көзү алаңдап, Тегерете каранат, Ого бетер ачуудан, Көөдөй бети карарат. Бадананын сыртында, Каткан кандар салаалап. Алды-аркасы аскери, Келип жатат сабаалап. Бир четинен бузулуп, Кара-кызыл, көк эттүү, Кетип жатат талаалап. Карап турган маңдайда, Чойтолоң менен Тазкара, Моокуму канып табалап, Сары, жашыл, ак тендер, Тиктеп турат сагаалап. Ачуусу келсе кантем, деп Көпчүлүктөн чыга албай, Тапан хан турат мааналап. Аңгычакты бир сардар, Жетип келди күдүрөп, Куткарбастын жолуна, Тура калды бүжүрөп, Тили араң күрмөлөт, Сүйлөгөнү билинбейт, Коркконунан байкуштун, Этек-жеңи дирилдейт, Сакал менен муруту, Тал-тал болуп бириндейт. Утур келип жолуна, Олтура калды талпыйып, Сейде кылып ханына, Жата калды жалпыйып, Бойу кодоо неме экен, Жер кодоолдой марчыйып. Сурабасам мен кепти, Кеп кылсаңар болбойт, — деп, Мурун кылган өкүмдү, Өкүмгө кайчы келгенди, Өң карабай өлтүрчү. Коркуп сардар айталбай, Жер кучактап жатканы, Келген ишин айтууга, Уруксат жок айткалы. Кумсар сыйкыр ханына, Мындай кепти баштады: — Далай болду бул сардар, Жооп күтүп жаткалы, Жол –жоорук болсо бериңиз, Ылдам элге кайталы. Сыйкырдын кебин укканда, Ачык көзүн каранып, Айланып тиктеп алайып, Алдынкы ээрдин жаланып, Сары оору болуп суу ичип, Эндиреген кишидей, Күүгүмдөп көзү тунарып: — Айт кебиңди, Ботке кул, Ордуңан сен бачым тур! Сардар Ботке салпайып, Кепти айтты сандатып: — Сиз жарадар болгондо, Эч ким анык билген жок, Тирүү турсаң түңүлүп, Эл бөлүндү эки топ. Сары, жашыл, ак калды, Кара, кызыл, көк тендер, Ээ бербестен тарады. Он балбандан үчөө өлгөн, Төртөө ушул элде эле. Кылчайып бизди карабай, Кошо кетти эл менен, Жалпы кетти үч урук, Жайнаган аскер сел менен, Ошол ишти, Куткарбас, Айткалы келдим сага мен. Боткеден бөлөк кеп угуп, Бузулду аскер, деп угуп, Ого бетер Куткарбас, Каардан өңү бузулуп, Ооруган колун унутуп, Жөнөдү колдун артынан, Чычкансурга камчы уруп. Салаңдаган булчуң эт, Талкаланган кырк мууну, Такыр калды унутуп. Качкан элдин алдынан, Куткарбас чыкты жол тосо, Чычкансурду суурултуп, — Өлөсүң кайт артка! — деп, Үнүн элге угултуп, Мурундан чыккан жүнүнө, Муштумдай чалма уйутуп. Эки көздүн чуңкуру, Топо менен жык толуп, Качып бара жаткан эл, Тура калды токтолуп. — Баш кишиң бери кел! – деди, Мен Куткарбас бил! – деди. Эминеге качтыңар, Тирүү турам мен! – деди. Качкан элдин чоңдору, Кайнаган аскер колдору, Бир жүз отуз миңче бар, Эл эсеби болжолу. Өлдү деген Куткарбас, Өлбөй тирүү чыкканда, Насыйа эмес бетме-бет, Куткарбас үнүн укканда, Санаага баары кабылып, Салаңдап башы салынып, Тартак деген бар экен, Таанымал балбан ал экен, Буйдалбаган ар жерде, Сөз айтканга шар экен: — Улугубуз Куткарбас, Саа таарындык чынды айтсак. Эрбейип атка мингели, Ээрчип сени жүргөлү, Канча күн, канча ай болду, Ай айланып жыл толду. Ар качан өзүң чыгасың, Кан ичме кыргыз Сейитке, Барасыңбы бириң, деп, Айткан күнүң болбоду. Баатырсыңар баарың, деп, Бучкактап тешпей үйлөсөң, Кызыктуу мындай күндөрдө, Көзүңө бизди илбесең, Жана айтар бир кеп бар, Жайылданбай кулак сал, Жакын жагын ойлобой, Келээр ишке көзүң сал, Сен урушта жүргөндө, Жаныңарга от жаккан, Жайнаган кызыл кан аккан, Кубулжуган сулуу кыз, Сага тийбейт мен айтам, Атасы пери дөө экен, Энеси адам билиңиз, Кубулжуган канчыктын, Көп шумдугун билдик биз. Ишенбесең Куткарбас, Баш кошолу бүгүн, деп, Бир төшөккө жатып бак, Эрлигиңди жоготуп, Сени кылат кеп кылбас. Мунтип сырын тартып бак, Өз айбыңды чыгарбай, Эмигиче албай неттиң, деп, Тапан хандан сурап бак. Эки күндүн алдында, Тапшырган бизге кызматың, Өзүбүзгө дайында, Качымыш болсо бөлүндүк, Жер таппай сага айтууга, Кечирбесең өзүң бил, Башыбыз сага тартууда. Тартактан таамай кеп угуп, Кайткыла кайра деп койуп, Жүрүп кетти чуу койуп, Кара, кызыл, көк тендер, Кайта келди чогулуп. Келе калып Куткарбас, Кумсар менен сулуу кыз, Тапан хан бери келгиле, Он беш күнү дем ал, — деп Буйрук кылды элдерге. Чатырга түштү дүгдүйүп, Кан жөткөрүп үшкүрүп, Улутунуп эстенип, Ойуна далай кеп келип, Кыдырата үчөөнү, Катар тиктеп чекчейип: — Өз ойумда жүрчү элем, Эр болбойт деп менчелик. Ичимде жаман көргөмүн, Не келет деп бул жерге, Тапан ханды темтейип, Тапан хандан беш бетер, Мен турамын сенделип. Элге салып түйшүктү, Баштап келдиң Сейитти, Качкан болуп сенкелип. Жалгыз кара бир башын. Бүт дүйнөгө теңебей, Сейит турат керсейип. Өзүң кимсиң, элиң ким? Жериң кайда билдиргин. Катын тийет эр тандап, Сулууну алат эр даңдап, Атактуу баатыр Сейиттен, Неге качтың салпаңдап? Эрден качар кейпиң жок, Көп күлөсүң ырсактап, Кеп сүйлөсөң жагымдуу, Кашыңды серпип шыйпактап, Жөн баспайсың байкасам, Үч бөлөк болуп кыйкактап, Жиберди деп Тапан хан, Мага келдиң кыйшактап. Көп карайсың артыңды, Кообуң бардай кылчактап, Сейиттин өттү дарты, деп Эчкиресиң бышактап, Эмине деп алдадың, Тапан ханды ыржактап? Кумсар