← Манас

Ороңгу менен Борончунун өлүмү, катардагы баатырлардын алгачкы беттешүүсү

Нескара акыл айткан соң, Баарына бирдей жаккан соң, Эсенханды кангайлык, Баштагандан көрктөнтүп, Жөө башына көтөрүп, Ажаттын бойу керүү, деп, Буруттун жаткан жери, деп, Чыккан жердин чөбүндөй, Жайнап чыкты какандык, Алты жайсан, он жаңжүн, Айдап чыкты какандык. Чоң мерген деген бар эле, Алмамбет менен бирге окуп Келгендин бири ал эле, Күркүрөгөн Күнжаңжүн, Аны кошо алды эле. Кедендердин Жолойу, Кенен айдап көп колду, Манжулардын Нескара, Анжулардын Мурадил, Калмактардын Уушаңы, Канча түрмөк кол айдап. Жүрдү булар тамамы. Кечилдин ханы Коңурбай, Сомтемирин артынып, Чарайнасын тартынып, Башына таккан жыңзы таш, Күн чагылтып жаркытып, Алгарасын аргытып, Артынан чаңын баргытып, Кудай бетин салбасын. Көпчүлүк жүрүп бергенде, Топурак учуп тоз болуп, Тозоң барып боз болуп, Асман ачык, жер бүркөк, Күрөң тартып күүгүмдөп, Айра көзгө таанылбай, Келген жандар күдүңдөп, Жер жарылып дүңүлдөп, Күн көрүнбөй бүрүлдөп, Көргөндүн бойу дүркүрөп, Бара жатат көп кошуун, Жайкы күндөй күркүрөп. Эр Манастын эрлери, Элине баатыр шерлери - Кара Төлөк, Алакен, Кадыр, Түмөн, Шуутулар, Керектүү киши ушулар, Борончу баштап он эки, Күнү-түнү уктабай, Уйку качып, көз катып. Уйку көргөн киши жок, Бут-колун сунуп түз жатып, Камынып эрлер турганда, Кангайлык келди маңдайга. Алоокенин калчасы, Аскерин аттан түшүрбөй, Алчыланып күпүлдөй, Элчиге киши узатты, Кат берип колго бечеттеп, Алып барып, алып кел, Жообун бурут берет, деп. Элчинин саны жети экен, Элчилердин баштыгы, Чоң мергендин өзү экен, Бакай алып катты ачып. Башынан ылдый көз салып, Мазмунуна караса, Тополоң салбай турушуш, Жекеме-жеке урушуш. Катты окуп, кат жазып: “Биз кошулдук, — деп жазып, Аламан уруш кылбайлы, Букарада не жазык?” Элчилер кайра барыптыр, Эсен хан кабар алыптыр. Байрак сайып туу тиктеп, Атка минип эл дүрбөп, Каканчынды караса, Ар жаракка ар бөлөк, Топ-топ болуп калыптыр. Алаштын эли таң калып, Алмамбет билип мындайын, Бизди бөлгөн экен деп, Алмамбеттин сыртынан, Мактап айттың нечен кеп. Эки жакка эки туу, Көкөлөтө сайыптыр, Сайылган туунун түбүнө, Хан тактасын куруптур, Ээлик кылып элдерге, Бакай менен Эсен хан - Эки хан барып туруптур.

Аңгычакты болбоду, Кангайлардын Оронгу, Бозчаар минип оңдонду, Көк жолборстой комдонду, Оронгуну көргөндөр, Ким беттешсе ушуга, Соо калбайт деп ичинде, Солкулдап муну ойлонду. Жолу каткан Оронгу, Орто тоодой чоңдугу, Тай торпоктой бар экен, Кар жиликтин борбуйу. Калканын артып жонуна, Найзасын илип карыга, Балтасын байлап жанына, Кылычын салып кынына, Чокморун кысып такымга, Беш кабат кемер кийинип, Көкө теңир колдо, деп, Кудайына сыйынып, Бозчаар атын теминип, Кайнап жаткан какандан, Калдайып чыкты бөлүнүп; Бар жарагын башкарып, Найзасын ыргап колго алып, Канчаларга баатырдан, Каруулураак көрүнүп. Тору аттын чыёдап олоңун, Олпогун кийип оңдонуп, Карт Кошой чыкты майданга, Кабыландай комдонуп, Кирген нардай күркүрөп, Көргөндүн бойу дүркүрөп, Кобурлуу тууган киши экен, Башынан көнгөн иши экен, Ээрчиткен тайган ити бар, Колунда алган кушу бар, Башташкан жоосу Оронгу, Мына мындай иши бар. Торусу менен зор Кошой, Бастырып чыкты бөлүнүп, Баса элек тоодой көрүнүп, Көзүнөн жалын төгүлүп, Маңдайлаша барганы, Оронгу - хан, Кошой - хан, Хандын салтын кетирбей, Оронгу тура калганы, Кангайынча калдырап, Кошойдун дайнын сурады. Аны Кошой угабы? Аркасын карап кылчайып. Камчысын Кошой булгады, Кызыл тилдүү Ажыбай, Кыргыздан жетип барганы. Кыпчакбайдын Ажыбай. Анын иши мамындай: Жети түркүн тил билет, Бул өңдөнүп ким билет? Айтты