← Манас

Манастын төрөлүшү

Ороздунун тушунда, Опсуз жумуш болуптур, Кезик оору - дарт болуп, Ороздуну ач ажал, Ажыдаардай соруптур. Анда Алооке деген бар экен, Кара кытай, калмакты, Бийлеп турган хан экен. Алооке ээлеп турган жер, Нарын деген шаар экен. Алооке калдай түгөнгүр, Кара сууга кан куйган, Каары катуу жан экен. Орозду баатыр өлгөндө, О дүйнө жүзүн көргөндө, “Каш кайтарар жан жок, – деп, Ааламда мендей хан жок”, — деп, Акимсинген Алооке, Ороздунун он уулун, Өз мейлинче талады. Ойноп жаткан кыргыздын, Башына салды балааны. Он үйгө берип бир казан, Ойрон кылып кыргызды, Калмактын көзүн каратты. “Кызыталак, буруттар,

Чогуу турса болбойт,- деп, Акыры бир күн чаң салып, Билгисин кылбай койбойт” – деп, Ар кайсы жерге таратты. Ороздунун он уулу, Атасынча боло албай, Жон туташып бир туруп, Кайрат-каруу кыла албай, Кыдырып көчүп тарашты. Адыбай, Көлбай, Ташбайлар, Көчүп кетти Букарга, Энесайда туралбай. Калганын калмак талады, Өзүнө кылып каранды, Ороздунун он уулун, Он бөлүм кылып санады, Касиет, Калка ал экөө: “Камыналы эми, — деп, Капташпайлы желге, — деп, Агып кетип калбайлы, Агып келген селге” – деп, Отуз миң үйлүү эл менен, Калмакка барып эл болду. Эки калмак аларды, Энчиленип ээ болду, Ээ болгон калмак аттары,

Албан, Кызай бай экен, Касиет менен Калкабай, Катындары тууганда, Балдарына калмактын, Атын койгон чагы экен. Балдарына ошентип, Калмак аты конуптур, Албан, Кызай атында, Эки уруу эл болуптур. Калганын айдап калмактар, Конушуна ээ кылбай, Ороздунун он уулун, Тентитип айдап жиберди, Бучкагына тең кылбай. Калмактардын элинде, Ногой деген бар экен, Бүтүн калмак элинде, Атактуу бай ал экен, Жердеген жери Ногойдун, Балыкарт деген жай экен. Алооке калдай Жакыпты, Ногой байга бериптир. “Ногойдун эли” деп жүрүп, Аталып “ногой” кетиптир. Жамгырчы, Балта дөө экен, “Бөлбөсөк эки болбойт” – деп, Эки жакка бөлүптүр, Айрылышып амал жок, Дегенине көнүптүр. Балта дөөнүн бар элин, Алтайдын Чамбыл-белине, Ак-Чамбылдын төрүнө, Айдап калмак көчүрдү. “Нойгут” деген калмакка, Короолош кылып көндүрүп. Балтанын аты өчкөнү, “Нойгут” атка көчкөнү. Какшап кыргыз кан жутуп, Ар жорукка көнгөнү, Катаган менен Каткалаң, Хан Кошой болуп абалтан, Атбашыны жердеди, Катылган менен сокку жеп, Калмактын алы келбеди. Калмакка баш ийбестен, Калган ошол кыргызга, “Калды кыргыз” ат калды, “Калды” калып кийинче, Кара кыргыз атанды, Каткалаңдан Карача, Хан болуптур кыргызга, Ат койуптур Сайкал деп, Андан туулган нур кызга. Тымтыракай түшүрүп, Жамгырчы элин бөлгөнү, Чачылган кыргыз таруудай, Чаржайыт таркап калмактын, Кордугуна көнгөнү. Тирүү жүргөн адамга, Мындай кордук салбасын, Ата-журттан айрылып, Адам эмес, айбан да, Ар кайда тентип калбасын. Жамгырчы менен Шыгайды, Самарканга айдады. Эштек деген калмактын, Арканына байлады. “Эштектердин Жамгырчы” — деп, Айтылып атак калганы. Кызылтайды кыргыздан, Кыйнап айдап көчүрдү, Караштуу элин калтырбай, Жыйнап айдап көчүрдү, Алып барып Музтоого, Тажикке кошуп жиберди, Кыргыз менен тажикти, Кыпчак калмак ээледи. Кызылтайдын элине, “Кыпчак” аты конгону, “Кыргыз кыпчак, сарт кыпчак”, Аларга атак болгону. Текечиден тукум жок, Андан урук калбады. Кыргын кылып кыргызды, Кызыталак калмактар, Ойунча кордук салганы. Сапырып кумдай кыргызды, Санаасын санга бөлүптүр, Көнөктөп жааган жамгырдай, Көзүнөн жашын төгүптүр. Ошентсе да Жакып бай, Опурулуп калбады, Жагалданып малы арбып, Жакуттан кемер байлады, Калмактарга кагышпай, Ат-тон берип алдады. Дүнүйө-шекер, эритет, Жок болсо эрди кемитет, Колуңда жетик болгондо, Кош кылып көөндү сергитет. Хан Ногой калмак Жакыпты, Жактырып өтө калыптыр. Эригенде мал-пулга, Калмак менен кыргызга, Хан көтөрүп салыптыр.

Жамгырчы менен Балта дөө, “Ыстырлаптын” китебин, Жакшы билет ал экөө. Кыйналганын эске алып, Кызыл китеп колго алып, Кыйла окуп алыптыр. “Кыргыздан Манас чыгат – деп, Жазылып катка калыптыр, - Калмак эмес, каңгайды,

Карасы эмес, калдайды, Нар жактагы кытайды, Айланада чанданды, Алат, — деп, - Манас бар жайды” Айтылыптыр таң калды. Буларды койуп туралы, Боло элек туулар убагы, Калмактын каны-элинен Кабар таап угалы.

