Манастын Коконго аттанышы, Сынчыбектин багынышы
Баш калкалап Банус хан, Качып жолго салыптыр, Чоң Ташкенде Насара, Карилипке барыптыр, Келгенинен шаттанып, Сыймыкташып калыптыр. Далай мезгил өткөндө, Банус хан кебин салыптыр: — Кеңешим сага – Карилип, Биз жатпайлы ээринип, Келе бербейт дүнүйө, Өздүгүнөн тебилип, Кыргыздан чыккан Манасты. Кылымдын баар тааныды, Көкойдуң менен Сарарка, Араникти дагы алды, Ушул бүгүн ойлосок, Самаркан барып жай алды, Банус хан кайда жүрөт, деп, Сурамжалдап калабы? Банус ханды каттың, деп, Катуу сыйлап бактың, деп, Жок жерден таап шылтоону, Сага калба салабы? Каршылашкан жан чыкпай, Алып жүрөт чанданда, Жылан эле заар болду, Ажыдаар бүгүн ал болду. Катылышып ыгын таап, Кек алар заман болорбу?- Банус хан кебин угуптур, Кыйалга колун сунуптур, Насаранын Карилип, Кебин айтып туруптур: — Чын айтасың, Банус хан, Мен тартынып жүргөнмүн, Бул кепти сага айтыштан, Баралы десем Манаска, Соккуну жедиң Манастан, Мени оор көрдү, деп, Ойлойбу деп, Банус хан. Аскер жыйнап, кол алып, Убара болуп барбайлы, Наманген, Ошто кыргыз бар, Жылдырып жылкы айдайлы, Биз жылкысын алганда, Манаска Кыргыз барбайбы; Мыктуусуп Манас келгенде, Бир амалын табалы, Анжийанда жүз башы, Маргалаңда миң башы, Сынчыны колго алалы, Камап туруп боз белге, Келип калса Манасты, Анан эбин кылалы; Укмаксан болуп келбесе, Же кыргыздар кабар бербесе, Сынчыбекти кошо алып, Сен экөөбүз кошулуп, Анан Манасты карай жылалы, Биз барарда Манаска, Алооке менен Дөөканга, Аларга кабар кылалы, - Кеңешип булар алышты, Сынчыга кабар салышты. Карылып, Банус бирлешип, Сынчы менен тилдешип, Наманген, Ошто кыргыздын, Жылкысын алды дүрбөтүп. Бир албады үч алды, Ыраазы болбой жылкыга, Катын, кызды олжолоп, Үчүнчүдө күч алды. Чаптырган Кыргыз жаталбай, Дарты ичине баталбай, Же айкөл Манас баатырга, Арызын жетип айта албай, Жолду койду бекитип, Жоопсуз киши басалбай. Колу бош кыргыз калган жок, Кайаша айтар дарман жок, Араба тартып, чана айдап, Андан башка айла жок, Кирейин десе жер катуу, Өлөйүн десе жан таттуу, Өздөрү кыйып өз жанын, Такыр өлөр арга жок. Маминтип кыргыз кор болуп, Кыймылдарга чара жок. Төрт тарабы тордолуп. Кыргыз эли кордолуп, Карылып, Банус, Сынчыбек, Алооке, Дөөкан, Мурадил, Алардан келет күндө кеп. Нескара, Уушаң хандары, Чоң Жолой сындуу балбаны. Арасында булардын, Барып келип турчу эле, Айлакер бар адамы. Анжу, манжу, калмактар, Заң кошулуп кытайлар, Баарысын калган башкарып, Ошол күнү Коңурбай, Тактада жаткан чардайып, Эсен хан деген хан бар, Эсен хан жаткан козголбой, Кантон деген шаары бар, Белгилүү сырткы адамга, Беш Бейжин деген наамы бар, Карылып менен Бануска, Келтирбе, деп, кыргызды, Күндө жазган каты бар: Ошол үчүн дардаңдап, Карылып, Банус, Сынчыбек, Кынына