Кошой дөөсүнө, Ажыкең келип тил күрмөп: — Айланайын, Абаке, Мен Какандын ханы деп, Хандын жолу мабу деп, Сизден сурап жатыптыр, Теги жайы кайсы? деп Абаң Кошой шаңк этип, Кыжырлуу күлүп барк этип: — Тегимди уксаң, сен калмак, Өзүм кыргыз, түбүм түрк, Атым Кошой угуп ал, Кара эмес ханымын, Калмагым сени билемин, Толбой жүргөн кабыңын; Тааныбай калган окшойсуң, Эми бүгүн таанып ал! Муну угуп Кошойдон, Оолуга сүйлөйт Оронгуң: — Кангай болот урунгум, Эсен хан менен кеңештеш, Чоң Бейжин болот туругум, Кыргыздын ханы сен болсоң, Кангайдын ханы мен болом, Мен да кары, сен кары, Менден улуу сен дагы, Көрүнүп турса билбейсиң, Бер жагыңан нар жагы! Айтып болуп Оронгу, Колуна найза кармады, Жыгылганы эсимде, Эми чындап арданды, Чагып ийчү жыландай, Жаалы чыгып арбанды. Абаң Кошой ошондо, Колундагы шумкардын, Боосун буттан чыгарып. Тамандан өйдө какты эле, Ээрчип жүргөн тайганды, Акшумкар учкан жагына, Колун шилтей салды эле, Шумкары учуп калкылдап, Тайганы кетти закымдап. Ашырып Кошой айбатын, Колуна алып найзасын, Сайып көргөн кайран дөө, Оронгудай канчасын. Качырышып беттешти, Сайар жерин жиктешти, Бирин бири сайдырбай, Найзаларын кагышты, Кайра имерип сайышты, Карсылдашып салышты. Эки кары какжаңдап, Сакалдары бакжаңдап, Байакы кездер колдо жок, Баштары кетет калтаңдап. Кошой токсон ашыптыр, Оронгу сексен барыптыр, Кайран дөөлөр ошондо да, Карсылдашып жатыптыр. Аркы-терки койушуп, Акылдашып солушуп, Оң-тескери турушуп, Оңой эмес урушуп, Кууша кетип жандашып, Этектен түрө кармашып, Ээрдин тиштер тиши жок, Эриндерин жалмашып, Булкулдашып чойушуп, Чокулашып койушуп, Найзадан айла таба албай, Айбалта колго алышып, Айанбастан чабышып, Балтаны башка тийгизбей, Уңгусу менен кагышып, Саптары кетип тараша, Куру кол болуп калышып, Кылыч менен урушуп, Кылычтын баарын сындырып, Бирин бири карашып, Тап бүркүттөй жылмыйып. Аттуу туруп баатырлар, Жакаларын кармашып, Бирине бири жалмашып, Чирене тартып кезенип, Оодара тартып кете албайт, Кап сени, деп кекенип. Көөдөндөрү кирилдеп, Көздөрү чылпак ириңдеп, Кирпиги катып чакыйып, Сакалдары бириндеп, Коколорун кысышып, Жакаларын жыртышып, Бел боолорун үзүшүп, Ээктерге сүзүшүп, Этектерин бөлүшүп, Айкырышып сөгүшүп, Баштардан кан жойулуп, Шымаланып билектин, Териси калбай сойулуп, Күн-түнүнө айланып, Аттардан түшө салышып. Найзасы сайып талаага, Бар жарагын асышып, Көөдөндөшүп тирешип, Белдерин орой кармашып, Баарлык күчүн арнашып. Көтөрүп чаап кете албайт, Бирине бири жармашып. Айкырышып шилтешип, Аманат жанга күч келип, Ачууланып акырса, Төбө чачы тиктенип, Муруттар тал-тал саналып, Бузулуп өңдү карарып, Тегеретип ийгенде, Буттары ташка тийгенде, Кум болуп таштар тозулуп, Кумга барып кошулуп, Дем алган жок бул экөө, Көчүгүн койуп олтуруп. Дал-дал болуп тондору, Дайны калбай жоголду, Аттарына минишип. Айбаттанып чуу дешип, Айланышып тийишип, Белсенип бирөө турмакка, Берки бирөө урмакка, Ажал жетип күн бүтсө, А дүйнөгө бармакка, Кезектешип көрмөккө, Келсе ажал өлмөккө, Кеңешти кылып бул экөө, Айласыз жөнгө барышты, Абалдашып канышты, Оронгуга бериптир, Мурун Кошой чабышты. Калканын кармап калдайып, Кабылан Кошой далдайып. Бул эмне укмуш, деп, Көргөндөр турат таң калып, Ачууланып Оронгу, Колуна чокмор карманып, Бозчаар күлүк чуратып, Артынан чаңын буратып, «Буркан, буркан, буркан», деп, Бурканым колдой турган деп, Жолум үйдөй чойун баш, Жолу каткан бу калмак, Туруп берген Кошойду, Чокудан ары бир койду. Кары Кошой абаңдын. Кармап турган калканы, Дайны калбай кармаарга, Чыгып кетти далдалы. Абаң Кошой өзү сак, Оронгу чапкан чокмордун, Атка өтүп зардабы, Алдындагы