Калмактардын элинде, Күн батыш жаккы жеринде, Сары Аркада Шоорук хан, Көтөлөктө Дөөлөс хан, Короолош бирге турушкан, Көк-Ойдуңда Көңтөй бар, Көп эле моңгул дөөлөр бар. Араникте Дөөкан бар, Соксо, Сотой балбан бар, Кийин кыргыз алганда, Араниктин жерине, Анжидан аты калган бар, “Алты шаар” атанып, Кокон шаарын салган бар. Ошол Кокон оорагы, Эмгичекти жана бар. Калмактардын калкы бар, Канча түрдүү наркы бар, Келер күндү билүүчү, Кереметтүү салты бар. Өңкөй моңгул молдосу, Ыраңкүдүк дагы бар, Ал каапырдын колунда, Ачып билчү балы бар, Китебине койулган, “Ыстырлап” деген наамы бар. Төлгөсү бар, далы бар, Түгөнгүс эчен иши бар, Далысын жакшы билүүчү, Жаңгыр деген киши бар. Таш жайып сүйлөп берүүчү. Тапканы таамай келүүчү, Эленкир деген сыйкыр бар. Бир жыл менен үч жылдан, Чогулушуп ал экөө, Чыңгыш ханга келүүчү, Үч жылдык алдын болорду, Ханына айтып берүүчү. Чыңгыштан сыйга тон кийип, Тартуулаган ат минип, Ал экөө кайтып кетүүчү. Алардын айткан кебине, Калың калмак кирүүчү. Ыраңкүдүк, Алооке, Нарында бирге туруучу, Акылдашып, сырдашып, Кеп-кеңешин угуучу. Ыраңкүдүк кеп айтат: — Алооке ханым, — деп айтат, Азыраак калды сиздерден, Анан калса биздерден, Касиет качат – деп айтат, Жериңди таштап көчөсүң, Каңгайды карай өтөсүң, Коңурбай уулуң башкарат, Айтылуу Бейжин көчөсүң. Кыргыздан чыгат бир баатыр, Ааламга туздай бүт татыр, Калмак эмес, кытайды, Каратат чаап ал каапыр. Алооке угуп ал кепти, Чыңгышка кабар айттырды. Чакыртып Ыраңкүдүктү, Алдырып келип Жаңгырды, Далысына каратып, Төлгөсүн мыктап салдырды. — Бекер бизди бул жерге, Кычыртпайсың, Чыңгыш хан, Батыш, түштүк кыргыздан, Душман туулат турбайбы, Өчөшүп бизге кырсыккан. Кандай катын туур экен? Канда бизди жуур экен! Чыңгыш угуп бул кепти, Кулакка жакпас шум кепти, Бүгүшүнү көөнүнүн, Бекем түйдү кун кепти. Алоокени ашыкма, Аттандырды табууга,

Бооз катынын кыргыздын, Бирин койбой жарууга. Каарлуу калмак Алооке, Кийгени соот-күрөөкө. “Бооз катыны кыргыздын Баары калбай келишсин”, Буйрук кылып кычыртты, “Келбей калат кокус” – деп, Кечилдерин кыдыртты. Сары Арка менен Нарынды, Балыкарт менет Көтөлөк, Жергесинде кыргыздын, Бар катынын жыйдыртты. Катындарды бир четтен, Кардын жарып чыңыртты, Жатыны менен баланы, Калжоо болгон иттерге, Канын чачып ыргытты. Канча миң бооз катының, Кардын жарып кырылтты, Туубас кылып катынды, Тукум курут кылышты. Аттуу – баштуу кыргыздар, Чыңгышка келди арыз айтып. Сакалдан жашын куйултуп, Тонун чаап, ат тартып, Айры өркөч төөлөргө, Алтын – күмүш жүк артып. Арызды Чыңгыш сурады, Алдырып келди “кураны”. “Деги кимден туулат? “- деп, Кысмакка алды кууларды. Жаңгыр жазып айталбай, Ыраңкүдүк кылат кеп: — Туулушун туулат бир баатыр, Кайсы катын төрөрү Табылбай азыр турат,-деп. Туулчу баатыр белгисин, Мен айтайын, Чыңгыш хан, Сен элиңе тарат,- деп, Эркек бала туулса, Колун ачып карат, — деп. Баланын ал туулган, Бир уучунда кан болот. Бир уучунда май болот,

Алакандын бүлтөктө, Аппак мөөр басылуу, “Манас” аты бар болот. Угуп Чыңгыш ойлонду, Буйрук берип козголду: Бир үйдөн кыргыз конбосун, Беш-бештен болуп бир консун, Беш үйлүүгө бир кечил, Кетип калбай көз болсун. Бооз катынды санасын, Төрөлгөндө баланын, Алаканын карасын. Таап мага тапшырсын, Кас душманым Манасын, Арыз айткан кыргыздар, Айлы-айлына тарасын! Деп Чыңгыш хан токтолду, Кимден туулат Манас?- деп, Ок жыландай октолду, Кыргыздар угуп Манасты, Ич-ичинде кош болду. Муну мындай таштайлы, Көкжал Манас баатырдын, Туулушунан баштайлы.

