Бадыкөлдүн Карманапка кол салышы
Моңгул менен тең турган, Маңгыт деген бирөө бар, Маңгыттын эли азыраак, Маңгыттардын чоңу эле, Бадыкөл деген кысталак, Байракты кармап кол баштап, Батышка Чыңгыш барганда, Батынып чеңгел салганда, Колдун жүргөн алдында. Капташкан жерге чуу салды, Башына балаа түн салды, Калың элди талкалап, Кайгы менен ый салды, Бадыкөл деген бадырек, Күкүрттөй күйүп күч алды, Бараң менен Шаңкайды, Тажик менен калчаны, Түркмөндүктү багынтып, Кара көзүн жайнатты, Карманап деген баш болуп, Кара калпак эл калды. Колун сунуп Бадыкөл, Коросон менен жедигер, Короодон сүрүп малды алды. Коркутуп туруп омбутуп, Куржун-куржун пулду алды. Бир албады жылда алды, Жылтыраар эме калбады, Жыйып баарын жалмады, Кутуруп турган Бадыкөл, Кыргызга назар салганы.
Жакыптын кызы Кардыгач, Билектен жоон олоң чач, Айалдан башка сыйагы, Жазы маңдай, кара каш, Атайын таңдап ушуну, Алган болчу Карманап. Бадыкөл издеп амалды, Ойлонду аны чабарды, Орто жерди бошотуп, Кыргызга анан барарды, Карманаптын жылкысын, Барып айдап келгин, деп Кырк кишини жумшады. Кыркы кыркты котчу алды Кутургандан жүздү алды, Бир жүз сексен эр келди, Каптап кетер сел келди, Кармашып күчү жетпестен, Каракалпак элдери, Калтырбай жылкы оторду, Карап жүрүп бүт алды. Алганын угуп Карманап, Атайын киши жумшады: — Бадыкөлгө баргын, — деп, Жообун алып жангын, — деп, Короолош коңшу эл элек, Не үчүн жылкы алдың?-деп, Кай жеримден мен сага, Жаза басып калдым? – деп, Жылда алым саласың, Жылдырбай туруп аласың, Жана деги бер десең, Жыйнап берчүү мен бармын, Элөөсүз жерден ойду таап, Ушулбу сенин кыларың? Жообуңду берчи Бадыкөл Ачык жообуң угайын!- Жиберген киши барыптыр Карманаптын кептерин, Калтырбай төгүл салыптыр. Угуп болуп Бадыкөл, Одуруңдап күүлөнүп, Опсуз катуу сүйлөнүп: Каракалпак Карманап, Айтканын көрчү ал мага, Коросон менен Жедигер, Коркуп элчи салбаса, Күн батыштан бир киши, Кылчайып карай албаса, Кутурган экен Карманап, Жакыптын уулу жаш Манас, Көңтөйдү сайып алды деп, Калчанын ханы Шоорукка, Азапты катуу салды, деп, Ордосунда кырк кызды, Олжо катын кылды, деп, Баш көтөргөн турбайбы, Ушул Манас кайниң, деп; Теңтуш киши кептенип, Атайын элчи жиберүү, Ал болбосо кайсы кеп?! Козголуп колум аттан!-деп, Мага киши жиберип, Каракалпак азган, деп, Көчүрүп кел бардыгын, Кечикпестеп чапсан!-деп, Чакчелекей түшүрүп, Аскерин айдап дүрбөтүп, Ат куйругун түйдүрүп, Карманап киши салат, деп, Катуу жаман күйүгүп, Маңгыттын көбү жалмаңдап,