Чоңтору, Бакайдан жерге малынды. Мына мындай күчтүү экен, Малун капыр Оронгу, Кошойду чаап алгын, деп, Кезегин берди эми бу. Абаң Кошой бир башка - Чыкканчакты бу жашка, Чокморду чаап көнбөгөн, Чапмак тургай чокморду, Колуна алып көрбөгөн, Эшик эндүү ай балта, Арта салып ийинге, Кескерип көктө күүлөгөн. Кең көкүрөк далдайып. Кенен майдан айланып, Абакең кылат кайратты, Кетсем деп башын байланып. Токтоно калып абакең, Оронгудай калмакка, Оро-пара маңдайга, Балтаны шилтеп жиберип, Оронгунун туулгага, Ойрон Кошой чапканы, Оронгунун туулгасы, Быт-чыт болуп калбады, Жердин бетин чаң алып, Опсуз баатыр Оронгу, Эс-акылдан танганы. Абаң Кошой карыйа, Өтө берип бир кыйла: — Барсыңбы, — деп - Оронгу?! Үн чыгарды ушунда. Кангайда артык Оронгу, Кошойдун үнүн укканда, Көзүн ачып эс жыйнап, Бозчаар менен бурулуп, Чаңдан чыкты көрүнүп, Санаадан көөнү бүлүнүп, Көзүнөн жалын төгүлүп, Найзасын кармап бекемдеп, Абакеңе Оронгу, Катуу кирди кекеңдеп. Каарданган Ороңгу, Каңтара саймак Кошойду, Кабылан Кошой карыйа, Каарданып чамына, Балтасы бар колунда, Бул дагы кирди качыра. Ороңгу калмак карарып, Оозун улам жаланып, Алдыңкы ээрдин кашы, деп, Табарсыктын башы деп, Ыктатып атын имерди, Найзаны муштап жиберди. Найза келип тиерде, Таамай жиреп кирерде, Абалтадан кабелтең, Адис болгон абакең, Келе жаткан найзаны, Балта менен какканы. Балта тийген бу найза, Асманды көздөй зыркырап, Жетимиш барча бөлүнүп, Чыгып кетти быркырап. Ошол кезде Алмамбет, Капкайда туруп бакырат: — Айланайын абаке, Алп күчүңө береке! Кезектешпей кечке эле, Эми көз ачырба дегеле! Алмамбеттен кеп угуп, Абаң Кошой дем уруп, Көз ачырбай душманын, Дегеле жаман жүдөттү, Удаасы менен он уруп. Кангайлардын Оронгу, Башын өйдө кыла албай, Чыдаштык кылып тура албай, Ойлоду акыл мамындай: “Атымдын башы эл жакта, Азыр ушул чоң пайда, Амалданып көрөйүн, Айабай качып жөнөйүн, Туруп берип бул жерде, Калкан болуп өлбөйүн. Коржоңдогон Кошойун, Балтасы кыска ошонун, Эрдемсип кирип келгенде, Кылычты жалаң алайын, Кый сүбөөгө бир сайып. Кызыл канын жайайын, Олуйасы кыргыздын, Мунун эбин табайын. Карыса да бу Кошой, Калка экен кыргызга, Кысылган жерде жол тапкан, Арка экен кыргызга. Көкөтөйдүн ашында, Киши чыкпай койгондо, Кошой чыккан алдында, Бүгүнкүдөй кыстанда, Чыгыптыр жана камына, Жой болотту салбасам. Өлөр жери – кардына”- Оронгу мындай ойлонуп, Бозчаар атын теминип, Өбөктөп жатып алыптыр, Арамзада бул чочко, Колуна кылыч алыптыр, Аркасынан чоң Кошой, Өчөшүп кууп калыптыр. Көрүп муну Алмамбет: “Абам Кошой жетер, — деп, Кылчайып кылыч шилтесе, Дөөлүгү анын бекер-деп, Кый сүбөдөн жойболот, Кыркып чыгып кетер” – деп, Арстан Алмаң ашыгып. Абакелеп бакырып: — Олуйа аба, неттиң?- деп, Акылың кайда кеттиң?- деп, Балтаңдын сабы чагынча, Барып калсаң жанына, Жойболот кылыч жетпесин. Так белиңден кеспесин! Алмамбет үнүн угуптур, Аппак сакал хан Кошой, Найзаны күүлөп сунуптур, Өбөктөгөн кытмырга, Ээрдин арка кашынан, Көтөрө найза уруптур. Күрөөкө тону кайрылып, Көөмөйлөнүп этеги, Ачылып калган көчүгү. Абакеңдин найзасы, Көтөндөн кирип кетиптир, Ичеги-карын аралап, Как жүрөктөн кечиптир, Бозчаар аттан Оронгу, Көмөлөнүп кетиптир. Өтө берип Абакең, Атынын башын бурганы, Оронгу кантти экен деп, Ага назар сунганы. Жанталашып Оронгу, Жыландай болуп толгонуп, Жатканын абаң көргөнү, Кыжыры менен кылычтап, Денеден башын бөлгөнү. Колун сунуп эңкейип, Чачынан сүйрөп башты алды, Сүйрөткөн бойдон Абакең, Бакай менен Эсен хан, Ортосуна алып барып, Сыйлык берип хан Бакай. Кызылдан жапты камканы. Жете келип Алмамбет, Кошойду аттан түшүрдү, Нөөкөрлөргө күттүрдү.