сенден кем эмес, Эми менден, сулуу кыз Кете албайсың ыраактап, Байтал төшөт изине, Секирген менен тырактап, Мен угайын кебиңди, Чыныңды айт ырастап! Сейитини теңсинбей, Качып жүрөм, дегениң, Мага жакпайт ал кебиң, Узартпайын кебимди, Дайныңды айтып билдиргин! Эл түгөткөн шумпай кыз, Куткарбастан кеп угуп, Кеп укканда жеме угуп, Сейитини жаратпай, Качканың жалган, — деп угуп, Баштады кебин шум канчык, Кашын серпип көз сүзбөй, Айта турган кебинин, Жалгандыгын билгизбей: — Элим кыргыз жедиңер, Жетисуу деген жерденмин. Кыркыла элек кыл чачым, Эл башкардым кыз башым, Укмуштуу энем молдо эле, Атам эмчи кожо эле, Анычүн элге айтканым, Кыйгачы жок оң эле, Башчы болдум элимде, Эл бийледим жеримде, Каш кайтарган киши жок, Баарысы кирди кебиме, Бир тууган эркек менде жок, Таңуу болоор белиме. Тай сойуп күндө шерине жеп, Көк бөрү тартып ат тердеп, Бирине бири жол бербей, Сенден артык менмин, деп, Көпкөн балдар көп эле. Жинси ургаачы болгон соң, Эрге тийбей калбайт, деп Мени аңдыйт көбү эле. Эл башкарып, журт бийлеп, Көөнүм өсүп дагдаарып, Өзүнчө көпкөн балдарды, Теңсинбедим деги эле. Сейитинин жанында, Тенитип жүргөн Конушбай, Чириген байдын уулу эле. Башкасынан эрекче, Мен алайын тийсин, — деп Арачы салат күндө эле. Ыза кылдым сөз менен, Чакыртып келип бир күндө, Малынан айдап сойдурдум, Үйгө мейман келгенде. Улук кызды алам деп, Убара болбо бокту жеп, Басылып калгын, акмак, деп, Атасы урат күндө эле. Менден тийбес кеп угуп, Атасынан жеме угуп, Таласка барып тамтайып, Сейитиге арз айтып: “Биздин улук кыз эле, Желмогуз чыкты жөн эле, Мал эмес киши жеди” деп, Калп айтыптыр көп эле. Конушбайдан кеп угуп, Сейит келди оолугуп: “Ат сооруга салам, — деп, Олжолоп сени алам, — деп, Өзүм албай олжолоп, Конушбайга берем” деп. “Конушбай түгүл, Сейити, Өзүңө да тийбеймин, Тиймек түгүл, Сейити, Муртуңа сийбейим”, Ачуу кепти мен айттым. Ачынып Сейит арданды, Олжо кылбай калбайм, деп Өчөгүшүп карады. Конушбайдын ушагы, Желмогуз деп ат койуп, Жер жүзүнө таратты. Күн чыгышта кытайды, Күн батышта жети дөө, Манастан бери карата, Барбаган жери калбаган, Албаган эли калбаган, Адатын маа карматты, Кара жанын карч уруп, Качантан бери кармашты, Олжо кылып алам, деп, Олоктоп Сейит желдесе, “Ийри отуруп түз кеңеш”, Ылым сөзгө келбесе, Кара баштуу кош айак, Мага окшопшбир киши, Баарың улук хансыңар, Ойлогула, жакшы ишби? Теңдигим кетип ал келбей, Баш калкалаар бай таппай, Мааналарга сай таппай, Барарыма жай таппай, Мен тентип жүргөн бир киши. Башына муңдуу күн түшсө, Мендей болот ар киши. Бар дартымды укканда, Маана болуп Тапан хан, Сейит менен тебишти, Кол ичинен бузулуп, Чойтолоң менен Тазкара, Сейитиге кетишти. Менден бетер Тапан хан, Баш калкалаар маана издеп, Сени аркалап келиши. “Элди бузат куу чубут, Күндү бузат куу булут”, Бу элден калган макалы, Сенин ойуң, Куткарбас, Мен ушул болуп жатамбы? Кулак салып Куткарбас, Куп тыңшады бар кебин: “Ылым сөзгө келбестен, Зордук менен алам, деп Өзүм албай сени мен, Конушбайга берем, деп Кыр көрсөтсө Сейити, Намыс үчүн эр киши, Жоого тийет ар качан, Намыс үчүн ургаачы, Эри өлгөндө сыр сактап, Кара кийет ар качан. Журт башкарган кыз үчүн, Намысынан алышып, Алы келбей калганда, Качышы эп эмеспи”, Деп отуруп Куткарбас. Жана ойлоду бир кыйал: “Кебин жасап жатабы, Сыр ачылып калат, деп? Менден жана качабы, Байкагының муну, деп, Тапшырайын Кумсарга. Тапан ханга билгизбей, Бир түн бирге болойун, Жойпоңдоп мени алдаса, Терисин тетир сойойун, Кызыл өңү бозорбой, Өзү айткандай кыз болсо, Кызыгына канайын, Карым казык болгончо, Башым жаздык болгончо, Сейитке уруш салайын, Тапан ханга кеңешип, Катындыкка алайын. Аз күндүкпү өмүрүм, Көп күндүкпү өмүрүм, Кыскарган күнүм узартып, Көңүлүмдү жашартып, Кыз мээрине канайын”. Деп ойлонуп Куткарбас: — Сулуу кыз айттың арзыңды, Калтырбай төктүң дартыңды, Коржоңдоп Сейит күүлөнүп, Кыжырыңа тийгенде, Сен качыпсың маана издеп, Арзыңды угуп ичи ооруп, Кордугуңан баш ооруп, Арзыңды айтып жалооруп, Сен турганда кордолуп, Эмгек кылган эл үчүн, Калк башкарган хан үчүн, Башын байлап өлүмгө, Тапан хан чыкты сен үчүн, Эл жеринен ажырап, Сейитинин заарынан, Куугунтук жеп шаарынан, Алптын баарын сойдуруп, Куру кол болуп баарынан, Таажысы бар башында, Ажырап алтын тагынан, Мөмөлүү жыгач багынан, Жашыл жээк эли боорукер, Сен түшүнгөн абыдан. Он беш күндү эрдемсип, Күн болжоду Сейити, Ойлонгон жок ичинде, А дүйнөгө кетишти, Кетер жагын билалбай, Өзүнүн жолун бекитти. Ойлосо Сейит өлүштө, Мен жаралуу болгондо, Узартса болмок жумушту, Токтотпосо болмокчу, Баш аламан урушту, Балалык кылып Сейити, Биле албады бул ишти. Деп Куткарбас өзүнчө, Билерман болду күйүгүп, Мактады мени жакшы, деп, Тапан хан калды сүйүнүп, Куткарбастын кебинен, Шум канчык калды сыр түйүп. Жай-жайына тарашты, Сүйрөлө басып Тапан хан, Жатагына