Тапан хан менен желмогуздун Куткарбаска кошулушу
Болуп жаткан иштерди, Көзү көрүп Желмогуз, Башы айланып нес болуп, Сейитимдин кайраты, Күндөн күнгө тез болуп, Башынан өткөн иштерин, Көз алдында ойлонуп, Тапан хандын колунан, Келер айла жок болуп, Амалы кеткен шум канчык, Муну ойлойт ичи чок болуп: “Кара жаным калкалап, Качып келдим бу жерге, Тапан ханды аркалап. Ойлоп көрсөм бул жерде, Шоркөлдөгү бул элде, Оро-пара чыгар жок, Ойрон болгон Сейитке. Өмүрүм өтүп кетерби, Упурак тартып кейиште? Амал ойлоп акыл таап, Карылар айткан ар ишке, Тапан ханга туйдурбай, Барып келсем канетет, Куткарбаска ал түндө?” Арамзада канчыктын, Санаасы санга бөлүнүп, Сапырылып токтобой, Ой деңизин кечкенде, Чойтолоң менен Тазкара, Эр Тапакты кошо алып, Сейитимге кеткенде, Кыйалы кыркка бөлүнүп, Кыжалат болуп Тапан хан, Алтын такка олтуруп. Кыйамат болду Тапан хан, Куткарбас барсак белем, де, Желмогузга айтардан, Уйалып турат Тапан хан. Кыйалы калкып асманда, Көчүп барат Тапан хан, Ажал жетти өлдүм, деп Бетиндеги кызылы, Өчүп барат Тапан хан, Азыраак калган өмүрү, Көз алдында элестеп, Өтүп барат Тапан хан. Арага киши чаптырып, Сейитимге айттырып: — Үч күн берсин мөөнөттү, Эң акыркы урушка, Өзүм чыгам жабдынып. Арага киши келгенде, Үч күндүк мөөнөт дегенде, Сейит жооп бергинче, Шашкалактап эр Тапак, Мына мындай деп айтат: — Тапан хандын бул сөзү, Бизге койгон чоң талап, Үч күнгөчө Тапан хан, Куткарбаска жалбарат, Тапан хандын көй тилге, Ал Куткарбас алданат, Алты түрдүү эл менен, Аргыган шамал жел менен, Бизге келип чуу салат. Арага киши салды деп, Алданып ага калбайлы, Айласыз турат Тапан хан, Азыр барып кармайлы. Анда Сейит кеп айтат, Кеп айтканда эп айтат: — Андай эмес, эр Тапак, Атайын мөөнөт сураса, Бербей койсок биз ага, Атага наалат келтирип, Мен боломун чоң акмак. Манастан калган салтыбыз, Айласын такыр кетирип, Андан кийин жоо алмак, Чабарман келген кишиге, Барып айткын ханыңа, Абайласын алына, Абалы келсе канчага, Азыр болсун жанына, Желмогуз берсин колуна, Мен кетемин жолума, Хандыгын кылып калдайып, Кала берсин тобунда, Эси болсо Тапан хан, Карасын иштин соңуна, Акыл ойлоп адамча, Ишин салсын оңуна, Тапан хан ишти бүтүрсө, Мен барбаймын Таласка, Кайда жүрсөм сыйынам, Арбагы бийик Манаска. Эр Тапактын алчуусун, Бир кыйла элдин мал-пулун, Куткарбас алып кетиптир, Куткарбаска барамын, Элдин кегин аламын, Атам Манас шер туруп, Айанып кантип каламын? Ал Куткарбас тажаалга, Адам эмес айбанга, Арман күндү саламын! Үч күндүк мөөнөт сурапсың, Бердим сага убактың, Желмогуз экөөң кеңешип, Бышыктап эшкин тузагың. Куткарбас барар ой болсо, Жашырбай айткын ал-жайын, Амалы кеткен экен деп, Алдыңды тосуп албаймын. Самаган жерге жеткирип, Чын айлаңды кетирип, Эсебиң анан