← Манас 1/2

Манастын алгачкы эрдиктери

“Камынсын кыргыз түштүктө, Калбай кыргыз катышат, Түп көтөрө бул иште”, Деп кабарлап ал ишке, Камынып жүргөн Акбалта, Келер жылдын алдында, Өткөн жылы күзүндө, Аралкөлдүн түзүндө, Алтымыш тандап бээ сойгон, Алтымыш жумшап чабаган, Кычыртып кыргыз байлаган, Мына мындай деп койгон: “Акылы бар азамат, Ат минери калбасын, Шек алдырбай калмакка, Акылын толук жамдасын”. Элбаштыгын кечирди, Аракка кошуп калмакка, Кара кесек эт берди, Балбанга байге болсун, деп, Байге бөлүп көп берди, Эр күрөшү оодарыш, Кыргыз-калмак деп бөлдү, Оодарышып, сайышып, Ортого чыгып көпкөнү, Акбалта берген аш-тойу, Алты күндө өткөнү, Элдин баарын таратып, Эстүүлөрүн чогултуп, Эшиктен киши каратып, Аксакалы бай Жакып, Керкөлдөгү чыккан бай, Казактардын Айдаркан, Мында келген нечен бай, Кулетен бар, курдаш бар, Куп сүйлөшөр сырдаш бар, Элеман баштап башкалар, Калышкан тойго келе албай. Чогулуп баары болгондо, Балта дөө айтат мамындай: — Атам Ороз тушунда, Токсон миң үйлүү киши элек, Бузулбай айыл бүт элек, Кайран киши өткөнү, Капкайда бизди кыдыртып, Калмактар кетти энчилеп. Бооз катынын жардырды, Кызыталак калмактын, Кылбаганы калдыбы? Кыдыртып ийди көчүртүп, Жер жүзүнө баарыңды. Ырысыңа баарыңды, Эңсегениң табылды, Башы таштан жаралсын, Абийириң эми жабылды. Азынатпай айгырын, Булкулдатпай букаңды, Буркулдатпай буураңды, Карсылдатып сүзүшүп, Кан мүйүз кылбай койуңду, Эркек малың бычтыргын, Жол керегин бүт кылгын. Ушул келер кыш менен, Күндү жайлап жаадырам, Алтайдан нары Иледен, Текес, Күнөс-көп жерден, Жердин бетин кар кылам, Жердегендин баарына, Кара жерди зар кылам. Токтото албай ак карга, Жайнап жаткан калмакты, Ар кайсы жакка кыдыртам. Тилимди алсаң келген эл, Көк кылайа калганда, Мал тойунган чактарда, Козу көчү кылсаңар, Алатоо бойлоп жылсаңар, Күнгөй-тескей беттери, Малга жайыт кылсаңар, Байсоорун менен Балыкарт, Арт жаккы бети Атбашы, Кара кыргыз айылдаш, Тоону бойлоп жер ээлеп, Канат кагыш турсаңар, Баарыңардын нээтиңер, Самарканга барсак деп, Башка кыйал санабай, Жок жерден ишти таап албай, Айтканга амал алсаңар, Көп кыйла тарттың азапты, Көчүп жүрүп Жакып бай, Күнөскө бардың кыдырып, Текеске келдиң толгонуп, Кең тескейди сыдырып, Актокой бардың ашыгып, Арбын малың чачылып, Буурултокой ат калды, Ошонуң сенин жакшылык. Баркөлдө жүрдүң бааналап, Барып-келип Чыңгыштын, Эшигинде сагалап, Мындан кийин болгон иш, Баарысы Жакып саа калат. Тургандын баары каранды, Чоңжинди турса саламат. Кекиликтей кукулдап, Таранчыдай быжылдап, Таркап кетип ар кайда, Болбойлу эми жаман ат, Дагы кебим дагы бар, Дагы кулак салыңар. Ушу келген элдерде, Эл башкарып билгенде, Баарыңарда уулуң бар, Айрыкча Балта өзүмдө, Чубак деген уулум бар, Такоолу жок артында, Жаралган жалгыз муунум. Бирден бала кошсоңор, Карапайым болбосун, Каргыш уруп койбосун, Жөнөкөй бала болбосун, Жөнүңдү кыргыз ойлогун, Менин уулум Чубакка, Жыйырма киши кошойун, Жыйырма бир болсун санаты, Жарайбы журтка ушунум? Керкөлдөн келдиң, Кыпчакбай, Чубак экөө тең эле, Абдылда сенин уулуң бар. Көрүп калам кээ-кээде, Эбегейден эптүү эле, Айткан кептин эми бар, Эмки жаштан кепчи эле. Бий кылалы жыйырмага. Пил кылалы жылбаска, Эп келеби? – деди эле. Кыпчакбай кабыл алыптыр, Казак-кыргыз элинен, Алжан, аргын дегенден, Алчын, үйшүн бул элден, Жыйырманы каттады, Баарысы байдын балдары, Бай болбосо бий экен, Байы, бийин билгисиз, Баарысы элдин пили экен. Каттан түшкөн жыйырманын Абдылдасы бий экен, Балыкарттын айагы, Самарканга кетүүчү, Чоң жолу бар ар жагы, Айы-күнүн эсептеп, Болжошуп байлар тарады. Чогулуп балдар бир күнү, Ошол жерге барарды, Айтып Балта угузду: — Бир балаңа он киши, Кылып бергин жумушчу! “Көкжал төрө Манастын, Төрт жүз сексен киши” – деп, Айтылып калган кеп ушул. Ак боз бээден алдырып, Ай тамактап чалдырып, Карыдан колун түрүшүп, “Кайра качкан ким болсо, Как ушундай болсун”, — деп, Ок тиштетип ортодо, “Келтенин огу урсун” – деп, Чырпык кыйып тарашты, Дүрүлдөшүп аттанып, Жүрүп кетти аттанып. Жата албай Балта камынып, Жалгыз уулу Чубактын, Жол керегин жам кылып, Катчыга катын жаздырып, Атайын ойгон мөөрү бар, Айагына бастырып: — Баргын, балам, жол болсун, Жолуңду кудай оңдосун, Жолдошуң үмөт бул болсун! Деп Балта дөө аткарды, Үмөт менен Жайсаңды, Жолдош алып буларды, Акбалтадан бата алып, Ак кагазда кат алып, Тогузга чыккан ошол кез, Чубак кетти оштонуп, Буудайык карай аттанып. Казактардын Буудайык, Жети атадан бер жакка, Алматы жердеп келаткан, Хандык атты бул алып, Чубакты Балта жиберди, Ак олпок тонду суратып. Артынган арбын пулу бар, Ээрчитип жүргөн жанында, Жанагы эки уулу бар. Алтайдан чыгып аттана, Айалдабай жаш бала, Жаштык кылып чубурап, Сырын айтпай башкага, Бир күнү жете барыптыр, Алматанын шаарына, Атасы жазган кагазды, Тапшырып берди ханына, Уксаң аты Буудайык, Калк бийлеген ханына, Бээ сойуп сыйлап кондурду, Өрүүн бол десе болбоду, Кетмекчи Чубак болгону. Кычырып келип Буудайык, Астына бокчо тон койду, Буудайыкка Балтанын. Жазган каты бул болчу: “Сен да алаш, мен алаш, Сен экөөбүз тең алаш, Калмактар салды казапты, Баарыбызды тең талап. Кул кылып кетти кыдыртып, Азат башты кул баалап. “Кулдукта алаш жүрөт”, — деп. Мойнубузда жаман ат. Сен билесиң, Буудайык, Мен билемин Буудайык, Алаштан эми кетет го, Чачылды деген жаман ат. Болжолу чыкты он бирге, Болжогон киши Саламат. Самаркандын Жолтокой, Жасатып болду жаракты, Кудай берип таштады, Кур болгон биздин талапты! Алып келип кошуптур, Олуйа Бакай абаңды. Ойлоп көргүн, Буудайык, Кеңири ойлоп санааңды, Атайын сага жибердим, Алдымда жалгыз баламды. Кийсе Манас бекен деп, Ак олпокту сурады, Ак олпок тонуң сурадым, Алдыңа кетти уланым, Берсең дагы, бербесең, Ачык жооп кыларсың. Чубак кийбейт олпокту, Олпокчо Чубак болбоду, Олпок кийчү сыныма, Жакыптын уулу толгону”. Жерге түшкөн кезинде, Манас аты болгонду, Балта барып балага, Которуп атты койгонду, Буудайыкка бар кебин, Балта айтып болгону. Катты көрүп Буудайык, Кайгырып койбой муңайып, Ал ойлонду кубанып: “Балта ырас айтыптыр, Ак олпок тонум Манастын, Кийерине ылайык”. Ак олпокту Буудайык, Була салып булаткан, Букарлыктан сураткан, Алдырып келип сактаган, Ак олпоктой бир тонду, Адам уулу таппаган, Таамай айтсам ак олпок, Темиркандын айалы, Каныкейдин энеси, Өз колу менен жасаган, Каракан менен Темиркан, Шаатемир үчөө бир тууган. Олпоктун бирин Каракан, Жыйып алган жүгүнө, Бирөө калган болуучу, Темиркандын үйүндө Катып жүргөн тону бул, Бермекчи болду тонду бул. Чубакка койгон бокчонун, Ичинде олпок тону бар. — Байлана кеткин, сен балам, Башыңа жастай жаткының, Башка жанга айтпагын, Бокчосун чечип ачпагын, Жаш Манаска барганда, Жайып анан таштагын. Жибериптир Балта дөө, Суратып сени атайын. Ак олпок кетти колуман, Эминесин айтайын...

