← Манас

Коңурбайдын Манасты чабышы

Аттанып Шууту кетиптир, Бир күндөрү жетиптир, Сүйүнчүлөп шерлерге, Эки катын туу белде, Эркек тууду дегенде, Алмамбет, Чубак кеңешип: — Сарысүмбө деген шаар, Алтайда бар ошону ал, Шууту баатыр, ошондо, Деди алар,-ажыгап кал,- Сүйүнчүгө шаар алып, Шууту улук болуптур, Бейжинде жаткан бектердин, Эми жайын угуптур. Бейжинде жаткан берендер, Эли-жерин сагынып, Уруксаат болсо Манастан, Кетсекпи деп камынып, Кеңешин айтып келгин деп, Манаска киши жиберип, Кулак түрүп турушту, Баарысы бирдей жабылып. Катты алып кабылан: — Алмамбет, Чубак, жүргүн,-деп, Сыргак, Кыргыл,-калганың, Айтканыма көнгүн,-деп, Кетирели хандарды, Узатып койуп аларды, Биз кыркыбыз калалы, Эсен хан менен беттешип, Анан жолго салалы, Анда Бакай кеп айтат, Кеп айтканда эп айтат: — Биз келгени бул жерге, Күндөр өтүп айга аттап, Жыл айланып баратат, Жылуу кетип, суук болуп, Кышка айланып баратат; Эсен хан барып нетели, Бейжинди берип бирөөнө, Таласка карай кетели. Кангайлар келип кол салды, Хан Коңурдан шаар алдык, Эсен хан менен Айжаңжүн, Бул экөөнөн кыз алдык, Борончу, Жолой, Бешкулак, Оронгуну баш кылып, Далайынан баш алдык; Алтын, күмүш –зар алдык, Асыл буйум дагы алдык, Торгун, тубар, далым бу, Аркагы жибек кырмызы, Ар түрдүү сонун көп алдык; Менин ойум ушундай, Эми калган кеп болсо, Алмамбеттен угалы. Алмамбет айтты мындай деп: Абамдын сөзү акыл кеп, Жалганы жок такыр,-деп, Нескара бар калаада, Бейжиндин шаарын берелик, Кызылдай Баймат балага. Коңурбай, Калча көрүнбөйт, Калгандардан сурасак. Көрбөдүк биз аны, дейт. Менде мындай кеп турат: Манжулардын Нескара, Анжулардын Мурадил, Калмактардын Уушаңын, Кара кытай Мадыны, Чогултуп туруп баарыны, Кете берсек эп турат. Биз кеткенде Коңурбай, Ар канча чоңдук кылса да, Булар түгөл кошулбайт.

Шагы сынат Коңурдун, Алактаган Комурдун, Асылы кептин оңу бу. Анжу, манжу, калмактын, Кара кытай калгандын- Баарынын кебин угалы, Бирге жүргөн он төрт хан, Топту бузбай жаналы, Кетирип ийип хандарды, Бөлүнүп неге калалы? Анда Манас кеп айтат, Кеп айтканда бек айтат: — Какандыктын шаарынан, Качуучу бизби?-деп айтат, Манасы бизден качты, деп, Калаар жаман атты кеп, Коркконсуп кандай сүйлөйсүң, Курбалдаш досум Алмамбет? Чынын айтсам жан досум, Бейжинге келген сени деп, Кангайлардын Коңур да, Хан Алмаңдын кеги деп. Эсен ханды хан деймин. Элге өтүмдүү жан деймин, Жеңилсе да, жеңсе да, Бир сөзүндө бар деймин. Не да болсо, Алмамбет, Эсен хандан кыз алдык, Учурашпай түз эле, Ушундай кетсек ага да, Болуп калаар чоң ардык. Ашыкканда нетебиз, Кай муратка жетебиз? Андан көрө Алмамбет, Эми биздер кайттык, деп, Эсен хан баштап чоңдорго, Көрүшүп ачык айтып кеп, Баркыбыз менен кетебиз. Алмамбет менен Бакайдын. Айтканын албай эр Манас, Ушул кепти салганы, Арстан сөзү ырас, деп, Дүр дейди түштү калганы. Манас айткан кеп менен, Тышкыдан калды Музбурчак, Катардагы хандардан, Абаң Бакай, Алмамабет, Арстан Чубак, хан Сыргак, Хан дегени Сыргактын. Аттанганда Таластан, Жакып ханды таштады, Атасы үйдө калганда, Элин Сыргак башкарды, Атасы Жакып хан үчүн, Хан Сыргак деп ат калды. Он төрт хандын тогузу, Жылуу-жумшак аттанды. Беш хан мында калганы, Бөлүнүп калып айкөлүң, Тапмак болду калбаны! Кетпегенден калганы, Туңшадан чыгып шарт койуп, Бейжинге кирип барганы. Кабылан Манас келди, деп, Биз кетебиз эми, деп, Жол керегин белендеп, Нечени жүрөт дереңдеп, Унутуп калып өткөндү, Жаш балдары сереңдеп.

