← Манас

Манас менен Коңурбайдын Ажаттын бойунда беттешүүсү, Коңурбайдын Бейжинге кире качышы

Элемандын Көкчөлгө, Буткул-буткул көп көлгө, Жай албастан кечкече, Жакын кирип келген кез, Кара кыргыз уланы, Хан Жакыптын Сыргагы, Абакеңиз эр Бакай, Ар неме бар ниетинде, Жүрүүчү экен жол тосуп, Уларлуу таштын бетинде, Абакең Бакай караса, Келе жатат бир караан, Күн шашике мезгилде. Дүрбүсүн салып шыкаалап, Алыстан абаң байкаса, Арстан уулу эр Сыргак, Кандай жалгыз келди? — деп, Калгандар аман барбы? — деп, Санаа күлүк изи жок, Олуйадай Бакайдын. Ойуна кетти далай кеп, Кирип келди аңгыча, Алдастаган эр Сыргак, Алды жакка энтелеп. Эми Бакай чакырды: — Токтогун! — деп бакырды, Бакырыкты укпады, Кыйкырыкты туйбады, Уйулгуган шамалдай, Учту Сыргак турбады. Анда Бакай абаңдын, Санаасы санга бөлүндү: “Анык кудай урганбы, Чалдырбай чалгын Алмама, Кытайлар амал кылганбы? Анан Сыргак чуу койуп, Көмүскө менен желгенби, Көрүнбөй бизге келгенби?” - Деп ошентип эр Бакай, Минип атка шамдагай, Көкчолок менен чуу койуп, Жаш кезиндей дуу койуп, Күмүшкө менен Желгени, Көрүнбөй жетип келгени, Укпаган дүмпөр Сыргактын, Капталга найза жиберди. Ээрден көчүк бултайып, Үзөнгүдөн бут тайып, Телкызыл жалын кучактап. Карай салып кылчактап. Аксакалы жаркыган, Абакесин тааныды, Абадан башка кеби жок, Алдырып Сыргак наалыды. — Калдаңдаган арам ит, Калдаңдап атың чабасың. Калдастап кайда барасың? Ак калпак кыргыз алашым, Аркасы болгон Манасым, Амал ошол эр барбы? Алмамбет, Чубак эгиздер, Эки түгөй шер барбы? - Анда Сыргак кеп айтат: — Ой, абаке — деп айтат, Аман барбыз баарыбыз, Аман-эсен дени соо, Арстан Манасы залыбыз, - Кайра Сыргак божурап, Баштан-айак билгенин, Эмнеге келгенин, Баарын айтты көргөн эл. Анда Бакай кеп айтат, Кеп айтканда эп айтат: — Ушул бойдон барганда, Дүрбөлөңгө салганда, Айбыгышып арстандар. Араң келген он төрт хан, Бирөө сага барабы, Ат изин алар салабы? Мен барайын алдыда, Дайарданып камына. Бар, кийимиң жуугунуң, Белиңди бекем буугунуң, Тыш тонуңду тим койгун, Мына ушинтип кайтып бар, “Алмамбет, Чубак этсиреп, Сойгон бээнин канына, Тепседим”- деп айтып бар, “Мурун барсаң олжо алдың, Кийин барсаң кур калдың”, Мындан башка кеп кылбай, Аркамдан менин жетип бар, - Бакай хандан кеп угуп, Бар кийимин жуунуп, Белин бекем буунуп, Салган бойдон жөнөдү. Сыргактын келе жатканын, Сынчыбек мурда көргөнү. Тосоттой басып барыптыр, Айкөл Манас, Алмамбет, Эрен чубак баатырдын. Амандыгын сураптыр, Экинчи сөзүн айтканча Сыргак айал кылбаптыр: — Алып келдик жылкыны, Мурун барсаң олжо алдың. Кийин барсаң кур калдың, Адыр тоону аралап, Ар кайда жүрөт самсаалап, Бөлүп берер киши жок, Көп-азы менен иши жок, Барсаң болду бачымдап, Айтып болду ушуну, Бастырып кетти эр Сыргак. Башкалар көздөй закымдап. Кокондун