← Манас

Коңурбайдын Шыпшайдарды алдырып келиши, Көкчөнүн өлүшү

Сырттан баатыр Алмамбет, Серекти жакшы кийгизип, Белгилүү такка мингизип, Шек алдырбай эч кимге, Сыр чыгарбай кишиге, Күндү санап ичинде, Күн болжолу бүткөнчө, Анда-санда кишилер, Келип калса Манаска, Алыскы жерди көрсөтүп, Өзүнүн андай иши бар, Көрүнбөйт деп кишиге, Туйгузбай жүрдү кичине, Манас качан өлөт, деп, Коңурбай жүрөт ичинде. Биле албай дайынды. Акмалап Калча аңырды, Одурайган Коңурбай, Ого эле кыйын кайгырды: “Кара көзүм кашайып, Жаза чаап салдымбы? Манасты чаппай тамды чаап, Балтам анда калдыбы? Же билгизбей кыргыздар Манасты түндө кетирип, Өздөрү жатып алдыбы? Мындан туруп нетейин, Бел-белге салып жетейин, Жарадар болуп салаңдап, Салбырап араң баратса, Манастын башын кесейин, Айдап барып кошуунун, Дене кул кылып кетейин” Дегенди алып ойуна, Сыр бербеген башында, Мурадил менен Нескара, Аларды алып жанына, Бастырып Коңур жөнөдү, Белге чыгып барууга. Айкөл Манас арстан, Белкоргон жер келди, Токтогун, деп элдерди, Түшүргүлө мени, дейт, Дүрбү салып Бейжинге, Мен көрөйүн жерлерди. Айкөлүң түшүп атынан, Дүрбүсүн алып койнунан, Бейжинди беттеп карады, Айландыра караса, Көрүнүп калды көзүнө, Коңурбайдын караны, — Бакай хан, — деп бакырып, Жанына жакын чакырып. Жаным тирүү бар туруп, Коңурбайдан качамбы? Кубалатым басамбы? Калча менен кагышпай, Карсылдатып салышпай, Кантип келем мен, Бакай? Коркуп Манас качты, деп, Арбагым менин ашты, деп, Коржоңдоп Калча көп жерге, Дөөкүрсүп айтаар далай кеп! Беш хандын колу көп экен. Көптүгү жердин чөбү экен, Аккула минип болкойуп, Ары-бери бастырып, Арстаның турат зоңкойуп. Коңурбай менен Нескара, Мурадил, Уушаң - төрт балаа, Карап туруп маңдайда: — Келбей койбой бул жерге, Келиптирбиз туу белге, Аттанып чыккан кези экен, Таласка кыргыз кеткенге. Бирди көрүп алаштар, Кайышып түшүп алышты, Арага киши салалы, Он беш күндүк алаштан. Мөөнөт сурап багалы, Кетемин десе зор Манас, Тийишпей кайра жаналы. Кеңеш кебин бүтүрүп, Арага киши салыптыр, Он беш көндүк мөөнөттү, Манастан сурап алыптыр. Алп Коңурбай, Калчанын, Айласы анын кыйла бар - Уруксат алып Манастан, Улуу ингенде жай жаткан, Кайып атып пул тапкан, Эркин жатып жан баккан, Кангайлардын Шыпшайдар, Мылтык атуу, жаа тартуу, Өнөрү анын кыйла бар. Шыпшайдарга жиберди, Мында мындай кат жазып, Токонек кушка катты асып: “Далайдан берки урушту, Болуп өткөн жумушту, Көрбөдүң, уктуң, Шыпшайдар, Кырылышып ал келбей, Бейжинди алды кыргыздар; Таалайы артык хан минген, Тактыны алды кыргыздар, Кылымга аты угулган, Кызды алды кыргыздар! Аралап кирген алаштын, Айкөлү болгон Манастын, Аңдып жүрүп алдадым, Ай балта менен жайладым; Буга дагы болбостон, Белге чыгып бек жатты, Бу кыргыз бизди жадатты; Келип мында, Шыпшайдар, Карматкын жойчу адатты.” Катты мындай жиберип, Анда турган төрөлөр, Муруттарын имерип, Арбын акыл ойлошуп, Арткы жумуш болжошуп, “Алмамбет келсе бул жерге, Бербейт,-деп,-тынчтык биздерге, Келтирбей аны кыргызга, Карсылдашып турушка, Чоң Мадыны салалы, Байлатып аны алалы, Карматып аны албасак, Шыпшайдарга качкын кул, Бир амалды табалы?” Акылдашып олтуруп, Кумдай аскер болтуруп, Алтымыш миң кол менен, Алачыктай Мадыга, Жолду койду тостуруп. Болжолдуу кырк күн бүткөндө, Алмамбет, Чубак, эр Серек, Көрүнөө күндүз аттанып, Таласты карай бет алып, Келатышат көк жалдар, Түндөсү жатпай эс алып. Алмамбет, Чубак, эр Серек, Келе жатса энтелеп, Селдей болгон көп кошуун, Каршы алдында теңселет. Кангайлардын Мадысы, Турган жерден жол тосуп, Үч баатырды көргөндө, Алдынан чыкты жолгошуп. Кангайдын эли көп экен, Баары балбан, баары шер, Баарысынан Мадысы, Жаңы чыккан эр экен. Айтканча каапыр бар экен, Сайганын жерге жасаган, Тентектин бири ал экен, Далайдан бери жоо көрбөй, Буулугуп калган чагы