← Манас

Баатырлардын өлүмү

Барабан кагып, баң тартып, Кара жерди чаңдатып, Калбай кытай эл жайнап, Калкылдатып туу кармап, Түркүм-түркүм келе атат, Түрүлүп агып сел каптап. Найзанын учу жылтылдап, Адамдын башы кылкылдап, Күчү менен туйактын, Жер сойулуп былкылдап, Келе жаткан көп колду, Карап турду кыргыздар, Байрак салып, туу жайып. Турганы жок кытайлар. Манжулардын Нескара, Калмактардын Уушаңы: — Каптаганың, капта, — деп, Карап турбай кыргыздын, Канын соруп какта! — деп, Жүз кишиге бир киши, Кыргыз жетпейт бизге, — деп, Ушинтишип турганда, Кеден Жолой элдери, Жер сойултуп келгени, Карап туруп ала албай, Жапа тырмак киргени. Кара кытай, манжудан, Калбай кирди Кангайдан, Күрзүлөрүн көтөргөн, Күүлөнгөн нечен калдайдан, Туу түбүндө калган жок, Коңтөрө баштап хандардан, Түп көтөрө чуркурап, Каптап кетти бүткүл жан. Алмамбет калды чекелеп, Шыпшайдарды мекелеп, Манас калды жарадан, Бакай аны караган, Ырчы уул калды барбаган, Андан башка бул жерде, Атагы алаш болгон журт, Калбай кирип баары адам, Кытай, кыргыз элдери, Кошулушту аламан. Кылычка кылдан шыктуулар, Найзаны сайар мыктуулар, Балта чапчу эрендер, Мен элемин дегендер, Чокморго кыйын ыктуулар, Чойулбай ылдам чыкчулар, Кан агызып жин чачып, Кол сындырып баш жарып, Койгулашты ушулар. — Көрүнбөйсүң, кайда? — деп, Кайнап жүрүп соолуганча, Бир көрсөмчү пайда, — деп, — Көптөп кетти мени, — деди, Көрө албадым сени, — деп, Келгин бери, келгин, — деп, Теминишип чабышып, Таамай чапкан немесин, Чечекейин агызып, Олоңдогон дагы бар, Колу сынып кокуйлап, Чолоңдогон дагы бар; Буту сыны кобо албай, Жыгылганы дагы бар, Бүкүрүлүп белинен, Боло албаган дагы бар; Кор дей түшүп жан чыгып, Жоголгону дагы бар. Ээси ооп жатып өлчүдөй, Эс алганы дагы бар; Ат тебелеп нан болуп, Бүткөн бойу кан болуп, Таанылбаган дагы бар; Бул өңдөнгөн согушта, Толуп жатат мындайлар. Эл аралап билинбей, Келген экен Шыпшайдар, Алмамбеттен кайгы жеп, Жүрөт экен кайда, деп, Эл аралап таба албай. «Элден чыксам бөлүнүп, Көрөт экен мени — деп, Суудай төгүп каныңды, Сойот экен эми, — деп, Башалман урушка, Мен келбеймин деги — деп, Менин кылар ишимди, Билген экен Алмамбет, Чоролорун Манастын, Канын төгүш маа милдет». Ичине айтып мындай кеп. Калың элдин ичине, Калкаланды Шыпшайдар, Хан Манастын жигитин, Талкалады Шыпшайдар, Кезенип тартып керичин, Чалкалады Шыпшайдар. Кырып, жойуп Кангайды, Айдап жүргөн Алыбай, Кеңеште бар Алымбай, Кырктын бири Кутунай, Булардын бийи Ажыбай, Көрөгөч Күлдүр, Жайсаңды, Мелжеп туруп жаа тартты, Белдүүсүнөн кыргыздын, Бешөөнү катар сулатты. Ажыкеңдин Карткүрөң, Кармап алып калмактар: — Кежим салып жабуулап, Эсен хан минер мал экен, Байлап койуп чабуулда, Көрккө салаар чагы экен, Алты ай минсе арыбас. Ашкере тулпар бул экен. Көрктөнүшүп ушулар, Уушаңына барыптыр, Көрүп Уушаң Күрөңдү, Кыйтур деген калмакка, Жетелете салыптыр, Кыйтур - калмак балбаны, Миң кишиден көбүрөөк, Бу калмактын арбагы, Жетиндим атка эми, деп, Дароо минип алганы; Сүйүнүп батпай тонуна, Жык бир толуп калганы; Так ушундай мезгилде, Сыргак жетип барганы. Карткүрөң көрүп калмактан, Бий Ажыбай нетти, деп, Карткүрөң калмак миниптир, Кайдан кеткен деги, деп, Буруусу жок келгенби, Алмамбеттин кеби? — деп, Башымды айап нетем, деп, Калмакка берип Карткүрөң, Көрүп кайдан кетем? — деп, Телкызыл оозун бош таштап, Койуп кирди эр Сыргак, Канын суудай агызып. Сойуп кирди эр Сыргак. Жаалысына чыдабай, Качты калмак чуркурап, Топтуу караан боло албай, Жайнай берди быркырап. Жебеден мурда эр Сыргак, Кыйтурга жетти жакындап, Телкызылдын дабырты, Угулду кулак такылдап, Таанып муну Карткүрөң, Кишенеди аркырап. Айбандын көрүп күйгөнүн, Ажыбайды сүйгөнүн, Арстан Сыргак баатырдын, Көзүнүн жашы калкылдап, Ого бетер жаны ачып, Мас буурадай шалкылдап, Тоодой болгон Кыйтурду, Как далыга бир койду, Өпкө-боорун былгытып, Найзанын учу торойду, Бура тартып күрөң ат, Буйдалбастан чуу койду. Арстан Сыргак барыптыр, Ажыбайдын сөөгүнө, Жетип барып кайран ат, Былк этпей тура калыптыр; Ажыбайды эр Сыргак, Күрөңгө арта салыптыр, Боолугу бар жанында, Ообас кылып таңыптыр; Ажыбай сөөгүн көтөрүп, Карткүрөң жөнөп алыптыр, Атбашыда Кошойго, Чечдөбөгө барыптыр; Ажыбайдын өлүгүн, Чечип Кошой алыптыр, Манас келээр болжолдоп, Таласка кетип калыптыр. Телкызыл минип эр Сыргак, Теминип кирди камчылап, Кылычты шилтеп тартканда, Мизинен каны тамчылап. Кангайлардын өлүмүн, Дөбө-дөбө тоо кылып, Кайнаган калың жерлерин, Арасын ачып коо кылып, Арстан Сыргак киргени, Кайнап жаткан көп колго, Карчыга куштай тийгени.

