← Манас

Манастын Каныкейге үйлөнүшү

Жаталбай үйдө эр Манас, Абдылданы баргын деп, Бай Жакыпка жумшады, Айкөлдүн күчөп бушманы: “Кечээ баса элек тоону ашканда, Маңгытка бара жатканда, Букар калаа четинен, Чоң ак чийдин ичинен, Ала көлдүн жээгинен, Көрдүм эле бир кызды, Атама барып айтып кел, Кимдин кызы экенин, Билип берсин жан атам, Тектүү болсо атасы, Ошол кызды мен алам. Токто кылбай Абдылда, Жооп каты мындайча: — Кыздын жайын укканмын Карахандын кызы дейт, Жез оймоктун узу дейт, Карахан улуу барынан, Даңкы журтка тараган, Өз атасы Темирхан, Темирхандын аты жок, Бирок экөө бир тууган, Карахандын кызы деп, Кадырлуу келин ушул деп, Бай атама барайын, Бар кебимди салайын, Барууга мени буйурса, Кайрылып келе албаймын, Урматтуу үчүн токтосуз, Ушундан ары барайын,- Базармандуу тал түштө, Бай Жакыптын үйүнө, Салтанаттуу Абдылда, Салам айтып кирди эле, Суусун ичип болгондо, Келгенин айтып ийди эле: — Олуйадай хан ата, Мени Манас жиберди, Букардан бир кыз көрдүм, — дейт, Деги кандай кыз экен, Аны атам билсин, дейт, Болор жерин айтканда, Ошол кыздын атасы, Падышабы, башкабы, Байбы, кедей ачкабы, Мага алып берсин дейт. Накылай алдым калчадан, Карабөрк алдым калмактан, Кастарлап келин албады, Кудалык жайын билгин, дейт, Колунда жетик бар болсо, Уул атасы Жакып деп, Кулпунтуп кийит кийсин, дейт, Уулуңдун кеби ушул экен, Өзүңдөн жооп кайсы экен, Башын чайкап бай Жакып, Мойнун буруп кекендеп, Бакдөөлөттү жумшады, Келе кымыз куйгун деп, Абдылдага бай Жакып, Казы кертип жал берип, Кашташ менен чай берип, Капакка салган бал берип, Алдырабай олтуруп, Аракты кошо жай берип: — Кана, балам Абдылда, Алыска барып кайтычу, Сенден башка кимим бар? Кичи пейил жан элең, Эрдик кылып өзүң бар, - “Барбасам көөнү калат — деп, Тил албасам уйат” – деп, Бай Жакып жумшап Букарга, Бармак болду Абдылда. Белсаздан атын аттанып, Букарды карай жол тартып, Алдына минген Карткүрөң, Барар жакка оң тартып, Жолдошу жок жанында, Түшүп өтпөй айылга, Кийиктер качса чыйкылдап, Чамасы жетпей карашка, Анда-мында теминип, Кетип барат Абдылда. Жумуру баш адамда, Ал өңдөнүп ким жүргөн? Караңгы токой жер менен, Каптал кара коо менен, Капчыгайлуу зоо менен, Карайган бийик тоо менен, Казылган кара жол менен, Каңшыган кумдуу чөл менен, Чалкалап жаткан төр менен, Чалкып жаткан көл менен, Бугусу калың жер менен, Бурулуп аккан сел менен, Буркулдатып Абдылда, Буудандан аккан тер менен, Салкында – зыркар жер менен, Аралап кетип баратат, Сай-талада эл менен, Карахандын айылына, Жетип барды Абдылда, Кечки салкын бешимде, Олтурган экен Карахан, Кош кашаттын бетинде, Чогулуп кыйла эл менен, Жайнамаздын үстүндө, Айылдын аркы четинде, Жорголото бастырып, Абдылда баатыр жетти эле. Элге жакын барганда, Билбесе да Абдылда, Бирге жүргөн эмедей, Көрбөсө да Абдылда, Көрүп жүргөн эмедей, Буруусу жок тааныды, Каныкейди ченебей. Кекетей атын каңтарып, Эңкейте тушап колуна, Салам айтып, заңк этип, Абдылда барды чогууга, Алик алып Карахан, Жат кишинин бири, деп, Желдеттерге тапшырды: — Алып барып жигитти, Көтөргөн үйгө киргиз, — деп, Он эки