эли козголуп, Токтоло албай кош болуп, Жердин бети чаң болуп, Жөнөп калды жам болуп. Абаң Бакай карыйа, Алаштан чыккан олуйа, Мингени анын Койонбоз, Аккуланы бош коштоп, Колдун алдын «бош, боштоп», Алкынып жолго салыптыр. Сыргактан уккан кеп менен, Манаска жетип барыптыр, Аккула көрүп арстаның, Кыл мурутун имерип, Ырсаңдап күлүп жиберип, Куйма темир үзөнгү, Теппей ыргып минди эми, Суунун бойлоп жээгин, Каканды карай жүрдү эми, Коңурбайдын изине, Сайа кууп кирди эми, Талыкпас күлүк Аккула, Так өзүнө чак Кула, Айманбоз аккан Ажаттан, Айагым сууга малбастан, Үйүлүп өтүү койондой, Туйагын ташка какпастан. Каарлуу Ажат бойунда, Касташкан чоңдун бири жок, Хан Коңурбай теги жок, Кашатта турган көп черүү, Арасын ачып бошотуп, Жол берчүдөй пейли жок, Каарданган эр Манас, Өткүр кылыч Ачалбарс, Оң-тескери кайсалап, Кайда калың топ болсо, Аралап кирди талкалап, Беттеше албайт бири да, Баары жанын калкалап, Кызыл кан дайра суу болуп. Калың журтка дуу болуп, Далайлар жандан түңүлдү, Нескара менен Жолойдун, Черүүсү турбай сүрүлдү, Эл чайкалып жатканда, Кан чайпалып акканда, Кокондун колу келиптир, Кайра тартар айла жок, Каптап булар кириптир. Чыккан жердин чөбүндөй, Кыргыз келди жер жайнап, Аркасынан түшүптүр, Кырк чоросу кол айдап, Кыйын согуш болгон кез, Кылка буудан алчактап. Демилгеси жаштарча, Дөөдөн Кошой, Акбалта, Жамгырчы, Агыш, эр Төштүк, Алптардын бири Керкөкүл, Кайраты толук эр Көкүл, Кылычын кандап салды түр; Будайык хандын Музбурчак, Муруту анын бир кучак, Казактардын хан Үрбү, Катардан калбай бар Үрбү, Текечи, Шыгай - хандардан, Калбай келип баары адам, Келгени карап тура албай, Уруш болду аламан. Кара курттай көп турса, Калгандарын ким билет? Кандай айтып болгулук, Көпчүлүктү бир-бирлеп? Ар эки жагы дап берип, Аралаша бөлүнүп, Арасында баатырлар, Анда-санда көрүнүп, Кечилдин ханы Коңурдун, Көзүнөн жалын төгүлүп, Жарлык кылып бакырып, Жаңылап черүү чакырып, Какандын элин тынчытпай, Айжанжүңдү баш кылып, Айдады бүткүл жапырып. Ай ааламдан кол алып, Ай жаркыган туу алып, Адырда киши, ой киши, Өзөн да киши, тоо киши, Алакандай ачык жок, Ой тоонун баары бүт киши, Бул түгөнгүр Калчанын, Адам билгис түк иши. Адамдан кыйан-сел жасап, Таман койор ачык жок, Келди кытай эл каптап. Кангайлардын Ороңгу, Кара жалдуу Борончу, Кырмузшаанын Мурадил, Калмактардын Уушаңы, Кедендердин чоң Жолой, Манжулардын Нескара, Кечилдердин Коңурбай, Кеңешкордон жетөө бар, Келип кирди ушулар, Улам-улам эл келди, Үрпөк баштуу туу келди, Менменсинген эрендер, Калбай баары бүт келди, Аманат жанга күч келди. Мылтык атып, жаа тартып, Чокмор күүлөп, балталап, Кылыч чаап найзалап, Ажалы жеткен байкуштар, А дүйнө көздөй жол тартып, Аттанып жатат канчалап. Аттанган Манас көкжалың, Аккуласын ойнотуп, Ачалбарс менен