Көктеке минип шайланып, Буудайык берген олпокту, Бөктөргөгө байланып, Тогуз жашта түгөнгүр, Буттай темир курчанып, Сом темирин колго алып, Кабаттап темир кийинип, Каар бетине төгүлүп, Тогуздагы Чубагың, Зоңкойуп тоодой көрүнүп, Алдында минген Көктеке, Кыл куйругу түйүлүп, Үйшүн, Үмөт эки уулу, Кызмат кылып жүгүрүп, Алматадан аттанып, Балыкарт көздөй жол тартып Абдылдага жолукту, Шамшыда кетип баратып, Абдылда, Чубак биригип, Жыйырма экиге толуптур, Чубатып көрсө санашып. Туйунтпай кыргыз камынды, Жиберген калмак таратып. Бузулган элдер жыйылды, Муңу ичине сыйбады, Баатыр Манас туулгалы, Баарысы минтип жыйналды. Баштаган Чубак, Абдылда, Баатырың жаткан токойго, Баргалы жакын калганы. Туйгузбай башка бирөөгө, Келет экен Чубак деп, Алдында кабар алганы, Баатыр Манас, зор Бакай, Жолунан тосо барганы, Каракалпак түрк эл, деп, Жүрчүт, жуда деген деп, Тараң, шаңкай элинен, Пас болуп андан келгенден, Калча менен Кыйбадан, Тажик менен сыйадан, Калмактарга катуу кас, Ыраман деген бар экен, Ырам билген жан экен, Анын ишенгени бал экен, Ырчы уул деген баласы, Жалгыз уулу бар экен, Байатан айткан элдерде, Өзү чыккан бай экен. Кыргыл чал деген иниси, Жеке баатыр жан экен, Балдан көрүп Ыраман, Бай менен чоңдон чогултуп, Жыйырма бала кураган. Кыргыл чалды кошуптур, Калмактан кордук көргөндө, Кыргыл баштап жыйырмасын, Баатырдын жолун тосуптур. Келе берсин чубашып, Кийик атып уу кылып, Күнү кызык чуулдатып, Баатырга жакын жетиптир, Чубак атын чуратып. Чоңжинди, Бакай жанаша, Баатыр Чубак, Абдылда, Алды жагын караса, Атынан түшө калышты, Камчысын салып мойнуна, Таазим кыла барышты, Аты-жөнүн сурашып, Алар менен таанышты. Аттанып жөнөй бергенче, Кыргыл баштап жыйырмасы, Дагы келип калышты. Олуйа Бакай, Чоңжинди, Опсуз Чубак баатырлар, Кыргыл чал менен жыйырманы, Эсепке муну алыптыр, Кыргыл баштап кырк киши, Саны толуп калыптыр. Кырк чоросу Манастын, Ошол экен баарысы. Чубак баштап жыйырмасы, Ондон киши котчусу, Ар жактан келген жыйырмасы, Ондон киши котчусу, Төрт жүз сексен болуптур, Бир кошунга толуптур, Жамгырчы келип ал күнү, Чогулуша конуптур. Чоңжинди, Бакай, Жамгырчы, Балта дөөнүн Чубагы, Масылеттин ичинде, Чогуу бирге бу дагы. Кыргыл чалы баш болду, Бий Абдылда жаш болду, Абдылда бий дебеди, Ажы бий деген ат конду, Кыскаргандан кыскарып, Ажыбай атка конгону, Кыргыздардын оозунда, Айтканы ошо болгону. Айдатып келип Жамгырчы, Алтымыш тууну бир сойду, Төрт жүз токсон киши экен, Ашырбай бир күн жеп койду. Төкөр уста Бөлөкбай, Кетмек болуп козголду, Акы берсе уста албады, Ак нээт уста ал дагы, Пул берсе уста албады, Санасын башка бурбады, — Батаңды бергин мага, — деп, Ал Бакайга жалбарды. Арстан Манас көкжалдын Абдан колун кармады: — Сен балапан, мен кары, - Бөлөкбайдын айтканы, - Найзаңдын учу даттабас, Бүгүндөн баштап журтуңа, Башчы болдуң, сен Манас. Балтаңдын сырты жарылбас, Балтадан мындай табылбас, Элиңдин четин бузултпай, Жыйнап алгын, сен Манас. Ырысыңа эр көп, — деп. Ылайыктуу жер көп, — деп, Эл намысын талашкын. Эрте-кеч жок кара көк, Колун койо бериптир, “Кош эмесе, аман”, — деп, Бултулдатып букасын, Ээрчитип эки уланын, “Тең бастырсак атага, Дегеле жаман болот”, — деп, Уландары ат минбей, Жөө басканын карагын, Түлөөкө, Төлөн жөө кетти, Бөлөкбай жөнөп кеткени, Балта козгоп көчүргөн, Элдер калды жеткели. Байсоорун менен Атбашы, Ортосу кырчак Алатоо, Күнгө-тескей жер жазы, Келгендер айлын таштады. Жылкычы, койчу мал бакты, Акбалта, Жакып, Кыпчакбай, Алты миң ашуун киши алды, Самарканга барууга. Тууралап жолго салганы, Эки күнү жол жүрсө, Самарканга бармакчы. Чоңжинди, Бакай, Жамгырчы, Чогултуп элин жам кылды, Самаркандын Белсазы, Көк чөбүн кызыл кан кылды. А кудайлап түлөөгө, Күндө бээден чалдырды, Чала-чарбыт айылды, Үй-бүлөдөн айрыды. Буйуруп берди Жамгырчы, Намангенге барууну. “Наманген, Ошко баргын, — деп, Эгин эгип жан сактап, Малга жайлуу баары,- деп, Кембагалга жери жай, Жер-жемиши дагы бар, Ал жерге барып жан сакта. Бул жерге турсаң козголоң, Кызыл кыргын тополоң, Адысеге учурап, Жаман күнгө каласың”. Деп кеңешин бүтүрүп, Наманген, Ошко баруучу, Самарканда кыргыздан, Кыргыл чалга кошуптур. Наманген, Ошко жеткир, деп, Көчүрүп аны койуптур. Тыңдуунун баары бөлүндү, Сойгону күндө бээ болду, Беттешери эр Көңтөй, Турган Белсаз жер болду. Балта, Жакып баштаган, Келип кыргыз эл толду, Ороздунун кызыл туу, Жакып байда бар болчу. Айчыгы алтын тактырды, Манастын атын жаздырды, Көтөрүп жоого баргын, деп, Кыргыл чалга тапшырды. Санаты болду отуз миң, Сапырылып эл толду, Эр Көңтөйгө айттырды, Угуп Көңтөй кам кылды, Калмакта аскер өтө көп, Алтымыш миң болду, деп, Айтып элге даң кылды. Оолугуп Көңтөй аттанды, Көңтөй баатыр аттанып, Оорукта мурун жаткан бу. Элинен балбан ылгады, Эпсиз чоңдон онду алды, Алтымыш миң колу алды. Опсуз Көңтөй чоң барды, Чогулушкан жерлери, Белсаздын берки керүүсү, Көкойдуң үстү көк жайкы, Калмак, кыргыз эл толду, Кеңири жерге жайкалып, Кан төгүлөөр кез болду, Толкуган көлдөй чайкалып, Кыргыз уруу дегендер, Коркпой баары кубанып, Кош болушуп дууланып, Кулак-мурун тундуруп, Ач кыйкырык чуу салып, Чалдардын баары бакчаңдап, Жаштардын баары чакчаңдап, Кең көкүрөк сом далы, Балбандын баары дагдаңдап, Сакалы актар жайкалат, Мингени жорго чайпалат, Чыгып жатат калмактар, Өргөн биттей самсаалап. Бакай, Балта, Жамгырчы, Кимиси элди башкарат? Бай Жакып улуу кары үчүн, Эң алдында кеп салат: — Баштын мээси деген бар, Аштын ээси деген бар, Элиңди ким башкарар? Эл башкарган болбосо, Элиңдин чети чачылар. “Айтса-айтпаса ырас” — деп, Жалпы токтой калышты. Чуркурашып чуулдашып, Бакайды шайлай салышты, Ошол болот Бакайдын, Хандык атты алышы, Эмгичекти Бакайдын, Өчпөй аты калышы. Баатыры Манас жаш болуп, Падыша Бакай баш болуп, Кектеше турган чак болду, Калмак-кыргыз каш болуп. Карап турса эрдемсип, Калмактан чыкты бөлүнүп, Караандуу бирөө дердеңдеп, Өз ичинде калмакка, Таанымал чыккан эр экен, Калмактын жүргөн ичинде, Түбү манжуу, неме экен. Минген атын булкунтуп, Тепсетчүдөй жулкунтуп, Тыштан кийген кырмызы, Күн чагылып кулпунтуп. Найзасын кармап оңдонуп, Чөгөргөн нардай комдонуп. Бендеден башка неме экен, Как ошондой чоңойуп, Бөлүнүп чыкты калмактан, Жалгыз өзү коройуп. Алп Жамгырчы аттанды, Аламын деп томуруп, Жибербей Бакай койгону, Жамгырчыга жол койуп. Семет деген бар эле, Жылкы алышкан чабуулда, Сексенге калса беттешип, Сайып алчу эр эле, Өзү казак уругу, Семет баатыр дээр эле. Мен барам деп желденди, Кан Бакайдын алдына, Уруксат сурап келди эми. Ага дагы эр Бакай, Уруксатты бербеди. Токтоно албай Чубагың, Тогуздагы чунагың, Уруксат сурап келгени. — Болбосун