Сынчыбектин тактыга отурушу
Сарбаздар атты жетелеп, Жүгүрүшүп энтелеп, Калдаңдашып ашыгып, Кары жашы шашылып, Калдалаңдап жүгүрүп, Кашкалаңдап сүйүнүп, Аттарын туура тартыптыр, Үзөңгүгө бут салып, Шаардан чыкты аттанып. Кокондон чыгып тоо бойлоп, Ташкенди карай түз басып, Журт аралап жүрбөдү, Тийбеди элге тимеле, Кең Ташкендин четинде, Самаркан жаккы бетинде, Боз бел деген жер экен, Ой менен тоосун белгисиз, Түнөргөн токой чер экен, Көргөн менен көрбөгөн, Уккан менен укпаган, Кайберендин кени экен, Берки бет боз белгин, Кырчындуу деген жер экен, Жер-жемиши мол экен, Анча-мынча алмасы, Кой башынан чоң экен, Жолборсу бар шери бар, Азулуунун ээри бар, Аралап адам кире алгыс, Түнөргөн токой жери бар. Кара суу агып шаркырап, Эртеден кечке жалбырак, Шамал тийсе шылдырап, Үн алышып канаттуу, Сайрап жатат чуркурап, Мурунга кирсе аңкыган, Жыты сонун буркурап, Кара бура кашкалдык, Каркырда жүрөт жорголоп, Коркок жандын барысы, Токойго кирип корголоп, Эликтер жүрөт молдоңдоп, Төө куштар жүрөт койкоңдоп, Токойдо каманкабышып, Куландар ойноп жарышып, Бугусу сазды бойлошуп, Аралды марал топтошуп, Өрдөк, казы аралаш, Көлдөн балыр оттошуп, Булбулу сайрап үн салып, Муңдуу менен муңканып, Жөө бастырбай адамды, Белден чөбү чулганып, Кыз чачындай чырпыктар, Сыдырымда ыр чалып; Күкүк, зейнеп – эки ашык, Чакырышып үн салып, Мунарыктап буу басып, Турган экен Кырчынды, Күн тийгенде көл сасып, Эки күн жатты жай алып, Өргүтүп атын дагы алып, Айкөл Манас баш болуп, Бир белге чыкты чубалып. Кароолчу турчу бел экен, Кайгуулчунун жолу экен, Эки жагы жалама, Орто жери ач белес, Ашуучу жолу ушу экен. Эндекей турган кароолчу, Элебей калган болуучу, Алдында келген Ырчы уулга, Катташып калды кароолчу, Ырчы уулду көргөндө, Кайра тартып качарга, Аты жок минген алдында, Жетип барды жанына, Кароолчу айтты камына: — Келбей туруп жооп бер, Жакындабай жаныма! – Ороолонуп Ырчы уул, Орой сөзү мына бул: — Кароолчум, өзүң сен бир кул, Келбесем кайда барасың?! Келсем эмне кыласың?! – Кароолчуга Ырчы уул, Оолуга кетти сүйлөнүп, Жан алуучу эмедей, Жаасы катуу сүрдөнүп, Жалгыз эмес Кароолчу, Алты-жети киши экен. Жоросуна ишенип, Чороңдогон иш экен, Ырчынын сүрүн көргөндө, Баардыгы турду сүрдөшүп, Айдабалды чогултуп, Алдына салды дүрбөтүп. Бер жактагы элдерге, Алып жетип келди эле, Кароолчулар алдырап, Билгени айтып саламды, Билбегени балдырап, Башын салып шылкыйып, Баары турду жалдырап, Сүйлөсө тили күрмөлбөй, Мууну кетип шалдырап. Анда Ажыбай муну айтат: Кароолдо турган адамдар, Кайра элге баарыңар, Ханың – Банус, Карилип Бизден кабар салыңар, Менин айткан сөзүмдү, Унутпай эстеп алыңар, Бүлүктү мурда салыпбыз, Тынч жаткан кыргыз элге, де, Кабылан Манас келди, де, Боз белдин кайкы белин, де, Кайгы салбайт экен де, Камсыз жаткан элдерге, Так он күнү күтөбүз, Келе албасаң он күндө, Жылкыңа кайдан тиебиз? Ташкен деген калааңа, Талкалап бузуп келебиз! Араникте калмакка, Каралашты Банус хан, Эми келип Ташкенге, Аралашты Банус хан, Кыргыздын малын чабышы, Бардыгынан эң жаман! Белдүү болсо Карилип, Келсин