баратты, Арам кор канчык билинбей, Куткарбасты марашы, Кумсар сыйкыр эшикке, Чыккалы кетип баратты, Тура тургун Кумсар, деп Куткарбас ага үн катты: — Мен Куткарбас, сен Кумсар, Сен экөөбүз атакта, Тең жүрөбүз барабар, Кулагың салып кебим ук, Сага айтаар бир сыр бар. Кара, кызыл, көк тендер, Качты, деди Ботуке, Чычкан сур менен арбытып, Кууп жеттим бир демде, Сыр бербеди качкандан, Каршылык кылып бир пенде. Тартак деген бар экен, Таанымалы ал экен, Таарынчы айтты көп эле: “Хан башың менен калдаңдап, Өзүң мурда чыгасың, Барууну айтпай бизге” деп, Жүйөлүү кепти көп айтты, Айагында бир кеби, Жүрөгүмдү муздатты. “Бизге келген сулуу кыз, Адам жечү желмогуз, Анык билгин” деп айтты. Толук жайын билбесе, Тартак мунун неге айтты? “Желмогуз эрге тийбейт, дейт, Эрге тийсе сыйкыры, Качып кетет, келбейт, дейт, Эрге тийбейт, этин жейт, Этин жесе эркектин, Ал эркекти эңсебейт” Деген кепти мага айтты. Ар канча болсо бул кыздын, Сыйкыры сенче деги эмес. Бүгүн түнү чакыртып, Сынап көрөм бул кызды, Бул айтканым саа кеңеш. Бизден тентип качпасын, Бизге койуп айыпты, Көрүнгөнгө айтпасын. Сыр алдырбай сыртынан, Шумурайды байкагын. Сенин жаның алыста, Алы келбейт ал кыздын, Ага жетип барышка. Байкайын болот, кызды деп, Кумсар чыга берерде, Далдаланды бул бетбак, Киши көрбөс бир жерге, Өзү кирип баткындай, Жата калды кемерге. Кемерде жатып толгонуп, Арбын акыл ойлонуп: “Чакырса бачым барайын, Жан жерин байлап жоготуп, Амалын антип табайын, Ургаачы кылчу кылыктын, Баарын кылып багайын. Шек кетирбей көөнүнө, Өзүнө артып айыпты, Көз каранды кылайын. Ашыктырып алдында, Алдыратып көрөйүн, Алдыратып барганча, Алсыратып барганда, Көрсөтөйүн өнөрүм”. Кылар ишин белгилеп, Кылыксынып эшиктен, Кеңешим бар сизге деп, Кирип келди кара бет. Кеңешим бар дегенче, Эшиктен кирип келгенде, Ойдо олтурган Куткарбас, Шашып кызга жанашып: — Алып чыгып кылычты, Босогого кой асып. Асылса кылыч эшикке, Адам кирбейт дегеле. Шаштырып мунун деди эле. Кылычты асып келгенче, Ысып бойу жалындап, Кызга жетип келди эле. — Мен барайын деп турсам, Өзүңүз келип калдыңыз…. Дегенче барып Куткарбас, Колу менен сыйпалап, Ыштан боосун кармады, Кеп кылсам шекип калат, деп Сырымды ачып салат, деп Уйалгансып ал жалап, Эки көзүн далдаалап, Чалкасынан кеткени, Энтелеген балтанын, Барсканга башы жеткени, Жеткен менен барсканга, Талабына жетпеди, Жетер жетпес баратып, Жерге башы шылк деди. Сыр алдырып Шумурай, Кара тер басып жөн эле, Карк чыланып кеткени. Эки бутун комдонуп, Эси чыккан немедей, Сүйлөбөй калды томсоруп. Алдыраган Куткарбас, Бир колу кыздын мойнунда, Бир колу ички койнунда, Эбин таптым мунун деп, Шумпай кыз турат ойунда. Бир үшкүрүп Шумурай, Сөзгө келди мамындай: — Эрге тийген катындар, Неченди көргөн капырлар, Ойноо бала чагында, Кеп салышып жүрчүү эле, Өтө шашкан эркекти, Өксүп калат дечү эле, Быйыл чыктым жыйырмага, Өзүңдөй жаман кызыгам, Эр Куткарбас мен сага. Оңоло түшүп кара бет, Ойрон болгон катындай, Тартынбастан кармалап, Оңдоп-солдоп бетинен, Өөп турат аймалап. Төшүнө төшү жабышып, Сак киши болсо андайды, Калмак болчу табышып, Уйалгандан Куткарбас, Кара тер басып карышып, Тилин соруп шимирсе, Төрт эличе узарып, Ого бетер Куткарбас, Уйалгандан кызарып, Шумурай кыз ошондо, Таңдайын так-так тамшанып, Кеп баштады какшанып: — Ысыган бойду муз басып, Мен турамын шалдайып. Айып эмес Куткарбас, Сейитиден найза жеп, Шайың кеткен сеники, Этиңен далай кан агып. Элким-эркин кез эмес, Эл кагышкан мындайда, Мынчалык иш канчалык, Кызарба, жаным анча эле. Сен да жетпей муратка, Мен да жетпей муратка, Болор ишти болтурбай, Сен ашыгып алдырап, Мен уйалып жалдырап, Сен экөөбүз маминтип, Окшошуп калдык шалбырап. Ашыкбачы баатырым, Аман болсо алтын баш, Далай мезгил табылат. Деп шакылдап кара бет, Сүйлөп кетет жабырап: — Жашым жыйырма ашкынча, Намысымды сактадым, Амыр санаа болбогон, Эми деле сактайым. Мен деп тарттың көп жабыр, Эмгегиңди актайым. Кыркыла элек кыл чач бар, Сага тартар, Куткарбас, Андан башка малым жок, Качып жүрөм маминтип, Алтын табар алым жок, Сокмоктуу жигит экенсиң, Көзүм көрдү көөнүм ток. Деп шумурай оозу шок, Эне катын кептенип, Куткарбастын ыштан боо, Өөдө тартып байлады, Өз ыштанын байланды, Сөзү менен эритип, Куткарбасты алдады. Айалдын сыры ашкере, Ар качан эрди алдаары, Асылуу калды кылычы, Ал үйгө киши барбады, Өзүнчө жалгыз ал үйдө, Ого эле жаман арданды. Кылычы түшүп эсине, Куткарбас чыгып эшикке, Кылычын алып келди эле, Көргөн эмес эчтеме, Кумсар үйгө кирди эле, Кумсарды карап Куткарбас: — Болбой калды мен, — деди, Болтураар арга болобу? Жардам кылгын сен, — деди. “Жарасы зилдеп зыркырап, Ичине түшүп кан уйуп, Калган белем, — деп, Бузулуп турат өңдөрү, Буулугуп турат үндөрү”, Деп ойлонуп сыйкыр кул, Башын өөдө көтөрүп, Кеп баштарга калганда: — Мен Куткарбас