экен, Жашы кыркка жете элек, Толуп турган табы экен. Кара Коңур ат минип, Найзасынын учунан, Жалындаган от күйүп, Кайраты жерди жапырып, Катуу келет качырып. Карап турбай эр Чубак, Көктекесин теминип, Өрөпкүгөн жүрөгүн, Өрт өчкөндөй басам, деп, Бул дагы кирди желигип, Мадыдан мурда камынып, Сайды Чубак керилип. Зым-зым этип бу каапыр, Кыйшайап койбойт дегеле, Эрдигине ишенип, Жана сайды эр Чубак, Эрдин кесе тиштенип, Эрен Чубак баатырдан, Удаа эки найза жеп, Солк этип койбой бадырек, Колуна алды найзасын, Эми мени көргүн, деп. Качырып муштап салыптыр, Найзасы узун Мадыңыз; Козголбой турат ордунда, Кабылан Чубак залыңыз. Куршугу туткан чоң Мады, Кош колдоп найза кезкерди, Мадыдан найза жеткени, Акбалтанын Чубагы, Аңтарылып кетти эми. Артынан Серек жетиптир, Ал дагы сайып кетиптир, Көктекени качырбай, Кармап алып Алмамбет, Жетелеп барды Чубакка, Мынаке атың мингин, деп, Сайганын жазбас Мадыңыз, Шилтеди найза бир сайып, Жыгылды Серек кыйшайып, Чубак менен Серекти, Мады турду тең сайып. Алмамбет жетип бир сайды, Кангай Мады кебелбейт, Сайганды деги кенебейт, Алмамбет менен Чубакты, Бучкагына теңебейт. Ылачындай үч баатыр, Тийип-чыгып найзалайт, Кангайлыктын эр Мады, Кара Коңур ат менен, Каткыра күлүп чалкалайт Найза тийсе эңкейбей, Ого бетер кайкалайт. Көкжал Чубак күүлөндү, Жан алчуудай түрлөндү, Кара тажаал Мадыны, Капталга койуп өттү эми, Аркасынан Алмамбет, Салган бойдон жеткени, Сайып өтүп кеткени, Серек жетип бир сайды, Оозун ачын эстенип, Алдыңкы ээрдин тиштенип, Улам-улам найза жеп, Кара жанга күч келип, Качырып кирди бу каапыр, Мурункудан күчөнүп. Кирген менен Мадыга, Баатырлар найза сайдырбайт, Дембелеп уруп үч баатыр, Мадынын жанын тындырбайт; Алмамбет сайса солк этпейт, Чубак сайса былк этпейт, Серек сайса кыңк этпейт, Дембелеп сайып үч баатыр, Бир Мадыга ал жетпейт. Чама жетпей так чарчап, Чай бышып жүрүп кол какшап, Ушаланып бул Мады, Калганы жок кум болуп, Койгулашып үч эрен, Колдору ооруп дал болуп, Көтөрүлбөй шал болуп, Чарчады такыр шай болуп. Ошондо Серек баатырың, Сайышып жүрүп ойлонуп: “Найзаны кагып муштадык, Көмөлөтүп жыкпадык, Балталадык баш уруп, Чыгар мээсин албадык, Эч болбосо артынан, Аңтара аны салбадык. Бир амалды табайын, Башында болот туулга, Ыргыта аны сайайын, Телп этип туулга ыргыса, Коондой болгон кара баш, Бакалоордун безине, Найзамы малып алайын, Мадыны Серек сайган, деп, Бир ооракты алайын” Кууказык менен жеткени, Коржоңдогон Мадынын, Койкойуп турган туулгасын, Ыргыта сайып өттү эми. (Ойуна жетти эр Серек, Анчалыгы болбосо, Серек аты не керек?) Туулга алып кийгенче, Ойон Чубак жеткени, Көк шилиден көмөрө, Көк найза менен муштады, Козголгонсуп былк этип, Кенгиреп Мады турганы. Кайрылып Серек жетиптир, Бакалоордун бези, деп, Найзаны муштап өтүптүр. Чубак сайган шилиге, Серек сайган келтирип, Алкымынын безине, Жандай түшүп Алмамбет, Кылыч менен бир чапты, Келтирип туруп эбине. Курма тамдай бул каапыр, Кулап аттан түшкөнү, Адырайган калмактын, Анын да иши бүткөнү. Башын кесип кулатып, Тоодой болгон Мадыны, Жол бойуна сулатып, Аркада черүү көрүнөө, Аты жок анын баары жөө, Башын алып артына, Мадынын кара Коңурун, Өрдө аны соолутуп, Ойондор чыкты кайкыга. Кайкалап жаткан көп кошун, Аркы бети ойдуңда, Дүрбү салып Алмамбет, Караса аркы чокуга, Арстаныңдын Аккула, Байлалуу турат ошондо. Айландырып караса, Андан башка караан жок, Калдайган черүү жана жок. Дөбөчөк кара таш турат, Бута атым туура жагында, Жетип барып Алмамбет, Чукул алдын караса. Кайсы экени билинбейт - Адамбы, чөпбү, кумбу, курт, Аркы-терки чубуруп, Аны көрүп Алмаңдын, Айдай бети кубулуп:

— Айбаттуу Чубак, эр Серек. Айтып-айтпай не керек? Кайнап кытай толуптур, Тирүү жан эми кетирбейт! Бейпайлуу калча оңбогур, Белди тосуп жаткан бейм, Коркпосоң эми келгин, деп, Белдүү шерге айткан бейм, Жарасы зилдеп айкөлүн, Жабырды жаман тарткан бейм, Жазганып Сыргак эренден, Жалтанып Кангай калган бейм. Же болбосо эр Манас, Коңурбайды көргөнбү? Көрөгөч баатыр көңүлүн, Көп санаага бөлгөнбү? Өлсөм өзүм өлөм, деп, Өжөрлүк менен өчөшүп, Козголбой жатып көргөнбү? Жакшы-жаман-бар ишти, Барып сурап көрөлү. Алмамбет, Чубак, эр Серек, Элге жетип келишти, Бакай менен Манаска, Барып салам беришти; Колун сунуп көрүштү, Колдун учун өбүштү. Эми Манас кеп айтат: — Алмамбет, Чубак — деп айтат, Кет дедиңер өгүнү, Мага берип кеңеш кеп, Келе жатсам кетем деп, Көңүлүм эрип турбады, Бейжиндин жерин көрсөм деп, Белге түштүм бурулуп, Мени, Сыргак түшүр деп. Дүрбүнү алып салгамын, Бейжиндин жерин карадым, Тээ маңдайкы кара кыр, Көрүп калдым ошондон, Коңурбайдын караанын. Коркуп кетти Манас, деп, Айтып калаар калча, деп, Аркамдан кууп барабы, Аскери бар канча деп, Колду мында түшүрдүм, Көөнүмдө ишим бүтүрдүм. Арадан бир күн өткөрбөй, Жибериптир маа киши, Сурап менден келиптир, Он беш күн мөөнөт беришти, Сураганы он беш күн, Берип койдум жан досум... Манастан угуп бул кепти, Чочуп Алмаң селт этти: — Катыгүн, Манас, кай кебиң? Уруксат бердим дегениң?! Калчанын айткан мөөнөтүн, Как өзүндөй бергениң - Музбурчакты баш кылып, Бул олтурган элдердин, Көбүнүн башын жегениң! Бекерче сенден уруксат, Келеби сурап Коңурбай? Сен билбейсиң аларды, Кангайда бар Шыпшайдар. Жүйрүн дөөдөн окууга. Ал экөөбүз бир барган, Атам “Ноокас болгондо”, Чала таштап окушту, Байкуш Алмаң мен жангам, Ошондуктан Шыпшайдар, Таалимдин менден көп алган. Түндө өтчү жандарга, Күндүз болжоп жаа тартып, Куткарбай жүргөн аны атып; Ошондуктан ал каапыр, Шыпшайдар аты жойулган, Жойгара деп койулган. Каран калган Коңурду, Карабай кете бербейсиң, Жоготом деп Коңурду, Кыргызды кырмак экенсиң! Кете бер десе болбопсуң, Жаныма киши калтырбай, Жайлайын деп ойлопсуң, - Алмамбет, Чубак тең өлөт, Ал Сыргак, Серек дагы өлөт, Кырк чородон кыйла өлөт, Карыдан өлөт Музбурчак, Кайгырасың ошол чак! Деп ошентип Алмамбет, Буркан-шаркан күүлөнүп, Айдай бети кумсарып, Албан-албан түрдөнүп, Сабыр кыла токтолуп, Муну айтты кыйналып: — Музбурчак, Бакай - карыбыз, Сыймык качып кыргыздан, Чачыла турган чагыбыз, Кайгырган менен канчалык, Кайра толбойт кабыбыз, Өзү кетмек турбайбы, Падыша Манас залыбыз. Жолдошум Сыргак мында кал, Чырым албай чалгын чал, Кыргызды баккын сыртынан, Чыканак жерге салбастан, Жолго кетсең эл калат, Элде турсаң жол калат, Ырчы, Шууту, Бозуулду, Караан кылып жаныңа, Багып тур элди сак сактап, Эндекей жатып элебей, Кырылып кетсек чоң уйат! Эми, Чубак, экөөбүз, Токтолбой жөнөп кетели, Кайырдынын бойуна, Түн бойунча жетели, Күндөп-түндөп барбасак. Шыпшайдар өтүп кетеби? Алла ачса ак жолду, Алдынан тосуп калалы, Кыйамы келсе калмактын. Кызыл канын жайалы, Андан мурда бара алсак, Жеткирбей жолдон аны алсак, Кыйынсынган калчанын, Кылчайар алы калабы? Андай күндөр болгондо, Акимсинген калчаны, Нескарасын баш кылып. Ага окшогон канчаны, Дене кул кылып аларды, Таласка айдап баралы. Шыпшайдар көздөй жөнөйлүк, Шишибиз толсо өлөлүк, Жүргүн, Чубак, жүргүн, Тобокелден көрөлүк. Алмамбет атка мингенде, Кошулуп Чубак жөнөөрдө, Айдаркандын Көкчөсү, Келип түштү бул жерге. Алдында кыргыз элдери, Келгенине Бейжинге, Кангайдын жолун сакта, деп, Таштаган элем жергеге. Хандар кайтып барганда, Айкабы батпай эр Көкчө, Катуу калып арманда: “Хан Манас менен бажа элем, Алмамбет менен дос элем, Мына минтип Бейжинге, Барбай калам дээр белем? Бейжин деп Бекзат калыптыр, Учураша Манаска, Эми барып мен келем”- Деген мындай ой менен, Элүү миң аскер кол менен, Келген экен жол менен. Эрен Көкчө кеп салып, Кармалып кепке Алмамбет, Көп кечигип тура албай, Чубакты алып жанына, Бул экөө кетти аттанып.

