Эми Нарын жер болбойт, Баш көтөрдү эр Манас. Маа караштуу калмактар, Туйундурбай түндө кач. Туйунуп Кошой калбасын, Туйукталып жол таппай, Тузакка түшүп калбагын. Эки күн жүрсөң чуркурап, Кошойго кабар угулат, Тоотору минип чоң Кошой, Тосуп чыкса жолуңдан, Заманаң анда куурулат, Уйкуңдан кечип түндө кач! Айтып койуп Алооке, Артып төөгө дүнүйөсүн, Эң алдында ал качат. Акимсип жаткан калмактар, Атын угуп айкөлдүн, Токубай атын миништи, Токтоо кылып туралбай, Туш–тушка качып киришти. Көтөлөктө соң Дөөлөс, Шоорук ханга барыптыр, Сараркада Шоорукка, Сары санаа кебин салыптыр. Кайраттуу Шоорук эр экен, Каары катуу неме экен, Казабына алганда, Кан иччүнүн бири экен. Бөрк ал десе баш кескен, Элинен чыккан жинди экен. Кабарын угуп камынып, Ач бөрүдөй жаланып, Аскер жыйнап саналып, Аттанмак болуп камданып, Каңгайдын бөктүр жеринен, Кош ат менен чаптырып, Кароол карап жол чардап, Карап жүргөн белинен, Кырмуз шаанын Мурадил, Аны кошо алдырып, Каткалаңдын Сайкалга, Ингенде жаткан капкайда, Эптүүдөн киши жиберип, Аны дагы таптырып, Калмактардын Уушаңын, Жүрүүчү мурун жактырып, Нескарадан башкасын, Чогултуп келди бар кылып. Тебелеп кетмек ойунда, Теңселтип колду көп алып. Кыргызды тепсеп нан кылып, Чай иче албай кан ичип, Арак ичпей заар ичип, Арак-чайдын ордуна, Ачууланып кар ичип: — Чыңгыш атка конголу, Чыгыш менен батыштын, Ээси монгул болголу, Каш кайтарып кол тартып, Козголгон бенде болбоду. Кол салып бизге тийишип, Кутурган кыргыз турбайбы, Кутуртуп муну жөн койсо, Ылат-мынат урбайбы! Басып койбой башында, Өрөпкүтпөй мындайды, Алтайдан берип катыгын, Атасы Жакып какбашка, Чыңгышты кудай урганбы? Бурутту мурда сойлотпой, Болжобой муну калганбы? Дөөдүр өлдү туу белде, Чогулуп дайны чыкпаган, Төөнүн саны миң эле. Жоготкон ушул турбайбы! Күн батышты сактаган, Жалгыз кар бир башы, Миң кишиден качпаган, Кылчайып киши батпаган, Бет алган жагын кыйраткан, Белдүү баатыр Көңтөйдү, Оодарган ушул турбайбы! Ойунча койсом кыргызды, Ошондо кудай урбайбы! Одураңдап оолугуп, Ошенте түшүп соолугуп, Тил сүйлөбөй будургуп, Токтоно албай удургуп, Аскердин санын угузуп,
Алтымыш миң болду, деп, Келген улук баары угуп. Аскерге кармап алыптыр, Көңтөйдөн качкан калмактар, Арызын айтып Шоорукка, Туткунга түшүп калыптыр. Бирин-бири жемелеп: — Как ушундай болмокпуз, Өлсө Көңтөй өлдү эле, Көңтөйдөн башка элдерди Жөн эле Манас койду эле, Эми көрсө биздерди, Ичибизди жарбайбы! Ичегиңи чубалтып, Илбээсин талап жесин деп, Кабакка сүйрөп салбайбы! Кылгылыкты кылбайбы, Кызыбызды албайбы, Бизди кыргыз кырбайбы! Кудай урсун Шоорукту, Көрсөтүп бизге чоңдукту, Айдап жүрүп түгөтүп, Кылмак экен кордукту! Этегине эрмешип, Эл-журтуна жалынып, Эптеп ага жагынып, Жан багып жатпай анда, — деп, Сыртынан мактап Манасты, Шооругун каргап жатышты.
Эртеңки күнү баскалы, Чатырдын көбүн түркүмдөп, Талаага тигип таштады. Ошол күнү жетиптир, Айкөл Манас арстаны, Сарарканын кең түзгө, Калмактын колу толуптур, Артуунун сары белине, Арстаның Манас конуптур, Акбалта, Бакай, Жамгырчы, Алар бирге болуптур. Кырк чоросу баары бар, Төрт жүз сексен саны бар, Ошолордун тышында, Манас, Чубак дагы бар. Үч карысы бир келген, Төрт жүз сексен беш экен, Сары артууга келгенде, Күүгүм кирген кеч экен. Үйүндө жаткан немедей, Ой ойлобой, кенебей, Ортосу чуңкур ойулган. Төбөсүндө нечен кан, Ошолордун баарысын, Бучкагына теңебей, Кудай артык жараткан, Бул Манасты ченебей, Он бир менен он эки, Ортосунда бар жашы, Он сегиз миң ааламды, Оодарчудай бардашы. Кара жалгыз бир башы, Сан кишиге теңебес, Сан-санаксыз жоо келсе, Шашылып койор бенде эмес, Коргошун жүрөк, жел билек, Корко турган эр эмес. Азыркысы жаш Манас. Мурунку өткөн дөөлөрдөн, Эч киминен кем эмес. Эңкейип кетсе өбөгү, Эр Чубак мунун жөлөгү, Ээрчип жүргөн жанында, Эрен Сыргак бөбөгү. Төлгөсүн тартып айтуучу, Төлгөчүсү Төлөгү, Актай далы көрүүчү, Ашкере айкын билүүчү, Алымдардын ал экен, А дагы бирге бар экен. Түн ичинде кол жүрсө, Түмөн алаш жол жүрсө, Түлкүнүн изин жаңылбас, Түмөн Жайнак, Шууту, Түптөн чыккан куусу, Караңгыда кол жүрсө, Казат кылып мол жүрсө, Карышын изин, жаңылбас, Кадыр Жайнак, Шууту, Калыктан чыккан куусу, Мыктылардын жигиттин, Абдылда баштап бийи ушу. Мыктылыгы балдардын, Бир көргөндө билинсин. Төлгө тартып көрчүүнү, Алдынан айтып берчүүнү, Из кууганда жазбасты, Бир-бирин жаза баспасты, Ылгап туруп шуларды, Кайгуулчуга атказды. Бөрү жолдуу Бөгө уулу, Ырчы, Бозуул