Буудайык хандын Музбурчак, Муруту келген бир кучак, Ак жал жылан тору атчан, Айгай салып алыстан, Алдына утур киргенди, Чакчелекей түшүрүп, Сапырып жүргөн чагында, Мурадил келип туш болду, Кайраты толук карыйа, Капталдан ары бир койду. Капталга найза жеткени, Кыл жээрде аттан Мурадил, Камгактай учуп кеткени, Кайран кары Музбурчак, Кайрылды башын кескени, Капыстан чыгып кабылып, Калмак Уушаң жеткени. Музбурчакты камынтпай, Көмө койуп өткөнү, Аркасынан көп калмак, Тегеректеп кеткени. Кармаарга атын киши жок, Музбурчак менен иши жок, Картайып калган чалыңды, Тоголотуп жыгышып, Коп деп жака сыгышып, Камчы менен чабышып, Жаагына тамга салышып, Жаактын канын агызып, Жалгыз калган Музбурчак, Жанын кыйнап калмактар, Жакшы-жаман урган чак, Так ошондо тийактан, Серек, Кыргыл, Мажиктер, Жетип калды жакындап. Кыргыл чал салып бакырык, Манастап ураан чакырып, Акборчук менен тепеңдеп, Жан айабай киргени, Жабылып турган калмакка, Жан алгычтай тийгени. Тийген менен болбоду,

Батак деген бар экен, Өз ичинде элине, Байге бербес ал экен, Ыргыта сайып Кыргылды, Илип алды чылбырды. Жыгылганда калмактан, Каптап кетип канча жан, Эки топ боло калыптыр, Музбурчак менен Кыргылды, Ур токмокко алыптыр. Кайран Серек бек шашып, Секиртип атын - Кууказык, Кылчайып туруп Мажикке, Кыйалында кепти айтып: — Арстан Мажик, эр элең, Белдүүнүн бири сен элең, Музбурчак менен Кыргылды, Мууздап калмак салбасын, Хан Көкчөгө окшотуп, Башын кесип албасын. Батакты сайып ыргытып, Канын анын зыргытып, Тобун бузуп кырайын, Музбурчак менен Кыргылды, Ажыратып чыгайын; Арстан Мажик амалдап, Тиги экөөнө эки аттап. Камчыга атын бөлөдү, Келе жаткан Серекти, Калмак Батак көргөнү, Акборчук берип бирөөнө, Алдынан бу да жөнөдү. Беттешти Батак Серекке, Жарады Серек керекке - Батактын мурда шилтеген, Найзасын кагып жиберип, Кайра тийип имерип, Как далыга бир койду, Кайран Серек Батакты, Ат үстүнөн томорду, Улай Мажик жеткени, Улактай башын кескени, Муну койуп эр Серек, Музбурчакты камаган, Калмакты көздөй кеткени. Аралап кирди эр Серек, Калмактардан канчасын, Кууказык кетти тебелеп; Музбурчакты караса, Башы челек кан болуп, Бүткөн бойу нан болуп, Турган экен кайран эр, Тулку бойу дал болуп. Короолоп турган калмакты, Койуп жүрөт эр Серек, Бөрү койду кыргыздай, Ойуп жүрөт эр Серек; Найзаны канга мылгытып, Кууказыкты зыргытып, Утур келген немесин, Көгүчкөндөй ыргытып, Чойуп жүрөт эр Серек, Мындайлыгы болбосо, Серек аты не керек? “Эки топко жолгошуп, Музбурчак менен Кыргылды, Ал экөөнү бир кошуп, Бошотуп эки карыны, Баатыр Серек кетти, деп, Аларга эки ат табыш, Кезеги мага жетти”- деп. Миңген экен эр Мажик, Бара жатып аттанып, Музбурчактын Акжалга, Туш келип калды капташып. Ал жерде турган калмактын, Карааны толук миң экен, Миңдигин Мажик билбеди, Аралап буга киргени. Түпөктө найза көк желек, Эр Мажиктин Тоотору, Чаңдатып барат тебелеп. Катар турган душмандын, Башын кагып баратат, Кабаттап сайып үч-төрттөн, Жанын алып баратат. Калмактар качып бириндеп, Этек-жеңи дирилдеп, Беттешип калса өлдүк, деп, Кыйаматты көрдүк, деп, Даай албай калды Мажикке, Сийдиги агып бүркүрөп. Ачып көздү жумганча, Акжал менен Акборчук, Ажыратып жетелеп, Эки кары, бир Серек, Турган жерге ал Мажик, Жетип келди энтелеп. Музбурчак, Кыргыл кутулду, Жаңыдан бүгүн эр болуп, Серек, Мажик кутурду, Кете бербей чекелеп. Калам менен Каңгайдын, Кайнап жаткан жерине, Кагышып булар жетиптир, Кайран Мажик калдайып, Окко учуп кетиптир! Калды Серек кангырап, Эр Мажиктен ажырап, Калмактан келип беш миңи, Каптап кетти калдырап. Көп экен деп чочулап, Карап турбай жалдырап: “Ажалым жетсе өлдүм, — деп, Азабым болсо көрдүм, — деп, Ата да бир, эне бир, Аркамда иним Сыргакты, Эми бир көрүп өлсөм” — деп, Тобокел кылып бел байлап, Өрттөй болуп көз жайнап, Куу казык менен эр Серек, Топко кирди аралап. Эңиште Серек эр сайып, Экөөнү беттей бир сайып, Кууказыкты чуратып, Кыйрын бузбай кулатып, Каарданып кан төгүп, Найза менен мылгытып, Тебетейдей ыргытып, Канжар менен кан алып, Балта менен жан алып, Мунун көргөн көп калмак, Серекке калды таң калып: “Бул, капырай, неткен эр? Кызыл кан агып баратат, Ат туйагы жеткен жер, Көп жашап минтип карыдык, Көрбөдүк Сыргак, Серектей, Алмамбет, Чубак төртөөнө, Айыгып кантип ал жетер? Көтөрүп араң туруптур, Чоңдугунан кара жер! Калмактын эли кайгы жеп, Катылган хандар оңбо, деп, Айрыкча Коңур ойбой кал, Эгерим эки болбой кал, Дешип булар буркурап, Качып жүрөт чуркурап. Жакыптын уулу эр Серек, Кыйратып жүрөт бир четтен, Күркүрөп үнү күч алып. Өлгөндөргө өч алып. Бетине келген бир жан жок, Беттешээрге бир жан жок, Кайрат кылып Калдайдан. Кагышып бирөө барган жок. Таанымал болду Каканга, Серекте эми арман жок, Атырылып Кууказык, Жебеден жаңы тарткан ок, Ойрон кылып баратат, Өткүр Серек колу шок. Көрө