← Манас

Араниктеги төрт баатырдын Көкчөгө чабуулу

Тынчытып элди эр Манас, Жам жайкыт үйдө жатканда, Бир күнү келди кабарчы, Күн бешимден ашканда, Келген киши кеп айтты: — Жиберди Көкчө, -деп айтты, Араникте Банус хан, Ага Дөөкан кошулган, Соксо, Сотой эрлери, Тоодой болгон шерлери, Алоологон туу менен, Жер көтөргүс кол менен, Койдон бетер жайылып, Кулак тунган чуу менен, Кумурскадай жайылып, Сел суусундай агылып, Үчкаркыра, Көкдөбө, Улуу Кемин, Жетөгүз, Жерлеп жаткан элдердин, Айдап кетти жылкысын. Аралашып чабышып, Ач билектен алышып, Ажыратып калууга, Алыбыз ага келбеди. Батыш жакка башкарды, Түндүктү кирди чапкалы, Түп көтөрө түгөтүп, Кырып сала жаздады. Таштап берип үй-жайды, Оокат-түлүк, бар малды, Бадалдарга жашынып, Маанектедик сай-сайды, Ыйлатпастан көтөрүп, Бешиктеги балдарды, Төшөгү менен көтөрдүк, Кемпир менен чалдарды, Ушинтип жүрүп курган эл, Өлбөгөн тирүү жан калды, Кирип жатар үйү жок, Талаада элдер сандалды, Угуп калган арстаным, Жибердим киши атайын! Сени карап турабыз, Кабар болсо сиз жактан, Түп көтөрө жылабыз, Күндө кеткен чабуулга Алашты койбой жыйабыз, Ар кандай жумуш болсо да, Ачык кабар кыларсыз, Кыргыздын улуу хандары, Кымбат сыйлуу чалдары, Билеги жоон балбаны, Бири миңди алганы, Көкчөдөн келген элчиден, Угушту бирге кабарды. Көтөрүлбөй эсиркеп, Көкчө менен бир зилдеп, Кабарчыга ошондо, Көкжалың айтты мындай кеп: — Келген жигит, кайтып бар, Кепти төкпөй айтып бар, Келерки күнү пейшемби, Кечикпестеп мен басам, Аттанган болсо казактар, Араниктен табышам, Банус хан, Дөөкан дегенди, Соксо, Сотой эрлерди, Башкача угам кабарын, Барып көрөм абалын. Байкуш эл турса буркурап. Барбай кантип турамын? Кетер болсоң жөнөгүн, Эми мында турбагын! - Кабарчы кайра кетти эми, Пейшемби күн жетти эми, Айкөл Манас, эр Бакай. Арстан Чубак, Кыргыл чал, Кылкандай тегиз кырк кашка, Кызматы журттан бир башка, Ак жолтой болуп турган чак, Аттанып чыкса бир жакка. Душманга түйшүк салуучу, Түртүшүп колдон алуучу, Дүмөктүүлөр аттанып, Араник көздөй кетишти. Будургу сеңир дегенге, Бурулуп үч күн жатыптыр, Токойдон бугу карашып, Аралдан марал атыптыр. Ардык албай жол жүрдү, Эр Көкчөнүн кишиси, Соккон желдей зыркырап Элине жетип келиши Барганынан келгени, Бардыгын айтып бериши, Чөйрөнү жардап тургандар, Манастын жайын билишти. Казактан Үрбү, хан Көкчө, Калың кошуун жыйышты, Ушунчалык болор, деп Досуна көөнү жылышты. Калдайган калың кол менен, Хан Үрбү, Көкчө зор менен, Калкылдап жүрүп беришти, Казылган кара жол менен, Кабылан Манас баатырга, Жетебиз деген ой менен. Хан Үрбү, Көкчө баштаган, Санаты болду он миң жан, Арасында кары жок, Азамат болду чамынган, Арстан Манас баатырга, Будургунун сеңирде, Жолугушту талаадан, Казак, кыргыз кошулду, Чуркурашып аламан. Күйгөн өрттөй дуулдап, “Жүр, аттан!” – деп чуулдап, Сапырылып жөнөдү, Доолбас кагып карсылдап, Ат дүбүртү тарсылдап, Жердин бети жыртылып, Чөптүн көбү кырчылып, Тулпарлар жарап чакчайып, Ичин тартып кындыйып, Бурулуш деген бир жерден Чыга калды дүрбөшүп, Туу көтөргөн азамат, Күн чагылтып көрсөтүп.

Араниктин шаарында, Кароолчусу жанында, Камынып жаткан болуучу, Казак менен кыргызды, Калтырбай баарын чабууга. Араникти сураган, Эки калдай, эки хан, Андан башка он балбан, Алты шаар, Араник, Алым алып жеп жаткан. Соксо, Сотой - калдайы, Дөөхан, Банус хандары, Камынып жаткан баргалы, Кароолчу кирди алдырап, Көргөнүн айтып балдырап, — Дөөкан, Банус – каныбыз, Эл башкарган залыбыз, Соксо, Сотой сиздерди, Хандан артык тааныйбыз. Будургунун сеңирден, Бурулгуган чаң чыкты, Туу көтөргөн жан чыкты, Дүрбү салып карасак, Таажысы бар хан чыкты! Үйөр аккан сел чыкты, Үйдөй чокмор колунда, Кылымды бузар эр чыкты, Чолпондой көзү чачырап, Азуулары качырап, Алгыр жолборс шер чыкты, Баатыр балбан аралаш, Телегейи тең чыкты, Көпкөк темир кийинген, Теңдеши жок эр чыкты, Аленгир жаа - сур жебе, Ийининде мылтык, чак келте Ар бир түркүн эл чыкты! Оңой эмес ушул эл, Оморулгус тоо чыкты, Жыл он эки ай урушсак, Оодарылгыс жоо чыкты! Кызыл байрак, көк желек, Жел урган чөптөй теңселет. Ат дабырты дүңгүрөп, Эр табышы күңкүрөп, Коркуп калды жүрөгүм, Кулак тунуп дүңгүлдөп, Жер козголуп токтобой, Жайкалып турат сүлкүлдөп, Капшыра кармар эмедей, Каары катуу көрүнөт. Ким экенин ким билет? Эми калган иш болсо, Эл башкарган эки зал, Эки калдай, он балбан, Өзүң билгин белгилеп, — Кароолчу кебин угушуп, Каңгырап карап турушуп, Ханы менен калдайы, Калың колун чубатты, Баң доолусун урушуп, Барабан согуп, баң тартып, Бары аскерин атказып, Чатырын бүктөп жүктөшүп, Каңгайдын бары дүрбөшүп, Кабылан Манас баатырдын Караанын көрүп жүдөшүп, Беттешпей туруп баатырга Апкарышып сүрдөшүп, Азар-түмөн кол айдап, Айбаттанып айгайлап, Эки калдай, эки хан, Он балбан чыкты бел байлап, Батышпай чыкты каңгайлар, Жөө тумандай жер жайнап, Айбаттуусу эрлердин, Качыратып тиш чайнап, Эрдин кесе тиштенип, Ородой көздөн от жайнап, Чанданы жүрөт шөлпөйүп, Өлдүк дешип шор кайнап!

