← Манас 2/2

Тетиги турган жеринде, Сарала таштуу жер эле, Жалгызкөз булак суусу бар, Чөбү чирик кур эле, Таштап кетмек болчумун, Чыгарып койуп бул жерге, Эңкейип Мажик кармады, Байлаган жипке эки сан, Этин колдон алганы, Бир карынга үч боорду, Чогултуп Мажик салганы. — Алты бөйрөк, үч боорду, Калтырбастан ал,-деди. Калмактын өтүп тайагы, Канталап жонуң кан, — деди, Жылдыз чыккан кезинде, Көтөрүп кетчүү эки сан, Аны дагы бербеди, Алты бөйрөк, үч боорду, Ороп–чулгап көтөрдү, Колдон качкан койондой. Кулдуңдап бала жөнөдү, Жону ооруйт кан какшап, Ийни ооруйт зыркырап, Кан аралаш сары суу, Жонунан агып чыпылдап, Жаман урган калмактар, Тал чырпыктап шыпылдак, Жете барды үйүнө, Желе басып шыпылдап. Киргизип этти таштады, Урматтап күтөт атасын. Барбай туруп Жамгырга, Атасына айтканы, Баласынын айтканын, Байтөлөн байкуш байкады. Бар белгисин укканда, Ак сакалы жайкалды. Абышка башын чайкады, Чайкаганда токтобой, Көзүнөн жашы акканы, Сүйүнгөндөн чыдабай, Бакырып ийе жаздады. Көп жашаган Байтөлөн, Көп немени билчү эле. “Атам менен курбалдаш, Короолош жүргөн эле”-деп, Кээ–кээсинде Жамгырчы, Кеп салып буга берчү эле. Укмуш кулак неме эле, Укмуштан угуп билчү эле, Ойуна алып Манасты: “Бир көрсөм,- деп жүрчү эле. Көзүм көрүп баатырды, Күрпүлдөгөн калмактан, Бирөөнүн башын кессем,-деп, Арманым жок өлөрмүн, Андан кийин кетсем”-деп, Карылыгы болбосо, Жаш чагында эресек, Баатырсыман неме эле. Байтөлөн аны дээр эле, Ошон үчүн Байтөлөн, Баласына башында, Айтып жүргөн кеп эле. — Турбагын, балам жүгүргүн, Сени бүгүн туугандай, Токтоно албай сүйүндүм, Байлап урду дегенде, Көрүп туруп түңүлдүм. Эсебин алып берет го, Эмгектүү ушул күнүмдүн, Жүгүргүн,балам, жүгүргүн! Бөдөнө байкуш жүгүрүп, Сүйүнгөндө атасы, Баласы кошо сүйүнүп, Сүйүнбөсө неткени, “Сүйүндүң,ата неге?- деп, Сурап албай кеткени. Үйүнүн бери жагында, Даарат кылып келаткан, Жамгырчыга жетти эми. Жазганбай жетти Бөдөнө, Теңтуш киши кептенип, Тегерете бир карап, Кебин баштай кетти эми, Тоодо көргөн бар кебин, Көзү менен көргөнүн, Такыр айтты билгенин. Атасына айтканда, Жүгүргүн,балам, дегенин, Эсине келип ошондо, Салам айтпай Жамгырга, Кебин баштап ийгенин. Айтып болуп молтойуп, Карап турду бар кебин. Унутуп бала калыптыр, Аты кандай экенин, Чаап айтып салыптыр. — Ой, Бөдөнө, сен, — деди, Жамгырчынын бир кеби, — Кандай жылкы, көрдүңбү, Ал баланын мингенин? Жанында киши барбы, жок? Жайын айтчы, сен! – деди. Белгилүү атын билбедим, Бирөөнүн атын билемин, Бирөөнү бирөө айтканда, Атын анда билгенмин, Таза карап байкадым, Алдындагы мингенин. Аксаргыл кула ат экен, Адам айран калгандай, Соорусунда кат экен, Самаркандын деңизин, Жөн эле кечип кеткиндей. Кара тоодой мен көрдүм, Кебетеси кешпирин, Унутуп айтпай кетипмин, Улугум Жамгыр кечиргин! Качып кетем мен, — дедим, “Жамгырчыга айтып кой, Качпай тургун сен” – деди. Анда айтат Жамгырчы: — Оо, Бөдөнө куу туйак, Кадырыңды жам кылчы. Үйүңө балам кайтып бар, Айтуучунун атаңа – Жамгырчы ошол бала дейт. Муну атаңа айтып бар, Куру кетпей үйгө кир. Эшиктен туруп Жамгырчы, Байбичесин чакырды: — Бөдөнөгө бир чанач, Жык толтура кымыз бер.

Байтөлөн салып чай ичсин, Сары канттан кошуп бер. Өзүнчө агып жатпайбы, Бышкан казы-картадан, Алышынча дагы бер. Бейлиңди сал кеңири, Бизге кудай да берер. Үйгө кирип Бөдөнө, Баарын алды бергенин, Атасына божурап, Айтып барды көргөнүн. Ашыктырып катынын, Болгун ылдам, куйгун, — деп, Атама мурун сунгун, — деп, Өзүм туурап ийейин, Кийиктин боорун куургун – деп. Камынтып Жамгыр кууруптур, Кечкурун балдар келер, деп, Кирип чыгып эшикке, Токтоно албай элеңдеп, Балта айткан бир кеп бар: “Жакып, Шыгай бир эле, Бир катындан эле, — деп, Тар курсактан тебишкен, Талашып эмчек эмишкен, Атам менин Шыгайдын, Энеси экөө бир экен, Шыгайга барып түшөм”, — деп, Ойунда Манас бул экен. Күүгүм кирди бүрүлдөп, Көрүнбөй көзгө күдүңдөп, Аттанып баатыр жөнөдү, Арттырып кийик эттерин, Мажикти бастыр, жүргүн, деп. Эңиш тарта бастырып, Чыйрыгып сууган аттары, Оозунан көбүк чачтырып. Көрүп алган үйлөрүн, Угуп алган бар жайын, “Чоң атам Шыгай экен”, — деп, Бастырып баатыр барганы. Эшикке чыккан киши жок, Келип кетип жатабы, - Эч ким менен иши жок, Ортосу кечим сай экен, Жалгыз жол бийик жар экен, Бер жагында Жамгырчы, Бир жакта Шыгай бар экен. Аттарын балдар байлады, Астынан киши барбады, Жете барып Бөдөнө, Астына чуркап ат алды. Арткан бойдон тору атты, Бөдөнөгө карматты: — Алып келип байлап кой, Үйгө кирбе! – деп айтты. Салам айтып Шыгайдын, Үйүнө кирип барышты. Жарык күйбөй, от күдүң, Кара күүгүм кези экен. Сакалы жок молтойгон, Сүзөгөн кара букадай, Оройу суук киши экен. Алачыктай кемпири, “Келдиңерби?” дебеди, — Өөдө өткүлө, балдар, — деп, Шыгайдын оозу келгени. Аңгыча карап олтурса, Дүпүлдөп тору ат келди. — Көмүскөгө байлап кел, Бошонуп кетип калат, деп, Мажикти баатыр жиберди. Мажик атын байлады, Балдар көөнүн жайлады, Казан асып, от жагып, Аш-тамак кыла албады. Сүт катыктап чай койду, Каймакка бышкан токочтон, Чагы менен жай койду, Жарты киши тойгундай, Керткен казы-жал койду, Жатар ашы балдардын, Ошол эле болгону. Кымызы бар чайкаган, Шыгай менен кемпири, Балдарды кайдан байкаган. Кулу-күңү бар экен, Мойну жоон чайпалган. Нечен күңү бар экен, Семизинен баса албай, Май соорусу чайкалган. Алардын тили кыска экен, Мындай конок кылсак, деп, Байбичеге айтардан. Түлкү тойут таам берди, Суусунга кымыз бербеди, Ашып калган кымызды, Сабаага куйуп жиберди. Орун салды, жай алды, Уктап баатыр калганы.

