Аттанып Чубак жөнөдү, Кошунду карай бет алып, Ал аңгыча жер бетин, Жарып кетти күн чалып. Алмамбет көрүп караанын, А кудайлап үн салып, Алмамбет үнүн укканда, Чубак ыйлайт муңканып. Бирин бири көргөндө, Эбегейсиз сүйүнүп, Кулачын жайып тартаңдап, Аттардан түшүп жүгүрүп, Жан айабай далдактап, Жаш балдардай түйүлүп, Далыдан кармап алышып, Мойундаша калышып, Мөлтүрөп көздөн жаш кетип, Сакалдан ылдый бурчактап. Сагынышкан арстандар, Кайта-кайта кучактап, Бет тийгизе ыкташып, Алкымынан жытташып, Көзүнөн аккан жаштары, Жакаларын чыкташып, Адам эмес, айбан да, - Көктеке менен Сарала, Кыңшылашып кишинешип, Бирин-бири шор жыттап, Мойундарын кашылап, Адамдан бетер аттардын Жаштары акты тамчылап. Аңгычакты болбоду, Айкөл Манас баатырдын, Үнү чыкты каңгырап, Аккуласы кишенейт, Тоо жаңырта заңгырап. Көктеке менен Сарала, Аккула жакка бурулуп, Чогулуштук дегенсип, Тегерек тартты бир туруп. Арстан Манас ошондо, Жаш чырпыктай солкулдап, Жашып ыйлап болкулдап, Эр Чубакты кучактап, Мөндүрдөй жашы бурчактап, Алмамбеттен айрыптыр, Бооруна баса калыптыр, Так ошондой кезекте, Бакай, Кошой барыптыр. Бакай ыйлап бакырып, Кошой калды кабызет: — Чубак,- деп атын чакырып, Далайдан бери талаада, Азып жүрүп ар кайда, Араң келген Чубакты, Бооруңа басып алганда, Кабылан шердей баатырлык, Кайратың, Манас, ал кана?! Ошентип Кошой айтканда, Ийнинен кармап тартканда, Манастан Чубак ажырап, Олуйа Кошой, Бакайга, Салам айтты бажырап. Чыккан жердин чөбүндөй, Келген жандар жыбырап, Алаш уулу бүт келген, Кара курттай кыбырап; Бардыгы кайдан жете алсын, Бирин бири кармашып, Күнчүлүк жерде эл турду, Эки жакта жардашып. Эрен Чубак келди, деп, Эр Манас баштап күңгүрөп, Обоодо жалгыз тийген күн, Сүйүнгөнсүп күлүңдөп, Бүрдөп жаткан жыгачтар, Үн салгансып дүрүлдөп, Чечекей жайнап гүл чыгып, Жер сүрдөнүп түр чыгып; Асманда учкан канаттуу, Өтүп кетпей токтолуп, Талаадагы кайыптар, Чогулушат топ болуп. Каз-өрдөктөр каркылдап, Канатын көккө каккылап, Арбактанып аккуулар, Томполоңдоп тоодактар, Молдо торгой, сандыгач, Муңдуу сайрайт быжырап, Жердин бети гүлдөнүп, Сүйүнгөнсүп жыбырайт. Сүйүнгөндөн чыдабай, Арстан Манас шер ыйлап, Алмамбет, Сыргак эр ыйлап, Олуйа Кошой, зор Бакай, Ошол экөө тең ыйлап, Алп Төштүк менен Музбурчак, Он төрт хандын баары ыйлап, Хандарды көрүп кара ыйлап, Арстандардын аты ыйлап, Өчпөскө бүткүл күн ыйлап, Сепсерлеп жашы тамчылап, Ай караңгы түн ыйлап, Обоодогу жылдыздар, Күдүң тартып бул ыйлап, Сүйкүм шамал-жел жетип, Көлдөр бетин тердетип, Көргүн мени кел, дешип, Эрип кетти кара жер, Чайкалгансып терметип. Ушундайча көптөн соң, Кетели эми жүр, дешип, Баары турду дүрбөшүп. Айкөл Манас ошондо, Арстан Чубак баатырга: — Аккуламды мингин, — дейт, Ага Чубак болбостон: — Арбагы бийик арстаным, Көктеке мага бап келет, Айкөлдүгүң билдим — дейт. Айкөл Манас эр Чубак, Алмамбет менен шер Сыргак, Олуйа Кошой зор Бакай, Музбурчак менен Сынчыбек, Алп Төштүк менен Керкөкүл, Алп Агыш менен хан Үрбү, Текечи, Шыгай, Жамгырчы - Катардагы он төрт хан, Падыша Манас баштаган, Бастырып булар кетишти.