Алмамбет, Чубак жол жүрүп, Ат айабай мол жүрүп, Жеткен жери алардын, Кайырды деген жер ушу, Алты жолдун кошуусу, Улуу ингенден Шыпшайдар, Өтөөр жолу мына ушул. Кайырдынын кырына, Чыгып келип Алмамбет, Айтып турган кеби ушул: — Акбалта уулу Чубаксың, Айткан кепти угаарсың, Шыпшайдар адам баласы, Бирок шайтандан ашкан айласы, Алып жүргөн заңгиси, Алтымыштан санаты, Ашпайт, андан кемибейт, Өмүрлүк мунун адаты. Шыпшайдар жүргөн жеринде, Жам-жайкыт болот кээ бирде, Жерде шамал, көктө жаан, Мындайы бар кээ-кээде. Кээде туман топурак, Обо ачык жер бүркөк, Мындай сонун иш кылат, Кайсы бирин айтайын, Он эки түрдүү кубулат. Жан-жайкыт экен Кангай жак, Келе элек экен кызталак, Тиги сары талаага, Өзүң тур, арстан эр Чубак. Ар жагы агын аз сууга, Мен барайын ушуга, Көмүскөнү таап алгын, Көрүнбөстөн көз салгын, Бет алдыңан кез болсо, Боорун жарып өт алгын. Арамдык кылып жалгыздап, Бастырса өтөөр суу бойлоп, Алмамбет анда соо койбойт, - Болоор ишти болжолдоп, Эр Чубакка туйгузуп, Чубакты мында тургузуп, Азганакей агын суу, Алмамбет кетти бургутуп. Талаада Алмаң бастырбай, Жаңыртып топо качтырбай, Сайды бойлоп таш басып, Суудан өтүп Алмамбет, Султаның турду бир жерде, Шыпшайдар качан келер, деп. Тигиле тиктейт Алмамбет, Маңдайынан жол карап, Үстүнөн байкап бел карап, Үч тарабын тең карап. Акылы көп, амал сан, Арамза да Шыпшайдар, Кайырдыга келгенде:

“Алты жолдун бөлүнүш, Айрылышаар жер эле, Азиз хандын Алмамбет, Амалы арбын, акыл көп, Айласы артык неме эле, Кайырдыдан тоспосун, Канымды сууга кошпосун, Кургакта басып нетейин, Аш кайнамдык жол калды, Суунун түшүп түбүнө, Сүзүп өтүп кетейин” - Деп ойлонуп Шыпшайдар, Жанындагы заңгисин: — Кара жол менен баскын, — деп, Төрт күндүк ара жол калды, Белкоргондон тапкын, — деп, Алардан кетти бөлүнүп, Табыштап капыр айтып кеп. Бул түгөнгүр каапырдын, Бир өнөрү бул экен, Алмамбет анык билбеген - Сууга кирсе Шыпшайдар, Азыраак жерге жамгыр жаап, Суунун бети ылайлап, Ылай сууда көрүнбөй, Өтүп кетет берчү экен. Ушундайча Шыпшайдар, Агын сууга салыптыр, Алмамбеттин алдынан, Өтүп кетип калыптыр, Алмамбет сууну байкаса, Алды ылай, арты көк, Туптунук суу агыптыр, Араң турган Алмамбет, Ушундан күмөн алыптыр. Санааркаган Алмамбет, Сарала оозун бурду эми. Салып чыгып кашатка, Ылай аккан жаңкы суу, Айагын карап турду эми. Айак жагы ал суунун, Үч суунун куйган жери экен, Туш-тушу калың жер экен, Суудан чыгып бир караан, Токойго кирип кылт этип, Жоголду көздөн жылт этип. Кеткен экен капыр, деп, Шыпшайдардын алдынан, Бир чыкпадым акыр, деп, Чыга келсе талаада, Чаң уйугуп абада, Алтымыш заңги, бир Чубак, Салгылашып жүрүптүр, Алтымышы биригип, Асыл тууган Чубакты, Алды-артынан бүрүптүр. Көргөн жерде Алмамбет, «Манастап» ураан чакырып, Бул дагы кирди бакырып; Алмамбет үнүн укканда, Асыл Чубак, кайран шер, Кайраты ашып кеменгер, Алтымыштан жазганда, Катуу тийди жапырып, Арбагын баштан качырып. Сайып кирди бир четтен, Тилегин таштай катырып. Арстан Чубак көк атты, Албай түрдүү чуратты, Айта-буйта калганча, Бирин койбой кулатты, Алтымыштын аттарын, Ээси жок айдап чубатты. Эки баатыр шашыптыр, Кайырдын белин ашыптыр, Бачымыраак жетсек, деп, Булар бара жатыптыр. Муну койо туруңуз, Белкоргондо эрлердин, Окуйасын угуңуз.

Айдаркандын эр Көкчө, Учураша келгенде, Алмамбет, Чубак - эки шер, Аттанып жөнөй бергенде, Күн батып жерден жашынып, Караңгы күүгүм киргенде, Энтелешип калдаңдап, Эшиктен кирип эки-үчөө: — Асыл Алма, эр Чубак, Алар мында жок турат, Кытайдан кабар алууга, Кеткен эле эр Сыргак. Калмактар жаткан капталдан, Кагылган доор угулат, Жакын эле келгенби, Баш-аламан чуу чыгат? Каптап келсе кангайлар, Ай караңгы түн турса, Кан-жинибиз чачылат! Деп ушинтип бакырат. Башын өйдө көтөрдү, Айкөл Манас ошондо, Азуулары качырап: — Аккуланы алып кел, Үстүнө токум салып кел, Ак олпокту кийбесем, Жарагым жанга илбесем, Так Бейжинге кытайды, Түп көтөрө сүрбөсөм! Анда Көкчө кеп айтат: — Арстаным Манас, -деп айтат, Өзгөдөн сактап элимди, Өмүр бойу жол тостум, Жолдон жоону киргизбей, Жолборс Көкчө дедирип, Жакшы атка ээ болдум, Алдымда өткөн жумушта, Кан чайкалган урушта, Жаныңда бирге болбодум, Кыла жүргөн кесибим, Жолду