Эки жактын согушка камданышы
Ажаттын бойу өтө кең, Боору тулаң тоосу күр, Адыры шыбак, ойу чөп, Агып жаткан суусу көп. Аламан болгон көп кошун, Аттан түштү жайылып, Аш кайнатып жабылып, Курсагына камынып, Арстан турат чамынып, Ак күбө тонун жамынып. Ал аңгыча Алмамбет, Калды аскер канча, деп, Он башы, элүү башыны, Бери кел деп чакырды, Келбей калган эмесин, Киши жумшап таптырды. Аскер башы чоңдорго - Элүү башы он башы, Эл ичинен болгонго, Алмамбет анык кеп айтты, Алар келип болгондо: — Бейжинди беттеп басканда, Бектикти мага такканда, Көкчөлдөгү байагы, Алып колго кагазды, Айдап жүргөн астыңда, Аскерди эми саначы, - Он башылар ороктоп, Элүү башы сороктоп, Аттап-буттап түйүлүп, Жүз башыга жүгүрүп, Жүз башылар биригип, Миң башыга бүгүлүп, Тактап санын беришти, Миң башылар жон сандап, Эсебин алып келишти. Көкчөлгө келип түшкөндө, Элүү төрт илек кол экен, Эми бүгүн санаса, Жыйырма төрт илек жок экен. Муну Алмаң тыңдады, Буйрукту мыктап кылганы: — Жабыла атка мингиле, Жалпы баарың жүргүлө, Өлүктү кузгун жебесин, Тапсаңар сыйлап көмгүлө, Жараланып баса албай, Жайында жаткан бар бекен, Жанына барып көргүлө!- Хан Алмаң буйрук бериптир, Калбай баары келиптир, Кандуу майдан кыргындан, Как буларды көрүптүр: Башаламан жыгылган, Чапкан чөптөй жыйылган. Буту карап асманга, Кемерген башы тыгылган; Бирин-бири кучактап, Чогулушуп бутактап, Тиши ачылып ырсайып, Толгонуп мойну кыйшайып; Башы жок мойну койкойуп, Далысы чыгып сокойуп; Көчүгү чыгып даңкайып, Карады көөп дампайып, Алдынан койон өткөндөй, Ийилип бели кайкайып, Жердин бети жык толуп, Жаткан өлүк тартайып. Өңүнө кирген дагы бар, Сулуулашып суйкайып, Саргарганы дагы бар, Соолгон чөптөй кумсарып, Көп болгон уруш алдында, Болгон эмес мынчалык! Желип жүргөн атты көр, Чылбырын сүйрөп бош калып. Ат эсебин ким билет, Калмактар кеткен олжо алып? Ойноп жүргөн атты көр, Ээри ооп кыйшайып. Нечен ат жүрөт жер тиктеп, Тизгинге колу чалынып, Башы жерге тартылып; Жашылдантып көздөрүн, Жаткан аттар дагы бар, Өлүктөргө артылып. Балта менен чокморго, Нечен баштар жанчылып, Чөп башында, жерлерде, Мээлер жатат чачылып, Көп өлүктү карасаң, Көзү калган ачылып. Таанылганын жыйнашып, Таасыбаттап сыйлашып, Бузулушуп көңүлү, Булатып жашын ыйлашып, Ак топурак дөңсөөдөн, Ар кимиси көр казып, Арбагы ыраазы болсун, деп, Ак чүпүрөк белги асып, Кыргыздар кетти түшкүнгө, Кылгырта жашын чубашып. Калган элде кадик жок, Олтурганда көөнү ток, Эки күнү өргүтүп, Хандын баарын чогултту, Кайран Алмаң көлбүтүп. Олуйа Кошой, Музбурчак, Текечи, Шыгай, Жамгырчы, Үрбү, Агыш, Сынчыбек, Эбегейсиз