Селдей каптап жабылды, Манжулардын кошуну, Ошолордун ичинен, Он бир балбан кошулду, Ажаттын суусу кечүүгө, Алды жетип тосулду. Алмамбет айткан байагы, Жыйган жүктөй кара таш, Көчүгүн койуп эр Манас, Окчо кармап келтесин, Олтурат эле жол карап, Каптаган селдей көп черүү, Жеткенде алат кечүүгө, Карап турган арстаның, Аккелте менен бир койду, Аламан келген көп аскер, Кайра тартып дыр койду, Ошол аткан бир окто, Он миң черүү жоголду. Ошол Ажат суусунун, Айланып келме адырдан, Кургак жолу дагы бар. Чубак менен Алмамбет - Эрлердин кылган амалын, Эрикпей байкап угуп ал. «Манжулардын көп черүү Кечүүдөн кечип чыгалбас, Келтирбей тосуп маңдайдан, Кечирип Манас чыгарбас. Тетиктүү жолду таппасак, Теңинен тосуп жатпасак, Аргыган шамал-жел келет, Агызып кетер сел келет, Кыйан келбейт, эл келет, Кыйамат салар эр келет, Булут келип чүмкөлөт, Жарык күнүң бүркөлөт, Туман каптап боз болот, Ачып көздү жумганча, Токсон илек кол толот, Анда айла не болот?!» - Буларды ойлоп эки эрен, Акылдашып алышты, Аттанып жолго салышты, Айланып келчү адырдын, Жолун тосуп калышты. Ангычакты болбостон, Айал-үйөл кылбастан, Анжунун ханы Мурадил, Кырк балбан деген зор менен, Кырк миң аскер кол менен, Кызыл жерде ат менен, Кырк толгон жарак салт менен, Карбаластап алыптыр, Каптап келе калыптыр. Анын арка жагынан, Калмак Уушаң барыптыр. Каркылдаган эринен, Алтымыш миңди алыптыр. Калмактардын Солоке, Жол бербей келген кишиге, Үйдө жатып бук болгон, Бир кабаган ит эле, Башаламан бакырып. Оң-тескери чачылып: — Жол меники, чыккын, — деп, Мурадилди чакырып, - Чыкпасаң жолду бошотуп, Сени кошо жоготом, Астын-үстүн сапырып! Буруттун көрчү келгенин, Жазганбай менден бастырып, Бирине-бирин көрсөтпөй, Жоготойун баарысын, Манасын мунун баш кылып! Көкөтөйдүн ашына, Көп жыйындын кашына, Мен барбадым көрбөдү, Ошол үчүн келгени, Ошондо көрсө ал мени, А бүгүн мында келеби?! - Солоке минтип күркүрөп, Көргөн адам жүдөдү, Козголуп андан жүрөгү, Өтө жаман бу капыр, Ташка тийсин тилеги! Уйутуп койгон чойундай, Бу чочконун жүрөгү, Эти жок баары тарамыш, Сом темирдей билеги, Арзандык менен бул итке, Адам уулу тиеби? Үнүн уккан Мурадил, Айбатынан сүрдөдү, Барсаң баргын мурда, деп, Жолдон чыга бергени. — Чоң болсоң барсын, Макилче, Макилди жеди туу белде, Жанында турган колу жок, Буруттан экөө бирдемде, Ошонун бири болбосоң, Энтигип барып бирдемде! - Ачык айтпай Мурадил, Күңкүлдөп мындай деди эле. Солокенин мингени, Чалбашнар деген ат эле, Чалбашнардан башка айбан, Көтөрбөйт муну деги эле, Ыштыктан чыккан түтүндөй, Оозунун чыккан буусу бар, Салаңдап ыргып кетчүдөй, Чекчейип турган көзү бар, Казандын кара көтүндөй, Капкара болгон жүзү бар. Орто бойлуу болтогой, Бети дулук томтогой, Бул бадырек сүрөтү, Түк адамга окшобой, Мурду кечкил чокмогой, Далысы кең, кууш айак, Чокмор ооз, кир кабак, Жалпак маңдай бир кулак, Кулагындай эшектин, Маңдайда турат салбырап. Жиркенип адам баргысыз, Буга окшогон айбанга, Оозун ачып оп