Кыргыздардын такка миниши, Күлүстөн менен Канкелдинин туулушу
Эр Эсен хан, кырк жаңжүн, Коңурбай менен Нескара, Мурадил, Уушаң бар анда, Кеп баштады Нескара, Жаныган жанын бир балаа: — Кыргыздын иши көп болуп, Далай колдор кырылып, Түгөнүп калды жок болуп. Кырк шойага кас кылбай, Кыргыздар мында жиберсе, Баарыбыз калдык кош болуп. Элчиге киши жиберип, Элдешүүгө имерип, Кыргыздын кебин алалы, Хан болсун өзү Эсен хан, Айбандан күлүк кара атты, Адамдан Коңур баатырды, Бербей сурап калалы. Эсен хан кызы Бирмыскал, Айжаңжүн кызы Бурулча Кыз сулуусу ушунча, Тартууга берип жаналы, Хандын кебин хан жырбайт, Алдында муну айталы - Соорандыктын Алмамбет, Тилмеч кылба муну, деп, Бекитип анан кайталы, - Өңкөй баатыр, төрөлөр, Алды-артын ченешип, Бейжиндин тагын бер дешип, Жибермек болду элчини, Баары бирдей кеңешип; Айтылуу чечен жаңжүндөн, Айтышып таамай жүргөндөн, Бешти элчиге жиберди, Башынан барып көнгөндөн. Кытайдан элчи келди деп, Кыргызга кабар барыптыр, Алдынан барып Ажыбай, Алып келе калыптыр. Жаңы келген элчиге, Жаңы кийим кийгизип, Жакшы тамак бергизип, Падыша Манас үстүнө, Баштады аны киргизип. Тал чыбыктай бүгүлүп, Элчилер турду жүгүнүп, Дайындап орун бериптир, Калдаңдашып элчилер, Катын алып келиптир. Эсен хан катын ачтырып, Хан каадасы мурунтан, Садага пулун чачтырып, Катты окууга киришти, Каттагы кептен билишти: “Эби келсе алашка, Эл башкарган Манаска, Бизден барса Эсенхан, Сиздерден келсе да бир хан, Келүүчү ханды угушсак, Дайын болуп биз турсак; Болжол күнү сиздерден, Жетип баруу биздерден; Бетме-бет туруп сүйлөшсөк, Кулжуңдашып күндө эле, Кол салышып жүрбөсөк, Алмамбет тилмеч болбосо, Өзөктүү отко күйбөсөк.” Катын окуп кытайдын, Элчилерин чыгарып, Кеңеш кылып кыргыздар, Бакайды ханга шыйгарып, Кытайдын тилин билчү деп. Анык кылып бекитти, Ажыбайды тилчи деп, Сүйлөшөөр болсо Эсенхан, Он күндөн калбай келсин деп, Ханыбыз биздин зор Бакай, Каканчын муну билсин, деп, Колуна элчи кат берди, Эми баарың кайт, деди. Манаска барган элчилер, Кайтып келди калдаңдап, Жаңырта кийип кийимди, Жарыша сүйлөп жалжаңдап. Калбай чоңдор келишип, Катты окуп көрүшүп, Ханы Бакай экенин, Дуңчу Ажыбай чеченин, Каттан анык билишип, Иш оңунан экен деп, Коштугунан алардын, Баштары кетти кекеңдеп. Он күндүк болжол толгондо, Аттанаар убак болгондо, Нескара айтты мыкамдап, Байагы кепти жана да, Эсенханга бек какшап: — Алгара менен Коңурдан, Капташып кокус айрылсаң, Соорандыктын Алмамбет. Соо койбойт сени, Эсенхан. Алтымыш капка Бейжинди, Күйүп турган от кылат, Атагы кытай элимди, Таратып баарын жок кылат, Камынып мурда айта алсаң, Куткарасың Коңурду, Кийин калсаң буйдалып, Жоготосуң Коңурду, Жоолошуп келген кыргыздан, Көрөсүң ана сонунду! - Жаагын жанып Нескара, Жапылдап канча басылды Түшүнгөнсүп Эсенхан, Аттанып жолго