Арстан Манас баатырың, Катуу уктап ойгонбой, Эр Чубактан найза жеп, Карбаластайт не мынча, Катылган жоосу кайда, деп, Айманбоз минип албайып, Эки этеги салбайып, Айылчылап жүргөндөй, Жай баракат бастырып, Кайкыга чыга барыптыр, Алдындагы чуу-чууну, Арстаның карап калыптыр, Ашыкпастан мелтиреп, Абдан байкап алыптыр. Чубактын аты тың экен, Тулпарлыгы чын экен, Качып калса душмандан, Куйун минип жүрсө да, Куу жоосу жеткисиз, Кууп калса душманды, Кушту минип учса да, Кутулуп душман кетипсиз. Жаадай учуп Көктеке, Жаңыдан кызып алыптыр, Жанашкан жанды кулатып, Жаалысы катуу эр Чубак, Жагалданып калыптыр, Көз ачырбай душманга, Көп бүлүктү салыптыр, Жанына киши баралбай, Жадагансып калыптыр. Алмамбет, Сыргак - эки шер, Канча күндөн бер жакка, Карчалып жүрүп чабышта, Талыккансып калыптыр, Сарала менен Телкызыл, Чалыккансып калыптыр, Найзалашып сайышып, Балталашып чабышып, Кылыч менен урушуп, Кыйла кыргын кылыптыр, Сом темир менен урушуп, Соотторун жулушуп, Олпокторун булушуп, Бака-шака үн чыгып, Ызгаар чыгып, сүр чыгып, Байкаса башка түр чыгып, Катуу жумуш кылыптыр, Суу ордуна кан чыгып, Каршыккандан жан чыгып. Буларды көрүп арстаның, Бер жакка көңүл буруптур, Бет маңдайын караса, Алгар минип кылтылдап, Коңурбай, Калча туруптур, Калчаны көрүп канкоруң, Жандан тойгон анткоруң, Кылча жанын айабай, Кылчайып артын карабай, Эрдигинин чеги жок, Ат жагынан шеги жок, Аккуланы мингендей, Айманбоз менен теминип, Айанбай кирди желигип. Алдындагы Айманбоз, Канаты бар немедей, Кадала тийчү жебедей, Сызып кетип баратат, Тиктегенде Коңурду, Айкөл Манас баатырдын, Эки көзү төрт болуп, Кызып кетип баратат, Арстан эрдин Айманбоз, Канаты бар немедей. Учуп кетип баратат; Катар келген аң болсо, Каттай чуркап баратат, Чылбыр бойу жар келсе. Аттай чуркап баратат, Кара коруң таш келсе, Чарадай болгон туйагын, Какпай чуркап баратат, Так ошондой жүргөнчө, Ажаттын карасуусуна, Айкөл барып капташат. Күүлөнүп алган зор Манас, Көлдүгү менен кери жок, Көрүнүп турса Коңурбай, Кечпей койор жери жок, Жардын башын кулатып, Сууга кирди чуратып, Таш ургандай чулп этип, Чөгүп кетип жоголуп, Суу көтөрүп калкытып, Кайта чыкты коройуп, Этектери жайылып, Бел кырчоодон малынып. Кара сууну кытайлар, Найза бойу жар кылып, Адам түшүп өлсүн деп, Катырга жээгин таш кылып, Чыгаар жердин дайыны жок, Өөдө-төмөн кыдырып. Аккуланын жогунан, Айкөл жүрөт кыжынып. Бир эле чыгаар жери бар, Келип калса бул жерге, Чыгарбай сайып алам деп, Коңурбай турат камынып. Арстан Манас баатырың, Жардан чыгып кете албай, Же Коңурбайга жете албай, Жалында турат зарыгып, Айкөл шериң ошондо, Куйушкандан көтөрүп, Ат көчүгүн чөгөрбөй, Ыйык жалдан тарткылап, Амал кылып акырлай, Коңурбай турган кечүүгө, Келди эми жакындай. Чыгарбай суудан сайам, деп, Суудан сайып алам, деп Кантип болом адам деп, Найзасын кармап тыкыстап, Коңурбай турат ыкыстап. Кылт этип суудан чыгарда, Карап Коңур турбады, Качырып найза сунбады. Байымдуу тууган кара көк, Бардашы элден бир бөлөк, Кирпик ирмеп