желдет жүгүрүп, Абдылданы күтүшүп, Бата–дуба кылышып, Тай семизин жыгышып, Суусунун үзбөй алдынан, Жакшылап мейман кылышып, Алек-далек жүгүрүп, Тикесинен турушуп, Али толук билген жок, Ким экенин угушуп. Муну койо туралы, Карахан кызы Каныкей, Ошондон кепти угалы. Абдылда келер бешимде, Олтурат эле Каныкей, Жибек чатыр ичинде, Ат дабырты угулду, Кулагына бир кезде. Угулган аттын дүбүртү, Карапайым жылкы эмес. “Кең Букардын ичинде, Атамдын аты Бозжорго, Жалгыз тулпар бар эле, Кармар кези боло элек, Кайдан чыккан дүбүрт?” – деп, Тура калды ордунан, Кандайлыгын билим, деп, Эки жагын каранып, Эшикке барды элеңдеп, Эшикке жакын барганда, Токтоло калды чебердеп. “Жайдары тууган жаш Манас, Алакөлдүн бойунда, Келип кетти эле – деп, Жиберсе ушул жиберет, Андан башка ким билет? Кыз он бешке чыкканда, Эстегени эр болот, Кеп айтканы кер болот, Байыртан калган бул бир кеп, Элдер айып кылбасын, Эр сагынып Каныкей, Эшикте чуркап жүрөт, деп, Эстүүлөр көрсө мейли эле, Эси жок көрсө уйат” – деп, Эшикке чыкпай шыкаалап, Келген эрди караса, Кызыл күрөң ат минген, Кыл куйругун шарт түйгөн, Кызыл чийкил жаш бала, Кылчайбай өттү айылга, Кашаттагы Карахан, Алдына барып калганын, Нөөкөрлөрүн ээрчитип, Көтөргөн үйгө барганын, Каныкей көрүп бардыгын, Эмне болор экен деп, Билгизбей эшик шыкаалап, Байкап турат акмалап, Жол жүрүп келген Абдылда, Эки күн өрүүн алганда, Уктап жаткан бир маалда, Букардын эли молдо экен, Азан айтты чуулдап, Коңгуроодой ар жерден, Коңур үндөр угулат, Абдылда чочуп ойгонуп, Ок жыландай толгонуп, Колу-жүзүн жуунуп, Белин бекем буунуп, Найзасын жалан тайанып, Карахандын үстүнө, Таң саар кирди шайланып. Кирпиктүү көзүн ирмебей, Карап турат Каныкей, Абдылда үйгө киргенде, Акырын басып иймене, Чатырдан чыгып буластап, Мончокторун бек кармап, Тушка келип турган кез, Кулак төшөп сөз тыңшап. Тезбесин тартып бүтүрүп, Бала баатыр Абдылда, Салам айтып киргенде, Олтурган экен Карахан, Жайнамаздын үстүндө. Алик алып Карахан, Абдылданы карады, Дасторконун жазышты, Нашта даамын татышты, Ошол кезде Карахан, Абдылдага айтышы: — Жолуң болсун, карайым, Өзүң чоочун адамсың, Кайсы жакка барасың? Кайдан келе жатасың? Ат жаратып минипсиң, Тон жаратып кийипсиң, Ат-тонуңдан байкасам, Алыскы жерден келипсиң, - Карахан сурап токтоду, Кой оозунан чөп албас, Коңур чечен Абдылда, Сөздү минтип козгоду: — Куу ылаачын менде бар, ханым, Куу баласы сенде бар, ханым. Сен куу баласын учурсаң, ханым, Мен куу ылачын шилтермин, ханым, Кара ылаачын менде бар ханым, Каз баласы сенде бар ханым, Сен каз баласын учурсаң ханым, Мен кара ылаачын шилтеймин, ханым, Мисалдуу айткан сөздөрдүн, Маанисин билди Карахан, Атактуу айкөл Манастын, Аларын билди Карахан. Бербеймин деп айтууга, Батынып оозу барбады, Улам сылап мурутун, Тил чыгарып жалмады. Качырсам деп калыңдан, Карахандын оозунан, Мамындай чыкты калың мал: — Каз баласын колумдан, Алар болсо Жакып бай, Жай жайлаган жайлоомо, Үч толтура мал берсин; Кыш кыштаган кыштоомо, Үч толтура мал берсин, Сан сарала ат берсин, Сан миң кара кой берсин; Айры өркөч кошпосун, Жону