бастырды. Калмак Уушаң дегени, Өзү мыкты эр экен, Ал Уушаңдын алдында, Бир дуңчусу бар экен, Эсенханды сактаарга, Келген Уушаң ал экен, Болжошкон жерге ошондо, Жетип калган чак экен, Эсенхан барса керүүдө, Эр Бакай анда бар экен, Кайтарган киши Керкөкүл, Тилмечине Ажыкем. Тегерек чийип бир жерди, Шиберге жайды килемди, Ал чийиндин ичинде, Олтурганы алты жан - Эки дуңчу, эки хан, Эки баатыр кайтарган. Хан Бакайга Алмамбет, Айтып жүргөн баштатан: “Адамдан бер Коңурду, Айбандан бер Кара атты, Тагыңа өзүң мингин, де, Ордоңо өзүң киргин, де. Коңурду кармап бере албайт, Кырк жаңжүн түгөл тил албайт, Алгандардан айрылса, Коңурбай менен Нескара, Биз менен уруш кыла албайт, Кангайдагы Калдайды, Хан Коңурбай Калчаны, Өзүбүз кармап алабыз, Кытай менен жарашып, Анан кетип калабыз. Мурун айтсаң, абаке, Албасаң да Коңурду, Арага бүлүк саласың, Кытайдан калса бөлүнүп, Коңурбайды аласың, Айттырып ийсең каласың, Бир балааны табасың, Оорагы бастап жоголот, Ушул турган алашың.”. Эми эле кепке келээрде, Абаң Бакай ээ дээрде, Карылык дарты курусун, Кепке-сөзгө келтирбей, Жөтөл кыстап турушун. Абаң ыкшып болгончо, Бүтүрдү Эсен жумушун: — Алыстан келдиң, Бакай хан, Бул тарапта мен да хан, Бүгүн эле хан болбой, Хан экенсиң мурдатан. Хан каадасын билет деп, Каалаганым берет деп, Сурадым сенден түз салып, Адамдан баатыр Коңурду, Айбандан Кара сонунду. Экөөнү мага берип сал, Бириң менин өз кызым, Бири Айжаңжүн жалгызы- Эки кызды баш кылып, Алдымда минген тагымды ал. Туңшадан бери карата, Ушул журттун баарын ал, Үстүмдө таажы багымды ал, Зериккенде Бейжинден, Тактыга бирди мингизип, Кеткин, келсе кетип кал Таажы менен багыны, Баашалык өкүм тагыны, Кызы менен шаарыны, Бердим десе баарыны, Хан каадасы ал экен, Сураганы Эсенхан, Бири адам, бири айбан,- Кереги эки жан экен, Берип койду хан Бакай, Бербеске шылтоо таба албай, — Бүгүндөн баштап, эр Бакай, Тапшырып алгын тактамды, Ээлеп алгын бакчамды, Кош эмесе — деп койуп, Эсен хан кайра аттанды.
Болгон иштин баарысын, Борсулдап Бакай абаңыз, Айтып элге барганы, Бейжинди алдык бүгүн, деп, Атагы алаш болгон журт, Бабырашып калганы. Азизхандын Алмамбет, Тил байланып унчукпай, Жалдырап тиктеп дудуктай, Аш бышымда каржалды, Улутунуп токтобой, Тутамдап сакал кармады, Оозунан чыккан көк түтүн, Булутту айдап аңтарып, Асманды тиктеп чакчайып, Ооз ачкан пенде жок болду, Ошонго дейре үн салып. Ошо кезде Алмамбет, Оозун ачып эстенип. Улам-улам таңшанып: — Акылы артык тереңим, Ар качан тийген керегиң, Баштагандан бүгүнкү, Күчөөр эле кезегиң. Мени баштап, абаке, Мелжеп келген окшойсуң, Бейжинге берчү белегиң. Айткан менен амал жок, Мындан башка не деймин? Ошенткениң эмеспи, Коңурбай менен Кара атты, Эсенханга бергениң! Кырк жаңжүн баспай койгондо, Тагын берди Эсенхан, Коңурбай ээлеп алганда, Кызына кошуп