← Манас

Манастын дүйнөдөн өтүшү

Алмамбет, Чубак эрте өлдү, Серек, Сыргак жоголду, Артынан өзүм барам, — деп, Аларды издеп табам, — деп, Турган кезде арстан, Аккуласын жетелеп, Миң ашуун тулпар ат алып, Сыргактын сөөгүн кошо алып, Элге келди эр Серек, Өкүрүгү баш жарып. Сыргактын сөөгүн түшүрдү, Ал күнү жатып күтүндү, Эртең менен болгондо, Эл эсебин алдырды, Элди катка салдырды. Алмамбет элин Бозуулга, Чубактын элин Ырчы уулга, Жакыптын элин Серекке, Бакайдын колун баарына, Бөлүп берди барынча, Элине кошуп эрлердин, А дүйнө кеткен шерлердин, Сөөгүн кошо тапшырды, Күн чыгыштын четинен, Күн батыш карай бастырды. Узаса алдын токтотуп, Үч күндө бирден жоктошуп, Алдында Манас баратат, Чана тарткан Аккула, Айдаганы Тазбаймат, Музбурчактын өлүгүн, Кошо алып баратат. Бир-бир күндөр болгондо, Манас жатып кеп салат: — Жердин жыты буркурап, Кирер маалы болду эле, Мурдума түк жыт келбейт, Ач бетимди, — деди эле. Токтотуп туруп кула атты, Бетин ачты Манастын, Он алты күн болуптур, Кылбагалы заараны. Заараны жасап турганда, Көзүн бардап кайран шер, Айландыра карады: — Ай, ай, Бакай жан досум, Карып калган белемсиң? Эрлер өлүп санааркап, Акыл качып мээ кетип, Арып калган белемсиң? Турпандан туура тартканда, Камбыл менен басканда, Баркөлдүн белин ашканда, Иле бойлоп түшкөндө, Барбайт белең бучакка. Тагдыр ошол турбайбы, Ким көтөрбөйт кудурет, Бешенеге куйганды! Кечип өтүп кум-арык, Тетир суунун айагы, Балтанын тоосун айланып, Чыландын шору Кең түзгө, Айланганың турбайбы, Элге жетип өлө албай, Таластын бетин көрө албай, Жалгызды кучуп өбө албай, Саргарганым турбайбы! Тарткының кайра, тарткының, Батышты алып маңдайга, Кутбаны алып оң жакка, Тетир суу бойлоп баскының, Тетир суу бойлоп келгенде, Түшүргүн деп бир жерге, Түшкөн жери бүгүн бар, Жылкычы дөбө дээр эле. Буйрук берип жаткырып, Жан казанын астырып, Жерлеген элдин малынан, Семизинен таптырып, Бир малга берип үчтөн ат, Малдуунун көөнүн жай кылып, Эки семиз малдууну, Бир демде койду эр Манас, Алты аттуу бай кылып. Эртеси күндүз түш кезде, Көчүгүн койуп чоң ташка, Башынан чүрмөт алдырып, Ырчы, Бозуул, Серекти, Жанына жакын алдырып: — Аттуу, баштуу чоронун, Өлүп кетип барысы, Кочуш болуп чөкчөйгөн, Ушул болду калышы. Түндүктү туура бетке алып, Маңдайдагы ак баш тоо, Арсак-арсак Керметоо, Заңкайган карт Тийаншан, Ачанын бары ашуу жол, Ары ашсаң Ысыккөл, Алмамбет колу айрыны аш, Буга Бозуул өзүң баш, Ашуу бийик, жол татаал, Белги кылып куржунун, Адам алгыс ташка ас, Алмамбет сөөгүн билгизбей, Адам көргүс жерге кат, Ысыккөлдү аралап, Таласыңа жетип бак, Ырчы, болуп өзүң баш, Чубактын колу зындан аш, Белди ашырып жүктөбөй, Чубактын сөөгүн бекем кат, Ысыккөл башы Жетөгүз, Тегеренбей шыдыр бас, Таласыңа жетип бак. Серектин колу суу бойло, Телкызыл жооруп басалбай, Туруп калар болжолдо, Таштын бетин ойуп кет, Телкызылдын баш сөөгүн, Төбөсүнө койуп кет: Ойуна белги таш жыйна, Эмчектешсин бир тууган, Арстандын көөнүн калтырба. Дагы айтар бир кеп бар, Бул олтурган жалпыңа, Жарты айак аш ичип, Жарым-жарты малын жеп, Жол бойунда кез болгон, Жалпы элге катылба, Жаның калбайт тениңде, Жазыгың кийин угулса! Бакай калсын жанымда, Кыргыл калып сен мында, Баргычакты чана айда. Кыргыздын келдик элине, Ылдамдап кетип калалы, Жетпесе ажал кечигип, Каныкейди табалы, Деп ошентип кабылан, Кош, деп койуп аттанды, Көчүгүн койгон шол ташта, Жайата деп ат калды.

Алмамбеттин кошуну, Бозуул айдап айры ачты, Айры ичинде бир тоого, Алпарып куржун ага асты, Ошол үчүн айрынын, Мазар деген дагы бар, “Алмамбеттин куржун” деп, Ошол бүгүн дагы бар, Чубактын колун Ырчы айдап, Зындандын белин ашыптыр, Эмгичекти дайынсыз, Эчким билбейт мунусун, Чубак кайда жатыптыр? Серек бойлоп тетир суу, Тешикчап деп бел ашты, Тетир суунун бойунда, Баатыр Сыргак эр жатты, Эмгиче бар жыйган таш, Жасатты деп Сыргактын, Укмуш кулак эр айтты, Суу бойунда үйгөн таш, Белгиси болуп келайтты, Көрүп келген элдер бар, “Тулпардын башы” деген бар, Божомолдуу түкшүмөл, Телкызылдын башы, деп, Айтыла келген аңыз бар, Арстан Манас айкөлүң, Санаада түркүн ой ойлоп, Аркайган кара тоо бойлоп, Агын өөдө келайтты, — Музбурчактын өлүгүн, Аккулага кошо артты. Тулпарга жабыр болгондо, Таштан ойуп көр казды, Суу акпаган аскадан, Көк кашка тунук суу акты. Көкжалдын бири жатты, деп, Көкөншык деп аны айтты, Уламалар окшобойт, Музбурчакпы, Чубакпы, Талашып элдер келайтты, Көкөн Ушук Мазар деп, Аны азыркы эл айтты. Үчтурпан деген жай менен, Марал токой, күн тийбес, Кеңири өзөн сай менен, Айкөл кетип баратат, Азганакей жан менен. Бүүлөтүнүн Карасуу, Бурулуп атын сугарып, Кылбото деген бел ашып, Каркыра, Чалка жол басып, Туздун бойун кылалап, Токтоо кылбай баратат, Дөң жийдени бетке алып. Түш кынтайган убакта, Таштан аккан булакта, Тулпарларды суугарып, Азык ичип, чай ичип, Кетип бара жатканда, Уйку канбай чана айдап, Бара жаткан Тазбаймат, Чылан салган калтанын, Оозун булкуп тартыптыр, Калтадан чылан чачылып, Жылан чыгып какырга, Жыландын тоосу аталып, Айтылып келе жатыптыр. Сарытикен, тез менен, Тегирмети, кез менен, Орто бөктөр чөл менен. Көбү какыр азы шор, Катуу бакыт жол менен, Майдан, терек – катар бел, Каткан кара шор менен, Келе жатса айкөлүң, Чакмактын бойу бир жерде, Төштүктүн айылы бар экен. Желенин керүү деген жер, Үстү артуу бел экен, Улак тартып, кунан чаап, Эл ойноочу жер экен. Ортосунда дөбөгө, Төштүк чыгып олтурчу, Төштүк чыккан дөбөнү, Тойун төбө дээр экен. Карма теке, Чоңтойун, Сөөк, Чакмак – төрт