болголу, Бүгүнкүдөй бир шумдук, Өмүрүмдө болбоду, Жаагым ылдый тер кетип, Маңдайым кебер шордоду. Деп Куткарбас калтырбай, Баарын айтса жашырбай, Кумсар айтты шашылбай: — Мындай иштин болгонун, Көрбөдүм да укпадым, Бүгүн сенден укканым. Сүрдөсө эркек айалдан, Ошондой болуп калат, деп, Бир кишиден уккамын. Оңой сулуу кыз эмес, Оңойлук менен ар кимдин, Колуна тийер иш эмес. Өзүң ачып айбыңды, Бул айтканың кандай кеп? Кала берет бул өңдүү, Уккан жерге чандан кеп. Кемсинтип сени кээрлеп, Кеп айттыбы, Куткарбас, Алың ушул дегенсип? Көп күлдүбү мыскылдап? Үнү ачуу чыктыбы, Чөөдөн бетер шыңкылдап? — Андай кептен кылбады, “Жашым жыйырмага чыкты эле, Эзилип турган эт жүрөк, Таштай болуп катты” деп Үн чыгарды азыраак, Өзү уйалып жер тиктеп, Муңкана сүйлөп пасыраак. Угуп Кумсар бар кепти: — Болду койгун, Куткарбас, Башка укпасын бул кепти. Сенде көөнү бар экен, Эрсип калган чагы экен, Бойго жетип солкулдап, Болуп турган табы экен. Жыйырмага кыз балдар, Экиден-үчтөн балалуу, Болуп калар убагы. Кышкы тоңгон муз бошойт, Күн узарган чактагы. Кармашта жүрүп карчашып, Сен капташа калганда, Эңсеген экен ал дагы. Болбосо бүгүн-эртең бар, Бир табылар кыйамы. Кызды эстебей элди эстеп, Сейитимдей эрди эстеп, Жаратыңды баатыр дарылап, Уруштун камын кылалы. Урушуп жүрүп так чарчап, Баш уруп өзү келет, деп Сейиттин ушул кыйалы. Эми кызга катышпа, Баш бошобой жүргөндө, Душман менен атышпа. Катын баакы кишинин, Кайраты болбойт бойунда, Акылы болбойт ордунда, Баланча катын ыктуу эле, Баланча катын сулуу, деп Ошол болот ойунда. Сейитини өлтүрүп, Найзага башын сайгыча, Башкага көөнүң бурганча, Мага жакпайт Куткарбас, Мен арзыңды укпайым! Кумсар сыйкыр кагынып, Кооп кетти ордунан. Дарылагын мени, деп, Кармай алды колунан. Он беш күн болбой сакайды, Атка минип абадан, Эми кандай болоор, деп, Аптыгып турат токтобой, Жүрөгү чыгып кабынан. Күн он бешке жетиптир, Энди булар нетиптир? Эр Куткарбас,Тапан хан, Кумсар сыйкыр, Шум канчык, Чогулушуп келишти. Каарданып Куткарбас: — Келдиңерби чогулуп, Кебимди ук олтуруп. Куунайза өлдү балбандан, Теңдей өлдү сардардан, Карыдан бар Тапан хан, Кумсар өзүң турасың, Белиме таңуу кылгандан. Жети балбан калыптыр, (Мыктысынан төртөөнүн, Атын айтып атагын) Ал жекеге барбасын, Жекме-жеке чыкчудай, Бекемдеп белин байласын. Тартак баштап үч балбан, Эртең чыгат жекеге, Жоо жарагын камдасын, Камсыз болуп калбасын, Камсыз барып элебей, Сейиттен өлүп калбасын. Аскерди сапка тизгиле, Сыр билгизбе эч кимге. Тапан хан турсун туу кармап, Мен жүрөмүн кол жандап, Кыз сулуу болсун арада, Туу кармаган хан менен, Кабарлашып турарга. Деп тапшырып Куткарбас, Эмне кылып жатыр, деп, Жакыр кыргыз такыр, деп, Кабар алып келгин, деп Бир кишини жиберет. Таалай кимге жар болот? Сейит менен Куткарбас, Кимисине бак конот? Тартак баштап үч балбан, Найзаларын угарып, Учун ууга суугарып, Балталарын эңешип, Кылычтарын бүлөшүп, Уктабай жатты ал түнү, Таң аткынча дүрбөшүп. Чойтолоң менен Тазкара, Жедигердин Конушбай: — Тетиги колду карачы, Өчүрбөй чырак калды, — деп, Уктабай таңды алды, — деп. Күн он бешке толгон жок, Бул эмине укмуш, — деп, Бирине–бири салды кеп. Сейит айтты мамындай: — Чойтолоң ага, Тазкара, Баатыр Тапак, Конушбай, Коркпогула душмандан, Көөнүңөр болсун эркин жай. Атам Манас арбагын, Ашкере көрүп түшөдүм, Тил жазыктуу болбосун, Мындан кийин күчөйүн. Түндө уктап түш көрдүм, Киши көрбөй иш көрдүм. Ажыдаар менен арбаштым, Жолборс менен алыштым, Айуу менен көрүштүм, Пилдер келди тоңпоңдоп, Куйруктары чолтоңдоп. Айбанаттын баары бар, Ар бири түрдүү жаныбар: Канаттуу жок учуучу, Жерге жүргөн жандардан, Кирпи менен сары эшек, Келарсы бар аралаш, Төрт тараптан чөөбөрү, Тап беришет сагаалап. Тимсак менен жылан бар, Андай жандар кыйла бар. Сел каптады түрүлүп, Чаң арылбай сүрүлүп, Каман жүрөт корсулдап, Түлкү жүрөт ыржайып, Ушунун баарын аралап, Жалгыз жүрөм мен барып. Асман асыл, жер катуу, Төрт тарабым баары тор, Мен турамын камалып. Пилдер келди дүкдүйүп, Айуу келди үксүйүп, Жылан келди жыйрылып, Жер бетинде бөй-чайан, Мени талайт жыйылып, Чама кетип так чарчап, Таңдай кургап тил катып, Кызылым калбай кан качып, Алым калбай турганда, Түндүктөн чыгып катуу сүр, Тунарык чыкты созулуп, Борошолоп күн куйуп, Кызыл жалын уйулгуп, Алда эмне шумдук, деп Карап турдум кулуйуп. Аңгычакты асмандан, Күркүрөгөн үн чыкты, Алп кара куш келет, деп, Айткан үндөр угулду, Келе жаткан кара куш, Адам болуп кубулду. Бабаң Манас мен, — деди Кыйналыпсың сен, — деди. Келе жатат аркамда, Алмамбет, Чубак - эгиз шер, Абаң Сыргак кеменгер. Көрүнүп өтөт көзүңө, Кеп кылышпайт өзүңө, Кызылбуурул ат минген, Ал Семетей чоң бабаң, Ак сур минген бирөө бар, Ал Гүлчоро зор балам. Семетей сага көрүнбөйт, Бир көрүнөт Гүлчоро, Барлык жоону майтарып, Сен жеңесин ошондо”. Айкөлдүн сөзү ал болду, Уккан