алчы, деп, Шаарын берди Эсенхан. Туңшадан бери алгын, деп, Кангай, манжу, калмактын, Элин берди Эсен хан. Бөлүп берген кытайдын. Жерин берди Эсен хан. Элүүгө чыга олтурган, Жесир берди Эсенхан, Айжаңжүндүн Бурулча- Жетим берди Эсенхан. Качып келген Айжаңжүн, Шаарын тартып биз алган, Кошоматка Коңурга, Кошуп берген жеримди, Кошо берген элимди, Качырып мени кетирген, Тыйынга албай кебимди, Бүгүн алып тунсун, деп, Ошону берди Эсенхан, Хан токтому бир экен, Кайсынысын мен айтам! Алсын дептир алалы, Кайра барсак кыргызга, Атайын барып Бейжинге, Алдык деп айтып баралы. Кокондун ханы Сынчыбек, Эсепчи элең өтө бек, Эки хан токтом кылган соң, Эми кылбайт жаман кеп, Казынаны колуңа ал, Хан мага бергин, деп. Бизге берген Туңшасы, Эсен хан жүргөн жак эмес, Ал өзү минген так эмес; Эсен хан минген алтын так, Тетиги Кантун – аркы жак. Туңшаны орто Бейжин деп, Соорандык жүргөн ал жерлер; Туңша менен Кантундун, Арасы алты күндүк жол, Туңшанын шаарын алдык деш - Ал маңдайга бүткөн кара шор! Кайдасың Үрбү, атка мин, Алыптырбыз Бейжинди, Бүгүн барып такка мин. Олуйа Кошой, Музбурчак, Текечи, Шыгай, Жамгырчы, Сыйын көрүп Бейжиндин, Колу-бутуң сунуп жат. Алп Төштүк менен эр Агыш, Он эки амбал чоң Бейжин, Сурагын экөөң алып бак. Кендирбайдын Керкөкүл, Тербелбеген эр Көкүл, Жарагын барып сен алгын, Он төрт хан менен кытайдын, Аскерин кошуп башкаргын. Эсен хан кетти Кантунга, Айкөл шер абаң Бакай хан, Кыргыл баштап кырк арстан, Алмамбет, Чубак кошулуп, Биз турабыз Туңшада. Туңшанын жери кең эле, Тогуз жолдун тоому эле, Бөрү-койдун чаркы эле, Кайгоолчу келсе жатчу эле, Так кырк күнү турабыз, Күндө болгон кабарды, Кулак түрүп угабыз, Бейжиндик берген кыз болсо, Андан башка иш болсо, Үрбү айткандай кылабыз, Кан болгун деп Үрбүнү, Таласта айткан кеп үчүн, Тактыны бердик ал үчүн, Бу дагы жаман иш эмес, Хан Үрбүнүн наамы үчүн. Алдында кетти Сынчыбек, Аркасынан он үч хан, Кетип жатат бир-бирлеп, Күн-түн дебей дүбүрөп. Кыргыздын эли киргенде, Коркуп турат какандык, Талап алар бекен, деп; “Арман күн башка салаарбы, Сулуу катын, сулуу кыз, Алып келип бергин деп”. Айкөл Манас тапшырган, Хандарга айтып мындай кеп: — Кара аскерди базарга, Койо бербе бекер, — деп, Өйдө-төмөн иш өтсө, Кыласың менден кекер жеп. Кууса жеткис жакшы ат, Куйунга учат бекер,-деп, Жууса кеткис жаман ат, Ээрчип алат бекем, деп, Какандык айткан иштерден, Бирди да кыргыз кылбады, Эстүүсү айтып насаатты, Эси жогун тыйганы, Бейпайда калбай Какандын, Бечара эли жыргады, Ыраазы болуп кыргыздан, Ушул кепти кылганы: “Он беш күн болду келгени, Жакшы жаман дебеди, Жыргап калдык Какандык, Жармак Алмаң бербеди, Бир күндө берчү беш убак, Калмактан бирөө келбеди, Беш үйдө болчу бир казан, Үй башына берди эми, - Букара жүрөт сүйүнүп, - Ушул биздин бак үчүн, Кыргыздын эли келгенби?”
