← Манас

Алмамбеттин Сыргакка жер таанытуусу

Эки баатыр көрүшүп, Ичтеги ойун төгүшүп, Сакалдары эпеңдеп, Эрмек сөзгө күлүшүп, Чаарасы көп Алмамбет, Чабалайдын тыш тонун, Эр Сыргакка кийгизип, Эптүүлүгүн билгизип: — Чалгынга чыгып көп көлдөн, Элемандын Көкчөлдөн, Мында келдик бөлүнүп, Сакал-мурут саксайып, Өсүп кетти төгүлүп, - Сылап туруп сакалын, Сыйпап туруп мурутун, Буларды кыркып алалы, Булардын болоор залалы, - Ынандырып Алакең, Түк калтырбай алганы, Чабалайдын малакай, Кийгизе башка салганы, Шаарба деген күзгүнү, Сыргакты көздөй кармады: — Келиштиңби баатырым, Бул күзгүнү карачы - Күзгүнү карап эр Сыргак, Жини келип эң чындап, Башындагы малакай, Жулуп алып ыргытты, Алмамбетке алайып, Ачуулу кебин жылжытты: — Мен бузбайын көркүмдү, Айланайын Алаке, Кийбеймин мындай бөркүңдү! Сакал-мурут канаке? Мурутумда болчу эле, Маа токтогон береке. Сакалдын сайда саны жок, Муруттун бир тал дайны жок, Айланайын Алаке, Жалындуу ичке салдың чок; Колго барсак бул бойдон, Өөдө-төмөн айтат ко, Кыргызымдын оозу шок. Күлдөптүр жолдо дебейби, Көпкөндөр бокту жебейби?! Сыргактын бу ишине, Арбын күлүп Алмамбет, Айтты ага мындай кеп: — Эл үчүн эмгек кылууга, Жетимиш эки өнөр аз, Сакал алып сыйдалап, Ат кубултуп жабуулап, Биз болобуз таанылбас. Мындан ары барганда, Утур чыккан адамга, Сөз сүйлөбөс дудук бол, Кулагың укпас дүлөй бол, Ушундай шумдук кылбасак. Чалгынды кандай чалабыз? Кабарды кандай алабыз? Кабылан Манас баатырга, Калп айтып кандай барабыз, Сакал-мурут жетилер, Жайын укса элибиз, Жалпы эле муну кечирер, - Алмамбет муну айтканда, Түшүнүп сөзгө кайран эр, Жүрүп кетти жолуна, Жасанышкан эки шер.

Жүрү баатыр, жүрү, деп, Жоболоң тартып жол-жолдо, Жүрсөк болбойт эми деп, Эки баатыр баратат, Карткүрөңдү жетелеп. Будурмак кара тоо менен, Буруу-буруу жол менен, Ойго түшсө түз менен, Бортулдаган шор менен, Булуттай күлүк ат менен, Буйдалбай жүрүп оштонуп, Салылуу шаар четинде, Заңкайган капка бетинде, Көз байлаган бүрүлдө, Алмамбет түштү бир жерге, Калың камыш түнөргөн, Караңгы эмес күндүз да, Аралап адам кирбеген, Адамзат сырын билбеген, Ал укмуштуу бул жердин, Алакең сырын билчү экен. Эр Сыргакты: - Түшкүн, — деп, Мен да кошо түштүм — деп, Мен келгенче жолборсум, Бул жерден кетпей күткүн — деп, Каалга турган тетиги, Хан сарайдын эшиги, Артып кеткен каапырдын, Айрыкча кытай кесири, Хан сарайдын сыры бар, Калтырбай жайын угуп ал: Оозунда тоскон эри бар, Жолборсу бар, шери бар, Качыратып тиштерин, Качырган буура пили бар, Капташып калган адамдын, Көңүлүндө кири бар, Ичинде турса сыртынан, Шыбыр сөздөр угулар. Тушташып айтсаң үн чыкпайт, Кыйкырсаң да киши укпайт, Эки этегим түрөмүн, Тиги турган эшиктен, Башымды кармап колума, Сарайына киремин. Туткасын кармап тартканда, Каалгасын ачканда, Мылтык аткан немедей, Үн угулуп тарс этип, Ар сонундар көрүнөт, Адамдын ойу бөлүнөт, Качып кетип жүрбөгүн, Алмамбет кул өлдү де. Ал сарайга киргенде, Ичин абдан карайын, Канча катар тешик там, Калтырбастан барайын, Хан Коңурбай баш болгон, Хандарын тапсам сойойун, Канын ичип тойойун, Тактасын талкан кылайын, Тагдырдан келсе көрдүм деп, Тайтайып карап турайын, Күн чалгынча күйө көр, Күн тийгенче келбесем, Өлгөнүм болот Сыргагым, Өз жолуңа жүрө көр, - Деп ошентип Алмамбет, Колду кармап бекемдеп, Этегин кайра түрүнүп, Хан сарайды бет алып, Жүрүп кетти түйүлүп, Сыргак калды жапжалгыз, Кара жандан түңүлүп. Көз байланган бүрүлдө, Жылдыз чыга күүгүмдө, Карап турса эр Сыргак, Хан сарайдын эшикке, Алмамбет жетти арымдап. Туткасын кармап тартканда, Мылтыктын үнү тарсылдап, Шердин үнү күркүрөп, Уккандын бойу дүркүрөп, Жолборстор турса ыркырап, Анча-мынча кишинин Сийдиги агат бүркүрөп. Ажыдаары иймейип, Тумшугу пилдин иймейип, Элесин көрүп эр Сыргак, Токтоно албай аа чыдап, Нечен кооп олтурат, Опколжуп жүрөк токтобой, Ошентип таңды аткарат. Таң агарган мезгилде, Эрен Алмаң келатат, Жетип келип Алмамбет, Эр Сыргакка муну айтат: — Хан сарайдын ичинде, Канча түрлүү үйү бар, Калтырбай баарын карадым, Алоокенин Коңурун, Эч жерден таба албадым, Таң сүрөө