батпай ушулар, Жөөлөрүбүз бар, дешип, Жүдөтөлү кыргызды, Башына мүшкүл сал дешип, Дардаңдашып калганча. Буруттун малын ал дешип, Абылтай деген бар эле, Жетимиште чагы эле, Карылыкка жөлөнүп, Жаадай бойу бүгүлүп, От жанында олтурчу, Сакалына түкүрүп, Алты ай жатты былк этпей, Азабын айтып кыңк этпей, Абылтайды өлүмгө, Калмактын эли баалаптыр, Барбы жокпу Абылтай, Эсепке муну албаптыр. Эмгекти күнгө эзилип, Эми жатып калбаптыр, Мингич ала өгүзүн, Абылтай аны кармаптыр, Колунан куйуп чаначка, Чалабын жанга байлаптыр. Абылтай түндө жөнөдү, Муну киши көрбөдү, Жетимиш жашта Абылтай, Ал кыргыздын өрнөгү, Карангыда калдаңдап, Самаркан көздөй кетиптир, Күндүзү жатып түн жүрүп, Көксөгөн ойго жетиптир. Абылтай кары чал эле, Жакып бай менен мурдатан, Тааныш киши ал эле, Эшикте турса бай Жакып, Абылтай жетип барды эле. Жеткен жерде күүлөнүп, Бай Жакыпка Абылтай,
Катуу тийди сүйлөнүп: — Билесиңби, бай Жакып Жетимиште Абылтай, Эмне келдим сүйрөлүп?! Унутуп өткөн-кеткенди, Бактыңа уулуң эр чыгып, Сен жатасың чердейип, Өгүз минип, өлө албай, Мен келемин сенделип, Былк этпей Манас жатабы, Козголуп койбой термелип?! – Басып келип Жакыпбай, Өгүздүн кармай мурдунан: — О, кудай урган Абылтай, Кожурабай үйгө бар, Кардың ачып келипсиң, Аш-тамакка тойунуп, Андан кийин кебиң сал, - Өгүздү Жакып байлады, Абылтайды ээрчитип, Үйүнө Жакып барганы, Чатырда Манас олтуруп, Баарысын көрүп калганы, Оңой жумуш эмес деп, Ойуна Манас алганы, Атасынын үйүнө, Акырын басып барганы, Абылтай кирип барганда, Чыйырды тура калганы, Жетине албай сүйүнүп, Мындайча кебин салганы: — Ажырашып кеткели, Айланып далай жыл өттү, Ажарың жок баштагы, Малы-жаның аманбы? Жүрөсүңбү дениң соо, Кемпириң демдүү турабы. Желкелетип бээ байлап, Козуну сойуп, жал чайнап, Ооганда жүгүң оңдотуп, Чарбактуу тамдан күттүңбү? Чалкайган бала сүйдүңбү? Же жалгыз чырпык кептенип, Тукумсуз болуп күйдүңбү? Турмуштук торго чалынып, Туталанып жүрдүңбү? Уйуң барбы кыш саарга, Сурабай элден сүт чайга? – Каадасы катын бу дагы, Маминтип баарын сурады. Анда Жакып мындай дейт: — Кутуруп кеткен эмедей, Кеп салбагын Чыйырды, Чаңкагандыр Абыкем, Алып кел кымыз чыныңды! Бышырып койгон эт болсо, Керткен казы-жал болсо, Он-он бештен чогултуп, Кошкон сары май болсо, Эзген курут экчеме, Кайсы дайар бар болсо, Анан кебин угалы, Тамакка карды тойгондо. Уй минип мында келеби, Алкынып турган ат болсо? Сорулабы жаагы, Сорполуу таттуу аш болсо, Кантип жупун бу жүрсүн, Куржунда пулу бар болсо? – Мойнун толгоп Чыйырды, Бакдөөлөттү карады, Толуп калды аңгыча, Отуз түрдүү тамагы. Ошол кезде эшиктен, Кирип келди Манасы, Салам айтып карыга, Урматтады баласы, Алик алды Жакып бай, Ага кошулуп Абылтай, Бабыраша