Балыкарттан жер соңгуп, Барскон ашып самсаалап, Күнөскө Жакып барыптыр. Күнөстө жүрдү бай Жакып, Күнү-түнү мал багып. Дем алып калды азыраак, Жер кеңири жай жатып, “Куу баш Жакып айлы” деп, Көргөн калмак кеп сатып. Көп ыйлатат Жакыпты, Күнү–түнү жок ардантып. Уламадан улады, Укмуштуудан сурады, Кары менен жашынан, Узун кулак башынан, Эрикпей Жакып сураптыр. Мындай ишти баарыдан, Угуп калды Жакып бай, Бир кепти үч-төрт карыдан. Жакыпка кары кеп айтып: “Илгертен бери ырымды Кылып келген,-деп айтып, Жырык уйга жүк артып, Жыртык кара үй артып, Алпарып ташта токойго, Катыныңды ардантып, Алып келбей таштап кой, Ошол жерге саргартып. “ Арданса төрөйт катын” — деп, Жүрүүчү эле эл айтып.” Он чакты киши айтканы. Жай алып Жакып жатпады. Жырык кара уйду таап, Жыртык үйдү артканы, Күнөстүн черлүү токойго. Алып барып таштады. Айран куйуп, токоч жаап, Аш катыкка сүт алып. Анда-мында эт алып, Чыйырдыны бакканы. Чыдап Жакып жатпады, Ыйлап жатып Чыйырды, Түн ичинде уктады. Бай Жакып кирди түшүнө, Артылды Жакып үстүнө. Мемиреп бойу эриди. Уктап жаткан түшүндө. Эрте туруп ордунан, Ээн жерде сууга киринди. “Жакып келер бекен”- деп, Жан жагына каранып, Жайып чачын таранып, Баласы жок куу баштык, Жадында турат саналып. Күлүмсүрөп олтурса, Келип калды бай Жакып. Уламадан укканда, Уккан экен Жакып бай, Укмуштуулар Жакыпка, Айткан кеби мамындай: “Ар качан барсаң катынга, Кабагың ачпай сурданып, Теңдешиңе каар төккүн, Кабагың бүркөп түр салып. Карап жүргүн сен бетин, Бооз болор болсо белгиси, Калат бетин нур чалып.” Жетип барса Жакып бай, Чыйырды көөнү өтө жай, Чачын тарап суйкайып, Олтуруптур жайма-жай. Мурункудай сурданбай, Сурап ийди сөзүн жай, Түшүндө көргөн иштерин, Чыйырды айтты жашырбай, Калтырбай алды катынын, Алачыгын кошо артып, Айлына барды акырын. Ошо жылы Чыйырды, Бооз болуп калыптыр, Бооз болгондун үстүнө, Өткөзө башка нурланып, Кооз болуп калыптыр. “Чыйырды бооз болду,-деп, Чын кыйамат келди,-деп, Калмактардын кечили, Айлымдан кетпейт деги” – деп, Кечил келсе мал берип, Аш-тамагын жай берип, Таасындап Жакып чай берип, Арак тартып кымыздан, Көөкөргө куйуп ачытып, Жанына байлап дагы берип, Жакып айткан кеп экен: “Күнөстүн жери тар экен, Айагы кууш шар экен, Кечилдер, көрүп турасың, Адамдын көркү мал экен, Буурул токой кең экен, Төрт түлүк малдын жери экен, Ал жерге барып мал баксам, Ылайыктуу кеп экен.” Ушинтип Жакып аргалап, Кечилдерден кат алып, Коңшуларын кошо алып, Көчүп Жакып жөнөдү, Айдап малын чубатып. Жете барып конуптур, Келген жери Жакыптын, Актокой деген жер экен, Буурул токой дегенди, Жакып койгон кеп экен. Буурултокой дегендин, Түп мааниси бул экен: Катыны мурда кызды тууп, Андан кийин уул тууп, Жалгыз Жакып турмайлык, Угузкандан тараган, Атагы алаш элине, Арка болор муун тууп, Буурултокой деп айтып, Актокой аты жоголуп, Буурултокой ат конуп, Жердин атын өзгөртүп, Конду Жакып ат койуп, Ого бетер байлыгы, Күчөп кетти мал толуп. Айланада элине, Каралап келип конуптур. Акбалта жакын жерине, Чыйырдыны Акбалта, Он төрт жашар чагында, Олжолоп алып келди эле. Баарыбыздан улуу деп, Ал Жакыпка берди эле. Акбалтаны Чыйырды, Агам деши ал эле. Чыйырды бойу жетилип, Күндөн түнгө Жакыптын, “Эркек тууса, кантем?” – деп, Ойлосо деми кесилип. Эркек туубай кыз тууду, Кызына Жакып ат койду, Кардыгач аты болгону. Үч жыл өттү арадан, Дагы Жакып ойлонду: “Адат алып калды бейм, Мурункудай катынды, Алып барып салсам бейм, Ырымы ырым болор, — деп, Ырысыма уул туулса, Конушума коноор”, — деп, Үй курады жаңыдан, Төрт түлүгү тең үчүн, Баары өзүнөн табылган. Укмушту Жакып баштады, Чыйырдыны талаага Алып барып таштады, Болуп калды жарым ай, Азык ташып баккалы. Айылда бар бир катын, Өзүбектин жесири, Ээрчип жүргөн уулу бар, Атасы жок жетими. Барып кел, деп токойго, Ат мингизип Жакып бай, Азык артып кетирди. Токойго бала барыптыр, Топ-топ жүргөн кырк бала Жолугуп буга калыптыр. Жалгыз бала барбаган, Отун-жыгач алалы, Айылдан барган канча жан. Тузакчы бар токойдо, Кыргоол уулап кармаган. Ойноп жүргөн дагы бар, Өрдөк-казга куш салган, Баарысына оп-окшош, Көрүнүп калды кырк арстан. Жеткирип берди азыгын, Кайра тартып чапканы, Жакыпка жетип айтканы, Тынч алып Жакып жатпады, Атына минип токойго, Көрөмүн деп басканы. Токойдун келип четине, Караанын көрдү жаштарды, Таамай көрө албады. Учурап калды жолунан, Токойдон чыккан башкасы. Аксакал өзү кары эле, Анын аты Адылбек, Таанымал элге жан эле, Жакып менен ар качан Теңтуштук жайы бар эле. — Оо, капырай, Жакып бай, Жер бети толгон малың бар, Айтып койсоң болбойбу, Сен уулуңду жашырбай!

Токойдон көрдүм кырк уулду, Жетелеп алып келаткан, Мүйүздөн байлап кырк бугу, Учурап калып токойдо, Сурадым дайнын мен муну, Өзү бала айтпады, Кызыл чырай жаш бала, Ошонун мага айтканы: “Бай Жакыптын уулу бул, Аты Манас баатыр уул, Кырк жигити – биз, — деди, Ким болосуз сиз?”, — деди. Көзүмөн агып жаш кетти, Жашымды аарчып карасам, Жоголуп балдар кеткени. Адылбектен кеп угуп, Кызынан башка бала жок, “Куубаш болуп калдым” – деп, Жакып байда санаа көп. Адылбекке Жакып бай, Жооп бере албай “ооба” деп, Олураңдап Жакып бай, Баштап калды коога кеп: — Айтканың кандай, Адылбек, “Аты Манас уулуң, деп, Кырк баланы ээрчитип, Бугу кармап жүрөт” – деп, Бул айтканың, Адылбек, Шылдың эмей кайсы кеп?! “Куубаш Жакып карыга, Кандай айтсам эп келет”. Адылбекке камчы үйрүп, Какшык сөзгө ич күйүп, Чаап ийе албай токтоду, Кайгысы батпай үшкүрүп. Адылбек кетти бастырып, Бай Жакып калды аптыгып: “Жанагы бала дагы айтты, Адылбек кары чал айтты, Бири бала, бир кары, Экөө окшош кеп айтты, Токойго берди баланы, Тоого берди баланы, Бир жумур баш баланы, Менден кудай айады.