Чыдай албай Жамгырчы, “Калп айткан экен каапыр”, — деп, Эки-үч чыгып карады. Далайга Жамгыр олтурду, Кемпири экөө кеңешип, Дасторкондун бетине, Бар тамагын толтурду. Жетелетип улагын, Садага чаап ийиүүчү, Дайарлатып улагын. Балдардын дайыны болбоду, Келбей булар койгону, Жамгырчынын ойуна, Нечен акыл толгону, Уктап кетип азыраак, Жамгырчы чочуп ойгонду, Эшикке чыкса Жамгырчы, Асман тунук, күн ачык, Жылдыз калың түн ачык, Ай чыгыптыр жаркырап, Жер бетине нур чачып. Аккула көзгө көрүндү, Шыгайдын үйү жанында, Турган экен жарашып. Желбегей чапан жабылуу, Эки жеңи салылуу, Алптын бири Жамгырчы, Кең көкүрөк далылуу, Аттай басып аң жактан, Атты барып карады. Аккула экен караса, Айтып жүргөн байагы. Уктабай Шыгай жатат, деп, Түрс-түрс басып барганы. Шыгайды мендер басыптыр, Козголбостон жатыптыр, Алп Жамгырчы эңкейип, Эшигин үйдүн ачыптыр, Чалкасынан Чоңжинди, Бетин ачып жатыптыр, Үзүктүн бети жапжарык, Сүттөй болуп түн жарып, Шооласы түшүп ошонун, Үйдүн ичи бүт жарып, Колунан тартты Жамгырчы, Ошол бойдон түз барып, Чоочуп абал ойгонду, Чукуранбай толгонду. — Тургун, балам, - тургун, — деп, Жамгырчы тартып ойготту. Мажикти Манас тартыптыр, Байкап Мажик жатыптыр, Эшикке чыга калганда, Жамгырчы абаң айтыптыр: — Атың ким балам, сен?- деди, Эки атты жетелеп, Алып бери кел, — деди. Жетелеп Мажик келиптир, Кош кашаттын бетине, Айылдын бери четине, Жер каздырып үй жасап, Жамгырчы койгон бир жерге. Аттарды ага киргизип, Айылбашы Жамгырчы, Акимдигин билгизип, Алып барып балдарды, Өз үйүнө киргизип, Эшиктен кире берерде, Кемпири чыкты жүгүрүп, Келини эркек туугандай, Жетине албай сүйүнүп. Ак чөйчөккө суу алып, Карыш аппак була алып, Буланын учун чубалтып, Оң жеңинен чыгарып, Табакка салып түтөтүп, Майга кошуп ун алып, Чөйчөгүн баштан имерип, Суусун чачып жиберип, Буланы жерге таштатып, Үстүнөн эрди аттатып, Түтөтүп барган ун-майды, Төбөсүнө койушуп, Жамгырчы менен кемпири, Тоңкоңдошуп ал экөө, Тобо-томук кылышып, Сары улакты жыгышып, Бычактап башын кыйышып, Өзөгүнөн жарышып, Өпкөсүн сууруп чабышып, Как ушундай болсун, деп, Башын бийик каратып, Канын суудай агызып, Байкап жүргөн Жамгырчы, Акылына төндүрүп, Алып келип көк тайды, Топого койгон көмдүрүп, Боолап койгон чырпыкты, Кырк жеринен керттирип, Балта менен кестирип, Алып чыгып талаага, Күбүр-шыбыр айттырып, Калмакты карай чачтырып, Тойгунча берип тамакты, Балдарды койду жаткырып, Уктабай жатып Жамгырчы, Агарган таңды аткырып, Күндүн мурду чыкпаста, Жылкычыдан тогузду, Туш-туш жакка чаптырып, Туубай калган субайдан, “Тагы жакшы түлөөгө, Жубу жакшы эмес”, — деп, Санап тогуз ат таптырып, Керүүдө жаткан кыргызга, Келгин деп элге айттырып, Кемегеге астырып, Талдан чапкан чөмүчүн, Эт котортуп бастырып, Келген элди чогултуп, Жергелей тартып олтуруп, Дасторкондун бетине, Жээрине курсак жок, Бар тамакты толтуруп, Дембелеп кымыз койдуруп, Шылуундарга сундуруп, Кыйак менен комузчу, Ырчысы кулак тундуруп, Аңгыча чапты кунанды, Мингизип бала чубуртуп. Байгеге малдан сайдырып, Баарынын көөнүн жай кылып, Устукан салган баштыктан, Куйругу агып тамчылап, Тердиктерин май кылып. “Жай өтүп күзгө жакын, -деп, Жай жерде кыргыз, жаттың,-деп, Бергеним ушул меники, Көкбөрүңдү тарткын, — деп, Көкүлүн көккө шүйдүрүп, Куйругун ача түйдүрүп, Күлүгүң болсо, чапкын, — деп, Ат чабуучу балдарга, Арчындап жоолук байлатып, Жолдон койо берет, — деп, Калыска атты айдатып, Байгеге сайган малдарын, Кермеге тизип байлатып, Жамгырчы кеби эң ширин, Ошол күнү бал татып, Байлоодон атын алдырып, Келген элди узатып, Эл кеткенде бешимде, Балдарга берди эт тартып. Төрт айагы башынан, Андан башка этинен, Бир тиштем да ашпаган, Алып келип экөөнө, Бир неменин этин бүт тарткан. Карап туруп Жамгырчы, Төрт кишиге туураткан, Устуканы калбады, Жакыптын уулу Чоңжинди, Колуна тийген жиликти, Оозуна эки салбады, Эти-чыгын калтырбай, Такыр баарын аймады. Кымыздан санап кыркты ичти, Көөкөргө куйган арактан, Көөкөрү менен үчтү ичти. Жамгырчы көөнү толуптур, “Жабырда жүргөн кыргыздын, Жамандыгы кетет” — деп, Ойунда ушул болуптур. Балдар жатты жайланып, Жан кишиге билдирбей, Жамгырчы өзү ат багып, Күндө карайт Жамгырчы, Колунда китеп катты алып, Башынан бери келаткан, Кылар иши Манастын, “Ыстырлаптан” жатты алып, Эсептесе Жамгырчы, Эсеби күндүн толуптур, Эрендер сүргөн эр Бакай, Келер маалы болуптур. Жасатып келген Аккелте, Берер маалы болуптур. Ай түбүндө Айкожо, Жүрөр маалы болуптур, Айкожо берип Ачалбарс, Арстан Манас жата албай, Анжу, манжу, калмакты, Кошулган Жолой арбакты, Сүрөр маалы болуптур. Төкөр уста Бөлөкбай, Эки киши барсканчы, Көк өгүзгө кош артып, Дүкөнүн ага кошо артып, Белине аркан-жип тартып, Көрүндү Жамгыр көзүнө, Үч айдан артык болуптур, Багдаттан чыгып жол тартып, Келүүчүнүн баарысы, Атынын башын оң тартып, Барайын деп ойлоду, Астынан эми жол чалып. Муну койо туралы, Белден өлгөн калмактын Эми дайнын угалы.

