← Сейит

Сейиттин Куткарбас менен беттешүүсү

Тапан хан качып кеткенин, Куткарбаска жеткенин, Чойтолоң билип алыптыр, Сейитиме Чойтолоң, Билгенин айта салыптыр, Аңгычакты ал жерге, Баатыр Тапак, Тазкара, Конушбай келип калыптыр. Салам берип, баш уруп, Булар турду чогулуп, Сейит айтат ошондо: — Бутуң талыйт, тик туруп, Кебимди ук олтуруп. Баатыр Тапак, Чойтолоң, Тазкара, элге кайтыңар, Менден салам айтыңар. Сен Конушбай бирге бар, Жараткан кудай бар болсо, Арбагы Манас жар болсо, Куткарбаска беттешип, Мен барайын аа болсо. Сейит мындай дегенде, Тапак ыйлап кан какшап, Чойтолоң ыйлап буркурап, Тазкара менен Конушпай - Ал жердеги төрт киши, Баары ыйлады чуркурап, Тазкара жетик эр эле, Шоркөлдөгү көпчүлүк, Акылдын кени дээр эле, Жеңи менен көз жашын, Арчып алып Тазкара, Айтып турган кеп эле: — Кененимдин Сейити, Бизге салдың не мынча, Ушунчалык кейишти? Жамандыкка кыйбастан, Таштап кетем дегениң, Ачык турат ал жериң, Өзүңүзгө азыраак, Айтар менин бар кебим. Таштап кетем дегениң - Желмогуз келип эми эле, Жылмаласын дегениң. Таштап кетсең бул жерге, Желмогуздан өлөбүз, Күндү кайдан көрөбүз. Жарык көрсүн десеңиз, Өзүң менен жөнөйбүз, Желмогуздан өлгөнчө, Куткарбастан өлөлүк, Маңдайда кандай иш болсо, Өзүң менен көрөлүк. Тапан хандын алдында, Жагынып жүрүп жалпаңдап, Кармашарга жоо болсо, Жан айабай далбаңдап, Бир катынча болбодук. Тапан хан менен канчыктан, Куткардыңыз ич ооруп, Мында кал деп айтышың, Бизге болду эң кордук. Жакшы, жаман ар иште, Жаныңызда бололук, Ажырап сенден калганда, Өлүмдөн түшөт бир боолук, Кара бетке кар кылып, Бизди таштап койбоңуз. Тазкара айтып болгунча, Тапак келди талпактап, Чойтолоң келди салпактап, Тазкара менен Конушбай, Төртөө келип биригип, Эр Сейитти кучактап, Бизди таштап кетпе, деп, Көзүнүн жашы бурчактап, Таштап кетсең бул жерге, Шуркуйадан өлдүк, деп, Сизди кайдан көрдүк? деп, Жабыла айтып калышты. Анда ойлонду Сейити: “Өлүмдүн экен үстүндө, Булардын мында калышы, Тазкаранын кеби чын, Желмогуз келип булардын, Канын соруп алышы”. Баш көтөрбөй эр Сейит: — Бастыргыла, жүрү, — деп, Биз жүрөлү күн-түн — деп. Биз жөнөйлү дегенде, Тазкара менен Чойтолоң, Жандары калбай сүйүнөт, Тапак чыкты күркүрөп, Аттанды аскер дүркүрөп, Булар жүрдү жол менен, Кырк миң ашуун кол менен, Баатыр Тапак, Чойтолоң, Тазкара менен Конушбай, Кубанышып келайтат, Шер Сейитим зор менен. Тапан хан менен Куткарбас, Кучакташып, өбүшүп, Эсендешип көрүшүп, Баары чоңу баш кошуп, Басып үйгө киришип, Сейиттин келе жатканын, Сыйкырлары билишип, Кумсар сыйкыр кеп айтат: — Куткарбас менен Тапан хан, Угуп тургун, — деп айтат. Өнөрүмдү көрсөтөм. Кан ичме жинди Сейитке, Көзүн көрбөс чер кылып, Кулагын укпас кер кылып, Бир айласын кетирип, Кара жерге тең кылып, Андан кийин Сейитти, Жолбосторго жем кылып, Сүрөтүн адам тургузуп, Айбандан аны кем кылып, Балбансыган Тапакты, Чайан кылып салбасам, Чойтолоң менен Тазкара, Жылан кылып арбатам, Кирпи кылып Сейитти, Бирине бирин жалматам. Чымындарым чакырып, Эки колун байлатам, Телкүрөңүн мингизип, Таанымал кылып Сейитти, Таластагы кыргызга, Аралатып айдатам. Кумсар сыйкыр атанып, Куру карап турамбы, Кыргызды мындай кор кылып, Силерге болсун тамашам! Кумсардын айткан кебине, Оолуга кетти ошондо, Куунайза баштап он балбан: — Жер куруткан кыргызды, Өнөр менен сен алсаң, Бир беттешпей кыргызга, Мен Куунайза кур калсам?! Өнөрүңдү койо тур, Найзалашып мен алам, Жармачтык кылып баратсам, Жанымда бар он балбан. Көк найзамды өңөрөм, Кур чалышып мен көрөм, Көйкаптын тоосу болсо да, Көмө сайып жөнөсөм, Ачылат көзүң жарк этип, Эрлигимди сен көрсөң. Эң алдында мен барам, Он алты жаштан бер жакка, Тоо томоруп, эр сайгам, Сейитини мен алам, Эр түгөткөн Сейитти, Куунайза сайып алды, деп Жер бетинен даң алам, Сейитти салып албасам, Бет келер мага балбан жок, Даңазам жок кур калам! Сөз өткөрүп Кумсарга, Күпүлдөдү Куунайза, Куткарбастын үйүндө, Өкүрүгү таш жарып, Дүпүлдөдү Куунайза. Куунайзадан кеп угуп, Кумсар сыйкыр жеме угуп, Куунайзадан беш бетер, Кумсар сыйкыр оолугуп, Күрмөөгө тил так келбей, Ачуудан үнү буулугуп: — Сейитти сайып сен алып, Эрлик атак саа калып, Кумсар сыйкыр турамбы, Бар өнөрүм кур калып?! Мен-мен дейсиң Куунайза, Мен турганда сен канча?! Сен билегиң жоон бирди алсаң, Мен билимим бар миңди алам, Болбой мойнуң толгосоң, Сейитиге окшотуп, Мойнуңа чынжыр салбасам, Кылгылыкты кылбасам, Кыйалданба Куунайза, Кымызга сууну куйбасам! Сайраганга тилиң так, Көөдөнүңдө жаның сак, Белкурчоодон төмөн таш, Кылып койуп Куунайза, Анан карап турбасам, Кумсар атым бекер! — деп, Куунайзаны кээкерлеп, Деңкийип сүйлөп бекемдеп, Өкүрүшүп жатканда, Шум канчык айтат мындай кеп: — Кумсар сыйкыр Куунайза, Айтканыңар бекер, — деп. Мен ойлоймун Сейитти, Түпкө такыр жетер — деп, Мен турамын силерден, Үмүт үзүп, кайгы жеп, Куткарбастын өзүнөн, Кан ичме кыргыз Сейитти, Өлсө өлүп кетер деп. Баатырлыкта Куунайза, Бар өнөрдө Кумсарды, Алы канча дебеймин, Кечээ күн батышта жети дөө, Кененим барып сойгондо, Кара деңиз аралда, Качып жаткан Жүйрүн дөө, Өлтүрүптүр ошондо. Ал Жүйрүн дөө урушта, Сегиз миң жыл жашаган, Сексен миң эрди ашаган, Эсиргенден Жүйрүн дөө, Азиз хандын Сошойа, Окуп жүргөн алдында, Соогасына берем, деп Алма баш мылтык жасаган, Өз өмүрүн кастаган, Тирүү инсан баарысы, Жаздым болгон баштатан, Жаздым болбой неткени, Өзү өмүрүн кастаган, Ак шамшарды Сошойа, Кошо алып кеткени, Калмакка кытай кошулуп, Азиз хандын Сошойа, Атасынан көөнү ооруп, Кыргызга качып кетеби, Ал алаштын бир уулу, Айдаркандын Көкчөгө, Аралашып кеткени. Ал Көкчөгө барганда, Сошойа аты жойулду, Алмамбет аты койулду. Айдаркандын хан Көкчө, Бардашы журттан бөлөкчө. Алмамбет андан таарынып, Казактардан көөнү ооруп, Кыргызга кеткен бөлөккө. Кыргызга барып эл болгон, Эр уулу менен тең болгон, Адам уулу жаралып, Жер бетине таралып, Эл мекендеп шаар салып, Кытай ээлеп турган жер, Бэйжин деген ат алып, Адамзат пендеден, Тыштан киши барбаган, Ошол Бейжин шаарына, Кыргыздан Манас баатырды, Алмамбет баштап алпарган. Ошондон бери карата, Бейжинди Манас алган, деп Кылымга тарап ат калган. Бейжинге Манас барганда, Жанынан коркуп Жүйрүн дөө, Кара деңиз аралдан, Качып барып жай алган. Алмамбет алган Акшамшар, Баласына калыптыр, Алмамбеттин баласы, Эр Гүлчоро