жолуң шар, — деди, Жолборсум Чубак, бар, — деди, Барбайт деп уулум айтууга, Балтанын оозу келбеди. Бала жолборс Чубактын, Бар жарагы телделүү, Жарашыктуу ылайык, Көктекени мингени, Көмөрө кийип туулганы, Кыйкырып Чубак жүрдү эми. Тогузда Чубак жашы бар, Жеткир баатыр жагы бар, Баатыр Манас тушунда, Баштан-айак дагы бар, Таанылсын деп эл-журтка, Жиберген Бакай жайы бар. Кошулду Чубак катарга, Беттешти манжу Татайга, Татай манжу дегени, Таанымал элге мурунтан, Талкалап нечен эр алып, Таанылган элге болуучу, Көргөн эмес кыргыздар, Батыштын элин моңгулдар, Талкалап шаарын нан кылып, Башы-көзүн кан кылып, Айтып элге келгенде, Татай жеңди баарын деп, Атын анын угуучу, Көңтөй деген калдайы, Татайды төтөп кылуучу. Тогузда Чубак жолборсуң, Жолуккан жери мына ушу. Чубакты көрүп Татай кул, Атынын башын буруптур, Аркасында Көңтөйгө, Кылчайып карап туруптур: — Улугум Көңтөй сен элең, Уйпалап нечен эрди алган, Урушта Татай мен элем. Таанылган элге Татайга, Тай минип жүргөн жарышып, Мына бу кыргыз тең беле? Балага Татай чыкты, деп, Барлык эл укса уйат кеп. Башка бирөөн жибергин, Кошума кайра кетем!- деп, Кобурап Татай калганы, Кыргыз, калмак аралаш, Мал бакканда чамалаш, Барды-келди, бас-турду, Тилин калмак биле алат. Айтканын уга барыптыр, Акбалтанын Чубагы, Арданып буга алыптыр. Жеткен жерден Татайды, Жеткилең Чубак бир сайды, Мактанып жаткан барбайм, деп, Ээрден көтү кыйшайды. Ооп барып оңолуп, Аркасын карап олойуп, Ормолоңдоп алыптыр. Ойду-кайкы чапкылап, Чубакка Татай барыптыр: — Атаңдын көр, бурут – деп, “Өлөр эчки койчунун, Тайагына сөйкөнүп Өлүп алат экен” – деп, Угуп жүргөн бул бир кеп, Эчкиден бетер сөйкөнүп, Өлмөкчү экен кыргыз! – деп, Эң эле жаман сүйлөнүп, Кирген суудай түрдөнүп, Булгап алып найзасын, Катуу тийди күүлөнүп. Кармашты мурун көрбөгөн, Кармашып жоого көнбөгөн, Анткени менен эр Чубак, Бала да болсо эң чыйрак, Какшытта жүрүп көнгөндөй, Далайды мурун көргөндөй Кагып ийип найзасын, Тамылжыган Татайды, Таамай Чубак сайыптыр, Татаалаган манжууну, Аңтара сайып салыптыр. Көрүп туруп чыдабай, Көбөгөн деген бир манжуу, Күркүрөп жете барыптыр, Ажал айдап тура албай, Ал «Татайлап» бакырып, Айабай жаны ачыптыр, Кабаган иттей карсылдап, Ачууланып арсылдап. Жетип келди Чубакка, Түз качырып жакындап. Ойротто жок эр Чубак, Кара бойун чыңдады, Кызыл түпөк найзаны, Кыраан Чубак ыргады, Кыйкырып барган манжунун, Кагып ийип найзасын, Кый сүбөөгө бир сайды. Чубак сайган оңобу, Жыгылган өөдө болобу? Жер тайанып жыгылса, Тирүү Чубак койобу, Жер кучактап манжудан, Экөө өлүп жоголду, Кыргыздын иши оңолду. Карап туруп чыдабай, Каарданып тура албай, Каар бойуна сыйа албай, Карбаластап чоң Көңтөй, Калгандар баары жөнөкөй, Кантип туруп ал калсын, Калдайып өзү жөнөбөй. Карбаластап далдаңдап, Калканы жондо калдаңдап, Качырып Көңтөй келатат, Караса буту салбаңдап. Кармаганы кара тил, Кара курчка найзасы, Кара жер майлап жатуучу, Качырганда канчасы. Калганы кара темирден, Кара бойу кем эмес, Кара тоонун сеңирден, Карсылдашкан душмандан, Качан Көңтөй жеңилген? Качырганда кан ичкен, Канга кошуп кант жеген, Кара кытай калмактар, Калгандан качан кан жешкен? Качан кыйын күн болсо, Каардуу Көңтөй бар дешкен. Катуу жөнөп калыптыр, Кадимкидей кан иччү, Казабына алыптыр, Качырган жерде Чубакка, Кандуу найза малыптыр, Каңтара койуп салыптыр! Казактардын Семети, Ат койгон бойдон жетти эми, Желип чыккан Көктеке, Чылбырынан кармады, Ыргытып чылбыр Чубакка, Камакка салды жаңжалды. Казактардын эр Семет, Карсылдашып калганы, Казактардын Семетин, Найзага Көңтөй илгени, “Мынаке, кыргыз, эриң!” – деп, Ыргытып муну жиберди. — Убара кылба калжаңдап, Эриңден бирөө кел! – деди. Эстенип турган карарып, Каар бойуна таралып, Чоңжинди минди атына, Сырнайзаны колго алып. Сырнайза колго илгенде, Сыздырып жолго кирерде, Акбалта турду муну айтып, Абаң Бакай, Жакып хан, Жамгырчы менен Кыргыл чал, Карап турду тыңшашып: — Балам, Чубак, сен – деди, Жаныма жакын кел, — деди, Билдиңерби карылар, Карап турдуң баарыңар? Барайын десем алдымда, Уруксат Бакай бербеди, Мага бербес уруксат, Уулум Чубак саа берди. Өмүрүнчө Манаска, Өлгүнчө бирге болот деп, Саа уруксат бергени. Орозду атам өлгөнү, Он уулу аман биз туруп, Бүтүн алаш эл туруп, Кара калмак, манжуга, Алыбыз качан келгени? Атагы алаш эл үчүн, Ырыска сени бергени. Калмактан коркуп айта албай, Атыңды сенин которуп, Чоңжинди койдум мен, — деди. Аалам сүйүп саа койгон, Атың Манас болуучу, Аттанып чыктың жаңыдан, Болосуң элге таанымал. «Манас» деп ураан чакырып, Бара турган жол ушу, Баргын, Манас, бар! – деди, Болсун жолуң шар! – деди, Элиңе салган бүлүктү Душмандан өчүң ал! – деди. Бата берип дүркүрөп, Баарысы туруп калды эми, Бастырганда баатырдын, Байанын айтам угуп ал, Кулагыңды салбасаң, Дүлөй болуп өзүң кал! Улуу Манас баатырдан, Унутпас далай сөзүм бар, Унутуп ийбей эстеп ал! Бастырганда караса, Бала жолборс арстанды, Байкаган баары таң калды: Бармактай кызыл меңи бар, Маңдайында салаңдап, Жылаңайак, жылаңбаш, Кийимсиз өзү жылаңач, Чылбырлап кетип баратат, Жети менен сегиздин, Ортосунда бала жаш: Эки үзөңгү алдында, Эки түгөй сур бөжөк, Кулагын тиктеп жапырып, Кетип барат жөжөңдөп, Бөжөң-бөжөң желишип, Бөлөкчө сонун келишип, Көрүп турган кыргыздар, Бир-бирине туйгузбай, Баабедин айтып ийишип: Кызыл чаар жуп жолборс, Жолуккан бенде соо болбос, Жандап чуркап алыптыр, Манаска болуп ал жолдош: Сонун иши дагы бар, Түргөн чийдей жоондугу, Сойлоп барат ажыдаар: Коркконуна чыдабай, Ыштанына далайлар, Сийип ийген чагы бар: Алдында минген кула аттын, Кулагында шамы бар, Маңдайында багы бар, Куйундай бүткөн жаныбар, Соорусунда кула аттын, Камбар ата сылаган, Беш колунун тагы бар: Аркасында айкөлдүн, Учкашкан кызы дагы бар, Шөкүлө кийген башына, Көрүп айран калышты, Тагынган шуру ташына, Бермети жерге төгүлүп, Утур келсе маңдайга, Туулгадан ашып койкойуп, Шөкүлөсү көрүнүп, Өтө көркөм кызыл кыз, Өзү жандан узун кыз, Дүркүрөшүп эл калды, “Дагы бирден көрүнүп, Койсо, дешип, ушул кыз”: Отуздан кулжа, алтымыш, Тепе-тең эки бөлүнүп, Дердеңдешип алыптыр, Бир кула аттын дабырты, Алтымыш аттай дабырап, Мана минтип калыптыр. Карап турган калайык, Карылар көзгө жаш алып, Караган баары таң калып, Дүркүрөшүп жар салып, Күңгүрөнүп алыптыр, Мал табуучу шылуундар, Бакай, Жакып карыга, Акбалта, Жамгыр залына, Аксакалдын баарына, Комузун толгоп колго алып, Жагымдуу ырдап үн салып, Ырдап барып ырчылар, Комуз менен төө алып, Ээри менен ат алып, Ага кошуп бата алып, Чечип берген тонду алып, Ченебей берген пулду алып, Жагалданып кырданып, Мал табышып жалданып, Сүйүнүшүп тынч алып. Эки жанын