Шылдың кылып кары-жаш, Кетирмек болду чарамды! Токойго койсом катынды, Шылдың кылат экен, — деп, Ала кетсем бекен? – деп, Күн кечкирип кетиптир, Эртең алсам бекен?” – деп, Бай Жакып үйгө барыптыр, Байагы жетим жаш чунак, Бар кебин элге жайыптыр. “Калмактар укса кармайт, — деп, Каным жерге тамбайт, — деп, Карылык кылат Адылбек, Ал кебин элге салбайт”- деп. Коркконунан бай Жакып, Суукуйрук деген улоого, Суу укурук салдырды. Карматып келип улоону, Үстүнө токум тарттырды. “Жүргүн, бала, жүргүн”, — деп, Мингизип жетип баланы, Жетелеп Жакып бастырды. Токойдун барды ичине, Түк айтпай сырын кишиге, “Ким кылат мага доомат?” – деп, Муну ойлойт Жакып ичинде, Суукуйрукту бош койду, Суукуйрук сүйрөп тепкилеп, Курган жетим жок болду. Катуулап Жакып келгени, Карбаластап айылга, Караңгыда келди эми. Бакдөөлөттү ала элек, Казанчы кара күң эле. Кычырып кел деп Магдымды, Бакдөөлөттү жиберди. Өзүбектин жесири, Аты Магдым болуучу, Тапканын берип Жакып бай, Магдымдын көөнүн кылып жай, Эл айагы басылган, Кечинде айтты баланы: — Кудай салган ишинен, Кутулуп бенде калабы? Тосуп кел төөнү мен десем, Суукуйрук сүйрөп өлтүрдү, Куруп калган балаңды! Аңтарылып көк асман, Айланып жерге түшкөндөй, Алтымыш тамыр зыркырап, Ыйлап турду кан какшап, Байкуш Магдым буркурап. Катындын үнү чыкканда, Муңдуу үндү укканда, Үйүндө жаткан уйку уктап, Адылбек басып ал чыгат, Айылга келип Адылбек, Магдымды араң сооротту, Манасты калмак угат, деп, Бай Жакыпты коргошту, Жок уулуна кайгы жеп, Алда кандай болдум, деп, Бай Жакып ичи от болду, Баары кудай амири, Өлүп кеткен жаш бала, Мен Манасты көрдүм, деп, Энесине айтпаптыр, Жакыптын таалай-ырысы, Магдым укпай бул кепти, Аркасына тартпаптыр. Кирип-чыгып Адылбек, Жакып менен Магдымга, Туйгузбай кебин баштаптыр: — Бай Жакып, тилим ал, — деди. Жай айтам, билсең, саа,- деди. Мал берсең малга алданат, Пул берсең пулга жалданат, Кемип калган күнү эле, Баламдын кунун бергин, деп, Жесир Магдым чуу салат. Отуздан жашы ашыптыр, Кебетеси Магдымдын, Эр кишиге ашыктыр. Дүйнөгө малың жык толду, Чыккан жердин чөбүндөй, Түгөнгүс дүйнө-мүлк болду, Магдымга нике кыйалы, Ошондо куну жок болду. Жакып кабыл алыптыр, Тили таттуу Адылбек,

Магдымга кебин салыптыр: — Ой, байбиче Магдым, ай, Сага айтам мен мындай, Каралашар кишиң жок, Иймелер сага жээн-тайдай, Эби келди кутулгус, Ыгына келди Жакып бай. Эки күн удаа чыр салып, Уктатпай мындан тынч алып, Алтын албай, зар албай, Азуусу тутам ат алып, Ага кошуп төө албай, Түбөлүк көөнүң болуп жай, Кетирип туруп айласын, Жакыпка тийсең ал кандай? Тиктеп калып бир далай, Жесир Магдым унчукпай, “Адылбек кеби акыл”, деп, Чыр салды үч күн макул деп, “Канаке, жалгыз кулунум?, Куубаш Жакып тапкын!” – деп, Адылбек болуп арачы, Нике кыйып Жакыпка, Магдымдын тынды санаасы, Эрге тийсе катындын, Кунсуз экен баласы. Айыгып калды Магдымдын, Жүрөгүнүн жарасы, Калтырбай айта кетели, Калбасын сөздүн чаласы. Айтылып жүргөн жомокто, Серек менен Сыргагы, Жакыптын ортон баласы, Магдымдан туулган карачы. Арадан калба кеп чыгып, Аста чыкпай бек чыгып, “Калмактар издеп кас болгон, Манасты көрдүм” – деп чыгып, Айла менен Жакып бай, Айылды койду тынчытып. Эки-үч күн өтүп кетиптир, Чыйырдынын үстүнө, Эртелеп Жакып жетиптир, Тигип койгон алачык, Тутуусун сыйрып чечиптир.