Калдалаң деген балбаны, Каңгайлардан бөлүнүп, Ортого чыкты айгайлап, Тарткызыл деген ат экен, Катуу келет дардаңдап, Казактардын Семети, Кенебеген эр эле, Кекенишкен душмандын, Кендирин кесип жүрчү эле, Өлүмдөн башын тартпаган, Өткүр тууган эме эле, Карасур деген аты бар, Калдалаңдын алдынан, Каршы чаап жөнөдү, Карагай найза өңөрдү, Казактардын Семети, Калдалаң капыр эр жетти, Каңкылдаган үн чыгып, Кара бойдон сөз чыгып, Найзаларын кагышты, Айабай мыктап сайышты, Айланада турган эл, Асабасын жайышты, Калдалаң, Семет, эки тың, Кең майданда табышты, Кечигип тура албады, Келген жерде сайышты, Баштап кетти барганда, Баш-аламан чабышты, Жекеге чыгып көнгөндөр Найзаларын кагышты, Калканчы кылган тондорун, Капшытынан жарышты, Жаактарын айрышты, Бетинин канын агызды, Он айланып өткөндө Эр Семет кылды кабызды. Кандимдигин карматты, Катуу кылып кайратты, Өпкөдөн сайып өткөрө, Өзөктөн канын жайнатты, Көмө сайып жан алды, Башын кесип дагы алды, Өзүмдүн ханым дегенсип, Хан Үрбүгө алпарды, Эрдигине арнады. Тик турган кызыл кымкапты, Жамынып кызыл тон кийип, Чамынган жолборс элирип, Карап турду эр Семет, Жеңишине керилип. Он балбандын бири эле, Мунар атын дээр эле, Минген аты Темиркөк, Түрсайак атым дечү эле, Тоодой болуп минчү эле, Толгошоор билек кез келсе, Токтоо кылбай кирчү эле, Беттешкенин мент кылып, Ыргыта сайып жүрчү эле, Өз ичинде таанымал, Кангайлар сырын билчү эле. Кангайлар калдырап, Кажы-кужу балдырап: — Каракөктү минди, — деп, Кайран Мунар кирди, — деп, Кара тоодой каркайган, Караанын карап көрөр, деп, Калдаңдаган шум казак, Кайра качып жөнөр, деп, Качпай койсо көгөрүп, Жер кучактап өлөр, — деп, Калдалаң көргөн өлүмдү, Али эле көрөр, – деп. Кармап Мунар жарбайбы, Чүрпөдөй мойнун жулбайбы, Жилигин жулуп ыргытып, Этин жүндөй тытпайбы, Байтеректей күчү бар, Шумдугуна ынайбы! Кайран Мунар күч алып, Бир кумардан чыгат ко, Боорун жарып өт алып, - Мөндүлөшүп каңгайлар, Мунарын турду карашып, Кудай урган Мунарды, Көргөндүн баары таң калып, Аты да Мунар экен, деп, Заты да Мунар экен, деп. “Калдалаң кунун кубам, дейт, Казакты канга жубам, дейт, Семет эмес тетиги, Тургандын баарыны кырам, дейт Убара болуп келиптир, Ушалап тегиз тынам!” — дейт. Телегей элден бир бөлөк, Минген аты Темир көк, Олоңдой өргөн чачы бар, Өңөргөн койдой кашы бар, Алтымыш кулач найза алып, Айкырыгы баш жарып, Айбат менен Семетке, Айанбай тийди качырып, Семеттин аты карасур, Анык күлүк мына бул, Беттешкенин мент кылып, Алып жүргөн баатыр бул, Ал Манастап бакырып, Артынан топо сапырып, Өткөрө күлүк Карасур, Кош кулагын жапырып, Алтымыш кулач найзаны, Качырып Мунар салганы, Баатыр тууган эр Семет: “Найзасы узун экен, — деп, Менин найзам жетпес, — деп, Найзамды менин жеткизбей, Аңтара сайар бекен?” — деп. Найзасын койуп жайына, Өткүр кылыч жанында, Кармай калып санынан, Тартып алып кабынан, Мунардын сайган найзасын, Баатыр Семет чапканда, Найзаны кылыч таарыган. Кылычты Семет имерип, Кылчайып Мунар болгунча, Тогуз-он койуп жиберип, Ороңдогон чоң Мунар, Ороолонуп калыптыр, Колуна чокмор алыптыр. Чокморунун чоңдугу, Чолоң үйдөй көрүндү, Көрүп түрүн чочконун, Көпчүлүк көөнү бөлүндү.

Жазганбай Семет барыптыр, Мадырайган чоң Мунар, Чокмор менен сайыптыр. Күүлөнгөн чокмор тийгенче, Каржиликке кагам деп, Найзасын Семет алыптыр, Оң карынын булчуңга, Найза менен сайыптыр. Тийип найза булчуңга, Мунар колун тартыптыр, Ачууланып булкуна, Кошо кетти найзасы, Семеттин жок колунда, Келди Семет ошондо, Чоң Мунардын оңуна. Көтөргөнчө чокморду, Чокуга Мунар бир салды, Өзү тургай аты жок, Дайынсыз Семет жок калды! — Мыктың болсо келгин, -деп, Бириң эмес миңиң, -деп, Койдой катар мууздап, Койбоймун бириң!-деп. Майданга батпай күжүлдөп, Мунар турду күркүрөп. Татай деген бар эле, Татыктуу эрдин бири эле, Талкалашкан жоо көрүп, Таанылып келген эме эле. “Каңгай турса маңдайда, Тартынгансып барбасак, Намыс деген сөз кана?” Ойуна Татай алыптыр, Ташкүрөң деген аты бар, Камчылап жөнөп калыптыр. Татай, Мунар беттешти, Каңгай, алаш кектешти. Татайды Мунар көргөндө, Мунар жаман каарданды, Бөйөн менен чайандай, Өтө жаман заарданды, Семетти чапкан чокморун, Күүлөп Мунар колго алды. Абайлап Татай калыптыр, Качырып Мунар чапкынча, Этектин четин көтөрө, Бөйрөккө найза малыптыр, Татайдын сайган найзасы, Эт бөйрөктү жарыптыр, Тоодой болгон Мунарды, Тоңкойтуп Татай алыптыр, Бир беттешпей Татайга, Мунар өлүп калыптыр. Муну каңгай көрүптүр, Оолугушуп, өрчүптүр, Адырай деген немеси, Саптан өзүн бөлүптүр. Капырдын аты Адырай, Айбаты башка бир далай. Жылбаскер деген аты бар, Күрөөкө темир кийинип, Буттап темир курчанып, Сом темирин өңөрүп Кетелегин кошо алып, Балтасын байлап жанына, Кылычын салып кынына, Найзасын алып колуна, Чокморун кысып такымга, Калканын тартып жонуна, Чарайна чаптап бооруна, Кисепче кийип бутуна, Калдыркан асып тышына, Туулган башка көмөрүп, Унутуп таштап өлүмдү, Өчөшүп чыкты көгөрүп, Алаштар карап турушту, Баштады Татай урушту, Бардыгын айтып ким болот, Бул кыйырсыз жумушту! Келе жаткан Адырай, Куйкасы жаман курушту, Айал-үйөл кылбастан, Жалмайым дейт, бурутту, Татайды арзан самады, Колуна балта кармады, Найзанын сабын бек учтап, Татай карап турбады. Оңтойуна келтирип, Ойлоно