Бирмыскал менен Бурулча - Кытайда сулуу ушунча, Кеңеш кылып хандарың, Олуйа Кошой карынын, Жалганчы кылбай айтканын, Алып берип никелеп, Алмамбет менен Чубакка. Арам ал деп жиберди, Айтылуу Туңша - тийака. Кырк жылдан бери Бирмыскал, Кыраан Алмаң күйгөндө, Кызыл өңү кубарып, Кыйноону тартып жүргөндө, Кыргыз жортуп Туңшага, Кыйамы келди бул күндө. Айжаңжүн кызы Бурулча, Кубанып турат Чубакка, Бойуна болуп эки кыз, Кырк беш күнчө убакта, Үч айда анык болуптур, Алмамбет менен Чубакка. Экөөнө тең бала жок, Сүйүнчү болду аларга, Шуутуну кошуп жиберди, Кең Таласка барарга. Тогуз ай өтүп, күн жетип, Төрөөр мезгил келиптир, Басмайыл артуу дегенге, Барып Шууту жетиптир, Кош ат менен чабарман, Каныкейге кетиптир. Калчылдак кирип эки кыз, Кара бойдон тер кетип, Амалы такыр түгөнүп, Карпаңдаган Шуутуну, Катындар жаман тердетип, Каныкей келсе калдым, деп, Каныкей тирүү көрбөсө, Алмамбеттен өлдүм, деп, Чубактан кордук көрдүм, деп, Токтоно албай эр Шууту, Кирип чыгып делдеңдеп, Кайгы тартып турганда, Келин каш таңдын алдында, Үч караан чыкты эрбеңдеп. Бешиктеги Семетей, Белине курчап Каныкей, Арууке менен Көрпөйан, Кошо келе калыптыр. Келээри менен Каныкей, Эбеп менен себептен, Бирмыскал менен Бурулча - Ал экөөнө жегизген. — Кеткен экен саруулап, Энелерден үмүт жок, Күч келиптир ат минген, Ушундай экен дүйнө бок, Балдарын сак алалы, Бул экөөнө айла жок,- Каныкей айтып тап таамай, Толгоону мыктап келтирчү, Дарыдан берди айабай. Ал аңгыча болбоду, Бирмыскалдын бачымдап, Күчөп калды толгоосу, Тоо бөксөрүп күн түшө, Бирмыскалды Каныкей, Аман-эсен төрөттү, Жерге жарык бүт түшө. Бала жерге түшкөндө, Жарк эткенсип дүнүйө, Чөйрөдөгү турганга, Укмуш болду көрүнөө:
Турган элден тер кетти, Өзүнчө туруп тердешти; Чечекей бүрүн ачыптыр, Булбул сайрап таңшыптыр, Булагы кайнап ташыптыр, Молдо торгой, сандыгач, Өзүнчө сайрап атыптыр, Жайылып жүргөн кайберен, Жуушап баары жатыптыр. Бастыраарда Алмамбет, Бойумда бар күмөн, деп, Медет берип Алмаңа, Айтканда Аруу жалган кеп, Алмамбет берген белек бар, Эркек туусаң оозант, деп, Ала келген Арууке, Кереги тийип калаар, деп. Арууке берди Канышка, Өзүнүн буга эби жок, Төрөп түшүп көрбөгөн, Оозантып аны салышка. Колуна алып Каныкей, Оозуна салды баланын, Колуна Каныш алганда, Эмчеги ийип зыркырап, Ээ-жаа бербей эмчектен, Сүт куйулду шыркырап, Оозуна салса баланын, Ээмп жатат буртулдап, Бүткөн бойу мемиреп, Канышыңдын ошондо, Уйкусу келди шылкылдап, Оозу жумшак ченебей, Эмчекке жагып былкылдап, Тамызбай сүттү жаш бала, Жутуп жатат кылкылдап. Ал аңгыча болбоду, Мыскалды ажал торгоду, Күн кыйадан баткансып. Кирпигин ирмеп каш серпип, Арууке менен Канышка, Кош эмесе айткансып, Сунала түштү байкушуң, Бу дүйнөдөн кайткансып... Айта-буйта кылганча, Ачып көздү жумганча, Кырк чоронун онунун, Катындары келиптир, Алмамбеттин уулуна, Атты койуп Гүлүстөн, Эр Мажиктин Салкынга, Сен баккын, деп бериптир. Каныкей айтты Салкынга: — Эки күндүн