← Манас 2/4

Кабылан Манас кеп айтат: — Тындагын Чубак, — деп айтат, Бейжин жакка эки бек, Кеткели кыйла күн болду, Ичим бышып дүм болду, Алар Бейжин кетели, Кирпик кагып көз жуумп, Уйку көрүш кем болду. Жыбытчада кырчындан, Кыйратып баатыр, алып кел, Жатууга эптүү бир жерге, Жамбашыма салып бер. Азыраак чырым алайын, Ачуусун көздүн чыгарып, Анан тура калайын, Береним Чубак, сен өзүң, Белеске чыгып бет буруп, Бейжин жакты карагын, Кечикпей мага кабар бер, Көргөн болсоң караанын,- Айманбоздун токумун, Жаагынан жаздады, Бүрү калың тал чырпык, Кырчынды чубап жайганы, Жамбаштап Манас жатканы, Көктеке менен эр Чубак, Бет алып белди басканы, Чыгып келип туу белге, Көзү түшүп көп элге, Айландыра карады, Азы-көбүн билерге, Акыл айран калгыдай, Анда келген черүүгө. Талаа кеңир-чеги жок, Ошол ээн талаада, Адамдан арбын байрагы, Аскерлерди карады, Аз болгондо жүз илек, Андагы элдин карааны. Аралаш бирге келиптир, Атанган далай балбаны, Бүткүл аалам бетине, Тийүүчүдөй зардабы, Титиреп турат кара жер, Ошончолук салмагы, Карап туруп хан Чубак, Калкына айраң калганы, Алмамбеттин бир сөзүн, Ойуна анда алганы: “Калкың менден көп эмес, Калксыз киши мен эмес, Деди эле Алмамбет, Айтпаган экен жалган кеп. Өтүрүк айтпай чын айткан, Өткүр экен Алмамбет, Ошончо элге чуу салган, Бүт денеси болоттон, Өкүм экен Алмамбет, - Ойуна алды жана ал,- Сыргак менен Алмамбет, Кайда жүрөт экен?” — деп. Капталынан капташып, Калган экен эр Чубак, Өтүп кеткен илгери, Жылкынын алды ошол чак. Бирин жыкса бири бар, Каапырлар чубап капташат. Кармашып билек чакташат, Коржоңдошуп айыгып, Койгулашып чапташат. Эс алууга тыным жок, Болуп жатат кыйамат - Короздой мойнун үзүшүп, Койгулашат чака-чак, Кетирбей карма, деген үн, Кулакка тийет шака-шак, Бакырышып сүйлөгөн, Баатырлар үнү бака-бак, Бакылдашып урушат, Бадана тонду жулушат. Көгала сындуу ат минген, Көк ырапыс тон кийген, Ач кыйкырык куу сүрөөн, Ал өңдөнүп ким жүргөн? Жетимиш кол болсо, Желденген бойдон бир тийген. Эрди сайса ал сайган, Мен сайдым деп айтпастан, Эреним сайды деп айткан; Баатырды сайса ал сайган, Мен сайдым деп айтпаган, Береним сайды деп айткан, Мына минтип эр Чубак, Биримдик жолун сактаган. Алмамбет көрүп жолдошун, Сыргак көрүп колдошун, Чубак көрүп жолборсун, Атынын башын бурбады, Айал-үйөл кылбады, Көктекеге камчы уруп, Күүлөп найза сундуруп, Көзөл Чубак барыптыр, Каткалаңдын Сайкалы, Караанын көрүп алыптыр, Катындын кеги Чубакта, Көмүскөдө көрүнбөй, Бугуп тура калыптыр, Алды-аркасын карабай, Алактап барган Чубакты, Катын балбан - кыз Сайкал, Аңтара сайып салыптыр, Көктекенин үстүнөн, Көмө койуп өткөнүн, Алмамбет көрүп калыптыр. Султан Алмаң бакырып, Сараладан чыкканча, Тозоңун тоодой сапырып, Алмамбет үнүн укканда, Кыз Сайкал калды шашылып, Артына бура тарта албай, Колуна кирди атылып. Эр Чубактын чылбыры, Эки оролуп белине, Курчалуу экен жеринде, Чубактын аты Көктеке, Өз жеринде жүргөндө, Аңгилик кылат жепжеке, Бычылбаган башынан, Аңгилик жайы бар эле. Окторулуп ойноктоп, Мингизбей турат сойлоктоп. Алдырып Чубак алыптыр, Үзөнгүгө бут салбай, Көөдөнү менен бир тийип, Мине албай атка калыптыр. Жете келип Алмамбет, Айтты чогоол бу бир кеп: — Эрмин, эрмин дейт элең, Эрди бүгүн көрдүңбү? Акбалтанын Чубак кул, Аңылдаган чунак кул, Катындан калып жыгылып, Топого башың тыгылып, Өңүң өчүп бозоруп, Өпкөң калды сыгылып!