каранып, Күмүштөн кемер курчанып, Көкжалың чыкты аттанып, Күндөй бетин нур чалып, Артынан карап байкашып. Айкөл шерге таң калып, Аркасынан караса, Ак жолборстун сыны бар. Маңдайынан караса, Ажыдаардын сүрү бар, Төбөсүнөн караса, Алпкаракуш түрү бар, Ачуусу келип акырса, Айбаттанып бакырса, Кырк бир шердин үнү бар, Кыргыздан чыккан кыраандын, Тышкы сыны ушулар. Бастырып жөнөй бергенде, Аксарбашыл мал айтып, Атап айтып көп айтып, Ага кошуп турган эл, Акбоз бээни кошо айтып, Айтпаганы калбады, Аксакалдар калганы. Аккула минип болкойуп, Шаңданып арстан калыптыр, Алатоодой зоңкойуп. Топтон чыкты бөлүнүп, Тетиги чоң ополдой көрүнүп, Беттешти калдай баатырга, Тоо көчкөндөй күркүрөп. Кангайлап Көңтөй бакырса, Караган баары таң калды, Качырып кирген баатырга, Мингени Кула шаңданып, Аккуланын артынан, Бурулгуп чыккан чаң калып. Чындап найза кармашып, Чымындай жанды айабай, Кылга байлап ташташып, Найзаларын сунушуп, Күүлөп алып урушуп, Качырышып сайышып, Калдай Көңтөй калмактан, Каардуу Манас кыргыздан, Калбалашып бул экөө, Катуу жаман урушту, Калкандарын кыйратып, Соотторун жулушту, Качпай туруп урушту, Катуу кыйын жумуш бу. Кайта айланып салышты, Кандуу найза алышты, Как жүрөккө малышты, Кагып найза сайганда, Сайдырбастан калышты, Сайдырып найза кан акпай, Мунун да жолун табышты. Көңтөй ойлойт ойунда: “Кабат-кабат темирлер, Кийип турсам бойумда, Сайганын тешпей калбаган, Найзам турса колумда, Чапканын кеспей калбаган, Кылыч турса кынында, Ташты чапсам кайтпаган, Жара чаап таштаган, Айбалта менин элимде, Тоону урсам томоргон, Томорулуп жоголгон, Чокморум турса такымда, Чаалыккансып калбаган, Чаап жүрсөм арбыган, Атым турса алдамда, Наамым калдай эр Көңтөй, Ушунун баары турганда, Алда канча менден пас, Жашы кичүү, күчү аз, Он бир менен он эки, Ортосунда бала жаш, Өлтүрө сайып албасам, Каны-жинин аралаш, Өзөгүнөн жарбасам, Эрегишип ушунтип, Өзүм Көңтөй не турам!” Өчөшүп чочко камынды, Кайра жаачу булуттай, Каар бетине жабылды, “Бөйөн-чайан, жыландай, Заарымды салбасам Көңтөй болбой калайын. Көмөрө сайып албасам!” Казабына алганы, Кайта артына айланды, Караанын көрүп калмактын, Караандай зордук арбактын, Алдынан тосо жөнөдү, Алды-артында жүргөнү, Калбай кошо жөнөдү, Каңтара сайып алам, деп, Арстаның дагы көгөрдү. Атырылтып аргытып Артынан чаңды баргытып, Тулпар күлүк Кула атты, Куйундай кылып каргытып, Жал-куйругун жайылтып. Кулжадай төшүн салыптыр, «Манастап» ураан чакырып, Жаш Манас кирди качырып. Манастын атын укканда, Чоң Көңтөй калды шашылып. Өчөшүп келген Көңтөйдүн Найзасын кагып жиберип, Кырынан тийди баатырың, Куланын оозун имерип, Кыйамына келтирип, Кый сүбөөдөн бир сайды, Томорулуп кыйшайды, Бала жолборс кара көк, Беттешип чыккан жеринде, Белдүүдөн Көңтөй эрди алды. Эси кетип темтиреп, Көңтөйдүн эли сандалып, Акыл айтар адам жок, Акылы кетип саргарды. Чыга албай баары титиреп, Көңтөйгө жөлөк балбаны. Сүрүн көрүп көкжалдын. Сүрдөп баса албады, Башын катып шылкыйтып, Балбансыз жүргөн чанданы, Акимсиген калмактар, А дээрге алы калбады. Айласы кетип калмактын, Алапайы куурулду. Жакып хандын Сыргагы, Чырга тууган ушуну, Манастан эки жаш кичүү, Серектен жарым күн кичүү, Жарым күн кичүү дегени – Эгиз бала болуучу. Конокко тамак эт берсе, Кубулжуп келип туруучу, Түк Жакыпка баш бербей, Өз билгенин кылуучу, Арбын конок келгенде, Бештен бээни жыгуучу, Кээсин билет Жакып бай, Кээсин качан билүүчү? Жакып билбейт Сыргакты, Чыйырды байкап жүрүүчү, Эки-бир күн эр Сыргак, Жатып калса ноокастап, Токтоно албай жүгүрчү, Чоңойсо деп саламат, Ден соолук тилеп жүрүүчү. “Манаска жөлөк болот, деп, Беттешип келген душманы, Ичинде калат бушманы” Ошол үчүн Чыйырды, Жакшы көрчү баланы, Он бир жашта кара көк, Сыргактын тогузга келген убагы, Келер жылы жаңы асый, Кулунунда тел эмген, Кара кызыл кунаны, Телкызыл деп ат болуп, Өлгүнчө жүрүп оорагы. Жетисинде Эр Сыргак, Жакыптын малы бул эмес, Күнөстүн жылдыз көлүнөн, Сатып андан барганы, Кыргыздын малы деген эмес, Бу дагы калмак малдары. Оңдолгон ээри токулуу, Ойротто жок шок Чубак, Шыбыраша кетишти, Акбалта уулу эр Чубак, Аттардын башын бурушуп, Айлана карап турушуп, Имерип тиймек калмакка, Кеңеши ушул болушуп. Дайарлана калганда, Манастап ураан чакырып, Барарына калганда, Акбалта байкапк алыптыр: “Билбесин Жакып, Жамгырчы, Билип калса балдарды, Кой деп койсо карылар, Илеби жанып калабы? Кызыган бойу муздаса, Кызыккан жоону алабы?” Күүлөмөк болду Акбалта, Кутурган эки баланы, Балта атын бурганда, Балдарды карап турганда, Ач кыйкырык угулду, Үнүн уккан адамдын, Самандай өңү кубулду. Кең дүйнөсү тар болду, Кеп кылбас кекеч эл болду. Кулагы тунуп дүңгүрөп, Дүлөй болду көпчүлүк, Күүгүм кирип бараткан, Күүгүмдөй күнү көрүнүп. Доолбас үнү карс этип, Атылып мылтык тарс этип, Таталаган калмактар, Талап иттей арс этип, Бирден-бирден келе албай, Так отузу бөлүнүп, Баары баатыр дөө экен, Баса элек тоодой көрүнүп, Чогулуп отуз бир болуп, Көкжал Манас баатырды, Орой чаап калыптыр, Күрзүлөрүн булгашып, Күүлөп колго алыптыр, Камандан бетер карсылдап, Кычырып жөнөп калыптыр. Калмактын эли шаттанып, Алаштын элин муң басып, Карап турган чагында, Кабылан айгай салыптыр, Кабылан үнү чыкканда, Байатан болгон укмуштар, Ошондо боло калыптыр. Чогулуп келе жаткандар, Чокчоңдошуп чапкандар, Шоройу мурун каткандар, Тогуз-ону алдында. Томпойушуп жатыптыр, Топуракка батыптыр. Жакыптын уулу жайдардын, Жайылтып маңдай айдарын, Утуру келген бир топтун, Алдында онун сойуптур. Балта, найза тийгенби, Онтоодо ону болуптур, Онун айдап алыптыр, Кайнап жаткан калмакка, Аралаша барыптыр. Сыргак, Чубак – эки жаш, Чымыроондой кыйкырып, «Манастап» ураан салыптыр. Акбалта, Жакып, карылар, Айтылбай оозго калыптыр. Оңунан Чубак айланды, “Оңой эмес, ушул – деп, Алдында чыккан бала эле, Алда кандай кылар?” – деп, Калмактын көзүн жаш алды, Имерип Сыргак тийиптир, Ителгидей кириптир, Караандуу чоңун тандады, Найзанын учу кеткени, Такаат кыла албады, “Баары баатыр, баары шер, Бул Жакыптын балдары” Атын угуп-билгени, Калмактар минтип каргады. Кыргыл чалы кыйкырып, Кырк чоролоп чакырып, Акборчук санга салыптыр, Айчык тууну көтөрүп, Айанбай жөнөп алыптыр. Абдылда баштап жыйырмасы, Ырчы уул баштап жыйырмасы, Санаты кыркы турбады, Ондон котчу булар да, Ээрчип баары чубады. Баатырлык менен Акбалта, Акылы бар айрыкча, Баскандары санады, Төрт жүз сексен санаты, Толуп калды карачы. Акбалтанын Чубагы, Жүрү деп бирөө айтпады, Кыргыл, Сыргак баштаган. Кыркына чоро ат калды. Кылымдан ашкан кырк арстан, Кыргыл чалы баштаган, Айлана курчап калмакты, Кыйратып чөптөй баштаган. Кырк алды курчоого, Калмактар калды