мында Аламан, Кол куушуруп жолукту, Чоң Кокондо Сынчы хан, Кол салышып урушса, Биз коркпойбуз кыргыздан, Аңкоолук кылып алдаса, Алалбайбыз мал-пулдан? Банустан кечер жери жок, Баатыр Манас кабылам. Турбагыла жалдырап, Элге барып кабар сал, Ханың – Банус, Карилип Эки дөөгө айтып бар? – Ажыбайдан кеп угуп, Кутулдук деп ажалдан, Кароолчу кетти чубуруп, Кыш жакындап калган кез. Тунарыктан суук болуп, Бугунун жешип жайасын, Аң кийикке кызыгып, Элешти тоонун арасын. Күндө сонун атышып, Тамашага батышып, Тоо текенин чоңунан, Көп бөрү кылып тартышып, Ойунга булар батыптыр, Айткан он күн болгунча, Ушинтишип жатыптыр, Койуп берген кабарчы, Ханына кабар айтыптыр. Банус менен Карилип, Чоңдору бирге отуруп, Масилетин кылышты, Акылдарын толтуруп, Элдешүүнү эп көрдү, Көбү чайнап баштарын, Ичинде мындай ой туруп: “Алдыңкы элдин кегин кууп, Манас келген турбайбы, Жыпжылма түптүз кылбайбы? Беттешип чыксак белсенип, Араниктей кырбайбы?! Ким күнөөлүү, кимдер сак, Көпчүлүктү ылгайлы? Шорубуз кайнап,туз татып, Ажал жеткен турбайбы?!”– Карилип буга болбоду, Урушарды болжоду, Эркин өскөн керилип, Уруштан калбайт эринип, Бекер жатып калаада, Калган болчу эригип, Барабан уруп, баң тартып, Аскерин жыйды желигип, Чогултуп черүү чубатып, Төөсү менен нарына, Огу менен дары артып, Ок өтпөгөн тон артып, Жоо жарагын мол артып, Азык-түлүк дагы артып, Казандын көтү карарган, Түтүндөн бирден киши алып, Айдап чыкты черүүсүн, Артынан жегин чубалтып, Ырысын кыркып кыргыздын, Аламын деп эр сайып, Боломун деген ойдо жок, Өзүм бир күн чоң майып, Калаанын чыкты четине, Ала байрак туу жайып, Карилип, Банус келди, деп, Арбын экен, мейли, деп, Кылычка камап кырылтып, Жок кылабы элди, деп, Айкөл Манас баштаган, Айчыгы алтын туу менен, Урушаар жерин белгилеп, Чатырын тигип жайылтып, Асабаны сайылтып, Аңгычакты Карилип, Чыгарды бирөөн камынтып, Темир деген неме экен, Тентектин бири ал экен, Бадакшан менен Ташкенде, Таанылып жүргөн жан экен, Дайынсыз киши кептенбейт, Чоң баатырдын бири экен. Башканын барын элебей, Манас менен сайышып, Бир беттешсем дээр экен, Карылып менен Бануска, Бул айтканы Темирдин, Мурдатан айткан кеп экен, Минген аты Актуйак, Токтоно албай ыргыштап, Ачуусу келип Темирдин, Муштумдай уйгак кыл чайнап, Айбаттанып алыптыр, Азуулары кычырап, Калканы жонго тартылып, Көк Темирдин артынып, Алдында чыкты жекеге, Калганы жок тартынып, Кетем деген ойу бар, Көк дүйнөсүн тар кылып. Желип чыкты бөлүнүп, Желмогуздай көрүнүп, Караганга айбаттуу, Каары жүздөн төгүлүп, Кара туман, бороондун, Аркадан чаңы сөгүлүп. Саргыл аттуу Затай деп, Кырк чоронун бир эле, Чоролукка келгели, Жетпеди жеке дээр эле: Балдардан барсын бүгүн деп, Падыша Бакай айтканда, Айы тууп асманда, Затай чыкты майданга, Сан аттагы күлүктөн, Саргыл атын чуратып, Эки кулак чуңайтып, Булгай кармап колуна, Бөрү тилдүү найзаны, Буруудан чыккан жолборстой, Бурулбай типтик качырды, Аргымагы алдында, Кош кулагын жабырды, Жолу каткан Темирге, Жеткенде найза батырды, Заттай мыкты эр эле, Темирдин шорун катырды, Токто кылбай