салып чоң Коңур, Айласы артык бул Коңур, — Бай Жакыптын балдары - Баш болгон журтка Манасы, Сыргак менен Серегин, Бул экөөнү карачы. Алмамбет, Чубак, Сыргактын, Ушул турган буруттар, Көрүп жүргөн керегин, Элебей жүргөн экенмин, Көрдүңөрбү Серегин?! Бул төртөөнө беттешип, Бенденин алы жетпеди, Арстандын тиши өтпөдү, Айланайын Шыпшайдар, Айрылып нечен дөөлөрдөн, Алардын кеги өчпөдү! Келгени бурут Каканга, Дөөлөрдөн кесип баш алды, Алтымыш алпым бар эле, Көбү өлүп, аз калды, Өлүп кеткен эрлерден, Эстен чыкпай турганы: Кедендердин чоң Жолой, Кара жалдуу Борончу, Кангайлардын Оронгу, Туңшакенин Бозкертик, - Эстен кеткис элдер бу, Баатырлык да оңойбу?! Дөөлөрдөн Макил, Солоке, Сазаңдардын Бешкулак, Эске алганда үч дөөнү, Чыкпаган сүлдөр жан калат! Бирден капка башкарган, Жаңжүн деген атты алган, Айжаңжүн менен Күнжаңжүн, Өлүп кетти булардан; Канчасы өлдү калдайдан, Дуудуу, доотай андайдан! Солабанын Соорандык - Качкын кулдун атасы, Алтымыш капка бул элде, Аттуу аскер, жөө күлүк, Башкарып келген баштатан, Ошондой зордун баардыгы, Алмамбет, Чубак, Сыргактан - Үчөөнөн өлдү байкасам, Буруттар кыйын не деген?! Атагы он төрт хан эле, Алптары кыйла бар эле, Катардагы адамдан, Жалгыз Көкчө эр өлдү, Анда башка өлбөдү, Өлгөнүн көзүм көрбөдү, Бейжинден алып арбын мал, Төөлөргө артып алтын-зар, Хандары кетти кайкалап, Кадимкидей чалкалап; Шыпшайдар өзүң ойлочу, Өрттөнбөй кантип жан калат, Угулуп турса кулакка, Алтындын доошу шыңгырап?! Качкын кул, Чубак, Сыргагы, Ушинтип баарын түгөттү, Аа кошулуп береги, Көрдүң го бүгүн жүдөттү! Манасы өтө зор экен, Чоролору шок экен, Баарысы жүрөт эсен-сак, Өлөр адам жок экен! Перинин беги минбеген, Мен минемин дебеген, Мелтиреген алтын так, Үрбү таз минди нечен убак! Ардыкканым аттан чоң, Кордогонуң төөдөн чоң, Өзүм өлө алалбай, Араң турам мен болсом! Чоң Ылама мергенге, Бүткүл кытай журтунда, Мен өнөрмүн дегенге, Барбаганым калбады, Бирөө жарап керекке, Кек алып бере албады! Чыдай албай бекиндим, Белимди байлап мекийдим, Канчалаган түн сактап, Манасты тосуп чекийдим, Мына бу ишти көрдүңбү, Башка чапкан балтамды, Албай кошо кетирдим! Ушундай иштер дартынан, Уруксат алып он беш күн, Өзүңдү араң келтирдим. Армандуу дарты буруттан, Алып бергин Шыпшайдар, Кырк чоросун Манастын, Атып бергин Шыпшайдар, Алмамбет, Чубак, Сыргакты, Басып бергин Шыпшайдар, Артыкчасы качкын кул, Алмадай башын эшикке, Асып бергин Шыпшайдар!! Деп ошентип Коңурбай, Шыпшайдарга арз айтып, Көзүнүн жашын көлдөтүп, Турганда ыйлап дарт айтып, Шыпшайдар турду муну айтып:

— Алагара минип колоктоп, Жалгыз мен деп сороктоп, Оозуңа келген сөздү айтып, Туруучу элең олоктоп, Бүгүн ыйлап калыпсың, Дартыңды айтып шолоктоп. Кечээ жетип мен бүгүн, Элиң менен бир келдим, Эртеден кечке тиктедим, Алмамбет кайда экенин, Акылым жетип билбедим; Чородон ылгап беш-алтоон, Мелжемдүү жайга жибердим, Аны качан сен билдиң? Бүгүндөн кийин майданга, Силер менен келбеймин, Жайма топко кошулуп, Жанымды тосуп өлүмгө, Башымды кармап бербеймин, Эртең келсем өлүм бар, Алмамбет чындап жол тосот, Кетерге менин жолум тар, Аламан уруш токтолсун, Айланган чаңдар жок болсун, Жекелешкен урушта, Бул жактан чыккан сайдырса, Этек-жеңи жайылса, Каптап кирип чуу туруп, Өлтүртпөй турса кутултуп, Калар бекен Алмамбет, Ошондой кезде жолугуп; Армансыз амал кылайын, Алмамбет да бир балаа, Берет же бербейт кыйамын. Жаа тартышта үч айлык, Жакшыраакмын андан мен, Калганынан Алмамбет, Дегеле менден кем эмес, Жекелеше келгенде, Ага пенде тең эмес. Деп ошентип Шыпшайдар, Коңурбайды сооротуп, Мен берем дейт буруттун, Бүткүл баарын кулатып. Серектен Коңур жазганып, Өлүп кала тас калып, Алмамбет, Чубак, Сыргактай, Серекти көрдүм бүгүн, деп, Ар кимге айтып даттанып, Алсырады Коңурбай, Чоң-кичүүгө арз айтып, Тамтырады Коңурбай; Аралап жүрөт эр Серек, Алиге чейин кол жыйбай, Барабан уруп баң тарт, деп, Буйрук берди Коңурбай. Барабаны кагылды, Баңдоолдун үнү жаңырды, Кангайлык менен алаштын, Жиги эки айрылды. Мындан мурда урушта, Кан төгүшкөн жумушта, Улуктугун билгизип, Урмат кылып Манаска, Кошо кайра келгенде, Кыргыл баштап кырк чоро, Кыраан шерге келүүчү, Кырка салам берүүчү, Арстан Манас чоронун, Амандыгын билүүчү, Каалгадай кашка тиш, Кашкайа чыгып күлүүчү. Адатынча бүгүн да, Чогулуп чоро келгени, Төрөгө салам бергени, Кырктын бийи Ажыбай, Кеңеште бар Алымбай, Кырктын бири Кутунай, Кыраандын бири Алыбай, Күлдүргүчү Жайсаңы, Баатыр Мажик арстаны - Алтоо мында келбеди. — Кербенден алтоо жок турат, Жарадар болуп келе албай, Калдыбы алар? — деп сурап, Арстан оозун тартканча, Сыргак айтты кобурап: — Аламан уруш башталды, Кара кытай манжулар, Калмак, шибе, анжулар, Алтымыш капка Бейжинден, Келгендерди баары бар, Кекенип кирип кыргызга, Кечилдин ханы Коңурбай, Тепсеп кетер чагы бар. Айкөлүм