аныктыр, Гүлчоро берип Кененге, Кененим алып шамшарды, Жүйрүндү издеп барыптыр. Жүйрүндөн кесип баш алып, Жүрөгүн сууруп жеп алып, Жүйрүн дөөнү сойгондо, Жалаңгыч сарык атанып, Тилин сууруп жеп алып, Жетимиш уруу тил билип, Жүйрүндүн сыйкыр көйнөгүн, Чечип алып кийинип, Келген экен Кененим. Сейит жоого чыгарда, Жүйрүндүн сыйкыр көйнөгүн, Чечип берген Кененим, Алмамбеттин алмабаш, Асып берген Кененим, Ак шамшаарды белине, Байлап берген Кененим, Мен дагы сыйкыр билчү элем, Андыктан алым келбеди, Ошондуктан Кумсарды, Алың келбейт дегеним. Кененимдин Сейиттен, Он алтыда жашында, Жору куйрук кызыл алп, Анын уулу Карадөө, Тулку бойу бир дөбө, Беш баласы катыны, Алы келбей Сейитке, Көк өзөндүн түзүндө, Баарысы өлүп калганы. Амал менен Сулаймат, Кызыл кумга алпарды, Баары барды чогулуп, Жети дөөнүн балдары, Каардуу Калча баш кылып, Канча дөөнү жалмады, Тапан хандын эрлери, Бири жеңе албады, Бул келаткан Сейити, Азыркы жаштын балбаны, Кебелбейт да, кенебейт, Куткарбастан башканы. Чыным айтсам бул Сейит, Бучкагына теңебейт, Пендеби деп бейлебейт, Эчтемеден кенебейт, Тогуз-онду турмайлык, Миң кишини элебейт. Жыйырмада жашы бар, Кайдасындай башы бар, Өңөргөн койдой кашы бар, Сейитини көрсөңөр, Кең көкүрөк кууш айак, Алдында минген Телкүрөң, Жылкыдан чыккан түр сайак. Коркуп калып Сейиттен, Мактап жатат дебеңер, Ырас-чынын айтканда, Адамдан ашкан кемеңгер. Кимиң барсаң аның бар, Кеп салышып турбаңар, Найзанын учун бек кармап, Билек күчүң чыңдаңар, Кимдер баатыр, ким коркок, Ошол жерде ылгаңар. Кодо эмес коркойуп, Узун эмес, койкойуп, Семиз эмес тултуйуп, Жоон эмес култуйуп, Узун эмес сүлкүлдөп, Ыкшоо эмес бүлкүлдөп, Эти жадоо кагалес, Өтө мыкты чабендес, Ыкшоолук кылсаң элебей, Тогуз-он койуп жиберет, Үстү-үстүнө дембелеп. Мен билейин бул сапар, Куунайза чыгып кез болсун, Ачык жолуң шар болсун, Камындырбай тез болгун. Камындырбай кагышкын, Кайра качпай салышкын, Кырчалышсаң кармашып, Ажыдаардай арбашып, Ажырабай жанынан, Шайым кетир жармашып. Келелекте Сейитке, Кекенишкин касташып, Жеңебиз деп ойлонгун, Эрдик менен басташып. Куу канчыктан кеп угуп, Куунайза баргын деп угуп, Кумсар сыйкыр унчукпай, Туруп калды кулуйуп. Куткарбас менен Тапан хан, Үн чыгарбай кулжуйуп, Нөөмөт мага тийди, деп Куунайза чыкты жулунуп, Шашкалактап жөнөдү, Башын кесип келем, деп Сейитимге жолугуп. Көөдөнгө батпай жүрөгү, Колуна тийип тилеги, Келе жатат Куунайза, Ташты жарып илеби, Тарамышы балактап, Жеңине батпай билеги. Минген аты куу Чаптар, Шаардан чыгып жөнөдү, Сап-сап болуп тизилип, Аркада калган бөлөгү. Он миң аскер, беш балбан, Куунайзанын артынан, Ат койушуп бараткан, Келе жаткан Сейитти, Караанын көрдү ыраактан. Сейитимдин артында, Баатыр Тапак, Чойтолоң, Акылманы Тазкара, Ээрчип келет Конушбай, Баатыры бар жанында, Конушбайдын көөнү жай. Куткарбастын Куунайза, Хан каадасы уруштун, Мындан мурун көрбөгөн, Каадасын элдин билбеген, Каракчыдай кол салып, Каршылашкан тарабын, Талап алып жүрчү экен, Кылып көнгөн адаты Калдаңдаган Куунайза, Качырганын карачы. Бирге келген жанында, Ыкбалчы деген бар эле, Куунайзага жанашып, Айткан сөзү мына бу: — Жаныңда сенин жүргөлү, Далай жыл болду болжолу, Жекелешип эр сайыш, Мундай жумуш болбоду, Өзүң чапсаң далбактап, Анда жакшы болобу? Беш балбан келдик сени, Артыңан калбай салпактап, Балбансынып жүрөбүз, Жерге батпай барбактап, Куунайза, сенин дөөлөтүң, Көөдөндү керип дардактап, Бизди бактың канча жыл, Канаттууга кактырбай, Эркин койуп ардактап, Эркелеттиң алыңча, Онубузду сарбаптап, Бизди салгын алдыга, Өлүп кетсек майданда, Өлгөндөргө өк болуп, Жөлөк болуп тирүүгө, Кууп алчуу сен барсың, Сенден кийин калганда, Ишке бизди ким салат? Тапак менен Чойтолоң, Тазкара турат табалап. Өлбөй тирүү бар туруп, Жаш акпай көздөн кан агат. Ыкбалчы кебин угуптур, Кулжуңдаган Куунайза, Атын тартып туруптур, Сен баргын, деп алдында, Ыкбалчыны буйруптур. Акылым элден аштым, деп, Эң алдында барышка, Эбин таап алдым деп, Акылдуусуп дардаңдап, Мингени төө тартаңдап, Кара темир калканы, Далысында калдаңдап, Жеке-жеке, деп келет, Айкырыгы таш жарып, Айабай катуу бек келет. Төөнүн мойнун кокжойтуп, Кабыргага тепкилеп. Сейитимге эр Тапак, Түшө калып атынан, Кол куушуруп кеп айтат: — Хан каадасын билбеген, Жан кагышын көрбөгөн, Байрак сайып туу жайбай, Төө минген бирөө келатат, Каракчы болуп чоңойгон, Каада билбес элдерге, Кайнап каным баратат, Каадасыз мундай жумуштар, Кара жанды кашайтат. Мен барайын кагышып, Баатырлыгын билейин, Бир беттешип сайышып. Уруксат бергин, барам, — деп, Баатыр Тапак камынып. — Барсаң баатыр, бар, — деди, Жайында айткын бар кепти. Акылга кирсе алып кел, Күн сураса уруксат, Болжол менен жанып кел. Эр Сейиттен кеп угуп, Ыкбалчыга эр Тапак, Тосо чыкты жолугуп. Айал кылып турбастан, Аты-жөнүн сурабастан, Төөнүн башын бурбастан, Найзасын күүлөп сундуруп, Көмөлөтө сайчуудай, Кара жанын карч уруп, Качырып келет кулжуңдап. Найза менен сайдырбай, Ыкбалчынын найзасын, Кагып ийди эр Тапак. Сейит менен эки күн, Тең сайышкан ал Тапак, Ыкбалчы жарак алгынча, Ыкбалчыны эр Тапак, Капшыра кармап белинен, Белдеги чынжыр кемерден, Кара тоодой далдайып, Үзүп алды ээринен, Тазкара менен Конушбай, Жетип келди элинен. Ыкбалчыны байлады, Эр Сейитке алпарды, Мунун кебин ким угат, Бышыктап байлап таштады. Куунайзанын төрт балбан, Бирден-бирден ат салды. Сейитимдин эр Тапак, Колуна жарак албады, Келгендерге сайдырбай, Бирден белден кармады. Колко тоодой төртөөнү, Сейитимге алпарды. Беш баатырдан айрылып, Куунайзанын канаты, Сынгандай болуп кайрылып: “Ыкбалчанын кебине, Алдандым, — деп Куунайза, Акылыман тайгылып” Ал тааныбайт Тапакты, Бул Сейити экен, деп, Ачууланып кекерлеп, Бар кайратын колуна, Күчүн жыйнап белемдеп, Жаагындагы түктөрү, Аркасынан көрүнүп, Шамал ыргап сепектеп, Узун мойун неме экен, Шилисин тартып кекең деп, Олбуй-солбуй теминип, Эки буту тепеңдеп, Омбул-домбул түйүлтүп, Куу чаптар менен койгулап, Колундагы найзанын, Учунан жалын от чыгат, Байкап турат Сейитим, Кайраты канча деп сынап. Куунайза менен Тапактын, Баатырлыгы тең турат, Куунайзадан Тапактын, Аты ыкшоо кем турат. Баатыр Тапак, Куунайза, Бет келишти бул экөө, Ээн талаада зоңкойуп, Экөө эки тең дөбө. Аты жөнүн сурашпай, Карсылдашып киришти, Кышкы киргин