табайын. Куткарбас жайын укканмын, Бир беттешсем экен деп, Уктабай түндө кусамын, Барар болсоң уруксат, Көрүнөө барып узагын. Куткарбастын алдында, Желмогуз менен сен болуп, Эки вазир төрт болуп, Куунайза балбан, кырк баатыр Андайлардан көп жатыр, Кумсар сыйкыр желмогуз, Жардамчы сыйкыр он болуп, Жүз миң аскер топтолуп, Закым учкан чөл болуп, Каз баркылдап кечкисиз, Мелтиреген көл болуп, Карга ашып учалбас, Каркайган кара тоо болуп, Жашыл жээктин жерине, Чогулгула жык толуп. Айкөл Манас колдосо, Ачык жолуң шар болсо, Алмамбет, Чубак, Сыргактын, Арбагы келип жар болсо, Өлбөй кайып дүйнөдө, Олуйа Бакай, хан Семей, Шер Гүлүстөн бар болсо, Ишенгениң Куткарбас, Калыбектин хан Калча, Ошончолук эр болсо, Жүрөгүм коркуп жалтанып, Билегим талып калтаарып, Тартынбайын мен болсо. Келген элчи кайтып бар, Тапан ханга сөзүмдү, Төкпөй-чачпай айтып бар. Баатыр Тапак, Чойтолоң, Тазкараны таштайын, Жалгыз барам мен болсо, Арачысы кайтканы, Тапан ханга айтканы, Желмогуздун ошондо, Кетип калды шайманы, Жанынан качып жолобой, Алыстады шайтаны. Туурасы ташта түгөнүп, Мукураган тулпардай, Жетилбей канат-куйругу, Туурда олтурган шумкардай, Тактасында Тапан хан, Закым учуп чөл болуп, Башы айланып көз тунуп, Мелтиреген көл болуп. Бет маңдайын караса, Каңшаар кара зоо болуп, Мойнун толгоп караса, Карышкыр жортуп өткүсүз, Капчал кара коо болуп, Башын өөдө кылдырбай, Шилисинен басыптыр, Кайгысы кара тоо болуп, Кайгырып ичтен кан өтүп, Калп эле ыкшып жөтөлүп, Амалсыздан Тапан хан, Эс-акылы жоголуп, Чукуп алган немедей, Көзү кайнап олойуп, Ат байлоочу казыктай, Мурду чыгып коройуп, Калдайган кулак бүрүшүп, Мышыктан бетер молойуп, Узун колу кыскарып, Калгандай сынып чолойуп, Тактасында кулуйуп: “Кайдан келип ушул кыз, Калды мага жолугуп? Бекеринен Сейитке, Катышыпмын оолугуп! Кармап берсем бул кызды, Каардуу Сейит баатырдын, Казабынан кутулам, Балбан Тапак, Чойтолоң, Тазкарага тутулам. Сейит мындан кеткенче, Балбан Тапак, Чойтолоң, Кеп кылалбас Тазкара, Кеп менен чагып күнүгө, Мени кылат маскара, Куткарбаска барам, деп, Сейит айтты алдында, Куткарбастан жеңилсе, Калганды өзүм билермин, Куткарбасты оодарса, Ийинге чындап сийермин. Отун жагып өчпөстүн, Ашын ичип өлбөстүн, Күн сарысын көрөрмүн, Күндө какшык кеп угуп, Күйпүйүп жүрүп өлөрмүн. Андай күндү көргөнчө, Куткарбаска жалданып, Хан тактада өлөйүн: Эр өлтүрдүм, кан төктүм, Көп мээнетти мен көрдүм, Мелтиреген сулуунун, Кызыгын бүгүн көрөйүн. Кыздын көрүп кызыгын, Төшөктүн көрүп ысыгын, Үч күндүк мөөнөт бүткөнчө, Куткарбаска жөнөйүн”. Тапан хандын кыйалын, Такыр билген желмогуз: “Абийиримди кетирет, Тапан хан бугун бой кошуп, Тарамышын Тапандын, Керге келгис кылайын, Келгин, Тапан жакын деп, Келберсип карап турайын, Уйатымды