Манастын ат-тону менен каруу-жарактарынын дайындалышы
Үйүнө барып Жакып бай, Жыйырмасын үйгө таштады, Кырк төөгө буудай-дан артты, Жетөөнө алтын-зар артты, Үчөөнө курут-май артты, Үч төөгө алып бирден эр, Чыңгышты көздөй жол тартты. Жуңканда Чыңгыш жатуучу, Батышты карай бет алып, Күндө аскер басуучу. Бай Жакып барды Чыңгышка, Келгенин Чыңгыш угуптур, Кеңири үйгө киргизип, Келтире конок кылыптыр. Үч күн өрүүн алыптыр, Чыңгыш хандын үстүнө, Жакып бай өзү барыптыр: — Кадырлуу Чыңгыш ханыбыз, Аманбы малы-жаныңыз? Аркаңыздан сенделип, Ээрчийбиз кыргыз баарыбыз. Баштагыдан беш бетер, Куттуу болсун өзүңө, Падышалык тагыңыз, Күндөй тийип душманга Сынбады сиздин шагыңыз, Күкүрттөн бетер күч алып, Күндө ачылды багыңыз, Алдыңа келген Жакып бай, Тилегим кабыл алыңыз.
Арнап келген Чыңгыш хан, Санаты элүү нарыбыз, Кыркына теңдеп арттырган, Кызыл буудай даныбыз, Жагданга салып жүктөгөн Жети төөдө зарыбыз, Капка салып арттырган, Үч нарга аркан тарттырган, Курут менен майыбыз, Алдыңа келип арыз айткан, Аты Жакып чалыңыз. Ал канча дебестен, Бир көтөрүп салыңыз, Кабыл көрүп тилегин, Тартуу малды алыңыз. Келгенде сага кебим бар, Келбей койсом, Чыңгыш хан, Эминеден кемим бар? Энесайдан көчүрдүң, Балыкартка көндүрдүң, Бооз катынын жардыртып, Алооке деген калдайга, Куруп калган кыргызды, Ар жорукка көндүрдүң, “Манас туулат экен – деп, Беш үйдөн бирден кондурдуң, Бирден кечил айылда, Конокко күндө кычырып, Молдолорду койдурдуң, Ногойго болдум короолош, Вазир кылып ал койду, Кургак наамды алыпмын, Эч пайдасы болбоду. Сеникиби, Чыңгыш хан, Меникиби, Чыңгыш хан, Короого арбып мал толду. Тардык кылды Балыкарт, Барскоон ашып көчкөнмүн, Күнөстөн ары өткөнмүн, Айагы кууш суусу шар, Жылкыга болду жери тар, Күнөстө чыдап тура албай, Актокойго келип мен, Актокой атын өчүрдүм, Буурултокой ат койдум, Келгели жаман болбодум, “Куубаш Жакып” дечү эле, Балалуу Жакып мен болдум, Өзүм кары бала жаш, Багың артык кишисиң, Мал-пулду алып алдыңа, Сага келдим мааналап. Актокойдо турганда, Арбытпады субайын, Айдап калмак кубалап. Чыдай албай ал жерден, Баркөлгө бардым мааналап. Сагындым Буурултокойду, Сага келдим аркалап. Айтканын Чыңгыш угуптур, Алып келген мал-пулун, Баарысын Чыңгыш алыптыр. Жакып менен жайлашып, Түйүндүү кепти байлашып, Буурултокой, Чаганды, Орто жерде араны, Өткөзүп берип Жакыпка, Хан кылып кагаз бериптир, Бай Жакыптын колуна. Бай Жакып болду “хан Жакып”, Баркөлдөн көчтү Алтайга, Айдап малын чаңдатып. Кыйалында Жакып бай: “Кыргыз менен чамалаш, Акбалта менен караандаш, Казак менен аралаш, Чогулуша консом, — деп, Жакшы-жаман күн болсо, Чогуу бирге болсом, — деп, Жөн жатпайт уулум Манас, — деп, Чоңойуп бойго толсо,” – деп, Ойлонгон кеби бай Жакып, Чыңгышка барып арыз айтып, Тилегине жетиптир. Колуна хандык катты алып: — Уруксат бер Чыңгыш хан, Кетейин, — деди аттанып, Төөдөн бирди албады, Чыңгыш хандын короого Алып кирип байлады, Бабырап Чыңгыш кеп баштап: — Ой, бай Жакып, — деп баштап, Кандыкты бердим мен сага, Эми кетип жатасың, Үйүңдү карай кур гана, Куру кетпей ала кет, Буудайың, алтын-пулуңду, Мен алайын мунуңду. Күндө көчүп жүрөсүң, Ала кеткин нарыңды, Албаймын мен малыңды, Мине кет ылгап жоргомду, Кийе кет кылдап торкомду. Кабаттап тогуз тон койду, Коштоого тогуз ат койду, Аты-тонун баарысын, Албай Жакып койгону. — Куру кетесиң кантип? – деп, Улам Чыңгыш торгоду, Балта айтып Жакыпка, Маалым эле башынан: “Манас минчү бир ат бар, Өзү сары кула тай, Ырысына уулуңдун, Душманынан табылар. Ошол тайда, Жакып бай, Эки-үч түрдүү белги бар: Ак сур кула түгү бар, Кулун даакы түшпөгөн, Учасында жүнү бар, Орто эшектей бойу бар, Жоон сабоодой колу бар, Өсө албай жүрөт корунуп, Жашырып бойун жаныбар. Мен да байкап жүрөйүн, Сен да байкап карагын, Илинип калса көзүңө, Кыйа өтпөгүн, Жакып бай”, Жакып бай мында келгели, Күн алтыга толгону, Келгенден Жакып бер жакка Балта айткан кула тай, Короого пайда болгону. “Кантип жылкы болсун?” – деп, Ойунда Жакып ойлоду, “Төө жетелеп, тон кий» — деп, Жолун Чыңгыш торгоду, Эми Жакып турбады: — Короодо жүргөн мана бу, Жаш баланын малы экен, Деп кула тай сурады. Кула тайды сураса, Чыңгыш күлдү кырс этип: — Сураганың кула тай, Болосуңбу көөнүң жай? Кула тайды сен уксаң, Мана мындай жайы бар: Өз малымда короомдо, Куу чаар бээм болчу эле, Үч жылда бирден туучу эле,
Үч жыл кысыр турчу эле, Алтайдын Айдыңкөлүнө Мындан качып барчу эле, Кардына бала бүткөндө Кайра келип алчу эле. Эки асыйда бир тууду, Кулуну кара туулду, Кара тай сулуу мал болду, Тулпарлык сыны бар болду, Ар кайдан сурап эл келип, Кулагым ызы-чуу болду. Күндө келип Алооке, Короомдон кетпей койгону. Ала албайт деп ойлодум, Ортого арбын мал койдум. Макул деп алды Алооке, Алооке берген арбын мал, Мага болду береке, Алооке бербей турбады, Кара тайдын колкосу, Үзүлбөй эки ай чубады. Кийинки жылы куу чаар бээ, Дагы бирди тууганы. Кедеңдин уулу Жолойу, Жеткире берип колкосун, Каалап туруп бул алды. Туубай үч жыл куру калды, Эки жыл кетти жоголуп, Табылбай чаар бээ койгондо, Күндө суроо салгамын, Элдин тынчын алганмын, Короого келип калыптыр, Үчүнчү жылы бул малым. Ошол жылы тууганы – Сен сураган кула тай. Жаңы бышты жазга асый, Кебетеси ушундай. Малды ээрчип кетпеди, Жашы бышты болгунча, Даакы жүнү түшпөдү. Жоон сабоодой буту бар, Саа жарайбы ушу тай? Анда Жакып муну айтат: — Алооке менен Кедеңдей, Каалап алып бергендей, Кайсы менин уулум бар? Этегим жаап ката элек, Серек, Сыргак жаш балдар, Эшикке чыгып сийе элек, Арнап миниш ат тургай. Кардыгач кызым чоңойуп, Каралды болуп калды эле, Өзүмдү тартып калганбы, Өтө кароо малга эле. Короодон кетпес мал экен, Кардыгач минип жүрсө, деп, Көөнүмө кетип калды эле. “Сурасаң, Жакып,алгын,”-деп, Чыңгыш бере салыптыр, Басып барып жигиттер, Эринден чалып алыптыр. “Кош, эмесе,” – деп айтып, Кол тартышып Жакып бай, Аттанып жолго салыптыр. Жакып бай кетип эми эле, Жаңгыр келип калыптыр. — Кеттиби, Чыңгыш, Жакып бай? Падыша Чыңгыш болсоң да, Өтө сенин пейлиң тар. Узаттыңбы Жакыпты, Көөнүн ачып кош кылбай? Жаңгырды карап алайып, Алдыңкы ээрдин жаланып — Береминби, бербеймин, Өзүм билем мал-пулум. “Таарынтты мени Чыңгыш”-деп, Айттыбы сага, Жаңгырым? Сурады каалап сур тайды, Албады андан башкамды, Сурап жатып тайды алып, Эмеле Жакып аттанды. Тайдын жайын мен айттым, Болбой Жакып алганы... Угуп Жаңгыр делейип, Тиктеп калып элейип: — Катыгүн, Чыңгыш, не дейсиң?! Сур тайды бердим, не дейсиң? Сур тайды ага бергениң – Падышалык тагыңды, Башында белги бергениң!
