← Манас 1/4

Ажаттын бойундагы жайма топ салгылашуулар

Акылга дыкан болсо да, Ар жактуу сынга толсо да, Алпы менен дөөлөрүн, Ажыдаардай сорсо да, Куймактай кылып темирди, Колу менен чойсо да, Көптүн иши көп экен, Ар канча чабал болсо да. Имерилип Алмамбет, Илгери жагын караса, Кара жалдуу Борончу, Кабылан Сыргак баатырга, Жетип калган чукулдап, Ыкыс берип сайууга. Кантээрин билбей шашылып, Хан Алмамбет бакырып: — Катыгүн Сыргак не болдуң, Кайратың кайда жоголдуң? Карчытыңда душман бар, Кайра артыңа толгонгун, Кара нээт чочкону, Как жүрөккө бир койгун! - Кайран Сыргак кеп угуп, Капталда душман деп угуп, Ныкып койсо колтукка. Көнүк аты туйунуп, Өзү келет бурулуп. Ойон Сыргак ошондо, Оң колтукка ныкыды, Койондой бетер Телкызыл, Бир туурага ыргыды, Сайганы калган Борончу, Билбей калды бу сырды, Ордун сыйпап сайа албай, Оозун аттын тарта албай, Өтө берди аптыгып. Ойон Сыргак аңгыча, Оңдоп атын тарткыча, Как далыга бир койду, Капканын кара тоосундай, Калдаңдаган Борончу, Кара буурул атына, Көмөрүлүп жыгылды, Топого башы тыгылды. Мөндүрдөй болгон көп капыр - Тандоодон өткөн бүт баатыр, Аккандай суу суйулуп, Жамгырдай болуп куйулуп, Туш-туштан келди чубуруп, Кангайлыктан канчасы. Кара тоодой барчасы, Ааламда жалгыз мен деген, Алактаган калчасы, Бирден аттан жыгылып, Деми сууду анчасы. Доолбас үнү карсылдап. Мылтыктын үнү тарсылдап. Жылкыны баштап күрөң ат, Астына түштү закымдап. Куйругун сыртка салышып, Кулун-тайы жарышып, Кунан-бышты аңгилер, Чокчоңдошуп алышып, Өрүү калган карысы, Өксүп артка калышып, Семизден баспай калганын, Канжарлап кардын жарышып, Алмамбет, Сыргак айгайлап, Бакырыкты салыптыр, Толкуган көп жылкыны, Катуу айдап алыптыр, Как ошондой мезгилде, Кедендин уулу чоң Жолой, Келбети эпсиз бир тоодой, Элүү миң черүү кол менен, Кызыларт деген жол менен, Жетип эми калыптыр. Келип Жолой күүлөнөт, Алп Коңурбай баштаган, Бардыгына сүйлөнөт: — Базарда жаткан жакырлар, Малдын жайын билбеген, Бажылдаган капырлар, Ардык кылды бурут деп, Жылкыны айдап үркүтүп, Антип жүрүш кайсы кеп?! Милтеңди өчүр, атпа — деп, Доолбасты какпа — деп, Жылкыны жетип тосом — деп, Алдыга Жолой жөнөдү, Ачбуудан менен тепеңдеп. Анда Коңур айтты кеп: — Ай, ай, Жолой, баатыр, — деп, Айалдай чапчы акыр — деп, Ушул келген бурут — деп, Бугуп туруп эр сайган, Абийири жок журт — деп, Коймочусу чыгат — деп, Кокустан сайып чыгат — деп, Кабуусуна келтирсе, Бөөдө майып кылат — деп, Чалгынчыга чалдырып, Чаңга,Жолой, жыгылсаң, Калгандарга уйат, — деп, Хан Коңур айтты канча кеп. Ага Жолой болбоду, Болбой мойнун толгоду, Ачбуудан менен аргытып, Артынан чаңын баргытып, Жолой жолдон озуптур, Жылкыны жетип тосуптур. “Ай, айлап” Жолой тоскону, Тостурбай Күрөң озгону, Байкаса баатыр Алмамбет, Алдындагы жылкысы, Токтолгондой окшоду. Анда Алмамбет кеп кылат: — Айдаган жылкы койулуп, Токтолгонсуп баратат, Ачбуудан менен озгон бейм, Жылкыны Жолой тоскон бейм. Саралага салбаңдап, Таш өбөктү салайын, Көп жылкынын чаңына, Көрүнбөй кирип алайын, Жолукса Жолой чоң дөөнү, Көмө