Айдап алды кара уйду, Жүктөп алды кара үйдү. Чыйырды келди үйүнө, Көз байланган бүүрүлдө. Курадан көрүп калмактар: “Манас туулат экен” – деп, Сагаалап жүрсө айылда, Токойдо ойноп эр Манас, Көрүнүп жүрсө учурап, Жашы менен карыга, Кычыртып келди атайын, Адылбектей карыны, Короолош коңшу олтурган, Эстүү-баштуу баарыны. Аксарбашыл кой арнап, Айта келген Жакып бай, Түлөө малы чалынды. Карыга бата кылдырып, Сакалдуунун баарысын, Өз үйүнө жыйдырып, Аш-тамагын жай берип, Калгынча жебей май берип, Аңгычакты калыптыр, Эл айагы басылып, Карыларга Жакып бай, Кебин айтат ачынып: — Айылбашы Адылбек, Көңүлүмдөн кеткисиз, Мага айттың далай кеп. “Жашырып багып жүрүпсүң, Токойдо ойноп жүрбөйбү, Манас деген балаң”, деп, Эпсиз шылдың кылбайсың, Бул айтканың кандай кеп?! Баласыз калган кишинин, Угаары ушул кеп беле? Көөнүм менен сөөгүмдөн, Өлсөм да кетпейт дегеле! Адылбек тилдүү неме экен, Айткан кеби эм экен: — Көп жашаарын, өлөөрүн, Өмүрдү болжоп ким билет? “Манас туулат экен” – деп, Калмактардын кечили, Айылда жүрөт темселеп, Орунсуз жерден жокту айтып, Оозума кандай эп келет? Оңуна кудай аларда, Ар бир жерден шек берет, Туула элек Манас баатырың, Сенден туулат кептенет. Сенден туулат дегеним, - “Мен Жакыптын уулу” – дейт, Шылдың кылып жатат, деп, Ишенбесең өзүң бил, Көргөн кебим ушул – дейт. Олтургандын баарысы, Адылбек менен Жакыптын, Ортосунда кепти угуп, Ормойуп тиктеп калышты. Жакасын муунта кармады, “Алда кандай сонун кеп? Буурултокой, колдо!? – деп. Унчукпады калгандар, Тарап кетип калышты, Жай-жайына барышты, Үйүнө барып алганда, Күбүр-шыбыр сүйлөшүп, Көп эле кепти салышты, “Кечилдер шекшип калат” – деп, Жымжырт болуп калышты. Кудайдын ишин ким билет, Жакып байдын Чыйырды, Бойуна болуп калышы, Үч айга жакын болгунча, Билбей жүрдү Чыйырды. Үч ай ашып кеткенде, Оозунан сары зил кетип, Арыктап бели кындыйды. Биргелеш көнгөн Жакып бай, Чыйырдыдан көөнү болбой жай: — Эмине болуп барасың? Санааңды мага айта сал. Саргарып өңүң кубулду, Салаа-салаа оозуңдан, Сары суу неге куйулду? Арыктап белиң кындыйды, Алда-эмине болдуң сен? Айтчы мага сырыңды. Жастыкта бирге жатканбыз, Жашырбай айтчы чыныңды. Эсине түшүп Чыйырды: — Менин эчтемеден кемим жок, Сенин жер бетинде малың көп, Баарысын сойуп берсең да, Бир тиштем этин жегим жок. Колдон келбейт табарга, Ойлогонду дегим жок. Жакып бай анда оштонот: — Оо, байбиче Чыйырды, Дүнүйөнүн бетинде, Табылбай мага калуучу, Ал эмине окшонот? Керек болсо кайыптан, Керек десем ал мага, Калкымдын баары козголот, Асылдан издеп табаарга, Атандан токсон комдолот, Акжолтой тууган кишимин, Аттанып чыксам жол болот. Муңайып сүйлөп Чыйырды: — Кеп эле кылса, Жакып бай, Малдын кебин кыласың, Мага керек немени, Издеп кайдан табасың? Айткын дедиң, айтайын, Кулагың салып угасың, Көөнүм нечен кубулат, Кулагыма жагымдуу, Сүйкүм үндөр угулат, Асманда жүргөн Сумурук, Бүт дүйнөнү кыдырып, Көөнүм менин тынчыйт ай, Чечекейи – көз майы, Оозума кетсе куйулуп. Айбанда нечен эри бар. Эсимден чыкпай жүргөнүн, Айтайын, Жакып, угуп ал, Жолборстун эңсеп жүрөгүн, Күн-түнү эстеп жүрөмүн, Шердин тилин жесем, деп, Күндө тилек тилеймин. Ошолордун баарысы, Калбай баары чогулуп, Биле албаймын, Жакып бай, Колума кандай тийерин! Айтып болуп Чыйырды, Окшуганы күчөдү, Оозунан суусу куйулду, “Табаармын муну кайдан?” – деп, Заманасы Жакыптын, Амалы кетип турду бу. Кыйалга түштү Жакып бай, Кылар иши кыйла бар. “Буурултокой, Чаганда, Жолборсу бар, шери бар, Пулумду берсем ченебей, Атымды берсем айабай, Мерген менен баатырга, Капкан койгон жакырга, Шер менен жолборс табылар, Абийирим анда жабылар, Ачылып калса жабылбас, Ааламдан издеп ким табат, Алп каракуш табылбас! Сүйлөшүп ага көрсөмбү, Адылбек эле чоң сырдаш”. Короонун чыкты четине, Кош кашаттын бетине, Колун булгап чакырды, Адылбекти кечинде. Жанаша бирге олтурду, Чыйырдынын кептерин, Адылбекке угузду, Адылбек менен Жакып бай, Айласын таппай турушту. Арзан эле кишиге, Келбей турган жумуш бу. Санаасы санга бурулду, Заманасы куурулду. Акылдашы Адылбек, Андан чыгат көп кеңеш: — Курбалдашым Жакып бай, Болсун эми көөнүң жай, Жолборс, шерди издесең, Токойлордон табылар, Узун кулак киши эле, Балта дөөгө барайын, Ушул жерде мен турбай. Убара болуш жакшы эмес, Балта дөөгө угузбай. Дайарланып камың жеп, Такыр тургун, Жакып бай. Бурулбай үйгө Адылбек, Бургутуп жолго салыптыр. Атынын башын бурбастан, Айал кылып турбастан, Жаш баладай чапкылап, Атынын тери тамчылап, Энтигип соолуп Адылбек, Балта дөөгө барыптыр. Баштан-айак көргөнүн, Жакыптан угуп-билгенин, Жашырбай айта салыптыр, Кубурлуу тууган Адылбек: — Карындашың эр тууйт го, Калайыктан шер тууйт го, Сүйүнчүмдү бергин, – деп. Сыйкырлуу Балта өтө кең, “Сүйүнчүңө мына” – деп, Ээр-токум менен ат берген. — Айтканың сенин, Адылбек, Адам таппай калуучу, Өтө кыйын иш эмес, Болор-болбос немеге, Чапкылатып жүрүүчү, Жакып жакшы киши эмес! Келе бери, катын, — деп, Кол баштыгын алдырды, Колбашындай түйүнчөк, Койнуна Балта салганы. Тышынан каба курчанды, Тоодой Балта аттанды. Ара конуп эки күн, Үч күн болот дегенде, Жакыптын барды айылына, Ат котолоп, эл толуп, Жатат экен Жакыптын, Эшигинин алдында. Кээ-кээсине Жакып бай, Керектүү ишти кылдырып, Атканын жазбас мергенден, Чогултуп алып туруптур. Капкайдан баарын кычырып, Балта менен Жакып бай, Эл экөөнүн жанында, Адылбектей кары бар, Амандаша келиптир, Кыпчакбайы дагы бар. Чыйырдынын үстүнө, Төртөө кирди чогулуп, Жакыптын кебин угушту, Дасторкондо олтуруп. Балта берди чоң кеңеш: — Жакып менен Кыпчакбай, Жакын киши Адылбек, Ушул айткан кебиңер, Өтө кыйын иш эмес, Айылда жүргөн кечилдер, Бекер жүргөн киши эмес, Жашыруун кылып алалы, Ичибизден кеп-кеңеш, Калтырбайлы кечилди, Аттангының жүрү деп, Кудай берген мал-пулду, Куржунга салып пул катып, Короодо малды жайнатып, Адырга жылкы топтотуп, Өлөңгө уйду оттотуп, Какырга төөнү колбутуп, Жүрөсүң, Жакып, мал багып. Ушул сапар айаба, Мен айтамын тилди алып, Аттанып жүрсүн биз менен, Кыл мергендер ылганып, Жолборс атып алганы, Кому менен нар алсын, Ага кошуп ат алсын, Андан кала бергенде, Жакып бай, сенден бата алсын. Атып шерди ким жыкса, Адис мерген эр чыкса, Койдон жүзүн бөлүп бер, Бээден кыркты байлап бер, Жолборс-шерди атканга, Кышкы согум этиң деп, Инек уйдан онду бер, Жакшылап кылгын тилекти, Артыңда уулуң болбосо, Ашып кала бербейби, Анда муну ким ээлер? Балтанын кебин угуптур, Бай Жакып байкап туруптур, “Жолборс атса, шер атса, Аты-төөсүн, мал-пулун, Берет экен Жакып” – деп, Бей-бечара угуптур. Адылбек, Балта баш болуп, Арада Жакып бай болуп, Баш айагы санаты, Беш жүзгө жакын жан болуп, Буурултокой жеринен, Кайда токой бар десе, Калкын бөлүп жиберген. “Жолборс атса, шер атса, Толтура сыйлык берем мен”. Дүнүйө деген эл кызык, Тамак ичип дем албай, Элдин баары чабышып, Атым өлөт дебестен, Баш-аламан жарышып, Тегеректеп токойду, Деги ууну жайышып, Түнөрүп жаткан токойду, Тинтип бенде кирбеген, Деги эмне бар экен, Бул токойдо билбеген. Ач кыйкырык-куу сүрөөн, Олку-солку чоң дүрбөөн: Мылтыктын үнү тарсылдап, Доолбас үнү карсылдап, Иттери үрүп арсылдап, Кескелдирик, сары арыс, “Келгин бери”, дегенсип, Кишини карап кырсылдап, Токойдун ичи бузулду; Бир убакта кычырап, Байкап турсаң токойдон, Бөрү чыкты, чөө чыкты, Жапа болуп жан көрбөс, Ийри мойну төө чыкты; Кулан чыкты, уй чыкты, Бугу-марал аралаш, Топ-топ болуп бул чыкты; Элиги