Олжо алам деп сүйүнүп, Карманаптын кишисин, — Кайра ылдам бар, — деди, Хан Бадыкөл келет деп, Калкыңа кабар сал, -деди. Канчалык болсо Карманап, Камынып турсун армансыз, Катышмак үчүн биз ага, Айдап жылкы алганбыз, Карманапты сойбосом, Канын ичип тойбосом, Басарга жолум кеңитип, Көңтөй менен Шооруктун, — Ал экөөнүн кунун кууп, Жаш Манасты сойлотом, Менин бекер жатышым, Айландырып ойлосом, Аз күндөн берки кабарда, Нарынды таштап талаага, Ажал жактан шекинип, Алоооке качкан бечара, Колунда турса аскери, Коркок болбос мындайда, Аркасын карап кылчайбай, Боздөктүргө жетиптир, Эмгичекти берилеп, Эл өчүнө келбептир, Банус хан, Дөөхан дегендин, Алардын шайы кетиптир, Үркөрдөй өзүм жылбасам, Бүркүттөй колум сунбасам, Кыргыздан чыккан тентекти, Жыпжылма, түптүз кылбасам, Кызыл канын чубуртуп, Кылычтан башын кыйбасам, Шооруктун кызын алыптыр, Тартып алып Манастан, Термечикти тердирип, Тирүү жесир кылбасам! Топтотуп туруп бар малын, Комдотуп туруп нарларын, Арттырып алтын зарларын, Эсебин сүрүп таппасам, Көңтөй менен Шооруктан, Олжо алган малдарын, Чогултуп пулун жыйдырып, Чокчоңдогон Манасты, Алдымда кызмат кылдырып, Каңгайга барып жанайын, Алаштын айлын кыдырып, — Мына мунтип Бадыкөл, Күпүлдөдү бир далай, Карманаптын кишиси, Ыдыгына чыдабай, Саксаңдаган капырдын, Жүзүн карап туралбай, Кет дегенде жөнөдү, Камчыга атын бөлөдү, Жөнөп жатып кылчайып, Бадыкөлдүн аскери, Аттанганын көргөнү, Айал-үйөл кылбады, Атынын оозун жыйбады, Өлүп калат дебестен, Камчылуу колун тыйбады. Караңгыда калдаңдап, Эки этеги далбаңдап, Эми жетти дардаңдап, Коркуп көзү алаңдап, Мойнун толгоп каранат, Кара ниет калмактын, Калтырбай кебин бүт салат, Анда Карманап туруп муну айтат: — Сен Бадыкөлгө баргансың. Көзүн көрүп капырдын, Сөзүн угуп жангансың, Мен элге кабар кылайын, Эрлерден тандап жыйайын, Эптеп-септеп урушуп, Амал кылып турайын, Самарканга өзүң бар, Айтканым түгөл билип ал, Кабарын угуп жүрөсүң, Бай Жакып деген кайным бар, Аты чыккан жаш Манас, Барлык элге дайын ал, Көктөй-чачпай кебимди, Ал Манаска айтып бар! Карманап жездең айтты, де Манас, сенин саатыңан, Бадыкөл келип басты, де Көңүлү сенден кайтты де, Көөнүмчө жыргап жатчу элем, Манас, сенин саатыңан, Бадыкөл мени басты, де! Бадыкөлдүн алдына, Барган киши мен дегин, Калтырбай такыр айтып бер, Бадыкөлдүн бар кебин, Бай Жакыптын малына, Мас болсо мында келбесин, Каракалпак элинде, Кардыгач анда бар десин! Эже-жездең аман, де, Бадыкөл пейли жаман, де, Корконунан жездеңиз, Өңүнөн азып саман, де! Куткарып койуп жездесин, Андан кийин кутурсун, Келбей койсо бул сапар, Кыргыз берген туз урсун! Узартып кайдан турайын, Айтып баргын ал–жайын, Келер болсо тез келсин, Аз келбесин, көп келсин, Үрпөк баштуу туу келсин, Жер айрылган чуу келсин Бизге келчү Бадыкөл, Агызып кетчү сел, дегин Үй токтоткус жел, дегин, Көңтөй менен Шооруктан, Канча өйдө эр дегин! — Айтып болуп узатты, Алтыкеге бар кебин, Бетпактын аркы бетинен, Бедерлүү шордун четинен, Аттанып чыкты Алтыке, Түн ортосу кез менен, Ылгап минген