бир шилтеп, Алтымышын сойлотуп, Бара жатса алдынан, Кезикти Коңур чоң калча. Так алдынан жолгошуп, Коңтөрөнү көргөндө, Кылычын салып кынына, Найзасын алып колуна, Утурлай чыкты жолуна. Манасты көрүп Коңурбай, Тиштегенден тура албай, Көмөкөйдө күркүрөп, Чилдедеги буурадай, Каары кайнап көзүнөн, Заары чыгып жүзүнөн, Бузулган самын кептенип, Ээрдин кесе тиштенип, Жойкумасын жойлотуп, Алгаратын ойнотуп, Келе жаткан Коңурбай, Жойкума салып кабына, Найзасын алып колуна, Карап турду жулуна, Карап турган капырдын, Хан Коңурбай баатырдын, Караанын көргөн качкындай, Кагышып кирген ким болсо, Капилет өлүп жаткандай, Канын суудай чачкандай, Каран түн аны баскандай. Бели кындай, ат найдай, Белдүү чочко Коңурбай, Алгарага камчы уруп, Кара жанын каршы уруп, Кангайлап ураан чакырып, Катуу кирди качырып; Жакыптын уулу кара көк, Элеп койбойт шашылып, Аккүбө тонун жамынып, Ак жолборстой чамынып, Арстан келет калт этпей, Аскалуу тоодой залыйып. Аккелте жондо жалт этип, Айдай бети жарк этип, Айдын көлдөй мелтиреп, Ажыдаардын сүрү бар, Алгыр шердин түрү бар, Ачуусу келип акырса, Алтымыш эрдин түрү бар, Кызыл чийкил нур беттүү, Бендеден башка келбеттүү, Күүгүм туман көздөнүп, Майлаган буудай жүздөнүп, Найзасы колдо койкойуп, Ала тоодой зоңкойуп, Балтасы жанда жаркырап, Караанын көргөн калтырап, Айтарына кеп таппай, Тил байланып тамтырап, Бул белгиси келүүчү, Бул белгисин көргөндөр, Ө дээрге алы келбестен, Үч күнү-түн кусуучу, Жүрөгү чыгып калуучу, Азырейил: “жудаа”-деп, Арадан бөлүп алуучу, Ашырбай чынын биз айтсак, Арстандын жайы мына ушу. Жай чоло жок денеде, Чаптаган соот күрөөкө, Айкөл Манас эр Коңур, Ач кыйкырык, куу сүрөөн, Айбаттанды бул экөө. Айкөл Манас баатырың, Аккула оозун бурады, Айал кылып турбады, Артыкча эрен туулган, Алп Коңурбай калча да, Алып найза булгады. Бет келишип бул экөө, Белсенишип жөнөдү, Аттардан чыккан калың чаң, Айлананы тумандай, Топуракка бөлөдү. Беттегенде бир-бирин, Өрдөктөй мойну узарып, Өрттөй көзү кызарып, Машы чыккан эрлерди, Көргөн пенде таң калып, Темирге темир кагылып, Түпөгүнө найзанын, Түпөктөрү кагышып, Кайта-кайта сайышып, Калды экөө тайышып. Таамайлап бирин сайа албай, Найзасын канга мала албай, Кылча жанын айашып, Кылчаңдашып кала албай, Тай-талаш болуп ушундай, Турган кезде Коңурбай, Мына мындай кыйалдай: “Сайдырбайт экен Коңур — деп, Сактанып алды анткор — деп, Менден акыл көбүрөөк, Манас экен манткор — деп, Кактырбай сактап найзамды, Качырайын найзачан, Өтө берип жандашып, Мен сайайын артынан, Алгарам бар алдымда, Бут менен кылсам нишарат, Өзү билип бурулган”. Муну ойлоп чоң калча, Мурдагыдан ачынып, Манаска тийди качырып, Коңурдун кылар шумдугун, Кошо эле Манас байкады, Мыскылдай күлүп ичинде, Коңуруң башын чайкады, Манастын эми кантээрин, Угуп