сиздин кырк арстан, Айанбай уруш баштаган, Кылычтын канын чубуртуп, Кырып-жойуп таштаган. Кыналышкан урушта, Кызыл кан кечип баратсам, Карткүрөң көзгө көрүндү, Кармал минип ары жактан; Ажыратып алгамын, Ажыкемдин Күрөңүн, Минип жүргөн калмактан, Тоңкойто сайып калмакты, Кесип башын карасам, Күрөң ат кетип бараткан. Артынан жете баргамын, Көрдү көзүм ошондо, Ажыкемдин сөөгүндө, Күрөң аттын турганын. Арнап минген Күрөңгө, Ажыкем сөөгүн арткамын. Тилимди укчу немедей, Чечдөбөгө алпар, деп, Бош агытып айткамын. Андан башка бешөөнүн, Арстаным мен билбедим, Кай жорукту тартканын. Каңгырап Манас ошондо: — Катыгүн, Сыргак кай кебиң?! Кырктан алтоо бүгүн жок, Канатым сынган экенмин! Туйагым сынып аксадым, Туйгундардын баарысын, Көндүрбөй сөөгүн таштадым! Бала чактан бир жүргөн, Бирге басып бир турган, Бирге жатып тең уктап, Эгин эксем тең эккен, Атасына айланбай, Мени менен бир келген, Жолборсум Мажит сен элең, Жолдо калып өлүгүң, Жору жейт сени дээр белем?! Ажыбайды карт Күрөң, Алп Кошойго тапшырар, Көмүлбөй калган бешөөнү, Кажырлар сүйрөп тарткылар. Сагызган чукуп көздөрүн, Карга боктоп тиштерин, Кажыр жарар ичтерин! Атаңдын көрү шум жалган, Шумдугуңан кутулуп, Сенден кандай жан калган? Арманым калды ичимде, Акыреттик жан досум, Алмамбет тилин албаган! Чыккыла баарын кезенип, Кегиң албай алардын, Кантип тирүү кетелик! Өлмөк өчүн алалы, Өлүп калсак чогулуп, Ошол жерде калалы!

Тамагын ичип жайланып, Кылычты бүлөп байланып, Атка минди жабыла, Таң атканда камданып. Түн бойунча кангайлар, Түрүлүп чыгып калбастан, Сап-сап болгон жарданып. Кыргыздар барып сап болду, Ошол кезде Кангайдан, Сакатай деген бир балбан, Саптан чыгып козголду. Сен барам, деп Музбурчак, Кой дегенге болбодуң. Сакатайды баш кылып. Санап туруп Музубурчак, Катардагы эрлерден, Так он бешти сойгону. Кашкайтары калбады, Кайран кары Музбурчак, Ажыдаардай жалмады, Майданы кызыл кандалды, Карап туруп ошондо, Калмак Уушаң арданды, Кадимкидей калдаңдап. Ортого чыга калганы, Карыса да Музбурчак, Катуу кылды кайратты, Аңтара сайып Уушаңды, Эки көзүн жайнатты. Келди деп эми кезеги, Имере тарткан кездери, Эби келсе Уушаңдын Башын кесип кетели, Музбурчак бура тартканда, Мурадил доңуз жетти эми. Музбурчакты тоңкойтуп, Көмө койуп кетти эми. Туулга баштан кыйшайып, Жарты башы көрүндү. Бул дагы көрдү өлүмдү, — Өлбөгөндө неткени, Шыпшайдар тарткан сур жебе, Оң чекеге мылк деди, Каптап душман дүр деди. Арстан Чубак жетиптир, Мурадилди сулатып, Музбурчактын өлүгүн, Өңөрүп чыга бериптир. Музбурчакты өңөрүп, Ойрон Чубак көгөрүп, Алып келип Бакайга: — Мына досуң алгың — деп, Алың келсе, абаке, Жериңе ала баргын, — деп, Кайра барып караса, Айкөлүңдүн көп чоро, Ачынып ичи ошондо, Жабыла баары барыптыр, Кызыл канды көл кылып, Эрегишип эңишип, Эрдемсиген калмактын, Эсебин колго беришип, Сабын бузбай жардашып, Жалгыз башын чоролор, Сан кишиге баалашып, Салышып жүргөн кези экен, Салып кыргын аалашып. Түгөтөт экен бизди деп, Төгөт экен жинди, деп, Чоролору Манастын, Куткарбайт окшойт бирди, деп, Калмактар качты дүбүрөп, Аңгыча доол кагылды, Жердин бети дүңгүрөп.

Орто жерге жик түшүп, Ажырашып бөлүндү, Баштагы күндөр эсте жок, Ойрон Чубак, эр Сыргак, Атагы Какан журтуна, Ажыдаардай көрүндү. Ажырап черүү түшүштү, Жолдорун сактап күтүштү, Таң агарып сүзүлдү, Жылдыздар тарап таң атып, Күн жаркырап көрүндү, Жаны тирүү дени сак, Жатып калбай ноокастап, Басып турган немеси, Жабыла баары камданды, Аттарын токуп бышыктап, Үзөнгү боосун узартып, Куйушканын кыскартып, Кош олоңун бек тартып. Ал аңгыча кытайдын, Баңдоолу кагылып, Согуштун сыры таанылып, Баңдоолду укканда, Баарысы атка жабылып, Байрак сайып туу толду, Өйүз-бүйүз эл толду. Манжулардын Нескара, Атка мине салыптыр, Каскаксыз найза колго алып, Майданга чыга калыптыр. Көрө койуп Алмамбет, Сарала менен бурулду, Келди эбине эми, деп. Залкар тоодой Чубагың, Жөө бөрүсү чунагың: — Алмамбет баатыр кантесиң, Бура тартып нетесиң? Сенден кийин мен калып, Кай мураска жетемин? Сенден кийин мен калып, Өлүп кетсем непада, Талаада калар бекемин, Мага бергин Алмамбет, Кажылдаган калкыңдын, Кай бир сырын ким билет? Нескара менен мурдатан, Сыр алыштым белгилеп, Барайын баатыр мен ага, Айтаар сөзүм бар сага. Беш күндөн бери карата, Кирпик кагып ирмебей, Алактап жүрөк тынч бербей, Ар шумдуктар көрүндү, Жакын көрүп турамын, Тирүүлүктөн өлүмдү. Өлүп ктесем непада, Сенден кийин калганда, Ким алат менин сөөгүмдү? Калмактын калсам колунда, Капак кылат башымды, Бирден жулат чачымды, Кескилеп кетет этимди, Тилгилеп кетет бетимди, Айтпай кантип жашырам, Алаке сенден ниетимди. Мен барайын, Алаке, Үзөнгүдөн бут тайсам, Көктекеден кыйшайсам, Бул дүйнөдөн кылтайсам, Ала көргүн сөөгүмдү, Көп калтырган жерим бар, Көк жалым сенин көөнүңдү... Алмамбет анда кеп айтат: — Андай эмес деп айтат, Эске алган жакшы өлүмдү. Ким билет көрөр өлүмдү? Кирпик ирмеп көз жумбай, Көөдөндө жаным бар турса, Таштабайын сөөгүңдү. Сеникин алып мен чыгам, Меникин алып ким чыгат, Кудай билет баарысын, Мен барайын сен калгын. Өлүп кетсем непада, Сөөгүмдү Чубак сен алгын, Мактап кытай эл калсын. Секирип Чубак жалт берип, Бизге сайган немедей: — Кайсы кебиң, Алаке, Ойлобой акыл кенедей? Мен барамын алдыда, Уруксат, аба, бер мага! Ушинтип жүрүп эр Чубак, Бакайдан алды уруксат, Майданда турат Нескара, Тору айгыр менен алактап. Бута атым басып эр Чубак, Бура тартып буластап: — Азизхандын Алмамбет, Азыраак калып калыптыр, Бир өзүңө айтар кеп, Шыпшайдардан окко учсам, Бул дүйнөдөн көз жумсам, Каптап кирсе кытайлар, Чабуул койуп кокустан, Унутулуп калбайын, Алынбай сөөгүм ушундан, Көөнүм тынар бир сөздү, Угуп кетсем деп турам. — Кой десем, Чубак болбодуң, Бастырбай жолун торгодуң, Ажал жетип күн бүтүп, Өлүп кетсем кокустан, Таштап койсом сөөгүңдү, Эр жарагы алдында, Эрдик атым жойойун, Кыйаматка барганда, Пайгамбарлар алдында, Мен сабункер болойун! Угуп Чубак кош болуп, Кадимкидей көкжалың, Бастырып кетти оштонуп. Чубакты көрүп Нескара, Алда канча түрдөнүп, Жутуп ийчү немедей, Кыйын тийди сүрдөнүп. Күүлүү найза кезгерип, Көмө сайам дегенсип, Кирген буура кептенип, Качырды каапыр эстенип. Акбалтанын Чубагы, Ашыгып кетер эр эмес, Нескарадан апкаарып, Шашып кетер теги эмес, Каары катуу, заары күч, Жаалысы дозок, жалын көз, Жанын айап душмандан, Коркуп көргөн эр эмес. Орок мурун чуңкур көз, Узун бойлуу, дөң маңдай, Өмүр бойу эр сайган, Тирүү жандан жазганбай. Көктеке менен аргытып, Көк найзаны каргытып. Даңканы менен Көктеке, Көккө топо сапырып, Нескараны кайран шер, Арбагын баштан качырып, Кагып ийип найзасын, Көмө койуп өттү эле, Кайра Чубак тарткыча, Калмак Ушаң жетти эле. Чубакка найза жетерде, Көмө койуп кетерде, Оң жагында Ушаң бар, Сол жакка оой берди эле, Найза каңгып ат сыргып, Тарталбай атын бурулуп, Алдына өтмө бергенде, “Манастап” ураан чакырып, Алдындагы Ушаңды, Как далыга бир койду, Камгактай учуп жыгылып, Калмак Уушаң кор болду. Өзү манжу эл эле, Дөөдүр менен бир элден. Дөңкөнөй деген эр эле, “Нескарада өкүм бар, Болбосо менмин дээр эле”. Ушул каапыр жеткени, Көзөл Чубак арстанды, Көмө койуп кеткени. Жер тайанып жыгылды, Туулга баштан ыргыды, Туулганы алып эрениң, Башына кийип баратса, Кармаган колун билектен, Сындырып өтүп тарткан жаа, Чекесине мылгыды, Тоңкочуктап эр Чубак, Тоңкойуп кайра жыгылды! Коңурбай баштап ат койду, Аламандап бат койду, Төрө Алмаң баатырдын, Бир огу жаага кезделүү, Бир огу ооздо тиштелүү, Башын кесип кетет деп. Дөңкөнөйгө Алмамбет, Жааны тартып жиберди. Алмамбет аткан соо болбос, Атканын теги коборбос. Тоо кулаган немедей, Томолонуп Дөңкөнөй, Топо тиштеп соройду. Койо туруп Алмамбет, Башын кессе мейли, деп, Шыпшайдарды кездесе, Ошол жерде соймокчу, Тагдырды кимдер буза алат, О дүйнө шондой кызталак, Буйруктагы болмокчу! Сарала менен Алмамбет, Салган бойдон кеткени, Алмамбет анда баргынча, Коңурбай мурда жеткени, Чубактын аты Көктеке, Түшө калган үстүнө, Коңурбай кылыч шилтеди, Чубакка тийбей кылычы, Көктеке мойнун кескени, Айланса болот бууданга, Ээси менен кеткени! Алактаган калчаны, Аңтара сайып Алмамбет, Алгараны жетелеп, Алып кетсе да бир кеп. Айтканым жалган болот, деп, Арстан Чубак баатырды, Эңкейип кармап кемерден, Так көтөрүп алганда, Бура тартып калганда, Алты ай минсе арыбаган, Арыгансып калбаган, Ташка салса талбаган, Алмамбет минип жүргөлү, Мүдүрүлүп бакпаган, Арам өлгөн Сарала, Мүдүрүлдү, кап, кап, а! Башындагы туулга, Кылт дей түштү бир жакка, Камынып Алмаң кармады, Кыйшайа түшкөн туулгасын, Кайта оңдой салганы, Салгычакты болбоду, Шыпшайдар огу чыкыйга, Эмени тепчий калганы! Сыр алдырбай Алмамбет, Сыздырып кетип баратат, Эр Чубактын өлүгүн, Алып кетип баратат, Бешенеден аккан кан, Баатыр Чубак үстүнө, Жайып кетип баратат, Элге жете барганда, Эр Алмамбет муну айтат: — Эрен Бакай абаке, Чылбырды карма! – деп айтат, Сырдашым Сыргак канасың, Оң колтукка найзамды, Эп келтирип такагын, Сол колтуктан жөлөгүн, Чубактын алып өлүгүн, Тамам болуп күн бүттү, Тагдырым бүгүн өмүрүм: Айкөл кайда эмчектеш, Алып келип көрсөткүн. Кабарчыдан кеп угуп, Кабылан басып барыптыр, Калкайып карап калыптыр, Кирпигин ирмеп көз ачып, Маңдайдан турат кан агып, Айкөлүңө кол сунуп, Алмамбет турду муну айтып: — Каңгайдын кара тоосунан, Айландырып Каканды, Кабат белин ким ашкан, Такыр муну ким баскан? Үрүстөм-Дастан бир ашкан, Амири болбой Алланын, Ара жолдо ал кайткан: Дөө-периге көтөртүп, Так Сулайман падыша, Бир күн келип түнөгөн: Амир Темир көрөгөн – Бул ааламдын баарысын, Алдына салып сүрөгөн, Ушул Бейжин шаарында, Өткөн дейт пааны дүйнөдөн. Искендер изин салбаган, Илгертен киши албаган, Байыркы