курчоодо, Аралап кирген айкөлүң, Артынан кирди эр Чубак, Ортодо жүрсө эки шер, Ошондо кебин салыптыр, Олуйа Бакай кеменгер-: — Турбагын алаш, баарың бар, Акбалта, Жакып барбаңар, Текечи, Шыгай - экөөң кал, Башкаң калбай такыр бар, Жамгырчы менин тилимди ал, Будургунун Ачмойнок, Качкандар өтөр бели бар, Камынып аны тосуп кал! Элебей жүрүп жаш балдар, Кетерин билбей калабы, Качып барып какоолдор, Жануп жакта Алооке, Батыш жакта Шоорукка, Отор жерде дөөлөскө, Буларга кабар салабы? Жаңыдан атка мингенде, Жайнаган калмак эл курчап, Жаман атты кылабы? Баатыр Манас, эр Чубак, Кыргыздан чыккан ал чыйрак, Жакыптан туулган эр Сыргак, Жалтайып жүрөк калабы? Угуп алып Бакайдан, Жамгырчы жолго салыптыр, Будургунун Ачмойнок, Бурулбай жете барыптыр, Жамгырчы барса алыстан, Кызыл жалын от күйүп, Алдында минген кызылдын, Кыл куйругун шарт түйүп, Небак Сыргак барыптыр, Токтоно албай Жамгырчы, Тогуз бээни түлөөгө, Мойнокто арнап алыптыр: “Самаркандын чоң деңиз, Аккан чалкар көл эле, Бойунда жүрүп мен жердеп, Ар качан колдо дээр элем, Кенендигиң, кеңдигиң, Эр Манаска берерсиң: Толкуганда бууланган, Көргөндүн өңү кубарган, Чубакка түрүң берерсиң: Киргенде кыйан сел аккан, Келе албай бенде зарыккан, Кебетеңди эл көргөн, Сен Сыргакка берерсиң: Бээден тандап тогузду, Жолуңа сенин берейин!” Арамдык жок ичинде, Ал кездеги элдерде, Эр бийлеген эрлерде, Үчөөнө тилеп амандык, Тогуз бээни түлөөгө, Жамгырчы атап ийди эле. Жайнап жаткан калмакка, Каратып канын чайкады, Каңгыдан минген баатырды, Жактырып элдер байкады. Өөдө качты сүрдүгүп, Ылдый качты дүрдүгүп, Туш-тушка качып жайылып, Кутулар айла таба албай, Атынан түштү жабылып, аттан түшүп жөөлөшүп, Амандык бизге бер, дешип, Найзаны жерге сайышып, Байракты жыгып салышып, Баатырлык калды талаада, Бабыраган калмактан, Арбак конгон арстандын, Алдынан барып жалбарган. Будургу көздөй бет алып, Бурулуп баскан калмактан, Кутулуп бирөө калбаган, Куткарбай Сыргак жалмаган, Ойдуңду карай бет алып, Айланып кара шорону, Тапмакчы болгон калмактын, Жолун Чубак тороду. Анчалык барган эр Чубак, Андан бирди койобу. Жөөдөн калса калгандыр, Ат мингендер сойлоду. Былкылдатпай Көңтөйдүн Коросонун басты кыргыздар, Желеден бээсин агытпай, Желелерин түрдүрүп, Желдетип жылкы сүрдүрүп, Көгөндө козу байлалуу, Корккон калмак байлары, Койну кошуп өздөрүн, Кокуйлатып айдады. Кийими бүтүн, өңү саз, Кебинен бутак чыккан аз, Кокуйлатып байлады. Неченин көзү жок болуп, Кызарып көзү жайнады, Абышка-кемпир зар какшап, Келгендерге жалбарды. Мурункудай дердеңдеп, Бурут дээрге ал барбы?! Мурунку кыргыз кептенип, Булардын өңү саргарды. Эл чогула жыйылып, Көкойдуң толуп калганы. Ошо кезде жаш Манас, Көзүн ачып карады, Азыраак жаны билеби, Тарарга масы калганбы, Айланата карады, Кулакка кирген ызы-чуу, Заркырап жаткан адамы, Бул эмине чуулдак? Ыйлаган кимдер чуулдап? Деп элинен сурады. Дайар Балта камынды, — Кагылайын карагым, Айланайын арбагым, Алтымыш уул алаштын, Ырыска бүткөн баанайым, Кыргыз деген элиңе, Күйүп турган чырагым, Ыйлап берсин сарыбашыл, Эминесин сурадың, Кегин алды элдериң. Келе бери дегенде, Керектүүсүн бергенбиз, Орнотуп жерге мамыны, Аркандан керме кергенбиз, Айдасак байла качат деп, Тегиз асый карма, деп, Бузасың майын агызып, Ат минбей жөөлөп айда, деп, Азапты салган бул иттер, Эми бүгүн карасаң, Кара жанга күч келип, Кара күчкө жалынып, Ыйлаганын мунун көр, Угуп баатыр кара көк, Көтөрөт жүктү кара лөк, — Болбой турган бул бир кеп, Койчу, тага, койчу, — деп, Элден талап олжо алган, Эл башкарган улуктар, Калкты кармап кор кылган, Кан тактада укмуштар, Карапайым тим элде, Кимисинде жазык бар? Бергин десе баш болгон, Малын эмес, баласын, Берет эле байкуштар, Калмак, эмес кыргыздар, Башыңдан өткөн ишиңди, Ойлоп көрсөң болбойбу! Эси жоктор кор кылса, Эстүү Балта, Жамгырчы, Кой деп койсоң болбойбу? Жаш балдарга теңелип, Жакшы болду дегенсип, Жарыша чаап мал айдап, Качырбай тосуп “ай-айлап”, Аксакалдын иши эмес, Антип жүрүш кайсы кеп? Улугун сайып алдың, деп, Упурак кылсаң калганды, Бүт дүйнө укса, уйат кеп. Жан-жайына койсун, деп, Жабыла талап олжо албай, Колуңду тыйгын кыргыз! – деп, Жаш Манас айтып ийиптир, — Айтса-айтпаса ырас, — деп, Бакай күлүп ийиптир. Алда кандай иши деп, Акбалта менен Жамгырчы, Бай Жакып, Шыгай, Текечи, Ачуусу келип курушуп, Жазыла элек чекеси, Мулжуң-мулжуң этишип, Сакалы жок жулмуштар, Бура тартып кетишти. Угуп Сыргак баатырдан, Өткөзө чыйрак балдардан, Айанбай чаап далдаңдап, Эки этеги салбаңдап. Ашыгып сүйлөп алдырап, Сүйүнүп Сыргак далдаңдап, — Журтуңа конгун, калмак, — деп, Бээңди байла ачытып, Арагың тартып жай жат! – деп, Агасы айткан кептерди, Алдын-ала бүтүрүп, Кызыл уук калдырак, Кереге-уугу шалдырап, Кейиште турган калмактар, Айтарга кебин таба албай, Чуулдап жатты мамындай:

— Мунун Манастыгы чын экен, Атын Манас койуптур, Өзү да Манас уул экен, Ушалансын улуктар, Эл башкарчу бул экен, Баралына келгенде, Падыша болчу бала экен, Ушул бүгүн турушу, Падышача бар экен, Букарада не жазык, Кыл дегенин кылганбыз, Кызыталак хандардын, Айтканын кандай кылбайбыз. Айттырбай билди, карачы, Акылы тунук хан экен! Дешип баары сүйүнүп, Жүгүрүп үйгө киришип, Сасык айран, көк иркит, Бирден жутуп ийишип, Көөкөрлөрүн карашып, Арак ичип суусунга, Жогу бардан сурашып, Баарысы айтып Манасты, Бабырашып чуулашып. Аттанып кетти айкөлүң, Алаштын элин чубатып, Кызыл баштап кырк элди, Үч бөлүп калмак айлынын, Үч жагына жиберди. — Эгизги тоого бар,-деди. Элге көзүң сал, — деди, Жай жатабы, качабы? Кабарын айтып бар, — деди. Качканы болсо кой дебе, Качпаса калмак ой дебе, Арагын берсе ичпегин, Айлына барып түшпөгүн, Сыр алдырып көрүнбөй, Сыртыңды салып дүңкүйбөй, Ыраактан байка иттерди, Жакшылыкты билеби? Же жабыла көчүп чуркурап, Жамандыкты тилейби? Азыраак айтып жылмалап, Кыркын баатыр жиберди. Айлына түштү бай Жакып, Айдап жылкы келе албай, Улам оозун карманып: — Олжо бергин, соога, — деп, Кыргыз турса суранып, Оорагым чыгат эле, — деп, Чыгармак тургай оорагым, “Чылбырына тийбе” – деп, Мизимди менин жандырды. Эркинче бактым бул итти, Көп дүйнөмдү чачтырды, Быйакка кетсе жөн кетпей, Өлтүрө кетип Дөөдүрдү, Андан жаман шаштырды, Айлымды калмак тебелеп, Топурагын каздырды. Кыргыздан чыкпай бир киши, Түркмөндөн келген Кыргылды Кырк кишиге баш кылды, Киши кылбас иш кылды! Серек, Сыргак жаш эле, Сыргагым жылкы баш эле, Тышка кебек алдырбас, Улоого нокто салдырбас, Өзү чыйрак бала эле, Серегим боору таш эле, Ача туйак малыма, Алтымыш үйгө баш эле. Мал багып жаткан балдарды, Жайына койбой аларды, Өзүнө жандай чаптырып, Жасоол кылып дагы алды. Айткан менен айла жок. Айтсам