алп Төштүк, Бала баатыр Керкөкүл, Абаң Бакай айкөл шер, Сыргак, Чубак-эгиздер, Баары келди дүрбөшүп, Бирин-бири жүр дешип, Анда Кошой кеп баштайт, Кеп баштаса деп баштайт: — Кана балам, Алмамбет, Бизге барбы кеп-кеңеш? Көп бүтөр иш болсо, Ийри олтуруп, түз сүйлөш - Деп ошентип айтканда, Сөз баштады Алма анда: — Улуу-кичүү, карыбыз, Олтургандар баарыбыз, Упурак болуп жол тартып, Алыскы жерден кол тартып, Кытайдын келдик элине, Какандын келдик жерине. Кан кечишип, жин чачып, Уруш кылдык бул жерде, Алды качып келген кол, Кайта кетти Бейжинге. Бизден качып кетти, деп, Болбос ишке сүйүнбө, Дагы келсе кантем, деп, Же аманат жандан түңүлбө. Какандын ханы баш болуп, Калгандары чогулуп, Камданып болду бу күндө, Чөптөй калың кол жыйнап, Чогулуп келет беш күндө. Жекелешип урушат, Желке чачын жулушат, Башаламан тек чыкпас, Кайраты көптөн кем чыкпас, Эсенхан келет эл баштап, Оронгу келет кол баштап. Оронгу чыгат алдында, Кошой аба, кандайсың, Оронгуга барууга? Алдырсаң да, алсаң да, Борончу чыгат артында. Өңкөй Бейжин чоңдордун, Койбой баарын көргөмүн, Ажал жетип күн бүтүп, Алиге дейре өлбөдүм. Чыгып калса Борончу, Мен беттешип көрөйүн, Өлтүрөмбү өлөмбү, Өзүңөрдү көрөмбү, Бул жагы мага күмөндүү. Жолой чыкса кокустан. Чыгарсын, Төштүк, окустан, Нескара кылса кайратты, Көрсөткүн Чубак, айбатты; Мурадил, Уушаң,, Сайкалдын, Кимиси чыкса жекелеп, Баргын, — деди Сыргакты. Ээн жерде эл жайнайт, Эсенхан өзү туу кармайт, Падышалык алтын туу, Абамдан башка ким кармайт? Кебез өтүк Кендирбай, Келбеттүү калча Коңурбай, Жекеге чыкса тура албай, Айкөлүм чыгат дегеле, Упурабас дубалдай. Казакта, Үрбү, хан элең, Кыраакы эпчил жан элең, Колдор сынат кокуйлап, Буттар сынат чолоңдоп, Көздөр чыгат олоңдоп, Бул өңдөнгөн кырсыктар, Бу согушта көп болот, Ташталып калып мындайлар, Талаада калса жок болот, Ал өңдөнүп калганга, Ээ болсоңуз не болот? Айры сакал Сынчыбек, Өмүрүңдүн көбүндө, Пул санадың эсептеп, Аш-тамакты дайардап, Жеткирип турсаң канетет? Кечээки болгон урушта, Эл кырылып аздады, Аш-тамакты башкаргын, Эрте келет, кеч келет, Азыксыз адам калбасын, Буудай хандын Музбурчак, Касиеттүү эр элең, Көптү көргөн көп билген, Илекердин бири элең, Чындап ажал жетпесе, Өлтүрбөймүн дээр элең, Бей ажал өлүп кетчүгө, Ээлик кылып сен берсең, Кары Шыгай агабыз, Бош калган атка караңыз. Бала баатыр Керкөкүл, Байкап уккун эр Көкүл, Черүүнүн арка жагына, Азыр болгун сен өзүң, Кайратыбыз жоготуп, Качып аскер жүрбөсүн. Жамгырчы, Агыш – агабыз, Черүүнүн эки четине, Ээлик кылып караңыз. Текечи, кары чал элең, Малга шыктуу жан элең, Шыгай