мезгил чукулдап, Бир кана калды арманым - Качыр бакчу акырга, Ошого бара албадым! Абалтадан улуктун, Билген киши болбогон, Жата турган олутун. Айланайын Сыргак эр, Коңурбайдын иштерин, Кандай айтып сөз жетер? - Аттанып булар жөнөдү, Алмамабет өз ойунда, Бакчасын барып көргөнү. Бакчасынын белгиси, Башка жерде бир иши, Арстан, Сыргак, Алмамбет, Бакчага жетип келишти. Абаалап турган чынарды, Аттуу туруп кучактап, Алмаңдын жашы бурчактап, Обологон чынарды, Обоосоң Алмаң чыгарды: — Өнсө-өнүп алар деп, Өнбөсө куурап калар деп, Көңүл кош сайган багым бул, Көмүлүп жаткан тагым бул, Көп жылдан кийин эми бул, Көрүп турган чагым бу. Чырпыгы чынар болуптур, Чынары мунар болуптур, Мына ошону көргөндө, Алмаңдын гөөнү соолуптур, Темирден салган үйлөрдү, Жер семирип соруптур. Бала кезде нур бакта, Ойногон жерим ушул жер, Көйнөк кийбей жылаңач, Көзгө жетпей жолук чач, Сойлогон жерим ушул жер, Кытайдан башка эл жок деп, Бейжинден башка жер жок деп, Ойлогон жерим ушул жер, Кыдыра чуркап өзөндү, Бойлогон жерим ушул жер; Дуудуунун кызы Турнаны, Жандаган жерим ушул жер, Кызыл күрмө көк кепич, Кыңшылаган каапырдын, Шайыдан кылган дамбалын, Кандаган жерим ушул жер, Кангырап бүгүн мен барсам, Кайдан келип калган дээр. Билгендер айтаар аалам деп, Билбеген айтаар айбан деп, Караан калган дүйнөдө, Ушинтип жүрүш кандай кеп?! Элдүү киши эр экен, Сыргак, Э десе кеби эм экен, Сыргак, Элсиздин сөзү кем экен, Сыргак! Элирген элдин шору экен, Сыргак, Эли жок эркин болгончо, Жигитке өлүм оң экен Сыргак! Калктуу киши зор экен, Сыргак, Калкынан азган кор экен Сыргак, Калкы жок караан болгуча, Сыргак, Жигитке өлүм оң экен, Сыргак, Кылсаң да канча кызматты, Сыргак, Кыйшыгы чыгар шол экен, Сыргак! - Жериңен жыпар буркурап, Бүткөн бойу зыркырап, Чыдай албай Алакең, Ыйлап турат буркурап, Кабылан сындуу эр Сыргак, Жоокалатып Алакең Алмаңды, Эми турду кеп сурап: — Алтын эшик чоң коргон, Ордо көрдүм Бейжинден, Ал эле кимдин ордосу? Алтын када, жез түркүк, Мамы көрдүм Бейжинден, Ал эле кимдин кадасы? Кырк жылы жатса жаанда, Кылайып чети оңбогон, Кыргагын алтын чордогон, Торко көрдүм Бейжинден, Ал эле кимдин торкосу, Алтын така, күмүш мык, Айагына кагылуу, Ак абайы жабылуу, Көчөдө жүрөт салдырып, Сүрөтү тамга тартылуу, Жорго көрдүм Бейжинден, Ал эле кимдин жоргосу? Сүрөтүн тамга толтурган, Малдаш уруп олтурган, Алтымыш кечил кашында, Кол куушуруп тик турган, Жыңзы ташын тагынган, Тоту куштун куйругун, Он эки түрдөп сайынган, Кыл такыйа, кызыл чок, Кылымда мындай пенде жок, Ал эле кимдин молдосу? Жылтылдап суусу көрүнгөн, Көлдү көрдүм Бейжинден, Жылтырап чөбү көрүнгөн, Чөлдү көрдүм Бейжинден, Айрымачтай ач белес, Белди көрдүм Бейжинден, Баарысын мага билгизчи, Көлүң менен чөлүңдүн, Белиң менен жериңдин, Коңурбай кайда, кол кайда? Бейжин кайда, бел кайда? Эсен хан кайда, эл кайда? Эрегишип биз менен, Эңише турган эр кайда? Эңкейтип алып кетүүчү, Эрдемсинген шер кайда? Ээн талаада жан кыйнап, Алаке, ыйлай берүү не пайда? Жылгындуу Кеңкол жериңде, Жергенин Сарыталаада, Дасторкондун бетинде, Ок тиштешип антташкан, Нан тиштешип шартташкан, Антыңды кандай актайсың, Аны эсиңе түк албай, Алмаке, сен жериңди мактайсың! - Сыргактан Алмаң кеп угуп, Сырың туйук деп угуп, Санаасы санга бөлүнүп, Араң турган Алмамбет, Заманасы куурулуп, Койнуна колун салганы, Кол башындай ак Куран, Койнунан сууруп алганы, Коопсунган Сыргакка, Буларды айта салганы: — Корккондугуң билинди, Бузбаймын Сыргак, динимди,- Нардай болгон Сарала, Куйма таман үзөңгү, Теппей чуркап минди эми, Сарала минип болкойуп. Найзасы колдо коңкойуп, Залкар тоодой заң койуп: — Сурадың баатыр жеримди, Угуп тур эми кебимди, Алтын эшик дарбаза, Ордо көрсөң Бейжинден, Ашырып айтты дебесең, Ата журтум Баашаны, Ал Азизхандын калаасы, Кашыңда турган Алмамбет, Как ошонун баласы, Эркелетип чоңойткон, Чечекейдин карасы, Алтын түркүк, жез мамы, Көчөгө салган жоргосун, (Мактангам болсом оңбосмун!) Тартынган журтка түлүгүн, Чапканда минген күлүгүн, Аса байлап суутчу, Ал Алмамбеттин каадасы, Кашында турган мен жалгыз, Кастарлуу