ыктуусу, Чатырды сактап турушту, Бу тайманбас жоодон мыктуусу. Кайран кыргыз каркылдап, Карк мас өңдүү шалкылдап, Буурул мурут көк ала, Жаш баладай алактап, Оодарылып сүйлөсө, Токтобой мойну шалактап. Нөөбөт менен болжолдоп, Сактоочуга чыгарат, Бири чыкса, бири уктап, Мына минтип таң атат. Чубамак болуп кыргызга, Калмактын алды аттанат. Кыргызды мурун көрбөгөн, Кыйындыгын билбеген, Кытайдан келген Мурадил, Калмактардын Уушаңы, Каткалаңдын Сайкалы, Канча жылдан бер жакка, Эригип бекер жатканы, Элирип булар шаттанды. Камынып алды ат минип, Орто жери тон кийип, Арка жагы чай ичип, Алдырашып жатканда, Кыргыл доол какканы, Доолдун үнүн укканда, Шоорукту кудай урду, деп, Калмактын баары шашканы, Доолун угуп Кыргылдын, Ыштанга чычып таштады, Жайнап калмак эл толду, Кылычтын канын чуурутуп, Кырылышар кез болду. Кыргыздын эли эң шайдоот, Алдына минип болгону. Туу көтөргөн зор Бакай, Туу түбүндө Акбалта, Алптын бири Жамгырчы, Айбаты журттан артылды. Жакыптын уулу жаш Манас, Алтымыш уруу алашка, Өз эркинче жаш Манас, Аккула ат минип болкойуп, Так ополдой зоңкойуп, Колунда найза койкойуп, Нөөкөрү бутта чойкойуп, Кылыч кында шыңгырап, Айбалта белде кылдырап, Кытайча кызыл доолбас, Чымын тийсе кыңгырап, Бараанын көрсөң баатырдын, Мейкин зоодой зымылдап, Элин баштап алыптыр. Сайылган байрак түбүнө, Залкарың туруп калыптыр. Сандаган калмак токтолду, Санаасы башта көп болду, Көзү көргөн калмакка, Көмүлчүдөй окшоду. Жанында калды кайгысы, Катын-бала, көр дүйнө, Кыйалып ойдо жок болду. Кыйкырыгы таш жарып, Булгап найза колго алып, Булуттай болуп бууланып, Үстүн түмөн буу алып, Бузулган күндөй сурданып, Бөлүндү бирөө калмактан, Бөөдө өлчү арбактан. Талапты деген неме экен, Тартынбай чыкты ар жактан, — Талапты чыкты нетет! – деп Талкаланып кыргыздар, Дайынсыз болуп кетет – деп, Качып барар жери жок, Кай көргө кирер экен, — деп, Калмактар турду деректеп. Үзүктөй калпак эр Шууту, Баатырдын бири мына ушул, Темиркызыл аты бар, Тентектин бири болуучу, Темингенин соо койбой, Жеңгендин бири болуучу. Темирден күрмө тон кийип, Келгендин бири болуучу, Эңкейип калса илинтпей, Эңгендин бири болуучу, Аңтара сайын найзага, Илгендин бири болуучу, Көрүшсө чыгып көөдөнгө, Мингендин бири болуучу. Уругу дөрбөн кыргыз бу, Дөрбөндү таштап жиберип, Манастап ураан чакырып, Талапка тийди жапырып, Шууту, Талап беттешти, Кыргыз-калмак кектешти, Экөө тең ойлоп келатат, Келгени тирүү кетпести. Найзанын учу жеткенде, Аңтара койор кездерде, Калмактардын далайы, Кандим болгон неме экен, Кагып ийип найзаны, Алактаган Шуутуну, Аңтара сайып таштады, Үйшүндөрдүн Үмөтү, Улай удаа чапканы, Үмөттү кошо сулатты. Оолугуп Талап турбады, Артынан барып Бөгө уулу, А дагы кошо кулады. Жыгылса жетип артынан, Ажыратпай атынан, Улам бирин кутказып, Алып жаткан баатыр ал. Кыпчакбайдын Абдылда, Чубак менен тең эле, Тогузга чыккан эме эле, Токтоо кылып турбады, Томукка атты урганы, Абдылда келип беттешти, Талапты жаман каардады. Жыгылса өлбөй тирүү, деп, Кыргыз кетип калганга, Дегеле жаман арданды. Абдылданы көргөндө, Айабай жаман наар салды, Кыпчакбайдын Абдылда, Кылым элге таанымал, Көргөн жерде ал Талап, Кыймылдатпай тааныган. — Тойуп келген экенсиң, Курган бала жаныңдан! Тору атын калмак ойнотуп, Тосо чыкты алдынан, Абдылдада арып бар, Жоо сайышта калып бар, Айла иштеткен жоо жеңет, Ашыгып кетип талыкпай. Дардалаңдап чоң Талап, Күч келтирип ат сабап, Абдылданы найзага Илип алсам экен, деп, Ойунда келет бул талап. Абдылда турат тартынбай, Ат арытып калмактай Чаап кеткен жери жок, Байкап көрсөң Абдылда, Кайра тартар пейли жок. Жеткенде калмак кылт берип, Бир жагына кыйшайып, Жаздырып таштап булт берип, Имерилди артынан. Тоодой Талап оңдонуп, Бурулгунча артына, Ат имерип толгонуп, Аркаңкы ээр кашы деп, Көтөндүн бүрмө чети деп, Көтөрүлүп күрөөкө, Өлөр жериң ушу, деп, Найзаны ээрге такады, Күүсү менен качырып, Көтөрөр ээрден бир сайды. Кере карыш төрт ээли, Найзанын учу мылгыды. Камчы саптай кара кан, Ат сооруга куйулду. Октос берип калмактын, Алдындагы тору аты, Ыргыштап жөнөй бергенде, Абдылданын найзасы, Суурулуп кетип бош калды. Аны менен Абдылда, Томсоруп туруп албады. Суурулуп кеткен найзаны, Кыйырдап оңдой кармады. Кылчайып кайра болгунча, Баколоордун безине, Бала баатыр муштады. Муштаган найза мылгыды, Тоодой Талап атынан, Тебетейдей ыргыды. Жыгылганда чуу чыкты, Ал Талаптын артынан, Калмактан Шоорук хан чыкты. Шоорукту көрүп Абдылда, Айал кылып турбады, Атынын башын бурганы, Бакайдын барып алдына, Абдылда кебин кылганы: — Келе жаткан ким?