издеп амалды, Алты айланып өткөндө, Алкым безге муштады, Таамайлап так болжобой, Жаза муштап таштады! Алачыктай Адырай, Алактаган Татайды, Кыжыры менен керилип, Балта менен чапканы, Балбансыган Татайдын Мээсин жерге чачканы, Бул бадырек Адырай, Өлтүрүп аны таштады! Аны көргөн алаштан, Алдыга киши баспады, Адырай салып айгайды, Айбаты басты далайды, Алаштардын элинде, Татыбек деген бар эле, Казактын ханы Үрбүгө Белине таңуу ал эле, Татыбектин өзү жаш, Адамдан башка соку баш, Кең көкүрөк кууш айак, Келишкен сонун кара каш, Атып мылтык, тартып жаа, Эр сайууга өтө маш, Сөөгү толук кагалес, Ар кандай ишке жараган, Тайманбаган чабендес, Сайып найза, балта чаап, Адистик жайы бар эле, Алапайын таба албай, Карады Үрбү аны эле. Ханы карап калганда, Татыбек чыкты камдана, Каруу-жарак кеми жок, Тайманып калар жери жок. Камчыга атын бөлөдү, Татыбек баатыр жөнөдү, Келе жатат Адырай, Жапжалпак мурду далыдай, Сөлөкөтү көрүнөт, Суур кууган айуудай, Үркөрдөй болгон Жылбаскер, Чычаңдап койот качырдай, Эби келсе аты да, Жегидей сөөк кажырдай. Жакындаган кезинде, Тиштеп тартчу пейли бар, Үксөңдөгөн Адырай, Белсенип жанын айабай, Белдемчи кыйа байланып, Колуна күрзү карманып, Карчылашты Татыбек, Карчыгадай шаңданып, Чарадай жерлер казылып, Топурак учуп-жер чаңдайт, Каңгай, алаш сап байлап, Карап турат калдайып, Койуп өттү Татыбек, Адырайды бир сайып, Кудай урган Адырай, Кылчайып артын карады, Салмоор таштай ойнотуп, Күрзү менен бир салды, Мыктуусунган Татыбек, Табылбай тарпы жок калды! Адырай мыкты баатыр, деп, Каңгайдын эли шаттанды, Айдаркандын Көкчөсү, Айалдабай аттанды, Минген аты Көкчөнүн Байдербиштин көк ала, Сатып алган башында, Алтымыш тогуз кун малга. Алтымыш тогуз атагы, Беш жүз кырк мал санаса, Алганына жараша, Күлүк чыккан Көгала, Байкап турган элдердин, Баарына болуп тамаша. Баатыр Көкчө жеткени, Күзүсүн күүлөп Адырай, Чаба турган кептенди. “Чаптырып салсам өлдүм, — деп Мурда чапсам өлдү”-деп, Баатыр Көкчө ойлоду, Бар тарабын болжоду, Найза менен качырып, Күрзүсүн шилтеп ийгинче, Каржиликке бир койду, Үзүлүп ыргып жилиги, Бир колу жок чолойду. Тизгинди таштап жиберди, Сак калган колго кызталак, Балтаны кармап имерди, Алдындагы Жылбаскер, Ооздук тиштеп нидерди. Жылбаскер башын тартканда, Тизгин түшүп кетиптир, Эки колун ат салып, Тушалып колу бекиптир, Аңгычакты эр Көкчө, Кош колдоп туруп балтаны, Чокуга койуп өтүптүр, Тоодой болгон Адырай, Томолонуп кетиптир, Куу жыгачтай кокойгон, Мойнунан башын кесиптир.

Күн кечкирип аңгыча Колдор түштү жайына, Кароолду мыктап койушту, Каадасы менен конушту, Кайгуулчулар уктабай, Чычканга кебек алдырбай, Карап турду тикийип, Чыканак жерге койо албай, Таң агарып дагы атты, Түн бойунча тура албай, Баң доолун уруп эки кол, Бастырып чыкты колбушуп, Жердин бетин көрсөтпөй, Маңдай-тескей жолгошуп, Айдаркандын эр Көкчө Майданга чыкты болкойуп. Адамдан башка көркү бар, Аскарлуу тоодой зоңкойуп. Каңгайдан чыкты бир караан, Кебетеси эң жаман, Он балбандын бири эле, Отогой атын дээр эле, Кумары кармап калганда, Алым салып каңгайдан, Бирден адам жээр эле, Ханы менен калдайы, Кантесиң деп айта албай, Эркинче жүрчүү эме эле, Жалгыз эрке баладай, Айтарга оозу баталбай, Жөн койучу тим эле. Тарпылдак деген аты бар, Тандамал баатыр аттанды, Жанказандай башы бар, Жаткан кара дөбөттөй, Маңдайында кашы бар, Атынын аты Тарпылдак, Басканы башка тарпылдап, А, кокуй, келген Отогой, Ачып оозун эстесе, Азуулары шакылдап, Айдаркандын Көкчөгө, Жетип келди жакындап! Эр Көкчөнүн Көгала, Жаадай учуп закымдап, Агын суудай толкуну, Кирип келди такымдап, Опсуз өскөн Отогой, Эки далы кеңдиги, Алты кулач бар эле, Аны менен беттешкен, Адамдын күнү тар эле, Айгайлап сүрөөн сала албай, Таталады Отогой, Алты тайган тойгундай, Эки бети болтогой, Үңкүрдөй болуп ачылып, Оозунан көбүк чачылып, Алдында өлүп үч балбан, Ичи жаман ачынып, Алачыктай чокморду, Көкчөгө салды качырып, Көгала тулпар эң сергек, Чаптырбай кетти жазгырып, Өзү Көкчө чабендес, Бошотту ордун шарт кылып, Отогой чапкан чокмору, Кара жерге тийиптир, Тийген жерин ойултуп, Кудук кылып ийиптир, Кургак жерден суу чыгып, Баткак болуп жибиптир. Отогой опсуз эр экен, Ханына бу да бел экен, Ушуну менен алышкан Көкчө дагы шер экен, Ылаачындай бурулган, Шамдагай жайы бар экен, Алачыктай Отогой, Кайра айланып болгунча, Чокморун күүлөп ургунча, Ойротто жок эр Көкчө, Ороолонуп алыптыр, Ана-мына дегиче, Отузду койуп салыптыр, Калканы менен туулгасын, Талаа-талаа жарыптыр. Кара ниет Отогой, Каарданып токтобой, Күрзүсүн алды колуна, Көкчөнү чапмак ойунда Ал ойлонуп болгунча, Сайды Көкчө бооруна, Шамалдан күлүк Көгала, Өтө берди соңуна, Оңолгуча Отогой, Сайды Көкчө бооруна, Боорунун каны салаалап, Соорусунан аккан кан, Бөлөк-бөлөк талаалап, Отогой минген Тарпылдак, Бурула албай талпылдап, Сайып өттү эр Көкчө, Оң жак карчыт этине, Орнотуп найза бир ыкшап, Соорусунан, боорунан, Карчытынан агып кан, Кайрат кылып тура албай, Көкчөгө найза ура албай, Бура тартып жөнөдү, Качмак болуп уйалбай. Кайра тарта бергенде, Кабылан Көкчө баатырдын, Кабуусуна келгенде, Теминип койсо ыргыштап, Көгала менен кууду эле. Эшик эндүү айбалта, Эрен Көкчө колго алды, Айландырып чочкону, Арт, артынан салганы, Туулга