аңгыча, Тотой тажик бакырды, Ыгын тапкан сайардын, Затай андан атылды, Бакырып кирген Тотойго, Катуу тийип ошого, Желегин жерге жапырды, Желденип турган капырды, Жеткен жерде эр Затай, Тотойдун шорун катырды, Көмөрө сайып карчыттан, Тоңкойтуп жыкты атынан, Таталан деген жөнөдү, Темир, Тотой дартынан, Келген менен Таталан, Кетип калды артынан. Кетиркей деген бар эле, Өзү калча калкынан, Кара мүртөз кан ичме, Баш алуучу каапырдан, Бар жарагын жам кылып, «Банус хандап» бакырып, Банустун атын чакырып, Саргыл аттуу Затайды, Жеткен жерден найзасын, Как сорууга батырып, Ыргыта сайып өттү эле, Жыгылды Затай аттан, деп, Алжандардын Атайы, Ат койгон бойдон жетти эле, Ажыратып Затайды, Кетиркейге бет келди, Атайга найза сайдырбай, Ыргыта койуп өттү эми, Жыгылып Атай калганда, Үйшөн Үмөт жетти эми, Жеткен менен болбоду, Кетиркей чочко оңбоду, Оролуп найза сайалбай, Бир кызыкка баталбай, Үйшөн үмөт жыгылды, Оңолгончо Кетиркей, Жетти Жайсан кечикпей, Ыргыта сайды Жайсаңды, Кетирбей калча теңсиңбей, Аргындын Каракожосу, Акбоз атын аргытып, Артынан чаңы баргытып, Атырылып, каргытып, Жеткен жерде бул дагы, Оодарылды сайдырып, Беш баатырды Кетиркей, Эрдигинен тайдырып, Найза жеген жаралуу, Кийимдерин кан кылып, Кылка мурут Абдылда, Эми чыкты ачынып, Дөңкүрөң деген күлүктү, Дүпүлдөтө бастырып. Дөкүрсүнгөн Кетиркей, Абдылданы элебей, Көп чоронун бириндей, Көргөн жерде качырып, Көмөлөтө сайам, деп, Кетиркей келет бакырып, Бабыраган калчадан, Калабы аның шашылып? Сундуруп сайган найзаны, Кол балта менен какканы, Найза каңгып кеткенде, Чоң балта менен чапканы. Абдылда чапкан оңобу, Ал Кетиркей кобобу? Чачырап мээси жарылып, Бул жалгандан жоголду. Дөңкүрөңдү ойнотту, Өчөшүп келген душмандан, Онду Абдылда сойлотту, Бир түнү түшпөй атынан, Сүрүп чыгып таң атты, Эртеси күнү кечинде, Абдылда кайра тартканда, Жайына түшүп эл жатты, Ыкчылдардан чыгарып, Элден четин чардашты. Күн бүркөлө чүмкөнүп, Күүгүм түшүп күдүңдөп, Күндүзү түндөй бүрүлдөп, Жаман жаап алыптыр, Кооп турган кишинин, Колтукка тайап барыптыр, Аңгычакты болбоду, Карылып менен Банустан, Элчи келип калыптыр, Элчилер алып кат келди, Катты алып бат келди, Келген элчи төрт экен, Ырысына кыргыздын, Жаралган Сыргак өрт экен, Эреже билген эр Бакай: — Алдынан тосуп барыңар, Сыйлап аттан түшүрүп, Алып келе калыңар. Аруулап кийим кийгизип, Айабай тамак жегизип, Анан мында кириңер, Адилдикти билгизип, - Мындан мурда буларга, Башкадан элчи келбеген, Өздөрү барып көрбөгөн, Элчинин жолун билбеген, Бакайдан угуп бар кепке, Басып Сыргак келгени, Аруулап кийим кийгизип, Абдан тамак жегизип, Алып келип элчини, Хан чатырга киргизип, Каадасын жандын билгизип, Асылдан буйум салышып, Элчинин катын алышып, Катка көзүн салышты, Каттан кабар алышты: “Биз катылдык сиздерге, Келдиңер жылып бул жерге, Күн жаады, элди кар басты, Биздин черүү аздашты, Биз армансыз бололу, Алты ай болсун болжолу, Карыйа бар, жашы бар, Ноокасы бар, сагы бар, Кызыл мучтум балдар бар, Кызыл ээк чалдар бар, Бири калбай кырылып, Кетер бекен ушулар. Уруксат болсо