туруң айталы. “Арамдык кылат калча — деп, Аргасы ашкан канча – деп, Алгараң менен айланып, Келесиң мага кайта” — деп, Алгара менен кылт берип, Келгенде жакын Коңурбай, Найзасын Манас жөн койду, Найзасы менен кактырбай. Кыйчалыш өтө берерде, Найзаны таштап жиберип, Ачалбарсты кынынан, Колуна алды имерип, Манасты эми сайдым, деп, Коңурбай кирди күүлөнүп. Калчадан найза жетерде, (Ачалбарсты колуна, Алган эмес бекерге), Кайрылып Манас чапканы, Коңурбайдын найзасын, Кыйа чаап таштады, Найзасы жок, кол чолок, Коңурбай калып томолок, Бура тартып чуу койуп, Качты турбай коржоктоп. Качты Коңур далбаңдап, Эки этеги салбаңдап, Качырдым деп Калчаны, Аркасынан эр Манас, Кетип барат барбаңдап, Ажаттын бойу шор экен, Шорунан көк кум экен. Кум ысыса күн тийип. Жайнап жаткан кор экен, Мекендеген ал кумду, Куландары шок экен, Кирип калса бу чөлгө, Туйагы күйүп жок экен. Ак куу учса адашып. Канаты талып кум тартып, Түшүп жерге калчу экен. Булуң болуп бурчтанган, Булуңкур болуп урчтанган, Чымчып алар чөбү жок, Чык этээрге суусу жок, Ысык чөлгө салууга, Кабуусу келсе Манасты, Какырда жеңип алууга, Кабуусуна келбесе, Алты шаар- чет Бейжин, Калаасына барууга, Калааны сактап кур болгон, Кан сагынып бук болгон, Калдайы бар, хандар бар, Калкайып турган балбан бар, Ат көтөрбөй жөө жаткан, Алда нечен жандар бар, Алдап барып Манасты, Ошолорго байлатып, Карматып аны алууга, Акыл ойлоп Коңурбай, Алгарага ишенип, Итжүрбөс чөлдү бет алып, Эр Манасты четке алып, Ой менен дөңдү ылгабай, Өзүнүн бойун жыйнабай, Качып берди калдаңдап, Өңүрү кетти далбаңдап. Эки көзү алактап, Эки буту салактап, Алдындагы аларга, Кош кулагы салактап, Эңишке келсе узарып, Эликтей колу сайылып, Жал-куйругу жайылып, Өксүтүп кетет Алгары ат, Өз тайасы жетишет, Өкүм күлүк Аккула ат. Оңбул-домбул түйүлүп, Оңко аткандай жүгүрүп, Көкүлүн көккө ыргытып, Туйагын жерге мылгытып, Ооздугун каккылап, Тал жибектей куйругун, Чаткайакка чапкылап, Таманы жерде тарсылдап, Кара темир ооздук, Көмөкөйдө карсылдап, Көмөлдүрүк көрчөгө, Көөдөнүндө жаркылдап, Ошол заман баатыры - Опол тоодой Манасты, Омурткача элебей, Опсуз чуркап ченебей, Баскан таштар быркырап, Учкан куштай зыркырап, Келе жатат Аккула, Ээ-жаа бербей дыркырап, Ат абалын билди эми, Арамзада Коңурбай, Эңкейишке кирди эми, Эңишке салып узартып, Өргө салып жеткирип, Азгаштырып Манасты, Бейжинге алып баратты. Коңурбайдын шумдугу, Ойуна койбой келтирип, Арамзада Коңтөрө, Иташардын артууга, Бет алып качты эрилип, Оңду-солду теминип. Алгара менен Коңтөрө, Качып барат закымдап, Анысына болбоду, Аккула менен Көкжалың, Кирип келди такымдап, Төрт айактын дүбүртү, Кулакты жарып такылдап, Ошондо Коңур корккондон, Ойуна алып буларды, Жүрөгү чыкты лакылдап: “Түп этектен алат, — деп, Тоңкойто тартып