← Манас 4/5

Жүз батман күрзү колунда. Тик качырды Манасты, Бул Манасты жеңгенде, Түгөтөм деп алашты, Корун менен Карабөрк, Токтолуп тура калышты. Арты-артынан киришип, Алмак үчүн намысты: “Катар барсак уйат,- деп, Үчөөлөп сайып жыкканда. Кимге атак калат? — деп, Эч шеги жок Манасты, Шакур сайып алат,- деп, Жүз батман чокмор тийгенде, Кыргыз Манас турбайлык. Тоо да тоскоол кылбайт” — деп, Шакуруна ишенип, Шаңданып карап турушту, Алдыңкы келген Шакур, Баштады кызык жумушту, Ал Манасты көргөндө, Кол салгансып жүрөккө, Колундагы чокморду, Урчук ташка бир урду. Талкан болуп таш кетти, Тайманбай Шакур чоң калмак, Ал Манаска жетти эми, Бир урчукту бузду деп, Манас коркуп кетеби, Тик качырган Шакурга, Сырнайза кармап кезенди. Күрзүсүн колго аларда, Көтөрүп туруп чабарда, Найзаны Манас алыптыр, Күрзүдөн нары сайыптыр. Таштан жанбас Сырнайза, Күрзүгө кирди мадалып, Найзага илип күрзүсүн, Жулуп Манас кошо алып, Айландырып күүлөдү, Адырайган Шакурдун, Өзүн койуп жиберди. Күрзү, найза аралаш, Тоодой Шакур жыгылды, Кара жерди кучактап, Кемерге башы тыгылды. Бир чабуудан ашырбай, Шакурдун деми тыйылды. Шакурду көрүп чыдабай, Кирди Корун тура албай, Чаба турган жарагын, Жайын угуп алыңар: Тегирмендин жети таш, Саптаганы бек жыгач, Жылгыс кылып бекиткен, Шынаасы темир аралаш. Оролонуп алганда, Ойрон кылып салуучу, Кара ниет бул Корун, Беттешкенин алуучу, Уруштуу күн болгондо, Көрүп турган Корунду, Кумардан чыгып калуучу. Күлүк Коңур аты бар, Корун деген даңкы бар. Калган эсем ал Корун, Беттешкенин мент кылбай, Куру келген жан эмес, Кең майданды кан кылбай, Колунда бар көтөргөн, Тегирмендин жети таш, Кол салышып киргенде, Кутулган эмес, жалгыз баш, Жер титиреп бастырса, Желденип турат башкача, Ыраңы сүрдүү алаамат. Жеп ийчүдөй келатат. Жеткен жерде баатырды, Жети таш менен бир салды, Чапкан ташы тийгенче, Таш көтөргөн колуна, Балта менен баатыр шер, Чыканакка бир салды. Чыканагы зыр этип, Көтөрүлбөй шалдайды, Аны менен токтобой, Акалбарс менен бир сайды, Орто тоодой чоң калмак, Оодарылып кыйшайды. Ээрден көчүк бултайды, Үзөңгүдөн бут тайды, Кескен терек кептенип, Кырданып Корун кынтайды, Кылымда даңкы бир бөлөк, Кыргыздан чыккан кара көк, Кесип башын таштады, Хандарды канга чыктады, Удаа сайып экини, Эрен Манас баатырың, Ого бетер шыктанды. Көзү көрүп туруптур, Анда Дөөкан муну айтты: — Эрке балам, Карабөрк, Тирүүлүгүң канымет. Капташып барба кыргызга, Кара суудай кан ичет, Каадасы ошол турбайбы, Коондон оңой баш кесет, Өкүм кылдым пилдерге, Өлтүрүп кетсин тебелеп,- Карабөрктү атасы, Киргизбей койду себептен, Дөөкандын кызы Карабөрк, Абалтадан көп ирет, Айтып жүргөн болучу: “Ким жеңсе мен тием — деп, Телп этип ыргып жеңилсе, Көз чуңкуруна сием” — деп, Бир беттешчү эр экен, Беттешпей кантип кетем?- деп, Алдырып ийип жеңилсем, Максатка жетем, тием? — деп, Атамдын тилин алайын, Артын карап турайын. Өлбөй пилден кутулса, Бир беттешип багайын, Алдырып койсом кокустан, Тийип кетип калайын”. Карабөрк ойлоп канча кеп, Атанын тилин алыптыр. Акыры кандай болор деп, Аңдып карап калыптыр. Тукумдантып өндүргөн, Багып жүрүп чоңойтуп, Урушка салып көндүргөн, Отуз эки пили бар, Тумшугунда пилдердин, Эп келтирип кадаткан, Болоттон найза дагы бар. Агытса пилдер баруучу, Бири миңден алуучу, Жер майышкан жоо болсо, Тымтыракай салуучу. Найзалуу пилдер сайуучу, Найзасыз пилдер тумшугун, Ороп туруп тартуучу, Оодарып жыгып алганда, Колу менен чарпуучу, Тоо болсо да талкалап, Топурак кылып кайтуучу. Пилчилер пилди агытып, Пилдер келет каргытып, Учураган кишини, Колу менен чарпышып. Ном деген пил бар эле: Отуз эки