өзүм тосойун, Алашка болсун кызматым, Менин кылган ошонум,. Айтып болот эр Көкчө, Бардашы элден бөлөкчө, Көккүбө кийип камынып, Көк жолборстой чамынып, Көкала минип шаңданып, Көк найза колдо карманып, Күркүрөп Көкчө аттанды, Куру калбай олжо алсак, деп, Казактын эли шаттанды. Шакур деген бар экен, Каары катуу жан экен, Боталанын элине, Ошол Шакур хан экен, Хандыгына кошулуп, Балбандык жайы бар экен. Кебез белбоо, кең өтүк, Кечилдин ханы Коңурбай, Карбалас киши чаптырып, Шакурду келди таптырып. Боз дөбөдөй чоң Шакур, Беш күндүк жерге жол басып, Бир жакка барып көрбөгөн, Боталада жай жатып; Эсенхан деп кат жазып. Жиндини таап Коңурбай, Түртүп койду аткарып. Шакур айбан кеп угуп, Коңурбайдан жеме угуп, Баңдолусун урдуруп, Сексен миң аскер кол менен, Аттанып чыкты чубуруп. Ботала Шакур, эр Көкчө, Караңгыда капташып, Шакурдун колу сексен миң, Казактан келген элүү миң, Чайкалышып каны агып, Сүрүп чыкты аңгыча, Супаланып таң атып. Казактын эли аз өлгөн, Шакур колун караса, Үчтүн экөө бүт өлгөн, Элинин көрүп өлгөнүн, Шакур доңуз көгөргөн, Башына темир туулга, Баса кийип көгөргөн, Төбөсүндө көөхар таш, Чай чыныдай чөгөргөн. Каары катуу. Заары күч, Кар ниет капырга, Кайран Көкчө болду туш; Шакур доңуз бет келди, Тебетейдей Көкчөнү, Ыргыта сайам деп келди. Мелтиретип найзасын, Катынын кара баскандай, Качкыны жаңы качкандай, Ар кубулуп Көкчөнү, Тик качырды жазганбай, Көркөм Көкчө көргөн, Найза тешпес, ок өтпөс, Көккүбө тону үстүндө, Көк найзасын шыңкыйтып, Көгаласын кындыйтып, Кыймылдабай турду эле, Табарсыктын башы деп, Шакур найза урду эле. Табарсыктын башына, Найза келип тиерде, Көкчөнүн башы бул эле, Оң жагына атынын Томолонду шалк эле. Кангут сайып найзасын, Шакур өтө бергенде, Оңдонуп минип ошондо, Көгала оозун бурду эле, Көкчөнүн аты Көгала, Желгенине жел жетпес, Басканына мал жетпес, Атынын жайы бул эле, Одурайган чоң чочко, Оңдонуп кайра болгончо, Оролонуп эр Көкчө, Оң бөйрөккө урду эле, Ошончо урган найзага, Солк этпей капыр турду эле. Карчыгадай хан Көкчө, Ар өнөрү бар Көкчө, Имерилип толгонуп, Дагы өттү эр Көкчө, Сол бөйрөккө бир койуп. Ошондой мезгил бир кезде, Казактардын элинен, Кошулаар киши жок болуп, Жаны ачкан Көкчөнүн, Жалындап ичи чок болуп, Арты артынан үзбөстөн, Он алтыны бир койуп, Ошондо Шакур козголуп, Качып калды дыр койуп. Кайраттуу Көкчө тың экен, Тыңдыгы мунун чын экен, Балтаны байлап белине, Этектен түрө кармады, Тартып келип этегин, Үзөңгү боого салганы, Айанаар жери калбады, Шакур да аны кармады. Эр Көкчөнү ал калмак. Этегинен алганы. Эңишке атын салышып, Эңиште барат жарышып, Капталга атын салышып, Капталда барат кагышып. Топчулугун үзүшүп, Кочкордон бетер сүзүшүп, Этектерин бөлүнтүп, Кызартып этин көрүнтүп, Оодара тартып кете албай, Аттары тердеп кыйналып, Тыным албай чымын жан, Мончоктоп бойдон суу агып, Ажырашып бөлүнүп, Бирин бири тиктесе, Көзүнөн жалын төгүлүп, Карап бирден турушуп, Кайта кирди урушуп, Чыдаштык бербей ачуусу, Куйкалары курушуп. Токмоктошуп чабышып, Найзалашып сайышып, Колтуктарын чойушуп, Чокмор менен койушуп, Айрылбаган баш калбай, Жарылбаган жаак калбай, Кызыл чеке кан жайнап, Сыйрылбаган кол калбай, Кыйын уруш кылышты, Кулактарын жырышты, Так ошондой тар тоодо, Коңурбай келип капташты, Боталанын элине, Буйрук берип Коңурбай, Эр Көкчөнү каптатты. Тегеректеп көпчүлүк, Темирден торду ташташты, Боолуктан түшүп он беши, Ат койуп кирип баралбай, Казактын эли какшашты. “Алда кандай заман? — деп, Жок болду мага амал, — деп, Кармап берип калмактар, Кардымды жарып сойор. — деп, Боорумду кактап койор,-деп, Кандай кылса өз эрки, Болгонунча болоор” — деп, Ойрон Көкчө эрендин, Ойлонгону ушул кеп. Торго салып Көкчөнү, Аты менен айдады, Алпарганы кошуна, Алып жөнөп калганы; Кара калпак кыргагы, Хан Жакыптын Сыргагы, Келе жатып тийактан - Кара кытай эл жаткан, Капташып калган убагы. Байкап туруп кайран шер, Жебедей учуп жеткени, Жеткен жерде Коңурду, Көмө койуп кеткени, Сыргакты көрүп казактар, Ат койушуп жетти эми. Коңурбайды көп кошун, Тегеректеп калыптыр, Кайран Сыргак Көкчөнү, Куткарып тордон алыптыр. Тордон Көкчө кутулуп, Тап бүркүттөй жутунуп, Көзү көрдү Көкчөнүн, Бара жаткан