олтурду, Дасторкондо жайма-жай, Ал аңгыча Жакып бай, Бакайды чакыр деди эле, Баатыр Бакай келди эле. Дасторкондо даам ичип, Бар тамагын жай ичип, Бата-дуба кылганда, Дасторконун жыйганда: — Баатыр балам Манас, — деп, Абылтай ыйлап жиберди, Атыңды уктум көрбөдүм, Кордугунда душмандын, Ошол күндө өлбөдүм. Чыдай албай кордукка, Уй минип алып жөнөдүм, Жөнөгөн жерим – Наманген, Келгеним менин ушул жер. Күндүзү баспай түн бастым, Күндүз аңда мен жаттым, Келгенимдин себебин, Арстан уулум айтайын, Араниктен Банус хан. Баш калкалап сиз жактан, Ташкенге качып барыптыр, Карылып Ташкен улугу, Жакшылай күтүп алыптыр, Анжийанда жүз башы, Маргалаңда миң башы – Айры сакал Сынчыбек Карылып, Банус тилдешип, Арага киши салыптыр. Тилдешип алып үч чочко, Наменген, Ошто кыргыздан, Айдап сүрүп, мал алды, Бир албады, үч алды, Катын кызды олжолоп, Барган сайын күч алды! Азаматтын баарысын, Араба менен чанага, Жумушкер кылып бүт алды! Бастырбай элди бир жакка, Жолду тосуп таштады, Айакта жүргөн кыргыздар, Өз бооруңан башкабы?! Уйга минип өзүңчө Ушуну келем айтканы! – Айтып муну Абылтай, Көзүнүн жашы көл дайра, Өкүрүп ыйлап, какшады. Кобо калды Чыйырды, Жашын аарчып көзүнөн, Шумдук угуп сөзүнөн: — Баракелди, Абылтай, Эмгегиң кымбат бир тоодой, Эл үчүн жаның кыйнапсың, Душманга элди кыйбапсың, Атым жок деп турбапсың, Уй минип келип алыстан, Арып-ачып каржалдың, Оо, Бакдөөлөт, турбагын, Абылтай менен Жакыпты – Экөөнү өзүң сыйлагын. Өз оозуңан угушту, Кулак төшөп турушту, Арызыңды сенин, Абылтай, Бакай менен Манасым, Эки эрен сурасын, - Анда Манас муну айтат, Агартып тишин кылайтат: — Абылтай абам карыптыр, Уй минип жүрүп арыптыр, Карылыкка карылык кошулуп. Жаман жөнөп алыптыр, Бул келиши абамдын, Карылыктын белгиси, Унутуп калбайт эл-журтун, Бул өңдөнгөн эр киши, Оңой жумуш бул эмес, Өзү мында келиши, Күнү-түнү жанында, Кызмат кылсын бир киши. Аш-тамагын кемитпе, Кумалак билчү таап бер, Абам жатып зериксе, Кожурашып жаткыла, Эки кары эрте-кеч, Биз барып кайта келгиче, Биз келгенде кетээрсиз, Элебей жата бериппиз. Эми кечирим кылар бекенсиз? Балаңыздын аты ким? Аны айтып берсеңиз, - Аны угуп Абылтай, Баштагы ыйы азыраак, Эми чындап бакырат: — Ордумду басар уул болсо, Мен жүрөмбү самтырап?! Уй минип мында келемби, Жетимиште тамтырап?! Уул, кызың барбы, деп, Чыйырды энең сурады, Ошондон бери кетелек, Менин муунума кирген калтырак! Атаң Жакып жаш эле, Алдыңа келген Абылтай, Эр азамат чагы эле. Уулум тургай кызым жок, Ээрчип жүргөн кемпир жок, Өлсөм мейли бир жан деп, Менин элди эстеп жаткым жок, Калкымдын ойлоп кардыгын, Ичим жалын, боорум чок, Оо, балам, менин Мындан башка кебим жок, Өлсөм көмүп койорсуң, Бата турган жерим жок! – Айкөлдөй тегиз Манасы, Эки энеси атасы: “Кар болбосун абам” — деп, Кайта-кайта тапшырды. Жигиттин баары шайлалуу, Тулпардын баары байлалуу, Жоо-жарагы, кийими, Кем-карчы жок камдалуу, Азыгы бар баарында, Аттанып чыкты эр Манас, Коконго мурда барууга, Колкого колду салууга, Коконду алып колуна, Ташкенди анан чабууга. “Коконду мурда албасак, Кашкардан келчү чоң жолду, Кан буугандай кылбасак, Арка жагын арылтып, Ташкенге анан жылбасак, Ташкенге мурун барганда, Каңгайдагы беш улук, Кашкардан Калдай кошулуп, Орто жерде эл калбай, Баары кетет кырылып, Каны суудай жошулуп”. Абаң Бакай, эр Манас, Чубак болуп олтуруп, Кеп-кеңешке канышып, Макулдашып алышып, Самаркандан аттанып, Наманген көздөй жол тартып, Чилдей терди кайыпты, Жолдо кетип баратып. Тамаша кыла жүрүшүп, Тамылжышып күлүшүп, Эриккенде чоролор Эки-экиден бүрүшүп, Биринин айыбын бири айтып, Түбүнөн бери сүрүшүп, Сүйгөндөрүн кеп салып, Теңтуштарын табышып, Өксүп кийин калганы, Ат айабай жарышып, Арадан кыйла күн кетип, Намангендин үстүнөн, Коконго келди түз жетип. Кароолчусу жүрүүчү, Кыргыз жакты күзөтүп, Кароолчу кабар алганча, Ханына кабар салгынча, Бозуул жетип барыптыр, Кароолчу турган жайына. Көрө койуп кароолчу, Кылт этип кирди бир аңга, Көрөгөч Бозуул турабы? Көп кезиккен андайга. Чыгаар жолун тосоттоп, Кароолчуну кармады, Коштоп алып Бозуул, Тар кезеңде айдады. Баштан айак бар кебин, Баатыр Сыргак сурады, Кароолчу айтып турганы: — Кокондун ханы Сынчыбек, Карылып менен Банус хан,- Экөөнөн кыйын коркот, — дейт. Кыргыздын жолун кара, деп, Күндө бирден жиберет. Көрүнүп калса карааны, Мага кабар бергин, деп, Ойлодум эле силерди, Алманга келген кыргыз деп, Жол тосконду билебиз, Андан башка билбейбиз, Бизге салбайт кеп кеңеш, Бирине-бири тилектеш. Кароолчуга эр Сыргак: — Калкыңа али кайт, — деди, Калк бийлеген Сынчыга, Укканың менен көргөнүң, Калтырбай баарын айт!- деди, Сөзүңдүн башын белгилеп, Айтып баргын бегиңе, Белдүү Манас келди, деп, Беймаал чаап алыпсың, Бүтүн койбой элди, деп, Ташкенди кошо чабам, дейт, Кош ууч Кокон сен эмес. Тапса тапсын жолун, дейт, Таппаса жыйсын колун, дейт, Кокондогу ханыңа, Ушуну айтып койгун! – дейт. Кароолчудан кеп сурап, Антип жатса эр Сыргак, Шууту келип калыптыр, Ал Чубакка кожулдап: — Жеке Сыргак болуптур, Кесиретке толуптур, Манас менен силерди, Унутуп таштап койуптур. Унутпаса неткени? Бозуул кармап Кокондун, Кароолчусун келди эле, Эч бирөөгө угузбай, Кетирип ийдим тим эле... Аңгычакты эр Сыргак, Эшиктен кирип келди эле, — Кароолчуң кана, баатыр?- деп, Чубак сурап ийди эле. — Теңтуш киши кептенип, Аңгемелеп күлбөдүм, Темселеп жүргөн кокондук, Алып келип жүрбөдүм. Оозума келген кепти айтып, Коконго кайра жибердим. Агам менен курбалдаш, Атагың турса барабар, Кароолчуда кай кеп бар, Каадалап андан сен сураар? - Ырас айтат Сыргак, деп, Шыңкылдап күлүп калышты, Сыргактын кылган иштерин, Баары кабыл алышты.