менен калканда, Кылайып неме калбады. Тосор туулга жок болду, Көзөл Көкчө оштонду, Баштакыдан беш бетер, Белсенип баатыр шоктонду. Кош колдоп туруп ошону, Койуп өтүп чокуга, Токтотпой жумшап жиберди, Тозоктун күйгөн отуна. Ондун бири Кетелик, Эрдин кырча тиштенип, Ойрон Көкчө баатырга, Аттанып чыкты кезенип, Өлтүрүп удаа экини, Эр Көкчө турат белсенип, Эрдемсип келет Кетелик, Мас эмедей чакчаңдап, Үнү күндөй күркүрөп, Шамал чыгып дүркүрөп, Анча-мынча адамдар, Ыдыгына чыдабай. Сийдиги агып бүркүрөп. Жүзүндө албан сүрү бар, Эки бетте саксаңдап, Бир байбактык жүнү бар, Сакалдары саксаңдап, Ачып кирпик ирмесе, Эки көзү чакчаңдап, Тору айгырдын жалындай, Муруту турат самсаалап, Үңкүр кабак, дөң маңдай, Өжөрлөнсө бул чочко, Жүзүмчө киши жуткундай, Күлгүн тартып ыраңы, Күүгүмдөгү устадай. Күн баткан бүрүл жүздөнүп, Төбө чачы үксүйүп, Жерге тийип эки бут, Тизесинен бүктөлүп, Караанын көргөн адамдын, Кара жанга күч келип, Айкырып кирди Көкчөгө, Аты менен тап берип, Кадимкидей адатта, Карматам деп Көкчө ойлоп, Көкчөдөн алда көп канча, Арамдыкты ал ойлойт, Мөкү балдуу найзаны, Булгап колго алганы, Бура тарта бергенче, Буудан Көкчө баатырды, Көмө койуп салганы. Көрүп туруп Көкчөнү, Кайран Сыргак турбады, Манастап ураан чакырып, Телкызылга камчы уруп, Кыйкырыгы Сыргактын Адамдын баарын чочутуп, Үргүлөгөн эчендин, Уйкудан көзү ачылды, Телкызылдын артынан, Топурак көккө чачылды Каракалпак кыргагы, Хан Жакыптын Сыргагы, Сундуруп найза тартпаган Сумсайып жоодон качпаган, Өкүм-өткүр тилдүү эле, Өлүмдөн коркпос жинди эле, Жан айабай жаш жолборс, Кетеликке тийди эле. Кекенип келген ач жолборс, Кезиккен пенде соо болбос, Тоо толкуган күч менен, Качырып кирген Сыргакка, Тоо да болсо токтобос. Сыргакка найза жеткени, Зымыраган бул бетпак, Томурулуп кетпеди. Анткен менен Кетелик Бурула албай Көкчөгө, Сыргакты карай беттеди: — Өлгөндүн кунун кубарда, Өзөктөн канды жайарда, Өксүткөн мени сен кимсиң?

“Манастап” ураан чакырдың, Сен кыргыздан экенсиң, Ошонуңан мен билдим, Алмадай кызыл баласың, Али да күчтөн чаласың. Тилимди алсаң кетип кал, Кудайыңа барасың! Жаш баланы кетелик, Дүмбүл окшош кемирип, Кыйратты десе майданда, Кыр-кырынан кетилтип, Жаманатты кыласың, Жараңкасыз сынасың, Жайыл бала белемсиң, Жалтанбай кандай чыгасың? Кетип калган бара кой, Убалыңа калбаймын, Убайың ичте калбасын, Сайып-сайып кетип кал, Мен көөнүмө албайын,- Арсаңдап күлүп эр Сыргак, Мөкү балдуу найза ыргап: — Мени койуп, Кетелик, Өзүңдүн жаның коргоп бак!- Ачып көзүн каранып, Эрди мурдун жаланып, — Ушалап койсоң өлөсүң, Өлүмдү кимден көрөсүң? Өчүңдү менден ким алат, Кунуңду сенин кубалап?- Анда Сыргак муну айтат: — Тоодой бойуң болсо да, Кетелик менин теңимби? Кыскарган күнүм узартып, Жоокалаткан кебиңби? Издээри жок деп артында, Менден кайгы жедиңби? Атамдын аты Жакып бай, Арстан Манас абам бар, Араниктин калаасын, Жалгыз алар чамам бар. — Агам Манас дедиңби, Айбыкпай айткан кебиңби? Көңтөй, Шоорук, Бадыкөл - Баарысын жеңип алдык деп, Эрдемсиген жериңби? Бир чабуудан чыгарбай, Суутайын демиңби!- Колуна алып балтасын, Козголуп чочко керилди, Кайра туруп мелтиреп, Найзасын сунуп калыптыр, Кетеликтин найзасын, Сайдырбай Сыргак кагыптыр. Сыргак каккан оңойбу, Капкайда учуп найзасы, Талкаланып жоголду, Карап турган Каңгайдын, Баарысына чуу болду. Кекенип келген Кетелик, Эрдин кесе тиштенип, Намыстанып тура албай, Каарданып алганы. Өлтүрөм, же өлөм, деп Ачууланды ченебей, Алдындагы Сыргакты, Бучкагына теңебей. Зым-зым этип зымырап, Эчтемени элебей, Өлүм жактан шеги жок, Ойуна алып кенедей, Сырттан Сыргак чыйралып, Тарамышын чыйратып, Дагы тийди качырып, Телкызылды чуратып. Каңгайлардын Кетелик, Камынып чокмор алыптыр, Чабууга кылып дайардык, Чакчайып тиктеп калыптыр. Кайра бура тартпастан, Тоо экен деп жазганбай, Баатыр Сыргак сайыптыр, Бир сайбады ал Сыргак, Омурткага он сайды. Эси ооп эндиреп, Ээрден көчүк кылтайды, Токтоно албай ээрине, Үзөңгүдөн бут тайды. Аргасы кетип ошондо, Аркасын карап кылчайды. Кыйамы келди эми деп, Кый сүбөөгө бир сайды. Токтоо кылып турабы? Томкорулуп кулады, Тоодой болгон бадирек, Тоңкойуп жерге сулады. Жыга сайып таштабай, Башын кесип дагы алды. — Кабылан сага соога, — деп, Хан Манаска алпарды. Кабылан Манас элжиреп: — Каадасы менен келдиң — дейт, Кат жазуучу үстөлдү, Сага, Сыргак, бердим,- дейт. Ал аңгыча тура албай, Адик чыкты чапкылай, Адик - Каңгай балбаны, Алып жүргөн чанданды, Далайын алган кыйратып, Менменсиген балбанды. Кездешкенин мент кылып, Чыгарып жүргөн далдалды, Майданга келген Адикти, Айтабыз кандай айбанды? Кара жерден кар издеп, Чай ордуна кан издеп, Чаңкап жүргөн бадирек, Кызыл ээк чалдарды, Кызыл муштум балдарды, Убалына карабай, Аймап жүргөн бадирек, Ханы менен карасын, Андай жандан канчасын, Айдап жүргөн бадирек. Кулак угуп көз көргөн Качып жүргөн бадирек, Анын атын Адик деп, Айтып жүргөн бадирек. Кержеңдетип керк минип, Келди Адик менменсип, Кетелек алып колуна, Кетирмекчи ойунда, Кез келген эрди жолуна. Келип Адик токтобой, Башкаларга окшобой, Күдүрөңдөп күүлөнүп, Күңгүрөнүп сүйлөнүп, Ажылдап атка асылган, Кабагаан иттей сүрдөнүп, Албан-албан кубулуп, Алда канча түрлөнүп, Асыл баатыр Сыргакка, Айанбай найза