Кытайлардын Коңурбай, Жан кишиге туйдурбай, Нескара менен Мурадил, Буларга да угузбай, Жерден казып жол жасап, Ат жүргөндөй кең жасап, Алып барып бир башын, Дарбазадан чыгарат. Жан кишиге билгизбей, Жарыгын жерге тийгизбей, Дарбазанын бетинен, Бой жеткендей жеринен, Боорун тамдын тештирген. Шаарга кыргыз киргени, Туйдурбай Коңур кам кылган. Аңдып жаткан Манасты, Жер алдынан чыкпастан. Манас келер бекен, деп, Чечекейи чегилген, Телмирип далай күн өткөн, Уктабай нечен күзөткөн. Купуйа болуп Алмамбет, Күндө базар айланды, Коңурбайдан шектенип, Дарегин таба албады, Капыр Коңур бек келип. Алмамбет, Чубак, эр Сыргак, Аттанып жолго салышты, Адырлуу тоого барышты, Тоо айланып жүрүшүп, Кечкурун кайта жанышты. Ошол күнү зор Манас, Кетериме калдың, деп, Кудай урган Байматты, Хан тактыга мингизип, Хандык кийим кийгизип, Хан наапага киргизип, Кең базарга жумшады, Кандай барып келгенин, Жолдошунан укмакчы. Хандыкка минген Тазбаймат, Айланып жүрдү калаасын, Көргөндүн баары дүркүрөп, Ача берди арасын, Көрдүк деген андан көп, Кыргыздын бүгүн Манасын. Антип Баймат баратып, Алмамбет, Сыргак, эр Чубак, Талаадан кайтып келатып, Капташып калды калаада, Жаман Баймат арамга; Томолонуп наападан, Түшүп жатат караса, Алмамбет кылса нишарат, Түшпөгүнүң дегенсип, Ага Баймат болбостон, Аңкоолонуп дегенсип, Бачымдап түшүп аптыгып, Салам айтты ашыгып; Салып койуп наапага, Булар кетти бастырып; Айтты Алмамбет мындай деп, Наападан Баймат түшкөндө, Дегеле жаман ачынып:

— Баймат болбой жерге кир, Адамдан айбан түгөнгүр, Айкөл берсе наапасын, Андан түшкөн эмнеси, Мингизип койсо тактысын? Санап келсе катарын, Чоросубуз чынында, Бул үчөөбүз Манастын, Түшкөнүнө капамын, Каада билбес Байматтын! Түшпөсө Баймат чиренип, Азбы, көппү бул такты, Тураар эле кыргызда; Малайга түштү баш уруп, Токтобойт эми кыргызга! Талаада айтып бул үчөө, Унчукпай барды Манаска, Кеп салды Баймат чочулап, Бар кылганын бир чакта: — Тура албадым наапада, Үч баатыр катар келатса, - Абаң Бакай баркылдап, Аксакалы жаркылдап: — Байкасам, Баймат жамансың, Айры төштө наадансың, Мингениң наапа жаркыган, Кийген чениң алтындан, Бүгүн булар саа жолдош, Не түшөсүң наападан?! Алмамбет айткан кептерди, Ал дагы айтты кайтадан. Мээнет акыл таптырбайт, Тарткылык үйгө жаткырбайт; Ар кимиси ар үйдө, Арстан Манас бир үйдө, Ички эшиктин тышында, Тышкы эшиктин ичинде, Бир түзөңчө бар эле, Кырылган кырктын кыйласы, Чогулуп калды ал жерге. Кужулдашып