Үч күнү калмак жок эле, Алты күндөн бер жакка, Айылдан кетпей чубады. Өлүгүн таап талаадан, Оодарып ташты ала албай, Жүктөп келип мына деп, Догуруп муну сала албай, Күндө келет айылга, “Кыргыздан малды тапсак — деп, Талаадан өлүп жөн калбай”, — деп, Айылды аңдып күтүптүр, Келип-кетип түшкөнгө, Кымызы эптеп түтүптүр. Күүгүм кирди бир кезде, Шыгай хандын үйүнө, Кырк калмак келип түшүптүр. Изчиси мунун бар экен, Из кууса кандим жан экен, Кытыгый изчи деп айткан, Жетимиш ашкан жан экен. Куланын изин кубалап, Хан Шыгайдын үйүнө, Келип түшкөн чагы экен, Хан Шыгайдын катыны, Калтырбаш деген бар эле, Тартынбай айтып сүйлөгөн, Кайраттуу кемпир ал эле. Үйгө келип киргенде: — Кырк киши келип бир үйгө, Куда болуп түшкөндөй, Кызым менин бар беле? Же тийишип келип конгундай, Кытыгый теңтуш чал беле? Кыркың келип конгундай, Не жумушуң бар эле?! Кырк кишинин башчысы, Башкарып жүргөн жакшысы, Тетеге деген неме экен, Атасына эркелеп, Тентек өскөн бала экен, Тепеңдеген Тетеге, Айткан кеби ал экен: — Из кууса, изди жазбаган, Айтканын жаза айтпаган, Мына бу турган Кытыгый, Өзү кыйын өткүр чал. Силерден барып кыргыздар, Эки мерген биздин эр, Өлтүрүп аны таштаган, Далай күндөн бер жакка, Келип-кетип издешип, Дайыны аны таппаган. Бекер киши кылбаптыр, Башка жанды тыйбаптыр, Бу Жамгырчынын кылыгы, Бизден колун тыйбаптыр. Алп көтөрүп келбесе, Ким көтөрөт ал ташты? Экөөнү катар жаткырып, Бастырып койгон бир ташты, Алып келсе Кытыгый, Чалып жүрүп из тапты. Тогуз күндөн бер жакка, Талаа-түздөп көп издеп Табалбадык бул атты, Жамгырчы, Шыгай биригип, Ошол атты бек катты. Айтып берсең кетебиз, Камалып жатып бир үйгө, Кырк киши мында нетебиз? Жашырып койсоң чабабыз, Жайыңды, кемпир, табабыз, Жамгырчы менен Шыгайдын, Эшилтип кардын жарабыз. Чыдабаса чабышка, Чыдап туруп мал берсин, Эки эрдин кунун алабыз! Кун кубалап биз келдик, Конолу деп келбедик, Бакылдайсың не мынча, Какбаш кемпир, желденип?! Кайраттанып айкырган, Катындын демин ким билет, Дем байлаган Калтырбаш, Өзүнөн башка эл билбейт. Балдар келген күүгүмдө, Жамгырчы келип ойготуп, Алып кеткен түнүндө, Жабыгына кут түшүп, Жалдырап-жайнап турганын, Көргөн болчу Калтырбаш. Жамгырчы алып кеткенде, “Жаш Манас ушул экен”, деп Билген болчу Калтырбаш. Тогуз күндөн бер жакка, Шыгай менен күнүгө, Токсон убак урушуп, Жүргөн болчу Калтырбаш: — Хан болбой кара жерге кир, Хан Шыгай болбой көргө кир! Бөйөн-чайан бүт малың, Буйурбасын какбаш чал. Жакынды жакын билбесең, Жакшыны жакшы дебесең, Атайын келген балаңа, Медилиң салып сүйбөсөң, Алтымыш ашкан жашыңда, Башыңдан өткөн иштерди, Баш-айагын билбесең, Атам менен жатындаш, Абам экен Шыгай деп, Үйүңө кирсе жаш Манас, Жөн кишиче күтпөсөң, Манастан башка киши эмес, Башка киши ошентип, Үйүңө сенин түшчү эмес! Ошентип шайын кетирип, Шыгайды жүргөн жемелеп. Атынын изин кубалап, Келиптир калмак тебелеп, Баштагыдан беш бетер, Калтырбаш эми чамынды: — Какоолдун этин жегендей, Кана мага дегендей, Калбай баарың келесиң, Хан Шыгайды тебелей. Конор болсоң жөн келбей, Өлтүрүпсүң кун бер деп, Өлүгүңдү көрөйүн, Оозуңа келген сөздү айтып, Артып мага пул бер деп. Калмакка кунга берем деп, Катып жүргөн зар барбы? Артык айтып эсептеп, Же ашырып койгон мал барбы?! Кайра качып кылчактап, Айанар сенден жан барбы? Кайда кеттиң акмактар? Кармагыла кулдарды! Керегеде кылычты, Кынанынан сууруп колго алды, Келип түшкөн калмакка, Калтырбаш салды жаңжалды. Акырганда чаңырып, Алда эмине болду, деп, Келип калды чогулуп, Айылдын баары жабылып, Калмакты көрүп келгендер, Кайра басты жайылып. Караногой Мажиги, Кирип келди ал үйгө, Эки жеңи салынып, Кытыгыйдын көзүнө, Баатырлыгы таанылып, Кытыгыйы кытылдап, Тили кекеч болуучу, Кеп айталбай кыкылдап. Асталай басып Чоңжинди, Келип калды чукулдап. “Эрлигин мунун көрсөм” – деп, Жамгырчы турат мултулдап, Тонуна батып токтобой, Алп Жамгырчы култулдап. Кеп айталбай кылкылдап, Кытыгый кекеч жок болду, Эркин сүйлөп ээн өскөн, Тетеге эми токтолду. Кемпирди карап тиктенип, Алдыңкы эрди кем ээк бу, Үстүнкү ээрин тиштенип, Кичинекей сарыбашыл Албарстыдай үксөйүп: — Эриң Шыгай унчукпай, Эсирипсиң, Калтырбаш, Эркиңе койуп далай жыл, Каман болуп талаада, Жетилипсиң, Калтырбаш, Доңуз болуп корсулдап, Кутурупсуң, Калтырбаш, Бөрү болуп жутунуп, Бузулупсуң, Калтырбаш! Оорубасын жамбашың, Сол кырыңда бүгүн жат, Олтурбагын бул жерде, Жүрү копкун, такыр бас! Аттангыла кайтабыз, Эр Көңтөйгө айтабыз, Эртең келип бул жерге, Калтырбашын чачынан, Сүйрөтүп улак тартабыз! Тетегеден кеп угуп, Турду калмак жабылып, Чоңжинди кирди аңгыча, Ач жолборстой чамынып, Бекеринен кырк итке, Жетти ажал кабылып. Чогултуп бурдай кармады, Кыймылдай бирөө албады, Кыбыратпай кырк итти, Кыркын Мажик байлады. Үйдүн ичин булгайт, деп, Койдой баарын мууздап, Коондой кардын жарганы. Ошол күндөн күзгө жуук, Калган экен мал тунуп, Кырк атты бөлүп айылга, Кишисин санап топ кылып, Бышырып жеп ташташты, Бир эле түнү жок кылып, Жалгыз Мажик көтөрдү, Чогултуп баарын бир таңды, Куйулма деген бар экен, Көтөрүп Мажик алып барып, Түргөн чий койуп кумду эшти, Чийди тартып алганда, Жылма тепсеп кум тепти, Эртең менен кой жайып, Шексиз кылып тепсетти. Эртеңки күнү таң менен, Ээрчитип эки баатырды, Аттанып Жамгыр эр кетти. Тапшырып айтты айылга, Келип калса калмактан, Айылдан тамак бербести. Бөдөнө менен Байтөлөн, Эрди-катын Жамгырчы, Калтырбаш, Шыгай – алты жан, Ал алтоонун башкасы, Манастыгын билбеди, Жамгырчы баштап балдарды, Бастырып жолго киргени, Таштап койуп буларды, Башка жакка келели. Абаң Бакай баштаган, Төөкөр уста Бөлөкбай, Байандап айта кетели. Кыргыл чал баштап жыйырманы, Кыдыртып айтып берели. Ойлоп, кыргыз, угуп ал, Ушунун эби келеби.