салыптыр, Кактырбады найзасын, Кара санга малыптыр. Жамбаштын башы кыйчылдак, Учу тийип калыптыр. Найзаны тартып алганда, Түшкүнүндөй камчынын, Түптүз чуркап кан агып, Телкызылдын соорусу, Кетип барат майланып. Керкинин башын бургунча, Кайра айланып Сыргакка, Жана найза ургунча, Акбалта дөөнүн Чубагы, Көктеке оозун бурганы, Айал-үйөл кылбады, Узун бойлуу, кең далы, Туруп душман бет албас, Бул замандын балбаны, Туткандын чыгар далдалы. Ач кыйкырык, куу сүрөөн, Ал өңдөнүп ким жүргөн? Алдындагы Көктеке. Кыл куйругун шарт түйгөн, Кызыл жалын көзүнөн, Көөрүктөй болуп от күйгөн. Көркөм күлүк Көктеке, Күчөп-күчөп түйүлгөн, Кундактай бели бүгүлгөн, Кулжадай саны түрүлгөн, Курсагы жыйнак тартылган, Кулагы жалдан артылган, Аргамжы бойу аң келсе, Туйагын жерге какпаган, Кереге бойу жар келсе, Мүргүп жаза баспаган, Кош аң келсе аттаган, Коркуп артка качпаган, Жагалмайдай сызды эле. Жаадай учуп жетти эле, Кайра айланган Адикти, Кайран Чубак көкжалың Капталга койуп өттү эле. Кудай урсун Адикти, Куу найза сынып кетти эле, Сынган найза быркырап, Сыныктары ар кайда, Кетип жатат чыркырап. Төш жарыдай бир сынык, Аңырайган Адиктин, Оң көзүнө мадалат. Чечекейи куйулду, Чачылган мээдей балжалап, Ооруп көзү какшады, Керкин кайра тартканы, Бурулуп бара жатканда, Буудан Чубак жеткени, Оройлотуп Адикти, Он беш койуп жиберди, Кыр аркасы какшады, Мурдунун каны акканы, Жана турбай эр Чубак, Жандай салып чапкылап, Бир жак колун мүрүдөн, Шылый чаап таштады! Көзү сокур олоңдоп, Бир колу жок чолоңдоп, Туулгасы ыргып кетиптир, Тооктой мойну кокойот. Койуп Чубак жетиптир, Үзөнгүгө тамандап, Кобо калып шаңданып, Чыкыйга койуп өтүптүр, Күрөө каны шаркырап, Бута атым жерге чачылат, Чыдай албай Каңгайдан, Көп киши келди чапкылап, Тарсылдатып мылтыгын, Эр Чубакты аткылап. Каптап келген Каңгайдын, Карааны толук миң экен. Батак деген келиптир, Мингени анын пил экен, Үзүктөй калпак эр Шууту, Бу да мыкты эр экен, Алты сайлуу Акбараң, Асынган мылтык бар экен. Каңгай атып келатса, Карап тура албады, Батак минген чоң пилди, Өлтүрө атып таштады. Жер тайанып копкунча, Жетти Чубак арстаны, Тайанган колун тарттырбай, Булайта чаап таштады, Жанталашып кол серпсе, Жардык кылып жатат, деп, Батактын колу каптады. Каптаган кол жеткенче, Алдынкы келген тобунан, Адис мерген эр Шууту, Алтымышты атканы, Акбараң тийген кобобу, Жер кучактап жатканы, Тартып алып мылтыгын, Ыргып минип атына, “Манастап” Шууту чапканы. Баш-аламан ызы-чуу, Баары калбай аттанды. Кылгылыкты кылды, — деп, Алдында барган аскерди, Такыр кыргыз кырды, — деп, Кыргыздын бирин чыгарбай, Тегеректеп кыргын! — деп Хандары айтып салганы. Кажылдаган каңгайлык, Калбай такыр аттанды. Кырктын башы Кыргылчал, Кылымдан чыккан жинди чал, Акборчук менен койгулап, Алдында кетип бараткан, Жер майышкан Каңгайдан, Кара кытай, манжудан, Мангул менен калмактан, Каранды болгон Мангулга, Арасында канча жан, Айрыкчасы Банус хан, Соксо, Сотой, Калдайы, Дөөкан кошо барганы. Карабөрк Дөөкан кызы эле, Айтылып жүргөн он балбан, Ошолордун бири эле, Шакур, Корун деген бар, Карабөрк менен үч эле. Эки калдай, эки хан, Алдында бар үч балбан, Өчүгүшүп айбандар, Өрт жалындай келаткан, Жердин бети дүңгүрөп, Ат дабышы дүбүрөп, Жазайыл, мылтык, топ атып, Жамгырдай кылып ок атып, Милтенин баары кызыл чок, Үн басылбай тарсылдап, Доолбас үнү карсылдап, Аргымак аттар алкылдап, Кең багелек балкылдап, Айбалта белде жалтылдап, Кылыч кында шыңгырап, Найза колдо зыңгырап, Азаматтын баарысы, Чарайнасы чатылуу, Калкан жондо тартылуу, Туулга башка көмөрүп, Эрендин баары көгөрүп, Оролонуп эчеси, Үйдө күрзү өңөрүп, Өчөшүп кирди баарысы. Туу көтөрүп козголбой, Төрө Бакай калыптыр, Андан башка алаштар, Түп көтөрө барыптыр, Бет келген жерде кыйратып, Душманга бүлүк салыптыр. Көкжалдын баары киришип, Көбүнүн боорун тилишип, Найза менен эр сайып, Кылыч менен баш алып, Айбалта менен тең жарып, Айбаттанып, шаңданып, Атактуулар туш келсе, Каңгайдын колу апкаарып, Тим эле туруп күч келип, Титирек кирип калтаарып, Айкөл Манас баштаган, Айбаттуу Чубак, Сыргактан, Көргөндүн баары жалтанып, Кыргыл баштап кырк арстан, Кырып жойуп бараткан, Айдаркандын Көкчөсүн, Адамдын баары жараткан. Жагалданган Көкчөдөн, Жаны калбай жадашкан, Байыркы өткөн эрлердин, Бардыгы намыс талашкан. Бала баатыр жаш Сыргак, Башын тартпай өлүмдөн, Баладан башка эң чыйрак, Телкызыл менен киргенде Бөлүндү капыр быркырап, Арыштаса Телкызыл, Шамал чыгат зыркырап, Манжу, кытай, маңгулдар, Баатыр Чубак эренге, Бетине беттеп бара албай, Көктекеге жанашып, Жеткидей эмес жагалмай, Кылчайып артын карабай, Кылча жанын айабай, Кыраан Чубак кириптир, Кайнаган колду аралай. Колунда найза булгалап, Томолотуп баратат. Тобун бузбай жара атып, Чуркуратып баратат, Түгөтөт экен изди, деп Кулдурашып баратат. Айтканын адам уга албай Чулдурашып баратат. Тили келбей күрмөөгө Булдурашып баратат. Экөө бирге баса албай, Бирден качып баратат. Эңкейиште эр сайып, Экини беттеп тең сайып, Эрен Чубак баратат. Азууларын аркайтып, Ат өлүгү бир тоодой, Муруттарын сербейтип, Эр өлүгү бир тоодой, Жүзүн сайып жүдөтүп, Миңин сайып билинтип, Миңге саны толгондо, Бирден оңко тургузуп, Чарчабай да, чалыкпай, Ойон Чубак кабылан, Желдирип жүрөт