тартат, Кезигип калса майданда, Чылбыр бойу келгенди, Жутуп ийип келе атат, Учураса ар жайда, Кылыч байлап көрбөгөн, Найза сайып көнбөгөн, Чоң күмбөздөй чойундан, Чокмору бар күүлөгөн, Ошол үчүн чочкодон, Адамдын баары сүрдөгөн. Чокморун күүлөп колго алып, Түрдөнүптүр бул каапыр, Жан алуучу немедей, Сүрдөнүптүр бул каапыр. Акбалтанын Чубагы, Жаалысы келип тиштенип, Жан айабай бу дагы, Булгап найза кармады, Солокеге жакындап, Каршыласа калганы. Кийгени темир күрөөкө, Күркүрөгөн Солоке, Чубакты чаап калганы, Чапкан чокмор жеткенче, Кар жиликтин булчуңга, Кайран Чубак сайганы; Сайган найза нетиптир, Кар жиликтин булчуңун, Бөсүп чыгып кетиптир. Солокенин булчуңдан, Кара кан агып шырылдап, Таначардай булчуң эт, Чыканакта салаңдап, Чыдатпай ооруп зыркырап, Чабарга чама калган жок, Колундагы чойун баш; Ачуусу келген Солоке, Эндиреп болду денге мас. Өтө берип эр Чубак, Жана имерип сайарда, Эбин мунун табарда, Кырмысшанын Мурадил, Тууганы анын Жанадил - Жыландай болуп сойлогон, Кызылсурду миниптир, Кыйрынан чаңын булатып, Кыраан Чубак баатырга, Качырып келип тийиптир, Тектүү найза эн темир, Эрен Чубак баатырдын, Майсооруга кириптир, Күчтүү найза жеткени, Көктекеден көзүрүң, Көмөлөнүп кеткени. Улай чаап ошондо - Ойон Алмаң өнгөнү, Кызылсур – минген атынан, Көмө койуп өткөнү. Көзүр Чубак далдаңдап, Көркөм күлүк Көктеке, Ыргып минди калдаңдап, Сарала менен Алмамбет, Солокеге баратат. Ойрон Чубак караса, Мурадил мелжеп ыкыстап, Кыйрынан жөнөп алыптыр. Алмамбетке жеткенче, Алмадай башын кескенче. Качырып Чубак сайганы, Кырмысшанын Мурадил, Баатырлыктан тайганы, Кылжээрденин үстүнөн, Кулап жетип калганы, Арстан тууган эр Чубак. Алмамбетти караса, Солокеге кайран эр, Сонун уруш салыптыр, Астынан Алмаң имерип, Кара санга сайыптыр, Салаалап каны агыптыр, Аркасынан имерип, Карчытка найза малыптыр, Кара канын жайыптыр. Кылымды бузар балбаны, Кырааның Чубак барганы, Сол карынын булчуңга, Болжоп найза муштады, Сокудай этин булайтып, Бөлө сайып таштады. — Болду, Алаке, болду — деп, Өлбөсө да бул каапыр, Өлөсөлүү болду — деп, Чубак айтты ошондо, - Уланталы жолду, — деп, Анда Алмамбет жемелеп: — Чубак андай дебе, — деп, Салоокени өлтүрбөй, Койолу деген кайсыл кеп?! Сак болбоду бирдеме, Куну деген дары жеп, Кара тоодо бу капыр, Кайра атка мингенде, Кандай адам тең келет, Мен чабайын балталап, Кармаар колу жок калды, Сайгын, баатыр найзалап, Сөөгүн сөпөт кылалы, Солокени талкалап, Мурадил, Уушаң, Жанадил, Келе албайт жанын калкалап, - Алмамбет чаап чокуга, Чубак сайып бойуна, Солокени кулатты. Кызыларттын ойуна, Нескара, Жолой черүүсү, Суудан кечип өтө албай, Мурадил, Уушаң колдору, Алмамбет менен Чубакты, Тепсеп өтүп кете албай, Уруш болду күнү-түн, Кой этим бышым дем албай. Муну мындай таштайлы, Манас менен Коңурбай, Ажаттын суусу бойунда, Алышкандан баштайлы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас». Элдик эпос. Басмага даярдаган Асанбай Матилы. Булак: bizdin.kg.