буурадай, Кыйчылдашып киришти, Кан чачылып жаракка, Былчылдашып киришти. Баш аламан урушту, Балакеттей жумушту, Олпок-тоону булушту, Соотторун жулушту, Жакасынан алышып, Жан айабай салышып, Кызыл жайан кан кылып, Жаактарын жарышып, Бүктөй кармап камчыны, Оройлото жабышып, Аттан түшө калышып, Орой-торой чалышып, Ийиндешип тирешип, Эки күн жүрдү күрөшүп. Аңгычакны болбоду, Хан Тапан хан, Куткарбас, Эки увазир, беш балбан, Залкар салттуу кырк сардар, Отуз эки пили бар, Алты жолборс, алты шер, Сүр көрсөтүп Сейитке, Жетип келди жүз миң жан. Баары турду карашып, Баатыр Тапак, Куунайза, Салгылашып майданда, Эрлик жолун талашып, Өйүз-бүйүз көпчүлүк, Бирин бири марашып, Каадасыз көнгөн Куткарбас, Куунайзаны жемелеп, Качырып кирди жан ачып, Куткарбасты көргөндө, Кайра качты эр Тапак, Кара жандан түңүлүп, Эми сайып алам деп, Куунайза келет сүйүнүп, Алты жолборс, алты шер, Куткарбастын жанында, Кошо келет жүгүрүп, Чойтолоң менен Тазкара, Жолборсту карап мекчейип, Кирпик какпай чекчейип, Кара жандан түңүлүп, Өлүм жактан шектенип, Эр Тапакка Куунайза, Чылбыр бойу калганда, Сейит кирди тап берип, Манастан ураан чакырып, Баатыр минген Телкүрөң, Кош кулагын жапырып Муундуу чөптүн үстүндө, Булуттуу көктүн алдында, Топону көккө сапырып, Манастын атын укканда, Сейит утур чыкканда, Куунайзасы турмайлык, Куткарбас калды шашылып, Куткарбасты жандаган, Жолборс, шердин баарысы, Такыр кетти чачылып, Шум канчыктын иши экен, Сыры калды ачылып, Сайып өттү Сейитим, Куунайзаны жапырып, Канын суудай агызып, Кара жерге жапшырып, Имерилип Сейитим, Кылчайып артын караса, Каны жатат жайылып, Кумсар сыйкыр шумданып, Куунайзаны куткарып, Чогултуптур бир жерге, Барлык чоңду жам кылып, Куунайзанын ордуна, Бир куурчакты сайдырып, Топуракты өзгөртүп, Жыгылган жерин кан кылып, Тирүүлүккө коорконуп, Тапактын мурду барбыйып, Кудай бетин нары кыл, Куткарбастын элинен, Пилдер келет томпоңдоп, Куйруктары чолтоңдоп, Айуу келет саксаңдап, Шер келатат чакчаңдап, Жолборс келет күркүрөп, Жалын келет дүркүрөп, Шамал келет аркырап, Сел түрүлүп шаркырап, Жылан келет жыйрылып, Эки көзү жаркырап, Буура келет буркулдап, Оозунан көбүк буртулдап, Бука келет бултулдап, Түлкү келет кылтылдап, Чөө каткырып шыңкылдап, Кабылан келет карсылдап, Кутурган иттер арсылдап, Асманда кузгун таркылдап, Кажырлар келет далпылдап, Сарлар келет салпылдап, Ителги, келет баркылдап, Кыргый келет кыпылдап, Ылаачын келет зыпылдап, Карчыга менен бүркүт жок, Андан башка ар укмуш, Жакындагы чукулдап, Сейитимден башкасы, Баатыр Тапак, Чойтолоң, Тазкара менен Конушбай, Аркасынан аскери, Эстери чыгып туралбай, Эт жүрөгү болкулдап, Кара бойу токтобой, Калтырак кирди солкулдап. Басалбай буту бүжүрөп, Сийдиги агып бүрүлдөп, Өңүнөн чыгып сарысы, Куп жүдөдү барысы, Куушурулду далысы, Сүйлөбөй тили байланып, Нес болушту барысы, Өлүмдөн башка ойдо жок, Эндирешип калышты, Колунан кетип намысы, Кененимдин эр Сейит, Телкүрөң менен теңселип, Аркасында айдары, Шамал тийсе сеңселип, “Падыша кудай колдо – деп, Бабам Манас арбагы, Азир болор жолдо, деп, Алмамбет, Чубак – эгиз эр, Абам Сыргак кеменгер, Олуйа Бакай, шер Семей Чоң атам баатыр Сейтек, Адамдан чыккан ак көңүл, Асыл Гүлүс, жардам бер, Таласта калды өз атам, Мындай күндө калганым, Муну кайдан ал билер? Ар-намысы айалдын, Айрыкча башка жаралган, Каынкей энем жардам бер, Уруксат берсе кайненең, Чоң энем Чүрөк өзүң кел, Кумсар сыйкыр, шум канчык, Душмандын баары жамдашып, Мен жыгылсам бул жерде, Таласка жетип бармакчы, Эр Кененим уулуңа, Эпсиз бүлүк салмакчы, Ак калпак кыргыз элинде, Кызыл ээк чалдарды, Кызыл муштум балдарды, Кыйратмакчы аларды” Азизхандын Алмамбет, Асынып келген Бейжинден, Алмабашты Сейити, Жулуп алды ийинден, Жайнаган кызыл жалынга, Каптаган селдин агыны, Капташтырып бир койду. Алмабаш үнүн укканда, Оозунан огу чыкканда, Асмандагы канаттуу, Жер бетинде айбанат, Жайнаган кызыл жалыны, Каптаган селдин агыны, Пилден башка шумдуктун, Бири калбай жоголду, Пилдери анык бар экен, Калганы сыйкыр жай экен, Найза жеген Куунайза, Жаралуу болуп калыптыр, Жыгылганда Куунайза, Кумсар сыйкыр шумданып, Куткарып аны алыптыр, Урушка салып көндүргөн, Пилдери гана калыптыр. Жайнаган от, аккан сел, Аркырап шамал, учкан куш, Айуу, жолборс, шерлери, Чөөлөр менен түлкүсү, (Адамдын келет күлкүсү) Буура менен букасы, Кутурган ит кабучу, Жок болуптур баарысы. Кумсар сыйкыр, Куткарбас, Шуркуйа канчык, Тапан хан, Колунан кетти намысы, Пилдер айла кылар, деп, Үмүт кылат баарысы. Баатыр Тапак, Чойтолоң, Тазкара менен Конушбай, Анда карап тургандар, Күлкүсү чыгып калышты, «Манас-Манас-Манас», деп Бардыгы ураан салышты. Сейитимдин тарабы, Мурун турган бүлкүлдөп, Оодарылып дүйнө шум, Куткарбастын аскери, Эми коркуп турат сүлкүлдөп. Майданга келген санаты, Отуз эки пил экен, Эң алдында жүргөн пил, Кан ичменин бири экен. Пил тумшугун Куткарбас, Темир менен тордоткон, Адамга тиер жагына, Болоттон найза орноткон. Пил келатат томпоңдоп, Мурдундагы найзасы, Чылбыр бойу коркоңдоп, Куйругун чаап такымга, Катуу тийди коржоңдоп. Баатыр Сейит кара көк, Бадашы журттан бир бөлөк, Жазылыгы төш жары, Жалаң болот испанды. Кармай алып сабынн, Сууруп алды кабынан, Баатыр шердин кылычы, Урушту күнү узарган, Учу өрттөй кызарган, Темирди талдай таарыган, Тирүү калбайт даарыган. Пилге найза сайдырбай, Кыйа тартып мойунга, Чаап өттү кабылан. Баатыр чапкан оңобу? Жар көчкөндөй дүп этип, Эки бөлөк торойду, Бура тартып качкынча, Жана экини тоңкойтту. Калгандары дөкдөңдөп, Кайра качып алыптыр. Тура калып Сейити, Конушбайды келгин, деп — Алмабаш алгын мынаке, Сыйкыр келбейт эми, дейт. Кызыл кумдун чөлүндө, Хан Калчага беттешкен, Каары келди жүзүнө, Адам бакпай түшүнө, Жыйырмада чунактын, Күч уланды күчүнө. Жыйырма тогуз пилди айдап, Аркы элге жеткинче, Беш пил өлдү жер майлап. Өлбөй тирүү калган пил, Асили айбан эмеспи, Куткарбастын кошуунун, Аралап кирди талкалап, Пил аралап киргенде, Чыдап карап туралбай, Кол бузулду чар тарап. Куугун жеген Куунайза: “Сейит жүрөт бул жерде, Барбактаган Тапактын, Эми күчүн көрөйүн, Эрдемсиген Тапакты, Элди бузган Чойтолоң, Тазкара үчөөн найзага, Илип алып жөнөйүн” Деп өзүнчө ой кылып, Көмүскө менен койгулап, Көрүнбөстөн Сейитке, Элди четтеп жөнөдү, Куунайза элге көрүндү, Кылчаңдабай