жылга, Чалкайып жаткан төр эле, Чатыратып үй тигип, Чалкалап өскөн эл эле. Чычканга кебек алдырбас, Төштүк белдүү эр эле, Алыстан аңсап айкөл шер, Атайын мында келди эле, Түшчүлүк жакын барганда, Баатыр Манас келет, деп, Төштүккө кабар болду эле. Айкөл Манас келет, деп, Кабар угуп алп Төштүк, Чатырап жаткан айылды, Чапкылатып кылдыртып, Аттуу-баштуу – эстүүсүн, Аксакалы, келчүүсүн, Иштин ыгын билчүүсүн, Барып койбой кычыртып, Жаштарга улак тарттырып, Балдарга кунан чаптырып, Сары улагын таптырып, Садагасын кактырып, Агар алтын, ак күмүш, Манас үчүн чачтырып, Кубантып эрди түшүртүп, Эркин үйдө күттүрүп, Түндүгүнө кой сойуп, Түштүгүнө эр Төштүк, Сүт бото тайлак – төө сойуп, Баатырды сыйлайт эр Төштүк, Күндө бирден бээ сойуп, Манас шерди көрсөк, деп, Күндө келет эр толуп. Ошончо элге Кенжеке, Дасторкондоп чай куйуп, Бар тамагын жай койуп, Шекер менен бал койуп, Сары кант менен токочун, Түгөнгүсүз мол койуп, Жарты токоч койдурбай, Кымызды бөксө сундурбай, Карта менен жал койуп, Жайа бычып май койуп, Казы кертип да койуп, Арактан кошо куйдуруп, Карысы менен жашына, Жайы менен сундуруп, Экчеме максым, жармасы, Эркинче ичип канчасы, Төштүктүн толгон кези экен, Кымызы дайра суу экен, Арагы чалкып көл экен, Аш-тамагы көп экен, Телегейи тептегиз, Теңир берген иш экен, Ирегелеш коңшусу, Алты жүз үйлүү киши экен. Айкөл Манас кеп айтат: — Алп Төштүгүм, — деп айтат, Тунжуруң барбы тууруңда? Шумкарың барбы колуңда? Күлүгүң барбы байлаган? Күкүгүң барбы сайраган? Тунжуруң болсо талпынган, Булбулуң болсо таңшыган, Адамдын болот кубаты, Жаркырап көңүл ачылган, Анда Төштүк кеп айтат: — Аңдасаң, арстан, -деп айтат, Тунжурум жок туурумда, Шумкарым жок колумда, Тулпарым жок байлаган, Күкүгүм жок сайраган, Таңшып сайрар булбул жок, Таптаса чуркар тулпар жок, Жоктун баарын сен айтып, Жалындуу ичке салдың чок! Оодарылып ушинтип, Өтүп барат дүйнө бок, Шумдугу ушул жалгандын, Тагдыры окшойт алламдын, Кенжекеден башка зайып жок, Турбай койду балдары, Бул байкушта айып жок. Туурума конор тунжур жок, Тагыма минер уулум жок, Уулум тургай кызым жок, Шумдугун эстеп жалгандын, Ар күнү ичим болот чок! Боорум күйүп чок болот, Ар канча күйгөн менен да, Бир балаага алланын, Буйругу жок окшонот! Тыңшап жатып Айкөл шер: Келе бери Тазбаймат, Аккелтемди алып кел, Күпсөрдү кагып барынча, Дарыны бөзгө салып кел, Сокур да болсо мейличи, Ок эле болсо алып кел, Баймат алып караса, Дары бүтүн, ок сокур, Келе бери алгын, — деп, Кол кашыктап Байматым, Окту отко салгын, -деп, Сокур окту эритип, Кайра куйса калыпка, Мөлтүлдөп барып токтолду, Сокуру жок жык толду: — Мына, айаш Кенжеке, Дарыны ичип, окту кат, Убадалашып мен менен, Төрөш үчүн сөз байлаш, Аккелтенин дарысы, Туут болсун Кенжеке, Сокур огум жык толду, Уул болсун, Кенжеке. Батасы журтту байыткан, Хан Кошой бата бергенде, Түш кымтайган кез эле, Арадан отуз жыл өтүп, Кечигип бара жатканда, Тууган энем Чыйырды, Ырым кылып ушундай, Каныкейге берди эле, Семетей төрөп алды эле, Бойкат болуп ошол жай, Ажеп эмес Кенжеке, Баштагыдай жол жолдоп, Төрөп калсаң сен деле, Айкөлдөн угуп Кенжеке, Бойуна болуп эми эле, Эркек төрөп алгандай, Эрип кетти жөн эле. Он жыл өтүп арадан, Жоодарбешим баатырды, Кенжеке тууган дечү эле. Байыркылар кылганы, Баары такыр эм эле, “Эркек туусаң Кенжеке, Жоодарбешим койгун” –деп, Манас айткан деди эле, Ушулардын баарысы, Узун кулак укмуштан, Улап уккан кеп эле. Сөзү ширин көкжалдын, Оозу менен айткан сөз, Эмгичекти эстелип, Айтылып калды деди эле, Ойдуруп чыккан кеп эмес, О, калайык билсеңиз, Орто жерден тегеле. Бала үчүн ырымдын, Барын бүтөп айкөл шер, Төштүккө айтты керээзин, Тоо көтөргүс кайран эр: — Мен тууларда Жакып бай, Буурултокой жерлеген, Сенин атаң Эламан, Кебезтоону ээлеген. Түндүк менен түштүккө, Үзүлбөй турган тоо экен, Алтайда туулган мен элем, Кең Кашкарда сен элең, Бала кезден бер жакка, Атагың чыккан эр элең, Атайын келдим айлыңа, Алыстан издеп сени мен. Олуйа Кошой карыды, Акылы кетип арыды, Чубактын калып артында, Акбалтада ал барбы, Акылы жетип айтса да, Кебин бирөө аларбы? Жамгырчы жакшы эр эле, Карып калган чагында, Абыке, Көбөш - эки иним, Ээ кылышпайт тегеле. Бакайды башка сенсиң, дейт, Алмамбет, Чубак, Сыргак жок, Бакайды эми теңсинтпейт. Текечи, Шыгай дайындуу, Араң турат Шыгайдын, Чынкожо, Чабак - эки уулу, Агыш, Үрбү, Керкөкүл, Алардын жайын билесиң, Мени менен басташып, Арага элчи салганда, Тилдеп кууп жибердиң, Накылай менен Карабөрк, Олжолоп алып жүргөмүн, Кулетен менен Шооруктун, Кендирбай менен Дөөкандын, Куда экенин билбедим, Билип туруп булардын, Кара санап тузуна, Кара каска сийбедим, Жарам зилдеп ооруду, Жай бербей ажал тооруду, Үзүлбөй турган окшонот, Коңурбайдын боолугу. Көзүмдү жумсам нетерсиң? Күн-түн дебей жетерсиң, Башымда туруп башкарып, Сөөгүмдү койуп кетерсиң. Сарамжалын бүт кылгын, Жуугандарга он бештен, Бар кийимим жыш кылгын, Бары журтум жардаткын, Бакайга башым карматкын, Ыскат атым токуткун, Кыйаматтык дос элем, Кызыл арстан молдого, Жаназамды окуткун. Дооранга токсон кур байла, Барын окшош сур байла, Төштүктүн кылган иши, деп, Атагың кетсин ар кайда. Айкандын уулу Көкбөрү, Айагыма киргизгин, Кол кармашкан ишим бар, Достук жолун билгизгин. Келгенинин кеби бар, Шоорук – калмак саткыны, Дөөкан каңгай ханы эле, Накылай менен Карабөрк, Силер алчу кыз эле, Манас тартып алган, деп, Бузулуп айтар чагы эле. Агыш менен Керкөкүл, Сөөгүмө ыйлатпай, Накылай менен Карабөрк, Жетелеп чыкса ээ кылбай, Бокмурунга