Хан болдум деп калдайып, Колуңду керип далдайып, Малдын жайын билбейсиң, Алооке алган кара тай, Алгара болду билдиңби? Жолой алган сур тайың, Ачбуудан болду көрдүңбү? Сур тайды көзгө илбедиң, Суурултуп таптап минбедиң. Айткан кепке кирбейсиң, Малдын жайын билбейсиң, Буту чийдей начар, деп, Көңүлүңө илбейсиң. Ал Аккула деген ат болот, Ай-ааламга даңк болот. Не бересиң Жакыпка, Багың качып жоголот! Кеттиби деп Жакыпты, Сурагалы келбедим, Үч күндө бирден көрчү элем, Жакыпка берген сур тайды, Көргөнү бүгүн келгенмин. Көңүлүмө толбоду, Көркоо Чыңгыш бергениң! Жаңгырдан угуп жеме кеп, Бир жигитин желдирди, Ылдам алып келгин, деп, Келаткан Жакып ылдамдап, Аркасын карап делдеңдеп, Айылдан чыкты чабаган, Жакыпты карай делбеңдеп. Жакыптын кетти көөнүнө: “Сур тайды доолап келет”, деп. Алдында кайкы ач белес, Желип чыкты энтелеп. Жетегинде сур тайы, Сүйрөлүп баспай темселеп, Нарларын белден ашырды, Жоролорду жетелеп. Аңгычакты чабаган, Жете келди энтелеп, Айтып кепти келгенде, Агытып ийди мына деп. Айдап көрсө чабаган, Арык сур тай баспады. — Хан болбой катып калгыр!–деп, Ушуну доолайт малым, – деп, Артынан келген чабаган, Чокуга чаап таштады. Чабаган кетти элине, Жакып бай чыкты туу белге, Жете келди кула тай, Төө артынан бир демде. Карады Жаңгыр далыны, Калды сур тай бир жерде, “Айдасам баспай койду” – деп, Чабаган айтып келди эле, Эч кимдин иши болбоду, Унутуп баары койгону. Кишинеп жете барганда, Жетелеп Жакып алыптыр, Алып кетип калыптыр, “Буудайга сатып алган”, — деп, Ошого аты калыптыр. Баркөлгө барып бай Жакып, Анда турбай байыр алып, Буурултокой көчүптүр, Чыңгыш берген катты алып, Буурултокой келгенде, “Хан Жакып” деген атты алып. Жакып бай көчүп келгенде, Хан Ногой небак өлүптүр, Ногойдун калган эл-журту, Кан Жакыпка көнүптүр. Кийинки жылы күз болду, Турпанды көздөй бет алып, Аттана турган кез болду. Жетекте төөсү жүз болду, Жолдошу элүү эр болду, Жетегинде Жакыптын, Үч токумдуу ат болду. Аттардын тыңын ылгатып, Токулгасын чыңдатып, Аттанмак болду үч күндө, Турпанды көздөй жол тартып. Жакып бай турду Чыйырга, Уккан кебин бүт айтып: — Жүрүүчү эле сур тайды, Агаң Балта дөө айтып, Берип койуп алдында, Чыңгыш алды бир тартып, Жете келди аркамдан, Жетелип келдим мен кайтып. Кебетеси-кешпири, Керекке келер тай эмес, Билет десе Балтаны, Бул айтканы кайсы кеп? Чыйырды айтат кепти угуп: — Жакып хан, уккун, көөн буруп, Сур тай мында келгели, Ийип кетет эмчегим, Кээ-кээсинде буулугуп, Сага айтып эп көрсөң.. Берейин буудай деп жүрөм, Эмчегим саап сүткө жууп, Ырысына уулуңдун Койгон окшойт бир бээ тууп. Пулуңду берип жалдадың, Колкосуна пулуңдун, Кандык атты сен алдың, Үч жылдан бери ажарлык, Кырк нарга жүктөп буудайды, Сур тайды сатып сен алдың. Сен албадың сур тайды, Айдады Манас буудайды, Балта айтып жүрүүчү, Аккула ушул турбайбы! Борсулдап күлүп бай Жакып: — Оо, Чыйырды байбиче, Айбанга эмчек ийди, деп, Айтканың кандай кеп эле? Көзүм менен көрөйүн, Саап көрчү эме эле. Жакыптын кебин укканда, Зыркырап эмчек ийди эле, Чыныга саады Чыйырды, Чийдей агып куйулду, Өзү менен эмчектеш, Эненин сүтүн буйурду. — Дагы ийим бир сүтүм, Ийбей туруп калды,- деп, Уулуң менен эмчектеш, Дагы бирөө барбы? – деп, Кеп кылбай Жакып калыптыр, Ак буудайдан кочуштап, Байбиче сүткө салыптыр, Сур тайга суна берди эле, Берип көнгөн немедей, Ирмеп сур тай жеди эле, “Аккула Манас эмчектеш” Дегени ушул кеп эле, Негизи тулпар Аккула, Түбү Чыңгыш малы эле. Жол керегин бүт камдап, Белендеген Жакып бай, Эртең менен аттанат. Баркөл, Турпан арасы, Он эле күндүк жер эле. Алтайдан мында келгенче, Кырк күн өттү жөн эле, Толук жүзчө нар менен, Калдайган кара эл менен, Бай Жакып келип түшкөнү, Караногой кемпири Чай кайнатып түтпөдү. “Бай Жакып быйыл келет”, деп, Караногой жүрүүчү, Жол керегин белендеп. Кысыр эмди тай, тайлак, Конокко сойуп Чоңжинди, Төө сойуп конок кондурду, Томсоруп карап олтурду. Чоңжинди Мажик жүгүрүп, Коноктун алды жатканда, Аркасы жатып атканда, Караногой, бай Жакып, Масылет кылып жатышат: — Жүз төөдөн ашкан жүк болсо, Сап алтынга сатканга. Чоңжинди, Мажик угуптур, Экөө кеңеш кылыптыр, Кеңиши мунун тыныптыр. Алгачкы жылы бай Жакып, Алып келген тору тай, Тоотору атка конуптур, Мажиктин аты болуптур. Чоңжинди айтат Мажикке: — Тилимди алсаң сен, Мажик, Биз турбайлы бул жерде. Пулду көрсө сүйүнгөн, Малды көрсө жүгүргөн, Атам карик киши эле. Мал бактырып биздерге, Жайыбызча койобу? Эркин өскөн Жакып кан, Айткан сөзгө болобу, Эл жаткан кезде коболу, Жаман жылкы болбойт го, Энчиңе алган тору тай, Быйыл бышты, жазга асый, Жарашыгы бир далай. Үч ай минсең чалдырбай, Минерге чыдайт тору тай, Шек берип сырын алдырбай. Мен атамдын атын минейин, Жетелеп келген аттарын, Аны кайдан минейин. Майболпоч баары бош жылкы, Жетелеп жүрүп какырда, Ысыкка күйүп жүрбөйүн. Конушун уктук булардын, Көргөнмүн жолун билемин, Чыйырды менен тилдешип, Сен экөөбүз бирлешип, Чыйырдыдан угалык, Акбалта менен сүйлөшүп, Анан жумуш кылалык. Төө жетелеп, ун артып, Боз ала чаң болгунча, Ушул кеңеш ылайык. Кеңеш кепке катышып, Жанына азык байлашып, Абыдан көөнүн жайлашып, Айылдан кетти аттанып. Бурулбай булар аттанды, Туйбай анда эл калды. Айал кылып турбады, Алда канча жол басып, Ортодо конуп жатпастан, Ат өргүтүп баспастан, Эрте басып, кеч жатып, Кээ бир жерде түн катып, Алтай менен Баркөлдүн, Ортосунда бел