Арстан Чубак талаадан, Алып келген кырк бала, Сен билесиң сырын, — деп, Эмне кылсаң кылгын, деп, Алмамбетке бериптир, Алмамбет эми нетиптир? Бир балага он киши, Кызматкер кылып буйруптур, Бүткөн бойун жуудуруп, Белине асыл буудуруп, Эркиңче бакты балдарды, Ай, деп айтпай кутуртуп. Бир күнү баатыр Алмамбет, Айкөл Манас шер баштап, Он төрт ханды чогултуп, Минтип айтты кеп баштап: — Оорагың бар, арстаным, Оңой эмес иш кылып, Келген экен Чубагым. Туткунда жаткан бу жерде, Кырк бала жайын сурадым, Кыркжаңжүндүн уулу экен, Кытайлардын мууну экен. Октоп жүрүп Жүйрүндөн, Аталардан кеп угуп, Келбегиле, деп угуп, Жүйрүн буйрук бергенде, Чаңбейсен барган удургуп. Булар келип тоолордо, Жүргөн жерде Чубакем, Байлап келген дүрбөтүп, Бар жайын уктум булардын, Өздөрүнө сүйлөтүп. Ажну, манжу, чоң туңша, Баашалуу журт Бакбурчун, Кайнап жаткан Каканчын, Жыргап турган Чынмачын - Алтымыш капка жер эле, Ар уруу кытай эл эле, Жыйырмасын Эсенхан, Алоокенин Коңурга, Бөлүп берген кеп эле. Жерим кетип ачынып, Элим кетип чачылып, Көзүмө суук көрүнүп, Коңурбай менен Эсенхан, Мен кетемин Бейжинден, Ошолорго кысыгып. Аруулап жакшы кийгизип, Ат которуп мингизип, Алып барып балдарды, Жаңжүндөргө тийгизип, Бул жумушту кылганда, Кытайды эки бөлөбүз, Келбей койсо кырк жаңжүн, Коңурбай калча, Нескара, Мурадил, Уушаң булардын, Кыйындыгын көрөбүз. Как ушундай кылганда, Эсен хан башы маң болот, Коңурбай калча, Нескара, Мурадил менен Уушаңга, Кең дүнүйө тар болот,. Алмамбет муну айтканда, Олуйа Бакай мындай дейт: — Карылардын кеби бар, Ушул кептин эби бар: “Жоону билет майтарган, Койду билет кайтарган” Жолду дагы билет деп, Жерди дагы билет деп, Элди дагы билет деп, Хандыгым сага бергемин, Эрди дагы билет деп. Калгандар берип билгисин, Хандык кылып, Алмамбет, Калкка пайдаң тийгиздиң, Чубак экөөң биригип, Макилди көргө киргиздиң, Алмамбет, Сыргак - сен экөөң, Калчанын сүрүп жылкысын, Жанадилге айдатып, Алаш элге жеткирдиң. Коңурбай алса санды алды, Сен алдың тогуз сандарын, Аттанып чыкса акжолтой, Айланайын Чубагым, Кармап келе калыптыр, Бүт жаңжүндүн балдарын, Эп келсе Манас баштаган, Кырка олтурган дөөлөргө, Үчөөң билгин, балдарым. Чай кайнамча унчукпай, Туруп кетти баардык жан, Таңдайынан чаң чыгып, Айтты Сыргак кабылан: — Ушу турган чоң Бейжин, Биз келбеген жер экен, Биз билбеген эл экен, Айрыкча кытай ичинде, Эки бөлөк экенин, Биз билбеген ой экен. Кандай кылса балдарды, Алмамбет, Чубак кеңешип, Жөнгө салса оң экен. Кайран Чубак шаңк этип, Көзү сүйлөп жарк этип: — Коңурбай калча, Нескара, Кууп жүрүп артынан, Адашып элден мен кетип, Кырк баланы талаадан, Кармап келдим туш келип, Мындайлыгын ким билет, Төрө Алмамбет болбосо, Алыс карап төрөлөр, Аркы түбүн болжосо, Кырк баланын айлынан, Кытай эки бөлүнсө, Келер жагы жакшылык, Алакеме көрүнсө, Менин башка ойум жок, Өзү билип башкарса, Эр Алмамбет көөнүнчө, Жаш экен десек койобуз, Болбосо баарын сойобуз,- Чубак, Сыргак турушту, Алмамбетке кеп берип, Бул экөөнүн айтканы, Баарысына эп келип, Карап турат жардашып, Эми Алмамбет сүйлөөр кез келип. Баарысы мындай деген соң, Сөз кыйамы келген соң, Сөөлөттүү баатыр Алмамбет Баштады кебин мындай деп: — Падыша Манас баштаган, Кашымдагы он төрт хан, Баарыңарга эп болсо, Мен билүүчү кеп болсо, Ажыбай баатыр, камынгын, Алып барып берип кел, Кырк жаңжүндүн балдарын, Жети киши котчу алгын, Эртең менен аттангын, Саа катылбайт эч киши, Көрсөң балдар жардамын. Жалгыз сени кырк жаңжүн, Койо бербейт, Ажыбай, Ушул кепти билип ал: Кон десе бир күн конуп кал, Эки күнү конбой жан, Эки күнү конгондо, Эбиңди табат Коңурбай; Кыргыз менен кытайды, Алмамбет менен Манасты, Андан калса Алашты, Ого бетер жоо кылбай, Кырк жаңжүндүн айтканын, Төкпөй-чачпай бир оозун, Айтып келгин Ажыбай, - Ажыбай кетти аттанып, Алты киши котчу алып, Кырк баланы кошо алып, Кыргыл баштап кырк арстан, Буларды койду узатып. Алдында бирөөн чаптырат, Кырктын бирөө кат жазып, Кеч киргенде конолго, Элдер турат жардашып.