эзилип, Кара койум дүмпүлдөк, Ойномок болду эригип. Алмамбет, Чубак, эр Сыргак, Бул сооранда жок эле, Кыргыл баштап баары бар, Кырктын бири кем эле, Тамашага калганда, Кыраан Сыргак эр эле, Арадан чыгып ал бирөө: — Тең бөлүнсөк, бири ашык, Кары Кыргыл, сен бизге, Калыс болсоң, — деди эле. Он тогуздан бөлүндү, Кудай урсун кырк чоро, Ушул ишиң өнөрбү? Кырылган кыркы ойлонбой, Капилет болсо өлөөрдү, Кез кылышты кокуйга, Канкор Манас көзөрдү! Ошол кезде Коңурбай, Дарбазага барам, деп, Жаткан жерден жөнөдү. Жан алуучу ой менен, Жасатып койгон жол менен, Келип турду Коңурбай. Кытайдын кызыл курчунан, Айарларга жасаткан, Турманын ууга сугарткан, Балтасы бар кармаган, Балтанын жайы момундай: Чаппай жерге таштаса, Уңгусунан орногон, Чапканы жакшы болбогон; Чыгарбы Манас бери, деп, Карап турса болжолдон, Чуусу кулак тундуруп, Кырк чоро күчөп ойногон. Карма десе, карма, деп, Кана десе, кана, деп, Кыйкырышып элирет. Үйдө олтурган Манастын Ойуна кетип мобу кеп: “Кырк баатырды чогултуп, Чакыртып алып Алмамбет, Көңүл ачаар ат ойун, Салган белем алар”- деп, Олпокту кийип оңдонуп, Чүмкөмөсүн тим койуп, (Жаткан үйдө баатырдын Бир башында Аккула, Бир башында өзү эле) Бастырып жөнөп калыптыр, Аккула минип зоңкойуп. Асылган банус чырактар, Асманда тийген ай да бар, Келе жатат зор Манас, Аңдап турса Коңурбай. Олпокту кийип алса да, Чүмкөмө жок башында, Жай баракат бастырып, Келип калды астына. Аңдып жаткан Коңурбай, Келди деп эми кезеги, Ээрдин кесе тиштенди, Арта салып ийинге, Балтаны мелжеп кезерди, Алдында өтө берээрде, Шилиге шилтеп жиберди! Уңгудан батты ай балта, Муну Манас билбеди, Жандырып жана чапканга, Башы калып Манаста, Сабы колго келгени, Эрдемсип Коңур кылт берип, Аркасына киргени. Ал учурда Ажыбай, Караанын көргөн калчанын, Ай менен банус жарыгы, Көлөкөсү түштү, деп, Көрүнүп турган арчанын. Абдан байкап караса, Караган караан калбаптыр, Мунун көрүп ал жерде, Ажыбай тура албаптыр. Атайын барып караса, Тегеретме жээк экен, Ар жагынан бер жакка, Түртүп коймо жер экен, Тийип койсо шалп этип; Түртүп көрсө Ажыбай, Нары кетти шалк этип. Ажыбай банус таптырып, Алып келип жаткырып, Аралап барып караса, Алгаранын изи бар, Жер очоктой казылып. Бирок эч ким шектенбейт, Арстан Манас баатырдын Койгонунан чаптырып. Анткени Ажым караса, Айкөлүң кетти бастырып. Кырылышкан кырк чоро, Ойуну канып тарашты, Алмамбет, Сыргак - эки дөө, Тыштан келип жанашты. Баштап алып Ажыбай, Байагы жерди карашты.

