← Манас 2/3

Дөкүрсүнгөн Кетиркей, Абдылданы элебей, Көп чоронун бириндей, Көргөн жерде качырып, Көмөлөтө сайам, деп, Кетиркей келет бакырып, Бабыраган калчадан, Калабы аның шашылып? Сундуруп сайган найзаны, Кол балта менен какканы, Найза каңгып кеткенде, Чоң балта менен чапканы. Абдылда чапкан оңобу, Ал Кетиркей кобобу? Чачырап мээси жарылып, Бул жалгандан жоголду. Дөңкүрөңдү ойнотту, Өчөшүп келген душмандан, Онду Абдылда сойлотту, Бир түнү түшпөй атынан, Сүрүп чыгып таң атты, Эртеси күнү кечинде, Абдылда кайра тартканда, Жайына түшүп эл жатты, Ыкчылдардан чыгарып, Элден четин чардашты. Күн бүркөлө чүмкөнүп, Күүгүм түшүп күдүңдөп, Күндүзү түндөй бүрүлдөп, Жаман жаап алыптыр, Кооп турган кишинин, Колтукка тайап барыптыр, Аңгычакты болбоду, Карылып менен Банустан, Элчи келип калыптыр, Элчилер алып кат келди, Катты алып бат келди, Келген элчи төрт экен, Ырысына кыргыздын, Жаралган Сыргак өрт экен, Эреже билген эр Бакай: — Алдынан тосуп барыңар, Сыйлап аттан түшүрүп, Алып келе калыңар. Аруулап кийим кийгизип, Айабай тамак жегизип, Анан мында кириңер, Адилдикти билгизип, - Мындан мурда буларга, Башкадан элчи келбеген, Өздөрү барып көрбөгөн, Элчинин жолун билбеген, Бакайдан угуп бар кепке, Басып Сыргак келгени, Аруулап кийим кийгизип, Абдан тамак жегизип, Алып келип элчини, Хан чатырга киргизип, Каадасын жандын билгизип, Асылдан буйум салышып, Элчинин катын алышып, Катка көзүн салышты, Каттан кабар алышты: “Биз катылдык сиздерге, Келдиңер жылып бул жерге, Күн жаады, элди кар басты, Биздин черүү аздашты, Биз армансыз бололу, Алты ай болсун болжолу, Карыйа бар, жашы бар, Ноокасы бар, сагы бар, Кызыл мучтум балдар бар, Кызыл ээк чалдар бар, Бири калбай кырылып, Кетер бекен ушулар. Уруксат болсо биздерге, Жайга чейин турушсак, Убал болор бекендир, Кыштын күнү урушсак, Карга кошуп эл кырсак: Төрт жүз сексен экенсиз, Алты айча биз баксак, Барыбызга эп келсе, Алты айча тынч жатсак”. Катты окуп чыкканда, Кептин баарын укканда, Кебелбеген эр Манас, Мындай деп катты жаздырды, Калдайта мөөрүн бастырды “Кызыл ээк кары деп, Кызыл муштум балдар деп, Кырылып кетер такыр деп, Бул айтканың ырас кеп, Башкага бүлүк салбайлы, Банус менен сени, деп. Айтканыңар бек болсо, Жалганы жок кеп болсун, Чоң токойго жанабыз, Эртеңки күнү биз болсо, Бозбелди ашып түшөбүз, Толгончо айды күтөбүз, Бизден күмөн кылбасын, Эркинче жатып жыргасын, Бир кепти эки дебейбиз, Бирөөдөн бир мал жебейбиз, Ачып койсун базарын, Аштыгына пул алсын, Барып келген кишиге, Аган азар салбасын. Эркинче сатып мал берсин, Арзан берсин дебесин, Күн жылысын, кар кетсин, Болжолдон калбай келишсин, Ушунчалык элчилер, Менин жооп беришим”. Элчилерди жандырды, Элдин көөнүн жай кылды, Барып келип жүрүшүн, Баарынын жолун шар кылды, Бозбелден ашып алышты, Калгандар ойлоп жүрүшкөн, Чоң Коконго барышты, Бек тапшырды тосоктоп, Айкөлүң ойлоп ар ишти: — Көз жиберип караңар, Чоң Коконго барбаңар, Жалган болот кебиңер, Бузулуп кетет пейлиңер, Мен токойдо турам деп, Айтып койдум бир жери, Ооздон чыгып эме эле, Бузгандан болбойт ал кепти – Айтканын кылып арстандын, Бир кыш