- деди, Кез–кез деп астын тосууга, Дегеле алым келбеди. Уйатты койуп өзүңө, Качып келдим мен, -деп. — Абдылдам, сөзүң чын, — деди, Шоорук деген хан, — деди, Кара күч менен хан болгон, Кармашка буга кар болгон, Канча жылдан бер жакка, Мактап жатып калмактар, Өзүнчө жатып мар болгон. Келгениң ырас сеники, Шоорук менен беттешер, Атагы чыккан эрдики. “ Эр” деген кепти угуптур, Алп Жамгырчы ошондо, Атынын башын буруптур, Бакайдын келип алдына, Бата тилеп туруптур: — Канча жылы калмактын, Торуна түшүп курчалдык, Четинен бузуп торлорун, Чебердебей жол салдык. Айанып туруп албайбыз, Чоң экен деп Шооруктан, Жанды айап калбайбыз. Уруксат бергин маа Бакай, Мен барайын алдында. Алдырсам да алсам да, Сайдырып ийип кокустан, Жыгылып аттан калсам да, Акбалта бар артымда. Чыккан киши жетиге, Саны толуп кеткиче, Жаш Манаска жол бербе. Барамын десе болбогун, Бастырбай жолун торогун, Ашыгыш кабар укканда, Карбаластап келгенбиз, Камсыз келген экенбиз, Такыр кыргыз эрдемсип. Бастырба дедим Манасты, Айтарга кебим барбады. Кезенишкен эрлерден, Кечирим кылбас бендеден, Манасты диттеп келиптир, Тээ Каңгайдагы үчөө тең. Бириндетип сайбасак, Бирден-бирден барбасак, Буктурма койуп элөөсүз, Бууданды сайат бул акмак. Жаңыдан чыккан буудандан, Жаш балапан арстандан, Оорагы качат ошол чак. Ушу сапар урушта, Шоорукту жеңип жангынча, Манаска азыр бололу. Жалгыздатпай баатырды, Баарыбыз такыр бололу. Жеңилип Шоорук жыгылса, Тетиги келген үч доңуз, Качып кетип кутулса, Андан кийин баатырга, Беттешкен бенде болобу? Кыйар Шоорук хан эле, Кыйарлыгы бар эле, Ушул сапар кыргызды, Айрыкча Манас уулуңду, Амал кылса экен деп, Кычыртып келген турбайбы, Каңгайлардан үч тыңды. Алышып жүрдүк аралаш, Чакташып жүрдүк чамалаш, Кудай берген биздерге, Дөө болсок да оорак бас. Алла берген бак-сыймык, Ээлеп калсын жаш Манас. Айтып болуп Жамгырчы, Боз чаар менен аттанды, Бура тарта берерде, Эндекей өскөн жаба тал, Эркин чыккан чынардан, Колуна сууруп бирди алды. Үйдөй болгон жыгачтын, Үксөңдөгөн шагы бар. Короо ордундай жерлерге, Көлөкө түшөт күн тийбей, Муну өңөргөн талы мамындай. Күчү ошончо болсо да, Жүргөн мурун таанылбай. Оорак, бак башка конбосо, Байкап көрсөң мамындай. Калмактан Шоорук каракер, Кара жолду чаңдатып, Көтөрүп араң келатат, Оолугунан кара жер. Сакалдан бири албаган, Эки көзү жылтырап, Андан башка маңдайда, Көрүнөр жери калбаган. Саамай чачы салаңдап, Кулагын басып кетиптир, Арка чачы узарып, Ачасынан чычаңдын, Ашып түшүп кетиптир. Чогултуп чачын толгоптур. Эки имерип белине, Так чылбырдай ороптур.
Мындан мурун беттешкен, Түрүнөн мурун колоптур. Келатып Шоорук бир тиктеп, Жамгырчыны көргөндө, Ачуусу келип көгөрдү, Агындан жулуп бир чынар, А дагы Шоорук өңөрдү. Бута атымча калганда, Буларды киши көрбөдү. Чынарлары калдаңдап, Чырпыктары салбаңдап, Чуркаган аты билинет, Төрт айагы тарбаңдап, Кимиси чаап ким калат? Болжоп эч ким биле албайт, Эси коркок чабалдар, Ат үстүндө тура албайт. Күүлөп чынар Жамгырчы, Күүлөп келип урганы, Күркүрөгөн чоң Шоорук, Бу дагы чынар булгады. Жердин баары чаңдады, Топурак учуп чаң алды, Урулгуган топурак, Көрүнбөй эрлер жок калды. Чаң арылып сүрүлдү, Жамгырчы менен Шоорук хан, Жана элге көрүндү. Колунда чынар жыгач жок, Жамгырчы куру калыптыр, Калмактардын Шооругу, Бөрү тил найза, өткүр курч, Сооруга таамай сайа албай, Тайгылтып ийип найзасын, Кара санга малыптыр, Кара суудай шыркырап, Каны агып алыптыр. Көрүп туруп Балта дөө. Көөнү мунун тынбады, Барамбы мен, койомбу, Уруксат менен кээри жок, Атынын башын бурганы. Чуу койгон бойдон жеткени, Айал-үйөл кеп келбей, Шоорук менен Балта дөө, Койгулаша кетти эми. Жамгырчы келди сандалып, Кара сандан кан агып. Өттөн койуп, дары чаап, Санын койду бек таңып, Балтанын минген атынын, Колу сынып кетиптир. Эки кайта курчалып, Көмөлөнүп жыгылды, Көзү көрүп ошону, Кантип Чубак эр турду? Күүсү катуу жаш Чубак, Өтө башка эң чыйрак, Өзү сынчы Мурадил, Келе жаткан Чубакты, Байкап турат ал сынап: “Келе жаткан жаш бала Кемирчеги толо элек, Айыбы ошол аз гана. Узун бойлуу эр экен, Далысы өтө кең экен, Туткандын чыгып далдалы, Бенде уулу беттешип, Арзандык менен Чубакты, Жеңе албоочу неме экен. Күүлөп койсо далдаңдап, Өтө көйрөң бала экен, Азыраак айыбы ал экен”. Манас да алып ойуна: “Атасына баласы Аралжы болуп барабы?” Алда