хандын баласы, Кырк жыл жатса жаанда, Кылайып чети оңбогон, Кыргагын алтын чордогон, Торко көрсөң Бейжинден, Ал энемдин кийген торкосу. Сүрөтүн тамга толтурган, Малдаш уруп олтурган, Алтымыш кечил кашында, Кол куушуруп тик турган, Жыңзы ташын тагынган, Тоту куштун куйругун, Он эки түрдөп сайынган, Кыл такыйа кызыл чок, Кылымда мындай бенде жок, Молдо көрсөң Бейжинден, Ал мен байкуштун боордошу. Он сегизде мен кеттим. Он экиде ал калды, Мен жеримен качканда, Акими качкан арам деп, Ханы качкан караан деп, Төрөсү качкан төмөн деп, Мында кыйла күмөн деп, Бириң качып, бириң өл, Мына минтип түгөн деп,, Эр Кыйаз деген инимди, Эрдинен көсөп жырылтып, Эсепсиз кыйнап өлтүрдү, Эркине койбой жүгөндөп! Калган журтум кытайды, Ар кимдин көзүн каратып,

Ар кайсы жакка таратып, Падыша арбак Бакбурчун, Айдап жүрүп кыдыртты, Алардын көбүн кырылтты! Аркы атабыз Сылаба, Сылаба салган шаар экен, Эсирген киши эл экен, Сыртынан тумша дээр экен, Энчисине Алмамбет, Небак алган жер экен, Маңмаң калаа башка туу, Ваң базары дейт экен. Көлдөрүмдүн туурасы, Атсаң жетпейт алма баш, Агып кирет ага суу, Аз дегенде алты таш, Көргөн жерде Алмаңдын, Көзүнө агат кандуу жаш, Барар болсом бир жакка, Жүз миң аскер жолумда, Туткалыгы сары алтын, Баашалык такта колумда; Асылдан килем салчу эле, Ал килемдин үстүнө, Олтургузуп алчу эле, Колмо-колдоп көтөрүп, Он күндүк жолго бир күндө, Алып кетип калчу эле; Улуктук эмей неткеним, Ойлочу Сыргак сырттаным, Он күндүк жолго бир күндө, Ойноп-күлүп жеткеним? Улуу шаар көчөдөн, Урган таштай өткөргөн, Учкан куштай көтөргөн, Уругуң Туңша болгон жер, Дөөлөткө Алмаң толгон жер; Аз да болсо алты атам, Акимдик кылып турган жер, Ар ишке мойун сунган жер; Киндик каным тамган жер, Кишиликке жанган жер, Жеке жалгыз мен эмес, Жети атам өткөн курган жер, Ушул бүгүн мен барсам, Кайдан келген урган дээр! Бактарым жатат кыйылып, Бакчам жатат жыйылып, Баш көтөргөн журтумдун, Баарысы кетти кырылып, Баары кудай иш экен, Бүгүн жүрөм мен минтип, Алаштын элин кыдырып, Жараткан акка сыйынып, Гүл багым кыйрап ор болуп, Күкүртүм эрип шор болуп, Күйөөрүм куурап кор болуп, Күндөшүм дуулап зор болуп, Турганына ардыгам, Ушул бүгүн Бейжинде, Коңурбай менен Мурадил - Эки чочко чоң болуп! Жалтырап суусу көрүнгөн, Көлдү көрсөм Бейжинден, Атып алган байагы, Куу өрдөктүн көлү ошол; Жылтырап чөбү көрүнгөн, Чөлдү көрсөң Бейжинден, Жолдон атып биз келген, Байагы шум түлкүнүн чөлү ошол. Айрымачтай ач кайкы, Белди көрсөң Бейжинден, Айбандан башка амалдуу, Ак кулжанын бели ошол. Байкадыңбы эр Сыргак, Баса элек тарткан ач белес? Ал чет Бейжиндин кайкысы, Ошончо журттун бир чети, Мусулман болуп калбаган, Мен Алмамбет шордуунун, Таалайымдын тайкысы. Эмгегим арбып ушундан, Капа басып, муң басып, Мен кайгы тартып олтурам, Калкым менен болгондо, Калдаңдаган Чубактын, Кан жутар кебин неге угам?! Жүр эмесе баатыр — деп, Алдыда жумуш жатыр — деп, Тура берсек бул жерде, Кеп көбөйөт акыр — деп, Алмамбет атта болкойуп, Арстан Сыргак зоңкойуп, Аргымактар желигип, Ала качып айт койуп, Мойнун толгоп ойношуп, Койондон бетер булт койуп, Жарыша кетип баратып, Токтоно калып Алмамбет, Найзасын сайып бир жерге, Жана айтат мындай деп: — Он сегизде жашымда, Бейжинден качтым башында, Энекем менен кырк бала, Кошо келет алдымда, Алоокенин Коңтөрө, Алмамбет качты тоскун, деп, Кабар кылган алдында. Кытайлардын буудан көк, Тоскон черүү кумдан көп, Кырккүрөң деген аты бар, Буданчаң деген капыр ал, Тоскон экен жолуман, Шашкандыктын белгиси, Алтын найлуу жез канжа, Түшүп кеткен оозуман, Өлбөсөм бир күн келем деп, Кеттим эле элеңдеп, Сыргагым, түшүп бул жердин, Чөбүн кайрып ачкын — деп, Ошондогу канжамды, Эринбей ала баскын — деп, Тура калды Алмамбет; Түшө калган Сыргактын, Ойуна кетти далай кеп, “Орнотуп койгон белги жок, Канжаны түшүп алгын деп, Бул айтканы кандай кеп?” Колун салып караса, Шибер жайкап калыптыр, Найын жара ат басып, Коломсодой чоң канжа, Жаткан экен дат басып. Чоң канжаны эр Сыргак, Колдойтуп сууруп алыптыр, Аттуу турган Алмаңа, Кош колдоп сунуп калыптыр. Күлүңдөп