Бакай деген бар эле, Чоң акылман ал эле, Дөө Кошой менен курбалдаш, Акбалта менен акылдаш, Жамгырчыга чоң сырдаш. “Кыргыздан Манас чыгат – деп, Басташканын бас кылып, Баш көтөргүс кылат, — деп, Ошол Манас туулуп, Кек үчүн белин буунуп, Эл аралап чыккынча, Кетейин, деп, алыстап”, Орозду баатыр өлгөндө, О дүйнөнү көргөндө, Аркасында калганды, Ар кайда калмак бөлгөндө, Дөө Кошойго караандаш, Жүрөйүн деп чамалаш, Керметоону бет алып, Көчүп Бакай кетти эле. Алты жүз үйлүү эл алып, Кыргыздын кыйын устасы, Бөлөкбайды кошо алып, Бадакшан, Балык, Керметоо, Арасында турду эле. Башмааналап жан сактап, Ушуларда турушкан, Ээсиз жүрсөк болбойт, деп, Алты жүз үйлүү кишиге, Бакайды баштык тургузган. Бекер жатпай баш Бакай, Ар кандай ишке маш Бакай, Алтайдагы Акбалта, Самарканда Жамгырчы, Атбашыда дөө Кошой, Кабарлашып турушкан. Атайлап киши жиберип, Алтайдын Буурултокойдо, Арстан Манас туулганын, Кабар алып угушкан. Жакыптан бала таарынып, Турпанда эгин эккенин, Таман акы, маңдай тер, Сатып алып буудайга, Аккулага жеткенин, Акбалта ага жасатып, Ээр-токуму бүткөнүн, Акбалта салып түз жолго, Дөө Кошойго келгенин, Дөө Кошойдон бөлүнүп, Самарканга барганын, Алп Жамгырчы ээрчитип, Арстан Манас баатырды, Көрүштүрүп Бакайга, Айлына баштап барарын, Алдын угуп камынып, “Өзүм тосуп барайын”, Деп ойлонуп баш Бакай, Төкөр уста Бөлөкбай, Жолборс алып жанына, Түлөөкө менен Төлөктү, Жүргүнүң деп экөөнү, Өзү менен төрт болуп, Баатырдын жүзүн көрсөм, деп, Бакайдын ичи өрт болуп, Жол менен келе жатканда, Самаркандан Жамгырчы, Аттанып чыккан алыска, Ал Бакайга барышка. Бакайды самап Жамгырчы, Батпай келет шаттанып, Эсинен чыкпай эр Бакай, Улам-улам эске алып, Көөнө токой Самаркан, Ойдуң жакты бетке алып, Кырмойнок деген жер экен, Кырка артуу бел экен, Алты белес бел ашып, Аста жүрбөй катуулап, Ат айабай бек басып, Белеске чыга калганда, Алды-аркасын карашып, Калмак көрүп калат, деп, Ар тарабын байкашып, Жол арытып караса, Маңдайында бөксөдө, Төрт адам келет бел ашып, Карааны башка бирөөнүн, Караса көзгө жарашып. Ак кементай жамынган, Буурул мурут чалкайган, Мингени жорго чайпалган, Айдай бети нур тамган, Ал кишини көргөндө, Аңсабай киши турбаган! Карап калып Жамгырчы, Келе жаткан караанды, “Кабылан Бакай экен – деп, Жанындагы үч киши, Төкөр уста Бөлөкбай, Түлөөкө, Төлөк - эки уулу, Ошол үчөө бекен – деп, Бачымыраак жетем” – деп, Жамгырчы жүрдү тепеңдеп. Алдындагы башаттан, Чыга калып Жамгырчы, Бакайды таанып-билгенде, Аттан түшүп күлүңдөп, Арыштай басып жөнөдү. Алп Жамгырчы далдаңдап, Ашып-шашып калдаңдап, Жөөлөп бара жатканда, Жакыптын уулу Чоңжинди, Жайдары тууган жаш экен, Кудай буйруп койгон ат, Манас деген ат экен, Туула электен туулгунча, Айтылып элге жат экен. Аккула оозун имерип, Аттан түшчү кептенип, Кыйшайа берер мезгилде, Бозжорго атын чайпалткан, Аксакал киши: “Токто! – деп, Акылың ойлоп жокто, — деп, Сен туулбаста, чунагым, Жерден чыга албадым. Сени туулуп өстү, деп, Эр азамат жетти, деп, Келе жаткан убагым. Түшүүң аттан жакшы эмес, Токтобойт башка оорагың!” Атчан бойдон жетиптир, Салам айтып Чоңжинди, Кол алыша кетиптир. Кыл мурутун сылады, Кыйа карап чунакты. Токтобой турат Чоңжинди, Ойнотуп минген кула атты, Андан кийин алардын, Атын бирден сурашты. — Менин атым бай Бакай, Канча жылдан бер жакка, Мен жүрөмүн жай таппай. Мына бул турган өнөрман, Төкөр уста Бөлөкбай. Тиги экөө мунун баласы – Түлөөкө, Төлөк жуп балдар. Алп Жамгырчы сырдашым, Балдардын дайнын айта сал, Аккула минген азамат, Бойунда тоодой чоң талап, Душман угуп күйүнгөн, Тууган угуп сүйүнгөн, Айтпасаң да билемин, Жакыптын уулу жаш Манас, Алтымыш уруу алашка – Атпай журтка баш Манас. Тиги турган бала ким? — Билесиң, Бакай, атасын, Катыны бооз болгондо, Дайынсыз кеткен жоголуп, Караногой Мажиги. Кыскартып айтып Жамгырчы, Ачык дайнын билдирди. Анда айтат бай Бакай: — Бала баатыр төрөгө, Менин айтар сөзүм бар, Алп Жамгырчы, Бөлөкбай, Силер байкап угуңар, Орозду баатыр өлгөлү, Алтымыш уруу алашка, Арамзада калмактар, Орун берип оңдурбай, Олоттуу жерге кондурбай, Жүрөгүн элдин майтарып, Беш үйгө бирден кечил бар, Койдон бетер кайтарып. Манас туулат экен, деп, Элди калмак кайтарды, Эресек тартып эр жетти, Манасты аллам сактады. Түлөөкөнү Бөлөкбай, Дөө Кошойго жумшады, Биздин үйгө баралы, Кошой келер аңгыча, Эми карап жатпайлы, “Кишинин атын мингендин, Эки көзү жалында, Кишинин тонун кийгендин, Эки көзү жеңинде”, Айтса-айтпаса бул макал, Түпкүлүктүү кеп эле. Акбалта калды Алтайда, Бай Жакып калды капкайда, Кошой келсе сүйлөшүп, Жасайлы жарак баатырга, Бакай мындай дегенде, Төкөр уста Бөлөкбай, Сөзүн айтты жайма-жай: — Эп келсе эрге, баатырлар, Башка киер туулга, Торгой көз темир бадана, Күрмө, соот, күрөөкө, Чарайна керек жүрөккө, Калдыркан менен кисепче, Өтө керек бул экөө. Атар мылтык, тартар жаа, Сайар найза, сом балта, Кылыч болот кынында, Өз колум менен жасасам, Теңдешсиз болот чынында, Баатырдын чапкан жарагы, Кыйамат кайым болгунча, Айтылып калат кылымга... Бакай баатыр, барбайлы, Бастырып сенин айлыңа, Кайта жанып барбайлы, Же Жамгырчынын айлына. Аркар-кулжа атып жеп, Биз туралы адырда. Падыша Кошой келгенде, Анан орун табылар. Биз чогулуп барышка, Алты күндөн калба, деп, Качан Кошой келет, деп, Зарыкпайлы мында, деп, Жолго салып жөнөттү, Түлөөкөнү баргын, деп.