кайда тарады, Ал Манастын санаасы, Аккула менен бурулду, Албайып арстан карачы. Алдында Чубак жеткени, Жер тайанган Балтаны, Колунан тарта кетти эми. Копкунча Шоорук жетем, деп, Койдой башын кесем, деп, Коондой кардын эшем, деп, Кайра тарткан кези экен, Каракер менен тепеңдеп. Капташа түштү кара көк, Каршы алдынан бетме-бет. Бет маңдайдан көкжалдын, Белдүү Шоорук көргөнү, Кудай берген сүрүбү, Кол салышып урушпай, Жүрөгү мунун өлгөнү. Балтаны алып эр Чубак, Колуна кайра жөнөдү. Падыша Манас, хан Шоорук, Оргуган шордо туш болуп. Найзасын күүлөп сайа албай, Шоорук калды токтолуп, Токтолгон Шоорук очойуп, Каракер менен чочойуп, Кудурап Шоорук сурады: — Мен көрбөгөн элим жок, Балта менен Жамгырчы, Андан жакшы тыңың жок, Кошой менен беттештим, Койгулаша кеткенмин, Жеңише албай экөөбүз, Ажырашып мен кеттим. Ким болосуң сен, бала? Жүзүңдү көрө калганда, Жүрөгүм менин зырп этти, Козголуп жүрөк чайпалды, Ким экениң билбеймин, Атыңды мурун айтпады. Атын сурап хан Шоорук, Адырайып маңдайда, Карап туруп ал Шоорук, Кыргыздан чыккан тунжурдун, Берген жообу бул болуп: — “Өзүм Шоорук чыр дедиң, Жалганы жок, чын дедиң, Балта менен Жамгырчы, Кыргыздан чыккан тың, дедиң, Кошой менен тең келдим, Койгулаштым жеңбедим”. Өзүңдү өөдө көрсөтүп, Мактанып айткан бир кебиң, Карасыңбы, хансыңбы? Ханысыңбы, кулсуңбу? Ким экениң билбеймин, Сыйынам бакты-таалайга. Сыйырып тонуң чечейин,
Зарылды салгын чайандай, Башыңды байлап кетейин, Жашырып койор киши эмес, Жайын уксаң атамдын, Мурунку аты бай Жакып, Кийинки аты хан Жакып, Өзүмдүн атым эр Манас, Чоңойуп калдым бой тартып, Атагы алаш болгонго, Азапты салдың, калмактар, Ар жылында док артып, Жок жерден кылган догуң бар, Жебеде жаанын огу бар, Чогулушуп бир туруп, Жообун бергин баарыңар. Жумуру баш аман турганда, Жолугушсаң жоготуп, Жооп алуучу өзүм бар. Беттешсең белиң сындырам, Бегиңдин көөнүн тындырам! Кармашсаң каның төгүлөт, Кабыргаң калбай сөгүлөт, Калмактын салган дарты деп, Кара кыргыз эл жүрөт. Атым Манас, мен алаш, Алашка салган азапты, Алты ата кылып сен калмак, Кайсы жерде бар эле, Бооз катын жарып бала алмак? Кылбаган ишиң калбаптыр, Атаңдын көрү ит калмак, Өнөрүңдү көргөзгүн, Өмүрүңдү узартып, Кечиктирбей кеп сурап! Кабылан айткан ушул сөз, Хан Шоорукка бек тийди, Бузулуп өңү карарып, Каныңды ичем, — деп тийди. Адис болуп мурунтан, Кандим эмес эр Манас, Бир жеринен тандырып, Кала албаган ал Манас, Аты Манас болгон соң, Ар өнөрү бар Манас. Кээ-кээсинде Манастын, Арзан эле кылганы, Башка киши кыла албас. Кандим болгон Шооруктун, Найзасын кагып жиберди. Карап турса Мурадил, Жакыптын уулу жаш Манас, Шооруктан өөдө кептенет. Кактырып колдон найзасын, Хан Шоорукка кекенди. Күүлөгөн найза үнү ачуу, Күркүрөп кулак тундуруп, Күркүрөп калмак түрү ачуу, Көргөндүн баарын коркутуп, Каракер менен тап берди, Артынан чаңын оргутуп, Жалтайбаган кара көк, Жана айланды жол тосуп. Бузулуп Шоорук каарданып, Кактырганга найзасын, Калыптыр катуу арданып. Кетүүчүдөй түрү бар, Башты кесип байланып, Карап турат кабылан, Аккула менен шаңданып. Дагы келген Шооруктун Найзасын какты сайдырбай, Кыйырынан муштап өттү эле, Кызталак итке туйдурбай. Бүктөлүп белден сынбаган, Сайганын тепсей калбаган, Төкөр уста жасаган, Уңгусу болот учу курч, Өткөзө сонун Сырнайза, кабырганы аралап, Балык этин жаралап, Ортосунан далынын, Учу чыгып жылтырап, Каапырды сайып салыптыр, Найзаны тартып алганда, Кол арыктай шыркырап, Шооруктун каны агыптыр. Шар деген канын көргөнү, Шайдоот Шоорук турбады, Шай колдоп турган Манасты, Сайгалы дагы жөнөдү. Сайдырар эмес кара көк, Сан-санаксыз амал көп, Катуу Шоорук күүлөнүп, Качырып жетип келгенде, Как далынын бети, деп, Найзаны шилтеп ийгенде, Өбөктөп Манас баатырың, Ат жалына жатыптыр, Артынан келген Шооруктун Ажалы эми тартыптыр. Артылта сайып найзасын, Кангып найза кур калып, Шору мунун катыптыр. Ээленген күлүк Каракер, Ээ бербей өтө бергенде, Ээси Шоорук бурулуп, Кайра тартып келгинче, Кандуу найза колдо бар, Кабылан тууган баатырдай, Мындай адис кайда бар, Артынан удаа жөнөдү, Карап турган көпчүлүк, Каарын эрдин көргөнү. Найзанын учу жеткенде, Кара тоодой Шоорукту, Каракерден көмөрдү. Тоодой Шоорук жыгылды, Томорулуп тоо кулап, Калмактын эли чуркурап, Көзүнүн жашы куйулду, Шоорукту көзгө илбеди, Баш байланып жүрбөдү, Сыртынан сайган Сырнайза, Жүрөктү кесип өткөнү, Баатыр Манас билди эми. Коркурап Шоорук калыптыр, Аккула менен