биздерге, Жайга чейин турушсак, Убал болор бекендир, Кыштын күнү урушсак, Карга кошуп эл кырсак: Төрт жүз сексен экенсиз, Алты айча биз баксак, Барыбызга эп келсе, Алты айча тынч жатсак”. Катты окуп чыкканда, Кептин баарын укканда, Кебелбеген эр Манас, Мындай деп катты жаздырды, Калдайта мөөрүн бастырды “Кызыл ээк кары деп, Кызыл муштум балдар деп, Кырылып кетер такыр деп, Бул айтканың ырас кеп, Башкага бүлүк салбайлы, Банус менен сени, деп. Айтканыңар бек болсо, Жалганы жок кеп болсун, Чоң токойго жанабыз, Эртеңки күнү биз болсо, Бозбелди ашып түшөбүз, Толгончо айды күтөбүз, Бизден күмөн кылбасын, Эркинче жатып жыргасын, Бир кепти эки дебейбиз, Бирөөдөн бир мал жебейбиз, Ачып койсун базарын, Аштыгына пул алсын, Барып келген кишиге, Аган азар салбасын. Эркинче сатып мал берсин, Арзан берсин дебесин, Күн жылысын, кар кетсин, Болжолдон калбай келишсин, Ушунчалык элчилер, Менин жооп беришим”. Элчилерди жандырды, Элдин көөнүн жай кылды, Барып келип жүрүшүн, Баарынын жолун шар кылды, Бозбелден ашып алышты, Калгандар ойлоп жүрүшкөн, Чоң Коконго барышты, Бек тапшырды тосоктоп, Айкөлүң ойлоп ар ишти: — Көз жиберип караңар, Чоң Коконго барбаңар, Жалган болот кебиңер, Бузулуп кетет пейлиңер, Мен токойдо турам деп, Айтып койдум бир жери, Ооздон чыгып эме эле, Бузгандан болбойт ал кепти – Айтканын кылып арстандын, Бир кыш токой жердешти, Антип минтип кыш кетти, Күн жылуучу кез жетти, Опсуз жааган калың кар, Жер карайып кетпеди, Үчтүн айы кез экен, Алты ай али бүтпөдү, Токойдун жээги көктөдү, Баскан изиң борпулдап, Жер көгөрүп көпкөнү, Бакай айтат бир кепти, Манас, Чубак болушуп, Абыдан чындап кеңешти. — Күн жылыды, жаз болду, Эгин эгер чак болду, Үч ай жатып бепбекер, Эрдин баары бук болду. Токойдон ачып жерлерди, Төшөртөлү эрлерди, Эмгегибиз бул биздин, Ыраазы кылсын элдерди, - Чеберленип таптырып, Сары өзөк талдан чаптырып, Башы менен салына, Айабай шынаа кактырып, Буурсунду жасап бүтүрүп, Аттарды кошко түшүрүп, Тукумду койду чачтырып, Чырпыктан мала тарттырып, Кар суу менен айдатып, Кийин азык каздырып, Үрөн жерден чыкканда, Кара тобо бастырып, Бир чеч кап тукум кеткен жер, Бирден үйгө бактырып, Акысын берип алтындан, Анан тору беришти, Эгин баккан эрлердин, Абыдан көөнүн жай кылып, Болжолдун толуп убагы, Эгим карап турбады, Бозбелди ашып, ат койуп Ташкенди көздөй чубады, Кыргыздын эккен эгини Кыйын чыкты анда, деп Кабарын кыйын угады. Бүгүн эртең келет, деп – Банус хан менен Карылып, Тайарланып турушту, Эндекей жаткан Букара, Кулак угуп, көз көрүп, Болуп жаткан жумушту, Ичинде тилдеп жандарын, Куйкалары курушту. Той берген жерге чогулуп, Топтошуп булар барышты, Тегеректен олтуруп, Манастын кебин салышты: “Манас мыкты эр экен, Кыргыз пейли кең экен. Канча десең талашпай, Казып жеткис кен экен, Калкты коргоп күйүнгөн, Кайсы улук буга тең экен? Кыштай жатып боз белде, Чычкак улак дебеген, Колундагы Кокондон, Кол бутун сойуш албаса, Талаада жүрөт мал бекер, Жанына басып барбаса, Базар болсо турган жер, Кыйбат сатып арзанды, Байып кетти эчендер. Жазында