Аңгычакты болбоду, Борончу саптан козголду, Байкаганга бадырек, Кылымда мындай жок болду. Карабуурул ат минген, Кабаттап темир тон кийген, Күүгүмдөгү устадай, Күлгүн тартып өңдөрү, Көөнүн нечен аздырат, Көзү менен көргөнү. Далысы кең, орто бой, Эки бети томтогой, Кар жиликтин булчуңу, Бышты чыкма танадай, Кулагынын көнчөгү, Үйлөп койгон чанач, ай, Эки далы ортосу, Тай чабуучу талаадай. Колдору бар буурсундай, Буттары бар устундай, Көтөрсө мурду кеңкийип, Казып койгон ыштыктай. Кирпигинде чылпагы, Балтыр бешик баладай, Эки көздүн ортосу. Дайрадагы аралдай. Сакал менен муруту, Ажаттын камыш көгүндөй, Эки көзү жаркырайт, Жайлоонун толгон көлүндөй, Аркасында турган чач, Алты арканды түргөндөй. Күмбөзчөлүк башы бар, Каманчалык кашы бар, Үнү күндөй күркүрөйт, Үнүн уккан кишинин, Сийдиги агып бүркүрөйт. Каарын салып сурданып, Колуна найза карманып,

Жан алчудай көрүнүп, Чоң Борончу элинен, Бастырып чыкты бөлүнүп, Көргөндүн баары ойлошот, Буга барып туш болгон, Кетер деп каны төгүлүп. Толкуган кыргыз элине, Какандык көзүн салыптыр, Кымызы чыгар экен деп, Калайык карап калыптыр, Хан Алмамбет ал кезде, Сарала минип алыптыр. Өнөрдүн Алмаң андеси, Алмамбеттей ар ишти, Аткара албайт пендеси. Билегинде күчү бар, Жан кубантар сөзү бар, Өлүмдөн коркпос өзү бар, Жалгыз кара бир башы, Миң кишилик иши бар, Айласы артык илегер, Албайып турган кайран шер, Асманда булут жолунда, Алаңгир жаа сур жебе, Алмакеңдин колунда, Абаң Кошой бир басып, Үстүнө кызыл тон жайып, Чыгарды элден узатып. Үстүнө жапкан тонду алып. Андан өтүп Алакең, Бакай ханга түз барып, Мөөнөт сурап бата алып: — Айланайын, Абаке, Мен Алмамбет болголу, Бейжиндиктин бектери, Беттешпей бирөө калбады, Беттешип жеңе албады, Бирок көрбөгөнмүн беттешип, Борончу деген айбанды. Сазаңшаанын баатыры- Макилдин атын уккамын, Угуп эсим чыккамын, Макилди белде жайладым, Кылычты канга майладым. Борончуну абаке, Көрбөгөнмүн, уккамын, Кызыталак кытайга, Бүгүн өзүм чыгайын, Мээрлүү жүзүң көрөргө, Мейиздеп сөзүн угарга, Насип кылсын кудайым! Муну айтып Алмамбет, Жүрүп кетти Алла деп, Турган экен Борончу, Буруттан кими келер деп, Сараланы көргөндө, Тиги Алмамбет экен деп, Борончу айтат мындай кеп: — Сен Какандан качкан качкынбы? Кулдук уруп байыңа, Бузук кул, мурун чаптыңбы?! Умачтай көзүн ачайын, Каның менен жиниңди, Каратып туруп ханыңа, Как ушул жерде чачайын! Деп ошентип Борончу, Найзасын күүлөп алыптыр, Сөзүнө сөз Алмамбет, Жобурап айтып калыптыр: — Мен Соорандык баласы, Сээрлеп кеп сүйлөгөн, Сен бир чайчы, карачы! Азыраак тойсо курсагы, Адамдын өсүп санаасы, Өөдөлөйт тура чамасы. Атаңдын аты Каспарбы? Сен албарсты, мен арстан, Кана эми, аманат жаның куткарчы! Албарсты деген сөзүнө, Ачууланып Борончу, Каары бойго жыйналып, Качырып найза урганы, Зым-зым этип зымырап, Алакең карап турганы. Борончунунун найзасы, Отуз жерден бөлүнүп, Бөлөктөрү асманда, Учуп жүрөт көрүнүп, Ал аңгыча да бирөө, Жеткирди найза өңөрүп,

Алмаңдан башка ким болсо, Кетмекчи каны төгүлүп. Өтө берип Борончу, Кылчайып артын каранып, Кыргыздан чыккан качкын кул, Калгандыр деп куланып. Ойунда минтип караса, Ойон Алмаң туруптур, Сарала менен залкайып, Ак мейкин тоодой мелтиреп, Ак карлуу тоодой заңкайат. Ачуусуна чыдабай, Киргенде жана Борончу, Анда Алмамбет муну айтат: — Каада билбес сен акмак, Каның качкан тирүү арбак, Ачууланып чабасың, Кезегим кана, ой калмак?! - Кеп кулакка кирбеди, Кара жалдуу Борончу, Найзаны шилтеп ийгени. Алмамбет өзү кеменгер, Адамдан чыккан кайран эр, Кагып ийип найзасын, Жандап өтө бергенде, Жайдары баатыр Алмаңдын, Кыйамына келгенде, Алтын кемер чети, деп, Ай далынын бети, деп, Абакең найза салыптыр. Найзанын учун тийгизбей, Куланып аттан шалк этип, Тоодой болгон Борончу, Жерге түштү далп этип. Найза тийбей бул калмак, Кандай ыргып кетти, деп, Абакең артын караса, Эбелектеп жалт этип, Кара буурул атына, Борончу минди салп этип, Өлөрүн чочко санабай, Өчөшүп жанын айабай, Күүлөп найза сундуруп, Күркүрөгөн үн чыгып, Күүсү кулак тундуруп,