бар, куран бар, Куйругун сыртка салышып, Жарышып жүрөт куландар, Тарсылдатып аткылап, Чапкылап жүрөт уландар, Эртеден кечке уу кылды, Кең токойду чуу кылды, Адистер атып токойдо, Эки жолборс эки шер, Отуз бөрү жыгылды, Мергендер аткан мүлктөрү, Кең талаага жыйылды. “Шер менен жолборс керегин, Эп келгенин алайын. Артык алып нетемин? Айдап берип мал-пулду, Мен кай мураска жетемин?” Тийгинче колго кызыгып, Мергендер атып келгенде, Беремин деп айтканды, Беришке Жакып кысылып: “Чыйырды талгак болду – деп, Кетеби малым бузулуп!” Көрүнөө айтып ийе албай, Айтканын бербей койо албай, Кыйналды Жакып бир далай. Акбалта менен Адылбек, Аа кудайлап сүйүнөт. Башкасына карабай, Жолборстун алып жүрөгүн, Тийди деп колго тилегим, Шердин жаагын жарышып, Тилин сууруп алышып, Бири кары, бири дөө, Бай Жакыптын айлына, Салып жетип барышып. Ашыгып отту жак дешип, Кумган кана? Тап, — дешип, Карбаластап ашыгып, Калдалаңдап шашылып, Энтелешип бышырып, Майдалап муну жедирди. Чыйырдыны кычырып, Жолборс жүрөк, шер тили, Чыйырды муну бир жеди, Колуна алган түйүнчөк, Ага болгон Акбалта, Мунусуна берди эми: — Ээ, кулунум, Чыйырды, Орозду атам бар чактан, Катып жүрөм мен муну. Атабыз опсуз зор экен, Теңдешкен бенде жок экен. Капкайдагы кишилер, Учураша келиптир, Сумуруктун көзү, деп, Буруусу жок, өзү деп, Урум шаардын баашасы, Ороздуга бериптир. Эмне бизге атабыз, Катып койгун муну, деп, Канаке, алгын дегенде, Кечикпей бере салгын, деп, Берген экен тапшырып, Энебиз катып жүрүптүр, Белдемчинин бүгүшкө, Бекем тигип капшырып. Атам айткан кеп эмес, Өлөөрүндө энебиз, Жашырып койгон деги эмес. Жакыптан киши барганда, Чыйырды кесел болду, деп, Айтып кабар салганда, Болорун мурун болжодум, Болсо талгак болот, деп, Муну койнума катып койгомун, Алгыр бүркүт жап канат, Көзү өткүр эле, деп, Ала келген Акбалта, Сумуруктун көзү, деп, Чыйырды көрүп шаттанат. Тилегим колго тийди, деп, Үйүнө Балта аттанат. Үйүнө Балта барганы, Байагы кызыл китебин, Дагы алып карады. “Ушу Манас экен, — деп, Балтанын тынды санаасы, Жакып карик киши эле, Арзандык менен бул Манас, Төрөлүп түшпөйт жөн эле, Канатташ айылы болойун, Ыраакка кетпей мен эле”. Дегенди ойлоп карт киши, Ара күндүк жакынга, Акбалта айыл конуптур, Тогуз айдан күн артып, Чыйырды бойу толуптур. Чыйырды эти арыптыр, Беш айга саны толгондо. Ордунан коппой калыптыр, Көзү каткан баладан, Көп кеп уккан Жакып чал, Каркыттап муну багыптыр. Жаш жылкынын эти деп, Үч күндө бээден чалыптыр, Ошентип Жакып бакса да, Чыйырды коппой калыптыр, Кобо албай Чыйыр козголуп, Жакып байдын үйүнө, Келген менен кеткенди, Башкарар киши жок болуп, Адылбек баштап топ кары, Жакып байдын үйүнө, Чогулушуп топ болуп, Карылардын ичинде, Чыйырды айткан кеп болуп: — Жыйылган мында карылар, Адылбек баштап баарыңар, Мен кобо албай жатамын, Караган үйгө киши жок, Кыйналды Жакып байыңар, Эп келсе Жакып байыңа, Кеңеш кепти салыңар, Көзүм өтсө Чыйырды, Ушул үйдө ким калар? “Бири көрдө, бири төр, Салаңдап турат бутум” – деп, Бооз катындын кеби бар. Чыйырдыны Акбалта, Алып келип Жакыпка, Нике кыйган чени бар. Тетиги турган Бакдөөлөт, Балта агам мага берди эле, Өзү калча элинен, Баш байдын кызы деди эле, Кай жерде мунун кеми бар? Бекер кетпей келген эл, Кой сойдуруп куйрук жеп, Жакыпка нике кыйыңар. Көзүм өтсө казанды, Кармап калсын Бакдөөлөт, Күң бойунча ыйлабай, Жайнап калсын Бакдөөлөт, Эжеке, көзүң өттү, деп, Сайрап калсын Бакдөөлөт. Алды Жакып Магдымды, Алгандан бери карата, Айылга бир күн кондурбай, Керүүгө жылкы бактырды, Эрди-катын болголу, Жакыпты келип бактыбы?! Чыйырдынын кеңешин, Баарысы макул көрүптүр, Бакдөөлөттү алышка, Бай Жакып дагы көнүптүр. Тойуна сойду семиз тай, Бойго жеткен кызды алып, Жакып байдын көөнү жай. Чыйырдынын келиптир, Толгоо келип туучу ай. Эки күн жүрдү жусаалап, Ырым кылып кыргызча, Бай Жакып турду улак чаап, Кескилетип уй берди, Садага кылып пул берди, Салдырып табак ун берди, Чыйырга тынчтык бербеди. “Баланча жакшы эле” – деп, Эркек менен катындан, Карысы менен жашынан, Элүүдөн ашык жан келди. Күндүгүнө келген эл, Конокко бирден бээ жеди, Кыйылбастан Жакып бай, Кызмат кылып жиберди. Баканга кебез байлады, Эр жагында капшытка, Түндүктөн учун чыгара, “Баланчада каруу бар, Балан катын эптүү» – деп, Эл кетпей турду шыкаалап, Тыңдуулап бирден шыйгарып, “Карышып колум кетти” – деп, Улам бирден тыңдалып, Эр азамат катындар, “Мына эми түшөт” – деп, Анталашып жатышты, Аз болгондо Чыйырды, Алтымыш киши тартышты. Бешикке салып терметти, Килемге салып көлбүттү, Кирип кымыз ичпеген, Жылкычы, койчу кем таалай, Шылтоо менен төргө өттү. Так он беш күн ошентип, Чыйырдыны төрөттү. Баркырап бала ыйлабай, Кыйналып Чыйырды бир далай, Эңкейип барып карашты, Эстүүлөрү тура албай. Көйкөлүп жатат көк тулум, — Атай, көтөк, эмине? Жакшы эмес бул тулум! Кужурап катын жатканда, Кулагы укту Жакыптын. — Теңтуш элең, Адылбек, Сүйүнчү мага бергин, деп Качан чыгат үйдөн деп, Каралап турсам капшытта, Укмуштуу кеп угулат, Угуп ичим бузулат. Көзүң менен карап көр, Өзүң айтып мага бар! Адылбек кирип карады, Баласы жок алдында, Көк тулум турат байагы. Жакыпка айта салыптыр, Ашыгып Жакып алыптыр, Айлындагы кечилди, Кычыртып келе калыптыр. — Катыны Манас тууйт деп, Айылда, кечил, жүрөсүң, Сен калмактын молдосу, Көп эле ишти билесиң. Ана–мына дебестен, Ылдамыраак киресиң! Бурулбай кечил кириптир, Бу дагы тулум көрүптүр. Эшикке чыкты алдырап, Энтигип сүйлөп калдырап, Бурулуп тили кетиптир, Түз айта албай балдырап. Адылбекти баргын, деп, Балта дөөгө чаптырат, Үйгө кирип Жакып бай, Тулумду жерден алдырбайт. Сан санаа кетти ойуна, Саргарып өңү Жакып бай, Заманасы куурулду, Кара тер бойдон жуурулду. “Куубаш деп айтып эл жүрсө, Элге кудай кошулуп, Мени шылдың кылдыбы?! Алапайын табалбай, Анталап Жакып жатыптыр, Адылбек барып Балтага, Болгон кепти айтыптыр, Көзү менен көргөнүн, Эминеге келгенин. Сыйкырын көрчү дүнүйө, Угуп Балта билгенин. Койнуна сала аттанды, Алтындан кылган иймегин. Сүйүнүп Балта тердеди, Жарты күндүк жол эле. Жарма ичимде келгени, Камалап турган эр-катын, Арасын ача бергени. Үйгө кирип Акбалта: — Чырпыгы сынса чырпылып, Чынары калса жетилет. Ызы-чуу түшүп, акмактар, Чыйырды шайын кетирет. Колбуп турбай, кары-жаш, Коп, эшикке чыккын! – деп, Чыгарып баарын жиберди. Кылчайып карап Жакыпты: — Башканы койуп сен өзүң, Көрсөтпөй алып баштыкты, Ылдамыраак бар, -деди. Капкактуу бала турбайбы, Бул кудайдын бергени! Короонун аркы четинде. Кыңшылап иттин күчүгү, Үнү чыгат бир жерде, Түк кишиге туйгузбай, Экини алып келгин,-деп, Энтелетип Жакыпты, Балта жумшап жиберет. Балтанын үйгө киргенин, Кечилге кыргыз билдирбейт. Буту- колу бүгүлүп, Бүжүрөп Жакып жүгүрүп, Эки түгөй куу күчүк, Энеси жок жатыптыр, Баштыкка салып Жакып бай, Алып келе калганы. Жакып жете келгенде, Тулумду Балта жарганы. Ичинен чыкты эр бала. Так тогузда кишидей, Чамасы турат ал жагы. Эңкейип колун карады, Оң колунда майы бар, Сол колунда каны бар, Бүтүн дүйнө кылымды, Сойучудай жайы бар. — Бол, Бакдөөлөт, болгунуң, Баланы ылдам ороп ал! Чулгоосун ала чуркады, Жаткан жерден чулгады. Алдына колун салыптыр, Баланы өөдө кылганы, Көтөрө албай баланы, Бакдөөлөт көзү жайнады, Ээрдин кесе тиштенип, Көтөрүп жерден алганы, Күч келиптир Бакдөөлөт, Кокустап бели калганы, — Татай, көтөк, нетти?! – деп, Колун тартып бут серпсе, Кокустап белим кетти! – деп. Угуп турган Чыйырды:

— Ээ, кара бет, не дейсиң?! Келе, бери баланы, Өз колума маа бергин! Баланы ороп алышты, Билгизбей ороп баланы, Чыйырдыны жаткырып, Төшөгүнө салышты, Күчүктү салып ичине, Тулумдун оозун жабышты, Кычырып келип кечилди, Көргөзүп туруп жарышты. Бала эмес, тулумдан Эгиз күчүк табышты, Ичинен сууруп алышты. “Бала эмес, күчүк” – деп, Баары айран калышты, Кыңшылай түшүп бир күчүк, Кечилди көздөй жабышты. — Катыгүн, Балта, жеди! – деп, Кычырдың кандай деги? – деп, Андан артык айтарга, Күрмөлүп сөзгө тил келбей, Кетенчиктеп жыгылды, Калмак кечил эндиреп. Ашыгып Жакып кетиптир: — Өлүп кетсе бул кечил, Ырысымды жедиң! – деп. Туумак тургай Чыйырды, Азабымды берди – деп, Эми өтөт сөөгүмдөн, Ит тууду Жакып катыны, Элдин шылдың кеби! — деп. “Ырымы ушул болот” – деп, Эки сары күчүктүн, Биринин ичин жарышты, Эси ооган кечилге, Садагага чабышты, Курмушу менен учуктап, Куу курмушу журттан таап, Башына кебек түтөтүп, Эс алдырып алышты. Эс алган кечил жалдырап, Жакып байдын үйүнөн, Чыкканчакты алдырап, Үйүнө бара жатканда, Жумулуп көзү баратып, Чык дегин деп күчүктү, Сүйлөп кетет балдырап, Ачып көзүн тамшанып, Араңдан-зорго таңданып, “Бу айылга турбайм”, — деп, Айылдан көчүп кетиптир, Кош артына жүк артып. Кечилдин көчүп кеткенин, Көзү менен көрүптүр. Көп күндөн бери колбуган, Короо менен жык толгон, Жакып байдын үйүнө, Калбай баары кириптир. Дүнүйөсү көп Жакып бай, Кем-керчи жок эч кандай, Бала оозантсак экен, деп, Сактап жүргөн Чыйырды, Кырк тулумча сары май, Андан башка керектүү, Сарамжалы дагы бар. Үйгө кирген катындар, Карысынан баары май. “Жөрөлгөсү эне-атаң!” Майдан салып оозуна, Кемпирлер бала оозанткан. Оозуна майды татканда, Ыйлап оозун ачканда, Күркүрөп үнү угулду, Күн мөндүрлөп куйулду, Токойдо кайып калбады, Токтоно албай барлары, Көлдөр толуп чайпалды, Теңселип тоолор чайкалды, Жер титиреп козголуп, Бутун тартып алганда, Аңтарыла аз калды. Карысы бар, жашы бар, Эки кемпир бир бала, Баланын коркуп үнүнөн, Эси ооган чагы бар.