туйук нар болсун, Санаты толук миң болсун, Комуна асыл комдосун, Бирден жагдан арттырсын, Жибек аркан тартырсын, Жагданы куру болбосун, Ичинде аруу шай болсун, Мала кашка инектен, Саарыма уй болсун, Бир, эки деп санатын, Окшош баары жүз болсун, Эшигимдин алдына, Эки чынар ордосун; Бири күкүк, бири булбул, Эки кушту сайратсын, Бирөө сүттөн, бирөө май, Чалкыган эки көл болсун; Ушунун бары жам болсун, Анан болот көөнүм жай, Кем–керчи жок толтуруп, Кыз алар болсо биз жактан, Камынып келсин Жакып бай, - Алыстан барган Абдылда, Ээрчитип жүргөн кулу жок, Артынып жүргөн пулу жок, Атан төөнү баш кылып, Айдап барган малы жок, Абдылда өткүр эАрстан келип кеткени, Ойлонгон далай кептерди, Ойсуз акыл ойлонгон, Бир кол жоолук тордогон, Кылымдан өнөр арттырып, Асман, жердин арасы, Ай-күнүн кошуп карачы, Учарлыктан, тынарлык, Аккан дайра, чыккан чөп, Калтырып бирөөн койбогон, Кырк жылы сууга салбаса, Кир жукпас кылып болжогон. Чамадандан алыптыр, Чатырда туруп калыптыр, Аңгычакты Абдылда, Аттанып жолго салыптыр. Ар качан кичүү болор деп Каныкей ойго алыптыр, Тушуна туура келгенде, Туйлатып өтө берерде: — Тура тургун, бала,-деп, Каныкей доошун салыптыр. Кыздын үнү кыл кыйак, Кыңыраган үндү угат, Кыйа тартып Абдылда, Тура калат ушул чак. — Алыстан келген сен жигит, Алптын бири эр жигит, Келинди көрбөй боз алып, Кетесиңби, ээ, жигит? Кыргыздын наркы такыр жок, Кыз алчуу кайсы уул,деп, Атын атам уккан жок, Ким болот кыздын аты, деп, Оозуңан, уул, чыккан жок. Күйөөнүн атын кыз укпай, Кыз атын күйөө дагы укпай, Нарк болобу ушундай? Өзүңдө бир кур айып бар, Жөнөдүң элге кайтып бар, Менин атым Каныкей, Алуучуга айтып бар; Койнуңа муну сала бар, Каныкей берген белек,деп, Арстаныңа ала бар,- ???? меспи, Тартынып калар жайы жок, Тура калып ордунан, Куру кулдук урду эле, Карахан карап делдейип, “Курч экен – деп турду эле, Чоросу ушул болгондо, Төрөсү кандай экендир? – деп Ал ойлоно калыптыр, Куру кулдук урганга, Кыргыздын кылып каадасын, Беш тогуз кийит салыптыр, Алачадан бир тогуз, Суптарыдан бир тогуз, Булумдан койду бир тогуз, Караладан бир тогуз, Дүрүйөдөн бир тогуз, Жөн санаты бир тогуз, Карахандын жанында, Касып беттүү кары бар, Кыркалашып олтурган, Калк бийлеген дагы бар. Карахандын элине, Ырым кылбай Абдылда, Эки бөлүп артынып, Айылдан чыкты бастырып; Байа кулдук курганда, Капшыт ачып шыкаалап, Көрүп турган Каныкей, Эми калды шашылып. Акылы терең Каныкей, Ала көлдүн жээгинде, Колуна алып белекти, Абдылда жоолук карады, Ар боруму ажайып, Айран болуп таңданды. Эки айактуу пендеден, Ушундай буйум чыгабы? Кеп кутулбас Абдылда: — Айтканың чын, жеңеке, Берем деп атаң айтканда, Унутупмун бар ишти, Жарадым деп керекке, Келиним атын сурарга, Мунун барын көрбөпмүн, Жуучу болуп арага, Жолук жолго жакшы деп, Белек ала келбепмин, Таарынбагын балага, Күйөөңдүн аты зор Манас, Кош эмесе жеңе, — деп, Бастырып кетти Абдылда, Каныкейден бөлүнүп, Күн–түн дебей жол жүрүп, Алтын ордо тагына, Жеткен чагы Абдылда, Атын байлап мамыга, Бай Жакыптын үйүнө, Басып кирди Абдылда. Салам айтып киргенде, Алик алды Жакып