экен, Салбарды деген бел ашып, Жакып байдын айылына, Жетип калды жанашып. Күүгүм кире күн бата, Айылдын алды жуп жата, Ажылдатып иттерди, Ызы-чуу кылып камата, Жакып байдын үйүнө, Бастырып келди жанаша. Чыйырды күмөн кылуучу: “Бай Жакып барса ал жерге Балам качып келер, — деп, Ак сүтүм берген эмизип, Акый демди билер,- деп, Күндүз келсе көрүнөө, Түндө келсе короого, Үйгө басып кирер”, — деп, Ит ажылдап камады, Жата элек үйдө Чыйырды, Эшикке чыгып карады. Көрүндү көзгө келаткан, Эки жандын карааны. Караанды көрүп Чыйырды, Эргип көөнү кош болуп, Тура албай калды токтонуп, Алдынан утур барыптыр, Караса уулу Манасы, Алдынан чыга калыптыр. Жанындагы баланы, Уккан мурун кабарды, “Ар качан Мажик экен”, деп, Бетинен өптү баланы. Манастын мойнун кучактап, Желкесинен бир жыттап, Токтобой кетти Чыйырды, Көзүнүн жашы бурчактап, Бакдөөлөт чыкты аңгыча, Узун көйнөк булактап. Баатырды келип кармады, Бооруна басып калганы. Үйүндөгү бүлөнү, Атынан айтып чакырды, Аксарбашыл айттырды, Сары эчкисин мууздатып, Садагасын кактырды. Бар кийимин чечтирди, Короодо бозой жылаңач, Бүт кийимге жеткирди, Алып кирип баланы, Сылап-сыйпап жаткырды, Сүйүнгөндөн Чыйырды, Уктабай таңды аткырды. Эртең менен болгондо, “Элдер көрүп турсун” – деп, Дагы улак чаптырды. Бээден сойуп той берип, Келген элге эт берип, Эки күн өрүүн алдырды, Ээрчитип алды Манасты, Чыңгыштан алган сур тайды, Басып барып карашты. Баатырдын үнүн укканда, Аркырап сур тай кишинеп, Байкап көрсө ушул тай, Буттары ничке, кичинек, — Эмчегим ийип кетти, — деп, Чылап буудай бердим, — деп, Жаныбарым ушул тай, Көнгөн аттай жеди, — деп, Атаң алып келиптир, Тайатаң Балта кеби, — деп, Арнаган аты экен, — деп. Атайын барып карады, Көкүлүнөн каңтара, Куйрукка чейин сыласа, Түшпөй жүргөн курсак жүн, Түк бирөө да калбады. Колун тартып алганда, Керилип сур тай суналды. Кулакта күйгөн шамы бар, Маңдайында багы бар, Соорусуна карасаң, Салаа-салаа калы бар, Бабай Өмүр сылаган, Ошол калды билип ал. Тутам болуп кадоодой, Азуусу чыкты жаныбар. Курсагын жыйып тартылган, Кулагы жалдан артылган, Он беш күн болгон байлаган, Аркардай көзү жайнаган, Мындай сулуу чыкпайт го, Төрт айактуу айбандан. Жал, куйругу түпөктөй, Тумшугуна караса, Сымга тарткан күбөктөй, Бүткөн бойу жарашык, Күмбөзгө тарткан сүрөттөй. Айран-азыр калыптыр, Чылбырынан канкоруң, Жетелеп атты алыптыр. Үйгө келбей акырда: — Тайым Балта кайда? – деп, Дайынын сурап калыптыр, Сураганда Чыйырды, Ачыгын айта салыптыр: — Тайың Балта сурасаң, Акчамбылдын төрүндө, Агалаташтын белинде, Жон атагын айтканда, Аралкөлдүн жээгинде. Зар болуп жүрөт тайакең, Сендей, балам, жээнине, Кулагың салып угуп тур Энеңдин айткан кебине. Атаң карик, сээри пас, Сен албагын көөнүңө. Аксакал уулдай талтаңдап, Жата албайсың төрүнө. Ашөпкө бир мал сойулса, Чатак салат көрүнөө. Тайыңа барып таанышкын, Мында турбай а көрө. Мурун кыргыз, калмактан, Маанайы жаман пас болгон, Баштан-айак калмактар, Бул кыргызга кас болгон. Айрыкча сени туулат деп, Кылбаганы аз болгон. Тирүүлөй катын сойдурган, Кардынан бала суурушкан, Каратып туруп жардырып, Кардынан канын чууруткан. Айдап кыргыз биздерди, Ар кайсы жакка кул кылган. Тайың Балта ал жерде, Айланасы бүт калмак, Айласыз бүгүн тар жерде. Күндүз барбай кеч баргын, Күүгүм кире ал жерге. Дөбөдө үч үй туруучу, Үйүнүн бирөө ашкана, Мейман кирет бирөөнө, Өзү жатат бирөөнө, Бейчеки адам кире албайт, Уруксатсыз үйлөргө. Үй белгиси бул, балам, Мал белгисин айтайын, Көөнүң койуп кулак сал. Агала сайдын ташында, Сарала көлдүн сазындай, Боз чаар чаптын тигиндей, Жээрде, тору билинбей, Кара буурул, кызыл сур, Минилбеген баары кур. Тайыңдын уксам жылкысын, Таанымал элге мына бул. Калган элде жылкы бар, Бир өңчөй болот жылкылар. Акбалтанын малындай, Мындай жылкы аз чыгаар. Короого жылкы байлатпайт, Жакын айыл кондуруп, Коңшуларын жыргатпайт. Ажылдатып ит бакпайт, Кир дебесе үй ээси, Үч үйгө киши баш бакпайт. Күндүз барсаң эл көрөт, Эрдемсип алган калмактар, Эмеле келет тебейлеп, Какшатпагын энеңди, Ыйласам жашым себейлеп. Айтып болуп бар кебин, “Ажырап балам кетет”, — деп, Чыйырды ыйлап жиберет. Бала да болсо кара көк, Айтып болгус иши көп. Сур тайды минип куулжуп, “Болду, эне, болду, — деп, Жүргүн, Мажик, жүргүн” – деп, Бастырып кетти айылдан.
Айылдан балдар кеткенде, Чыйырды менен Бакдөөлөт, Тиктеп турду карашып, Көрүнбөй көзгө карааны, Көп ыраакка кеткенче, Жолунда Магдым үйү бар, Жолу каткан Чоңжинди, Жаш баладан кыйын ал. “Никесинде Жакыптын, Магдым да мага эне – деп, Учурашпай кеткенде, Жүз көрүшсөк бир кезде, Мага айтар жеме”, — деп, Кайрылыш жолго салганы, Кайран Мажик жанында, Калдайып жетип барганы. Эшикте Магдым бар экен, Атынан жерге түшүрбөй, Эңкейтип өптү баланы. Улуусун Серек дээр экен, Кичүүсү Сыргак бала экен, Ошол жылы жетиге, Чыгып калган чагы экен. Караса көздөн от жанып, Чыңаган темир өңдөнүп, Беттешип жоого киргендей, Белсенип найза өңөрүп, “Ээрчитер иним бардыр”, -деп, Эңкейип Манас көтөрүп, Серекке көзүн салбады, Көтөрүп алды Сыргакты. Ал күнү жатып конушту, Айабай конок болушту. Эки уулдуу катын эркелеп, Малайлары энтелеп, Тай-кунанга арда эмген, Тайлак төөнү жетелеп, Конок кылып кондуруп, Эртең менен Чоңжинди, Кош эмесе, деп койуп, Токуп кула ат минди. Алтайды көздөй бет алып, Ал экөө жолго салыптыр, Арада канча күн басып, Чамбыл ташка барыптыр.