Түлөөкө жетип Кошойго, Айтып барды бар кебин: Жамгырчы, Бакай, Бөлөкбай. Адырдан түшүп жатканын, Биринен-бири жашырбай, Акыл кебин айтканын. — Түлөөкө, бачым бар, — деди, Баатырга кабар сал, деди, Анык кабар угулса, Келбей калбайт ал, — деди. — Самаркандан жол басып, Күндүз баспай түн катып, Күндүзү аңдын ичинде, Түнкүсү жолдун үстүндө, Араң келдим бул жерге. Түлөөкө кебин бүтүрдү, Абаң Кошой түшүндү. Тооторусун алдырып, Үстүнө токум салдырып, Койкелдини котчу алып, Түлөөкөнү кошо алып, Азык-түлүк байланып, Атбашыдан аттанды, Самаркан карай жол тартып. Күндү түнгө улантып, Тоотору атты буулантып, Адырда жаткан арстанга, Кошой дөө келди жанашып. Бакай, Кошой, Жамгырчы, Кучакташып көрүшүп, Эсен-соосун сурашып, Колдун учун өбүшүп, Чогулушуп олтуруп, Сыр түйүнүн чечишип, Кепке кирди кеңешип. Бакай кебин баштады, Кеп ачыгын айтканы: — Олуйа Кошой курбалдаш, Ой, Жамгырчы, чоң сырдаш, Жайы-кышы айылбыз, Бөлөкбай уста аралаш, Бул олтурган жети адам, Ойубуз бирге санаалаш. Кырылган элдин бактына, Кыргыздан Манас чыгат,- деп, Кыргыз кылган калмакка, Кылгылыкты кылат,- деп, Бооз катын койбой жардырды, Шамшарынан канжалап, Андан кала бергенде, Айылды кечил кайтарды, Короодо койдой саксактап. Илгертен элдин салты экен, Эр азамат эл бакмак. Кыргыздан Манас чыккан, деп, Бооз катын койбой калмактар, Жарган менен какшатып, Ошол Манас арстаным, Арабызда олтурат. Азамат болду бой тартып, Бетме-бет бүгүн көрүштүк, Кыргыздын иши оң тартып. Өлүмдөн башка ар иштин, Бачымдыгы жакшыраак. Биз жүрбөйлү узартып, Арстан Манас баатырга. Жоо куралын бүтүрүп, Биз берели жасатып. Бакайдын кебин угушту, Баарысы бирге турушту. Кошой айтат бир кепти: — Кандай жарак иштетет?, Манастан сурап билели. Баатыр Манас козголуп, Ок жыландай октолуп: — Олуйа Кошой, зор Бакай, Алп Жамгырчы, Бөлөкбай, Менин чабар жарагым, Байкас кылып угуңар. Дегенче Манас шоктонуп, Калмактын алы келбеген, Карчашып жүрүп жеңбеген, Дөө Кошойдун куралын, Ала койуп колуна, Чакмак таштай имерди, Мындай деп айтып жиберди: — Абалы мунун ушу экен, Калмактар менен кармашсак, Катылышып карчашсак, Табылып калар бекен, деп, Эми бүгүн темселеп, Качан курал табарбыз? Жасап берчү барбы? Уста издеп кайда чабарбыз? Айткан кебин тыйгынча, Ачкан оозун жумгунча, Жамгырчы айтат алактап, Башын силкип сүйлөгөн, Кулактары шалактап: — Мен ойлодум эле, башында, Кошой, Балта, Жамгырчы - Биз кармаган куралдан, Жараганын алар, деп. Араң жашы тогузда, Жашы жетип толгунча, Табылып калар курал, деп. Жаза ойлопмун Жамгырчы, Бөлөкбай турат мынаке, Бар шайманды жам кылчу. Кандай кылсак эби бар? Ой, Бөлөкбай кеп кылчы! Бөлөкбай уста жөтөлүп, Башын өөдө көтөрүп: — Колумдан келип жасоочу, Көп куралды мен айтам, Көкжалым Манас кулак сал.

Кужурашып байатан, Далай кепти айтышкан. Мен жасаймын Аркескен, Ачуусу келсе нар кескен, Түпкүч болуп ийилген, Туурасы сынып кетпеген, Эки миздүү испан, Беттеше алгыс тирүү жан, Оң-тескери шилтесе, Эки жүздөн башты алган, Көөдөнгө урса баш жарган, Жыгачка урса таш жарган, Темирди талдай таарыган, Чапканын кеспей калбаган, Уруштуу күнү узарган, Учу өрттөй кызарган, Кылабына салганда, Жети карыш кыскарган, Кылабынан тартканда, Кырк аршынча узарган, Күн чагылып жарк эткен, Үн угулуп шаң эткен, Түптүү чынар туш келсе. Баш булгабай жалп эткен, Шилтегенде кылычты, Жалын чыгып жалт эткен, Сырты калың өткүр миз, Учу кайкы мойну түз, Ташты кесет боордон тез, Кылычтын жайын билиңиз, Ачалбарс деп ат берем, Кылычты антип бүтүрөм. Кытайдын кызыл кырымы, Оростун кыйын кырымы, Бараңдын көкжал темири, Чала бышкан чойун бар, Баары темир жарабайт, Узун эмес, чак келте, Жалтылдаган Аккелте, Ортосун көкжал эгеймин, Оозу-түбүн теңеймин, Өзүм темир быштырсам, Урумдан өөдө чыгарам. Оозуна салам андан мен, Кытайдын кызыл кырымдан.