болкойуп, Аркы-терки бастырып, Арстандын көрүп түрпөтүн, Калмактын баары аптыгып, Беттешип бирөө келе албай Белсенип буга кас кылып. Баргын десе калмактан, Барбай Ушаң койгону. Мурадил, Сайкал ал экөө, Бармак түгүл баатырга, Кетер жагын ойлоду. “Калмактан өлдү хан Шоорук, Эр Көңтөй өлдү жоголуп, Талапты өлдү талаада, Капташыппыз балаага, Барбай койсом мен ага, Кыргыздан коркуп калмак, деп, Шылдың болуп жүрбөйүн, Бүтүн дүйнө кылымга, Беттешер бенде деги эмес, Кыргыздан чыккан кыйынга”. Дегенди алып ойуна, Ушаң топтон бөлүндү, Бу жаңы баатыр, жаңы эр, Мингени жалдуу тору экен, Кийгени темир тор экен, Жаңыдан атка ээ болгон, Калмак Уушаң дээр экен, Бейжинди билген бешөөнүн, Бешинчиси шол экен, Беш Бейжиндин элине, Белдүүнүн бири ал экен. Колунда найза кармаган, Барлык күчүн арнаган, Жаңы мыкты, жаңы эр, Жан айабай бараткан, Кыргыздан чыккан кеменгер, Кылымды баскан кыйын эр, Алдынан тосуп жөнөдү, Ойлоп Уушаң келаткан, Өөдөрөөк келсе өзүнөн, Кайра качып жөнөрдү. Бастырып Ушаң кеткенде. Мурадил, Сайкал ал элде, Катар атка минишип, Аркасынан кирди эле. “Кыргыздын эли канча?,-деп, Акылы аз, айла жок, Маш эмес, уруш анча” – деп, Аркасынан мекелеп, Аттанып экөө барыптыр, Экөөнү көрүп тура албай, Өчөшкөн Чубак, Ырчы уул, Өткүрдүн бири мына бул, Өкүрүктү салыптыр: — Жалгызга үчөөң барасың, Жабыраган ит калмак, Сенин кайда кеткен намысың? Бирге үчөөң барасың? Бокту жеген ит калмак, Сенин кишилик жок намысың, Беттешсең бери кел, деди Экөөң эмес бешөөңө Тең келемин мен – деди, Артынан Шууту келаткан, Аны Чубак билбеди, Шууту өтө бергенде, Токтоп калды Ырчы уул, Шууту менен жанашып, Бу да жөнөп бербеди. Чубакты көрүп Мурадил, Бура тартып алыптыр. Артынан чаңын бургутуп, Катуу жөнөп калыптыр. Шуутуну көрүп кыз Сайкал, Карабуурул ат менен, Катуу кетип бараткан. Кыйкырыгы таш жарып, Жамгырчы кирди буйактан. Жамгырчы кирсе турбады, Балта айал кылбады, Өмдөшкөн киши жоо алат, Атынын башын бурганы, Качырып калмак Ушаңы, Кабылан Манас баатырга, Капталга найза сунганы. Сайдырып ийбейт кара көк, Заркарлуу жана көкө, Бирөө эмес, бешөө тең, Беттешип келсе илинбейт, Бенде билбес чара көп. Жандатып келген Уушаңды, Найза менен какпады, Балта менен найзасын, Сындырып чаап таштады. Балтага найза тийгенде, Кармаган колу Уушаңдын, Кар жиликтен туура эле, Үзүлүп кете жаздады. Канымет деп тирүүлүк, Ушаң кайра качканы. Кылчайып баатыр караса, Шуутуну Сайкал талаага, Ыргыта сайып таштады. Куланын оозун бурганы, Айал кылып турбады, Сырнайзаны сундуруп, Сайкалды карай бет алды, Аңгычакты артынан, Жамгырчы жетип капташты, Шуутуну таштап кыз Сайкал, Колуна кире качканы. Чубак менен Мурадил, Беттешип найза сайа албай, Кабылан бура тартканда, Качып берди Мурадил, Ыдыгына чыдабай, Мурадил, Сайкал, Уушаңдар, Уйаты жок кытайлар, Каршылашып тура албай Кан төгүшүп жан албай, Качып элге тыгылды, Кайра тартып кеткенге, Канкоруң кылат намысты. Өзүнүн атын кара көк, Өзү айтып бакырды, «Манас» деп ураан чакырды, Манас атын укканда, Өңкөй калмак шашылды. Ооруган угуп алдында, Калмактар коркуп калышкан, Айтып барган көргөнүн, Көңтөйдөн качып барышкан. Кара аскер тургай кандары, Тайып калды намыстан, Кыргыздын эли тартынбайт, Кыйамына келгенде, Аралашкан чабыштан. Кызыл чеке, кандуу бет, Кызык уруш салышты. Беттеринен кан агып, Кызыл жаак болушту. Сойулдарын сүйрөшүп, Соолуп-соолуп эс алып, Болгун, ылдам жүр дешип, Падыша Манас, эр Чубак, Баладан чыйрак эр Сыргак, Кыргыл баштап кырк арстан, Акбалта, Жамгыр баштаган, Бакайдан башка калган жок, Бер жагында эч бир жан. Байрагын кармап талаада, Белдүү Бакай эр турган. Калгандар кылып кабызет, Качпай кыргыз бел бууган. Төрт жүз сексен төрт эле, Алтымыш миң калмакты, Жеринен айдап жоо кууган. Арытан кыргыз аралаш, Мурадил, Сайкал баштаган, Алдынан качып калмагы, Каңгайды көздөй самсаалап, Кыйындын баары алдында, Кызылкыйа ашыптыр, Ажалдуунун баарысы, Жер кучактап жатыптыр. Жакып хандын Сыргагы, Кызылкыйа белди алды, Түркүм-түркүм эл барды, Бирөө өтө албады, Ач ажыдаар, сур жылан Белди тосуп калганы. Эми калмак бириндеп, Бөксөнү карай сандалды. Катарда жок чоролор, Канчадан сайып олжо алды, Качкан жоодо кайрат жок. Карасыбы, ханыбы, Кылчайып карай албады. Аркасын карап тиктешке, Ага жарай албады. Кыргыл баштап кырк чоро, Аз алганы жүздү алды, Көп алганы миңди алды, Чоролордун чоросу, Куру калган онду алды. Батыра албай чиркөөгө, Калдыратып ээрлерин, Тобу менен айдады.