Жана кирди Алмамбет, Борончуга бурулуп, Жазбай сайып найзаны, Так деген үнү угулуп. Көөдөндө соот, чарайна, Такылдайт үнү тайганда, Башыңда темир туулга, Чак дегени угулат, Балта менен салганда. Көөдөнгө найза така-так, Туулгага балта чака-чак, Айкырган үнү жаңырат, Баатырлардын бака-бак, Обону карай созулат, Жерден чыккан топурак. Топурак учуп тоз болуп, Абага чыгып боз болуп, Айбатынан кара жер, Калт эткенсип козголуп. Асман ачык, күн бүркөк, Туман түшүп алыптыр, Жаркырап жарык күн тийбей, Тунарыктап калыптыр. Найза, кылыч, балтадан, Калбады тарпы жарактан, Пендеден мындай эр кылып, Кудурет кандай жараткан? Күркүрөшкөн үнүнөн, Көпчүлүк угуп жадашкан, Алардын кылган ишинен, Айырбай көзүн карашкан, Айласы артып күч ташып, Түн кетип, сүрүп таң аткан, Менменсиген далай дөө, Аларды көрүп жадашкан, Жадагансып калбастан, Баарлык күчүн айабай, Жакалашып кармашкан. Ат үстүндө жулушуп, Соотторун булушуп, Этектен түрө кармашып, Үзөнгү боого салышып, Ажыратып кете албай, Айсарала, буурул ат- Аттары турат тайышып. Оодара тартып кете албай, Аттарынан түшүшүп, Тартканына чыдабайт, Темир сооттор үзүлүп. Айбаттанып Борончу, Атынан түшө калыптыр, Оодара тартчу немедей, Ойон Алма султанды, Кемерине алыптыр. Сараланы Алмамбет, Дем өткөрүп алсын деп, Ал дагы түшүп атынан, Борончунун кол тартпай, Кемерден алган дартынан. Бел кармашып эки эр, Нар буурадай жөөлөшүп, Көөдөндөшүп калышып, Орой кармап кемерден, Балбан колун салышып, Анткен менен дагы эле, Чама жетпей, чарк келбей, Булар турат тайышып. Ачууланып айкырып, Ураанын айтып бакырып, Бирин бири силккенде, Жолум үйдөй топурак, Обого чыгат чачылып. Буттары казып жер жыртып, Какырлуу жерлер коо болду, Тополуу жерлер ор болду, Чымдуу жерге былкылдап, Чылпылдаган суу толду. Этектерин түрүшүп, Сүзүшкөн уйдай сүрүшүп, Күнү-түнү дем албай, Так ушундай жүрүшүп, Күнү түнгө уланып, Түнү күнгө айланып, Жана тийип күн жарып, Алмамбет менен Борончу, Азыктанбай дем албай, Кайра минди бул экөө, Аттарына жармашып. Борончу турду муну айтып: — Сен Алмамбет, кулак сал,

Айтканымды угуп кал, Мен турайын безенип, Сен ургунуң кезенип, Сен тургунуң безенип, Мен урайын кезенип, Кимден ооса сыймык-бак, Бул дүйнөдөн кетелик. Кез болгону экөөбүз, Келип кетти эки түн, Түнү эки, күнү үч, Болбогон согуш мындай күч, Каканчыда туулуп, Көрүшпөпбүз жаш кезде, Кезектүү жерде болуп туш. Сакал буурул, мурут ак, Булкулдаштык ушул жак, Кеткен экен биздерден, Кайрат кылар жаш убак, Акылман кайран Алакең, Караса аны байкастап, Намысы жок бу айар, Оозу сүйлөп кажыдап, Темир боолук жанында, Чечип жатат тырмалап. Анда Алмамбет муну айтат: — Атаңдын көрү иним, ай! Жоокалатып уйалбай, Бооолук салып, тор таштап, Кармаймын деген нээтиңби? Билбей калар иш эмес, Биткор сенин пейлиңди, Намысты таштап киши алдап, Калгандыгың билинди! Деп ошентип Алмамбет, Найзаны кармап имерди, Коржоңдогон Борончу, Кош колдоп туруп чокморун, Алмаңа шилтеп жиберди. Чокморго найза кабылды, Алакеңдин найзасын, Чокморго батпай тайгылды, Алактаган Борончу, Күүлөп-күүлөп чокморун, Артына дагы кайрылды, Күркүрөгөн карыпдын,

Күчү күчкө уланды, Төбө чачы тиктенип, Төөдөй мойну узарды, Үкүдөй көзү кызарды, Өпкөдөй бети бышарды. Соорандыктын Алмамбет, Жоготпосом сени деп, Колдобойт буркан теги деп, Оозунан көбүк буртулдап, Артынан чаңы буркурап, Алмамбетке бул чочко, Келип калды чукулдап, Артык тууган Алмамбет, Кебелип койбойт бушман жеп. Чокморду кагып салганы, Балтасын колго кармады, Салакалуу Алакең, Залкайып карап турганы, Коржоңдогон Борончу, Күүлөп келип чокморду, Чокудан ылдый жумшады. Ирмебей көзүн Алакең, Келе жаткан чокморду, Как туурадан какканы. Алмамбет каккан оңобу? Борончунун колунан, Каңгып чокмор кетиптир, Каңгыган бойдон зыркырап, Өз кошуна жетиптир. Үйүлүшкөн черүүнүн, Үстүнө чокмор түшүптүр, Токсон бир киши жанчылып, Күнү мунун бүтүптүр. Кечилдин ханы Коңурбай, Ардыккандан өлө албай, Ар кубулжуп тура албай, Айкырып ийди айуудай, Алапайын таба албай. Борончунун чойунбаш, Кагып ийип Алмамбет, Арты-артынан дембелеп, Туулгага балтаны, Онду койуп жиберет. Акимсинген Борончу, Айбат кылып тура албай, Алакең чапкан балтанын, Ыдыгына чыдабай, Найза кармап сайарга, Башын өөдө кыла албай, Туулга тосо дүктүйүп, Бир байпактын жүн чыгып, Жаагында