Коңурсур, — Карманаптын иниси, Карадөөнүн аты бул, Арып-чарчап калбаган, Алтыке өзү мыкты уул, Букардын үстү кең Акчий, Келе жатып Алтыке, Кезигип калды көп элге, Учураган кишини, Алтыке таанып билбеди, Чыдай албай Алтыке, Атын сурап жиберди, Сураганда кеп айтты: — Шаатемир атым, деп айтты, Кең Букар болот жерибиз, Ат өлтүрө жүрүпсүң, Өзүңүз кайдан келдиңиз? Шашкалаңдап жөнөпсүз, Кай жерде болот элиңиз? Атыңды кошуп, азамат, Жашырбай айтып бериңиз, Атап айта кетиңиз, Эл башкарган бегиңиз, — Алчыланып Алтыке, Алдында минген Коңурсур, Камчыланып Алтыке: — Арып-чарчап келатсам, Салмак болдуң көп кепке, Бетбактуу биздин жерибиз, Кара калпак элибиз, Атын уксам Карманап, Эл башкарган бегибиз, Эркин оттоп жатчу эле, Ой тоосунда биздин мал, Маңгыттардын Бадыкөл, Баардык элге таанымал, Ушул маңгыт оолугуп, Айдатып бизден жылкы алган, Аркасынан жылкынын Арачы болуп мен барсам, Айтпаган кеби калбаган: — Бош кыламын жериң, — дейт Бошотомун белиң, — дейт, Түгөнбөгөн кебим бар, Түрк уулунда менин, дейт Ара жерди бош кылып, Аттанып жолго чыгам, — дейт. Жакыптын уулу Манастан, Шоорук менен Көңтөйдүн, — Экөөнүн кунун кубам, — дейт, Кутурду кыргыз бул кезде, Кылгылыкты кылам, дейт, Кылычтан бирден өткөзүп, Бир кумардан чыгам, — дейт, Каратып туруп көзүнө, Хан тагын жерге урам, -дейт, Чарбасын айдап адырдан, Чарбагын тартып жулам, — дейт, Каңгайга чейин барам, — дейт, Калтырбай элди чабам, — дейт, Түгөнгүс арман муң кылып, Тумтак түндү салам, — дейт, Шооруктун кызы Накылай, Тартып алып Манастан, Тирүү жесир кылам, — дейт Карманап менен хан Манас, Экөө экен куда, — дейт, Кудалыктан экөөнү, Кыламын такыр жудаа, дейт, Доңуздан бетер коркулдайт, Тегеле көңүл тынар сөз кылбайт, Чалып салар каманбы, Кетирди маңгыт амалды, Аттанып жөнөп келемин, Эр Манаска баргалы, Жиберди мени Карманап, Ошого кетип барамын, Жетип баатыр Манаска, Саламын айтып жанамын, Уксаң кебим бул эле, Шашып келем, деди эле, Шаатемир угуп ал кепти, Тулку бойу тердеди: — Бадыкөл менен беттешер, Кандай эрен бар? — деди, Манас жеңген калмактар, Бадыкөлдүн алдында, Анча-мынча ал, — деди, Торгобойун жолуңду, Бачымыраак бар, — деди. Ат айабай жол жүрүп, Аз гана эмес мол жүрүп, Күндү-күнгө улантып, Коңурсурду чуратып, Күндө жүрүп Алтыке, Артынан чаңын чубалтып, Абалатып иттерди, Айылга жетип барыптыр, Күндө Манас үйүндө, Келим кетим киши көп, Бүтүрүп жүргөн иши эле. Жигиттер атын алыптыр. Чоочун киши экен, деп, Эшикти ачып калыптыр, Асталай басып Алтыке, Үйгө башын салыптыр. Үйдүн ичи жарашып, Кырк баатыр турган жанашып, Алтыке кирип барганда, Тиктеп калды канашып, Ашыгып калды Алтыке, “Кайдан келдим бул жерге, Мындай ылгал жигитти, Көрбөгөнмүн деги эле” Ангычакты маңдайдан, Көрүндү Манас көзүнө, Кулак салып угалы, Алтыкенин