кулак меники, Телегейим тел болду, Темтеңдеген Куткарбас, Эми менден кем болду. Кем болбосо неткени, Айкөлдүн келип арбагы, Ашкере айтып кеткени. Мен айтамын бир кепти, Кулак салып уккула, Ким чыкса чыксын жекеге, Мен чыгамын жекеге, Тизилген саптан козголуп, Баспагыла деги эле. Ошо бүгүн Куткарбас, Ар-намыстан кетүүчү, Кумсар сыйкыр, шуркуйа, Аларды ишке салуучу, Жүйрүн дөөнүн эт көйнөк, Алмамбеттин кеп жабуу, Телкүрөңгө эп жабуу, Аккуланын ноктосу, Омоктуу сыйкыр мына шуу. Шер Сыргактын Сырнайза, Колумда турат ал найза, Мага сыйкыр жолобойт, Мен барайын алдында. Алмабаш, байрак силерде, Конушбайым, бек карма. Баатыр Тапак, сага мен, Алмамбеттин сур жебе, Бир огу менде бар эле, Ошону берем алгының, Аламан уруш болгондо, Кастап келген душмандан, Кайра тартпай баргының. Жебе сенде турганда, Сыйкыр тийбейт өзүңө. Келсе келсин ким болсун, Манастан башка айтпагын, Баш булгап жоодон качпагын. Куткарбас келип капташса, Апкаарып андан шашпагын, Эрдигиңди көрсөтүп, Билген ишиң баштагын. Кандай неме жыгылса, Кайрылып ага барбагын, Сага келген көп балбан, Баары сыйкыр жасамал. Чойтолоң ага туу карма, Конушбай тур жанында, Эштемеден кам кылба. Алмабаш бар колуңда, Көйнөктү кылып көлөкө, Көз жибербей бөлөккө, Тазкара аскер жандагын. Колго түшпөй Куткарбас, Көп жерге кылат убара. Ээн калса шаарлары, Кирбегиле шаарына, Заар салып кетишет, Аш-тамактын баарына. Мен келгенче козголбой, Ушул жерде болгула, Болсун ушул убада. Жаңылдым-жаздым, балдар, деп, Тапан хан киши жиберсе, Ооз ачып кеп кылба. Сыр алдырып шек бербе, Сырттан келген душманга. Сейит өлдү деп келсе, Телкүрөңдү көрсөт, де, Башындакы ноктосу, Бирге келсин бизге, де. Сейитим айтып окутуп, Телкүрөңдү токутуп, Алла деп минди көрүңгө, Аркы элден аттанып, Жекеге Тартак жөнөрдө. Куушурулуп Куткарбас: — Жети балбан баарың кел, Кумсар сыйкыр, сулуу кыз, Ким эле келсе кыргыздан, Көзүн көрбөс кылгыла, Күүгүмдөтүп салгыла, Тартак чыксаң сен мындан, Тапак келет айактан, Таанымал Тапак чоң балбан, Күүгүмдөп көзү калганда, Көмө сайып ичин жар, Көзүн чукуп өтүн ал, Кокус Тапак жыгылса, Бириң барбай экөөң бар, Баарың болбой калсаңар, Өч алуучу өзүм бар. Тиги турган төрт балбан, Аскердин арка жагынан, Жашыл жээк карай жолго сал. Жашыл жээктин жолунда, Жалгыз аттын жолу бар, Ошол жерде бириң кал. Анын ары жагында, Как этпестин чөлү бар, Бириң тосуп анда кал; Анын ары жагында, Былчылдактын сазында, Бириң анда калыңар, Эми бириң калдыңар, Менден уккун чын кепти, Жан кишиге көрүнбөй, Тоорактай өскөн какырда, Сайасына жүз киши, Ат-тону менен баткыдай, Дүңкүйгөн кара жыгач бар, Мени карап ал жерден, Кетип калбай туруңар. Кан ичме кыргыз жиндинин, Кайкылыгын ким билсин, Тартак баштап үч балбан, Жеңилсе баары Тапактан, Тапактын башын мен алам. Кунун кууп алам, деп, Сейит келет далбактап. Сейит менен сайышам, Жеңилсем качам эл жакка, Жеткирбей ага дардактап, Аскер каптап киргенде, Асман жердин арасы, Топурак учуп боз болуп, Күн бузулат бир демде, Сейитини азгырып, Алып барам силерге, Бирөөңүн кетсе кутулуп, Экөңүн кантип кутулат? Экөөңүн өтсө кутулуп, Үчүнчү жолдо тутулат. Үчүнчү жолдон өтсө да, Төртүнчүдө мен бармын, Ылганып барган бириң бар, Ошол жерге баргынча, Аты арып чаалыгар, Өзү арып шай калбай, Жарактан колу талыгар. Сейитти кармап алабыз, Андан калган иштерди, Кеңеш менен табабыз, Ачуулансак жол жүрүп, Таласка чейин барабыз. Деп Куткарбас тапшырып, Төрт балбаны аптыгып. Тартак чыкты жекеге, Карачкыдай далдайып, Алдыңкы ээрди шалпыйып, Үстүнкү ээрди калбайып, Чолок мурун неме экен, Бетине батпай балчыйып, Өңү кара көмүрдөй, Көзү кайнап жылчыйып, Тармалдашып сакалы, Узун-кыска кырчылып, Тиши чыгат агарып, Ачылып оозу ыржыйып, Кулагы пилдей калдаңдап, Этеги кетип далбаңдап, Боосу узун үзөңгү, Эки буту салбаңдап, Таноосу көөп кетиптир, Текечердей барбаңдап, Туураланып айкырып, Аңги эшектей дардаңдап, Ой-тоону койбой жымырып, Оп тартчуудай оозуна, Көзү туман бүлбүлдөп, Өзүнчө сүйлөп күдүңдөп, Найзасынын учунан, Жалыңдаган от күйөт, Сакал менен мурутта, Ала карга, сагызган, Учуп жүрөт дүркүрөп. Шамал тийген чынардай, Бойу узун сүлкүлдөп, Салмагынан кара жер, Жарылчуудай дүңкүлдөп, Жапан чөлдө көп жандар, Эстери чыгып бүлкүлдөп, Тартак деп өзүн чакырып Айды чапчып алчудай, Асманды карап акырын, Мингени качыр Карасур, Кош кулагын жапырып, Жердин бетин жыртылтып, Топону көккө сапырып, Өзүнчө Тартак эр экен, Эр көкүрөк неме экен, Карасурду камчылап, Найзасын күүлөп булгалап: — Сен Сейити, мен Тартак, Мени сайып ким алат? Мени менен бет келген, Ичегиси чубалат, Чылбырын сүйрөп майданда, Минген аты бош калат, Айбатыма апкаарып, Эбин таппай сандалат! Деп акырын бадырек, Өз алдынча күбүлдөп, Ороолонуп дүпүлдөп, Көрбөгөн мурда Таптакты, Чойтолоң менен Тазкара, Эт жүрөгү дүкүлдөп, Ат үстүнө токтобой, Көчүктөрү