пилинин, Эң балбаны ал эле, Жоону туйук томпоңдоп, Дүк-дүк желип колтоңдоп, Чыгар-чыкпас карышка, Куйругу келет чолтоңдоп. Тумшукта найза он кулач, Күн чагылып жылтылдап, Бүлөөдөй болуп, бултайып, Булчуңдары былкылдап, Номпил жетип келиптир, Эң алдында мултулдап. Кырандын көркүн кылышын, Сууруп алды кылычын, Алдында келген Номпилдин, Таарый чаап мойунун. Бүтүрдү анын ойунун. Номпилди таштап талкалап, Манас турду чалкалап, Адам эмес пилди да, Чаап турду барчалап. Аркасынан эки пил, Дагы жетти дүкдүйүп. Жаш айдары кара көк, Шердигин эми билгизди, Айбалта менен бирди чаап, Бирин жерге киргизди. Удаа жетти жана пил, Найза менен бир сайды, Быйактан сайган сыр найза, Мулт деп өтүп тийакка, Найзанын учу кылтайды, Пилдин башы шылкыйды, Үчөөнүн көрүп өлгөнүн, Мына көр пилдин үрккөнүн. Буттары жоон балтаңдап, Кайра качты дардаңдап, Аргамжы бойу узарып, Төрт таканы тарбаңдап, Кайнап жаткан каңгайдан, Канчасын кетти талкалап, Пилди баккан эмеси, Алдынан келип тоскону, Мурунга койуп бакандап. Тосконуна болбоду, Коргонго кирди мааналап, Пилге удаа кара көк, Топко кирди аралап. Соксо калдай дегени, Бүтүн соот кийгени, Өжөрлөнүп бул чочко, Жаман катуу кирди эми, Соксонун жайы мамындай, Ары калдай, ары эр, Кара баштуу кишиде, Жалгыз өзүм менмин дээр, Желжетпес - сары аты бар, Жалгыз кара – бир башы, Жетимиш эрче салты бар. Жүздү сайып бир алган, Ошол жүздүн ичинде, Дөөсү да бар, алпы бар, Жердин бетин ээлеген, Албан дубан калкы бар, Ай-ааламда соксонун, Айтылып жүргөн даңкы бар. Катарлап темир кийиптир, Кабаттап калкан илиптир, Буттай темир курчанып, Бузулуп өңү сурданып, Найза, кылыч, чокморун, Кетелек менен сом темир, Калтырбай баарын бүт алып, Бат атарын койундап, Желжетпес атын мойундап, Аркасынан келатат, Сапырылып топурак, Сакалы бар бакжаңдап, Муруту бар саксаңдап, Муунган койдой оозунан, Көбүк агып буртулдап, Толкуну катуу дүркүрөп, Мас буурадай күркүрөп, Каары чыгып жүзүнөн, Жалын чыгып көзүнөн, Жан айабай кириптир, Жайылданып алыптыр, Шоролонуп көзүнөн, Токтобой жашы агыптыр, Тоодой болгон чоң Соксо, Токтолбой жетип барыптыр. Айар кылып турбастан, Аты-жөндү укпастан, Атыраңдап аргытып, Желжетпес атын каргытып, Желденгенсип алыптыр, Жетип найза салыптыр, Сайдырбастан эр Манас, Найзасын кайра кагыптыр, Салмагы балта оңойбу, Найзасы колдон каңгыптыр, Каңгайдын түшүп элине, Он эрди басып калыптыр. Арданды соксо карарып, Үйдөй чокмор колго алып, Уйутуп койгон чойунбаш, Чойунга болот аралаш, Опколжуп келип урганда, Томкорулуп кетүүчү, Орто дөбө эчен таш, Үңүрөйгөн кабагы, Үксөйүп башка чыккан чач, Ороңдогон бул каапыр, Одураңдап келатат, Чаптырбай баатыр эр Манас, Ач билектен кармады, Көмөрө чокмор чаба албай, Ийилбей колу калганы, Шердик күчүн салганы, Чокморду сууруп алганы, Ыргытып ийип чокморун, Абалыңды билдим, деп, Арстан туруп калганы. Сотой деген калдайы, Чарасы кетип айтканы: — Алат окшойт бул Манас, Соо кайтарбай барганды,- Ылгап туруп, тыңдуулап, Кырк кишини жумшады,- Соксо, Манас кектешип, Качырышса беттешип, Ат айабай чапкыла, Бир айланы тапкыла, Баарың мыкты эрлерсиң, Далай сонун көргөнсүң, Манаска тордон салгыла, Түшүп калса торуңар, Сүйрөп келе калгыла! - Кыркты тыңдап чогултуп, Сотой турду белендеп, Эби эми келер, деп, Ачууланып чоң Соксо, Ардыкканы ошончо, Чойун башын колунан, Манас тартып алганга, Батып түпсүз санаага, Арданганы аттан чоң: “Өзүм Соксо зор болсом, Желденгенди жапшырып, Жер бетине даң болсом, Улуу тоодой атымды, Ушагандай жоготсом, Уруум журттун ичинде, Уйатымдан не болом?!” Кара болот бөрү тил, Булгап найза колго алды, Жаны ачкан арданып, Күүлөп найза сунганда.