← Манас 1/3

Сынчыбектин тактыга отурушу

Сарбаздар атты жетелеп, Жүгүрүшүп энтелеп, Калдаңдашып ашыгып, Кары жашы шашылып, Калдалаңдап жүгүрүп, Кашкалаңдап сүйүнүп, Аттарын туура тартыптыр, Үзөңгүгө бут салып, Шаардан чыкты аттанып. Кокондон чыгып тоо бойлоп, Ташкенди карай түз басып, Журт аралап жүрбөдү, Тийбеди элге тимеле, Кең Ташкендин четинде, Самаркан жаккы бетинде, Боз бел деген жер экен, Ой менен тоосун белгисиз, Түнөргөн токой чер экен, Көргөн менен көрбөгөн, Уккан менен укпаган, Кайберендин кени экен, Берки бет боз белгин, Кырчындуу деген жер экен, Жер-жемиши мол экен, Анча-мынча алмасы, Кой башынан чоң экен, Жолборсу бар шери бар, Азулуунун ээри бар, Аралап адам кире алгыс, Түнөргөн токой жери бар. Кара суу агып шаркырап, Эртеден кечке жалбырак, Шамал тийсе шылдырап, Үн алышып канаттуу, Сайрап жатат чуркурап, Мурунга кирсе аңкыган, Жыты сонун буркурап, Кара бура кашкалдык, Каркырда жүрөт жорголоп, Коркок жандын барысы, Токойго кирип корголоп, Эликтер жүрөт молдоңдоп, Төө куштар жүрөт койкоңдоп, Токойдо каманкабышып, Куландар ойноп жарышып, Бугусу сазды бойлошуп, Аралды марал топтошуп, Өрдөк, казы аралаш, Көлдөн балыр оттошуп, Булбулу сайрап үн салып, Муңдуу менен муңканып, Жөө бастырбай адамды, Белден чөбү чулганып, Кыз чачындай чырпыктар, Сыдырымда ыр чалып; Күкүк, зейнеп – эки ашык, Чакырышып үн салып, Мунарыктап буу басып, Турган экен Кырчынды, Күн тийгенде көл сасып, Эки күн жатты жай алып, Өргүтүп атын дагы алып, Айкөл Манас баш болуп, Бир белге чыкты чубалып. Кароолчу турчу бел экен, Кайгуулчунун жолу экен, Эки жагы жалама, Орто жери ач белес, Ашуучу жолу ушу экен. Эндекей турган кароолчу, Элебей калган болуучу, Алдында келген Ырчы уулга, Катташып калды кароолчу, Ырчы уулду көргөндө, Кайра тартып качарга, Аты жок минген алдында, Жетип барды жанына, Кароолчу айтты камына: — Келбей туруп жооп бер, Жакындабай жаныма! – Ороолонуп Ырчы уул, Орой сөзү мына бул: — Кароолчум, өзүң сен бир кул, Келбесем кайда барасың?! Келсем эмне кыласың?! – Кароолчуга Ырчы уул, Оолуга кетти сүйлөнүп, Жан алуучу эмедей, Жаасы катуу сүрдөнүп, Жалгыз эмес Кароолчу, Алты-жети киши экен. Жоросуна ишенип, Чороңдогон иш экен, Ырчынын сүрүн көргөндө, Баардыгы турду сүрдөшүп, Айдабалды чогултуп, Алдына салды дүрбөтүп. Бер жактагы элдерге, Алып жетип келди эле, Кароолчулар алдырап, Билгени айтып саламды, Билбегени балдырап, Башын салып шылкыйып, Баары турду жалдырап, Сүйлөсө тили күрмөлбөй, Мууну кетип шалдырап. Анда Ажыбай муну айтат: Кароолдо турган адамдар, Кайра элге баарыңар, Ханың – Банус, Карилип Бизден кабар салыңар, Менин айткан сөзүмдү, Унутпай эстеп алыңар, Бүлүктү мурда салыпбыз, Тынч жаткан кыргыз элге, де, Кабылан Манас келди, де, Боз белдин кайкы белин, де, Кайгы салбайт экен де, Камсыз жаткан элдерге, Так он күнү күтөбүз, Келе албасаң он күндө, Жылкыңа кайдан тиебиз? Ташкен деген калааңа, Талкалап бузуп келебиз! Араникте калмакка, Каралашты Банус хан, Эми келип Ташкенге, Аралашты Банус хан, Кыргыздын малын чабышы, Бардыгынан эң жаман! Белдүү болсо Карилип, Келсин мында Аламан, Кол куушуруп жолукту, Чоң Кокондо Сынчы хан, Кол салышып урушса, Биз коркпойбуз кыргыздан, Аңкоолук кылып алдаса, Алалбайбыз мал-пулдан? Банустан кечер жери жок, Баатыр Манас кабылам. Турбагыла жалдырап, Элге барып кабар сал, Ханың – Банус, Карилип Эки дөөгө айтып бар? – Ажыбайдан кеп угуп, Кутулдук деп ажалдан, Кароолчу кетти чубуруп, Кыш жакындап калган кез. Тунарыктан суук болуп, Бугунун жешип жайасын, Аң кийикке кызыгып, Элешти тоонун арасын. Күндө сонун атышып, Тамашага батышып, Тоо текенин чоңунан, Көп бөрү кылып тартышып, Ойунга булар батыптыр, Айткан он күн болгунча, Ушинтишип жатыптыр, Койуп берген кабарчы, Ханына кабар айтыптыр. Банус менен Карилип, Чоңдору бирге отуруп, Масилетин кылышты, Акылдарын толтуруп, Элдешүүнү эп көрдү, Көбү чайнап баштарын, Ичинде мындай ой туруп: “Алдыңкы элдин кегин кууп, Манас келген турбайбы, Жыпжылма түптүз кылбайбы? Беттешип чыксак белсенип, Араниктей кырбайбы?! Ким күнөөлүү, кимдер сак, Көпчүлүктү ылгайлы? Шорубуз кайнап,туз татып, Ажал жеткен турбайбы?!”