Кишиден кепти сурабай, Чыйырды айткан мал түрүн, Унутуп ойдон чыгарбай, Жылкыны көрүп тааныды. Баш–айагы бир күндүк, Жерге жылкы жайылды, Алтымыш уруу аралаш, Белгилүү жылкы табылды. Бурулуп артка кайрылды, Кайкыга чыгып карашып. Алдында турган айылды. Чыйырды айткан чын экен, Балтанын айылы табылды. Ортосу агын коо экен, Өйүз–бүйүз секичек, Эл конуучу жер экен. Бир жагында үч үй бар, Балтанын үйү ал экен. Бир жагында көп айыл, Байкады муну жаш балдар, Тигилүү катар үч үйгө, Эртеден – кечке жан барбай, Короонун аркы четинде, Жөлөңкө тартып төш жакка, Олтурган анда бирөө бар, Чоңдугу опсуз көрүндү, Жүрөгү жок жан көрсө, Ошол жерде алгындай, Мойнуна жакын өлүмдү. Тогуздан атка сүт артып, Токтоосуз келет жылкычы, Кирип-чыгып жатышат, Үч үйдүн бирин ачышып, Сүтүн куйуп сабаага, Токтобой кайра кайтышып, Келип турат артынан, Дагы сүтүн артышып, Күн бешимге толгондо, Жылкысын койду агытып. Кийинки сүтү кырк атта, Эл ичүүчү кымызы, Өйүзгү айыл баш жакта. Баарын көрдү жумушун, Байкап билип алышты, Көз байланган бүүрүлдө, Байагы киши олтурган, Капыстан чыга калышып. Ороздунун Чоң Балта, Бойу тоодой төө Балта, Акылы артык адамдан, Далайды билет бир канча. “Анык Манас болгондо, Келер кези болду, “ – деп, Эсептеп билчү жыл-айын,- Тогузга жашы толду, — деп, Эки күндүн ичинде, Келсе келип калар, деп, Карбаластап келишсе, Калмактар туйуп алар”, — деп, Кашатка чыгып олтурган. “Эртеден кечке карайм, — деп, Келбейт экен балдар – деп, Кечигип калды кандай? – деп, Унутуп ай-күн эсебин, Чалалык менден кайдан?” – деп, Келбей койгон кезинде, Үйүнө кирген кайгы жеп. Кирген менен үйүнө, Тизесин Балта бүгө элек, Көчүгү жерге тийе элек, Ат дабырты угулду, Кулагына дүпүлдөп. Кайра Балта жүгүрөт, Сүйлөнүп калды катыны: — Жаш бала кезиң болбосоң, Балта дөө атың сен болсоң, Эртеден-кечке талаада, Үйүңө кирбей олтурсаң, Оозуңа наар салбасаң, Шамда кирип эшиктен, Олтуруп орун албасаң, Жеңилип калдың не мынча? Бейлиң сенин эң жаман! Кашкайып Балта кеп кылбай, Кайрылган бойдон унчукпай, Эшикке чыга калыптыр, Аттарын байлап кадаага, Эшигинин алдына, Балдар келип алыптыр. Салам айтып кобурап, Алабы-албай койдубу, Ээги араң кыбырап. Чыккан бойдон түз басып, Аттарга барды чукулдап. Айлана басып кула атты, Тегеренип карады, Эңсеп жүргөн Балтанын, Эсинде малы байагы. “Бабай Камбар олуйа, Сылаган тагы барбы?” – деп, Соорусун байкап карады. Калемдин учу чийгендей, Беш колдун тагы турганы! Аттарды чечип жетелеп, Алдындагы терең коо, Ичи терең жар экен, Терең жардын ичинде, Жер казган үйү бар экен, Үч жылдан бери камынып, Олтурган журту ал экен. Балтанын андай кылганы, Төлгөчү калмак Эленкир, Балта менен короолош, Айылдан бирге бар экен. “Көрбөсө билбейт аны, — деп, Көзү көрсө белгини, Күмөн кылып калар” – деп, Камынып жүргөн чагы экен. Жер үйгө атты байлады, Балта көөнүн жайлады. Ээрчитип кирди үйүнө, Келген эки баланы. Мажик эшик ачканы, Балта баштап башканы, Ортодо кирди арстаны. Оройун көрүп баатырдан, Балта дөөнүн кемпири, Өлүп кете жаздады. Жыгылчудай кыйшайып, Араңдан-зорго тас калды. “Ар качан Балта айтуучу, Атын уккам, көрбөгөм, Жээнибиз биздин Чоңжинди, Ушул болду бекен?” – деп, Ойуна кетти бир күмөн.
Энтелеп катын жүгүрдү, Кыскартып жеңин түрүндү. Бал чайкаган кымыз бар, Капакка салган майы бар, Каймакка бышкан наны бар, Казы-карта аралаш, Кертип койгон дагы бар, Алып келе калганы. Чыгданды көздөй басканы, Чыгдандын оозун ачаарда, Атынан Балта айтканы, Азгаштырып кемпирди, Башка бир ишке жумшады. Ээрдин тиштеп каш бүркөп, “Бербегин”, деп айтканы. Сыр алдырбай кемпири, Кайнатып койгон чайды алды, Ачыткан максым жарманы, Бышырып койгон токочун, Алып келип койгону, Алып келген тамакка, Келген балдар тойбоду, Ошону менен унчукпай, Жаткырып муну койгону. Жол басып келген балдардын, Уйкудан көзү катыптыр, “Көрүнөрбү укмуш” – деп, Уктабай Балта жатыптыр, Бир убакта кол серпип, Чоңжинди төшүн ачыптыр. Чарадай жерге ак түшүп, Жабыкбаштын үстүнө, Үзүгүнө так түшүп, Кут куйулган немедей, Жапжарык болуп шам күйүп, Көрүп Балта күйүгүп, Кооп чыга жүгүрүп, Жан-алы калбай сүйүнүп, Жакасын кармап эшикте, Жараткандын жолуна, Жетимиш кой арнады, “Эрте менен болгондо, Элге бөлүп берем” – деп. Кайра кирип жатканы, Койнундагы катынга, Муну Балта айтпады. Агарып сүрүп таң атты, Кул-күңдөр түндүк тартышты, Акбалта койду жемелеп, Үйгө кирбей кайтышты. Өзү басып Балта дөө, Үңкүрүнө барганы, Аттар турган байлалуу, Ал үңкүрдүн ичинде, Нечен чөптөр камдалуу. Оозуна салды килитти, Түк туйгузбай кишиге, Катыны дагы билген жок, Өзү билет ичинде, Үйүнө кирбей акырып, Эшигинин алдында, Жылкычысын чакырып, Тогуз-ону келиптир, Үнүн угуп шашылып, — Жылкычы башы Тилекбай, Мен айтам кебим, уккун жай, Ушундан нары жөнөгүн, Үйүңө кирип олтурбай. Түгөнгүс менин малым бар, Өзүң дайнын билесиң, Менден жакшы Тилекбай, Жашы менен карысы, Түк көзүнө карабай, Алдыңкысы жети жыл, Андан калса беш жылдык, Амалсыз болсо үч жылдык, Туубай калган ак боздон, Өңдөрү келген окшоштон, Башка малдан кошпостон, Жетини ылгап табыңар, Бээ байланып болгунча, Алып келе калыңар. Жаз жарыды, бээ байлап, Ошондон бери мен Балта, Унчукпай жүргөн жайым бар, Үлүш бербей койду деп, Үмүт кылды айылдар, Сойууга жарап калгандыр, Семирип эми малыңар. Балтадан угуп кабарды,
Тилекбай алды чабарды, Алтымыш киши жылкычы, Айылда бирөө калбады. Ылгап туруп туу тандап, Жети жылдык бирөө экен, Беш жылдыгы эки экен, Үч жылдыгы төрт экен, Балтанын тапкын дегени, Санаты мунун жети экен. Кармашып жети бээ алып, Жетелетип жанына, Жети киши котчу алып, Жылкычы Тилек жетиптир, Энди Балта нетиптир, Жети жылдык боз бээни, Алып калды үйүнө, Беш жылдыктан эки бээ, Байлап койду кермеге. — Үч жылдыктан төрт бээни Алып барып айылга, Төрт үйгө төрттү сойуңар, Күн кечкирип кетпесин, Ылдамыраак болуңар, Тартылуу түндүк ак үйлөр, Такырайтып койуңар. Жети сабаа кымыз бар, Тилекбай, сенин үйүңдө, Келген элдин колуна, Айак үзбөй сунуңар. “Кенен кыргыз эли” – деп, Келип кеткен калмакка, Аңгеме болсун мунуңар, Өзүм жаткан үч үйгө Жан бастырбай койуңар! Үч үйүнө караштуу, Казанчы алты уулу бар, — Жети жылдык боз бээни, Жик чыгарбай сойуңар, Салынбасын төрт туйак, Андан башка этинен, Аш болбоочу кишиге, Кошуп безин салбасын, Аты ичеги калбасын. Катуу эмес асталап, Орто карта кайнаткын, Ыгы менен туз салгын, Шылтоо кылып татпагын, Байбичесин жумшады: — Карап өзүң башкаргын! Бейчеки отту жактырбай, Бирөөгө тузун таттырбай, Башкаларга чыгарып, Угузуп элге жап кылбай, Маалында этин бышыртып, Чараларга чыгартып, Ажыратып жилигин, Сом эттин баарын бир бөлүп, Өзү карап олтуруп, Алты уулга тууратып, Кол жуудуруп балдарга, Алдына койду сөөк