бүлкүлдөп, Топурак учуп жер чаңдап, Сейитимди капталга, Найза менен муштады. Армансыз болсоң чочко, деп Айкөл кирген түшүнө, Козголбой Сейит турганы, Күдүңдөгөн Тартактын, Бекерге кетти урганы, Талкаланып Найзасы, Тараша кетип кыйрады, Таамай сайган болуучу, Сейитим турат козголбой, Эрдемсиген Тартактын, Кетип калды айласы, Жапан чөлдө эр болгон, Байрак сайып кол жыйнап, Хан урушун көрбөгөн, Алты канат ак үйдөй, Такымында чойун баш, Бекемдеп кармап сабынан, Ээрдин кесе тиштенип, Кайраттанып абыдан, Мурункудан канчалык, Заар төгүлүп каарынан, Анча–мынча адамдын, Жүрөгү чыгып өлгөндөй, Көзүнөн чыккан жалындан. Кум удургуп чаң болуп, Караган пенде таң болуп, Кутурган Тартак бул кезде, Жапанда жүрүп мар болуп, Бадыректин түрүнөн, Жердин бети чаң болуп, Туман оуйуп, боз түшүп, Күчүн жыйнап колуна, Алаканга түкүрүп, Өзүнөн өзү муңайып, Улутунуп үшкүрүп, Алдында минген качыры, Омбул-домбул түйүлүп, Узуну чыкпай жылкыдай, Томполоңдоп жүгүрүп, Жетер-жетпес келгенде, Чокмор менен Сейитти, Чаба турган кездерде, Баатырдын уулу кара көк, Турган эмес бекерге, Үзөнгүгө тамандап, Тартак кобо калганда, Азырейил жан алгыч, Келгендей болуп майданга, Кимдер баатыр ким коркок, Эр сындалат мындайда. Сырты менен балтанын, Тамандан өөдө көтөрө, Эр Сейитим какканда, Чокмор түштү дүп этип, Кескен терек кептенип, Жыгылды Тартак сүлк этип, Кара, кызыл, көк тендер, Бакырышты чур этип, Эрдемсиген Тартактын, Каккан буту тарабы, Кабыргасы кошулуп, Баары калбай кыйрады. Өөдө каккан балтаны, Бекер тартып албады, Көчүктөгөн Тартакты, Төбөдөн төмөн койгону, Мээси жайнап жапанда, Тартак өлүп жоголду. Куткарбас айткан кеп менен Үч балбан жалпы ат койду, Жолборс туулган чунагың, Жанындакы жой кума, Кармай алды сабынан, Тартып алды кабынан. Келе жаткан үч балбан, Үч тараптан качырды, Алды-артынан жуп найза, Катар жетти тийгели, Жаш Сейити жолборстун, Мындайлыгын ким билди, Туурасына шалк этип, Жыгыла баатыр кеткенде, Алды-артынан келгенде, Бирин бири сайганы. Бири келген болжолдоп, Ээрдин арка кашы деп, Бири келген бек тиктеп, Табарсыктын башы деп. Эр Сейити шалк этип, Оой берген жагына, Телкүрөң кеткен ойт берип. Ат тартарга айла жок, Бирин бири сайганы, Жандай түшүп эр Сейит, Жойкуманы бир шилтеп, Катар башын алганы, Капталдан келген немесин, Как бөйрөктөн жарганы, Куткарбаска бел болчу, Төрттү катар жалмады. Куткарбас жетти акырып. Кышкы киргин буурадай, Оозуунан көбүк чачылып. Катар өлүп төрт балбан, Уйуктан күчүк алдырып, Улуп калган бөрүдөй, Бөксөрүп ичи ачынып, Куткарбастан Сейитим, Качат беле жашынып? Кири калбай көөнүндө, Бүркөлгөн кабак ачылып. Киргин суудай күпүлдөп, Көрсөтөм деп Сейитке, Ороолонуп дүпүлдөп, Тең жарылып кара жер, Кетүчүдөй сүлкүлдөп: — Кыргыздан келип сенделип, Кыйырга салдың чуурган, Менда сенден кем эмес, Энеден эркек туулгам! Эрлигимди көргөнүң, Кетпейсиң кыргыз элиңе, Жаштайыңда өлгүнүң. Жетимиш эки өнөргө, Жетет экен сеники, Сеникинен төрт-бешөө, Артып кетем меники. Тапан ханды талкалап, Мааналаттың ар кайда, Сулуу кызды сайгактай, Кубаладың сай-сайга, Эми менден кутулуп, Кете албайсың эч кайда! Оозунда келет жапылдап, Жаланып тили шапылдап, Найзасынан чыккан от, Кез бойуча жалындап, Чычкансурду камчылап. Кирип келди жакындап, Манастын уулу чунагың, Кездемдин боосун чубалтып, Кезкерип найза чунайтып, Найзаны ченеп тыкыстап, Бойун өлчөп ыкыстап, Эми жазбай сайам, деп Тиктеген көзүн ирмебей, Алдыңкы эрдин кашы деп, Табарсыктын башы деп, Учун ууга суугарган, Мизине албарс кураган, Жеткенде учу бул найзам, Тоо да болсо урар, деп, Томорулуп кулар, деп, Бул сапаркы найзама, Кандай чыдап турар, деп Куткарбас муштап өтөрдө, Жаш Сейити чунагың, Турган эмес бекерге, Куткарбаска сайдырбай, Сала берип олутун, Которо берип конушун, Күү менен өтө бергенде, Оңтойуна келгенде, Оң бөйрөккө болжолдоп, Муштап өттү эр неме, Бөйрөгүнөн кан кетип, Магдыры качып шай кетип, Чычкансурдун үстүнөн, Томолонду далп этип. Өтө берген Сейити, Сыйкыр алып качат, деп. Кайра тартып тап берип, Башын кесип алам, деп, Теминип кирип барганда, Баатырдын аты Телкүрөң, Туурасына жалт берди, Телкүрөңдөн Сейитим, Тебетейдей талп, деди. Баатыр минген Телкүрөң, Көзү ачык мал экен, Арамзада Куткарбас, Албан иши бар экен, Амал иши дагы бар, Байлап алган жанына, Мүшөккө куйган каны бар . Сайдырбасын Сейиттин, Анык билген Куткарбас: “Имерип Сейит сайганда, Мүшөктү жара сайсын, — деп, Башын кесип алам деп, Эрдемсий келген кезинде, Эбин анын табам, — деп, Табылбай эби баратса, Кармай жатам кылычты, Алдында минген Күрөңдүн, Төрт айагын чагам”деп, Куткарбаска Телкүрөң, Жакын кирип келгенде, Карап жаткан жан кечти, Кылычты шилтеп иерде, Туурасына ыргыган, Жебеден бетер зыргыган, Ошондуктан Сейитим, Телкүрөңдөн жыгылган, Жыгылганын көргөндө, Куткарбас турду түйүлүп, Сейитини чабам, деп, Кылычын