жыгат — деп, Бу белде канын жайат – деп, Кардымды Манас жарат — деп, Каным суудай агат-деп, Колуна түшсөм Манастын, Кантип тирүү койот — деп, Тим эле кесип баш албай, Теримди тетир сойот — деп, Саман шыкап териме, Бир жерге асып койот” — деп, Кечилдин ханы Коңурдун, Ойуна кетти далай кеп. Айкөл Манас ошондо, Түп эткенден кармаса, Тоодой Коңур зор калча. Тоңкойуп жатмак алдында, Болсо да зор ар канча. “Түп эткенден түрөмбү, Тоңкойто тартып жүрөмбү? Найзага илип алайын, Найзага илип калдайтып, Көтөрүп анан барайын, Манастыгы чын десин, Мени көрүп кангайлык, Атка минбей сүрдөсүн.”- Деп ойлонуп ойронуң, Кездемдин боосун чыгарып, Кескерген найза чунайып, Кекенип найза сайганча. Эңишке кирди аңгыча, Арам өлгөн Алгара, Ошол кезде эр Манас, Ай далынын бети деп, Алтындуу кемер чети деп, Найзаны муштап жиберди, Жибергенге болобу, Окчундай түшкөн Алгара, Далыга тийбей Сырнайза, Май куйрукка мылк этти, Алгаранын сооруга, Шырылдап кызыл кан кетти. Ашыра чуркап Алгара, Алып учуп кете албайт, Эңишке келип калганда, Арбыта чуркап Аккула, Жанашып ага жете албайт, Мүчүлүш болуп эр Манас, Качып берген Коңурду, Же көмөрө сайып кете албай. Мүчүлүш тийген найзанын, Учу Коңур калчада, Сабы Манас баатырда; Өргө тартсам өлөм, деп, Ойрондон кордук көрөм деп, Коңтөрө акыл ойлонуп, Эңишке барат чуу койуп. Башаламан урушта, Эбегейсиз жумушта, Кангай менен кыргыздан, Хан Манас менен Коңурду, Көрбөй калды эч бир жан.

Өнөрү өткүр Алмамбет, Туулган артык ак ниет, Алышып жүрүп күн жайлап, Булуттуу шамал-жел айдап, Бурганактап бүркөлүп, Жаап кирди жамгырлап. Жөө туман түшүп күдүңдөп, Көрүнбөй алды бүлбүлдөп, Эси коркок немеси, Эми кандай болор, деп, Жаны калбай сүлдүрөп, Жан үзчүдөй үлдүрөп, Нечени мындай жүргөндө, Эр Алмамбет баатыры, Алдында минген Сарала, Кыл такыйа кызыл чок, Таажысын кийип башына, Таң калып көргөн адамзат, Сайынган жынзы ташына, Кеп кийимин кийиптир, Карадан жаап үртүктү, Айсарала миниптир, Камчы уруп атына, Калтыра сүйлөп шашыла, Кангайлыкка кириптир. Ооздук тиштеп кыйгачтайт, Алдында минген Сарала, Бет алышып ким чыдайт, Белдүү баатыр Алмаңа? Эл башкарган эрлерден, Эңише чыккан шерлерден, Айжаңжүн баштап кырк балбан, Ат көтөргүс чоң келген. Айжаңжүн менен бир келген, Ылама деген бар эле, Кырктын чоңу ал эле, Ары баатыр, ары хан, Өтө айлакер жан эле, Туу көтөрүп кол баштап, Келе жатат Ылама. Туман баскан күдүңдө, Ыламаны Алмамбет, Көмө койуп өттү эле, Караандап жүргөн эр Сыргак, Ылама башын кести эле, Түшүрбөй жерге байрагын, Алмамбет илип кетти эле. Каадасын билген Кангайдын, Карагын ишин Алмаңдын: «Мөндү, Мөндү, Мөндү — деп, Мөндүлөп» ураан чакырып, Бейжинди карай бет алып, Алмамбет кетти бастырып. Кангай, Манжу, калмактар, Бирин бири жүр дешип, Аркасынан келатыр, Баш-аламан дүрбөшүп.