Кымбатын артык чыгарам, Түбүнө салам андан мен. Ортосу көкжал темирди, Өзүм иштеп чыгарам, Үч темирден курсам, Үйгө койсоң үркөр боо, Үнү ачуу Койчагыр, Ойноп атса Очогор, Жыйнап атса Замбирек, Андай күндөр кез келсе, Сандолун десе эп келет. Алтымыш өнгөн терекке, Айабай таңып тербелбес, Ата турган күндөрдө. Коло, чойун, коргошун, Кошмосунан бириккен, Тышына темир каптаган, Түтүн чыгып кетпеске, Жигине мистен чаптаган, Кунан уйдай ок салса, Нуршабдар менен от берсең, Атканда дүйнө солк этет, Чайкалат тоонун теңизи, Чайпалган көлдүн деңизи, Беймаал тоок чакырат, Акырда эшек акырат, Бешикте балдар ыйласа, Төшөктө чалдар туйласа, Курма тамдар куласа, Арстан эрдин Аккелте, Атылыптыр бүгүн деп, Уккан элдер кубанса. Кароолу дажаал, огу ажал, Түтүнү туман, түбү испан, Бургулап ичин түзөтөм, Аткан огу жөн учпай, Ажалдуу жанды издетем, Тушагасы бир темир, Тийген жери бир сеңир, Чагарак ооз Алмабаш, Ыңай-тура ылгабас, Асынып жүрсө Аккелте, Ай далынын белеги, Атып жүрсө Аккелте, Аманат жандын эрмеги. Кас санашкан душманга, Аңга атып көөн ачса, Огу сайдын ташындай, Кароолу адам башындай, Мылтык жасап чыгарам. Сайа турган найзасын, Өзүм иштеп чыгарган, Ак болоттун кыймасын, Аралап табам токойдон, Ак жыгачтын сыйдасын, Көк болоттун кыймасын, Көп жыгачтын ичинен, Таап чыгам сыйдасын. Уңгусу болот, учу курч, Учуна салам кара курч, Чиркейдин тумшугунан курасам, Чочконун сийдигине сугарам, Сабындагы жыгачын, Он эки түрдүү кырдатам, Үн чыгартып ырдатам, Отуз эки түр менен, Ойуу-чийүү сырдатам, Тийген жерин ырбатам, Мындай найза болбойт, деп, Жамакчыга ырдатам. Жайдын күнү болгондо, Колу тердеп кетпеске, Коло менен чырматам, Кыштын күнү болгондо, Колу үшүп кетпеске, Кой макмал менен каптатам. Сайган тешпей калбаган, Кара таштан жанбаган, Суу чыбыктай бүгүлгөн, Туура сынып кетпеген, Найза жасап чыгарам. Арстаным кармай жүргөндө, Аты болот Сырнайза, Атагы алаш журтуна, Акыр заман болгунча, Айтылып жүрөт Сырнайза, Томорулат тоо болсо, Кабуусун таап бир сайса. Өчпөскө өрнөк ат калат, Өмүр бойу бул найза. Сомо темир сол балта, Сомдоп согом Айбалта. Жарылып сырты кетпеске, Коло менен чырматам, Тийген жерин ырбатам, Мизин ууга сугарам, Алжайгандан-малжайган, Башка чапкан адамы, Жакында өөдө болбогон, Балта жасап чыгарам. Чапканына чыдабай, Чандан уста кырылат, Көрүгүнө чыдабай, Көп букалар сойулат, Көмүрүнө чыдабай, Көөнө токой жойулат, Сугатына чыдабай, Көлдүн суусу соолот. Как ыргайга саптаймын, Пил терисин каптаймын, Бети асмандай көгөрөт, Жоо бетине баргынча, Мыкты чоро өңөрөт, Мизин чапсаң айбалта, Сырты калың чокморчо, Эки курал бир болот. Аты болот Айбалта, Жана бирди жасаймын, Найза кагар кол балта, Бел кемерге чатылуу, Бирге жүрөт ал балта. Туулга куйам бир кабат, Тогуз кабат туулгадан, Толук болот ал бышык. Торгой көз темир бадана, Күрмө соот, күрөөкө, Керек эмес баатырга. Кара бойун каптанып, Карк темирге чаптанып, Антип жүрүш не керек? Суратыптыр Акбалта, Сөзсүз берет Буудайык, Кийерге келет Ак олпок, Бузулган жерин оңдоймун, Үзүлгөн жерин улаймын, Була салып булаймын, Жыртылган жерин жамаймын, Кыргагын алтын чордоймун, Чыраш тартып сыртынан, Жибек менен тордоймун. Арасына болоттун, Айабай майда эгеймин, Бир кабаты ак була, Бир кабаты ак бакта, Бир кабаты ак жүндөн, Арасы болот темирден, Сээри учуруп турсун, деп, Алтындан кошуп септирем, Чапса кылыч кесе албайт, Сайса найза теше албайт, Отко салса түтөбөйт, Аралашма болгондо, Анык сырын мен билем, Бараңдын огу бата албайт, Жебенин огу жете албайт, Жалаң кабат жеңил тон, Ак олпокту кийдирем, Керек болчу темирди, Табуучу жерди мен билем. Кебез тоонун боорунда, Килботодон алдырсак, Темир эрип чыгуучу, Очокту андан салдырсак, Урум чыкчу Таш кенди, Алатоодон алдырсак, Кырым чыкчу кен ташты, Керметоодон каздырсак, Ошонун баарын чогултуп, Көөнө токой Самаркан, Ошол жерге жам кылсак. Мунун баарын кылышка, Алтын, күмүш – зар кетет, Азар түмөн мал кетет, Азамат кетет, ат кетет, Кому менен төө кетет, Аркан кетет, кап кетет, Оозубузда айтабыз, Ушунун баарын ким берет? Бар керегим тең болсо, Жаш Манас тогуз жашта экен, Он бир жашка чыкканча, Эки жылдын ичинде, Дайар кылам мен болсо. Алатоо менен Керметоо, Андан чыкчу кендерин, Килботонун бар жерин, Эки уулум менен Бөлөкбай, Мен табамын ал жерин. Бөлөкбай айтып токтолду, Бозжорго минсе чайпалган, Муруту буурул чайкалган, Бай Бакай айтат ал мындай: — Жер алды толгон зарым бар, Жер үстү толгон малым бар, Мал-пулга келген чыгымды, Канчалык болсо, Бөлөкбай, Мен көтөрөр чагым бар. Козголуп Кошой жөтөлдү, Мындайча сырын козгоду: — Ороздунун балдарын, Ар кайда калмак бөлгөндө, Ар жорукка көнгөндө, Банус хан, Дөөкан, Алооке, Оронгусу кошулуп, Кармашып көрдү бул төртөө. Алы келбей калганда, Дөө Кошой деп ат берди, Калды кыргыз деп кетти, Калды кыргыз жойулуп, Маа караштуу элдерге, Кара кыргыз ат кетти, Өзүбүз таап албадык, Калмактар тапты бул кепти. Конуштан көчпөй козголуп, Аман калдык Атбашы. Арпа, Жазы, кең Аксай, Кара кыргыз жерге бай, Чөбү калың, малы көп, Кара кыргыз элинин, Эчтемеден кеми жок. Төрттөн аркан, төрттөн кап, Ком-чому менен мен