тартып, “Жейт экен кандай этти?” – деп, Байкайт Балта көз салып. Бирден алып жиликти, Сыйра кармап оозуна, Бир эле салат Чоңжинди, Мажик менен Чоңжинди, Жилик этин бүт жеди: Аңгычакты болбоду, Туураган эти келди эми. Чараны тарта бергенде, Жигитти чыгып кет, деди, Чоңжинди, Мажик ал экөө, Ошол үйдө эт жеди. Жеткилең жети албады, Жей албай Мажик калганы, Жетик тууган Чоңжинди, Этин эмес шалдаган, Чыгын кошо жалмады, Үч жылдан бери камданып, Дайарланган Акбалта, Үч өгүздүн терисин, Кермегин жакшы кандырып, Карагай ышка төндүрүп, Жел киргизбей көмдүрүп, Орду менен тиктирип, Жык толтура койдуруп, Бишкек менен токмоктоп, Талкуулатып урдуруп, Эр жагында сабаасы, Баш көтөрүп Балта дөө, Ал балдарды карады. — Сен экөөң жаш, мен кары, Тартынбай ич, деп, кымыздан,- Көрсөтүп койду сабааны. Алты жашар баланы, Ичине салып олтурса, Чыгалбай уктап калгындай, Балта дөөнүн айагы. Мажик ичти тогузду, Айак менен Чоң жинди, Удаа ичти отузду. Ичпей Мажик калганы, Төрт бурчунан сабаанын, Түрө Манас кармады, Дем албай ичип шимирди, Түбүндө неме калбады. Күрпүлдөп жаткан сабаасы, Шылбырап жатып калганы, Кыйалында Балтага, Кыраан баатыр жарады. “Алыстан келген арам,-деп, Ушул бойдон уктаса, Жеген майы, эт сиңбей, Болбой калар бала, — деп, Балта кепти баштады, - Жоокалатып турам” — деп. — Окшош эки баласың, Кеч кирип түндө жаттыңар, Эми кайда барасың? Ким болот атаң? Айтыңар, Туйук келип жөн кетпей, Туйундуруп кайтыңар. Экөөңдүн атың ким болот? Угушуп сурап билбесек, Эл-журтуң ким болот? Атаң менен энеңдин, Баарын айткын балдарым. Тайыңды кошо сурайын, Жашырбай айткын бар жайын. Ачка жаттык түндө, деп, Көңүлүңө албаңар, Көрүнөө көзгө көрсөтүп, Болгон ишти айта сал. Балта сурап токтолду,
Баатыр тууган Чоңжинди, Баш көтөрүп козголду: — Жерибиз Алтай, Кеңтокой, Журтубуз кыргыз хан Ногой, Атамдын аты Жакып бай, Балта деген тайым бар, Тайымдын жүзүн көрсөм деп, Атайын келген жайым бар, Издеп келсем айлыңа, Тааныбай турган жайың бар. Энемдин аты – Чыйырды, Өзүмдүн атым – Чоңжинди, Баргын деп тайың журтуна, Энем мени жиберди. Кыргыздардын ичинде, Ойшун деген бар экен, Ойшундардын ичинде, Караногой кары экен, Аты Мажик мына бул, Ногойдон туулган бала экен, Жайын айтып жиберди, “Кепке жетик экен”- деп, Жайын Балта билди эми. Олтуруп Балта сөзүн жай: — Турпанда жүрөт деп уктум, Бардыбы, жээним, Жакып бай? Өзүң айдап аш тапкан, Буудайга алган малыңбы, Эшиктеги кула тай? Атым менин Балта дөө, Сага камдап жүргөнмүн, Кийериңе күрөөкө, Эми сырга келебиз, Сөз чыгарба бирөөгө. Ороздудан бер жакка, Ортодо өткөн көп ишти, Олуттуу айтып Балта дөө, Чоңжиндиге билгизди: — Кыргыздын иши оң келип, Тилегин колго тийгизди. Сени чыгат деп айтып, Калмактардан билгичи, Жакшы-жаман дебестен, Ийинге бизди сийгизди, Бүгүн-эртең өрүүн ал, Бүрсүгүнү жолго сал. Артыңдан кууп бул жерге, Бөөдө жаңжал болбосун, Келип калса Жакып бай. “Жүргүнүң, үйгө, баскын, — деп, Чоңойо элек жашсың, — деп, Атайын барсам сени издеп, Эмне үчүн качтың? – деп, Адамзат оозунан, Э, балам, чыга берет, айтса кеп, Күүгүм кирип барата, Көз байланган убакта, Шам чырагын алдырып, Ат токумун жам кылып, Казган үйдү көрсөттү, Сур кулага салдырып. Жасаткан экен Акбалта, Байлыгына төндүрүп. Ээр-токумун келтирген, Сап алтынга көмдүрүп. Ноктосу жибек кенептен, Кармап турган немедей, Эп келтирип ченеткен, Жүгөнү бугу кайыштан, Өрмө көгү жүз бештен, Көкүлүн көзгө кертирген, Көкүлдүгүн келтирген, Эркек жагы ургаачы, Учуна тогоо тактырган, Ичине темир кошпогон, Уйуткан сары алтындан, Жагоолору сап алтын, Жалтылдаган сары алтын. Ооздугунан башкасы, Көмкөрмөсү баары алтын, Көмкөрмө көөхар беш жерде, Кем-керчи мунун жок эле. Токуган атка ээринин, Арбынын көрчү кебинин, Камдап жүргөн Акбалта, Манас сындуу эринин. Алдыңкы кашы карк алтын, Кийинки кашы чылк күмүш, Эки каптал эн темир, Эптеп кылган аккаңгы ээр, Таманы темир куйма алтын, Үзөнгүнүн баары алтын, Көмөлдүрүк шалдыркан, Тумарчасы алтындан, Кара темир кошпостон, Күмүшкө алтын жаптырган, Куйушканы куйма алтын, Жетимиш көктөн тарттырган, Олоңдору ой алтын, Ойуштуруп токуган, Көрпөчөсү байандос, Көргөндүн көөнү болор кош. Акбалта эми кеп айтты: — Ай, Манасым, — деп айтты, Алыскы жолго барасың, Чубагым, жолуң болсун бош, Чубак деген уулум бар, Болот го бир күн саа жолдош. Бүгүн кошуп жиберсем, Эки жашынын кеми бар, Быйыл жашы жетиде, Жетиле элек чени бар. Бир жагында карасам, Айткан сөзгө тил албай, Ашыкмараак жери бар. Биргелешип кетерсиң, Түбүң бирге тууганың, Азыркысы тайың ал. Аттанып жолго саларга, Ашыкпай жүргүн, чунагым. Батышты алгын маңдайга, Жаныпты көздөй ыңгайлап, Самарканга барарсың, Самаркандын үстүндө, Белсаз деген жери бар. Жамгырчы менен Шыгайдын, Олжого кеткен моңгулга, Ошондо сенин элиң бар, Оолугуп кетпей, чунагым, Ойлонуп айткан кебимди ал. Баш көтөрсөң Алтайдан, Баш бербейт калмак биздерге. Баш бермек эле турмайлык, Тебелейт калмак күн-түндө. Көкжалдык менен сен калып, Көгөрүп жүрүп мен калып, Кыйратып калган кыргызды, Кызын калмак эл алып. Болотко деймин ойлосом, Ал кезекте кыйналыш. Эл четинен чыгалы, Эл бүлүнткөн моңгулга, Эптеп уруш кылалы, Бир четинен жылдырып, Жер бошотуп алалы. Быйылкы жылы камынам, Эркегин койбой бар малдын, Субай кылып бычтырам, Атагы кыргыз дегенге, Айабай кепти уктурам, Чоңдору айтат калмакка, Калгандарын чууртам, Шек бербей туруп жер тандап, Самаркан көздөй мен жылам, Эки жыл өтө бергенде, Ок өтпөс олпок тону деп, Буудайык хандан мен угам, Жиберип жалгыз Чубакты, Сен үчүн олпок суратам. Кыпчакбайдын Абдылда, Чубак менен тең эле, Беш жашында көргөнмүн, Эти тирүү неме эле, “Чубакка кошуп жыйырманы, Жиберемин” – деди эле. Угуп жүргөн укмуштан, Кумардан угуп журт чыккан, Олуйа Бакай кары дейт, Оозунан чыккан ширин сөз, Өлбөскө куну дары дейт, Күйүп жүрөт деп угам, Көрсөм экен сени деп. Укмуш кулак карыдан, Угулуп кеткен кеп экен, Арнап айкын мылтыгын, Берет Бакай дээр экен. Айкожо келет жол тосуп, Арстаным, сага жол кошуп, Ачалбарс тийет колуңа, Ким чыдайт сага жолошуп, Төкөр уста Бөлөкбай, Күтүп ал көөнүн оорутпай, Эр жарагы күндөлүк, Найза менен балта бар, Бөлөкбайдан башка уста, Жасай албайт эч кандай, Далы менен төлгөдөн, Мен угамын көргөндөн, “Ыстырлап” алам колума, Унутуп калам кокус, деп, Үч күндө алам бир карап, Мен аламын ойума, Атаң Шыгай тең карып, Жакып менен энелеш, Жайыңды такыр ал билбейт. Жамгырчы деген тайың тап, Мени менен жатындаш, Бүтүрүп берет бар ишти, Жамгырчы менен акылдаш. Кептин жайын Балта айтып, Жалпы жонун бүт айтып, Кайра келип жатышты. Өргүп эки күн бүтүп, Эртең менен эртерээк, Чоңжинди басчу жол жакка, Балта барып туруптур, Наркы беттен күзөтүп. Элдин алды копкондо, Аркасы