ала жүгүрүп. Элебей баатыр калды, деп, Куткарбас башын алды, деп, Баатыр Тапак, Конушбай, Тазкара менен Чойтолоң, Жандарынан түңүлүп, Жүз миң аскер Сейити, Ат койуп кирди өмүлүп, Шумурай канчык, Тапан хан, Күлүңдөшүп сүйүнүп, Куткарбас жетип чабарда, Чапса башын аларда. Айбандан асыл Телкүрөң, Куткарбасты териге, Кош айактап тепкенеде, Көрүп калды Сейитим, Бети менен Куткарбас, Томолонуп кеткенде. Дал ошондой кездерде, Пилге минген эр болуп, Азуусун айга бүлөгөн, Айбаты артык сен болуп, Кумсар сыйкыр жеткени, Чычкансурду шумурай, Куткарбаска жеткирди, Телкүрөң минип эр Сейит, Куткарбаска кезенди, Сейитимден Куткарбас, Беттешпей качып кетерби? Найзаларын күүлөшүп, Эки баатыр кез келди, Каптап келген калың кол, Кайта аркага кеткени, Качырып найза сайышып, Сайдырбастан кагышып, Элден ашкан эрендер, Эрегишип урушуп, Олпокторун булушуп, Опсуз жаман урушуп, Колтуктарын чойушуп, Балта, чокмор аралаш, Чокулата койушуп, Жедеп шайы кеткенде, Акакташып солушуп, Жакадан алып жойушуп, Алакан тери сойулуп, Көөдөндөрүн тирешип, Көпкөчө жүрдү күрөшүп, Демик басып күп этип, Аттарына миништи, Сом темирин өңөрүп. Бирин-бири марашып, Алдыртан түрө карашып, Акыл-ойдун баарысы, Өлтүрөр жерин самашып, Эр Сейитим Куткарбас, Эл намысын талашып. Жеңип алса эр Сейит, Дүнүйө малын карабайт, Куткарбас менен Тапан хан, Жамандыктан кайтышса, Ички сырын айтышса, Тактасынан түшүрбөйт, Чырагын үйлөп өчүрбөйт, Ордунан элди көчүрбөйт, Чыйраксынса кайышып, Кашык канын кечирбейт. Жеңип алса Куткарбас, Таласка Барып таламай, Кылычтын мизин жаламай, Карыларды какшатып, Боз балдарды боздотуп, Баш кишинин баарысын, Башын кесип кан ичип, Кыздын өңүн боз кылып, Ар-намысын жок кылып, Келинди тепсеп ий кылып, Катынды тепсеп кар кылып, Кызыл ээк чалдарды, Кызыл муштум балдарды, Андан башка калганды, Кар кылып талап алмакчы. Кыйла азапты салмакчы. Буларды салган урушка, Кан төгүлгөн жулушка, Шумпай кыздын айласы, Тапан хан мурун алданды, Куткарбас кийи жалданды, Түндүк менен түштүккө, Түгөнгөн канчык чаң салды. Чычкансур менен Куткарбас, Чыга берди кашатка. Эр Сейитим элөөрүп, Эки жагын караса, Кумсар сыйкыр, Куткарбас, Кашатта турат жанаша, Куткарбасты көргөндө, Күйүп ичи от болуп, Жайнаган кызыл чок болуп, Камчы берип Күрөңгө, “Куткарбасты жеңе албай, Күндө минтип жүргөнчө, Өлгөнүм жакшы аа көрө” — деп, Ачуусу келди арстандын, Жыйырма бешке жете элек, Жалындап турган жаш жандын, «Манастап» ураан чакырып, Алдында минген Телкүрөң, Топону көккө сапырып, Кыйгактуу найза көк желек, Сала берди качырып, Кумсар сыйкыр кеп айтат: — Куткарбас уккун, — деп айтат, Кан ичме кыргыз келатат. Айарлык менен беттешип, Жаныңды ала качпасаң, Бул сапар сени куткарбайт. Билекке сары салыптыр, Канча лек миң болсода, Сапыргалы калыптыр. Билгеним айттым Куткарбас, Мейлиң өлүп, мейлиң кал, Мен турбайым кеттим, — деп, Кумсар качып жөнөдү. Найза салып кагышпай, Балталашып жабышпай, Эминеге качты, — деп, Келе жаткан Сейити, Бир имерип карады, Канча сапар кагышкан, Мындай ишти көрбөгөн, Куткарбас мыкты эр экен, Бу сапаркы Сейитти, Жүрөгү түшүп өлбөгөн. Келе жаткан Сейити, Жалгыз эмес эки экен, Жанындакы кишинин, Бирин-серин мурутка, Ак ала чалган кези экен, Сүрөтү киши болбосо, Азырейил өзү экен. Өңүнүн кандай экени, Өлчөөр көзгө токтобойт, Көзү чолпон от кайнайт, Эки ийнинин үстүндө, Асан-үсөн нур жайнайт. Алтын менен күмүштүн, Сүрөөсүндөй түрү бар, Асмандан эңиш качырган, Алп кара куш сүрү бар, Кызыл буурул аты бар, Кылымдан башка салты бар, Белде кылыч ай балта, Нур төгүлүп жаркырар. Жаркыны көздү уйалтат, Элес күнгө кошулат, Ай кулагы калкандай, Алагар көзү чолпондой, Эки айактуу жумур баш, Туулабы пенде ушундай, Кайта-кайта Куткарбас, Канча имерип карады, Көзгө сүрдүү көрүнөт, Опол тоодой карааны, Атынын басса алчактап, Айбандын түркү көрүнөт, Саадактын мойну чапчактай, Жыгачтын түркү көрүнөт, Үстүндө кийген буулуму, Алда канча кулпунат, Эси кетип Куткарбас: “Сейит менен беттешем, Жанында келе жатканга, Качырса кантип теңдешем? Пендеденби, периби? Бейиште болот дечү эле, Же периштеден келдиби? Туруп берип өлгөнчө, Жан далбасын кылайын, Каптатып калың аскерди, Качып кетип тынайын, Андан башка калган жок, Бул ойумда турайын.” Деп Куткарбас ой жалгап, Бели катуу бек айбат, Белдүү баатыр Сейитке, Белсенип найза уралбай, Бетине чыдап туралбай, Намысы жок Куткарбас, Камчысын булгап имерип, Кайнаган калың аскерге, Качып кирди аралап, Жүз элүү миң сап аскер, Каптап кетти сабалап. Баатыр Тапак, Чойтолоң, Тазкара менен Конушбай, Шапа-шап атка минишип, Шашыла жолго түшөрдө, Бала жолборс бакырып, Баатыр Тапак жолдошун, Атынан айтып чакырып: — Көпчүлүктү көргөндө, Кирдебесин көөнүңөр. Козголбогун ордуңан, Корккондуктан Куткарбас, Кылып жаткан амалы, Бекеринен кан төгүп, Беймаал адам кырбайлы, Чойтолоң ага