айтты Алмамбет: — Олжоңо баатыр, алгын – деп, Колуна алып эр Сыргак, Датын аарчып чебердеп, Карап көрүп бекемдеп, Карапайым киши эмес, Ханга ылайык экен, деп, Канжаны кармап колуна, Ойуна түштү ушул кеп: “Ханым, ханым дечү эле, Хандыгы жалган дечү элек, Бекмин, бекмин дечү эле, Бектиги жалган дечү элек; Хандыгы мунун чын экен, Мына бу турган канжасы, Ар канжа арзан болсо да, Алтымыш жамбы куну экен; Анык чынын айтканда, Айтканынча бар экен, Ашкере алам хан экен”. Алмамбет, Сыргак жанашып, Аттанып жүрүп баратып, Арстан туулган Алмаңдын, Айткан кеби мына бу, Эр Сыргакка каратып: — Кырчындуунун кырынан, Аттанып жолго чыккандан, Күндүзү бүркөк, түн ачык, Алмамбет жайы дедирип, Ала канчык шыпырган, Кетирбей булут байладым, Жаадырып күндү жайладым. Тоолорго толук кыш болду, Жакага жалтыр муз тоңду, Түздөтүп айдап качырып, Коңурбайдын жылкысын, Алмамбеттин кең арал, Алып келип жык толду. Бурулбастан баралы, Буруудан жылкы алалы, Тосуп жүргөн эр болсо, Толгон черүү сел болсо, Токтоосуз уруш салалы, Тил сүйлөбөс, кеп укпас, Эсиңде болсун байагы. Шыпта кечүү ташкечүү - Алмамабет билген маш кечүү, Ажаттын кара суусу дейт, Азуулуу айбан-мал кечпейт, Кылган кытай өнөрдү, Кесерден сууну келтирип, Үстүнөн көзгө көргөзбөй, Алдынан жерге тийгизбей, Кытайдан башка кишиге, Бары-жогун билгизбей, Кадам-кадам секиртме, Кээ бир жери чулп этме, Машыккан жылкы кечпесе, Башка жылкы кече албас, Каргышка кеткен ташкечүү, Манттуу иши бар эле. Үстү далдаа алды бек, Эки жагы дагы бек, Кээде тайыз кээде көл, Андан коркпо баатыр — деп, Алмамбет келип кечүүгө, Жайын айтып билгизип, Кечип чыкты ажаттан, Тердигин сууга тийгизип. Мына ушинтип эки эрен, Суудан кечип алганы, Жайнап жаткан жылкынын, Четине келип калганы, Жылкынын байкап караса, Кызыл сур менен кара сур, Андан башка өңдүү жок, Айагы жүз, алды миң, Жаткан экен нечен топ. — Тамгасы калмак тамгасы, Кечилдин ханы Коңурбай, Анын малы турбайбы, Жылдырып жылкы айдайлы, Жергеде калган кыргызга, Жеткирип Коңур жылкысын, Жылчыксыз көөнүн жайлайлы, - Кобурашып өзүнчө, Берендер келе жатканда, Түндүкчүнүн Тору айгыр, Түмөндөн чыккан зор айгыр, Минип алып кампайтып, Каталдын уулу Карагул, Алдынан чыга калганы, Айардын бири мына бу, Алмамбеттен шектенип, Айтып турган сөзү бул: — Жаадай сары ат минген, Жал куйругун чарт түйгөн, Жагалданган эр жигит, Кайдан келдиң сен жигит?- Калмагынча калдырап, Кытайынча кыжырап, Токтобостон сайраган, Торгойдон бетер быжырап, Кадимтен тааныш кептенип, Хан Алмаң барат чукулдап: — Бурут кайда, эл кайда? Мындайчылык кезекте, Урут келер жер кайда? Чантууда Манас кыйын дейт, Кармашкан эрлер чымын дейт, Кебез тоочо козголбой, Келтирбейт тек ыгын дейт, Ар канча кыйын болсо да, Сапырып айылын чаң кылып, Салгылашар бул ирээт. Өзүм кытай уругу, Бир тайпанын улугу, Тору айгырчан сен жигит, Дайнымды уксаң мына ушу - Эр Алмамбет нээтинде, Илгерилеп барсам, деп, Жеткидей болсом тап берип, Чылбырынан алсам, деп, Мелжемдүү жылкы-тору айгыр, Аккула жок жөө жаткан, Айкөлгө алып барсам, деп, Жайынча сүйлөп туйдурбай, Жакындап келет Алмамбет. Карагул анда кеп айтат, Кеп айтканда шек айтат: — Бойоодой сары ат минген, Бойуна темир бүт кийген, Жапылдаган сен жигит, Жакындабай тур жигит. Сундуруп найза тартпаган, Сумсайып жоодон качпаган, Катылышкан адамды, Кара жерге чаптаган; Эти арык кагалес, Өткөрө өзү чабандес, Санды көрсө көп дебес, Шашып жүрөк калп дебес, Ажыдаардай түрдөнгөн, Жаалысы келип акырса, Жан алуучу үндөнгөн; Кишиге сырын айтпаган, Өлүмдөн башын тартпаган, Миңди көрсө шашпаган, Билген ишин баштаган, Алп мүчөлүү шаңданган, Көрүп сага таң калам, Эл ичинде дуулаган, Эмес дейсиң жай арстан, Жаныңда турган жигиттин, Жайын байкап мен билдим, Мингени кызыл көк экен, Кызыл түктүү пил экен, Кырк күн чапса чалдырбай, Чаалыкпастыктын бири экен, Алтымыш күн жол жүрсө, Талыкпастын бири экен, Ээси менен аты окшош, Келишип калган тиги экен, Момоороп өзгө кылтыйат, Мунуңду айтчы ким экен? - Анда Алмамбет мындай дейт: — Сурадың атын менден — дейт, Кудай урган бул кытай, Ант ичкендей