элдин кобо элек, Күн чалып калган мезгилде, Желе-жорто шашыла, Шайбаңдата бастыра, Шаңданган эки жаш бала, Айылдан өттү бел жакка. Кашаттан чыкса жапыста, Акбалта турган капыста, Имерип түшө калышты, Салам айтып Балтага, Таазим кыла барышты. Урматтап бала Балтаны, Колунан кармай калышы, — Жээн болсоң да, уулумсуң, Жети ата кыргыз кунун кууп, Кыргыздын муңун укчусуң. Бастырганда бурулба, Баш бурбагын эч жакка. Удул барсаң түз барып, Самарканга барасың. Бузулбай кыргыз эмгиче, Жаткан айыл абаң бар, Айлына калмак бара албай, Бурула кеткин чунагым, Кошой дөө деген агаң бар, Жанупту көздөй бет алсаң, Алатоо бойло тил алсаң, Жакага түшүп барбагын, Жайнап жаткан калмакка, Жанашып кокус калбагын, Коркконсуп тоого тырышпа, “Энеси – тоо, ата – суу”, Угушта биздин кыргызга. Атбашы деген жер эле, Чечдөбө мазар дээр эле. Баш бербей келген калмакка, Баатыр Кошой эр эле. Учурап ага кетпесең, Көөнү бизден кайтпайбы, Чоңойгондо көрүшсөң, Чоң таарынчы айтпайбы, “Келип кетти мага”, деп, Кеп-кеңешти таппайбы, Араник көздөй бет алсаң, Колбутуп колун баспайбы. Ойноо бала жаш чакта, Ойуңа алып сен барсаң, Өмүр бойу унутпай, Кызматыңды кылбайбы, Түбүбүз бирге тууган, деп, Баш булгабай турбайбы. Сен Жакыптан туулсаң, Ал Катагандан туулган, Өтүшкөн жок өөдө-ылдый, Сен экөөңөр тең тууган. Көрүшпөй кетсең бу сапар, Көөнүндө калат көп бушман, Күпүр кылар аркада, Көрө албаган көр душман. Шектүү душман элиңе, Кол артчу жерге-жээгиңе, Алдында камдай жүрбөсөң, Тайанасың сен кимге? Келер ишти, кетерди, Кеңеш менен билдиргин, Ичинде жүрсүн ойлонуп, Кеңешим бирге дедиргин. Убакты келген күндөрдө, Өзүң барып көрүшкүн, Ооз-мурундан өбүшкүн. Кыйамы келген бир күндө, Саламга алик албагын, Жакшы адам экен, деп, Жалпаңдашып калбагын. Эр жигит байкап жүрүүчү, Алды-арты, тең жагын. Ошол үчүн мен айтам, Кошойго өзүң сен баргын. Бөлүнүп менден жөнөгүн, Ойуңа албай бөлөгүн. Илебиндин сазында, Иленин батыш башында, Кең Шибердин ойунда, Кечки суунун бойунда, Айдаркан деген казак бар, Ар качандан бир качан, Мазак кылат калмактар. Учураша өткүнүң, Манас деп атың айтпагын, Чоңжинди деп кеткиниң. Көрбөгөнмүн уккамын, Айдаркан уулу Көкчө деп, Алп мүчөлүү шаңданган, Азамат эрдин бири деп. Жалгыз аттын чаңы жок, Казактар жардам боло албай, Анын аты билинбейт. Ыгына келсе сырдашкын, Ылайык болсо муңдашкын, Көөдөк болсо күүлдөк, Көп сүйлөшпөй жөн кайткын. Билгенинче Балта дөө, Бир кыйла айтып насаат кеп, Колунан кармап бир жыттап, Ажыраша бөлүндү, “Баргын, балам, баргын!” – деп. Балтадан баатыр бөлүнүп, Баса элек көздөй көрүнүп, Күнү бүркөөк Алтайдын, Күндө жамгыр төгүлүп, Аралап барды Илеге, Чыгып барды Чоңжинди, Кең Шибер башы туу белге, Чыга калса белеске, Кайкысы ойдуң түз экен, Сары короо кык болуп, Жаздын бери кой жатып, Айдаркандын Көкчөсү, Чүкө атып жаткан кези экен. Отуз бала жанында, Опсуз баатыр байкаса, Айдаркандын Көкчөсү, Жыйырма ашуун бар жашта, Балдарды эки бөлүптүр, Чүкө атып жатып балдары, Өтө чебер көнүптүр. Жакыптын уулу Чоңжинди, Чүкөнү мурун билбеди, Жүргөн жолун унутту, Чечинип койуп кирди эми. Чоңжинди, Көкчө баштаган, Отуз эки жаш болду, Он алтыдан бөлүнүп, Экөө эки баш болду. Утуп алган кишиге, Бирден кыз соога деп койду. Кадамагын кадашып, Кээ-кээсинде кычылап, Жыдыдың деп талашып, Уруша кетчү немедей, Опураңдап урушуп, Күлүп ийип кашкайып, Кайра карап турушуп, Кызык атып жатканда, Төөнүн асты чыгыптыр, Туу белден нары ашканга. Келген төөнү билип ал, Чиркеген катар нары бар, Толук үч жүз төө экен, Дөөкан деген байы бар, Араникте Дөөкандын, Алдырып келген кытайдан, Каптал кара жайы бар. Башкарып жүргөн төөсүндө, Манжулардын Дөөдүр алп, Баш кишиси дагы бар, Көзкамандын Көкчөкөз, Алооке төөсүн жетелеп, Арасында бу да бар. Жүз элүүдөн төө топтоп, Дөөкан менен Алооке, Соодагерлик кылуучу, Сонун иши дагы бар. Аралдын төөсүн колбутуп, Үчтөн төөгө бирден эр, Келип калды мабулар. Атагы чыккан Дөөкандын, Каралөк деген нары бар, Каркыттап сүйгөн малынан, Артык көргөн жайы бар. Дөөкандын төөсү алдында, Жетелеп жетип келишти, Ордо аткан такырга. Чүкө чертип жатыптыр, Ойун келип баатырга, Ордо менен кери жок, Эркин жүрүп, эрке өскөн, Ошол заман чагында, Калмактардай деги жок, Чуркурап балдар жүгүрдү, Тоотуп койор бейли жок. Токтоло балдар калыптыр, Топтото төөнү жетелеп. Ордодо кирип барыптыр, Ошол кезде Чоңжинди, Чүкөнү чертип салыптыр. Чоңжинди колу не күчтүү, Домпой тийген чүкө учту, Талкалап өтүп кетиптир, Колу менен бир бутту. Колу–буту кыйрады, Кара лөк буту сынганда, Карап калмак турбады, Жанында турган баланы, Чокудан нары муштады, Мурдунан кызыл кан агып, Бала жерди жыттады. Баланы көрүп ич күйүп, Баатыр Көкчө чуркады. Айдаркандын эр Көкчө, Бардашы журттан бөлөкчө, Жүгүрүп жетип барганы, Баланы муштап жиберген, Калмакты мууздап салганы, Бу түгөнгүс чуу болду, Таап алды калбааны. Жакыптын уулу Чоңжинди, Болуп жаткан иштерди, Дегеле бирин билбеди, Кызыгып алган турбайбы, Ордо ичинде жүргөнү. Көзкамандын Көкчөкөз, Так орустай байкасаң, Мурду кызыл, көпкөк көз, Ээрди-мурдун жаланып, Кеп кылганы өткүр сөз. Көкчөгө барды жакындап, Этектен кармап тартарда, Чоңжинди көрө салыптыр, Чуркап чыгып калганын, Ошондо билип алыптыр. Айдаркандын Көкчөсүн, Таанышып абдан биле элек, Карап турса Чоңжинди, Көзкамандын Көкчөкөз, Чокуга тартып жиберет. Кылчайып Көкчө болгунча, Чуркап жетти Чоңжинди, Колу менен муштабай, Буту менен бир тепти. Томолонуп баштыкча, Токтоо кылбай кеткени, Кайкыдан ашып капкайда, Томолонуп кетиптир. Мына калган моңгулдар, Ичинде Дөөдүр алпы бар, Эки жүз ашуун киши экен, Ажылдап үргөн ит экен, Төөлөрүн таштап “та-талап”, Тобу менен жабылды.
Топ-топ келип болгунча, Токсонду Көкчө жайлады, Токсондон ашкан немеси, Чоңжинди колу тийиптир, Тик турган неме калбады. Карап туруп Дөөдүр алп, Ошондо турду кеп сурап: — Ким болосуң, эки уул? Немине үчүн болгон чыр? Көкчөдөн сурап жатканда, Жаткан моңгул жалдырап, Алкымында балдырап, Чүкөдөн чыккан чатакты, Айтып ийди аныктап. Чатакты уга салыптыр, “Чатакты тапкан ушул” – деп, Чоңжиндиге барыптыр, Манжусунча балдырап, Чоңжинди Дөөдүр алп, Жаман тилдеп салыптыр. Тилмеч Көкчө эр эле, Күн чыгыш жаккы элдерде, Мунун билбеген тили жок эле. — Бок жейсиң мынча неге?! – деп, Бүктөй кармап камчысын, Тоодой болгон Дөөдүрдү, Көөдөндөн нары койду эле, Дөөдүр колун имерди, Күжүлдөгөн Көкчөнү, Көк ала майдан шиберге, Көгүчкөндөй телп этип, Ыргытып аны жиберди. Чоңжиндинин ошондо, Куршугу мунун кармады, Коркконсуп туруп албады, Жакасынан Дөөдүрдү, Муунта бекем кармады. Тарбайып бойу Дөөдүр алп, Баса албай калды тамталап. Катуу кармап бек сыккан, Мурдунан кан тамчылап, Эси ооп жыгылды, Бир далайда кансырап.