берген чогултуп, Атка карап аа кошуп, Отунга көңүл жиберсең. Абам Бакай карыбыз, Эп көрсө турган баарыбыз, Бул канткениң, койчу, деп, Бузбаса Манас залыбыз, Айчыгы алтын туу кармап, Уруш акыр болгуча, Баашалык такты алыңыз,- Моминтип элге угузду, Ойон Алма ханыңыз. Унчуккан бенде жок болду, Алмамбеттин айтканы, Баарына жакты окшонду, Муну көрүп Алмамбет, Айтуучу кепке токтолду: — Баатырың бар, эриң бар, Калк башкарган ханың бар, Карапайым элиң бар, Мына бу менин кишим деп, Бул жагына карабай, Ар адамга ылайык, Кыларыңды бөлүп ал. Найза сайар мыктууну, Найзага өтө шыктууну, Чогултуп муну бир бөлгүн; Балта чапкан балбанды. Балталап балбан алганды, Баарын жыйнап бир бөлгүн; Кылычты кындан тартканды. Кылайып жазбай чапканды, Кыпыйтып аны бир бөлгүн; Кетелек менен сом темир, Чабыша келсе баары бир, Чачпай баарын бир бөлгүн; Чойулбай чокмор чапканды, Чогултуп аны бир бөлгүн, Очогорун октогон, Милтесин кызыл чоктогон, Мылтыктууну бир бөлгүн; Колумсаны асынып, Жаа тартканды бир бөлгүн; Бөлүнгөн бойдон бөлүнгүн, Бөлөк-бөлөк көрүнгүн, - Деп ошентип Алмамбет, Баарына айтты айкын кеп. Айкөл Манас шер баштап, Олуйа Кошой зор баштап, Акылга дыкан жаралган, Абаң Бакай хан баштап, Баардыгы жумуш аткарып. Болуп жатат карбалас, Кыргызды таштап салыңыз, Эми кытайдан кабар алыңыз.
Алгара аттап сепилден, Шаар ичине киргенде, Эл жайнаган базардын, Ортосуна түштү эле, Коңурбай түшкөн базарды, Уаң базары дечү эле. Кый сүбөөдөн сайдырган, Кызыл канын жайдырган, Коңурдун алын көргөндө, Хандын баары калдаңдап, Калбай чуркап далдаңдап, Алтын калаа-чет Бейжин. Катуу түштү карбалас, Көчө бойлоп чабышты. Көпчүлүктүн ичинен, Илегерин табышты, Элүү эмчи чогулуп, Жарага дары чабышты, Аш кайнамдын ичинде, Алп Коңурбай төрөнүн, Айкырыгын басышты, Күн санын үчкө жеткирбей, Айыктырып алышты. Кишинин өтүн куйушуп, Кайнатма кара тыгышып, Кырма кызыл чабышып, Азизди жанчып таңышып, Санаасын басты какандык. Сакайтып Коңур алышып. Үч күнгөчө эл келди, Улуктары тең келди, Каканчынын калкында, Каргадан экен кабарчы, Канаттуудан чабарчы, Токонек деген кушу бар, Кат жазып асса мойнуна, Алпарып берет ушулар. Эсен ханга кат жазды, Калтырбай ишти бүт жазды, Акырында күч жазды: “Элиңди бөлөп эр келди, Эсирген кыргыз эл келди, Манас аттуу шер келди, Арбайта сунуп чеңкелди, Соорандыктын Алмамбет, Бүтпөй турган чыр келди, Чыры мунун күч келди, Алтымыш уруу көп алаш, Дөө Кошой баштап бүт келди. Алышып көрдүк далай күн, Уктабай биздер канча түн, Жер жайнаган көп черүү, Кырылып жүрүп теңделди, Айжаңжүн менен Солоке, Өлтүрүп кетти