← Манас 4/4

Кароолчу жолду карашып, Он конуп кирди Бейжинге, Ошентип Ажың жол басып. Кырк жаңжүн кабар алыптыр, Дүпдүрөң түшүп Бейжинге, Түйшүк болуп калыптыр. Колго түшкөн балдардын, Тирүү келет бирөө деп, Ойуна булар албады, Айтылгандын баары чын, Биринде жок жалганы. Барсак бербейт кыргыз, деп, Бул үмүт алыс жылдыз, деп, Катарлап башын кести, деп, Кайран балдар кетти, деп, Олойто чукуп көз алды, Боорун жарып өт алды, Ушинтип боздоп бул жерде, Биз тартканча күйүт, деп, Өч алалы кыргыздан, Кырылышып жүрүп, деп, Кырк жаңжүн жүргөн кез эле, Кыжырлана күдүңдөп. Коңурбай менен Нескара: Жарады ишке бурут, деп, Кырк жаңжүндүн баласын, Бирин койбой курут, деп, Чечекей чексин суу аксын, Куу бөрүдөй улут, деп, Кытайдан азбы айалы, Жана да жаңжүн тууйт, деп, Алар жүргөн ичинде, Ушул иштен күлүңдөп. Кабарчы келди аңгыча: — Кырк шойанын алдыңа, Алып келди бир кыргыз, Мингизип түгөл атына. Кырк жаңжүн калбай чубурду, Кана, балдар, кана, деп, Жаңжүндөр жөнөй бергенде, Коңурбай айткан бул бир кеп: — Мурадил, Уушаң, Нескара, Менин кебим уккун — деп, Айланы тапты шум бурут, Кең дүйнөнү тар кылып, Замананы куурултуп. Кырк жаңжүндүн кирпигин, Кыйа карап көрөлү, Кылганына көнөлү; Кылган ишин эп көрбөй, Кырчылдашып жүрбөйлү, Ортодо калып экөөнүн, Көргүлүктү көрбөйлү. Төртөө кылып кеңеш-кеп, Болот, болот, болот деп, Муңайышып турушту; Балдарды кыргыз бербесе, Кубангансып турушчу. Балдарды көрүп кырк жаңжүн, Адыл кыргыз эли, деп, Сурагы калыс турбайбы. Эл башкарган эри, деп, Бейжиндин бети жаңырып, Бүт калбай эли жабылып, Ажыбай менен котчусун, Аттан жулуп алышып, Алдына асыл салышып, Таманын жерге тийгизбей, Так көтөрүп алышып, Хан ордого киргизип, Мейман кылып алышып. Улап айтып үзүр кеп, Улам-улам наалышып, Кетирбей баатыр Ажыңды, Жаңжүндүн баары чогулуп, Эсенханга барышып, Кошо барды кырк шойа, Алар да калбай жарышып. Жаңжүндөр кебин салганча, Коңурбай айтты аңгыча: — Балдарың келип, кырк жаңжүн, Санаа тынды баарыңдын, Эртеңден баштап урушка. Аскериң менен камынгын! Коңурбай кебин укпады, Жаңжүндөр айтып турганы: — Эсенхан, көсөм атабыз, Дооруңда дуулап жатабыз, Өзүңдөн буйрук болгондо, Өлүмдөн кантип качабыз? Мына бу турган кырк бала, Ханым, сиздин дагы балаңыз, Туткунга түштү дегенде, Түгөнгөн биздин чарабыз. Кыргыздын эли ак пейил, Кол тийгизбей сапа-сак, Жибериптир мынаке, Кыркыбыздын баласын, Өтүнчүбүз Эсенхан, Кыргыз менен жарашың,. Жаңжүндөр айтты чуулашып, Каарданган Коңурдун, Каны качып кумсарды: — Балдарым болсун кубат, — дейт, Дайарланып баардыгың, Аскериңди чубат! — дейт. Кырк жаңжүн ага болбоду, Тескери мойнун толгоду, Кырка баары тең туруп: — Урушсаң, Коңур, сен уруш, Кыла албайбыз биз уруш, Зордук кылсаң ушундай, Кылчайбай бизге кырк бала, Кыргызга кетет кошулуп, Жамандашып жүрбөйбүз, Кан агызып жошулуп. Жаңжүндөр сүйлөйт жабырап, Кырк шойа турду жалдырап, Амалы кеткен Коңурбай, Буларды айтты балдырап: — Келгенде кыргыз көп элге, Бүгүн калды жалгыз топ... Коңурдун кебин жаңжүндөр, Бучкагына алган жок, Алмак түгүл алардын, Кулагына кирген жок, Ошондуктан айтышты, Алар сүйлөп жайма топ: — Сага бирөө Коңурбай, Кеңеш-кебин салган жок! Эсенхандын көзүнө, Жаңжүндүн баары бөлүнүп, Кетүүчүдөй көрүнүп: — Падыша арбак Бакбурчун, Турасың баарың көп журтуң, Эсенхан айткан сөздү уккун. Кыргызга элчи салалы, Сулуу кыз баштап алтын-зар, Арбын дүнүйө алабы? Же тактыны түгөл алам, деп, Көшөрүп карап турабы? Ичиңден ала болгончо, Айабай берип барынча, Баарыбыз бирге туралы. Эсен хан кеби акыл, деп, Эп келсе такыр, деп, Жаңжүндөр чыгып күлүңдөп, Ажыбайды узатты, Кыргызга жакын бир күндүк, Ажыбайды жеткирип, Кырк бала кайра чубашты, Муну мындай таштайлы, Эсен хан, Бакай элдешип, Бирин бири кел дешип, Бейжинге барган кыргыздын, Падышалык тактага, Мингенинен баштайлы.