Койо берген кароолчу, Корккондон билбей өлөрүн, Койгулап атын жөнөптүр, Оң-тескери койгулап, Камчыга атын бөлөптүр. Жолдо эки ат өлтүрүп, Жолдон жыгып ат минип, Ат мингенде бат минип, Сынчыбектин үстүнө, Кирип келди энтеңдеп, Ары бери сенделип, Жаш баладай темтеңдеп, Муну көргөн Сынчыбек: — Бейадеп өскөн нааданды, Бандонуга бас! — деди, Бандонудан тургузуп, Бармагынан ас! – деди. Желдеттери жабылып, Дагы азап табылып, Ашыгып келип антаңдап, Кыйноого калды кабылып. Жаагын баспай жабырап, Төкпөй чачпай так сайрап, Көргөнү менен укканын, Баарын айтты бажырап, Тиктеп калды Сынчыбек, Тил байланып жалдырап. Бир далай туруп эс жыйнап, Кароолчудан кеп сурайт: — Манас кандай эр экен? Чоңдугу канча бар экен? Аскери канча карааны, Байкадыңбы аларды? Чокчоңдогон Сынчыбек, Чоңдугу менен аскерин, Коркконунан сурады. Кароолчу кебин баштады: — Көрбөдүм Манас баашаны Жеңил киши эместей, Жигиттин бирөө сурады. Менден жигит кеп сурап, Көп сурабай аз сурап, “Ханыңа барып айтып кой, Калааңа Манас келди деп. Жолун билсе, билсин, деп, Өзүнүн жолун билбесе, Өлүм издеп келсин ” — деп, Чоросу менден сурады, Мен көргөндүн баарысын Көрүүгө башка турабы? Манас эмес чоросу, Кабылан экен тоодогу, Келбетинен корунуп, Кекилик болдум тордогу... Кеби бүтпөй кароолчу, Аңтарып көзүн алактап, Буту-колу шалактап, Томолонуп жыгылып, Сендиректеп бир туруп, Коркурай түшүп жок болду, Көөдөнүнөн жан чыгып, Көрүп турган Сынчы бек, Болду кандай укмуш? – деп, Түндө жатып ойлонсо, Жабыры болду ой тобо, Жеңип алат бир демде, Жаныттап жана толгонсо, Жеңдириип ийет бат эле, Бир жеңилип, бир жеңип, Таң агарып атты эле, Акылдашаар алтоо бар, Кеңешкордон бешөө бар Угуп берчү нечөө бар. Күндүн мурду чыккынча, Элүү киши топ болду, Чогулуп куйган майнабы, Кол куушуруп алдынан Тосуп чыгар кеп болду. Баарысына эп келип, Ошол кепке токтоду, Берүүчүнү эсептеп, Санын айтып топтоду: «Бир араба алтындан, Эки араба ак күмүш, Алты араба сарыпай, Жүз аргымак жылкыдан, Жалаң нардан жүз дешип: Ушуну алып жан калса, Кубаналы шүк дешип, Бейкут жаткан тынч элге, Катылып койдук биз, дешип, Бузуктун кирдик тилине, Кылабыз өктө биз кимге? Убада кылып келели, Бузулушпай жүрүүгө». Алар антип жатканда, Алды жүгүн артканда, Сынчыбектин чайчысы, Кирип келип үстүнө Жабырады өзүнчө: — Жарабас кебиң, бийлерим, Жарашар жайың билбедиң, Алыңар ушул болгон соң. Катылышпай жүрбөдүң, Байатан бери, жакшылар, Баш-аламан сүйлөдүң. Араба тогуз санына, Эки жүз туйак малыңа, А кудайлап сүйүнүп, Алданабы аныңа? Эч болбосо бербесең, Чаап келген малынча, Жандын билсең кадырын, Кеңири айткын барынча: “Кыргыздан алган биздин мал, Тамгадан тандап барын ал, Аштын кени биздин жер, Кыргызга жетер дандан ал, Короодон кармап кой сатпай. Кийерге жетер шайы ал, Алтын менен күмүштөн, Арабага кенен сал.” - Башканы койуп, Сынчыбек, Ушуну айтып өзүң бар. Алты шаар Анжийан, Абалтадан даңкы бар, Акими жок бүгүн кор, Хандык атак сага калаар, “Аш эритет ташты” — деп, Байыркынын кеби бар. Чайчыдан угуп кеңешти, Түпкү акыл ушул, деп, Кажылдаша кетишти. Аттанып жолго чыкканча, Биз баралы анда, деп, Буйрук берип чоңдору, Аскердин баарын жамда, деп, Оору-сыркоо болдум деп, Бирөөң да жатып алба! — деп, Мылтыкты топтоп бай тигип, Асабасын жайылтып, Найзаны жерге сайылтып, Курун салып мойнуна, Жетелеп атын алышып, Молдосу селде чалынып, Тилекти бер деп жалынып, Өлтүрүп койсо кепин, деп, Такыр актан жамынып, Эркеги калбай үйүндө, Баары чыкты жабылып. Наристесин жетелеп, Колдоруна алышып, Тосуп турду жолунан, Чогулушуп барышып. Караанын көрүп, Кокондун, Кыргыздар аң-таң калышып: «Тукум курут болгунча, Түгөнгөнчө салышып, Келген экен бизге», — деп, Күжүлдөшүп калышты, Баш–аламан чоролор, Атына минип алышты, Ойуна алып ошолор, Катылышса кокондук, Койбой барын чабышты. Кылкандай найза, көк желек, Кынай кармап бекемдеп, Кездемдин боосун жубалтып, Кезкерип найза чунайтып, Нускоо болсо чоңунан, Ат салууга чуратып, Дайарланып турушту, Оңой эмес билгенге, Опсуз кыйын жумуш бу; Сагынып калган жери жок, Сай кашкалар урушту, Балдарды көрүп кээ бирөө, Тарамышы тырышты; Чукул кирип келгенде, Аламан койуп тиет, деп, Кылычтарын суурушту; Кужуру кайнап чогоолдор, Куйкалары курушту, Ойлоп турат эчени, Короздой мойнун жулушту. Ушул кезде Бакайдын, Элге айтып турушу: — Каны суйук жаш балдар, Көйкөлөң чалган шылкылдап, Көөнү эркин мас балдар, Кары үчүн акыл айтамын, Баарың тегиз байкаңар. Келе жаткан өзүбек, Катышып койуп кыргызга, Калыптыр булар кайгы жеп, Тышынан аппак кийиптир, Кылган ишин ойлонсо, Өлүмдү жакын билиптир, Улугу сынчы тиги бейм, Астына жалгыз кириптир, Урушар пейли көрүнбөйт, Мылтыгын жыйнап ийиптир. Жетелеп бала алыптыр, Найзаны жерге сайыптыр, Ырсаңдап күлүп ийбеңер, Алдына келген ким болсо, Көзүңөргө илбеңер, Жаш балдарды ыйлатып, Чоголдук кылып тийбеңер, Карышкырдай жалангын Алайа тиктеп караган, Жаш балапан өсмүрдүн, Жүрөгү түшүп калбасын, Темене канат жеткинчек, Ошолорду айагын, Ортодо тегиз угарбыз, Айтып келген саламын, Мойнуна салып камчысын, Тааныбай калган кези экен, Таасы менен алчысын, - Деп ушинтип эр Бакай, Элге айтты сөзүн жай, Арстаның жатат чатырда, Эшикке чыгып аттанбай, Тай жарышым калганда, Кокондун эли жалпылай, Чөгө түшүп олтурду, Бир шилтеп кадам таштабай, Карап турса сынчыны, Эки шилтеп бир басып, Тоңколоңдоп алыптыр, Бөгөжү салган