шум кытай, Түп Бейжинден чыктым дейт, Кыйкырбаса укпайм, дейт, Кыжырыма тийгенди, Кара жерге ныктайм дейт, Кан жүрөккө мылгытып, Канына найза чыктайм, дейт,- Карагул анда кеп айтат, Кеп айтканда деп айтат: — Албарстыны алдаган, Айлакерсиң сен адам, Келайтасың демитип, Кеп кылган болуп байатан; Койнума жылан кирчүдөй, Кооптоном чыйрыгам, Жатындаш тууган болсоң да, Жакындаба садагаң! Алтымыш капка Бейжиндин, Аралагам көп жерин, Падыша арбак Бакбурчун, Баарын көргөм мен журтун; Барбай калган жерим жок, Байкабаган малым жок, Жетегинде күрөң ат, Жергеси анын бөлөк ат, Түздө туулуп, тоодо өскөн, Тоо теке менен бирге өскөн, Талаада туулуп ташта өскөн, Так кайып менен бирге өскөн, Караңгыда калт этпес, Башка чапса жалт этпес, Так алты ай минсе арыбас, Арка шыйрак жез билек, Калбыр өпкө каз канат, Келишкен мында төрт туйак, Бекер куйрук–жал эмес, Бул бейжиндиктин малы эмес,- Анда Алмамбет кеп айтат, Ар тарабын бекемдеп, Амал менен деп айтат: — Чантуу Манас келди деп, Эсенхан кабар алыптыр, Макилге киши барыптыр, Манастын даңкын бек угуп, Макилден кетти деп угуп, Чантуудан олжо алганы, Мен дагы чыктым оолугуп, Чылбырын сүйрөп Күрөң ат, Алдыман калды жолугуп, Келайткан элем жетелеп, Алганым муну жолдуу деп, Алгачы ырым болду деп. Коржоңдогон Күрөңдү, Коштоп жүрүп нетейин, Аралдагы жылкыга, Агытып таштап кетейин - Жандай түшүп Алмамбет, Нокто тартып шыпырып, Билмексен болуп жымыйып, Атын бура тартканда, Карагул анда кеп айтат, Как болор жерин эми айтат: — Жаадай сары ат минген, Жагалданган сен жигит, Бары жайы түбүңдү, Байатан болдум мен билип. Сен Сылабанын тукуму, Билбесминби мунуңу? Сорандыктын баласы, Урушуп чыгып калаадан, Өздүн баарын кандаган, Пейилин бузуп өзгөгө, Безип жүргөн атадан, Сошойанын өзүсүң, Өзү эле турмайлык, Нак эле кара көзүсүң! Жаныңдагы кишиңди, Кулагы укпас мулук деп, Тил сүйлөбөс дудук деп. Айтып турган буларын, Адам алдар курук кеп! Жаныңдагы тигинин, Жаанга дайым кылганы, Кара калпак кыргагы, Хан Жакыптын Сыргагы, Араникте согушта, Абыдан чыккан оорагы, Манаска берип арбакты, Басыңкы жүргөн убагы, Башын кесип далайдын, Байкалып жүргөн бу дагы, - Бура тартып Карагул, Буудан күлүк тору айгыр, Бучкакка камчы салганы, Буркурап чаңын созултуп, Бул капыр качып калганы. Султан алма көк жалын, Сайа түшүп кууганы, Мөкүбалдуу найзаны, Булгап колго алганы, Жетээр жеткис капырды, Май куйрукка бир сайды, Тору айгыр учуп кетет деп, Түбүнө акыр жетет деп, Алты карыш чоң куржун, Шыкап сайдың көп кунун, Артынып минчү Карагул. Абыдан шайы кеткенде, Алдырар жерге жеткенде, Колго түшүп калганча, Жыгылып аттан өлөм деп, Колунда чолок канжары, Артынган кумун жарганы, Аркыраган шамалдай, Арышын айгыр жайганы, Ар кадамда тору айгыр, Ашып кетип баратат, Аркасын карап кылчактап, Алактаган Карагул, Качып кетип баратат. Ажаттын кара суусуна, Тору айгыр жетти ушуга, Көнүк болгон түгөнгүр, Асманды карай учканда, Көмөлдүрүк, артайлы, Катары менен үзүлүп, Каалгып барып Карагул, Кара сууга шалп этип, Түшкөн жерде жоголуп, Таш ургандай чулп этип, Суучул көнүк Карагул, Суу менен сызды жылт этип. Көз байланган бүрүлдө, Тору айгыр кетти кутулуп, Алмамбет калды жутунуп. Толбоду, аттиң кабым деп, Кайра тартып Алмамбет, Карткүрөңдү караса, Турган экен элейип, Кош кулагы серейип; Алакеңди бир карап, Айгырдан бетер аркырап, Куйругун салып сыртына, Жылкыга кирди аралап. Ошол кезде Коңурбай, Толгон экен, акетай - Ак жамбы сайдын ташындай, Алтыны аттын башындай, Көп жамбы сайдын ташындай, Көөхары аттын башындай; Аралдагы жылкынын, Токсон миң экен санаты, Толгондугун мындан бил, Ал Коңурга менчиги, Алтымыш миң ырасы, Толгон экен чамасы, Токсон миң жаткан жылкысы, Тогуз жүз отуз жылкычы, Алтымыш миң жылкысы, Алты жүз сексен жылкычы, Манастап Алмаң бакырып, Доолбасын карс уруп, Жылкыга тийди жапырып; Эндекей жаткан жылкычы, Энтеңдешип шашылып, Аттарына асылып, Жапырт минип алыптыр, Жан айабай «Кангайлап», Жаңыртып ураан салыптыр. Алмамбет, Сыргак нетиптир? Алмамбет сайып кетиптир, Сыргак башын кесиптир, Антип-минтип бул экөө, Алты жүз