эр Тапак, Элден чыгып бөлүндү. Күркүрөтүп найзасын, Куунайза беттеп баратат, Куунайзаны кокустан, Көмүскөдөн чыгарбай, Алдынан Тапак барбайып, Чыга калды ат салып, Кара тоодой калдайып: — Токтой турчу Куунайза, Уйат болот баатырга, Уурданып келип жоо сайса. Көмүскөлөп келесиң, Эрдигиң сенин бар канча? Турпатыңды карасам, Түрпөтүң тоодой бир башка, Койгон аты Жалтайбас, Эл билген аты Куткарбас, Куткарбасты караандап, Ээрчип жүргөн сен калча, Тапан хандын жүз үйрүп, Сейитимге мен калча, Бет келиштик бул жерге, Сен экөөбүз тең калча, Эки калча бет келдик, Сынашалы ал калча. Эр Тапактан Куунайза, Калча деген кеп угуп, Ачуусуна чыдабай, Кара тер бойдон жуурулуп, Саргарган бети карарып, Өпкөсү көөп арданып, Тапакка келип бетме-бет, Найзаны күүлөп каарданып, Баатыр Тапак, Куунайза, Кандуу найза сунушуп, Катуу жаман урушуп, Найзаларын кагышып, Балталашып чабышып, Чокморлошуп койушуп, Калкандары быркырап, Кара жанга күч келип, Кабырга сөөктөр зыркырап, Канча кызык бир жанды, Кылга байлап таштады, Кыйын уруш баштады, Кармаша берсин бул экөө, Сейит менен Куткарбас, Сөздү алардан баштайлы. Пилди айдап дүркүтүп, Куткарбастын аскери, Пилден качып үркүшүп, Салтка сайган байракка, Баары келди дүрдүгүп. Көрүп туруп Куткарбас, Кармаган колдо ач албарс, Каршылашып жан калбас. “Байракта белгим турат, — деп Пилдер тепсеп жыгат, — деп Сейитиге жыктырбай, Өз пилиме жыктырсам, Куткарбаска уйат” деп Топоңдогон пилдерди, Тосмок болуп Куткарбас, Утур чапты алдынан. Тосконго пилдер болбоду, Күчүмдү Сейит көрсүн, деп Куткарбас муну ойлоду, Албарс менен бир шилтеп, Үч пилди катар сойгону. Үч эмес пилден канчасын, Катар чаап сойлотсо, Эр Сейитим коркобу? Пил ортосу бөлүндү, Пилден алкып Куткарбас, Сейитимге өлүмдү. Кыскарды дейт Куткарбас, Сейитинин өмүрү, Анткен менен Сейити, Куткарбастын көзүнө, Алп кара куш көрүндү. Адаты экен Куткарбас, Өзүнүн атын чакырмак: — Койгон атым Жалтайбас, Жан беттетпей жоо сайып, Эл койгон атым Куткарбас. Эсиң барда этек жап, Мени менен касташпа, Сен Сейити башың жаш! Күн батышка барыпсың, Сулайматтын Кылжыке. Сулуу кызын алыпсың, Жети дөөнүн балдарын, Жер жаздантып кайтыпсың. Баарынын канын алайын, Өзөгүңдөн жарайын, Өпкөңдү алып чабайын! Жетисууга барыпсың, Тең келе албай бир кызга, Эрдигиңен тайыпсың, Айтаар кебин табалбай, Эсиң ооп калыпсың, Ургаачыга тең болбой, Убай менен карыпсың. Сулуу кыз келип айтканда, Ошондо уктум баарысын, Келген экен ал сулуу, Сен Сейитке баш бербей, Теңине алып саа тийбей. Таанылган элге сулууну, Катын кылып алайын, Мен керекке жарайын. Эр эмессиң, Сейити Эси жоктун бирисиң, Эркек кылар иш эмес, Сенин мунтип жүрүшүң, Тийбеген кызга телмирип, Мындай тентип күйүшүң, Желмогуз деп ат койуп, Жаман атты кылышың! Ак баш болгон Тапан хан, Алдыма келди арз айтып, Сулуу кыз келсе дарт айтып, Өлүгүңдү талаага, Таштабасам тартайтып! Туулуп жерге түшкөндө, Эрдигим билип атакем, Жалтайбас деп ат койсо, Беттешип пенде алалбай, Куткарбас деп эл койсо, Тирүү кантип кетесин, Ойлочу, Сейит, сен болсо! Жашыл жээкте Сейити, Жаштайыңда сени алып, Тизгин тартпай Таласка, Бурулбастан түз барып, Ак калпак кыргыз элиңди, Айабастан чаап алып, Жер түгөткөн Кененим, Жерди майлап сулатып, Алган жарың Кылжыке, Өз олжомо аны алып, Анан келип жатпасам, Чалкаман түшүп дем алып! Деп сүйлөнүп кара жүз, Сакалы жок кеженей, Чолок ээк неме экен, Суу итиндей дултулдап, Найзасын алып тап берип, Качырып кирди жултуңдап, Эки ууртунан куйулуп, Шилекейи буртулдап, Бастек бойлуу неме экен, Жер кодолдой култулдап, Мурду көөп барпайып, Тай букадай чандайып, Жаалысы чыгып жүзүнө, Жан алчудай каарданып, Куу чаар болуп беттери, Так кирпинин жүнүндөй, Жаагындагы жүндөрү. Ыдыгынан чочконун, Куйун болуп куулдап, Өнүп турган жыгачтар, Шамал тийген немедей, Үн чыгарып шуулдап, Жалбырактар дирилдеп, Жайылып жаткан жазы кум, Жан киргендей шырылдап, Таштын баары мыдырап, Кескелдирик, ташбака, Айласын таппай тыбырап, Чиркей учпай кыңылдап, Баатыр бала Сейитим, Элебей турат зымырап. Найзанын учу жетерде, Өнөрү артык кара көк, Балта менен найзаны, Учунан кайра какты эле, Балта тийген бул найза, Асманды карай атты эле. Жерге бекер түшкөн жок, Отуз алты кишини, Оорутпай баса жатты эле, Куткарбастын найзасы, Куру түшпөй талаага, Отуз алты кишини, Ала жатты талаада. Көзү көргөн көпчүлүк, Көбү калды санаада, Калыпбыз деп бул жерде, Кутулбаган балаага. Найзасын кайра кактырып, Отуз алты кишини, Найзасына бастырып, Куткарбастын жүрөгү, Лакылдады аптыгып. Куткарбас карап турабы, Күчүн күчкө улады, Күчкө толгон убагы, Кылчайып карап аскерин, Дагы найза сурады, Бир найзаны элүү эр, Жеткире албай куурады, Армансыз болсун чочко, деп Арстандын уулу Сейити, Зыңгырап карап турганы, Алдында минген Телкүрөң, Тоңурчуктап токтобой, Алоолонуп бууданы, Найза тийди колуна, Куткарбас карап турабы? Күүлөп найза сундуруп, Күүлүү найза сунганда, Күркүрөгөн үн чыгып, Төбө чачы тиктенип, Жаактын жүнү үксүйүп, Көрсөтөм деп эрдигин, Кара жанга күч келип, Куткарбастан акырып, Алдында минген бууданы, Топону көккө сапырып, Кактырып мурун найзасын, Намысына ачынып, Сала берди, түгөнгүр, Кара жаак найзаны, Сейитимге качырып, Ошондо да жолборсуң, Элеп койбойт ашыгып. Таамай тийсе бул найза, Тоо томкорот жөн эле. Сейит бүгүн жыйырма жаш, Сайышта жүрүп күрөң маш, Найзанын учу жетерде, Балыктай сууда кылт берип, Туурасына койондой, Ыргып чыкты булт берип, Жаздымдап өтө бергенде, Кыйамына келгенде, Манастап ураан чакырып, Мингени тулпар Телкүрөң, Кош кулагын жапырып, Майсооруга найзаны, Сайып өттү бастырып. Сооруга найза мылк этип, Тоо томорчуу куткарбас, Томолонду шылк этип, Чыпалактай кара кан, Жерге түштү шыр этип, Телкүрөң оозун тарткыча, Шайтанын койбой каккыча, Кумсар сыйкыр, шум канчык, Экөө эки кош болуп, Алып кетти шып этип, Сасык туман каптады, Аламандап ат койуп, Куткарбастын аскери, Куйулуп кумдай чапканы, Жалтайып карап турабы. Жаш Сейити арстаны? Эрдигинен эмгиче, Элинде жүрөт дастаны. Жүйрүн дөөнүн эт көйнөк, Сейитимде кийилүү, Сыргак шердин сыр найза, Карысында илинүү, Алмамбеттин кеп жабуу, Телкүрөңгө жабылуу, Кеңкуланын көкүлдүк, Телкүрөңгө тагылуу. Сыйкырдын сырын чечүүчү, Алмамбеттин алмабаш, Конушбайдын колунда, Тоскоолдук кылар неме жок, Сейитимдин жолунда. Муну