– Карилип буга болбоду, Урушарды болжоду, Эркин өскөн керилип, Уруштан калбайт эринип, Бекер жатып калаада, Калган болчу эригип, Барабан уруп, баң тартып, Аскерин жыйды желигип, Чогултуп черүү чубатып, Төөсү менен нарына, Огу менен дары артып, Ок өтпөгөн тон артып, Жоо жарагын мол артып, Азык-түлүк дагы артып, Казандын көтү карарган, Түтүндөн бирден киши алып, Айдап чыкты черүүсүн, Артынан жегин чубалтып, Ырысын кыркып кыргыздын, Аламын деп эр сайып, Боломун деген ойдо жок, Өзүм бир күн чоң майып, Калаанын чыкты четине, Ала байрак туу жайып, Карилип, Банус келди, деп, Арбын экен, мейли, деп, Кылычка камап кырылтып, Жок кылабы элди, деп, Айкөл Манас баштаган, Айчыгы алтын туу менен, Урушаар жерин белгилеп, Чатырын тигип жайылтып, Асабаны сайылтып, Аңгычакты Карилип, Чыгарды бирөөн камынтып, Темир деген неме экен, Тентектин бири ал экен, Бадакшан менен Ташкенде, Таанылып жүргөн жан экен, Дайынсыз киши кептенбейт, Чоң баатырдын бири экен. Башканын барын элебей, Манас менен сайышып, Бир беттешсем дээр экен, Карылып менен Бануска, Бул айтканы Темирдин, Мурдатан айткан кеп экен, Минген аты Актуйак, Токтоно албай ыргыштап, Ачуусу келип Темирдин, Муштумдай уйгак кыл чайнап, Айбаттанып алыптыр, Азуулары кычырап, Калканы жонго тартылып, Көк Темирдин артынып, Алдында чыкты жекеге, Калганы жок тартынып, Кетем деген ойу бар, Көк дүйнөсүн тар кылып. Желип чыкты бөлүнүп, Желмогуздай көрүнүп, Караганга айбаттуу, Каары жүздөн төгүлүп, Кара туман, бороондун, Аркадан чаңы сөгүлүп. Саргыл аттуу Затай деп, Кырк чоронун бир эле, Чоролукка келгели, Жетпеди жеке дээр эле: Балдардан барсын бүгүн деп, Падыша Бакай айтканда, Айы тууп асманда, Затай чыкты майданга, Сан аттагы күлүктөн, Саргыл атын чуратып, Эки кулак чуңайтып, Булгай кармап колуна, Бөрү тилдүү найзаны, Буруудан чыккан жолборстой, Бурулбай типтик качырды, Аргымагы алдында, Кош кулагын жабырды, Жолу каткан Темирге, Жеткенде найза батырды, Заттай мыкты эр эле, Темирдин шорун катырды, Токто кылбай аңгыча, Тотой тажик бакырды, Ыгын тапкан сайардын, Затай андан атылды, Бакырып кирген Тотойго, Катуу тийип ошого, Желегин жерге жапырды, Желденип турган капырды, Жеткен жерде эр Затай, Тотойдун шорун катырды, Көмөрө сайып карчыттан, Тоңкойтуп жыкты атынан, Таталан деген жөнөдү, Темир, Тотой дартынан, Келген менен Таталан, Кетип калды артынан. Кетиркей деген бар эле, Өзү калча калкынан, Кара мүртөз кан ичме, Баш алуучу каапырдан, Бар жарагын жам кылып, «Банус хандап» бакырып, Банустун атын чакырып, Саргыл аттуу Затайды, Жеткен жерден найзасын, Как сорууга батырып, Ыргыта сайып өттү эле, Жыгылды Затай аттан, деп, Алжандардын Атайы, Ат койгон бойдон жетти эле, Ажыратып Затайды, Кетиркейге бет келди, Атайга найза сайдырбай, Ыргыта койуп өттү эми, Жыгылып Атай калганда, Үйшөн Үмөт жетти эми, Жеткен менен болбоду, Кетиркей чочко оңбоду, Оролуп найза сайалбай, Бир кызыкка баталбай, Үйшөн үмөт жыгылды, Оңолгончо Кетиркей, Жетти Жайсан кечикпей, Ыргыта сайды Жайсаңды, Кетирбей калча теңсиңбей, Аргындын Каракожосу, Акбоз атын аргытып, Артынан чаңы баргытып, Атырылып, каргытып, Жеткен жерде бул дагы, Оодарылды сайдырып, Беш баатырды Кетиркей, Эрдигинен тайдырып, Найза жеген жаралуу, Кийимдерин кан кылып, Кылка мурут Абдылда, Эми чыкты ачынып, Дөңкүрөң деген күлүктү, Дүпүлдөтө бастырып.