өткөн бабалар, “Көйкап тоо” деп атаган, Жин-пери жердейт аны, деп, Титинип келе албаган: Азырети Аалы ашпаган, Адам уулу баспаган. Өчөшүп Коңур калчага, Өжөрлүк кылып мен бастым, Изимди кууп сен аштың. Эшигин таап “Көйкаптын”, Бейжиндин шаарын басканың, Жалган эмес ачканың, Жамагың элге айтылып, Акырга калар дастаның. Аралап келип анжуга, Атышып кирип манжуга, Кара кытай калкына, Каканчындын жалпына, Баңша арбак Бакбурчун, Алтымыш капка бул журттун, Олтурдуң минген тагына, Ээ болдуң күлгүн багына, Суктандык сулуу кызына, Каапыр да болсо улуу журт, Кеттиби кесир ушунда? Ушуну менен бул жумуш, Айакташып түгөнбөйт, Арты-артынан уланып. Айагы миңдеп түмөндөйт: Ушул кылган иштериң, Бүт дүйнөгө угулат, Бирдики тийет миңге деп, Айагы элиң куурулат. Айкөлүм Манас канасың? Айтканды кабыл аласың, Айтканды кабыл албасаң, Айтылуу жер Таласка, Бирөө барбайт алашың, Алдыңда алаш эл тургай, Тайынсыз өзүң каласың, Тилимди алсаң арстаным, Окшуруңду карагын, Атканыңа жараган, Аккелте турат жарагың, Аккелтеңди колго алгын, Антташып туруп ок салгын, Күндүн мурду чачырай, Дүрбү салып карагын. Дүрбөп жаткан каңгайлык, Бүгүнкүдөн эртең көп, Он эки түргө бөлүнөт, Кайсы экени билинип, Ал Шыпшайдар көрүнбөйт. Ачуу – шайтан, акыл – дос, Акылыңа акыл кош. Элдин бир жак четинде, Ортого жаккан от болот, Көбү жети, азы үч, Ошончолук топ болот. Ортосуна дөбөлөп, Төгүп койгон ок болот. Түтүн каптап күдүңдөйт, Кайсы экени билинбейт, Мелтирете мээлегин, Жыдыман менен кароолду, Бап келтире теңегин, Тобокел деп арстаным, Топко болжоп жибергин. Ажеп эмес, аткан ок, Алып кетсе чочкону, Белгиси ушул билерсиң, Сүбүрлөнүп бөлүнөт, Тумандан бетер сөгүлөт, Өлбөгөн болсо Шыпшайдар, Уй түгүндөй көп каапыр, Бери карай өмүлөт, Сөгүлсө өлдү Шыпшайдар, Өмүлсө калбайт кыргыздар, Сүйрүлөнүп бөлүнсө, “Манастап” ураан салыгыла, Арстаным Манас, зор Бакай, Ырчы - үчөөң калгыла, Башкаң калбай баргыла, Андан кала бергенде, Жолборсум Сыргак, жолборсум, Айтар сөзүм бар сага. Телкызыл минип каргытып, Артынан түшүп кубарсың, Кылычты канга жубарсың, Айтканыма кулак сал, Абайлап байкап угарсың. Маңдайда будур кара тоо, Аркы бети баарысы, Капчал-капчал терең тоо, Бейлебей барган бенденин, Бели сынар жери ошо, Түгөнүп калбай түтөгөн, Барган сайын күчөгөн, Түптүү кытай эл ошо, Айласы арбын амал көп, Хан Коңурбай эр ошо: Кандыргалап качпасын, Атын байлап бир жерге Өзү аңдып жатпасын, Очогор мылтык октолуп, Учурап калып ал сага, Кетип калба кайран шер, Бул дүйнөдөн жок болуп. Кыраңдан ары ашпагын, Жарым карыш баспагын, Таласка барып калганың, Айыктырып алгыла, Айкөл Манас арстаным, Эмчектеш Сыргак, эр Серек, Бирине-бири күйбөсө, Туугандыгы не керек? Сыргактын кетпей артынан, Башка жакка бурулбай, Байкап жүргүн абыдан. Мээнет акыл таптырбайт, Ажал кабар айттырбайт, Коңурбайдын артынан, Кууп кетсе иниңди, Байкасташып жүргүлө, Акмалап бири-бириңди. Очогор үнү угулса, Октой жеткин ушунда, Бөркүңдөй эле көрүп кал, Сыргак окко учту анда. Өлүгүн алып бүктөгүн, Телкызылга жүктөгүн, Коңурбай качат калдаңдап, Алгара менен салбаңдап, Айгайды салып айабай, Артынан түшкүн айанбай, Басташкан Коңур чоң калча, Качып берет ошондо, Кылчайып артын карабай. Аркы ойго түшкөндө, Түз келгиниң элиңе, Сен айгайлап киргенде, Жетекте Кызыл жүргөндө, Көзүн анын ныл басар, Өлгөнү Серек экен деп, Тирүү экен Сыргагы, Качпасак эми бекер деп, Бир-бирине айтышар, Акылынан шашышар, Амал калбайт каңгайда, Кайрылып туруп атышар. Кырааным Манас сен элең, Кыдырып жүрүп жетерсиң, Кыйналганда элебей, Адашып жолдон кетерсиң. Тетирсуу бойлоп өтө көр, Арыса тулпар чаалыгып, Музбурчак таштап кете көр, Элиңди бөлүп туш-тушка, Сөөгүмдү менин бергиниң, Айтып тургун Бозуулга. Ташташка келсе бир белге, Куржунум асып таштасын, Ошол болсун бир белге ээ, Ээлөөсүз жерге жашырсын, Сөөгүмдү бирөө билбеске! Сыргакты бергин Серекке, Аркайган тоону ашырбай, Сөөгүн койуп бир жерге, Кылып кетсин буга да, Унутулбас бир белги, ээ! Ырчыга бергин Чубакты, Артып жүрүп кыйнабай, Алдыңдагы Кула атты. Күн-түн жүрсөң кетерсиң, Каныкейге жетерсиң, Көрөр күн болсо ичер суу, Бир сакайар бекенсиң, Кокустан болсо окуйа, Кулак салгын ушуга – Айткан күндө жетпесең, Жүлүнүң чирип үзүлөр, Көрүүчү күнүң бүтүрөр. Айтып турат Алмамбет, Күрмөлбөй тили кээ-кээде, Үзүлчүдөй эндиреп, Айнектей болгон эки көз, Жал-жал этип жаркырап, Бурчактап жашы кирпикте, Буулуп үнү каргылдап: — Мен өткөндө дүйнөдөн, Ыйлаба, кыргыз, чуркурап, Алмамбет өлгөн экен деп, Кара кытай эл билер, Келген кытай жүз урук, Калбай каптап бүт кирер, Айлаңды такыр кетирер, Бирден бөлүп таласа, Кимиңди үйгө жеткирер?! Айкөл Манас, зор Бакай, Шамшарымды белимде, Ала жүрүп бириңер, Айтып келген эр Шууту, Атанын эрди тийбеген, Энеден эмчек ийибеген, Аркада калган туйагым,- Күлүстөнгө бергиле....