менен иши жок, Кумсар сыйкыр, шум канчык, Сейитини амалдап, Кармасак дейт ойунда. Кумсар менен шуркуйа, Дубасын окуп купуйа, Кара куйун шамалын, Чакылдак түшчү жаанын, Кылып жатат барынча, Колунан келчү амалын. Айбанаттын баарысын, Албарсты менен азыткы, Ишке салмак жаамысын. Тыным албай кожурап, Окуп-чукуп божурап, Үн алышып кобурап, Эки сыйкыр олтурат. Ангычакты болбоду, Баш көтөрүп Куткарбас, Ошол кезде эс жыйат: Амалыңды койгун! –деп, Мен эмине болдум? –деп, Сейит менен майданда, Сайышып жүргөн мен элем, Кандай келип калдым? –дейт. Кумсар сыйкыр кырылдап, Чакчыгайдай быжылдап: — Сейитке найза кактырдым, Сен кактырган найзага, Отуз алты аскерди, Дым тарткызбай жаткырдың, Кылчайып карап биз жакты, Найза бер, деп шаштырдың. Элүү киши найзаңды, Эптет араң жеткизди, Анткен мен Сейити, Эрлигиңди кетирди. Сайдырбай найза жазгырды, Жонуңа найза батырды, Минген атың Чор атты, Сени атынан кулатты, Сейиттин көөнү жай алды, Агызып сенден кан алды. Кумсарың кылды кайратты, Сулуу кыз кылды жардамды, Алып келдиң бул жерге, Араңдан зорго жан калды. Биз болбосок, Куткарбас, Сейити жаның алмакчы, Майданда тарпын калмакчы, Амалыңды койгун, деп Кыласың бизге жарлыкты, Кармашарга ал барбы? Бир эстенип Куткарбас: — Кумсар, азыр бас, — деди Кан акпай уруш токтотчу, Барабанды как, — деди. Элебей калып сайдырдым, Бүгүн көргөн элдерге, Эрдик аттан айрылды, Соорудан каным аккандыр, Ага кайдан кайгырдым? Куунайза баштап он балбан, Жүз миң аскер, кырк сардар, Күндө бирден салайын, Так чарчатып Сейитти, Анан эбин табайын. Өчүмдү албай Сейиттен, Куткарбас кандай тынамын! Куткарбастан кеп угуп, Кеп укканда жеме угуп, Бекеринен кырылат, Аскерди жандыр, деп угуп, Желдеттерди чакырып, Кумсар сыйкыр бакырып, Уруштурбай токтотчу, Барабанды урдуруп, Жашыл жээктин жеринде, Кулак-мээни тундуруп, Зыркаар чыгып, жел жортуп, Кум чайкалып куйулуп, Барабан үнүн укканда, Аскер чыкты чубуруп, Жарадар болуп нечени, Соорудан каны куйулуп, Сайып койгон байракка, Баары келди корголоп Ачынып калган Куткарбас, Амал менен алам, деп, Сейитинин башына, Акыр заман салам, деп, Эсебин алды аскердин, Сапка тизип тургузуп. Он башылар ороктоп, Бол аскериң кана? деп, Жүз башылар сороктоп, Найзасы колдо короктоп, Миң башылар олоктоп, Бөлүп болду аскерин, Ар бир жерге сап топ-топ. Аскерин саптап санады, Эсебин алып карады, Аламан уруш болголу, Бир жарым күн убагы. Эсинен танып Куткарбас, Кулагы болгон кеп укпас, Бир жарым күн ичинде, Бир миң үч жүз жок турат. “Мындай кырса Сейити, Он күндө бизди тоздурат. Куунайза менен он балбан, Баарысы мага чоң жардам, Жүз миң аскер кырк сарбаз, Элүү бир болду баш адам. Мени менен элүү эки, Эми бизден кутулуп, Сейит тирүү кетеби? Мен өлтүрсөм Сейитти, Сулуу кыз алып Тапан хан, Муратына жетеби? Муунуп өлүп Тапан хан, Ай сулууну мен алам, Сейитинин мойнунан, Тайгандай байлап жетелеп, Таласына мен барам. Манастан бери карата, Бузулбады кыргыз, дейт Күлүн көккө сапырам. Беш ата болуп кетиптир, Какшыгандын түбүнө, Такыр кыргыз жетиптир. Кылым жердин бетинен, Кыргыз атын жок кылам”. Эстенип муну Куткарбас, Куу найза баштап он балбан, Кырк сардарын санады, Кырк сардардан ону өлгөн, Өлгөнүн анын эл көргөн, Он балбандан жетөө өлүп, Бир жарым күндүк урушта, Жети балбан, он сардар, Он жетиси тең өлгөн. Куунайзалап акырып, Эрдемсиген Куткарбас, Атынан айтып чакырып, Качырып жоого тийчүдөй, Каарданып бакырып, Тапан ханды бир тиктеп, Өңү сары, көз кызыл, Ак букардай чакыйып, Куунайзасын таба албай, Айланта тиктеп акыйып, Жем чачып калган бүркүттөй, Куткарбас турду лакыйып. Сейит кантип жатат, деп Маңдай жагын караса, Тизилген сабы бузулбай, Эр Сейиттин аскери, Конушбай бар алдында, Чойтолоң менен Тазкара, Сейитинин жанында, Көрүнбөйт Тапак айакта, Куунайза жок быйакта, “Алда кандай заман, — деп Куунайза барбы аман? – деп Куунайза өлсө Тапактан, Айабаган зыйан деп” Куткарбас турат кайгы жеп, Сейит келип сурады: — Баатыр Тапак кана? – деп. Чойтолоң айтат мындай деп: — Куткарбас аттан жыгылып, Куйкасы кумга тыгылып, Сизден жарлык болгон жок, Биздин аскер козголуп, Кыймыл этип койгон жок. Ошол чакта Куунайза, Беттеп бизди качырды, Көзүнөн жалын чачылды, Топону көккө сапырды, Көзү көргөн эр Тапак, Эбегейсиз ачынды: “Уурданып келип эр сайчу, Көрбөдүм сендей жакырды”. Деп айабай бакырды. Качырышып бет келген, Көрбөй калдык караанын, Аламан келген көп элден. Тетиги элди карасам, Куунайзасы көрүнбөйт, Тапакты жеңсе Куунайза, Барат эле элине, Тапак сайып түшүрсө, Келет эле бул жерге. Чойтолоңдон кеп угуп, Көрүнүп турган дөбөгө, Сейит чыкты чуу койуп, Куунайзаны табам, деп Куткарбас келди дуу койуп, Куткарбастын чычкан сур, Жуурулуп кеткен суу болуп. Сейит менен Куткарбас, Бирине-бири карабай, Баатырларын карашып, Дүрбү салып жайма-жай, Көз жеткис жерден көрүндү, Баатыр Тапак, Куунайза, Бул экөөнү байкап көр, Баатырлыгы бар канча. Алдында минген аттары, Аркардай арыш алыптыр, Кара жанга күч келип, Катуу кармаш салыптыр, Куунайза көрүп Куткарбас, Ат койуп жөнөп калыптыр. Эр Кенендин жаш Сейит, Куткарбас кетип баратса, Карап турбайт керсейип, Куткарбастын артынан, Телкүрөң менен тап берип: — Сен Куткарбас, мен Сейит, Калк башкарган хан туруп, Эл башкарган эр туруп, Эрегишкен эрлерди, Айыргалы келдиңби? Же эрдиңди бирөөнө, Билдиргени келдиңби? Караары жок жанында, Тапак жалгыз дедиңби? Ажыратып жиберсең, Ардыгым жок, Куткарбас, Калыстык кылбай кас кылсаң, Кубат кылар Куунайзаң, Кутулбайт тирүү, Куткарбас! Сейитинин кептерин, Кулакка илип элебей, Эр Тапакка беттеди, Телп эттирип Тапакты, Сайып өттү Куткарбас, Куунайзаны мойунга, Сайып өттү Сейит маш, Сейит чапкан оңобу, Шылк дей түшкөн Куунайза, Дым тартпастан жоголду, Кылчайып артын карабай, Чычкансур менен Куткарбас, Аскерин карай чуу койду. Баатыр Тапак барбактап, Жанымды айрып алдың, деп Эр Сейиттин алдына, Жүгүрүп келди дардактап, Эр Тапактын эки этек, Булагайлап салбактап, Жолборс Сейит Тапакты, Тур, атыңа мин, деди Биз кетели жүр, деди. Элине барып Куткарбас, Куунайзадан айрылып, Сыймыгы качып оолактап, Тапан ханды баш кылып, Тирүү отуз сардарын, Бар болгон жети балбанын, Шумурай канчык анда бар, Баарынын өңү бузулуп, Сейит чыкпай эсинен, Заманасы куурулуп. Куткарбас турду козголуп, Оозунан жанган от болуп, Куткарбастын