менен тогуз жүз, Арасында жылкычы, Түбүнө булар жетиптир. Түбүнө жетпей неткени? Жылкычыдан бир киши, Кутулуп тирүү кетпеди. Жылкыны жолго салышты, Жылдырып айдап алышты, Суудан чыга таң атты, Анда Сыргак муну айтты: — Айланайын Алаке, Айдаган жылкы токсон миң, Бар экен мында береке, Жемирген жерди чоң дайра, Агып өттүк араң да, Кандай шумдук сыр эле, Өлбөдү мындан бир тай да? Алмаңан жооп күткөнсүп, Сыргак карап калганда, Алмамбет туруп кеп айтат, Акылда баарын деп айтат: — Таластан чыгып аттанып, Жер көргөнү келбедик, Жөн эле ханын өлтүрүп, Эл бөлгөнү келбедик. Беш урук Бейжин ичинде, Уктатпай Коңур тынч алып, Короого күндө кол салып, Кордук кылып элдерге, Кообу жетип биздерге, Андыктан келдик бул жерге, Малында болсо береке, Көп экен өлүм биздерде. Көбү өлсө жылкынын, Көбү кетмек кыргыздын, Береке бузбай мал калды, Белгисиби деп турам, Качканы бизден ырыстын. Арстан Сыргак садага, Акылым айтам мен сага, Айдап жылкы жөнөсөң, Алдыңан чыгат бир талаа, Ортосунда думуйган, Дөбөнүн чыккын башына, Турнабайын колго алып, Көз жибергин артыңа. Кечинде кеткен тору айгыр, Түн бойунча баргандыр, Түгөнүп калган каапырга, Туйунтуп кабар салгандыр, Түп көтөрө жан койбой, Коңурбай сүрүп алгандыр, Чаттан чыккан бороондой, Чаңдатып жолду калгандыр, Жер көтөргүс эл менен, Желпинип турган эр менен, Каптаган кара сел менен, Беш уруктун элдери, Бери карай салгандыр. Бараанын анын карагын, Айланайын эр Сыргак, Алдынан тосо сен баргын, Бута атымча барганда, Найза бойу калганда, Кайрылып артка кача көр, Эки бутуң салбаңдап, Этегиң кетсин далбаңдап, Мен турамын камышта, Кара бойум далдалап. Адырайган Коңтөрө, Алмамбет менден качты деп, Атагым андан ашты деп, Аныктап куур өзүңдү, Унутпа, Сыргак сөзүмдү. Кыйамына келгенде, Кырына өзүм чыгайын, Кыйкырыгым салайын, Кызыталак калмакты, Көмө койуп жыгайын, Ажыратып колунан, Алгарасын алайын, Дөбөдөгү төрөмө, Тартуу кылып барайын, Жетинтип атка баатырды, Антип көөнүм тынайын,- Муну койо туралы, Күүгүмдө кеткен Торайгыр, Ошондон кабар угалы. Арам өлгүр Тору айгыр, Айабай чуркап алыптыр, Капкалуу калаа Бейжинге, Түн бойунча барыптыр. Калааны орой каздырган, Эни келген кырк аршын, Тиги келген кырк аршын, Кандеги бар казылган, Агызып сууну толтурган, Адам уулу өтүүдө, Салга чыгып олтурган, Көккөлдүн ички бетинде, Коргону бар салдырган, Түндүкчүнүн Тору айгыр, Аттай чуркап баарысын. Калайык, абдан угуңар, Коңурбайдын тушуна, Тиги кеткен айгырдын, Бурулбастан барышын, Чарадай болгон чоң туйак, Чапчып жерге салышып, Айтылуу ошол калаада, Коңурбай деген зор экен, Баашалык менен Эсенхан, Баатырлык менен Коңтөрө, Баарысынан чоң экен, Ыраңкүдүк молдодон, “Келди, — деп, - Манас” кеп угуп, Макилди өлдү деп угуп, Кыйба менен Турнанын, Өлгөнүнү катар тең угуп, Чабалайдын байанын, Кабарчыдан дагы угуп, Караан болчу эрлерин, Калтырбай баарын бүт жыйып, Барбаганда нетем деп, Чатырларын жүктөтүп, Чантуга азыр жетем деп, Калың черүү камын деп, Кемкерчи жок камын чеп, Жети эшиктүү чоң чатыр, Падышалык бакчага, Тиктирген экен бу капыр. Чоңдору бирге аралаш, Бир чатырга жатыптыр, Санаты жүз миң көп капыр, Карапайым киши жок, Ошонун баары бүт баатыр. Коркуудан мунун шеги жок, Койдой чокмор тийсе да, Козголуп койор жери жок, Адам билгис акылы, Кантип айтып сөз жетет, Какандын зору каапырды, Алп Коңурбай баатырды. Оң жагында Коңурдун, Отуз эки балбаны, Сол жагында олтурат, Жанжүнү кырк ал дагы. Кат-кагазга ээ болгон, Саны сексен мырзасы, Теспесин асып мойнуна, Кудайын катып койнуна, Дурут октоп олтурат, Түн уктабай канчасы. Улуктан бар дуудуусу, Көпчүлүктүн басылбайт, Күлкүбү, бийби, чуу-чуусу, Чытыр-мытыр доотайы, Чытырашат кытайы, Уктап кетип Коңурбай, Түш көргөнүн айталы. Асманда учкан алгыр куш, Алп Коңурга болду туш, Канаттары калдайып, Сегиз тырмак арбайып, Коңурбайды көтөрдү, Каш белине кол салып. Көтөргөндөн көтөрдү, Булуттан өйдө өткөрдү, Булуттан өткөн кездерде, Жылдызга жетер мезгилде, Үзүлүп кемер кетти эле. Хан Коңур келет калдаңдап, Канаттай чапан далбаңдап, Жерге тийсе өлбөстөн, Кантип тирүү жан