токой жердешти, Антип минтип кыш кетти, Күн жылуучу кез жетти, Опсуз жааган калың кар, Жер карайып кетпеди, Үчтүн айы кез экен, Алты ай али бүтпөдү, Токойдун жээги көктөдү, Баскан изиң борпулдап, Жер көгөрүп көпкөнү, Бакай айтат бир кепти, Манас, Чубак болушуп, Абыдан чындап кеңешти. — Күн жылыды, жаз болду, Эгин эгер чак болду, Үч ай жатып бепбекер, Эрдин баары бук болду. Токойдон ачып жерлерди, Төшөртөлү эрлерди, Эмгегибиз бул биздин, Ыраазы кылсын элдерди, - Чеберленип таптырып, Сары өзөк талдан чаптырып, Башы менен салына, Айабай шынаа кактырып, Буурсунду жасап бүтүрүп, Аттарды кошко түшүрүп, Тукумду койду чачтырып, Чырпыктан мала тарттырып, Кар суу менен айдатып, Кийин азык каздырып, Үрөн жерден чыкканда, Кара тобо бастырып, Бир чеч кап тукум кеткен жер, Бирден үйгө бактырып, Акысын берип алтындан, Анан тору беришти, Эгин баккан эрлердин, Абыдан көөнүн жай кылып, Болжолдун толуп убагы, Эгим карап турбады, Бозбелди ашып, ат койуп Ташкенди көздөй чубады, Кыргыздын эккен эгини Кыйын чыкты анда, деп Кабарын кыйын угады. Бүгүн эртең келет, деп – Банус хан менен Карылып, Тайарланып турушту, Эндекей жаткан Букара, Кулак угуп, көз көрүп, Болуп жаткан жумушту, Ичинде тилдеп жандарын, Куйкалары курушту. Той берген жерге чогулуп, Топтошуп булар барышты, Тегеректен олтуруп, Манастын кебин салышты: “Манас мыкты эр экен, Кыргыз пейли кең экен. Канча десең талашпай, Казып жеткис кен экен, Калкты коргоп күйүнгөн, Кайсы улук буга тең экен? Кыштай жатып боз белде, Чычкак улак дебеген, Колундагы Кокондон, Кол бутун сойуш албаса, Талаада жүрөт мал бекер, Жанына басып барбаса, Базар болсо турган жер, Кыйбат сатып арзанды, Байып кетти эчендер. Жазында эгин эгишти, Албады алым бир киши, Бактырып эгин элдерге, Алтындан акы беришти. Ушулардын баардыгы, Адилдиктин белгиси”. Бардыгы мактап чулдап Жаман дебей бир киши; Манасты таштап койушуп, Кыргызга көзү тойушуп, Банус хан менен Карылып, Кебине мунун киришти: “Насар адам Карылып, Ээлеп алды Ташкенди, Келтирген тыйын пайда жок, Күндө алым бер деди, Аз келгенсип Карылып, Банус кошо келди эми, Бирөө жебей экөө жеп, Күндө турса келе деп, Ким жактырат муну эми? Жик чыгарбай турабы, Эки-үч күндүн ичинде, Булар уруш кылабы? Ушу күнү жылт койуп, Манасты карай жылалы. Жык чыгарсак шек берип, Банус менен Карылып, Баарыбызды кырбайбы?” Күүлдөшүп олтуруп, Кеңеш кебин тындырды, Туйгузбай ичтен букара, Карылып менен Банус хан, Булардын белин сындырды. Сынбаган да неткени? Эл бузулуп кетмеги; Майдан курчу талаага, Манастын колу жетти эми, Банус хан менен Карылып, Талаага чатыр тиктирди, Черүүсүн айдап түшүрдү – Алдыңкы өткөн мезгилдей, Эркекти кары–жаш дебей, Түтүнгө койбой айдады, Айак алып ичкидей, Боорунан тынган немеден, Үйдө бирөө калбады; Ана-мына дегенди, Жоокага тили келгенди, Тегеректеп камады, Кетенчиктеп тирешсе, Камчыга бөлөп сабады, Бутуна кишен салышып, Темирге колун кадады! Жерден казган оруна, Томолотуп таштады, Калк кыйналып жатканда, Кандуу согуш башталды, Бул сапаркы урушту, Банус хан өзү баштады, Же кыргыздан өлөм, деп, Же өлтүрүп тынам деп, Кекенип Банус аттанды,