← Манас 5/5

Күркүрөгөн үн чыгып, Күүсү катуу сүр чыгып, Ачууланган Соксонун, Эки бетин отунан, Үч байпактык жүн чыгып, Найза күүлөп жеткенде, Ирмебей тиктеп эр Манас, Найзадан улай кармады, Учу Манас баатырда, Сабы соксо каапырда, Тарткылашып турганда, Кырк кишиси Сотойдун, Аркасынан жетиптир, Айкөл шерге ошондо, Кырк боолук салып кетиптир, Кырк аргамжы оролуп, Түйүп койгон тор болуп, Оролуп тордо калганы, Ойрон Манас зор болуп, Боолук салган кырк баатыр, Баары бирдей кыл баатыр, Камчылап атын сабады Алып кетмек турмайлык, Аккуланын үстүнөн, Оодара тарта албады, Өзүм сүйрөп жөнөйм деп, Оолугуп Соксо барганы, Келгенин көрүп Соксонун, Келбеттүү баатыр Манастын, Кежирлиги кармады. Булчуң этин түйүлтүп, Бар кайратын жамдады, Туш тарапка керилип, Каарданып туйлады, Тор туруштук кылбады, Чириген бөздөй үзүлүп, Чыгып кетти далдалы, Кыраан Манас сурданып, Ачалбарсты колго алды, Тартып жаткан чиренип, Соксого жини кайнады, Тоодой кылып бөлүнтүп, Жара чаап таштады. Качырбай кырктан бир киши, Ошол жерде жалмады, Сотой, Банус, Дөөкандар, Токтоо кылып туралбай, Бир-бирден барып чыдабай, Үчөө катар ат койуп, Адыраңдап барышты, Үч тараптан үчөөлөп, Ал Манаска жабышты, Арты-артынан дембелип, Бирден балта чабышты, Самап турат калдайлар, Колдон келсе өлтүрүп, Өзөктөн канын жайышты. Тегеректеп жатканда, Телкызыл минип эр Сыргак, Мөкү балдуу найза ыргап, Капташа түшүп капыстан, Чыга калса кашаттан, Банус, Дөөкан, Сотойлор, Тегеректеп алыптыр, Ортосунда ойронуң, Өзү жалгыз калыптыр, Учурай түшүп Дөөканга, Өткүр Сыргак сайганда, Кажыбас деген атынан, Ыргып кетти капкайда, Атынын оозун бурбады, Бануска найза сунганы, Беттеше албай Банус хан, Бура тартып качыптыр, Акылы мунун шашыптыр, Качпасты минген Дөөканы, Кайрылбай качып калганы, Бура тарта бергенче, Сотойду Манас жайлады – Төбөсүнөн тең жарып, Кылычын канга майлады, Банус канкор артынан, Баатыр Сыргак баратса, Капысынан туурадан, Карабөрк келип капташты, Карабөрк мыкты эр экен, Өзү ургаачы болбосо, Кайсы эрден кем экен? Каршылашып Сыргакка, Капташып калган кеп экен. Качырышып сайышып, Кара жандан кечишип, Эрегишип алыптыр, Бири ургаачы, бири эркек, Кезенишип калыптыр. Телкызыл менен Жалманбоз – Эки тулпар тең окшош, Кезек менен кээри жок, Эр Сыргактан Карабөрк, Кача турган жери жок. Катуу урушуп жатканда, Кыргыл, Шууту, Тазбаймат, Жетип барды ал жайга, Төрт болгондо бир киши – Карабөрк качты Каңгайга, Кимге карап ким жүрөт, Баш аламан андайда? Жоголдуң кайда сен? — дешип, Мага көмөк бер, — дешип. Көрүнбөйсүң деги, — деп Көптөп кетти мени,- деп Жошологон челектей, Баш шишиген андан көп. Колу сынып чолоңдоп, Майып болгон мындан көп, Капташып ажал огунан, Кайып болгон андан көп. Буту сынык буркурап, Аксаганы мындан көп, Бир боорум, деп кан жутуп, Какшаганы андан көп. Көзүмө тийип кетти, — деп, Сокур болуп неттим, деп, Олоңдогон мындан көп. Көрдүңбү деп, баланды, Сураганы андан көп, Өйдө-төмөн чапкылап, Чубаганы мындан көп, Кулагы жок жыпжылма, Мулуңдаган андан көп, Жулунуп сакал, муруту, Жулжуңдаган мындан көп, Жаагынан каны куйулуп, Тамчылаган андан көп, Жарам жаман, өлдү деп, Зыркыраган мындан көп, Ичегиси чарайып, Чыгып калган мындан көп, Эки бөлөк бураңдап, Бели сынган мындан көп, Бир жолу уктап тынч алып, Жаны тынган андан көп, Оозунан келген кепти айтып, Чаркыраган андан көп, Сен кайдасың деги?