берем, Айры өркөч атан төө берем, Жону туйук нар берем, Үч унаага бирден эр, Айры өркөчтөн алты миң, Нардын саны толук миң, Нар санаты жети миң, Тартар аркан, салар кап, Азык-түлүк, минген ат, Баары менин өзүмдөн, Кыбырабай турушат, Уруксат болбой өзүңдөн. Айткандын баарын бүтүрсөң, Мен садага болойун, Бөлөкбайым, өзүңдөн, Кыргыздын нетип жүргөнү, Уктасам кетпейт түшүмдөн, Олтурсам-копсом, эсимден! Кайсы жерден табышат, Дайнын айтып берсең сен. Бөлөкбай айтат ошондо, — Төрөм, Кошой, кулак сал, Түлөөкөнү саа кошом, Төөңдү берсең болду сен. “Камдагынча сааныңды, Сабааңды камда” деген бар. Чоңополдун килбото, Сен көргөнсүң, Түлөөкө, Бурулбастан ага бар. Жети миң унаа шай болду, Самаркандын токойго, Артып алып келе кал. Жамгырчы анда кеп айтат, Кеп айтканда нени айтат: — Калмактар жумшап кыргызды, Жан кыйналып жатышат. “Кыш койгон кышын алат, деп, Таш койгон ташын алат” – деп, Мурункудан калган кеп, Өөнү жок мунун, ырас кеп. Кыраан Манас эр үчүн, Кыйналган кыргыз эл үчүн, Башка уруудан кошпойлу, Кыргыз барсын аны үчүн, Жамгырчы Шыгай эки хан, Элибиз мөшкөй кыргыздан, Он миң киши аш-азык, Өзүм бирге барамын. Бейбаш өскөн калмактар,

Катылышса кокустан, Катуу калба саламын. Бөлөкбайым, ачык айт, Кайсы жерге барамын? Бөлөкбай көөнү ачылып, Бар курушу жазылып, Мындай деди ашыгып: — Айдап барбай колбутуп, Алып барар кишиңден, Алтын-күмүш, зар берип, Элүү киши жиберсең, Чоңополдун боорунда, Кебезтоонун ойунда, Анда жүргөн кыргыз көп, Үч күндөн ашык иш кылбайт, Ошол жерден жалдасак, Килботонун айагы, Керметоонун четинде, Бир көргөнүм эсимде. Төрт аршын жердин алдында, Кызыл алтын, кызыл мис, Кырма кызыл курч эле, Кошойдун төө-нарлары, Улоо минип барганды, Он миңге артып бир келсек, Жетип калар чамасы. Беремин киши сен дедиң, Өзүм барам мен дедиң, Алатоонун урчукта, Салынып келген тумшукта, Урум темир ошондо. Бир миң киши, бир миң төө, Өзүң баргын ошого, Төлөк дайар тетиги, Жамгыр, сага кошорго, Килбото менен кырманы, Түлөөкө билет бар жайды, Эмгегин элдин эскерсе, Дөө Кошой кошо барарбы? Караандуу киши болбосо, Жаман көнгөн калмактар, Катышып калба саларбы? Өзү барса дөө Кошой, Эки барбайт, бир келет, Иштин жайы ошондо, Он миң унаа тел болсо. Беш миң төөгө кен артса, Беш миң төөгө чоко артса, Эки барып жүргүнчө, Азабын жолдун бир тартса. Кабыл алып бул сөздү, Бармак болду дөө Кошой, Санаасын басты калгандар, Бөлөкбай сөзүн салды андан: — Бай Бакай калсын биз менен, Берем деген кишиңди, Жамгырчы, эми маа берсең. Жердин бетин ойдурам, Бөйрөктөрүн чойдурам, Ичине отун толтурам, Күйгүзүп жалын өрт кылам, Шыңгыраган үн чыккан, Көмүрдү тоодой жыйдырам, Туруптуу саздан чаптырам, Кургатып күнгө көң кылам, Жердин бетин ачтырам, Жер көмүрдү таптырам, Билеги жоон балбанга, Бири жүздү алганга, Барскан берип чаптырам. Жердин бетин от кылам, Очокту кызыл көк кылам, Темирди сүттөй агызам, Арстандын жасап шайманын, Айбан мүнөз душманга, Өнөрүмдү таанытам. Айтканы айткан кеп болуп, Самаркандын токойго, Бар кереги топтолуп, Очоктордун үстүндө, Асман тиреп от турат. Очоктогу кен таштар, Эрип кызыл суу болуп, Жалынды карап Бөлөкбай, Кооп койбойт козголуп, Жанындагы Бакайга, Кебин баштайт оштонуп: — Таштар эрип кызыл кан, Көк жашыл тартып көрүнөт, Төбөсүндө жалындан, Байкап тургун бай Бакай, Очоктогу кызарган, Сүзүлүп өңү агарсын, Көк жашыл тарткан жалындан, Шек билинбей жоголсун. Ошо кезде байкасам, Үстү каймак килтилдейт, Алды кызыл жылтылдайт, Орто жери ак сары, Үч түрлөнүп калганда, Болот чыгат бүт баары. Андан алып иштетсек, Сууга чылап таштасак, Бет өзгөрүп кирдебейт, Ийилет, сынбайт морт кетип, Чапсаң тайбайт таш кесип, Бетине жукпайт кан калып, Чопого кырк күн таштасак, Өңүнөн азбайт дат басып, Үч түрдүү сырын көрсөтүп – Отту койду өчүрүп, Шамал тийсе – болбойт, деп, Очоктун оозун көмдүрүп, Кырк күндөн кийин ачырып, Үч кабат болуп катыптыр, Бөлөкбай анда айтыптыр: — Көккө колум жетиптир, Ишим оңдон кетиптир, Эң үстүңкү кабаты, Кырым, урум, көкжалдан, Аралашып катыптыр. Атар мылтык, ачалбарс, Сайар найза, айбалта. Мен ушундан бүтөймүн, Ортосу көкжал шеги жок, Туулга кылам баатырга, Мындай темир деги жок, Тилеген тилек оң келди, Кылар иштин кеми жок. Эң түбүндө калганы, Коло, чойун, коргошун, Салтанаттуу Аккелте, Сандолун кылып атарда, Салар огу бул болсун, Залкар Манас жолборсуң, Санаалаш Бакай жолдошум, Ишимдин билдим оңдугун, Айтканы-айткан болоорун, Жат душмандын башына, Арылгыс кайгы муң болсун, Эртең айдын он беши, Дүйнө бүткөн дүйшөмбү, Иш баштоочу күн болсун! Эртең менен азанда, Май кайнатып казанга, Жамгырчы келип бээ чалып, Дестеп кылып Манаска, Жоо шайманын жасарга, Төкөр уста Бөлөкбай, Дүкөн үйү беш кабат, Өзүнөн башка жан киши, Дүкөн үйгө баш бакпайт. Бутунда тепкен тактайы, Колунда бар танап жип, Төрттөн киши дем албай, Аракет кылат тер төгүп. Абал мурун жасады, Чаба турган кылычын, Сегиз киши барсканчы, Сегиз киши балкачы, Барскан жанса балкалар, Ширөө чыгып шырылдап, Жалын учуп чырылдап, Отто темир бороктоп, Кайнап жатат быжылдап, Балта менен барсканчы, Тер чубуруп жымылдап, Бел кырчоодон казган жер, Көлчөк болуп