жабам, деп, Унчуккус муну кылайын. Дуба менен байлайын, Тапан ханды жайлайын, Сылап-сыйпап кеп айтып, Куткарбаска барайын. Куткарбастын жанында, Эки увазир, он балбан, Куу найзанын жанында, Кан ичмеден кырк сардар, Жүз миң аскер куралчан, Кумсар сыйкыр, жардамчы үч, Мени менен төрт болсо, Түз болот го Сейитим, Арканча күйгөн өрт болсо. Чыдаштык берер кырк күнгө, Ар канча кыйын эр болсо.” Ойлоп болуп кара нээт, ( Андан кетпейт жаман нээт), Тапан хандын жан жерин, Жансыз кылып бекитет, Эгер андай кылбаса, Тапан ханды шекитет, Түбүндө кандай кыздыр, деп Куткарбасты шекшинтет. Кыз кызыгын эске алып, Кыткылыктап Тапан хан, Эртелеп ичип тамагын, Жатаарга жетпей ашыгып, Жарыкта чечип чапанын: Жакын келгин, күйгөнүм, Жанымды берип сүйгөнүм, Күндөгүдөн көбүрөөк, Ысып барат жүрөгүм, Кирпигиң тиктеп качан деп, Сени күйүп жүрөмүн, Өлгүчөктү жолдош деп, Өмүрүңдү тилейим. Күндөн-күнгө күч алып, Күкүрт болду Сейити, Арбытып салып ар күнү, Армандуу башка кейишти, Элимди бөлүп четинен, Эрлеримди ээрчитти, Эрликтен мени тайгызып, Эл-журтумдан кемситти. Жыргалдын даамын таталы, Таң сүргөнчө түн бойу, Аттан түшпөй нечен күн, Урушта жүрдүң күн бойу, Акылды жыйнап бир жерге, Кеңешпесек болобу? Деп, Тапан хан айтканда, Кара беттин оозуна, Кеп табылды айтканга: — Сейиттен качып келайтып, Кез болдум сага Тапан хан, Адамзаттын асылы, Сен экенсиң, Тапан хан, Сендей болсун хан болсо, Айтканынан жанбаган. Эр кишинин жанында, Ургаачы болбойт жатпаган. Убакты өтүп кечигип, Бойу өсүп жетилип, Курамына толсо да, Эркектин эрдей сүрү бар, Талаада шердин түрү бар, Биринчи күнү апкаарып, Коркот экен кыз бала, Эске алса эркекти, Ирмебей кирпик таң атып, Эмгек тартат кыз бала. Кара башым, кан бутум, Арнагамын мен сага, Курамына келгенде, Колу тийсе эркектин, Коргошундай көйкөлүп, Эрип турат кыз бала, Эми кана дегенде, Аптыгат жүрөк далайга, Апкаарып жүрүп сенден мен, Далай күн өттү арада. Сен коргошун эригем, Сүйүүгө кана мээриңен. Мен калып таш ойулган, Тамашага батарсың, Көзүмдү көрүп койулган. Ар канча жашка толсом да, Мен ургаачы корунам, Мен кутулар жерим жок, Тапан хан сенин колуңан. Кызыгын кыздын эстемек, Эркек сенин ишиң ал, Эр сагынса уйку жок, Кыздын иши, угуп кал. Керек болуп бирине, Керексиз эмес бирөөнө, Эркек-айал эңсешет, Шерик оокат экөөнө. Кыз койнуна жатсам, деп, Кызыгыма сен зарсың, Отко салбай ширеткен, Мээриңе мен зармын. Кумарың канат сеники, Кубарат жүзүм меники, Кандыбы кумары эрден? деп, Кургак кептер элдики. Кызыл канга малынып, Кызыктан чыккан сеники, Кызыл кандын ордуна, Алган мээрим меники,- Деп айтканда желмогуз, Жетине албай Тапан хан, Желпелеңдеп оштонуп, Жер түгөткөн желмогуз, Жой тилине Тапан хан, Көл болгонун билгени, Күлүмсүрөп жымыйып, Көңүлүмдө