карматкын, Айагымда мууздаткын, Жүрөгү өлсүн калгандын. Керкөкүл, Агыш өлгөндө, Өлгөнүн көзү көргөндө, Ашыгып калат келгендер, Алдырап качып жөнөргө. Коңурбай менен Нескара, Келип кабар албасын, Айылга бүлүк салбасын, Ушул жактан Төштүгүм, Бейкут болуп калбагын. Каткалаңдын Сайкалы, Келбей койбойт өлүмгө, Ошондон жакшы тил алгын, Баарын билет кыз Сайкал, Тулпардан тандап из чалгын, Төө көтөрөр Акбалбан, Жан кишиге көрсөтпөй, Көтөртүп алып сөөгүмдү, Бакай, Кошой – кары бар, Көкбөрү, Төштүк - экөөң бар, Каныкей менен бешөөң бар, Агайар менен алты жан, Жасатым койуп чыгарда, Агайардын башын ал, Кучактап жатсын бутумду, Айагыма таштап сал. “Керекке терек жыгылат”, Кебиңер бар, карылар, Теректен кесип эр Бакай, Бир “Манасты” жасап ал, Жасатып койом күмбөздү, Алып барып көмө сал. Көр байге кылып ат чапкын, Чыгып келген куланын, Мурдунан аккан каны бар, Айбанда болсо мен үчүн, Өлүп кетер жаныбар. Ооз омуртка айдарын, Босогомо бастыргын, Он төрт ханды чубата, Күмбөзүмө тарттыргын, Пейлиңди салып бекем ук, Курдашым, Төштүк, тапшырдым. Шишик баскан шилимден, Балтаны издеп таптыргын, Өз колуң менен тарттыргын, Манас кетти көрүш, деп, Кошойго киши чаптыргын, Ак калпак кыргыз элиңди, Кар кылбай элге баккының, Ушунча айтар саа кебим, Башка кеңеш кеп болсо, Учурунда тапкының,,- Деп ошентип эр Манас, Каңырык түтөп шай кетип, Эндиреп барып токтоду, Көкжалдын көзү өткөндө, Көп кыргыз кантер экен, деп, Көргөндөр ыйлап боздоду. Шишиктин оозун ачтырды, Балтанын көзүн таптырды, Чириген эттер бултулдап, Ириң агып кулкулдап, Чайкалып суудай чулкулдап, Кышкы муздай кузгундап, Жарадан чыккан сасыктан, Үйдүн ичи жыттанып, Чара-чара ириң, кан, Токтоосуз ташып төктүрдү, Эшикке улам чыгарып, Балтаны тартып алалбай, Эч айласын табалбай, Көзөөгө аркан салдырды, Аккула менен тарттырды. Арзан дебе калчаны, Тартып алган балтаны, Бакай, Төштүк байкады. Эни эшик эниндей, Узуну кулач төш жары, Эр экен Манас ченебей, Ушунчалык балтаны, Көтөрүп жүргөн кенебей!

Аттанып Манас айылдан, Арпа менен айланып, Атбашы түштү кабылан, Уккан Кошой алдында, Жолунан чыгып кабылган. Ушунча кылып дөө Кошой, Баргын, десе болбоду, Кошойго айтты эр Манас, Барлык кебин ойдогу: — Батаң жутту байыткан, Барктуу Кошой сен элең, Бала күндөн бер жакка, Эч душманга баш ийбей, Баатыр Манас мен элем, Элөөсүз балта чаптырып, Ушундай болом дээр белем?! Катаган, Жакып бир ата, Манас иниң сен ага, Төштүккө айттым көп кепти, Айтпай калган экенмин, Унутуп кетип бир кепти, Атам Жакып сизге ага, Каныкей, Төштүк, Бакай бил, Көкбөрүнү таштаба, Сыр алдырбай Жакыпка, Таласка жетип барыптыр, Кош эмесе, деп айтып, Айылга барбай талаада. Эки-үч күндүк арада, Кыргыл чалды чаптырды, Каныкейге барарга: — Алмамбет менен Чубакты, Арууке менен Көрпөйан, Угузбасын аларга. Каныкейге айтып кой, Келген кеткен көп болот, Бирөөнүн көзү тийбесин, Азыр болсун балага, Семетейди көрсөтсүн, Алып келип талаада, Кыргыл кетти бургутуп, Акборчук менен чулгутуп. Таңга жакын бир кезде, Каныкейдин үйүнө, Барып жетти Кыргыл чал, Ошо күнү Каныкей, Кара кашка аргымак, Карматып келип адырдан, Мамыга байлап астырган. Аргымактын жанына, Атын байлап Кыргыл чал, Асталай басып алыптыр, Канышыңдын үйүнө, Жакын жетип калыптыр. Талаадан келип түшкөнүн, Атын байлап асканын, Үйдү карай басканын, Туйуп жаткан Каныкей, Үйдө күйгөн шамы бар, Сергек өскөн жайы бар, Эшикти келип ачарда, Сабынан кармап колго алды, Жанындагы шамшарды, “Кастык кылып балама, Келе турган жан барбы? Көөнү бузук ит эле, Көр Көбөш деген айбаны” Муну ойлоп Каныкей, Кастык кылган ким болсо, Канжарды турат малгалы. Арстан жөнөп кеткели, Хан баласы Каныкей, Бошотуп белин бут чечип, Төшөккө кирип жатпаган, Керилип уктап жайынча, Уйкунун даамын татпаган, Кыргыл кирсе эшиктен, Каныкей кайран жеңекең, Шамшарды алып колуна, Дайарданып чапчуудай, Турган экен ордунда. Эшиктен кирип Кыргыл чал: — Амансыңбы жеңебиз? Чоңойдубу Семеңиз? Эмгичекти уктабай, Олтурганың эмнеңиз? Каныкей анда кеп айтат:

— Кыргылсыңбы? – деп айтат, Чоңойуп калды Семетей, Кандай уктап жатамын, Санаасы жок немедей? Башың бүтүн бооруң сак, Амансыңбы Кыргыл, ай? Ак калпак кыргыз барыңыз, Айкөл Манас залыңыз, Аман барбы жалпысы, Музбурчак, Бакай – карыбыз? Өзүң баштап кырк баатыр, Эсен барбы Кыргыл ай? Алмамбет, Чубак – эки шер, Окшош өскөн эгиз эр. Эсен барбы Кыргыл ай? Күнү катын уулу эле, Анткен менен арстанга, Арка тирек муун эле, Сыргак барбы Кыргыл ай? Кызыл тилдүү Ажыбай, Кеңеште бар Алыбай, Кербендин бири Алымбай, Күлдүргүчү Жайсаңы, Бала кезден баатырга, Караан болуп бир жүргөн, Мажик барбы Кыргыл ай? Алжандардын Кутунай, Ошол барбы, Кыргыл ай? Өзү бирге казатка, Ошолор менен чыккандай, Же болбосо Каныкей, Өлгөндөрдү уккандай, Айтып сурап киргенде, Аа деген үнүн жыйа албай, Ыйлап ийди Кыргыл чал, Аманат жанды ошондо, Кыйнап ийди Кыргыл чал. Ошондо кайран Каныкей, Өзүнүн жанын кыйгалы, Колундагы канжарды, Сууруп алды кылаптан, Кыргыл кармап колунан, Сакал ылдый жаш кетип, Ыйлап туруп муну айтат: — Бизден кабар алыңыз, Айткан сөзгө каныңыз, Байлалуу экен аргымак, Арстанды тосуп алдынан, Аттанып жолго салыңыз, Аман келди жарада, Айкөл Манас ханыбыз, Жанындагы бирге келайтат, Атактуу Бакай карыңыз, Алдыңа келди айткалы, Атайын Кыргыл чалыңыз, Калган кепти Каныкей, Кийин угуп каныңыз, Семетейди калтырбай, Бирге алып барыңыз, Кыргылдан Каныш кеп угуп, Келайтат айкөл деп угуп, Ат току деп Кыргылды, Алдыратып буйуруп, Аста чыгып эшикке, Сарытаздын үйүнө, Басып