да тилим алабы?! Деп күпүлдөп бай Жакып, Чыйырдыга туйгузбай, Бакдөөлөт менен Магдымга, Бабырап кебин салганы. Болгунча айтып бай Жакып, Бакдөөлөт менен Магдымы, Унчукпай туруп алганы, Үйүндө жүрүп чоңойуп, Койнунда жатып жастыкта, Өзү менен тең болуп, Эркин өскөн Бакдөөлөт, Оолуга кетти томсоруп: — Койчу, Жакып, кебиңди, Бул кебиңди ит уксун, Ит укпаса ким уксун. Уулум тентек дедиңби? Баатырлыгын кубаттап, Айылга кетсе ар кайдан Чыгым болом дейсиңби? “Эркек бала шок болсун, Шок болбосо жок болсун”. Унутуп калган белемсиң, Талаага койуп эжемди, Таң күнү ыйлап жүргөндү? Бекеринен бирөөгө, Бир кой кармап бербедиң, Кишинин жакшы-жаманын, Карыганча билбедиң. Сенден бала төрт экен, Улуу бала кыз экен, Уулум Манас өрт экен, Серек, Сыргак ини экен, Аркамда иним эки деп, Ишенери бар экен. Баш көтөргөн уулуңа, Артынан айтып ушак кеп, Жакып, ичиң тар экен! Кары болбой катып кал, Кара жерге батып кал! Бай болбой Жакып, тентип кет, Жыргатар болсо калмактар Баркөлгө кайра көчүп кет! Былк этпей жатып үйүңдө, Байбичеңдин төрүндө, Хан Жакып деп калгандар, Келип турса күнүгө, Ошонуң ыраат эмеспи, Карып калган күнүңдө! Оорагы Манас уулумда, Оңой эмес Сыргагым, Жоошуп туруп түз айтат, Акылы терең Серегим. Алжыгандай бай Жакып, Айтасың кандай ушактап, Өзүңдөн туулган Манасым, Алтымыш уруу алаштын,

Арка кылар тиреги! Чамынып да кагынып, Белдемчиси жайылып, Далдалаңдап Бакдөөлөт, Далай кеп айтып жиберди. Унчукпай Магдым түз басып, Чөйчөккө куйуп суу алып, Эшикке чыгып күбүрөп: “Өз башыңа тийсин – деп, Эки инисин ээрчитип, Манасым аман жүрсүн”, — деп, Сууну чачып жиберип, “Каапыр Жакып, оңбо!” – деп, Көзүнүн жашын имерди. Магдым үйгө киргенде, Чакчайып Жакып бир карап, Бакдөөлөт менен Магдымды, Катар экөөн тең сабап, Какшатып койуп буларды, Чыйырдынын үйүнө, Асталай басып барганы. Аңгычакты ал үйгө, Жаш Манас кирип калганы. Кара күчкө хан Жакып, Каткырып күлүп жалбарды, Жалынабы, күйөбү, Ойуна Манас албады. — Атам Жакып бай элең, Тартууга берип малыңды, Калмактарга кар элең, Эркин көчүп конгонго, Билгиң жок колдо зар элең, Дүнүйөң көп, ээлик жок, Эки бутта бир өтүк, Ошончолук тар элең. Ороздудан бер жакка, Опсуз шылдың болуппуз. Ушул кыргыз калмакка, Бирлешип туруп аттандык, Билгизбей туруп калмактын, Четинен тартып жерди алдык, Чеп болуп турган батышка, Көңтөй сындуу эрди алдык. Азыраак жерин алдык деп, Эми жатып албайбыз. Жамгырчы, Балта кеңешип, Той кылгалы камданып, Тополоңдоп жатыптыр. Уулуң Манас мен турсам, Унутуп атам сен турсаң, Шылдың болуп калбайлы. Жалтайа тиктеп Манасын, Чыгарга жаны аз калды. “Кече алдырбастан бир тайды, Той берем деп чачкалы, Жаткан экен көп малды”. Дегенди ойго алса да, Бербеймин деп айта албай, Элин тойго келсин, деп, Элден мурун жар салды. Каракалпак кыргагы, Хан Жакыптын Сыргагы, Туубай жүргөн субайдан, Тандап кыркты кармады, Атасы Жакып ханына Бир ооз кеңеш салбады. Кемегени ойдурду, Кырк бээни катар сойдурду, “Агаң жакшы болгондо Тобо кылгын, дечү эле, Тобом ушул болор”, — деп, Терең Сыргак ойлоду. Элди карап жыбыңдап, Жерди карап мултуңдап, Тескери басып култуңдап, Тескери тонун кумтунуп, Өлө албай Жакып бул турат: “Улуусу Манас уулумдун, Улуусунан беш бетер, Кууратмак болду бул уулум. Бел кылып жүргөн уул эле Бейли мунун курусун!” Деп күбүрөп өзүнчө, Тилеп калды бай Жакып, Бакдөөлөттүн туушун. “Манас баксын, сени, деп, Чыйырдыдан кечпесем, Эки уулуна ээрчитип, Магдымды таштап кетпесем, Төрөп берсе Бакдөөлөт, Ошолор менен жатпасам, Ошондо малды бакпасам, Арбытып муну дүрбөтпөй, Алтын кылып катпасам”. Ойлогону бул болуп, Ойуна кыйал муң толуп, Чогулуп келди короого, Тегеректеп эл толуп. Бай Жакып, Шыгай, Текечи, Алп Жамгырчы, Акбалта, Короосунда Кыпчакбай, Тойго арнап сойгон мал, Тогуз жүз ашуун чагы бар, Баарысынын маңдайда, Баш көтөргөн жаңыдан, Падыша Манас шамы бар. Жатса-турса карылар, Жакасын мууна карманып, Калмактан кеги тийгенге, Мен-менсиген калмактар, Суурча ийинге киргенге, Күлүңдөшүп баарысы, Күлгөндөй болуп сүйүнө, Кылып жатат түлөөнү, Күн өксүтпөй күнүгө, Эл жыйналып жык толду. Санаты тогуз күнүндө, Бадакшандан, Балыктан, Тарса, жөөт калыктан, Түркмөн менен калчадан, Андай нечен барчадан, Жүржүт менен жудадан, Калмактан көрүп кордукту, Ар кайда жүргөн мындайдан, Көңтөйдү Манас жеңди, деп, Барбаганы калбаган. Каракалпак эл деген, Бараң, шаңкай тең келген, Ыраак эмес жакындан, Калмактар бөлүп кулданып, Тарап жүрүп сенделген, Толгон карып кези экен, Тузакта калмак кар кылып, Токсон миң толук эл келген. Жакыптын уулу Сыргагы, Акылы терең эр экен, Телегейи тең экен, Акбалтанын Чубакка Айтып турган кеп экен: — Абам Балта картайып, Эр ортону толуптур. Эңкейер чагы болуптур, Сен экөөбүз тең элек, Эреним Чубак, угуп тур. Сенден башка кишини, Санап көрсөм бир-бирден, Кыргыл кары баштаган, Серек, Сыргак кошулуп, Санаты кыркка толуптур. Мен да Жакып уулу, деп, Баатырга басып жанаша, Антип жүрсөм болбос кеп. Жалгыз койбой баатырды, Түбүбүз тууган бир эле. Сени тайым дээр эле, Жатса-койсо жанаша, Жанында турчу сен элең, Басса басып бирге бар, Турса бирге туруп кал, Олтурганда экөөңөр, Кумалак ойун салыңар, Карап турат артыңда, Серек менин агам бар, Эрлик жолу экөөңө, Тең шерик деп ат калар. Кыргыл баштап башкаңар, Кыбырабай жатпаңар, Жаштарың чайнек, аптаба ал, Сууну куйуп конокко, Дасторконду колго ал. Жоролугуң не пайда, Мындай кызмат кылбасаң. Көөдөк Чубак эр эле, Басса-турса бир болуп, Манас менен тең эле. Акылман Сыргак турбайбы, Акбалтанын көңүлүн, Бир көтөрүп салды эле. Тогуз күнү той болуп, Токсон миң толгон эл болуп, Каткырыгы баш жарып, Жүрөктүн чери жоголуп, Комузчу, ырчы уулдардан, Кыйак, чоорчу чогулуп, Көкбөрү тартып, кунан чаап, Аттардын баары суу болуп, Балдардын баары уктабай, Ака чөлүм, жашынбак, Айтканы ыр, жаңылмач, Кара койум дүмпүлдөк, Катын-кызда селкинчек, Кырк уруу кыргыз ушул эл, Кыйла ойун салышты, Кызыкка канып калышты. Көрүп айран калышат, Башка жактан баргандар: “Кыргызда ойун мол экен, Ойун-күлкү кыргызда, Оо капырай, жаштар ай, Эмне мынча көп экен! Көңүл ачып мээ кагар, Бизде оокат жок экен!” Дешип келген эл айтып, Келген элди жадатып, Күндө үч убак эт тартып, Чай менен нанга карабай, Жасамчы колун жалабай. Жайа бычып, жал жешип, Казы кертип май жешип, Балга чайкап кымызды, Адам уулу кылуучу, Бар жумушту кылышты. Аңгычакты чабуулчу, Аттарын санап чууртту. Ат айдаган жери түз, Күлүгү бир жүз жетимиш, Эртең менен эрте айдап, Бешимден кийин ат келип. Баатырдын аты Аккула, Куйундан бүткөн жаныбар, Айбан жетпейт так буга, Көктеке менен Телкызыл, Жаңы бышты мал эле, Ээрчишип катар ал үчөө, Эт бышым келди алдында.