Акбалтанын Чубагы, Сарарканын камоодо, Сарты баштап баары бар, Арбын салык дагы бар, Ырчы уулду ээрчитип, Кирген Чубак дагы бар, Бакчада ойноп бой-бойлоп, Жаткан кызык чагы бар. Шооруктун кызы Накылай, Айдай бети жаркырак. Күзгүдөй бети тунарып, Көргөндүн баары таң калып. Дагы көрсөм экен деп, Эстегенде муңайып. Дүрүйө көйнөк шуудурап, Турган экен буралып: Санаты кырк кыз артынан, Жандаша албай чубашып. Айдап чыкты кыздарды, Ойрон Чубак олжо алып, Өткүр сулуу Накылай, Он үчүн быйыл мүчөгөн, Эркин өсүп чоңойуп, Бойго жеткен кези экен. Чубактан башка камоого, Кирген киши жок экен, Он-он бирде Чубагың, Өтө жаман шок экен. Башына парда салдырып, Накылайды баш кылып, Айдап алып баргын, деп, Ырчы уулга тапшырып, Өзү кирип аралап, Алтынын нарга арттырып, Казанчы менен малчыга, Каптатып тарттырып, Алпарар жери Самаркан, Жүз он бир нарга зар арткан, Жүз төөнү айдап колбутуп, Жүрүүчү менен ун арткан, Дарбазадан чыгарда, Шууту чыкты алдына. Шуутуга төөнү тапшырды, Самаркан карай тарттырды, Ээленип Чубак жаш баатыр, Эл алдында бастырды. Олжо алып булар келатыр, Топтоп айдап чогултуп, Тоону бойлоп эл жатыр. Кыйырда жүрүп кырааның, Сыргакка жетип калыптыр. Жамгырчы менен Балта дөө, Алар да барып калыптыр. — Артынан куба барам, -деп, Ардыгым чыкпайт мудаам, — деп, Кайда кетти кырк чоро, Кыркын тапкын жыйна! – деп, Сыргакка айта салыптыр. Акылы терең Акбалта: — Андай эмес, жаш арстан, Көптү көрүп көп билген, Тагаң Балта мен айтам. Мурун ичкен буудай жейт, Кийин калган суу ичет, Аз-аздан жеген арбын жейт, Ашыккан иш жаман дейт, Азыркысын баатырың, Жолдош-жороң аман, — дейт, Боло албаган бир жумуш Артынан куубай барам деп. Ушундан нары оолугуп, Ичкерилеп биз кетсек, Араникте жаткандар, Баашасы Банус, Дөөкан бар, Аралап келип кыргызды, Тамырыңды кеспейби, Талап алып кетпейби! Шоорук менен Көңтөйдүн Кунун алды, болду, деп, Көңүлүңдө тынбайбы, Кылгылыкты кылбайбы! Бай Жакыпты баш кылып, Бар кыргызды кырбайбы! Айла менен иш кылбай, Ашыгыш жаман кеп уксаң, Кой деп тосо албаймын, Жамгырчы менен Бакайга, Кыргыл баштап кыркына, Байрак сайып туу тиктеп, Душманды кууп жүргөн жер, Ошол жерде жолуксаң. Балта айтып салганы, Балтанын сөзүн кыйа албай, Бастырып кетип кала албай. Белгилүү байрак сайылган, Берениң көкжал барганы. Жамгырчы, Бакай кеңешип, Олтурган экен ал экөө. — Ого эле жакшы болду го, Баракелди, жаш балдар, Эдебин колго бер, — дешип, Балта баштап арстанды, Барган жерде Бакайга, Бар кебин айтып таштады, Падыша Бакай кеп баштап, Кеп айагын бош баштап: — Алтымыш уруу көп алаш, Айлыңдан кетти адашып Ак көңүл Ороз өлгөндө, Моңгулдар бөлдү таратып, Ээ кылбады башыңа, Ар кимдин көзүн каратып, Батыш менен чыгышка, Айдап жүрдү чубатып. Экөөңдүн башың бириксең, Ыйлап жүрдүң муңайтып, Көтөрөр көөнүм деги жок, Арызыңды угуп ал айтып, Кылган зарың кудайга, Кылдыңар кызмат калмакка, Бүгүнкү күнү ээ болдуң, Баатыр Манас сен атка. Ат мингени үч жылга, Болуп анык кете элек, Кагуурун көрбөй калмактар, Канча жылдан бер жакка, Келген элди тебелеп. Кайгысы батпай ичине, Ашыгып турат энтелеп. Бооз катын жарып ойногон, Болорун качан ойлогон. Батыштан көчүп чыгышка, Алооке жүрөт темселеп. Көңтөй, Шоорук жоголду, Көп эле ишиң оңолду.
Балтанын кеби ырас-чын, Балалык кылсаң болобу? Бастырып кетсең куугун кууп, Араникте Банус хан, Эми эле келет айлыңа, Өлгөндөрдүн кунун кууп. Түндүк менен түштүктүн, Ортосунда Банус хан, Көп тарткан кыргыз түйшүгүн, Аты башка арамдын, Банустай жарык болду, деп, Банус хан деп айттырган. Көрбөдүм мен угамын, Аттуу аскери жүз миң деп, Көргөн элдер айтышкан. Вазири бар Дөөкан деп, Андай нечен кан бар деп, Ат көтөрбөй төө минген, Бойу тоодой жан бар деп. Урушту, кыргыз, көрүп кал, Андай эмес, мындай деп, Аскерин айдап сандатып, Айлыңды бузат аталтып, Кимиң кылат кайратты, Банус менен талашып. Каары катуу хан деген. Адам санап болгусуз, Карк алтын дагы бар. Кыйалы менен болжосо, Кыйкырыгы таш жарып, Камынып жаткан жагы бар. Кууганды койуп калмакты, Корооңдогу элиңди, Козголтпой Манас, багып ал. Унутуп, уулум, калдыңбы, “Өзү келип тийбесе, Барбаймын” деген кебиң бар. Ошол кебиң түп акыл, Көзүм өтүп кеткинче, Мен колдоймун бүт такыр. Үйдө жатып эл бакмак, Бастырып келсе жоо алмак – Баатырлыктын белгиси. Капкайда жүрүп эл чапмак, Кагышып жүрүп мал тапмак – Кара өзгөйдүн белгиси. Оңой эле жеңилбес, Оор болсо жакшы эр киши. Орто жерде эр Бакай Далай кеп айтып жиберди, Турбайлы деп аттанды, Туйгун жаштар шаттанды, Самаркан кайда эл кайда, Сапылырып жөнөдү.