алдында, Балаң өлүп Айсалкын, Жаш эмчегиң бар эле, Гүлүстөндү сен баккың, Жаман бакпай жакшы бак, Сен көрөөрсүң урматын, - Үч айдан кийин Айсалкын. Өтүп кетти ааламдан, Оопасыз экен шум жалган, Айсалкын өлүп калган соң, Күлдүрдүн зайыбы Акшербет, Алып кетти үйүнө, Алладан тилеп ал медет. Гүлүстү айтат ар кимдер, Күлдүрдүн уулу деп деле, Мажиктин уулу деп деле, Аныгын айтсак калайык. Так ушундай кеп эле. Бирмыскалды Каныкей, Арууке менен Көрпөйан, Ал экөөнө жуудуруп, Кепинге салып буудуруп, Дайар кылып жаткырып, Жакшы карап олтур, деп, Сактап койду ушинтип, Беш катынга бактырып. Күн бешимге барганда, Бурулчанын толгоосу, Күчөп калды шаштырып, Түшпөй өлөт экен, деп, Бурулчаны жаткырып, Баланы алды тарттырып; Эркек бала экен, деп, Мурда көргөн айалдар, Көрпөйанга айттырып, Сүйүнчүңдү берем, деп, Сумсайа түшүп Көрпөйан, Калп эле күлдү каткырып. Ай кыйадан баткандай, Ааламды туман баскандай, Бурулча кетти кыр этип, Каныкейдин сол эмчек, Ийүүчүдөй зыр этип, Эмчек берип баланы, Эптей алса Каныкей, Эмчегинин үрпүнөн, Агып турду диркиреп, Чийдей кызыл кан кетип. Муну көрүп Каныкей: “Өлтүрүп койсом оңбос, — деп, Угуп калса эр Чубак, Ыраазы мага болбос, — деп, Атасы Чубак болгон соң, Семетейге жолдош, — деп, Эмикиси бу болду, Кийинкисин Алладан Башка киши билбес” — деп, Канкелди деген ат койду, Кийинче бул ат жоголуп, Канчоро атка конгону. Камбардын зайбын бак, деди, Кантай болду энеси, Жомокчу Азгаш айткан кеп, Камбардын уулу дегени. Астынан киши чаптырып, Бирмыскал менен Бурулча - Экөөнүн жайын каздырып, Жата турган жайың, деп, Жерлигине тапшырып, Бардык иштин байанын, Эр Шуутудан айттырып, Кайран каныш Каныкей, Момундай деп кат жазып, Шуутуга берди тапшырып: “Ары барып Чүйдө өлбөй, Же Таласка жетип үйдө өлбөй, Эки келин тең өлдү, Ач кайкалаң белде өлдү, Ара күрмө жерде өлдү. Экөө тең эркек төрөдү, Алмамбеттин баласын Эмизип көрсөм сүт чыкты; Чубакем уулун эмизсем, Буруусу жок кан чыкты. Эмчектен болгон белгиден, Алмамбеттин уулуна, Гүлүстөн деп ат койдум; Чубакемдин уулуна, Канкелди деп ат койдум, Аталары келсин деп, Бешик той бербей жөн койдум. Алмамбеттин баласын, Айсалкынга бактырдым, Аруукени жанына, Ыйлатпа деп жаткырдым; Чубакемдин баласын, Кантайга берип бактырдым, Көрпөйанды жанына, Бирге бол деп жаткырдым, Жашырбай айттым силерге, Баардык иштин болгонун, Бозала туйгун болпоңум, Боз карчыга солтонум, Артыңда калган жалгызды, Бир көрсөм деп ойлогун. Айкөлүм, сага бир кеңеш - Таластан Бейжин жакшы эмес, Элге кызык болбогун. Кыргыздан Кангай жакшы эмес. Ойлонгунуң, арстаным, Коңурбайдын торлорун. Байланып бакыт жолдоруң, Байкоосуз майып болбогун. Кайтып кел, султан, эске алсаң, Ашпасын алты ай болжолуң, Алмамбет, Чубак - эки шер, Атыңар калсын айтылып, Шуутуну куру койбогун». Арстан эрге кат жазып, Семетейден деп жазып, Кайран катын Каныкей, Шуутуну койду атказып. Мунун мындай таштайлы, Көй кашканын көбү өлгөн, баатырлардын өлүмү, Мына ошондон баштайлы.