сөзүнө, Каргылданып буулугуп, Так келбей тили буулуп, Жакадан алган киши жок, Кекиртеги муунуп, Алаңдап көзү кетиптир, Саргарып өңү куулуп, Ажат эмес кеп сураш, Коркконун билди эр Манас: — Хан атамдын үйүнө, Алпаргыла, жигиттер, Эс акылын жыйганда, Сөз сурагын бириңер, — Алтыкени Жакыптын, Алып келди үйүнө, Аңгычакты зор Бакай, Кирип барды ал үйгө. Көрүп Бакай шашылып, Бетине суудан чачтырып, Эс акылын таптырып, Сөзүн укту айттырып, Кардыгач аты чыкканда. Бай Жакып чыкты бакырып, Чыйырды чыкты чыңырып, Кыргыздар келди жыйылып, Хан Бакай баштап күйүгүп, Кабылан укту туйунуп, Кермеден атты алдырды, Нөөкөрлөргө буйуруп, Отуз нөөкөр кыл шайы, Ордодо кызмат кылганы, Орунсуз кепке арданып, Оолугуп кыргыз турбады, Туучунак атын алдырып, Бай Жакып токум салдырып: “Кардыгач кандай болду-деп, Баласына кайгырып, Куураган экен Карманап, Оокатынан айрылып!” Барам деп айтып ийе албай Ал Манастан айбыгып, Жакып бай жүрөт алдастап, Түйдүрбөй ичтен камынып, Күйөөсү менен кызынын, Келүүгө көөнүн жай кылып. Бай Жакып антип жатканда, Бакайга айтат эр Манас: — Байкадыңбы, – хан Бакай, Хан атам неге камданат? Ал кайраты бар болсо, Неге барган Алтайга, Айдоого көчүп самсаалап? Кардыгач келсе эркелеп, Узатам деп хан атам, Катарлап төөсүн жетелеп, Анда барса эп келет. Кой деп койгун атамды, Бүгүн кошо жөнөсө, Мага жаман кеп келет. Эси жоктой иш кылып, Атам-энем бакырып, Кардыгач түшүп ойума, Катуу калдым шашылып, Көрбөппү атам душманды, Душман салат ар качан, Түгөнбөгөн бушманды, Атам Жакып барбасын, Айласын табаар мен бармын. Жайытка малы толгондо Жайнап кайра конгондо, Атам-энем тең барсын, Күйөөсү менен кызынын, Абалын анан сурасын. — Манастан Бакай угуптур, Жакыптын келип жанына, Айтып Бакай туруптур, — Көңүлүң бургун, Жакыпбай, Эминеден камың бар? Балдарың калды бой тартып, Айрыкча Манас чоңойуп Ат жалын тартып мингели, Өктөмсүп жүргөн калмактын, Ийинге бары киргени, Көңтөй, Шоорук оолугуп, Өлөрүн алар билбеди, Алооке качып Нарындан, Күн чыгыш эли баатырдын, Ашкере атын билди эми. Эси жок киши баштанып, Ээрчий чаап жүрбөйлү, Ээрчип жүрсөк саксаңдап, Эси жоктор күлбөйбү? Барар болсоң балаңа, Биз келгенде барып кел, Байбичеңди ээрчитип, Балдарыңды көрүп кел, Жаш баладай чапкылап, Антип жүрүү жакшы эмес, Аттанганы биз калдык, Айткалы келдим кеп-кеңеш, Аттанып жолго саларбыз, Тайсалдабай талаада, Айалдабай барарбыз, Алтыке деген киши экен, Карманаптан келгени, Бадыкөлүн маңгыттын, Башкача мактап жиберди, Батаңды бер балаңа, Бастырып бачым жүрөлү, Бай Жакып айтат ошондо: — Барбагын деп турушуң, Байкасаң кыйын жумушуң, Барамын деп ээленип, Бузбайын сөзүн уулумун, Кандай күндө калды экен, Кардыгач менин кулунум, Келмек эле бай Жакып, Келтирбеди Манас, деп, Таарынбасын Кардыгач, Билдирип жайын койгунуң. — Жатып калды бай Жакып, Жайдарың кетти аттанып, Кырк чорону котчу алып, Хан Бакайды кошо алып, Кызыл желек туу алып, Белдүү бекзат жөнөдү, Бетбакты карай бет алып, Эсине кирип Кардыгач, Жата албады тынч алып, «Кандай күндө калды, деп, Кара калпак кысталып, Алтыкени жөнөттү, Көөнү тынып турсун, деп, Сенден кабар сөз алып».