жылкыдай, Зоңколоңдоп калыптыр. Жанына киши барбады, Эмне болуп жатат деп, Көз кыйыгын салбады, Кетенчиктеп бүгүлүп, Келиндердей жүгүнүп, Кандыргалап бүгүлүп, Катындан бетер жүгүнүп, Бели ооруп зыркырап, Тизеси жоруп тызылдап, Тарамышы түйүлүп, Муундары тырсылдап, Чөйчөктөй көзү жайнады, Минтип шору кайнады, Антип–минтип кыйшаңдап, Арстан Манас баашанын, Чатырына барганы. Жердин бетин сыйпалап, Жүзүнө сүртүп шыйпаңдап, Күлүмсүрөп жылмайып, Карап турду бир далай; Бир мезгилде карасаң, Кой оозунан чөп албас, Коңур чечен Ажыбай: — Эңкейип белиң бүгүлгөн, Эңчелеңдеп жүгүнгөн, Жайыңды айтчы, ким элең? – Таазим кылып жиберип, Күрмөөгө араң тил келип: — Мен Сынчыбек урганмын, Ойлобой жумуш кылганмын, Өзүм тапкан жабырга, Оңкочуктап турамын, Үмүтүм бар көкжалдан, Амандыгын сураймын. Суурса кылыч чабууга, Бурбай мойнум сунамын, Олтурса арстан, мен өлсөм, Мойнума жүктөп кетпесем, Ушунча элдин убалын; Тилине кирбей Банустун, Тигилип карап турбадым, Өлтүрсө өлүм мага ак, Болбосго деймин убалым: Кара башым, калаамды Тартуу кылып турамын. Келбетүү Манас баатырдын, Кенен деп угам кабарын, Чамам жетип чарк жеткен, Ушунчалык абалым, Кылып келген кеп эмес, Айарлык кылып амалым, Алабайым курулуп, Тарайып калды заманым, Падыша Манас ойлонсун, Пайда менен залалын, Тамгадан карап таанытып, Кыргыздын малын бүт алсын, Кемип калса мөлчөрдөн, Төлөө үчүн мен баргам. Ашка кенен биздин жер, Базарга барбай дан алсын, Короодон кармап кой сатпай, Кызыл кымкап шайы алсын, Асыл кумду жуугузбай, Алтын алсын зар алсын, Араба менен жамбы алсын, Жону туйук нар алсын, Тулпардан ылгап да алсын, Аргымак келет жылкыбыз, Канча болсо бүт алсын, Алты шаар, Анжийан Мунары алтын так алсын, Жемиштин кени ушул жер, Чырпыгы чынар бак алсын, Андан кийин достошуп, Менден көөнү агарсын, Жылда алым берүүгө, Убада да мен бармын. Тынбас болсо санаасы, Башкадан улук шайласын, Бошотуп койсо кулумду, Кошо кетип калармын, Кабыл алса тилегим, Калама кошо эл барсын, Көөдөндө жаным бар турса, Өлгөнчө кызмат кыламын, - Сынчыбек айтып арызын, Жоолуктап сүрөт көз жашын. Угуп болуп Ажыбай, Бакай, Чубак баатырга, Баарын айтты сөзүн жай. Анда Бакай жылмайып, Аксакалын жайкалтып, — Андай болсо Ажыбай, Кетирип ийгин тургузбай, Артынан жете баралы, Адамсыз жерде биз турбай, Айтканын берсе дайарлап, Биз кетебиз кеп кылбай, Кыргыл тийсин балдарым, Бейбаштыгын кылдырбай, Жакшылык менен жамандык, Жабылып калбайт жашынып, Жер бетине угулбай, - Басып барып Ажыбай: — Огойуп мында, Сынчыбек, Олтурбагын сен мындай, Кайтып баргың элиңе, Алар кайтсын үйүнө, Айтып койгун баарына, Биз барабыз шаарыңа, Калааңа кайтып камын кыл, Өзүм барып алдыда, Алып келсең көрөбүз, Жараса биз да көнөрбүз, Жарабаса көңүлгө, Жаап алып