- Мунун айтып Алмамбет, Алтын кемер-бото кур, Аткый кармап белинен, Атына арта салды эле, Өбөктөй түшүп оңолду, Күңкүлдөп айтып бул кепти, Ошондон ары жоголду: — Калмагың менен куруп кал, Кангайың менен чирип кал, Кыргыз кытай биригип, Баарың жерге кирип кал! Арстан эрге барбасам, Айтып кабар салбасам, Айта койуп Манаска, Анан келе калбасам, - Атырылтып эр Чубак, Арстан шерге барыптыр, Айгайды катуу салыптыр, Катыгүн, баатыр, тургун деп, Карбаластап алыптыр, Катыгүнгө болбоду, Ойгонуп Манас койбоду, Ачууланып бакылдап, Аткый кармап тарткылап, Антип көрдү эр Чубак. Анда Манас ойгонбойт, Ачып көзүн бир койбойт; Ойгонбогон дартынан, Түшө койуп атынан, Балбандыкка салганы, Эки ийинден кармады, Типтигинен тургузуп, Бойу менен тең кылып, Чалкасынан таштады. Башы тийет шалк этип, Далысы тийет далк этип, Куйругу тийет далп этип, Анда Манас ойгонбойт, Анан Чубак муну ойлойт: “Кара мендер басканбы, Небак өлүп жатканбы? Топурак муну басканбы, Тоңкойуп өлүп жатканы? Мунун токтоп жүрөгү, Муз болуп небак катканбы?” Бирок муну караса, Коңуругу таш жарат, Тоодогу кайып оттобой, Тыңшай калып бышкырат. Тирүүлүгүн билгенде, Тык ойго киргенде, Ай далыга чак кылып, Асынып жүргөн таш келте, Бир күпсөрдө дарыны, Кур дедире койду эле, Кесип алып ичмектен, Томолоктоп келтеге, Сүмбө менен урду эле. Курмушудан ок кылып, Куру дүрмөт жок кылып, Кулагына келтирип, Күр дедире койду эле. Тоонун баары кабышты, Кайберен качып жарышты, Талаадагы көп кайып, Акылынан танышты. Бирок Манас ойгонбойт, Бул амалы түк болбойт. Эми Чубак неткени, Чын амалы кеткени, Кеткенин айла мындан бил, Жоого арналуу найзанын. Учу эми Манастын, Куйругуна жеткени. “Каптаган душман жетер, — деп, Ушинтпесем бекер — деп, Тайрайып уктап жатканда, Талаада тарпын чыгарып, Кескилеп кытай кетер” — деп, Алышкан жоого жорогон, Айдыңын көргөн кологон, Уңгусу болот найзаны, Арстан шерге жороду, Карыш өлчөп үч жагын, Түбүнө каде ороду. Аккүбөнүн этегин, Аңтарып кайра таштады, Укмушту Чубак баштады, - Кара сандын сом этке, Бир сайды Чубак качырып, Чапчый кармап санынан, Башын өйдө көтөрдү, Ошондо Манастын көзү ачылып: — Кудай урган Чубак — деп, Куйундаган Чубак — деп, Найзаң тийди мага — деп, Жин тийдиби сага?! — деп. Анда Чубак кеп айтат, Айабай катуу бек айтат: — Калабалуу калмагың, Түп Бейжинге барыптыр, Түгөл кытай жылкысын, Түп көтөрө алыптыр. Түптүү кытай кол калбай, Түрүлүп келе жатыптыр. Тайрайып уктаар чагың жок, Таластагы тамың жок, Керилип уктаар чагың жок, Сенин Кеңколдогу багың жок! Кеңколуңдун бойунда, Каныкейиң койнуңда, Колуңду артып мойнуна, Үйүндө жаткан немедей, Не уктайсың кенебей? Эндөөлүктүн эби бар, Эсирипсиң ченебей! - Анда Манас кеп айтат, Кеп айтканда нени айтат: — Урушпай жүргөн жоо барбы? Урунбай жүргөн тоо барбы? Атышбай жүргөн жоо барбы, Ашпай жүргөн тоо барбы? Анталайсың не мынча, Азыркысын Чубагым, Аманат жаның соо барбы?! - Манастан угуп бу кепти, Эр Чубакка ой кетти: “Келберсиген айкөлдүн, Өзү да Манас турбайбы, Сөзү да Манас турбайбы, Жолборсум Манас бу болсо, Жолдошум Алмаң кул болсо, Корксом кудай урбайбы!”- Муну ойлоп эр Чубак, Атын санга салганы, Айал-үйөл кылбастан, Жөнөп кетип калганы, Белдүү Чубак баатырың, Белеске чыгып карады, Мурдагыдан бешбетер, Көбөйгөн жоонун карааны, Көп экен деп эр Чубак. Жанын кайдан айады? Ары барып эки ирээт, Бери келип эки ирээт, Кызып калган Көктеке, Кара бойдон тер кетип, Сүзө бута кеңдиги, Агып жаткан дайрадан, Туйагын сууга малбастан, Токтолбой аттай чурады, Ар кимдин келип калыптыр, Кайрат кылаар убагы. Калмактардын Уушаңы, Укурук бойу найза алып, Жан алчуудай сурданып, Келе жаткан Чубакка, Катуу тийди кырданып. Акбалтанын Чубагы, Алдыга бу да чурады, Кайра тартпай камчы уруп, Качырып тийди бу дагы. Көзүр Чубак Көкжалын, Эрдик менен көгөрдү, Калмак Уушаң дегенди, Кагып ийип найзасын. Көмө койуп жөнөдү, Көзүр Чубак тың экен, Тыңдыгы мунун чын экен, Бет алган жагы ызы-чуу, Басылбаган чыр экен. Күзгү уйдун түгүндөй, Уушаңдын колу көп экен, Такоол болчу Уушаңга, Далай баатыр мында экен, Аралап кирди эр Чубак, Учкан куштай дыркырап, Урган таштай зыркырап, Туруштук бере албастан, Бөлүндү калмак чуркурап. Эңишке келсе эр сайып, Эки-үчүн беттеп бир сайып, Сооттуусун сойлотуп, Олпоктуусун онтотуп, Көктекесин ойнотуп, Кылычтуусун кыйратып, Найзалуусун сулатып, Тоодойун аттан кулатып, Кетип барат эр Чубак, Бет алган жагын куткарбай, Көктекесин чуратып.