кирсе бурулуп, Сарытаз ойгоо жатыптыр, Көзүн ачып чулуйуп. Ал Каныкей ошондо: — Алдыңа келдим мен сага, Айтканга болбой сен капа, Талаадан таап баккансын, Асырап өзүң бир бала, Семетейди берейин, Балаңды бергин сен мага, Арстаным келе жатыптыр, Семетейиң мына деп, Алпарайын алдыңа. Айдай бети ак саргыл, Көзү чекир көк эле, Адам эмес айбанды, Тигилип тиктеп караса, Бул ааламда жок эле. Арстан атка мингинче, Семетейди албайын, Бердим бүгүн сага эле, Сен балаңды албастан, Берип койгун мага эле. Сениң балаң карасур, Көзү чекир шумурай, Көз тийбейт буга тегеле, Сарытаз айтты мындай деп: — Албас болсоң Семетей, Айтпагының Каныкей, Алмаштым деген мындай кеп, Сарытаздын талаадан, Таап алган баласын, Өңөрүп алды Каныкей, Сарытаз менен үйүндө, Калып калды Семетей. Арстан Бейжин барарда, Балтыр бешик Семетей, Атасы келди үч жылда, Кирип калган үч жашка, Ошол кезде Семетей, Чыйырды менен Каныкей, Багып жүргөн Семеңди, Чыгарбастан айылга, Көрсөтпөдү караанын, Абыке, Көбөш, Жакыпка. Сарытаздын үйүнө, Качан киши кирүүчү? Сарытаздын баласын, Кимдер карап күлүүчү, Аны кимдер сүйүүчү? Томолок бет, дум далы, Толук эле шумурай, Эки жаагы салаңдап, Чулук эле шумурай, Шумурайды алганда, Каныкей айтат мамындай: — Келайтат арстан жаралуу, Мен Каныкей санаалуу, Эртеңден калбай көчүп кет, Мында койбой баланы, Ыйлап элге чуу салат, Көрүп калса карамы, Баш-учумду алганда, Коргондун бийи болосун, Айтканым чын бил аны. Эчкилик көчүп баргының, Эчкиден саан алгыңын, Кебиме көңүл бургунуң, Келип кетип тургунуң, Кем-керчиңди толуктап, Алып кетип тургунуң, Сен эркексиң мен катын, Кол кармашып койолу, Убада болсун ушунум, – Шумурайды өңөрдү, Кыргыл чалды кошо алып, Кылайып элге билинбей, Кыйын жеңең жөнөдү. Козу түштөн өткөндө, Келе жаткан караанды, Кыраакы жеңең көргөнү. Аргымакты бош таштап, Алдынан басты буластап, Белдемчи жерде булактап, Тоту куштай Каныкей, Басканы сонун кылактап. Кыргыл чал кеткен кездерде, Аркадан Кошой жетпептир, Алдагы бирге келиптир: Таазим кылып Кошойго, Эңкейип Каныш баш уруп, Зор Бакайга жолугуп, Айкөл шерге кол сунуп, Колунан кармап көрүшүп, Көзүнөн жашы төгүлүп, Ойротто жок көкжалдын, Өңү башка көрүнүп: — Келе бери, Каныкей, Алып келчи баламды, Салам айтып кол сунуп, Көрүшкүдөй боло элек, Токтонуп колго калдыбы, Көргөндөй болуп карааны? Деп ошентип арстаның, Каныкейди карады. Бермек түгүл Каныкей, Имере кармап баланы, Көк шилисин көрсөтүп, Мелтиреп карап турганы. “Бере койсом сүйөөр – деп, Жытынан муну билер, Жоголгон экен балам, — деп, Көңүлү айнып кетер”, — деп, Айланайын арстаным, Акылда барды айтайын, Өзүңдүн бербей балаңды, Муну неге катайын, Тигилгениң болчуу эмес, Тиктегениң оңчуу эмес, Ошондон коркуп жатамын, Кыйналып араң келипсиң, Душмандын тартып азабын, Аман болсо көрөсүң, Жалгыз уулуң ыраатын, Жүргүнүң кетели, Койчу, арыстан, сурадым, Көпөлөгүң мынаке, Көп кечигип турбагын, — Койчу, Каныш, алып кел, Алкымынан жыттайын, Көрсөтпөсөң баш жагын, Көтөнүнөн жыттайын, Баланы катып койнуна, Жылаңач басып бооруна, Өзүнүн жытын өткөрүп, Кош колдоп Каныш сунду эле, Колуна алып эңкейип, Шилисинен жыттады, Мурдунун учу тийерде, Башын кайра тартканы: — Жакшы иш эмес, Каныкей, Бок жыттантып чунакты, Мына мындай бакканың,- “Биле албайт абам муну,- деп, Семетей жүрсүн аман”, — деп, Уйалган болуп кылыйып, Каныкей калды жымыйып,

Айылды карай жөнөдү, Аттанып булар чубуруп, Келатат деп эл угушуп, Жардап карап турушту, Короого чыгып чогулуп. Алдынан келип жөөлөштү, Жардап турган калың журт, Жарасын шердин көрүштү, Апкаарып сурай алышпай, Санаасын санга бөлүштү: “Манас, Бакай – бул экөө, Баймат, Кыргыл бар төртөө, Ушулар эле калганбы? Алмамбет, Чубак эр баштап, Катардагы кырк чоро, Калбай душман алганбы? Же аты арык, тон жыртык, Аркасында калганбы?” Кайсы экенин ойлошуп, Калайык биле албады. Ошол кезде айкөл шер, Көзүн ачып, каш серпип, Тегерете карады: — Үй тиккиле камданып, Алмамбет менен Чубакты, Көчүрүп кел жабылып, Аркада калган эл келет, Тогуз-он күн аз калды, - Андан башка кеп кылбай, Ушул болду айтканы. Кыргыл менен Байматты, Кыраан Бакай башкарды, Бакай турса тапшырып, Башын алса айтабы? Элдер келип колбушуп, Кийимин шерди тонотуп, Каныкей карап жараатын: — Балтаны качан алгансың? Албай келсең жакшы эле, Көп кечигип каласың, - Деп ошентип Каныкей, Куну куйуп тышынан, Нушту берип ичинен, Эбеп-себеп алынча, Медетти берип барынча, Чирикти койбой кескилеп, Кулгуна жерин тешкилеп, Эбеп менен себептен, Күндө салып себелеп, Түлкүнүн өтүн таптырып, Жаңылап күндө чаптырып, Кажырдын өтүн алдырып, Ийлеп туруп салдырып, Көкжоруну карматып, Өлтүрбөй тирүү жардырып, Тазкарынын алдырып, Ысуулай бойдон таңдырып, Кан-ириңин бузулган, Картык менен тарттырып, Жаранын оозун кургатып, Күн сегизге толгондо, Баатырды өөдө тургузду, Сеп алтып жанын жыргатып. Эми кылмак болду Каныкей, Кыйла-кыйла жумушту, Күндүн саны он толду, Кырк чоронун башчысы, Кырка айыл эл конду, Алмамбет менен Чубакты, Угуза турган күн болду. Аккуланы алдырып, Арстан токум салдырып, Бакай, Кошой жанында, Төрткөлдөн чыкты бастырып: Алдына киши чаптырып, Арууке менен Көрпөйан, Үстүнө кара жаптырып, Айылга чукул келгенде, Камчыны тайап бөйрөккө, Арстан Манас көкжалың, Боздоп турду бакырып: — Алмамбет, Чубак – эгиз эр, Акжолтой тууган берендер, Алдымда турса бел эле, Артымда сан кол эл эле, Жоого чыкса эр эле, Жойкундаган шер эле. Арууке айаш, Көрпөйан, Каңгайга барып каңгырап, Ажырап келдим маминтип, Алмамбет менен Чубактан, Аталашым