жөнөрбүз. Кылгылыкты кылабыс, Кымызга сууну куйабыз. Жасалмалуу сөзүңдүн, Ширесин кийин угабыз! – Сүйүнгөндөн тер кетип, Күлүп ийди жарк этип, Бата кылып жиберип, Олтура калып талп этип. Далдаңдап Сынчы жөнөдү, Хан кешпирин эл көрдү, Арылдап элге жар салды, Берди, деп, баатыр тилекти, Сынчыбектин көп колу, Эли менен аттанып, Арбын мөрөй алгансып, Адамдын баары шаттанып, Ушундай болду, «Йа пир!» деп, Үйүнө барды кеп салып, Бала–барка, катындар, Сүйүнгөндөн дердеңдеп, Өмүр берсин Манаска, Барыпсыңар ырас, деп, Дайра болуп агылып, Ак көрпө болуп жайылып, Көрбөй туруп көк чалган, Көптүн баары жалынып, (Кечирбейт деп күнөөнү, Баардыгы турган сабылып), Эркек, катын аралаш, Улуу-кичүү, кары-жаш, Сүйүнүп агат көздөн жаш, Чоң Кокон кыйын сүйүнүп, Өзү мурда жүгүрүп, Сарайдын баарын шыпыртып, Сарамжалын бүт кылып, Күтүнүп Кокон калыптыр, Ойон Манас шер менен, Зор Бакай, Чубак барыптыр, Кыргыл баштап кырк баатыр, Кырка чубап келатыр, Анда көргөн эл айтыр: “Дөөлөткө кыргыз толуптур, Сыймыгы башка конуптур, Алтымыш уруу алашка, Аллам берип койуптур, Ороздунун он уулун, Ойунча калмак бөлгөнүн, Оомал-төкмөл дүнүйө, Эми качып жүргөнүн.
Ырас Манас шыр экен, Телегейи тең экен, Олпогун көр, атын көр, Жарагын көр, салтын көр, Чоросун көр, элин көр, Карысын көр, эрин көр, Аксакал Бакай кеменгер, Ааламдан ашкан илегер. Чеченин көр - Ажыбай, Айткан кеби баары жай, Албунду сөз болбосо, Апталап жүрөт унчукпай. Кырк баатырдын баарын көр – Кырдагы кайың бир өңчөй, Баштаган Кыргыл чалын көр, Улууларын кичүүсү, Урматтаган баркын көр, Олтурган жерде ойношуп, Обонун көр, салтын көр, Абалтадан шаңданган, Атагын көр, данкын көр, Үч күн өрүн ал жерде, Чай ордуна бал куйду, Күнүнө тайдан чалдырды, Кара козу куйругун, Картаңдарга алдырды, Артып барган дүйнөсүн, Алдына барын жам кылды, Тамгасынан каратып, Кыргыздын малын жандырды, Мөөр басып каттады, Жылына берчүү чыгымды, Дос боломун эми, деп, Сынчыбек келип жыгылды, Бузулушпай жүрүүгө, Көп чырпыктар кыйылды. Мурдагы шарттуу айтуудан, Жанбады Сынчы тартуудан, Анда Ажыбай кеп баштайт, Кеп баштаса эп баштайт: — Кокондун ханы Сынчыбек, Айабадың барыңды, Ак күмүш, алтын-зарыңды, Айдатып келдиң берем деп, Аргымак менен нарыңды, Тоодой кылып жыйыпсың, Эгиниң менен шайыңды, Үч күндөн бери чамалап, Байкап билдик алыңды, Кыргыздын малын таратып, Алып кетет ээлери, Аргымак менен нарыңды, Аны алып нетели? Өзүңө бердик малыңды, Жылына жүктөп жеткирген, Эгиниң менен шайыңды, Арттыра баргын зарыңды, Өзүң сурап, өзүң бил, Кокон деген шаарыңды, Куттуу болсун мансабың, Унутпайбыз сени биз, Аман болсун элиңиз, Суук колун тартпаган, Банус хан менен Карылып, Аттаналы эми биз, - Муну мындай таштайлы, Манас менен Банустун, Согушунан баштайлы.