эрлерди, Карапайым эл өлдү, Катардагы эр өлдү, Аз өлбөдү, көп өлдү, Согушуп жүрүп Соорандык. Соо калбай анын дагы өлдү, Сен Эсенхан болголу, Бул өңдүүнү ким көрдү?! Өзүм келбей Эсен хан, Хан болгонуң баарың кел, Чынмачын, какан калкың кел, Бакбурчун, Туңша - жалпың кел, Алышканды алчууң кел, Ааламга даңкың калчууң кел! Өкүмүң өткөн жерлерге, Өжөр өскөн эрлерге, Өзүң билип кат бергин, Жаныбыз калды аз гана, Жай жатпастан бат бергин!” Хан Эсенге ушинтип, Карбалас кат жазгандар, Калдайта мөөрүн баскандар: Кечилдин ханы Коңурбай. Манжулардын Нескара, Анжулардын Мурадил, Калмактардын Уушаңы, Кедендин уулу чоң Жолой, Айжаңжүн өлүп жок үчүн, Чытайлардын дотайы, Кангайлыктан калдайлар - Катты жазган ушулар. Токонек деген куш барып, Эсен хан андан кат алып, Ханы калбай бүт алып, Эсен хандын алдына, Асыл килем жасалып, Алты күндүк кантундан, Хандын ханы Эсенди, Колго-колдоп көтөрүп, Ана-мына кылгыча, Жеткирип аны койушту, Чет Бейжинге алпарып, Мына ушундай дегенге, Же ишенет, ишенбейт, Көрбөгөндөр таң калып. Хандын ханы Эсен хан, Андан кийин Оронгу, Кошо келди Күнжаңжүн, Эсен ханы баштаган, Хандын саны отуз бар, Күнжаңжүнү баштаган, Жаңжүндүн саны кыркча бар. Жыйырма ашуун калдайы, Алпы болуп доо болуп, Ат көтөргүс жөө болуп, Нечени бар андайы, Дуудуу менен доотайы, Эсептеп адам билгисиз, Кара Черүү калганы, Эсен ханды көргөндө, Кечилдин ханы Коңурбай, Мурдагыдай жүгүнбөй, Таазим кылып бүгүлбөй, Өрт көрүнүп көзүнөн, Өктөсү чыгып сөзүнөн, Каадалап ханын жатпады, Каарлуу сөзүн баштады: — Капкайдан келип алаштар, Түрк улуу элге кол салды, Түрк улуу мында келишке, Кытайдан барып жол салды. Качып кеткен качкын кул - Сорандыктын баласы, Түбүнөн козгоп түрүктү, Түрткүлөп келди карачы - Эсен ханга Коңурбай, Жандатып айтып тийгизип. Кангайын айап калмакчы, Чыгыш менен түштүктү, Түртүп мурда салмакчы, Коңурдун мындай айтканы Ишенгени Оронгу, Эсен хандын оң колу, Коңурбайга суратып, Жерди бөлгөн мына ушу, Алмамбетти таарынтып, Элди бөлгөн дагы ушу, Ошол үчүн Коңурдун, Кеп тийгизген жайы ушул, Алоокенин чоң калча, Алачыктай бир барча, Алгарасын токунуп, Жүзүн жуубай аш ичпей, Бутканага чокунуп, Очогорун асынып, Жоо жарагын жам кылып. Жүргөн экен бу чакка, Жоого ылайык кам кылып. Айтып болуп ал сөзүн, Жүрмөк болду бастырып. Манжулардын Нескара, Акылында кеми жок, Өтө жетик бир балаа: — Ай, ай Коңур баатыр — деп, Айалдай турчу акыр-деп, Жалгыз башың суурулуп, Жүрөмүн дешиң кайсы кеп? Мурда барып жыгылып, Топого башың тыгылып, Кийин барып желигип, Жеп ийчүдөй ээлигип, Как сооруңа найза жеп, Качып келдиң демигип. Булардын