Накылай баштап сулуу кыз, Асыл буйум, арткан зар, Чиркеп койгон катар нар, Айылдан келип эл көрдү. Көрмөк тургай укпаган, Ырчы уул, Шууту билишет. Жалгыз Чубак узаткан, Ошо кыздын ичинде, Зордуктап Шоорук алыптыр, Эрназар кызы Урумкан. Эрназарды урдурган, Унуткусуз шор кылган, Тартып алып сулуусун, Өзүнүн тарпын чыгарган. Алматанын алдында, Токойго кирип жан сактап, Эрназар чал жүрүптүр, Манас атка минди деп, Угуптур да, билиптир. Кызымды тартып алды, деп, Арыз айтып келсе Эрназар, Кызы айылда жүрүптүр. Кызын көрүп кош болуп, Жагалданып оштонуп, Кызды көрүп, мал көрүп, Далай ишти ал көрүп, Кээ бир жерин Манастын, Ал Шоорукка окшотуп, Кырк кыз меники дей албай, Арызын айтып ийе албай, Алты күн жүрүп калыптыр. Көп айылды аралап, Карыларга бара албай, Жаштары аны тааныбай, Жакып менен бир келген, Мажик деген эр эле, Өз атасы Мажиктин, Караногой дээр эле, Караногой башында, Көчө электе Камбылга, Караногой, Эрназар, Бирге жүргөн неме эле, Караногой жатып жээр, Эрназар мерген киши эле, Алты күндүн ичинде, Үч сапар укту кулагы, “Караногой кана? – деп, Чыкыргының аны” – деп, Бай Жакыпты айтканы. “Ногой анын кими экен, Көрсөм аны”, дээр экен, Эрназар антип жүрчү экен. Жамгырчы, Балта, зор Бакай, Текечи, Шыгай, Кыпчакбай, Урматтуу кары, нечен бай, Бай Жакыптын үйүнө, Чогулушту андайлар. Ошолордун ичинде, Караногой дагы бар. Эшикте жүрсө Эрназар, Тааратка барып келатып, Учурап Ногой калыптыр, Көргөн жерде ал экөө, Кучакташып салыптыр. Башка эмес, канкоруң, Көз чалдырып калыптыр. — Баатыр Мажик, тур – деди, Ылдамыраак бар, — деди, Атаң менен көрүшүп, Ыйлап жаткан бирөө бар, Кычырып келе кал! – деди. Айтса Мажик турчубу, Арстандан мойун бурчубу? Биргелетип Мажикке, Бирге басты Ырчы уулу. Бай Жакып үйүн бет алып, Басып булар баратса, Караногой, Эрназар, Колтуктарын ача элек, Кумарларын жаза элек, Кучакташкан бойунча, Ажырашып баса элек, Салам айтып эр Мажик, Алдына тура калыптыр. Караногой, Эрназар, Саламга алик алыптыр. Менин балам ушу, деп Ногой айта салыптыр. Баатырга жакын жолдошу, Жети жаштан бер жакка, Баатыр менен бир болду. — Кычырып жатат баатыр – деп, Айтып Мажик ийди эле. — Жүргүнүң, ата, — деп, Кийиндеп тура берди эле. Эрназарды жетелеп, Караногой келди эле. Чатырга жакын келгенде, Караногой караса, Эрназар калган калтаңдап, Тарта албай бутун тамтаңдап. Токтоло калып Эрназар, Ал Ногойдон кеп сурап: — Улук десең коркомун, Эки сапар Шоорукка, Кирип чыгып алдына, Как ошондо коркомун. Караногой аңкаарып, Ачыгын анын билбеди, — Мен турганда кеп кылбай, Жүргүнүң, кир, — деди. Караногой карысы, Каркылдап кирип барганда, Кырк жигиттин далайы, Олтурган экен, чатырда, Кобо калды баарысы, Жабырашып чуулдап, Салам айта салышты, Караногой, Эрназар, Саламга алик алышты. Караногой олтурбай, Манаска кебин салышы: — Салылуу бойдон кумалак, Көчө элек ташым бар эле, Эшикке чыгып келатып. Көрүп калдым муну эле. Мунун жайын сурасаң, Эрназар деген чал эле. Атаң Жакып бай баштап, Балыкарттан көчкөндө, Күнөстү карай өткөндө, Таракайда калды эле. Көрүшүп кебим кангыча, Кычырыпсың, жолборсум, Эмне кебиң бар эле? — Көчө элек ташың бар болсо, Кумалак өтө зар болсо, Эрназар деген чал болсо, Эзелтен тааныш ал болсо, Ээрчитип бирге ала бар, Эшик-үйгө таштабай, Бир сыйра берсин кийимин, Чыйырдыга айтып бар. Ээрчитип жүрсөң анча эмес, Самсалаатып чубалтпай. Кайрылып Ногой басарда, Калтылдагы жазылды, Кабагы мунун ачылды: — Манас уулум сенби? – деп, Каргылданып жашыды. — Ашыгыш ишиң бар экен, Абаке, өзүң бара бер, Бул киши калсын бул жерде, Ашык үйдөн нечен бар, Мейман келсе киргизер. Энтелеп Ногой кеткени, Эрназар анда калды эми, Баштан-айак бүт кебин, Баатыр эрге салды эми. Ортолоп кебин келгенде, Жашый турган кездерде, “Ыйлатпайын муну, — деп, Суусундан жутуп алгын” – деп, Көөкөрдөн арак куйдуруп, Ырчы уулга сундуруп, Эрназарды тундуруп, Андан кийин айттырып, Барлык кебин жай угуп, Кызы мында экен, деп, Айтканын мунун дагы угуп. Андан мурун канкоруң, Биле элек болчу кызды угуп. Каркыттаган бир үйгө, Эрназарды киргизип. Урматтап берчү тамагын, Улуу карыга тийгизип, Чыйырдыдан алдырып, Баштан айак кийгизип. Сандалып жүргөн карыга, Пайдасын баатыр тийгизип, Сырттандын бири экен, деп, Ичинде тынып калыптыр, Караногой жүгүрүп, Бай Жакыптын үйүнө, Алдырап кирип барыптыр. Ал үйдөгү карылар, Баштап баары бар, Олжого келген кыздардын, Кебин салып алыптыр. — Шооруктун кызын көрөлү, Сонун сулуу кыз болсо, Манаска кошуп койолу. Бойго жетти Манас – деп, Колу-бутун тушабай, Келатыпсың, Жакып, — деп, Кыз жараса көөнүнө, Бермек болуп Манаска, Кеңеш кеби канышты. Күн шашке кези экен, Көрөлү деп кыздарды, Күпүйүп басып барышты. — Эшикке чыксын кыздар, — деп Туйгузбай алып чыккыла, Коркуп калса тартынып, Ишибиз түбү жакшы эмес, Кыздарды көрүп болгунча, Бүтүп болду кеп-кеңеш. Кебибиз бар азыраак, Келе калсын баатыр деп, Атайын киши жиберет. Чогулгандын баары деп, Бай Жакып, Бакай кары деп, Чакырыкчы барыптыр, Андай болсо жүрү деп, Эрназарды ээрчитип, Көкжалың жетип калыптыр. Кыздын баары кылаңдап, Узун көйнөк чубаңдан, Өңүрү такыр саймадан, Жакасы түрдөп сайылган, Жең кабы бар каптаган, Кийгени такыр макмалдан, Бермети жерге төгүлгөн, Беттери нурдай көрүнгөн, Кылыйып түрү