күлдү эми, Сейитимден башкага, Кыйыш кетпейт кылганы, Кылыксынып кара бет, Кыйа карап турганы. Ойлогондун баарысы, Орду-ордунда болгону, Отуз эки толгонуп, Уктай албай Тапан хан, Оодарылып жатканы, Убакты болуп түн бүтүп, Уктабай таңдын атканы, Желмогузду кучактап, Кузгундай көзү кызарып, Тапан хан, ыйлап бышактап: — Кыргыздан келген Сейити, Кыйналтып жанды кейитти, Бүгүн өтөт бир күнү, Эртең калат эки күн, Өтүп кетсе кантебиз, Мөөнөт берген үч күнү? Атта жүрүп каржалып, Жашым өтүп картайып, Бекерге кетти ушул түн, Сүйгөнүм сенден калтаарып. Өзүм эмес бүт денем, Өзүңдөн сулуу, жазганып! Өзүнөн көрөт Тапан хан, Дөөрүп сүйлөп тамтайып. Кылыксынып кара бет, Кыйа карап оштонуп, Жымың этип бир күлүп, Тиктеп калды томсоруп: — Жатамын деп ашыгып, Дал бешимден шашканың, Умсунуп турдум от жанып, Үмүттү үзүп таштадың, Дагы ушундай кур кепти, Мындан кийин айтпагын, Өзүңө айттым бул кепти, Жат кишиге айтпайым, Жашың элүү ашыпсың, Алдырап калдың бекенсиң, Кийинкисин байкайын. Дагы үч жыл күйөйүн, Этегиңе эрмешип, Эрдиңен шимип жүрөйүн. Үмүтүм сенден үзүлсө, Өзүм өңдүү бир жашты, Ошондо таап тийермин. Сейитти колго тийгизсем, Эрге тийип нетейин, Казаның кармап, кириң жууп, Дүйнөдөн өтүп кетейин. Акылы кыска Тапан хан, Желмогуздан кеп угуп, Жеңип берсең Сейитти, Сенден кетпейм деп угуп, Керге келбей калганын, Көңүлүмдө күмөн жок, Желмогуздан шек уруп, Намысты таштап талаага, Куткарбас бармак баш уруп. Куткарбасты колго алып, Сейит менен урушмак, Намысташып тең туруп. Желмогузга Тапан хан, Мындай айтат бет буруп: — Жүзүң айнек, сөзүң бал, Сөзүмө сулуу кулак сал. Чойтолоң, Тапак, Тазкара, Кошулуп кетти сен кара, Кудасы бар, досу бар, Алардын биздин арада, Бузулат биздин элибиз, Ийилбейт сынат белибиз, Эми кандай кылганда, Табылат биздин эбибиз? Куткарбас барсак канетет, Кеңешиң болсо бериңиз, Башкага да, элге да, Бирдей чыксын кебибиз, Сыр алдырбай желмогуз, Мойнун сүзүп койкойуп: — Айтканың чын, Тапан хан, Кайсы кепти мен айтам, Канча айдан бери карата, Этегиңе эрмешип, Тапан хан, сен деп келетам. Айламды таппай дал болуп, Алдыңа келдим, Тапан хан, Сейитте менин кегим бар, Суу ордуна кан аккан. Хандыгыңды билгиздиң, Мен үчүн намыс талашып, Канчаны жерге киргиздиң, Өкүмүң колдо, Тапан хан, Калган ишти сен билгин. Куткарбас ким, башка ким, Аны кайдан мен билдим? — Асманда жүрсөң канаттуу, Сууда жүрсөң кайыктай, Өнөргө канган өзүңүз, Буруусу жок бул жерде, Карап турган көзүңүз. Кайкып учсаң канатың, Бир айлык жолго бир күндө, Барып келчү адатың. Жиберди деп Тапан хан, Куткарбаска айтып кел, Күтөбү бизди күтпөйбү, Анык сырын тартып кел, Күндүн нуру чыкканча, Ушул жерге кайтып кел, Куткарбастын бар кебин, Төкпөй-чачпай айтып кел. Деп шумпайды Тапан хан, Сыздырып