түгү үксүйүп, Каны качып жүрүнөн, Кара сур батып түктүйүп, Өбөктөп атка алыптыр. Далысын түйүп бүкчүйүп, Ойон Алма султаның, Айта-буйта кылгынча, Ачып көздү жумгунча, Улай-улай үчтү чаап, Уламкысын күчтүү чаап, Дер айрылып күнгүрөп, Балтанын үнү угулат, Чыдай албай Борончу, Мына мындай ой кылат: “Туруп берсем былк этпей, Башымды катып калкалап, Сорандыктын баласы, Талканымды чыгарат, Туулгамды талкалап. Найза алдырбай Алмамбет. Уруп турган дембелеп, Эми урса он-он беш, Оозуман мөжүк кан келет, Менден кийин калганда, Буга кайсы кытай тең келет? Ээн калган көп калкым, Агызып жашын себелеп, Айла менен жоо алмак, Абалтан калган бир сабак, Атымдын башы он экен, Кетерим ачык жол экен. Башымды өөдө көтөрбөй, Качымыш болуп көрөйүн, Кангайым көздөй жөнөйүн. Алактаган Алмамбет, Дакылдап кирип келгенде, Жойболот менен бу кулду, Как белинен тең жарып, Кыйа чаап салайын, Көрсөтүп туруп бурутка, Башын кесип алайын, Бакбурчундун баашасы, Эсенханга соога деп, Орто Бейжин, чет Бейжин- Экөөнү алып тынайын”. Өлө албай жатып Борончу, Өзүнчө болуп ал бир бек, Сорандыктын ордуна, Бейжинди сурап так минмек. Кыйалы мунун кам болуп, Майданда туруп хан болуп, Тепеңдете теминип, Качып жолго салыптыр, Каарданып Алмамбет, Артынан жөнөп калыптыр, Ошондо Кошой акырды: — Алмамбет! — деп бакырды, Балтачан барсаң байкабай, Жой болот сага жетер, — деп, Жоон белден кесер, — деп, Эмгегиң болор бекер! — деп. Аңдап алып Алмамбет, Балтаны таштап жиберип, Көк түпөк кызыл найзаны, Колуна алды имерип. Алтын кемер чети, деп, Карчыттын балык эти, деп, Арка этеги калдайган, Көтөрүлгөн күрөөкө, Качырып Алмаң муштаган. Карчыттан камсый бөйрөккө, Муштаган найза мылк этти, Кош бөйрөктү тең кечти, Менменсиген Борончу, Карабуурул атына, Томолонуп шалк кетти, Тоодой болгон Борончу, Жер кучактап далп этти, Карап турган кангай журт, Каңгырап какшап чур этти. Эр Алмамбет баатырың, Эки бөлүп санаасын. Башын кесип нетем, деп, Бул бадырек чочкону,

Найзага илип кетем, деп, Тартып алып найзасын, Как далыга муштады, Айбалкайдын башынан, Найзанын учу чыкканы. Эр Алмамбет албайып, Көтөрүп алды далдайтып, Эки дөө турса не чара, Баса албай турду Сарала, Багалчеги майышып, Бут шилтенбей тайышып, Эки көзү чекчейип, Кайкалап бели мекчейип, Жаныбарым Сарала, Айабай жанга күч келип, Айбан да болсо арданды, Бир Алмага жалбарды: “Алмамбетти эр кылып, Ар душманга тең кылып, Жаратыпсың, жасаган, Мени кандай кем кылып. Жараткансың, сен Аллам? Чөбү күрүч, суусу сүт, Алтоо кылгын маа жардам! Кулун кезден бу кезге, Куйругун салып сыртыма, Кутуруп жүрүп чоңойдум, Алмамбет арнап мингени, Аргымак атка мен кондум; Алмамбет сайып эрди алса, Көтөрүп экөөн баса албай, Көгөрүп турдум мен мына. Кар кылбай мынча жылкысын, Колдоп жөнгө салуучу, Камбар ата, сен кана?! Үрүстөм минген Ыракышы, Өзүң жардам бер мага!” Төрт айактуу жылкыга, Сарала турат жалбарып, Түп тамыры дулдулга. Ангычакты болбоду, Айткандары колдоду, Батышта обо кызарып, Нур созулуп узарып, Боз топурак мунарык, Сызып келет тунарык. Элеси көзгө көрүнбөйт, Не экени билинбейт, Айбан сыйак боруму, Бута атым жерди бир алып, Арышына салыптыр, Токтоно калса эл көрдү, Өңү сурча бир жылкы, Сарала аттын жанына, Жакын туруп калыптыр. Жөнөй берди кылт берип, Куйругун серпип жылт берип, Баса албай турган Сарала Борончу менен Алмаңды, Көрбөстөн эки балача. Шерлик кылды Алмамбет, Капка тоодой Борончу, Найзага илип көтөрүп, Абаң Бакай карынын, Соогасына өткөрүп. Салам берип Бакайга, Салакалуу Алмамбет, Бура тарткан убакта, Аккула минип албаңдап, Айкөл Манас барбаңдап, Айта мактап бакырып. Сүттөй акты таптырып, Ичин жарып өпкө алып, Алмамбетке чаптырып, Кан кечип чыккан баатыр деп, Үстүнө кызыл жаптырып, Кошойду кошо чакырып, Ханын абам алды деп, Калмактын канын жайды деп, Баатырын алды Алмамбет, Караандуу көркү баарыдан, Борончудай залды, деп, Коңурбайдын жүрөгү, Өрт өчкөндөй жанды, деп, Жандай түшүп айкөлүң, Сараланын көкүлүн, Сылай кармап кынады, Кош болдум бүгүн сага, дейт Сүттөшүмдүн бууданы. Куу жигитти таптырды, Чоң куржунду ачтырды, Кошой менен Алмаңа, Кырк миң кызыл алтынды, Баштарынан айлантып, Мискиндерге чачтырды.