каарынан, Отургандын баарысы, Өңдөрү сары чөп болуп. — Куткарбас атка конголу, Мындай кордук болбоду. Куунайза баштап төрт балбан, Жөлөгүм өлдү он сардар, Кан ичме кыргыз уулуна, Биз табалы көп амал. Кумсар сыйкыр, сулуу кыз, Эки вазир, Тапан хан, Мен айткандай кылыңыз. Мен чыгамын алдында, Эки вазир, Тапан хан, Аскердин тур жанында, Кайда бассаң айрылбай, Онуң жүргүн алдында. Жыйырма сардар чогулуп, Шаарды багып алгыла, Жети балбан ылдамдап, Жашыл жээкке баргынча, Ар жерден тосуп тургула. Кутурган кыргыз уулуна, Тузакты жакшы кургула, Кумсар менен сулуу кыз, Сыйкырды кенен салгыла. Сейит элден бөлүнсө, Баатыр Тапак, Чойтолоң, Конушбай, Тазкара, Койбой байлап алгыла. Алым келбей баратсам, Сейитини азгырып, Мен барамын көп жайга, Жолгоштурам Сейитти, Жол тоскон жети балбанга. Байкап турам билгизбей, Өзүм сайам Сейитти, Атынын шайы кеткенде, Тирүү кармап аламын, Дал ошондой кездерде. Менден кабар болгончо, Колго түшкөн элдерге, Тийбегиле эч кимге. Бүгүн ардык алалы, Эртең уруш салалы. Деп ушинтип кеңешип, Камына берсин Куткарбас, Эр Сейиттин ишинен, Эми кабар алалы. Чойтолоң менен Тазкара, Конушбай турган жол карап, Эр Тапакты ээрчитип, Эрен Сейит келатат, Аттан түшүп жөөлөшүп, Үчөө кетип баратат. Эр Сейитке көрүшүп, Кашкаңдашып күлүшүп, Капасы жок сүйүнүп, Башта булар турушкан, Эр Тапактан түңүлүп. Жолдошторун көргөндө, Баатыр Тапак барбайып, Атан төөдөй дардайып, Куунайзанын өлгөнүн, Баштап-акыр көргөнүн, Сүйүнчүлөп кеп салып, Кылчайбастан артына, Куткарбас кетти деп салып, Канча күндөн бер жакка, Кагышта жүргөн баатырлар, Бүткөн бойун жуунуп, Белин бекем буунуп, Эр Сейит айтат ошондо: — Оңой-олтоң жоо эмес, Ойлоп көрсөм Куткарбас, Оңойлук менен кишиге, Оморулар тоо эмес. Эки сапар жыгылып, Эси чыгып калган жок, Камынып жатат бул кезде, Өлүмдү эске алган жок. Эртең эле бул жерге, Жамгырдай түшөт аткан ок, Жаныңа түшөт жалынсыз, Жалбырты, жок кызыл чок. Жүйрүн дөөнүн эт көйнөк, Конушбайга берейин, Көргүлө силер керегин, Көрбөй туруп Сейитим, Кандай айтат дебегин. Жамгырдай түшкөн от келсе, Жайнаган кызыл чок келсе, Үч имерип булгала, Ок тийип киши өлбөйсүң, Жайнаган чокко күйбөйсүң; Борошолоп күн жааса, Бургуйлап шамал каптаса, Туман болуп боз түшсө, Күн көрүнбөй түн түшсө, Бөлүнбөсүн көөнүңөр, Манастап ураан чакырып, Көйнөктү желпип көрүңөр, Сыйкыр колдуу эч нерсе, Силерге жакын келе албайт, Чын пилдерин жумшаса, Алмабаш менен аткыла, Майданга чыкса жекелеп, Баатыр Тапак белиң бар, Чойтолоң менен Тазкара, Эминеден кемиң бар, Билгениң болсо айткыла, Силердин кандай кебиң бар? Кызыл тилде шамдагай, Сөз куткарбайт эч кандай, Тазкара айтат ал мындай: — Кыл дегениң кылабыз, Кызматыңда турабыз. Тазкара, Тапак, Чойтолоң, Өлүмдөн калдык кутулуп, Мойунду кандай бурабыз? Алмабаш менен эт көйнөк, Бизден да мурун өзүңө, Пайдасы тийет көбүрөөк. Мен билгенде таң менен, Күндөн мурун саар менен, Куткарбас чыгат акырып, Башкабызды теңсинбейт, Атыңан айтып чакырып, Алы келбей калганда, Качып берет далбаңдап, Он балбандан үчү өлдү, Жети жерден жол тосуп, Жолтоо кылат дардаңдап. Журттан чыккан шумпай кыз, Бизди тосот сыйкырлап. Кумсар сыйкыр өзүңө, Адам уулу укпаган. Көп найзаны көргөзөт, Баатыр Сейит көзүңө, Алма башты ала жүр, Керек болот өзүңө. Биз билбеген дагы бир, Сонун барбы өзүңдө? Кулак салып угасыз, Тазкаранын сөзүнө, Алты түркүм киши бар, Жашыл жээктин өзүндө. Жашыл жээкке барганча, Жети жерден жол тосуп, Жолуңан чыгат каргаша. Качып жүрсө Куткарбас, Аларда болот ал канча? Эрте болсо эки айда, Кечиккенде беш айда, Жашыл жээкке барасыз, Качып барып Куткарбас, Дем өткөрөт аңгыча, Дем албайсыз канча күн, Куткарбас жанын алгыча. Кумсар сыйкыр салганда, Куткарбас күчтөн тайганда, Жашыл жээктин элдери, Бөлүнүшөт эки ача, Көбү келет сиз жакка. Көрбөгөмүн уккамын, Жашыл жээк менен сары кум, Кошулушкан жеринде, Жалгыз камыш бар деген, Ошол камыш кыркылса, Агып кетет кан деген, Сыйкырдын жаны ал деген. Өлтүрөм деп сыйкырын, Кумсарды кууп көрбөгөн, Көөдөндөн жаны чыккыча, Колунан бербейт өнөгүн. Кумсар өлсө кум тиштеп, Кайра келет Куткарбас, Шум канчыктан маана издеп. Канчыктан айла кеткенде, Алкымдап ажал жеткенде, Чыдай албай жинденип, Тапан ханды өлтүрөт, Өзөгүнөн өрт күйөт, Ичинен кызыл кан жүрөт. Шумурай кызды алам, дейт Мен кумардан канам, дейт. Шумурай ага алданбайт, Эркек менен бир болсо, Сыйкыр кылаар ал калбайт. Шумурайды Куткарбас, Кармап берет биздерге. Куунайза өлгөн башында, Кумсар сыйкыр дагы өлгөн, Балбандардын баары өлгөн, Калбай такыр түгөнгөн, Сардарлар жок алдында, Самсаалап сабдал болгондо, Саа жалынбай ошондо, Заары бойго толгондо, Өзүн-өзү өлтүрөт. Деп Тазкара турганда, Доолбас үнү угулду, Куткарбастын элинен, Урушка доол урулду. Аңгычакты болбоду, Чуулдап сайрап быжырап, Талаанын молдо торгойу, Жандын баары, кыбырап. Жан-жаныбар мыдырап, Жолдун бети зуулдап, Зыркаар жүрүп дуулдап, Камыштын башы шуулдап, Чымчыктын баары чулдурап, Талааны бети закымдап, Куткарбастын кошуну, Болуп жаткан ызы-чуу, Аттуусу атчан, жөөсү жөө, Майданга карай чубурду. Эр Сейиттин тарабы, Чойтолоң берип буйрукту, Майданга аскер сап болду, Өйүз-бүйүз эки кол, Талаанын бетин жык толду, Андайды мурун көрбөгөн, Ал жергеди элдерге, Кыйамат кайын нак болду, Бала баатыр Сейитке, Бул канчалык иш болду, Талаанын бетин чаңдатып, Тарамышын чыйратып, Караганды таңдантып, Калың элди даңдантып, Баатырлар чыгар кез болду, Ушу кезде Куткарбас, Чычкансур минип суурултуп, Туулгасын тултуйтуп, Сакал жок эгин мултуйтуп, Артынан чаңын бургутуп, Айбаты көптү жапырып, Топону көккө сапырып, Кан ичме кыргыз, чыккын, деп, Сейитимди чакырып, Өңү сары, көзү көк, Оттук таштай чакыйып, Токтобой көзү ойноктоп, Сүзөнөк уйдай акырып, Күңгүрөнүп, күүлөнүп, Күүгүмдөгү устадай, Токтобой бети түрдөнүп, Ачуудан заары төгүлүп, Жан алгычтай көрүнүп, Айталбай сөзүн буулугуп, Так келбей тили бузулуп, — Мен Куткарбас, сен Сейит, Жер бетинен жан туулуп, Баатыр болбойт менчелик, Өзүмдү өзүм өлтүрөм, Боло албасам сенчелик! Бетиме беттеп келе албай, Берини карай жыла албай, Турасыңбы сенделип? Өз алыңды биле албай, Эрсинесиң керсейип! Ажал айдап келбесе, Тийбеген кызды алам, деп Не келесиң темтейип?! Карым казык болгуча, Башым жаздык болгуча, Кармашканым кармашкан, Заарымды салып