Калган аттар келиптир, Тери кургап чыйрыгып, Сууту канган маалында, Жетимиш атка байге бар, Эң алдыңкы атына, Сайган байге мамындай: Жону туйук жүз нар бар, Жылкынын саны беш жүз ал, Кошкон жамбы пулу бар, Кызыл кымкап, шайы бар, Кундуз менен сүлөөсүн, Суусар, булгун дагы бар, Миңге санын толтуруп, Сайган байге жагы бар. Баатырың кепти кыйгынча, Байагы Сыргак жетиптир, Агасы баатыр Манаска, Ак сарыбашыл уй алып, Садага чаба кетиптир. Аккулага сары улак, Садагасын чаптырып, Суусар менен сүлөөсүн, Кундуз менен булгунун, Жансыздарын чогултуп, Бай Жакыпка тапшырып, Нары менен жылкысын, Соогатчыга таратып, Ырысын көр мунун деп, Зоок калтырып каратып, Касиеттүү Акбалта, Көктеке тийген байгеге, Көз кыйыгын салбаптыр, Бирөөн дагы албаптыр. — Оорагы чыксын уулум – деп, Алыстан келген семселеп, Ала кет соогат мына, — деп, Кыргыздын эли кеңири, Тийеби, пайда мага, — деп, Келген киши барсын, — деп, Баарысын бөлүп бериптир. Эң алдына байлаган, Аксары деген ат экен, Көкүлү менен жалынан, Жети кыл тарап келиптир, Телкызыл кирген байгени,

Ата уулу ага–ини, Алтымыш уруу алашка, Атайын Сыргак таратты. Кары- жашы келген эл, Сыргакты мактап жаратты. Чогулуша келгин, деп, Уй мүйүз тартып тегерек, Тең олтуруп бергин, деп, Карыга килем салышып, Байандозун жайышып, Жаш-жалаңдын баарысы, Мал баспаган шиберге, Этек- жеңин жайышып, Кенен тартып олтурду. Кыргыл баштап кырк чоро, Олтурган элдин алдына, Айакка кымыз толтурду, Ошо кезде зор Бакай, Айтты кебин мамындай: — Ушу келген элиңер, Тойго неге келдиңер? Тойду берди Жакып бай, Тойгунча таамын жедиңер. Эркиңче ойноп жаш-карың, Жазылды бейм чериңер. Соогат деп бөлүп мал алдың, Тыш жактан келген эл-журттан Дегеле куру калбадың. Кыргыз баштап турган эл, Курсагы тар калмактар, Кутулуп бүгүн кубандың, Кубанчыңа чыдабай, Кары-жашың дууладың. Байге бөлүп кунан чаап, Эр оодарып сайышып, Күрөшүп балбан чыгышып, Улак тартып ойнодуң, Төрттөн бала чыгышып. Мөөрөй аттың атмачың, Коргоол менен чатыраш, Манаптарың баспадың, Кечте менен топ ташты, Эртеден-кечке баштадың. Жайкалып жаттың он күнү, Жаш арстан Манас баатырдын, Касиетин байкадың. Кектүүңөр алдың кегиңи, Чайкадың калмак элини, Көңтөйүн сайып жыктыңар, Оморуп моңгул белини. Улугунан айрылган, Ушул элдин ичинде, Калмактан бар канча жан, Айрыкча, калмак келгендер, Кыргыз кенен-тар бекен, Абдан байкап билип ал. Алооке калдай дөөлөскө, Сараркада чалкалап, Жаткан Шоорук доңузга, Араниктын дөөлөрү, Ат мине албас жөөлөрү, Дөөкан, Соксо, Сотойго, Кетчүүң болсо кетип кал. Жаманы менен жакшысын, Кулагың менен укпадың, Көзүң көрүп турасың, Күпүр кылбай айтып бар. Бул жерде калган кыргыздар, Кыларга бүгүн жумуш бар, Баш болбой киши иш болбойт, Баш кишиңди шайлап ал. Оң-тескери сүйлөбөй, Ойлоп туруп шайлаңар, Өөдө-ылдый болуп калбасын, Түпкүлүктүү пайдаңар. Акбалта, Жамгыр - дөөңөр бар, Көзү ачык чоңуң бар, Көптү билген зоруң бар, Жакып, Шыгай карың бар, Текечи, Кыпчак - байың бар, Кырктын башы Кыргыл бар, Кыйындардын баары бар, Баш кишиге ким болот? Жашырбай атын айта сал! Айтып Бакай токтолду, Көпчүлүктүн баарысы, Өрт алгандай дүркүрөп, Чагылган күндөй күркүрөп, Жер козголуп дүңгүрөп, Ызы-чуу түшүп күүлдөп:

— Баш киши Манас болот!-деп, Баарысы сүйлөп алыптыр. Биринин кебин- бири укпай, Ызы–чуу түшүп калыптыр. Касиеттүү эр Бакай, Карап элди байкаса, Ошо күнкү келгенден, Сүйүнбөй бенде калбаган. Сүйүнүптүр барлык эл, Сурнайдай үнү шаңкылдап, Султан Манас баатырды, Баштыгына шайлаган, Ал иштин кылып адатын, Атасы Мамай санатын, Ак кийизден жайышып, Ал кийиздин үстүнө, Арстан Манас баатырды, Олтургузуп алышып, Жетимиш киши көтөрүп, Төбөсүнө орундун, Төр жагына өткөрүп, Хан көтөрдү муну, деп, Калайыкка көргөзүп. Акбалта күлүп алкылдап, Бай Жакып күлүп шалкылдап, Сүйүнүп бойу бошоду, Тургандын баары балкылдап, Асманда учкан канаттуу, Күн жүзүн бербей калкылдап, Карыйа Жакып кеп айтат, Кеп айтканда деп айтат: — Ушул келген барлык эл, Уулума тизгин бердиңер, Кармаса кармайт тизгинди, Кайышып араң көтөрөт, Калың туруп кара жер. Ырыскысы башка элден, Артыгыраак Манасым. Намысың алып берди го, Алтымыш уруу алаштын. Кыргыл чал баштап кыркы бар, Төрт жүз сексен санаты, Бийге бирди шайласын, Кеңешкор киши ким болот? Күдүңдөп кийин калбасын, Курсагына бүктөбөй, Бар кебин айтып эл салсын. Уулума убал жүктөбөй, Ушул жерде айтарсың! Бай Жакып сөзү ырас, деп, Дүңгүрөшө кетиптир, Шыбыр-шубур сүйлөшүп, Күбүрөшө кетиптир. “Кырктын башы Кыргыл” -деп, Жамгырчы айткан бир кеп бар, Кырк жигиттин ичине, Кеңеш салып айткандай, Бул жерде турган чогулуп, Буларың айта салыптыр. Өөдө чыгып бий болбой, Же куру калып көөнү кир болбой, Кыргыл орун алыптыр, Балта айткан бир кептен, Кырктын бийи калыптыр. Ырчы уул деген бар экен, Ыраман байдын уулу экен, Анын айткан кеби бул экен: — Кошулдук келип баатырга, Кол салышты чогулуп, Кан ичме моңгул каапырга. Кырк жигиттин бийине, Абдылда турат нээтимде. Барыбыздан жаш экен, Байкаса сөзү таза экен, Кызыл тилдин кени экен. Кызматы тийчү баатырга, Керектүүнүн бири экен, Шайлабасаң өзүң бил, Бүгүнтөн баштап Абдылда, Ырчы уул мага бий экен. Бирин-бири карашып, Турганы жок талашып, Жүрүүчү экен башынан, Өз-жат дебей ичинде, Абдылданы жаратып. Бирден ташты алыптыр, Кумалак санап калыптыр, Таш салбай киши калбады, Бийликке