калат? Кара жерге түшпөдү, Кара жерге түшкөндө, Анын иши бүткөнү, Жерге тийбей түшүндө, Тактысына түшкөнү. Куйругу тийди далп этип, Башы калды шалк этип, Алда эмне болдум деп, Ар тараптан кайгы жеп, Ачылса көзү алайып, Айлана турган карайып. Үйдөй жүрөк болкулдап, Үшүгөндөй солкулдап, Бүткөн бойу колкулдап, Арыкта суу аккандай, Күрөө тамыр балкылдап, Корккондуктун белгиси, Колу-буту калтырап, Титиреги токтордо, Толгонуп жатмак болгондо, Как тушунан Тору айгыр, Чапчыды жерди ошондо. Тыңшай түшүп элейип, Жаны жоктой селейип, Желбегей чапан жамынып, Эшикке жүрдү тенейип. Хан чыгуучу эшик бар, Как тушунда тешик бар, Көк кепичин тепейтип, Желке чачын сепейтип, Чыга калса Коңурбай, Турган экен тору айгыр, Тер агып көл-шал болуп, Кең соорусу кан болуп. Кайра кирип Коңурбай: “Бурут Манас оңдурбай, Жеткен экен жерге — деп, Келген экен элге — деп, Канын селдей агызып, Жеген экен эрди — деп, Такоолум эле Карагул, Дайынсыз өлгөн белем?!” — деп, Оң жагында тактыда, Он бир аскан коңгуроо, Түн болсо да какканда, Орчун калаа - чоң Туңша, Калбай баары угуучу, Кендемеде жан калбай, Аттанып аскер чыгуучу; Сол жагында астырган, Санаты отуз коңгуроо, Күнбү-түнбү какканда, Күнгүрөп үнү чыкканда, Түп Бейжин деп аталган, Кантунда жаткан Эсенхан, Ошондон бери угуучу, Ошондой кабар кылуучу. Шашкалаңдап Коңурбай, Оң-солуна карабай, Коңгуроосун кагыптыр, Алтымыш капка Бейжинге, Айабай кабар салыптыр, Чатырда жаткан жүз миң эр, Дүрбөп баары калыптыр, Уйкудан көзү ачылып, Алп Коңурбай ачынып, Алгарсын алдырып, Атына токум салдырып, Үпчүлүгү үч тогуз, Үпчөңдөгөн чоң доңуз, Үпчүлүгүн камынып, Үч кабат темир жамынып, Топчулугу бир тогуз, Тороңдогон чоң доңуз, Топчуланып камынып, Тогуз кабат темир тон, Тоодой Коңур жамынып, Алгарасын мойундап, Бат атарын койундап, Чоң кисесин курчанып, Басма темир чакча алып, Кылычы кында кыңгырап, Айбалта белде шыңгырап, Найзасы колдо зыңгырап, Кытайча кызыл доолбас, Чымын тийсе дыңгырап, Тоодой төрө Коңурдан, Көз тайгылат зымылдап, Манжулардын баатыры - Нескара деген каапыры, Эч бир жандан кеми жок, Ал кытмырдын акылы, Коңурга айтат мындай кеп, Жандаштырып атынын: — Ой Коңтөрө баатыр, — деп, Айалдай чапчы акыр, — деп, Алыстан келген бурут, — деп, Амалы ашкан журут, — деп, Коймочусу чыгат, — деп, Көмө сайып жыгат, — деп, Алдында барып чыга алсаң, Ааламга болор уйат кеп - Калмак уушаң бу дагы, Нескара кебин улады: — Жалгыз барууң эп эмес, Алмамбеттен башка адам, Чалгынга мурда келчү эмес, Соорандыктын Алмамбет, Оңой-олтоң эр эмес, Оңойлук менен адамга, Оморулчу бел эмес; Алмамбет жалгыз келген жок, Андан да кыйын Сыргак шок, Жанында ошол сырттан бар, Ал дагы сенден кем эмес. Аттанып алдың өзүң бар, Борончу менен Сайкалдын, Артыңа бирөөн сала бар, Андан кала бергенде, Алышып чыкчу биздер бар.... Уушаңдын кебин укканы, Одураңдап Коңурдун, Ачуу үнү чыкканы: — Сенин да түрүң түрүксүң, Алсын кытай малын деп, “Ай кап” менен жүрүпсүң, Огуздар келип жылкы алса, Кубанч кылып күлүпсүң! Кызыл чок кытай журтума, Кызмат кылып көрөйүн, Кыргыздан жетсе ажалым, Кылчайгыс жерге жөнөйүн. Кара чок Кангай журт үчүн, Кара жанын үрөйүн, Кара кыргыз бул элдин, Канын суудай төгөйүн, Алмамбет, Сыргак турмайлык. Манас, Чубак биригип, Катар төртөө келсе да, Байлап алып жөнөйүн! Мени көрсө белсенип, Бетиме чыгар ким экен, Барып байкап көрөйүн, Айтканымды кылайын, Айтканымды кылбасам, Адам болбой өлөйүн! - Жаалы чыгып жүзүнөн, Жалын чыгып көзүнөн, Тургандын баарын жапырып, Заары чыгып сөзүнөн, Салды жолго чоң Калча, Алгарасын аргытып, Артынан чаңын баргытып. Аркасынан жөнөдү, Куспардын уулу Борончу, Үнү күндөй күркүрөп, Үнүн уккан адамдын, Сийдиги агып бүркүрөп, Өнгөн жыгач чыдабайт, Шамал чыгып дүркүрөп. Алпы менен дөөлөрү, Ат көтөргүс жөөлөрү, Жүз миңге толду санаты, Жүргөн черүү карачы, Ат куйругу булкулдап, Найзалар учу жылтылдап, Асманды чүмкөп ар түрдүү, Асаба туулар кылкылдап, Агызып кетчү кептенип, Селдей болуп жер жайнап, Келе жатат артынан, Жүз миң черүү кол айдап. Муну койо туруңуз, Алмамбет менен Сыргактын, Абдан дайынын угуңуз.