жыландай, Арбашканым арбашкан! Баатыр болсоң бир күндүк, Жарым күнгө калтырбай, Эки колуң байласам, Жылаңайлак, жылаңбаш, Тартаңдатып кубалап, Таласты карай айдасам! Таласка Жакып барганда, Бир көзүңдү олойтуп, Бир жагыңды чолойтуп, Кененимди баш кылып, Мен дегенди кошултуп, Чоң чарага мууздатып, Канга камыр жуурутуп, Бооруңду майга куурутуп, Ысуулай жүрөк каныңды, Эки ууртамдан чубуртуп, Каратып туруп кыргызга, Как ошентип жебесем! Алган жарың бар болсо, Токолдукка албасам, Сыйлуу кызга сабатып, Күң азабын салбасам! Күн чыгыш менен күн батыш, Силерден өлдү канча алп, Чакыртып келип аларга, Айак асты кылбасам! Алтымыш уруу алашты, Аштык айдап силерге, Дан жеткирген Коконду, Бүт жоготом ошондо! Деп Куткарбас күбүлдөп, Сүйлөп жатат дүпүлдөп, Чойтолоң менен Тазкара, Эми кандай болор деп, Көтөндөрү бүлкүлдөп, Каарынан чочконун, Жер титиреп сүлкүлдөп, Доолбасы күч алып, Урулуп жатат дүңкүлдөп, Жердин бети ачыла, Күндүн мурду чачыла, Кененимдин эр неме, Теңдеши жок дегеле, Тентек туулган эр Сейит, Жыйырма бирде ойулгур, Минген аты Телкүрөң, Чабына батпай сойулгур, Башын тартып чулгутуп, Жолдун чаңын бургутуп, Аркардай таңын түрүлтүп. Аркадан чаңын сүрүлтүп, Кош аң келсе кокустан, Туйак какпай түйүлтүп. Келгин селдей түрү бар, Бала баатыр эренде, Ажыдаардын сүрү бар. Ошондогу Сейиттин, Жайын абдан угуп ал. Сейитимдин жанында, Ондон жыйырма кулжа бар. Алдында келет жолборсу, Бирге жүргөн жолдошу, Ээрчип келет артында, Олуйа кызыл колдоочу. Алп каракуш үстүндө, Учуп келет калкылдап, Күмүштөн бетер канаты, Күн чагылып жаркылдап, Бүркүт келет алдында, Эки көзү жалындап, Кыргый келет зыпылдап, Карчыга келет кыпылдап, Ителги келет баркылдап, Ылачын келет куулдап, Канатынан куу чыгып, Угулуп доошу шуулдап, Сол жагында кызыл пил, Оң жагында баатырдын, Жайдак келет Кызылсур. Кызылсур жайын угуп ал, Шер Сыргактын Телкызыл, Телкүрөңгө жардамга, Арбактар жумшап келаткан, Алп каракуш көрүнгөн, Жалгызетин ак канат, Баркылдаган ителги, Семетейдин Акшумкар. Куулдаган ылаачын- Чоң казатка барганда, Көк күлдү кыштап калганда, Олуйа Кошой эрмекке, Өрдөккө салган куу кумпай, Кыпылдаган карчыга, Алп Төштүк салган кыргоолго, Кастарлаган куш эле, Зыпылдаган Кыргыйек, Бекер кыргый ал эмес, Букардагы Темиркан, Көз тийет деп кызыма, Байлап койчу Кыргыйек, Каныкейдин жанына, Жандап жүргүн кызыл пил, Таамай угуп айтып жүр, Бабасы айкөл Манастын, Ардактаган кара лөк, Баштап жүргөн алдында, Арстан Манас барында, Агытып жүргөн Кумайык, Өткөндөрдүн белгиси, Сейитке келип ылайык, Оңойбу Манас оорагы. Ойлоп көрчү, калайык! Ошолорду көргөндө, Куткарбас калды далайып, Эмне дээрин биле албай, Маңдайда көзү алайып, Күүсү качып бойунан, Колу-буту шалайып, Кумсар сыйкыр, сулуу кыз, Жиберет качан мага, деп, Жан жагына каранып. Алдыңкы ээрдин тиштенип, Үстүнкү ээрдин жаланып, Кара тумоо болгондой, Күүгүмдөн көзү тунарып, Бетинен качып кызылы, Керсары тартып кубарып. Кумсар менен шумурай, Албан-албан дубасын, Салып жатат дем албай. Сейитимдин жанында, Көзүнгөндүн баарысын, Чыныгы болгон иш эле., Ар канча салса сыйкырды, Болгону жок дегеле, Өткөндөрдүн оорагы, Көрүнүп турса түр менен, Сыйкыр беттеп барабы? Ошончону бул жерге, Өзүн бурбай жеткирген, Жолго түшсө билинбей, Була болуп буралган, Сууга кирсе ак чабак- Балык болуп кубулган, Аккуу болуп асманда, Учуп жүрсө Айчүрөк, Атагы элге угулган. Тигилердин баарысын, Чоң энем кылбай ким кылган? Ар намысын сактаган, Семетейден башкага, Эмгичекти азбаган. Көрүнгөндүн баарысын, Айчүрөк жыйбай ким жыйган? Айчүрөк жыты жеткенде, Сыйкырдын баары тыйылган, Айчүрөктөн сыйкырды, Бул дүйнөдө ким кылган? Олжого түшкөн кезинде, Айчүрөккө өзгөртүп, Албарстыны кубулткан, Албарстыга жалынтып, Кыйазды антип куруткан, Сейтекти чоңойтуп, Кыйындыгын тааныткан, Тоотору тилин байлаган, Сандап келген зарылдар, Айла кылса амалдап, Ар намыстан тайбаган. Ок аттаган Айчүрөк, Карасанга кадалган, Октор түшкөн деп жүрөт, Адалдыгы Чүрөктүн, Ак калпак кыргыз эл билет, Ак калпак кыргыз элинде, Акыр заман болгунча, Айтылып Чүрөк тең жүрөт, Жер түгөнсө түгөнөт, Чөп түгөнбөй көгөрөт, Эл түгөнбөй көбөйөт, Өлбөй Чүрөк тирүү,деп, Үмүтүн кыргыз эл үзбөйт, Жалгыз Чүрөк эне эмес, Абаң Бакай, Каныкей, Эр Семетей, Күлчоро, Айчүрөк менен беш киши, Баарысынан тең үзбөйт, Элге жаккан эр өлбөйт, Өзү өлсө да кеби өлбөйт, Эки ургаачы, үч эркек, Өлдү деп айтса тил келбейт, Ошондуктан бешөөнүн, Өзү тургай иши өлбөйт. Атагы кыргыз эл болгон, Арбагын сыйлап Манастын, Өлдү дебейт баласын, Кандай айтат өлдү, деп, Карыйа Бакай абасын, Каныкей сындуу энесин, Айчүрөктөй жеңесин? Гүлчорону өлтүрбөйт, Манас менен эмчектеш, Алмамбеттин керээзин. Каны качып Куткарбас, Кайрат кылбай тура албас, Мурда эки жыгылган, Жана кирди беттешип, Намысы жок уйалбас. Күчүн күчкө улады, Күүлөп найза сунганы, Сейитимге урбастан, Урчук кара дөбөнү, Качырып келип урганы, Тоо туруштук кылбады, Топодой тозуп жоголду, Сейитимге өз күчүн, Көрсөтмөкчү болгону, Менден коркуп Сейитим, Жазганат деп ойлоду. Он төрт жашта кезинде, Кең Керкиттин түзүндө, Карадөөдөн качпаган, Качпай уруш баштаган, Эти тургай сөөгү жок, Талкан кылып таштаган, Урпагы Манас жаш арстан, Элге айтылып эрдиги, Эмгичекти жоголбой, Келе жатат бул дастан. Кагазга жазган пенде жок, Ооздон оозго жалгашкан. Ал Манастын тукумун. Эп келтирип эрдигин, Элге кантип айта алам? Тоо томкоргон Куткарбас, Токтоо кылып турбады, Тартып алып найзасын, Эр Сейитке сунганы. Бадырек сунган найзадан, Күркүрөгөн үн чыгып, Учунан жалын от чыгып, Бир укмуштуу көрүнүп, Жан алучу түр чыгып, Куткарбастын өзүнөн, Оп тартуучу ажыдаар, Так ушундай сүр чыгып, Алдында минген Чычкансур, Күүсүнөн шамал зыркырап, Үстүндөгү Куткарбас, Көзүнөн жалын шыркырап, Эр Сейитке найзанын, Учу жетти чукулдап. Конушбай менен Тазкара, Аа кошулуп Чойтолоң, Сейитим кандай болот, деп, Ыйлап турат букулдап, Баатырдын уулу Кара көк, Кайраты жаштан бир бөлөк, Кирпик ирмеп көз жумбай, Күүлүү келген найзаны, Учунан улай кармады, О дүйнө кеткен айкөлдүн, Колдой көр деп арбагы, Сендиректеп Телкүрөң, Очойо түшүп оңолду, Өйүз-бөйүз элдерге. Мындай сонун болбоду, Куткарбастын элинин, Ындыны өчүп жоголду, Сабы колдо Куткарбас, Учу Сейит баатырда, Тарткылашты далайга, Жараткан кандай күч берген, Бул