аны шайлады, Тизгинди берип Манаска, Кетерине калганы. Эл копкунча дүркүрөп, Эр Жамгырчы айтат кеп: — Эй, калайык кары-жаш, Өз–жат дебей аралаш, Баш кошкон күнүң болуптур. Бооруң бирге бардалаш, Алтымыш уруу көп алаш, Көңтөйдөн жерди алдык, деп, Көп ишти кылып салдык, деп, Жатабызбы күүлдөп, Кымыз ичип күркүрөп? Оңунан келди ишибиз, Же басабызбы бир жакка, Баарыбыз калбай дүркүрөп? Жамгырчы айтып болгунча, Дүңгүрөп кетти чуу тартып: — Тизгинди бердиң Манаска, Бас десең, эми басабыз, Баспай жатып албайбыз, Батыш жакта дөөлөс бар, Шымалда Шоорук доңуз бар, Чыгыш жаккы Жанупта, Араникти ээлеген, Дөөкан деген соргуч бар. Нарында бар Алооке, Баарыбыз бассак бирөөнө, Бабырап атып жатканда, Баатыры Манас айтты анда: — Алп Жакып атам, Жамгырчы, Санааңды, кыргыз, жам кылчы, Акбалта, Шыгай, Текечи, Кырк жигит менен барамын, Мен уулайын моңгулдан, Тил билбеген кекечти, Келерге жолду тар кылды. Сарарканы алалы, Андан кийин бурулуп, Дөөлөс жакка баралы, Билинет го аңгыча, Алооке, Дөөкан абалы, Хан көтөрдүң биригип, Мен Манастай балаңды. Атым Манас бар туруп, Сакалыңды чаң кылып, Сапырып айдап кыргызды, Сайышар жоого барамбы? Көөнүңөр тынып жай жаткын, Азапты кыйла тарткансың, Кары-жашың, эр-айал, Кара жаның жыргаткын. Чабуулга барам деп басып, Чатак таап албаңар, Айдап келип мал берет, Силерге Манас балаңар. Уул-кызың, уланың, Улан-ушак бар жаның, Өз үйүңдө жай алгын. Айылчылап барсаң, ал эркиң, Абийирин бирөөн ачам деп, Ат бастырып барбагын, Бүгүн-эртең басам, деп, Ашыгып дүрбөөн салбаймын, Өзү эле келет тийишип, Өкүмсүп жүргөн калмагың, Сайып алган Көңтөйдөн, Бүлдүргө тыйын албадым, Катышып калса кол салып, Айанып тура албаймын, Кара жаным сактанып, Баш катып туруп албаймын. Көргөзөмүн деп келсе, Көрсөтөмбү, көрөмбү, Көп экен деп турбаймын. Аз экен деп алдырап, Бүлүк салып тынч элге Бөөдө кайгы тарттырып, Үй үстүнө барбаймын. Деп ушундай эр Манас, Келери менен кетерин, Элине айтып бар жайын, Эл кеңешип жатканда, Эрени Манас айтканда, Эки-үчөө келип энтелеп, Ат өлтүрө чабышып, Апкаарышып, аптыгып, Ашыгыш сүйлөп алыптыр, Өпкөсү батпай көөдөнгө, Өрөпкүп булар калыптыр, Эки кыргыз, бир түркмөн, Келген кебин салыптыр: — Белсазды ашып кыркууга, Кийик уулап барганбыз, Көкойдуңдун Кырчынга, Бир үйлүү калмак калыптыр, Калбаптыр бирөө ырымга, Желеде кулун байлалуу, Көгөндө козу байлалуу, Торпоктор турат мөөрөшүп, Инектер турат каңгырап, Өкүрүшүп заңгырап, Койлору турат маарашып, Эчкилерден сүт агып, Баккан ээсин каргашып. Төөлөрү жатат өтөктө, Өркөчтөрүн койкойтуп, Ээрчитип жүрөт тайлагын, Аркасында молтойтуп, Киши жок үйдүн түрү суук, Кире албай койдук биз коркуп, Тирүү неме калбаптыр, Азык алса алгандыр, Буйумдан неме албаптыр, Киришкенде биз тойго, Канымет деп билиптир, Качып жолго кириптир, Уксаңар ушул кабар деп, Келгендер айтып ийиптир. Угуп Манас бакырды, Кыргыл чалын чакырды, Айылга келген аралап, Чорого киши чаптырды, Чогулттурду чоросун, Топ караан кылып чоросун, Кайтадан атка толтурду, Бай Жакыптын короосун. — Акбалта, Жамгыр, экөөң бар, Айанып жатып албаңар, Баарысы качып кыргыздан, Кеткен экен калмактар. Аттанып чыкса айылга, Жан ачыган эл келет, Жайылданган эл келет, Жалаң тон жайдак ат келсе, Ага кимдер теңелет. Шыгай менен Текечи, Тандап аттан миниңер, Дайындуу жигит алыңар, Таштаптыр калмак талаага, Баарысын койбой жыйыңар, Ата уулу кылып мал бөлбөй, Колдогу малды аз көрбөй, Көкчө минер аты жок, Колунда жок жардыдан, Короосунда койу жок, Колунда бодо барынан, Койнунда жаткан катын жок, Бойдок жүргөн баарыдан, Катын алса мал керек, Малсыз катын аа бербес, Конок келсе кой керек, Зарыктырбай кой берсе. Көкчө минер ат керек, Күндө күчтү бай бербес, Колунда жогуң куру калып, Өңдүү-түстүүң көп алып, Андай кылсаң жакшы эмес. Мурун калмак таласа, Кеткен чыгым бизден деп, Эмнең кетет сен, кедей, Жок эле андай нерсе, деп, Ошентип айтып жүрсөңөр, Акылга сыйбас бул бир кеп, Бай Жакып болуп кеңешип, Бирин-бирге теңешип, Үйү жок үйлүү болсун да, Үйү болуп, малы жок, Короосу куру болбосун, Байатан айткан кептерим, Эсиңерде бар болсун, Куршугу чыкпай ичинде, Комутта киши болбосун, Алтын-күмүш зар болсо, Асылдан буйум бар болсо, Бай Жакып, Балта, Жамгырчы, Текечи, Шыгай, Кыпчакбай, Багылбай жатат малыңар, Жыйнап койсоң чөп жебейт, Алтооңор бөлүп алыңар. Балта менен Жамгырчы,

Мени менен бирге бар, Андан башка кыргыздан, Убара болуп барбаңар. Казак менен караандаш, Каапыр Шоорук аралаш, Айак асты кылбасын, Казактарды булар чаап. Өзүнөн болду жамандык, Түн уйкуңду койуп бас, Алдыратып шаштырып, Аттын баарын жам кылып, Азык-түлүк алдырып, “ Эр азыгы талаадан, Оор алба артынып”. Айтып койуп жөнөдү, Касчылык болсо калмактан Качпай туруп көргөлү, Ажалы жетсе өлгөлү, Калмак менен манжунун, Алаштын чегин бөлгөлү. Жаңыдан атка мингенде, Жалаң сууну бойлоду, Калмакты бөлүп кыргыздан, Хандыгын он күн тойлоду. Кандуу душман эле деп, Кастыкты качан ойлоду. Эрине койсо тийишпей, Өзүнчө качып калмактар, Өлүм жагын болжоду.

Көңтөйдүн качкан калмагы, Көбү качып бөксөлөп, Дөөлөсүнө барганы, Манастын угуп кабарын, Дөлөөс кайрат кылбады, Өзү аттанып жөнөдү, Шоорукка кабар кылгалы. Алооке угуп кабарды, Элинен чыкпай жүрүүчү, Ыраңкүдүк молдосу, Айткан сөзү байагы. — Эсиң барда этек жап, Эрегишип эр менен, Эч ким пайда табалбас.