эгин эгишти, Албады алым бир киши, Бактырып эгин элдерге, Алтындан акы беришти. Ушулардын баардыгы, Адилдиктин белгиси”. Бардыгы мактап чулдап Жаман дебей бир киши; Манасты таштап койушуп, Кыргызга көзү тойушуп, Банус хан менен Карылып, Кебине мунун киришти: “Насар адам Карылып, Ээлеп алды Ташкенди, Келтирген тыйын пайда жок, Күндө алым бер деди, Аз келгенсип Карылып, Банус кошо келди эми, Бирөө жебей экөө жеп, Күндө турса келе деп, Ким жактырат муну эми? Жик чыгарбай турабы, Эки-үч күндүн ичинде, Булар уруш кылабы? Ушу күнү жылт койуп, Манасты карай жылалы. Жык чыгарсак шек берип, Банус менен Карылып, Баарыбызды кырбайбы?” Күүлдөшүп олтуруп, Кеңеш кебин тындырды, Туйгузбай ичтен букара, Карылып менен Банус хан, Булардын белин сындырды. Сынбаган да неткени? Эл бузулуп кетмеги; Майдан курчу талаага, Манастын колу жетти эми, Банус хан менен Карылып, Талаага чатыр тиктирди, Черүүсүн айдап түшүрдү – Алдыңкы өткөн мезгилдей, Эркекти кары–жаш дебей, Түтүнгө койбой айдады, Айак алып ичкидей, Боорунан тынган немеден, Үйдө бирөө калбады; Ана-мына дегенди, Жоокага тили келгенди, Тегеректеп камады, Кетенчиктеп тирешсе, Камчыга бөлөп сабады, Бутуна кишен салышып, Темирге колун кадады! Жерден казган оруна, Томолотуп таштады, Калк кыйналып жатканда, Кандуу согуш башталды, Бул сапаркы урушту, Банус хан өзү баштады, Же кыргыздан өлөм, деп, Же өлтүрүп тынам деп, Кекенип Банус аттанды,
Каарданды баатыр, деп, Кыргыз өлүп жаткыр, деп Далайлары шаттанды. Көрүп Банус баатырды, Көкжал Манас бөлүндү, Кечээ Араникте урушта, Көрсөтүп койгон өнөрдү, Ойуна алды айкөл шер, Баш байланып жөнөдү. Манасты көрүп Банус хан, Куршугу кармап күдүңдөп, Көрүктөн чыккан ширөөдөй, Эпкини жанып күжүлдөп, Банусту көргөн коркоктор, Эси чыгып бүжүлдөп, Көргөндүн бойу дүркүрөп, Сийдиги агып бүркүрөп, Салмагынан Банустун, Кара жер кетти сүлкүлдөп! Аккула минип болкойуп, Сырнайза колдо койкойуп, Көк жеке буттан чопкойуп, Көргөнгө башка караны, Чоң ополдой зоңкойуп, Жалгыз чыккан арстанын, Так токсондой топ болуп, Кызыл жүздүү келбетүү, Келишкен мындай жок болуп. Ак күбө тону кийилүү, Топчулугу үч тогуз, Бүчүлүгү илилүү. Көргөндөргө таанымал, Көкжалдыгы билинүү. Салкыны сырттын желиндей, Ысыгы жайдын күнүндөй, Келе жаткан мүнөзү, Ак жолборстун түрүндөй, Ажыдардай сүр менен, Ач кыйкырык үн менен, Манаска Банус бет келди, Батыра сайсам экен, деп, Банус хан ойлоп жеткени, Күүлөп найза сундуруп, Күркүрөп күүсү угулуп, Банус сайган найзаны, Арстан кагып жиберди, Колунда болот Сырнайза, Бануска бептеп имерди. Баатырга найза сайдырбай, Банус кагып ийди эле, Илеси күчтүү эр экен, Эми Манас билди эле. Күчтүү найза урушуп, Күч менен чыдап турушуп, Туулгага балта чакылдап, Көөдөңгө найза такылдап, Ачууланып айкырып, Баатырлар үнү бакылдап, Тулгадан чыккан от, Жылдыз болуп закымдап, Келип турат бирөөнө, Ажал жетип жакындап. Сайганда Банус күч келип, Найзасы сынды бүктөлүп, Кабылан жетти ошондо, Аккула менен тап берип, Кайра тарта бергенче, Сол мүрүдөн бир сайды, Солкулдаган Банус хан, Солдойуп жерди