бай, Тондордун көрүп чекесин, Бетин ачып көрсөм деп, Чычкыланды Жакып бай, Бакдөөлөт кайдан айасын, Алып келди тамагын, Арып келген Абдылда, Ачкылдан ичип алдында, Абдан ичип болгончо, Ачкан курсак тойгончо: — Кана балам Абдылда, Барган жериң бактыбы? Кыз көөнүңө жактыбы? Атасы кыздын ким экен, Кептин бетин ачтыңбы? Кудалашып сөз жайлап, Кулдук уруп баш байлап, Тетиги жаткан алегиң, Алып келген белегиң? – Жакып бай сурап жиберди. — Барган жерим бакты го, Кыз көөнүмө жакты го, Ала турган келиниң, Карахандын кызы экен, Каныкей деген ууз экен, Кудалашып сөз байлап, Кулдук уруп баш байлап, Кудалашып кайттым го, Кыз атасы Карахан, Санаксыз калың айтты го. Барып келген Абдылдаң, Кошкону жок апыртып, Койгону жок жашырып, Жай жайлаган жайлоомо, Үч толтура мал болсун, Кыш кыштаган кыштоомо, Үч толтура мал болсун; Сан сарала ат берсин, Сан миң кара кой берсин, Айры өркөч кошпосун, Жону туйук нар болсун, Санаты толук миң болсун, Комуна асыл комдосун, Бирден жагдан арттырсын, Жибек аркан тарттырсын, Жагданы куру болбосун, Ичинде аруу шай болсун, Мала кашка инектен, Саарыма уй болсун, Бир, эки деп санаты, Окшош бары жүз болсун, Эшигимдин алдына, Бирөө күмүш, бири алтын, Эки чынар орносун; Бирөө сүттөн, бирөө май, Чалкыган эки көл болсун; Чынарлары шагында, Куру бойдон калбасын, Булбул, күкүк сайрасын, Ушунун баары жам болсо, Алар көөнү бар болсо, Кеңеш кылып олтуруп, Кем-керчи жок толтуруп, Тездеп Жакып камынсын, Менин көөнүм жай кылсын, Куданын айткан калыңы, Ушул айтсам баарысы, Көп экен деп качпадым, Кулдук уруп таштадым. Куру кулдук урганга, Куданын берген белегин, Ала келдим алегим. Ырым кылып койчу деп, Бирөөнө бирди бербедим, Калганында сизди билет деп, Күндү болжо дебедим, Ушул үйдөн аттанып, Букарга барып келгенче, Ошол менин бар кебим, - — Карахандын белегин, Кишиге бербей келгениң, Аның жакшы, балам, — деп, Карап калып далайып, Каргылданып муңайып, Оң жагына толгонуп, Ок тийгендей дыңылдап, Сол жагына толгонуп, — Кана, бала Абдылдам, Болбос ишке чарпылып, Келгенде сенин пейлиң бар, Түшкө кирсе корккондой, Калың малдын кеби бар. Торусун элден аларбыз, Тотусун кантип табарбыз? Буурулун элден аларбыз, Булбулун кайдан табабыз? Аласың элден аларбыз, Алтынын кайдан табабыз? Күлүгүн элден алабыз, Күмүшүн кайдан табабыз? Башкасын эптеп табабыз, Май көлүн кайдан табарбыз? Сүрөөсүн журттан аларбыз, Сүт көлүн кандай кылабыз? Алам деп Манас бир катын, Куруп калган кыргыздын, Кыйноого салат турбайбы, Кызыл ээк чалдарын, Кызыл муштум балдарын! – Жакып бай муну айтканда, Тура калып Абдылда, Кармап тартып бир алек, “Арстанын көрсө бир белек, Көңүлү тынчып жай алат, Кудалыгы ырас деп” Атына минип Абдылда, Жөнөп кетти Манаска, Азыркысын жаш Манас, Алтымыш уруу алашка, Арка болор баш Манас, Каныкей эске түшкөндө, Кызылдай анда мас Манас. Абдылда алыс кеткени, Жатса уйку келеби, Ай эсептеп күн санап, Абдылда келер маалы, деп, Кырк жигитин ээрчитип, Каргылуу тайган ит алып, Жагалуу шумкар куш алып, Абдылданы тосоттоп, Карап жүргөн болучу, Жакып байдын үйүнөн, Аттанып жолдон салганда, Айкөл Манас