Кедендин уулу чоң Жолой, Ачбуудан минип алкылдап, Атан төөдөй шалкылдап, Айбаттанып өзүнчө, Алтындуу кылыч жаркылдап, Ок өтпөс буулум шым кийип, Багалеги балпылдап, Салмагынан кара жер, Козголгондо калтылдап, «Мөндүлөп» ураан чакырып, Кыргызга кирген жапырып, Бет келгендин баарысын, Тирүүлөй шорун катырып. Элүү-кыркын бир сайып, Каш кайтарар киши жок, Бул каапырга кылчайып. Кыргыл менен Ажыбай, Кыйрынан барса учкандай, Көмө койуп өткөнү, Катар сайып баладай, Теңирейип кеткени, Артындагы көп кангай, Колуна түштү душмандын. Астындагы тулпарлар. Өздөрүн кармап алганча. Башын кесип салганча. Кара калпак кыргагы, Хан Жакыптын Сыргагы, Телкызылды теминип, Дегеле кыйын демигип, Толукшуган кубаты, Тулку бойго тебилип, Жебеден ылдам жеткени, Жолойдун жүргөн артынан, Менменсиген балбандан, Алтоону сайып өткөнү. Ажыбай менен Кыргылды, Бозуул менен эр Шууту, Чылбырын сүйрөп бош калган, Сыргак сайган жанагы, Баатырлардын атынан, Кармап келип эки атты, Мингизип алып ал кетти. Алдында Жолой капыр дөө, Капташып калган чородон, Кой бөлгөндөй короодон, Он жетисин кулатып, Катары менен кыйратып, Сайып кетти бир демде, Найзасын камдап ырдатып. Кандай келди бул жерге, Кезигип калып Музбурчак, Шыгай менен Текечи - Үчөө катар турган чак, Катардагы хандарды, Каршы-терши сулатты, Качырбастан бултактап. Ажыбай, Кыргыл - эки эр, Бозуул, Шууту - берендер, Сайдырып салган неченди, Аттарын кармап мингизип, Бирден терип келгени. Алар жетип келгенче, Арка болуп бергенче, Текечи, Шыгай, Музбурчак, Колдорун байлап чака-чак, Арта салып качырга, Бара жатса кангайлар, Таңылчакча арчындап, Артык тууган эр Сыргак, Учурап калды ошол чак. Алты балбан мүчөлүү, Аркасында миң черүү, Эки калдай, бир жаңжүн, Айдаган экен үчөөнү, Абаларын көргөнү, Абаларын көргөндө, Арстан Сыргак күчөдү, Калдайдын кылган ишине, Каңырыгы түтөдү, Түтөбөсө неткени, Катарда алты балбанын, Бир жаңжүн, эки калдайын, Катар сайып өткөнү. Ал аңгыча артынан, Ажыбай, Кыргыл баштаган, Жыйырма бир чоро жеткени, Миң черүүнү жыйырма бир, Такыр жалмап кеткени. Текечи, Шыгай, Музбурчак, Куткарып муну алганы, Колго түшкөн байагы, Акборчук менен Карткүрөң, Кангайдан тартып калганы. Өжөрлөнүп чоң Жолой, Өлөр жагын ойлобой, Өкүмсүнүп дөөкүрсүп, Өз тагдырын болжобой, Өрт күйгөндөй жалындап, Өөрчүп кетип баратат, Утур келген адамды, Көмөлөтүп баратат. Такоол болуп артынан, Калмактардын Уушаңы, Канча түмөн кул айдап, Бачым жүргүн, деп айдап, Алдын билген киши жок, Алданган менен иши жок, Топурак чаңдап уйугуп, Токтолуп калган черүү жок, Кетип барат Бейжинге, Кара куйун жел окшоп. Ылама болуп туу кармап, Кол баштаган Алмамбет, Кара болуп Сарала ат, Жол баштаган Алмамбет, Бейжин жаккы урчуктан, Чыга калса тумшуктан. Бирин бири кубалап, Эки караан баратат. Ким өткөндүр мурун?