Сыргактан! Кызыл тилдүү Ажыбай, Кыйындын бири Кутунай, Булар да кетти кылчайбай! Алымбай менен Алыбай, Алар да кетти кайрылбай! Жайсаң, Мажик эрлерим, Биттейимен айрылбай, Бирге басып жүргөнүм, Эрлерден түгөл айрылып, Өлбөгөн турат сүлдөрүм! Айдаркандын эр Көкчө, Айбаты жандан бөлөкчө, Коңур кесип баш алды, Тулку бойу тен калды, Буудайык хандын Музбурчак, Бурулбай кетти бул дагы! Көтөрбөскө чара жок, Көтөрдүк теңир салганын, Акыры ушул жалгандын, Калдайып бирге келе албай, Ушул менин арманым! Алмамбет, Чубак барында, Ааламды баскан мен элем, Сыргак үчөө тең турса, Кем-керчим жок дээр элем. Каңгайга барып катыштым, Качпай бир жыл атыштым, Арстандарды алдырдым, Ач каманга чалдырдым. Канатым сынып бүктөлдүм, Кара арпадай түктөлдүм. Жер тайанып конорго, Куйругум сынып кетилдим, Курдаштардан айрылып, Куубаш болгон жетиммин! Бозала туйгун болпондор, Боз карчыга солтондор, Бу дүйнөлүк жолдоштор, Оо дүйнөлүк колдоштор, Качырганы жолборстой, Кармаганы илбирстей, Кайсаганы карышкыр, Бири миңге барабар, Кара башы жалгыз бир, Кайрандардан айрылдым! Кетилди бүгүн туйагым, Кетип турат сыйагым, Бузулуп калды чарбагым, Баштакыдан бул кезде, Бастап турат арбагым! - Каңырык түтөп каңгырап, Хан Манас боздоп турганда, Кайран катын Арууке, Калдайган кара башында, Кабыланга айтты андан: — Кайгырба, баатыр жолборсум, Кайрылбай кетсе сиз жакка, Алмамбет, Чубак, жолдошуң: Атадан бирге эгизиң, Сыргак кетсе дүйнөдөн, Эч өөнү жок тегизиң: Дагы эле бакты кыргыздын, Өзүңдүн тирүү келишиң, Көз жумган соң ааламдан, Билесиң кайтып келбесин. Алмамбет, Чубак, Сыргагың, Башын катпай мааналап, Ак калпак кыргыз эл үчүн, Атышып жүрүп өлгөнүн Үйдө жатып өлгөндөн Жакшыраак деп турамын, Эл чогулуп көмгөндөн. Үйдө жатып эр өлсө, Казган көргө кирбейби, Өлгөн күнү билбейби: Эл үчүн өлгөн эр болсо, Укумдан тукум унутпай, Урпактар айтып жүрбөйбү, Азыр өлгөн немедей, Укканда ич күйбөйбү! Чоролордун канчасы, Калыптыр Бейжин жеринде, Манжу, кытай элинде, Ошолор элдин түбөлүк, Ойунан чыкпай сакталат, Тирүү келген чоролор, Бура басса кокустан, Кылганы унут ташталат, Өздөрүнө айтылып, Өлгөнчө жаман ат калат, - Деп ошентип Арууке, Манаска айтты кайрат кеп. — Жарамдын жайы эң жаман, Болду үйгө кайтканы, — деп, Кайран шерди Каныкей, Алып кетти жетелеп. Акылман жеңең Каныкей, Бакай менен кеңешип, Жарасы жаман Манастын, Жакшы болуу кыйын, деп, Жүрө берип, жам-жайкыт, Кыйналбайлы кийин, деп, Төө көтөрөр Акбалбан, Азык-түлүк баарысын, Кайран жеңең камдаган. Эчкиликтин эки чат, Эңиш тартып суу агат, Арзанча адам байкабас, Алды жагы кош кашат. Кашаттан ташты ойдуруп, Ичине киши киргенде, Ар тарапка чойдуруп, Беш жүз киши баткындай, Ичин мындай чоң кылып, Топосун ичке үйдүрүп, Түн ичинде жеңекең, Акбалбанга көтөртүп, Агын сууга куйдуруп, Бир жерге эмес, ар жерге, Агыны катуу шар жерге, Төктүрүп сууга урдуруп, Түк билгизбей кишиге, Каздырып жайын бүтүрдү, Каныкей көөнүн тындырып. Казылып жай бүткүчө, Өнөрүн Каныш ашырды, Зоодон ойгон бул жайдын, Сыртын мындай жашырды. Алдындагы Карасуу, Аскадан түшпөй шар аккан, Тоону койуп түбүнө, Тактайдан кынап жасаткан, Оозунан ылдый агызган. Түндөсү боону тарттырган, Топосун сыртка ташыткан, Күндүзү кайта ноо койуп, Суу менен оозун бастырган, Үстү менен суу аккан, Түбүндө айар жай казган. Кирип чыгар жеринде, Ич жагын зоону сыйдалап, Будур-судур тышкы бет, Көзгө көрксүз жаман таш, Эп келтирип жасаткан.

Ички бети жагына, Тартып койсо чойулган, Койо берсе чогулган, Темирден ташка орнотту, Аркы учун байлатты, Тектеп түркүк толготту. Абыке, Көбөш, Жакыпка, Кылайтып ага шек бербей, Олуйа Кошой, хан Бакай (Манас атка мингенде, Бирге жүргөн ал Бакай), Жан кишиге билгизбей, Өз үйүнө чакырып, Алып келди Каныкей: — Тирүү олуйа абамсың, Досу Бакай турасың, Кызмат кылат арстанга, Арзымды экөөң угасың, Күмбөз салам арстанга, Муну кандай кыласың? Өз атасы кайрыдин, Мал үчүн таштайт уйатын, Абыке, Көбөш иниси, Күнү катын балдары, Абалын көрүп турасың, - Абаң Кошой туралбай, Сакалы ылдый жаш агып, Сүйлөй албай булдурап, Тили калды байланып. Акылдын кени береке, Абаң Бакай кеңеши, Ар качан жарайт керекке: — Айашым, уккун кебимди Олуйа Кошой бар анда, Айашың Бакай жаныңда, Кабылан Манас баатырга, Курал согор чактарда, Төкөр уста Бөлөкбай, Мындай кепти деди эле: “Жер бетинде ар жерде, Килбото, чоко көп эле, Кен бышырып, таш эрип, Темир болуп чыкканча, Жарачусу жок эле, Чоңополдун чокусу, Килботосу бек эле” – Олуйа Кошой баш болуп, Өзү барып төө тартып, Алып келген кеп эле. Төкөр уста кыргыздан, Өтө өнөрпоз неме эле, Таш талкалап темир таап, Кен бышырып, сүт чайкап, Аккелте мылтык, Сырнайза, Ачалбарс кылыч, чоң балта, Өзү жасап берди эле. Эрикпей киши чаптырсак, Нарлардан комдоп тарттырсак, Ополдон килди алдырсак, Килди майга бышырып, Күмбөзүн мыкты салдырсак, - Эр Бакайдан кеп угуп, Арстан үчүн бой уруп, Түк билдирбей эч кимге, Кызмат кылды Каныкей, Так абалы келгинче. Аргамжы тартып ком салып, Төөдөн миңди чубатып, Чоңополдон килбото, Килботодон алдырды: Тегиздеп кышын койдуруп, Сексен миң эркеч сойдуруп, Майына кышын бышырып, Токтотуп күмбөз бек салды, Тогуз кылым өткөнчө, Козголбосун деп салды, Салакасын арттырып, Бар кылганын Манастын, Күмбөзүнө жаздырды. Арстан Манас шериңди, Алмамбет, Чубак эриңди – Такоолу Сыргак инини, Музбурчак менен Көкчөңдү – Кытайда башсыз өткөндү, Кыргыздан нечен кеткенди, Тирүү турган жанында, Кошой, Бакай, карыны, Күмбөзүнө тарттырды, Алмамбет менен Чубакты, Шыпшайдарга арттырды.