Деп баратып унчукпай, Шылк дей түштү Алмамбет, Аттуу туруп чиренип, Көкүрөгү акырын, Кур дей түштү Алмамбет, Оозунан чыгып көк түтүн, Бур дей түштү Алмамбет, Тийип турган жарык күн, Булут каптап чөмкөлүп, Күндүн көзү күүгүмдөп, Буурул тартып күүгүмдөп, Алмамбет өттү дүйнөдөн, Ажал жетип күн бүтүп, Жайына алды кастарлап! Сараладан түшүрүп, Ошол кезде айкөл шер, Кейишин тартып курдаштын, Керсары болуп муң басып, Алтындан бүткөн кемерди, Айабай мыктап курчанып, Айдай бети көрүнбөй, Төрт эли сары түк басып, Төбөсүнөн көкжалды, Тоодон оор жүк басып, Араңдан зорго Манаска, Агарып чыкты таң атып,

Арстан Манас кайран эр, Аккелте мылтык колго алды, Окшурунан ок алды, Күпсөрдө какса баатырың, Араңдан зорго бир атым, Дары чыкты карагын. Киши менен сүйлөшүп, Күдүңдөшүп жаткандай, Манас сүйлөйт мындай кеп: — Аккелте мылтык сен элең, Сен турганда ийинимде, Атышып келген душманды, Куткарбасмын дээр элем. Огуң-менен дарыңды, Милтең менен баарыңды, Андан кала бергенде, Кароолуң менен жыдыман, Мелтирете шыкаалап, Мелжебесем маа жазык. Анда мени Аккелте, Төбөсү ачык көк урсун, Төшү түктүү жер урсун! Каапырдан коркуп жалтайып, Чалып тийсең бултайып, Аккелте, анда саа жазык, Жарабасаң керекке, Анда сени, Аккелте, Аңкап жаткан чөл урсун. Акпай жаткан көл урсун! Куурап күндө какжыра, Кундагыңды чыгарып, Чөлгө ыргытып ийбесем, Ошондо чирип жоголгун, Темириңди акпаган, Көлгө салам тийбесең. Чычкан кырксын майдалап, Милтеңди таштап койбосом, Атканда эле коборбой, Антташкан жоону сойбосоң, Айтканымды кылбасам, Менин Манас атым курусун! Тарс дегенде тап этип, Түтүндөн мурда ок жетип, Шыпшайдарды жебесең, Сенин Аккелте атың курусун, Тийе албай калып душманга. Таштасаң жана бушманга, Сени мага жасаткан. Бакай чалың курусун! Жүрүүчү элем султан деп, Көптү көрүп, көп окуп, Баары жокту уккан деп, Керез айтты Алмамбет, Аккелте менен аткын деп, Акырет кеткен эр айтты, Айры төштүн шери айтты, Жоого барсам салгын, деп, Алты күндүк алыстан Жоонун ченин алгын деп, Момунжан берген дүрбү элең Мындан мурда душманга, Ар качан салып жүрчү элем. Сени менен карайын, Алмамбет айткан керээз кеп, Болжолун анын табайын. Болжолуңа келтирип, Салалбасам маа жазык, Тунарык турат тумандап, Көрсөтпөсөң саа жазык, Аккелте менен дүрбүгө, Айкөл Манас антташып, Келтенин огун салаарда, Огун тиштеп шартташып, Дүрбүсүн алып колуна, Оңдоп кармай имерип, Олутуна толтуруп, Каңгайды карай жиберип, Кара көзгө салды эле, Кабылан Манас мелтиреп, Карарып жаткан көп колду, Кайкалап карап калды эле. Кайнап жаткан какандык, Он эки түркүм эл болуп, Орто жери ой болуп, Эки чети дөң болуп, Бир караса кызарып, Бир караса карарып, Бир караса көгөрүп, Бир караса агарып, Бир караса саргарып, Куйун шамал кептенип, Оң-тескери айланып, Элдин ичи кубулжуп, Топурак учуп буурулгуп, Турган экен какандык, Он эки түрдүү жаракчан, Он эки башка бөлүнүп, Түркүм-түркүн көрүнүп, Туман болуп сөгүлүп. Андан ары караса, Элдин окчун четинде, Беш киши бар бир жерде, Ортодо жаккан оту бар, От бойунда огу бар, Алмамбет айткан чын болсо, Бештин бири Шыпшайдар, Ошол эмей кайсы, деп, Оңдоп жана караса, Бештин бири бөлөкчү, Төгүлүп кеткен сымаптай, Созула түшүп жылт этип, Жайкалгансып кылт этип, Турган экен ушинтип, Күн чагылып жалт этип. Дүрбүнү катып койнуна, Аккелте алып колуна, Алмамбет кеби ойунда, Бүткөн бойун жашырып, Келтени таштан ашырып, Жыдыманы жылтырак, Баткак чаптап бастырып, Мелтиреп мелжеп тиктеди, Окчун турган беш киши, Жыдыманга түшкөнү. Капташтырып кароолго, Жыдыманды життирди, Көттүгүн такап көөдүнгө, Боосун тартып бек кармап, Машаны тартып жиберди. Келте оозунан чыккан от, Көкжал Манас баатырдын, Төбөсүндө жарк этип, Катар турган беш киши, Учуп кетти жалт этип, Арылып түтүн болгунча, Чогулуп калды эл келип. Аңгычакты болбоду, Бир четинен чубады, Бейжинди карай сүйрөйүп, — Турасыңбы, алаш! –деп, Аттанып чыкты турбастан, Арстан Сыргак сүйлөнүп. Табына келген Телкызыл, Тоңкучуктап токтобой, Алоолонуп алыптыр, «Манас эле, Манас», деп, Сыргак айгай салыптыр. Бакырыгы чыкканда, Сыргактын үнүн укканда: “Сүйүндүк эле биздин эл, Чубак окко учканда, Алмамбет кайра кеткенде, Жаралуу болду өлө, деп, Жадыбызда ушул кеп. Өлүмүш болуп Чубагы, Өңөргөн болуп Алмамбет, Шайдарды атып алгынча, Амалы экен турбайбы, Чыкты белем белсенип, Жаткыла силер, жалгыз мен, Барайын деп Сыргагы. Бурутту кимдер жеңе алат? Айрыкча Сыргак желмогуз, Аргытып кыйын