кулак сал, Эртең менен айткан сөз, Унутуп калбай эсиңе ал, Азыркысы саламат, Сейит уулуң аман бар. Деп Сейит элин токтотту, Муну көргөн каршы жак, Чубуртуп кепти козгошту: Өз элин Сейит токтотуп, Элин баккан эрен, деп Тиги кыргыз баатырдын, Акылы недей терең, деп Куткарбастын элдери, Ыраазы болуп Сейитке, Өлүм жетти бизге, дейт Улуу-кичүү, кары-жаш, Баары калып кейишке. Жан алуучу куржундун, Оозун ачып койду, дейт Азырейил периште. Өлүмдүн камын кылышып, Баспай койор айла жок, Хан жумшаса тырышып, Айласы жоктон бастырды, Алдын карай жылышып. Сейити бизге жетер, деп, Ар шилтемде кылычы, Кырк-элүүдөй кесер, деп, Короодон түшкөн корголдой, Баш куйулат экен, деп. Биздин хандын башына, Кара туман түшкөндө, Ар качандан бир качан, Элди салып берет, деп, Сейит сактайт аскерин, Бири өлбөсө экен, деп. Манастан бери карата, Кыргыздын элин мактаптыр, Бекер мактап жатпаптыр, Калган элдин хандары, Кыргыздай элди бакпаптыр. Деген сыйак сөз айтып, Эл күдүрөп жатканда, Элге айтаар бир сөзү, Оозуна келди арстанга, Баатырдын айткан кептерин, Айта кетем дастанга: — Куткарбастын элдери, Качантан бери касташтың, Кармашып алың келбеди. Кылычың сууруп кырданып, Найзаңды сүйрөп сурданып, Чокморуң күүлөп колго алып, Келе бергин баарыңар, Күндөкүдөн көбүрөөк, Бүгүн агат каныңар, Улуу-кичүү баарыңар, Жан алгычтын алдына, Калбай барат жаныңар. Ашөпкө айтып жатпайым, Акылга салып караңар, Кара жанга күч келсе, Силерди берип өлүмгө, Качып берет залыңар. Калган эл сенде кегим жок, Куткарбас менен Тапан хан, Шум канчыктан айнып, Тартынып калар жерим жок. Баш душманын шум канчык, Ага алданган Тапан хан, Кулагына илбеди, Кармап берип канчыкты, Хан тактаңан айрилбай, Кала бергин деп айтсам. Экинчи болуп Куткарбас, Не алдатты канчыкка? Ал канчыкты ким алат, Куткарбастан жан чыкса? Катышпайым жөн элге, Куткарбаска ишенип, Кылбагыла демилге, Өмүрүңөр кетпесин, Камгактай учуп бир желге. Атам Манас болгон соң, Айтканыман жанбаймын, Максатка жетпей калбаймын, Төгөрөктүн төрт бурчун, Төрт айланта куусам да, Куткарбасты кармаймын. Жерге кирсе Куткарбас, Көкүлү менин колумда, Жерге түшүп кете албай; Көккө чыкса Куткарбас, Буту менин колумда, Кутулуп менден Куткарбас, Көккө чыгып кете албайт. Аты арып, тон тозот, Айлана качып далбактап, Мукурап тура түгөнүп, Чычкансур калат чаалыгып, Аты ыргайдай сенделип, Бит торгойдой семирип, Чын айласы кеткенде, Тапан хан менен канчыкка, Кайтып келет салпайып, Тапан хан өлөт ошондо, Куткарбастан жалпайып; — Шум канчык түшөт колума, Кап тешердей жылчыйып; Ардангандан Куткарбас, Өзүн-өзү өлтүрөт, Ат тепсеген бакадай, Дүмүнөн түшүп былчыйып. Айтып мунун эр Сейит, Жалаң болот ач албарс, Кармай алып сабынан, Тартып алып кабынан, Бышыктады абыдан: — Ажалың жеткен жан болсоң, Айанбай кел алдыма, Каарыма карк толдум, Кетирбеймин тирүү жан! Үмүтүң болсо жаныңан, Жай-жайыңда туруп кал, Катышпаймын калганга, Куткарбасты мен кубам! Сейитимден кеп угуп, Куткарбасты эстесе, Баргысы келет дуу койуп. Баралы деген аз болду, Барбайлы деген көп болду, Сөз асманда көбүктөп, Элдин ичи чуу болду, Куткарбасты бет алып, Көпчүлүктү аралап, Эр Сейитим чу койду, Калктын ары жагында, Кумсар сыйкыр, шум канчык, Куткарбас менен Тапан хан, Төртөө турган чагында, Манастап ураан чакырып, Сейит жетти аңгыча. Көктүгүн көрчү Сейиттин, Жалгыз келди бизге, деп Кумсар менен шуркуйа, Сыйкырлап салды жалынды, Эр Куткарбас, Тапан хан, Жолун тосуп Сейиттин, Урушууга камынды, Жалтанбаган шер Сейит, Сур жолборстой чамынды, Бучкагына теңебей, Алоолонгон жалынды, Жеткен жерде аңтарды, Кары Тапан залымды. Куткарбаска сайдырбай, Найзасын кагып жиберип, Айланып тийди имерип. Сейиттен найза жеткени, Мен-менсиген Куткарбас, Камгактай ыргып кеткени. Телкүрөң оозун бургунча, Теминип найза ургунча, Кумсар салып сыйкырды, Сейит менен Куткарбас, Ортосуна бүтүрдү, Адам ашкыс бир кырды, Чычкансур минип Куткарбас, Элден чыгып бөлүндү, Жашыл жээк карай зыр койду. Жүйрүн дөөнүн эт көйнөк, Жеңин-желпип Сейитим, Тоскон кырын түз кылып, Куткарбастын артынан, Кууп кирди эр неме, Бар кайратын бүт жыйнап, «Манастап» баатыр бакырып, Алдындакы Телкүрөң, Топону көккө сапырып, Арбыта чуркап жаны бар, Кош кулагын жапырып, Таноосунан буу чыгып, Колтугунан суу чыгып, Куйругунан чуу чыгып, Жарым күн кеткен алдында, Сейитимге көрүндү, Куткарбастын карааны, Үч муунап жолду тостурган, Бир тосмого жетишкен, Куткарбаска аз калды, Сейиттин көрүп карааны, Кумпайдан качкан кептердей, Куткарбастын шашканы. Алдында минген чычкан сур, Оңдоп-солдоп теминип, Олбуй-солбуй камчы уруп, Омбул-домбул түйүлтүп, Артынан келет эр Сейит, Куткарбасты тирүүлөй, Кара жандан түңүлтүп, Алдында минген Күрөңдүн, Көкүл, жалын жайылтып, Аркасында куйругун, Чаткайакка чабылтып. Муну мындай таштайлы, Качып кеткен Куткарбас, Өлгөнүнөн баштайлы.