бургутуп, Дөөкан менен Банус хан, Алдына келген кишиден, Бири аман калбаган, Бадиректер кылычын, Кызыл канга майлаган, Каршылашкан кишиден, Бири кайра жанбаган, Өз-жат дебей чочколор, Өлтүрүп баарын жайлаган, Соксо, Сотой калдайлар, Алдына салып айдаган, Аралашты эки кол, Адам билгис аламан. Аламан кирген аскердин, Кырылышы эң жаман! Менменсиген эрендер, Белгилүү баатыр берендер. Беттей албай күңкүлдөп, Каарданган эчендер, Тузакка түшкөн эмедей, Кеп кутулбас чечендер, Адамдан чыккан нурдуулар, Сүйлөсө сөзү муңдуулар... Ажал туура келгени, Өлүп барат ушулар. Сокуру бар, бучук бар, Шаңдуусу бар, кодоо бар, Картаңы бар, жашы бар, Чыйрагы бар, бошу бар, Ажал чиркин туш келсе, Жакшы-жаман ылганбай, Кыйылып башы баратат, Бардыгы окшош куурайдай! Арстан Манас баатырдын, Бет алган жагы өрт жалын, Уруштуу күнү узарган, Учунан жалын, от жанган, Кынынан сууруп алганда, Кырк аршынча узарган, Кынабына салганда, Жети карыш кыскарган, Бөлөкбай соккон Ач албарс, Чапканын кеспей калбаган, Кылычты жалаң алыптыр, Кыйкырыгын салыптыр. Көөрүктөн чыккан жалындай Көзүнүн оту шыркырап, Кумдандан чыккан түтүндөй, Оозунан буусу буркурап, Айдаган койдой чуулатып, Чапкан чөптөй сулатып, Чыгарып тарпын Каңгайдын, Таталатып, чуулатып, Бириндетип качырбай, Аккуланы чуратып, Кармаган күрзү колуна, Тартынган калкан жонуна, Чоң-кичисин аралаш, Бирине-бирин улантып, Бара жатат жуушатып. Кызык уруш мезгилде, Кайнаган колдун ичинде, Шакур, Корун, Карабөрк, Арка-аркадан келатып, Көкжал баатыр Манаска, Калган кези кабылып, Караанын көрүп алардын, Кабылан Манас баатырың, Карап билгин түп жайын: “Кылыч менен чапканда, Көп кишинин бириндей, Кырданып барып жатканда, Манас атым бекер,- деп, Мындан кийин айтаарга”. Кылычты салып кынына, Сырнайза алып колуна, Беттешти жетип алдында, Шакур деген чоңуна, Чамынып нардай жаш Манас, Тура калды жолуна, Келаткан Шакур болучу,

Жүз батман күрзү колунда. Тик качырды Манасты, Бул Манасты жеңгенде, Түгөтөм деп алашты, Корун менен Карабөрк, Токтолуп тура калышты. Арты-артынан киришип, Алмак үчүн намысты: “Катар барсак уйат,- деп, Үчөөлөп сайып жыкканда. Кимге атак калат? — деп, Эч шеги жок Манасты, Шакур сайып алат,- деп, Жүз батман чокмор тийгенде, Кыргыз Манас турбайлык. Тоо да тоскоол кылбайт” — деп, Шакуруна ишенип, Шаңданып карап турушту, Алдыңкы келген Шакур, Баштады кызык жумушту, Ал Манасты көргөндө, Кол салгансып жүрөккө, Колундагы чокморду, Урчук ташка бир урду. Талкан болуп таш кетти, Тайманбай Шакур чоң калмак, Ал Манаска жетти эми, Бир урчукту бузду деп, Манас коркуп кетеби, Тик качырган Шакурга, Сырнайза кармап кезенди. Күрзүсүн колго аларда, Көтөрүп туруп чабарда, Найзаны Манас алыптыр, Күрзүдөн нары сайыптыр. Таштан жанбас Сырнайза, Күрзүгө кирди мадалып, Найзага илип күрзүсүн, Жулуп Манас кошо алып, Айландырып күүлөдү, Адырайган Шакурдун, Өзүн койуп жиберди. Күрзү, найза аралаш, Тоодой Шакур жыгылды, Кара жерди кучактап, Кемерге башы тыгылды. Бир чабуудан ашырбай, Шакурдун деми тыйылды. Шакурду көрүп чыдабай, Кирди Корун тура албай, Чаба турган жарагын, Жайын угуп алыңар: Тегирмендин жети таш, Саптаганы бек жыгач, Жылгыс кылып бекиткен, Шынаасы темир аралаш. Оролонуп алганда, Ойрон кылып салуучу, Кара ниет бул Корун, Беттешкенин алуучу, Уруштуу күн болгондо, Көрүп турган Корунду, Кумардан чыгып калуучу. Күлүк Коңур аты бар, Корун деген даңкы бар. Калган эсем ал Корун, Беттешкенин мент кылбай, Куру келген жан эмес, Кең майданды кан кылбай, Колунда бар көтөргөн, Тегирмендин жети таш, Кол салышып киргенде, Кутулган эмес, жалгыз баш, Жер титиреп бастырса, Желденип турат башкача, Ыраңы сүрдүү алаамат. Жеп ийчүдөй келатат. Жеткен жерде баатырды, Жети таш менен бир салды, Чапкан ташы тийгенче, Таш көтөргөн колуна, Балта менен баатыр шер, Чыканакка бир салды. Чыканагы зыр этип, Көтөрүлбөй шалдайды, Аны менен токтобой, Акалбарс менен бир сайды, Орто тоодой чоң калмак, Оодарылып кыйшайды. Ээрден көчүк бултайды, Үзөңгүдөн бут тайды, Кескен терек кептенип, Кырданып Корун кынтайды, Кылымда даңкы бир бөлөк, Кыргыздан чыккан кара көк, Кесип башын таштады, Хандарды канга чыктады, Удаа сайып экини, Эрен Манас баатырың, Ого бетер шыктанды. Көзү көрүп туруптур, Анда Дөөкан муну айтты: — Эрке балам, Карабөрк, Тирүүлүгүң канымет. Капташып барба кыргызга, Кара суудай кан ичет, Каадасы ошол турбайбы, Коондон оңой баш кесет, Өкүм кылдым пилдерге, Өлтүрүп кетсин тебелеп,- Карабөрктү атасы, Киргизбей койду себептен, Дөөкандын кызы Карабөрк, Абалтадан көп ирет, Айтып жүргөн болучу: “Ким жеңсе мен тием — деп, Телп этип ыргып жеңилсе, Көз чуңкуруна сием” — деп, Бир беттешчү эр экен, Беттешпей кантип кетем?