экөөндөй балбанга! Үзөңгүгө такандап, Кобо калып тамандап, Силкип тартты Сейити, Суурулуп чыга жаздады, Куткарбастын кечири, Эсине түштү ошондо, Куткарбастын мурунку, Мен-менсиген кесири, Кара жанга күч келип, Ээрдин кесе тиштенип, Эми сууруп алам деп Күчөп тартат мекчейип, Маңдайында эки көз, Чанагынан чыкчуудай, Жайнап чыкты чекчейип. Тарткылашты көпкөчө, Күчү ташкан бул экөө, Чыдаштык жыгач кылалбай, Чойулуп жиптей кычырап, Үн угулуп кычырап, Орто жерден найзасы, Үзүлдү эки бөлөккө, Найза колдон кеткенде, Балтасын алды Куткарбас, Арта салып ийинге. Эшик эндүү чоң балта, Эр түгөткөн бул балта, Томкорулчуу далай тоо, Сырты менен чапканда, Тең жарылып кетүчү, Мизи менен чапканда. Жазылыгы баатанын, Кере кулач төш жары, Калыңдыгы балтанын, Апыртпайын төш жары, Сырты тектир секидей, Кимдер чыдайт баатага, Баш калкалап бекибей, Тиктеп турат Сейитим, Эчтемеден шекибей. Үч айланып майданды, Айгайлады Куткарбас, Каар төгүлүп бетинен, Кайраттанды Куткарбас, Алда канча түрдөнүп, Айбаттанды Куткарбас, Сейит эмес ал жерде, Зоңкойгон чоку болсо да, Балта тийсе соо кылбас, Чычкансур кулак жапырып, Өзүнүн атын чакырып, Сейитимге балтаны, Шилтеп калды Куткарбас. Сейитимдин өнөрү, Адамзаттын баласы, Мындай кордук иш кылбас. Жандай түшүп кабылан, Найза кагар кол балта, Чыканактан көтөрө, Кагып өттү алдынан. Чыканактын кырк мууну, Талкаланып кеткени, Куткарбастын балтасы, Жерге түшүп кетти эми. Кудай урсун Куткарбас, Эрдигинин чеги жок. Найзасын белден үзүлтүп, Балтасын колдон түшүрүп, Ичи жалын, боору чок, Кыйкырыгын күчөтүп, Кылычын тартты кынынан, Кылымда мындай урган жок, Бала баатыр эр Сейит, Эми карап турган жок. Эрен Сыргак көкжалдын, Сыр найзасын колго алып, Сыздырып күрөң күлүктү, Сырттаның кетип баратты, Көркү башка экен, деп, Көргөндүн баары жаратты, Төбөдөн ылдый жумшады, Куткарбас болот жаракты. Чапкан кылыч жеткенче, Жетсе кесип кеткенче, Кармаган кылыч колуна, Каржиликтин булчуңга, Найза учу жеткени, Тай торпоктой булчуң эт, Жара сайып өттү эми. Куткарбастын колунан, Кылыч түштү шаңгырап, Жалпагынан жатканы, Кумга түшүп жалтырап, Чыканакка балта жеп, Каржиликтен найза жеп, Тай торпоктой булчуң эт, Жерди карай салаңдап, Айласын таппай Куткарбас, Маңдайда көзү алаңдап, Чокмор чабар кол калбай, Эрдик кылар жол калбай, Өлүмдөн башка ойу жок, Чычкансурга ишенип, Качпай турган жолу жок, Кылчайып артын карады, Кумсар сыйкыр, шум канчык Аларга кабар салганы. Бала жолборс жаш Сейит, Пери уулундай теңселип, “Амалың койбой кылып бак, Арбагы бабам колдосо, Боломун, деп, сенчелик” Пендеби деп бейлебейт, Адамбы деп элебейт, Куткарбасты кара көк, Бучкагына теңебейт: — Эрлигиңен ажырап, Эсиң кетти, Куткарбас, Боло бергин элиңе, Тирүү калып өзүң баш. Эрлик кандай, жол кандай, Боло бербейт айткандай, Найза сайдың айанбай, Кылыч чаптың тайманбай, Эчтекени көрбөстөн, Көөнүңдөгү кепти айтып, Күрпүлдөдүң ар кандай. Таласыңа барам, деп, Ак калпак кыргыз элиңди, Бүлдүрө чаап алам, деп, Эми турдуң дүктүйүп, Айланы кандай табам, деп. Мен айтайын, Куткарбас, Сенде болсо акыл-эс, Мурункудай элиңде, Жүрүшүң сага канымет. Ат изин салып Таласка, Мундан мурун барбадың, Жылкы кууп албадың, Элге бүлүк салбадың, Тапан хан менен сулуу деп, Бир канчыкка алдандың. Андай иштер ар жерде, Болуп турат ар качан, Аныңды оор албаймын, Каарым келди сага мен, Кутулуп тирүү калбайсың. Сен да калгын элиңде, Тапан хан калсын элинде, Ээ болуп тура бергиле, Өзүңөр турган эл-жерге, Сенин жаман ишиң бар, Адам кылбас иштир ал. Тирүү турган элдердин, Өзүңө окшош эрлердин, Алганын тартып аласың, Арман күндү саласың, Дос таппайсың ар жерден, Көптөп душман табасың. Мейлиң тапкын дос-душман, Ичиңде калба көп бушман, Кармап берип шумпайды, Элиңде калгын тынч-аман. Башка жерден келген жок, Жедигер кыргыз элинен, Ак сүт берген апасын, Алдейлеген атасын, Урук-тууган канчасын, Калган журттун барчасын, Кан какшатып жеп болду. Өзү сыйкыр желмогуз, Андан пайда сага жок, Жакындаса эркекке, Сыйкыры качып жоголот, Андыктан эрге жолобойт. Алданбагын, тилимди ал, Өз жериңде тирүү кал, Айткан сөзгө көнбөсөң, Акылыма кирбесең, Кан какшаттың канчаны, Баарынын кегин мен алам. Кимисине көнөсүң. Куткарбас, кебиң айта сал. Кеңешип кесер кол болсо, Уруксат кылам элге бар, Кеп-кеңешиң бүтүрүп, Анан кайтып келе кал. Кагышар болсоң тил албай, Жарагың жок майданда, Жалдырап калдың маңдайда, Кылычың жатат алдыңда, Балтаң жатат аркаңда, Жерге түшпөй ордунда, Чокморуң турат такымда, Орунсуз кепти сүйлөбөй, Обуң менен такылда. Эрмин дейсиң өзүңчө, Мен айтайын көзүңө, Калыбектин хан Калча, Аракет кылсаң ар канча, Калчачалык эмессиң, Хан Калчаны ойлосом, Сени баатыр дебесмин. Эрдигиң сенин табынча, Оозуңа келген кепти айтып, Бабырадың бир канча, Алдыңкы нөөмөт сеники, Арбагы Манас колдосо, Элебейим сени анча! Деп Сейитим токтолду, Куткарбастын ичине, Жалынсыз толгон от толду. Булчуңу турса салаңдап, Кан куйулуп салаалап, Кырк мууну сынып кыйраган, Ооруп турса кан какшап, “Эми эле айткан сөзүнөн, Сейитим кайра жанбас, — деп, Элге барып кеңеш, деп, Анысын танып албас, — деп, Он беш күндө келем деп, Күн болжошуп кетейин, Кайратымды бүт жыйнап. Жоо жарагым толуктап, Болжогон күнү келейин, Эдебин колго берейин, Бүгүнкү уккан кеп үчүн, Өлүп кетсем Сейиттен, Армандуу өлдүм дебейин, Сулууну кармап бергенче, Кармашып жүрүн өлөйүн, Колуман кантип берейин, Тирүү туруп өнөгүм” Деп ойлонуп Куткарбас: — Эрдик кылып сен Сейит, Айтканыңан танбасаң, Он беш күндүк жооп бер, Кеңеш кепке барбайым, Элебей туруп сенден мен, Колуман болдум жарадар. Тапан хан өлсө өзү өлсүн, Сулууну кармап бербейим. Айтканыңан билинди, Теңине албай сулуу кыз, Сени таштап келгени, Мен өлсөм мендей нечен бар, Жашыл жээктин жеринде, Кетпейсиң тирүү сен эми. Мен баатырмын дегенсип, Мактанып айттың көп кепти. Калыбектин хан Калча, Эрдигиң анча эмес деп, Кемсинтесиң неге анча?! Калчаны көрккө салбасаң, Ардыкпайт элем мен анча. Он беш күнүң бүткөнчө, Өз бойумду сындаймын, Жарагымды кылдаймын, Менден көөнүң ооруба, Сага ыракым кылбаймын, Ошол күнү, Сейитим, Эрдигиңди ылгаймын! Деп жалт койуп, Куткарбас, Жүрүп кетти култуңдап, Кар жиликтин булчуң эт, Тай торпоктой салаңдап, Кетип барат бултулдап. Муну мындай таштайлы, Куткарбастын калп айтып, Качканынан баштайлы.