баатыры, Учурап калды алдында. Абдылданы көргөндө, Арсаңдап күлүп жиберди, Кыл мурутун имерип, — Бала баатыр жолборсум, Ачык жолуң шар болсун, Барып кайта келдиңби? Канжыгада алегим, Кудалыктан келдиби? Адам айтар эме эмес, Өзү менде болсо да, Пери ага тең эмес, Батыраак айтчы баатырым, Кандай болду кеп кеңеш? Карахан кызы каапырды, Бет маңдайдан көрдүңбү? Тулку бойу турушу, Бар жумушун билдиңби? - Шашыла сүйлөп Абдылда, Барганынан, келгенин, Калтырбай айтты бар кебин: — Барган жерден, падышам, Куру кайта келбедим, Куда болуп баш байлап, Кулдук уруп сөз жайлап, Кубаныч менен мен келдим, Беш тогуз эле санаты, Атакеме бергемин, Куру кантип кетем деп, Ала келген алегим. Ал Карахан кызы Каныкей, Алып келдим мынаке, Сизге берген белегим, Койун-калта жанчыкка, Колун салды Абдылда, Каныкей берген жоолукту, Кармата берди колуна. Бетин ачып карады, Берен Манас таң калды. Кеп кылган болуп кабылан, Как жүрөккө басканы. Калың малды калтырбай, Баарын айтты Абдылда. Жакып байдын сөздөрүн, Жалгап айтты Абдылда. Кармалуу жоолук колунда, Кылчайып артын карады, Турат жоолук боорунда, Чубак көрсө сурайт деп, Караган экен ойунда. Жоолукту салып жанына, Акылы токтоп жайына: — Кана баатыр Абдылда, Камыналы кечикпей, Караханга барууга, Карасур болгун Каныкей, Каадасы менен алууга. Мал айап андан болобу, Айанган бенде оңобу? Бай Жакыптын көп малын, Упуратып койолу. Элге кеңеш салалы, Келер айда баралы, Талапты берсе жасаган, Каныкейди алалы, Жубайым болсо Каныкей, Кубанбасмын мен Манас, Теңдешим болсо Каныкей, Мени тербелтип бенде жеңе албас, Буйрук берип чорого, Эл чогулду ордого, Жамгырчы, Балта – карылар, Атасы Жакып байы бар, Текечи, Шыгай дагы бар? - Абаң Бакай, Эр Чубак- Алптарынын баары бар. Кийигинде оп-окшош, Кыргыл баштап кырк жолборс, Баары келди чогулуп, Олтурушат койулуп, Тандап туудан сойдуруп, Кымызга балдан коштуруп, Дасторкондун үстүнө, Ар түрдүүдөн толтуруп, Куурдак менен май койуп, Килтилдеген жал койуп, Алтындан чакан чөйчөккө, Каадасы менен чай куйуп. Бата кылды калган эл, Аш тамагын жеп болуп. Көйкөлгөн түзгө чогулуп, Үй мүйүз тартып олтурду. Анда Манас кеп айтты, Кеп айтканда деп айтты: — Бай Жакып менин атамсың, Жамгырчы, Шыгай, Текечи, Атама тууган агамсың, Ак балта жакын тагамсың, Байжигит менен Кыпчакбай, Катардагы байларсың, Кулак салып тыңдаңар, Ушул менин айтарым, Тойдун камын кылсаңар, Катын алмак Манасың. Манас, Манас болгону, Манас атка конгону, Уулум катын алсын, деп, Атам айтып койбоду. Калчадан алдым Накылай, Калмактан алдым Карабөрк, Өзү алды деп ойлоду, Атам эмес бу жүргөн, Агаларым айтпадың, Энем аман бар турат, Же тайым Балта айтпадың, Кең Букардан кыз көрүп, Кенедей жерде кири жок, Кетиксиз айдай ууз көрүп, Алып берсин аны деп, Абдылданы атайын, Мен атама жибердим. Абдылданы бай атам, Кең Букарга жумшаптыр, Абдылда айтып келгенде, Калың малын арбын, деп, Ары-бери толгонуп, Асыл жанын кыйнаптыр. Ушунуңар жакшы ишпи? Уул үйлөбөй өтөбү, Уулу үйдө бар киши? Букардын ханы Карахан, Ошонун кызы Каныкей, Опсуз ишмер деп угам, Эп келсе турган баарыңа, Ушуну