чылпылдап. Узанган күнү дүйшөмбү, Ошол күнү бүткөрдү. Оргуштап жаткан булактын, Жанынан жерди ойдуруп, Чылпылдата жылкынын, Майы менен майлатып, Күн тийгизбей далдалап, Кылычты таштап койдурду. Бир жума жатты көлчөктө, Балыктын майын сыздырып, Жыландын өтүн жыйдырып, Алып келип кылычты, Үстүнө жаба койдуруп, Ыштуу сары курмушу, Алып келип оротту. Бир жума жатты күн көрбөй, Устадан башка жан көрбөй. Ороосун сыйрып ачтырып, Эгеген кызыл алтындан, Эби менен буу берип, Күнгө койду астырып, Сары алтындан жынжыр боо, Алты кабат тактырып. Жаба мийаз, сарымсак, Сыгып суусун алдырды, Жумгактын куйуп сүтүнөн, Араң бетин ысытып, Ошол сууга малдырды. Суудан тартып алганда, Караганга көрүнүп, Мизинен кызыл жалыны. Кынын кызыл алтындан. Сабын сары алтындан, Чагарагы ак күмүш, Келиштирген Бөлөкбай, Кылапка салып кармаса, Жети карыш болуптур, Кылапка сууруп өлчөсө, Кырк аршынга толуптур, Сырты калың, өткүр миз, Учу кайкы, мойну түз, Күн чагылып жарк этет, Доош чыгып шаңк этет, Ары-бери имерсе, Кызыл жалын жалт этет. Кылычты кармап колуна, Кыраан бала Чоңжинди, Эки жагын карады, Көрүнө калды көзүнө, Төрт кучак келет жоону, Бир жыгачтын карааны. Ойуна алды ошондо, Ойрон бала санааны: “Чынардын өзү – ээлери, Жалбырагы – элдери, Бир чапканда жыгалсам,

Ага алым келерби? Бир чапканда жыкпасам, Шайманымдын келбеси”. Кылаптан тартып имерди, Чынарга шилтеп жиберди, Былк этпей чынар турду эле, Аны Мажик билди эле, Салаңдап турган бүчүдөн, Тартып койду анча эле. Тоңкойуп чынар урады, Томкорулуп кулады. Курч экен деп албарсты, Кубанды баатыр Чоңжинди, Сынап көрчү, баатыр, деп, Мажикке Манас бергени. Мажик алып колуна, Ийип көрсө ач албарс, Жаш чырпыктай ийилди, Бүктөп көрсө бүктөлдү, Койо берсе түз болду, Жасабай туруп Бөлөкбай, Айткан кеби чын болду, Ойрон бала сынаса, Кылыч сынга толгону, Андан кийин дүкөнгө, Жолобой Манас койгону. Уңгусу болот, учу курч, Учуна салды кара курч, Айтканымдай кылам деп, Чиркейдин тумшугунан курады, Жапаа чочко мегежин, Сийдигине сугарды, Тийе турган жерине, Бөрү тилме чыгарды, Бүткүл барлык темири, Ак болоттун кыймасы, Саптаган жыгач найзага, Ак карагай сыйдасы, Өңкөй темир болгон жер, Көк болоттун кыймасы, Саптаган жыгач найзага, Көк карагай сыйдасы. Сабындагы жыгачты, Он эки түркүм кырдады, Отуз эки түр менен, Оймо-чийме сырдады, Колдон тайма болот, деп, Коло менен чырмады. Колу үшүп кетет, деп, Кой макмал менен каптады. Баатыр шердин Сырнайза, Акыр заман элине, Айтылып калган бир найза. Оозу түбүн теңеди, Ортосун көкжал эгеди, Оозундагы темири, Урум деген темирден, Түбүндөгү темири, Төкөр уста бышырган, Кыргыздын кырым темири. Эрикпестен иштеди, Ичин бургу түздөдү, Аткан огу жөн учпай, Ажалдуу жанды издеди. Чагарак ооз Алмамбаш, Ыңай-туура ылгабас, Кароолу дажаал, огу ажал, Түтүнү туман, түбү испан, Тушагасы бир темир, Тийген жери бир сеңир, Узун эмес, чак келте, Көз уйалат Аккелте, Атып көрсө Аккелте, Аманат жандын эрмеги, Асынып жүрсө Аккелте, Айдалынын белеги. Үйдө турса Үркөрбоо, Үнү ачуу Койчагыр, Ойноп атса Очогор, Чындап атса замбирек, Сандолун болчу жерлерин, Көрсөтүп берди Бөлөкбай, Кереметтүү пенттерин. Ач албарс менен Сырнайза, Аккелте мылтык бүткөнү. Балтага түштү Бөлөкбай, Ысыта албай темирди, Ташыган көмүр түтпөдү. Төрт жерден тебет көөрүктү, Төрт жердеги көөрүгү, Сегиз өгүз териси, Күнү-түнгө чыдабайт, Өгүздөрдүн териси. Чапканына чыдабайт, Эр азамат ар киши. Талкалап көмүр өчүрүп, Көөнө токой жойулду, Чапканына чыдабай, Чандан уста кырылды, Көөрүгүнө чыдабай Көп букалар сойулду. Сугатына чыдабай, Көлдүн суусу соолуду. Ашагандан машады, Төкөр уста Бөлөкбай, Жайы-кышы бир үйдө Жалгыз жатып жасады. Жарылып сырты кетет, деп, Коло менен чырмады. Тийген жери ырбаган, Жамакчылар ырдаган, Алжайгандан малжайган, Башка чапкан адамы, Баарысы аман калбаган. Как ыргайга саптаган, Пил терисин каптаган, Жерден өөдө кыла албай, Көп кишилер көгөргөн, Жортуул күнү болгондо, Жоболоңдуу Ажыбай, Кокуйлап жүрүп өңөргөн. Айбалта бүттү бир жылда, Тандап туруп Бөлөкбай, Алтымыш эркеч сойдурду, Жыдытып түгүн кердирди, Алтымыш көктөн бердирди. Өзөгүн толгоп бурдурган, Өткөрө чапкан кишисин, Саргартып кулак тундурган. Чокусуна чок койду, Түшкүнүнүн учуна, Сомдоп карыш ок койду, Алаканын бек кылды, Душманды карай кек кылды, Табылгыга саптады, Бүлдүргө такчу жерине, Чулгур салып көзөткөн, Абышканын көк торпок, Эки энеге тел торпок, Күдөрү кылган ак кайыш, Чайан түйүп терс байлап, Бүлдүргөсүн тактырды, Арстан эрге тапшырды, Жоо шайманын жам кылды, Агар алтын, ак күмүш, Айанбай кыргыз дем кылды, Жамгырчы, Шыгай элинен, Бир күн тынбай бир киши, Беш миң балбан иштеди. Кошойдун адам, төөлөрү, Темир ташып, кил ташып, Алтын ташып, мис ташып, Калай ташып, жез ташып, Жер көмүр ташып, турп ташып, Толук бир жыл иштеди. Бай Бакайдын алтын-зар, Төрт айактап баскан мал, Ашып кетти эсеби, Эки жүз миң алтындан. Толук эмес, кеми бар, Тыштан кийер тону жок, Атылган октон шеги бар. Буудайык берип Ак олпок, Келет деген ишеним бар, Эми Алтайда жаткан Балтадан, Абдан кабар угуп ал. Муну мындай таштайлы, Көкжал Манас баатырдын Хандыгынан баштайлы.