жолго салганы, Бала кептүү шумпай кыз, Барган жери Куткарбас, Тапан хандын саламын, Куткарбаска билгизди, Өзүнүн барлык амалын: — Тартып алып катынын, Тапакка кайгы салыпсың, Сейитке Тапак кошулду, Сен балаага калыпсың, Сейитиге кошулду, Чойтолоң, Тапак, Тазкара, Кайдан тапты кошууну, Жерге батпайт сан кара, Өтүп кетпей беш күндөн, Сейит келет сен жакка, Сейит өзү эр экен, Эр турмайлык шер экен, Он алты жаштан бер жакка, Беттешкен пенде жок экен, Чапканын тирүү кетирбес, Колу кандуу шок экен. Жалгыз кара бир башын, Сан кишиге баалаган, Кол салышып бет келген, Кутулбай тирүү бир адам, Жайнаган калың топ болсо, Жазайыл атка ок болсо, Жазганып кайра жанбаган, Айлап чапса кылычты, Тарамышы талбаган, Алдында минген Күрөңү, Чаалыккансып калбаган, Бул Манастын уулунун, Барбаган жери калбаган. Күн батышта жети дөө, Ар кимиси бир дөбө, Хан Калчаны баш кылып, Албаган эри калбаган. Ысыкты-ысык билбеген, Суукту көзгө илбеген, Алданбаган көл тилге, Арданбаган шок тилге, Жетпегинче тынбаган, Нээтиндеги ишине, Чечилип сырын айтпаган, Адамзат пендеге. Сырыңды билет бир көрүп, Кирип чыкпай ичиңе, Мындай укмуш жан болбойт, Мен көргөндө кишиде, Толкундап турат деңиздей, Бүт дүйнөнүн баарысын, Батырчудай ичине. Кыл муруту кыйшайып, Күлгөнсүбөйт деги эле. Бул Сейитти мен билсем, Жетимиш эки кыры бар, Тирүү жан билбес сыры бар, Жыйырма жашта бул күндө, Бүтпөй турган чыры бар. Кыргыздын эли Сейитти, Кыйамат кыйам болгунча, Түгөнбөй турган ыр кылар. Тапан хан курбуң жиберди, Алдыңа келдим, Куткарбас, Өзүңө келдик арз айтып, Айлабызды өзүң тап, Шоркөлдө калды чачылып, Тапан хандын алтын так, Жетисууда меники, Ээн калды жемиш бак, Ургаачыда мен карып, Алтын тактан ажырап, Тапан хан болду бир карып, Алдыңа келдим, Куткарбас, Карыптын баары жамдалып, Элден, жерден ажырап, Самандан бетер саргарып, Тер агызып денеден, Капкайдан келдик сандалып, Олтурабыз дарт айтып, Мына мунтип какшанып. Жашыл жээк экен жериңиз, Алты түр экен элиңиз, Арзандык менен сеники, Ийилбестей белиңиз, Айла кетип алсырап, Адашып элден тамтырап, Алдыңа келип турабыз, Тилемчидей самтырап, Сейитиге туйгузбай, Тапан хандын жанына, Мен кетейин батыраак. Жардам колуң сунбасаң, Жарытып жооп кылбасаң, Тапан ханды ээрчитип, Мен барамын чыгышка, Чыгыштагы беш урук, Баары душман кыргызга. Чыкпаса да бел байлап, Кыргыз менен урушка, Чыгыштын жери өтө кең, Баш маана болот турушка. Биз кетебиз жолобой, Чойтолоң, Тапак, Тазкара, Сейитини бул жерге, Баштап келет жөн койбой. Биз келсек да уруш бар, Биз кетсек да уруш бар, Жашыл жээктин жеринде, Кан төгүлчү жумуш бар, Такыр алдың Шоркөлдүн, Сулуу кызын, уздарын, Калтырбадың жерине, Көзгө илинер бүт баарын, Тапактын алдың катынын, Сейитке Тапак кошулду, Куткарбас