алсам деп турам - Абдылда барып келгенин, Элдин баары билиптир, Өзү бир күн айтар, деп, Унчукпастан жүрүптүр. Такалган жерде кеп тапкан, Талкаланган сыныкка, Дары салып эп тапкан, Турду Бакай ордунан, Тунук сөз чыгып оозунан: — Айтканың жөн, сөзүң ак, Асыл Манас кулунум, Оо, Жакып бай, кебин ук, Белдүү Манас уулуңун. Кыдыртып калмак кыйнады, Кырааның атка мингени, Кыргызды кайта жыйнады, Жаш баладай кептенип, Жаман ишти кылбады, Акылдуулук белгиси, Эмгичекти, Жакып бай, Оозуңду карап турганы: Аксакалдуу хандар, деп, Агаларын сыйлады, Ушуларын карасак, Ойротто жок кабылан, Ак көрпө жайыл турбайбы. Ак көрпө жайыл кызыл меш, Арзандык менен адамга, Мындай адам болбойт кез, Бүтүрөлү камын жеп, Бул олтурган ишин тез. Оо, Жакып бай карыйа, Алты хан бүгүн элиң бар, Эминеден кемиң бар? Бүгүн кетсе бир түп мал, Эртең кайра табылар, Камыналы бачымдап, Хандар, карап турбаңар. Кабылан Манас тойлугу, Дайардыкты кылыңар!

Баатыр Бакай күпүлдөп, Макул болуп баарысы, Алдырашып дүпүлдөп, Жакып байдын үйүнө, Келип-кетип кыргыздар, Тынбай калды дүбүрөп. Кабылан Манас баатырың, Тойго кабар кылган жок, Укмуштап угуп алгандар, Малын айап турган жок. Алты шаар Анжидан, Айры сакал Сынчыбек, Алтынын куйуп сомдотуп, Атандарын комдотуп, Ал жөнөттү колбутуп, Керүүсүнө Белсаздын, Келген малдар котолоп, Жакып бай камын кылыптыр, Чачылоого төө комдоп. Алтымыш нарды комдотуп, Ком жыгачы сары жез, Жабууларын оңдотуп, Ичине түрдүү шай салып, Жагдандарын оронтуп, Килемден жабуу жаптырып, Алтымыш нарды жөнөттү, Жибектен аркан тарттырып, Сомдогон алтын жүктөгөн, Төөнүн саны он эки, Он алты төөдө ак күмүш, Адам кылгыс бир жумуш, Айдап малды жөнөттү; Жасоолчулар чубуртуп, Козгоол салды колбутуп, Алтымыш миң киши айдап, Алы келбей чуркурап, Энесинен адашып, Тай-кулундар чыркырап, Бурулгуп чыкты обоого, Учуп жаткан топурак. Аңгычакты аттанды, Айкөл Манас, Бакайы, Аким Чубак, кырк арстан, Кыргыл чалы баштаган Төрт жүз сексен кошулат, Бай Жакып минген Туучунак, Байбиче минген Бозжорго, Кош кулагын кайчылап. Каркайган кары чалдары, Калбай бары барганы, Акбалта, Шыгай, Жамгырчы, Текечи, Жакып, Байжигит, Ажырашпай бир жүрөт, Арстан Манас ал дагы, Калган эл түгөл барышып, Астыга малын салышып, Айдаган малы алты сан, Аңгилери алышып, Тай-кунаны жарышып, Кулундары короңдоп, Куйругун сыртка салышып; Букалар келет мөөрөшүп, Бууралар келет жөөлөшүп, Койлор келет маарашып, Баспай жолдон жадашып. Айдаган малдан чыга албай, Аркар, кулжа кошулуп, Кулжасы кочкор окшошуп, Адырда ачык жер келсе, Тура калып топтошуп, Тоо текелер калжактап, Так түйүлүп дардактап, Жейрен келет сербеңдеп, Кулжалары дердеңдеп; Бугулар келет тарбаңдап, Таноолору барбаңдап, Алтымыш айры мүйүзү, Ала бакан каркаңдап; Эликтер келет молтоңдоп, Төөкийик келет колтоңдоп, Пилдер келет томпоңдоп, Куйруктары чолтоңдоп; Жолборс келет суналып, Илбирс келет чубалып, Шери келет чакчаңдап, Айуулар келет саксаңдап, Карышкыр келет култуңдап, Түлкү келет кылтыңдап; Сүлөөсүн келет сумсайып, Суусар келет суйкайып, Ачкүсөн, карсак аралаш, Кете албай малдан аралап, Жыландар