Көрүп туруп Коңурбай, Менден башка калгандан, Кеп чыгат деп бар жандан, Мурутун булкуп ыргытьып, Мурдунун суусун зыргытып, Көзүнүн жашын куйултуп, Мурдунун суусун чубуртуп, Айласын көр калчанын, Маминтип элди тынчытып, Чоң ылама мергенин, Жашырып ичтен чыкырып, Күнжаңжүндү кошо алып, Оңдоп-солдоп сакалын, Тутамдап улам карманып, Сөз баштады Коңурбай, Желке болгон немедей, Ээрди-башын жаланып: — Коңурбай атка конгону, Кечилдин ханы болголу, Мындай кордук болбоду, Жалгыз Коңур мен эмес, Жалпы Какан ойлойлу! Алдында өткөн урушта, Солокени баш кылып. Сонундан сойду неченди, Ай жактагы эр эле, Эсен ханга бел эле, Айжаңжүндү сулатты, Түштүк элин чулатты, Эл башкарган Оронгу, Аны бүгүн кууратты! Какандын кара тоосу эле, Борончуну сулатты, Мына минтип качкын кул, Баарыбызды чуулатты! Балам кадыр билет, деп, Батынып кайран тийет, деп, Соорандык кирсе казатка, Түртө салып Сыргакка,

Көрмөксөн болуп бурулуп, Келе берди биз жакка. Качкын Алмаң кангайга, Кастыгын тикти айрыкча. Ылама, атың Чоңмерген, Бирге окуп, бир жүргөн, Амалың барбы бу кулга? Качкын кул менен Манасты, Карап көрсөм күзөтүп, Барыбызды жоготуп, Кетет окшойт түгөтүп, Күнжаңжүн менен мергенге, Коңурбай турса муну айтып. Аркы четтен майданга, Дөө Жолой чыкты чуратып. Ачбуудан атын каргытып, Артынан чаңын баргытып, Доолбасы кынгырап, Найза колдо зынгырап, Кезенип чыккан ач жолборс, Кезиккен пенде соо болбос. Дөө Жолойду көргөндө, Тогуз уул кенжеси, Бир кудайдын пендеси - Элемандын эркеси, Теңдешиң келди дегенсип, Чалкуйрук менен чаңдатып, Караганды таңдантып, Кыргыздан чыкты бөлүнүп, Кездемдерин чубалтып, Кезкерип найза чунайтып, Кел, тур деген кеби жок, Айанышаар жери жок, Найзалашып сайышып, Балталашып чабышып, Бул экөө жүрөт салышып. Кебез белбоо кең өтүк, Кечилдердин Коңурбай, Алды-алдына туйдурбай, Бирден-бирге барганда: “Бириндетип алдайлы, Билгизбей сойуп жайлайлы, Санаасын элдин жандайлы, Арты-артынан чуратып, Аттын оозун тыйбайлы, Тизгинди кайра жыйбайлы” Деген кепти жеткирип, Желип жүрөт жекирип. Коңурбайдан кеп угуп, Манжулардын Нескара, (Бул капыр чындап беттесе, Табылбас ага эч дабаа), Түндүкчүнүн Тору айгыр, Түмөндөн чыккан зор айгыр, Араандай оозун ачтырып, Бул да кетип барайтыр. Аңкарбай Чубак калыптыр, Алп Агыш көрүп алыптыр, Ак жалдын белин бекемдеп, Ал дагы жөнөп салыптыр. Ангычакты кангайдан, Атакта бар хандардан, Кырмузшаанын Мурадил, Кызыл жээрде чуратып, Кыйрынан чаңын чубалтып, Кыйкырыгы баш жарып, Баштан өтүп таш жарып, Кылычты сууруп колго алып, Кетемин деп жол салып, Алдыман каршы болбо, деп, Алып келем олжо, деп, Камчыга атын бөлүптүр, Бул дагы турбай жөнөптүр. Алты атадан тараган, Алтымыш уруу алаштан, Адамдын алы келбеген, Чабышса чама жетпеген, Бу замандын балбаны, Акбалта дөөнүн Чубагы, Көктекесин чуратып, Күүлөнүп чыкты бу дагы. Мурадилдин артынан, Ээлүүдө бар курамы, Жатка окуган “Кураны”, Колу менен жасаган, Койнунда бар кудайы, Калмактардын Уушаңы. Куйрук улаш чубады. Санды көрсө шашпаган, Сайышкан жоодон качпаган, Сайышка чыккан эрлерди, Сапырып жүргөн баштатан, Найзага кемер аштаган, Сайганын жерге жаздаган, Телкызылын камчылап, Теминип чыкты кыргыздан, Кара калпак кыргагы, Хан Жакыптын Сыргагы, Кабылан Манас чыйрагы. Байкап көрсө Коңурбай. Кагышып кирген кыргыздар, Алуучудай соо кылбай. Айырбасам бекер, деп, Эми бир күн биз турсак. Баарысын алып кетер деп, Топчулугун топчулап, Тула бойун опчулап, Капталынан бүчүлөп, Алгарасын чү-чүлөп, Бат атарын койундап, Алгарасын мойундап, Чоң кисеси шалпылдап, Очогор жондо жалтылдап, Өзүнүн бойун жыйнабай, Өңүрү кетти салкылдап. Өрттөй көзү жалындап, Оозунан түтүн бурулдап, Эки жаакта саксайып, Беш байпактык түк турат. Бети жардай, бел найдай. Белдүү чочко Коңурбай, Ок өтпөс буулум шым кийип, Багалеги балактап, Кең майданга бу капыр, Кирип келди алактап. Айкөл Манас - артык шер, Аккула минип болкойуп, Сырнайза колдо койкойуп, Сырттаның Манас зоңкойуп, Көкжеке бутта чойкойуп. Ачалбарс жанда кынгырап, Айбалта белде шынгырап, Төкөр уста жасаган, Кызыл мистен доолбас, Чымын тийсе зынгырап, Аккелте жондо жаркылдап, Айкөлдү көргөн адамзат, Айбатынан калтырап; Алагар көзү чолпондой, Ай кулагы калкандай. Алтындан кемер курчанган, Айдай беттен нур тамган; Көөхарлуу кемер