Жентек жеп элдер тарады, Адылбек, Балта, Жакып бай: — Алып келчи көрөлү, Кана бери баланы. Карбаластап алдында, Чала-була караган, Ачып колун карады, Оң колунун бөлтөктөн, “Манас” атын таап алды. Камындырбай шарт эле, Акбалта айта салганы: — Бул кудайдын бергени, Манас атын которуп, Башкадан койуп ийели. Көп болот кылган иши,- Жок экен башка киши, — деп, “Чоң жинди” атын койолу. “Манас” десең эл билет, Чоң жинди десең ким билет? Акбалта атын койуптур, Алакандын бөлтөктө, Аты кайып болуптур. Жайлоого чыкпай Жакып бай, Бөксөлөй тартып конуптур. Ай кубалап, ай өтүп, Төрткө Манас толуптур. Төрткө жашы келгенде, Тербелип баса албады, Кере кулач далысы, Көкүрөгү андан кең, Кара бойун көтөрүп, Баса албай жатып калганы. Беш жашында телчиди, Алты жашта эр жетти, Жылкыга барып мал бакты, Күндө сойуп семиз бээ, Бээге кошуп тай сойуп, Кымызга чайкап бал куйуп, Эртеден кечке кемитпей, Дасторконго май койуп, Бай Жакыпты какшатты. Бузулуп малы жатканда, Чоңжинди бузуп чачканда, Кужурап Жакып чыдабай, Кулагына жакпаган, Куу какшыкты айтканда, “Кайаша айтсам атама, Калкка уйат болом, — деп, Эми эле минтип жатпайбы, Көбүрөөк мындан иш кылсам, Ээ кылбай атам койот” – деп, Ооруду көөнү Жакыптан, Баркөлдү жердеп туруучу, Ошол кезде Жакып кан, Атадан бала качыптыр, Камбылдын белин ашыптыр, Аккан дайра суусу жок, Какшыган ысык чөл менен, Бир далай күн басыптыр. Калмактар катын жарганда, Караногой кыргыздан, Камбылга көчүп барганда, Катыны эркек тууптур, Атын Мажик койуптур, Караногой Мажиги, Сегизге жашы толуптур. Караногой Кайран чал, Ээрчитип Мажик баласын, Келе жаткан айдап мал. Алдынан калды учурап, Жакыптын уулу Чоңжинди. Мурун угуп көрбөгөн, Муну Ногой билбеди. — Ээн талаада жалгыз баш, Сен эндиреген ким? – деди. Жолдошу жок жанында, Сендиреген ким? – деди. — Атамдын аты Жакып бай, Өзүмдүн атым Чоңжинди, Учурадың алдымдан, Болосуң өзүң ким?- деди. Жакыптын уулу дегенде, Караногой билди эми. “Катыны эркек тууду” – деп, Кабарын угуп жүрүүчү, Баркөлгө көчүп келгенин, Караногой билүүчү. — Жүрү, эмесе, жүргүн, — деп, Уругуң кыргыз экенсиң, Атаңды угуп билдим, — деп, Үйүнө алып келгени. “Мажик экөөң ойноп жүр” Орун берип оңдурду, Үйүнө жатып кондурду. Ойноп жүрүп ай толду, Аштык айдар чак болду. Байкаса аккан суусу жок, Ак элечек тоосу жок, Жандоодон жерди ойуптур, Ошол жерде жүргөн эл, Суу агызып койуптур. Чоңжинди бала өзү тың, Жанында бала Мажик тың, Жерди казып аң кылып, Агызып сууну шар кылып, Айабай экти эгинди, Тоодой кырман бар кылып, Караногой карыны, Кубантып көөнүн жай кылып. Күзүндө келди Турпанга, Кабарын Жакып бай угуп, Келгенин көрдү Чоңжинди, Жакыпты Мажик билбеди, Үстүнө басып Чоңжинди, Жакып байга кирбеди. Караногой, Жакып бай, Карбаластап көрүшүп, Карсылдашып күлүшүп, Тамашага киргени. Жери ысык, жылкы жок, Кой азыраак, эчки көп Эчки сойуп Жакыпты, Караногой кондурду. Кыркча төөсү бар экен, Баары тегиз комдолуу, Кырк төөгө буудай арттырды, Баркөлгө Жакып тарттырды. Кайрылып Жакып келбеди, Артып калган буудайдан, Иш акына бергени, Мен-менсиген тыңынан, Далай киши келгени. Жети жерден ойдурду, Жерге сууну толтурду, Ошол жылкы эгини, Кумдан дагы көп болду. Баркөлдө жаткан Жакып бай, Алтымыш нарча төө алды, Экиден теңдеп таар алды, Куру кантип барам, деп, Курбалдаш Караногойго, Казы чыгаар бээ алды, Баласына энчи, деп, Тору бышты дагы алды. Баркөлдөн чыгып Жакып бай, Турпанга жете барганы, Дөбө-дөбө туруптур,

Чоңжиндинин кырманы. Канча жылдан бер жакка, Жылкынын этин жебеген, Сагынып калган Ногойу, Бээни жарып таштады, Жакыпты кошо бакканы. Алты күнү жатыптыр, Буудайын төөгө артыптыр, “Келерки жылы келемин, Көчүрүп сени кетемин”, Ногойго Жакып айтыптыр. Муну Манас угуптур, “Келерки жылы келсин” – деп, Көөнүнө бүгүп койуптур, Муну мындай таштайлы, Манас баатыр көкжалдын, Аты-тону, каруусу, Камдалганынан баштайлы.