Килден жууруп Манастын, Жасатын таштан катырды, Бакайдан башка жан билбейт, Далдаа жерге каттырды, Ушинтип кайран Каныкей, Бар жумушун так кылды, Баткалы күнү алаштын, Шайы кетти Манастын, Жарасы зылдап ооруду, Жай бербей ажал тооруду. Айкандын уулу Көкбөрү, Арстанды көрүп кетем деп, Койонаалы чунагын, Ээрчитип келип олтурду. Каныкей анда кеп айтат: — Бурулуп айаш мен жакка Кулагың салчы, деп айтат, Акыреттик досуңдун Сөөгү бошоп шай кетип, Күн жакындап келатат, Көз көрбөөчү карайлап, Түн жакындап келатат, Көзүн жумса кокустан, Элге кабар ким айтат? Эси жок эки тууганы, Элге кабар турмайлык, Эми бизге калды деп, Бок дүйнөнү талашат, Букар менен Үргөнчкө, Буларга кабар айтпагын, Кадырлуу куда – сыйлуу сөөк, Кастарлап келе албады, Мунун жайын байкагын, Картайып калды Карахан, Оорубайт көөнүм атаман (Ининин көзүн караган). Темиркан менен Шаатемир – Экөөнүн бири бастырып, Келгени жок теги бир, Буларга кабар кылбайлы, Элемандын Төштүккө, Айрым киши жумшайлы. Көзү өтүп кеткинче, Керкөкүл, Агыш, Үрбүгө, Туйдурбастан туралы, Көзү өтүп кеткен соң, Ошондо кабар кылалы. Анжийанда Сынчыбек, Бадакшанда Малабек, Балыкта бар Алабек, Дүйшөмбүдө Козубек, Айашым, мында турасың, Бетбактыда өзүң бек, Коросондо Мырзакмат, Кыйба элинде Дабытай, Жеркендеги,Таабалды, Хотендеги Нуракун, Кашкардагы Алакун, Лоп бойунда Карача, Кабар берсек буларга, Үлгүрсө калсын көрүшүп, Баатырдын көзү барында, Үлгүрбөсө намазга Араң келет ушунда. Келечи менен Нишапур, Кешмирдин эли ыраакта, Барбасын кабар буларга. Анжийан, Ташкен, Наманген, Жакырлары көп эле, Буйактагы элдерден, Дооран алар киши жок, Дооран менен иши жок, Ошо жактын элдерден, Ала келсе канетет? Алматы казак эл эле, Ар жагы Капал кең эле, Алтай менен аралаш, Жергеси чукул бир эле. Чабармандан экини, Эл ичинен ылгайлы, Калтырбай элди жыйнайлы, Талыкпаган белдерде, Чаңкабаган чөлдөрдө, Тулпар барбы сындайлы – Кошой, Бакай - карысы, Каныкей менен Көкбөрү, Кеңеш кылып алышты. Айкандын уулу Көкбөрү, — Менин атым Темиркөк, Жылкыдан чыккан тердебес, Чөлдө минсе шор дебес, Кумда жүрсөң он күнү, Чалчыктан тандап суу ичпес, Ээрчип келген туйагым, Койонаалы чунагым, Өз атымды мингизип. Өзүнүн тонун кийгизип, Айкөл менен дос элем, Достугумду билгизип, Мен баламды жумшайын, Батыш-түштүк жактарга, Чыгыш жагы түштүктүн, Лопто жаткан Карача, Ошого дейре барууга, - Батыш-түндүк чыгышын, Ким барып кабар кылат, деп, Ылгап киши карады, Минер атын сындады. Ошол кезде айылга, Арстанды көрүп кетем, деп, Ээрчитип Карачунакты, Бокмурун келип калганы. Ээрчитип чыгып Каныкей, Маминтип кебин салганы. — Сен атаңа аш берип, Чырканды салдың ченебей, Кабар бердиң ар жерге, Артын ойлоп элебей, Кара кытай, калмактар, Анжу, манжу – жүнбаштар, Калбай келди тебелей, Агаң Манас башкарган, Баарысына жол бербей. Ашта бизге ал келбей, Каңгайга барып Коңурбай, Капалдан тартып жылкыны, Айдатып алды ээ кылбай. Алдырган малын алаштар, Кабар кылды тура албай, Ан үчүн барды Бейжинге, Агаң Манас арыстан, Айбыгып жатып ала албай. Кошо барды казатка, Ат жалын тартып мингени, Эрке өскөн бала, деп, Сырткы ишке чала, деп, Үйүңө жылуу таштады, Айап гана бир сени, Кеңешип турсак сен келдиң, Кабарчы жайын билгели. Батыш-түштүк жактарга, Көкбөрү уулун жумшады, Батыш-түндүк-чыгышка, Таппадык кимди жумшарды, Атаңа кылар ишиңди, Агаң Манас аткарды, Агаңа кызмат кыларга, Бокмурун, сенден башка жан барбы?- Каныштан угуп Бокмурун, Ойкуштап өскөн кургуруң: — Калети жок, чын кебиң, Минтип кыйноо тартпастан, Мурда не кабар бербедиң? Айласы арзан жеңеке, Маалында келген экенмин. Мааникерди мингизем, Айдардын Карачунагын, Так өзүндөй өтүмдүү, Эркелеткен туйагын, Айткан жерге киргизем, Айттырып кабар билгизем, - Каныкей анда кеп айтат: — Жетисууда жедигер, Ал дагы кыргыз элиңер, Башчысы Багыш билиңер: Музбурчактын иниси, Алматыда Козучак, Капалда кыргыз, казакта, Кыдырып жүргөн алашта, Катарда киши Сакычак: Кан жутуп ичтен кайгырган Көкчөсүнөн айрылган Атакта бар кишиси, Аксакалы Айдаркан: Иледе алаш эли бар, Айта келиш эби бар: Үч Каркыра, Кеминде, Чечен Үрбү теги бар. Жетөгүздү жердеген, Ысыккөлдү ээлеген, Агыш күйөөң дагы бар. Камбыл, Турпан жери бар, Атагы кыргыз алаш деп, Жети уруунун эли бар. Баркөл, Манас шаары бар, Бешбалыктын баары бар, Кабар укчу ушулар, - Айдардын Кара чунагы, Жан кишиге туйдурбай, Айткалы кабар чурады.