кайда акылың? Биз менен бирге жолго түш, Чыгышты карай акырын. Сейитиге катышпа, Тилимди алып, баатырым. Тапак алат катынын, Сейит алат жаныңды, Тазкара алат малыңды, Чойтолоң алат шаарыңды, Эл ичинде кетирет, Мына минтип арыңды. Манастан калган адаты, Сейиттин ата санаты, Беттешкенден жан алат, Канын чайкап шаар алат, Элден чыккан узуңа, Өңү нурдуу кызыңа, Кызыл көтөн балаңа, Кызыл ээк чалыңа, Кызыл алтын зарыңа, Жер жайнаган малыңа, Кылчайып койбойт баарына. Казына койбойт тамыңа, Бөлүп берет калтырбай, Жетим-жесир баарына. Мына мунтип элиңди, Жипсиз тартат жанына. Тирик жанга бок дүйнө, Аркан-жипсиз байланта, Дүйнөгө элиң байланат, Колуңан кетип өнөгүң, Тунарып башың айланат, Өңүнөн азып тууганың, Кышкы чөптөй саргарат. Кытылдап күлүп душманың, Кыйа карап шаңданат, Көзүң менен көргөндө, Күрмөлбөй тилиң байланат. Жарык күн күүгүм түн болот, Сен турасың амалсыз, Капастагы кушка окшоп. Өз элиң кылбайт өрмөттү, Кайта бербейт Сейити, Колуңа кайра нөөмөттү. Кан ичип ичтен сызасың, Өзүң өлүп кеткенде, Ким алат сенин кысасың? Бир жылга толуп баратат, Жүз миң аскер элүү эр, Сейит менен кармаштык, Теңдеше албай Сейитке, Баарыбыз кылдык жармачтык, Кол узараар бекен деп, Эми өзүңө келип арз айттык. Анык курбуң дебеймин, Тапан хан сизге тең эмес, Сени мактап ашырып, Айтып жаткан кеп эмес, Тапан да сендей хан экен, Жери кеңир, эли көп, Ал тарабы жай экен, Кызга көзүн кызарткан, Ал сугалак жан экен. Анткен менен Тапан хан, Элүүдөн ашып жашы өтүп, Карып калган чагы экен, Тапан хан менен тең туруп, Сейитини жеңгенде, Мага заман тар экен. Ажыз экен ургаачы, Эркектен төмөн кор экен, Карыга башы чатылса, Өз теңтушу болбосо, Ургаачыны шору экен. Сейиттен көргөн кордугум, Ойлонгондо мен шордуу, Тапан хандын зордугун, Уктабай таңды атырып, Кулпуга күндү батырып, Тапан хан алса кантем дейм, Шорумдун менин катырып. Көөнү түшпөй кыз бала, Көргүсү келбейт башканы. Көөнүм түшпөй, көз тойбой, Жек көрдүм Сейит арстанды, Тапан ханга тушугуп, Башыма таптым балааны, Табалбай жүрүп мен издеп, Баш калкалар маананы, Токтотор дары табалбай, Селдей аккан санаамды… Деп Желмогуз жоожурап, Оозу менен кобурап, Оңдоп-солдоп саамайын, Отуз эки сылады. Тиктеп калып Куткарбас, Отуз беште өзү жаш, Желмогузга суктанып, Ичиндеги сырды айтат: — Чын айтасың сулуу кыз, Бүгүн мага болдуң туш, Тапан хан, кары билемин, Карыга башың кошулса, Таштай катат тилегиң, Муздай тоңуп жүрөгүң. Арстан дедиң Сейитти, Жыйырма да жаш дедиң, Эмне качып жүрөсүң? Элиңди талап алдыбы? Эмгекке башың салдыбы? Малыңды талап алдыбы? Балаага башың салдыбы? Кандайынан жоо болдуң? Сыйкырмын дейсиң өнөрпоз, Зыркырап неге кор болдуң? Кандай келип сулуу кыз, Тапан ханга тушуктуң? Баштан-айак түйүнүн, Бар ишиңди