Букардын жазык бетинде, Кең Акчийдин четинде, Алакөл деген көл экен, Каз-өрдөктүн кени экен, Чоң Букарды башкарган, Карахан атын дейт экен, Үч ага-ини бир тууган, Атанын аты Адыбай, Бир энеден туулган, Ороздунун элинен, Киндик кан тамган жеринен, Үч бай көчүп кетти деп, Мурда элге угулган. Адыбайдын үч уулу, Эң улуусу Карахан, Кенже уулу Шаатемир, Ортончусу Темирхан, Хан деген такыр аты бар, Калайыкка таанымал, Как ушул биздин күнгөчө. Карахандын даңкы бар. Карахандан Агеркеч, Айалдан ашкан салты бар, Айдаркандын Көкчөсү, Ага тийген чагы бар. Темир хандын үйүндө, Каныкей деген кызы бар, Жез оймоктун узу бар, Карахандын кызы, деп, Калган элге угулаар. Карахандын Каныкей, Эч нерсени элебей, Он үч жашар чагы экен, Ээрчитип кырк кыз котчу алып, Алакөлдүн бойуна, Ойноп келген кези экен. Маңгытка жөнөп баратып, Жакыптын уулу жаш Манас, Кезигип калган кеп экен, Чоролор жолдо чубуруп, Топурак учуп бурулгуп, Аркасынан айкөлүң, Кетип барат чойулуп, Кыйыр жагын карасак, Кыздар турат чогулуп, Кайдан жүргөн кыздар, деп Баатырың барды бурулуп, Жакыптын уулу жайдарың, Жыйырмада бар экен, Маңдайынан караса, Көзү күйгөн шам экен, Кызыл чырай нур беттүү, Туулган артык жан экен, Элөөсүз баатыр барышын, Элебей кыздар калыптыр, Калтырбай Манас келбетин, Каныкей байкап алыптыр, Кыздардын барып жанына, Оң бутун баатыр көтөрүп, Куланын артып жалына, Анжыйандын ак куурма, Чылымын алып колуна Астыртан тиктеп кылыйып, Кыздардын карап тобуна, Каныкейди жактырып, Алыш кетип ойуна, Калайтып сырын алдырбай. Кете берди жолуна, Келип кете бергенче, Көл бойунда көп кыздар, Ким экенин билбеди, Азамат деп таңыркап, Абалынча зилдеди, Карахан кызы Каныкей, Далайга чейин сүйлөбөй, Ойго батып ченебей, “Артык туулган эр экен, Эч өөнү жок кенедей, Миңгени кула ат экен, Баатырга өтө бап экен, Кабылып калса ар кимге, Башына коңгон бак экен, Жер сууга батпай теминип, Желденип турган чагы экен, Көзөлү турса жигиттин, Күйбөй турган жан бекен? Уктук эле кабардан, Кулданып кеткен калмактан, Кыргызды бөлүп алды деп, Ар качан Манас ушу экен. Келип кетти бурулуп, Ичинде талап бар бекен, Өмүрлөшсө арман жок, Телегейи тең экен, Манас деп элдин шаңдашы, Жалганы жок чын экен, Ким чачылып чарбылса, Жыйып келчүү бул экен, Сандалып калган кыргызга, Жазыксыз кубат-муун экен, Чалкайып жаткан төр экен, Чалкып жаткан көл экен: Заңкайган залкар тоо экен, Жат душманга