караса, Көзүнүн нуру төгүлгөн, “Олжого келген кыздар” деп, Айттырбаган эр Бакай, Келгели болгон бир айча, Кыз балдардын көңүлүн Кайттырбаган эр Бакай. Бакдөөлөт өзү баш болуп, Ээрчитип он беш катынды, Карылар турган короого, Алып барды кыздарды. Баарысы карап калышты, Жашы менен карысы, Чогулушкан ал жерге, Иш билгендин баарысы. Накылай көркөм кыз экен, Жез оймоктун узу экен, Сураштырса Накылды, Он төрткө чыккан кези экен, Жаман кыздан бирөө жок, Баары жакшы мыкты экен. Калгандары тим эле, Эрназар кызын көргөндө, Эчкирип ыйлап ийди эле, Бакай баштап баарысы, Карап муну калышты. Тарттырып кызын ийгенден, Табылгынча бүгүнкү, Эрназар кебин салышты. Кыргыздан кыраан Кыпчакбай, Уулуна жүрчү кыз жакпай, Эрназардын Урумкан, Көзүнө байдын толуптур, Сурайын деп бул кызды, Ойунда диттеп койуптур. Эрназар кызым дегенде: — Сен да кары, мен кары, Караногой үчөөбүз, Окшошуппуз тең кары, Жүргүнүң, Эрназар, Биздин үйгө баралы. Таанышы Ногой экен деп, Ээрчитип кетип калганы. Накылайды баатырга, Арнап берди баарысы, Ошо болот баатырдын Накылайды алышы. Шоорук менен курбалдаш, Мансабы да, эрдиги, Окшош өткөн неме экен, Ажалынан өлүптүр, Атын Татай дээр экен. Көрпөкө деген кыз экен, Даңкы менен Шооруктун, Накылай деп калышты, Көрктүүсү кыздын ушу экен, Көрпөкөнү Чубакка, Жубай кыла салышты. Накылайды баатырың, Көрпөкөнү эр Чубак, Урумканды Абдылда, Үч кызды үчөө алышты. Калганын койду каратып: — Катыны жогуң алыңар, Кадырлашып, жарашып, Жаштык кылып бириңден Бириң кылба талашып. Зордук менен албаңар, Сонунуңар бат тарар, Тийемин десе алгыла, Тийбейин десе калгыла. Шоорук калча ханы эле, Жагынып алып калмакка, Сараркага барды эле. Ар кайдан тандап жыйган кыз, Жез оймоктун чыгааны, Ушул кыздар баары уз. Зордук менен алат, деп, Зомбулукту салат, деп, Коркуп турган ал кыздар, Калыс экен кыргыз, деп, Кыткылыктап күлүшүп, Кыйалында жаратып, Каалаган эрге тийишип, Жасалгалуу кыздардан, Жалгыз бирөө калбады, Жаман киши албады. Бет алган жагын каратып, Беттешкен эрди сулатып, Багы менен Манастын, Жатты кыргыз жыргашып. Арадан өттү канча убак, Бир далай жыл жанашып. Эриккенде кырк чоро, Текени атып тоосунда, Кулжасын уулап коосунда, Аркарын карап адырдан, Түлкүсүн кагып аң-аңдан, Ителгисин куу-куулап, Койонун кууп сай-сайдан, Өрдөгүн уулап сазынан. Балык кармап тор салып, Буткул-буткул суусунан, Салкында ордо атышып, Эңишип улак тартышып, Шерне жешип, тай сойуп, Кымыздын даамын татышып, Теке тырмыш, көлбука, Аркандарын тартышып, Эл чогулган жерлерде, Эшикке чыкса кээ-кээде, Ар бир үйдүн жанында, Казып койгон кемеге, Катарлап тиккен үйлөрдө, Самоору кайнап ар үйдө, Куру калбас баары үйдө, Адамды айран калтырып, Ар сонун бар ал үйдө. Коноктон ашкан шекер-бал, Баары турган жалдырап, Дасторкондун үстүндө, Бар тамагын жайнатып, Кемегенин биринде, Кымыздан арак кайнатып, Комузчунун колу шок, Бозторгойдой сайратып, Боз улан жигит, кыз-келин, Күү муңдуусун тандашып, Баланча алты кайырды, Атынан айтып талашып, “Чийе жол” деген күү чертип, Оң колго мурду кошулуп, Он бири окшош тең чертип, Күйөө жандап келиндер, Саамайын сылап кыз балдар, Ооз комузду кагышып, Темир тилдүү жез жаактуу, Комузун колго алышып, Уктаса түшкө кирбеген, Сонун күүнү табышып, Кашкулак, бөрү ичикти, Карылары жамынып, Хандары таажы тагынып, Катыны сөйкө салынып, Боз улан кемер куранып, Кыздары үкү сайынып, Өрүшкө батпай котолоп, Төрт түлүк малы жайылып, Көчкөндө жүктүн үстүнө, Кызыл-тазыл жабылып. Тебетейин кырдашып, Ээр-токумун кылдатып, Жаагын жанып күкүктөй, Ырчылары ырдашып, Өйүз-бөйүз кыз-келин, Акыйнегин айтышып, Теңселе басып келишип, Селкинчегин тебишип, Азоону минип түйүлтүп, Арты-артынан келишип, Уландар теңге эңишип, Уул үйлөп, кыз беришип, Чочок кесип, той берип, Үлүш болуп дуулдап, Байге бөлүп кунан чаап, Мага соогат бергин деп, Бабырашып чуулдап, Өлүм болуп аш берип, Алакан жайып эл келип, Бештен бөлүп конокту, Үй башына бер дешип, Карылары, чоңдору, Бирден бала чаптырып, Конокту баштап кел, дешип. Ат чабылат экен, деп, Сайыпкер атын тердетип, Салдырып жорго такырга, Сабаалашып эл келип, Эстүүсү элди башкарып, Жаштары кызмат аткарып, Короонун чыгып четине, Аксакалдар кынтайып, Желеге кулун байлашып, Дүр-дүнүйөнү жайнатып, Күлгүндөн баарын бүктөшүп, Көчкөндө төөгө жүктөшүп, Көкжалга тилеп амандык, Көпкүлөң чалган балдарды, Көтүңдү кысып тим, дешип, Тентек чыккан балдарын, Куу туйак деп тилдешип, Күндө ойун, күндө той, Күндө чубап дүрбөшүп, Ушак айтып чатак таап, Кан чыгарып бетинен, Койгон болсо жара чаап, Айыпка малын бөл, дешип, Айылбашы болгондор, Абдан түбүн сүрүшүп, Жарашып өзү калаар деп, Кыйлага карап жүрүшүп, Алыстан келген адамдар, Ал кыргыздын айлынан, Ар кандай айып таба албай, Кандай үйгө кирсеңиз, Эзген курут, кошкон май, Дасторкондо кескен жал, Чайдоосунда кызыл чай, Келини каймак жалабай, Кемпири куйрук карабай, Жаштарынын кийгени, Ар кубулган түрдүү шай, Толгон кыргыз кези экен, Төрт түлүктүү малга бай, Толуп турган чагы экен, Улагадан агып май. Тирүү менен өлүүдөн, Баарысынан Жакып бай, Жакшылык менен болушуп, Жамандыкты унутуп, Кыргыз жатты жайма-жай. Кылымга батпай тараган, Башкадан кабар угуңар, Муну мындай таштайлы Бадыкөлдүн Карманап Чапканынан баштайлы.