жалтанбай, Учунан улай кармады, Сабы Коңур капырда, Учу Манас баатырда, Тарткылашып калганы, Чабалдыктан шай кетип, Арстан минген Айманбоз, Аныктап агып алганы; Антип алып көргөндө, Арамза Коңурбай, Чыгарбай суудан аларга, Эби келсе баатырды, Батырып сууга саларда, Айла ойлоду ал дагы. Айкөл минген Айманбоз, Эки көзү чекчейип, Карды көөп некчейип, Жал-куйругу жайылып, Токуму сууга малынып, Түртүп койсо барылдап, Тартып койсо Коңурбай, Бери келет шарылдап. Алоокенин Коңурбай, Чыгарбай суудан алам деп, Айыгышып турганда, Алтын Айдар чок бел боо, Атанган Алмаң эр ошо, Капкайда жүрүп көрүптүр, Айманбоз жайын билүүчү, Суудагы аккан Манас деп, Көңүлүн баатыр бөлүптүр. Ашыккандан Алмамбет: — Качпа, Коңур качпа — деп, Баатырлык жолун башта — деп, Бакырыгы баш жарып, Кыйкырыгы таш жарып, Атынын мойнун катыра, Олбуй-солбуй камчы ура, Шамал күнкү булуттай, Бузулуп өңү кубаңдай, Кабагы бийик кара көз, Капталы жазы бойу энчер, Каардуу баатыр Алмамбет, Катуу үнүн чыгарып, Качырып кирип келгенде, Чыдай турган өзүбү, Качпай Коңур көтүбү? Кайра чапты чоң калдай, Кара аты менен акылдай, Ок өтпөс буулум шымынын, Багалеги балпаңдайт. Акырын келсе Алмамбет, Алоокенин калчасын, Кардын жара саймакчы, Канын төгүп жаймакчы, Арстан элге кайгырып, Айманбоз минип кирип Айабай жаман ардыгып, Султан Алмаң көк жалың, Сууга кирди аттыгып. Чылбырдан кармап имерип, Үзөнгү боого салганы, Сүйрөп жөнөп калганы, Суудан чыкты көгөрүп, Эрлик кылып канкоруң, Эки найза өңөрүп, Кургакка чыга бергенде, Каржиликте колоңсо, Айманбозду Алмамбет, Каната чаап таштады, Айманбоз аксап баспады. Алмамбет айтты мындай кеп: — Кула сенин атың — деп, Кут Куладан айрылсаң, Курдашка өтпөйт датың — деп, Аккула минген атың — деп, Аккуладан айрылсаң, Айлага өтпөйт датың — деп, “Адамзат эр ат менен, Ат жок күнү жат деген” - Акылман айткан ушул кеп. Кейишти тарткан чагың бу, Келтирейин атыңды; Ай караңгы түн болсо, Туман баскан жылчыксыз, Жер көрүнгүс күн болсо, Кулагынын шамы бар, Тумшугунун үстүндө, Нокто кескен тагы бар, Мурдараак минбей чалгынга, Буулугуп турган чагы бар. Караңгыда жол жүрсөң. Кулагынын шамынан, Жол жоголбой көрүнгөн, Адашып калбай качырсаң, Качкан жоо жандан түңүлгөн, Касиеттүү Кула атың, Кабылан, баса минерсиң, Кол салып жоого кирерсиң. Тетиги жыйган жүктөй кара таш, Бооруңа баатыр баса жат, Аламан келген аскерди, Алдыңа суудан кечирбей, Кандай да кылсаң амал тап, - Бүтүрүп кебин Алакең, Жылкы жакты бет алып, Аралап кирди жол салып, Кайнаган манжу, калмакка, Аралашып баратса, Учурап калды чоң Дөөтөн, Оро-пара Алмаңа, Оолукканда бу каапыр, Оозунан түтүн бур этип, Көзүнөн жалын шыр этип, Бир керк минип алыптыр, Кез болуп тосо калыптыр. Алакең карап турбады, Алышар анын убагы, Алакең бетеп жеткенче. Кыйынсынган Дөөтөндүн, Кыйрынан келип капташты, Кыргыздын кыраан Чубагы. Чубактан найза жетти эле, Тоодой керктин үстүнөн, Томолонуп кетти эле, Тоңкойуп доңуз турганча, Төрө Алмамбет баатырың, Эшик эндүү ай балта, Чокуга койуп өттү эле. Нескара угуп