Ажыбайды сак бол, деп, Айсарала, Телкызыл, Көктекени алдырып, Чубакты кошо таптырып. Тешик менен үч баатыр, Ээрчише кетти бастырып. Ичинде чырак мол экен, Атчан жүрөөр жол экен, Ээн турат каңгырап, Тирүү пенде жок экен, Толтуруп ташты бекиткен, Мунун чыгар жери кайда экен? Ары-бери көп жүргөн, Алгара изи анда экен. Карап жүрүп аңтарып, Чыгаар жерин таппады, Түшө калып эр Сыргак, Колун салып жигине, Ташты бери тартканы, Күч кетирбей анча эле, Томолонуп жатканы. Караңгыдан жарыкка, Тардан чыгып талаага, Абыдан байкап караса, Бекиткен ташты танапка, Танаптан тартып койгондо, Жиги оору бекиген, Алгара изи чыгыптыр, Караса бери четинен. Агайары жанында,

Агайары жай кылып, Жердин бетин кар кылып. Кетиптир алда кайакка, Кадырын Коңур жам кылып, Ал жерде карап тура албай, Жайлуу жерин карашып, Шаарга кирди жадашып, Аз элде тагдыр себеп шол, Калды булар адашып: Коңурбай менен беш киши, Бута атым ары жагында, Турган болчу марашып, Эгер билсе анысын, Үч баатыр кууп качырса, Калчаны алмак кармашып, Сүрүп чыкты аңгыча, Келин каш болуп таң атып. Ордого келди айланып, Тынчы кетти баатырлар. Кынсыз кылыч байланып, Күнү-түнү кытырап, Айланып шаар жол чалып. Үч күн өтүп кеткенде, Ойрон Манас, зор Бакай, Будайык хандык Музбурчак. Олтурушкан бир үйдө, Мажик, Баймат дагы үйдө. Арстан Манас кеп айтат: — Келчи, Баймат, — деп айтат, Тырмап койчу шилимди, Кычышкансып баратат, Шашылып Баймат жетиптир, Көрө койуп балтаны, Кокуйлап коркуп кетиптир: — Айкөл Манас жолборсум, Кычышты деп ойлойсуң, Көк шилиңе мадалган, Балта турат бөлүнүп, Чоң казандын оозундай, Көзөөсү турат көрүнүп! Кыраан Баймат бакырды. Көзүнөн жашы төгүлүп. — Эмне дейт арам? — деп, Абаң Бакай ошондо, Арыштай басып жетиптир, Көзөөнүн чети көрүнүп, Шишик басып кетиптир. — Күмөнүң барбы баатырым, Балтаны качан батырдың? — Үч күн өттү арадан, Үйдө жалгыз олтурсам, Кырылып калган кырк айбан, Кыйкыра берди аламан, Алмамбет, Чубак барбы деп, Ат ойун салып алганбы, Көрөйүнчү аны деп, Ак олпок кийип денеме, Ойума албай эч неме, Аккула минип артылып, Алганым жок бош койгом Чүмкөмөмдү тартынып. Дарбазадан чыгаарда, Жарк дегенсип көздөрүм, Шилиме балта тийгенин, Билгеним жок мен өзүм. Үч күндөн бери билбедим, Оорубады түк жерим, Түндө кирпик илбедим, Ачышкансып олтурсам. Ошого азыр Байматка, Карап көрчү дегеним. Чапса ошондо чабылды, Мындан башка жок кебим, Ойлосо ошол бир шегим. Ырас балта бар болсо, Тартып койчу, Мажигим, Бириңдин алың келбесе, Баймат экөөң келгениң, Анда Бакай муну айтат: — Балтаны булар тарта албайт, Суурулуп сабы калганча, Орноп кеткен ай балта, Тарттырабыз келгенде, Чубак, Сыргак - балбанга, Ыгы бардай көрүнөт, Алмамбет баатыр мындайга,- Ага Манас болбоду, Болбой мойнун толгоду, Мажик менен Байматты, Тартып сал деп зордоду.