келгенде, Жалындап күйгөн өрт экен, Ата-журт үчүн кең пейил, Ак көрпө жайыл өзү экен, Тоодон улуу иш кылса, Жашырчуунун бири экен, Суудан улуу иш кылса, Кечирчүүнүн бири экен, Эр өлтүрсө, кан төксө, Жашырчуунун бири экен, Жакшы менен жаманды, Батырчуунун бири экен, Касташкандын тилегин, Катырчуунун бири экен, Ойносо кумар уткундай, Өчөшкөнүн өлтүрүп, Өчтөшсө башын жуткундай; Магырып менен машырык, Жайып колун сунгундай, Он сегиз миң ааламды, Оңуна келсе туткундай, Кезенишкен немени, Жерге кирип кетсе да, Чачынан тартып чыккындай. Каптап кыйан-сел келсе, Кайышпай туруп жыккындай, Жумулган көздү ачкындай, Кастаганы ким болсо, Капилет өлүп жаткындай, Кара сууга кан куйган, Канкор эрдин бири экен, Калайыкка чаң салган, Анткор эрдин бири экен, Жеткилең экен акылы, Жетилгенде жок калар, Теңдешер бенде акыры”. Тегерете бир карап, Каныкей антип жактырды, Каныкей калды көл бойлоп, Кан жүрөктү жуу мойлоп, Көкжалың кетти жол менен, Алда канча ой ойлоп. Кырк чоро кетип баратат, Бетбактын тоосун ал бойлоп, Үзүлтүп муну таштайлы, Карманапка катылган, Бадыкөлдөн баштайлы.
Кан ичме капыр Бадыкөл, Кабаттап темир кийинди, Кара калпак элине, Калдайган колун кийирди, Ок дарысын мол алды, Кара жерди казылтып, Карманапты какшатып, Андан ары түз басып, Алашты чаап алгалы, Арка болгон алашка, Манасты чаап алгалы, Кыргыздын элин тебелеп, Жыпжылма кылып салгалы, Каадасынча баштагы, Кыз-келинин алгалы, Кыйалында жөнөдү, Кызыл үркүн кылгалы. Аттанганда бадырек, Айал-үйөл кылбады, Ортодо түркүн азыраак, Отогондой уйпады, Бадыкөл келет экен, деп Каракалпак жыйналды, Карадөө минер аты жок, Карап туруп кыйналды, Аңгычакты алдырап, Алтыке келип калганы, Жаш Манас келе жатат, деп Жалпы журтка жайганы: Кара калпак, маңгыттар, Маңдайлашып чайкалды, Коңурсур тийип колуна, Карадөө көөнү жайланды, Кыламын деп кыйланы, Карадөө кылыч байланды, Жекеге чыгып бөлүнүп, Жалгыз өзү шайланды, Башкасына карабай, Бадыкөл барды өзү жай, Качырышты бакырып, Карадөө таамай сайа албай, Бадыкөлдөй капырдын, Айбатынан аптыгып, Беттешкен жерде Бадыкөл, Карадөөну шаштырып, Эки имерип сайышып, Карадөө калды шашылып, Карманап чыдап туралбай, Өзү чыкты ачынып, Карманапты көргөндө, Камылга кылып бөлөкчө, Найзаны булгап күч чыңдап, Катуу тийди жапырып: Үч имерип өткөндө, Өкүрүгү баш жарып, Кайраты ага тең келбей, Карманап калды жалтаарып: Кайра качар кезинде, Карадөө жетти бакырып, Капташып туура жагынан, Карадөөнү көргөндө, Кара ниет Бадыкөл, Каарданды өзгөчө, Карарып өңү калыптыр, Казабына алыптыр, Карманап менен Карадөө, Катар сайып салыптыр, Ошол кезде Кардыгач, Төбөсүнө түйгөн чач, “Карманап башын кесет, -деп, Кайнимдин канын ичет» — деп, Мингизип берген бай Жакып, Жалманкөк деген ат эле, Камчыга бөлөп көк