Койонаалы чунагың, Кабардантып бар жайды, Букар менен Үргөнчкө, Бул экөөнө барбады, Карахан менен Акун хан, Кабарсыз алар калганы. Лоптон кайра кайтканда, Анжийан менен айланды, Наманген келип калганы, Олуйа чал деген бар экен, Ошол жерден таап алды, Атынан түшүп жөө басып, Урмат кылып барганы, Койонаалы чунактын, Ошондо айтып турганы: — Айкөл Манас эр үчүн, Кабарга келдим эл үчүн, Айыктыргын Манасты, Өткүр болсо дубаңар, Өлүп калса кокустан, Ойдогудай дооран ал, Кулак салып кебиме, Таласка жетип ылдам бар! – Угуп муну молдолор, Олуйа чал ороңдоп, Бастек бойлуу неме экен, Корс-корс этип кодоңдоп: — Кайда барсаң, анда бар, Кайда эле болсо биз үчүн, Камдалуу дүйнө дапдайар. Таласыңа ким барат? Манастын малы арам мал, Садагасын ким алат? Алабыз дооран малын деп, Жүрө албайбыз сагалап! Алпарар болсоң сен бизди, Ээр-токумдуу ат болсун, Бар шайманы бүт болсун, Түштүк тамак жай болсун, Түндүгүнө кой сойсун, Алардан бирөө кемисе, Кете бергин жолуңа, Биз менен ишиң болбосун! Койонаалы чунагың, Кубулжуп туруп ал чалга, Айткан кеби мына бул: — Түштөнөр жерге ак чатыр, Түнөөр жерге үй тигип, Тонуңду мыктап кийгизип, Атыңды тандап мингизип, Мына ушундай алпарсам, Өлүп калса Манасты, Бересиңби тиргизип?! - Олуйа чал муну угуп, Ого бетер оолугуп: — Олуйалыгың билгиз деп, Өлүп калса тиргиз деп, Кайдан келдиң тийишип, Манаска жан киргиз деп?! Мундан мурда өлдүңбү? Тирилип кайра көрдүңбү? Ачуума тийбе каргаймын, Ажалдан мурда жалмаймын, Бүрдөп турган баласың, Бөөдө өлүп каласың! – Ачууланып ошондо, Койонаалы чунагың, Өлсөң өзүң өлгүн деп, Өлүмдү сонун көрдүң деп, Кара жаак булдурсун, Толгой кармап имерди, Олуйа чалды кодойтуп, Оройлото жиберди. Токсондон ашык киши экен, Имерип баарын ал топтоп, Арык уйдай токмоктоп, Чыдай албай камчыга, Жөө жүгүрдү соксоктоп.

Жалынганга болбоду, Жанын мунун койбоду, Каргап-жутуп ийгин деп, Токмок менен сойлотту, Олуйа чалды баш кылып, Токсондон ашуун кожонун, Жонуна камчы ойнотту. Селдесине чалынып, Баары турду жалынып: — Атты минип алалы, Жете албайбыз жөө басып... Койонаалы көк эле, Көмгөлү жүрөт жөн эле. — Баарыбыз дейсиң олуйа, Учуп баргын асманда, Олуйа турсаң канаттуу Сага минер ат кайда?! Учуп жетсең бул жерден, Жөө калбайсың барганда! - Деп ошентип чунагың, Топоңдотуп жөө айдап, Жанадил экен улугу, Чогулуп келди эл жардап, Сурап алып Жанадил, Аларга берди ат жайлап. Күндүзү тыным алдырбай, Түндөсү уйку салдырбай, Койонаалы чунагың, Кожолорду катуу айдап, Таласка минтип алпарат, Баланы жута алган жок, Кожонун баары тең каргап. Кабар уккан калың эл, Калбай келди баары тең, Алтымыш уруу көп алаш, Ак калпак кыргыз элге баш, Кайкап Кеңкол толгону, Айдын болуп он беши, Күнгө жума болгону. Бакай, Кошой – карысы, Алп Төштүк менен Көкбөрү, Арстандын кирип үстүнө, Боло албайт экен эми, деп, Көздөрүнө жаш толду, Алланын сүйгөн бендеси, Айкөл Манас баатырың, Аттана турган чак болду. Катар турган көп элден, Кошойду карап койулуп, Бакайды тиктеп баатырың, Төштүктү тиктей кол сунуп, Көкбөрү карай сүзүлүп, Каныкейди бир карап, Кайран эр кетти үзүлүп... Бопорозтой көк түтүн, Оозунан чыгып бур этип, Калың журт калды чур этип, Айдын он беш күнүндө, Жуманын кадыр түнүндө, Ыймандуу кетти кайран эр, Ак исламдын дининде, Келген жан кайтат ар качан, Туруш жок жалган дүйнөдө. Кыргыздын кылып каадасын, Алдына чөптөн салдырып. Үстүнө суптан жаптырып, Алып барып арстанды, Эр жагына жаткырып, Ар сонундан көшөгө, Алып келип тарттырып, Накылай менен Карабөрк, Хан баласы Каныкей, Чачтарын жазып таратып Калдайтып кара чүмкөтүп, Төр жакка тетир каратып, Тегеректеп эл келди, Өкүрмөк болуп үн тартып. Агыш менен Керкөкүл, Накылай, Карабөрктөрдү, Жетелеп чыгып түз барып: — Куда болуп каадалап, Алуучулар биз, — деди, Олжолоп алган бул Манас, Ыйыңды койуп жүр! – деди. Акылы кыска эки күң, Кой дегенге келбеди, Жетелеше тайтайып, Эшиктен чыга келгени. Алдында Төштүк ашыгып, Ачуулуу сүйлөп шашылып, Бокмурунду кол булгап, Туйдурбай алды чакырып: — Хан Көкөтөй эркеси, Эстүү бала сен элең, Агыш менен Керкөкүл, Жесирибиз алдык, деп, Ичтеринде ойлоду, Койо туруп азырча, Кийин алса болбойбу?! Унчукпай кирип бул экөө, Үн чыгартпай коборду, Же болбосо күңдөрдүн, Кой деген сөзү болбоду, Түпкүлүгүн бул иштин, Акылың терең ойлочу! – Энөө баатыр Бокмурун, Ойуна келсе бурулбас, Ойротто мындай жок мурун. Оорагы жок күчү көп, Колу бейбаш шок мурун, Каныкейден кеп уккан, Канча кепти анда уккан, Эр Төштүктөн эми угуп, Элөөрүп калды жулунуп, Экөөнү экөө жетелеп, Эшиктен чыкты чубуруп, Утурлай басып Бокмурун, Учурашып жолугуп: — Агыш күйөө, Керкөкүл, Бул эмине ишиңер? Билектен алган жетелеп, Бул кайактан келген кишиңер? - Керкөкүл айтат коржойуп, Агыш айтат борбойуп: — Тартып алган эмеспи, Тирүүдө Манас зор болуп, Накылай менен Карабөрк, Эми алдык ээ болуп, - Бокмурун жөнгө торгоду, Кеп укпай мойун толгоду, Катындарга Бокмурун, Айткан кеби бул болду: — Караган көк бит чагыңда, Тийгенсиңер Манаска, Ыйлабайсың эки күн,

Эч болбосо, намыска! “Жакшы өлсө баары өлөт, Жаман өлсө бир өлөт”, Байыркы айткан кеп ушул, Агыш менен Накылай, Керкөкүл менен Карабөрк, Бул ишти төртөөң койгунуң, Билсеңер уйат ушунуң, Бокмурундан кеп угуп, Болбос жумуш деп угуп, Агыш менен Керкөкүл Тилдеп ийди оолугуп. Бетин тытып алсак, деп, Карабөрк менен Накылай, Каңшылап турду канчыктай, Эки катын жулунуп. Көкөтөйдүн Бокмурун, Бала жолборс эр эле, Беттешип бенде жеңбеген, Билеги чоңдун бири эле. Керкөкүл менен Агышты, Далыдан чапчый алганы, Бурдап басып тизелеп, Эр Манастын жолуна, Курмандыкка чалганы, Карап турган көпчүлүк, Кой деп айта албады. Карабөрк менен Накылай, Бурулбастан кармады, Кирип алып жерге, деп, Тийип жаткын эрге, деп, Төбөсүнөн тик жарып, Төрт бөлөк кылып таштады. Агыш менен Көкүлдүн Өлүгүн сүйрөп эли алды, Накылай менен Карабөрк, Карап койор киши жок, Талаада жатып калганы, Качыр минген шыгайлар, Сүйрөтүп барып шоораңга. Жар көчүрүп салганы, Ошол кезде кыз Сайкал, Пайда болуп калганы. Үстүнө кызыл жамынып, Үйгө кирди чамынып,