келатат. Артынан келет Чубагы, Ага киши чыгабы? Анан келет Алмамбет, Ага кимдер теңелет? Элөөсүз кечээ жакында, Чыгып калды Сереги, Жабыгып буруп калды эле, Шыпшайдар мунда келгени” Деп айтышып күбүрөп, Кытайдын эли күдүңдөп, Манжу, калмак калды эле, Кырк жаңжүндүн элинен, Бир да киши калбастан, Баары качты дүркүрөп, Аңгычакты эр Сыргак, Четинен кирди аралап, Ээ боло албай Мурадил, Анжу да кетти жүр, жүр, деп. Караса Сыргак көкжалды, Кабагынан кар жааган, Эки беттин үстүнөн, Найзадай түктөр саксайган, Мурутуна муз турган, Алмамбет, Чубак эсинде, Муңайып көңүл бузулган, Шоролонуп эки көз, Түбүнөн кайнап өрт жанган. Алдында минген Телкызыл, Анча-мынча жар келсе, Аттай чуркап баратат, Катары менен аң келсе, Каттай чуркап баратат, Өөдө ылдыйды ылгабай, Жазбай чуркап баратат. Абайласа турган эл, Ат ээсине жарашат, Сыргактын түрүн ким көрсө, Акылынан адашат, Адамбы же периби, Айран-азыр таң калат, Коңурбай чыдап тура албай, Бейжинди көздөй жөнөдү, Байрагын кайра булгалап. Кайрылганга чама жок, Качып барат какандык, Жыгылганын жөлөбөй, Шашып барат какандык, Бирин-бири олжолоп, Алып барат какандык. Арстан Сыргак жолборстун, Жолборстук сыны кармады, Астына утур келгенден, Бир киши тирүү калбады. Жойболот деген кылычты, Жулуп колго алыптыр, Жолугуп калган немесин, Жол бойуна жарыптыр. Эңишке кире бергенде, Элүү-кырктай немесин. Аңга түртүп баратат, Алдында жүргөн Коңурга, Кабылан Сыргак капташат. Эки көзү алаңдап, Эки буту салаңдап, “Көкө теңир, колдо, — деп, Сойобу Сыргак жолдо, — деп, Өргө салсам жетет, -деп, Өкүртүп башым кесет, — деп, Эңишке салсам өтөт, — деп, Түрө кармап этектен, Сүйрөткөн бойдон кетет, — деп, Кындыргалап качайын, Анда койбой баратса, Алгара таштап бир жерден. Аңдып тосуп жатайын, Олчоктогон Сыргакты, Очогор менен атайын” Деп ойлонуп чоң Коңур, Арамзада оңбогур, Оролмо тоону оролуп, Көрүнө түшүп жоголуп, Качып барып бир жерде, Кара тоого солонуп, Түшө калып кара аттан, Тизгинин колго оролтуп, Чыга берип бир жерге, Олойуп карап токтоду, Очогорун октоду, Ойрон Сыргак баатырда, Алмамбеттин айтканы, Ойунан чыгып жоголду, Алгараны көргөндө, Өлүмдү качан ойлоду? Өзү качып кетиптир, Алгара олжо алам, деп, Ого бетер чу койду, Чылбырдан жетип кармарда, Мээлеп турган Коңурбай, Очогор менен бир койду, Олжо алалбай кара атты, Кабылан Сыргак торойду, Калдактап Коңур жеткени, Кылычын кындан алганча, Кырандын башын кескели, Аңгычакты артынан, Бай Жакыптын эр Серек, Бакырган бойдон жеткени. Серектин үнүн Коңурбай, Ашкере айрып угалбай: “Мингени окшош көк экен, Өңдөрү сары, көзү көк, Өткүр окшош неме экен, Өлгөнү Серек турбайбы, Өткүрү Сыргак бул экен!” Ойлонуп муну туралбай, Баш кескенге жарабай, Кылчайып артын карабай, Кара атты минип калдактап, Өзөн ылдый Коңурбай, Качып барат далдактап, Камчы болуп эки этек, Кетип барат салбактап. Жетип Серек Сыргакка, Жаш толтуруп көзүнө, Алмамбет айткан керээз кеп, Серектин бар эсинде, Телкызылга Сыргактын, Артып сөөгүн жүктөдү, Жетекке алып Кызылды, Коңурбайдын артынан, Тобокел деп түшкөнү. Өзөндүн чыгып оозуна, Оңбогон Коңур ойлонуп, Алгара менен толгонуп: “Серек болсо тирүүсү, Өлүктү алып кетет, -деп, Аркасынан жөнөсөм, Аркы бетте жетем, — деп, Серекке кошуп Манастын, Башын кесип кетем” –деп, Бадырайып турганда, Минген аты дагы көк, Жетегинде дагы көк, Желмогуздай келайтат, Жарыша чуркап эки көк. “Жеткени Сыргак турбайбы, Очогор октор дарым жок, Сыргак менен беттешип, Салыша турган чагым жок, Найзанын учу тешпеген, Кылычтын мизи кеспеген, Балтанын сырты батпаган, Мен турмайлык бул Сыргак, Борончудан кайтпаган.” Муну ойлонуп Коңурбай, Алгара менен алактап, Кең багалек буулум шым, Ат капталда балактап, Утур келген баатырга: — Кылчайып артың караба, Эптеп жетип Бейжинге, Сепилге кирип маанала! Деп баратат Коңурбай, Тарап кач! – деп, - бириндеп, Айтып барат Коңурбай, Алп Коңурбай баш болуп, Анжу, манжу – эки урук, Калмак, кытай – төрт урук, Шибе, солон – алты урук, Качып кетти баарысы, Беттеше албай Серекке, Чогулушуп бир туруп. Арстандын Серек иниси, Каңгайды түгөл коркутуп, Ээси жок калган бош аттан. Миңден артык чогултуп, Айдап кетти бургутуп. Эсен хан элге ээ болбой, Какандык эки бөлүндү: Кара кытай, калмактар, Анжу, манжу – арбактар, Шибе, солон – алты урук, Эки инген карай бөлүндү, Коңурбайдан кырк жаңжүн, Бөлүнгөнчө бөлүндү. Муну мындай таштайлы, Айкөл Манас арстандын, Аз күнчүлүк дүйнөдөн, Аттанганынан баштайлы.