атты, Кардыгач барып тийди эле, Каңгырап каапыр турганда, Кардыгач найза урганда, Бадыкөлдүн тулпары, Чөгөлөй түшүп оңолуп, Менменсинген бадырек, Кайраты баштан жоголуп, Качырып кирди ошондо, Кабагын бүркөп чуу койуп, Карманап менен Карадөө, Качып кетти бир койуп. Бадыкөл менен Кардыгач, Бардашы ашык чамалаш, Кайраттуу качпай турушту, Канча жол найза урушту, Ойуна алды Бадыкөл: “Аргамжы чачы катындын, Алчаңдаган каапырдын, Чачынан чапчып кармайын, Оодара тартып салайын, Байлатып темир тор менен, Олжо катын кылайын, Мага окшош эр экен, Катындан чыккан шер экен, Пил билектүү эр туулат, Бир тукумун алайын, Жиберип муну Балыкка, Кабар салып калыкка, Башына мүшкүл салайын, Катын кылып алайын, Карманап, Карадөөлөрдү, Ошондон кийин табайын, Каракалпак бул элди, Каранды кылып тынайын, Андан кийин түз беттеп, Кыргызды карай жылайын, Чыркыратып Манастын, Чыгарайын жыласын”. — Чыныгы акыл казгансып, Изденип араң тапкансып, Койкойгон мойнун буруптур, Буурсундай колун сунуптур, Белде көрүп жаш Манас, Камчыга бөлөп кула атты, Карчыга куштай чуратты, Манастап ураан салыптыр, Манас деп атын укканда, Бура тартып Кардыгач, Желдирип кетип калыптыр. “Кылбайын эми кабыз, деп, Инисинен талашып, Жоо сайды десе намыс”-деп, Акылга дыкан Кардыгач, Түпкүлүгүн дагы эстеп. — Олжомду колдон кетирдиң, Бармак элем сени издеп, Ырысымдын чоңун көр, Келипсиң өзүң темтеңдеп!- Бадыкөл айтып мындай кеп, Найзасын кармап бекемдеп, Шамал тийсе чачылып, Желке чачы сепеңдеп, Ач кыйкырык, куу сүрөөн, Ачуусу келип кекеңдеп, Күүлөгөн найза кырк кулач, Чоңдугу мындай кызталак, Чымырканып тиштенип, Кара жанга күч келип, Манасты уруп өткөндө, Сынып кетти найзасы, Ортосунан бүктөлүп, Кебелип койбойт кара көк, Жел соккон чөптөй теңселип, Жаңылап алып бир найза, Дагы кирди Бадыкөл, Өзүнө өзү дем берип, Карап турбай кабылан, Найзасын кагып жиберип, Кайта тийди имерип, Кеңирейген чочкону, Келтирип туруп муштады, Бүгүлө түштү сынбады, Бадыкөл күчүн сындады, Ойрон Манас ыргады, Эндекей көрдү капырды, Экинчи найза сайылды, Өтүп найза кеткен жок, Өпкө-боорун кескен жок, Денеси бүткөн кара таш, Атаңдын көрү дүнүйө чок. Өөрчүп капыр карарып, Сакалы бирден саналып, Чоң чокморду колго алды, Кайрат кылса тургундай, Чаптырып ийсе чокморду, Топуракка тунгундай. Учураган тоону урса, Күкүм-талкан кылгындай, Күүлөп–күүлөп алганы, Күркүрөп келип калганы, Сооту жок жери ушул, деп, Баатыр Манас байкады, Чойгон колун чочконун, Колтуктан ары муштады, Каржиликтин булчуңун, Жара сайып таштады. Чоргодон аккан суу болуп, Каны агып чыркады. Кабылан Манас токтобой, Кайрылып жана муштады, Колтуктун көбүк этинен, Өпкөгө найза чыктады, Тегеренип арстаның, Эки имерип ыкшады. Тоо да токтоп турабы? Томкорулуп кулады, Тоодой болгон