бу кепти, Ичинен кызыл кан кетти: — Дөөдүрөдү Манас өлтүрдү, Буруттайды ким көрдү?! Дөөтөндү Чубак сайдыбы, Алмамбет канын жайдыбы, Мындай болсо манжудан, Таалай эми тайдыбы? Колумда далай балбан бар, Дөөтөндөн артык кимиң бар? Мөшкөй манжу жүз миңсиң, Тегеректеп бастырбай, Ортого камап калыңар, Алмамбет, Чубак, Сыргакты, Барып кармап алыңар, Найзалашса күч жетпейт, Аркан салып тор жайып, Бир амалды табыңар! Манжудан чыккан менмин, -деп, Беттешер болсо келсин деп, Силер эңсеп тилеген, Тигине бурут келди — деп, Өжөрлөнгөн кыйынды, Элден мурда жеди — деп, Арбак урган, ант урган, Алаштык элге баш урган, Сарала атчан Алмамбет, Кытайдан качып кеткен-деп, Кетээринде жөн кетпей, Дүйнөнүн баары тааныган, Ортон колдой баатырдан, Буданчаңды баш кылып, Отузду сойуп таш кылып. Жүрүп кеткен бу капыр, Өз элин таштап жат кылып. Көкала минген кең далы, Көп жигиттин сардалы, Булкуш канын бурдаган, Бул дагы кыргыз балбаны; Арзан киши бул эмес, Акбалта Дөөнүн баласы, Мындан бийсиз иш кылбайт, Балакеттүү Манасы. Кара кызыл аты бар, Адамдан башка салты бар, Бул дагы Жакып баласы. Баарын жакшы угуп ал, Бул үчөөнү ала алсаң, Манастан башка бурутта, Баш көтөргөн жок калар. Өлүптүр кайран Дөөтөнүм, Менден башка он эки, Он бириң калбай түгөл бар, Он бириң үчтү алып кел, Алалбасаң он бириң, Калбай такыр өлүп кел, Артыңдан кирсин дүбүрөп, Жүз миң черүү калың эл! - Жол баштаган он бир зор, Жүз миң черүү калың кол, Ат койушуп жөнөдү, Алмамбет, Чубак, Сыргакка, Көрсөтмөк болду өнөрдү. Айбан мүнөз бу алптар, Ойуна албай өлөрдү. «Таталап» жоолор жабылды, Кыйкырыгы жаңырды, Пейилин көрүп манжунун, Алмамбет айтып бар кебин, Сыргакка милдет тагылды: — Чубак, Сыргак-эгизим, Кем-керчи жок тегизим, Көзүңөр көрүп туруптур, Күркүрөп манжу келишсин, Кечирбей суудан жолборсум, Алдыбыз тосот, ойлогун, Келип бизге жетишсе, Бириңди бириң колдогун. Жекеме-жеке болбогун. Кабылан Сыргак жолдошум, Көк чөлдөн сага жол болсун, Чөбү чүйгүн, суу тунук, Чөлдө жаткан кутуруп, Кыргызды барып козгогун, Кыргызды баштап келбесең, Билдиң го жакшы болбосун, Аккула минер аты жок, Кайкыда калды жолборсум, Жолуңда чыгаар деп ойлойм, Олуйа Бакай колдоочум - Деп Алмамбет айтканда, Арстан Сыргак бир карап: “Эптүү бала кептенип, Мени жумшайт кысталак, Сен баргын деп айта албай, Чубактан неге жазганат?” Айалдабай эр Сыргак, Акыл угуп эс табат: “Акбалтанын Чубагы, Ар качан кезек талашат, Аны билген Алмамбет, Мага айтпай кимге айтат? Кийиз баскан ким болсо, Билегине күч келет, Мага айтат турбайбы, Атасы бирге тууган деп”. Арыбаган-талбаган, Арыгансып калбаган, Урушта жүрүп күнү-түн, Тогуз күн болгон чалбаган, Телкызылын чулгутуп, Сыргак кетти бургутуп, Жолборс Сыргак баратат, Болушунча камчылап, Алдындагы Телкызыл, Борбуйдан тери тамчылап, Аралык алыс көп күндүк, Ээр белес кез болсо, Эргитип ашып баратат, Түзүк жерде чуу койсо, Аркасында чаң калат.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас». Элдик эпос. Басмага даярдаган Асанбай Матилы. Булак: bizdin.kg.