койуп жыгайын, Жолойдун аты Ачбуудан, Анык тартып алайын, Айманбоздун шайы жок, Манаска тартуу кылайын, Аккуласы келгинче, Аа мингизе турайын,- Бооруна аттын жаткансып, Жал менен үстүн чапкансып, Караса көзгө илинбей, Чаң ичинде билинбей, Жакын жерден качырып, Алмамбет чыкты акырып, Алмамбет үнүн укканда, Калды Жолой шашылып. Бура тарта бергенче, Буудан тууган Алмамбет, Карчытка найза батырып, Жолойдун шорун катырып, Сыр найзасын шилтеди, Найзанын учу жеткени, Алачыктай чоң Жолой, Ачбуудандын үстүнөн, Аңтарылып кеткени. Ачбууданды Алмамбет, Чылбырдан илип алаарда, Туңшакенин Бозкертик, Алмамбетке жеткени, Камбыл каапыр Бозкертик, Капталга найза шилтеди. Карчыганын балык эт, Карыш найза мылк деди, Чыпалактай кызыл кан, Ат сооруга шыр деди. Эр Алмамбет баатырың, Ээрден көчүк кыйшайтып, Сарала мойнун кучактап, Найзадан аккан кызыл кан, Капталында бурчактап, Мурдагы Алмаң деми жок, “Сыргактан” башка кеби жок, Ажыздык башта канетет, Алдырады Алмамбет, Алапайы куурулуп, Жалдырады Алмамбет. Кан ичмек каапыр Бозкертик, Каңгып кеткен найзасын, Кайра колго алганча, Хан Алмамбет баатырды, Качырып жана сайганча, Кыран Сыргак жеткени, Кыйынсынган Бозкертик, Минген аттын үстүнөн, Камгактай учуп кеткени. Оңолуп минип Алмамбет, Оң айланып караса. Жыгылган жерден Бозкертик, Коройуп кооп атыптыр, Жаны ачыган Алмамбет, Жазылыгы төш жары, Жалаң болот испанды, Кармай алып сабынан, Тартып алып кабынан, Туулга жок жылаң баш, Кокойуп калган мойунга, Койуп Алмаң жиберди, Денеден башы бөлүндү, Энтелеген Бозкертик, Эми көрдү өлүмдү. Кара кытай ханы эле, Канжаркуу деген бар эле, Катардагы алтымыш, Алптын бири ал эле. Түгөнгөн сайын түтөгөн, Тумандай басып күчөгөн, Кара курттай быжылдап, Кумурскадай кымылдап, Кишиден аккан сел менен, Канжаркуу келип капташты, Жер жайнаган эл менен. Какшытып койчу катырып, Дарыдан тыгып Алмамбет, Аккан канын басканы, Умачтай көзүн ачканы. Качырдай болгон капырды, Канжаркуу деген баатырды, Жаралуу болуп жаны ачып, Капалуу турган кан качып, Каары келген Алмамбет, Найзасын ага шилтеди, Канжаркууга таамай бек. Жыгылып өйдө болгунча, Балта менен чыкыйга Былч эттире бир койду, Былтыйган мээси чачырап, Бул ааламдан жоголду, Жалгыз жатпай Бозкертик, Канжаркуу жолдош болгону. Айлананы карасаң, Ар бир тобу миңден сан, Уйулгуган кара чаң, Көптүгүнөн жадаган, Миңди бирден санаган, Сылабанын Соорандык, Колун айдап кутуруп, Кордук көрүп маминтип, Өзүнөн чыккан баладан, Капташып селдей көп колду, Тепсетип кирди аламан. Кайра жаачу булуттай, Кар жүзүнө айланып, Сорандык түрү эң жаман, Өзүндө балам дебестен, Алмамбетке бараткан, Алмамбетке жеткирбей, Капташты Сыргак арадан. Мелтиреп капыр көгөрүп, Үйдөй чокмор көтөрүп, Көмө чаап өлүгүн, Кетемин деп өңөрүп, Бара жатса сорандык, Сайды Сыргак көмөрүп, Тоңкойуп жерге жетиптир, Үзүлүп мойну кетиптир. Каптаган менен кангайлар, Кармашып моокум канган жок, Алмамбет менен Сыргакка, Беттешкен тирүү калган жок. Чачылбасын ойубуз, Муну мындай койуңуз, Манас менен Чубакка, Кайрылсын эми ойуңуз.