- деп, Кимдигин билсем мунун деп, Кыйалданып Алмамбет, Желип чыгып караса, Алгара менен Аккула, Алдаган экен Коңур, деп, Айласы артык комур деп, Байрагын таштап ыргытып. Сарала менен жөнөдү, Салган бойдон зыргытып. Эки караан артынан, Зыргыта берсин Алмамбет, Байа кеткен Манастан, Угуңуз эми эки ооз кеп, Бара жатып баатыр шер, Бейжиндин көрдү коргонун, Баатырлыктын чеги жок, Карачы мунун ойлорун. Түртүп койсо Коңурбай, Топого башы тыгылмак. Тартып алса найзасын, Каны агып куйулмак, Кансырап да жыгылмак. Көргөндө коргон караанын, Жоо келди деп кароолчу, Дарбазасын жабат деп, Далдаңдаган Коңурбай, Дал тышында калат, деп, Бир найзадан кечем деп, Жапшыра сайып коргонго, Таштап койуп кетем деп, Тиктеген көзүн ирмебей, Чындап кууду бекемдеп. Бейжин оңой шаар эмес, Башка шаардай ал эмес, Бийиктиги кырк аршын, Коргону бар салдырган, Аны иши дагы бар, Адамды таң калтырган: Жазылыгы кырк аршын, Тереңдиги кырк аршын, Кандеги бар каздырган, Казган жерде мелтилдеп, Олтуруп койгон көлү бар, Аргаң келсе ошону, Атайын барып көрүп ал; Эн темирден кылдырган, Ачканда да, чапканда, Алтымыш балбан жылдырган, Кандекке чукул барганда, Арам өлгөн Алгара, Жал-куйругу жайылды, Кандеги менен көлүнөн, Салган коргон тамынан, Так түйүлүп өткөнү, Такашпай муну барынан Суурулуп колдо найзасы, Туруп калды айкөлдүн, Астында минген Кула аты, Аккула - Манас канаты, Кангайдын ханы Коңурбай. Ага албаган Ачалбарс, Кулага алды, карачы! — Койдой башын кеспесем, Коондой кардын жарбасам, Алгара айбан, сен айбан. Төрт айагың тең айбан, Аттай чуркап ал кетти, Эмнең сенин кем, айбан?! Кылычың кындан тартканда, Алмамбет жетти аңгыча, Чаап ийет экен, деп, Айгай салып келатыр, Чыгарып үнүн бекемдеп: — Ай, ай баатыр, ай баатыр, Аккула канын сурадым. Антың үчүн бер, баатыр! - Ашыгыш жетип Алмамбет, Ачалбарс алып колунан. Айтканы бул соңунан: — Өзүңдөн кылча көрбөстөн, Айбандан неге көрөсүң, Абайлабай иш кылган, Акылсыз кандай төрөсүң? Башынан барктап бакпаган, Аны кимден көрөсүң? Алгараны Коңурбай, Бир бакса салып өндүргөн, Бир аттатып көндүргөн, Эки бакса өндүргөн, Эки аттанып көндүргөн, Алтымыш дубал-там бакса, Көнөт атты аттатса, Аны билбей оолугуш, Ай, төрөм, ушул мастык да! Айманбозду мингенде, Ажатта агып жүргөндө, Аташкан жоого тийе албай, Ачышып жүрөк күйгөндө, Аккула аттын азабын, Анда кандай таптыңыз? Кылыч тартар иш барбы, Кеп болсо эми айтыңыз, - Жүйөлүү сөздү укканда, Унчукпай Манас токтолуп, Ошондо Алмаң дагы айтты, Зардабы анын козголуп: — Качкан болуп шум Калча, Азгаштырып бир канча. Алып кирсе Бейжинге, Белдүүнүн баары Бейжинде, Кумурскадай кымылдайт, Ким тең келет бул элге, Бир кесимден кескилеп, Талап кетет жөн эле. Жүргүн, баатыр, жүргүн — деп, Алып кетти Манасты, Акырын айтып жолдуу кеп.