Шакурдун, Тонун тетир кумтунуп. Манастап ураан чакырып, Шакурга Көкчө жетти эми, Жеткен жерде эр Көкчө, Тоодой болгон доңузду, Көмө койуп өттү эми. Тоңкойуп Шакур жыгылды, Жер тайанып турганча, Жана Көкчө жеткени, Көк жалтыр кылыч - таш кесер, Көк шилеге бир койуп, Башын дароо кескени. Жайнап жаткан кошуунга, Таан көргөн шумкардай, Тийип Көкчө баратат, Каскаксыз найза, көк түпөк, Көмө сайып баратат, Көмө сайбай атынан, Өлтүрө сайып баратат, Коруган чилдей топтотуп. Айдап кетип баратат, Балта, кылыч,найзасын, Кызыл канга эр Көкчө, Майлап кетип баратат, Кийими бүтүн, аты чоң, Токтомдуу көзгө немесин, Тандап кетип баратат. Кылычтуусун кыйратып, Найзакерин сулатып, Чокморчусун кан кылып, Жумушун Көкчө бүтүрдү, Чогултуп баарын жан кылып. Тор салып булар Көкчөгө, Шакурдан калды айрылып, Баш кишиси жогунан, Жолунан калды тай кылып, Күүлөнүп келген Коңур да, Эрлеринен айрылып, Токтобостон жоголду, Кылчайа албай кайрылып. Сексен миң аскер түндө өлгөн, Айдап жүрүп эр Көкчө, Айнектей жарык күндө өлгөн, Так күүгүмгө жете албай, Ботала журту түгөнгөн. Бугу чыккан эр Көкчө, Бүт аскерин жандырып, Өзү алардан айрылып, Кангайдын элин күзөттү, Таң атканча бастырып. Таң атканда эр Көкчө, Азыктанып алыптыр, Кайырды жакты бет алып, Какайып жолго салыптыр. Келе жаткан Көкчөнү, Коңурбай, Нескара, Булар көрүп калыптыр. Хан Коңурбай, Нескара, Кырмусшанын Мурадил, Кечикти деп Шыпшайдар, Буларда келген жол чала, Жанында турган эрлерге, Коңурбай айтат кеп сала: — Айдаркандын Көкчөсү, Келе жатат адырда, Аңдып туруп ошону, Келтирели кабууга. Алмамбет, Чубак бириксе, Сыргак, Көкчө төрт болсо, Өчүрүп таштап кеткендей, Ар канча жалын өрт болсо. Сыргак, Чубак, Алмамбет, Катар баары шер экен, Алаштан чыккан Манаска, Ушул үчөө бел экен, Бул үчөөнөн башкасы, Караанга келген эл экен, Эми көрүп жатабыз, Көбүнөн Көкчө эр экен. Кармай алсак Көкчөнү, Сынбаса да, мен ойлойм, Бүктөлөт бели эңкейип, Кыйынсынган буруттун, Кыйкырыктуу журуттун. Макул болуп башкасы, Кеңеш кепке канышты, Келе жаткан Көкчөнү, Аңдып булар калышты. Айдаркандын Көкчөгө, Сынак болгон жер эмес, Мындайчалык кезекте, Жалгыз жүрүү эп эмес, Айагында Мурадил, Баш жагында Нескара, Ортосунда Коңурбай, Темирден курчап чеп жасап, Ортого алды ушундай. Көкала менен ойнотуп, Онбул-домбул бастырып, Топону көккө чачтырып, Мурадилден өткөндө, Коңурбайга жеткенде, Каардуу калча качырып, Мөндүлөп ураан чакырып, Чыга калып капыстан. Катуу тийди жапырып. Калчанын үнүн укканда, Алгара менен чыкканда, Кыраан Көкчө качпады, Качмак түгүл шашпады, Кыйкырып тийген Коңурдун, Кагып ийип найзасын. Алгарадан Коңурду, Аңтара салып таштады. Айкырыгы таш жарып, Ай-ааламды аңтарып, Манжунун ханы Нескара, Тору айгыр менен чапканы, Токтоло калып зор Көкчө, Кагып ийбей найзаны, Жаздыра берип кылт этпей, Жандай түшүп муштады, Манжулардын Нескара, Тору айгырдан учканы. Найзаны тартып алгыча, Мурадил жетип аңгыча, Кырааның Көкчө баатырды, Кый сүбөөдөн бир сайды. Көкала жалын кучактап. Ээрден көчүк бултайды, Үзөңгүдөн бут тайды. Жете келип Коңурбай, Как далыга бир сайды. — Жер кучактап жыгылды, Тирүү байлап алалы, Алмамбет кулду качырган, Көкчө деген ушу деп, Эсен ханга баралы. Муну айтып күйүгүп, Эки колун байлаарга, Мурадил жетти түйүлүп, Айдаркандын Көкчөсү, Асыл жандан түңүлүп, Балтасына тайанды, Ажалдын турса үстүндө, Көкчө кайдан айанды? Мурадилдин бир колун, Талкалай чаап салганы, Калды кур жеңге окшош, Мурадил колу шалактап, Алгара менен Коңурбай, Жана жетип алактап, Жөө турган Көкчөнү, Көмөлөтө сайганы, Түшө калып Нескара, Эки колун байлады;

Ошол кезде Алмамбет, Кырга чыгып калганы, Көкчөнүн көрүп абалын, Акылынан тайганы, (Акылынан тайбаса, Айкырбай жетип барбайбы, Ажыратып Көкчөнү, Коңурду сайып албайбы?!) Ашыгып кетип Алакең, Айабай салды айгайды, Алмамбет үнүн укканы, Адырайган чоң Калча, Кылычты кынга чыктады- Көкчөнүн башын кескени, Байланып жөнөп кеткени. Көмүскө алды аска экен, Кетер жолу башка экен, Камалганда аскага. Көкчөнүн башын кестик, деп, Качкын кул менен Чубактан, Катар өлүп кеттик, деп, Эрдемсинген бул үчөө, Жандарынан түңүлүп, Калтырашып үңүлүп, Аттарын сүйрөп жол таппай, Айласы кетти түңүлүп.