кайыш ийленип, Кирпи-чечен, ташбака, Талкаланып түгөнүп, Кескелдирик, батмачык, Кирерге тешик табалбай, Амалы кетип куруду, Майда-барат айбандар, Келе жаткан адамдар, Көтөргөн күрзү балбандар, Миңди бирге санаган, Илеги жоон сардардар, Калк башкарган кат бийлеп, Таажы кийген хандар бар. Белинде кемер алтындан, Келишкен нечен улан бар, Айдаган малдын ичинде, Боз чаар туубас кулан бар. Көптүгүнөн караандын, Канаттуу учуп чыга албай, Күн батканча зыпылдап, Конолгого жете албай, Калдайып бүркүт соолуптур, Жорулар байкуш болуптур, Тоту куш булбул дегендер, Кой башына конуптур, Калыңга айдап барган мал, Кең Букарга толуптур, Муну көргөн Букарга, Чоң коркунуч болуптур, Айдаган малды караса, Айланага тамаша, Айгырлары аркырап, Бээ кишенет даркырап, Энесинен адашып, Кулундары чыркырап, Жылкы келди түгөнгүс, Санатын санап жан билгис, Дүң-дүң басып томпоңдоп, Пил келиптир Букарга, Инек-өгүз аралаш, Уй келиптир Букарга, Ирик, кочкор, соолукту, Кой келиптир Букарга, Эркеч теке аралаш, Эчки келди Букарга, Алдыңкы ээрди шалпайган, Азууулары аркайган, Өркөчтөрү каркайган, Капталдашып жөөлөшкөн, Тизелерден тиштешкен, Ингендери боздогон, Тайлактарын жоктогон, Атан буура аралаш, Инген тайлак чамалаш, Төөлөр келди Букарга, Аркар, кулжа тебишип, Эчки теке жарышып, Адырды карай салышып, Агынды бойлоп бугулар, Маралы кошо мунун бар, Элик менен куран бар, Жейрен менен кунан бар, Төөкуш менен бөкөн бар, Кайып келди Букарга, Жорулар келди далбаңдап, Бүркүт келди калдаңдап, Карчыга келди кыпылдап, Кыргыйек келди зыпылдап, Кара турна чуйкулдап, Кошулуп кузгун куркулдап, Аккуулар келди сабалап, Койго конгон булбулдар, Канаты талып кургулар, Тотукуш, күкүк бу да бар, Канатуу келди Букарга, Карахан келип дал болуп, Бетинин каны жоголуп, “Төлгөдөй айтсам кебимди, Толкундуу деңиз келгенби? Качырып айтсам кебимди, Каптаган селдей келгенби? Эми кетти чамам–эп, Эсебин кандай алам?-деп, Жер чөбүнөн көп турат, Өлтүрбөй кантип багам? — деп. Тумандап ойу Карахан, Турган кези кайгы жеп. Баш билгилер чогулуп: — Калың салдың Карахан, Мал жеймин деп Манастан, Букараңды тебелеп, Кетет белең келген мал? Эки жүз нарда бар экен, Кой чачылоо аркан зар, Тепсенди болуп өлбөйлү, Такыр ушул турган жан!- Деп ошентип турганча, Ачып көздү жумганча, Туучунак минип алкылдап, Ак сакалы жаркылдап, Өңү кызыл үлпүлдөп, Үнү бийик баркылдап, Анын арты жагында, Бозжорго менен чайпалып, Ак байбиче чалкайып, Ак элечек чаңкайып, Он беш катын котчусу, Келип калды такылдап, Анын арка жагында, Асаба колдо калкылдап, Алтындуу саадак жаркылдап, Найзанын учу кагышып, Кетүүчүдөй салышып, Боз кисе жанда салпылдап, Кара курттай быжылдап, Бай Жакыптын чакырган, Эли келди кыжылдап, Карахан баштап букарлык, Тосуп турду кыңылдап. Жер козголуп сүлкүлдөп, Балбандар келди күркүрөп, Акбалта менен Жамгырчы, Кыргыл баштап кырк арстан, Көргөндүн бойу дүркүрөп, Сийдиги агып бүркүрөп, Ордунан коркок кобо албай, Бут шилтенбей бүжүрөп, Ат дабырты андан көп, Жер айрылып дүңкүлдөп. Көк жал Манас баатыры, Күйөөлүк жолун күтүп тур, Көз көргүс жерге түшүптүр, Көргөн