Токсон миң кытай топ калдай, Айжаңжүн баштап алдында, Нескара, Жолой артында, Мурадил, Уушаң баш болгон, Канча миң аскер карк толгон, Эң аркасын караса, Кыргыздын эли дүрбөгөн, Аралашып топ болуп, Кангай менен кыргыздар, Айрылышып жик болуп, Бир жагында зор Чубак, Бир жагында эр Сыргак, Түрүп айдап алыптыр; Муну билбей кангайлар: “Чоң Ылама кетти — деп, Тууну кармап эптүү –деп, А кошулуп Коңурбай, Чен тонун кийип өттү”-деп, Ызы-чуу болуп чуркурап, Дүрбөп жөнөп калыптыр. Ай дегенче болбоду, Ай дегенге болобу? Айжаңжүн көрүп арстанын, Аккула менен чуу койду, Баатыр шер салып акырык, Катуу тийди жапырып, Манастын үнүн укканда, Менменсиген далай дөө, Мөндөй түшүп шылкыйды, Акылынан жаңылып, Чабдар Күрөң ат менен, Айжаңжүн чыкты чамынып, Дүр-дүр этип кара жер, Дүркүрөгөн үн чыгып. Көзү кызыл, бети куу, Айжаңжүндөн түк чыгып, Күүлөп найза сунушуп, Күч жыйышып урушуп, Көөдөнгө найза такылдап, Туулгага балта чакылдап, Күрөңчабдар, Аккула, Алоолонуп алкылдап, Калгандары калдаңдап, Этектери далбаңдап, Эпсиз булар салышып, Ойду-кайкы чабышып, Этектен түрө кармашып, Эптеп белге жармашып, Ат капталдап тебишип, Эрегишип эңишип. Ажырап кетип бөлүнүп, Айланып кайра келишип, Колтуктарын чойушуп, Чокмор менен койушуп, Жакадан алып тартышып, Жакаларын жыртышып, Белден алды булкушуп, Белбоолорун булкушуп. Манас кийген Ак олпок, Арзан эле адамга, Айрылып кетер тон эмес, Белиндеги күдөрү, Оңой эле адамга, Үзүлүп кетер бул эмес. Айжаңжүндүн темир тон, Дал-дал болуп бөлүндү, Бадананын жынжыры, Кошуусунан сөгүлдү, Кээ жеринен кызаңдап, Чочконун эти көрүндү, Эми сайып алам, деп, Эрен Манас өмүлдү. Төкөр уста кылдаган, Ийилип бели сынбаган, Сыйкыры артык Сырнайза, Ойон Манас караса, Асмандын көркү ай окшош, Айкөлгө сонун жарашты, Ойунда турат Айжаңжүн, Сайамын деп Манасты: “Самсаалатып таратам, Сандап жаткан Алашты”, Чапдаркүрөң ат менен, Жан айабай баратты, Намыс үчүн жараткан, Айкөл баатыр Манасты, Тогузунан бер жакка, Кыргыздын наамын талашты, Эрлигин көр эрендин, Эбегейсиз берендин, Айжаңжүн жакын келгенде, Ала албай жаңжүн итти деп, Айкөл Манас деп жүргөн, Атагың кайда кетти деп, Найзаны таштап жиберип, Балтаны карап имерип, Айжаңжүндүн найзасын, Уңгусу менен балтанын, Кангыта кагып жиберип, Өтө берип айкөл шер, Оңолуп кайта бурулуп, Аңжаңжүн атын бурганча, Турбастан баатыр аңгыча, Манастап ураан чакырды, Желегин жерге жапырды, Как төбөгө бир койуп, Айжаңжүн шорун катырды. Төбөдөн тийген чоң балта, Акыректен чыкты эле, Албууттанган чоң Жолой, Сайышканга мыкты эле. Айжаңжүн Манас беттешип, Күч ортосун чектешип, Эрегишип жатканда, Ээленип Жолой тура албай, Эми жанга күч келип, Ээрдин кесе тиштенип, Тоодой Кошой абаңды, Тоңкойто сайып өттү эми. Оңолуп узай бергенче, Ойрон Чубак жетиптир, Олоңдогон Жолойду, Оодара койуп кетиптир, Оодарган менен атынан, Өлтүрүш аны оңойбу? Кужулдаган көп черүү, Курчап кетти Жолойду. Алыстан көрүп эр Сыргак. Кошойдун атын коштой чаап, Жебедей жеткен ушул чак, Тегеректеп абаңды, Ортого алган миң калмак, Чак дедире чапканда, Балтанын үнүн укканда, Тайанып турган куу найза, Булгап Кошой имерди, Жүз элүүсүн душмандын. А дүйнөгө жиберди. Тегеректеп келгенче, Эрен Сыргак жеткени, Калганын Сыргак такалап, Тору атын минди абакең, Тоодой болуп чалкалап. Жолой топко келе албай, Жанын калды калкалап, Турган Бакай былк этпей, Айчыгы алтын туу кармап, Туу түбүндө шер Манас, Бүткүл кыргыз эл жардап, Кытайы менен чытайы, Чытыраган доотайы, Анжу менен манжусу, Жаңжүн менен дуудуусу, Көк жаңырып басылбайт, Көпчүлүктүн чуу-чуусу, Кечил менен калмагы, Лама менен калдайы, Таш сайынган далайы, Бейжинди карай чубады. Муну мындай таштайлы, Эки жактын согушка, Камданышын баштайлы.