- деп, Даркыраган мындан көп, Башы бүтүн, боору эсен, Күлүңдөгөн андан көп, Өлүүдөн калсак экен, деп, Күдөңдөгөн мындан көп; Бери келчи, балан деп, Бүжүлдөгөн андан көп, Өзүн мактап бабырап, Күжүлдөгөн мындан көп... Банус хандын артынан, Жалгыз кеткен кара көк, Аккула менен аргытты, Артынан кууп жетем, деп, Жетпесем ишим бекер, деп, Көөшөрүп бара жатканда, Чычайа качкан Банус хан, Кылчайып артын караса, Кабылан Манас келатат, Калдайган кара талаада, Бир кечмелик, кош кашат, Жер көрүндү арада. Кара ниет Банус хан, Кайра тартып алыптыр, Көмүскө менен койгулап, Көт жагына барыптыр, Кош кашатка мааналап, Көрүнбөй тосуп калыптыр. Көзү көргөн канкоруң, Банус хандын кеткенин, Эсине алып келаткан, Куткарбастан жетмеги, Элебеди жакындап, Көзөл Чубак жеткенин. Тосуп турган Банус хан, Кыйамына келгенде, Кыйа тарта бергенде, Кый сүбөөдөн бир сайды, Аккуладан эр Манас, Жер тайанып кынтайды, Банус хандын мингени, Ала качкы мал экен, Ооздугун тиштенип, Алып өтө берди эле, Оңолуп кайра тартканча, Ойрон Чубак жетти эле. Унчукпай Чубак жөн келбей, “Манастап” салды бакырык, Боорунан таш кулап, Кош кашат кетти жаңырып, Кыйкырыкты укканда, Чубактын үнү чыкканда, Жаадай учуп Банус хан, Бадакшан карай кетти эле, Бадакшанды жердеген, Бардыгы тажик эли эле, Балтырлууга бой бербес, Баатырын Банус дээр эле, Кыйындык менен Банус хан, Каңкайлар менен теңдешип, Араникте турчу эле. Араник туруп нетем, деп, Өзүмдүн шаарым Бадакшан, Тажикке кирип кетем, деп, Аркасын карап кылчайбай, Кетти Банус тепеңдеп. Жыгылган жерден эр Манас, Аккула минип алыптыр, Кайра артына жаныптыр, Сыргактан качып Карабөрк, Капташып жолдо калыптыр, Караанын Чубак көргөнү, Качырган бойдон жөнөдү, Үч айланып өткөндө, Эр Чубакты Карабөрк, Көктекеден көмөрдү. Көмө сайып Чубакты, Көкжалды карай жөнөдү, Жеткен жерде эр Манас, Жээликпеген шер Манас, Сайдырбай кагып найзасын, Этектен бурдай кармады, Оңтойлотуп долуну, Үзөңгү боого салганы, Жалманбозун олжолоп, Үйүнө алып барганы. Жазганабы Карабөрк, Ак күбө тондун этегин, Ал дагы толгоп кармады. Омбул-домбул жабышып, Ойго-тоого жарышып, Бура тартар чама жок, Кош аңга атты салышып, Катуу болду оодарыш, Бирин-бири алган жок, Ат үстүнөн оодарып, Мүдүрүлүп аттары, Кеткени жок ажырап, Аңгычакты болбоду, Кыргыл баштап кырк баатыр, Баары келди кыжырап, Бака-шака сүйлөшүп, Торгойдон бетер быжырап. Ырамандын Ырчы уулу, Айтып турган сөзү бу: — Оо, кагылайын арстаным, Укканымды айтайын, Угузайын өзүңө, Карабөрктүн айтканын. Карабөрк Дөөхандын кызы эле, Бадахшан менен Балыктын, Арасында жайлоодо, Биз менен бирге жүрчү эле: “Мени сайып ким жыкса, Ошого тием”- дечү эле. Азаматка шарт койуп, Айткан кеби бул эле. Сен, Карабөрк, не болдуң? Акылың кайда жоготтуң, Оодарышып шер менен, Оорактуу Манас эр менен? – Ырчы уул айтып ийгенде, Таазим кылып баатырга, Түшө калып атынан, Карабөрк карап урду эле, Кайрылып артын карабай, Бастырып кетти кабылан, Араникте Карабөрк, Ал Манаска табылган. Калчадан алды Накылай, Калмактан алды Карабөрк, Бул экөөнүн иштери, Мындан кийин далай көп. Тынчытып Манас бул жерде, Самаркан барып жай жатты, Күн батып, далай таң атты.

Муну мындай таштайлы, Сынчыбектин бүгүлүп, Багынганынан баштайлы.