- деп, Алдырып ийип жеңилсем, Максатка жетем, тием? — деп, Атамдын тилин алайын, Артын карап турайын. Өлбөй пилден кутулса, Бир беттешип багайын, Алдырып койсом кокустан, Тийип кетип калайын”. Карабөрк ойлоп канча кеп, Атанын тилин алыптыр. Акыры кандай болор деп, Аңдып карап калыптыр. Тукумдантып өндүргөн, Багып жүрүп чоңойтуп, Урушка салып көндүргөн, Отуз эки пили бар, Тумшугунда пилдердин, Эп келтирип кадаткан, Болоттон найза дагы бар. Агытса пилдер баруучу, Бири миңден алуучу, Жер майышкан жоо болсо, Тымтыракай салуучу. Найзалуу пилдер сайуучу, Найзасыз пилдер тумшугун, Ороп туруп тартуучу, Оодарып жыгып алганда, Колу менен чарпуучу, Тоо болсо да талкалап, Топурак кылып кайтуучу. Пилчилер пилди агытып, Пилдер келет каргытып, Учураган кишини, Колу менен чарпышып. Ном деген пил бар эле: Отуз эки пилинин, Эң балбаны ал эле, Жоону туйук томпоңдоп, Дүк-дүк желип колтоңдоп, Чыгар-чыкпас карышка, Куйругу келет чолтоңдоп. Тумшукта найза он кулач, Күн чагылып жылтылдап, Бүлөөдөй болуп, бултайып, Булчуңдары былкылдап, Номпил жетип келиптир, Эң алдында мултулдап. Кырандын көркүн кылышын, Сууруп алды кылычын, Алдында келген Номпилдин, Таарый чаап мойунун. Бүтүрдү анын ойунун. Номпилди таштап талкалап, Манас турду чалкалап, Адам эмес пилди да, Чаап турду барчалап. Аркасынан эки пил, Дагы жетти дүкдүйүп. Жаш айдары кара көк, Шердигин эми билгизди, Айбалта менен бирди чаап, Бирин жерге киргизди. Удаа жетти жана пил, Найза менен бир сайды, Быйактан сайган сыр найза, Мулт деп өтүп тийакка, Найзанын учу кылтайды, Пилдин башы шылкыйды, Үчөөнүн көрүп өлгөнүн, Мына көр пилдин үрккөнүн. Буттары жоон балтаңдап, Кайра качты дардаңдап, Аргамжы бойу узарып, Төрт таканы тарбаңдап, Кайнап жаткан каңгайдан, Канчасын кетти талкалап, Пилди баккан эмеси, Алдынан келип тоскону, Мурунга койуп бакандап. Тосконуна болбоду, Коргонго кирди мааналап, Пилге удаа кара көк, Топко кирди аралап. Соксо калдай дегени, Бүтүн соот кийгени, Өжөрлөнүп бул чочко, Жаман катуу кирди эми, Соксонун жайы мамындай, Ары калдай, ары эр, Кара баштуу кишиде, Жалгыз өзүм менмин дээр, Желжетпес - сары аты бар, Жалгыз кара – бир башы, Жетимиш эрче салты бар. Жүздү сайып бир алган, Ошол жүздүн ичинде, Дөөсү да бар, алпы бар, Жердин бетин ээлеген, Албан дубан калкы бар, Ай-ааламда соксонун, Айтылып жүргөн даңкы бар. Катарлап темир кийиптир, Кабаттап калкан илиптир, Буттай темир курчанып, Бузулуп өңү сурданып, Найза, кылыч, чокморун, Кетелек менен сом темир, Калтырбай баарын бүт алып, Бат атарын койундап, Желжетпес атын мойундап, Аркасынан келатат, Сапырылып топурак, Сакалы бар бакжаңдап, Муруту бар саксаңдап, Муунган койдой оозунан, Көбүк агып буртулдап, Толкуну катуу дүркүрөп, Мас буурадай күркүрөп, Каары чыгып жүзүнөн, Жалын чыгып көзүнөн, Жан айабай кириптир, Жайылданып алыптыр, Шоролонуп көзүнөн, Токтобой жашы агыптыр, Тоодой болгон чоң Соксо, Токтолбой жетип барыптыр. Айар кылып турбастан, Аты-жөндү укпастан, Атыраңдап аргытып, Желжетпес атын каргытып, Желденгенсип алыптыр, Жетип найза салыптыр, Сайдырбастан эр Манас, Найзасын кайра кагыптыр, Салмагы балта оңойбу, Найзасы колдон каңгыптыр, Каңгайдын түшүп элине, Он эрди басып калыптыр. Арданды соксо карарып, Үйдөй чокмор колго алып, Уйутуп койгон чойунбаш, Чойунга болот аралаш, Опколжуп келип урганда, Томкорулуп кетүүчү, Орто дөбө эчен таш, Үңүрөйгөн кабагы, Үксөйүп башка чыккан чач, Ороңдогон бул каапыр, Одураңдап келатат, Чаптырбай баатыр эр Манас, Ач билектен кармады, Көмөрө чокмор чаба албай, Ийилбей колу калганы, Шердик күчүн салганы, Чокморду сууруп алганы, Ыргытып ийип чокморун, Абалыңды билдим, деп, Арстан туруп калганы. Сотой деген калдайы, Чарасы кетип айтканы: — Алат окшойт бул Манас, Соо кайтарбай барганды,- Ылгап туруп, тыңдуулап, Кырк кишини жумшады,- Соксо, Манас кектешип, Качырышса беттешип, Ат айабай чапкыла, Бир айланы тапкыла, Баарың мыкты эрлерсиң, Далай сонун көргөнсүң, Манаска тордон салгыла, Түшүп калса торуңар, Сүйрөп келе калгыла! - Кыркты тыңдап чогултуп, Сотой турду белендеп, Эби эми келер, деп, Ачууланып чоң Соксо, Ардыкканы ошончо, Чойун башын колунан, Манас тартып алганга, Батып түпсүз санаага, Арданганы аттан чоң: “Өзүм Соксо зор болсом, Желденгенди жапшырып, Жер бетине даң болсом, Улуу тоодой атымды, Ушагандай жоготсом, Уруум журттун ичинде, Уйатымдан не болом?!” Кара болот бөрү тил, Булгап найза колго алды, Жаны ачкан арданып, Күүлөп найза сунганда. Күркүрөгөн үн чыгып, Күүсү катуу сүр чыгып, Ачууланган Соксонун, Эки бетин отунан, Үч байпактык жүн чыгып, Найза күүлөп жеткенде, Ирмебей тиктеп эр Манас, Найзадан улай кармады, Учу Манас баатырда, Сабы соксо каапырда, Тарткылашып турганда, Кырк кишиси Сотойдун, Аркасынан жетиптир, Айкөл шерге ошондо, Кырк боолук салып кетиптир, Кырк аргамжы оролуп, Түйүп койгон тор болуп, Оролуп тордо калганы, Ойрон Манас зор болуп, Боолук салган кырк баатыр, Баары бирдей кыл баатыр, Камчылап атын сабады Алып кетмек турмайлык, Аккуланын үстүнөн, Оодара тарта албады, Өзүм сүйрөп жөнөйм деп, Оолугуп Соксо барганы, Келгенин көрүп Соксонун, Келбеттүү баатыр Манастын, Кежирлиги кармады. Булчуң этин түйүлтүп, Бар кайратын жамдады, Туш тарапка керилип, Каарданып туйлады, Тор туруштук кылбады, Чириген бөздөй үзүлүп, Чыгып кетти далдалы, Кыраан Манас сурданып, Ачалбарсты колго алды, Тартып жаткан чиренип, Соксого жини кайнады, Тоодой кылып бөлүнтүп, Жара чаап таштады. Качырбай кырктан бир киши, Ошол жерде жалмады, Сотой, Банус, Дөөкандар, Токтоо кылып туралбай, Бир-бирден барып чыдабай, Үчөө катар ат койуп, Адыраңдап барышты, Үч тараптан үчөөлөп, Ал Манаска жабышты, Арты-артынан дембелип, Бирден балта чабышты, Самап турат калдайлар, Колдон келсе өлтүрүп, Өзөктөн канын жайышты. Тегеректеп жатканда, Телкызыл