баарын биздерди, Ойлосоң керек билбейт, деп, Байкастабай сен артың, Байатан какан журтуна, Сен өткөрдүң далай кеп. Башыңды жалгыз зор дешиң, Башкаларды кор дешиң, Жарабаган бу бир кеп! Башынан сыймык кетпеген, Баашалуу журт бакбурчун, Баш болуп келди Күнжаңжүн; Кайнап жаткан чынмачын, Кетириптир Эсенхан, Калтырбастан бүт баарын. Мен ойумда кеп айтам, Уккунуң баарын деп айтам. Найза, кылыч, балта бар, Сом темир менен кетелек, Андай жарак канча бар, Бөрү тил учтуу канжар бар, Учу кайкы шамшар бар, Чойулуп чабар чоктор бар, Очогор келте, Койчагыр, Нечен түркүн мылтык бар, Баарыдан мыкты жасаткан, Ышкырып учкан жебе бар, Түрүлгөн деңиз кептенип, Түркүмдөп чыгаар эрлер бар, Түртүшүп чыгаар шерлер бар, Ушул турган чынмачын, Эмнеден кемиң бар? Ар жаракка көнүгүн, Абыдан тандап бөлүп ал, Канча түркүм боло алсаң, Душманга тийер көркүң ал. Эл башкарып журт бийлеп, Ээлик кылып келгенсиң. Элиңди баштап бурутка, Эр Эсен хан өзүң бар. Кыйын болуп бул уруш, Башаламан урушуп, Байкоосуз элди кырдырдык, Таанга кушту салгандай, Байрак кармап туу жайып. Жекелешип эр сайып. Уруш кылсак ал кандай? Баатырлары жеңилсе, Баашасы жесир калбайбы, Баш кишиси жеңилсе, Башкасы тетир качпайбы. Жекелешип урушуп, Бурутту жеңип алалы, Баатыр алып бир бирден, Башына балаа салалы. Улуктун бири сен элең, Оронгу менмин дээр элең, Кечээ Көкөтөйдүн ашында, Көп чатактын башында, Кошой дөөгө чыккансың, Бирок андан жеңилип, Ичиңде жүрөт ай кабың, Кептин айтсам кыскасын. Сен чыксаң чыгат Кошойу, Бул ирет жеңгин ошону, Жеңсең аны алганың, Жеңилсең тирүү калбастан. Ичиңде кетет арманың, Борончу туруп ала албайт, Эл ичинде мааналап, Сенден кийин ал барат, Борончу чыкса Каңгайдан, Алмамбет чыгар буруттан, Эрдик кылып Борончу, Алмамбет кулду кулатсаң, Өч алабыз ошондо, Өзү келген Манастан, Андан кийин Жолой бар, Көрүнсө Жолой жекеде, Бөлүнүп Төштүк чекеге. Жолойдон кийин мен барам, Ак жолтой алсаң сен кадам, Чоң Көкө теңир колдосо, Чубакты сайып мен алам, Мурадил, Уушаң, Сайкалдын, Кимиси болсо барганы, Качырып тийет тура албай, Хан Жакыптын Сыргагы. Эртеңки болор урушта, Эбегейсиз жумушта, Алмамбет, Чубак, Сыргактын, Телегейин тең көрдүм, Баарысын жыйнап келгенде, Сыргакты мыкты эр көрдүм. Көрсөтүп журтка өнөрүң, Артта, Коңур, жөнөгүн, Сен чыксаң Манас кабылат, Эңсегениң табылат, - Жаагын жанып Нескара, Ушуларды бирме-бир, Айтып турду жабырап. Эсен хан менен Оронгу, Макул көрүп ошону, Нескаранын айтканын, Баарысы кабыл алыптыр, Барпылдаган Коңур да, Басылбыраак калыптыр. Муну мындай таштайлы. Оронгуну Кошой дөө, Өлтүргөндөн баштайлы.