Кашкулак менен бөрү атып, Текесин таштан кулатып, Курбудан аркар-кулжа атып, Желип чыккан сай-сайдан, Кыпкызыл түлкү дагы атып, Салаңдата терисин, Сакалдууга байлашып, Айгай чууну салышып, Абдан ачып көңүлүн, Тамашага канышып, Кошой баштап сексен эр, Келген экен бул жерге, Ошондо чыкты Чоңжинди, Таракайдын туу белге. Кошой бекер келбеген, Бала чактан бер жакка, Сыйкыры бар бенде экен, Чакташып душман жеңбеген, Кармашып чама келбеген, Ашкере Кошой дөө экен, Айрыкча маңгул, манжулар. Дөө Кошой аны дээр экен. Белден чыгып эңкейип, Суркула аты теңселип, Кошой жүрчү көрсөм деп, Жакыптын уулун эңсенип. Ачып бирөө сыр кылбай, Ичинде Кошой билүүчү, Болжолдоп күндү санаган, “Болжолу болду анын” – деп, Күнүгө жолду караган. “Өлбөй Балта бар болсо, Чогулар жери Самаркан, Четинен албай душманды, Ордодон айдап ким чыккан? Өлөрү болбой күрөштө, Зордуктап балбан ким чыккан?” Уктабай Кошой таң атчу, Кээ-кээсинде эстесе, Калмактан көргөн кордуктан. Эрдин баары элирип, Жигиттин баары керилип, Өпкөлөтө аттарын, Өөдө-ылдый теминип, Аңга кызып алыптыр, Атактуу Кошой баатыры, Белге көзүн салыптыр, Ошол кезде Чоңжинди, Аккула минип болкойуп, Азыркы жашы тогузда, Алатоодой зоңкойуп, Карааны тоодой көрүнүп, Көрө койуп караанын, Кошойдун жашы төгүлүп, “Алдынан тосо чабам, – деп, Таманын жерге тийгизбей, Атынан жулуп алам” – деп, Тоотору кармап минерде, Мунун ойуна кетти далай кеп: “Алыстан келсе, мени издеп, Телегейи Кошойдун, Төрт тарабы тегиз, деп, Жердеген жери Кошойдун, Деңиздин башы эгиз, деп, Атайын келсем барам деп, Аталаш туулган агам, деп, Жолу улуу, жашы кичүү, Өзү келсин мага” – деп, Токтоло Кошой калыптыр. Токтоо кылбай бастырып, Чоңжинди жете барыптыр. Кошойду көрүп Чоңжинди, Атынан түшө каларда, Жөөлөп айтып саламын, Жолунан тосо барарда, Кошой айтат ушунда: — О, чоочун бала, сур атчан, Кулагың сал мен айтам, Түшпө, абал сен аттан! Мен жөнөкөй сен арстан, Көрүнүп турган кепти айтам. Келе бер аттуу, болду,- деп, Атынан түшүп келбейт, — деп, Ойума түк бир албаймын, Кечирим кылып койдум, — деп. Түшөмүн дедиң бүгүлүп, Менин улуулугум билгизип. Ошентип айтып дөө Кошой, Түшүрбөй атка мингизип, Баарысы ууга кызыгып,
Мунун жанында жок бир жигит. Кошойго чукул келгенде, Коркуп Мажик апкаарып, Ээрчип бирге баралбай, Кетенчиктеп ат тартып, Жалтайып Мажик калыптыр, Тайманбаган кара көк, Тартынбай жете барыптыр. Салам айтып салганы, Кошой алик алганы, Көрүшөлү, баатыр, деп, Колун сунуп дөө Кошой, Чоңжинди колун кармады. Колун салып оозуна, Жаш баладай жалмады, Чылбырдан сүйрөп жетелеп, Алып кетип калганы. Атбашы ылдый жетиптир, Ээрчип жүргөн жолдошу, Кеткенин кайда билбептир. Артында Мажик семселеп, Караандаш ээрчип ал келет. Жетелеп алып Жиндини, Чечдөбөгө келди эми, “Чечдөбө ата, колдо!” – деп, Ченебей Кошой оштонуп, Токсон сур айтып ийди эми. Атбашыга караган, Кара кыргыз аталган, Аралап каңгай барбаган, Жайында Аксай жайлаган, Кышынкысын болгондо, Катуу багыт тетир суу, Карага малын айдаган. Оорукта калган чоң үйлөр, Опсуз күлүк байлаган. Мал менен жүргөн байлары, Карын-карын май алган, Кашкарга киши жиберип, Капталдап кара чай алган, Чайга кошуп кант алган. Эт көйнөк кылып кийерге, Эбин тапса бөз алган, Кошой дөө коргон салган жер, Чалдыбар деген ат калган, Коргонго Кошой алып барды, Корголбой түшүп калганы, Түк кишиге туйгузбай, Тогуз түнү жатканы, Токсонду сойуп түлөөгө, Күндө күлүк чапканы, Жаш балдары дүрүлдөп, Көкбөрү, улак тартканы, Орто жашы күүлдөп, Байге бөлүп жатканы. Ортосуна коргондун, Ордо салып атканы, Топ таш, чакмак, кумалак, Муңдуу үнү кылкыйак, Кечте ойноочу кырк уул бар, Четке бирди чыгарып, Кечтелешип кыйкырар. Чатыраш ойун дагы бар, Чайга салган балы бар, Миңбугудан алдырган, Күрүч деген даны бар, Тогуз күнү кондурду, Кошой деген залыңар. Кеп-кеңешке канышты, Чоңжинди, Мажик жаш балдар, Кетерине калышты, Кошойго айтты Чоңжинди, Самарканга барышты. — Болду, баатыр, болду – деп, Алтымыш уруу алаштын, Ырысы бүгүн толду, — деп, Алдында болгон урушка. Мен эле барбай койдум, — деп, Баарыбыз кетсек жылышып, Кара кытай, манжуга, Калмак менен урушуп, Калдайлар колун киргизет, Кашкар менен чуурутуп, Дөөкан, Соксо, Сотойлор Араникте жата албай, Булар да келет угушуп. Чыгышты тосуп чеп болуп, Чечдөбөдө турушка, Жетик Кошой калыптыр. Эреже мындай болбосо, Четтен калмак кол салып, Сел агышы аныктыр.