курчанган, Күлгүндөп беттен нур тамган, Көрсөм деп пенде муңканган; Адам кемин таба албас, Арстаныңдын мүчөдөн, Көптү көрсө күчөгөн, Өчөгүшүп өрчүгөн, Он биринен бер жакка. Беттешип пенде түтпөгөн; Үстүнө кийген олпокко, Жебенин огу жетпеген, Бараңдын огу батпаган, Найзанын учу тешпеген, Чаппаса кылыч кеспеген; Күүгүм туман көздөнүп, Майлаган буудай жүздөнүп, Шынга бойлуу найча бел. Айкөл Манас кайран эр, Коңурду көрө койгондо, Бул дагы кирди кезкерип, Аккула менен тап берип. Айкөлүң жөнөй бергенде, Шыйкырай калбай келгенде, Бөлөкчө башка бир жумуш, Көрүп турган элдерге- Баш бармактай салаңдап, Маңдайда кызыл меңи бар, Жылаңайлак, жылаң баш, Алты жашар эр бала, Суулуктан кармап Куланы, Кошо чуркап калыптыр; Эки түгөй сур бөжөк, Үзөнгүгө жармашып, Бу да жөнөп алыптыр; Алтымыш кулжа бөлүнүп, Эки жакта көрүнүп, Бир Куланын дабыртын, Алтымыш аттай салыптыр; Кара чаар кабылан. Карсылдашып кабышып, Айкөлүңдүн артынан, Алар жөнөп алыптыр. Көргөн адам таң калар, Сонун иши дагы бар: Түргөн чийдей жоондугу, Сойлоп барат ажыдаар, Айкөл шерге учкашкан, Аркасында бир кыз бар - Өзү жандан узун кыз, Өңү айдай кызыл кыз. Шөкүлөнүн төбөсү, Төрө Манас көкжалдын, Төбөсүнүн көрүнгөн, Шөкүлөнүн бермети, Түркүм түргө бөлүнгөн, Чачылары делбиреп, Учу жерге төгүлгөн. Камчы саптай ак жылан, Айкөлүңдүн колуна, Үч оролуп алыптыр, Наштардай тилин ачайтып, Кулагынан артылып. Бу да сунуп калыптыр. Абаң Бакай, зор Кошой, Калча-кангай эри деп, Байкайлыйчы деги деп, Алоокенин Коңурга, Көз жибере салыптыр, Көзүнө булар чалыптыр: Суулугунда бир бала, Колуна уучтап кан алган, Эки жаккы жанында, Он бештен отуз кулжа бар, Дердеңдешип келайткан, Эки бутта эки чөө, Каткырышып барайткан; Кара чаар жуп жолборс, Куйруктары чагарак, Чакчаңдашып баратат; Жоондугу аттын белиндей, Сырты кара ажыдаар, Алдына кирип алыптыр, Аркасында неме жок, Аттын чаңы калыптыр; Төбөсүндө кара каз, Үнү угулат баркылдап, Канаттын куусу шарпылдап, Ушундайча түр менен, Коңур келет шалкылдап. Ошондо Бакай кеп айтат: — О, капырай, — деп айтат, Олуйа Кошой сен элең, Ойчул Бакай мен элем, Ойумда турат бир күмөн. Айкөлүмдүн ажыдаар, Аркасында калыптыр, Коңурбайдын ажыдаар, Алдына кирип алыптыр; Айкөлүмдүн жанында, Кабылан жүрөт кабышып, Бул каапырдын жанында, Жолборс жүрөт жарышып; Айкөлүмдүн казы бар, Каз да болсо канаттуу, Бул каапырдын кушу бар, Акыры бизди соо кылбай, Оңдойт экен ушулар! Анда Кошой муну айтат: — Бакай баатыр не болдуң? Ханда да болсо жакшыраак, Өз ойуңда болгонуң. Ырысы артык Алмамбет, Анда турат көп кеңеш, Кээ-кээсинде бул Манас, Алмамбетке жол бербейт, Ушинте берсе дагы эле, Түбүндө иш оң келбейт Эки кары ушундай, Аңгемеге батканда, Алаштын ишин оңдо, деп, Алладан тилеп жатканда, Кечилдин ханы Коңурбай, Айабай сунуп найзасын. Бели арка мекчейип, Эки көзүн карасаң, Тышына чыгып чекчейип, Томоро сайып кетчүдөй, Ээрдин кесе тиштенип, Кыпкызыл болуп кан агып, Өлгөнгө жакын эки зор, Намыстан жаны карарып, Алгараны камчылап, Атырылды алактап, Эки буту салактап, Айкөл Манас тогошту, Алдынан тосо шарактап. Куунайза алып Коңурбай, Күүлөп сунуп алыптыр, Сырнайза менен зыңкыйып, Арстан тосо калыптыр, Коңурбайга сайдырбай, Көкжалын кайта кагыптыр. Аккула менен аргытып. Асманга чаңын баргытып, Кескерип найза муштады, Найзанын учун тийгизбей, Коңурбай кайта какканы. Адистиги тең келип, Дал болуп колдор шалдайып. Айанбастан алышып, Айбалталап чабышып, Кылычты кындан суурушуп, Кыйамы менен урушуп, Кагышты катуу салыптыр, Какандыктын Коңурбай, Кандуу найза алыптыр. Кабылан Манас баатырга, Катуу шилтеп калыптыр, Канкор шердин колунда, Балтасы бар чабышкан. Найзанын учу жетерде, Астыртан өйдө кагыптыр, Коңурбайдын найзасы, Көккө учуп кангыптыр, Тараша кетип тал болуп, Талкаланып калыптыр. Алгарасы жылт берип, Туурага чыкты кылт берип. Жарак алаар айла жок, Туруп берсем далдайып, Жол бойуна чыгат деп, Акыл ойлоп, эс жыйнап, Кайра качып Коңурбай, Бура тартты буйдалбай. Качса капыр жөн качпай, Камчысын баштан айлантып, Кара кытай манжуну, Калмак менен анжуну, Шибээ менен солонду, Каптаганым деп айтып, Каран түн салды ушинтип, Жарлык кылып Коңурбай, Жалпы элине кеп айтып. Муну мындай таштайлы, Башаламан урушта, Коңурбайдын жети эрден, Айрылганынан баштайлы.