Алмамбет жетсе аргытып, Көкчөнүн алы кете элек, Денесинен жан чыгып, — Ант берген досум сенби? — деп, Ажыратып ала албай, Же сүйлөшүп сөзгө кана албай, Армандуу киши менби? — деп, Сараладан бүк түшүп, Хандыгына карабай, Өксөп Алмаң кучактап, Сөөктү турду чөк түшүп. Ойрон Чубак ал кезде, Өксүп калган туу белде, Чыга калса Кангайдан, Чылбырын сүйрөп Көкала ат, Жанында турат Сарала ат, Тоодой болгон Көкчөнү, Алмаң турат кучактап. Өкүрүгү таш жарып, Өксүп Чубак барыптыр, Булар минтип жатканда, Кыйыктан таап бир жолду, Кытайлардын үч дөөсү, Качып кетип калыптыр. Көкала атка Көкчөнү, Арта салып жүктөшүп, Арстандар келди кошуна, Аттарды айдап дүрбөтүп. Буларды көрүп аламан, Баары турду чуркурап, Боздоп турат Алмамбет, Басылбай үнү буркурап: — Мени деп келип сен өлдүң, Сөөгүңдү алып баралбай, Саа кошулуп мен өлдүм. Айтканга Манас көнбөдү, Түшүп жатты туу белге, Музбурчакты баш кылып, Баарыбызды көмгөлү! Кырк чоронун көбү өлөт- Алыбай, Күлдүр, Кутунай, Ажыбай баштап баары өлөт; Чубак, Сыргак шер өлөт, Найза сайаар эр өлөт, Өзү кетет айкөлүң, Абакең жолду төтөлөп, Ал бирок зилдеп жарасы, Таласка барып айыкпай, Жайдары Манас өзү өлөт, Агеркеч көмсүн сөөгүңдү, Алымбайдан жүктөтүп, Узатайын өзүңдү, Атаганат тирүүңдө, Айта албадым сөзүмдү, Бажырайган бак ээси, Көрө албай калдым көзүңдү, Албай мен да өлөөрмүн, Коңурбайдан өчүңдү! Деп Алмамбет какшанып, Басылбай боздоп үн салып, Ичин жарып жинди алып, Тазалап канын жуудуруп, Катырма даары куйдуруп, Каратып туруп Манасты, Бакай ханга баш жагын, Баркы менен жуудуруп, Табытка салып Көкчөнү, Үч жеринен буудуруп, Намасын окуп Алмамбет, Түн бойунча жөнөттү, Көкчөнүн элине баргын, деп, Кайран эрдин жасатып, Агеркечтин колуна, Алып барып салгын, деп. Көкчөнүн сөөгүн узатып, Муштумдай болуп эки көз, Шишип чыкты кызарып; Кейип Алмаң бек ыйлап, Денеңде бирге башың жок, Убалым менде, деп ыйлап, Ойрон Алмаң досу үчүн, Ого бетер жан кыйнап, Сарала минип теңселип, Жээрде сакал сеңселип, Эсине түшсө озондоп, Өксөп, өксөп турганы, Өткөр Алмаң бек кейип. Көзү көрүп арстаның, Кулагы угуп айтканын, Көөдөнгө батпай көп санаа, Ал жерде турган элдердин, Көзүнүн жашы он талаа. “Алмамбеттин оозуна, Оңой өлүм кирчү эмес, Оңой эмес бул иш”-деп, Эл ушинтип турганда, Алмамбет айтат мындай кеп: — Жаралуу Манас арстаным, Жалпыңарга айтамын, Бул ирээтки урушта, Жаныңды айап катпагын, Улуу-кичүү ойлоп көр, Келээр иштин арт жагын. Баштайбыз уруш таң менен, Суу ордуна шыркырап, Кызыл кан агат шай менен. Аңгычакты болбоду, Чуулдап чыгыш дуу болду, Доолбас үнү карсылдап, Атылып мылтык тарсылдап, Жебенин огу зыркырап, Бараңдын огу жаркырап, Очогор огу от болуп, Асманда үйдөй чок болуп. Аңтарылып кетчүдөй, Кара жер турат козголуп. Кылычтын үнү кыңгырап, Балтанын үнү шыңгырап, Найзанын күүсү күркүрөп, Угуп турган адамдын, Сийдиги агып бүркүрөп, Жабыла баары шарт койуп, Атка минди дүркүрөп, Баш көтөрүп Алмамбет, Ошондо айтат мындай кеп: — Жалпы баарың түшкүн, — деп, Тамагыңды ичкин, — деп, Айкөлүмдүн Коңурга, Он беш күндүк мөөнөттү, Ойлобой туруп бергени, Алдырып келди Ингенден, Шыпшайдар деген мергенди. Болуп жаткан шумдуктар, Шыпшайдардын иши, — деп, Өзү бейбаш, оозу шок, Жада билген киши, — деп, Супасарык келин каш, Таң мезгили убакта, Жапырт атка мингин, — деп, Келген экен Шыпшайдар, Шумдугунан билдим, — деп, Олоңуңду бышыкта, Оңой эмес уруш, — деп, Урушканда билесиң, Башынан элге жок болот, Дегеле бир дем туруш, — деп, Үзөңгү бооң бекемде, Кийбестен найза жыгылып, Өлүп кетпе бекерге. Тердигиңди жумшакта, Кыйшаңдатып атыңды, Жабыр салба айбанга. Найзаңды ташта түйрөйткүн, Кылычыңды бүлөткүн, Балтаңдын мизин эгегин, Өтпөй калып жарагың, Бушайманың жебегин. Олпогуңду оңдогун, Соотуңду тордогун, Дайарланып мыкамдап, Бей сарамжал болбогун. Эртең менен Шыпшайдар, Кошо келет эл менен, Кез келгенди кетирбей, Жексен кылат жер менен, Шоруң чыгат далыңан, Эртеңден кечке тер менен. Калгандын