Манастын ат-тону менен каруу-жарактарынын дайындалышы
Үйүнө барып Жакып бай, Жыйырмасын үйгө таштады, Кырк төөгө буудай-дан артты, Жетөөнө алтын-зар артты, Үчөөнө курут-май артты, Үч төөгө алып бирден эр, Чыңгышты көздөй жол тартты. Жуңканда Чыңгыш жатуучу, Батышты карай бет алып, Күндө аскер басуучу. Бай Жакып барды Чыңгышка, Келгенин Чыңгыш угуптур, Кеңири үйгө киргизип, Келтире конок кылыптыр. Үч күн өрүүн алыптыр, Чыңгыш хандын үстүнө, Жакып бай өзү барыптыр: — Кадырлуу Чыңгыш ханыбыз, Аманбы малы-жаныңыз? Аркаңыздан сенделип, Ээрчийбиз кыргыз баарыбыз. Баштагыдан беш бетер, Куттуу болсун өзүңө, Падышалык тагыңыз, Күндөй тийип душманга Сынбады сиздин шагыңыз, Күкүрттөн бетер күч алып, Күндө ачылды багыңыз, Алдыңа келген Жакып бай, Тилегим кабыл алыңыз.
Арнап келген Чыңгыш хан, Санаты элүү нарыбыз, Кыркына теңдеп арттырган, Кызыл буудай даныбыз, Жагданга салып жүктөгөн Жети төөдө зарыбыз, Капка салып арттырган, Үч нарга аркан тарттырган, Курут менен майыбыз, Алдыңа келип арыз айткан, Аты Жакып чалыңыз. Ал канча дебестен, Бир көтөрүп салыңыз, Кабыл көрүп тилегин, Тартуу малды алыңыз. Келгенде сага кебим бар, Келбей койсом, Чыңгыш хан, Эминеден кемим бар? Энесайдан көчүрдүң, Балыкартка көндүрдүң, Бооз катынын жардыртып, Алооке деген калдайга, Куруп калган кыргызды, Ар жорукка көндүрдүң, “Манас туулат экен – деп, Беш үйдөн бирден кондурдуң, Бирден кечил айылда, Конокко күндө кычырып, Молдолорду койдурдуң, Ногойго болдум короолош, Вазир кылып ал койду, Кургак наамды алыпмын, Эч пайдасы болбоду. Сеникиби, Чыңгыш хан, Меникиби, Чыңгыш хан, Короого арбып мал толду. Тардык кылды Балыкарт, Барскоон ашып көчкөнмүн, Күнөстөн ары өткөнмүн, Айагы кууш суусу шар, Жылкыга болду жери тар, Күнөстө чыдап тура албай, Актокойго келип мен, Актокой атын өчүрдүм, Буурултокой ат койдум, Келгели жаман болбодум, “Куубаш Жакып” дечү эле, Балалуу Жакып мен болдум, Өзүм кары бала жаш, Багың артык кишисиң, Мал-пулду алып алдыңа, Сага келдим мааналап. Актокойдо турганда, Арбытпады субайын, Айдап калмак кубалап. Чыдай албай ал жерден, Баркөлгө бардым мааналап. Сагындым Буурултокойду, Сага келдим аркалап. Айтканын Чыңгыш угуптур, Алып келген мал-пулун, Баарысын Чыңгыш алыптыр. Жакып менен жайлашып, Түйүндүү кепти байлашып, Буурултокой, Чаганды, Орто жерде араны, Өткөзүп берип Жакыпка, Хан кылып кагаз бериптир, Бай Жакыптын колуна. Бай Жакып болду “хан Жакып”, Баркөлдөн көчтү Алтайга, Айдап малын чаңдатып. Кыйалында Жакып бай: “Кыргыз менен чамалаш, Акбалта менен караандаш, Казак менен аралаш, Чогулуша консом, — деп, Жакшы-жаман күн болсо, Чогуу бирге болсом, — деп, Жөн жатпайт уулум Манас, — деп, Чоңойуп бойго толсо,” – деп, Ойлонгон кеби бай Жакып, Чыңгышка барып арыз айтып, Тилегине жетиптир. Колуна хандык катты алып: — Уруксат бер Чыңгыш хан, Кетейин, — деди аттанып, Төөдөн бирди албады, Чыңгыш хандын короого Алып кирип байлады, Бабырап Чыңгыш кеп баштап: — Ой, бай Жакып, — деп баштап, Кандыкты бердим мен сага, Эми кетип жатасың, Үйүңдү карай кур гана, Куру кетпей ала кет, Буудайың, алтын-пулуңду, Мен алайын мунуңду. Күндө көчүп жүрөсүң, Ала кеткин нарыңды, Албаймын мен малыңды, Мине кет ылгап жоргомду, Кийе кет кылдап торкомду. Кабаттап тогуз тон