минип эр Сыргак, Мөкү балдуу найза ыргап, Капташа түшүп капыстан, Чыга калса кашаттан, Банус, Дөөкан, Сотойлор, Тегеректеп алыптыр, Ортосунда ойронуң, Өзү жалгыз калыптыр, Учурай түшүп Дөөканга, Өткүр Сыргак сайганда, Кажыбас деген атынан, Ыргып кетти капкайда, Атынын оозун бурбады, Бануска найза сунганы, Беттеше албай Банус хан, Бура тартып качыптыр, Акылы мунун шашыптыр, Качпасты минген Дөөканы, Кайрылбай качып калганы, Бура тарта бергенче, Сотойду Манас жайлады – Төбөсүнөн тең жарып, Кылычын канга майлады, Банус канкор артынан, Баатыр Сыргак баратса, Капысынан туурадан, Карабөрк келип капташты, Карабөрк мыкты эр экен, Өзү ургаачы болбосо, Кайсы эрден кем экен? Каршылашып Сыргакка, Капташып калган кеп экен. Качырышып сайышып, Кара жандан кечишип, Эрегишип алыптыр, Бири ургаачы, бири эркек, Кезенишип калыптыр. Телкызыл менен Жалманбоз – Эки тулпар тең окшош, Кезек менен кээри жок, Эр Сыргактан Карабөрк, Кача турган жери жок. Катуу урушуп жатканда, Кыргыл, Шууту, Тазбаймат, Жетип барды ал жайга, Төрт болгондо бир киши – Карабөрк качты Каңгайга, Кимге карап ким жүрөт, Баш аламан андайда? Жоголдуң кайда сен? — дешип, Мага көмөк бер, — дешип. Көрүнбөйсүң деги, — деп Көптөп кетти мени,- деп Жошологон челектей, Баш шишиген андан көп. Колу сынып чолоңдоп, Майып болгон мындан көп, Капташып ажал огунан, Кайып болгон андан көп. Буту сынык буркурап, Аксаганы мындан көп, Бир боорум, деп кан жутуп, Какшаганы андан көп. Көзүмө тийип кетти, — деп, Сокур болуп неттим, деп, Олоңдогон мындан көп. Көрдүңбү деп, баланды, Сураганы андан көп, Өйдө-төмөн чапкылап, Чубаганы мындан көп, Кулагы жок жыпжылма, Мулуңдаган андан көп, Жулунуп сакал, муруту, Жулжуңдаган мындан көп, Жаагынан каны куйулуп, Тамчылаган андан көп, Жарам жаман, өлдү деп, Зыркыраган мындан көп, Ичегиси чарайып, Чыгып калган мындан көп, Эки бөлөк бураңдап, Бели сынган мындан көп, Бир жолу уктап тынч алып, Жаны тынган андан көп, Оозунан келген кепти айтып, Чаркыраган андан көп, Сен кайдасың деги?- деп, Даркыраган мындан көп, Башы бүтүн, боору эсен, Күлүңдөгөн андан көп, Өлүүдөн калсак экен, деп, Күдөңдөгөн мындан көп; Бери келчи, балан деп, Бүжүлдөгөн андан көп, Өзүн мактап бабырап, Күжүлдөгөн мындан көп... Банус хандын артынан, Жалгыз кеткен кара көк, Аккула менен аргытты, Артынан кууп жетем, деп, Жетпесем ишим бекер, деп, Көөшөрүп бара жатканда, Чычайа качкан Банус хан, Кылчайып артын караса, Кабылан Манас келатат, Калдайган кара талаада, Бир кечмелик, кош кашат, Жер көрүндү арада. Кара ниет Банус хан, Кайра тартып алыптыр, Көмүскө менен койгулап, Көт жагына барыптыр, Кош кашатка мааналап, Көрүнбөй тосуп калыптыр. Көзү көргөн канкоруң, Банус хандын кеткенин, Эсине алып келаткан, Куткарбастан жетмеги, Элебеди жакындап, Көзөл Чубак жеткенин. Тосуп турган Банус хан, Кыйамына келгенде, Кыйа тарта бергенде, Кый сүбөөдөн бир сайды, Аккуладан эр Манас, Жер тайанып кынтайды, Банус хандын мингени, Ала качкы мал экен, Ооздугун тиштенип, Алып өтө берди эле, Оңолуп кайра тартканча, Ойрон Чубак жетти эле. Унчукпай Чубак жөн келбей, “Манастап” салды бакырык, Боорунан таш кулап, Кош кашат кетти жаңырып, Кыйкырыкты укканда, Чубактын үнү чыкканда, Жаадай учуп Банус хан, Бадакшан карай кетти эле, Бадакшанды жердеген, Бардыгы тажик эли эле, Балтырлууга бой бербес, Баатырын Банус дээр эле, Кыйындык менен Банус хан, Каңкайлар менен теңдешип, Араникте турчу эле. Араник туруп нетем, деп, Өзүмдүн шаарым Бадакшан, Тажикке кирип кетем, деп, Аркасын карап кылчайбай, Кетти Банус тепеңдеп. Жыгылган жерден эр Манас, Аккула минип алыптыр, Кайра артына жаныптыр, Сыргактан качып Карабөрк, Капташып жолдо калыптыр, Караанын Чубак көргөнү, Качырган бойдон жөнөдү, Үч айланып өткөндө, Эр Чубакты Карабөрк, Көктекеден көмөрдү. Көмө сайып Чубакты, Көкжалды карай жөнөдү, Жеткен жерде эр Манас, Жээликпеген шер Манас, Сайдырбай кагып найзасын, Этектен бурдай кармады, Оңтойлотуп долуну, Үзөңгү боого салганы, Жалманбозун олжолоп, Үйүнө алып барганы. Жазганабы Карабөрк, Ак күбө тондун этегин, Ал дагы толгоп кармады. Омбул-домбул жабышып, Ойго-тоого жарышып, Бура тартар чама жок, Кош аңга атты салышып, Катуу болду оодарыш, Бирин-бири алган жок, Ат үстүнөн оодарып, Мүдүрүлүп аттары, Кеткени жок ажырап, Аңгычакты болбоду, Кыргыл баштап кырк баатыр, Баары келди кыжырап, Бака-шака сүйлөшүп, Торгойдон бетер быжырап. Ырамандын Ырчы уулу, Айтып турган сөзү бу: — Оо, кагылайын арстаным, Укканымды айтайын, Угузайын өзүңө, Карабөрктүн айтканын. Карабөрк Дөөхандын кызы эле, Бадахшан менен Балыктын, Арасында жайлоодо, Биз менен бирге жүрчү эле: “Мени сайып ким жыкса, Ошого тием”- дечү эле. Азаматка шарт койуп, Айткан кеби бул эле. Сен, Карабөрк, не болдуң? Акылың кайда жоготтуң, Оодарышып шер менен, Оорактуу Манас эр менен? – Ырчы уул айтып ийгенде, Таазим кылып баатырга, Түшө калып атынан, Карабөрк карап урду эле, Кайрылып артын карабай, Бастырып кетти кабылан, Араникте Карабөрк, Ал Манаска табылган. Калчадан алды Накылай, Калмактан алды Карабөрк, Бул экөөнүн иштери, Мындан кийин далай көп. Тынчытып Манас бул жерде, Самаркан барып жай жатты, Күн батып, далай таң атты.

Муну мындай таштайлы, Сынчыбектин бүгүлүп, Багынганынан баштайлы.