Кайран эрдин тушуна, Олтура калды үн салып: — Ороздунун он уул, Бай Жакыптан сен элең, Каткалаңдан Карача, Карачадан мен элем, Ээ болгондо алашка, Эсине албайт Манас деп, Саа таарынып жолборсум, Каңгай жакта жүрчү элем. Бетиңе чыктым салышып, Кез керип найза сайышып. Эрликтин жолу ушундай, Көөнүңө алба, арстаным! Учу бирге жазылат, Түбү бирге кошулат, Каңгайдан келип атайын Кайрылып мында тууганың, Кайгыңды тартып олтурат! Угуп калып душманың, Сөз байлашып жатканын, Эки жору бул элге, Баралы деп жортуулга, Ойдогу кебин айтканын, Жеткиргели өзүңө, Келген элем арстаным! Тирүүңдө конгон элиңе, Кут жайнаган дөөлөт-бак, Бактың эле кар кылбай, Асырап элди сарбаптап, Көрбөй тирүү көзүңдү, Тууганың турат зар какшап! Аладан көйнөк кийгемин, Ушул мезгил жаман чак, Ак калпак кыргыз элиңди, Атагы Талас жериңди, Аркаңда калган белгиңди Алганың Каныш билгичти, Арстаным, арбагың менен колдой жат! Убара болуп тууганың, Ушунчалык кош айтат! – Каныкей кошот кан какшап: — Кайырма жака, киш ичик, Желбегей жеңин бош таштап, Кайрылбай кеттиң эч кимге, Кайгырамын көз жаштап! Кыргызда чыккан арстаным, Кылымга алдың дастаның, Кыйаматка айтылат, Кытайдан эшик ачканың! Алаштан чыккан арстаным, Айтылат сенин дастаның, Акырга чейин калбайбы, Анжудан эшик ачканың! Аркаңда балаң жаш калды, Акыл-эстен бош калды, Ажал алса жакадан, Андан калар ал барбы? Айланып ажал келгенде, Азырети Аалы шерди алды, Өтсө да өзүң, арстаным, Ак калпак кыргыз эл калды, Атактуу Талас жер калды! Курама темир курч кылдың, Куранды жыйып журт кылдың, Кытай, калмак кулданып, Алып кеткен кыргыздын, Ажыратып баарысын, Алтымыш уруу алаш деп, Ай-ааламга дүң кылдың! Душманыңды кем кылдың, Бала кезден бер жакка, Тууганыңа дем кылдың, Аташканың Каныкей, Агызып жашын сел кылдың: Ордуңду басар уулуң жаш, Орунсуз бизге чыккан кас, Үшкүртүп бүгүн тел кылдың! Туш-тушумдун баары кас, Аркаңда калган жалгызды, Арстаным, арбагың менен колдой жат!- — Болду, айаш, болду, — деп, Көкбөрү, Бакай кош айтат, Кайран жеңең Каныкей, Көзүнүн жашын имерип, Астыртан киши жиберип, Абыкени алдырып, Көр Көбөштү таптырып: — Серектин басар шайы жок, Бактырып атам жактырып, Абыке, Көбөш – кайниним, Агаңар өлдү, сен экөөң, Эл башкарып билгиниң. Четтеп турбай жат элче, Жаныма жакын келгиле, Жергелүү Талас жериңде, Жети хандын эли эле, Экөөнүн өзү жок болду, Беш хандын башын бир кошуп, Конокту бөлүп бергиле. Аксакалды жыйгыла, Түндө кеңеш кылгыла, Кол жуудуруп аш берип, Мына минтип тынгыла. Бир атадан алты эле, Кыз душмандын бүлөсү, Экөөңдө ага үч эле - Экөө өлдү амалсыз, Бирөө оору, дармансыз: Акылың менен иш кылып, Аш берип атты чапкыла, Агаңдын каны каткыча,- Каныкейден кеп угуп, Ак көңүл туулган Абыке, Алапайын таба албай, Ал тура албайт удургуп. Орой ачар кейпи жок, Оң-тескери кумтунуп, Көр Көбөш турат мултуйуп, Абыке элди башкарып, Конокту бөлүп алышып, Бээни коондой жарышып, Бай Жакыпты баш кылып, Байбиче үйгө чакырып, Бар кеңешин бүтүрүп. Эртеси элге аш берип Эр Төштүк кеңеш кеп берип, Кеби элге эп келип, Бакайга башын карматып, Баары журтун жардатып, Куруп калган Каныкей, Сарамжалын бүт кылып, Жуугандарга он бештен. Бар кийимин жыш кылып, Дооранга токсон кур байлап,

Бардыгын бирдей сур байлап, Ыскат атын токутуп, Кыйаматтык дос болгон, Кызыларстан молдого, Жаназасын окутуп: Бакай, Кошой карысы, Көкбөрү, Төштүк, Каныкей – Кеби бирге баарысы, Айткандай Манас кылгалы, Мамындай токтом кылганы: — Жерлигине баатырды, Күндүз алып баралы, Бүгүнкү күн кеч болду, Түнөтүп үйдө калалы, А көрөктүү кечкече, Көр байге атты чабалы, Атты айдап чабышты, Чапкан ат келип калышты, Баатырдын аты Аккула, Чыгып келди жаныбар, Мурдунан агып кызыл кан, Кыбыланы баштанып, Өлүп кетти кайран мал! Баатыр Төштүк жанында, Манаска атап мууздап, Мазарга башын чыгарып, Ооз-омуртка айдарын, Күмбөзүнүн босого, Жел кирип буга турушун, Ичине темир тордотуп, Бекиттирди ошого.

Элдин баары жатканда, Таттуу уйкуга батканда, Кошой, Бакай, Көкбөрү, Кайран жеңең Каныкей, Калгандарга туйгузбай, Акбалбанды келтирип, Досуңдун сөөгүн көтөр деп, Казган көргө жеткирип, Жыгачтан ноосун койдуруп, Сууну башка бурдуруп, Банус чырак кошо алып, Жайдын ичин көргөндө, Олуйа Кошой зор Бакай, Алптан Төштүк, Көкбөрү, Каныкейдин ишине, Ыраазы болду таң калып, Сарамжалы топтолук, Чаласы жок кичине, Беш жүз киши баткыдай, Казган көрдүн ичине: Кара кайыш быйдана, Кабат-кабат салдырып, Түрдөп килем жайдырып, (Чирибей миң жыл турсун, деп, Жасаган өзү Каныкей, Акылдашы Арууке, Билгизбестен эч кимге). Асыл килем үстүнө, Алтындан кылган тактасын, Ал тактанын үстүнө, Кырмыз жибек бактасы: Баатыр шерди жаткырды, Кош айтышып келгендер, Таң агарып кетет, деп, Эшикти көздөй бастырды, Укмушту Бакай баштады, Төө көтөрөр балбанды, Мойнунан чаап таштады. Ичине тартма тээктүү, Таш эшикти жабышты, Сууну тетири агызган, Ноону тартып алышты, Алып кетип калышты. Көкбөрү, Төштүк экөөлөп, Бакай, Кошой – төртөөлөп, Катырып койгон кылбото, Кепинге аны салышты, Табытына таңышты: Таң атып чыкты аңгыча, Каралөккө жүктөшүп, Күмбөзгө алып барышты, Алп Төштүк менен Көкбөрү, Жайын койду кыл ташты. Сарытаздын баласын, Семетей деп алпарып, Ошого топо салдырды, Өкүрүшүп эл ыйлап, Аттанып конок бүт чубап, Өндүрдүн ичи жаңырды. Олуйа Кошой, алп Төштүк, Көкбөрү менен Бокмурун, Абаң Бакай, Каныкей, Баары бирге жам болуп, Малышканы кан болуп: “Арстандан калган туйакка, Ким жамандык ойлосо, Төбөсүнөн басалы, Тирүүлөй көрүн казалы, Умачтап көзүн ачалы: Арстан Манас төрөнүн, Келерки ашын берели, Кыйшыгы болсо душмандын, Кыйындыгын көрөлү” – Деп баарысы ушинтип, Чырпык кыйып шартташып, Ок тиштешип антташып, Эр Бакайга кош айтып, Аттанып булар жөнөд?, Канышка кайрат сөз айтып, Муну мындай баштайлы, Мундан кийин жомокту, Семетейден баштайлы.