← Манас 3/3

Каарданды баатыр, деп, Кыргыз өлүп жаткыр, деп Далайлары шаттанды. Көрүп Банус баатырды, Көкжал Манас бөлүндү, Кечээ Араникте урушта, Көрсөтүп койгон өнөрдү, Ойуна алды айкөл шер, Баш байланып жөнөдү. Манасты көрүп Банус хан, Куршугу кармап күдүңдөп, Көрүктөн чыккан ширөөдөй, Эпкини жанып күжүлдөп, Банусту көргөн коркоктор, Эси чыгып бүжүлдөп, Көргөндүн бойу дүркүрөп, Сийдиги агып бүркүрөп, Салмагынан Банустун, Кара жер кетти сүлкүлдөп! Аккула минип болкойуп, Сырнайза колдо койкойуп, Көк жеке буттан чопкойуп, Көргөнгө башка караны, Чоң ополдой зоңкойуп, Жалгыз чыккан арстанын, Так токсондой топ болуп, Кызыл жүздүү келбетүү, Келишкен мындай жок болуп. Ак күбө тону кийилүү, Топчулугу үч тогуз, Бүчүлүгү илилүү. Көргөндөргө таанымал, Көкжалдыгы билинүү. Салкыны сырттын желиндей, Ысыгы жайдын күнүндөй, Келе жаткан мүнөзү, Ак жолборстун түрүндөй, Ажыдардай сүр менен, Ач кыйкырык үн менен, Манаска Банус бет келди, Батыра сайсам экен, деп, Банус хан ойлоп жеткени, Күүлөп найза сундуруп, Күркүрөп күүсү угулуп, Банус сайган найзаны, Арстан кагып жиберди, Колунда болот Сырнайза, Бануска бептеп имерди. Баатырга найза сайдырбай, Банус кагып ийди эле, Илеси күчтүү эр экен, Эми Манас билди эле. Күчтүү найза урушуп, Күч менен чыдап турушуп, Туулгага балта чакылдап, Көөдөңгө найза такылдап, Ачууланып айкырып, Баатырлар үнү бакылдап, Тулгадан чыккан от, Жылдыз болуп закымдап, Келип турат бирөөнө, Ажал жетип жакындап. Сайганда Банус күч келип, Найзасы сынды бүктөлүп, Кабылан жетти ошондо, Аккула менен тап берип, Кайра тарта бергенче, Сол мүрүдөн бир сайды, Солкулдаган Банус хан, Солдойуп жерди тайанды. Найзасын тартып алганча, Уктап турган Карылып, Кабыланды бир сайды, Карилип келип сайганда, Эрден көчүк кылтайды, Көмөлөтө түрткөнчө, Көзөл Чубак жетиптир, Насаранын Карилип, Көтөнгө сайып кетиптир. Күү менен келген көк теге, Көп эле кепти ырака, Ачынган айкөл ошондо, Арка жагын караса, Жаткан экен Банус хан, Кобо албай жерден чубала, Аккула оозун бурду эле, Жер тайанган Банусту, Желкеден ары урду эле, Ооз омуртка, мойун суук, Бузуп өттү сыр найза, Ачылып оозу ырсайып, Өлүп кетти Банус хан, Тумшугу менен жер сайып, Төрт айагы керилип, Жатып калды булайып. Банусту сойуп кара көк, Карилипти самады, Айланага көз салып, Караанын көрө албады, Созулуп барган чаң көздөй, Аккуланы чуратты. Карылып качып баратып, Карады артын кайрылып, Көктеке менен эр Чубак, Кууп келет сайылып, Кырман салган такырда, Мамынын орду чукурда, Банусту сойуп кара көк, Карылыпты эстеди, Каарына толуп сумсайып, Чубактын аты Көктеке, Атпыгып кетип баратып, Кырман салган такырда, Мамынын орду чукурга, Колун салып жыгылды, Кан майдан жаны чукулда. Чубактан качкан Карылып, Желдей учуп жетерде, Жер тайанган Чубактын, Желкеден башын кесерде, Аккуланын дабырты, Кулагына киргенде, Арстан Манас экенин, Карылып анык билгенде, Ыдыгына чыдабай, Кайрат кылып туралбай, Кайта качты уйалбай. Колуна барып кошулуп, Чубак сайган жаранын, Каны агып жошулуп, Буйрук берди элине: «Каптагын, — деп, - кыргызды!» Мылтыктын үнү тарс дебей, Доолбас уруп карс дебей, Кындан кылыч тартылып, Күн чагылып жарк дебей, Баш-аламан кол, Кыргызга жетти кошулуп, Колго түшсө өлдүм, деп, Кырылып качты созулуп, Казанды карай бет алды, Тоосу жок калар тосулуп, Көшөрүп Чубак алыптыр, Кууп жөнөп алыптыр, Капталдап Бакай абаңыз, Чубакты кармай салыптыр: — Болду, Чубак, болду, — деп Эркине койбой Чубакты, Айтканына ынатты, Качкан бойдон Карылып, Казанды карай кетиптир, Калгандары нетиптир? Кабарчы койуп кулактап, Карап жүргөн Сынчыбек, Кандай заман болот деп, Самап жүргөн Сынчыбек, Ошол күнү кечинде: — Амансыңбы, баатыр? — деп Кирип келди энтелеп. Көрүшүп Сынчыбек менен, Кеңешти Бакай зор менен, Ташкент менен Анжидан, Бир тутумдаш жер экен, Сен башкар деп Сынчыга, Таштап кеткен кеп экен, Тоодой болгон Сынчынын, Ордосу Кокон калаада, Ташкенди кошуп сурады. “Ишим ондон кеткенде, Качкан тилек келгенде, Жеткен экен Манас, -деп Алдын алып, иш кылып, Достошупмын ырас” – деп, Кубангандан Сынчыбек, Жакасын кармайт бекемдеп, Жүрүп кетти арстаның, “Самарканга кетем, — деп, Биз чыккалы аттанып, Болуп калды тогуз ай, Кыргызым аман бекен?”- деп. Айлына барса арстаның, Эмгичекти кете албай, Абылтай жүргөн айылда, Абылтайды жиберди, Намангандын шаарына. Абылтай үйгө барыптыр, Ырысы жайнап төрүндө, Иш оңунан салыптыр, Канча жылы туубаган, Катыны эркек төрөптүр, Жарадың чал ишке, деп, Эли муну жөлөптүр. Баласына Абылтай, Ат койуптур Кесек деп, Көбөйгөндөн көбөйүп, Күлдөнө баштайт чечектеп, Тукуму өсүп кесектин, Бир урууга айланды, Кыргыз улуу ичинде, Кесек деген ат калды. Муну мындай таштайлы, Айкөлүң менен Каныштын, Тойлугунан баштайлы.