Чыгыштан чыгып аттанып, Батышты көздөй жол тартып, Самаркан көздөй оң тартып, Күн батыш алып маңдайга, Ашыгып кетип баратат, Самарканга барганга. Арадан нечен конуптур, Чоңжинди, Мажик экөөнүн, Жеткен чагы болуптур. Кайкы-кайкы адырмак, Калдырак кара тоо экен, Капчыгайы ышкырган, Маңгыраган зоо эккен, Калмак, кыргыз ал кезде, Карчылдашкан жоо экен. Чоңжинди, Мажик бастырып, Бет алып чыкты бир белде, Ошол болот баатырдын, Белсазга жетип келгени. Айак жагы Самаркан, Жайлоосун Белсаз дээр экен, Кырчындуу деген өзөнгө, Жамгырчы, Шыгай эл экен. Аркы бети Көкойдуң, Алды жагы Белсаз деп, Бир тарабы Кырчындуу, Чоңжинди чыккан дөбөнү, Түйүнчоку дээр экен. Чокуга чыгып ат байлап, Тегерете тиктесе, Белсазда жаткан айыл көп, Тегерете бээ байлап. Алды жакты капыста, Уруп жаткан экөө бар, Жылаңачтап эр байлап. — Ылдам, Мажик, бар – деди, Тайак жеген урганды, Такыр үчөөн кубалап, Алып келе кал! – деди. Арыштап Мажик жеткени, Уруп жаткан эмелер, Мажиктин көрүп караанын, Жүрөгү коркуп эс чыгып, Тик карабай кеп кылып, Кылмышкер болуп кыйылып, Башын салып турушту, Байлап койуп байкушту, Эмне үчүн урушту? Чоңжиндиге жеткинче, Мажик кумар болуптур, Муну сурап угушту. — Байлады сени не? – деди, Бербеген акы бар беле? Ана-мына берем деп, Сүйрөп жүргөн сен беле? Тайакты жеген бул байкуш, Айтууга алы келбеди, Көбүрөөк уруп койуптур, Араң туруп сенделе, “Айта албайт экен арзын, — деп, Угарбыз кийин дартын, – деп, Айдап алып келгени. Аттары турган байлалуу, Чоңжиндини көргөндө, Тайак жеген ургандын – Баарынын көзү жайнады. Тайак жеген караса, Көрүндү жүзү ажарлуу. Куруп калган куу туйак, Эми кайдан айанды, Бар кебин айта салганы: — Атым менин Бөдөнө, Кылбадым ууру дегеле, Капкан койуп бел-белге, Кийик кармап жегенге, Келип-кетип жүрчү элем, Ушул Түйүн дөбөгө. Кийик уулап келиптир, Калмактан каңгып бул экөө. Капканга алдым үч кийик, Көрүп калмак ич күйүп, Шыралга менден сурады, Бирөөнү бердим экөөнө: “Тең жара бөлүп алгын” – деп, Куру кетпей байланып, Үйүңө кетип калгын” – деп. “Экини бизге бер, — деди, Бирөөнү өзүң ал, — деди, Колдогу малың турмайлык, Тоодо оттогон кийиктер, Биздики, билип кал” – деди. Кара жаным ачынып, Кайаша айтып жибердим. Байлап алып уруптур, Канчалык урган билбеймин, Көңтөйдөн эли бул экөө, Күлдү калмак чоңдору, Кийгени темир күрөөкө, Күндө кызыл чок салат. Атагы кыргыз болгонго, Өчпөй турган жүрөккө. Андан башка күнөөм жок, Айтып көрсүн бул экөө. Ачуусу келип Чоңжинди, Качырап азуу чайнады, Ачып көзүн карады, Алды каткан калмактар, Агып көздөн жаш кетип, А дээрге алы калбады. Кетенчиктеп турушуп, Качып жөнөп калганы. Бир аттанып чуркатпай, Бурдай Мажик кармады, Качкан менен бул экөө, Кутулуп кете албады. Акырын айтып муңайым, Абдан жайын сурады. Бөдөнө айткан чын экен, Артык айтып ийбептир, Чыр чыккан кеби шол экен, Ошол кезде кыргыздар, Мамынчалык кор экен, Өзү кудай болуптур, Манжу, калмак зор экен. Самаркандын жеринде, Тажик, калча бу да бар, Жүржүт менен жуда бар, Каракалпак, өзүбек, Көккөз ногой өтө көп, Баш көтөртпөйт баарысын, Калмактар жүргөн бүт ээлеп,
Жамбашын жерге тийгизбейт, Күндө алым бергин, деп, Орооңду ачып эгиниң, Жүктөп келе калгын, деп. Отун-жыгач көп алат, Таба албай калган немени, Тепсеп туруп сабашат, Темирден салып колуна, Аркандан байлап мойнуна, Казган орго камашат. Өкүмүнө көнүшөт, Не дегенин беришет, Теңдеше албай калмакка, Телмирип баары жүрүшөт, Баштыгы андай болгондо, Талаа-түздө жүргөндү, Калганы өзү билчү эккен. Капканга алган кийикти, Артып мага бербейт, деп, Урган кеби ушу экен. Ошондо айтты Чоңжинди: — Ойносоң, кумар ут, — деди, Олтурбагын сен Мажик, Ушул экөөн жут! – деди, Эр Мажик жерге карады, Көтөрүп келип бир ташты, Тирүүлөй көзүн жайнатып, Албарстыдай каргантып, Бастырып белден таштады. Боктору чыгып бортулдап, Кысылып өпкө дем чыкпай, Доңуздан бетер коркулдап, Экөө өлүп жоголду. Бөдөнөгө Чоңжинди, Айткан кеби бу болду: — Кор болдуң, кыргыз, билдим мен, Айылбашы кишиң ким? Жайнап жаткан жылкылар, Кайсы элдин жылкысы? Керүүлөй тарткан көп жерде, Келишкен айыл үй тиккен, Тээ кеңири айыл кимдики? Кайдан келген кишибиз, Байкап бизди билдиңби? Тиктеп калып элейип, Ээси оогандай селейип, Жин тийгендей делдейип, Бөдөнө кебин баштады, А дегенде Бөдөнө, Эки көзүн жаштады: — Өзүм алжан кыргызы, Акимсиген калмактын, Кийгени жибек кырмызы. Эркинче уруп ойношот, Көргөн жерде кыргызды. Жайлап жаткан көп жылкы, Жамгырчы, Шыгай жылкысы. Керүүлөй тарткан көп айыл, Келтирип барын чогултуп, Топтоп койгон кыргызды. Эркек киши үйдө жок, Кылабыз күндө жумушту. Тааныбаймын мен сизди, Таанышабыз айтсаңыз, Куткардың бүгүн мени сен, Түк кишиге көрүнбөй, Ушул жерден кайтсаңыз. Калмак жок калган ээн жерде, Жамгырчы менен Шыгайга, Дартыбыз болсо айтабыз, Өч алыш келбейт колумдан, Олутунуп кайтабыз. Экөөнү издеп эл келет, Ой-тоону карап кыдырып, Ар кайда жүрүп темселеп, Таап алат өлүгүн, Кыскартып койдук кыргыздын, Бир далайдын өлүмүн. “Өлтүрүп койдуң, кыргыз”, -деп, Жүгүртүп барып док урат, Бул экөөнүн өлүгүн. “Кунун толук бергин – деп, Төрт түлүктүү малыңдан, Теңин санап бөлгүн,” — деп, Андан кала бергенде, “Жетерлик алтын-зар кошуп, Терең казып көмгүн” – деп. Айласы кетет Жамгырчы, Амалсыз калат Шыгай кан, Кыргызды кыйнайт тура албай, Таап алып издешип, Калмакка айтат уйалбай. Кет десең бүгүн барамын, Эртеңки күнгө калбаймын. Бир балам, бар катыным, Энем өлгөн, атам бар, Бир атыма артармын. Кутулсам болду тирүү, деп, Ташкенди көздөй качармын. Көргөнүмдүн баарысын, Дартымды кимге айтармын? Кебетеңден байкаймын, Кең далылуу баатырсың, Кепке салбай кедейди, Келген дайнын айтырсың. — Дайнымды сурап нетесиң? Дайнымды угар алың жок, Дайынсыз киши экенсиң. Кеп кетирбей угуп ал, Кечигип турбай жолго сал. Түк кишиге билинбей, Жамгырчыга жетип бар. Баары көргөн-билгениң, Байлатып тайак жегениң, Баштан-айак айта сал. Жамгырчыга туйунтуп, Жайкалып үйдө жатып кал, Жыргалды кийин көрөсүң, Жыргатуучу өзүм бар. Бүгүн сага айтпаймын, Мен белгилүү таанымал. Атың жалгыз, кийик үч, Артынып кетер чамаң жок, Каралашып сен менен. Алышып барар ыгым жок, Таштап койгун бул жерге, Күүгүм кирген бүрүлдө, Таап алгын этиңди Жамгырчынын үйүндө. Ыйлап ийип күлүңдөп, Сүйүнгөнсүп күдүңдөп: — Мени, баатыр, жумшадың, Жамгырчыга баргын, деп, Жылдыз чыккан мезгилде, Этиңди андан алгын, деп,
Үйүңдөн качпай жат, дедиң, Жыргалдын даамын тат, дедиң, Жамгырчыга айтайын, Аты-тонуң, бар белгиң. Укмуштан уккан кабардан, Сураарга турат бир кебим, Атам айтып жүрчү эле, Манас чыгат дегенин. Ырас болсо айтканы, Ошол Манас сиз деймин, Азыраак айткын белгиңди, Мен кишиге дебеймин, Айлымдан качып түн жерге, Убара болуп жүрбөйүн. Манас болсоң чыныңды айт, Калмакты бузсаң талкалап, Коркуп качсам калмактан, Кара жаным калкалап, Барар жердин дайны жок, Баана кылып аркалап. Сурап тура калганы, Сурабай сөзү калбады. Чоңжинди: - Бала, бас, — деди, Жамгырчыга көргөндү, Калтырбастан айт, — деди, Мыдырабай үйүңдө, Кыймылдабай жат, — деди. Жандырып сурар чама жок, Байкап көрсө Бөдөнө, Көзүнүн чаарын чыгарса, Чыдоочу бенде жана жок. Эки сан этин көтөрүп, Басарына калганда, Баары көргөн–билгенин, Айтарына калганда, Кош эмесе, деп койуп, Кайтарына калганда: — Атың шайдоот тың беле Артынып этиң кетерге? Жөө кетпесең артып кет, Көтөрө алса,- деди эле. — Минсем басар шайы жок, Эти арык, жалы жок, Жалгыз атым ушу эле, Мындан башка атым жок.