тайанды. Найзасын тартып алганча, Уктап турган Карылып, Кабыланды бир сайды, Карилип келип сайганда, Эрден көчүк кылтайды, Көмөлөтө түрткөнчө, Көзөл Чубак жетиптир, Насаранын Карилип, Көтөнгө сайып кетиптир. Күү менен келген көк теге, Көп эле кепти ырака, Ачынган айкөл ошондо, Арка жагын караса, Жаткан экен Банус хан, Кобо албай жерден чубала, Аккула оозун бурду эле, Жер тайанган Банусту, Желкеден ары урду эле, Ооз омуртка, мойун суук, Бузуп өттү сыр найза, Ачылып оозу ырсайып, Өлүп кетти Банус хан, Тумшугу менен жер сайып, Төрт айагы керилип, Жатып калды булайып. Банусту сойуп кара көк, Карилипти самады, Айланага көз салып, Караанын көрө албады, Созулуп барган чаң көздөй, Аккуланы чуратты. Карылып качып баратып, Карады артын кайрылып, Көктеке менен эр Чубак, Кууп келет сайылып, Кырман салган такырда, Мамынын орду чукурда, Банусту сойуп кара көк, Карылыпты эстеди, Каарына толуп сумсайып, Чубактын аты Көктеке, Атпыгып кетип баратып, Кырман салган такырда, Мамынын орду чукурга, Колун салып жыгылды, Кан майдан жаны чукулда. Чубактан качкан Карылып, Желдей учуп жетерде, Жер тайанган Чубактын, Желкеден башын кесерде, Аккуланын дабырты, Кулагына киргенде, Арстан Манас экенин, Карылып анык билгенде, Ыдыгына чыдабай, Кайрат кылып туралбай, Кайта качты уйалбай. Колуна барып кошулуп, Чубак сайган жаранын, Каны агып жошулуп, Буйрук берди элине: «Каптагын, — деп, - кыргызды!» Мылтыктын үнү тарс дебей, Доолбас уруп карс дебей, Кындан кылыч тартылып, Күн чагылып жарк дебей, Баш-аламан кол, Кыргызга жетти кошулуп, Колго түшсө өлдүм, деп, Кырылып качты созулуп, Казанды карай бет алды, Тоосу жок калар тосулуп, Көшөрүп Чубак алыптыр, Кууп жөнөп алыптыр, Капталдап Бакай абаңыз, Чубакты кармай салыптыр: — Болду, Чубак, болду, — деп Эркине койбой Чубакты, Айтканына ынатты, Качкан бойдон Карылып, Казанды карай кетиптир, Калгандары нетиптир? Кабарчы койуп кулактап, Карап жүргөн Сынчыбек, Кандай заман болот деп, Самап жүргөн Сынчыбек, Ошол күнү кечинде: — Амансыңбы, баатыр? — деп Кирип келди энтелеп. Көрүшүп Сынчыбек менен, Кеңешти Бакай зор менен, Ташкент менен Анжидан, Бир тутумдаш жер экен, Сен башкар деп Сынчыга, Таштап кеткен кеп экен, Тоодой болгон Сынчынын, Ордосу Кокон калаада, Ташкенди кошуп сурады. “Ишим ондон кеткенде, Качкан тилек келгенде, Жеткен экен Манас, -деп Алдын алып, иш кылып, Достошупмын ырас” – деп, Кубангандан Сынчыбек, Жакасын кармайт бекемдеп, Жүрүп кетти арстаның, “Самарканга кетем, — деп, Биз чыккалы аттанып, Болуп калды тогуз ай, Кыргызым аман бекен?”- деп. Айлына барса арстаның, Эмгичекти кете албай, Абылтай жүргөн айылда, Абылтайды жиберди, Намангандын шаарына. Абылтай үйгө барыптыр, Ырысы жайнап төрүндө, Иш оңунан салыптыр, Канча жылы туубаган, Катыны эркек төрөптүр, Жарадың чал ишке, деп, Эли муну жөлөптүр. Баласына Абылтай, Ат койуптур Кесек деп, Көбөйгөндөн көбөйүп, Күлдөнө баштайт чечектеп, Тукуму өсүп кесектин, Бир урууга айланды, Кыргыз улуу ичинде, Кесек деген ат калды. Муну мындай таштайлы, Айкөлүң менен Каныштын, Тойлугунан баштайлы.