Ат чалдырып Ажатта, Алмамбет калды ал жакта, Жылкыны айдап эр Сыргак, Бурулбай кетип баратса, Алдынан чыкты бир дөбө, Айнектей мейкин талаада, Алмамбет айткан дөбө, деп, Артымды карап көрөм деп, Дайынсыз кепти айтчу эмес, Даанышман Алма төрөм, деп, Телкызыл минип теминип, Каргадай жалгыз жол жүрүп, Калган Сыргак эригип, Жердин бети ачыла, Тунарыктар жазыла, Тоо бөксөлөп күн тийип, Күндүн мурду чачыла, Дөбөнүн чыгып башына, Дүрбүсүн алып ашыга, Алмамбет айткан байагы, Туңша жагын караса, Тополоң уйуп, тоз түшүп, Күн күлгүңдөп боз түшүп, Жер суйулуп кылгылдап, Найзанын учу жылтылдап, Ат куйругу былкылдап, Жердин бети жыбырап, Адамдан келет сел каптап, Аргымак аттар алкылдап, Азаматтар үстүндө, Ар кубулуп шалкылдап, Белинде кылыч, ай балта, Күн чагылып жалтылдап, Жондо мылтык жалтылдап, Доолбас үнү карсылдап. Кернейдин үнү баркылдап, Сурнайдын үнү чаңкылдап, Ак асаба көк желек, Кызыл белги кара туу, Санаты жүзчө жалпылдап; Андан бери караса, Эки караан келатат, Учкан куштай закымдап, Жетер-жетпес алды-арты, Бирин-бири такымдап, Келайтышты бөлөкчө, Ыраактабай жакындап. Анда ойлонду эр Сыргак: “Алдымдагы калдайган, Коңурбай го байкасам. Туубай туна чөгөйүн, Тумшугу жок курган жан, Бир беттешип көрөйүн, Ажалым жетсе өлөйүн, Өлбөй тирүү ким калат, А дүйнөгө жөнөйүн!” Муну ойлонуп эр Сыргак, Ойуна алып өлөрдү, Алдына тосо жөнөдү. Ойлонду Сыргак жана да, Жан айабай баратып, Акылында муну айтып: “Кечээ тал чокунун кырында, Чубактын салган чырында, Ойрон Алма баатырдын, Ошондо айткан кеби бар: Хан кыл десем кимиңди? Кааладым, келдим диниңди, Хан Манас экөөң бирикчи, Кагамын деген жиниңди. Алмамбет айткан бул кептин, Чынында кыйла эби бар, Акыл менен байкасам, Мунун ойлоно турган жери бар. Кысылса кокус Алмамбет, Кыйалын башка бурбасын, Кытайлыгын кылбасын, Мен өлсөм мейли бир башым, Тууган элим - алашым, Түркүгү болгон Манасым, Жөөсүндө каптап кетпесин, Кескилеп этин кокустан, Балакет ага жетпесин; Азыркысын Алмамбет, Айтканың кылып турайын, Кызматтан мойнун бурбайын”- Өзү менен иши жок, Кайран Сыргак муну деп, Хан Манастын камын жеп, Тай жарышым калганда, Кайра качты калдаңдап, Эки этеги далбаңдап, Эки буту салбаңдап, Кебез өтүк, кең белбоо, Кечилдин ханы Коңурбай, Байа Алмамбет айткандай, Алмамбет менден качты деп, Арбагым андан ашты деп, Акылы чындап шашты деп, Алдыда минген Алгара ат, Айабай камчы бир салат, Бөрү тилдүү өткүр курч, Найзасын күүлөп булгалап, Казыдай мойну узарып,

Үкүдөй көзү кызарып, Өңү суук калчанын, Өпкөдөй бети бышарып, Кангайлап ураан чакырып, Катуу кирди жапырып. Кыйамына келгенде, Кыйчалыш өтө бергенде, Төрө Алмаң акырып, “Манастап” ураан чакырып, Камыштан чыкты качырып, Алмамбет үнүн укканда, Алактаган Коңтөрө, Адырайган чоң төрө, Айласы кетти шашылып. Туңшада Алмаң турганда, Ат үстүндө алышкан, Найзалашып сайышкан, Балталашып чабышкан. Көөдөндөшүп тирешкен, Бел кармашып күрөшкөн, Эч кимиси жеңбеген, Азиз хандын баласын, Андай нечен күрөштөн. Кемтик турса эрдиги, Уйалбай ултаң бетиби? Үзүлүп турса үмүтү, Токтой турган көтүбү, Уруша турган өзүбү? “Капташып калды, өлдүм — деп, Жарык дүйнө жалганды, Эми кайдан көрдүм? — деп, Бекер өлүп кеткиче, Алдымдагы Чубакбы, Же болбосо Сыргакбы, Жастана жатсам экем”- деп, Коңурбайдын жаны ачып, Кара бойун тер басып, Оңду-солду теминип, Кетип барат тепеңдеп, Кыйырдан чыккан Алмамбет, Кыйын күлүк Сарала ат, Чабыша түшүп жанашып, Кый сүбөөдөн бир сайды, Кыйынсынган Калчанын, Ээрден көчүк кыйшайды, Алгаранын сооруга, Чалкасынан кулады, Анткени менен Коңурдун, Аттан жерге жыгылбас, Абалтан берки адаты - Алты кабат темирден, Ок өтпөс буулуң шымынын, Аласынан өткөрүп, Арчындап бекем тагынып, Антип жүргөн санаты. Табына келген Сарала ат, Ооздук тиштеп кыйгачтап, Чойуп кетти ыраактап. Бура тартса Алмамбет, Каптап келген көп кошун, Тегеректеп Коңурду, Ортого алды чуркурап. Муну мындай таштайлы, Ажаттын суусу бойунда, Аралашма уруштун, Абалынан баштайлы.