Кармап тартып ала албай, Көзүнө чылбыр өткөрүп, Белине салып көгөрүп, Мажик тартты тырактап. Баймат тартты сырактап, Копшугунда былк этип, Ооруп чыкты кан какшап. Биринен бир угушуп, Он бир келди далбактап, Биринен бири тыңдуусуп. Тартып жатат барбактап; Кол тийген сайын күчөдү, Ооруганы зыркырап, Чыдай албай айкөлүң, Көзүнөн оту чачырап, Жөөлөшкөн нардай көз жайнап, Азуулары качырап. Буйрук кылып бакырат: — Алмамбет кайда, тапкын, — деп, Чубак менен Сыргакка, Жүгүрүп бачым айткын! — деп. Музбурчак, Бакай шашылат: — Ажыбай кана, келсин, — деп, Көзү менен көрсүн,- деп, Эптүү эле мындайга, Эптеп себеп кылсын, — деп. Карагыла тапкыла, Шишик күчөп кетпесин, Кашкулак менен түлкүнүн, Өтү болсо чапкыла, Алмамбет, Чубак, эр Сыргак, Чыгып кетсе талаага, Аркасынан чапкыла... Айтып оозун тартканча, Алмамбет келди аңгыча, Эки күн болду Алмамбет, Оозуна наар салбаган, Көзү чырым албаган, Түшүп турса эшикте, Үйдө киши чуулаган, Эмне болуп жатат, деп, Кирген экен хан Алмаң, Киргенче көрдү Манасты, Чылбыр турат чубалган, Алмаңды көрүп басылды, Башаламан чуулаган. Буркурап Бакай какшады, Баштан айак айтканы, Чылбыр салып көзүнө, Белге ороп тартканды; Шишик күчөп аңгыча, Далдалап кетти балтаны! Алмамбет барып кол салып, Чылбырдын чечип күрмөсүн, Шып эттире чыгарып, Эки тал эбеп бар экен, Оозуна салып жегизди, Ачып көздү жумганча, Сеп алып калдым, дегизди. — Чаптырганда арстаным, Тарттырганың эң жаман, Бүткүл курчтан жасатып, Ууга чылап сугарган, Курчтугунан балтанын, Билбей калды падышам. Тарттырбасам жел кирбей, Оорубай да, шишибей, Турбайт беле падышам, Эбеп берип ичиңден, Себеп чаап тышыңдан, Как бир айда жеткирсем, Таласка сени ушундан; Куну дары бар эле, Каныкейдин колунда, Кунудан куйуп ичирип, Нуштан кошо чапканда, Балтаны айдап түшүрүп, Сакайат элең үч айда, Жаранын оозун бүтүрүп. Балтаны тартып алганда, Куну жок ага салганда, Заарын тартып кетүүчү, Нуш дары жок чабаарга, Таласка барбай айла жок, Амал жок мында кылаарга, Ошондуктан бул жерден, Түн бойунча узатып, Кетирейин көчүрүп, Күн санына жетпеди, Аттангыла баарыңар, Серек, Чубак, калыңар. Мен каламын бул жерде, Абаке, Бакай, Музбурчак. Ат өргүтүп жай жатпай, Кете бергин ылдамдап. Айтайын барар убагым, Так кырк күнү турамын, Серекти такка мингизем, Келип-кеткен кишиге, Караанын алыс көргөзөм, Жете барам силерге, Эчкиликтин эки чат, Кырк күндөн кийин жөнөсөм, Алдыраш басып бат барсаң, Каныкей менен көрүшүп, Жараатыңан айыксаң, Кайра Бейжин киребиз, Коржоңдогон Коңурду, Кокосунан илебиз. Деп ошентип Алмамбет, Калган кошун кол менен, Айкөл Манас баштаган, Абаң Бакай, Музбурчак, Атактагы чоң менен, Бейжинден элди чыгарып, Таласты карай чубатып, Буларды койду узатып, муну мындай таштайлы, Коңурбайга Шыпшайдар, Келгенинен баштайлы.