баары баргыла, Мен барбаймын согушка, Баарыңар угуп алгыла. Саралага башкадан, Жабуу жаап бурайын, Жаратканга жалынып, Жааны кармап турайын, Кабуусу келсе чочконун, Жанын алып тынайын. Кабуусуна келбесе, Элден мени көрбөсө, Андан кийин эл менен, Бирге келбейт Шыпшайдар, Баш-аламан урушта, Бирге жүрсөң эл менен, Кырылып кетет жан калбай. Кыргыл баштап кырк арстан, Баарың такыр келгин,-деп, Айкөл Манас, шер Чубак, Абам Бакай, Музбурчак, Арманды жесек бир жеген, Адамды жесек тең жеген, Касташкан жоону көргөндө, Сен тургунуң, мен деген, Жаным бирге эр Сыргак, Кырктын бири Ажыбай, Чакыртып келди Коңурбай, Шыпшайдардай мергенди, Кудай билет ар ишти, Ажал бизге келгенби, Алдынан тосуп барсак да, Ишибиз оңдон келбеди. Бетме-бет туруп сүйлөшүп, Көз көрүшүп алганы, Чакырттым элге силерди, Жүрөктөгү сырды айтып, Жүз көрүшүп алганы. Баарыңдын сөзүң шекер бал, Жүзүңөр көркөм турган жан, Көзүңөр чырак - жанган шам, Ажал алса алтындан, Кутулуп андан ким калган? Жоодон коркуп далдаңдап, Качып жүрүш эң жаман; Бала кезден бер жакка, Баарың баатыр, баарың эр, Бириң миңден киши алган, Өлүм жакын экен, деп, Башыңды катып бүжүрөп, Мааналап жүрүш эң жаман! Баланча жакшы эле, деп, Айтып калат атыңды, Элиңдин тузун актасаң, Жармагын жатка чыгарбай, Жаныңдай аман сактасаң. Айкөл Манас жолборсу, Ушул кыркың жолдошу, Эртеңден баштап он күнү, Өзүңдү өзүң зордочу. Мен Кангайдан келген бир киши, Кыргыздын күлүн коргоочу, Жалтангансып баш тартып, Жаманатты болбоочу, Асылдын бири Көкчөнү, Алдырдык аны ойлочу! Алдыңда болгон согуштар, Айы алты, көп күндүк, Баарысынан кыйыны, Эми калган он күндүк. Урушка, Ырчы барбагың, Калемди колго кармагың, Эл унутуп калбасын, Айкөл Манас арбагын. Хан Мамайдан бер жакка, Элдин кебин уккансың, Арстан атка мингени, Бирге жатып, бир туруп, Ушул жашка чыккансың. Ойронумдун жумушун, Унутуп таштап койбогун, Жатсаң-турсаң ойлогун, Кылбаганды кылды деп, Апыртып айтсаң болбодуң. Мен өзүм кылган иштерим, Ак кагазга бүткөмүн, Аруукеден сурап ал, Ырчым, сөзгө улап ал. Бүгүндөн баштап Ырчыны, Чайчы кылып жаныңа, Абам Бакай чогуу ал, Кез болбой калып бир ажал, Күрмөөгө тилди келтирсе, Айтаар кебим жана бар. Муну айтып Алмамбет, Тура калып ордунан, Хан Бакайга кол берип, Айкөл шерге келгенде, Ойрон Алмаң ошондо, Көзүнөн жашын имерип, Жана айтты көп сөзүн, Арстанды карай жиберип: — Тар курсакта жатпадым, Жатпасам да курсакта, Талашып эмчек татканым, Ата башка, эмчек бир, Эненин сүтүн тең таткан, Кагылайын арстаным, Жашың улуу эки экен, Жолуң улуу теги экен, Менден мурун эмизген, Ак эмчегин энекем... Сөз ушуга келгенде, Токтоно албай Алмамбет, Арстаным Манас, деп, Мойундашып көрүшүп, Шур-шур жыттап өбүшүп, Чубак менен Алмамбет Кулачтарын жазышты, Кучакташып алышты. Алмамбетке эр Сыргак, Карап туруп ушул жак: — Хан Алмакем не болдуң, Кайратың кайда жоготтуң? Көрүнбөй келчү ажалды, Көрүнөө келет деп айтып, Көбүнүн шайын жоготтуң, Жүрөгүн алып кыргыздын, Келдиңби же жоготкуң? Жакшы кылбай бул ишти, Болоттун мизин мокоттуң, Жайдарым Алмам, айтканың, Билбегендей турасың, Жаныма менин батканын. Сунчу, — деп - бери колуңду, Оролтуп Сыргак кучактап, Алмамбеттин мойунун, Жаагына жаагын тайашып, Бирин бири карашып, Купуйа булар кош айтты, Колдорун сылап санашып. Кыргыл менен Ажыбай, Күлдүр менен Алыбай, Бозуул менен Сереги, Мажик менен Кутунай, Бирден келип көрүштү, Андан башка чоролор, Башаламан күрөштү. Актай далы көрүүчү, Ашкере билгич Алакем, Төлгөчү Төлөк мурунтан, Билип жүргөн кеп экен, Күбүрөштү ал экөө: — Алмамбет билгич эр экен. Көрүшүп алар болгон соң: — Атка мингин, баатырлар, Тегеректеп туш-тушта, Кумдай жатат капырлар, Кадыр, түмөн жолго сал, Чалгынды жакшы чалгын, — деп, Кангайдан кабар алгын, — деп, Калтырбай баарын жөнөтүп, Өзү жүрдү Алмамбет, Эл четинен жол чалып, Сүрүп чыкты аңгыча, Бир четине таң атып. Муну мындай таштайлы, Баатырдын баары кырылган Баатырлардын өлүмүнөн баштайлы.