койду, Коштоого тогуз ат койду, Аты-тонун баарысын, Албай Жакып койгону. — Куру кетесиң кантип? – деп, Улам Чыңгыш торгоду, Балта айтып Жакыпка, Маалым эле башынан: “Манас минчү бир ат бар, Өзү сары кула тай, Ырысына уулуңдун, Душманынан табылар. Ошол тайда, Жакып бай, Эки-үч түрдүү белги бар: Ак сур кула түгү бар, Кулун даакы түшпөгөн, Учасында жүнү бар, Орто эшектей бойу бар, Жоон сабоодой колу бар, Өсө албай жүрөт корунуп, Жашырып бойун жаныбар. Мен да байкап жүрөйүн, Сен да байкап карагын, Илинип калса көзүңө, Кыйа өтпөгүн, Жакып бай”, Жакып бай мында келгели, Күн алтыга толгону, Келгенден Жакып бер жакка Балта айткан кула тай, Короого пайда болгону. “Кантип жылкы болсун?” – деп, Ойунда Жакып ойлоду, “Төө жетелеп, тон кий» — деп, Жолун Чыңгыш торгоду, Эми Жакып турбады: — Короодо жүргөн мана бу, Жаш баланын малы экен, Деп кула тай сурады. Кула тайды сураса, Чыңгыш күлдү кырс этип: — Сураганың кула тай, Болосуңбу көөнүң жай? Кула тайды сен уксаң, Мана мындай жайы бар: Өз малымда короомдо, Куу чаар бээм болчу эле, Үч жылда бирден туучу эле,
Үч жыл кысыр турчу эле, Алтайдын Айдыңкөлүнө Мындан качып барчу эле, Кардына бала бүткөндө Кайра келип алчу эле. Эки асыйда бир тууду, Кулуну кара туулду, Кара тай сулуу мал болду, Тулпарлык сыны бар болду, Ар кайдан сурап эл келип, Кулагым ызы-чуу болду. Күндө келип Алооке, Короомдон кетпей койгону. Ала албайт деп ойлодум, Ортого арбын мал койдум. Макул деп алды Алооке, Алооке берген арбын мал, Мага болду береке, Алооке бербей турбады, Кара тайдын колкосу, Үзүлбөй эки ай чубады. Кийинки жылы куу чаар бээ, Дагы бирди тууганы. Кедеңдин уулу Жолойу, Жеткире берип колкосун, Каалап туруп бул алды. Туубай үч жыл куру калды, Эки жыл кетти жоголуп, Табылбай чаар бээ койгондо, Күндө суроо салгамын, Элдин тынчын алганмын, Короого келип калыптыр, Үчүнчү жылы бул малым. Ошол жылы тууганы – Сен сураган кула тай. Жаңы бышты жазга асый, Кебетеси ушундай. Малды ээрчип кетпеди, Жашы бышты болгунча, Даакы жүнү түшпөдү. Жоон сабоодой буту бар, Саа жарайбы ушу тай? Анда Жакып муну айтат: — Алооке менен Кедеңдей, Каалап алып бергендей, Кайсы менин уулум бар? Этегим жаап ката элек, Серек, Сыргак жаш балдар, Эшикке чыгып сийе элек, Арнап миниш ат тургай. Кардыгач кызым чоңойуп, Каралды болуп калды эле, Өзүмдү тартып калганбы, Өтө кароо малга эле. Короодон кетпес мал экен, Кардыгач минип жүрсө, деп, Көөнүмө кетип калды эле. “Сурасаң, Жакып,алгын,”-деп, Чыңгыш бере салыптыр, Басып барып жигиттер, Эринден чалып алыптыр. “Кош, эмесе,” – деп айтып, Кол тартышып Жакып бай, Аттанып жолго салыптыр. Жакып бай кетип эми эле, Жаңгыр келип калыптыр. — Кеттиби, Чыңгыш, Жакып бай? Падыша Чыңгыш болсоң да, Өтө сенин пейлиң тар. Узаттыңбы Жакыпты, Көөнүн ачып кош кылбай? Жаңгырды карап алайып, Алдыңкы ээрдин жаланып — Береминби, бербеймин, Өзүм билем мал-пулум. “Таарынтты мени Чыңгыш”-деп, Айттыбы сага, Жаңгырым? Сурады каалап сур тайды, Албады андан башкамды, Сурап жатып тайды алып, Эмеле Жакып аттанды. Тайдын жайын мен айттым, Болбой Жакып алганы... Угуп Жаңгыр делейип, Тиктеп калып элейип: — Катыгүн, Чыңгыш, не дейсиң?! Сур тайды бердим, не дейсиң? Сур тайды ага бергениң – Падышалык тагыңды, Башында белги бергениң!