бадырек, Кара жерге сулады. Бир кишини кырк баатыр Бура тартып бастырбай, Боорун жарып, өт алып, Бөөдө элге кас кылбай, Аксакалдын, карысын, Айдоого келген барысын, Чогултуп келип жалпысын, Эреже менен эр Бакай, Эми кебин салыптыр, Апыртып ийип калп айтпай: — Айкөл Манас балбаным, Аңтара сайып жоо алдың, Эмки калган жумушту, Өз ойум менен кылайын, Ушул турган баарыңар, Бадыкөл өлдү ханыңар, Эл чачылып кетпесин, Эри жок, ээсиз калдыңар, Айткан кепти угуп ал, Калк башкарган хан болот, Ханы кандай башкарса, Эли ошого шай болот. Алым-салым аз болсо, Элдин көөнү жай болот. Бадыкөлдүн барында, Колуң менен калкыңда, Вазириң кайсы, бек кайсы? Жашырбастан, эл, айтчы. Бараң менен шаңкайдан Келгениңер кайсыңар, Сурай турган күн келди, Эми бүгүн айтсаңар, Жалган кепти салбагын, Калганга жабыр кылбагын, Шаңкай, бараң, маңгыттар, Үч бөлүнүп туруңар, — Эл үч бөлөк бөлүндү, Бараң, шаңкай көп экен, Маңгыттын бары чоң экен, Карапайым аскерде, Маңгыттардан жок экен, Байкап көрсө зор Бакай, Байкуш кыргыз кор экен. “Оомал-төкмөл дүйнө” — деп, Айтылып калган шол экен, Оодарылып шум жалган, Мына минтип турчу экен, — Маңгыт мында калгыла, Бараң-шаңкай баргыла, Бадыкөлгө караштуу, Бардык малды жыйгыла, Тирүүсү эмес өлүүсү, Тегеле кара санаба. Жаман айтып койбоңор, Катын менен балага!- Бараң, шаңкай кетиптир, Бастырган бойдон жетиптир, Катышсак канды ичет, деп, Айтканын түгөл кылыптыр, Адырга койбой чогултуп, Айдап малды жыйыптыр, Калың элди жардатып, Тамгадан бөлүп ылгатып, Каракалпак малдарын, Карманапка айдатып: Жолу каткан маңгыттын, Кыз-келини чуулашып, Чуркурашып, ыйлашып, Каракалпак, бараңдар Арасында шаңкай бар, Айдап малды чубатып: Баселек тоону ашыптыр, Маңгытка барып жатыптыр. Башы боолуу бараңды, Баш каранды шаңкайды, Куткарып муну койуптур, Бараң менен шаңкайдын, Эми көөнү толуптур. Бадыкөлдүн ордодо, Малай кыз бар ошондо, Тааныган кызын алыптыр, Тааныбаган бир кызды, Шаатемир алып жаныптыр. Шаатемирдин барганын, Кызды алып жанганын, Эч ким билбей калыптыр, Жан кишиге билинбей, Шаатемир жөнөп кетиптир. Арадан өтүп канча күн, Караханга жетиптир, Алып барып Шаатемир, Караханга бериптир, Каныкей көрүп ал кызды, Сиңди кылып алыптыр. Бадыкөлдүн катынын, Жөн жаныңды баккын деп, Өмүрлүк жетер дүйнөң бар, Ошону жеп жаткын, деп, Башка кепти сурабай, Кетмек болду арстаның, Ошол жерде туралбай. «Шаңкайдын эли алыста, Бараңдын эли аралаш, Тамыр-тааныш каралаш, Карым-катнаш жүргүзүп, Бир бололу чамалаш, Куру кетпе деп баатырга, Далай жылкы айдатат, Мага берип кетпейт, деп, Таарынып калат Карманап, Аа кошулуп Кардыгач, Жаш Манас келип элине, Жай жыргап жаткан кезинде, Шум кабар жетти бир күнү, Кечки салкын бешимде. Муну мындай таштайлы, Хан Манас кандуу майданга, Барышынан баштайлы.