жүрөк үшүптүр, Бай Жакып жетип келгенде, Карбаластап Карахан: — Топурак учуп чаң басып, Туманда калды биздин шаар, Байлык менен мал айдап, Кыз алганы келдиңби? Кыйактуу найза көк желек, Бизди алгалы келдиңби? Жез оймоктун чыганы, Узду алгалы келдиңби? Баатырың көп барчаң көп, Же башты алгалы келдиңби? Кудалашып мал айдап, Келгениңби Жакып бай? Коркуп турат жүрөгүм, Теги болбой көөнүм жай- Бастырган бойдон түз барып, Колунан кармап бай Жакып, Кадырлуу куда, сыйлуу сөөк, Биз болобуз Карахан, Кылыгың түздө, кыз үйдө, Сен болосуң Карахан. Асмандагы жылдызды, Сууда жүргөн кундузду, Башымдагы чачымды, Оозундагы тишимди, Сага арнадым Карахан, Оңдосоң боло ишиңди, Тескештирип түшүргүн, Куда болгон кишиңди. Уулум Манас са буйруса, Каныкей кызым ма буйурса, Оңсом берем орусту, Олуттуу берем конушту. Алайа тиктеп койгондун, Тилегин шордой катырам, Өлбөй аман мен турсам, Кыйыктанып калабы, Балаң Манас жумшасам?- Деп Жакып бай айтканда, Карахан көөнү тыныптыр, Калдайып элди ээрчитип, Коноктун камын кылыптыр. Эки жүз кемпир кап сөгүп, Бул эмине көп дешип, Жамбаштыгы тогуз тай, Жандаган катын такыр май, Тел болуп башы айланды. Жеңе болгон катындай, Баатырыңдын жамбаштык, Батырып жыйнап ала албай. Апкааарып баатыр Манастан, Жеңеси алып баса албай, Каныкей үйдө олтурду, Өзү келип кала албай, Ээрчитип эки жеңесин, Түнүдө барды баатырың, Чырым уйку ала албай. Чыдап тура албады, Уктап жаткан Канышты, Маңдайынан сылады. Чочуп кетип Каныкей, Койнундагы канжарды. Сабынан кармай алыптыр, Кармаган колго баатырды, Билекке сайып алыптыр, Таарынгансып Канышка, Кылчайбай кетип калыптыр. Уйкудан көзү ачылып, Өзүнө-өзү ачынып, Кийингиче шашынып, Эшикке чыгып буластап, Токтой тур деп чакырып, Акырын сүйлөп кыңгырап, Ак буладай зыңгырап, Жагымдуу башка кеп келет: — Айкөл Манас ойлоп көр, Айымчыл келет биздин эл, Каадалап келип той түшүп, Катын алган сиз эмес, Караңгыда жетелеп, Ээрчитип алып кетүүчү, Жесир катын биз эмес, Эр атанган журт бийлейт, Эл башкарган кишиге, Ушунуң жакшы иш эмес, Каадалап келип олтуруп, Кайтып кетер сен эмес, Кете берсин мейли деп. Кала берчү мен эмес, Караңгыда калдырап, Жаш баладай алдырап, Минтип жүрүш кайсы кеп? Эртең эле апалап, Жеңелер жолдон жетелеп, Үстүңө араң киребиз, Эт жүрөк коркуп энтелеп, Эртең эле санаага, Буйруса Аллам жетербиз, Чоголдук кылып койупмун, Көкжалым өзүң кечирсиз- Кашкайа сүйлөп жылмайып, Каада айтып турду эле, Эрежеге жыгылып, Эр Манас мойнун бурду эле, Кабылан Манас баатырды Каныкей сайды дегени, Ушунчалык кеп эле. Алты күнү ат чапты, Эки күнү жамбы атты, Эр сайышып күрөшүп, Мөөрөйүнө жакын үрөшүп, Эки күн өтүп кетиптир, Кийик салыш, той тартыш, Баш-айагы жоголуп, Отуз күнгө жетиптир. Жатарына бир үйдү, Коногуна бир үйдү, Ашканага бир үйдү, Тааратына бир үйдү, Жамдап берди беш үйдү. Он эки нарга бир үй жык, Бул түгөнгүс арбын мүлкү, Бай Жакып чыкты Букардан. Келинди алып көчүрүп. Самаркан келип жатышты, Жыргалдын даамын татышты, Күлүп ойноп жаркылдап, Көп кыргыз көөнүн ачышты. Муну мындай таштайлы, Көкөтөйгө Бокмурун, Аш бергенден баштайлы.