туйунткун. — Сен сурадың, Куткарбас, Мендей шордуу ажыздар, Сыр айтуудан баш тартпас, Мен сырымды айткынча, Мени карап түн турбас. Бүгүн түндөн калганда, Күмөн кылат Тапан хан, Мени берип Сейитке, Сакалы ылдый жаш кетип, Зыркырап келип отуруп, Сени салат кейишке, Сыр сурайсың туйгузбай, Мүдөөңдү айтчы ичиңде, Сөз чынынан бузулбайт, Мен айтпайым эч кимге. — Эмгичекти, сулуу кыз, Сендей көрктү көрбөдүм, Алыска сапар барбадым, Жат элден сулуу албадым. Жан жүрбөстүн чөлүндө, Жашыл жээктин жеринде, Жайнап жаткан элинде, Өңү жылуу жан болсо, Кары -жашын ылгабай, Ал ургаачы бар болсо, Эри жогун деги алдым, Эрлүүсүн тартып дагы алдым, Сулуу аты бар болсо, Өзү ургаачы жан болсо, Баарысын такыр мен алдым. Өзүң айттың, ай сулуу, Катынын тартып алыпсың, Тапак сага кас, дедиң, Кан ичме кыргыз Сейитти, Кектүүлөргө баш, дедиң, Көтөрө чалып Сейитти, Мага айтышың кай кебиң? Сөз чынынан бузулбайт, Чын сырыңды айт, дедиң. Тапан хан кары, сен жашсың, Тапан хандан баш тарткын, Бар ишиңди бүтүрчүү, Тирүү турам, мен бармын Терип сүйлөп термелеп, Самындай эзип олтурбай, Ушул сырым, мен айттым, Көңүлүң болсо мен жакта, Сөзүңдү токтот, тез кайткын, Куткарбас бизди колдойт, де, Тапан ханга сен айткын. Алты тендүү элим бар, Жашыл жээктей жерим бар, Кумсар сыйкыр куу найза, Алар турса жанымда, Эминеден кемим бар, Кеңеш берсе Тапан хан, Кериле басып сен турсаң, Эки вазир он балбан, Жана да бар кырк сардар, Бир эмес Сейит жүз болсо, Тирүү кетпейт ал менден, Тарпы чыгат таш талкан, Бышыктап айтам мен сага, Айтканыңан танбасаң. Сөзүңдү танып жазгактап, Кылтылдасаң кыйшактап, Сенин да жаның мен алам, Бир Сейити жүз болсун, Мени менен касташса, Топодой тозуп түз болсун. Адам эмес айбандан, Барганынан жан алган, Отуз эки пилим бар, Жолборс менен шерим бар, Аскер жүз миң, билип ал, Төкпөй чачпай укканың, Тапан ханга айтып бар. Ээрчип келсе силерди, Кененимдин Сейити, Кең дүйнөсү болсун тар, Андан башка жан билбес, Далай ишим жана бар. Шум канчыкка суктанып, Оолугуп сүйлөп Куткарбас, Оозунан көбүк буртулдап, Көрүп туруп шуркуйа, Токтоно албай култулдап, Сейитини жеңер, деп, Жеңилип калса Сейиттен Амалым менин кетер, деп Кош эмесе, деп койуп, Жүрүп кетти шуртулдап, Ачып көздү жумгунча, Кирип келди мултуңдап, Кыйналганын сездирип, Тапан ханга чултуңдап: — Кадырлуу хан, сен, деди. Куткарбаска көрүшүп, Кайтып келдим мен, — деди. Бүрсүгүнү таң менен, Бүтөт мөөнөт күн, — деди. Жолго чыгар мезгилиң, Ушул бүгүн түн, — деди. Тур ордуңан, Тапан хан, Биз кетели жүр, деди. Астыртан киши жиберип, Аскерди жолго салыптыр, Тапан хан менен шумпай кыз, Таң шооласы убакта, Куткарбаска барыптыр, Кур кайратка семирип, Кубанып булар калыптыр. Муну мындай таштайлы, Сейит менен Куткарбас, Беттешкенден баштайлы.